LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Манас - Саякбай Каралаев - 18
Total number of words is 4333
Total number of unique words is 2026
29.2 of words are in the 2000 most common words
42.0 of words are in the 5000 most common words
49.4 of words are in the 8000 most common words
Жети жылы урушуп,
Камоодогу балдарды
Ажыратып албасам,
Кошой болбой өлөйүн,
Кор болуп тирүү жүргүчө
Туулбай туна чөгөйүн!
Сакалымдын агында,
Сапарым чукул чагында
Сандап жаткан кытайды
Сапырылтып көрөйүн!
Абайлагын, эл-журтум,
Жети-Өзөн бизге жер эле,
Жакыптын уулу жаш Манас
Кабылан тууган шер эле.
Күрдөлүү журтту кыйнабай
Күтүп алуучу эр эле,
Телегейи тең эле,
Шай колдогон шер эле!
Көргөзө турган заман кыл,
Жан деп кудай жаратсаң,
Манасты кудай аман кыл!
Өлчөсөм ушу мен Кошой
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетемин,
Алтымыш капка Бээжинге
Атышып согуш саламын!
Алтайда туулуп чоң болгон
Атагы башка зор болгон
Арслан Манас беренди
Салып алып алдыма
Кайнап жаткан кытайдан,
Камалып жаткан балдарды
Ажыратып аламын.
Кармашарым - Каканчын,
Касташарым - Бакбурчун,
Түнөрүңкү кытайга
Түз барып айза сунгула,
Түйшүктү көргөн эл үчүн
Жаныңды курман кылгыла!
Кара кытай, манжууга
Качырып айза сунгула,
Камалып жаткан эр үчүн
Жаныңды курман кылгыла,
Атышты арбын салгыла.
Айдалган Жакып, Акбалтай
Алтайда турат - деп угам,
Ажыратып алгыла!
Айласын таппай ал тууган
Зарланып жүрөт - деп угам.
Кечээ, Манас келгенде
Кызыр чалган көк жалдын
Астынан тосуп алууга,
Кытайга кыргын салууга,
Ак буудай унун чайнаштык,
Ак куранды кармаштык.
Курга түйгөн канты бар,
Кызырлуу Манас шер менен
Кудайлашкан антым бар.
Күндү катка салганбыз,
Күн эсебин алганбыз.
Быйыл Кошой абакең
Кошуун баштап, кол жыям,
Кол жыйганда мол жыям» Деп, ошондо абакең,
Токтоно албай камынып,
Арсландай чамынып,
Атагы улук Бээжинге
Кол баштоого камынып,
Колу жетип, тил алган,
Кошой - деп, анык биле алган,
Козголоң салып койбостон
Койбой жыйып алды - дейт.
Жыйган журттун ичинде
Эрендер бар, ыктуу бар,
Эл агасы мыктуу бар,
Даанышман бар, кары бар,
Каканга казат кылуучу
Кайраттуулар баары бар.
Эски-Чамбыл жердеген,
Эзелден мыкты эр деген,
Эңкейтип адам жеңбеген
Эр Буудайык ошо бар.
Сары-Арканы жердеген,
Салмактуу кыйын эр деген
Казактардан Айдаркан
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өлөңүн айтып чуркурап,
Эр Айдаркан кошо бар.
Жети-Өзөндүн дөөлөрүн,
Жетик Кошой абакең
Жетик жыйнап алыптыр.
Чеч-Төбөнү жер жайлап,
Алп дөөлөрдүн баарысын
Абаң Кошой ошондо
Айдаган экен кембайлап,
Жер козголуп, кол толуп,
Эл эсебин алганда,
Элди катка салганда
Он эки миң кол болуп,
Букарлыктан чоң молдо
Анжияндан Айкожо
Курун селде чалынып,
Кудуретке жалынып,
Ажал жетсе өлөм - деп,
Ажал жетпей бир калса
Бул Кошойдун колуна
Ыймам болуп берем - деп,
Аты Айкожо ал болуп,
Күлүктөн тулпар ат алып,
Абаң Кошой ошондо
Олуя чалдан бата алып.
Жер айрылып кол толуп,
Күлазыкты мол алып,
Жер өзөндөн ошондо,
Жер майышкан кол алып,
Азык жүктөп төө алып,
Абаң Кошой ошондо,
Алыша турган дөө алып,
Күлүктөн тулпар ат алып,
Калыйпадан бата алып,
Касаба туусу калкылдап,
Кабылан Кошой абаңыз
Камынган экен аттанып,
Күн мезгилин албаптыр,
Күндө тынып калбаптыр,
Орто-Бээжин баткалда,
Эсенкандын көп колу
Манас менен ошондо
Ойрондошуп жатканда,
Эсенкандын элчиси,
Капка баккан сакчысы,
Болот эшик дарбаза
Ачып, тартып, жапчуусу,
Андан бирөө калбаптыр.
Жарманас менен Билерик
Ордо аткан жеринде
Оён Кошой эр абаң
Кайгуул карап, жер чалып,
Камбыл Кошой барыптыр,
Он эки кароол, кырк сакчы
Кызырлуу Кошой абаңыз
Кыйратып кырып салыптыр.
Зындандагы экөөнү
Камбыл Кошой абакең
Ордон сууруп алыптыр.
Он эки супа, төрт супту,
Кийгенден Кошой коркпоптур,
Ээр белдей кыраңды
Ашкандан Кошой коркпоптур.
Темир аркан торунан
Жарманас менен Билерик
Ажыратып алыптыр.
Эсенкандын колунан
Зыйнатыма минүүгө
Жоргом ушу болот - деп,
Ажыраттым балдарды
Олжом ушу болот - деп,
Байланып жаткан базардын,
Багын ачты эр Кошой,
Байланып жүргөн балдардын
Колун чечти, эр Кошой.
Эл баспаган бейиштин
Эшигин ачты, эр Кошой,
Эч ким көрбөс бейиштин
Төрүн көрдү, эр Кошой.
Укканга болду чоң белги
Салып чыкты, эр Кошой,
Алтынын бөлүп олжого,
Жүктөп чыкты, эр Кошой,
Аябаган дүмөктү
Салып чыкты, эр Кошой.
Ордо жаткан балдарын
Азат кылып дүйнөгө
Алып чыкты, эр Кошой
Аскер жыйнап, кол жүрүп,
Абаң Кошой ошондо
Керкабылан, Тайтору
Керишке эки ат минип,
Байгамбар чалыш карыя,
Бабаң Кошой олуя
Берендигин билгизип,
Билериктин алдына
Тартып алган кытайдан
Коёнбозду мингизип,
Теминип уруш салыптыр,
Эсенкандын Телжээрде
Сакчыларын сойгондо
Салмактуу Кошой абакең
Олжо кылып алыптыр.
Шер экенин билгизген,
Карадөңдүн Жарманас
Атты ага мингизген.
Эки жан колго тийгенде
Кабактын баарын ачыптыр.
Кайгынын баарын чачыптыр,
Ачкан курсак тоюптур,
Абаң Кошой ошондо
Кайгынын баарын жоюптур.
Бээжиндин бери бетине,
Чыккан экен эр Кошой
Чай алган тоонун четине.
Ээн талаага чыкканда
Эр экен Кошой абакең
Жан казанга өлчөтүп,
Кемегени ойдуруп,
Ай туякка ошондо
Эки жүз бээ сойдуруп,
Баабединин бат айтып,
Адам тапкыс ой кылып,
Ай-талаада абакең,
Ашык үлкөн той кылып,
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде
Каарданып бакырып,
Эрендерди чакырып,
Билбегенди билгизип,
Билимдүү Кошой карыя
Туйбаганды туйгузуп,
Туйгун Кошой олуя:
«Ала чапан Айкожо,
Букарлыктын чоң молдо,
Сен да мында турасың,
Аскер жыйнап, кол жыйган
Эр да мында турасың,
Айзакерден кабылан,
Ыктууң мында турасың,
Жоо айласын куп билген
Мыктууң мында турасың!
Туура тарткан кара кыр
Менде ашуучу бел эмес,
Чалыяр тийбес Бээжинге
Чама келчү эл эмес.
Ойлосом Бээжин калаадан
Сулайман сурак албаган,
Каары катуу капырга
Катылган аман калбаган.
Канча миңден жери бар.
Канча уруудан эли бар.
Жапа салып каптаса
Жерди, жанды коёбу?
Жалгыз көз деген эли бар,
Бет алып менде жеңеби,
Бейпайлашкан капырдан,
Бери аман келеби?
Чапчышкан адам оңобу,
Эчен жылы урушса
Эңкейип кытай коёбу,
Айтсам эчен кебим бар,
Нур төгүлүп бул жерге
Доор-кыямат болгуча,
Эч ким жеңип албайт - деп,
Алда Таала Кудайдын
Өзүнүн айткан кеби бар.
Алты шердин акыры
Кабылса кудай бергени
Арслан Манас шериң бар.
Берен да ошол, шер да ошол,
Тапса ачылат таалайың
Манасты таап алабыз,
Берен Манас көк жалды
Белге таңуу кылабыз.
Улук Манас шер ошол,
Күрдөөңдү тапчу эр ошол.
Туурдугуң май кылат,
Тушукса Манас кабылан
Алакандай бусурман,
Туш-туш жакка кан кылат.
Керегеңди май кылат,
Кезиккенде өзүңдү
Келберсиген кан кылат.
Бийик аскар бел ошол,
Бизге кудай буюрган,
Алакандай бусурман
Күтүп алуучу эр ошол!
Душман болуучу элиң бар
Душманга кылың жедирбей,
Күтүүчү Манас эриң бар.
Билип журтум, кебимди ал
Кыя да ошол, бел да ошол,
Кылыгы жанды кубанткан
Кымбаттуу Манас шер ошол!
Алтайда кара калмактын
Арасында туулган,
Эрешен тартып эр болуп,
Эр уулу менен тең болуп,
Эрбейип атка мингенде
Калмакка салган чуулган,
Кара калмак арыз болуп,
Кан Эсенкан өзүнө
Каарды катуу салды - дейт,
Тагынан чочуп Эсенкан
Каарды катуу баштаптыр.
Канкордун жайын укканда
Кан Эсенкан ошондо
Алтын тактын үстүнөн
Учуп кете таштаптыр.
Кымбатты байлап алууга,
Ушинтип орго салууга
Камынган экен Эсенкан.
«Кетирбей байлап келгин» - деп,
Алп дөөсүн жыйып алды - дейт,
Берендерин жиберип,
Манаска дүмөк салды - дейт.
Кырк уруу кытай калың эл
Кыраан Манас султанды
Каптап жатып калды - дейт.
Бекер Манас уул эмес,
Белгилүү да эле, бел да эле,
Мендеден чыккан шер да эле,
Бек караан болуп берсин - деп,
Жабылалы бусурман
Жараткан бизге берди эле.
Атышты арбын салалы,
Алда Таала кош көрсө
Арслан Манас көк жалды
Ажыратып алалы.
Өлбөй аман жүргөндө
Не мураска жетели,
Кабылан Манас канкорго
Катуу бүлүк салышып,
Курман болуп кетели.
Кан Манас эсен табылса
Белди бекем бубалы,
Бек кызыкса кытайды
Бээжинге чейин кубалы.
Кандарын байлап алалы,
Кара кытай, манжууга
Кадыр Алда жар болсо,
Калайманды салалы.
Манастай баатыр кабылбайт
Байкагыла, ай, бусурман,
Манастай бала табылбайт!
Манас аман табылса,
Шер болбойбу Манасың,
Жер болбойбу Таласың!
Бузуп алат Ооганды,
Бул Манасың турганда
Бузук эл кайдан соо калды!
Кырып берер кытайды
Өткүр да ошол, курч да ошол,
Баабедин айтып тилесек
Табылбас Манас мүлк ошол.
Ташты бузуп, жол салар,
Далай жерге кол салар!
