LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Манас - Саякбай Каралаев - 19
Total number of words is 4259
Total number of unique words is 2063
28.2 of words are in the 2000 most common words
42.1 of words are in the 5000 most common words
50.1 of words are in the 8000 most common words
Алты шердин кенжеси
Арбагы артык кабылан
Жандан кечип таштады.
Канкорлук жөнү ушундай
Каарданып камынды,
Канкоруңдун өзүнө
Кайыптан акыл табылды:
«Беттешсем качып барбактап,
Капыр болгон экенсиң.
Кечилдин баарын кырдырып,
Эми келип керишкин
Жолой, сен, баатыр болгон экенсиң!
Кең Алтайдын тоорагы,
Тоорактуу жоргодо,
Он экиге толгондо
Тозокту чогуу бир салдым,
Кечилдин кесип кекесин
Миң төөдө чайың бир алдым.
Келжиреген куу калмак,
Анда сен кайда кеткенсиң,
Калың колуң кубалап,
Алтайдан айдап чачканда
Астыма түшүп калдактап,
Атаңдын көрү, соргок ит,
Эсенкан көздөй качканда
Каарды катуу баштадым,
Калкыңды кырып таштадым!»
Канкор көк жал кабылан,
Камбыл тууган зор Манас
Кагыштан кайра тартпаган,
Даңгыл тууган зор Манас
Опсуз болот айзаны
Оңдоп кармап алганы.
Жүрөктүн таамай бети - деп,
Өпкөнүн бияк чети - деп,
Колкосунун өзү -деп,
Кызыталак Оргонун
Коркурай турган кези -деп,
Көк жалдын жайы бир бөлөк
Кыраан тууган кургуруң
Бел артында мекчейип,
Кан ичер көзү ошондо
Чыгып кетчү эмедей
Ары жагында чекчейип,
Кабыргасы качырап,
Маңдайдагы кашка тиш
Таруудайдан бачырап,
Тегерегин карабай,
Теги эле жанын аябай:
«Опол-тоодой Оргого
Каарды катуу мен салдым,
Жылкың эмес уюңду
Жылас кылып бир алдым.
Анда кайда сен элең?
Алышарың чын болсо
Калмактардын чоң Жолой,
Алдыңкы жерден качпай тур», Деп, ошентип, эр Манас
Кан Жолойду бет алып,
Жолборстой көзү көрүнүп,
Ажыдаар каары билинип,
Ачкан көзүн жумбастан
Сунган айза тартпастан,
Каары келип билекке,
Кайраты келип жүрөккө
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Бакырайып көз жайнап,
Артык көк жал берендин
Кан ичмеси чын кармап,
Колдогону бир тогуз
Колдоп алган кези экен,
Жөлөгөнү бир тогуз
Жөлөп калган чагы экен.
Айза сунуп күркүрөп,
Ачып көздү жумгуча
Эр Жолойго жетерде,
Калмактардын кан Жолой
Ырас бала ал Жолой
Ысыгына баталбай,
Суугуна жеталбай
Ачбуудан оозун буралбай,
Арсландын жайын көргөндө
Чыдап Жолой туралбай,
Бугудай моюнун буратып,
Бута бою борчукка
Чыга берди чуратып.
Астындагы Торучаар
Канаты бар чын тулпар
Ээленип, жулкунуп
Ээн калган Торучаар
Эри өлгөндөй жулкунуп,
Оюрмалуу белестен
Оңдонуп кайра тарткыча,
Бура тартып бууданы
Жолойду көздөй кайткыча
Эр экен Манас ээлигип,
Ары жагында чоң мерген
Каражойго жолугуп,
Адамдан бөлөк иш кылып,
Албан түрдүү кубулган,
Кытай бузуларда чыгуучу
Казыналык чоң мерген
Катылса салат чуулган.
Ал Каражой капырдын
Артык жайчы, оюнпоз
Амалы артык озуптур,
Алачыктай кара таш
Кара таштан Манасты
Мерген чочко тозуптур.
Мергендикке тазасы,
Бет алып Манас барганда
Белен турган машасы.
«Чолок сүбөө бети - деп,
Олоң тартар биягы
Тердиктин төмөн чети» - деп,
Ал Каражой баатырың
Бет алганы кетпеген,
Огу сая өтпөгөн
Оңой эмес чоң мерген.
Бура тартып көк жалың
Жолойду көздөй дыр койду,
Кара жашыл тон кийип,
Кадимки мерген Каражой
Торучаарды бир койду.
Кайып күлүк Торучаар
Мүдүрүлүп тик түштү,
Кулжадай көзү кызарып,
Кутургур атып ийгенде
Ошо жерге бүк түштү.
Болкулдап басып аянып,
Капыр каптап келгенде
Турган экен көк жал шер
Бозкелтени таянып,
Капа болду кайгырып,
Биттейинде бириккен,
Бармактайда баш кошкон.
Торучаардан айрылып,
Добулбас бекем кагылып,
Кайнап жаткан көп улук
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Түп көтөрө жабылып,
Бияк жагын караса
Эзкара, Жолой бакырат,
Шуру отогот, маржан таш
Турган канын чакырат:
«Күрмө кийген күчтүү кан
Күркүрөп чогуу каптай көр,
Таш сайынган тазалар,
Кызыталак бурутту
Такыр жерге таптай көр!
Башына коок кийгизип,
Эки колун тең байлап,
Эки көзүн тең чукуп,
Эр Эсендин алдына
Тирүү байлап баргыла!
Башы Какан, Бакбурчун
Кандыгын сурап калгыла,
Темир аркан торчондор
Теминип чалма салгыла,
Тегиз канжар колчондор
Бет-бетиңден баргыла!
Кызыталак канкорду,
Кыйраткыла таптакыр
Кылымды бузган анткорду.
Балааны башка салгыла,
Барбактатып көк жалды
Тирүү байлап алгыла!»
Бул буйрукту укканда
Балбаны каптап кыжылдап,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Жабылды балбан кыжылдап,
Күн кылкылдап бөлүнбөй,
Жерден бир тал көрүнбөй,
Асман ачык, жер бүркөк
Ач кыйкырык чуулган
Каптап капыр кагышып,
Калайманды салды эле,
Дүнүйө жүзүн чаң каптап,
Жөө туман түшүп алды эле.
Очогор үнү бапылдап,
Бияк жагын карасаң
Калың колду токмоктоп,
Айдап Жолой таркылдап,
Бул кылыкты көргөндө
Баатырды байлап алууга
Жаанын огу кыркырап,
Саадактын огу шыркырап,
Аткандары кытайдын
Алеңгир жаа, сыр жебе
Алтайдан бери көчкөндө
Буйрук кылып Эсенкан
Кытайлар салган аңгеме.
Аттан Манас айрылып,
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Капа болгон көрүнөт.
Торучаарга кайгырып,
Сырттандыгын мындан бил,
Зың-зың этип кенебей,
Кара кытай, манжууну
Турган экен арсланың
Бучкагына теңебей.
Күмүш кемер курчанып,
Күркүрөгөн эрендин
Күндөй бетин нур чалып,
Алтындан кемер курчанып,
Айкөлүңдүн ошондо
Айдай бетин нур чалып,
Манжуу, кытай саксактап,
Алысыраак жеткенде
Айза менен бир саят,
Андан жакын келгенин
Айбалта менен бир салат.
Колундагы боз келте
Оңго ооп, бир атып,
Кошойдун келип, Манаска кошулганы
Оргуган чаңды караса
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Кошой ал экен.
Керкабылан күлүгү,
Кериш кылып кошулган
Бул Кошойдун бүлүгү.
Абаң Кошой карыя,
Адамдан башка олуя
Көөдөнгө батпайт көп санаа,
Көкжал Манас султандын
Көзүнүн жашы он талаа.
«Каза жетсе өлөм - деп,
Канкор Манас шериме
Карыганда мен Кошой
Караан болуп берем» - деп,
Эң кайраттуу эр неме
Көк темирдей куралып,
Он эки миң кол алып,
Ойрондорун сулатып,
Солго ооп, бир атып,
Солтондорун сулатып,
Артын салса айкөлгө
Капыр жетет чуркурап,
Асты жагын караса
Таш сайынган кытайдын
Тазалары ошондо
Кача берет дыркырап,
Эрендери энтеңдеп,
Кыйкырып айза сунганда
Манжуулары барбактап,
Тегеректеп турганда
Ач кайкалаң накыстан,
Ат өткөлдүү жапыздан,
Бетегелүү кайкаңдан,
Белеси бийик тайпаңдан
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Оргуган чаңды көргөндө
Кырк уруу кытай Эзкара
Бул экөөнөн жан чыгат.
Чачпай колун чогуу алып,
Бусурмандан алп алып,
Кайраттуудан жалпы алып:
«Алтай бойлоп коном - деп,
Айкөл Манас канкорго
Арка болуп берем - деп,
Каза жетсе өлөм - деп,
Канкор Манас көк жалга
Караан болуп берем» - деп,
Жер тумандап чаң болуп,
Желиккен ураан жан болуп,
Эрендери ээлигип,
Өлүмдөн кайра тартпаган
Көйкашканын баарысы
Алды менен желигип,
Асманга учуп топурак,
Калың кол: «Чү» - деп, топурап,
Сыр найза учу жаркылдап,
Жезнай үнү такылдап,
Жер тумандап чаң болуп,
Катагандан кан Кошой
Туу кармаган ал болуп,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай:
«Ажал жетсе өлөм -деп,
Алакандай бусурман
Өлгөнүнө ошондо
Ыймам болуп берем» - деп,
Ала чапан Айкожо
Анжыяндан ал келген,
Курун селде чалынган,
Кудуретке жалынган,
Букарлыктан чоң молдо
Мунун колу дагы арбын,
Жолдогусу дагы көп.
Жип куюшкан, жип олоң
Мингенинин баары айгыр,
Чомдогусу андан көп.
Казактардан Айдаркан
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өлөңүн айтып чуркурап,
Казак колу бир бөлөк,
Ак сакалы бир кучак
Кыйбанын каны Музбурчак.
Эч ким беттеп барбаган,
Эңкейтип менде албаган.
Бузулган-Чамбыл жердеген,
Эңкейтип менде жеңбеген,
Жоо дегенде шайланган,
Ар кимиси жанына
Кылычтай бычак байланган.
«Ажал жетсе өлөм - деп,
Асыл Манас балага
Караан болуп берем» - деп,
Кан Буудайык өзү бар.
Курган Кошой жолдошу,
Кудайназар -Куучокмор
Астыга салса алманы,
Аркага түшсө балбаны
Ач айкырык чуу баштап,
Абаң Кошой баш болуп,
Кара кытай, манжууга
Абаңдын салган жаңжалы
Мылтык атып, жаа тартып,
Камгак учкан эмедей
Аралашып калганы.
Караса көзгө илинбей,
Капыр менен бусурман
Карсылдашып калганда
Кайсы экени билинбей,
Маңдайлашып турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп,
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,
Кан төгүлдү шыркырап,
Эрендери элтеңдеп,
Эрки менен болушуп,
Кемегедей бир жерди
Керте чаап жиберип,
Кийими менен коюшуп,
Кыжылдаган көп аскер
Бет алышып калышып,
Беттешкенде берендер
Берен жанды аябай,
Айза менен малышып,
Жакалашып кармашып,
Алы жогун алдуусу
Кармап алып жайлашып,
Айбалта менен чабышып,
Камчы менен кагышып,
Жакалашып кармашып,
Алдууларын алдуусу
Ач буурадай чайнашып.
Алышкан колдун ичинде
Нелер бар да, нелер жок!
Колу сынып кокуйлап,
Качкандары мындан көп.
Буту сынып ошондо
Жаткандары мындан көп.
