LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Манас - Саякбай Каралаев - 40
Total number of words is 4239
Total number of unique words is 2155
29.7 of words are in the 2000 most common words
43.1 of words are in the 5000 most common words
50.6 of words are in the 8000 most common words
Атышып жоого кирерде,
Тизгинден кармап камынып,
Атышпагын, Алма - деп,
Коё бербей, эр Мажик
Жана мылтыктан кармап жалынып
Ошондо Мажик муну айтты,
Кагылайын сабылып:
«Айланайын Алмамбет,
Кара журтта не жазык,
Каны акмак эмеспи,
Акылы жок бул казак,
Токто, Алма, атпагын,
Акыр биз да өлөбүз!»
Кайра тартып мылтыкты,
Ай далыма илгемин,
Мажиктин айткан бул сөзүн
Чын экенин билгемин.
«Кырып кетсем казакты
Не муратка жетейин,
Андан көрө казакты
Камчылап сабап кетейин!»
Долоно кармап ийгемин,
Толуп жаткан казакка,
Сары-Аркада көп калкка
Камчы менен киргемин.
Айзакердин баарысын
Айгайлатып сүргөмүн,
Мергендерин жапырып,
Быт-чыт кылып тийгемин,
Каптап келген казакты
Жакетай, - деп жалынтып,
Айылына айдап киргемин.
Айылына кирип барганда,
Өкүрүп-өксөп, көп казак
Баары бирдей буркурап,
Түшө качты атынан,
Туш-тушка качып чуркурап.
Карап турсам ошондо,
Айдаркандын эр Көкчө
Качып барат алдымда,
Көгала минип дыркырап.
Сарала менен чуратып,
Жебеден мурун жеткемин,
Жеткен жерден Көкчөнү
Төбөгө салып өткөмүн.
Бир чапкандан чыгарбай,
Кайран досум Көкчөнү
Жыга чаап кеткемин.
Башы айрылып барбайып,
Көгаладан айрылып,
Ортосуна короонун
Олтуруп калды дардайып.
Сураса бербес Көгала
Суук укурук салгамын,
Жалынса бербес Көгала
Жайдак коштоп алгамын,
Бура тартып чу коюп,
Жолду көздөй салгамын!
Көөдөнгө батпайт көп санаа,
Жолумдан чыгып буркурап,
Аяш катын Акеркеч
Көзүнүн жашы он талаа,
Мурдунун суусун тарталбайт,
Көзүнүн жашын арталбайт!
Буудай өңдүү, кара көз
Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Карагаттай кара көз
Кайран жеңем Акеркеч,
Кан аралаш жаш кетип,
Астымдан чыга калган соң,
Көкчөнүн атын алганда
Не муратка жетемин,
Аяш жеңе Акеркеч,
Олжо кылып, соогатка
Өзүңө берип кетейин!
Окоро түйгөн чылбырды
«Алыңыз - деп, бул атты»,
Эркечти көздөй ыргытып,
Эркечке атты берген соң,
Айдаркандын Көкчөсүн
Айбандыгын билген соң,
Ээрчиткеним эр Мажик,
Эрикпестен жүргөмүн.
Каракан кызы Каныкей,
Байбичеси Манастын
Качарымды билиптир,
Көкчө менен тим турбай,
Кетет го, - деп жүрүптүр.
Сымбатын журттан оздурган,
Жекенди тонду кийгизип,
Желмаянды мингизип,
Үзүктөй калпак эр Шууту
Адейи мени тоздурган,
Тоздуруп койгон Шуутусу
Жалпак кыя, жар ташка
Жатып уйку кандырып,
Жантак менен сыр жыгач,
Желмаянын чалдырып,
Болжолунан эки күн
Өтүп калган кези экен,
Менден мурун Таласка
Кайта тартып карабай,
Кетип калган кези экен.
Жолукпай көөнүм бошогон,
Жол байланып кантейин,
Каршы өтүштүк ошондо.
Токтобой жүрүп кеткемин,
Сары-Аркадан чыкканда
Букарга барып жеткемин,
Конок болуп Букарга
Токтобой өтүп кеткемин,
Чоң дайрага жеткемин.
Чоң дайрадан сал көрдүм,
Бусурманча түрү бар,
Заңкайыңкы жан көрдүм.
Салам берип сабылдым,
Сооп болсун, акетай,
Сараланы салгын - деп,
Шайыктарга жалындым.
Сараланы салгын - деп,
Кызыл алтын зер бердим,
Оңбогон шайык оңбоду,
«Сараланы салбайм» - деп,
Оңураңдап болбоду.
Алтынды берсем алган жок,
Жалынсам да канчалык,
Сараланы салган жок,
Сарала барса Мекеге
Алмамбетте арман жок.
Сараладан айрылып,
Кай муратка жетем - деп,
Биттейимде бириккен,
Сарала тулпар жолдошту
Кайда таштап кетем - деп,
Аң-таң болуп турганда,
Сарала менен Көгала
Бизге аманат бергин - деп,
Байда болду дубана.
Алданын салган буйругун,
Ушундай экен көргөмүн,
Көгала менен Сарала
Аманат кылып ошондо
Дубанага бергемин.
Салына түшүп алгамын,
Эр Мажикти ээрчитип,
Мен Мекеге баргамын.
Беш эшенден буда угуп,
Беш күн турдум Мекеде.
Мекеде туруп сабылдым,
Көбүнчө кетпей көңүлдөн
Сараланы сагындым.
Уктап жатсам түшүмдө
Уй куймулчак Сарала
Кулжадай мойнун буруптур,
Бет алдымда тулпарым
Ыйлагансып баш салып,
Мени карап туруптур.
Сарала мага муну айтты,
Айтып мени муңайтты:
«Буудан жаным, кайран жан,
Куруттуңбу, Алаке!
Чының менен ойлобой,
Унуттуңбу, Алаке!
Күнү-түнү оюмдан
Сарала кетпей бир мүнөт
Кайра тарттым Мекеден,
Айбан да болсо жолдошум,
Анык күлүк тулпарым
Сараланын айынан
Кайра тартып келгенде,
Атты койгон жеримде
Атым түгүл, карга жок
Карап турдум жалдырап,
Атты табар айла жок.
Жерге жарык тийгенде,
Таң кашкайып сүргөндө
Ичкенин боюн төтөлөп,
Баякы калган дубана
Сарала менен Көгала
Алып келди жетелеп.
Эки ат колго тийгенде,
Ошол кезде Сарала
Кыл этинде кези экен,
Ойлоп турсам ошол чак
Түнбү десем күн экен,
Атымды койгон дубана
Кайып эрен, кырк чилтен,
Олуянын бири экен.
Сараланы мингенде
Абыдан чындап жол жүрдүм,
Андан жүрүп нече күн,
Букарга жетип келгемин,
Салам айтып кашкайып,
Астымдан чыкты бир киши.
Астында көк аты бар,
Сыягын карап мен турсам,
Үстүндөгү кишинин
Миң кишилик алы бар.
Бети аппак чүчтөдөй,
Кара сакал мистедей,
Көзү көлдүн ордундай,
Көрүнгөндү соргундай,
Айдыңын көрсөң акжолтой,
Алышка кирсе сан колдой.
Көк сүлөөсүн бөрк кийген,
Көк темир калкан ойногон,
Оён мыкты Бакай кан
Бал менен оозун чайкаган.
Айбалтасы шайлануу
Ар жабдыктын баарысы
Бүткөн бойдо камдалуу,
Аркамдан жетип барбактап,
Колун сунуп дардактап,
Мага сунуп калыптыр:
«Сары талдан сайдырган
Багын таштап Бээжинге,
Сап алтындан жасаткан
Тамын таштап Бээжинге,
Кара динден ак болгон,
Капырдан качып жат болгон,
Кагылайын кулунум,
Кабарыңды укканда,
Качып Бээжин чыкканда
Каңгай кирди, - деп уктум,
Каңгай канын талкалап,
Алтай түштү, - деп уктум.
Алтайдын журтун ыйлатып,
Кыз-катынын чуулатып,
Андан өтүп, кулунум,
Көкчө келди, - деп уктум,
Казактардын Көкчөнү
Камап кетти, - деп уктум,
Карсылдатып талаада
Сабап кетти, - деп уктум.
Алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Көрбөсөк да, билбесек,
Аман-эсен болдуңбу,
Келе бери, колуңду!»
Муну айтып, кан Бакай
Кол алышып турганы:
«Бүгүн бизге конгун - деп,
Бизге конок болгун - деп,
Таң кашкайып атканча,
Тараза жылдыз батканча
Аңгемеге баталык,
Тамашалап жаталык», Деп, ошондо кан Бакай,
Жүрөр жолун төтөлөп,
Ооздуктан бек кармап,
Сараланы жетелеп,
Алып кирди сарайга.
Каалга темир сом калай,
Кыз чагында Каныкей
Кымбаттык менен салдырган,
Кыйланы таң калтырган,
Букардагы зор сарай,
Ол сарайга киргенде,
Мамылары кагылуу,
Сарайга кирип барганда
Баары кийген кара бөрк,
Эрдиги артык көрүнөт.
Баары оён, кара көк,
Отуз жигит ортодон
Чуркап жетип калганы,
Сараланын үстүнөн
Так көтөрүп алганы.
Ал, темирден соккон кермеге
Сараладай күлүктү
Аса байлап салганы,
Ар жагында бир үйгө
Касиеттүү Бакай кан
Алып кирип барганы.
Дасторкону салылуу,
Эчен түрлүү аш-тамак
Баары турат жайылуу.
Ошондо Бакай көк жалың
Аңгеме сөздөн баштаган,
Багылан козу, тай этин
Бал кайнатып таштаган.
Дасторконду жыйгыча,
Тамакты жеп тойгунча,
Касиетин көрдүңбү,
Кайран Бакай канзаада,
Менден сөздү сурабайт,
Дасторконду жыйганда,
Жана бата кылганда,
Ургаачыдан уз көрдүм,
Кырктай сулуу кыз көрдүм.
Кара сурдун сулуусу,
Кыз алдынан карасам,
Ургаачынын урдуусу,
Жүзү кызыл кынадай,
Кан Манастын Каныкей,
Он тогузга жаш келген
Орою сулуу келинчек,
Кысыр эмди тай тайлак
Башын эми чалдырып,
Кызык татты аш-тамак,
Букардан жыйып алдырып,
Алтындан кылган чарага
Ар даамдын баарысын
Салып чүмкөп алдырып,
Букардагы Агынай кызы Арууке,
Өзүнүн жакын сиңдисин
Эт көтөртүп алдырып,
Моймолжуган кара көз,
Тартуу кылып келиптир.
«Түбөлүк жарың ушу» - деп,
Он жетиде Арууке
Ала келип алдыма,
Асыл тууган Каныкей
Тартуу кылып келиптир:
«Азизкан уулу Алмамбет,
Арсланым, уккун менин кебим - деп,
Колтукташа кеткидей,
Коштолушуп жүрөөргө,
Өмүрлүк сенин теңиң - деп,
Ой, уул, көңүлүңдү бөлбөчү,
Көрүнгөнгө кыз тарткан,
Кандай сонун калык - деп,
Бизди жаман көрбөчү».
Ушу сөздү айткан соң,
Агынай кызы Арууке
Башындагы кийгени
Алтындан кылган такыя,
Баштатан ашык маа болуп,
Жете албай жүргөн байкуш аа.
Көңүлүнө толтуруп,
Ойноктогон тасма бел,
Оң тиземдин үстүнө
Баса келип олтурду.
Акка ишин салыптыр,
Жанымдагы Мажикке
Көлөйдүн кызы Көөнөкан
Тартуу кылып келиптир.
Ал аңгыча болгон жок,
Асыл султан Бакай кан
Алты кожо, төрт эшен
Даяр кылып калыптыр.
Кожону Бакай жыйганы,
Курандан аят окутуп,
Чак түштө ике кыйганы.
Оң жагымда Каныкей,
Сол жагымда кан Бакай
Отургузуп ортого,
Сурады менден жоопту.
