Latin

Хан Ормон - 40

Total number of words is 2795
Total number of unique words is 1735
27.5 of words are in the 2000 most common words
38.7 of words are in the 5000 most common words
46.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Киргил булуттар чулгаган кеч күздүн асманы күндүн көзүн бүркөп, томсорот. Асман түсүн
коштогон Көл бети кара көк тартып түнөрө, толкундарын жээкке уруп, күрсүнөт.
Союл, чокмор, найза кармап, кылыч байланган калың атчандар эки тарап болуп жардана
удургуйт. «Оо, жээгимде өсүп-өнгөн ак көңүл, ишенчээк, эр көкүрөк кыргыздарым, алааматка
башыңарды тигип турасыңар, эсиңерге келгиле. Силерди алдуунун азгырыгы, уруу
намысынын уусу жээликтирип турат. Бири-бириңерди өлтүрүп өлгөнүңөрдү тирилте
албайсыңар, бирөөлөрдүн колтугуна баш катып бактылуу боло албайсыңар. Бугу, сарбагыш,
жамы кыргыз уруулары бириңерден бириңер артык эмессиңер. Ынтымакка биригип,
өзүңөрчө эл катары башкалар менен алакалашып эл болосуңар. Эсиңерге келгиле! Алдуулар
байыртадан эле алсыздарды бөлүп-жарып бириктирбей, бирден пайдаланып келген. Алар
силердин тагдырыңарга кайдыгер, силердин көк кашка тунук суулуу, касиеттүү жериңер,
көйкөлгөн көлүңөр керек аларга. Силер чабышасыңар, кырылышасыңар. Эч ким — орус да,
Тезек да, Кокон да — жардамга келбейт. Силер кырылышып алсырагандан кийин келип
бийлеп алышат. Силерди жараштыруу колдорунан келбейт, ата-бабадан калган ынтымак
деген мурас эсиңерге келип, өзүңөр жарашасыңар. Ага чейин канча кан төгүлөт, канча жаш
агат, канча бала жетим калат, канча аял жесир калат. Жашооңор түгөл мүшкүлгө айланат.
Эсиңерге келгиле» дегенсип, күр-шар эте толкунун жээкке урат касиеттүү көл. Жардана
Хан Ормон
удургуп, бүйүрлөрү кызып турган калың атчандардын назарына асмандын, көлдүн абалы
илинер эмес. «Мына эми!» деп желиге удургуп турушат.
Бир тарапта каруусу, кайраты күч, жоо качырган тоо жүрөк Төрөгелди, Адыл, Абыкан, «Жез
чочмор» атыккан Манде баатыр, Аюуке, Майтыктар колдоруна найза, белдерине кылыч
байланып, уруу намысына уугуп турушат. Экинчи тараптын алдында — Балбай, Өмүр, Ногой,
Жанек, Алыбек. «Ханыбызды өлтүрүштү, өч алабыз» деп кун көксөгөндөр, «жерибизден
кетире албайт, кыздарыбызды да бербейбиз. Орус букарасыбыз, падышалуу журтпуз» деп,
өлүмгө тике карачу эр көкүрөк жигиттер арбын. «Ыя, ошондой бекен? Атаңдын оозун...» деп
союл көтөрүп жүргөндөрү андан да арбын, жөн эле аңыра чапкан жел өпкөлөр канча. Эки
жактан удургуган түрмөктүү толкун каптоого даяр турат. Эки тараптын тең туу түбүндө журт
башчылары отурат. Кимиси баштаар экен, кандай баштаар экен? Бул кандуу алааматты
баштоого эки жагы тең даяр.
Көкүлү шүйүлүп, куйругу түйүлгөн суйдаң жалдуу ойноктогон ак боз атчан, туулга, соот
кийген олбурлуу Ажынын уулу Абыкан сарыбагыш жактан бөлүнө таскак урдура майданга
чыгып:
— Жекеге, жекеге! — деп кыйкырып турду.
Бугу тарап бир аз күймөлө түштү. Ак боз атчан Абыкан:
— Жекеге, катын бугу, чык жекеге! — деп айкырып турду.
Бир оокумда көкүлү шүйүлүп, куйругу түйүлгөн көбүк чача алкынган жалдуу чоң торуну
таскак урдура, атка куюп койгондой отурган Нанжебестин Ыстаны чыкты.