Беттешкенде көп аскер
Кулагы түшүп култуюп,
Качып жүргөн мындан көп.
Мурду түшүп мултуюп,
Шашып жүргөн мындан көп.
Тополоңдоп урушуп,
Кара чокмор, айбалта
Көтөрүшүп калды эми,
Калмак, кыргыз беттешип,
Былчылдашты салды эми.
Былчылдашып урушкан,
Колду мындай таштайлы
Торучаар окко учуруп,
Тоодой болуп жөө турган
Тоодой Манас кабылан
Андан кабар баштайлы.
Калың кол каптап баргыча
Болкулдай басып аянып,
Боз айзаны таянып,
Капка таш басып токтоптур,
Кабыланың ошондо
Кан Кошойду жоктоптур:
«Кыргыздардан кан Кошой
Касиеттүү жан эле.
Алышкан кытай, манжууга
Арка болуп барам - деп,
Ажыратып алам - деп,
Абам Кошой көк жалдын
Убадасы бар эле.
Унутту бекен абакем,
Күн эсеби болду эле».
Айтып Манас тургуча,
Ачып оозду жыйгыча,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай
Ничке жолду төтөлөп,
Ала чапан Айкожо
Асый чыкма Айбанбоз
Алган экен жетелеп,
Бет алдына Манастын
Беккожо барып турганы,
Берен калган Айбанбоз
Беренге тартуу кылганы.
«Ата, Манас, кабылан
Кабарың угуп Айкожо
Жердин үстүн чалдырдым
Тетиги кең Котондун нары жагы
Керме-Тоонун бери жагы
Медиян чөлдү чалдырдым,
Арга жүктөп, зер берип,
Так ошондон алдырдым,
Шер экениң билгемин,
Жалгыз туума чоң Манас
Минсе экен деп жүргөмүн!
Айбанбоз коштоп чыкканда
Алдага жүрдүм зар ыйлап,
Түшүмдө көрүп мен сени
Айбаттуу көк жал кабылан,
Атайы келдим арынап.
Канжыгамда суп чепкен,
Өзүң кийсең куп чепкен
Жакасында каты бар,
Казатка Манас киет -деп,
Каран кылган бул тондо
Жазылып жүргөн аты бар.
Белекке бердим кийиңиз!
Айбанбозду сен минип,
Бейпайды бекем салыңыз.
Бейжай кара кытайдан
Алакандай бусурман
Ажыратып калыңыз!»
Ала чапан Айкожо
Алты жол кармап колунан,
Болкулдап Манас ошондо
Боз чепкенди кийди эми,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Кызыр чалган кабылан
Боз сеңир тоодой көрүнүп,
Кажылдаган калмактан
Кан ичме көк жал чочунуп
Айкожо берген Айбанбоз
Азыр эми токунуп,
Айкөлүңдүн Аккаңкы
Айбанбозго чак каңкы
Алдыңкы кашы ак алтын,
Арка кашы чылк күмүш,
Эки каптал эн темир
Эңишке минсе эңкейбейт.
Аркасы бийик, зээри бас
Урушка кирсе ылайык.
Айкөлүңдүн чоң боз ат
Көмөлдүрүк куюшкан
Көбүнчө боо жарашат,
Айбанбозду алпарып,
Айкожо тартып турганы,
Араң турган көк жалың
Ат көзүнөн учуптур
Алтын таман үзөңгү
Теппей ыргып чурады.
Жетиктеп белин курчанды,
Жети сан кара кытайга
Жеке аралап кол салды.
Арсландай көзү жайнады,
Алышпай Манас калбады.
Каарданып бакырып,
Канкор Манас ошондо
«Манастап» ураан чакырып:
«Манас! Манас! Манас!» - деп,
«Манастап» ураан салганда
Өлгөнүнөн калганы
Жалпы баары угуптур,
Бусурмандын балбаны.
Адырдан чыкты бакырып,
Ала чапан Айкожо
«Манастап» ураан чакырып,
Кашаттан чыкты бакырып,
Айчыгы алтын туу тартып,
Азиреттеп чуу тартып,
«Манастап» ураан чакырып,
Кыядан чыкты бакырык,
Тирүүсүн таштай таптаган,
Катынын кыздай мактаган,
Казактардын Айдаркан
«Манастап» ураан чакырып.
«Кыраңдан чыкты бакырык,
Кыйбанын каны Буудайык
«Манастап» ураан чакырып,
Ойдон чыгат бакырык,
Ойдун-тоонун баарысы,
«Манастап» ураан чакырып.
Тоодон чыкты бакырык,
Ою менен баарысы
«Манастап» ураан чакырып,
Бузулбай манжуу көп колго
Бурулуп кирип кол салып,
Кашаадай турган калмакка
Кайра сайып, жол салып,
Алкым жагын айкөлүң
Айдап тийип келди эле,
Кутпа жагын Кутубий
Куйкалап айдап сүрдү эле,
Алкым жагын Кошой кан
Айдап келип тийди эле.
Кара талдай капырды
Кайра сайып кубалап,
Канкор Манас жапырды.
Бусурман кууп алганда,
Кыргынды кызык салганда
Манас сайып өтүп жүр,
Кошой башын кесип жүр.
Кошой сайып өтүп жүр,
Манас башын кесип жүр.
Ээр белдей мойнокту
Ашып кетип баратат,
Өлгөнүнөн калганы
Качып кетип баратат.
Өз дүйнөсүн кытайлар
Чачып кетип баратат.
Адыр-күдүр жерлерде
Айза калып короюп,
Күрмө кийген күчтүүлөр,
Таш сайынган тазалар
Талаада өлдү сороюп.
Эчен мыкты тулпардын,
Чылбырлары чубалып,
Айза тийип алп дөөсү
Кырылган экен тырайып,
Уйгу-туйгу сороктоп,
Шашып жүргөн мындан көп,
Тоо-тоо бойлоп антаңдап,
Качып жүргөн мындан көп.
Алапайын таба албай,
Шашып жүргөн мындан көп,
Белгилүүдөн кан өлүп,
Бет алгандын баары өлүп,
Ал жолку барган калың кол
Колдун болуп арты жол,
Эрендери, кандары,
Өлгөнүнөн калганы
Кошой кандын адамы
Алгылыктуу эрендер,
Айзакерден берендер,
Алтымыштан ат алып,
Айзакерден даңгылдар
Жоонун айласын билген камбылдар
Жетимиштен ат алып,
Жеткилең коркок эң кокуй
Жетиден олжо ат алып,
Алсызын өлүм кылышып,
Күжүрмөндөр тунушуп,
Бейпайды бекем салышып,
Көк жал Манас төрөнү,
Кайнаган колдон калың шер
Кадимки Манас султанды
Ажыратып алышып,
Кара талдай капырды,
Кайра тартып сапырды.
Күчтүүсү өлүп, алпы өлүп,
Күрөшкөндөр жалпы өлүп,
Бели күчтүү жан өлүп,
Бет алгандар баары өлүп,
Кайраты мыкты топ бузуп,
Кайраты начар жамандар
Качып-шашып окко учуп,
Эрендери, эрлери
Беттешип согуш кыла албай,
Акылдуусу, шерлери
Кайрат кылып тура албай,
Кол бузулуп быркырап.
Бузулган экен кытайлар
Каканга качып чуркурап,
Торучаар окко учуруп,
Төөдөй болгон ойронуң
Айбанбоз минген чагы экен,
Айгайлатып кытайды
Айдап калган табы экен.
Каарды катуу баштаптыр,
Келген колун кержейтип,
Кан Манас кырып таштаптыр.
Кең Алтайдын ары жагы
Тогуз тоонун урунуш,
Токсон суунун куюлуш,
Толгон жолдун тоому экен,
Эрдин эри чыдаса
Эптеп жолун чалчу экен.
Эселектер жол салса
Киши өлүгү калчу экен.
Кароолго келген адамын
Ач арслан, бөрүсү
Алгырынын жолборсу,
Кылыч ооз каманы
Кыйратып чалып жээр экен.
Баары Кытай Каканчын
Барса-келбес дээр экен.
Куш учпастын кысык жол
Кубалап Манас жүрдү эле,
Өткөлүктөн өткөрүп,
Кечмеликтен кечирип,
Өлгөнүнөн калганын
Өткөрө сайып жүрдү эле.
Жалгыз атын чубоодон
Ашып-шашып кытайлар
Ары жакка өттү эле.
Тар кысыкка барганда
Ошондо Кошой абакең
Өкүрүгү таш жарып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Абасы Кошой карысы
Кармаган экен Манасты
Алп дөөсүнүн баарысы.
Каардантып жулкунтуп,
Айбанбоздун чылбырдан
Кармап алды булкунтуп,
Булкунгандан жулкунуп,
Айкырып Манас муну айтып:
«Коё бер, Кошой колумду
Тоспо менин жолумду!
Байлаба менин багымды,
Каканчындын Бээжинди
Бүгүн кырар кезегим,
Билип ал менин табымды!
Уруусу кырк ушул эл
Урушар жерим ушу жер.
Көп кызыккан Бээжиндин
Көк жалын айдап көрөйүн,
Көп урушуп кытайга
Кармашып канын төгөйүн!
Зордукчу кара калмакка
Аба, Кошой, коё бер,
Согуш кылып көрөйүн!
Карап, Кошой, кебимди ук,
Кара кытай, манжуунун
Буласын булап албасам,
Бузук кылып атышып,
Бузукту мыктап салбасам!
Кызыккан калмак бул журттун
Аласын ала качпасам,
Ак теңге булун чачпасам,
Оорукта журтун албасам,
Опсуз тентек салбасам,
Көп аскерин жиберип,
Тилептир мындай кызыкты
Манжуунун баары чогулуп,
Баштаптыр мындай бузукту.
Каарын катуу салыптыр,
Аласын ала качкансып,
Карап кылып мүлктөрүн
Казынасын чачкандай
Дарты кармап алууда
Жалынса жанды койбостон,
Жабылып кара калмактар
Тындым кылып салууда,
Төрөсүнгөн калмакты
Төбөсүнөн басамын,
Төрөлөрүн өлтүрүп,
Канына чейин кубалап,
Аянып карап турбайын,
Карылуусун кармайын.
Канына чейин кубалап,
Калтырбастан жайлайын!
Кең ачайын жолумду,
Кежир кара калмакка
Көрсөтөйүн сонунду!» Айкырып Манас муну айтып,
Каарданып калмакты
Айдап алган кези экен,
Айгайлатып айзалап,
Жайлап алган кези экен!
Бул кайратын көргөндө.
Берен Манас көк жалды:
«Кууп отуруп кытайды
Түбүнө чогуу жетет - деп,
Сан колуна кабылып,
Жалгыз туума көк жалдын
Ажалы бөөдө жетет» -деп,
Кошой абаң муну ойлоп,
Кабылан атка камчы уруп,
Кан абаң Кошой карыя,
Эң акылман олуя
Качырып жетип Манасты
Ат суулуктан алыптыр,
Каардантып жулкунтуп,
Кан Манасты булкунтуп,
Кошой кан кармап алыптыр.
«Көкжал Манас, тилимди ал.
Айтканым ушу билип ал,
Кайнаган кытай кара журт,
Кан ичүүдөн кайтпаган,
Өлөрүн билбес өжөр журт.
Адыр-күдүр аска тоо
Аңдабай ашар бел эмес,
Жапа тартып кытайга
Жалгыз кирчү эл эмес.
Минтпе, Манас, жөнү жок
Өтүк чечип, бут сунуп,
Ала-Тоо артык жериң жок,
Бээжин менен кармашсаң
Белсенип кирип салышар
Белгилүү кыргыз элиң жок!
Койгун, Манас, кулунум,
Бейжай кытай калың эл
Жалгыз бейпай болосуң.