Кол айдап бери чыкканда
Кары Кошой абакең
Казыны чайнап жеп келдим,
Кабылан Манас табылса
Калдай эмес кандайдын
Кандыгын алам - деп, келдим.
Жалпы журт бери чыкканда
Жаяны кесип жеп келдим,
Жайдары Манас табылса
Жаң-жуңду бузам - деп келдим,
Жатсам-турсам тилегим,
Айкөл аман табылса,
Ааламга татыйт дүмөгүм!
Кара найза зулпукор
Көөлөшөрмүн - деп турам,
Кабылан тийсе колума
Кытай эмес, кылымга
Жөөлөшөрмүн - деп турам.
Манас кан тийсе колума
Кары Кошой жан болом,
Карап тургун бусурман,
Кара кытай, манжууга
Кайкалаган кан болом!
Тилимди алгын бусурман,
Тилге салып багынтам,
Тил билбес кара кытайды
Кыраан Манас барында
Кынжылап алып багынтам!
Атыша чыга жоо келсе
Астыга салып айдаймын,
Арслан эр тийсе колума
Кытай эмес ааламды
Азуума салып чайнаймын.
Ажалым жетсе өлөмүн,
Кырааным тийсе жолума
Кытайды көздөй кол тартса
Туусун кармап беремин,
Туу түбүндө турармын,
Туйгунга кызмат кылармын.
Чеч-Төбөдө заңкайып,
Турдум эле жай жайлап,
Ошо Манас айынан,
Алышарым Каканчын
Алакандай бусурман
Айдап келдим кембайлап,
Кечүүдөн алган көчүмдү,
Кесепет кара кытайдан
Кеңири башым барында
Алганы келдим өчүмдү.
Жарылган бир ууч эл үчүн
Зарып кылам малымды,
Таалайлуу Манас эр үчүн
Курман кылам жанымды.
Улугуң бар, каның бар,
Уруктардан баарың бар.
Кайнап кытай кол салса,
Караандуу адам жол чалса
Акылыңдан шашпагын,
Антаңдап, журтум, качпагын!
Бейпайды бекем салабыз,
Бейили бузук кытайга
Бет алышып урушуп,
Берен Манас көк жалды
Ажыратып алабыз.
Кайнап жаткан кытайдын
Бел байлаган бели бар,
Бекип жаткан жери бар.
Канкор Манас кабылан
Каптап кирип, ал кытай
Каарын салган жери бар.
Каптап кирип Манасты
Кармашып байлап алууга,
Каарды катуу салууга,
Жапаны баштап жабылып,
Канкорду каптап киргендир,
Туш-тушунан кыжылдап,
Өкүмдү кытай салгандыр.
Эче күн тынбай салышып,
Кабылан Манас, канкор шер
Камоодо жатып калгандыр.
Кайгырып Манас күйүнүп,
Кайран жандан түңүлүп,
Жапаны көк жал көргөндүр.
Жарыктык абам эр Кошой
Жан абам качан келет -деп,
Көөнү келсе көк жал эр
Мага күйүп жүргөндүр.
Берениң бар, каның бар,
Белгилүү Манас кан үчүн
Бет алып уруш салалы,
Бекип жаткан жер менен
Бейпайлашып калалы.
Уруш салар себебиң
Ушу келген бусурман
Карып болуп айдалган
Акбалтай, Жакып карып бар,
Ажыратып алуучу
Арслан Манас жарык бар,
Адамга каалап табылгыс
Ошолордон туулган
Айкөл Манас жарык бар.
Манастын жайын сураба
Берен да ошол, бел да ошол,
Белгилүү айкөл шер да ошол.
Суратпай кыргыз бурутка,
Бузулуп кеткен аз журтка
Берен да ошол, мээ ошол.
Мээнеттеги кыргызды
Бек кайтарчу ээ ошол.
Жалпы журтум кулак сал
Жайнаган кытай, манжуунун
Жапасына калалы,
Жанагы Манас жалгызды,
Жан аябай салышып,
Ажыратып алалы.
Жана кудай колдосо,
Арслан Манас шериңди
Азганактай кыргызга
Кан көтөрүп калалы.
Каралды Манас бар болсо
Кара курттай капырга
Каары толук баатырга
Каптап кыргын салалы,
Улугуна, шерине,
Каканчындын элине
Кан Манастын айынан
Уруш кыла баралы.
Уруш кылсак бул кытай
Кайнап жаткан эл ошол,
Катылышсак капырга,
Каруусу толук баатырга
Улугу арбын кеби бар,
Колуна түшсөң жолу тар,
Жыланча чаккан заары бар.
Кытай эли кырк бөлөк,
Кыркынын жөнү кырк башка,
Кылымды бузган көйкашка
Алптары бар, каны бар,
Ар кандай түрдүү ал журттун
Алп дөөсүнүн баары бар.
Улукман бар, каны бар,
Уруп кеткен кытайда
Урушууга мыкты бар.
Ойлоп ичим болот чок,
Ал кытайдын элинде
Нелер бар да, нелер жок.
Адам тилин билбеген
Бөлөк айткан сөздүү бар,
Бөлөгүн айтып нетейин,
Башында жалгыз көздүү бар.
Бээжин оңой жер эмес,
Бел байлаган бели бар,
Каран калган кытайдын
Кап-Тоодон бери эли бар.
Зыйкырчысы, жайчы бар,
Дубакери туурада
Тутанып өлгөн кытайдын
Улугу арбын жаны бар.
Уруштан кайта тартпаган
Ушундай тажаал абыдан
Жети-Өзөндө жатканда
Ээн калган жерибиз,
Эчен жол кытай чаап алып,
Тентиген кыргыз элибиз.
Уламадан уласак,
Укумчудан сурасак
Кыргынды кыйла салыптыр,
Кара кытай, манжуулар
Кыргыз уулу болгонду
Кырк жолу чаап алыптыр.
Ошону менен кайран журт
Кыйрап жатып калыптыр,
Баашалуу кытай күркүрөп,
Заарын салып кетиптир,
Ошону менен кыргызды
Кыйратып түпкө жетиптир.
Таш коргонун талкалап,
Такыр талап алыптыр.
Бирибиз кеттик Эренге,
Түшүп кеттик ошондо
Түбү жок чуңкур тереңге.
Жети-Өзөндү жер кылдык,
Жетикти кудай берсе - деп,
Кан Манасты дем кылдык.
Жарды жүрүп байыдык,
Жалгыз жүрүп көбөйдүк.
Үзүлүп жүрүп уландык,
Чачылып жүрүп жыйналдык,
Түгөнүп кетип түзөлдүк,
Кармаштык кара манжууга.
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетели,
Кызырдуу Манас шер үчүн
Кыйрашып алты ай салышып,
Кыргын болуп кетели.
Кайрат кылып кан Кошой
Казыр турду камынып,
Акылман Кошой абаңдан
Кайыптан акыл табылып,
Бала каздай баркылдап,
Балбан Кошой абакең
Ак сакалы жаркылдап,
Эчен жерге ааламды
Салган Кошой эмеспи,
Эчен жерден эр жыгып,
Даанышмандан сөз угуп,
Калган Кошой эмеспи.
Аскер баштап кол жыйып
Көнгөн Кошой эмеспи,
Өлүмдөн тартпай урушуп,
Көнгөн Кошой эмеспи,
Арка болуп бакырга
Берген Кошой эмеспи!
Билгичтиги миңден көп,
Айтканы ачык жарыя,
Абаң Кошой даанышман
Кыйла журтка карыя,
Батасы журтту байыткан
Баарыдан билгич олуя.
Абаң Кошой элге айтып,
Белге тийчү жерди айтып,
Эрендин баары чамынып,
Көк жалдын баары камынып,
Идерлүү тулпар, күлүк ат
Эр абаң Кошой айтканын
Азамат туюп билди бат.
Билип көп журт жабылып,
Эрендер чыдап тура албай
Ат-атына камынып,
Тулпарды байлап чекчейтип,
Бууданды байлап кекчейтип,
Козголгон жок бурут журт
Колун сууга салышып,
Кол дааратын алышып,
Бутун сууга салышып,
Бут дааратын алышып,
Ат, тулпарды жыйганы,
Ашып-шашып дүркүрөп,
Айдоого болду ыймамы.
Шашып амаз окунуп,
Сапырылды калың кол
Сай бууданды токунуп.
Буудандардын баарысын
Куюшканын узартып,
Оодарышка кеткенде
Ооп түшүп калбаска
Төш олоңун кыскартып,
Жоо-жарагын шайланып,
Кырылышка камынып,
Ататтарын оркойтуп,
Айзаларын коркойтуп,
Балталарын барбайтып,
Баштыктай мурдун дардайтып,
Көбү өлөрүн билишип,
Көк темирден туулга
Көмкөрө башка кийишип,
Тобокел - деп токтобой,
Кайраттуулар камынып,
Карып узак жашаган
Кан Кошой абаң баш болуп,
Бир кудайга жалынып,
Орто-Бээжин бер жагы
Каспаң-Тоосун жакалап,
Кас буудандын баарысын
Кайра баштан такалап,
Көп олуя жан болуп,
Көлдөгөн Бээжин барышка
Бусурмандын баарынын
Көсөмдөрү бар болуп,
Катагандын кан Кошой
Туу кармаган ал болуп,
Эрендин баары шайланып,
Капырга казат салууга,
Капырлардын колунан
Канкор Манас арсланды
Ажыратып алууга
Баатырдын баары камданып,
Ок өтпөс тонду кийинип,
Жоо дегенде сүйүнүп,
Дүркүн-дүркүн кол болуп,
Дүнүйө толуп козголуп,
Кынсыз кылыч байланып,
Кабыландар баарысы
Каар бетине айланып,
Чыңыроон тартып жезнайдан,
Чымчык учпас кең сайдан
Жоо кутулбайт айзадан,
Жорторман коркпойт байдадан.
Айза кармап акшыктап,
Эрендердин баарысы
Чет-четинде таралып,
Акыл билбес жамандар
Айлабыз кандай болот - деп,
Ортосунда камалып,
Камчылуулар бетинде,
Кайраттуулар четинде,
Кылыччандар бетинде,
Кыйындары четинде.
Союлчандар четинде,
Жонумдуулар четинде,
Кайратуулар энтелеп,
Дайыны жок жоого катылып,
Бөөдө өлүм болот - деп,
Жакындары аларды
Алган экен жетелеп.
Кошой айдап алганда,
Козголтуп элдин баарысын
Оң жолуна салганда.
Түпөктүү айза колго алып,
Ыргаганы мындан көп,
Түгөнүшүп салышып,
Түп көтөрө калышып,
Бир кызыкты көрдүк - деп,
Жыргаганы мындан көп.
Жаман катын, жаш бала
Алышып кетип окустан,
Өлүп калсак кокустан,
Күнү кандай болот - деп,
Күйүнгөнү мындан көп.
Жаңжалдашып чыр салсак
Жана кызык болду - деп,
Сүйүнгөнү мындан көп.
Тулпар минип, ат алып
Кагышып өлсөк мейли - деп,
Кан Кошойдон бата алып,
Кара жаак Балтай колго алып,
Ыргаганы мындан көп.
Санаасы кетип сай-сайлап,
Катылсак өлүм болдук - деп,
Куураганы мындан көп.
Жүргөн колдун ичинде
Эрени бар, саны бар,
Не кыйындар дагы бар,
Эч бир айла билбеген
Эселектер дагы бар.
Ала чапан Айкожо
Анжияндын шаарынан,
Баласынын айынан,
Азганакай бусурман
Караан болуп ал экен.
Букарадан чоң молдо
Кагыш кирсем өлөм - деп,
Бусурмандан өлгөнүн
Өз көзүм менен көмөм - деп,
Өлгөнүнөн калганга
Ыймам болуп берем - деп,
Букарлыктан ал келген.