Найзакерлер күү менен келип бири-бирине найза урушту, найзалар калканга тийип тайгыла
кайгып өткөн эрөөлчүлөр кайра тизгин бурушту. Атынын оозу катуураак Ыстам узак чоюла
кайрылып келатканда, чукул кайрылган Абыкан Ыстам камынууга үлгүрө электе найза суна
качырды. Муну көрө атайын абайлап турган бугу жигиттеринин бири качырып күү менен
келаткан найзакерди капталдан урдурду. Аты жыгылып, өзү аягы менен тик түшкөн Абыкан
аты урунуп, буйдала калган жигитти капталга сайып атынан түшүрүп, өзү атка минди.
«Маматкул, Маматкулдаган!» чуу менен сарбагыштар алдыга удургуду. «Белек, Белек!» деп
ураан чакырып, бугу тарап да чабуулга өттү.
Эки тарап кагылыша найза, кылыч менен «сүйлөшүүгө» өтүштү. Мерт болуп
жыгылгандардын онтогон үндөрү, жанталашкан катуу кыйкырыктары абаны алаамат
жаңырыгына бөлөдү. Тараптардын бири сүрүп, экинчиси сүрүлө уюлгуган чаң үч-төрт
чакырымча бирде өйдө, бирде ылдый каптап, жан кыйган ырайымсыз салгылашуу кеч
бешимге дейре созулду. Сарбагыштар санынын көптүгүнө салып кыса баштады. Бугу чегине
согушуп, бешим оой салгылашуу өйдөлөп барып, Талды-Суу тарапка өттү. Каш карайганда
кармаш токтолуп, тараптар өз жактарына кайтышты. Кутургудан тартып, Талды-Сууга
чейинки муруттарын сербейткен эр өлүгү, азууларын аркайткан ат өлүгү үстүндө каргакузгун айланып, кечээ эле бейкут жаткан көл кылаасында үрөй учурган ээндик өкүм сүрдү.
Кырчылдаша кырышып көк буусу чыктыбы? — эртеси кармашты уланта алышпады.
Тараптар өлүктөрүн жыйнап келүү менен алек болушуп, айылдарды өксөгөн өкүрүк,
муңканган ый каптады.
Кандуу кыргын эч кимдин өчүн кандырып, өктөөсүн толтурбады. «Көл толкуса мен токтотом,
мен толкусам ким токтотот» деп, кандуу алааматка түрткү бергендердин бири Мырзанын
башы кесилди. Уясы бузулган канаттуудай далбас урган эл дүрбөп, конушунан козголуп,
мүшкүл тартты.
Сарбагыштар Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Суусамырга киши чаптырып, кайрадан кол
салуу камын көрүп, бир жагынан тынч жаткан бугу айылдарына кол салууну токтотподу.
Бугу айылдарынын көбү Кызыл-Кыя, Сан-Ташка ооп, элдин жашоосун коогалаң коштоду.
Орустун жардам берүүгө кош көңүл экенине көзү жетсе да, Боронбай бий жаңы
кожоюндарынан үмүт үзбөй, аскер келишин зарыга күтүүдө.
Эгин эгилбей, мал жайылбай көл жээги томсоруңку.
***
Сарбагыштар Сан-Таштан ары ооп кеткен бугу айылдарына капыстан кол салып, тынчты
кетирүүдө. Боронбайдын кичүү аялын, эки келинин туткундап кетишкен, Боронбай бий
зарыгып орус аскерлерин күтөт. Орусия көлдөгү букараларын коргоого шашылбайт. Анткени
Хан Ормон
андан да бийик максаттары бар. Ормон хан өлгөндөн кийин бугу уруусу гана эмес, кара
кыргыз колунда экенине ишенет, «Коконду басып алып, Орто Азияны бүт ээлөө» деген
империялык дымак анын бүйүрүн кызытып турат. Аскердик экспедиция менен катар,
жердин, элдин танабын тартып, ажайып кооз, байлыгына кол тийе элек жерлерди келечекте
кандай өздөштүрүүнү чечүүчү илимий экспедицияларды да уюштуруу зарылдыгын
ойлонууда.
1856-жыл. Теке айы.
Империялык орус географиялык коомунун Петр Петрович СеменовТянь-Шаньский баштаган
экспедициясы Верный чебинен 15 казак-орус солдатынын кайтаруусунда чыгып, КөкМойнокто отурган Үмөтаалынын айылынын маңдайына чатырларын жайышты. Семеновдун
максаты көл кылаасын, күнгөй, тескей тоолорунун жаратылышын изилдөө, ошондой эле
немис окумуштуусу Гумбольддун: «Чүй суусунун бир тармагы Ысык-Көлдөн агып чыгат»
деген илимий аныктоосун тастыктоо эле.