Бекитилүү чеби бар.
Ал чебинин ичинде
Албан түрдүү эли бар.
Балбаны бар, дөөсү бар,
Чуркаса атка жеткирбес,
Үйрөтүлгөн жөөсү бар.
Бээжин оңой жер эмес,
Бет алып жалгыз урушуп,
Бейпайлашчу эл эмес.
Суук боор адам кирбеген,
Болот эшик дарбаза
Доор-кыямат болгуча
Эч ким сурак албаган,
Болумдуу экен байкаса
Кан акылман, каардуу журт
Катылган аман калбаган,
Көптүгүн көрсөң кара курт.
Эшик оозун кайтарган
Канча балбан зору бар,
Ошо зорлор жанында
Чуңкур казган ору бар,
Кайнатылуу шору бар.
Кызыталак кытайдын
Кармаса байлап алуучу
Камдалган илек колу бар,
Кармашкан түшөт туткунга
Катылышкан менденин
Маңдайында шору бар.
Түрүн билем кытайдын
Көк жалым, Манас, билип ал!
Бөөдө дууга жүрбөйлү,
Качырдык иттин колун - деп,
Каканга чейин сүрбөйлү.
Башта барып кабылан
Жети-Өзөндөй жер алып,
Азып-качып тентиген
Аз кана кыргыз элди алып,
Өзөнгө бойлой конолу,
Канатты калың камдайлы,
Кармашсак жеңип алгыдай
Калың аскер шайлайлы.
Ат жетүүчү жерди алып,
Ааламга татыр эрди алып,
Бекерге карап турбайлы,
Кулак угуп, көз көргөн
Тил алган колду жыйнайлы!
Кабарды катуу салалы,
Кулак угуп, көз көргөн
Бусурманды жыялы,
Кайнап жаткан капырга
Жана казат кылалы!
Кечикпей кекти алалы,
Кең-кесири баралы,
Жыл, он эки ай болгуча
Семирип-сергип калалы.
Аңгыча, Манас, тилимди ал!
Кылыч, мылтык шайлайлы,
Кыйындап сан кол камдайлы,
Ок жетпеген ат алып,
Он эки бирден бата алып
Белди чечер жер камдап,
Белеске конор эл камдап,
Канатты калың камдайлы,
Андан кийин кытайга
Балам, Манас, тилимди ал!
Кармалашып калбайлы.
Түп көтөрө дүңгүрөп,
Атадан калган жерди таап,
Азган-тозгон береки
Аз бусурман элди таап,
Жарды барып байыйлы
Жалгыз барып көбөйүп,
Букара журттун баарысын
Бузулбаска зекитип,
Чын убада байлоо сөз
Барган журт менен бекитип,
Көк белес бойлой конолук,
Көк жалым, алсаң тилимди
Көк кенедей тололук.
Ак найза калың кыялы.
Акка кылып тобокел
Ал айзаны кармоого
Бусурман алпын жыялы,
Толкуган кара кытайга
Тоорулуп бузук салалы.
Кан абам Кошой айтты - деп,
Канча кебим билип ал,
Кызыр чалган султаным,
Ушу жолу тилимди ал!
Чарпышаарга чама жок,
Алышарга айла жок.
Азган-тозгон арыкпыз,
Ордолуу журттан айрылган
Ой, кулунум, тилимди ал,
Эс таба элек карыппыз!
Этибиз болгон көк жашык,
Калмак талап алганда
Каныбыз калган бир кашык.
Эңкейип кеткен белибиз,
Кара кытай, манжууга
Кул болуп кеткен элибиз!
Бул кыялды таштайлы,
Башкадан кыял баштайлы.
Өзөнгө бойлой конолу
Семирип-сергип оңолу,
Жылкыдын тандап табалык,
Алтайга чыдаар бууданды
Чеп кармап, таштан кыялык,
Өзүңдөй болгон эрдиги
Кырк чоро камдап жыялык!
Ордо күтүп, кан болуп,
Олуязаада жан болуп,
Жүктөөргө күчтү билди алып,
Канга кайта тартпастан
Кагышса канга тойбостон
Өзүңдөй уулдан миңди алып,
Баатыр, кармашарың Каканчын
Кайрылып казат салалык.
Кара кытай, манжууга
Кабат болсун биздин күч
Кайра тартып турушуп,
Кара кытай манжуунун
Кандыгын тартып алалык!
Мындан ары биз барсак
Түшөр жериң Алты-Шаар
Каратып өтөр калкым бар,
Карасам, уулум, көп эмес
Бусурман журту жалпы бар.
Айтканым ушу билип ал,
Ачууланбай кан Манас
Азыркы жолу тилимди ал!
Алты-Шаардын ал жери
Көнө-Турпан, чоң Кашкар
Лоп дарыя, ал Котон
Алымың алуучу жер ошол,
Кабылан Манас тил алсаң
Карата кетчү журт ошол».
Катагандын кан Кошой Көбүрөөк журтка карыя,
Көптү көргөн олуя.
Абасы ошол ал сапар
Айткан экен бир сөздү,
Акылга салган көп сөздү.
Кызырдуу Кошой карыдан
Кыйын нуска сөз угуп,
Кыйыны кыргыз - деп угуп,
Жети-Өзөн анын жери - деп,
Азган-тозгон аз кыргыз
Арсланыңдын эли - деп,
Абасы Кошой карыя,
Ааламда билгич олуя
Билбегенди билгизип,
Минтип жолго киргизип,
Туйбаганды туйгузуп,
Туура жолго киргизип
Тозуп барып кан Кошой
Тоодой болгон төрөңдү
Алтайдан тозуп алыптыр,
Белгилүү Кошой абакең
Өчкөн отун тамызып,
Берен Манас султандын
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улаптыр,
Чачылганын жыйнаптыр
Катагандын кан Кошой
Бир туткан бири ал болду,
Ошондо Кошой карыя
Оён Манас, көк жалга
Олуязаада жан болду.
Кайра тартып Алтайдан
Кара-Кырчын, Тал-Мазар
Бойлоп көп кол конду эле,
Кабылан Манас ошондо
Мазарга конок болду эле.
Мазарга конок болгондо
Эл эсебин алышып,
Элди катка салышып,
Манас жакка келгенде
Кутубий, Манас эр аман.
Кошой жакка келгенде
Кудайназар-Куучокмор
Кезигерге кезикпей,
Кезикпеске кезигип,
Орой чоку кырына
Айбалта келип жетиптир.
Чоң Жолойго кезигип,
Кайра келбес чын жайга
Кайран киши кетиптир.
Угар кулак, көрөр көз
Курган Кошой абаңдын
Куп жолдошу Кутунай
Каражой кулга аттырып.
Кашатка шейит болуптур.
Жоорукер минген Жортуучу
Кыр жагынан чалдырып,
Эзкарага сайдырып,
Бу да өлүм болуптур,
Ата уулунан ал төртөө
А дүйнө жүзүн көрүптүр,
Ал кытайдын колунан
Алышып жүрүп өлүптүр,
Андан бөлөк жан аман.
Казактардан Айдаркан
Кыйба каны Буудайык
Кан Кошой жээни Жүгөрү,
Кагышкан эрдин баары аман.
Анжыяндын Айкожо
Букарлыктын чоң молдо
Айкожонун Билерик,
Карадөң уулу Жарманас
Кайратман аман, ыктуу аман
Камчы чабар мыктуу аман.
Айзакер аман, эр аман,
Төртөөнөн башка бусурман
Кылы сынбай тең аман.
Кытай жактан кабар ал
Жети күн тынбай аралап
Манжуулардан Эзкара
Жетимиш жерде жара бар
Алтымыш күнү аралап
Калмактардын чоң Жолой
Кабылан экен Манастан
Алтымыш жерден жара жеп,
Каражой, Дөөдүр балбаны
Канчаларын кырдырып,
Кытайдан төртөө калганы.
Бээжинди көздөй жол тартып,
Төртөөнүн кылган арманы:
«Жал-куйруктан айрылып,
Сопол болгон экенбиз
Мүйүз сынып, баш калып,
Токол болгон экенбиз.
Кан Эсенден кол айдап,
Оңбой калган экенбиз.
Канкорго чогуу кырдырып,
Болбой калган экенбиз.
Катуу бүлүк, чоң кыргын,
Кызыталак буруттан
Көргөнү келген экенбиз.
Калбастан чогуу кырылып,
Өлгөнү келген экенбиз.
Эсенкандын алдынан
Чыктык эле чыдабай
Жер жайнаган калың кол,
Калбай такыр кырылып,
Каткан экен биздин шор.
Байбай Манас шер экен,
Балакет салчу эме экен.
Каныбыз буйрук кылганда
Каптап сан кол барчу элек,
Катылгандын баарысын
Кыргын кылып салчу элек.
Азапты артык тартабыз,
Кырдырып колду салдык - деп,
Эсенкандай улукка
Эми кантип айтабыз?»
Жолой кейип барбактап,
Ат аябай жол жүрүп,
Аз гана эмес мол жүрүп,
Кабарды катуу салыптыр,
Эсенкандын алдына
Ашып-шашып антаңдап,
Төртөө жетип барыптыр.
Эсенкандын дарбаза
Кароодо Калдай каны бар,
Сакчылардын баары бар,
Жолоп адам барбаган,
Жолуккан аман калбаган,
Кайраты катуу, заары күч,
Улук экен Эсенкан
Бул капырдан күдөр үз!
Төрт балбан кирип барганда
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Бадышалык тагынан
Айбаттанып толгонуп,
Көк күбө тонду жамынып,
Көрөр болсоң Эсенкан
Көк жолборстой чамынып,
Мунарга жарык жагылып,
Коңгуроо катуу кагылып,
Аскер үркүп, журт дүрбөп,
Калайман түшүп, топо учуп,
Сакчылары, балбаны
Жоо келгендей чуркурап,
Добулбас кулак тундуруп,
Айбалта тийип быркырап...
Жолой, Эзкаралар Манаска жеңдирип, Эсенкандын алдына барганы
Калдай жарым кандары,
Уйгу-туйгу сороктоп,
Кечилдери, дөөлөрү
Айласын таппай короктоп,
Таштуулары, кандары
Мунусу кандай болду - деп,
Аң-таң калып антаңдап,
Эсенкандын жандары
Көз жетпеген мунара
Көбүнчө бийик көрүнөт,
Көрө калган адамдын
Көңүлү жаман бөлүнөт.
Кежиге чачы үксөйүп,
Төбө чачы түктөйүп,
Улук экен Эсенкан,
Мунарадан чамынды,
Айласы кетип бул төртөө
Айтып жөнүн камынды.
«Жер майышкан туу алып,
Бурутту кармап алууга
Бурулуп уруш салганбыз,
Кызыталак бурутка
Кылчайбай кырк күн урушуп,
Кыргын болуп калганбыз.
Каарды Манас баштады,
Качкандарды тырайтып,
Бөлөктөрү жайлады.
Кыямат жүзүн көрүүдө,
Жарадар болуп биз качтык,
Кан Манастан өлүүдө.
Алтын жаак айбалта,
Колунда бар сыр найза
Кармай калып имерди,
Бир сайганда Оргону
Эки бөлүп жиберди.
Кайра тарткан урушта
Мүшкүлдү чындап баштады,
Мүдүрүлдү Торучаар,
Ала көөдөн көк жалдын
Астындагы Торучаар
Каражой атып таштады.
Темир аркан торчонду
Тегиз жыйып аларда,
Азыр кармап калаарда,
Маңдайдан чыкты бакырык,
«Манастап» ураан чакырып,
Кыргынды кызык баштады,
Катагандын кан Кошой
Ал канкорго кошулуп,
Кыргын кылып таштады.
