LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Манас - Саякбай Каралаев - 15
Total number of words is 4207
Total number of unique words is 1966
28.5 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Ушундай экен дүйнө шок,
Белгилүү Манас дагы жок!
Көрүп кантип жатайын,
Кырк үйлүү кыргыз журтума
Кыйналчу кабар айтайын!
Кырк үйлүүдөн кырк бала,
Бараан кылып алайын,
Токтобой уруш салайын:
«Качып, үрк, - деп, - элиме
Кабар айтып барайын,
Кайра тартып урушуп,
Кайрылып колду салайын!» Деп ошондо Кутубий,
Алдындагы Телкызыл
Анык тулпар казанат,
Кайыбынан кабылган,
Кулан-Талаа, кум чөлдөн
Курган Манас кыраан бар,
Кутубий экөө бир туруп,
Кучакташып турганда
Телкызыл басып желди эле,
Асыйында жаныбар
Бурак ат болуп Кутуга
Бууданы минтип келди эле.
Астында тулпар Телкызыл
Кайыбынан кабылган,
Как талаадан табылган.
Кулан менен куушкан,
Не да болсо жаныбар
Тулпар менен туушкан
Туура тулпар Телкызыл.
Кутубий жоону көрүптүр,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Абасы Балтай карыга,
Акбалтай, Жакып баарына,
Кырк түтүндүн өзүнө,
Уккан адам өкүрдү
Кутубийдин сөзүнө.
«Атаңдын көрү, кырк үйлүү!
Кызырдуу Жакып карыңа,
Кабар айта мен келдим
Кырк үйлүү кыргыз баарыңа,
Жолугуппуз кутулбас
Бир кудайдын каарына!
Кара кылар токой жок,
Качып кирер кыргыз жок,
Ичим кайгы, тышым чок!
Тытышып уруш кылууга,
Арка кылып турууга
Кабылан тууган шер эле,
Чындап кудай жараткан
Жоо бөрүсү эр эле!
Каканчындын калкынан,
Каруусу толук капырдан,
Кайран Жолой баатырдан
Ажыратып алуучу,
Чапчышып согуш салуучу
Кабылан көк жал Манас жок,
Мындай кудай урарбы?!
Кайрылып Манас келгиче,
Кара кытай кубарбы?!
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Топурак учкан чаңды көр,
Толгон кытай жанды көр!
Көмүлгөн дүйнө оңбосун,
Көп каптаган болчу эмес,
Каптап манжуу кол салса,
Жабылса жанды койчу эмес!
Түшсө чыкпас терең ор,
Каптап кетти калың кол
Кумурскадай кыжылдап,
Курчамак болду быжылдап,
Колу колго бөлүндү,
Кордугу бөлөк көрүндү,
Койгулашып салышсак,
Суудай кандар төгүлдү!
Калмактардын кан Жолой
Каны каптап калыптыр,
Манжуулардын Эзкара
Дагы каптап калыптыр,
Казыналык Каражой
Кошо каптап калыптыр,
Төө көтөргөн чоң Дөөдүр
Ошо каптап калыптыр!
Асманга учкан топурак,
Аскер каптап топурап,
Айла кетип өлдүк ээ,
Атаңдын көрү, журт ыраак!
Белеске качып жашынсак
Кара токой-чер да жок,
Кармалашып урушсак
Караан кылып отурган
Кабылан Манас шер да жок!
Бир чуңкурга кырк үйлүү,
Жыйылууга көчүппүз,
Жылма болуп баарыбыз
Кырылууга көчүппүз!
Кудайдын салган чийинин
Көргөнү көчкөн экенбиз,
Кажылдаган калмактан
Арманда болуп баарыбыз
Өлгөнү көчкөн экенбиз Кутубий мындай деди эле,
Курган жандан түңүлүп,
Кайгылуу кептен баштады,
Мал менен баштан бай Жакып
Такыр кечип таштады.
«Оо, ботом, айтпадым беле мен бая,
Уктуң эле сен бая!
Чабышып чама келеби,
Чапчышып менде жеңеби?!
Топон суу жетпес чочкону
Ааламдын чаркы келеби?
Кокуй, Балтай, оңбойсуң,
Тим эле миңдеп кеп айттың,
Манасты сурап койбойсуң!
Кутурган Балтай карап тур,
Алтынды олжого алдыңбы,
Абайла, Балтай, кебимди
Азапка эми калдыңбы?!
Тозоку Балтай, оңбой кал,
Тогуз бөрү бир койду
Таласа тарпын койчубу?!
Толкуган кытай биздерди
Сабаса тарпты койчубу?!
Жети-Өзөн ээн жериң жок,
Жээлигесиң, куу Балтай,
Жети-Өзөндү жердеген
Жеткилең кыргыз элиң жок!
Көрбөдүңбү, сен Балтай,
Кытайдын кылган кызыгын,
Каракан атам өлгөндө
Калмактын салган бузугун!
Туура журтту талкалап,
Кылмышы жок, өчү жок
Кытай кырып салды эле,
Кыйла дилде, казына,
Олжо кылып алды эле!
Каракандын сегиз уул,
Айдап түпкө жетти эле.
Бирибиз кетип Эренге,
Бирибиз кеттик ошондо
Кайра чыкпас тереңге!
Бирөөбүз кеттик Каңгайга,
Биздер келдик Алтайга!
Алтай бизге жер эле,
Кара калмак, бул манжуу
Капыр да болсо эл эле!
Манасты сүрөп сен Балтай,
Көрдүңбү балаа шумдугун?!
Басып алган экенбиз,
Ажыдаардын куйругун!
Болот эшик, дарбаза,
Уругу улук кан экен
Бадышасын караса!
Каканчындын калкы бар,
Катылганды куткарбай
Канын ичмей салты бар!
Катылган аман калчубу?
Калкына аман барчубу?
Каңгырап кеткен Манаска
Кабарды кантип айтабыз,
Кырдырып салып кытайга
Уялбай кантип айтабыз?
Селсаяк кеткен Манаска
Серпилсек кантип жетебиз,
Сексейген кара калмактан
Кыргын болуп кетебиз!
Өзүнчө кеткен Манаска
Өкүрсөк кантип жетебиз,
Өкүм болуп кытайдан,
Өлүм болуп кетебиз!
Кечээ, кең Алтайда жатканда:
«Балам тентек чыкты» - деп,
Тилегениң күйгүзгөн!
Кымыз куйган күбүңө,
Кызыталак Акбалтай
Кызык жеттик түбүмө!
Түбү түптүү манжууга
Түгөнбө десе болбойсуң,
Түгөнгөн Балтай оңбойсуң!
Бурулуп кеттиң олжого,
Бузугуңду койбойсуң!
Булкунгандан силкинип,
Акбалтай чыкты күүлөнүп:
«Көп эле болсо өлөрмүн,
Кыжылдаган кытайдан
Кыяматты көрөрмүн!
Өлбөй жүргөн ааламда
Темир өзөк болобу,
Кокуй, Жакып, не дейсиң,
Өлүмдөн корккон оңобу?!
Алтайдан бери айдалдык,
Эмгекке колдор байландык!
Бел байлаган белиңден,
Ажырап келдик, ой Жакып,
Кең Ала-Тоо жериңден,
Айрылып келдик моминтип,
Кеңири кыргыз элиңден!
Кейибе, Жакып, кейибе!
Манас оңой бала эмес,
Бапылдаган калмакка
Бастырып салчу жан эмес.
Күркүрөп кытай каптаса
Күнүмдү кантип берейин,
Күчөгөн экен, Эсенкан
Күрпөңдөшүп көрөйүн!
Жаным аман барында,
Жалпы кытай каптасын
Жатып кантип берейин,
Жайнаган кытай капырга
Жалпылдашып көрөйүн!
Канкор Манас бар болсо,
Кармашарым Каканчын,
Байлашарым Бакбурчун!
Түгөл өзүм барында
Түгөнүшүп көрөмүн,
Түгөнүшпөй, өлүшпөй,
Дүйнөнү кантип көрөмүн!
Бел байлаган белимден,
Беките байлап колумду
Айдап келген элимден.
Луңта, Туңша, Бээжинде
Ушунча тийген көчүм бар,
Жеткилең көрсөм ич күйөт
Жети атамдын өчү бар!
Айбалта, кылыч, чокморун
Көрүшпөй кантип калайын,
Кайран баш жерге киргиче
Кара кытай, манжууга
Өлүшпөй кантип калайын!
Айзаңы кармап топ бузам,
Кабылан Манас көрүнсө
Карыганда Акбалтай
Тагдырым жетсе окко учам.
Өкүлдөгөн калмакка
Өкүмүм кантип берейин,
Өлбөй-житпей айланып,
Кантип жүзүн көрөйүн.
Чалкалаган капырга
Теңдигим кантип берейин,
Тегеректеп келген соң
Бир теминишип көрөйүн!
Ажалдуу менде өлбөйбү,
Алда башка салганын
Азаптуу менде көрбөйбү!
Алда буйрук кылган соң,
Аманатын бербейби!
Күнү бүткөн көчпөйбү,
Гүлү түшсө өчпөйбү!
Гүлүм да бар, чагым бар,
Күрсүлдөп манжуу каптасын
Кырылышар табым бар!
Калдайдын каны баатырга,
Каршылашып көрөмүн,
Кадыр Алда буюрса,
Каза болуп өлөйүн!
Карааны Манас көрүнсө,
Кара кылып көрөйүн,
Кадыр Алда буюрса
Кармалашып көрөйүн!
Казам жетсе өлөрмүн!
Кара курттай калкы бар,
Кырк үйлүү кыргыз кор журтту
Кызыталак кытайлар
Кыйратып кетер чаркы бар.
Улугу бар, каны бар,
Уйпалап талап кетүүгө
Убада кылган абыдан.
Төбөбүздөн басууга,
Кармап иттей жанчууга,
Калысы кетип канынын
Кара кытай, көп манжуу
Кабарган экен абыдан.
Кырк үйлүү кыргыз журт элек,
Азып келген биз элек,
Азган журтка катылып,
Оңбогонун көрдүңбү,
Тыргооту тыйпыл чогулуп:
«Балаңды бер» - деп, доо кылып,
Болбогонун көрдүңбү?
Кадыр Алда жазуусу
Кабакка келди көрөлү,
Кайнап жаткан кытайга
Каралды Манас чунакты
Кантип кармап берели,
Күчөгөн экен көп манжуу
Күпүлдөшүп көрөлү!
Өйүз-бүйүз турушуп,
Өткөрө кыйын урушуп,
Өзөнгө өлүк толушуп,
Ойлосоң кыргын болушуп,
Бет алып жаа чоюшуп,
Кайран жанды аябай
Айза менен коюшуп,
Эсепти эпсиз табышып,
Күнү-түнү тынч албай
Аябастан чабышып,
Эстүү куу баш барында
Эрен Манас куу жалгыз
Эми кантип берели!?
Чуулдаган кытай журт менен
Жолугуша көрөлү!
Кедердин уулу капырга,
Кейпи суук Жолой баатырга,
Алым салар абыдан
Алымга кантип көнөбүз,
Талкалаша беребиз!
Таалайга бүткөн Манасты
Кыргын болуп, журт өлбөй,
Кадырга кантип беребиз?!
Коржоңдогон кытайдын
Кордугун кантип көрөлү,
Кордуктап келген калмакка,
Кокуй күн киши экенсиң
Койгулашып көрөлү!
Күчөгөн экен Каканчын
Биз да күчөнүшүп көрөлү,
Каардуу Жолой балбанга
Кармашып канды төгөлү,
Каралды кылган Манасты
Каны сурап келди - деп,
Калмакка кантип берели!
Маңдай-тескей турушуп,
Эрте өлгөндүн бири элек,
Тосо чыгып урушуп,
Тозокту кызык көрөлү,
Толгон журттан айрылып,
Толкуган кара калмакка
Тойпоңдошуп көрөлү!