Баятадан берки дүмөктү,
Айтып бердим ошондо,
Арслан Манас, көк жалым,
Ушу өзүңө айткан жомокту.
Жомокту угуп алганда,
Аяш долу Каныкей
Боздоп турду буркурап:
«Манаска айта көрбө» - деп,
Ыйлап турду чыркырап,
Кулактары мистеген,
Балбандары сандан көп,
Каканчындын Бээжинге
Арсландар чаркы жетпеген.
Арслан көк жал кабылан
Он эки канды жыйбасын,
Чоң казаты болбосун,
Бүткүл кыргыз элинен,
Такыр кырып салбасын,
Айтып койсоң сырыңды,
Алакандай кайран эл
Бекер кыргын болбосун.
Эл эсебин айтайын,
Илгеркисин санасам,
Нече кандын эли бар,
Ушу бүгүн санасаң,
Он эки кандын журту бар.
Он эки кандын аз журтун
Оён көк жал кан Манас,
Жыйып айдап, албасын,
Айдап барып Бээжинге
Такыр кырып салбасын».
Бадышазаада Бакайга
Ант кылдым, кармап чыбыкты,
Бээжиндин жайын айтпаска.
Бу дүнүйө жалганда
Кан Манас, ал айтканың дагы чын,
Кечээ, Коконго кордук салганда,
Маргалаң менен Самаркан
Баарын чаап алганда,
Билге жүктөп дилде алдык,
Кара көздөн миңди алдык:
«Бээжиндин жайын, айткын» - деп,
Мени кыстап сен турдуң:
«Билбеймин» - деп, Бээжинди
Мунда дагы ант кылдым.
Көрбөдүм - деп, Бээжинди
Айткандыгым дагы чын,
Көрмөк түгүл Бээжинди
Туулуп, өсүп чоңоюп,
Келгендигим мындан чын.
Сарала менен самсытып,
Желгендигим дагы чын,
Акыреттин жайынан,
Азаптуу тозок барынан
Жеримден тентип, элимден
Жүргөндүгүм дагы чын.
Эми Манас, кебимди ук,
Айры белес, бек жолду
Ашкандан Алмаң коркпогон,
Түнөрүп жаткан Бээжинди,
Түмөндөгөн кечилди
Чапкандан Алмаң коркпогон,
Чек араны чет кылып,
Бөлүштөн Алмаң корпогон.
Чет-Бээжин эмес, Түп-Бээжин
Таш-талканын чыгарып,
Өлүштөн Алмаң коркпогон.
Алым келсе топ бузам,
Ажал жетсе кантейин,
Кайра тартып кетпеймин,
Түп-Бээжинде окко учам.
Окко учар себебим Көйнөгүм чечип жууган жер,
Киндигимди бууган жер,
Алмаң эмес, а түгүл,
Алтымыш атам тууган жер.
Кокустан өлүп мен кетсем,
Тоодогу жылкым тогуз миң,
Жылкымды Манас, жыйып кой,
Алган жарым Арууке,
Ажал жетип мен өлсөм,
Мажикке ике кыйып кой.
Адырда жылкым ала баш,
Аргымак буудан аралаш,
Сай тулпар күлүк баары ток,
Опосу жок жалганда
Аркамда эркек балам жок.
Ашкере тулпар мээси жок,
Менин көзүм өткөн соң,
Артымда калган бир туяк,
Жыйып алар ээси жок,
Арманы зор дүнүйө
Көтөрбөскө чара жок.
Маңдайым эмес, артымда
Берзент деген кара жок,
Жыйылган дүйнөм, алтын-таш,
Бээжинге кирип мен өлсөм,
Кайда калбайт курган баш!
Бээжинден кайтпай мен өлсөм,
Белимден бекем бүктөп кет,
Бээжинге сөөгүм калтырбай,
Бери карай жүктөп кет!
Белгилүү жерге келгенде
Көрүмдү терең оюп кет,
Жакшылап мени коюп кет!
Жана Манас кабылан,
Айтар сизге кеп калды,
Аман Талас көрсөңүз,
Агынай кызы Арууке
Калп болбосом, ичинде
Үч ай болжол шек калды.
Эркек эмес кыз болсо,
Күдөрүң менден үзүп кой,
Эркек болсо эгерде,
Тоюна токсон соё көр,
Атын Күлчоро берен коё көр.
Эркек болсо эр болот,
Өзүмдөн өтө илгери,
Айза салым шер болот.
Кызарып жанган чок болот,
Кыйкырып жоого тийгенде
Сандаган душман топтолот.
Керээз айткан кебим бул,
Айткан сөзүм түйүп ал,
Барса-келбес Бээжиндин,
Кайгуулуна баратам,
Үчүнчү айда күтүп ал!
Үчүнчү айдан мен калсам,
Адырдан аркар атып жеп кеткин,
Адамзаттын арсланы
Алмамбет өлдү, - деп кеткин.
Күн болжолдон мен калсам,
Бээжинге барбай кайтып кет,
Береним Алмам өлдү - деп,
Арттагы он эки канга айтып кет!
Керээз айткан себебим,
Бир жолу бар Бээжиндин,
Барган кайра кайтпаган,
Бир жолу бар Бээжиндин,
Кезиккен кайра тартпаган,
Бир жолу бар Бээжиндин,
Казып койгон ору бар,
Бир жолу бар Бээжиндин
Курап койгон колу бар,
Колуна тийсе кытайдын
Кайнатып койгон шору бар,
Кош, көк жалым, кан Манас!»
Муну айтып турганда,
Манас кан ыраазы болду кебине,
Кара жанды аябайт,
Алмамбеттей шерине.
«Алакем, кызыл айза желегим,
Кылчайбай келген журтунан
Кытайдан келген белегим.
Алакем, ажалы жеткен өлбөйбү,
Моюнга келген азапты
Жигити чиркин көрбөйбү?
Искендер баспас Бээжинге
Имерип айза сунуп бер.
Эч ким барбас Бээжинге
Жетип кызык салып бер,
Кытайдын малын чачып бер,
Тилимди алып, кырааным,
Кыргыздын жолун ачып бер.
Бээжинден чалгын чалууга,
Чалып кабар алууга
Жылкыдан тандап берейин,
Карткүрөңдөй малымды ал,
Аздык кылса азыгың
Көөкөргө куюп канымды ал.
Ат бекитер өрөөндү ал,
Амыз кылбай Бээжинге
Жаныңдагы төрөңдү ал.
Он эки урук кыргыздан
Тегиз жыйып алайын,
Чубатууга салайын,
Айзалаш тандап, болжоп ал,
Каканчындын Бээжиндин
Кабары катуу жер экен
Кашыңа тандап жолдош ал.
Ошондо чочуп кетти Алакең:
«Артыгым айкөл, не дейсиң,
Он эки кан журтуңду
Тегиз жыйып алганда
Не муратка жетейин,
Жаныма берчи тең жолдош Сыргак менен кетейин.
Самоору алтын, чайы арзан
Самаркандай калаа жок.
Сайышкан жоого киргенде,
Салгылашып турарга
Сыргак өңдүү бала жок.
Кабылан Сыргак балага
Кыргыздын журту биригип,
Жана менин кара башым садага!
Сыргакты берчи аламын,
Анан чалгын чаламын!
Эр Сыргак чыканактап калбаган,
Чырым этип уйку албаган.
Атка жеңил, тайга чак,
Уйкусу жок, жоого сак,
Ай-ааламды буй кылат.
Айланайын, эр Сыргак
Сундурган айза тартпаган,
Сумсайып коодон качпаган,
Душманга азар салбаган,
Туш-туштан камап жоо чыкса
Суурулуп кайра кайтпаган.
Бээжинге барбай кайрылбайм,
Безилдетпе көп мени,
Береним эр Сыргактан айрылбайм.
Сыргактын ааламга жетет чамасы,
Өзүң менен аталаш
Ага-ининин баласы.
Кара калпак кыргагым,
Аман болсун, өлбөсүн,
Качан болсо Сыргагым.
Улак кан менен Жакып кан
Ушул экөө бир тууган.
Өлбөсөм Бээжин чаламын,
Улак кандын Сыргагын
Өзүңдөй көрүп турамын.
Кызыгы кыйын Бээжинге
Кыйкырып айза сунамын,
Кыйрашкан кытай душманга
Сыргакты медет кыламын.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Арсландар барбас кытайдын
Быйыл күчүн көрөмүн».
Муну Алмаң айткан соң,
Муну айтты Манас кан:
«Кош, эмесе кабылан,
Шаймандын баары бүктөлүү,
Алтымыш асый кези эле,
Карткүрөңгө жүктөлүү».
Манас, Чубак эки шер
Оорукка экөө калган жер.
Алмамбет менен Сыргактын чалгыны
Жылкыда күлүк ала баш,
Алмамбет, Сыргак аты уйкаш
Аттанып чалгын чалган жер.
Дубалуу сөзүн аянбай,
Туйгун Манас, эр Чубак
Эки колун көтөрүп,
Көздөн жашын имерип,
Кожурап бата берген жер.
Алмамбет, Сыргак эки шер
Кидирбей атка минген соң,
Кайрылбай жолго кирген соң,
Карап туруп кан Манас
Каңырыгы бек түтөп,
Алмамбет, Сыргак эки шер
Түп-Бээжинди бет алып,
Кытайдын жерин чалган жер,
Кан Манас, Чубак биригип,
Тал-Чокуда калган жер.
Азизкандын Алмамбет
Жанында Сыргак кара көк,
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен,
Ашуусу бийик тоо менен,
Аскар жаткан зоо менен,
Ирмеп алар чөбү жок,
Чык этерге суусу жок,
Үстүнөн ысык кетпеген,
Төбөсүнөн айланып,
Канаттуу учуп өтпөгөн
Кыйыр-кыйыр жер менен
Кылчайбай, турбай жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү.
Көп ойлонуп нез болду,
Жаңырыктын Жар-Кыя
Ажыдаар жүрбөс чубама,
Тешик-Таштын оюна,
Агарган талаа боюна
Жакын кирип барганда
Артындагы эр Сыргак
Айланасын караса,
Мергени турат бир жерде
Мээлеп тиктеп аткалы,
Ажыдаар турат бир жерде
Арбап, соруп тарткалы.
Бир жагын Сыргак караса
Илбирси турат илгели,
Жолборсу турат комдонуп,
Качырып шериң киргели.
Мунун баарын көргөндө
Бала Сыргак муну ойлойт:
«Чолпондой болгон кайран көз
Ойдургалы келген го?!
Ажыдаар, жыланга
Алдап чалгын чалдырып,
Көөнү келсе Алмамбет
Сордургалы келген го?!
Качан болсо өлгөмүн,
Алмаңды ээрчип келгемин.
Ажыдаар оп тартса,
Аянбастан соёюн,
Жолборсу келип кол салса,
Өлүм кылып коёюн.
Бекитип койгон чептерин
Мен талкалап өтөйүн,
Астымдагы Алмамбет
Артынан кууп жетейин,
Канын чачып бу жерден
Кайра тартып кетейин!»
Жабдыгын алып шайланып,
Жалаңдаган эр Сыргак,
Жанына болот байланып,
Энтеңдетип шаштырып,
Алдындагы Сарала
Согончоктой бастырып,
Сыргактын түрүн көргөндө
Сырттан тууган Алмамбет:
«Кокустан көрсө кароолчу
Кытай капыр эми көрөт - деп,
Минтип жүрсө Сыргагым
Түбүмө түгөл жетет - деп,
Аңдып жаткан кытайга
Шек билдирип кетет» - деп,
Муну ойлоп Алмамбет
Сарала оозун бурду эле,
Күпсөр менен бир дары
Күркүрөп Алмаң суурду эле,
Алакан толгон дарыны
Таңдайына урду эле.