Бул буруттун Манасы
Ааламды алгыдай,
Кыргын эли каптасын,
Кыйын экен куу бурут
Кыргын кылып салгыдай.
Берендер беттеп барганда
Берен Манас төрөнүн
Бейжайлыгын бир көрдүм,
Каарды катуу баштады,
Беттеп барган балбанды
Белчеден бөлүп таштады.
Айбаты катуу, заары күч,
Кызыталак бурутуң
Кырып койду бизди түз.
Каарды катуу баштады,
Канча түмөн кол элек,
Баргандардын баарысын
Такыр кырып таштады.
Бул буруттун Манасы
Оңой-олтоң уул эмес,
Кырк кандын эли кытайды
Кыйратпай койчу кул эмес.
Белгилүү экен, шер экен,
Менде жеңип ала албайт,
Беттешкен адам аман-соо
Бери багып түк калбайт.
Алты күнү аралап,
Эзкара чыкты кан болуп,
Алтымыш жерден жара жеп,
Жолой кирди аралап,
Жети күнү аралап,
Жетимиш жерден жара жеп.
Араң келдик өлгөнү,
Кыйын мүшкүл иш көрдүк
Кыямат жүзүн көргөнү.
Бет алдыңа биз келдик,
Мээнетти бурут баштады,
Таш сайынган тазаңды
Такыр кырып таштады.
Мүшкүл кылды ишиңди,
Бүлдүрдү кыйла кишиңди.
Көрсөттү кыйын сонунду
Таш-талкан кылды колуңду.
Койгулашып туруштук,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып уруштук.
Калдайыңды калдайтты,
Жиберген Орго балбанды
Бир сайганда далдайтты.
Ойронду опсуз баштады,
Кез болгонду кыйратып,
Такыр кырып таштады.
Кейишти кенен баштады,
Кечил тийсе колуна
Кежир экен куу бурут
Кержейтип кырып таштады.
Көңүлдө күйүт бушманды
Көрбөй калган экенбиз,
Алтайда туулган душманды.
Телегейи тең экен,
Теңир урган бул бурут
Ааламдан артык эр экен.
Кең-Алтайдын Кара-Суу
Адамдан чыкпайт мына бу,
Кырып-союп кыйратып,
Балбанга салды ызы-чуу.
Бейлеп-каным, ойлонгун,
Мендеден чыкпайт мына бу!
Жолуккан аман калбады,
Каары катуу канкорго
Жолоп балбан барбады.
Акыл-ийлеп, ой ойлоп,
Атын атып салууга,
Анан кармап алууга
Жөө күлүктү камдадык.
Камбыл экен Каражой
Каарды катуу баштады,
Торучаарын томпойтуп,
Анда атып таштады.
Барбайып жөө калганда
Сизге байлап келүүгө,
Тартуу кылып бурутту
Так өзүңө берүүгө,
Айкырып айза сунуштук,
Күн-түнү жети күн
Жөө турганда уруштук.
Октос берсе сур жолборс,
Ойлосок мындай жан болбос.
Кызыталак канкордун,
Кылымды бузган анткордун
Бейлесек көңүл бөлүнөт,
Мендеден башка көрүнөт.
Бир карасак бир киши,
Кызыталак канкоруң
Бир карасак миң киши.
Астын салып качырса Беттешкен чыдап туралбайт,
Ажыдаардын түрү бар.
Аркасынан караса Алты миң эрдин сүрү бар.
Ала албай келдик Манасты,
Кыраан да экен, шер да экен,
Кылыгы бөлөк, заары күч
Кылымды бузган эр экен.
Тегеретип барбактап,
Бурут жөө калды эле,
Акылга даңгыл карысын,
Айдап кирдик Манаска
Балбандардын баарысын.
Темир аркан торчонду
Тегиз айдап биз бардык,
Тегиз канжар колчоңду.
Аламанды койгондо,
Айкырыкты сунганда,
Алалык деп канкорду
Кайрат кылып турганда,
Айкырык сунсак айзанын
Белинен кыйрап короюп,
Темир аркан торчондор,
Тегиз канжар колчондор
Өлүп калды тороюп.
Айза сайып, ок атып,
Кармашып ал жете албай,
Эзкара, Жолой экөөбүз
Өзүбүз калдык сороюп,
Алтайда туулган канкорду,
Балбанды кырып кысканы
Байкап турсам сыягы Каканчындын душманы.
Каарды катуу баштады,
Кан Эсенкан, сөздү ук,
Кара таандай аскерди
Калтырбай кырып таштады.
Улуксуган кан өлдү,
Кызыталак буруттан
Ушунча жандын баары өлдү.
Кез болгон өлбөй тартпады,
Бет болгон аман кайтпады.
Кечилден кыйла жан өлдү,
Кызыталак буруттан
Кез болгон жандын баары өлдү.
Алтайда кайдан туулган
Атаңдын көрү, бул бурут
Ааламга салган чуулган!
Эпсиз экен куу бурут,
Кулак угуп, көз көргөн
Эч жерден чыкпайт мындай ит!
Жан коюучу уул эмес,
Каканчынды, Бээжинди
Тынч коюучу кул эмес.
Кең Алтайдын түзүндө,
Керишти кылдык канкорго
Коңур салкын күзүндө.
Атышты арбын кылыштык,
Аламан коюп туруштук.
Мылтык атып, жаа тартып,
Катуу каптап уруштук.
Беренден эчен кан өлдү,
Жекене белге курчанды,
Жер жайнаган кол барса,
Жеке кирип кол салды.
Зың-зың этип кенебейт,
Улуктарды, дөөлөрдү,
Айзачанды, эрлерди
Бучкагына теңебейт.
Шашып кайгы жеген жок,
Жамгыр кылып, жаа тартсак,
Мөндүр кылып, ок атсак,
Кызыталак канкоруң,
Кылымды бузган анткоруң
Кабагым-кашым деген жок.
Сырдуу найза колго алып,
Берен экен бурутуң
Белинен кармап имерди,
Берен экен бурутуң,
Толкуп жаткан аскерди
Тополоңун тоз кылып,
Тобун чечип жиберди.
Эңкейгенде эр саят,
Эң эле жандан түңүлдүк.
Эченди катар бир саят,
Койгулашып жан өлдү,
Катуу каардуу буруттан
Бет алгандын баары өлдү.
Кочкуларды коройтту,
Кол салгандын баарысын
Кесип-жанчып торойтту.
Бизди бери кууганга
Кутуруп канкор жутунду.
Алтайдагы кырк түтүн
Чаап кел деген ал журтуң
Аман кетип кутулду.
Алым ал, - деп, жумшадың,
Алым, - деп барып алдырдык,
Ара жерде эрлерди
Арсланга чалдырдык.
Алым тургай, бок бербей,
Кырк түтүн кетти жерине,
Байдасы тийип Манастын
Баары бурут кутулуп,
Көчүп кетти элине.
Теликкуш кетти жерине,
Темтейип жүргөн букараң
Тентиген кетти элине.
Көзүбүз көрдү Манасты
Көк жал да экен, шер да экен,
Эңкейтип адам жеңгисиз
Таалайы артык эме экен.
Кыргынды биз да баштадык,
Биз да өлтүрүп таштадык.
Ала албай келдик буруттун
Акбалтай, Жакып карысын,
Куткарып ийдик ал жетпей,
Кырк түтүндүн баарысын.
Алымың жетип алалбай
Арада калдык тороюп,
Кыйын шерге кабылып,
Кыргын болдук сороюп,
Алп дөөнүн баары союлуп,
Алп дөөлөрдүн этине
Карга, кузгун тоюнуп,
Түзөңдүн баары чаң болду,
Колоттун баары кан болду.
Минте берсе ал канкор
Алышса ал жеткисиз,
Алам - деп, тиштеп кайсаса
Арсландын тиши өткүсүз.
Абайлабай калыппыз,
Алтайда туулган уул экен,
Абайласак кан Эсен
Бээжинге бүткөн чуу экен.
Каарданса ал канкор
Калайманды салгыдай,
Качырып кирсе кол салып,
Казынаң бузуп алгыдай.
Кайнап жаткан кытайдын
Канчалык калкын билгидей,
Кырк уруу кытай элиңди
Каргадай айдап сүргүдөй.
Таажыңды тартып кийгидей,
Тагыңды тартып мингидей,
Такыр айдап кытайды
Чоң-Бээжин көздөй сүргүдөй.
Бурканды мурда бузгудай,
Бул түрүн көрдүк буруттун
Бузукту мыкты салгыдай.
Кайра баштан күчөсөң,
Каарданып кол жыйсаң,
Кырк кандан түгөл мол жыйсаң,
Калайык өлөт, кан өлөт,
Каары катуу канкорго
Катылган жандын баары өлөт.
Эңкейтип менде жеңе албайт,
Эч ким беттеп бара албайт,
Аман болсоң көрөсүң,
Ал Манастын кызыгын,
Каканчындын Бээжинге
Катуу салган бузугун.
Кыргын салар себеби Кара көк жал шер экен,
Бээжин эмес, ааламды
Айдап билүүчү эр экен.
Чабышкан чаркы келгисиз,
Сайышып менде жеңгисиз.
Мендеден түрү бир башка,
Аман болсо Бээжинге
Бейпайды салат көйкашка.
Бурутка келген ал бир шер,
Ааламда болбойт мындай эр.
Буурсунду бурдурбайт,
Кызыталак бул бурут
Бул Бээжинге турдурбайт.
Жакалашып урушсак,
Жаңжалды катуу кылышсак,
Шамыянды шайлатпайт,
Кош өгүздү байлатпайт,
Жердин бетин ачтырбайт,
Кочуш тукум чачтырбайт.
Кыйын сөз айттым карап тур,
Кытайдан чыкпайт мындай уул.
Кан Манас туулган тушу бар,
Калың Какан журтуна
Кара саат ушу бар.
Баатыр да экен, шер да экен,
Башкача туулган эр экен.
Арбагы артык кабылан
Жандан кечип таштады.
Канкорлук жөнү ушундай
Каарданып камынды,
Канкоруңдун өзүнө
Кайыптан акыл табылды:
«Беттешсем качып барбактап,
Капыр болгон экенсиң.
Кечилдин баарын кырдырып,
Эми келип керишкин
Жолой, сен, баатыр болгон экенсиң!
Кең Алтайдын тоорагы,
Тоорактуу жоргодо,
Он экиге толгондо
Тозокту чогуу бир салдым,
Кечилдин кесип кекесин
Миң төөдө чайың бир алдым.
Келжиреген куу калмак,
Анда сен кайда кеткенсиң,
Калың колуң кубалап,
Алтайдан айдап чачканда
Астыма түшүп калдактап,
Атаңдын көрү, соргок ит,
Эсенкан көздөй качканда
Каарды катуу баштадым,
Калкыңды кырып таштадым!»
Канкор көк жал кабылан,
Камбыл тууган зор Манас
Кагыштан кайра тартпаган,
Даңгыл тууган зор Манас
Опсуз болот айзаны
Оңдоп кармап алганы.
Жүрөктүн таамай бети - деп,
Өпкөнүн бияк чети - деп,
Колкосунун өзү -деп,
Кызыталак Оргонун
Коркурай турган кези -деп,
Көк жалдын жайы бир бөлөк
Кыраан тууган кургуруң
Бел артында мекчейип,
Кан ичер көзү ошондо
Чыгып кетчү эмедей
Ары жагында чекчейип,
Кабыргасы качырап,
Маңдайдагы кашка тиш
Таруудайдан бачырап,
Тегерегин карабай,
Теги эле жанын аябай:
«Опол-тоодой Оргого
Каарды катуу мен салдым,
Жылкың эмес уюңду
Жылас кылып бир алдым.
Анда кайда сен элең?