Кытай милек, биз жалгыз,
Кырк үйлүү кыргыз өлгөнбүз,
Ушу кара калмактан
Кыстоону эчак көргөнбүз,
Кызык болуп айдалып,
Алтайга эчак келгенбиз,
Ошо кезде кырк үйлүү
Кыргын болуп өлгөнбүз!
Калдайып келген калмакка
Каршылаша көрөйүн,
Каралдым Манас көк жалды
Калмакка кантип берейин!
Кайран Балтай, бай Жакып,
Сан карам сарып бир кылып,
Кара кытай, манжууга
Салмакташып көрөйүн!
Улугу Эсенканы бар
Ушунча колун жиберип,
Учу түбүн байкасак
Уйпамак экен абыдан.
Торгомок экен жолумду,
Торуна түшсөм бу капыр
Байламак экен колумду,
Көргөзмөк экен көзүмө
Киши көргүс сонунду,
Казмак болгон орумду,
Кайнатмак болгон шорумду,
Байламак болгон экен го,
Маңдайга бүткөн баргегим
Бала Манас сонунду.
Акбалтай аман барында
Манасым кантип берейин,
Күчөгөн экен бул доңуз
Мен бир күрпөңдөшүп көрөйүн».
Муну айтып Балтай туралбай:
«Өлсөм болот чоң арман
Өпкө жарып, баш кесип,
Салышайын чоң жаңжал!
Кызырдуу Манас шеримди,
Кытайга кармап бердим - деп,
Кыргызды кантип көрөйүн,
Кызыккан экен бул калмак
Кырылышып көрөйүн!
Сакалым куудай агында,
Сапарым чукул барында
Сандаган калмак эл менен
Салмакташып көрөйүн!
Таалайлуу Манас уул үчүн,
Такыр кыргын болгуча
Талкалаша берейин!
Оңой Манас уул эмес,
Оюнан бизди чыгарып,
Ойноп жүрөр кул эмес!
Бекер Манас уул эмес,
Бейилинен бизди чыгарып,
Бейлебей жүрчү кул эмес!
Мендеден артык туулган,
Бекер Манас бул эмес!
Ойрондун өзү барында
Ойлобой койчу уул эмес!
Ойрон Манас бар болсо,
Ордолуу башым кан кылат
Ороңдогон калмактын
Он эки миңин жай кылат!
Кержейген кытай, манжуунун
Кебине кантип көнөйүн,
Дардайган кытай, манжууга
Талкалашпай мен өзүм
Дардайып кантип берейин,
Дарманым, чаркым барында
Талкалашып өлөйүн!» Айза кармап, топ бузам,
Ажал жетсе окко учам!
Жасагандын жазганын
Көрбөй кантип кетейин,
Жайнаган кара калмактан
Өлбөй кантип кетейин!»
Муну айтып Акбалтай
Кутубийден кеп угуп,
Кара кытай, манжууну
Курчап кетер деп угуп,
Айза кылыч шайланып,
Чокморун кыя байланып,
Куп кытайдан чочунуп,
Кулагерин токунуп:
«Атасы Жакып акылсыз,
Кара ниет жан экен,
Бир жараткан макулук!
Малы арбын, акыл жок,
Сандап жаткан сан караң
Бир Манастан садага!» Деп, ошентип, Акбалтай
Каарданып күүлөнүп
Кан Жакыпка сүйлөнүп,
«Каракан атаң өлгөндө,
Азып келдиң Алтайга
Сан караң бала болобу?
Кыймылдаган кырк үйлүү
Бир Манаска садага!
Корксоң кара калмактан
Астына түшүп малың тарт,
Жалынсаң жаның таштаса,
Башыңды байлап, каның тарт!
Тирүү калбай өлөмүн,
Кайран башым барында
Кан Манасты бербеймин!»
Каарданып жайланып,
Жоо-жарагын байланып,
Акбалтай чыкты чамынып,
Кара калмак, манжууга
Кармашууга камынып,
«Өлбөй тирүү жүргөндө,
Кай мураска жетемин,
Ушу Манас балага
Курман болуп кетемин!» Ушуну айтып Акбалтай:
«Кайнаган кара калмакка
Калайман салып өлбөсөм!» Деп, ошентип, Акбалтай
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Акбалтай минтип турганда
Бери жагынан Кутубий
Телкызыл менен камынып,
Кудуретке жалынып,
Жоо-жарагын шайланып,
Кутубий жайын сурасаң Атасы Ошпур ал эле,
Кабыланды тууганда
Атасынан айрылып,
Манаска жолдош дагы эле!
Кара динден ак болгон,
Калмактан кетип жат болгон!
Кубаты жеткен ааламга,
Кудайдын жөнүн куп билип,
Кырк чилтенден бата алган:
«Манаска кутман болсун!» - деп,
Олуяттан бата алган.
Муну менен кулуңуз
Кутубий болуп атанган.
Мураа да ошол, кан да ошол,
Манаска жолдош жан да ошол.
Айылы жакын ирегелеш,
Акылы жакын биргелеш.
Ордо чапса жыйгандаш,
Оболдон бери ыймандаш.
Ал Кутубий кургуруң,
Атагы кымбат, аты улук
Манаска тете чоң улук!
Айзакерден акылман,
Курган Кутубийиңдин
Ыктуулугу дагы бар,
Ажары бөлөк, заары күч
Акылга дыйкан, чоң чечен
Мыктылыгы дагы бар!
Жоого шайдоот, ишке шай,
Камбылдыгы дагы бар,
Баштаса жолдон жаңылгыс
Даңгылдыгы дагы бар!
«Камбылсыган кытайга
Кармалашып көрөм - деп,
Эртең көк жал келгенде,
Кырк үйлүүң кана дегенде,
Кырдырып ийсем кытайга
Эмне жооп берем - деп,
Каптаган кара калмакка
Качырып айза сунайын,
Кадыр Алда жол берсе
Капкараңгы тозоктон
Жанымды азат кылайын!
Ободон жылдыз болжошкон,
Он эки жолу достошкон
Оён Манас көк жалдын
Көңүлүн сыйлап турайын!»
Кутубийдин Кытай менен болгон биринчи урушу
Чамам келсе чапчышып,
Тоскоолдошо берейин,
Толкуган кара кытайдан
Ажалым жетсе өлөйүн!
Көк нөкөр белде сөгүлүп,
Көк найза колдо көрүнүп,
Айбалта жанда шаркылдап,
Кылыч кында жаркылдап,
Көпкөк темир кийинип,
Эр Кутубий ошондо
Кайынына барчу эмедей
Кашкая күлүп сүйүнүп,
Ач арсландай бой таштап,
Ак жолборстой кыйгачтап,
Телкызыл санга бир салып,
Темирдүү айза колго алып,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Белди бекем байланып,
Эрдин кесе чайналып,
Карсылдап күлүп, көз жайнап,
Кайран Куту канетсин
Кан ичмеси чын кармап,
Каары толук бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Беттешкени чоң Жолой,
Белгилүүсү Дөөдүр алп,
Жазбай аткан Каражой,
Жаман билгич Эзкара.
Беттеп жеке кол салып,
Каруусу толук капырга,
Кан Жолойдой баатырга
Качырып колду салды эле.
Маңдайлашып турушуп,
Айза менен урушуп,
Кылыч кыйрап чаң толуп,
Кажылдап кытай жан толуп,
Ошпурдун уулу Кутуну:
«Оой, журтум, байлап алгын!» - деп,
Оңдоп-солдоп эл каптап,
Ойрон мүшкүл, каран түн
Ойронуна жан келгис
Орой турган эр Жолой
Кутуга салды мүшкүл күн.
Маңдай-тескей турушту,
Айза сайып, жаа тартып,
Былчылдашып урушту.
Кайран Куту жалгыздын
Карааны Манас келе элек,
Ким көргөн мындай жумушту!
Маңдайлашып турушту,
Кырк уруу кытай эл каптап,
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Адамдан артык селди көр,
Айгайы кулак тундуруп,
Каптап кеткен элди көр!
Талаада күйгөн чокту көр,
Жылдыз болуп жылтылдап
Милтеден күйгөн окту көр!
Астыга жайган торду көр,
Ал тордун ары жак жагында
Түшүрүп кармап алуучу
Билинбеген орду көр!
Баарысынын мыктуусу,
Айзакерден ыктуусу,
Алышкан жоонун айласын
Ашкере билген мыктуусу
Ачбууданда дардайып,
Кайран Жолой эрди көр!
Кутмандуу жолдош Кутубий
Эңкейиште эр сайып,
Кез келгенин кырааның
Экиден катар бир сайып,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай
Теңдешип уруш салды эле,
Кутубийдин каптоого
Тору ала желек туу алып,
Каптады жөө күлүктөр
Бир жагынан караса
Мылтык атып, жаа тартып,
Чоң Дөөдүрдүн бүлүгү.
Кабары тоодой жан экен,
Кара калмак ичинде
Кайран Жолой бар экен,
Ачбууданга камчы уруп,
Эрениң Жолой жетти эле,
Кайсынысын айталы,
Каптап кетти көп улук.
Мөндүрдөй огу төгүлүп,
Чама кетип, ал кетип,
Каптачудай көрүнүп,
Жаанын огу шыркырап,
Тийген жерлер быркырап,
Чама жетип жутунуп,
Карыпчы, сооттун баарысы
Канжыга болуп тытылып,
Ураан тартып, чуу кылып,
Каптап кытай кетти эми.
Топурак учуп, чаң жүрүп,
Толуп жаткан кол каптап
Тозокту катуу салды эми.
Капталынан кан Жолой
Каарданып бакырып
Карыпчысын калдайткан
Калдайларын чакырып:
«Каңгып Манас кетиптир,
Түбүнө түптүз жете көр,
Түгөл каптап кете көр,
Кырк үйлүү кыргыз буруттун
Түбүнө чогуу жете көр!
Жакып канын жалмайлык,
Акбалтайын алалык!
Адам көргүс чоң кыргын,
Дөөдүр менен Каражой
Ыктууң карап турба - деп,
Эзкара менен чоң Жолой,
Мыктым карап турба -деп,
Темир аркан торчонум
Жоо дегенде ат коюп,
Тегеректеп келүүчү
Тегиз канжар колчонум!» Деп, ошентип, эр Жолой
Кутубийдин башына
Куп баштады бузукту,
Куп каптатып балбанын
Туура кылды кызыкты!
Качып чыгар бел да жок,
Кутубийдин жанында,
Кагыш кылып турганда,
Кан Жолой айза урганда
Адамдан артык туулган,
Душманга салар чуулган
Туйгуну Манас эри жок
Акбалтай, Жакып каны жок,
Өлүм орток, жан бирге,
Кырк үйлүү кыргыз дагы жок!
Шамалды көр, жааны көр,
Айзаны көр, зорду көр,
Алеңгир жаа, сыр жебе,
Каптап кеткен колду көр!