Ээрдин башын каккылап,
Камчы менен кайталап,
Үзөңгүнү чапкылап,
Калмактай сүйлөп калдырап,
Кытайча сүйлөп балдырап,
Амал окуп кытайдын
Айласын билген Алмамбет
Зыйкыр окуп турду эми.
Алмамбет зыйкыр окуса,
Ажыдаар качты ышкырып,
Мергени качты үшкүрүп,
Жолборсу качты тоо менен,
Илбирси качты зоо менен.
Каманы качты токойго,
Быт-чыт болуп зыйкырлар
Житип-житип жоголду.
Бул амалды көргөндө
Сарала оозун бурду ошол.
«Алаке, чының айткын» - деп,
Сыргак камап турду ошол.
«Уктаса көргүс түш кылдың,
Ажыдаар бизди сороордо
Адамдан башка иш кылдың, Алмам!
Ырас-чының айтып бер,
Анык сырың айтпасаң
Сенин тилиң албаймын,
Өлсөм Бээжин барбаймын!»
«Береним Сыргак, угуп тур,
Чолок этек көйнөгүн
Кийип турган кезимде,
Алакандан чыгарбай,
Кырк кандын эли кытайды
Билип турган кезимде,
Кыргыз болор ойдо жок,
Калың манжуу, кытайдын
Калың согуп, чеп жасап,
Тамы болуп турганда,
Каканчындын Бээжинде
Төбөмө асыл таш сайып,
Каны болуп турганда
Арсландай белим ийилген:
«Бээжинди чаап кетет - деп,
Түбүмө бурут жетет» - деп,
Даңзасына кытайдын
Манас көк жал чийилген.
Муну көрүп алганда,
Таш сайынган кытайлар
Тамак ичпей коркушуп,
Чуркурашып күйүнгөн.
Кыргыз болор ойдо жок,
Жин-берини чалдырдым,
Жин-беринин шаарынан
Алтымыш аяр, зыйкырчы
Атайы буйруп алдырдым.
Айлыгына буттап алтын-зер берип,
Минтсем Бээжин келбейт - деп,
Бээжинди Манас көрбөйт - деп,
Ажыдаар, жолборс канча аң,
Зыйкыр менен мен Алмаң
Жол кайтартып койдурдум.
Алдап туруп аярдын
Амалын бүткүл үйрөнүп,
Баарынын башын алдырдым.
Бекитип койгон зыйкырды
Чечип ийдим, көрдүңбү?
Эми сырым айтайын,
Алтындан ордо там кандай,
Такты минген жан кандай?!
Кудай өзү мендесин
Жаратат экен ар кандай!
Эсенкан кызы Бурулча:
«Алакем качан келет?» - деп,
Боздоп жүрсө ал кандай?!
Боздогон жарга жете албай,
Мелтиреген куу чөлдө
Бозоруп жүргөн мен кандай?!
Эсенкандын Бурулча
Быйыл дүрүйө көйнөк чойгондур,
Көөнү келсе түңүлүп,
Мени келбейт экен - деп,
Күдөрүн үзүп койгондур!
Эсенкан кызы Бурулча
Урдун кызы ал эле,
Урдун уулу мен элем.
Бирибизди бирибиз
Көрүшмөккө зар элек,
Мен Бээжинден кетерде
Келемин деп ишенткен
Көп убада бар эле,
Камоодо калган ал кандай?
Кайрылып кайта жете албай,
Качып келген мен кандай?
Ошо күндөн ушу күн
Коргол менен күн санап,
Күйүп жүргөн жан кандай?
Курусун курган ашыктык,
Астыбызда жайнаган
Калың кытай канча сан?
Бурулча эске түшкөндө
Тутамча келбейт чымын жан.
Мен Бээжинден чыгарда
Далай кытай урушуп,
Кыйрап калган эмеспи,
Эсенкандын Бурулча
Чылбырыма чырмалып:
«Эсен болуп, тез кел!» - деп,
Сараланы жибербей,
Эки колдоп тизгиндеп,
Ыйлап калган эмеспи.
Келгендерден кеп угам,
Алты кан элин чогултуп:
«Бурулчаны бергин» - деп,
Алөөкөнин Коңурбай
Эсенканга ушул жыл
Жуучу түштү, - деп угам.
Этеги тилик көйнөгүн
Кийбей койду, - деп угам.
Болбой койду, - деп угам.
Арага түшкөн алты кан
Алөөкөнүн Коңурбай,
Кытайдын каны Эсенкан
Бурулчанын дартынан,
Журт болушуп келишпей,
Жоо болушту», - деп угам.
Кара кезек, ак калпак
Каарданды эр Сыргак.
Бурулча жайын укканда
Токтоно албай ойдолоп,
Оён көк жал, шер Сыргак:
«Алаке, ушул кебиң чын болсо,
Ичимден кием тонуң бер,
Аныктап азыр жообуң бер.
Көк чебичим минейин,
Каканчындын Бээжинде
Какайлатып кытайды
Бээжинден айдап сүрөйүн.
Топон суу жетпес Бээжинге
Тозокту чындап салайын,
Эсенкан кызы Бурулча
Кытайдан тартып алайын.
Ач билектен имерип,
Учкаштырып артыма
Ат сооруна салайын!»
Ушу сөздү укканда
Азизкандын Алмамбет
Безге сайган кишидей
Ыргып кетти кара көк.
«Түгөнгөн Сыргак, не дейсиң,
Дүмүрөйгөн чоң зоңкок
Түз деп, ашар бел эмес,
Түрү суук кытайга
Түз эле кирер эл эмес.
Бел байлаган бели бар,
Бекип жаткан жери бар.
Түлкүсү жатат белинде,
Өрдөгү жатат көлүндө,
Кулжасы жатат каңкайып,
Коймого койгон жеринде.
Анын ары жагында,
Кырк кечили жанында
Таштан койгон тагы бар,
Алышса адамдын алы жетпеген,
Чоң Малгун деген дагы бар.
Түп-Бээжинде санатсыз
Сапырылган журту бар,
Алты айчылык Бээжинге
Алты күндүк кабарды
Жетип жеке берүүчү
Кыпкызыл калтар түлкү бар.
Он күндүк жерден жыт билген,
Алты күндүк узак жол
Алыстан анык көз көргөн,
Түлкүсүн кармап биз алсак,
Кытайдын малын чачабыз,
Түлкүсү бизден кутулса,
Дүмөктүү болуп кайтабыз.
Арнап алган желегим,
Ачууланбай тим жүргүн,
Айланайын белегим!
Тетиги, дүмүрөйүп көрүнгөн,
Түз болгон тоонун урчугу,
Бетеге чыккан чоң талаа
Чай алчу тоонун тумшугу.
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ошол,
Кароолго койчу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол.
Ошол жерге барганда
Буурсун тийген чийин жок,
Суур казган ийин жок.
Ошол жерге барганда
Кезигип калсаң түлкүгө,
Тегерегиң караба,
Тегеле жаның аяба,
Өөдө-ылдый караба,
Өлөмүн, - деп санаба.
Астыңдагы Көкчебич
Буудандын жайын айтайын,
Кара байыр, казанат,
Калбыр өпкө, жез билек,
Чалгынга минсең чарчабайт,
Оорукка минсең оорубайт,
Катыра түлүк жол жүрсөң
Шейшеби токтоп тутулбайт,
Жүгүргөндө жаныбар
Канаттуу качып кутулбайт.
Бөлөк жакка кайрылба,
Айткан жерден айрылба,
Ордунда болсо түлкүнү
Астыма салып кубалап,
Айкырып анда бакырам:
«Сыргак, кел!» - деп, чакырам.
Чыканактап дем албай,
Чырым этип, уйку сен албай,
Кармап алсак түлкүнү
Калың кытай элинин
Казына, малын чачабыз».
Муну айтып Алмамбет,
Колунан кармап Сыргактын,
Кайта-кайта бек уучтап:
«Ушу жерден жылба», - деп,
Улам-улам табыштап,
Бура тартып дыр койду,
Сарала менен чу койду.
Бөксөгө мөндүр жаадырып,
Күндү түнгө айлантып,
Сасык туман түшүрүп,
Жайдын күнүн кыш кылып,
Кароолдогу калмакты
Кар-бороонго туш кылып,
Түлкү жаткан өзөнгө
Түнөртүп мөндүр жаадырып,
Кароолчусун камады.
Корголотуп чыгарбай,
Түлкү жатты ийинде
Жаандан коркуп тура албай.
Жайлаган жай зыйкырды
Окуп келген Алмамбет,
Сандаган сан кытайды
Кырып келген Алмамбет.
Кытайдын сырын калтырбай,
Билип келген Алмамбет,
Кытайдын жолу - кыйын жол,
Көрүп келген Алмамбет.
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы,
Белгилүү берен султаның
Сырбараңды колго алып,
Бастырып чыкты кайкыга,
Караган шак элине,
Качан болсо түлкүнүн
Кароолго чыгар жерине.
Түлкүнү карап элеңдеп,
Арта салып бир ташка
Бараңды турду белендеп.
Ошол чакта куу түлкү
Башын жерге салды эми:
«Мезгилсиз кандай жаады? - деп,
Кандай күндө болду? - деп,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Алмамбет жайы көрүнөт,
Кароолго барып, мен карап,
Кайра тартып келейин,
Кашат бойлоп желейин,
Кароолдогу кырк кечил
Барып кабар берейин.
Бээжиндеги Карыкан
Белгилеген сөзү эле,
Берен көк жал Алмамбет
Бээжинге сапар кылмакка
Быйыл келер кези эле».
Муну ойлоп куу түлкү
Жаны калбай түйүлүп,
Зымырылып жүгүрүп,
Кароолго келди жулунуп,
Тумшугун өөдө көтөрүп,
Жыттап турду айланта.
Төгөрөктүн төрт бурчун
Калтырбастан төтөлөп,
Бодур кыраң, боз талаа
Дагы чыгып калыптыр.
Сараласын самсытып,
Желген экен Алмамбет,
Жер жайнаган кол алып,
Келген экен Алмамбет.
Жайылган кыраң, тик тумшук
Үч тулпардын изи бар,
Не де болсо чалгынга
Чалып кабар аларга
Келип калган киши бар,
Быйылкы жыл чоң катар
Каканчындын Бээжинге
Дүмөк салар кези бар».
Муну ойлоп түлкүңүз
Секирип таштан дыр койду,
Аңдып турган Алмамбет
Окчо кармап бараңды,
Качып калган түлкүнү
Капталдата бир койду,
Мээлеген жерге тийбестен,
Бир жаккы колун сый койду.
Кара жандан түңүлүп,
Канаттуудай түйүлүп,
Качып барат түгөнгүр
Үч буту менен жүгүрүп.
Агала кыя капталдан
Алмамбет келет бакырып,
Бакырыгы тоо жарып:
«Эр Сыргак!» - деп чакырып.
Колундагы Карткүрөң
Кабак жакка ыргытып:
«Чү!» - деп калды учкандай.
Эликтей кылып түйүлтүп,
Астындагы Көкчебич
Оңду-солду камчылап,
Оң-тетири теминип,
Карыдагы сырнайза
Кармай салып оң колго
Түлкүнү көрүп сүйүнүп,
Тиктеген көзүн ирмебей,
Жаңылбастан баратат!
Каптал жолго таянып,
Караандаша кеткени,
Түлкүдөн чыккан чаңдакка
Аралаша кетти эми.
Белестеги кайкаңда,
Бетегелүү тайпаңда,
Безилдетип тулпарын
Түлкүгө жаңы жетерде,
Канаты бар Көкчебич
Жандай салып өтөөрдө:
«Кудай, кууну бергин!» - деп,
Сырнайзаны көтөрдү.
Түлкү демеп дыр койду,
Караган, бадал, калың чер,
Качып түлкү кирерде,
Кабылан берен Сыргагың
Капталдата бир койду.
Каптал жүнү бурады,
Бели үзүлүп быркырап,
Сүйүнгөндүн белгиси
Берен тууган Алмамбет
Артынан келди кубанып.