Алышарың чын болсо
Калмактардын чоң Жолой,
Алдыңкы жерден качпай тур», Деп, ошентип, эр Манас
Кан Жолойду бет алып,
Жолборстой көзү көрүнүп,
Ажыдаар каары билинип,
Ачкан көзүн жумбастан
Сунган айза тартпастан,
Каары келип билекке,
Кайраты келип жүрөккө
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Бакырайып көз жайнап,
Артык көк жал берендин
Кан ичмеси чын кармап,
Колдогону бир тогуз
Колдоп алган кези экен,
Жөлөгөнү бир тогуз
Жөлөп калган чагы экен.
Айза сунуп күркүрөп,
Ачып көздү жумгуча
Эр Жолойго жетерде,
Калмактардын кан Жолой
Ырас бала ал Жолой
Ысыгына баталбай,
Суугуна жеталбай
Ачбуудан оозун буралбай,
Арсландын жайын көргөндө
Чыдап Жолой туралбай,
Бугудай моюнун буратып,
Бута бою борчукка
Чыга берди чуратып.
Астындагы Торучаар
Канаты бар чын тулпар
Ээленип, жулкунуп
Ээн калган Торучаар
Эри өлгөндөй жулкунуп,
Оюрмалуу белестен
Оңдонуп кайра тарткыча,
Бура тартып бууданы
Жолойду көздөй кайткыча
Эр экен Манас ээлигип,
Ары жагында чоң мерген
Каражойго жолугуп,
Адамдан бөлөк иш кылып,
Албан түрдүү кубулган,
Кытай бузуларда чыгуучу
Казыналык чоң мерген
Катылса салат чуулган.
Ал Каражой капырдын
Артык жайчы, оюнпоз
Амалы артык озуптур,
Алачыктай кара таш
Кара таштан Манасты
Мерген чочко тозуптур.
Мергендикке тазасы,
Бет алып Манас барганда
Белен турган машасы.
«Чолок сүбөө бети - деп,
Олоң тартар биягы
Тердиктин төмөн чети» - деп,
Ал Каражой баатырың
Бет алганы кетпеген,
Огу сая өтпөгөн
Оңой эмес чоң мерген.
Бура тартып көк жалың
Жолойду көздөй дыр койду,
Кара жашыл тон кийип,
Кадимки мерген Каражой
Торучаарды бир койду.
Кайып күлүк Торучаар
Мүдүрүлүп тик түштү,
Кулжадай көзү кызарып,
Кутургур атып ийгенде
Ошо жерге бүк түштү.
Болкулдап басып аянып,
Капыр каптап келгенде
Турган экен көк жал шер
Бозкелтени таянып,
Капа болду кайгырып,
Биттейинде бириккен,
Бармактайда баш кошкон.
Торучаардан айрылып,
Добулбас бекем кагылып,
Кайнап жаткан көп улук
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Түп көтөрө жабылып,
Бияк жагын караса
Эзкара, Жолой бакырат,
Шуру отогот, маржан таш
Турган канын чакырат:
«Күрмө кийген күчтүү кан
Күркүрөп чогуу каптай көр,
Таш сайынган тазалар,
Кызыталак бурутту
Такыр жерге таптай көр!
Башына коок кийгизип,
Эки колун тең байлап,
Эки көзүн тең чукуп,
Эр Эсендин алдына
Тирүү байлап баргыла!
Башы Какан, Бакбурчун
Кандыгын сурап калгыла,
Темир аркан торчондор
Теминип чалма салгыла,
Тегиз канжар колчондор
Бет-бетиңден баргыла!
Кызыталак канкорду,
Кыйраткыла таптакыр
Кылымды бузган анткорду.
Балааны башка салгыла,
Барбактатып көк жалды
Тирүү байлап алгыла!»
Бул буйрукту укканда
Балбаны каптап кыжылдап,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Жабылды балбан кыжылдап,
Күн кылкылдап бөлүнбөй,
Жерден бир тал көрүнбөй,
Асман ачык, жер бүркөк
Ач кыйкырык чуулган
Каптап капыр кагышып,
Калайманды салды эле,
Дүнүйө жүзүн чаң каптап,
Жөө туман түшүп алды эле.
Очогор үнү бапылдап,
Бияк жагын карасаң
Калың колду токмоктоп,
Айдап Жолой таркылдап,
Бул кылыкты көргөндө
Баатырды байлап алууга
Жаанын огу кыркырап,
Саадактын огу шыркырап,
Аткандары кытайдын
Алеңгир жаа, сыр жебе
Алтайдан бери көчкөндө
Буйрук кылып Эсенкан
Кытайлар салган аңгеме.
Аттан Манас айрылып,
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Капа болгон көрүнөт.
Торучаарга кайгырып,
Сырттандыгын мындан бил,
Зың-зың этип кенебей,
Кара кытай, манжууну
Турган экен арсланың
Бучкагына теңебей.
Күмүш кемер курчанып,
Күркүрөгөн эрендин
Күндөй бетин нур чалып,
Алтындан кемер курчанып,
Айкөлүңдүн ошондо
Айдай бетин нур чалып,
Манжуу, кытай саксактап,
Алысыраак жеткенде
Айза менен бир саят,
Андан жакын келгенин
Айбалта менен бир салат.
Колундагы боз келте
Оңго ооп, бир атып,
Кошойдун келип, Манаска кошулганы
Оргуган чаңды караса
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Кошой ал экен.
Керкабылан күлүгү,
Кериш кылып кошулган
Бул Кошойдун бүлүгү.
Абаң Кошой карыя,
Адамдан башка олуя
Көөдөнгө батпайт көп санаа,
Көкжал Манас султандын
Көзүнүн жашы он талаа.
«Каза жетсе өлөм - деп,
Канкор Манас шериме
Карыганда мен Кошой
Караан болуп берем» - деп,
Эң кайраттуу эр неме
Көк темирдей куралып,
Он эки миң кол алып,
Ойрондорун сулатып,
Солго ооп, бир атып,
Солтондорун сулатып,
Артын салса айкөлгө
Капыр жетет чуркурап,
Асты жагын караса
Таш сайынган кытайдын
Тазалары ошондо
Кача берет дыркырап,
Эрендери энтеңдеп,
Кыйкырып айза сунганда
Манжуулары барбактап,
Тегеректеп турганда
Ач кайкалаң накыстан,
Ат өткөлдүү жапыздан,
Бетегелүү кайкаңдан,
Белеси бийик тайпаңдан
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Оргуган чаңды көргөндө
Кырк уруу кытай Эзкара
Бул экөөнөн жан чыгат.
Чачпай колун чогуу алып,
Бусурмандан алп алып,
Кайраттуудан жалпы алып:
«Алтай бойлоп коном - деп,
Айкөл Манас канкорго
Арка болуп берем - деп,
Каза жетсе өлөм - деп,
Канкор Манас көк жалга
Караан болуп берем» - деп,
Жер тумандап чаң болуп,
Желиккен ураан жан болуп,
Эрендери ээлигип,
Өлүмдөн кайра тартпаган
Көйкашканын баарысы
Алды менен желигип,
Асманга учуп топурак,
Калың кол: «Чү» - деп, топурап,
Сыр найза учу жаркылдап,
Жезнай үнү такылдап,
Жер тумандап чаң болуп,
Катагандан кан Кошой
Туу кармаган ал болуп,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай:
«Ажал жетсе өлөм -деп,
Алакандай бусурман
Өлгөнүнө ошондо
Ыймам болуп берем» - деп,
Ала чапан Айкожо
Анжыяндан ал келген,
Курун селде чалынган,
Кудуретке жалынган,
Букарлыктан чоң молдо
Мунун колу дагы арбын,
Жолдогусу дагы көп.
Жип куюшкан, жип олоң
Мингенинин баары айгыр,
Чомдогусу андан көп.
Казактардан Айдаркан
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өлөңүн айтып чуркурап,
Казак колу бир бөлөк,
Ак сакалы бир кучак
Кыйбанын каны Музбурчак.
Эч ким беттеп барбаган,
Эңкейтип менде албаган.
Бузулган-Чамбыл жердеген,
Эңкейтип менде жеңбеген,
Жоо дегенде шайланган,
Ар кимиси жанына
Кылычтай бычак байланган.
«Ажал жетсе өлөм - деп,
Асыл Манас балага
Караан болуп берем» - деп,
Кан Буудайык өзү бар.
Курган Кошой жолдошу,
Кудайназар -Куучокмор
Астыга салса алманы,
Аркага түшсө балбаны
Ач айкырык чуу баштап,
Абаң Кошой баш болуп,
Кара кытай, манжууга
Абаңдын салган жаңжалы
Мылтык атып, жаа тартып,
Камгак учкан эмедей
Аралашып калганы.
Караса көзгө илинбей,
Капыр менен бусурман
Карсылдашып калганда
Кайсы экени билинбей,
Маңдайлашып турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп,
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,
Кан төгүлдү шыркырап,
Эрендери элтеңдеп,
Эрки менен болушуп,
Кемегедей бир жерди
Керте чаап жиберип,
Кийими менен коюшуп,
Кыжылдаган көп аскер
Бет алышып калышып,
Беттешкенде берендер
Берен жанды аябай,
Айза менен малышып,
Жакалашып кармашып,
Алы жогун алдуусу
Кармап алып жайлашып,
Айбалта менен чабышып,
Камчы менен кагышып,
Жакалашып кармашып,
Алдууларын алдуусу
Ач буурадай чайнашып.
Алышкан колдун ичинде
Нелер бар да, нелер жок!
Колу сынып кокуйлап,
Качкандары мындан көп.
Буту сынып ошондо
Жаткандары мындан көп.
Беттешкенде көп аскер
Кулагы түшүп култуюп,
Качып жүргөн мындан көп.
Мурду түшүп мултуюп,
Шашып жүргөн мындан көп.
Тополоңдоп урушуп,
Кара чокмор, айбалта
Көтөрүшүп калды эми,
Калмак, кыргыз беттешип,
Былчылдашты салды эми.
Былчылдашып урушкан,
Колду мындай таштайлы
Торучаар окко учуруп,
Тоодой болуп жөө турган
Тоодой Манас кабылан
Андан кабар баштайлы.
Калың кол каптап баргыча
Болкулдай басып аянып,
Боз айзаны таянып,
Капка таш басып токтоптур,
Кабыланың ошондо
Кан Кошойду жоктоптур:
«Кыргыздардан кан Кошой
Касиеттүү жан эле.
Алышкан кытай, манжууга
Арка болуп барам - деп,
Ажыратып алам - деп,
Абам Кошой көк жалдын
Убадасы бар эле.
Унутту бекен абакем,
Күн эсеби болду эле».
Айтып Манас тургуча,
Ачып оозду жыйгыча,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай
Ничке жолду төтөлөп,
Ала чапан Айкожо
Асый чыкма Айбанбоз
Алган экен жетелеп,
Бет алдына Манастын
Беккожо барып турганы,
Берен калган Айбанбоз
Беренге тартуу кылганы.
«Ата, Манас, кабылан
Кабарың угуп Айкожо
Жердин үстүн чалдырдым
Тетиги кең Котондун нары жагы
Керме-Тоонун бери жагы
Медиян чөлдү чалдырдым,
Арга жүктөп, зер берип,
Так ошондон алдырдым,
Шер экениң билгемин,
Жалгыз туума чоң Манас
Минсе экен деп жүргөмүн!
Айбанбоз коштоп чыкканда
Алдага жүрдүм зар ыйлап,
Түшүмдө көрүп мен сени
Айбаттуу көк жал кабылан,
Атайы келдим арынап.
Канжыгамда суп чепкен,
Өзүң кийсең куп чепкен
Жакасында каты бар,
Казатка Манас киет -деп,
Каран кылган бул тондо
Жазылып жүргөн аты бар.
