Latin

Хан Ормон - 07

Total number of words is 4001
Total number of unique words is 2214
27.0 of words are in the 2000 most common words
39.6 of words are in the 5000 most common words
46.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кыраңдан жаңыдан кылайган күн нуру төгүлгөн караган-арчалуу күңгөй торпунун кыя
жолунда жалгыз атчан ылдый келатат. Ат жабдыгы келишкен омуроолуу жалы тайкы кер
кашканын жай басыгына төнө, буудай өңдү кара каш сулуу жигит отурат, башына кырбуусу
тайкы көрпө тебетейди баса кийген, боз пиязы кемселине тайкы кемер курчанган. Такалуу
булгары өтүгүн үзөңгүгө сүйөй темине, тизгин чылбырды жыя кармап, оң билегине
бүлдүргөлүү камчысын иле ойлуу келатат. Болжолунда ашуунун оюна түшкөндөн ары
кыргыз айылдары болууга тийиш деген оюн ар кандай жоруп, кыял туткунунда. Кээде
кандайдыр бир кооптонуу менен боюн ичиркенте калат. Чатышкан санаа менен алпуруша,
кокту таманындагы кечмеликтен өткөндө алдынан карпкурп чыккан атчан кишини көрө
сала боюн жыйнап:
— Ассалом алейкум, агатай, — деп салам айтты.
— Алекум ассалам жигит, жол болсун, — деп алик алды кара жалдуу чоң кула атчан,
шыйрактуу мылтык асынган салабаттуу киши. Кара баркыт менен кыюуланган ак кементай
ичиндеги кара кемселине окчонтойлуу, оттук киселүү кур курчанган, ак калпакчан, жайык
төш кара сурунан келген чап жаак, кырдач мурун, сакал-муруту бириндеген, кашы суйдаң,
кабагы бийик, сурмасыз сургулт көздөрү жаш жолоочуну сынакы тиктейт. Бир тынымдан
кийин:
— И, кайдан келатасың жигит, жол болсун, кайсы айылга барасың? — деди ал.
— Осы Шуй жагасында тагаларым бар эди. Шолорго бараткан жолум гой агатай, — деди
жигит.
— А, жакшы экен, буйрук менен жолубуз кездешти жигитче. Түшүп суу жээгинде даам
сызышалы, — деп түзөңгө тартып атынан түшө, эки атты куюшкандаштырып, ээрдин
тарагынан куржун алып жерге коюп, килитин чече дасмалды жерге жая бышкан нан, этти
үстүнө койду да:
— Кел, мындай отур, жигитче, — деп жылмайды, жаш жолоочунун өңү-түсүнөн, турпаткыймылынан кыз жышаанасын туйган кыраакы мергенчи.
Жигит дасторкон четине чөгөлөй отуруп, курч бычак менен таш кордого бышкан кийиктин
семиз карчыгасын кыя кесип аткан олбурлуу чоочун кишинин элпек кыймылына көз
жүгүртө, өзүн тыкан кармоо аракетинде.
— Кана, иничек эттен, нандан ал, ысмың ким, таанышып отуралы. Менин ысмым Алыбек, —
деп эттен, нандан ооз-тийе, кол чаначтын оозун чечип, куржундан кырма аяк алып, кымыз
куюп жигиттин алдына койду.
— Ысмым Эркебай, — деп аякты ала бир жутуп, дасторкондун четине коюп, эттен, нандан
ооз тийди жигит. Назик сыпатына, илбериңки кыймылына сынаакы көз жиберип турган
Алыбек:
— Эркебай иним, кымыздан шашпай ич, тамак же, түндөп жол жүрө чаалыккандырсың, —
деп өзү эттен кыя кесип нанга аралаштырып жей отурду да, аяк бошотом деп сырдуу жигит
шашпасын деген ойдо кол чаначтын оозун кайрып кымыздан кере жутуп, ага көңүл бурбаган
болуп тамактана берди. Жолоочу жигит чынында чарчаган эле. Шашпай бир-эки тына аякты
бошотуп:
— Рахмет ага, чөлдөгөнүм басайды, — деп кесилген эт менен нандан сыпаа жеп отурду.
Тамактануу аяктап калган кезде:
— Эркебай иним, сырыңды аччы, колдоруңда шакектин издери турат. Кулактарыңда
сөйкөнүн орду бар, кебетең назик кыз балага окшойсуң, же мен жаңылып турамынбы? — деп
жылмайды Алыбек. Ичинен жыйрыла бир аз эндирей калган жолоочу боюн токтотуп
кайраттана:
Хан Ормон
— Жаңылган жоксуз ага, мен Аллага тобокел деп, өз тагдырына карсы келаткан кызмын.
Максатыма жолтоо жолукса, өмүрүм мына канжар мизине байланган, — деп курундагы
кындан эки миздүү канжарды алып алдына койду. Кыздын катаалдана мостойгон сулуу
чырайында баарына кайыл сабырлуу тобокелчилик, учурунда чарт жанууга даяр өткүрлүк
туюлуп турду.