«Айланайын, Сыргак!» - деп,
Көзүнүн жашы он талаа,
Түлкүнү сойдук талаага
Айланайын, Сыргагым,
Малым түгүл, казына,
Сендей кыраан балага
Кара башым садага!» Аттан түшүп түйүлүп,
Азизкандын Алмамбет
Түлкүгө келди жүгүрүп,
Кара болот Наркескен,
Кындан алып сууруп,
Алты бөлүп таштады,
Түлкүнү канга жууруп.
Караган шак, калың таш,
Ошол таштын ичинен
Жаткан төөдөй шири кап,
Азизкандын Алмамбет
Эр Сыргактын алдына
Алып келди көтөрүп,
Ичин жарып караса,
Коңурбайдай калчанын
Камдап койгон тону экен,
Кароолго келгенде
Кие турган тону экен.
Коросонго кой айтып,
Баабединге бата айтып,
Ай туяктан ат айтып,
Алмамбет турду сүйүнүп,
Жаткан төөдөй шири кап
Жара чаап жиберип,
Коңурбайдын кеп тонун
Алмамбет алып кийинди.
Тонду кийип алган соң,
Алмамбет турду шаңданып,
Көрүп турду эр Сыргак
Алмамбетке таң калып.
Көз-көз алтын балкылдайт,
Көөкөрдөй болгон шуру таш
Төбөсүндө жаркылдайт.
Сырт жагынан караса
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кебетесин карасаң Кечилдин каны Коңурбай,
Алакең өзү болуп калды эми.
Колундагы чылымы
Алтын айлуу, сыр канжа
Алдынан чыгып караса Алачыктай зор калча.
Ошондо, береки кең Таластан келерде,
Өөдө-төмөн чыркырап,
Туйлап берген эмеспи,
Белек кылып бир куржун
Берен жеңең Каныкей
Ыйлап берген эмеспи:
«Ой, аяш, Бээжинге барсаң чала бар,
Береним жеңем берди, - деп,
Белек кылып ала бар.
Каканчындын Бээжинге
Барсаң кытай чөп деген,
Балакети көп деген»...
«Бээжинге бейпай салганда
Белекке алып барсын» - деп,
Иштүүлүктөн Каныкей
Нашап салган эмеспи.
Коңурбайдын Алгара
Кулагына кулагын,
Туягына туягын,
Так ошондой кылдырып,
Жасап салган эмеспи.
Ички жагын жабуунун
Була менен байлаткан,
Түк келүүчү сырт жагын
Кара кыл менен карматкан.
Куржунга салып кабыштап,
Аманат берген табыштап,
Курган катын Каныкей:
«Бээжинге барсаң ала бар,
Оорсунбай аяшым,
Канжыгаңа чала бар,
Ушул турган кеп тонду
Белекке бердим ала бар».
Берен катын Каныкей
Белекке берген кеп тонду,
Берен Алмаң кабылан
Астындагы Сарала
Ээрин алып жайдактап,
Берендигин билгизди,
Каныкей берген кеп тонду
Саралага кийгизди.
Жана кеп тонду кийип алганда
Кептүү күлүк Сарала,
Сараласы жоголду,
Коңурбайдын Алгара
Алгара болуп оңолду.
Көкүлдү көккө ыргытат,
Туякты жерге мылгытат,
Ооздугун каккылайт,
Тал жибектей куйрукту
Чаткаякка чапкылайт,
Астыга минсе Сарала
Алгарача булкунат,
Кээ бир жерде Сарала
Атырылып жулкунат.
Алмамбет, короздой мойну койкоюп,
Кылычы жанда кыңгырап,
Кыя тартып жөнөсө
Кызыл чоктуу кытайдын
Кыйыны болуп зыңгырап,
Туура сага өлүм жок
Таш сайынган кытайдын
Тазасы болуп кубулуп,
Ээр белдей белестен
Чаңдап чыкты көрдүңбү?
Ээк алдында куу кулжа
Коңурбай болуп кубулуп,
Алакең, алдап чыкты көрдүңбү.
«Ажыдаар жатат белинде,
Куу түлкүң жатат көрдүңбү?
Кароолго койгон жеримде,
Менин балбаным жатат чебимде,
Өрдөгүм жатат көлүмдө,
Атаңдын көрү, Ак кулжа,
Кара сууда кеме жок,
Кайран башым барында
Каш кайтарар эме жок,
Туура сууда бөлүм жок,
Туйгун башым барында
Тура бергин, куу кулжа,
Карап көрчү, куу кулжа,
Кароолго турган арсланым,
Канча жылы болгончо,
Кароолчу болуп өзүмө
Жол кайтарып калганың,
Аркарга сени кошпогон
Өзүмдө болот арманым.
Карыкандын алдынан
Алты аркар тандап аламын,
Мына минтип өзүңдөн
Жана тукум аламын», Мына муну укканда,
Таштап чуркап, дыр коюп,
Алакеңдин алдына:
«Коңурбайым экен», - деп,
Жетип келди чу коюп.
Туура тартып турганда,
Кулжага Алакең амал кылганы,
Кара калпак кыргагы,
Кабарыңда бар бекен,
Кан Манастын Сыргагы
Колундагы чорт келте
Окчун кармап бир койду,
Кулжаны минтип кулатты,
Бала Сыргак көйкашка
Аткан жерде сулатты.
Куу кулжа атып сойду эми,
Этине экөө тойду эми.
Аяныч жок жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Томуктай жерде тоосу жок,
Токум батар коосу жок,
Ит өтпөгөн чөл менен,
Ийри-буйру жол менен
Аттын оозун бурду эле,
Азганакай Алакең
Капа болуп турду эле,
Жанындагы Сыргакка
Бу сөздү айтып турду эле:
«Маңдай жаккы кашатта
Жалгыз аттын жолу бар,
Өрдөгү көлдөн кетиптир,
Эки күн мурун келбеген
Алмамбеттин шору бар.
Алты күндүк алдында
Чоң Малгун деген зору бар.
Алачыктай чочмору
Алышарга колу бар.
Алдында турган кырк кечил
Кароолдогу чоңу бар,
Чоң Малгундун алдында
Кытайча бичик каты бар,
Капыр Малгун минерге.
Боз качырга мингизсе,
Айбандан күлүк чоң эшек Чуркашына мал жетпейт,
Үстүндөгү Малгунга
Алышкан менен ал жетпейт.
Малгундун жайын сурасаң
Адамдан башка сөзү бар,
Маңдайынан карасаң
Көнөктөй жалгыз көзү бар.
Чет-Бээжиндин тамы ошол,
Ченебеген чоң Малгун
Жалгыз көздүү каны ошол.
Кандай заман, кандай түн,
Кабылан Сыргак, кырааным,
Экөөбүздө бу жолдо
Болор экен кандай күн?
Чочуп турган кообум
Ошол капыр Чоң Малгун
Алышканды түк койбойт,
Бир чочконун этине
Бир жегенде түк тойбойт.
Бейлеп сөздү байкачы,
Алакеңдин кеби ошол,
Каканчындын Бээжинди
Жалгыз көздүү Чоң Малгун
Кайтарып турган жери ошол.
Тетиги, бозала мойнок, кыраң таш
Казаны жатат кайналуу,
Тетиги капталда чынар теректе
Качыры жатат байлануу.
Алмамбет ураан чакырсам,
Качырына жете көр,
Жетчү болсоң Сыргагым,
Качырдын башын кесе көр.
Угуп ал жакшы сөзүмдү:
«Алакең кандай болду?» - деп,
Сала көргүн көзүңдү.
Качып кетсең кытайдан
Балалыгың билермин,
Айтылмыш кеп чын болсо,
Таңда магшар күнүндө
Сени, кара эшек кылып минермин.
Сага айтпай, кимге айтам,
Айзага таккан желегим,
Азгынакай кыргыздан,
Атайы сурап Манастан
Алып келген белегим.
Аянып Сыргак, калбагын,
Чоң Малгун менен салышам,
Чочуп чыга бербегин,
Чоңдугун көрүп жалтанып,
Кол салалбай жүрбөгүн,
Чочубастан, Сыргагым,
Жебеден мурун жете көр».
Муну угуп алган соң,
Кара жандын ынагы,
Кабылан бала Сыргагы
Айбалта алып камынып,
Кайратына жалынып,
Бастыра түштү элеңдеп,
Бала жолборс Сыргагың
Айбалтасын белендеп,
Ач бөрүдөй жаланып,
Айрыбай көзүн Малгундан
Тикирее каранып,
Көзү кызыл өрт болду,
Айкырган үнү Алмаңдын
Бузуп кетер өңдөнүп,
Качырды көздөп түйүлүп,
Эки көзү төрт болду.
Атышка кирсе акжолтой,
Алышканда сан колдой,
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы
Барааны тоодой көрүнөт,
Бара түшүп бөлүнөт,
Байкап турса турпатын
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай,
Чоң Калчадай көрүнөт.
Күдөрү чылбыр булкунтуп,
Күлүгү менен жулкунтуп,
Чоң өтүгү чойкоюп,
Коюла түшүп зыңгырап,
Короздой мойну койкоюп,
Кылычы белде кыңгырап,
Кытайдын каны болгондой,
Бастырып калат зыңгырап,
Кечилге жакын калганда
Кебетеси Алмаңдын
Коңурбайдай көрүнөт.
Очогу оттой чоң канжа
Белинен жулуп алды эле,
Дүңгүрчөктө тамеки
Беш чеңгелдеп салды эле,
Берениңдин канжасы
Тизгинден кармап камынып,
Атышпагын, Алма - деп,
Коё бербей, эр Мажик
Жана мылтыктан кармап жалынып
Ошондо Мажик муну айтты,
Кагылайын сабылып:
«Айланайын Алмамбет,
Кара журтта не жазык,
Каны акмак эмеспи,
Акылы жок бул казак,
Токто, Алма, атпагын,
Акыр биз да өлөбүз!»
Кайра тартып мылтыкты,
Ай далыма илгемин,
Мажиктин айткан бул сөзүн
Чын экенин билгемин.
«Кырып кетсем казакты
Не муратка жетейин,
Андан көрө казакты
Камчылап сабап кетейин!»
Долоно кармап ийгемин,
Толуп жаткан казакка,
Сары-Аркада көп калкка
Камчы менен киргемин.
Айзакердин баарысын
Айгайлатып сүргөмүн,
Мергендерин жапырып,
Быт-чыт кылып тийгемин,
Каптап келген казакты
Жакетай, - деп жалынтып,
Айылына айдап киргемин.
Айылына кирип барганда,
Өкүрүп-өксөп, көп казак
Баары бирдей буркурап,
Түшө качты атынан,
Туш-тушка качып чуркурап.
Карап турсам ошондо,
Айдаркандын эр Көкчө
Качып барат алдымда,
Көгала минип дыркырап.
Сарала менен чуратып,
Жебеден мурун жеткемин,
Жеткен жерден Көкчөнү
Төбөгө салып өткөмүн.
Бир чапкандан чыгарбай,
Кайран досум Көкчөнү
Жыга чаап кеткемин.
Башы айрылып барбайып,
Көгаладан айрылып,
Ортосуна короонун
Олтуруп калды дардайып.
Сураса бербес Көгала
Суук укурук салгамын,
Жалынса бербес Көгала
Жайдак коштоп алгамын,
Бура тартып чу коюп,
Жолду көздөй салгамын!
Көөдөнгө батпайт көп санаа,
Жолумдан чыгып буркурап,
Аяш катын Акеркеч
Көзүнүн жашы он талаа,
Мурдунун суусун тарталбайт,
Көзүнүн жашын арталбайт!
Буудай өңдүү, кара көз
Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Карагаттай кара көз
Кайран жеңем Акеркеч,
Кан аралаш жаш кетип,
Астымдан чыга калган соң,
Көкчөнүн атын алганда
Не муратка жетемин,
Аяш жеңе Акеркеч,
Олжо кылып, соогатка
Өзүңө берип кетейин!