«Ажал жетсе өлөм - деп,
Амалым болсо Кутуга
Караан болуп берем» -деп,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай,
Чоң кисеси бир кучак,
Кайраты мыкты заары күч
Кулагерге камчы уруп,
Кан Балтай жетти болушуп,
Эсепти эпсиз табышып,
Кез келгенде кыраандар
Айбалтай менен чабышып,
Аралап жеке кол салып,
Кубат кетсе өлүүгө
Кубаты келсе Акбалтай,
Курган бала Кутуга
Караан болуп берүүгө,
Булар колду токтотсо,
Күндөп-түндөп турушса,
Кол токтотуп сайышып,
Кытай менен урушса
Сан кара малын чачыптыр,
Кырк үйлүүнү ээрчитип,
Караан болбой, бел болбой,
Зымпыя Жакып качыптыр,
Алтайдан Жакып качкан соң,
Ченсиз колго кабылып,
Кутубий менен Акбалтай
Челиш кылып жаткан соң,
Алтайдын ары жээгинде
Буурсун тийген чийин жок,
Суур чукуган ийин жок,
Айдай сары талаанын
Төмөнкү түшкөн бетинде,
Жекелеше турушуп,
Жети күн тынбай урушуп,
Карып көзү киртийип,
Карыган Балтай абаңа
Канча айза бир тийип,
Эки эле көзү киртийип,
Кайраттуу Кутубийиңе
Эки миң айза бир тийип,
Туулга темир быркырап,
Канжыгалап кара кан
Как жаак ылдый шыркырап,
Кайрат кылган эки кол
Өөдө болбой шал болуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Кыймылдай албай дал болуп,
Чама чарчап, ал кетип,
Бүткөн бойдун баарынан
Мөлтүлдөп кара кан кетип,
Жети күн тынбай аралап,
Акбалтай менен Кутубий
Жети жерден жара жеп,
Топтуу күнү аралап,
Токсон жерден жара жеп,
Аябаган чоң чууга
Салмак болгон кези экен,
Алпы Дөөдүр, эр Жолой
Тегеректеп экөөнү
Алмак болгон кези экен.
Курчап кытай келгенде,
Кутургур каптай бергенде,
Кыжылдап кытай жүгүрдү,
Жөө күлүгүн көргөндө
Кутубий менен Акбалтай
Курган жандан түңүлдү.
Карыпчы кийген балбаны,
Каптап жатып калганы,
Аңдып кармап алганы,
Жөө күлүгү, жалмачу
Тегеректеп алганы.
Алтайдан Жакып көчкөндө,
Ашыгып үйдү чечкенде
Кытайдын салган жаңжалы,
Колуна тийип багынса
Жалынса укпай сөздөрүн,
Жарганы турат өздөрүн
Чукуган турат көздөрүн.
Кайнап кытай келгенде
Жүргөнүнөн чаң чыкты,
Үйүң күйгөн доңуздун
Добушунан жан чыкты.
Жонунан Жолой бакырып,
Үйүң күйгөн бул чочко
«Мөндүлөп» ураан чакырып,
Каарынан Жолойдун
Калың кол чыдап тура албай
Каптап кытай калды эле.
Анда туруп Кутубий
Акылга дыйкан, тил чечен,
Айла тапкыч артык эр
Акбалтайды жетелеп,
Айла тапкан ошо жер,
Курулган жылдыз болжошу
Курган Манас жалгыздын
Кутубий экен жолдошу.
Асмандан Алданын күнү бүркөлүп,
Арсланы Манас дагы жок,
Башына алтымыш мүшкүл бир келип,
Дүмөк келген себеби Жаңжу-манжуу балбаны,
Жайнап каптап калганы.
Мындай мүшкүл ким көргөн!
Жамгыр кылып, жаа тартты,
Мөндүр кылып, ок атты,
Камыштай айза кылкылдап,
Катуу дүмөк, мүшкүл иш
Каптады кытай былкылдап,
Артын кудай бербесе,
Азыр өлөт экенбиз
Арслан Манас келбесе.
Акбалтай турду аңгырап,
Керээзин айтып заңгырап,
«Айланайын Кутубий!
Карыган Балтай мен элем,
Караан кылган сен элең!
Каралдым Манас мында жок,
Арам өлгөн экенбиз,
Жүрбөгөн төөдөй жарылып,
Жаман өлгөн экенбиз,
Темир аркан капырдын
Торунда өлмөк экенбиз.
Тегиз канжар капырдын,
Колунда өлмөк экенбиз.
Самаганың Ала-Тоо
Кетпей өлмөк экенбиз,
Сандалган кыргыз ал элге
Жетпей өлмөк экенбиз!
Качып кетер белим жок,
Ажыратып алуучу
Арслан Манас шерим жок.
Ээ, кулунум, Кутубий,
Кантип өлөр экенбиз!?
Каңырыгы чын түтөп,
Карыганда Акбалтай
Кол ичине токтоду,
Коңгурап жандан түңүлүп,
Кан Манасты жоктоду.
Акбалтай антип турганда
Безге сайган эмедей
Ыргып түштү Кутубий:
«Аба, Акбалтай, беренсиң,
Баатыр сендей болобу,
Сени баатыр деген оңобу?!
Алтайда кара калмактын
Бээлерин тийип жечү элем.
Катылышсак калмакка
Балтай абам желек кармаса,
Каңгайды бузам дечү элем.
Урушса кара калмактын
Уйларын тийип жечү элем,
Абам Балтай, ал Манас,
Аларым карап турганда
Айдап кара калмакты
Каканга сүрөм дечү элем,
Кайгы төлөө болобу,
Калмактан корккон оңобу!
Кокуй, аба, не дейсиң,
Наалат, аба не дейсиң?
Бу кебиңди ким уксун,
Бир караңгы түн уксун!
Кайгы менен мокоткон
Каран күн киши экенсиң,
Жобо менен жоготкон
Жолуң болгур экенсиң!
Кайгыңды калмак угабы,
Калдайы кармап албайбы
Каран түндү салбайбы!
Эшектей кардың эшпейби,
Эсеби жок көп манжуу
Эми эле талап кетпейби!
Эселек киши экенсиң,
Чечтирмек болдуң тонумду,
Көрсөтмөк болдуң сонунду.
Ат соорусун салалы,
Ит урушун кылалы!
Тирилей келген калмактын
Тиктөөсүнө көнбөймүн,
Көөдөндө алтын жанымды
Көп урушпай бербеймин!
Кокуй, аба, не дейсиң?» Деп, ошентип, Кутубий,
Астындагы Телкызыл
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Өрттөй көзү бек жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Кайратты катуу салды эле,
Кан Балтайдын Кулагер
Опсолоң бугу чылбырын
Колунан жулуп алды эле.
Желгенине жел жетпей,
Басканына мал жетпей
Тегиз жерде үйрөтүп,
Сүрөгөндө Балтайды
Тебетейдей сүйрөтүп,
Эңкейиште үйрөтүп,
Качкан жерде Балтайды
Эбелектей сүйрөтүп,
Астындагы Телкызыл
Тулпарлык туушу бир башка,
Кыл куйруктун күлүгү
Кылымдан артык бир башка.
Куйругу саяң, жалы аз,
Куланды көрсө куткарбас.
Чу койгондо закымдап,
Көздөн чыгып бөлүнгөн,
Акбалтай ала качканда
Тулпарлык сыны көрүнгөн,
Чуркаганда кара жер
Кат-катынан бөлүнгөн.
Будур-будур бел ашып,
Будурмак чыбыр жер басып,
Тоңурайган тоону өтүп,
Тоңкойгон чуңкур коо кечип,
Эрендер кайдан аянып,
Алтай тоонун тумшугу
Чоң өзөндү таянып,
Тогуз жолдун тоому
Бөрү-Койдун чаркына,
Ит-Өлбөстүн кырына
Эрендер жетип илинип,
Ээн калган эки тулпардын
Күлүктүгү билинип.
Аңгил-дөңгүл жер келсе,
Учуп кетчү эмедей
Учкан куш менен жарышып,
Малмага салган ак тизгин
Чирелеп колдо карышып,
Башын жерге салыптыр,
Башкача чуркап алыптыр.
Койдой эти бөлүнүп,
Коёндой жону түзөлүп,
Тайдай эти бөлүнүп,
Тайгандай жону түзөлүп,
Арандай оозу ачылып,
Бүрүшкөн болот туягы
Жолум үйдөй жазылып,
Мурунунан буу чыгып,
Колтуктан кашка суу чыгып,
Кара-Кыр жетип илинип,
Тулпарлыгы билинип,
Кошкон кара кыяга
Кырк үйлүү кыргыз кайран эл
Жетип көчүп илинип,
Эрендер кайдан аянды,
Кара-Кырдын Тал-Мазар
Кутубий, Жакып таянды.
Арт жагына кайрылып,
Тиктеп туруп караса
Кара калмак, манжуу журт
Караса көзгө илинбейт,
Душман чоңу чоң Жолой
Баштаганы калың кол,
Кайда экени билинбейт.
Акбалтай абаң сабылып,
Кутубийге жалынып:
«Айланайын Кутубий,
Өчкөн отум тамызган,
Өлгөн жаным тиргизген,
Үзүлгөнүм улаган,
Чачылганым жыйнаган,
Кутубий сендей балага
Кутмандыгың чын экен,
Куруп кеткен Акбалтай
Азыр болсун садага!
Уланымсың, белимсиң,
Ушу кудай жараткан
Манас экөөң шеримсиң!
Кайран жаным өлбөсө
Калкыма кабар салармын.
Кадимки нойгут элиме
Кутман кылып өзүңдү
Кан көтөрүп салармын!
Бул кезекте мен Балтай
Өлбөөчүдөй жутунам,
Таңда макшар күнүндө
Баана кылган Кутубий,
Акыңдан кантип кутулам!?
Беренимсиң, белимсиң,
Белгилеп турган эримсиң!» Деп, ошентип, Акбалтай,
Чыканактап тынч алып,
Чырм этип, уйку алып,
Жатып уйку кандырып.
Таң кашкайып калганда
Тулпарларды чалдырып,
Аз жетелеп олтуруп,
Көөдөнүн чөпкө толтуруп.
Супа садык салганда,
Таң сөгүлүп калганда
Камыштай айза кылкылдап,
Катуу каптап былкылдап,
Ачбууданды жулкунтуп,
Кутурган Жолой чоң калмак
Куу изине чөп салып,
Кутура кууп алыптыр,
Сары изине чөп салып,
Саргара кууп калыптыр.
Туу кармаган Эзкара,
Жер жарылып, чуу туруп,
Жетик каптап алыптыр.
Акбалтай көрүп ал колду
Кутубийге жүгүрдү,
Курган жандан түңүлдү.
Курган Балтай бакырып,
Кутубийди чакырып:
«Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби,
Казылган калың ор келет,
Куткарбай курман кылуучу
Кайнатылуу шор келет,
Кайраты мыкты, заары күч,
Катылса кырып, кылат түз,
Калмактардын чоң Жолой
Ошо Жолой зор келет!
Кыстоо көрдүк кытайдан,
Кырылып калар бекенбиз,
Киши көрбөс кордукту
Бүгүн көрөт экенбиз,
Тирүү калбай кырылып,
Бүгүн өлөт экенбиз!»
Акбалтай айтып тургуча,
Ачып оозду жыйгыча,
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Бозоргон тоонун урчукта,
Боз адырмак тумшукта,
Көк жал Манас кабылан
Көчкөн көчкө кез болду.
Көз алдына караса Жаккан отун өчүргөн,
Алтайдан айдап кырк үйдү
Жалпы баарын көчүргөн.
Көк жал Манас караса Көп аманын кааласа,
Кырк үйлүүнүн баары аман,
Атасы Жакып дагы аман,
Сан каралуу малы аман.
Алышпай бекер кетеби,
Жыйып алган кырк бала,
Кырк баланын мыктысы Кутубий менен Көкбөрү.
Атойнок менен Алымсок
Арслан эрдин жөкөрү.
Кырк баланы санаса,
Караса көзгө илинбейт,
Ал балдардын баары аман,
Кутубий көзгө билинбейт.
Карыларды байкаса,
Акбалтай көзгө көрүнбөйт.
Акбалтай, Куту ынагым,
Кайда кеткен буларым!
Карап Манас турду эле
Бозайбанын чайпалтып,
Канкоруңдун алдынан
Кан Жакып чыга калды эле.
Карчыгадай камынып,
Кабыландай чамынып,
Кайыптан акыл табылып,
Ак сакалы жаркылдап,
Атасы Жакып баркылдап:
«Оо, ботом, өзөндүү дайра булагым,
Малым арбын, балам жок,
Өлгөндө көргөн чунагым,
Оо, ботом, Алтай да бизге жер эле
Алтайда кара калмак, көп манжуу
Бизге катарлаш жаткан эл эле.