Кыраакы Семенов Үмөтаалыга винчестер мылтык, халат, баалуу кылыч тартуу менен казакорус есаулун жиберип, көлдүн аягын көрүүгө уруксат берүүсүн, өзүнүн достошуусун каалап
тургандыгын билдирет. Үмөтаалы орус төрөсүнүн сыйлыгын кабыл алып, өзүн чакырбастан
токулгалуу ак боз аргымакты тартууга жетелетип, көл жээгине өткөрүп келүү үчүн жигитин
жиберди. Орус төрөсүн көрүү үчүн келген Төрөгелдиге Семенов өзүн тааныштырып, кыргыз
элине, сарбагыштарга тынчтык тилерин, көлдүн аягын көрүп кайтууну кааларын билдирди.
Төрөгелди баатыр Семеновго тынчтык менен келгендерге кыргыздын эшиги ачык, ниети
таза экендигин, курал көтөргөндөрдүн колун кагып коёрун айтты да, жигитине төрөнү кайсы
жерге жеткирип барарын түшүндүрүп, өзү айлына кайтты.
Купулуна толгон ак боз аргымакты минип, Семенов жигиттин жана орус солдатынын
коштоосунда Көлдүн аягы Көтмалдыга чейин барып, андан «Чүйдүн бир тармагы көлдөн
агып чыгат» деген Гумбольддун тыянагынын туура эмес экенине көзү жетип келди.
Кубанычы чоң, бул орус география коомунун дүйнөлүк илимге кошкон жаңылыгы эле.
Айылдын четине бир өргүп, Үмөтаалы досуна жолуга албай, анын кайраттуу, өз баркын
билген сөөлөттүү киши экенине ынанып, Семенов эртеси Верный чебине кайтты. Орус
букарасы бугу уруусуна бул жактан өтүүгө болбосун түшүнгөн саякатчы, ал жакка келерки
жылы ашуу ашып өтүүнү чечти.
1857-жыл. Теке айы.
Саякатчы Петр Петрович Семенов ашуу ашып, 15 казак-орус солдатынын коштоосунда СанТаштан өйдө Боронбай бийдин айылына келди. Эл чабылып, сандалып, Боронбай бийдин
айласы кетип турган кез эле. Кызыл-Жардагы там-тарагын, жемиштүү бак-дарактарын эки
жылдан бери көрүүгө эки көзү төрт. Бирок жол тосулуу.
Орусия өз букараларын талоондо калтырганын баяндап, «Орусияга ишенбегенде мынчалык
алаамат болбойт эле» деген өкүнүчүн билдирди Боронбай бий. Орусия букараларынын
башчысынын кайгылуу баянын кунт коюп уккан Семенов-Тянь-Шанский кайгыны тең
бөлүшөрүн билдирди да, Үмөтаалы менен дос болгону эсине келип, ага Боронбайдын үйбүлөсүн бошотууну сурап кат жазып, тилмечине эки солдат кошуп, Көлдүн аягына жөнөттү.
Боронбайдын: «Куралдуу солдаттарды бугу уруусун кайтарууга калтырсаңыз» деген
өтүнүчүнө өзүнүн Жуукуну ашып, Сыр-Дарыянын башатын көрүүгө жөнөө үчүн келгенин,
куралдуу кайтарык калтыра албай турганын түшүндүрүп, Боронбайдан саякатка жол
көрсөтүүчү киши, азык-түлүк, унаа берүүсүн өтүндү. Даярдык бүткөнчө эки өргүгөн СеменовТянь-Шаньский бугу, сарбагыш согушу болгон жерлерди көрүп, жаңжалдын жайын,
Ормондун өлтүрүлүш жагдайын сураштырып, күндөлүгүнө жазып келди.
Саякатчы аттанардын алдыңкы күнү тилмечи менен эки солдат Үмөтаалы «Семенов
тамырын» сыйлап бошоткон Боронбайдын кичүү аялын, эки келинин ат-тону менен алып
келип, үй-бүлөсүнө кошту.