— Мына эми баары ордуна келди. Менден чочубаңыз. Бейкүнөө чымындын канатын да
сындырбаймын. Канжарыңызды кынына салыңыз. Андан көрө жайыңызды толук айтыңыз,
балким менден жардам болор, — деди Алыбек, бейтааныш жолоочунун сулуулугуна төп
келген акылына, сабырлуу кайратына тан бере. Мергенчи кишинин арам ою жок экенин
байкаган Уулбала:
— Агатай рахмет, менин ысмым Уулбала, казактын улуу жүзүндөгү төрт түлүгү шай,
байлыгына мартабасы төп келген Мендибайдын кызымын. Тагдыр экен — азып жүрмүн.
Акем менен төрө насили Сарсен мен төрөлө электе бел куда болушкан экөн, калыңым бүткөн.
Бой тартканы күйөөмдү көрө элек эдим. Төрө насили мыкты жигиттир, деп жүргөн үмүтүм
чарт үзүлдү. Күйөөлөп келгенде анын жайсыздыгынан көңүлүм кайт болду. Аз күндүк
өмүрүмдү жайсызга байлагым келбей, Кудайга тобокел деп бактымды издеп чыккан жолум
осы агатай. Кыргыз жакка ооганым, казактын кай жеринде болсо да акем менен Сарсен
султандын жаалына туруштук берип, мени калкалап кала турган киши жок гой. Кыргызда
дөөлөтү, кайрат-акылы, мартабасы шай кишилер бар деп укканмын. Солардын бири
көңүлүмө толор деген үмүттү аркалап келатырмын, — деп Алыбекке көз кырын жиберди
Уулбала.
— Жакшы кебиңиз бар экен, карындаш. Кыргызда дөөлөттүү мыкты кишилер бар, мен да
ошолордун биримин, — деп жылмая Уулбаланы карап созүн улады Алыбек. — Биздин
айылга жүрүңүз. Менин үйүмдө болосуз. Улуу жүздөгү досумдун кызы. Мерке жактагы
тагаларына бараткан экен, жолдошу сыркоолоп кайра кетиптир. Мен жеткизип коёюн, — ден
алып келдим дейм. Андан аркысын өзүңүз байкап көрөсүз, — деди Алыбек.
Бата тиленип, Алыбек дасторкон жыйып, куржунун килиттегенге киришти. Уулбала ордунан
туруп, ат үстүнөн куржунун ала, суу бойлой өйдө басып, дүпүйгөн мажүрүм талдын далдасына
өттү. Алыбек куржунун килиттеп, ээрдин тарагына арта салып бекитти да, бул ажайып
жолугушууну ар кандай жоруп төмөн басты. Суу бойлой төмөн баса бир аз жүрүп кайра
кайрылып келсе токулуу аттардын жанында орто бойлуу кыргый көздүү кымча бел ажайып
сулуу кыз күтүп турат. Башында үкүлүү кундуз тебетей, тик жака кара макмал кемселчен, кош
этек ак көйнөгү көлөчөмаасысынын апкытын жаба койкөлөт, маңдайы жаркын, ак куба
субагай жүз, жаңы тууган айдай ийилген кара каштары, моймолжуган сурмалуу көздөрүнө
төп келе, кырдач муруну, эптүү кымтылган татынакай эриндери көңүлдү эргиткен жолоочу
кыз:
— Кана, агатай, аттаналы, — деп жылмая каршы алды.
— Бар бол, карындашым. Мына Кудай кааласа тилегиң орундалат. Кел атказып коеюн, — деп
керкашканы кыздын алдына тартып, этият колтуктап аткарды да, өзү чоң кулага шап мине,
кылчайбай айылын бет алды. Алдыда кара жалдуу чоң кула атчан, ак калпак, ак кементай,
шыйрактуу мылтык асынган Алыбек шайбыр басык менен баратат. Артында керкашка
жоргочон, кундуз тебетейинин үкүсү жай сыдырымына сеңселе, кара кемсел ак кош этек
көйнөгүнүн этеги үзөңгүнү жаба көйкөлө моймолжуган сулуу кыз Кудай тобокел деп
тагдырын издеп баратат.
Күн кеч бешим. Асман ала булуттап, күн нуру кунарсыз. Кечээ Кулжалуу төргө түнөй ууга
чыгып, таң саарындагы кийик оттомдо Чубатуудан кийик атып, олжолуу болушкан беш-алты
атчан коктунун оозундагы айылга жакындап келатат. Зээри бийик, соорусу жайык, чаткаягы
кенен, жалдуу чоң тору ат минген кең далылуу, олбурлуу киши обочо бастырууда, башында
кара кыймалуу ак калпак. Боз пиязы чепкенинин арткы этеги чоң торунун соорусун жаба,
өңүр этектери тизе алдына камтылган, асынганы шыйрактуу мылтык. Төшүн жаба
жайкалган кара сакалы, сыпаа серпилген узун муруту, дөңүрөөк кырдач мурун, жаактуу кара
сур жүзүнө төп келе бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр берип тургансыйт. Ат тизгинин
тыкан кармай, оң билегине булдурсун камчынын бүлдүргөсүн иле, эч кимге үн катпай өзгөчө
ойлуу баратат. Жолдоштору көтөрмө бою артта өз ара кобурашып жай келатышат. Айылга
жакындаганда Алыбек жолдошторунан озо тору атчанды жандай бастырып:
Хан Ормон
— Баатыр, суусадыңыз го, үйгө кайрылып кымыз иче кетиңиз, — деди.