Кара сакал бир кучак,
Кармашып адам жеңбеген,
Эңкейтип адам албаган,
Кез болгон аман калбаган
Баштагы баатыр Буудайык
Бул колго кошо ал келген.
Казактардан Айдаркан,
Мингени тулпар кулача,
Маңдайы кашка тумарча,
Эрдиги эпсиз көйкашка,
Кабарын угуп канкорго
Караан болуп калууга,
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өлөңүн айтып чуркурап,
А да келген бул колго.
Өөдө да бар, каны бар
Өлүп элден айрылган,
Бу кытайга калганда
Өчмөндүүлөр баары бар.
Эрендер бар, алпы бар,
Эң кыйын дөөлөр жалпы бар,
Билбегенди билгизип,
Билип жолго салганы,
Билимдүү Кошой каркыбар.
Эрендердин көбү бар,
Курун селде чалынган,
Кудуретке жалынган,
Курган кожом дагы бар.
Сайышка камбыл балбан бар,
Бөөдө өлүм болуучу
Алакөөдөн дардаң бар,
Көк жалсынган каны бар,
Бирөө жаман, бирөө өөдө
Көп аңгеме баары бар,
Көк жал Кошой кары бар,
Кудайназар-Куучокмор
Курган балбан дагы бар.
Имерилген тоо менен,
Ийри-буйру суу менен
Абаң Кошой жол тартып,
Күндөп-түндөп түн катып,
Томпоюп турган тоону ашып,
Адыр-күдүр жер басып,
Ойрон Манас кеңитип,
Кароолоду алган жол менен
Кайран Кошой тосуптур,
Он эки миң кол менен.
Берен Кошой абаңыз
Белгилүүң кайдан аянды,
Бет алганы чоң Алтай
Кара-Кырга таянды.
Кара-Кырдын баткалга
Калың кол жетти таянып,
Кара күдүр баткалда
Калың кол конуп жатканда,
Кермеге атты байлатып,
Таш тулганы шайлатып,
Он-ондон болуп от болуп,
Жанказанды кайнатып,
Өң буудандын баарысын
Кермеге салып байлатып,
Камбыл Кошой абакең
Чоң Алтайдын туурасы,
Кең-Өзөн тоонун кысыгы,
Кең аккан суунун тунугу,
Кара-Кыя сонунга
Калк атасы, кан абаң
Ал күнү жатты конууга.
Конуп калган Кошойдун
Сан кол жаткан коногу,
Эми айтып берели Канкор шердин жомогун.
Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу
Супа садык салганда,
Таң дүмпүйүп калганда,
Көрдүңбү кытай бузугун
Кытай кайнап толуптур,
Кытай кайнап кыжылдап,
Кумурскадай болуптур.
Кажылдаган капырдын,
Эзкара, Жолой баатырдын
Каптаар кези болуптур,
Улуктары, таштуусу
Жыйылган экен кытайдын
Улук, күчтүү, баштуусу.
Бет алып каптап өтүүгө,
Берен Манас, Кутубий
Түз каптап түпкө жетүүгө,
Калдайлары камынып,
Күн болжолу алты күн
Калың кытай жабылып,
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Жабылды кытай короктоп,
Уй түгүндөй балбандар
Тегеректеп жабылып,
Желигип балбан жетти эле,
Жетип турган кургурду
Жетик каптап кетти эле.
Каптаарында капырдын,
Каардуу Жолой баатырдын
Добулбас бекем кагылып,
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Карыпчылуу кандары
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Кабылан Манас шериңди
Каптап жүрүп калганы,
Түбүнө түздөп жеткени,
Колуна тийсе канкорду
Каканга байлап кеткени.
Жер жайнаган чокту көр,
Жетип тийген окту көр!
Жайнап кытай кол салып,
Добулбас толук кагылып,
Каптады кытай көп улук.
Жайнап кытай калганда,
Жабылып колду салганда,
Канкор Манас кайран шер
Калайман салып ошо жер
Жекене белге курчанып,
Жер жайнаган капырга
Жеке аралап кол салып,
Алышып жакын келгенин
Айза менен кулатып
Андан жакын келгенин
Айбалта чаап уратып,
Бөйрөгүн бузуп, жол салып,
Бөлүп айдап, кол салып,
Уй түгүндөй манжууну
Уйгу-туйгу түшүрүп,
Ушинтип Манас кырды эле.
Айдап кирип зыргытып,
Бет алдына келгенди
Далыдан чапчып ыргытып,
Жеткен жерин айзалап,
Желигип байлап алуучу
Жер болгон Жолой кайдалап,
Алты миңин майдалап,
Алдына кирген кытайды
Айдап ийрип айзалап,
Каканга байлап кетүүчү,
Кармап түпкө жетүүчү
Эзкара акмак кайдалап,
Каарданып бакырып,
Толкуп жаткан кытайдын
Тобун жазды сапырып;
Сапырылган кытайда
Улугу бар, каны бар,
Балбандары дагы бар.
Ач айкырык, куу сүрөөн
Айкөлүң салды чоң дүрбөөн.
Аркасынан Кутубий
Айкөлүңдүн карааны Болгон экен чоң сүрөөн.
Жаңжалды жаман баштаптыр,
Кыраан Манас, Кутубий
Кыйласын кырып таштаптыр.
Кытайды айдап барганда
Как Алтайдын өзөндө
Кыргын болду кыйла жан.
Алтайдын Кара-Суусу бар,
Абыдан саат ушу бар,
Тереңине ал суунун
Аркан салса бойлобойт,
Аргымак салса ошондо
Аркы өйүзгө бойлобойт,
Ал ичине түшкөндөр
Тирүүмүн деп ойлобойт.
Кара-Сууга барганда
Калдайды камап калыптыр,
Кара-Сууда калмакты
Кыраан Манас, Кутубий
Кыргын кылып салыптыр.
Кытайды кырып алганда,
Тозокту көк жал салганда,
Тополоңун чыгарып,
Тоздотуп кырып салганда
Камбыл Жолой, Эзкара,
Куу байталчан Каражой
Курганда үч миң кол менен
Кутулган экен ал суудан,
Орок-Кырдын урчукта
Эр Жолой көргөн Таш-Кечүү
Эр Жолойго маш кечүү
Баштап Жолой кечиптир.
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсү аман кутулуп,
Кечүүнү тозуп калыптыр,
Керишти мыктап салыптыр,
Келберсиген чоң мерген
Каражой тозуп алыптыр,
Каражойго кайратты
Эзкара, Жолой айтыптыр:
«Балбан да экен, шер да экен,
Ааламдан Манас эр да экен.
Каардуу мерген калбады,
Каражолтой бул бурут
Таш сайынган кытайдын
Тазаларын жалмады.
Күрмө кийген күчтүү өлдү,
Таш сайынган таза өлдү
Улуктан эче кан өлдү,
Кызыталак канкорго
Жолуккандын баары өлдү,
Кармаш кылган калк өлдү,
Калганы жок эсен жан,
Кырдырып салдык кыйланы,
Кандай деп айтат Эсенкан
Темир аркан торчондор
Тегиз кыргын болуптур.
Тегиз канжар колчонум
Күрөшкөн менен күч жетпейт,
Күйүттүү Манас канкорго
Алышкан менен ал жетпейт.
Айбаты суук анткорго
Кыямды кызык чалдырып,
Ушунча колдун баарысын
Уялбай кантип барабыз
Бир бурутка алдырып!»
Айкырык салып эр Жолой
Ачбуудан оозун бурду эми,
Айдалыда айдар чач
Тытып баарын жулду эми.
Каарданып күпүлдөп,
Жолойду кудай урду эми!
Каарды катуу баштады,
Үтүрөйүп үксөңдөп,
Калган колдун баарысын,
Кырып ийе таштады.
Төбө чачы үксөктөп,
Каарын салып бакырып,
Калбай чогуу кырыл - деп,
Калдайларын чакырып,
Мурутун булкуп зыргытып,
Сакалын жулуп ыргытып,
Кудай бетин көрсөтпө,
Катынын кара баскансып,
Качкыны жакын качкансып,
Антаңдап сүйлөп, бек таштап,
Албан түрдүү кеп баштап:
«Каардуу Манас канкордун
Качпай турчу балбандар
Каардуу жинин көрөлү,
Тынбай алты ай урушуп,
Ушинтип канын төгөлү!
Качып, коркуп, урушуп,
Каары толук буруттан
Не мураска жетели.
Бурут жалгыз, биз түмөн
Буздуруп салдык ишти - деп,
Бээжиндин Эсенканына
Бурулуп кантип баралык,
Мындай кордук көргүчө
Мындан көрө балбандар,
Кыргын болуп калалык!»
Бакырык салып күпүлдөп,
Мас болгон билдей дүпүлдөп,
Каарды катуу баштады,
Калган колун эр Жолой
Кырып ийе таштады.
Кайратсызын кармады,
Эрдин көөнүн бузат - деп,
Качкандарын жайлады,
Күчтүүлөрүн камады.
Жолойдун түрүн көргөндө
Улуктары, кандары
Башкача мерген Каражой:
«Жолойдун кеби ырас» - деп,
Макулдашып алды эми.
Эрин тиштеп, көз кысып,
Эрдикти эпсиз салды эми,
Кызыл кийип кубулуп,
Кыйын мерген Каражой
Кыяны тозуп калды эми.
Өйүз-бүйүз турушту,
Айза менен жетишпей,
Берендер оюну ушундай,
Мылтык менен урушту,
Мендесине бербесин,
Бээжиндик салган сунушту
Өйүз-бүйүз турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Былчылдашып урушуп,
Сооттун баары тытылып,
Согушту катуу салышып,
Айза менен жетишпей,
Өйүз-бүйүз калышып,
Жан аябай турушуп,
Жапа тартып урушуп,
Ачып-көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче,
Быяк жагын караса
Кынсыз кылыч байланып,
Каар бетине айланып,
Атасы дөө чоң улук,
Каруусу толук чоң балбан,
Какандан чыккан тоорулуп,
Дидаары суук, заары күч
Кап-Тоодон келген балбанды
Кармашып жүрүп кылат түз.
Катылган жоону койбогон,
Оргоктугу дагы бар,
Кармашкан аман кетпеген
Соргоктугу дагы бар,
Каарынан капырдын
Жер майышып калыптыр.
Учу болот, сабы жез
Айза кармап шайланып,
Кармашканды сойчудай
Каар бетине айланып,
Аты-жөнүн сурасаң
Орго балбан дээр экен,
Жолукканды соо койбой
Оруп жанчып жээр экен.
Каарданып кутуруп,
Качырына камчы уруп,
Кайраты ашык эпсиз эр
Какандан чыккан жутунуп,
Көпкөк темир кийинип,
Булгаласа сыр найза
Чыбык болуп ийилип,
Астындагы качыры
Баскан ташы быркырып,
Оозунан жалыны
Мурутун өрттөп шыркырап,
Эр Орго ошо келатат.
Оргосу опсуз эр экен,
Каканчындын Бээжинге
Орнотуп койгон чеп экен.
Кабагы бийик, өңү саз,
Кайратын көрсөң ыраак кач!
Мурутунун бир кылы
Баш бузган Балтай сабындай,
Мурунунун чоңдугу
Селебе кылыч кабындай,
Эки көздүн кычыгы
Төбөсү түшкөн көргө окшойт,
Ай маңдайын караса
Бөлүнүп чыккан төргө окшойт!
Балбанын манжуу билиптир,
Он эки батман чоюнбаш
Билегине илиптир.
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Бөлөгү чабак турбайбы,
Келе жатат чоң Орго
Опол-тоодой көрүнүп.
Ок өтпөгөн чоң дүңгө
Берени белге курчанып,
Жер жарылып дуулдап,
Качырды санга бир салып.