Окоро түйгөн чылбырды
«Алыңыз - деп, бул атты»,
Эркечти көздөй ыргытып,
Эркечке атты берген соң,
Айдаркандын Көкчөсүн
Айбандыгын билген соң,
Ээрчиткеним эр Мажик,
Эрикпестен жүргөмүн.
Каракан кызы Каныкей,
Байбичеси Манастын
Качарымды билиптир,
Көкчө менен тим турбай,
Кетет го, - деп жүрүптүр.
Сымбатын журттан оздурган,
Жекенди тонду кийгизип,
Желмаянды мингизип,
Үзүктөй калпак эр Шууту
Адейи мени тоздурган,
Тоздуруп койгон Шуутусу
Жалпак кыя, жар ташка
Жатып уйку кандырып,
Жантак менен сыр жыгач,
Желмаянын чалдырып,
Болжолунан эки күн
Өтүп калган кези экен,
Менден мурун Таласка
Кайта тартып карабай,
Кетип калган кези экен.
Жолукпай көөнүм бошогон,
Жол байланып кантейин,
Каршы өтүштүк ошондо.
Токтобой жүрүп кеткемин,
Сары-Аркадан чыкканда
Букарга барып жеткемин,
Конок болуп Букарга
Токтобой өтүп кеткемин,
Чоң дайрага жеткемин.
Чоң дайрадан сал көрдүм,
Бусурманча түрү бар,
Заңкайыңкы жан көрдүм.
Салам берип сабылдым,
Сооп болсун, акетай,
Сараланы салгын - деп,
Шайыктарга жалындым.
Сараланы салгын - деп,
Кызыл алтын зер бердим,
Оңбогон шайык оңбоду,
«Сараланы салбайм» - деп,
Оңураңдап болбоду.
Алтынды берсем алган жок,
Жалынсам да канчалык,
Сараланы салган жок,
Сарала барса Мекеге
Алмамбетте арман жок.
Сараладан айрылып,
Кай муратка жетем - деп,
Биттейимде бириккен,
Сарала тулпар жолдошту
Кайда таштап кетем - деп,
Аң-таң болуп турганда,
Сарала менен Көгала
Бизге аманат бергин - деп,
Байда болду дубана.
Алданын салган буйругун,
Ушундай экен көргөмүн,
Көгала менен Сарала
Аманат кылып ошондо
Дубанага бергемин.
Салына түшүп алгамын,
Эр Мажикти ээрчитип,
Мен Мекеге баргамын.
Беш эшенден буда угуп,
Беш күн турдум Мекеде.
Мекеде туруп сабылдым,
Көбүнчө кетпей көңүлдөн
Сараланы сагындым.
Уктап жатсам түшүмдө
Уй куймулчак Сарала
Кулжадай мойнун буруптур,
Бет алдымда тулпарым
Ыйлагансып баш салып,
Мени карап туруптур.
Сарала мага муну айтты,
Айтып мени муңайтты:
«Буудан жаным, кайран жан,
Куруттуңбу, Алаке!
Чының менен ойлобой,
Унуттуңбу, Алаке!
Күнү-түнү оюмдан
Сарала кетпей бир мүнөт
Кайра тарттым Мекеден,
Айбан да болсо жолдошум,
Анык күлүк тулпарым
Сараланын айынан
Кайра тартып келгенде,
Атты койгон жеримде
Атым түгүл, карга жок
Карап турдум жалдырап,
Атты табар айла жок.
Жерге жарык тийгенде,
Таң кашкайып сүргөндө
Ичкенин боюн төтөлөп,
Баякы калган дубана
Сарала менен Көгала
Алып келди жетелеп.
Эки ат колго тийгенде,
Ошол кезде Сарала
Кыл этинде кези экен,
Ойлоп турсам ошол чак
Түнбү десем күн экен,
Атымды койгон дубана
Кайып эрен, кырк чилтен,
Олуянын бири экен.
Сараланы мингенде
Абыдан чындап жол жүрдүм,
Андан жүрүп нече күн,
Букарга жетип келгемин,
Салам айтып кашкайып,
Астымдан чыкты бир киши.
Астында көк аты бар,
Сыягын карап мен турсам,
Үстүндөгү кишинин
Миң кишилик алы бар.
Бети аппак чүчтөдөй,
Кара сакал мистедей,
Көзү көлдүн ордундай,
Көрүнгөндү соргундай,
Айдыңын көрсөң акжолтой,
Алышка кирсе сан колдой.
Көк сүлөөсүн бөрк кийген,
Көк темир калкан ойногон,
Оён мыкты Бакай кан
Бал менен оозун чайкаган.
Айбалтасы шайлануу
Ар жабдыктын баарысы
Бүткөн бойдо камдалуу,
Аркамдан жетип барбактап,
Колун сунуп дардактап,
Мага сунуп калыптыр:
«Сары талдан сайдырган
Багын таштап Бээжинге,
Сап алтындан жасаткан
Тамын таштап Бээжинге,
Кара динден ак болгон,
Капырдан качып жат болгон,
Кагылайын кулунум,
Кабарыңды укканда,
Качып Бээжин чыкканда
Каңгай кирди, - деп уктум,
Каңгай канын талкалап,
Алтай түштү, - деп уктум.
Алтайдын журтун ыйлатып,
Кыз-катынын чуулатып,
Андан өтүп, кулунум,
Көкчө келди, - деп уктум,
Казактардын Көкчөнү
Камап кетти, - деп уктум,
Карсылдатып талаада
Сабап кетти, - деп уктум.
Алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Көрбөсөк да, билбесек,
Аман-эсен болдуңбу,
Келе бери, колуңду!»
Муну айтып, кан Бакай
Кол алышып турганы:
«Бүгүн бизге конгун - деп,
Бизге конок болгун - деп,
Таң кашкайып атканча,
Тараза жылдыз батканча
Аңгемеге баталык,
Тамашалап жаталык», Деп, ошондо кан Бакай,
Жүрөр жолун төтөлөп,
Ооздуктан бек кармап,
Сараланы жетелеп,
Алып кирди сарайга.
Каалга темир сом калай,
Кыз чагында Каныкей
Кымбаттык менен салдырган,
Кыйланы таң калтырган,
Букардагы зор сарай,
Ол сарайга киргенде,
Мамылары кагылуу,
Сарайга кирип барганда
Баары кийген кара бөрк,
Эрдиги артык көрүнөт.
Баары оён, кара көк,
Отуз жигит ортодон
Чуркап жетип калганы,
Сараланын үстүнөн
Так көтөрүп алганы.
Ал, темирден соккон кермеге
Сараладай күлүктү
Аса байлап салганы,
Ар жагында бир үйгө
Касиеттүү Бакай кан
Алып кирип барганы.
Дасторкону салылуу,
Эчен түрлүү аш-тамак
Баары турат жайылуу.
Ошондо Бакай көк жалың
Аңгеме сөздөн баштаган,
Багылан козу, тай этин
Бал кайнатып таштаган.
Дасторконду жыйгыча,
Тамакты жеп тойгунча,
Касиетин көрдүңбү,
Кайран Бакай канзаада,
Менден сөздү сурабайт,
Дасторконду жыйганда,
Жана бата кылганда,
Ургаачыдан уз көрдүм,
Кырктай сулуу кыз көрдүм.
Кара сурдун сулуусу,
Кыз алдынан карасам,
Ургаачынын урдуусу,
Жүзү кызыл кынадай,
Кан Манастын Каныкей,
Он тогузга жаш келген
Орою сулуу келинчек,
Кысыр эмди тай тайлак
Башын эми чалдырып,
Кызык татты аш-тамак,
Букардан жыйып алдырып,
Алтындан кылган чарага
Ар даамдын баарысын
Салып чүмкөп алдырып,
Букардагы Агынай кызы Арууке,
Өзүнүн жакын сиңдисин
Эт көтөртүп алдырып,
Моймолжуган кара көз,
Тартуу кылып келиптир.
«Түбөлүк жарың ушу» - деп,
Он жетиде Арууке
Ала келип алдыма,
Асыл тууган Каныкей
Тартуу кылып келиптир:
«Азизкан уулу Алмамбет,
Арсланым, уккун менин кебим - деп,
Колтукташа кеткидей,
Коштолушуп жүрөөргө,
Өмүрлүк сенин теңиң - деп,
Ой, уул, көңүлүңдү бөлбөчү,
Көрүнгөнгө кыз тарткан,
Кандай сонун калык - деп,
Бизди жаман көрбөчү».
Ушу сөздү айткан соң,
Агынай кызы Арууке
Башындагы кийгени
Алтындан кылган такыя,
Баштатан ашык маа болуп,
Жете албай жүргөн байкуш аа.
Көңүлүнө толтуруп,
Ойноктогон тасма бел,
Оң тиземдин үстүнө
Баса келип олтурду.
Акка ишин салыптыр,
Жанымдагы Мажикке
Көлөйдүн кызы Көөнөкан
Тартуу кылып келиптир.
Ал аңгыча болгон жок,
Асыл султан Бакай кан
Алты кожо, төрт эшен
Даяр кылып калыптыр.
Кожону Бакай жыйганы,
Курандан аят окутуп,
Чак түштө ике кыйганы.
Оң жагымда Каныкей,
Сол жагымда кан Бакай
Отургузуп ортого,
Сурады менден жоопту.
Баятадан берки дүмөктү,
Айтып бердим ошондо,
Арслан Манас, көк жалым,
Ушу өзүңө айткан жомокту.
Жомокту угуп алганда,
Аяш долу Каныкей
Боздоп турду буркурап:
«Манаска айта көрбө» - деп,
Ыйлап турду чыркырап,
Кулактары мистеген,
Балбандары сандан көп,
Каканчындын Бээжинге
Арсландар чаркы жетпеген.
Арслан көк жал кабылан
Он эки канды жыйбасын,
Чоң казаты болбосун,
Бүткүл кыргыз элинен,
Такыр кырып салбасын,
Айтып койсоң сырыңды,
Алакандай кайран эл
Бекер кыргын болбосун.
Эл эсебин айтайын,
Илгеркисин санасам,
Нече кандын эли бар,
Ушу бүгүн санасаң,
Он эки кандын журту бар.
Он эки кандын аз журтун
Оён көк жал кан Манас,
Жыйып айдап, албасын,
Айдап барып Бээжинге
Такыр кырып салбасын».
Бадышазаада Бакайга
Ант кылдым, кармап чыбыкты,
Бээжиндин жайын айтпаска.
Бу дүнүйө жалганда
Кан Манас, ал айтканың дагы чын,
Кечээ, Коконго кордук салганда,
Маргалаң менен Самаркан
Баарын чаап алганда,
Билге жүктөп дилде алдык,
Кара көздөн миңди алдык:
«Бээжиндин жайын, айткын» - деп,
Мени кыстап сен турдуң:
«Билбеймин» - деп, Бээжинди
Мунда дагы ант кылдым.
Көрбөдүм - деп, Бээжинди
Айткандыгым дагы чын,
Көрмөк түгүл Бээжинди
Туулуп, өсүп чоңоюп,
Келгендигим мындан чын.
Сарала менен самсытып,
Желгендигим дагы чын,
Акыреттин жайынан,
Азаптуу тозок барынан
Жеримден тентип, элимден
Жүргөндүгүм дагы чын.
Эми Манас, кебимди ук,
Айры белес, бек жолду
Ашкандан Алмаң коркпогон,
Түнөрүп жаткан Бээжинди,
Түмөндөгөн кечилди
Чапкандан Алмаң коркпогон,
Чек араны чет кылып,
Бөлүштөн Алмаң корпогон.
Чет-Бээжин эмес, Түп-Бээжин
Таш-талканын чыгарып,
Өлүштөн Алмаң коркпогон.
Алым келсе топ бузам,
Ажал жетсе кантейин,
Кайра тартып кетпеймин,
Түп-Бээжинде окко учам.
Окко учар себебим Көйнөгүм чечип жууган жер,
Киндигимди бууган жер,
Алмаң эмес, а түгүл,
Алтымыш атам тууган жер.