— Айттырбай ойдогуну билгениңе рахмат, түшө кетели, — деди тору атчан. Бул — кыргыз
ичинде төбөсү көрүнүп баатыр аталган Ормон эле. Атчандар айылдан өйдөрөөк тигилген
Алыбектин тогуз канат ак үйүнүн жанына түшүштү. Аттар кермеге байланып, чөлдөгөн
аңчылар үй-ээсинин коштоосунда өргөгө киришти. Үй ичи салттагыдай жасалгаланып,
төрдөгү килем жабылган такта үстүнө үч кертим жүк жыйылып, үстүнө ак жаздыктар
коюлган. Ак жоолугун оңдой салына, кара кемсел жашыл көйнөгүнүн этеги көйкөлгөн
Алыбектин аялы ордунан тура төргө көлдөлөң салып:
— Арбаңыздар, — деп көкүрөгүн баса келгендерди жылуу тосуп алды. Эпчи жакы жүк
бурчунда отурган кара кемсел, кундуз тебетейчен кыз, ак кездемеге сайма түшүрүп отурган
калыбында сыңар тизелей, көйнөгүнүн этегин тартып келгендерге көңүл бурбаган сыяктуу
оңдонуп отурду. Киргендер жайланып отурган соң, Алыбектин аялы чоң кара көөкөрдөн
кымыз куюп, адегенде Ормонго узатып, анан калгандарга сунуп чыкты. Биринчи аякты
тынбай ичишип, экинчиси сунулганда Алыбек:
— Баатыр козуга бата тилейли, кечирээк кетерсиңер, — деди.
— Кымызга кара куурдактан өтөрү барбы. Козуну жөн кой, жүрө турсун буюрган суусун ичип,
өмүр малга да, жанга да бирдей керек го, — деген Ормондун бийик үнүнө бурула астыртан
караган Уулбала оттуу көзүнөн кайрат учкуну жанган кара сакал, кара мурут салабаттуу
кишини көрө, негедир жан туюму түйшөлө селт этти, кайра ичинен өзүн кармай бейтааныш
кишиге жылмая карады да, кирпигин дароо түшүрүп, экинчи кабак көтөрбөй саймасын
уланта берди. Баатыр деп отургандын баары ийменгенинен улам, кыргыздын мыктысы ким
экенин туюп тургансыды. Суйсалган тал чыбыктай боюнан махабат лазаты жанган, жаш
сулуунун жалт караган кумарлуу көз карашы жан-туюмуна бүлүк салган Ормон: «атаганат эр
жигиттин өмүр жолуна жарык төгүүчү асыл жар ушундай болсо» деген ойдо көңүлү эргий
астыртан бейтааныш кызга көз кырын салып олтурду. Арыдан-бери кара куурдак алдыга
келип, кымыз ичиле, ар кайсыдан кеп урулуп, кеч күүгүмдө коноктор аттанышты.
Өзүн атказкан Алыбекке кайрылып:
— Сен мени менен бирге бастырып, бир аз узатып койчу. — деди Ормон. Чогуу аттанышкан
экөө топтон бөлүнө, катар бастырып баратышты. Айылдан бир аз узаганда:
— Алыбек, бу сенин үйүңдөгү сулуу бийкеч кайдан? Жок эле го мындай карындашың, — деди
Ормон.
— Ээ баатыр, бу бир ажайып кыз. Казактын улуу жүзүндөгү айтылуу Мендибайдын кызы
экен. Бел куда күйөөсү Сарсен султандын уулун чанып, эркек кийимин кийинип, кыргыздын
мыктысына тием, деп качып чыгыптыр. Өткөн жумада аң улоодон келатып, ашуу түбүнөн
жолугуп үйгө алып келгенмин. Ошондон бери үйдө, — деди Алыбек.
— Дурус экен. Кыргыздын мыктысы ким экенин билесиң да, — деди Ормон.
— Билбей анан, — деп күлдү Алыбек.
— Анан эмне кабарлабайсың? — деди Ормон.
— Малды көрүп олуя жолдон чыгыптыр, — деп каткырды Алыбек.
— Калжыңды кой. Эртең жеткиз биздин айылга. Көрүндүгүңө, сүйүнчүсүнө каалаганыңды
алдыңа тартам. Мен эртең өргө көтөртөмүн, — деп колун сунду Ормон. Алыбек кол алышып,
айылына кайтты.
АР КИМДИН ӨЗ ЫРЫСКЫСЫ БАР
Жашоо башатына жаңыдан гана кадам шилтеген он алты жаштагы кыз өзүнүн күлгүн
өмүрүндө, жан-туюмунда баео ойгонуп, дүр эте жанган аялуу арзуусуна төп асылдыкты,
аруулукту, бийик адамгерчиликти издеп ата-эне эркинен мойноп чыгышы казак-кыргыз
ичинде илгери-кийин болуп көрбөгөн.