Оргонун жайын сурасаң,
Кырк эшиктүү чоң Бээжин
Карыкандын балбаны,
Кабылса чыгып кетчү экен
Кармашкан жандын далдалы.
Алдындагы качыры
Учуп жетти дыркырап,
Жолой менен Эзкара,
Каражой баштап бул кандар
Таазим кылды чуркурап.
Таазымына карабай
Таза кудай эми урду.
Зың-зың этип кенебей,
Кара кытай, манжууну
Бучкагына теңебей.
Каалаганы кабылан
Кармашары Манас кан
Токтолбостон Кара-Суу
Тозоку экен мына бу.
Кара жаак булдурсун
Кармай калып имерди,
Кайкалаган качырды
Капталга тартып жиберди.
Карынга камчы тийгенде
Бурулбай моюн бурады
Чыдай албай Бозкачыр
Чымырканып чурады.
Балбан да экен, эр да экен,
Баатырың Орго турабы,
Манас канды көргөндө
Кан ичмеси бек кармап,
Кабагым, кашым деген жок.
Зыңгырады кенебей,
Айкөлүңдү карата
Айзаны сунду ченебей.
Балбандыгы башкача
Жутуучудай көзү кызарган.
Топчулугу бир тогуз
Топчулугун чыгарган.
Көк күбө кийип барбактап,
Этеги кетип далбактап,
Ала көөдөн эр экен,
Орго балбан дээр экен.
Кызыр чалган Манас шер
Кыйла күн тынбай салышып,
Кыргынды көргөн кайран эр
Он эки мүчө тең тууган,
Кырк чилтен жолдош шер тууган.
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Бек беттешип Оргого
Берениң Манас жетти эле,
Беренге жакын калганда
Учу болот, сабы жез
Уйпалгыр тоодой айзасын
Эр Манасты карата
Шилтеп келип өттү эле,
Торучаардан кабылан
Кыйшая берип кетти эми.
Таамай тийбей айзасы
Тайгылып тайып кетти эле,
Оңдоп кармап айзаны
Ойрон Манас кабылан
Артык балбан, ары шер
Айбаты күчтүү кайран эр
Болот кырдуу сыр найза
Болжоп кармап имерди,
Болжогон жерден жаңылбай
Болжолу жок Оргону
Муштап келип жиберди.
Жүрөгүнүн ортосун
Жара берип өттү эми,
Бел сөөгүнүн жүлүнүн
Жара берип өттү эми.
Мына ошондо чоң Орго
Боз качырдын үстүнөн
Ээринен эр тайып,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Балбансынган баатырдын
Күркүрөп жүрөк түшүргөн
Заары күчтүү капырдын,
Айзасы учтуу ыктуунун,
Ааламдын баарысын
Айдап жүрүп кыруучу
Атактуу Орго мыктуунун,
Айза тийип кан кетти,
Чоң Оргодон жан кетти.
Көзү кетти алактап,
Буту кетти салактап,
Болот учтуу сыр найза
Болжоп кармап имерип,
Кан ичме канкор, камбыл шер
Кабылганда Оргону
Качырынын үстүнөн
Көмө түртүп ийгени.
Көк туулга чарайна
Башынан учуп кеткени,
Аркасынан Кутубий
Манас, Манас жөкөрү
Жебеден мурун жеткени.
Атка оюнпоз, жөө күлүк
Ажыратып алгыча
Азыр болгон Кутубий
Башын кесип кеткени.
Орго аттан түшкөндө
Улугу көрүп Эзкара
Өкүрүк салды күйүнүп,
Кытайдан Орго кан өлдү,
Орго өлгөн жок ошондо
Бүтүн Бээжин баары өлдү.
Бел байлаган бел өлдү,
Белгилүү Орго шер өлдү.
Оргонун жайы мамындай:
Кийгени темир тон эле,
Алганы түмөн кол эле,
Ааламдын баарынан
Атактуу Орго зор эле,
Бул Оргонун чоңдугу
Каканды тозгон тор эле.
Оргону соргон бул канкор
Чалышып чама келеби,
Сайышып адам жеңеби,
Каарданды Эзкара,
Манасты каптап жетүүгө,
Каптаган экен кутургур
Курчап каптап кетүүгө.
Айдаган экен көп колун,
Жайган экен алдына
Темир аркан көк торун.
Каарданып күүлөнүп,
Каражойго сүйлөнүп:
«Артык мерген эр элең
Ачылган жерге байлай ат,
Бөлөгүн айтып нетейин,
Тозоктуу бурут канкордун
Торучаарын жайлай ат!
Атынан жөө кылбасак,
Андан кийин кырбасак
Түп көтөрө жетүүчү,
Түпкө чейин кубалап,
Түгөл кырып кетүүчү.
Чабышса чама келбеген,
Күрөшүп менде жеңбеген,
Күйүп кеткен бурутту
Кайратты катуу сала көр» Деп, ошентип, Эзкара
Калдайдын баарын бакырып,
Канынын баарын чакырып,
Капталынан Эзкара
Калың кол менен айгайлап,
Качырып айза салды эле
Бөйрөгүнөн кан Жолой
Аламан коюп калды эле.
Кыр жагынан чоң Дөөдүр
Алп дөөсү менен каптады,
Кылыч алып кыйкырып,
Кыжылдап кытай баарысы
Кыр-кырынан каптады.
Кыйын мерген Каражой
Айкөлдү аңдып атканы.
Кара туман сел болуп,
Каптаган кытай эл болуп,
Манас жалгыз, кытай миң
Айкырып айза сунду эми,
Жалгыз Манас эриңди
Акыр-такыр кылды эми.
Камышты көр, селди көр,
Каптап кеткен элди көр!
Уйгу-туйгу селди көр,
Урушуп жаткан элди көр,
Мунарык туман чаңды көр!
Айзаларын арбайтып,
Айбалтасын дардайтып,
Каптап калган элди көр!
Мунарык учуп жүргөн чаң
Каптап кетти калың жан.
Мунарыкты, чокту көр,
Буй кылып тийген топту көр,
Топтон чыгып топулдап,
Мөндүрдөй жааган окту көр!
Уйгу-туйгу балбаны,
Орго баатыр өлдү - деп,
Ал Оргонун айынан
Кара жанын аябай
Каптап жатып калганы.
Жамгырдай саадак жапты - дейт.
Жан аябай урушуп,
Каптап кытай жатты эми.
Добулбас катуу кагылып,
Кайнап жаткан кытайлар
Каптап кирди жабылып,
Кабагым-кашым дебестен,
Ажалды кылча көрбөстөн,
Бет алган жерге жол салып,
Жер жайнаган кытайга
Жеке көк жал кол салып,
Торучаар менен ойнотуп,
Толкуган кытай, манжуунун
Тобун чечип сойлотуп,
Ошо күнү жаныбар
Айбандан тулпар Торучаар
Арсланга ылайык
Манас менен Торучаар
Экөө бир күн туулган,
Кырааның Манас барында
Кытайга салган чуулган.
Канкоруңдун Торучаар
Керишке минсе кебелбес,
Оорукка минсе оорубас,
Чалгын минсе чарчабас,
Кетмен туяк, кең соору
Кенен жердин бууданы
Ошо согуш майданда
Моюнун жерге салыптыр,
Болжолсуз чуркап алыптыр.
Торучаар оозун бурушуп,
Толгон кытай, манжууга
Тополоң салып урушуп,
Кытайды кырып аралап,
Жеткен жерин айзалап,
Жеткилең жаңжал чоң болду,
Күрмө кийген манжуунун
Күчтүүлөрү кайдалап,
Калмактардан кан Жолой
Айзакерден ыктуу экен,
Кытайлардын Каражой
Өткөрө мерген абыдан
Жоонун айласын билген мыктуу экен.
Капталынан Эзкара
Качырып кол салды эле.
Ажал жетсе өлөм - деп,
Өлбөй аман мен болсом
Айкөл Манас шериме
Караан болуп берем - деп,
Эзкараны Кутубий
Тооруп калган кези экен,
Баатырдыгы Кутунун
Озуп калган кези экен.
Жекелешип турушуп,
Кутубий менен Эзкара
Жекеме-жеке урушуп,
Айза кармап калышып,
Кез келген жерге сайышып,
Эсепти эптеп табышып,
Айзалап жакын келгенди
Айбалталап чабышып,
Кекээрдешип турушуп,
Кезме-кезек урушуп,
Аябай кызык болушуп,
Өлчөөсүнө келишсе,
Айза менен коюшуп,
Аны мындай таштайлы,
Кыраан Манас шериңдин
Бул кылыгын баштайлы.
Карыпчысын калдайтып,
Калың балбан жанданды,
Калмактардын Жолою
Ала көөдөн Айкөлдү
Астынан чыгып алдады.
Ачбуудан оозун бурду эми,
Жоо-жарагын шайланып,
Айкөл шердин алдынан
Амалды кылып турду эми:
«Манас десе барбайдың,
Сууга салган чаначтай
Барбалаңдап дардайдың,
Каарды катуу баштадың,
Кан Эсендин элчисин
Эченин кырып таштадың.
Кочкуну союп коройттуң
Эр Дөңгөнү жалмадың.
Жорукуйрук, Жоон алп
Калтырбай баарын аймадың.
Ордо келсе ордуңбу,
Оңой эмес кылыгың
Катылганды сордуңбу?
Балбандарды алдым - деп,
Барбактап калган экенсиң.
Ааламга моюн бербейм - деп,
Дардактап калган экенсиң.
Менин жайым бээлеп бил,
Белгилүү Жолой зор болом,
Бабаң Каракан өлгөндө
Ушу турган бурутту
Так ушу колум оңдогон!
Каарым келди какайдым,
Кан Оргону өлтүрүп,
Казыр тийдиң жиниме!
Белди бекем буамын,
Карап тургун мен сени
Мекеге чейин кубамын!
Ала көөдөн, ой канкор
Берен Жолой мен атым,
Бери чыкчы көрөйүн!» Деп, ошентип, эр Жолой
Айза имерип турганы,
Муну Манас көргөндө
Каарды катуу баштады,
Камоодогу балдарды
Ажыратып албасам,
Кошой болбой өлөйүн,
Кор болуп тирүү жүргүчө
Туулбай туна чөгөйүн!
Сакалымдын агында,
Сапарым чукул чагында
Сандап жаткан кытайды
Сапырылтып көрөйүн!
Абайлагын, эл-журтум,
Жети-Өзөн бизге жер эле,
Жакыптын уулу жаш Манас
Кабылан тууган шер эле.
Күрдөлүү журтту кыйнабай
Күтүп алуучу эр эле,
Телегейи тең эле,
Шай колдогон шер эле!
Көргөзө турган заман кыл,
Жан деп кудай жаратсаң,
Манасты кудай аман кыл!
Өлчөсөм ушу мен Кошой
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетемин,
Алтымыш капка Бээжинге
Атышып согуш саламын!
Алтайда туулуп чоң болгон
Атагы башка зор болгон
Арслан Манас беренди
Салып алып алдыма
Кайнап жаткан кытайдан,
Камалып жаткан балдарды
Ажыратып аламын.
Кармашарым - Каканчын,
Касташарым - Бакбурчун,
Түнөрүңкү кытайга
Түз барып айза сунгула,
Түйшүктү көргөн эл үчүн
Жаныңды курман кылгыла!
Кара кытай, манжууга
Качырып айза сунгула,
Камалып жаткан эр үчүн
Жаныңды курман кылгыла,
Атышты арбын салгыла.
Айдалган Жакып, Акбалтай
Алтайда турат - деп угам,
Ажыратып алгыла!
Айласын таппай ал тууган
Зарланып жүрөт - деп угам.
Кечээ, Манас келгенде
Кызыр чалган көк жалдын
Астынан тосуп алууга,
Кытайга кыргын салууга,
Ак буудай унун чайнаштык,
Ак куранды кармаштык.
Курга түйгөн канты бар,
Кызырлуу Манас шер менен
Кудайлашкан антым бар.