Петр Петрович Семенов-Тянь-Шаньский аттанар күнү кыдык бийи Самсаалы келип, үч миң
үйлүү кыдык уруусун өткөн жылы сарбагыштар Жууку ашуусунун эки жагынан тосуп кыргын
салганын, эл кырылып, курал кармоочу эр бүлөнүн көбү өлгөнүн, өлгөндөн калган элин
Каркырага апкелгенин айтып даттанды. Бийлердин айылдарды кайтаруу үчүн куралдуу
жоокерлеринин жарым-жартысын калтыруу жөнүндөгү өтүнүчтөрүн аткара албай турганы
үчүн кечирим сурап, Семенов-Тянь-Шаньский саякатын улантууга жөнөдү.
Үмүт чиркин үзүлбөдү. Боронбай бий Орусиядан келүүчү жардамды зарыга күтүүдө. Оо,
бүлбүлдөп жанып-өчкөн үмүт...
1858-жылы Орусия букарасы болуп казак султандарындай чен тагынып, дооран сүрө албай,
Боронбай бий көз жумду.
Алысты болжогон оторчул саясатынын орчундуу маселелери менен алек болгон Орусия
Көлдөгү букараларына жардамга келе албады. Коконду алуу, олуттуу башка иштер ошонун
айланасында чечилмекчи. Сарбагыштар бугу айылдарына кол салуусун үзүл-кесил уланта
берди.
1859-жыл,
баш оона. Сарбагыштардын Кызыл-Кыя, Сан-Таштардагы бугу айылдарына
салган ири чабуулу коргонгондордун катуу каршылыгына тушугуп, Төрөгелди аттан жыгыла
буту сынып, колго түштү. Эки тараптан тең жазыксыз кан төгүлдү. Кол башчысынан ажырап,
шаабайы сууган сарбагыштар өлгөндөрүн жоктоп, айылдарына кайтышты.
Демейде жалпы элдин мүдөөсүн көздөгөн, жоо кайрып, эл сактаган баатырлардын көөмөйүн
уруу намысы, өч алуу жана жекече эрдиктерин көрсөтүүнү көксөгөн өзүмчүл туйумдар тээп
турду. Туткундагы Төрөгелдинин сынган бутун улам бүтүп келе жатканда үч жолу кайра
сындырып, Балбай баатыр анын кыйналып кечирим сураган үнүн уккусу келди. Төрөгелди
баатыр «кыңк» этпеди. Ушундай абалда Балбай аны бугу-сарбагыш жарашканча алып жүрдү.
Мындан эч кимдин кенемтеси толгон жок... Эки баатырдын эрдиги, бугу-сарбагыш
чабыштары, Ормон хандын өлүмү жөнүндө өз урууларын мактап, көбүртө-жабырта айтуу
үчүн санжырачыларга «жем» калды. Кун кубалоо, өч алууну көксөгөн ырайымсыз кандуу
туюм үстөм болгондо эч кимдин куну толуп, өчү канып, көксөөсү суубай, ыйга ый, кайгыга
кайгы уланып, элдин мүңкүрөгөнү байыртадан келаткан катаал чындык. Эми да ошондой
болду... Эки уруунун ортосунда бешинчи жылга айланган кандуу кыргында Ормон хандын
кунуна бугу, сарбагыштын чыгаан уулдарынын куну кошулду, кусамат кузгундап, кек
тереңдеди. Бул азгантай элдин тагдырын таразага койгон тарыхый трагедия эле.
1859-жыл, жетинин айы. Орусия да, Кытай да, Кокон да арачыга келбей турганын, уруу
жаңжалы улана берсе элдин тагдыры туңгуюкка капталарын түшүнгөн уруу билермандары:
бугудан Тилекмат, Качыбек; сарбагыштан Шамен, Ботокандар жарашууга чогулуп, кун
кубалоону, чабышууну токтотуп, элди тынчыталы деп, ай туяк чалып, бата тилеп, бүтүм
чыгарышты. Бугу уруулары Көлгө кайтып, ата конуштарынан жай ала, байыркыдай жашоо
нугу уланды. Кыргызды эл катары кылымдар кыйырын аралата бириктирип келаткан
ынтымак өзөгү сүзүлдү, бирок үзүлбөдү. Төрөгелди баатыр 1860-жылы туткундан бошонуп,
элине кайтты.