— Капырай, казактан кыргызга күйөө издеп качып чыкканын кара.
«Кызыл кызыл кыялар,
Кыргый талга уялар.
Акыр заман болордо,
Такыясын колго алып
Кыз күйөөсүн кубалар», — деген Калыгул акылмандын меселин уккан жок белең.
— Эмесе акыр заман болот экен да?
— Кудай билбесе...
— Аял затынан чыккан көй кашка го.
Хан Ормон
— Балким аягы суюк немедир.
— Койчу, жапжаш кыз экен, жаманга жоруба.
— Он алтыдагы эле кыз экен капырай.
— Ата-энеси кантип атат болду экен бечаралар.
— Казактын чоң байы дейт атасы.
— Ормонду таап келгенин кара.
— Адегенде Алыбекке жолугуптур уудан келатканда.
— «Бел куда күйөөмдүн жайсыздыгын көрүп, той түшүргөн түнү качып чыктым, кыргыздын
мыктысына тийейин деп келатам» дептир.
— Анан Алыбек Ормонго алып келиптирби?
— Анан кимге алып келет эле.
— Өзүчү?
— 0 кокуй, Ормон турганда кайда, — деген айың эл чогулган жерде айтылууда.
Атайы көтөрүлгөн аземдүү ак өргөнүн эпчи капшытына тартылган ак көшөгөдө
бүркөнчүктүү шөкүлөчөн, көк макмал кемсели боюна кынала, кош этек ак көйнөгү сыңар
тизесин жаба көйкөлүп, колукту отурат. Жанында көптү көрүп тиш каккан кадырман жеңе
кыздын беш-бештен эки жагына өрүлгөн кара чачтарын сылай эркелете:
— Укенай, сен баатырды көрүп жактырдыңбы? — деп жылмайды.
— Арийне, көрдүм гой баатырыңызды... — деп сөзүн улай албай мукактана жеңени карап
жылмайды.
— Кандай, жактыбы көңүлүңө кыргыздын уулу?
— Ой бай, жеңгей, несин сурайсыз, — Уулбала шыңгыр күлө жеңенин карысын кармады.
— Неси болсун, алыстан арзып келгениңче бар бекен? — деди жеңе Уулбалага сынакы көз
жибере.
— Арзыганым акылдуу, келбеттүү, кайраттуу, махабат кушун издеп алыстан азып чыккан
кыздын кол тийгиз аруу, акактай асыл, ак жибектей назик жан туюмуна жөлөк болуп, табы
менен тууруна кондуруп алар киши эле гой.
— Баатыр окшойбу ошол кишиге? — деди жеңе.
— Ойбай жеңгей, жан сырымды аңтарып кирдиңиз гой. Энди кайтейин, окшойду гой.
Айтайынбы, жеңгей көз кыйыгы өтө катты, жүрөктү селт эттиреди, — деп кыткылыктай
күлдү Уулбала.
Аңгыча эшик ачылып, үйгө жалгыз кирген Ормондун:
— Бул үйдүн ээси бар бекен? — деген салмактуу коңур үнү угулду.
Ак көшөгө бүлк эте чыккан жеңе:
— Ботом баатыр уул өзүң эмессиңби, — деп жылмайды.
— Аа, ошондойбу, а мен казактын айдың көлүнөн учкан ак куу Ысык-Көлгө конду, деп угуп
аны көрөйүн деп келбедим беле, — деп күлдү Ормон.
Көшөгөдөн бурала чыккан Уулбала шөкүлөнүн бүркөнчүгүн жаба:
— Ак суңкар айланып учса ак куу кайда кашады, батыр, — деп суйсала басып Ормондун
жанына келип, оң колу менен көкүрөгүн баса ийилип таазим этти Ормон бир тынымга үнсүз,
кыздын келбетине көз жүгүртүп:
— Анда ракым этиңиз, дидарлашалы, — деп бүркөнчүккө кол сунганда:
— Ботом баатыр уул кантесиң, ырасмисин түзөп, анан дидарлашпайсыңбы? Бет ачарын бер,
— деп күлдү жеңеси.
— Болсун, — деп чөнтөгүнөн бир тай туяк жамбыны жеңесине карматты да, жан чөнтөгүнөн
бир ууч күмүш теңге алып чыгып, Уулбаланын шөкүлөсүнүн төбөсүнөн ылдый чачып
жиберип, бүркөнчүктү серпе сала, кыздын чырайына маашырлана жылмайып, ийнинен ийе
тартып, бетинен өптү. Уулбала эреркей баатырдын көкүрөгүнө ыктады.
— Күмүш тыйындарды килем үстүнөн терүү менен алектенген жеңе:
— Каап, чачып ийбедиңби, кыздарды киргизейин, — деп алаканын шак эттирди жеңе.
— Ойбай жеңе, теришип берейинби, — кытылдап күлдү Уулбала.
— Жеңең өзү эле терип алат. Сиздин башка иштериңиз бар. Отуруңуз, жай алалы, — деп аюу
талпактын үстүн жаңсады Ормон.