Күндү катка салганбыз,
Күн эсебин алганбыз.
Быйыл Кошой абакең
Кошуун баштап, кол жыям,
Кол жыйганда мол жыям» Деп, ошондо абакең,
Токтоно албай камынып,
Арсландай чамынып,
Атагы улук Бээжинге
Кол баштоого камынып,
Колу жетип, тил алган,
Кошой - деп, анык биле алган,
Козголоң салып койбостон
Койбой жыйып алды - дейт.
Жыйган журттун ичинде
Эрендер бар, ыктуу бар,
Эл агасы мыктуу бар,
Даанышман бар, кары бар,
Каканга казат кылуучу
Кайраттуулар баары бар.
Эски-Чамбыл жердеген,
Эзелден мыкты эр деген,
Эңкейтип адам жеңбеген
Эр Буудайык ошо бар.
Сары-Арканы жердеген,
Салмактуу кыйын эр деген
Казактардан Айдаркан
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өлөңүн айтып чуркурап,
Эр Айдаркан кошо бар.
Жети-Өзөндүн дөөлөрүн,
Жетик Кошой абакең
Жетик жыйнап алыптыр.
Чеч-Төбөнү жер жайлап,
Алп дөөлөрдүн баарысын
Абаң Кошой ошондо
Айдаган экен кембайлап,
Жер козголуп, кол толуп,
Эл эсебин алганда,
Элди катка салганда
Он эки миң кол болуп,
Букарлыктан чоң молдо
Анжияндан Айкожо
Курун селде чалынып,
Кудуретке жалынып,
Ажал жетсе өлөм - деп,
Ажал жетпей бир калса
Бул Кошойдун колуна
Ыймам болуп берем - деп,
Аты Айкожо ал болуп,
Күлүктөн тулпар ат алып,
Абаң Кошой ошондо
Олуя чалдан бата алып.
Жер айрылып кол толуп,
Күлазыкты мол алып,
Жер өзөндөн ошондо,
Жер майышкан кол алып,
Азык жүктөп төө алып,
Абаң Кошой ошондо,
Алыша турган дөө алып,
Күлүктөн тулпар ат алып,
Калыйпадан бата алып,
Касаба туусу калкылдап,
Кабылан Кошой абаңыз
Камынган экен аттанып,
Күн мезгилин албаптыр,
Күндө тынып калбаптыр,
Орто-Бээжин баткалда,
Эсенкандын көп колу
Манас менен ошондо
Ойрондошуп жатканда,
Эсенкандын элчиси,
Капка баккан сакчысы,
Болот эшик дарбаза
Ачып, тартып, жапчуусу,
Андан бирөө калбаптыр.
Жарманас менен Билерик
Ордо аткан жеринде
Оён Кошой эр абаң
Кайгуул карап, жер чалып,
Камбыл Кошой барыптыр,
Он эки кароол, кырк сакчы
Кызырлуу Кошой абаңыз
Кыйратып кырып салыптыр.
Зындандагы экөөнү
Камбыл Кошой абакең
Ордон сууруп алыптыр.
Он эки супа, төрт супту,
Кийгенден Кошой коркпоптур,
Ээр белдей кыраңды
Ашкандан Кошой коркпоптур.
Темир аркан торунан
Жарманас менен Билерик
Ажыратып алыптыр.
Эсенкандын колунан
Зыйнатыма минүүгө
Жоргом ушу болот - деп,
Ажыраттым балдарды
Олжом ушу болот - деп,
Байланып жаткан базардын,
Багын ачты эр Кошой,
Байланып жүргөн балдардын
Колун чечти, эр Кошой.
Эл баспаган бейиштин
Эшигин ачты, эр Кошой,
Эч ким көрбөс бейиштин
Төрүн көрдү, эр Кошой.
Укканга болду чоң белги
Салып чыкты, эр Кошой,
Алтынын бөлүп олжого,
Жүктөп чыкты, эр Кошой,
Аябаган дүмөктү
Салып чыкты, эр Кошой.
Ордо жаткан балдарын
Азат кылып дүйнөгө
Алып чыкты, эр Кошой
Аскер жыйнап, кол жүрүп,
Абаң Кошой ошондо
Керкабылан, Тайтору
Керишке эки ат минип,
Байгамбар чалыш карыя,
Бабаң Кошой олуя
Берендигин билгизип,
Билериктин алдына
Тартып алган кытайдан
Коёнбозду мингизип,
Теминип уруш салыптыр,
Эсенкандын Телжээрде
Сакчыларын сойгондо
Салмактуу Кошой абакең
Олжо кылып алыптыр.
Шер экенин билгизген,
Карадөңдүн Жарманас
Атты ага мингизген.
Эки жан колго тийгенде
Кабактын баарын ачыптыр.
Кайгынын баарын чачыптыр,
Ачкан курсак тоюптур,
Абаң Кошой ошондо
Кайгынын баарын жоюптур.
Бээжиндин бери бетине,
Чыккан экен эр Кошой
Чай алган тоонун четине.
Ээн талаага чыкканда
Эр экен Кошой абакең
Жан казанга өлчөтүп,
Кемегени ойдуруп,
Ай туякка ошондо
Эки жүз бээ сойдуруп,
Баабединин бат айтып,
Адам тапкыс ой кылып,
Ай-талаада абакең,
Ашык үлкөн той кылып,
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде
Каарданып бакырып,
Эрендерди чакырып,
Билбегенди билгизип,
Билимдүү Кошой карыя
Туйбаганды туйгузуп,
Туйгун Кошой олуя:
«Ала чапан Айкожо,
Букарлыктын чоң молдо,
Сен да мында турасың,
Аскер жыйнап, кол жыйган
Эр да мында турасың,
Айзакерден кабылан,
Ыктууң мында турасың,
Жоо айласын куп билген
Мыктууң мында турасың!
Туура тарткан кара кыр
Менде ашуучу бел эмес,
Чалыяр тийбес Бээжинге
Чама келчү эл эмес.
Ойлосом Бээжин калаадан
Сулайман сурак албаган,
Каары катуу капырга
Катылган аман калбаган.
Канча миңден жери бар.
Канча уруудан эли бар.
Жапа салып каптаса
Жерди, жанды коёбу?
Жалгыз көз деген эли бар,
Бет алып менде жеңеби,
Бейпайлашкан капырдан,
Бери аман келеби?
Чапчышкан адам оңобу,
Эчен жылы урушса
Эңкейип кытай коёбу,
Айтсам эчен кебим бар,
Нур төгүлүп бул жерге
Доор-кыямат болгуча,
Эч ким жеңип албайт - деп,
Алда Таала Кудайдын
Өзүнүн айткан кеби бар.
Алты шердин акыры
Кабылса кудай бергени
Арслан Манас шериң бар.
Берен да ошол, шер да ошол,
Тапса ачылат таалайың
Манасты таап алабыз,
Берен Манас көк жалды
Белге таңуу кылабыз.
Улук Манас шер ошол,
Күрдөөңдү тапчу эр ошол.
Туурдугуң май кылат,
Тушукса Манас кабылан
Алакандай бусурман,
Туш-туш жакка кан кылат.
Керегеңди май кылат,
Кезиккенде өзүңдү
Келберсиген кан кылат.
Бийик аскар бел ошол,
Бизге кудай буюрган,
Алакандай бусурман
Күтүп алуучу эр ошол!
Душман болуучу элиң бар
Душманга кылың жедирбей,
Күтүүчү Манас эриң бар.
Билип журтум, кебимди ал
Кыя да ошол, бел да ошол,
Кылыгы жанды кубанткан
Кымбаттуу Манас шер ошол!
Алтайда кара калмактын
Арасында туулган,
Эрешен тартып эр болуп,
Эр уулу менен тең болуп,
Эрбейип атка мингенде
Калмакка салган чуулган,
Кара калмак арыз болуп,
Кан Эсенкан өзүнө
Каарды катуу салды - дейт,
Тагынан чочуп Эсенкан
Каарды катуу баштаптыр.
Канкордун жайын укканда
Кан Эсенкан ошондо
Алтын тактын үстүнөн
Учуп кете таштаптыр.
Кымбатты байлап алууга,
Ушинтип орго салууга
Камынган экен Эсенкан.
«Кетирбей байлап келгин» - деп,
Алп дөөсүн жыйып алды - дейт,
Берендерин жиберип,
Манаска дүмөк салды - дейт.
Кырк уруу кытай калың эл
Кыраан Манас султанды
Каптап жатып калды - дейт.
Бекер Манас уул эмес,
Белгилүү да эле, бел да эле,
Мендеден чыккан шер да эле,
Бек караан болуп берсин - деп,
Жабылалы бусурман
Жараткан бизге берди эле.
Атышты арбын салалы,
Алда Таала кош көрсө
Арслан Манас көк жалды
Ажыратып алалы.
Өлбөй аман жүргөндө
Не мураска жетели,
Кабылан Манас канкорго
Катуу бүлүк салышып,
Курман болуп кетели.
Кан Манас эсен табылса
Белди бекем бубалы,
Бек кызыкса кытайды
Бээжинге чейин кубалы.
Кандарын байлап алалы,
Кара кытай, манжууга
Кадыр Алда жар болсо,
Калайманды салалы.
Манастай баатыр кабылбайт
Байкагыла, ай, бусурман,
Манастай бала табылбайт!
Манас аман табылса,
Шер болбойбу Манасың,
Жер болбойбу Таласың!
Бузуп алат Ооганды,
Бул Манасың турганда
Бузук эл кайдан соо калды!
Кырып берер кытайды
Өткүр да ошол, курч да ошол,
Баабедин айтып тилесек
Табылбас Манас мүлк ошол.
Ташты бузуп, жол салар,
Далай жерге кол салар!
Кол айдап бери чыкканда
Кары Кошой абакең
Казыны чайнап жеп келдим,
Кабылан Манас табылса
Калдай эмес кандайдын
Кандыгын алам - деп, келдим.
Жалпы журт бери чыкканда
Жаяны кесип жеп келдим,
Жайдары Манас табылса
Жаң-жуңду бузам - деп келдим,
Жатсам-турсам тилегим,
Айкөл аман табылса,
Ааламга татыйт дүмөгүм!
Кара найза зулпукор
Көөлөшөрмүн - деп турам,
Кабылан тийсе колума
Кытай эмес, кылымга
Жөөлөшөрмүн - деп турам.
Манас кан тийсе колума
Кары Кошой жан болом,
Карап тургун бусурман,
Кара кытай, манжууга
Кайкалаган кан болом!
Тилимди алгын бусурман,
Тилге салып багынтам,
Тил билбес кара кытайды
Кыраан Манас барында
Кынжылап алып багынтам!
Атыша чыга жоо келсе
Астыга салып айдаймын,
Арслан эр тийсе колума
Кытай эмес ааламды
Азуума салып чайнаймын.
Ажалым жетсе өлөмүн,
Кырааным тийсе жолума
Кытайды көздөй кол тартса
Туусун кармап беремин,
Туу түбүндө турармын,
Туйгунга кызмат кылармын.
Чеч-Төбөдө заңкайып,
Турдум эле жай жайлап,
Ошо Манас айынан,
Алышарым Каканчын
Алакандай бусурман
Айдап келдим кембайлап,
Кечүүдөн алган көчүмдү,
Кесепет кара кытайдан
Кеңири башым барында
Алганы келдим өчүмдү.
Жарылган бир ууч эл үчүн
Зарып кылам малымды,
Таалайлуу Манас эр үчүн
Курман кылам жанымды.
Улугуң бар, каның бар,
Уруктардан баарың бар.
Кайнап кытай кол салса,
Караандуу адам жол чалса
Акылыңдан шашпагын,
Антаңдап, журтум, качпагын!
Бейпайды бекем салабыз,
Бейили бузук кытайга
Бет алышып урушуп,
Берен Манас көк жалды
Ажыратып алабыз.