Ошол жылы жайында кыргыздардын Орусияга кошулуусуна каскак болуучу сарбагыш кол
башыларын кармоо үчүн Верныйдан чыккан Капитан Венюковдун аскер экспедициясы
Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн Субандын уулу Адыл баатырды туткундап кетти. Төрөгелди
баатыр табылбай калды. Орусияга өтүүгө макул болбогон Балбай баатыр да Адыл баатыр
тушуккан тагдырга кабылды. Ошентип кыргыз урууларын бириндете бирден басып алууну
көздөгөн Орусиянын тымызын да, ырайымсыз да, аяр да оторчул саясаты оңунан чыкты.
Солто уруусу, сарбагыш уруусунун тынай тармагы бугунун жолун жолдоп, Орусия
букаралыгын кабыл алышты.
Тайлак баатырдын уулу Осмон датка менен биригип, 3-4 жыл бою айыгыша куралдуу
каршылык көрсөтүп келаткан Үмөтаалы да Орусиянын селдей каптаган баскынын
токтотууга мүмкүн эмес экенине көзү жетип, 1867-жылы Н. А. Северцевге мөөр басып кол
коюп, Орусиянын амирин тутарын билдирди. Бул сарбагыш жана аны менен ымалалаш саяк,
черик, азык жана башка уруулардын орус букарасына өткөнүн тастыктаган билдирүү эле.
1868-жыл — арка кыргыздарында уруу бийлеринин бийлиги бүткөн жыл... Орусия
падышасы Александр I 1822-жылдагы Сибирь кыргыздарын башкаруу жөнүндөгү уставына
ылайык, кара кыргыз аймагы да уезддерге, 1000 түтүндөн болуштарга48 бөлүнүп, бийлик
уезддерди, болуштарды башкаруучулардын колуна өттү. Калыгул акылмандын:
Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан,
Миң түтүнгө бир киши
Болуш чыгат деп айткан.
Буйрук менен кондурган,
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын
Хан Ормон
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын,
Коруп чыгат деп айткан.
Жылдан жылга замана
Кыйын чыгат ошондо.
Эсеп кылып мал алган
Тыйын чыгат ошондо.
Андан кийин билимдүү,
Адам чыгат деп уктум.
Түрдүү, түрдүү акылдуу
Аяр чыгат деп уктум.
Калайыкты бийлеген,
Аял чыгат деп уктум.
Албан түрлүү ушундай,
Заман чыгат деп уктум.
Кийин чыккан адамы,
Илим билген амалдуу,
Аяр болот деп уктум.
Кандай болсо жумушка,
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар
Молдо болот деп уктум.
Минген атын карасаң
Жорго болот деп уктум.
От араба, дилгирем,
Жол кыскарат ошондо.
Этек-жеңи чолоюп,
Тон кыскарат ошондо.
Атасынын сөзүнө
Бала кулак көп салбайт,
Атанын тилин бала албайт,
Айт дедирбей, жедирбей,
Аяр болот ошолор.
Жоо дегенде дегдешип,
Даяр болот ошолор,
Түн ичинде уктабас,
Баатыр болот ошолор.
«Бысмылланы » айтпаган
Каапыр болот, ошолор.
Жарды-байы билинбей,
Жалпы болот ошолор.
Ошол жакшы, биз жаман.
Өтүп барат бир заман.
Биз жашаган тар заман,
Кийин келер зар заман.
Кыйкырыгы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман.
Кылча жумуш бүтпөгөн,
Күн кыскарган бир заман.
Кожомолдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо намаз окулбай,
Дил кыскарган бир заман, —
деп элдин келечегине сереп салган олуялыгы жылдан жылга төп чыгып турду. Алдыда
кыргыз элинин бүгүнкүсүнө чейинки машакаттуу да, үмүттүү да жолу жатты.
Хан Ормон
СОҢКУ СӨЗ
Тарыхый архивдик материалдарга таянган «Хан Ормон» романында 1806 —1855жылдардагы кыргыз элинин тарыхый тагдырын кескин өзгөрткөн үмүттүү да, кооптуу да,
трагедиялуу да окуяларды көркөм ой алкагында баяндап, ошол доордун эл аралык,
экономикалык, социалдык, маданий, руханий абалын, улуттук уюткусун сактап, эркин
болууга жасаган далалатын сүрөттөөгө аракет жасалды.
Тап күрөшү илимдин, адабияттын партиялуулугу атанган ажаан агым элдин өз тагдыры үчүн
келечекке үмүттүү далбас урган күрөшүн баяндоочу танылгыс окуяларды тарых тилкесинен
көмүскөгө сүрүп чыгарып, анын ордун ырксыз, мажирөө кыргыз уруулары өз ыктыяры менен
улуу орус элине кошулганы жөнүндөгү эки жүздүү маалыматтар ээлеп алган.