— Батыр, сизден алда менин отурым осол болор, жана да бул үйдү меники дедиңиз, олай
болса сиз бүгүн менин коногумсуз. Коногунан мурда үй ээси отурмайды гой, — деп күлдү
Уулбала. Колуктусунун жүйөөлү сөзмөрлүгүнө ичинен ыраазы боло Ормон мандаш уруна
отурду. Оң жагына ыктай Уулбала орун алды. Жеңенин алакан чапкан белгиси менен иймене
Хан Ормон
кирген кыз-келиндер өз ара акырын күлө киришип, күмүш тыйындарды терүүгө киришишти.
Эшиктен комуз үнү угулуп, кыз ойготоор күүсү көңүлдү терметти.
— Аа, сыртта жигиттер бар тура. Жолдугун өтөп коюңуз, — деп жеңесине бир ууч күмүш
теңге берди Ормон, тыйын терилип бүтө.
— Кана эмесе, силер тиги өргөгө барып оюн кургула, Укен менен Баатырдын урматына, —
деп кыз-келиндерди ээрчитип чыга жигиттерге баатырдын жолдугун берип, кайра келе
дасторкон жайып, дүр-дүйүм даам койду. Чоктун табына бүкүлү бышырылган тоодактын эти
бир табакта, өрдөктүн эти бир табакта, керчөө бир табакта. Оюулуу кара көөкөрдүн оозун
ачып, кордолгон кымыздын тунмасын эки сыр чөйчөккө куюп, экөөнүн алдына койду.
Шуулдай кайнаган ак самоор киргизилди. Ормон “бисмилла”, деп чий боорсоктон ооз тийип,
кестиги менен тоодакты устукандамак болгондо:
— Баатыр, сиз бүгүн бизде коноктосуз гой, мага бериңиз, үй ээсимин гой, мен жасайын, —
деп жылмая колун сунуп кестикти сурады.
— Жүйөөлү сөз го, — деп жеңесин жылмая карап, кестикти Уулбалага берди. Колуктунун
назик жана илбериңки кыймылына маашырлана жеңеси кайнисин карап көзүн кыса
жылмайды.
— Кана, рахим этиңиз, — деп Уулбала табактарды эптүү жылдырып, кестигин кайра сунуп,
Ормонго кайрылды.
— Колго конгон кушка жемди табы менен мүнүшкөр берет. Сиз убара болбоңуз, мен
милдетимди аткарайын, — деп эттен чүйгүндөп кесе Уулбаланын, жеңесинин алдына койду.
— Ботом, баатыр уул, Укенди сиз дебей эле сен десең боло, — деп эттен ооз тийе кайнисин
карады жеңе.
— Мени бүгүн коноксуң дебедиби, конок үй ээсин сен дегени осол болор, азырынча сиз, —
деп турайын, — деп күлдү Ормон.
— Ойбай баатыр, сөз кезегин кетирмейди экен гой, — деп Ормонду карады, моймолжуган
сурмалуу көзүнөн бакыт кумары жанып турган Уулбала.
— Чөйчөктөгү насипти татпайсыңарбы? — деди жеңе. Ормон чөйчөктү шыпкай иче, тамагын
кыра табакка кол салды. Уулбала татып көрүп, чөйчөктү ачууркана дасторконго койду.
— Ич, ичегой, боюң жылып, табитиң ачылат, — деп өнтөлөдү жеңе. Уулбала чөйчөктөн бир
аз жутуп, ачууркана табакка кол созгондо:
— Керчөөдөн ал, козунун керчөөсү, — деди жеңе.
— Мына бу канаттуунун этинен татайынчы. Кайып ырыскы эмеспи, — деди Уулбала. Насип
татылып, бир тынымга үй ичин ээлеген тынчтыкты:
— Кандай дейсиз, үй ээси, казактын Айдын, көлүнөн учкан ак куу Исык-Көлгө эмес башка
көлгө консо, мындай насип татат белеңиз, асмандагы тоодак менен өрдөктү атайын сизге
арнап аттырып келдик, — деди Ормон, Уулбалага астыртан назар сала.
— Рахмет баатыр, мен өзүмдү бактылуу сезип отурмун. Арийне Алла Таала буйруган насипти
ар ким кайда болсо да татады го. Ар кимдин өз ырыскысы бар кой, — деди Уулбала.
— А, ошондой бу, — деп ормое карады Ормон.
— Солай баатыр, эп көрсөңүз эртегиден бир икая айтып берейин, — деди Уулбала.
— Айтыңыз үй ээси, конок койдон жоош, бүгүн сиздин эркиңиздебиз, — деп карс-карс күлдү
Ормон баатыр.
Уулбала Ормонду астыртан жылмая карап алды да, аңгемесин баштады.
— Күн чак түш. Падыша өзүнүн көлдүү, суу бүркүп чачыратмалуу чарбагында көрөр көз
кичүү аялы менен дүйүм даам татып, көңүл кушун таптай бактылуу отурат. Асмандан тийген
күн нуру бак арасынан дасторкон үстүнө төгүлө падыша менен падыша айымдын
маанайлары жаркыйт. Ошол арада падыша асманда учуп бараткан өрдөктөрдү көрүп:
— Анау кайда конмасын, атып акелип падыша айымга кебаб жасаб келиңдер, — деп буйруду
жигиттерине. Падыша буйругу эки боламы. Адис мергендер артынан абайлап конгон
жеринен атып, кебеб жасап келип, падыша айымдын алдына коюшту. Булай сөөлөткө курсант
боло, шарап татып, кебаб жеп куунап отурган падышанын көөмөйүнө адамдык манчыркоо
толду көрүнөт:
— Падыша айым, кандай дейсиң, сен менин аялым болгону үчүн асманда учуп бараткан
канаттуунун кебабын татып отурсуң гой, — деди.