Алтайда балам туулган,
Аябай салдың чуулган,
Айза сунуп асылдың,
Кара калмак элиме,
Качпай тынчып жатарда
Калайман салдың элиме!
Өзөнгө малым толордо,
Алтайды бойлой конордо
Калмакка айза сундуң го!
Өрт өчкөндөй кылдың го!
Кармашарың Каканчын,
Канына тийдиң катылып,
Каранды башка не салдың,
Күйүткө мынча чатылып,
Айтсам-айтсам болбойсуң,
Айткан тилди албайсың!
Кара кытай, бул манжуу
Каарды катуу баштаган,
Кан атаң көк жал өлгөндө
Баарыңды кырып таштаган.
Кайраттууну камаган,
Кыйын чоң атаң өлгөндө
Кырылбай менде калбаган.
Башыбыз кеткен Бапаңга,
Балам Манас не дейсиң
Күйүп кетем капама!
Бирөөбүз кеттик Эренге,
Бирөөбүз түшүп кеткенбиз
Кайта чыкпас тереңге,
Алтайга тентип каңгыдык,
Күйөр менен Бышардан
Күбүлүп чогуу айрылдык.
Кол аркага байланып,
Кордук көрүп тентидик,
Алтайды көздөй айдалып,
Алтайды күтүп жер кылдык,
Кара калмак, манжууну
Кадырлаш тууган эл кылдык.
Жылкыдан бактым, кулунум,
Талыкпай турган бууданды,
Далай жерге кабарды
Берсем кабар табылбайт.
Биргелеш жакын тууганды.
Алтайга атаң конду, - деп,
Арман кылам кудайга,
Айдалып кеткен туугандар
Тукум курут болду - деп,
Кечээ, сен элиңе кеткенде,
Кудай бетин көрсөтпө,
Камышты көр, селди көр,
Каптап кеткен элди көр!
Казылган калың ор келди,
Мылтык атып, жаа тартып,
Эсенкан буйрук кылган соң
Каптаган түмөн кол келди.
Кудай билет өлүштү,
Кудай билет бул жерден
Өлбөй эсен тартышты!
Жети асаба туу келди,
Жер жарылган чуу келди!
Асманга учуп топурак
Кудай бетин көрсөтпө,
Аскер жүрдү топурап,
Калың колун көргөндө
Качып, көчүп бүлүндүк
Кайран жандан түңүлдүк!
Каарды кытай баштады,
Кытайдын түрүн көргөндө
Малдан эмес, кырк үйлүү
Жандан кечип таштады!
Кара курттай сел келди,
Катыла турган жоо эмес,
Каптап кеткен эл келди.
Түпкө чогуу жетет -деп,
Түгөнгөн жандан түңүлдүм.
Чабышып чама келеби,
Уй түгүндөй капырды
Басташып адам жеңеби?!
Урушкан жеңип алабы,
Кара курттай капырга
Катылган аман калабы?!
Аяш атаң Акбалтай,
Куп жолдошуң Кутубий
Алтайды манжуу ашты эле,
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Темир аркан торчону
Тегеректеп кетти эле,
Тегиз канжар колчону.
Айза сайып, Балтай чаап,
Алышканын бир көрдүм,
Аралашып эки эрен,
Салышканын бир көрдүм!
Топурак жаап, тоз күйүп,
Толкуп кытай жүрдү эле,
Толгон балбан кирди эле.
Кымбат Балтай өлдү -деп,
Ушу кезде ой кылам,
Ал экөөнү кайсаса
Тез каптап бизге жетет -деп,
Теги жандан түңүлдүм,
Тегеректеп кетет -деп,
Кумурсканы көр, селди көр,
Кутубийге асылып,
Курчап кеткен элди көр!
Түбүнө чогуу жетти -деп,
Кутман эле Кутубий
Башын кесип кетти -деп,
Кутубийден түңүлдүм! Деп, ошентип Акбалтай,
Куту экөөнүн маанисин
Бай Жакыптан укту эле.
Бай Жакыптан укканда
Арсландай чамынып,
Алдасына жалынып:
«Белимди бекем бууймун,
Беттешер болсо бул калмак
Бээжинге чейин кууймун,
Таштууларын талкалап,
Албай кантип калайын.
Таш-талканын катырып,
Салбай кантип калайын,
Бир калайман Бээжинге!
Өлүп калсак окустан,
Дүйнөдөн кетсек кокустан,
Жаңжалды катуу салайын,
Кыйындарын кыйратып,
Экөөнүн канын алайын!
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетейин,
Түрү суук кара калмакка
Түгөнүшүп өтөйүн!
Торучаарды минейин,
Катылган кара калмакты
Каканга чейин сүрөйүн!
Кызыккан экен кытайлар
Кыйрашпай кантип калайын,
Кызыккан окшойт бул чочко,
Кызыкканын бөлөйүн,
Кыжылдаган капырды
Каканга чейин түрөйүн!
Кара курттай Бээжинге
Өнгөн кытай турбайбы,
Калың кыргыз көп элди
Каптап чаап башынан
Көнгөн кытай турбайбы.
Өлбөй-житпей чочкого
Өнөгүм кантип берейин,
Жайнаган кара кытайга
Жаңжалдашып көрөйүн!
Каарыңа тиет калмагың
Каңгайга чечин сүрөйүн,
Кармаш сонун ал болсо,
Кармалашып көрөйүн!
Азапты арбын саламын,
Акбалтай менен Кутуну
Азыр жетсем мен өзүм
Ажыратып аламын!
Бейили кара кытайды
Бээжинге чейин сүрбөсөм,
Тирүү жүрбөй өлөйүн!
Тирүү басып жүргүчө
Туулбай туна чөгөйүн!
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзам гүлү учкуча,
Мыктап алты ай салышып,
Айзалашып топ бузуп,
Ажал жетсе окко учуп,
Жетиктеп белим курчанам,
Жети милек каптасын,
Жеке өзүм кол салам!
Тирүү Манас барында
Кыйратып кытай кыралбайт,
Кырк үйлүү кыргыз бул журтту
Кыйратып кытай алалбайт.
Бөлүүчү кытай ал эмес,
Бөлдүрчү Манас мен эмес!
Урушуп бүлүк саламын,
Кайнап жаткан манжуунун
Жылкысы эмес, мен Манас
Уйларын тийип аламын!
Каптаганын көрүшөм,
Качпай туруп урушуп,
Как ушу жерден өлүшөм!» Деп, ошентип, Манас кан
Көчүнөн чыкты бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Эш тутканы кырк балбан,
Кызырдуу Манас кабылан
Кытайга салат чоң жаңжал.
Канча жерден кат алган,
Кабылан ошол, шер да ошол
Зайыппуруш атанган,
Айлалуу султан, аты улук Адамдан чыкпайт бул өңдүү
Адамдан кайра тартпаган,
Ажалдан кайта кайтпаган.
Телегейи тең тууган,
Артыкча көк жал шер тууган.
Кырк чилтен жолдош колдогон,
Кызыр чалган кургурга
Кыяпат айтар болбогон,
Жыргал десе күйүнгөн,
Шер экенин мындан бил,
Ажал десе сүйүнгөн.
Ала көөдөн эрендин,
Ай-ааламды буй кылган
Кайсы бирин айталы,
Айкөл Манас берендин!
Айзакерден ыктуунун,
Кайсы бирин айталы,
Ай-ааламды буй кылган,
Шер жараткан мыктуунун!
Атасы Жакып байына
Угуп алып тардыкты,
Болжолу жок ардыкты:
«Кокуй ата не дейсиң!
Ажал жетсе өлөмүн,
Алдыңкы кара кытайга
Алыш кылып көрөмүн!
Кайран жан өлүп жок болбой,
Кырк үйлүү кыргыз элимдин
Кыйындарын кырдырып,
Алсызын олжо кылдырып,
Тирүү кантип тартамын!
Айзалашып топ бузам,
Кордукта жаткан журт үчүн
Тагдыр жетсе окко учам!
Өткөрө жаным барында,
Өлүп, өчүп кеткиче,
Чын ажалым жеткиче,
Көз жумулуп калгыча,
Күчөгөн кара калмактын
Сөзүнө кантип көнөйүн,
Колумдагы кырк түтүн
Ойрондошуп салышпай,
Олжого кантип берейин!
Улугуна, канына,
Кумурскадай кайнаган
Калың кытай баарына,
Кырк үйлүү кыргыз аз элди
Олжого кантип берейин!
Кокуй, ата, не дейсиң.
Бул сөзүңдү ким угат!
Айдалганда Алтайга
Жерсинип калган экенсиң,
Кара калмак, манжууну
Элсинип калган экенсиң.
Бул Алтайга турганда
Не мураска жетебиз?
Тирүүлөй моюн бургуча,
Кара калмак, манжуунун
Зордугун көрүп тургуча
Кыргын болуп өлөлү!
Кызыккан экен калмактар,
Кыйрашты кызык көрөйүн,
Чамам келсе чапчышып,
Чалкалап уруш салайын,
Чалдырып койсо Акбалтай,
Көбүнчө өлсө Кутубий,
Кургунду мыкты салайын,
Колго түшсө экөөнү
Бээжинге чейин урушуп,
Ажыратып алайын!
Каптаса кара манжууга
Бет алышып турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Беттешип кыйла урушуп,
Мээнетти бекем салайын,
Бек заарын төккөн кытайга
Бет алыша барайын,
Урушарым Каканчын
Урушпай кантип калайын! Деп, ошентип, кабылан
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көп сөздү айтып Жакыпка:
«Кокуй ата, не дейсиң,
Акылың жок, кебиң жок,
Оңбой калган экенсиң.
Амызың качып, ар кетип,
Болбой калган экенсиң,
Кыргызды кытай алганда,
Ордоңду бузуп талкалап,
Олжо кылып калганда,
Кыз-катының талкалап,
Ойрон кылып салганда
Ошондо коркуп бай Жакып,
Болбой калган экенсиң.
Белгилүү Манас дагы жок!
Көрүп кантип жатайын,
Кырк үйлүү кыргыз журтума
Кыйналчу кабар айтайын!
Кырк үйлүүдөн кырк бала,
Бараан кылып алайын,
Токтобой уруш салайын:
«Качып, үрк, - деп, - элиме
Кабар айтып барайын,
Кайра тартып урушуп,
Кайрылып колду салайын!» Деп ошондо Кутубий,
Алдындагы Телкызыл
Анык тулпар казанат,
Кайыбынан кабылган,
Кулан-Талаа, кум чөлдөн
Курган Манас кыраан бар,
Кутубий экөө бир туруп,
Кучакташып турганда
Телкызыл басып желди эле,
Асыйында жаныбар
Бурак ат болуп Кутуга
Бууданы минтип келди эле.
Астында тулпар Телкызыл
Кайыбынан кабылган,
Как талаадан табылган.
Кулан менен куушкан,
Не да болсо жаныбар
Тулпар менен туушкан
Туура тулпар Телкызыл.
Кутубий жоону көрүптүр,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Абасы Балтай карыга,
Акбалтай, Жакып баарына,
Кырк түтүндүн өзүнө,
Уккан адам өкүрдү
Кутубийдин сөзүнө.
«Атаңдын көрү, кырк үйлүү!
Кызырдуу Жакып карыңа,
Кабар айта мен келдим
Кырк үйлүү кыргыз баарыңа,
Жолугуппуз кутулбас
Бир кудайдын каарына!
Кара кылар токой жок,
Качып кирер кыргыз жок,
Ичим кайгы, тышым чок!
Тытышып уруш кылууга,
Арка кылып турууга
Кабылан тууган шер эле,
Чындап кудай жараткан
Жоо бөрүсү эр эле!
Каканчындын калкынан,
Каруусу толук капырдан,
Кайран Жолой баатырдан
Ажыратып алуучу,
Чапчышып согуш салуучу
Кабылан көк жал Манас жок,
Мындай кудай урарбы?!