Кайнап жаткан кытайдын
Бел байлаган бели бар,
Бекип жаткан жери бар.
Канкор Манас кабылан
Каптап кирип, ал кытай
Каарын салган жери бар.
Каптап кирип Манасты
Кармашып байлап алууга,
Каарды катуу салууга,
Жапаны баштап жабылып,
Канкорду каптап киргендир,
Туш-тушунан кыжылдап,
Өкүмдү кытай салгандыр.
Эче күн тынбай салышып,
Кабылан Манас, канкор шер
Камоодо жатып калгандыр.
Кайгырып Манас күйүнүп,
Кайран жандан түңүлүп,
Жапаны көк жал көргөндүр.
Жарыктык абам эр Кошой
Жан абам качан келет -деп,
Көөнү келсе көк жал эр
Мага күйүп жүргөндүр.
Берениң бар, каның бар,
Белгилүү Манас кан үчүн
Бет алып уруш салалы,
Бекип жаткан жер менен
Бейпайлашып калалы.
Уруш салар себебиң
Ушу келген бусурман
Карып болуп айдалган
Акбалтай, Жакып карып бар,
Ажыратып алуучу
Арслан Манас жарык бар,
Адамга каалап табылгыс
Ошолордон туулган
Айкөл Манас жарык бар.
Манастын жайын сураба
Берен да ошол, бел да ошол,
Белгилүү айкөл шер да ошол.
Суратпай кыргыз бурутка,
Бузулуп кеткен аз журтка
Берен да ошол, мээ ошол.
Мээнеттеги кыргызды
Бек кайтарчу ээ ошол.
Жалпы журтум кулак сал
Жайнаган кытай, манжуунун
Жапасына калалы,
Жанагы Манас жалгызды,
Жан аябай салышып,
Ажыратып алалы.
Жана кудай колдосо,
Арслан Манас шериңди
Азганактай кыргызга
Кан көтөрүп калалы.
Каралды Манас бар болсо
Кара курттай капырга
Каары толук баатырга
Каптап кыргын салалы,
Улугуна, шерине,
Каканчындын элине
Кан Манастын айынан
Уруш кыла баралы.
Уруш кылсак бул кытай
Кайнап жаткан эл ошол,
Катылышсак капырга,
Каруусу толук баатырга
Улугу арбын кеби бар,
Колуна түшсөң жолу тар,
Жыланча чаккан заары бар.
Кытай эли кырк бөлөк,
Кыркынын жөнү кырк башка,
Кылымды бузган көйкашка
Алптары бар, каны бар,
Ар кандай түрдүү ал журттун
Алп дөөсүнүн баары бар.
Улукман бар, каны бар,
Уруп кеткен кытайда
Урушууга мыкты бар.
Ойлоп ичим болот чок,
Ал кытайдын элинде
Нелер бар да, нелер жок.
Адам тилин билбеген
Бөлөк айткан сөздүү бар,
Бөлөгүн айтып нетейин,
Башында жалгыз көздүү бар.
Бээжин оңой жер эмес,
Бел байлаган бели бар,
Каран калган кытайдын
Кап-Тоодон бери эли бар.
Зыйкырчысы, жайчы бар,
Дубакери туурада
Тутанып өлгөн кытайдын
Улугу арбын жаны бар.
Уруштан кайта тартпаган
Ушундай тажаал абыдан
Жети-Өзөндө жатканда
Ээн калган жерибиз,
Эчен жол кытай чаап алып,
Тентиген кыргыз элибиз.
Уламадан уласак,
Укумчудан сурасак
Кыргынды кыйла салыптыр,
Кара кытай, манжуулар
Кыргыз уулу болгонду
Кырк жолу чаап алыптыр.
Ошону менен кайран журт
Кыйрап жатып калыптыр,
Баашалуу кытай күркүрөп,
Заарын салып кетиптир,
Ошону менен кыргызды
Кыйратып түпкө жетиптир.
Таш коргонун талкалап,
Такыр талап алыптыр.
Бирибиз кеттик Эренге,
Түшүп кеттик ошондо
Түбү жок чуңкур тереңге.
Жети-Өзөндү жер кылдык,
Жетикти кудай берсе - деп,
Кан Манасты дем кылдык.
Жарды жүрүп байыдык,
Жалгыз жүрүп көбөйдүк.
Үзүлүп жүрүп уландык,
Чачылып жүрүп жыйналдык,
Түгөнүп кетип түзөлдүк,
Кармаштык кара манжууга.
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетели,
Кызырдуу Манас шер үчүн
Кыйрашып алты ай салышып,
Кыргын болуп кетели.
Кайрат кылып кан Кошой
Казыр турду камынып,
Акылман Кошой абаңдан
Кайыптан акыл табылып,
Бала каздай баркылдап,
Балбан Кошой абакең
Ак сакалы жаркылдап,
Эчен жерге ааламды
Салган Кошой эмеспи,
Эчен жерден эр жыгып,
Даанышмандан сөз угуп,
Калган Кошой эмеспи.
Аскер баштап кол жыйып
Көнгөн Кошой эмеспи,
Өлүмдөн тартпай урушуп,
Көнгөн Кошой эмеспи,
Арка болуп бакырга
Берген Кошой эмеспи!
Билгичтиги миңден көп,
Айтканы ачык жарыя,
Абаң Кошой даанышман
Кыйла журтка карыя,
Батасы журтту байыткан
Баарыдан билгич олуя.
Абаң Кошой элге айтып,
Белге тийчү жерди айтып,
Эрендин баары чамынып,
Көк жалдын баары камынып,
Идерлүү тулпар, күлүк ат
Эр абаң Кошой айтканын
Азамат туюп билди бат.
Билип көп журт жабылып,
Эрендер чыдап тура албай
Ат-атына камынып,
Тулпарды байлап чекчейтип,
Бууданды байлап кекчейтип,
Козголгон жок бурут журт
Колун сууга салышып,
Кол дааратын алышып,
Бутун сууга салышып,
Бут дааратын алышып,
Ат, тулпарды жыйганы,
Ашып-шашып дүркүрөп,
Айдоого болду ыймамы.
Шашып амаз окунуп,
Сапырылды калың кол
Сай бууданды токунуп.
Буудандардын баарысын
Куюшканын узартып,
Оодарышка кеткенде
Ооп түшүп калбаска
Төш олоңун кыскартып,
Жоо-жарагын шайланып,
Кырылышка камынып,
Ататтарын оркойтуп,
Айзаларын коркойтуп,
Балталарын барбайтып,
Баштыктай мурдун дардайтып,
Көбү өлөрүн билишип,
Көк темирден туулга
Көмкөрө башка кийишип,
Тобокел - деп токтобой,
Кайраттуулар камынып,
Карып узак жашаган
Кан Кошой абаң баш болуп,
Бир кудайга жалынып,
Орто-Бээжин бер жагы
Каспаң-Тоосун жакалап,
Кас буудандын баарысын
Кайра баштан такалап,
Көп олуя жан болуп,
Көлдөгөн Бээжин барышка
Бусурмандын баарынын
Көсөмдөрү бар болуп,
Катагандын кан Кошой
Туу кармаган ал болуп,
Эрендин баары шайланып,
Капырга казат салууга,
Капырлардын колунан
Канкор Манас арсланды
Ажыратып алууга
Баатырдын баары камданып,
Ок өтпөс тонду кийинип,
Жоо дегенде сүйүнүп,
Дүркүн-дүркүн кол болуп,
Дүнүйө толуп козголуп,
Кынсыз кылыч байланып,
Кабыландар баарысы
Каар бетине айланып,
Чыңыроон тартып жезнайдан,
Чымчык учпас кең сайдан
Жоо кутулбайт айзадан,
Жорторман коркпойт байдадан.
Айза кармап акшыктап,
Эрендердин баарысы
Чет-четинде таралып,
Акыл билбес жамандар
Айлабыз кандай болот - деп,
Ортосунда камалып,
Камчылуулар бетинде,
Кайраттуулар четинде,
Кылыччандар бетинде,
Кыйындары четинде.
Союлчандар четинде,
Жонумдуулар четинде,
Кайратуулар энтелеп,
Дайыны жок жоого катылып,
Бөөдө өлүм болот - деп,
Жакындары аларды
Алган экен жетелеп.
Кошой айдап алганда,
Козголтуп элдин баарысын
Оң жолуна салганда.
Түпөктүү айза колго алып,
Ыргаганы мындан көп,
Түгөнүшүп салышып,
Түп көтөрө калышып,
Бир кызыкты көрдүк - деп,
Жыргаганы мындан көп.
Жаман катын, жаш бала
Алышып кетип окустан,
Өлүп калсак кокустан,
Күнү кандай болот - деп,
Күйүнгөнү мындан көп.
Жаңжалдашып чыр салсак
Жана кызык болду - деп,
Сүйүнгөнү мындан көп.
Тулпар минип, ат алып
Кагышып өлсөк мейли - деп,
Кан Кошойдон бата алып,
Кара жаак Балтай колго алып,
Ыргаганы мындан көп.
Санаасы кетип сай-сайлап,
Катылсак өлүм болдук - деп,
Куураганы мындан көп.
Жүргөн колдун ичинде
Эрени бар, саны бар,
Не кыйындар дагы бар,
Эч бир айла билбеген
Эселектер дагы бар.
Ала чапан Айкожо
Анжияндын шаарынан,
Баласынын айынан,
Азганакай бусурман
Караан болуп ал экен.
Букарадан чоң молдо
Кагыш кирсем өлөм - деп,
Бусурмандан өлгөнүн
Өз көзүм менен көмөм - деп,
Өлгөнүнөн калганга
Ыймам болуп берем - деп,
Букарлыктан ал келген.
Кара сакал бир кучак,
Кармашып адам жеңбеген,
Эңкейтип адам албаган,
Кез болгон аман калбаган
Баштагы баатыр Буудайык
Бул колго кошо ал келген.
Казактардан Айдаркан,
Мингени тулпар кулача,
Маңдайы кашка тумарча,
Эрдиги эпсиз көйкашка,
Кабарын угуп канкорго
Караан болуп калууга,
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өлөңүн айтып чуркурап,
А да келген бул колго.
Өөдө да бар, каны бар
Өлүп элден айрылган,
Бу кытайга калганда
Өчмөндүүлөр баары бар.
Эрендер бар, алпы бар,
Эң кыйын дөөлөр жалпы бар,
Билбегенди билгизип,
Билип жолго салганы,
Билимдүү Кошой каркыбар.
Эрендердин көбү бар,
Курун селде чалынган,
Кудуретке жалынган,
Курган кожом дагы бар.
Сайышка камбыл балбан бар,
Бөөдө өлүм болуучу
Алакөөдөн дардаң бар,
Көк жалсынган каны бар,
Бирөө жаман, бирөө өөдө
Көп аңгеме баары бар,
Көк жал Кошой кары бар,
Кудайназар-Куучокмор
Курган балбан дагы бар.
Имерилген тоо менен,
Ийри-буйру суу менен
Абаң Кошой жол тартып,
Күндөп-түндөп түн катып,
Томпоюп турган тоону ашып,
Адыр-күдүр жер басып,
Ойрон Манас кеңитип,
Кароолоду алган жол менен
Кайран Кошой тосуптур,
Он эки миң кол менен.
Берен Кошой абаңыз
Белгилүүң кайдан аянды,
Бет алганы чоң Алтай
Кара-Кырга таянды.
Кара-Кырдын баткалга
Калың кол жетти таянып,
Кара күдүр баткалда
Калың кол конуп жатканда,
Кермеге атты байлатып,
Таш тулганы шайлатып,
Он-ондон болуп от болуп,
Жанказанды кайнатып,
Өң буудандын баарысын
Кермеге салып байлатып,
Камбыл Кошой абакең
Чоң Алтайдын туурасы,
Кең-Өзөн тоонун кысыгы,
Кең аккан суунун тунугу,
Кара-Кыя сонунга
Калк атасы, кан абаң
Ал күнү жатты конууга.