— Рахмат, арине сизге жар болгонума бактылумын гой. Сойтсе да ар ким маңдайына бүткөн
ырыскысын кайда болсо да татады гой. Мен да өз ырыскымды татып турмун, — деди айым.
— Эзели бирөө сөзүн кайтарбаган падышанын намысы кайнап:
Хан Ормон
— А, солай экен да, билмегенимди карашы. Сен башка адамдын жары болгон күндө да
осындай насипти татмаксыңбы, — деди падыша кекерлүү үн менен.
— Арийне таксыр күйөөм, ар кимдин өз ырыскысы өзүндө гой. Алла Таалам насибине
буйруган ырыскыны адам баласы кай жерде болбосун татады. Азыр да мен сол ырыскымды
татып турмун, — деди падыша айым, өзү да окумал үлкөн адамдын кызы эле. Жүзүнө заары
чыгып, текеберчилиги көкүрөгүн тепкен падыша:
— Олай болсо анда ушу ырыскыңды өзүң таап же. Үч талак эттим. Оокат дунуеден канча
кааласаң ал да чыгып кет, — деди колу калчылдап ачуусун зорго тыйып турган падыша.
— Талагыңыз кабыл болсун, таксыр. Мен сиздин дүнүйө байлыгыңыздан бир пулга өтөр
нерсе да албаймын. Өз кийим-кечем менен чыгып кете беремин, — деди кайраттанган
падыша айым Салима.
— Казыр кеткин, — деди ачууга ууккан падыша. Салима айым ордунан туруп тазим эте:
— Күндөрдүн бир күндөрүндө, Иншалла, мейман катары жолукканча соо болуңуз, таксыр, —
деди да чарбактан чыгууга бет алды.
— Кудай сендей катындын жүзүн экинчи көргөзбөсүн, — деп зиркилдеп ордунда калды
падыша.
Алла Таала буйруган ырыскысына, жан туюмундагы кебелбеген эркине, акыл дараметине,
адилеттикке ишеним арткан айым Салима падыша сарайынан чыккан тейде, шаардын
көчөлөрүн арта акыл калчап, сабырлуу кетип баратты.
Бешим маалы. Тар көчөлөрдүн бири менен кетип баратып, оң жагына назар салса, сынып
жерде жаткан эски эшиктин алдында бети баштары жуулбаган чачтары өсүп кабагына
түшкөн тестиер эки бала ойноп отурат. Салима айым жакын келип:
— Саламатсыңарбы балдар, кимдин балдарысыңар? Ысмынар ким? Үйүңөр кайда? — деди.
Балдардын бири мурдун шор тартып, желкесин кашый:
— Мен Шахриддинмин, мунун аты Фахриддин. Сеит азанкечтин балдарыбыз, үйүбүз мына
ушул эшиктин ары жагында, — деди кийими адеми чоочун аялга таңгала караган абалда.
— Жүргүлө үйүңөргө, мен кирип бешим намазын окуп алайын, — деп короого кирди. Чакан
короонун ичи бир нече жылдан бери шыпырылбаган окшойт. Чамынды, акыр-чикир
чачылып жатат. Короонун төр жагындагы жапыс эки терезелүү боз там ээсиз ээн тургансып
томсорот. Салима эшикти аста ачып үйгө кирсе, чачы саксайып жоолугунан чыккан, кийимкечеси кир аял жыртык төшөк үстүндө отурат. Эшиктен киши киргенин туюп маңдайына
колун серепчилей таң кала адырайды.
— Саламатсызбы эже, бешим маалы өтүп баратат. Намаз окуп алайын, уруксат этиңиз, — деп
көкүрөгүн баса таазим этти Салима.
— Окусаң окуй бер, тигине турбайбы кумган, көрбөйт го, — деп бурк этти үй ээси аял. Салима
эшиктен даарат ала кирип, чолоорок орунга кол жоолугун жайып намаз окуп бүтө, ушул үйдө
туруктоону чечти, кудайга тобокел айтып. Намаз акырында адамдык бийик намысты бел
тутуп, кудай алдында сабырын, кайрат кудуретин сурап ушул үйдө иштөөнү чечип бата
тиледи да, аялга карап:
— Эже, намазга жай бергениңиз үчүн кудай ыраазы болсун, рахмат. Бул үчүн мен сизге
вкабыш кылайын, — деп босогодон шыпыргы алып, суу сээп, үйдүн ичин шыпырды,
терезенин айнектерин тазалап, чачылып жаткан төшөнчүлөрдү жыйнай баштады.