Кайрылып Манас келгиче,
Кара кытай кубарбы?!
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Топурак учкан чаңды көр,
Толгон кытай жанды көр!
Көмүлгөн дүйнө оңбосун,
Көп каптаган болчу эмес,
Каптап манжуу кол салса,
Жабылса жанды койчу эмес!
Түшсө чыкпас терең ор,
Каптап кетти калың кол
Кумурскадай кыжылдап,
Курчамак болду быжылдап,
Колу колго бөлүндү,
Кордугу бөлөк көрүндү,
Койгулашып салышсак,
Суудай кандар төгүлдү!
Калмактардын кан Жолой
Каны каптап калыптыр,
Манжуулардын Эзкара
Дагы каптап калыптыр,
Казыналык Каражой
Кошо каптап калыптыр,
Төө көтөргөн чоң Дөөдүр
Ошо каптап калыптыр!
Асманга учкан топурак,
Аскер каптап топурап,
Айла кетип өлдүк ээ,
Атаңдын көрү, журт ыраак!
Белеске качып жашынсак
Кара токой-чер да жок,
Кармалашып урушсак
Караан кылып отурган
Кабылан Манас шер да жок!
Бир чуңкурга кырк үйлүү,
Жыйылууга көчүппүз,
Жылма болуп баарыбыз
Кырылууга көчүппүз!
Кудайдын салган чийинин
Көргөнү көчкөн экенбиз,
Кажылдаган калмактан
Арманда болуп баарыбыз
Өлгөнү көчкөн экенбиз Кутубий мындай деди эле,
Курган жандан түңүлүп,
Кайгылуу кептен баштады,
Мал менен баштан бай Жакып
Такыр кечип таштады.
«Оо, ботом, айтпадым беле мен бая,
Уктуң эле сен бая!
Чабышып чама келеби,
Чапчышып менде жеңеби?!
Топон суу жетпес чочкону
Ааламдын чаркы келеби?
Кокуй, Балтай, оңбойсуң,
Тим эле миңдеп кеп айттың,
Манасты сурап койбойсуң!
Кутурган Балтай карап тур,
Алтынды олжого алдыңбы,
Абайла, Балтай, кебимди
Азапка эми калдыңбы?!
Тозоку Балтай, оңбой кал,
Тогуз бөрү бир койду
Таласа тарпын койчубу?!
Толкуган кытай биздерди
Сабаса тарпты койчубу?!
Жети-Өзөн ээн жериң жок,
Жээлигесиң, куу Балтай,
Жети-Өзөндү жердеген
Жеткилең кыргыз элиң жок!
Көрбөдүңбү, сен Балтай,
Кытайдын кылган кызыгын,
Каракан атам өлгөндө
Калмактын салган бузугун!
Туура журтту талкалап,
Кылмышы жок, өчү жок
Кытай кырып салды эле,
Кыйла дилде, казына,
Олжо кылып алды эле!
Каракандын сегиз уул,
Айдап түпкө жетти эле.
Бирибиз кетип Эренге,
Бирибиз кеттик ошондо
Кайра чыкпас тереңге!
Бирөөбүз кеттик Каңгайга,
Биздер келдик Алтайга!
Алтай бизге жер эле,
Кара калмак, бул манжуу
Капыр да болсо эл эле!
Манасты сүрөп сен Балтай,
Көрдүңбү балаа шумдугун?!
Басып алган экенбиз,
Ажыдаардын куйругун!
Болот эшик, дарбаза,
Уругу улук кан экен
Бадышасын караса!
Каканчындын калкы бар,
Катылганды куткарбай
Канын ичмей салты бар!
Катылган аман калчубу?
Калкына аман барчубу?
Каңгырап кеткен Манаска
Кабарды кантип айтабыз,
Кырдырып салып кытайга
Уялбай кантип айтабыз?
Селсаяк кеткен Манаска
Серпилсек кантип жетебиз,
Сексейген кара калмактан
Кыргын болуп кетебиз!
Өзүнчө кеткен Манаска
Өкүрсөк кантип жетебиз,
Өкүм болуп кытайдан,
Өлүм болуп кетебиз!
Кечээ, кең Алтайда жатканда:
«Балам тентек чыкты» - деп,
Тилегениң күйгүзгөн!
Кымыз куйган күбүңө,
Кызыталак Акбалтай
Кызык жеттик түбүмө!
Түбү түптүү манжууга
Түгөнбө десе болбойсуң,
Түгөнгөн Балтай оңбойсуң!
Бурулуп кеттиң олжого,
Бузугуңду койбойсуң!
Булкунгандан силкинип,
Акбалтай чыкты күүлөнүп:
«Көп эле болсо өлөрмүн,
Кыжылдаган кытайдан
Кыяматты көрөрмүн!
Өлбөй жүргөн ааламда
Темир өзөк болобу,
Кокуй, Жакып, не дейсиң,
Өлүмдөн корккон оңобу?!
Алтайдан бери айдалдык,
Эмгекке колдор байландык!
Бел байлаган белиңден,
Ажырап келдик, ой Жакып,
Кең Ала-Тоо жериңден,
Айрылып келдик моминтип,
Кеңири кыргыз элиңден!
Кейибе, Жакып, кейибе!
Манас оңой бала эмес,
Бапылдаган калмакка
Бастырып салчу жан эмес.
Күркүрөп кытай каптаса
Күнүмдү кантип берейин,
Күчөгөн экен, Эсенкан
Күрпөңдөшүп көрөйүн!
Жаным аман барында,
Жалпы кытай каптасын
Жатып кантип берейин,
Жайнаган кытай капырга
Жалпылдашып көрөйүн!
Канкор Манас бар болсо,
Кармашарым Каканчын,
Байлашарым Бакбурчун!
Түгөл өзүм барында
Түгөнүшүп көрөмүн,
Түгөнүшпөй, өлүшпөй,
Дүйнөнү кантип көрөмүн!
Бел байлаган белимден,
Беките байлап колумду
Айдап келген элимден.
Луңта, Туңша, Бээжинде
Ушунча тийген көчүм бар,
Жеткилең көрсөм ич күйөт
Жети атамдын өчү бар!
Айбалта, кылыч, чокморун
Көрүшпөй кантип калайын,
Кайран баш жерге киргиче
Кара кытай, манжууга
Өлүшпөй кантип калайын!
Айзаңы кармап топ бузам,
Кабылан Манас көрүнсө
Карыганда Акбалтай
Тагдырым жетсе окко учам.
Өкүлдөгөн калмакка
Өкүмүм кантип берейин,
Өлбөй-житпей айланып,
Кантип жүзүн көрөйүн.
Чалкалаган капырга
Теңдигим кантип берейин,
Тегеректеп келген соң
Бир теминишип көрөйүн!
Ажалдуу менде өлбөйбү,
Алда башка салганын
Азаптуу менде көрбөйбү!
Алда буйрук кылган соң,
Аманатын бербейби!
Күнү бүткөн көчпөйбү,
Гүлү түшсө өчпөйбү!
Гүлүм да бар, чагым бар,
Күрсүлдөп манжуу каптасын
Кырылышар табым бар!
Калдайдын каны баатырга,
Каршылашып көрөмүн,
Кадыр Алда буюрса,
Каза болуп өлөйүн!
Карааны Манас көрүнсө,
Кара кылып көрөйүн,
Кадыр Алда буюрса
Кармалашып көрөйүн!
Казам жетсе өлөрмүн!
Кара курттай калкы бар,
Кырк үйлүү кыргыз кор журтту
Кызыталак кытайлар
Кыйратып кетер чаркы бар.
Улугу бар, каны бар,
Уйпалап талап кетүүгө
Убада кылган абыдан.
Төбөбүздөн басууга,
Кармап иттей жанчууга,
Калысы кетип канынын
Кара кытай, көп манжуу
Кабарган экен абыдан.
Кырк үйлүү кыргыз журт элек,
Азып келген биз элек,
Азган журтка катылып,
Оңбогонун көрдүңбү,
Тыргооту тыйпыл чогулуп:
«Балаңды бер» - деп, доо кылып,
Болбогонун көрдүңбү?
Кадыр Алда жазуусу
Кабакка келди көрөлү,
Кайнап жаткан кытайга
Каралды Манас чунакты
Кантип кармап берели,
Күчөгөн экен көп манжуу
Күпүлдөшүп көрөлү!
Өйүз-бүйүз турушуп,
Өткөрө кыйын урушуп,
Өзөнгө өлүк толушуп,
Ойлосоң кыргын болушуп,
Бет алып жаа чоюшуп,
Кайран жанды аябай
Айза менен коюшуп,
Эсепти эпсиз табышып,
Күнү-түнү тынч албай
Аябастан чабышып,
Эстүү куу баш барында
Эрен Манас куу жалгыз
Эми кантип берели!?
Чуулдаган кытай журт менен
Жолугуша көрөлү!
Кедердин уулу капырга,
Кейпи суук Жолой баатырга,
Алым салар абыдан
Алымга кантип көнөбүз,
Талкалаша беребиз!
Таалайга бүткөн Манасты
Кыргын болуп, журт өлбөй,
Кадырга кантип беребиз?!
Коржоңдогон кытайдын
Кордугун кантип көрөлү,
Кордуктап келген калмакка,
Кокуй күн киши экенсиң
Койгулашып көрөлү!
Күчөгөн экен Каканчын
Биз да күчөнүшүп көрөлү,
Каардуу Жолой балбанга
Кармашып канды төгөлү,
Каралды кылган Манасты
Каны сурап келди - деп,
Калмакка кантип берели!
Маңдай-тескей турушуп,
Эрте өлгөндүн бири элек,
Тосо чыгып урушуп,
Тозокту кызык көрөлү,
Толгон журттан айрылып,
Толкуган кара калмакка
Тойпоңдошуп көрөлү!
Кытай милек, биз жалгыз,
Кырк үйлүү кыргыз өлгөнбүз,
Ушу кара калмактан
Кыстоону эчак көргөнбүз,
Кызык болуп айдалып,
Алтайга эчак келгенбиз,
Ошо кезде кырк үйлүү
Кыргын болуп өлгөнбүз!
Калдайып келген калмакка
Каршылаша көрөйүн,
Каралдым Манас көк жалды
Калмакка кантип берейин!
Кайран Балтай, бай Жакып,
Сан карам сарып бир кылып,
Кара кытай, манжууга
Салмакташып көрөйүн!
Улугу Эсенканы бар
Ушунча колун жиберип,
Учу түбүн байкасак
Уйпамак экен абыдан.
Торгомок экен жолумду,
Торуна түшсөм бу капыр
Байламак экен колумду,
Көргөзмөк экен көзүмө
Киши көргүс сонунду,
Казмак болгон орумду,
Кайнатмак болгон шорумду,
Байламак болгон экен го,
Маңдайга бүткөн баргегим
Бала Манас сонунду.
Акбалтай аман барында
Манасым кантип берейин,
Күчөгөн экен бул доңуз
Мен бир күрпөңдөшүп көрөйүн».
Муну айтып Балтай туралбай:
«Өлсөм болот чоң арман
Өпкө жарып, баш кесип,
Салышайын чоң жаңжал!
Кызырдуу Манас шеримди,
Кытайга кармап бердим - деп,
Кыргызды кантип көрөйүн,
Кызыккан экен бул калмак
Кырылышып көрөйүн!
Сакалым куудай агында,
Сапарым чукул барында
Сандаган калмак эл менен
Салмакташып көрөйүн!
Таалайлуу Манас уул үчүн,
Такыр кыргын болгуча
Талкалаша берейин!
Оңой Манас уул эмес,
Оюнан бизди чыгарып,
Ойноп жүрөр кул эмес!
Бекер Манас уул эмес,
Бейилинен бизди чыгарып,
Бейлебей жүрчү кул эмес!