Конуп калган Кошойдун
Сан кол жаткан коногу,
Эми айтып берели Канкор шердин жомогун.
Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу
Супа садык салганда,
Таң дүмпүйүп калганда,
Көрдүңбү кытай бузугун
Кытай кайнап толуптур,
Кытай кайнап кыжылдап,
Кумурскадай болуптур.
Кажылдаган капырдын,
Эзкара, Жолой баатырдын
Каптаар кези болуптур,
Улуктары, таштуусу
Жыйылган экен кытайдын
Улук, күчтүү, баштуусу.
Бет алып каптап өтүүгө,
Берен Манас, Кутубий
Түз каптап түпкө жетүүгө,
Калдайлары камынып,
Күн болжолу алты күн
Калың кытай жабылып,
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Жабылды кытай короктоп,
Уй түгүндөй балбандар
Тегеректеп жабылып,
Желигип балбан жетти эле,
Жетип турган кургурду
Жетик каптап кетти эле.
Каптаарында капырдын,
Каардуу Жолой баатырдын
Добулбас бекем кагылып,
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Карыпчылуу кандары
Жамгыр кылып, жаа тартып,
Кабылан Манас шериңди
Каптап жүрүп калганы,
Түбүнө түздөп жеткени,
Колуна тийсе канкорду
Каканга байлап кеткени.
Жер жайнаган чокту көр,
Жетип тийген окту көр!
Жайнап кытай кол салып,
Добулбас толук кагылып,
Каптады кытай көп улук.
Жайнап кытай калганда,
Жабылып колду салганда,
Канкор Манас кайран шер
Калайман салып ошо жер
Жекене белге курчанып,
Жер жайнаган капырга
Жеке аралап кол салып,
Алышып жакын келгенин
Айза менен кулатып
Андан жакын келгенин
Айбалта чаап уратып,
Бөйрөгүн бузуп, жол салып,
Бөлүп айдап, кол салып,
Уй түгүндөй манжууну
Уйгу-туйгу түшүрүп,
Ушинтип Манас кырды эле.
Айдап кирип зыргытып,
Бет алдына келгенди
Далыдан чапчып ыргытып,
Жеткен жерин айзалап,
Желигип байлап алуучу
Жер болгон Жолой кайдалап,
Алты миңин майдалап,
Алдына кирген кытайды
Айдап ийрип айзалап,
Каканга байлап кетүүчү,
Кармап түпкө жетүүчү
Эзкара акмак кайдалап,
Каарданып бакырып,
Толкуп жаткан кытайдын
Тобун жазды сапырып;
Сапырылган кытайда
Улугу бар, каны бар,
Балбандары дагы бар.
Ач айкырык, куу сүрөөн
Айкөлүң салды чоң дүрбөөн.
Аркасынан Кутубий
Айкөлүңдүн карааны Болгон экен чоң сүрөөн.
Жаңжалды жаман баштаптыр,
Кыраан Манас, Кутубий
Кыйласын кырып таштаптыр.
Кытайды айдап барганда
Как Алтайдын өзөндө
Кыргын болду кыйла жан.
Алтайдын Кара-Суусу бар,
Абыдан саат ушу бар,
Тереңине ал суунун
Аркан салса бойлобойт,
Аргымак салса ошондо
Аркы өйүзгө бойлобойт,
Ал ичине түшкөндөр
Тирүүмүн деп ойлобойт.
Кара-Сууга барганда
Калдайды камап калыптыр,
Кара-Сууда калмакты
Кыраан Манас, Кутубий
Кыргын кылып салыптыр.
Кытайды кырып алганда,
Тозокту көк жал салганда,
Тополоңун чыгарып,
Тоздотуп кырып салганда
Камбыл Жолой, Эзкара,
Куу байталчан Каражой
Курганда үч миң кол менен
Кутулган экен ал суудан,
Орок-Кырдын урчукта
Эр Жолой көргөн Таш-Кечүү
Эр Жолойго маш кечүү
Баштап Жолой кечиптир.
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсү аман кутулуп,
Кечүүнү тозуп калыптыр,
Керишти мыктап салыптыр,
Келберсиген чоң мерген
Каражой тозуп алыптыр,
Каражойго кайратты
Эзкара, Жолой айтыптыр:
«Балбан да экен, шер да экен,
Ааламдан Манас эр да экен.
Каардуу мерген калбады,
Каражолтой бул бурут
Таш сайынган кытайдын
Тазаларын жалмады.
Күрмө кийген күчтүү өлдү,
Таш сайынган таза өлдү
Улуктан эче кан өлдү,
Кызыталак канкорго
Жолуккандын баары өлдү,
Кармаш кылган калк өлдү,
Калганы жок эсен жан,
Кырдырып салдык кыйланы,
Кандай деп айтат Эсенкан
Темир аркан торчондор
Тегиз кыргын болуптур.
Тегиз канжар колчонум
Күрөшкөн менен күч жетпейт,
Күйүттүү Манас канкорго
Алышкан менен ал жетпейт.
Айбаты суук анткорго
Кыямды кызык чалдырып,
Ушунча колдун баарысын
Уялбай кантип барабыз
Бир бурутка алдырып!»
Айкырык салып эр Жолой
Ачбуудан оозун бурду эми,
Айдалыда айдар чач
Тытып баарын жулду эми.
Каарданып күпүлдөп,
Жолойду кудай урду эми!
Каарды катуу баштады,
Үтүрөйүп үксөңдөп,
Калган колдун баарысын,
Кырып ийе таштады.
Төбө чачы үксөктөп,
Каарын салып бакырып,
Калбай чогуу кырыл - деп,
Калдайларын чакырып,
Мурутун булкуп зыргытып,
Сакалын жулуп ыргытып,
Кудай бетин көрсөтпө,
Катынын кара баскансып,
Качкыны жакын качкансып,
Антаңдап сүйлөп, бек таштап,
Албан түрдүү кеп баштап:
«Каардуу Манас канкордун
Качпай турчу балбандар
Каардуу жинин көрөлү,
Тынбай алты ай урушуп,
Ушинтип канын төгөлү!
Качып, коркуп, урушуп,
Каары толук буруттан
Не мураска жетели.
Бурут жалгыз, биз түмөн
Буздуруп салдык ишти - деп,
Бээжиндин Эсенканына
Бурулуп кантип баралык,
Мындай кордук көргүчө
Мындан көрө балбандар,
Кыргын болуп калалык!»
Бакырык салып күпүлдөп,
Мас болгон билдей дүпүлдөп,
Каарды катуу баштады,
Калган колун эр Жолой
Кырып ийе таштады.
Кайратсызын кармады,
Эрдин көөнүн бузат - деп,
Качкандарын жайлады,
Күчтүүлөрүн камады.
Жолойдун түрүн көргөндө
Улуктары, кандары
Башкача мерген Каражой:
«Жолойдун кеби ырас» - деп,
Макулдашып алды эми.
Эрин тиштеп, көз кысып,
Эрдикти эпсиз салды эми,
Кызыл кийип кубулуп,
Кыйын мерген Каражой
Кыяны тозуп калды эми.
Өйүз-бүйүз турушту,
Айза менен жетишпей,
Берендер оюну ушундай,
Мылтык менен урушту,
Мендесине бербесин,
Бээжиндик салган сунушту
Өйүз-бүйүз турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Былчылдашып урушуп,
Сооттун баары тытылып,
Согушту катуу салышып,
Айза менен жетишпей,
Өйүз-бүйүз калышып,
Жан аябай турушуп,
Жапа тартып урушуп,
Ачып-көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче,
Быяк жагын караса
Кынсыз кылыч байланып,
Каар бетине айланып,
Атасы дөө чоң улук,
Каруусу толук чоң балбан,
Какандан чыккан тоорулуп,
Дидаары суук, заары күч
Кап-Тоодон келген балбанды
Кармашып жүрүп кылат түз.
Катылган жоону койбогон,
Оргоктугу дагы бар,
Кармашкан аман кетпеген
Соргоктугу дагы бар,
Каарынан капырдын
Жер майышып калыптыр.
Учу болот, сабы жез
Айза кармап шайланып,
Кармашканды сойчудай
Каар бетине айланып,
Аты-жөнүн сурасаң
Орго балбан дээр экен,
Жолукканды соо койбой
Оруп жанчып жээр экен.
Каарданып кутуруп,
Качырына камчы уруп,
Кайраты ашык эпсиз эр
Какандан чыккан жутунуп,
Көпкөк темир кийинип,
Булгаласа сыр найза
Чыбык болуп ийилип,
Астындагы качыры
Баскан ташы быркырып,
Оозунан жалыны
Мурутун өрттөп шыркырап,
Эр Орго ошо келатат.
Оргосу опсуз эр экен,
Каканчындын Бээжинге
Орнотуп койгон чеп экен.
Кабагы бийик, өңү саз,
Кайратын көрсөң ыраак кач!
Мурутунун бир кылы
Баш бузган Балтай сабындай,
Мурунунун чоңдугу
Селебе кылыч кабындай,
Эки көздүн кычыгы
Төбөсү түшкөн көргө окшойт,
Ай маңдайын караса
Бөлүнүп чыккан төргө окшойт!
Балбанын манжуу билиптир,
Он эки батман чоюнбаш
Билегине илиптир.
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Бөлөгү чабак турбайбы,
Келе жатат чоң Орго
Опол-тоодой көрүнүп.
Ок өтпөгөн чоң дүңгө
Берени белге курчанып,
Жер жарылып дуулдап,
Качырды санга бир салып.
Оргонун жайын сурасаң,
Кырк эшиктүү чоң Бээжин
Карыкандын балбаны,
Кабылса чыгып кетчү экен
Кармашкан жандын далдалы.
Алдындагы качыры
Учуп жетти дыркырап,
Жолой менен Эзкара,
Каражой баштап бул кандар
Таазим кылды чуркурап.
Таазымына карабай
Таза кудай эми урду.
Зың-зың этип кенебей,
Кара кытай, манжууну
Бучкагына теңебей.
Каалаганы кабылан
Кармашары Манас кан
Токтолбостон Кара-Суу
Тозоку экен мына бу.
Кара жаак булдурсун
Кармай калып имерди,
Кайкалаган качырды
Капталга тартып жиберди.
Карынга камчы тийгенде
Бурулбай моюн бурады
Чыдай албай Бозкачыр
Чымырканып чурады.
Балбан да экен, эр да экен,
Баатырың Орго турабы,
Манас канды көргөндө
Кан ичмеси бек кармап,
Кабагым, кашым деген жок.
Зыңгырады кенебей,
Айкөлүңдү карата
Айзаны сунду ченебей.
Балбандыгы башкача
Жутуучудай көзү кызарган.
Топчулугу бир тогуз
Топчулугун чыгарган.
Көк күбө кийип барбактап,
Этеги кетип далбактап,
Ала көөдөн эр экен,
Орго балбан дээр экен.
Кызыр чалган Манас шер
Кыйла күн тынбай салышып,
Кыргынды көргөн кайран эр
Он эки мүчө тең тууган,
Кырк чилтен жолдош шер тууган.
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Бек беттешип Оргого
Берениң Манас жетти эле,
Беренге жакын калганда
Учу болот, сабы жез
Уйпалгыр тоодой айзасын
Эр Манасты карата
Шилтеп келип өттү эле,
Торучаардан кабылан
Кыйшая берип кетти эми.
Таамай тийбей айзасы
Тайгылып тайып кетти эле,
Оңдоп кармап айзаны
Ойрон Манас кабылан
Артык балбан, ары шер
Айбаты күчтүү кайран эр
Болот кырдуу сыр найза
Болжоп кармап имерди,
Болжогон жерден жаңылбай
Болжолу жок Оргону
Муштап келип жиберди.