Урууга жиктелген феодалдык коомдун идеологиялык деңгээлинде, ар кимиси өздөрүнүн
инсандык дараметтерине жараша кыргыз элинин бүтүндүгү, биримдиги, үнөмү жөнүндө кам
көргөн Ормон хан, Боронбай, Муратаалы, Тилекмат, Ажыбек, Жантай, Жангарач бийлердин,
Медет, Ажыбек даткалардын аттары элди эзген ырайымсыз, өзүмчүл, канкор, коомго жат
кишилер катары аталып, укум-тукумдары куугунтукка алынган.
X кылымда Улуу кыргыз державасы кулап, эл чачылгандан кийин акыркы жолу уруу
бийлеринин, элдин колдоосуна таянып, Кыргыз хандыгын түптөп, Кенесары хандын, Кокон
хандыгынын баскынын кыйратууга урууларды бириктирип, элдин бүтүндүгүн сактаган,
Орусия баскынына каршы турган Ормон хандын доорун баяндаган эмгеги «Кыргызы в эпоху
Ормон хана» 1944 г.) үчүн академик Б. Жамгырчинов куугунтукталып, Ормон хандын аты
тарых бетинен өчүрүлгөн.
Романда тарыхый чындыктарды өз ордуна коюуга аракет жасалды. 1806 — 1847-жылдарды
камтыган романдын биринчи китебинде ушул окуяларга орун берилген.
Жарым көчмөн байыркы элдин үнөмдүк жашоо абалын, үрп-адатын, каада-салттарын,
маданий, руханий дүйнөсүн, атуулдук эркин чагылдырган даректүү көркөм баяндар,
Кенесары хандын түмөндөгөн баскыны жеңилгенден кийин, боордош кыргыз, казак
элдеринин келечегинин тынчтыгы үчүн орус генералы Вишневскийдин ортомчулугу менен
эл аралык укук алкагында эки тараптын келишими жөнүндөгү документалдуу баян
окурмандардын көңүлүнө толор деген ойдобуз.
1838 — 1846-жылдар аралыгында өз армиясынын регулярдуу бөлүктөрү менен
салгылашып, моюн бербей тынчын алып турган «козголоңчу султан» Кенесары Касымовдун
куралдуу күчүн талкалаган кыргыздардын өз алдынча саясий аскердик биримдик экенин
дефакто таанууга аргасыз болгон Орусиянын ушул күчтү адегенде стратегиялык максат
үчүн пайдаланып алып, андан кийин чөгөлөтүү жөнүндөгү аяр, эки жүздүү саясатынан баян
берүү менен романдын 1847 — 1855 жылдарды камтыган экинчи китеби ачылат. Кыргыз
тарыхынын бул кыска тилкеси окуялардын ургаал динамикалуулугу, кайткыс катаалдыгы
жана трагедиялуулугу менен айырмаланат.
Орусиянын стратегиялык максаты Кокон хандыгын басып алуу эле. Кокон колуна тийсе
бүтүндөй Борбордук Азияга дарбаза ачылмак. Кокон болсо Аркадан (Түндүк Кыргызстандан)
кол үзгүсү келбей, Ормон хандын бийлигин кулатуу үчүн жүрүшкө даярданып турган. Ушул
кырдаалдан пайдалануу үчүн Орусия Ормон ханга алтын медаль, алтын галундуу халат
сыйлык жиберип: «Кенесарыны жеңген баатыр элди жана анын баатыр жетекчисин
куттуктайбыз. Силердин өз алдынчалыгыңардын душманы Кокон хандыгы, эгер ага каршы
көтөрүлсөңөр, биз жардамга келебиз» деп шериктеш болорун билдирсе да, ошол эле учурда
тымызын тыңчыларынын жардамы менен Кыргыз биримдигин бузуп, бугу уруусун
букаралыкка алууга камданганы байыркы элдин тагдыры бычак мизинде оошуп турган
кыйын кезеңден кабар берет.
Кокон баскынын кыргыздар Ормон хандын кол башчылыгы астында 1847-жылы күзүндө
Ашмара жээгинде Орусиянын жардамсыз кайрыйт.