Белекке бердим кийиңиз!
Айбанбозду сен минип,
Бейпайды бекем салыңыз.
Бейжай кара кытайдан
Алакандай бусурман
Ажыратып калыңыз!»
Ала чапан Айкожо
Алты жол кармап колунан,
Болкулдап Манас ошондо
Боз чепкенди кийди эми,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Кызыр чалган кабылан
Боз сеңир тоодой көрүнүп,
Кажылдаган калмактан
Кан ичме көк жал чочунуп
Айкожо берген Айбанбоз
Азыр эми токунуп,
Айкөлүңдүн Аккаңкы
Айбанбозго чак каңкы
Алдыңкы кашы ак алтын,
Арка кашы чылк күмүш,
Эки каптал эн темир
Эңишке минсе эңкейбейт.
Аркасы бийик, зээри бас
Урушка кирсе ылайык.
Айкөлүңдүн чоң боз ат
Көмөлдүрүк куюшкан
Көбүнчө боо жарашат,
Айбанбозду алпарып,
Айкожо тартып турганы,
Араң турган көк жалың
Ат көзүнөн учуптур
Алтын таман үзөңгү
Теппей ыргып чурады.
Жетиктеп белин курчанды,
Жети сан кара кытайга
Жеке аралап кол салды.
Арсландай көзү жайнады,
Алышпай Манас калбады.
Каарданып бакырып,
Канкор Манас ошондо
«Манастап» ураан чакырып:
«Манас! Манас! Манас!» - деп,
«Манастап» ураан салганда
Өлгөнүнөн калганы
Жалпы баары угуптур,
Бусурмандын балбаны.
Адырдан чыкты бакырып,
Ала чапан Айкожо
«Манастап» ураан чакырып,
Кашаттан чыкты бакырып,
Айчыгы алтын туу тартып,
Азиреттеп чуу тартып,
«Манастап» ураан чакырып,
Кыядан чыкты бакырык,
Тирүүсүн таштай таптаган,
Катынын кыздай мактаган,
Казактардын Айдаркан
«Манастап» ураан чакырып.
«Кыраңдан чыкты бакырык,
Кыйбанын каны Буудайык
«Манастап» ураан чакырып,
Ойдон чыгат бакырык,
Ойдун-тоонун баарысы,
«Манастап» ураан чакырып.
Тоодон чыкты бакырык,
Ою менен баарысы
«Манастап» ураан чакырып,
Бузулбай манжуу көп колго
Бурулуп кирип кол салып,
Кашаадай турган калмакка
Кайра сайып, жол салып,
Алкым жагын айкөлүң
Айдап тийип келди эле,
Кутпа жагын Кутубий
Куйкалап айдап сүрдү эле,
Алкым жагын Кошой кан
Айдап келип тийди эле.
Кара талдай капырды
Кайра сайып кубалап,
Канкор Манас жапырды.
Бусурман кууп алганда,
Кыргынды кызык салганда
Манас сайып өтүп жүр,
Кошой башын кесип жүр.
Кошой сайып өтүп жүр,
Манас башын кесип жүр.
Ээр белдей мойнокту
Ашып кетип баратат,
Өлгөнүнөн калганы
Качып кетип баратат.
Өз дүйнөсүн кытайлар
Чачып кетип баратат.
Адыр-күдүр жерлерде
Айза калып короюп,
Күрмө кийген күчтүүлөр,
Таш сайынган тазалар
Талаада өлдү сороюп.
Эчен мыкты тулпардын,
Чылбырлары чубалып,
Айза тийип алп дөөсү
Кырылган экен тырайып,
Уйгу-туйгу сороктоп,
Шашып жүргөн мындан көп,
Тоо-тоо бойлоп антаңдап,
Качып жүргөн мындан көп.
Алапайын таба албай,
Шашып жүргөн мындан көп,
Белгилүүдөн кан өлүп,
Бет алгандын баары өлүп,
Ал жолку барган калың кол
Колдун болуп арты жол,
Эрендери, кандары,
Өлгөнүнөн калганы
Кошой кандын адамы
Алгылыктуу эрендер,
Айзакерден берендер,
Алтымыштан ат алып,
Айзакерден даңгылдар
Жоонун айласын билген камбылдар
Жетимиштен ат алып,
Жеткилең коркок эң кокуй
Жетиден олжо ат алып,
Алсызын өлүм кылышып,
Күжүрмөндөр тунушуп,
Бейпайды бекем салышып,
Көк жал Манас төрөнү,
Кайнаган колдон калың шер
Кадимки Манас султанды
Ажыратып алышып,
Кара талдай капырды,
Кайра тартып сапырды.
Күчтүүсү өлүп, алпы өлүп,
Күрөшкөндөр жалпы өлүп,
Бели күчтүү жан өлүп,
Бет алгандар баары өлүп,
Кайраты мыкты топ бузуп,
Кайраты начар жамандар
Качып-шашып окко учуп,
Эрендери, эрлери
Беттешип согуш кыла албай,
Акылдуусу, шерлери
Кайрат кылып тура албай,
Кол бузулуп быркырап.
Бузулган экен кытайлар
Каканга качып чуркурап,
Торучаар окко учуруп,
Төөдөй болгон ойронуң
Айбанбоз минген чагы экен,
Айгайлатып кытайды
Айдап калган табы экен.
Каарды катуу баштаптыр,
Келген колун кержейтип,
Кан Манас кырып таштаптыр.
Кең Алтайдын ары жагы
Тогуз тоонун урунуш,
Токсон суунун куюлуш,
Толгон жолдун тоому экен,
Эрдин эри чыдаса
Эптеп жолун чалчу экен.
Эселектер жол салса
Киши өлүгү калчу экен.
Кароолго келген адамын
Ач арслан, бөрүсү
Алгырынын жолборсу,
Кылыч ооз каманы
Кыйратып чалып жээр экен.
Баары Кытай Каканчын
Барса-келбес дээр экен.
Куш учпастын кысык жол
Кубалап Манас жүрдү эле,
Өткөлүктөн өткөрүп,
Кечмеликтен кечирип,
Өлгөнүнөн калганын
Өткөрө сайып жүрдү эле.
Жалгыз атын чубоодон
Ашып-шашып кытайлар
Ары жакка өттү эле.
Тар кысыкка барганда
Ошондо Кошой абакең
Өкүрүгү таш жарып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Абасы Кошой карысы
Кармаган экен Манасты
Алп дөөсүнүн баарысы.
Каардантып жулкунтуп,
Айбанбоздун чылбырдан
Кармап алды булкунтуп,
Булкунгандан жулкунуп,
Айкырып Манас муну айтып:
«Коё бер, Кошой колумду
Тоспо менин жолумду!
Байлаба менин багымды,
Каканчындын Бээжинди
Бүгүн кырар кезегим,
Билип ал менин табымды!
Уруусу кырк ушул эл
Урушар жерим ушу жер.
Көп кызыккан Бээжиндин
Көк жалын айдап көрөйүн,
Көп урушуп кытайга
Кармашып канын төгөйүн!
Зордукчу кара калмакка
Аба, Кошой, коё бер,
Согуш кылып көрөйүн!
Карап, Кошой, кебимди ук,
Кара кытай, манжуунун
Буласын булап албасам,
Бузук кылып атышып,
Бузукту мыктап салбасам!
Кызыккан калмак бул журттун
Аласын ала качпасам,
Ак теңге булун чачпасам,
Оорукта журтун албасам,
Опсуз тентек салбасам,
Көп аскерин жиберип,
Тилептир мындай кызыкты
Манжуунун баары чогулуп,
Баштаптыр мындай бузукту.
Каарын катуу салыптыр,
Аласын ала качкансып,
Карап кылып мүлктөрүн
Казынасын чачкандай
Дарты кармап алууда
Жалынса жанды койбостон,
Жабылып кара калмактар
Тындым кылып салууда,
Төрөсүнгөн калмакты
Төбөсүнөн басамын,
Төрөлөрүн өлтүрүп,
Канына чейин кубалап,
Аянып карап турбайын,
Карылуусун кармайын.
Канына чейин кубалап,
Калтырбастан жайлайын!
Кең ачайын жолумду,
Кежир кара калмакка
Көрсөтөйүн сонунду!» Айкырып Манас муну айтып,
Каарданып калмакты
Айдап алган кези экен,
Айгайлатып айзалап,
Жайлап алган кези экен!
Бул кайратын көргөндө.
Берен Манас көк жалды:
«Кууп отуруп кытайды
Түбүнө чогуу жетет - деп,
Сан колуна кабылып,
Жалгыз туума көк жалдын
Ажалы бөөдө жетет» -деп,
Кошой абаң муну ойлоп,
Кабылан атка камчы уруп,
Кан абаң Кошой карыя,
Эң акылман олуя
Качырып жетип Манасты
Ат суулуктан алыптыр,
Каардантып жулкунтуп,
Кан Манасты булкунтуп,
Кошой кан кармап алыптыр.
«Көкжал Манас, тилимди ал.
Айтканым ушу билип ал,
Кайнаган кытай кара журт,
Кан ичүүдөн кайтпаган,
Өлөрүн билбес өжөр журт.
Адыр-күдүр аска тоо
Аңдабай ашар бел эмес,
Жапа тартып кытайга
Жалгыз кирчү эл эмес.
Минтпе, Манас, жөнү жок
Өтүк чечип, бут сунуп,
Ала-Тоо артык жериң жок,
Бээжин менен кармашсаң
Белсенип кирип салышар
Белгилүү кыргыз элиң жок!
Койгун, Манас, кулунум,
Бейжай кытай калың эл
Жалгыз бейпай болосуң.
Бекитилүү чеби бар.
Ал чебинин ичинде
Албан түрдүү эли бар.
Балбаны бар, дөөсү бар,
Чуркаса атка жеткирбес,
Үйрөтүлгөн жөөсү бар.
Бээжин оңой жер эмес,
Бет алып жалгыз урушуп,
Бейпайлашчу эл эмес.
Суук боор адам кирбеген,
Болот эшик дарбаза
Доор-кыямат болгуча
Эч ким сурак албаган,
Болумдуу экен байкаса
Кан акылман, каардуу журт
Катылган аман калбаган,
Көптүгүн көрсөң кара курт.
Эшик оозун кайтарган
Канча балбан зору бар,
Ошо зорлор жанында
Чуңкур казган ору бар,
Кайнатылуу шору бар.
Кызыталак кытайдын
Кармаса байлап алуучу
Камдалган илек колу бар,
Кармашкан түшөт туткунга
Катылышкан менденин
Маңдайында шору бар.
Түрүн билем кытайдын
Көк жалым, Манас, билип ал!
Бөөдө дууга жүрбөйлү,
Качырдык иттин колун - деп,
Каканга чейин сүрбөйлү.
Башта барып кабылан
Жети-Өзөндөй жер алып,
Азып-качып тентиген
Аз кана кыргыз элди алып,
Өзөнгө бойлой конолу,
Канатты калың камдайлы,
Кармашсак жеңип алгыдай
Калың аскер шайлайлы.
Ат жетүүчү жерди алып,
Ааламга татыр эрди алып,
Бекерге карап турбайлы,
Кулак угуп, көз көргөн
Тил алган колду жыйнайлы!
Кабарды катуу салалы,
Кулак угуп, көз көргөн
Бусурманды жыялы,
Кайнап жаткан капырга
Жана казат кылалы!
Кечикпей кекти алалы,
Кең-кесири баралы,
Жыл, он эки ай болгуча
Семирип-сергип калалы.
Аңгыча, Манас, тилимди ал!