Кокустан өлүп мен кетсем,
Тоодогу жылкым тогуз миң,
Жылкымды Манас, жыйып кой,
Алган жарым Арууке,
Ажал жетип мен өлсөм,
Мажикке ике кыйып кой.
Адырда жылкым ала баш,
Аргымак буудан аралаш,
Сай тулпар күлүк баары ток,
Опосу жок жалганда
Аркамда эркек балам жок.
Ашкере тулпар мээси жок,
Менин көзүм өткөн соң,
Артымда калган бир туяк,
Жыйып алар ээси жок,
Арманы зор дүнүйө
Көтөрбөскө чара жок.
Маңдайым эмес, артымда
Берзент деген кара жок,
Жыйылган дүйнөм, алтын-таш,
Бээжинге кирип мен өлсөм,
Кайда калбайт курган баш!
Бээжинден кайтпай мен өлсөм,
Белимден бекем бүктөп кет,
Бээжинге сөөгүм калтырбай,
Бери карай жүктөп кет!
Белгилүү жерге келгенде
Көрүмдү терең оюп кет,
Жакшылап мени коюп кет!
Жана Манас кабылан,
Айтар сизге кеп калды,
Аман Талас көрсөңүз,
Агынай кызы Арууке
Калп болбосом, ичинде
Үч ай болжол шек калды.
Эркек эмес кыз болсо,
Күдөрүң менден үзүп кой,
Эркек болсо эгерде,
Тоюна токсон соё көр,
Атын Күлчоро берен коё көр.
Эркек болсо эр болот,
Өзүмдөн өтө илгери,
Айза салым шер болот.
Кызарып жанган чок болот,
Кыйкырып жоого тийгенде
Сандаган душман топтолот.
Керээз айткан кебим бул,
Айткан сөзүм түйүп ал,
Барса-келбес Бээжиндин,
Кайгуулуна баратам,
Үчүнчү айда күтүп ал!
Үчүнчү айдан мен калсам,
Адырдан аркар атып жеп кеткин,
Адамзаттын арсланы
Алмамбет өлдү, - деп кеткин.
Күн болжолдон мен калсам,
Бээжинге барбай кайтып кет,
Береним Алмам өлдү - деп,
Арттагы он эки канга айтып кет!
Керээз айткан себебим,
Бир жолу бар Бээжиндин,
Барган кайра кайтпаган,
Бир жолу бар Бээжиндин,
Кезиккен кайра тартпаган,
Бир жолу бар Бээжиндин,
Казып койгон ору бар,
Бир жолу бар Бээжиндин
Курап койгон колу бар,
Колуна тийсе кытайдын
Кайнатып койгон шору бар,
Кош, көк жалым, кан Манас!»
Муну айтып турганда,
Манас кан ыраазы болду кебине,
Кара жанды аябайт,
Алмамбеттей шерине.
«Алакем, кызыл айза желегим,
Кылчайбай келген журтунан
Кытайдан келген белегим.
Алакем, ажалы жеткен өлбөйбү,
Моюнга келген азапты
Жигити чиркин көрбөйбү?
Искендер баспас Бээжинге
Имерип айза сунуп бер.
Эч ким барбас Бээжинге
Жетип кызык салып бер,
Кытайдын малын чачып бер,
Тилимди алып, кырааным,
Кыргыздын жолун ачып бер.
Бээжинден чалгын чалууга,
Чалып кабар алууга
Жылкыдан тандап берейин,
Карткүрөңдөй малымды ал,
Аздык кылса азыгың
Көөкөргө куюп канымды ал.
Ат бекитер өрөөндү ал,
Амыз кылбай Бээжинге
Жаныңдагы төрөңдү ал.
Он эки урук кыргыздан
Тегиз жыйып алайын,
Чубатууга салайын,
Айзалаш тандап, болжоп ал,
Каканчындын Бээжиндин
Кабары катуу жер экен
Кашыңа тандап жолдош ал.
Ошондо чочуп кетти Алакең:
«Артыгым айкөл, не дейсиң,
Он эки кан журтуңду
Тегиз жыйып алганда
Не муратка жетейин,
Жаныма берчи тең жолдош Сыргак менен кетейин.
Самоору алтын, чайы арзан
Самаркандай калаа жок.
Сайышкан жоого киргенде,
Салгылашып турарга
Сыргак өңдүү бала жок.
Кабылан Сыргак балага
Кыргыздын журту биригип,
Жана менин кара башым садага!
Сыргакты берчи аламын,
Анан чалгын чаламын!
Эр Сыргак чыканактап калбаган,
Чырым этип уйку албаган.
Атка жеңил, тайга чак,
Уйкусу жок, жоого сак,
Ай-ааламды буй кылат.
Айланайын, эр Сыргак
Сундурган айза тартпаган,
Сумсайып коодон качпаган,
Душманга азар салбаган,
Туш-туштан камап жоо чыкса
Суурулуп кайра кайтпаган.
Бээжинге барбай кайрылбайм,
Безилдетпе көп мени,
Береним эр Сыргактан айрылбайм.
Сыргактын ааламга жетет чамасы,
Өзүң менен аталаш
Ага-ининин баласы.
Кара калпак кыргагым,
Аман болсун, өлбөсүн,
Качан болсо Сыргагым.
Улак кан менен Жакып кан
Ушул экөө бир тууган.
Өлбөсөм Бээжин чаламын,
Улак кандын Сыргагын
Өзүңдөй көрүп турамын.
Кызыгы кыйын Бээжинге
Кыйкырып айза сунамын,
Кыйрашкан кытай душманга
Сыргакты медет кыламын.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Арсландар барбас кытайдын
Быйыл күчүн көрөмүн».
Муну Алмаң айткан соң,
Муну айтты Манас кан:
«Кош, эмесе кабылан,
Шаймандын баары бүктөлүү,
Алтымыш асый кези эле,
Карткүрөңгө жүктөлүү».
Манас, Чубак эки шер
Оорукка экөө калган жер.
Алмамбет менен Сыргактын чалгыны
Жылкыда күлүк ала баш,
Алмамбет, Сыргак аты уйкаш
Аттанып чалгын чалган жер.
Дубалуу сөзүн аянбай,
Туйгун Манас, эр Чубак
Эки колун көтөрүп,
Көздөн жашын имерип,
Кожурап бата берген жер.
Алмамбет, Сыргак эки шер
Кидирбей атка минген соң,
Кайрылбай жолго кирген соң,
Карап туруп кан Манас
Каңырыгы бек түтөп,
Алмамбет, Сыргак эки шер
Түп-Бээжинди бет алып,
Кытайдын жерин чалган жер,
Кан Манас, Чубак биригип,
Тал-Чокуда калган жер.
Азизкандын Алмамбет
Жанында Сыргак кара көк,
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен,
Ашуусу бийик тоо менен,
Аскар жаткан зоо менен,
Ирмеп алар чөбү жок,
Чык этерге суусу жок,
Үстүнөн ысык кетпеген,
Төбөсүнөн айланып,
Канаттуу учуп өтпөгөн
Кыйыр-кыйыр жер менен
Кылчайбай, турбай жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү.
Көп ойлонуп нез болду,
Жаңырыктын Жар-Кыя
Ажыдаар жүрбөс чубама,
Тешик-Таштын оюна,
Агарган талаа боюна
Жакын кирип барганда
Артындагы эр Сыргак
Айланасын караса,
Мергени турат бир жерде
Мээлеп тиктеп аткалы,
Ажыдаар турат бир жерде
Арбап, соруп тарткалы.
Бир жагын Сыргак караса
Илбирси турат илгели,
Жолборсу турат комдонуп,
Качырып шериң киргели.
Мунун баарын көргөндө
Бала Сыргак муну ойлойт:
«Чолпондой болгон кайран көз
Ойдургалы келген го?!
Ажыдаар, жыланга
Алдап чалгын чалдырып,
Көөнү келсе Алмамбет
Сордургалы келген го?!
Качан болсо өлгөмүн,
Алмаңды ээрчип келгемин.
Ажыдаар оп тартса,
Аянбастан соёюн,
Жолборсу келип кол салса,
Өлүм кылып коёюн.
Бекитип койгон чептерин
Мен талкалап өтөйүн,
Астымдагы Алмамбет
Артынан кууп жетейин,
Канын чачып бу жерден
Кайра тартып кетейин!»
Жабдыгын алып шайланып,
Жалаңдаган эр Сыргак,
Жанына болот байланып,
Энтеңдетип шаштырып,
Алдындагы Сарала
Согончоктой бастырып,
Сыргактын түрүн көргөндө
Сырттан тууган Алмамбет:
«Кокустан көрсө кароолчу
Кытай капыр эми көрөт - деп,
Минтип жүрсө Сыргагым
Түбүмө түгөл жетет - деп,
Аңдып жаткан кытайга
Шек билдирип кетет» - деп,
Муну ойлоп Алмамбет
Сарала оозун бурду эле,
Күпсөр менен бир дары
Күркүрөп Алмаң суурду эле,
Алакан толгон дарыны
Таңдайына урду эле.
Ээрдин башын каккылап,
Камчы менен кайталап,
Үзөңгүнү чапкылап,
Калмактай сүйлөп калдырап,
Кытайча сүйлөп балдырап,
Амал окуп кытайдын
Айласын билген Алмамбет
Зыйкыр окуп турду эми.
Алмамбет зыйкыр окуса,
Ажыдаар качты ышкырып,
Мергени качты үшкүрүп,
Жолборсу качты тоо менен,
Илбирси качты зоо менен.
Каманы качты токойго,
Быт-чыт болуп зыйкырлар
Житип-житип жоголду.
Бул амалды көргөндө
Сарала оозун бурду ошол.
«Алаке, чының айткын» - деп,
Сыргак камап турду ошол.
«Уктаса көргүс түш кылдың,
Ажыдаар бизди сороордо
Адамдан башка иш кылдың, Алмам!
Ырас-чының айтып бер,
Анык сырың айтпасаң
Сенин тилиң албаймын,
Өлсөм Бээжин барбаймын!»
«Береним Сыргак, угуп тур,
Чолок этек көйнөгүн
Кийип турган кезимде,
Алакандан чыгарбай,
Кырк кандын эли кытайды
Билип турган кезимде,
Кыргыз болор ойдо жок,
Калың манжуу, кытайдын
Калың согуп, чеп жасап,
Тамы болуп турганда,
Каканчындын Бээжинде
Төбөмө асыл таш сайып,
Каны болуп турганда
Арсландай белим ийилген:
«Бээжинди чаап кетет - деп,
Түбүмө бурут жетет» - деп,
Даңзасына кытайдын
Манас көк жал чийилген.
Муну көрүп алганда,
Таш сайынган кытайлар
Тамак ичпей коркушуп,
Чуркурашып күйүнгөн.
Кыргыз болор ойдо жок,
Жин-берини чалдырдым,
Жин-беринин шаарынан
Алтымыш аяр, зыйкырчы
Атайы буйруп алдырдым.
Айлыгына буттап алтын-зер берип,
Минтсем Бээжин келбейт - деп,
Бээжинди Манас көрбөйт - деп,
Ажыдаар, жолборс канча аң,
Зыйкыр менен мен Алмаң
Жол кайтартып койдурдум.
Алдап туруп аярдын
Амалын бүткүл үйрөнүп,
Баарынын башын алдырдым.
Бекитип койгон зыйкырды
Чечип ийдим, көрдүңбү?
Эми сырым айтайын,
Алтындан ордо там кандай,
Такты минген жан кандай?!
Кудай өзү мендесин
Жаратат экен ар кандай!
Эсенкан кызы Бурулча:
«Алакем качан келет?» - деп,
Боздоп жүрсө ал кандай?!
Боздогон жарга жете албай,
Мелтиреген куу чөлдө
Бозоруп жүргөн мен кандай?!
Эсенкандын Бурулча
Быйыл дүрүйө көйнөк чойгондур,
Көөнү келсе түңүлүп,
Мени келбейт экен - деп,
Күдөрүн үзүп койгондур!