Бейтааныш аялдын илбериңки аракетинен үйдүн ичи жарык болуп, кеңейе түшкөнсүгөнүн
байкаган үй ээси аял:
— Ой, сен, ой карачы, биздин үй да ырас тура, — деп сары тиштерин ырсайта күлгөн болду.
— Эже, силердин үйүңөр абдан дурус экен, азыр корооңуз да дурус болот, — деди да тышка
чыгып дарбазанын жанына чейин суу сээп шыпырды эле, короо ичи да тазаланып кеңейе
түштү. Муну байкаган үй ээси аял:
— Ой сен жакшы катын экенсиң го. Корообуз да жакшы тура. Сен күн сайын келип иштеп
турсаңчы, — деп жоолугунун алдына салааларын салып, башын тырмады.
— Эже, сиз кааласаңыз мен сиздин үйдө кызматыңызды жасап берип жүрөйүн. Үйгө кириңиз,
мен суу жылытайын, баш жууйлу, — деп жылуу ырай менен жылмайды Салима айым.
— Аа, жакшы болот, башты жууса да болор, — деп үйүнө кирди аял. Салима айым арыданбери очокко от жагып, кумганга суу жылытып, аялдын көптөн бери таралып жуулбаган
чачын атыр самын менен жууп, кайра тарап өрдү да:
— Эже, мага көрсөткөн кайрымыңыз үчүн, — деп үйүнөн кармай чыккан баштыгынан жаңы
жоолук алып, аялдын башына салды да, күзгү берип:
Хан Ормон
— Эже, караңызчы, кандай жарашат экен, — деди. Аял күзгүдөн жуулууп тазалана, жаңы
жоолук салынган өз чырайын көрүп:
— Ушундай эле болчумун дейм да. Сейит болсо мени ырайың суук, — деп тилдейт. Өзүчү,
көрөсүң го келгенде кандай экенин, — деп күйөөсүнө нааразычылыгын билдирди.
— Сейит күйөөңүз го, ал кайда? Эмне иштейт? — деди Салима аялдын сөзүнө ынанганын
билдирүү аракетинде.
— Ооба, анын аты Сейит, эл Сейит азанкеч, — деп коет, деди аял.
— Ал киши мечитте азан чакырабы? — деди үй-бүлөнүн жайын толук билгиси келген
Салима.
— Азанды билбей калсын. Ал эртең менен эрте эшегин минип токойго отунга жөнөйт.
Мечиттин жанынан азанда өтөт го. Ошол үчүн азанкеч дешсе керек. Ким билсин, — деди
күйөөсүнө анча ыраазы эмес экенин билдирген кыязда.
— Эриңиздин табылгасы кандай? — деди Салима.
— Табылгасыбы? — деп жакасына кол сала колтугун кашый сөзүн улады, — отунун базарга
сатып, ошого кечинде ун алып келет, ошол. Аны мен атала жасайм, ошол, кечинде жасайм, —
деди аял. Салима айым убакытты бошко кетиргиси келбеди. Эшикте ойноп жүргөн
Шахриддин менен Фахриддинди чакырып, суу жылыттырып, баштарын жууп, киринтти.
Ботко бышырылуучу казанды ачып караса, күндө бышырылган ботконун кырмычыгы
кырылып жуулбай үстүнө бышырыла бергенден улам казандын ичи тарый берип, эки-үч аяк
суу баткандай гана орун калыптыр. Аны кырып, жууп-тазалап, очокко асып, даярдады. Болгон
идиш-аяктарынын абалы да казаны сыяктуу экен. Аларды да жууп, иреттеп коюп:
— Эже, мына караңыз казанды, идиш-аяктарыңызды кечки боткого даярдап койдум, — деп
аялга карады. Ал жуулуп-тазаланган казанды, идишаяктарды аңырая карап:
— Ушундай болчу эле дейм да. Эмнеге эле казандын ичи тарып баратат десе, өлүгүңдү
көрөйүндүн кырмычыктары калың болуп калган тура. Ырас кылдың, — деп ырсая күлүп,
Салимага карады. Салима аялдын жанына отуруп, өзү башка шаардан келгенин, бул шаарда
иши бүткөнчө болорун аңгемелеп отурду.
Күн кылкылдап, шаар четине жашына баштаганда көчөнүн башынан көк эшекчен, эскирген
шырымал чапанынын өңүрлөрү далбактап, эшектин омуроосун жаба, тер баскан эски
малакайын баса кийген, куш мурун, үрпөйгөн кара каштуу, чуңур кабак алдындагы
кызарыңкы көздөрү күлүңдөгөн орто жаш киши келатат. Кыясы бүгүн табылгасы түзүк го:
оң канжыгада баштык салаңдайт, сол жагына аркан көтөрмөлөрү байланган. Эшегин
кыдыңдатып балдары ойноп отурган өз короосунун эшигине келе тизгин жыйды.
— Тообба, бул эмне, балдар меники дейин десем бети-баштары таза. Эшик меники дейин
десем, таза шыпырылган. Жок, меники мындан ары, — деп эшегин темине ары жөнөдү. Атасы
үйүнө токтобогонуна таң калган балдары артынан чуркап:
— Ата, оо ата, кайда барасың, үй быякта эмеспи, — деп кыйкырып артынан чуркашты. Атасы
балдарын таң кала карап:
— Ой, менин балдарым, силер чырайлуу экенсиңер го. Мен билбептирмин да. Эшик алды да
таза — не болду силерге? — деп таң калды.