Мендеден артык туулган,
Бекер Манас бул эмес!
Ойрондун өзү барында
Ойлобой койчу уул эмес!
Ойрон Манас бар болсо,
Ордолуу башым кан кылат
Ороңдогон калмактын
Он эки миңин жай кылат!
Кержейген кытай, манжуунун
Кебине кантип көнөйүн,
Дардайган кытай, манжууга
Талкалашпай мен өзүм
Дардайып кантип берейин,
Дарманым, чаркым барында
Талкалашып өлөйүн!» Айза кармап, топ бузам,
Ажал жетсе окко учам!
Жасагандын жазганын
Көрбөй кантип кетейин,
Жайнаган кара калмактан
Өлбөй кантип кетейин!»
Муну айтып Акбалтай
Кутубийден кеп угуп,
Кара кытай, манжууну
Курчап кетер деп угуп,
Айза кылыч шайланып,
Чокморун кыя байланып,
Куп кытайдан чочунуп,
Кулагерин токунуп:
«Атасы Жакып акылсыз,
Кара ниет жан экен,
Бир жараткан макулук!
Малы арбын, акыл жок,
Сандап жаткан сан караң
Бир Манастан садага!» Деп, ошентип, Акбалтай
Каарданып күүлөнүп
Кан Жакыпка сүйлөнүп,
«Каракан атаң өлгөндө,
Азып келдиң Алтайга
Сан караң бала болобу?
Кыймылдаган кырк үйлүү
Бир Манаска садага!
Корксоң кара калмактан
Астына түшүп малың тарт,
Жалынсаң жаның таштаса,
Башыңды байлап, каның тарт!
Тирүү калбай өлөмүн,
Кайран башым барында
Кан Манасты бербеймин!»
Каарданып жайланып,
Жоо-жарагын байланып,
Акбалтай чыкты чамынып,
Кара калмак, манжууга
Кармашууга камынып,
«Өлбөй тирүү жүргөндө,
Кай мураска жетемин,
Ушу Манас балага
Курман болуп кетемин!» Ушуну айтып Акбалтай:
«Кайнаган кара калмакка
Калайман салып өлбөсөм!» Деп, ошентип, Акбалтай
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Акбалтай минтип турганда
Бери жагынан Кутубий
Телкызыл менен камынып,
Кудуретке жалынып,
Жоо-жарагын шайланып,
Кутубий жайын сурасаң Атасы Ошпур ал эле,
Кабыланды тууганда
Атасынан айрылып,
Манаска жолдош дагы эле!
Кара динден ак болгон,
Калмактан кетип жат болгон!
Кубаты жеткен ааламга,
Кудайдын жөнүн куп билип,
Кырк чилтенден бата алган:
«Манаска кутман болсун!» - деп,
Олуяттан бата алган.
Муну менен кулуңуз
Кутубий болуп атанган.
Мураа да ошол, кан да ошол,
Манаска жолдош жан да ошол.
Айылы жакын ирегелеш,
Акылы жакын биргелеш.
Ордо чапса жыйгандаш,
Оболдон бери ыймандаш.
Ал Кутубий кургуруң,
Атагы кымбат, аты улук
Манаска тете чоң улук!
Айзакерден акылман,
Курган Кутубийиңдин
Ыктуулугу дагы бар,
Ажары бөлөк, заары күч
Акылга дыйкан, чоң чечен
Мыктылыгы дагы бар!
Жоого шайдоот, ишке шай,
Камбылдыгы дагы бар,
Баштаса жолдон жаңылгыс
Даңгылдыгы дагы бар!
«Камбылсыган кытайга
Кармалашып көрөм - деп,
Эртең көк жал келгенде,
Кырк үйлүүң кана дегенде,
Кырдырып ийсем кытайга
Эмне жооп берем - деп,
Каптаган кара калмакка
Качырып айза сунайын,
Кадыр Алда жол берсе
Капкараңгы тозоктон
Жанымды азат кылайын!
Ободон жылдыз болжошкон,
Он эки жолу достошкон
Оён Манас көк жалдын
Көңүлүн сыйлап турайын!»
Кутубийдин Кытай менен болгон биринчи урушу
Чамам келсе чапчышып,
Тоскоолдошо берейин,
Толкуган кара кытайдан
Ажалым жетсе өлөйүн!
Көк нөкөр белде сөгүлүп,
Көк найза колдо көрүнүп,
Айбалта жанда шаркылдап,
Кылыч кында жаркылдап,
Көпкөк темир кийинип,
Эр Кутубий ошондо
Кайынына барчу эмедей
Кашкая күлүп сүйүнүп,
Ач арсландай бой таштап,
Ак жолборстой кыйгачтап,
Телкызыл санга бир салып,
Темирдүү айза колго алып,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Белди бекем байланып,
Эрдин кесе чайналып,
Карсылдап күлүп, көз жайнап,
Кайран Куту канетсин
Кан ичмеси чын кармап,
Каары толук бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Беттешкени чоң Жолой,
Белгилүүсү Дөөдүр алп,
Жазбай аткан Каражой,
Жаман билгич Эзкара.
Беттеп жеке кол салып,
Каруусу толук капырга,
Кан Жолойдой баатырга
Качырып колду салды эле.
Маңдайлашып турушуп,
Айза менен урушуп,
Кылыч кыйрап чаң толуп,
Кажылдап кытай жан толуп,
Ошпурдун уулу Кутуну:
«Оой, журтум, байлап алгын!» - деп,
Оңдоп-солдоп эл каптап,
Ойрон мүшкүл, каран түн
Ойронуна жан келгис
Орой турган эр Жолой
Кутуга салды мүшкүл күн.
Маңдай-тескей турушту,
Айза сайып, жаа тартып,
Былчылдашып урушту.
Кайран Куту жалгыздын
Карааны Манас келе элек,
Ким көргөн мындай жумушту!
Маңдайлашып турушту,
Кырк уруу кытай эл каптап,
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Адамдан артык селди көр,
Айгайы кулак тундуруп,
Каптап кеткен элди көр!
Талаада күйгөн чокту көр,
Жылдыз болуп жылтылдап
Милтеден күйгөн окту көр!
Астыга жайган торду көр,
Ал тордун ары жак жагында
Түшүрүп кармап алуучу
Билинбеген орду көр!
Баарысынын мыктуусу,
Айзакерден ыктуусу,
Алышкан жоонун айласын
Ашкере билген мыктуусу
Ачбууданда дардайып,
Кайран Жолой эрди көр!
Кутмандуу жолдош Кутубий
Эңкейиште эр сайып,
Кез келгенин кырааның
Экиден катар бир сайып,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай
Теңдешип уруш салды эле,
Кутубийдин каптоого
Тору ала желек туу алып,
Каптады жөө күлүктөр
Бир жагынан караса
Мылтык атып, жаа тартып,
Чоң Дөөдүрдүн бүлүгү.
Кабары тоодой жан экен,
Кара калмак ичинде
Кайран Жолой бар экен,
Ачбууданга камчы уруп,
Эрениң Жолой жетти эле,
Кайсынысын айталы,
Каптап кетти көп улук.
Мөндүрдөй огу төгүлүп,
Чама кетип, ал кетип,
Каптачудай көрүнүп,
Жаанын огу шыркырап,
Тийген жерлер быркырап,
Чама жетип жутунуп,
Карыпчы, сооттун баарысы
Канжыга болуп тытылып,
Ураан тартып, чуу кылып,
Каптап кытай кетти эми.
Топурак учуп, чаң жүрүп,
Толуп жаткан кол каптап
Тозокту катуу салды эми.
Капталынан кан Жолой
Каарданып бакырып
Карыпчысын калдайткан
Калдайларын чакырып:
«Каңгып Манас кетиптир,
Түбүнө түптүз жете көр,
Түгөл каптап кете көр,
Кырк үйлүү кыргыз буруттун
Түбүнө чогуу жете көр!
Жакып канын жалмайлык,
Акбалтайын алалык!
Адам көргүс чоң кыргын,
Дөөдүр менен Каражой
Ыктууң карап турба - деп,
Эзкара менен чоң Жолой,
Мыктым карап турба -деп,
Темир аркан торчонум
Жоо дегенде ат коюп,
Тегеректеп келүүчү
Тегиз канжар колчонум!» Деп, ошентип, эр Жолой
Кутубийдин башына
Куп баштады бузукту,
Куп каптатып балбанын
Туура кылды кызыкты!
Качып чыгар бел да жок,
Кутубийдин жанында,
Кагыш кылып турганда,
Кан Жолой айза урганда
Адамдан артык туулган,
Душманга салар чуулган
Туйгуну Манас эри жок
Акбалтай, Жакып каны жок,
Өлүм орток, жан бирге,
Кырк үйлүү кыргыз дагы жок!
Шамалды көр, жааны көр,
Айзаны көр, зорду көр,
Алеңгир жаа, сыр жебе,
Каптап кеткен колду көр!
«Ажал жетсе өлөм - деп,
Амалым болсо Кутуга
Караан болуп берем» -деп,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай,
Чоң кисеси бир кучак,
Кайраты мыкты заары күч
Кулагерге камчы уруп,
Кан Балтай жетти болушуп,
Эсепти эпсиз табышып,
Кез келгенде кыраандар
Айбалтай менен чабышып,
Аралап жеке кол салып,
Кубат кетсе өлүүгө
Кубаты келсе Акбалтай,
Курган бала Кутуга
Караан болуп берүүгө,
Булар колду токтотсо,
Күндөп-түндөп турушса,
Кол токтотуп сайышып,
Кытай менен урушса
Сан кара малын чачыптыр,
Кырк үйлүүнү ээрчитип,
Караан болбой, бел болбой,
Зымпыя Жакып качыптыр,
Алтайдан Жакып качкан соң,
Ченсиз колго кабылып,
Кутубий менен Акбалтай
Челиш кылып жаткан соң,
Алтайдын ары жээгинде
Буурсун тийген чийин жок,
Суур чукуган ийин жок,
Айдай сары талаанын
Төмөнкү түшкөн бетинде,
Жекелеше турушуп,
Жети күн тынбай урушуп,
Карып көзү киртийип,
Карыган Балтай абаңа
Канча айза бир тийип,
Эки эле көзү киртийип,
Кайраттуу Кутубийиңе
Эки миң айза бир тийип,
Туулга темир быркырап,
Канжыгалап кара кан
Как жаак ылдый шыркырап,
Кайрат кылган эки кол
Өөдө болбой шал болуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Кыймылдай албай дал болуп,
Чама чарчап, ал кетип,
Бүткөн бойдун баарынан
Мөлтүлдөп кара кан кетип,
Жети күн тынбай аралап,
Акбалтай менен Кутубий
Жети жерден жара жеп,
Топтуу күнү аралап,
Токсон жерден жара жеп,
Аябаган чоң чууга
Салмак болгон кези экен,
Алпы Дөөдүр, эр Жолой
Тегеректеп экөөнү
Алмак болгон кези экен.
Курчап кытай келгенде,
Кутургур каптай бергенде,
Кыжылдап кытай жүгүрдү,
Жөө күлүгүн көргөндө
Кутубий менен Акбалтай
Курган жандан түңүлдү.
Карыпчы кийген балбаны,
Каптап жатып калганы,
Аңдып кармап алганы,
Жөө күлүгү, жалмачу
Тегеректеп алганы.
Алтайдан Жакып көчкөндө,
Ашыгып үйдү чечкенде
Кытайдын салган жаңжалы,
Колуна тийип багынса
Жалынса укпай сөздөрүн,
Жарганы турат өздөрүн
Чукуган турат көздөрүн.
Кайнап кытай келгенде
Жүргөнүнөн чаң чыкты,
Үйүң күйгөн доңуздун
Добушунан жан чыкты.
Жонунан Жолой бакырып,
Үйүң күйгөн бул чочко
«Мөндүлөп» ураан чакырып,
Каарынан Жолойдун
Калың кол чыдап тура албай
Каптап кытай калды эле.