Эсенкан кызы Бурулча
Урдун кызы ал эле,
Урдун уулу мен элем.
Бирибизди бирибиз
Көрүшмөккө зар элек,
Мен Бээжинден кетерде
Келемин деп ишенткен
Көп убада бар эле,
Камоодо калган ал кандай?
Кайрылып кайта жете албай,
Качып келген мен кандай?
Ошо күндөн ушу күн
Коргол менен күн санап,
Күйүп жүргөн жан кандай?
Курусун курган ашыктык,
Астыбызда жайнаган
Калың кытай канча сан?
Бурулча эске түшкөндө
Тутамча келбейт чымын жан.
Мен Бээжинден чыгарда
Далай кытай урушуп,
Кыйрап калган эмеспи,
Эсенкандын Бурулча
Чылбырыма чырмалып:
«Эсен болуп, тез кел!» - деп,
Сараланы жибербей,
Эки колдоп тизгиндеп,
Ыйлап калган эмеспи.
Келгендерден кеп угам,
Алты кан элин чогултуп:
«Бурулчаны бергин» - деп,
Алөөкөнин Коңурбай
Эсенканга ушул жыл
Жуучу түштү, - деп угам.
Этеги тилик көйнөгүн
Кийбей койду, - деп угам.
Болбой койду, - деп угам.
Арага түшкөн алты кан
Алөөкөнүн Коңурбай,
Кытайдын каны Эсенкан
Бурулчанын дартынан,
Журт болушуп келишпей,
Жоо болушту», - деп угам.
Кара кезек, ак калпак
Каарданды эр Сыргак.
Бурулча жайын укканда
Токтоно албай ойдолоп,
Оён көк жал, шер Сыргак:
«Алаке, ушул кебиң чын болсо,
Ичимден кием тонуң бер,
Аныктап азыр жообуң бер.
Көк чебичим минейин,
Каканчындын Бээжинде
Какайлатып кытайды
Бээжинден айдап сүрөйүн.
Топон суу жетпес Бээжинге
Тозокту чындап салайын,
Эсенкан кызы Бурулча
Кытайдан тартып алайын.
Ач билектен имерип,
Учкаштырып артыма
Ат сооруна салайын!»
Ушу сөздү укканда
Азизкандын Алмамбет
Безге сайган кишидей
Ыргып кетти кара көк.
«Түгөнгөн Сыргак, не дейсиң,
Дүмүрөйгөн чоң зоңкок
Түз деп, ашар бел эмес,
Түрү суук кытайга
Түз эле кирер эл эмес.
Бел байлаган бели бар,
Бекип жаткан жери бар.
Түлкүсү жатат белинде,
Өрдөгү жатат көлүндө,
Кулжасы жатат каңкайып,
Коймого койгон жеринде.
Анын ары жагында,
Кырк кечили жанында
Таштан койгон тагы бар,
Алышса адамдын алы жетпеген,
Чоң Малгун деген дагы бар.
Түп-Бээжинде санатсыз
Сапырылган журту бар,
Алты айчылык Бээжинге
Алты күндүк кабарды
Жетип жеке берүүчү
Кыпкызыл калтар түлкү бар.
Он күндүк жерден жыт билген,
Алты күндүк узак жол
Алыстан анык көз көргөн,
Түлкүсүн кармап биз алсак,
Кытайдын малын чачабыз,
Түлкүсү бизден кутулса,
Дүмөктүү болуп кайтабыз.
Арнап алган желегим,
Ачууланбай тим жүргүн,
Айланайын белегим!
Тетиги, дүмүрөйүп көрүнгөн,
Түз болгон тоонун урчугу,
Бетеге чыккан чоң талаа
Чай алчу тоонун тумшугу.
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ошол,
Кароолго койчу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол.
Ошол жерге барганда
Буурсун тийген чийин жок,
Суур казган ийин жок.
Ошол жерге барганда
Кезигип калсаң түлкүгө,
Тегерегиң караба,
Тегеле жаның аяба,
Өөдө-ылдый караба,
Өлөмүн, - деп санаба.
Астыңдагы Көкчебич
Буудандын жайын айтайын,
Кара байыр, казанат,
Калбыр өпкө, жез билек,
Чалгынга минсең чарчабайт,
Оорукка минсең оорубайт,
Катыра түлүк жол жүрсөң
Шейшеби токтоп тутулбайт,
Жүгүргөндө жаныбар
Канаттуу качып кутулбайт.
Бөлөк жакка кайрылба,
Айткан жерден айрылба,
Ордунда болсо түлкүнү
Астыма салып кубалап,
Айкырып анда бакырам:
«Сыргак, кел!» - деп, чакырам.
Чыканактап дем албай,
Чырым этип, уйку сен албай,
Кармап алсак түлкүнү
Калың кытай элинин
Казына, малын чачабыз».
Муну айтып Алмамбет,
Колунан кармап Сыргактын,
Кайта-кайта бек уучтап:
«Ушу жерден жылба», - деп,
Улам-улам табыштап,
Бура тартып дыр койду,
Сарала менен чу койду.
Бөксөгө мөндүр жаадырып,
Күндү түнгө айлантып,
Сасык туман түшүрүп,
Жайдын күнүн кыш кылып,
Кароолдогу калмакты
Кар-бороонго туш кылып,
Түлкү жаткан өзөнгө
Түнөртүп мөндүр жаадырып,
Кароолчусун камады.
Корголотуп чыгарбай,
Түлкү жатты ийинде
Жаандан коркуп тура албай.
Жайлаган жай зыйкырды
Окуп келген Алмамбет,
Сандаган сан кытайды
Кырып келген Алмамбет.
Кытайдын сырын калтырбай,
Билип келген Алмамбет,
Кытайдын жолу - кыйын жол,
Көрүп келген Алмамбет.
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы,
Белгилүү берен султаның
Сырбараңды колго алып,
Бастырып чыкты кайкыга,
Караган шак элине,
Качан болсо түлкүнүн
Кароолго чыгар жерине.
Түлкүнү карап элеңдеп,
Арта салып бир ташка
Бараңды турду белендеп.
Ошол чакта куу түлкү
Башын жерге салды эми:
«Мезгилсиз кандай жаады? - деп,
Кандай күндө болду? - деп,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Алмамбет жайы көрүнөт,
Кароолго барып, мен карап,
Кайра тартып келейин,
Кашат бойлоп желейин,
Кароолдогу кырк кечил
Барып кабар берейин.
Бээжиндеги Карыкан
Белгилеген сөзү эле,
Берен көк жал Алмамбет
Бээжинге сапар кылмакка
Быйыл келер кези эле».
Муну ойлоп куу түлкү
Жаны калбай түйүлүп,
Зымырылып жүгүрүп,
Кароолго келди жулунуп,
Тумшугун өөдө көтөрүп,
Жыттап турду айланта.
Төгөрөктүн төрт бурчун
Калтырбастан төтөлөп,
Бодур кыраң, боз талаа
Дагы чыгып калыптыр.
Сараласын самсытып,
Желген экен Алмамбет,
Жер жайнаган кол алып,
Келген экен Алмамбет.
Жайылган кыраң, тик тумшук
Үч тулпардын изи бар,
Не де болсо чалгынга
Чалып кабар аларга
Келип калган киши бар,
Быйылкы жыл чоң катар
Каканчындын Бээжинге
Дүмөк салар кези бар».
Муну ойлоп түлкүңүз
Секирип таштан дыр койду,
Аңдып турган Алмамбет
Окчо кармап бараңды,
Качып калган түлкүнү
Капталдата бир койду,
Мээлеген жерге тийбестен,
Бир жаккы колун сый койду.
Кара жандан түңүлүп,
Канаттуудай түйүлүп,
Качып барат түгөнгүр
Үч буту менен жүгүрүп.
Агала кыя капталдан
Алмамбет келет бакырып,
Бакырыгы тоо жарып:
«Эр Сыргак!» - деп чакырып.
Колундагы Карткүрөң
Кабак жакка ыргытып:
«Чү!» - деп калды учкандай.
Эликтей кылып түйүлтүп,
Астындагы Көкчебич
Оңду-солду камчылап,
Оң-тетири теминип,
Карыдагы сырнайза
Кармай салып оң колго
Түлкүнү көрүп сүйүнүп,
Тиктеген көзүн ирмебей,
Жаңылбастан баратат!
Каптал жолго таянып,
Караандаша кеткени,
Түлкүдөн чыккан чаңдакка
Аралаша кетти эми.
Белестеги кайкаңда,
Бетегелүү тайпаңда,
Безилдетип тулпарын
Түлкүгө жаңы жетерде,
Канаты бар Көкчебич
Жандай салып өтөөрдө:
«Кудай, кууну бергин!» - деп,
Сырнайзаны көтөрдү.
Түлкү демеп дыр койду,
Караган, бадал, калың чер,
Качып түлкү кирерде,
Кабылан берен Сыргагың
Капталдата бир койду.
Каптал жүнү бурады,
Бели үзүлүп быркырап,
Сүйүнгөндүн белгиси
Берен тууган Алмамбет
Артынан келди кубанып.
«Айланайын, Сыргак!» - деп,
Көзүнүн жашы он талаа,
Түлкүнү сойдук талаага
Айланайын, Сыргагым,
Малым түгүл, казына,
Сендей кыраан балага
Кара башым садага!» Аттан түшүп түйүлүп,
Азизкандын Алмамбет
Түлкүгө келди жүгүрүп,
Кара болот Наркескен,
Кындан алып сууруп,
Алты бөлүп таштады,
Түлкүнү канга жууруп.
Караган шак, калың таш,
Ошол таштын ичинен
Жаткан төөдөй шири кап,
Азизкандын Алмамбет
Эр Сыргактын алдына
Алып келди көтөрүп,
Ичин жарып караса,
Коңурбайдай калчанын
Камдап койгон тону экен,
Кароолго келгенде
Кие турган тону экен.
Коросонго кой айтып,
Баабединге бата айтып,
Ай туяктан ат айтып,
Алмамбет турду сүйүнүп,
Жаткан төөдөй шири кап
Жара чаап жиберип,
Коңурбайдын кеп тонун
Алмамбет алып кийинди.
Тонду кийип алган соң,
Алмамбет турду шаңданып,
Көрүп турду эр Сыргак
Алмамбетке таң калып.
Көз-көз алтын балкылдайт,
Көөкөрдөй болгон шуру таш
Төбөсүндө жаркылдайт.
Сырт жагынан караса
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кебетесин карасаң Кечилдин каны Коңурбай,
Алакең өзү болуп калды эми.
Колундагы чылымы
Алтын айлуу, сыр канжа
Алдынан чыгып караса Алачыктай зор калча.
Ошондо, береки кең Таластан келерде,
Өөдө-төмөн чыркырап,
Туйлап берген эмеспи,
Белек кылып бир куржун
Берен жеңең Каныкей
Ыйлап берген эмеспи:
«Ой, аяш, Бээжинге барсаң чала бар,
Береним жеңем берди, - деп,
Белек кылып ала бар.
Каканчындын Бээжинге
Барсаң кытай чөп деген,
Балакети көп деген»...
«Бээжинге бейпай салганда
Белекке алып барсын» - деп,
Иштүүлүктөн Каныкей
Нашап салган эмеспи.
Коңурбайдын Алгара
Кулагына кулагын,
Туягына туягын,
Так ошондой кылдырып,
Жасап салган эмеспи.
Ички жагын жабуунун
Була менен байлаткан,
Түк келүүчү сырт жагын
Кара кыл менен карматкан.
Куржунга салып кабыштап,
Аманат берген табыштап,
Курган катын Каныкей:
«Бээжинге барсаң ала бар,
Оорсунбай аяшым,
Канжыгаңа чала бар,
Ушул турган кеп тонду
Белекке бердим ала бар».
Берен катын Каныкей
Белекке берген кеп тонду,
Берен Алмаң кабылан
Астындагы Сарала
Ээрин алып жайдактап,
Берендигин билгизди,
Каныкей берген кеп тонду
Саралага кийгизди.