Кылыч, мылтык шайлайлы,
Кыйындап сан кол камдайлы,
Ок жетпеген ат алып,
Он эки бирден бата алып
Белди чечер жер камдап,
Белеске конор эл камдап,
Канатты калың камдайлы,
Андан кийин кытайга
Балам, Манас, тилимди ал!
Кармалашып калбайлы.
Түп көтөрө дүңгүрөп,
Атадан калган жерди таап,
Азган-тозгон береки
Аз бусурман элди таап,
Жарды барып байыйлы
Жалгыз барып көбөйүп,
Букара журттун баарысын
Бузулбаска зекитип,
Чын убада байлоо сөз
Барган журт менен бекитип,
Көк белес бойлой конолук,
Көк жалым, алсаң тилимди
Көк кенедей тололук.
Ак найза калың кыялы.
Акка кылып тобокел
Ал айзаны кармоого
Бусурман алпын жыялы,
Толкуган кара кытайга
Тоорулуп бузук салалы.
Кан абам Кошой айтты - деп,
Канча кебим билип ал,
Кызыр чалган султаным,
Ушу жолу тилимди ал!
Чарпышаарга чама жок,
Алышарга айла жок.
Азган-тозгон арыкпыз,
Ордолуу журттан айрылган
Ой, кулунум, тилимди ал,
Эс таба элек карыппыз!
Этибиз болгон көк жашык,
Калмак талап алганда
Каныбыз калган бир кашык.
Эңкейип кеткен белибиз,
Кара кытай, манжууга
Кул болуп кеткен элибиз!
Бул кыялды таштайлы,
Башкадан кыял баштайлы.
Өзөнгө бойлой конолу
Семирип-сергип оңолу,
Жылкыдын тандап табалык,
Алтайга чыдаар бууданды
Чеп кармап, таштан кыялык,
Өзүңдөй болгон эрдиги
Кырк чоро камдап жыялык!
Ордо күтүп, кан болуп,
Олуязаада жан болуп,
Жүктөөргө күчтү билди алып,
Канга кайта тартпастан
Кагышса канга тойбостон
Өзүңдөй уулдан миңди алып,
Баатыр, кармашарың Каканчын
Кайрылып казат салалык.
Кара кытай, манжууга
Кабат болсун биздин күч
Кайра тартып турушуп,
Кара кытай манжуунун
Кандыгын тартып алалык!
Мындан ары биз барсак
Түшөр жериң Алты-Шаар
Каратып өтөр калкым бар,
Карасам, уулум, көп эмес
Бусурман журту жалпы бар.
Айтканым ушу билип ал,
Ачууланбай кан Манас
Азыркы жолу тилимди ал!
Алты-Шаардын ал жери
Көнө-Турпан, чоң Кашкар
Лоп дарыя, ал Котон
Алымың алуучу жер ошол,
Кабылан Манас тил алсаң
Карата кетчү журт ошол».
Катагандын кан Кошой Көбүрөөк журтка карыя,
Көптү көргөн олуя.
Абасы ошол ал сапар
Айткан экен бир сөздү,
Акылга салган көп сөздү.
Кызырдуу Кошой карыдан
Кыйын нуска сөз угуп,
Кыйыны кыргыз - деп угуп,
Жети-Өзөн анын жери - деп,
Азган-тозгон аз кыргыз
Арсланыңдын эли - деп,
Абасы Кошой карыя,
Ааламда билгич олуя
Билбегенди билгизип,
Минтип жолго киргизип,
Туйбаганды туйгузуп,
Туура жолго киргизип
Тозуп барып кан Кошой
Тоодой болгон төрөңдү
Алтайдан тозуп алыптыр,
Белгилүү Кошой абакең
Өчкөн отун тамызып,
Берен Манас султандын
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улаптыр,
Чачылганын жыйнаптыр
Катагандын кан Кошой
Бир туткан бири ал болду,
Ошондо Кошой карыя
Оён Манас, көк жалга
Олуязаада жан болду.
Кайра тартып Алтайдан
Кара-Кырчын, Тал-Мазар
Бойлоп көп кол конду эле,
Кабылан Манас ошондо
Мазарга конок болду эле.
Мазарга конок болгондо
Эл эсебин алышып,
Элди катка салышып,
Манас жакка келгенде
Кутубий, Манас эр аман.
Кошой жакка келгенде
Кудайназар-Куучокмор
Кезигерге кезикпей,
Кезикпеске кезигип,
Орой чоку кырына
Айбалта келип жетиптир.
Чоң Жолойго кезигип,
Кайра келбес чын жайга
Кайран киши кетиптир.
Угар кулак, көрөр көз
Курган Кошой абаңдын
Куп жолдошу Кутунай
Каражой кулга аттырып.
Кашатка шейит болуптур.
Жоорукер минген Жортуучу
Кыр жагынан чалдырып,
Эзкарага сайдырып,
Бу да өлүм болуптур,
Ата уулунан ал төртөө
А дүйнө жүзүн көрүптүр,
Ал кытайдын колунан
Алышып жүрүп өлүптүр,
Андан бөлөк жан аман.
Казактардан Айдаркан
Кыйба каны Буудайык
Кан Кошой жээни Жүгөрү,
Кагышкан эрдин баары аман.
Анжыяндын Айкожо
Букарлыктын чоң молдо
Айкожонун Билерик,
Карадөң уулу Жарманас
Кайратман аман, ыктуу аман
Камчы чабар мыктуу аман.
Айзакер аман, эр аман,
Төртөөнөн башка бусурман
Кылы сынбай тең аман.
Кытай жактан кабар ал
Жети күн тынбай аралап
Манжуулардан Эзкара
Жетимиш жерде жара бар
Алтымыш күнү аралап
Калмактардын чоң Жолой
Кабылан экен Манастан
Алтымыш жерден жара жеп,
Каражой, Дөөдүр балбаны
Канчаларын кырдырып,
Кытайдан төртөө калганы.
Бээжинди көздөй жол тартып,
Төртөөнүн кылган арманы:
«Жал-куйруктан айрылып,
Сопол болгон экенбиз
Мүйүз сынып, баш калып,
Токол болгон экенбиз.
Кан Эсенден кол айдап,
Оңбой калган экенбиз.
Канкорго чогуу кырдырып,
Болбой калган экенбиз.
Катуу бүлүк, чоң кыргын,
Кызыталак буруттан
Көргөнү келген экенбиз.
Калбастан чогуу кырылып,
Өлгөнү келген экенбиз.
Эсенкандын алдынан
Чыктык эле чыдабай
Жер жайнаган калың кол,
Калбай такыр кырылып,
Каткан экен биздин шор.
Байбай Манас шер экен,
Балакет салчу эме экен.
Каныбыз буйрук кылганда
Каптап сан кол барчу элек,
Катылгандын баарысын
Кыргын кылып салчу элек.
Азапты артык тартабыз,
Кырдырып колду салдык - деп,
Эсенкандай улукка
Эми кантип айтабыз?»
Жолой кейип барбактап,
Ат аябай жол жүрүп,
Аз гана эмес мол жүрүп,
Кабарды катуу салыптыр,
Эсенкандын алдына
Ашып-шашып антаңдап,
Төртөө жетип барыптыр.
Эсенкандын дарбаза
Кароодо Калдай каны бар,
Сакчылардын баары бар,
Жолоп адам барбаган,
Жолуккан аман калбаган,
Кайраты катуу, заары күч,
Улук экен Эсенкан
Бул капырдан күдөр үз!
Төрт балбан кирип барганда
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Бадышалык тагынан
Айбаттанып толгонуп,
Көк күбө тонду жамынып,
Көрөр болсоң Эсенкан
Көк жолборстой чамынып,
Мунарга жарык жагылып,
Коңгуроо катуу кагылып,
Аскер үркүп, журт дүрбөп,
Калайман түшүп, топо учуп,
Сакчылары, балбаны
Жоо келгендей чуркурап,
Добулбас кулак тундуруп,
Айбалта тийип быркырап...
Жолой, Эзкаралар Манаска жеңдирип, Эсенкандын алдына барганы
Калдай жарым кандары,
Уйгу-туйгу сороктоп,
Кечилдери, дөөлөрү
Айласын таппай короктоп,
Таштуулары, кандары
Мунусу кандай болду - деп,
Аң-таң калып антаңдап,
Эсенкандын жандары
Көз жетпеген мунара
Көбүнчө бийик көрүнөт,
Көрө калган адамдын
Көңүлү жаман бөлүнөт.
Кежиге чачы үксөйүп,
Төбө чачы түктөйүп,
Улук экен Эсенкан,
Мунарадан чамынды,
Айласы кетип бул төртөө
Айтып жөнүн камынды.
«Жер майышкан туу алып,
Бурутту кармап алууга
Бурулуп уруш салганбыз,
Кызыталак бурутка
Кылчайбай кырк күн урушуп,
Кыргын болуп калганбыз.
Каарды Манас баштады,
Качкандарды тырайтып,
Бөлөктөрү жайлады.
Кыямат жүзүн көрүүдө,
Жарадар болуп биз качтык,
Кан Манастан өлүүдө.
Алтын жаак айбалта,
Колунда бар сыр найза
Кармай калып имерди,
Бир сайганда Оргону
Эки бөлүп жиберди.
Кайра тарткан урушта
Мүшкүлдү чындап баштады,
Мүдүрүлдү Торучаар,
Ала көөдөн көк жалдын
Астындагы Торучаар
Каражой атып таштады.
Темир аркан торчонду
Тегиз жыйып аларда,
Азыр кармап калаарда,
Маңдайдан чыкты бакырык,
«Манастап» ураан чакырып,
Кыргынды кызык баштады,
Катагандын кан Кошой
Ал канкорго кошулуп,
Кыргын кылып таштады.
Бул буруттун Манасы
Ааламды алгыдай,
Кыргын эли каптасын,
Кыйын экен куу бурут
Кыргын кылып салгыдай.
Берендер беттеп барганда
Берен Манас төрөнүн
Бейжайлыгын бир көрдүм,
Каарды катуу баштады,
Беттеп барган балбанды
Белчеден бөлүп таштады.
Айбаты катуу, заары күч,
Кызыталак бурутуң
Кырып койду бизди түз.
Каарды катуу баштады,
Канча түмөн кол элек,
Баргандардын баарысын
Такыр кырып таштады.
Бул буруттун Манасы
Оңой-олтоң уул эмес,
Кырк кандын эли кытайды
Кыйратпай койчу кул эмес.
Белгилүү экен, шер экен,
Менде жеңип ала албайт,
Беттешкен адам аман-соо
Бери багып түк калбайт.
Алты күнү аралап,
Эзкара чыкты кан болуп,
Алтымыш жерден жара жеп,
Жолой кирди аралап,
Жети күнү аралап,
Жетимиш жерден жара жеп.
Араң келдик өлгөнү,
Кыйын мүшкүл иш көрдүк
Кыямат жүзүн көргөнү.
Бет алдыңа биз келдик,
Мээнетти бурут баштады,
Таш сайынган тазаңды
Такыр кырып таштады.
Мүшкүл кылды ишиңди,
Бүлдүрдү кыйла кишиңди.
Көрсөттү кыйын сонунду
Таш-талкан кылды колуңду.
Койгулашып туруштук,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып уруштук.
Калдайыңды калдайтты,
Жиберген Орго балбанды
Бир сайганда далдайтты.
Ойронду опсуз баштады,
Кез болгонду кыйратып,
Такыр кырып таштады.
Кейишти кенен баштады,
Кечил тийсе колуна
Кежир экен куу бурут
Кержейтип кырып таштады.
Көңүлдө күйүт бушманды
Көрбөй калган экенбиз,
Алтайда туулган душманды.
Телегейи тең экен,
Теңир урган бул бурут
Ааламдан артык эр экен.
Кең-Алтайдын Кара-Суу
Адамдан чыкпайт мына бу,
Кырып-союп кыйратып,
Балбанга салды ызы-чуу.