Анда туруп Кутубий
Акылга дыйкан, тил чечен,
Айла тапкыч артык эр
Акбалтайды жетелеп,
Айла тапкан ошо жер,
Курулган жылдыз болжошу
Курган Манас жалгыздын
Кутубий экен жолдошу.
Асмандан Алданын күнү бүркөлүп,
Арсланы Манас дагы жок,
Башына алтымыш мүшкүл бир келип,
Дүмөк келген себеби Жаңжу-манжуу балбаны,
Жайнап каптап калганы.
Мындай мүшкүл ким көргөн!
Жамгыр кылып, жаа тартты,
Мөндүр кылып, ок атты,
Камыштай айза кылкылдап,
Катуу дүмөк, мүшкүл иш
Каптады кытай былкылдап,
Артын кудай бербесе,
Азыр өлөт экенбиз
Арслан Манас келбесе.
Акбалтай турду аңгырап,
Керээзин айтып заңгырап,
«Айланайын Кутубий!
Карыган Балтай мен элем,
Караан кылган сен элең!
Каралдым Манас мында жок,
Арам өлгөн экенбиз,
Жүрбөгөн төөдөй жарылып,
Жаман өлгөн экенбиз,
Темир аркан капырдын
Торунда өлмөк экенбиз.
Тегиз канжар капырдын,
Колунда өлмөк экенбиз.
Самаганың Ала-Тоо
Кетпей өлмөк экенбиз,
Сандалган кыргыз ал элге
Жетпей өлмөк экенбиз!
Качып кетер белим жок,
Ажыратып алуучу
Арслан Манас шерим жок.
Ээ, кулунум, Кутубий,
Кантип өлөр экенбиз!?
Каңырыгы чын түтөп,
Карыганда Акбалтай
Кол ичине токтоду,
Коңгурап жандан түңүлүп,
Кан Манасты жоктоду.
Акбалтай антип турганда
Безге сайган эмедей
Ыргып түштү Кутубий:
«Аба, Акбалтай, беренсиң,
Баатыр сендей болобу,
Сени баатыр деген оңобу?!
Алтайда кара калмактын
Бээлерин тийип жечү элем.
Катылышсак калмакка
Балтай абам желек кармаса,
Каңгайды бузам дечү элем.
Урушса кара калмактын
Уйларын тийип жечү элем,
Абам Балтай, ал Манас,
Аларым карап турганда
Айдап кара калмакты
Каканга сүрөм дечү элем,
Кайгы төлөө болобу,
Калмактан корккон оңобу!
Кокуй, аба, не дейсиң,
Наалат, аба не дейсиң?
Бу кебиңди ким уксун,
Бир караңгы түн уксун!
Кайгы менен мокоткон
Каран күн киши экенсиң,
Жобо менен жоготкон
Жолуң болгур экенсиң!
Кайгыңды калмак угабы,
Калдайы кармап албайбы
Каран түндү салбайбы!
Эшектей кардың эшпейби,
Эсеби жок көп манжуу
Эми эле талап кетпейби!
Эселек киши экенсиң,
Чечтирмек болдуң тонумду,
Көрсөтмөк болдуң сонунду.
Ат соорусун салалы,
Ит урушун кылалы!
Тирилей келген калмактын
Тиктөөсүнө көнбөймүн,
Көөдөндө алтын жанымды
Көп урушпай бербеймин!
Кокуй, аба, не дейсиң?» Деп, ошентип, Кутубий,
Астындагы Телкызыл
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Өрттөй көзү бек жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Кайратты катуу салды эле,
Кан Балтайдын Кулагер
Опсолоң бугу чылбырын
Колунан жулуп алды эле.
Желгенине жел жетпей,
Басканына мал жетпей
Тегиз жерде үйрөтүп,
Сүрөгөндө Балтайды
Тебетейдей сүйрөтүп,
Эңкейиште үйрөтүп,
Качкан жерде Балтайды
Эбелектей сүйрөтүп,
Астындагы Телкызыл
Тулпарлык туушу бир башка,
Кыл куйруктун күлүгү
Кылымдан артык бир башка.
Куйругу саяң, жалы аз,
Куланды көрсө куткарбас.
Чу койгондо закымдап,
Көздөн чыгып бөлүнгөн,
Акбалтай ала качканда
Тулпарлык сыны көрүнгөн,
Чуркаганда кара жер
Кат-катынан бөлүнгөн.
Будур-будур бел ашып,
Будурмак чыбыр жер басып,
Тоңурайган тоону өтүп,
Тоңкойгон чуңкур коо кечип,
Эрендер кайдан аянып,
Алтай тоонун тумшугу
Чоң өзөндү таянып,
Тогуз жолдун тоому
Бөрү-Койдун чаркына,
Ит-Өлбөстүн кырына
Эрендер жетип илинип,
Ээн калган эки тулпардын
Күлүктүгү билинип.
Аңгил-дөңгүл жер келсе,
Учуп кетчү эмедей
Учкан куш менен жарышып,
Малмага салган ак тизгин
Чирелеп колдо карышып,
Башын жерге салыптыр,
Башкача чуркап алыптыр.
Койдой эти бөлүнүп,
Коёндой жону түзөлүп,
Тайдай эти бөлүнүп,
Тайгандай жону түзөлүп,
Арандай оозу ачылып,
Бүрүшкөн болот туягы
Жолум үйдөй жазылып,
Мурунунан буу чыгып,
Колтуктан кашка суу чыгып,
Кара-Кыр жетип илинип,
Тулпарлыгы билинип,
Кошкон кара кыяга
Кырк үйлүү кыргыз кайран эл
Жетип көчүп илинип,
Эрендер кайдан аянды,
Кара-Кырдын Тал-Мазар
Кутубий, Жакып таянды.
Арт жагына кайрылып,
Тиктеп туруп караса
Кара калмак, манжуу журт
Караса көзгө илинбейт,
Душман чоңу чоң Жолой
Баштаганы калың кол,
Кайда экени билинбейт.
Акбалтай абаң сабылып,
Кутубийге жалынып:
«Айланайын Кутубий,
Өчкөн отум тамызган,
Өлгөн жаным тиргизген,
Үзүлгөнүм улаган,
Чачылганым жыйнаган,
Кутубий сендей балага
Кутмандыгың чын экен,
Куруп кеткен Акбалтай
Азыр болсун садага!
Уланымсың, белимсиң,
Ушу кудай жараткан
Манас экөөң шеримсиң!
Кайран жаным өлбөсө
Калкыма кабар салармын.
Кадимки нойгут элиме
Кутман кылып өзүңдү
Кан көтөрүп салармын!
Бул кезекте мен Балтай
Өлбөөчүдөй жутунам,
Таңда макшар күнүндө
Баана кылган Кутубий,
Акыңдан кантип кутулам!?
Беренимсиң, белимсиң,
Белгилеп турган эримсиң!» Деп, ошентип, Акбалтай,
Чыканактап тынч алып,
Чырм этип, уйку алып,
Жатып уйку кандырып.
Таң кашкайып калганда
Тулпарларды чалдырып,
Аз жетелеп олтуруп,
Көөдөнүн чөпкө толтуруп.
Супа садык салганда,
Таң сөгүлүп калганда
Камыштай айза кылкылдап,
Катуу каптап былкылдап,
Ачбууданды жулкунтуп,
Кутурган Жолой чоң калмак
Куу изине чөп салып,
Кутура кууп алыптыр,
Сары изине чөп салып,
Саргара кууп калыптыр.
Туу кармаган Эзкара,
Жер жарылып, чуу туруп,
Жетик каптап алыптыр.
Акбалтай көрүп ал колду
Кутубийге жүгүрдү,
Курган жандан түңүлдү.
Курган Балтай бакырып,
Кутубийди чакырып:
«Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби,
Казылган калың ор келет,
Куткарбай курман кылуучу
Кайнатылуу шор келет,
Кайраты мыкты, заары күч,
Катылса кырып, кылат түз,
Калмактардын чоң Жолой
Ошо Жолой зор келет!
Кыстоо көрдүк кытайдан,
Кырылып калар бекенбиз,
Киши көрбөс кордукту
Бүгүн көрөт экенбиз,
Тирүү калбай кырылып,
Бүгүн өлөт экенбиз!»
Акбалтай айтып тургуча,
Ачып оозду жыйгыча,
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Бозоргон тоонун урчукта,
Боз адырмак тумшукта,
Көк жал Манас кабылан
Көчкөн көчкө кез болду.
Көз алдына караса Жаккан отун өчүргөн,
Алтайдан айдап кырк үйдү
Жалпы баарын көчүргөн.
Көк жал Манас караса Көп аманын кааласа,
Кырк үйлүүнүн баары аман,
Атасы Жакып дагы аман,
Сан каралуу малы аман.
Алышпай бекер кетеби,
Жыйып алган кырк бала,
Кырк баланын мыктысы Кутубий менен Көкбөрү.
Атойнок менен Алымсок
Арслан эрдин жөкөрү.
Кырк баланы санаса,
Караса көзгө илинбейт,
Ал балдардын баары аман,
Кутубий көзгө билинбейт.
Карыларды байкаса,
Акбалтай көзгө көрүнбөйт.
Акбалтай, Куту ынагым,
Кайда кеткен буларым!
Карап Манас турду эле
Бозайбанын чайпалтып,
Канкоруңдун алдынан
Кан Жакып чыга калды эле.
Карчыгадай камынып,
Кабыландай чамынып,
Кайыптан акыл табылып,
Ак сакалы жаркылдап,
Атасы Жакып баркылдап:
«Оо, ботом, өзөндүү дайра булагым,
Малым арбын, балам жок,
Өлгөндө көргөн чунагым,
Оо, ботом, Алтай да бизге жер эле
Алтайда кара калмак, көп манжуу
Бизге катарлаш жаткан эл эле.
Алтайда балам туулган,
Аябай салдың чуулган,
Айза сунуп асылдың,
Кара калмак элиме,
Качпай тынчып жатарда
Калайман салдың элиме!
Өзөнгө малым толордо,
Алтайды бойлой конордо
Калмакка айза сундуң го!
Өрт өчкөндөй кылдың го!
Кармашарың Каканчын,
Канына тийдиң катылып,
Каранды башка не салдың,
Күйүткө мынча чатылып,
Айтсам-айтсам болбойсуң,
Айткан тилди албайсың!
Кара кытай, бул манжуу
Каарды катуу баштаган,
Кан атаң көк жал өлгөндө
Баарыңды кырып таштаган.
Кайраттууну камаган,
Кыйын чоң атаң өлгөндө
Кырылбай менде калбаган.
Башыбыз кеткен Бапаңга,
Балам Манас не дейсиң
Күйүп кетем капама!
Бирөөбүз кеттик Эренге,
Бирөөбүз түшүп кеткенбиз
Кайта чыкпас тереңге,
Алтайга тентип каңгыдык,
Күйөр менен Бышардан
Күбүлүп чогуу айрылдык.
Кол аркага байланып,
Кордук көрүп тентидик,
Алтайды көздөй айдалып,
Алтайды күтүп жер кылдык,
Кара калмак, манжууну
Кадырлаш тууган эл кылдык.
Жылкыдан бактым, кулунум,
Талыкпай турган бууданды,
Далай жерге кабарды
Берсем кабар табылбайт.
Биргелеш жакын тууганды.
Алтайга атаң конду, - деп,
Арман кылам кудайга,
Айдалып кеткен туугандар
Тукум курут болду - деп,
Кечээ, сен элиңе кеткенде,
Кудай бетин көрсөтпө,
Камышты көр, селди көр,
Каптап кеткен элди көр!
Казылган калың ор келди,
Мылтык атып, жаа тартып,
Эсенкан буйрук кылган соң
Каптаган түмөн кол келди.
Кудай билет өлүштү,
Кудай билет бул жерден
Өлбөй эсен тартышты!