— Оо ата, бизге бир эже келди. Үйдү, короону тазалап, жыйнады. Терезелерди жууду.
Апабыздын башын жууп, жаңы жоолук салды. Көрөсүз го апабыз кандай сулуу болуп
калганын. Жүрү үйгө, — деп кудуңдашты балдары.
— Кудая тообба, бул ким болду, же тиги тыштагы эжеси келдиби. Бирок ал мындан өткөн
шалакы эле. Ай, кайдан, — деп күбүрөй, эшегин тепеңдете үйүнө келди Сейит азанкеч.
Короонун ичи шыпырылып тазаланган, эшегин байлоочу акыры да таза экенин көрө айран
таң боло, эшекти акырына байлап, канжыгадагы баштыгын чечип бир колуна кармап, бир
колуна шапалагын сүйрөй үйүнө кирди. Үй ичи мурдагыдан таза, жарык, ал эмес кенейе
түшкөнсүйт. Төшөнчү-орунчу ирээти менен жыйылган. Төрдө жаңы жоолук салынып, чачы
өрүлө, өңү-башы тазарып отурган аялы:
— Ии, келдиңби салпайган неме. Ай, ушу сага тийбегенде, — деп кергиштеди. Оозуна сөз
кирбей элейген Сейит азанкеч капшытта колун бооруна ала таазим этип: — Келиңиз
үйүңүзгө, арбаңыз, төрүңүзгө өтүңүз, — деп турган бейтааныш сулуу аялды көрө, эмне
дээрин билбей, шалдайып турду да, казан-аяк жакка өтүп, ун салган баштыкты жерге коюп,
үйдүн терезе жак капшытына аркасын сүйөй шалдайды. Бир өзүнүн аялын карайт, бир
бейтааныш аялды карайт, айран таң.
Хан Ормон
— Эмнеге аныраясың? Бул аял биздин үйгө кызматчы болот, колубуз узарат. Сен отунду көп
алып, унду арбын таап келип турасың, — деди көңүлү көтөрүлүп турган аял.
— Эжем туура айтат. Мен силерге кызмат кыла турайын, башка шаардан иш менен келдим
эле. Убактылуу турууга уруксат эткиле, — деп жайын түшүндүрдү Салима айым шалдайып
турган үй ээсине. Сейит азанкечтин оозуна дале сөз кирбеди. Салима ордунан илбериңки
туруп:
— Эже, мен ундан тамак жасайын, — деп казан-аяк жакка өттү. Көп өткөрбөй беш-алты
калама нан бышырып, унду кызарта кууруп, туз салып суу куюп, куурма чай жасады. Дасмал
жайып үй ээлеринин алдына коюп эшиктен балдарды чакырып, бешөө тамакка отурушту. Үч
маал ботко жеп күн көргөн үй-бүлөнү каадаланып нан менен чай ичкени асмандан ырыскы
түшкөндөй курсанттыкка бөлөдү.
Ушинтип Салима айым өз ырыскысын издөөнү кембагалдын үйүнө кызматчы болуудан
баштады. Күндөр өтүп жатты чубуруп, эмгек менен алп уруша Салима айымдын күн бою
жаны тынбайт. Эски төшөнчү-орунчуларды сөгүп, жууп, кайра каптады. Үй ээлеринин,
балдардын кийим-кечелерин жууп-жамап, бойлорун тыңдады. Үй-бүлөнүн да көңүлдөрү
көтөрүлүп, Салимага жардамдашып, алдыдан жакшылык күтүп жашоого өтүштү. Отунчунун
күнүгө алып келген унунан сарамжал тамак жасай жарымын үнөмдөп жууруп, жарым ай өтө
дандырга нан жасап, балдарды базарга чыгарып соода жүргүзүүгө үйрөтүп, оокатты тирдей
баштады. Жыйылган каражатты керектүү кездемеге жумшап, келишимдүү топуларды, сайма
жоолуктарды жасап базарга чыгарып, Сейит азанкечти отунчулуктан соодага өткөрдү. Жыл
айлана үй ичи кийим-кечелери оңолуп, үй-бүлө жапа тырмак колунан келгенин иштеп, бирибирине жөлөк боло ынтымактуу жашоо өкүм сүрдү. Эрди катын да, балдары да ушул аял
үйүбүздөн кетпесе экен, деп тилешет. Салима айым баштаган соода-сатык алга жыла улам
арбый берип, көп өтпөй киреше көбөйүп, жаңы курулган кенен үйгө киришти. Сейит азанкеч
качырларга, төөлөргө жүк арта кербен куруп, эки уулун ээрчитип, Багдадддан Мисирге,
Шамга өтүп, кадырлуу чоң соодагер болду. Байлыгы, мартабасы артып, «Сейит мырза» атка
конду. Үй-бүлө Салима айымды ыйык көрүшүп, айткандарын эки дедирбей аткарышат. Сейит
мырзанын аты падыша сарайында да оозго алына баштады.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 08
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.