Бейлеп-каным, ойлонгун,
Мендеден чыкпайт мына бу!
Жолуккан аман калбады,
Каары катуу канкорго
Жолоп балбан барбады.
Акыл-ийлеп, ой ойлоп,
Атын атып салууга,
Анан кармап алууга
Жөө күлүктү камдадык.
Камбыл экен Каражой
Каарды катуу баштады,
Торучаарын томпойтуп,
Анда атып таштады.
Барбайып жөө калганда
Сизге байлап келүүгө,
Тартуу кылып бурутту
Так өзүңө берүүгө,
Айкырып айза сунуштук,
Күн-түнү жети күн
Жөө турганда уруштук.
Октос берсе сур жолборс,
Ойлосок мындай жан болбос.
Кызыталак канкордун,
Кылымды бузган анткордун
Бейлесек көңүл бөлүнөт,
Мендеден башка көрүнөт.
Бир карасак бир киши,
Кызыталак канкоруң
Бир карасак миң киши.
Астын салып качырса Беттешкен чыдап туралбайт,
Ажыдаардын түрү бар.
Аркасынан караса Алты миң эрдин сүрү бар.
Ала албай келдик Манасты,
Кыраан да экен, шер да экен,
Кылыгы бөлөк, заары күч
Кылымды бузган эр экен.
Тегеретип барбактап,
Бурут жөө калды эле,
Акылга даңгыл карысын,
Айдап кирдик Манаска
Балбандардын баарысын.
Темир аркан торчонду
Тегиз айдап биз бардык,
Тегиз канжар колчоңду.
Аламанды койгондо,
Айкырыкты сунганда,
Алалык деп канкорду
Кайрат кылып турганда,
Айкырык сунсак айзанын
Белинен кыйрап короюп,
Темир аркан торчондор,
Тегиз канжар колчондор
Өлүп калды тороюп.
Айза сайып, ок атып,
Кармашып ал жете албай,
Эзкара, Жолой экөөбүз
Өзүбүз калдык сороюп,
Алтайда туулган канкорду,
Балбанды кырып кысканы
Байкап турсам сыягы Каканчындын душманы.
Каарды катуу баштады,
Кан Эсенкан, сөздү ук,
Кара таандай аскерди
Калтырбай кырып таштады.
Улуксуган кан өлдү,
Кызыталак буруттан
Ушунча жандын баары өлдү.
Кез болгон өлбөй тартпады,
Бет болгон аман кайтпады.
Кечилден кыйла жан өлдү,
Кызыталак буруттан
Кез болгон жандын баары өлдү.
Алтайда кайдан туулган
Атаңдын көрү, бул бурут
Ааламга салган чуулган!
Эпсиз экен куу бурут,
Кулак угуп, көз көргөн
Эч жерден чыкпайт мындай ит!
Жан коюучу уул эмес,
Каканчынды, Бээжинди
Тынч коюучу кул эмес.
Кең Алтайдын түзүндө,
Керишти кылдык канкорго
Коңур салкын күзүндө.
Атышты арбын кылыштык,
Аламан коюп туруштук.
Мылтык атып, жаа тартып,
Катуу каптап уруштук.
Беренден эчен кан өлдү,
Жекене белге курчанды,
Жер жайнаган кол барса,
Жеке кирип кол салды.
Зың-зың этип кенебейт,
Улуктарды, дөөлөрдү,
Айзачанды, эрлерди
Бучкагына теңебейт.
Шашып кайгы жеген жок,
Жамгыр кылып, жаа тартсак,
Мөндүр кылып, ок атсак,
Кызыталак канкоруң,
Кылымды бузган анткоруң
Кабагым-кашым деген жок.
Сырдуу найза колго алып,
Берен экен бурутуң
Белинен кармап имерди,
Берен экен бурутуң,
Толкуп жаткан аскерди
Тополоңун тоз кылып,
Тобун чечип жиберди.
Эңкейгенде эр саят,
Эң эле жандан түңүлдүк.
Эченди катар бир саят,
Койгулашып жан өлдү,
Катуу каардуу буруттан
Бет алгандын баары өлдү.
Кочкуларды коройтту,
Кол салгандын баарысын
Кесип-жанчып торойтту.
Бизди бери кууганга
Кутуруп канкор жутунду.
Алтайдагы кырк түтүн
Чаап кел деген ал журтуң
Аман кетип кутулду.
Алым ал, - деп, жумшадың,
Алым, - деп барып алдырдык,
Ара жерде эрлерди
Арсланга чалдырдык.
Алым тургай, бок бербей,
Кырк түтүн кетти жерине,
Байдасы тийип Манастын
Баары бурут кутулуп,
Көчүп кетти элине.
Теликкуш кетти жерине,
Темтейип жүргөн букараң
Тентиген кетти элине.
Көзүбүз көрдү Манасты
Көк жал да экен, шер да экен,
Эңкейтип адам жеңгисиз
Таалайы артык эме экен.
Кыргынды биз да баштадык,
Биз да өлтүрүп таштадык.
Ала албай келдик буруттун
Акбалтай, Жакып карысын,
Куткарып ийдик ал жетпей,
Кырк түтүндүн баарысын.
Алымың жетип алалбай
Арада калдык тороюп,
Кыйын шерге кабылып,
Кыргын болдук сороюп,
Алп дөөнүн баары союлуп,
Алп дөөлөрдүн этине
Карга, кузгун тоюнуп,
Түзөңдүн баары чаң болду,
Колоттун баары кан болду.
Минте берсе ал канкор
Алышса ал жеткисиз,
Алам - деп, тиштеп кайсаса
Арсландын тиши өткүсүз.
Абайлабай калыппыз,
Алтайда туулган уул экен,
Абайласак кан Эсен
Бээжинге бүткөн чуу экен.
Каарданса ал канкор
Калайманды салгыдай,
Качырып кирсе кол салып,
Казынаң бузуп алгыдай.
Кайнап жаткан кытайдын
Канчалык калкын билгидей,
Кырк уруу кытай элиңди
Каргадай айдап сүргүдөй.
Таажыңды тартып кийгидей,
Тагыңды тартып мингидей,
Такыр айдап кытайды
Чоң-Бээжин көздөй сүргүдөй.
Бурканды мурда бузгудай,
Бул түрүн көрдүк буруттун
Бузукту мыкты салгыдай.
Кайра баштан күчөсөң,
Каарданып кол жыйсаң,
Кырк кандан түгөл мол жыйсаң,
Калайык өлөт, кан өлөт,
Каары катуу канкорго
Катылган жандын баары өлөт.
Эңкейтип менде жеңе албайт,
Эч ким беттеп бара албайт,
Аман болсоң көрөсүң,
Ал Манастын кызыгын,
Каканчындын Бээжинге
Катуу салган бузугун.
Кыргын салар себеби Кара көк жал шер экен,
Бээжин эмес, ааламды
Айдап билүүчү эр экен.
Чабышкан чаркы келгисиз,
Сайышып менде жеңгисиз.
Мендеден түрү бир башка,
Аман болсо Бээжинге
Бейпайды салат көйкашка.
Бурутка келген ал бир шер,
Ааламда болбойт мындай эр.
Буурсунду бурдурбайт,
Кызыталак бул бурут
Бул Бээжинге турдурбайт.
Жакалашып урушсак,
Жаңжалды катуу кылышсак,
Шамыянды шайлатпайт,
Кош өгүздү байлатпайт,
Жердин бетин ачтырбайт,
Кочуш тукум чачтырбайт.
Кыйын сөз айттым карап тур,
Кытайдан чыкпайт мындай уул.
Кан Манас туулган тушу бар,
Калың Какан журтуна
Кара саат ушу бар.
Баатыр да экен, шер да экен,
Башкача туулган эр экен.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Манас - Саякбай Каралаев - 20
- Parts
- Манас - Саякбай Каралаев - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3804Total number of unique words is 231423.7 of words are in the 2000 most common words34.0 of words are in the 5000 most common words39.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 193028.5 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4421Total number of unique words is 203429.2 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4433Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words50.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4426Total number of unique words is 196030.8 of words are in the 2000 most common words43.3 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4422Total number of unique words is 196730.8 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 200328.7 of words are in the 2000 most common words42.2 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4325Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words41.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4303Total number of unique words is 191029.5 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words49.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4339Total number of unique words is 207329.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4328Total number of unique words is 201528.5 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4299Total number of unique words is 205528.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4336Total number of unique words is 205829.4 of words are in the 2000 most common words43.2 of words are in the 5000 most common words50.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4308Total number of unique words is 201329.6 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4207Total number of unique words is 196628.5 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4276Total number of unique words is 207928.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4253Total number of unique words is 196629.4 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4333Total number of unique words is 202629.2 of words are in the 2000 most common words42.0 of words are in the 5000 most common words49.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4259Total number of unique words is 206328.2 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words50.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4321Total number of unique words is 218128.3 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4372Total number of unique words is 210230.4 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words51.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 208227.9 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words48.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4406Total number of unique words is 203928.9 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4326Total number of unique words is 210429.0 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4350Total number of unique words is 211129.4 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 26Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 201530.4 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 27Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4376Total number of unique words is 207730.1 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 28Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 206928.8 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 29Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 214229.4 of words are in the 2000 most common words42.7 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 30Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4371Total number of unique words is 208429.8 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 31Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4396Total number of unique words is 202029.3 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 32Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4341Total number of unique words is 206230.4 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 33Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4404Total number of unique words is 203630.1 of words are in the 2000 most common words45.1 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 34Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4353Total number of unique words is 202630.6 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words52.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 35Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4286Total number of unique words is 210329.0 of words are in the 2000 most common words43.4 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 36Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 205229.7 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 37Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 194530.0 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 38Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 204129.1 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 39Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 219529.6 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 40Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4239Total number of unique words is 215529.7 of words are in the 2000 most common words43.1 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 41Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4267Total number of unique words is 202130.3 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 42Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4206Total number of unique words is 194931.5 of words are in the 2000 most common words45.5 of words are in the 5000 most common words53.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 43Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 186730.9 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words52.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 44Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4270Total number of unique words is 184532.1 of words are in the 2000 most common words46.8 of words are in the 5000 most common words54.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 45Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4301Total number of unique words is 205432.2 of words are in the 2000 most common words45.7 of words are in the 5000 most common words52.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 46Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 185032.0 of words are in the 2000 most common words46.1 of words are in the 5000 most common words54.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 47Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4258Total number of unique words is 190032.0 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words53.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 48Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 204131.8 of words are in the 2000 most common words45.4 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 49Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4302Total number of unique words is 209929.7 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words51.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 50Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4262Total number of unique words is 203431.3 of words are in the 2000 most common words45.6 of words are in the 5000 most common words52.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 51Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 187230.8 of words are in the 2000 most common words46.0 of words are in the 5000 most common words53.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 52Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4229Total number of unique words is 172232.2 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words54.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 53Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 176731.4 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words52.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 54Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 182532.6 of words are in the 2000 most common words47.4 of words are in the 5000 most common words54.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 55Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4290Total number of unique words is 169630.7 of words are in the 2000 most common words44.9 of words are in the 5000 most common words52.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 56Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 187630.0 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 57Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4230Total number of unique words is 199628.3 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words50.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 58Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4296Total number of unique words is 197028.4 of words are in the 2000 most common words42.5 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 59Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4243Total number of unique words is 208726.8 of words are in the 2000 most common words40.0 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 60Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4320Total number of unique words is 208029.6 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words51.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 61Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4280Total number of unique words is 199929.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 62Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4338Total number of unique words is 239925.3 of words are in the 2000 most common words37.9 of words are in the 5000 most common words45.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 63Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 306Total number of unique words is 24336.1 of words are in the 2000 most common words44.6 of words are in the 5000 most common words52.2 of words are in the 8000 most common words