Жети асаба туу келди,
Жер жарылган чуу келди!
Асманга учуп топурак
Кудай бетин көрсөтпө,
Аскер жүрдү топурап,
Калың колун көргөндө
Качып, көчүп бүлүндүк
Кайран жандан түңүлдүк!
Каарды кытай баштады,
Кытайдын түрүн көргөндө
Малдан эмес, кырк үйлүү
Жандан кечип таштады!
Кара курттай сел келди,
Катыла турган жоо эмес,
Каптап кеткен эл келди.
Түпкө чогуу жетет -деп,
Түгөнгөн жандан түңүлдүм.
Чабышып чама келеби,
Уй түгүндөй капырды
Басташып адам жеңеби?!
Урушкан жеңип алабы,
Кара курттай капырга
Катылган аман калабы?!
Аяш атаң Акбалтай,
Куп жолдошуң Кутубий
Алтайды манжуу ашты эле,
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Темир аркан торчону
Тегеректеп кетти эле,
Тегиз канжар колчону.
Айза сайып, Балтай чаап,
Алышканын бир көрдүм,
Аралашып эки эрен,
Салышканын бир көрдүм!
Топурак жаап, тоз күйүп,
Толкуп кытай жүрдү эле,
Толгон балбан кирди эле.
Кымбат Балтай өлдү -деп,
Ушу кезде ой кылам,
Ал экөөнү кайсаса
Тез каптап бизге жетет -деп,
Теги жандан түңүлдүм,
Тегеректеп кетет -деп,
Кумурсканы көр, селди көр,
Кутубийге асылып,
Курчап кеткен элди көр!
Түбүнө чогуу жетти -деп,
Кутман эле Кутубий
Башын кесип кетти -деп,
Кутубийден түңүлдүм! Деп, ошентип Акбалтай,
Куту экөөнүн маанисин
Бай Жакыптан укту эле.
Бай Жакыптан укканда
Арсландай чамынып,
Алдасына жалынып:
«Белимди бекем бууймун,
Беттешер болсо бул калмак
Бээжинге чейин кууймун,
Таштууларын талкалап,
Албай кантип калайын.
Таш-талканын катырып,
Салбай кантип калайын,
Бир калайман Бээжинге!
Өлүп калсак окустан,
Дүйнөдөн кетсек кокустан,
Жаңжалды катуу салайын,
Кыйындарын кыйратып,
Экөөнүн канын алайын!
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетейин,
Түрү суук кара калмакка
Түгөнүшүп өтөйүн!
Торучаарды минейин,
Катылган кара калмакты
Каканга чейин сүрөйүн!
Кызыккан экен кытайлар
Кыйрашпай кантип калайын,
Кызыккан окшойт бул чочко,
Кызыкканын бөлөйүн,
Кыжылдаган капырды
Каканга чейин түрөйүн!
Кара курттай Бээжинге
Өнгөн кытай турбайбы,
Калың кыргыз көп элди
Каптап чаап башынан
Көнгөн кытай турбайбы.
Өлбөй-житпей чочкого
Өнөгүм кантип берейин,
Жайнаган кара кытайга
Жаңжалдашып көрөйүн!
Каарыңа тиет калмагың
Каңгайга чечин сүрөйүн,
Кармаш сонун ал болсо,
Кармалашып көрөйүн!
Азапты арбын саламын,
Акбалтай менен Кутуну
Азыр жетсем мен өзүм
Ажыратып аламын!
Бейили кара кытайды
Бээжинге чейин сүрбөсөм,
Тирүү жүрбөй өлөйүн!
Тирүү басып жүргүчө
Туулбай туна чөгөйүн!
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзам гүлү учкуча,
Мыктап алты ай салышып,
Айзалашып топ бузуп,
Ажал жетсе окко учуп,
Жетиктеп белим курчанам,
Жети милек каптасын,
Жеке өзүм кол салам!
Тирүү Манас барында
Кыйратып кытай кыралбайт,
Кырк үйлүү кыргыз бул журтту
Кыйратып кытай алалбайт.
Бөлүүчү кытай ал эмес,
Бөлдүрчү Манас мен эмес!
Урушуп бүлүк саламын,
Кайнап жаткан манжуунун
Жылкысы эмес, мен Манас
Уйларын тийип аламын!
Каптаганын көрүшөм,
Качпай туруп урушуп,
Как ушу жерден өлүшөм!» Деп, ошентип, Манас кан
Көчүнөн чыкты бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Эш тутканы кырк балбан,
Кызырдуу Манас кабылан
Кытайга салат чоң жаңжал.
Канча жерден кат алган,
Кабылан ошол, шер да ошол
Зайыппуруш атанган,
Айлалуу султан, аты улук Адамдан чыкпайт бул өңдүү
Адамдан кайра тартпаган,
Ажалдан кайта кайтпаган.
Телегейи тең тууган,
Артыкча көк жал шер тууган.
Кырк чилтен жолдош колдогон,
Кызыр чалган кургурга
Кыяпат айтар болбогон,
Жыргал десе күйүнгөн,
Шер экенин мындан бил,
Ажал десе сүйүнгөн.
Ала көөдөн эрендин,
Ай-ааламды буй кылган
Кайсы бирин айталы,
Айкөл Манас берендин!
Айзакерден ыктуунун,
Кайсы бирин айталы,
Ай-ааламды буй кылган,
Шер жараткан мыктуунун!
Атасы Жакып байына
Угуп алып тардыкты,
Болжолу жок ардыкты:
«Кокуй ата не дейсиң!
Ажал жетсе өлөмүн,
Алдыңкы кара кытайга
Алыш кылып көрөмүн!
Кайран жан өлүп жок болбой,
Кырк үйлүү кыргыз элимдин
Кыйындарын кырдырып,
Алсызын олжо кылдырып,
Тирүү кантип тартамын!
Айзалашып топ бузам,
Кордукта жаткан журт үчүн
Тагдыр жетсе окко учам!
Өткөрө жаным барында,
Өлүп, өчүп кеткиче,
Чын ажалым жеткиче,
Көз жумулуп калгыча,
Күчөгөн кара калмактын
Сөзүнө кантип көнөйүн,
Колумдагы кырк түтүн
Ойрондошуп салышпай,
Олжого кантип берейин!
Улугуна, канына,
Кумурскадай кайнаган
Калың кытай баарына,
Кырк үйлүү кыргыз аз элди
Олжого кантип берейин!
Кокуй, ата, не дейсиң.
Бул сөзүңдү ким угат!
Айдалганда Алтайга
Жерсинип калган экенсиң,
Кара калмак, манжууну
Элсинип калган экенсиң.
Бул Алтайга турганда
Не мураска жетебиз?
Тирүүлөй моюн бургуча,
Кара калмак, манжуунун
Зордугун көрүп тургуча
Кыргын болуп өлөлү!
Кызыккан экен калмактар,
Кыйрашты кызык көрөйүн,
Чамам келсе чапчышып,
Чалкалап уруш салайын,
Чалдырып койсо Акбалтай,
Көбүнчө өлсө Кутубий,
Кургунду мыкты салайын,
Колго түшсө экөөнү
Бээжинге чейин урушуп,
Ажыратып алайын!
Каптаса кара манжууга
Бет алышып турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Беттешип кыйла урушуп,
Мээнетти бекем салайын,
Бек заарын төккөн кытайга
Бет алыша барайын,
Урушарым Каканчын
Урушпай кантип калайын! Деп, ошентип, кабылан
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көп сөздү айтып Жакыпка:
«Кокуй ата, не дейсиң,
Акылың жок, кебиң жок,
Оңбой калган экенсиң.
Амызың качып, ар кетип,
Болбой калган экенсиң,
Кыргызды кытай алганда,
Ордоңду бузуп талкалап,
Олжо кылып калганда,
Кыз-катының талкалап,
Ойрон кылып салганда
Ошондо коркуп бай Жакып,
Болбой калган экенсиң.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Манас - Саякбай Каралаев - 16
- Parts
- Манас - Саякбай Каралаев - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3804Total number of unique words is 231423.7 of words are in the 2000 most common words34.0 of words are in the 5000 most common words39.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 193028.5 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4421Total number of unique words is 203429.2 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4433Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words50.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4426Total number of unique words is 196030.8 of words are in the 2000 most common words43.3 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4422Total number of unique words is 196730.8 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 200328.7 of words are in the 2000 most common words42.2 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4325Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words41.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4303Total number of unique words is 191029.5 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words49.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4339Total number of unique words is 207329.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4328Total number of unique words is 201528.5 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4299Total number of unique words is 205528.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4336Total number of unique words is 205829.4 of words are in the 2000 most common words43.2 of words are in the 5000 most common words50.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4308Total number of unique words is 201329.6 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4207Total number of unique words is 196628.5 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4276Total number of unique words is 207928.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4253Total number of unique words is 196629.4 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4333Total number of unique words is 202629.2 of words are in the 2000 most common words42.0 of words are in the 5000 most common words49.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4259Total number of unique words is 206328.2 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words50.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4321Total number of unique words is 218128.3 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4372Total number of unique words is 210230.4 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words51.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 208227.9 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words48.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4406Total number of unique words is 203928.9 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4326Total number of unique words is 210429.0 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4350Total number of unique words is 211129.4 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 26Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 201530.4 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 27Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4376Total number of unique words is 207730.1 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 28Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 206928.8 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 29Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 214229.4 of words are in the 2000 most common words42.7 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 30Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4371Total number of unique words is 208429.8 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 31Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4396Total number of unique words is 202029.3 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 32Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4341Total number of unique words is 206230.4 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 33Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4404Total number of unique words is 203630.1 of words are in the 2000 most common words45.1 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 34Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4353Total number of unique words is 202630.6 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words52.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 35Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4286Total number of unique words is 210329.0 of words are in the 2000 most common words43.4 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 36Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 205229.7 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 37Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 194530.0 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 38Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 204129.1 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 39Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 219529.6 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 40Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4239Total number of unique words is 215529.7 of words are in the 2000 most common words43.1 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 41Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4267Total number of unique words is 202130.3 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 42Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4206Total number of unique words is 194931.5 of words are in the 2000 most common words45.5 of words are in the 5000 most common words53.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 43Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 186730.9 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words52.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 44Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4270Total number of unique words is 184532.1 of words are in the 2000 most common words46.8 of words are in the 5000 most common words54.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 45Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4301Total number of unique words is 205432.2 of words are in the 2000 most common words45.7 of words are in the 5000 most common words52.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 46Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 185032.0 of words are in the 2000 most common words46.1 of words are in the 5000 most common words54.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 47Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4258Total number of unique words is 190032.0 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words53.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 48Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 204131.8 of words are in the 2000 most common words45.4 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 49Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4302Total number of unique words is 209929.7 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words51.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 50Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4262Total number of unique words is 203431.3 of words are in the 2000 most common words45.6 of words are in the 5000 most common words52.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 51Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 187230.8 of words are in the 2000 most common words46.0 of words are in the 5000 most common words53.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 52Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4229Total number of unique words is 172232.2 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words54.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 53Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 176731.4 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words52.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 54Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 182532.6 of words are in the 2000 most common words47.4 of words are in the 5000 most common words54.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 55Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4290Total number of unique words is 169630.7 of words are in the 2000 most common words44.9 of words are in the 5000 most common words52.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 56Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 187630.0 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 57Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4230Total number of unique words is 199628.3 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words50.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 58Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4296Total number of unique words is 197028.4 of words are in the 2000 most common words42.5 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 59Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4243Total number of unique words is 208726.8 of words are in the 2000 most common words40.0 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 60Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4320Total number of unique words is 208029.6 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words51.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 61Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4280Total number of unique words is 199929.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 62Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4338Total number of unique words is 239925.3 of words are in the 2000 most common words37.9 of words are in the 5000 most common words45.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 63Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 306Total number of unique words is 24336.1 of words are in the 2000 most common words44.6 of words are in the 5000 most common words52.2 of words are in the 8000 most common words