Жана кеп тонду кийип алганда
Кептүү күлүк Сарала,
Сараласы жоголду,
Коңурбайдын Алгара
Алгара болуп оңолду.
Көкүлдү көккө ыргытат,
Туякты жерге мылгытат,
Ооздугун каккылайт,
Тал жибектей куйрукту
Чаткаякка чапкылайт,
Астыга минсе Сарала
Алгарача булкунат,
Кээ бир жерде Сарала
Атырылып жулкунат.
Алмамбет, короздой мойну койкоюп,
Кылычы жанда кыңгырап,
Кыя тартып жөнөсө
Кызыл чоктуу кытайдын
Кыйыны болуп зыңгырап,
Туура сага өлүм жок
Таш сайынган кытайдын
Тазасы болуп кубулуп,
Ээр белдей белестен
Чаңдап чыкты көрдүңбү?
Ээк алдында куу кулжа
Коңурбай болуп кубулуп,
Алакең, алдап чыкты көрдүңбү.
«Ажыдаар жатат белинде,
Куу түлкүң жатат көрдүңбү?
Кароолго койгон жеримде,
Менин балбаным жатат чебимде,
Өрдөгүм жатат көлүмдө,
Атаңдын көрү, Ак кулжа,
Кара сууда кеме жок,
Кайран башым барында
Каш кайтарар эме жок,
Туура сууда бөлүм жок,
Туйгун башым барында
Тура бергин, куу кулжа,
Карап көрчү, куу кулжа,
Кароолго турган арсланым,
Канча жылы болгончо,
Кароолчу болуп өзүмө
Жол кайтарып калганың,
Аркарга сени кошпогон
Өзүмдө болот арманым.
Карыкандын алдынан
Алты аркар тандап аламын,
Мына минтип өзүңдөн
Жана тукум аламын», Мына муну укканда,
Таштап чуркап, дыр коюп,
Алакеңдин алдына:
«Коңурбайым экен», - деп,
Жетип келди чу коюп.
Туура тартып турганда,
Кулжага Алакең амал кылганы,
Кара калпак кыргагы,
Кабарыңда бар бекен,
Кан Манастын Сыргагы
Колундагы чорт келте
Окчун кармап бир койду,
Кулжаны минтип кулатты,
Бала Сыргак көйкашка
Аткан жерде сулатты.
Куу кулжа атып сойду эми,
Этине экөө тойду эми.
Аяныч жок жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Томуктай жерде тоосу жок,
Токум батар коосу жок,
Ит өтпөгөн чөл менен,
Ийри-буйру жол менен
Аттын оозун бурду эле,
Азганакай Алакең
Капа болуп турду эле,
Жанындагы Сыргакка
Бу сөздү айтып турду эле:
«Маңдай жаккы кашатта
Жалгыз аттын жолу бар,
Өрдөгү көлдөн кетиптир,
Эки күн мурун келбеген
Алмамбеттин шору бар.
Алты күндүк алдында
Чоң Малгун деген зору бар.
Алачыктай чочмору
Алышарга колу бар.
Алдында турган кырк кечил
Кароолдогу чоңу бар,
Чоң Малгундун алдында
Кытайча бичик каты бар,
Капыр Малгун минерге.
Боз качырга мингизсе,
Айбандан күлүк чоң эшек Чуркашына мал жетпейт,
Үстүндөгү Малгунга
Алышкан менен ал жетпейт.
Малгундун жайын сурасаң
Адамдан башка сөзү бар,
Маңдайынан карасаң
Көнөктөй жалгыз көзү бар.
Чет-Бээжиндин тамы ошол,
Ченебеген чоң Малгун
Жалгыз көздүү каны ошол.
Кандай заман, кандай түн,
Кабылан Сыргак, кырааным,
Экөөбүздө бу жолдо
Болор экен кандай күн?
Чочуп турган кообум
Ошол капыр Чоң Малгун
Алышканды түк койбойт,
Бир чочконун этине
Бир жегенде түк тойбойт.
Бейлеп сөздү байкачы,
Алакеңдин кеби ошол,
Каканчындын Бээжинди
Жалгыз көздүү Чоң Малгун
Кайтарып турган жери ошол.
Тетиги, бозала мойнок, кыраң таш
Казаны жатат кайналуу,
Тетиги капталда чынар теректе
Качыры жатат байлануу.
Алмамбет ураан чакырсам,
Качырына жете көр,
Жетчү болсоң Сыргагым,
Качырдын башын кесе көр.
Угуп ал жакшы сөзүмдү:
«Алакең кандай болду?» - деп,
Сала көргүн көзүңдү.
Качып кетсең кытайдан
Балалыгың билермин,
Айтылмыш кеп чын болсо,
Таңда магшар күнүндө
Сени, кара эшек кылып минермин.
Сага айтпай, кимге айтам,
Айзага таккан желегим,
Азгынакай кыргыздан,
Атайы сурап Манастан
Алып келген белегим.
Аянып Сыргак, калбагын,
Чоң Малгун менен салышам,
Чочуп чыга бербегин,
Чоңдугун көрүп жалтанып,
Кол салалбай жүрбөгүн,
Чочубастан, Сыргагым,
Жебеден мурун жете көр».
Муну угуп алган соң,
Кара жандын ынагы,
Кабылан бала Сыргагы
Айбалта алып камынып,
Кайратына жалынып,
Бастыра түштү элеңдеп,
Бала жолборс Сыргагың
Айбалтасын белендеп,
Ач бөрүдөй жаланып,
Айрыбай көзүн Малгундан
Тикирее каранып,
Көзү кызыл өрт болду,
Айкырган үнү Алмаңдын
Бузуп кетер өңдөнүп,
Качырды көздөп түйүлүп,
Эки көзү төрт болду.
Атышка кирсе акжолтой,
Алышканда сан колдой,
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы
Барааны тоодой көрүнөт,
Бара түшүп бөлүнөт,
Байкап турса турпатын
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай,
Чоң Калчадай көрүнөт.
Күдөрү чылбыр булкунтуп,
Күлүгү менен жулкунтуп,
Чоң өтүгү чойкоюп,
Коюла түшүп зыңгырап,
Короздой мойну койкоюп,
Кылычы белде кыңгырап,
Кытайдын каны болгондой,
Бастырып калат зыңгырап,
Кечилге жакын калганда
Кебетеси Алмаңдын
Коңурбайдай көрүнөт.
Очогу оттой чоң канжа
Белинен жулуп алды эле,
Дүңгүрчөктө тамеки
Беш чеңгелдеп салды эле,
Берениңдин канжасы
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Манас - Саякбай Каралаев - 41
- Parts
- Манас - Саякбай Каралаев - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3804Total number of unique words is 231423.7 of words are in the 2000 most common words34.0 of words are in the 5000 most common words39.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 193028.5 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4421Total number of unique words is 203429.2 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4433Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words50.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4426Total number of unique words is 196030.8 of words are in the 2000 most common words43.3 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4422Total number of unique words is 196730.8 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 200328.7 of words are in the 2000 most common words42.2 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4325Total number of unique words is 196329.2 of words are in the 2000 most common words41.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4303Total number of unique words is 191029.5 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words49.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4339Total number of unique words is 207329.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4328Total number of unique words is 201528.5 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4299Total number of unique words is 205528.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4336Total number of unique words is 205829.4 of words are in the 2000 most common words43.2 of words are in the 5000 most common words50.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4308Total number of unique words is 201329.6 of words are in the 2000 most common words43.6 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4207Total number of unique words is 196628.5 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4276Total number of unique words is 207928.2 of words are in the 2000 most common words41.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4253Total number of unique words is 196629.4 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4333Total number of unique words is 202629.2 of words are in the 2000 most common words42.0 of words are in the 5000 most common words49.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4259Total number of unique words is 206328.2 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words50.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4321Total number of unique words is 218128.3 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words49.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4372Total number of unique words is 210230.4 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words51.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 208227.9 of words are in the 2000 most common words41.8 of words are in the 5000 most common words48.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4406Total number of unique words is 203928.9 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4326Total number of unique words is 210429.0 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4350Total number of unique words is 211129.4 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 26Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 201530.4 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 27Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4376Total number of unique words is 207730.1 of words are in the 2000 most common words44.0 of words are in the 5000 most common words49.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 28Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 206928.8 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 29Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 214229.4 of words are in the 2000 most common words42.7 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 30Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4371Total number of unique words is 208429.8 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 31Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4396Total number of unique words is 202029.3 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 32Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4341Total number of unique words is 206230.4 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words51.2 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 33Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4404Total number of unique words is 203630.1 of words are in the 2000 most common words45.1 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 34Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4353Total number of unique words is 202630.6 of words are in the 2000 most common words44.8 of words are in the 5000 most common words52.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 35Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4286Total number of unique words is 210329.0 of words are in the 2000 most common words43.4 of words are in the 5000 most common words50.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 36Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 205229.7 of words are in the 2000 most common words42.8 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 37Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 194530.0 of words are in the 2000 most common words44.3 of words are in the 5000 most common words51.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 38Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4282Total number of unique words is 204129.1 of words are in the 2000 most common words42.6 of words are in the 5000 most common words50.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 39Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4329Total number of unique words is 219529.6 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 40Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4239Total number of unique words is 215529.7 of words are in the 2000 most common words43.1 of words are in the 5000 most common words50.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 41Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4267Total number of unique words is 202130.3 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 42Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4206Total number of unique words is 194931.5 of words are in the 2000 most common words45.5 of words are in the 5000 most common words53.0 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 43Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4220Total number of unique words is 186730.9 of words are in the 2000 most common words44.7 of words are in the 5000 most common words52.6 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 44Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4270Total number of unique words is 184532.1 of words are in the 2000 most common words46.8 of words are in the 5000 most common words54.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 45Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4301Total number of unique words is 205432.2 of words are in the 2000 most common words45.7 of words are in the 5000 most common words52.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 46Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 185032.0 of words are in the 2000 most common words46.1 of words are in the 5000 most common words54.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 47Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4258Total number of unique words is 190032.0 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words53.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 48Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4312Total number of unique words is 204131.8 of words are in the 2000 most common words45.4 of words are in the 5000 most common words52.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 49Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4302Total number of unique words is 209929.7 of words are in the 2000 most common words43.8 of words are in the 5000 most common words51.5 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 50Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4262Total number of unique words is 203431.3 of words are in the 2000 most common words45.6 of words are in the 5000 most common words52.9 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 51Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4271Total number of unique words is 187230.8 of words are in the 2000 most common words46.0 of words are in the 5000 most common words53.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 52Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4229Total number of unique words is 172232.2 of words are in the 2000 most common words45.8 of words are in the 5000 most common words54.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 53Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4223Total number of unique words is 176731.4 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words52.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 54Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4266Total number of unique words is 182532.6 of words are in the 2000 most common words47.4 of words are in the 5000 most common words54.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 55Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4290Total number of unique words is 169630.7 of words are in the 2000 most common words44.9 of words are in the 5000 most common words52.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 56Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4323Total number of unique words is 187630.0 of words are in the 2000 most common words43.5 of words are in the 5000 most common words51.7 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 57Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4230Total number of unique words is 199628.3 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words50.3 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 58Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4296Total number of unique words is 197028.4 of words are in the 2000 most common words42.5 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 59Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4243Total number of unique words is 208726.8 of words are in the 2000 most common words40.0 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 60Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4320Total number of unique words is 208029.6 of words are in the 2000 most common words44.1 of words are in the 5000 most common words51.4 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 61Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4280Total number of unique words is 199929.5 of words are in the 2000 most common words42.9 of words are in the 5000 most common words49.8 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 62Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4338Total number of unique words is 239925.3 of words are in the 2000 most common words37.9 of words are in the 5000 most common words45.1 of words are in the 8000 most common words
- Манас - Саякбай Каралаев - 63Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 306Total number of unique words is 24336.1 of words are in the 2000 most common words44.6 of words are in the 5000 most common words52.2 of words are in the 8000 most common words