Жүрөгүнүн ортосун
Жара берип өттү эми,
Бел сөөгүнүн жүлүнүн
Жара берип өттү эми.
Мына ошондо чоң Орго
Боз качырдын үстүнөн
Ээринен эр тайып,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Балбансынган баатырдын
Күркүрөп жүрөк түшүргөн
Заары күчтүү капырдын,
Айзасы учтуу ыктуунун,
Ааламдын баарысын
Айдап жүрүп кыруучу
Атактуу Орго мыктуунун,
Айза тийип кан кетти,
Чоң Оргодон жан кетти.
Көзү кетти алактап,
Буту кетти салактап,
Болот учтуу сыр найза
Болжоп кармап имерип,
Кан ичме канкор, камбыл шер
Кабылганда Оргону
Качырынын үстүнөн
Көмө түртүп ийгени.
Көк туулга чарайна
Башынан учуп кеткени,
Аркасынан Кутубий
Манас, Манас жөкөрү
Жебеден мурун жеткени.
Атка оюнпоз, жөө күлүк
Ажыратып алгыча
Азыр болгон Кутубий
Башын кесип кеткени.
Орго аттан түшкөндө
Улугу көрүп Эзкара
Өкүрүк салды күйүнүп,
Кытайдан Орго кан өлдү,
Орго өлгөн жок ошондо
Бүтүн Бээжин баары өлдү.
Бел байлаган бел өлдү,
Белгилүү Орго шер өлдү.
Оргонун жайы мамындай:
Кийгени темир тон эле,
Алганы түмөн кол эле,
Ааламдын баарынан
Атактуу Орго зор эле,
Бул Оргонун чоңдугу
Каканды тозгон тор эле.
Оргону соргон бул канкор
Чалышып чама келеби,
Сайышып адам жеңеби,
Каарданды Эзкара,
Манасты каптап жетүүгө,
Каптаган экен кутургур
Курчап каптап кетүүгө.
Айдаган экен көп колун,
Жайган экен алдына
Темир аркан көк торун.
Каарданып күүлөнүп,
Каражойго сүйлөнүп:
«Артык мерген эр элең
Ачылган жерге байлай ат,
Бөлөгүн айтып нетейин,
Тозоктуу бурут канкордун
Торучаарын жайлай ат!
Атынан жөө кылбасак,
Андан кийин кырбасак
Түп көтөрө жетүүчү,
Түпкө чейин кубалап,
Түгөл кырып кетүүчү.
Чабышса чама келбеген,
Күрөшүп менде жеңбеген,
Күйүп кеткен бурутту
Кайратты катуу сала көр» Деп, ошентип, Эзкара
Калдайдын баарын бакырып,
Канынын баарын чакырып,
Капталынан Эзкара
Калың кол менен айгайлап,
Качырып айза салды эле
Бөйрөгүнөн кан Жолой
Аламан коюп калды эле.
Кыр жагынан чоң Дөөдүр
Алп дөөсү менен каптады,
Кылыч алып кыйкырып,
Кыжылдап кытай баарысы
Кыр-кырынан каптады.
Кыйын мерген Каражой
Айкөлдү аңдып атканы.
Кара туман сел болуп,
Каптаган кытай эл болуп,
Манас жалгыз, кытай миң
Айкырып айза сунду эми,
Жалгыз Манас эриңди
Акыр-такыр кылды эми.
Камышты көр, селди көр,
Каптап кеткен элди көр!
Уйгу-туйгу селди көр,
Урушуп жаткан элди көр,
Мунарык туман чаңды көр!
Айзаларын арбайтып,
Айбалтасын дардайтып,
Каптап калган элди көр!
Мунарык учуп жүргөн чаң
Каптап кетти калың жан.
Мунарыкты, чокту көр,
Буй кылып тийген топту көр,
Топтон чыгып топулдап,
Мөндүрдөй жааган окту көр!
Уйгу-туйгу балбаны,
Орго баатыр өлдү - деп,
Ал Оргонун айынан
Кара жанын аябай
Каптап жатып калганы.
Жамгырдай саадак жапты - дейт.
Жан аябай урушуп,
Каптап кытай жатты эми.
Добулбас катуу кагылып,
Кайнап жаткан кытайлар
Каптап кирди жабылып,
Кабагым-кашым дебестен,
Ажалды кылча көрбөстөн,
Бет алган жерге жол салып,
Жер жайнаган кытайга
Жеке көк жал кол салып,
Торучаар менен ойнотуп,
Толкуган кытай, манжуунун
Тобун чечип сойлотуп,
Ошо күнү жаныбар
Айбандан тулпар Торучаар
Арсланга ылайык
Манас менен Торучаар
Экөө бир күн туулган,
Кырааның Манас барында
Кытайга салган чуулган.
Канкоруңдун Торучаар
Керишке минсе кебелбес,
Оорукка минсе оорубас,
Чалгын минсе чарчабас,
Кетмен туяк, кең соору
Кенен жердин бууданы
Ошо согуш майданда
Моюнун жерге салыптыр,
Болжолсуз чуркап алыптыр.
Торучаар оозун бурушуп,
Толгон кытай, манжууга
Тополоң салып урушуп,
Кытайды кырып аралап,
Жеткен жерин айзалап,
Жеткилең жаңжал чоң болду,
Күрмө кийген манжуунун
Күчтүүлөрү кайдалап,
Калмактардан кан Жолой
Айзакерден ыктуу экен,
Кытайлардын Каражой
Өткөрө мерген абыдан
Жоонун айласын билген мыктуу экен.
Капталынан Эзкара
Качырып кол салды эле.
Ажал жетсе өлөм - деп,
Өлбөй аман мен болсом
Айкөл Манас шериме
Караан болуп берем - деп,
Эзкараны Кутубий
Тооруп калган кези экен,
Баатырдыгы Кутунун
Озуп калган кези экен.
Жекелешип турушуп,
Кутубий менен Эзкара
Жекеме-жеке урушуп,
Айза кармап калышып,
Кез келген жерге сайышып,
Эсепти эптеп табышып,
Айзалап жакын келгенди
Айбалталап чабышып,
Кекээрдешип турушуп,
Кезме-кезек урушуп,
Аябай кызык болушуп,
Өлчөөсүнө келишсе,
Айза менен коюшуп,
Аны мындай таштайлы,
Кыраан Манас шериңдин
Бул кылыгын баштайлы.
Карыпчысын калдайтып,
Калың балбан жанданды,
Калмактардын Жолою
Ала көөдөн Айкөлдү
Астынан чыгып алдады.
Ачбуудан оозун бурду эми,
Жоо-жарагын шайланып,
Айкөл шердин алдынан
Амалды кылып турду эми:
«Манас десе барбайдың,
Сууга салган чаначтай
Барбалаңдап дардайдың,
Каарды катуу баштадың,
Кан Эсендин элчисин
Эченин кырып таштадың.
Кочкуну союп коройттуң
Эр Дөңгөнү жалмадың.
Жорукуйрук, Жоон алп
Калтырбай баарын аймадың.
Ордо келсе ордуңбу,
Оңой эмес кылыгың
Катылганды сордуңбу?
Балбандарды алдым - деп,
Барбактап калган экенсиң.
Ааламга моюн бербейм - деп,
Дардактап калган экенсиң.
Менин жайым бээлеп бил,
Белгилүү Жолой зор болом,
Бабаң Каракан өлгөндө
Ушу турган бурутту
Так ушу колум оңдогон!
Каарым келди какайдым,
Кан Оргону өлтүрүп,
Казыр тийдиң жиниме!
Белди бекем буамын,
Карап тургун мен сени
Мекеге чейин кубамын!
Ала көөдөн, ой канкор
Берен Жолой мен атым,
Бери чыкчы көрөйүн!» Деп, ошентип, эр Жолой
Айза имерип турганы,
Муну Манас көргөндө
Каарды катуу баштады,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Манас - Саякбай Каралаев - 19
- Parts
- Манас - Саякбай Каралаев - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3804Total number of unique words is 231423.7 of words are in the 2000 most common words34.0 of words are in the 5000 most common words39.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 193028.5 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4421Total number of unique words is 203429.2 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4433Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words50.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4426Total number of unique words is 196030.8 of words are in the 2000 most common words43.3 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4422Total number of unique words is 196730.8 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 200328.7 of words are in the 2000 most common words42.2 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4325Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words41.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4303Total number of unique words is 191029.5 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words49.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4339Total number of unique words is 207329.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4328Total number of unique words is 201528.5 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4299Total number of unique words is 205528.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4336Total number of unique words is 205829.4 of words are in the 2000 most common words43.2 of words are in the 5000 most common words50.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4308Total number of unique words is 201329.6 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4207Total number of unique words is 196628.5 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4276Total number of unique words is 207928.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4253Total number of unique words is 196629.4 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4333Total number of unique words is 202629.2 of words are in the 2000 most common words42.0 of words are in the 5000 most common words49.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4259Total number of unique words is 206328.2 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words50.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4321Total number of unique words is 218128.3 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4372Total number of unique words is 210230.4 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words51.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 208227.9 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words48.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4406Total number of unique words is 203928.9 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4326Total number of unique words is 210429.0 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4350Total number of unique words is 211129.4 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 26Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 201530.4 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 27Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4376Total number of unique words is 207730.1 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 28Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 206928.8 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 29Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 214229.4 of words are in the 2000 most common words42.7 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 30Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4371Total number of unique words is 208429.8 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 31Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4396Total number of unique words is 202029.3 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 32Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4341Total number of unique words is 206230.4 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 33Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4404Total number of unique words is 203630.1 of words are in the 2000 most common words45.1 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 34Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4353Total number of unique words is 202630.6 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words52.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 35Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4286Total number of unique words is 210329.0 of words are in the 2000 most common words43.4 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 36Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 205229.7 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 37Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 194530.0 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 38Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 204129.1 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 39Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 219529.6 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 40Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4239Total number of unique words is 215529.7 of words are in the 2000 most common words43.1 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 41Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4267Total number of unique words is 202130.3 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 42Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4206Total number of unique words is 194931.5 of words are in the 2000 most common words45.5 of words are in the 5000 most common words53.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 43Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 186730.9 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words52.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 44Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4270Total number of unique words is 184532.1 of words are in the 2000 most common words46.8 of words are in the 5000 most common words54.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 45Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4301Total number of unique words is 205432.2 of words are in the 2000 most common words45.7 of words are in the 5000 most common words52.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 46Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 185032.0 of words are in the 2000 most common words46.1 of words are in the 5000 most common words54.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 47Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4258Total number of unique words is 190032.0 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words53.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 48Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 204131.8 of words are in the 2000 most common words45.4 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 49Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4302Total number of unique words is 209929.7 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words51.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 50Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4262Total number of unique words is 203431.3 of words are in the 2000 most common words45.6 of words are in the 5000 most common words52.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 51Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 187230.8 of words are in the 2000 most common words46.0 of words are in the 5000 most common words53.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 52Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4229Total number of unique words is 172232.2 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words54.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 53Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 176731.4 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words52.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 54Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 182532.6 of words are in the 2000 most common words47.4 of words are in the 5000 most common words54.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 55Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4290Total number of unique words is 169630.7 of words are in the 2000 most common words44.9 of words are in the 5000 most common words52.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 56Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 187630.0 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 57Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4230Total number of unique words is 199628.3 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words50.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 58Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4296Total number of unique words is 197028.4 of words are in the 2000 most common words42.5 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 59Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4243Total number of unique words is 208726.8 of words are in the 2000 most common words40.0 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 60Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4320Total number of unique words is 208029.6 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words51.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 61Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4280Total number of unique words is 199929.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 62Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4338Total number of unique words is 239925.3 of words are in the 2000 most common words37.9 of words are in the 5000 most common words45.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 63Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 306Total number of unique words is 24336.1 of words are in the 2000 most common words44.6 of words are in the 5000 most common words52.2 of words are in the 8000 most common words