Жарым көчмөн жашаган элдин тиричилик үнөмү кунарсыз экенин туйган кыргыз
билермандары элди дыйканчылыкка оодаруунун камын көрө башташат. Иле боюндагы
Орусия букараларына тиешелүү эгинканалуу жерлерге 400 түтүн эл менен көчүп барып, бош
жерлерди кара кыргыздарга берүүсүн сурап Ормон хандын император Николай I ге кат
жибергени эл үчүн кам көргөн чоң тобокел эле. Орусия жер бербей Ормон ханга орус
букаралыгын кабыл алууну сунуш кылат. Түпкү максатына кыйчалыш сунуштан баш тартып,
кайра көчүп келген Ормон хан курултай чакырып, бугу уруусун Орусия букаралыгына
өткөрүүгө ооп алган Боронбай бийди теске салып, кыргыз биримдигин чыңап, Кокондун
таасирин биротоло жоюу камын көрүүгө киришет. Бирок Орусиянын бөлүп жаргыч саясаты
максатына жетип калган эле. Ормон хан орус букаралыгын кабылдоодон баш тарткандан
кийин оңтойлуу учурду күтүп турган Орусия 1855-жылы февралда бугу уруусун букаралыкка
кабыл алышы кыргыз тагдырынын чийеленген түйүнүнүн трагедиялуу чечилишине түрткү
болду. Окуянын кандай өнүгөрүн Орусия алдын ала туюп турган.
Ормон хан Боронбайдан орус букаралыгынан куран кармап баш тартууну, же Орусия жери
Илеге көчүп кетүүнү талап кылат. Жаңжал оту дүрт жанып, Ормон хан мерт болгон кандуу
калабадан эл башына түшкөн азап мүшкүлү беш жылга созулду.
Боронбай бий күткөндөй Орусия өз букарасын коргоого келбеди. Оторчул империянын
санаасы тынык, Ормон хан зыянсыз болгондон кийин жапайы таш кыргыздары колунда
экенин туюп, Коконду каратуунун камында болду.
Күчтүүлөрдүн азгырыгына ээрчиген уруу билермандарынын тукуругунан эл башына түшөн
кандуу трагедия улана берди. Эгин эгилбей, мал багылбай эл азып-тозуп, көл кылаасы
томсорду.
...Кантсе да эл көрөңгөсү кол тийгис да, кандуу калаба журтчулук ынтымагын сүзүлттү, бирок
үзө албады. Жаңжал оту алоологон кезде да эл чордону ичинен ынтымак издеп, жакшылыкка
үйрүлүп турган.
Сөз башында айтылгандай кыргыз элинин тарыхый тагдырын кескин өзгөртүп жаңы нукка
бурган тарых тилкесин изилдөөгө окумуштуулар, адабиятчылар көп ирээт кайрылары
шексиз, али сыр сандыгынын капкагы гана кыңайды.
Аяр жана кайткыс катаал оторчул саясатын ишке ашырууда Ормон ханды
«Зыянсыздандыруу» үчүн Орусия бугу - сарбагыш жаңжалын кыярлык менен пайдаланганы
романда таасын далилдер менен баяндалды.
Трагедиянын чордонуна агартуучу окумуштуу Белек Солтоноевдин тыянактары алынды. Эл
оозунда да калыптанып калган бул тыянак Ормон ханга Балбай баатыр кол салды деп
тастыкталат.
Ошентсе да бул жөнүндө олуттуу кайчы пикирлер бар. Ормон хан өлтүрүлгөндөн бир жылдан
кийин Ысык-Көлгө келген окумуштуу саякатчы П. П. Семенов Тянь-Шанский Ормон ханды
Боромбайдын уулу Кылыч өлтүргөнүн жазат50.
Белгилүү публицист Асанбек Акматалиев, тарыхый инсан узун ээк Алыкеден калган мураска
таянып, Ормон ханды Тезек төрө менен Боронбайдын шилтеген жашыруун кишиси өлтүргөн
деп жазат.
Купуя сырдын ачылышы дагы алдыда.
Сөз соңунда айтаарым, чыгарма кыска убакыт ичинде жазылды. Мүчүлүшсүз иш болобу.
Калыс пикир айтуучуларга ыраазылык билдирем.
Чыгарманын үстүндө иштөөдө тарыхый документтерди тактоого жардам көрсөткөн
тарыхчы окумуштуу Ормон хандын урпагы Рыскул Жолдошевге ыраазылык айтамын.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.