Latin

Хан Ормон - 09

Total number of words is 3964
Total number of unique words is 2202
27.0 of words are in the 2000 most common words
39.1 of words are in the 5000 most common words
46.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
турганда, жарчы жыйын тыныгып түштөнүүдөн кийин кайра башталарын жарыялады. Эл
түштөнүү үчүн боз үйлөргө бет алышты.
КУДАЛАШУУ
Көтмалдыдагы үч күнгө созулган жыйын бүтүп, жыйынга келгендер айылдарына тароодо.
Жыйындан тараган жоон топ атчандар көл кылаасына бет ала жөнөдү. Кыркаланган
алдыңкы катарда Калыгул акылман, Муратаалы, Боронбай, Ормон баштаган сакалдуу
билермандар үзөңгү кагыш баратышат. Чоң жээрде жоргодо омоктуу отурган, эткелирээк
сары чийкил, маңдайы жазы, сакал-муруту суйдаң, сурмасыз сургулт көздөрүнөн ой калчаган
акыл, өз баркын билген салабат туюлган Боронбай бий сөөлөттүү көрүнөт. Көгүш нооту
чепкенинин этектерин тизе алдына кыса, күмүштөлгөн үзөңгүгө булгары маасы-көлөччөн
буттарын бошураак таяп, чепкенине өңдөш көгүш баркыт тышталган кырбуусу тайкы
сүлөөсүн тебетейин көтөрө кийип, тизгин-чылбырды сол колуна шалкы кармай, бүлдүргөлүү
булдурсун камчыны оң билегине иле, жоргонун шайбыр басыгына төнүп каалгый баратат.
Төрөгелди, Балбай, Адыл, Өмүргө курбалдаш бир даар жашы кичүүлөр адеп сактай артта өз
тобу менен келатышат. Айылдан чыккандан бери атчандар жыйын жөнүндөгү ойлорун
бөлүшө келатышат. Бир оокумда Боронбай бий:
— Ормон баатыр, Кудаа кааласа, жыйынды ирээттүү, адилет өткөрдүң. Түйүндүү, чырлуу
маселелер адилет чечилди. Эми сага бир собол, бу кокондуктардын жазасын берипсиң. Бирок
ордолуу журт эмеспи, ажыдаардын куйругун басып алган жоксуңбу? — деп Ормонду карады.
— Тобокел Алла дедим бий. Куйругун баса электе эле оп тартып келатпайбы, — деди Ормон
камырабай.
Хан Ормон
— Ажыбек датканын айтканына караганда, Кокон Ормон баатырдын айдыңынан чочуп
калган тейи бар го. Бийик наам берип, ордого сыйга чакырат экен деди го, — деди катар
бастырып келаткан Муратаалы бий. Бир азга сөз үзүлө ар ким бул окуяны өзүнчө жоруган
сымал үнсүз баратышты.
— Кокон ордосунда Нарбото бийден калган нарк бузулуп, касиет качты. Кичүү энеси, Омор
хандын токолу менен сына кылган Мадали хандын абийири төгүлүп турат. Бухар эмири
Насрулла шариат жолунан чыккан бузуку Мадали ханды Кудай атынан жазалайм, деп
Коконду чапканга азирленип турган кези, — деп сөзгө аралашты Боронбай менен катар
келаткан Калыгул олуя.
— Оо, Кудай аткыр, хан башы менен маскара болуп, — деп жакасын кармай тобо кылды
кыдык бийи Самсаалы.
— Ханды Кудай урарда,
Каада унутуп мас болот.
Кылган иши пас болот.
Абийири төгүлүп,
Калкы менен кас болот,
— деди ойлуу бараткан Калыгул.
— Анда Ормон баатыр куп иштептир, — деди Калыгул акылмандын сөздөрүн кыбасы кана
угуп бараткан сакалдуулардын бири.
— Ай, кантер экен акыры... жакшы болбойт го Кокондун... Орустарды жакшы айтат, Байсылда
абзий, — деди Боронбай тамагын жасай, ат үстүндө оңдонуп отура.
— Доңуздун этин жеп, чокунган орустардан көрө, дини бирге, дили бирге, тили да окшош
Кокон эле жакшы го бизге, — деп темине бастырды Самсаалы бий.
—Байсылда абзийдин эки сөзүнүн бири эле орус, өзү да чокунган немеби дейм, — деп сөзгө
аралашты катарда келе аткандардын бири.
— Жогуңуз, Байсылда абзий кудай деген мой сопут киши, — деп Боронбай өз сөзүн
ырастады.
— Кокон да, орус да өз көмөчтөрүнө күл тартышат. Көрүп турбайбызбы Кокондун
кыргыздарга көрсөтүп турган ыдыгын. Кыргыз өз камын өзү көрбөсө, Кудайдан башка эч
кимден жардам жок, — деди Ормон баатыр ат үстүндө ойлуу бараткан калыбында.
— Аай кантээр экенбиз, акырына көз жетпей турат. Оролдон, Омбудан орус чыгып,
казактарды жеринен сүрүп чыгарып, мужуктарын көчүрүп келип атат деген каңырыш угулат,
— деди Муратаалы бий.
— Орус өнөрлүү да, билимдүү да көп эл, келсе өнөр-билими жугар беле, бирок элдин кую бат
эле өзгөрүп кетээр бекен. Салт бузулуп динге күч келер, — деди да, өзүнчө тунжурай
күңгүрөнө:
— Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши.
Болуш чыгат деп айткан.
Буйрук менен кондурган,
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын,
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын,
Коруп чыгат деп айткан.
Жылдан жылга замана,
Кыйын болот ошондо.
Эсеп кылып мал алган,
Тыйын чыгат ошондо.
Андан кийин билимдүү,
Адам чыгат деп уктум.
Түрдүү-түрдүү акылдуу,
Аяр чыгат деп уктум,
Калайыкты бийлеген,
Хан Ормон
Аял чыгат деп уктум.
Албан түрлүү ушундай,
Заман чыгат деп уктум.
Кийин чыккан адамы,
Аяр болот деп уктум.
Кандай болсо жумушка,
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар,
Молдо болот деп уктум,
Минген атын карасаң,
Жорго болот деп уктум.
От араба, дилгирем,
Жол кыскарат ошондо,
Этек-жеңи чолоюп,
Тон кыскарат ошондо.
Атасынын сөзүнө,
Бала кулак көп салбайт.
Атанын тилин бала албайт.
Андан артык биле албайт.
Айт дедирбей жедирбей,
Аяр болот ошолор.
Жоо дегенде дегдешип,
Даяр болот ошолор.
Түн ичинде уктабас,
Баатыр болот ошолор.
Бисмилланы айтпаган,
Каапыр болот ошолор.
Жарды-байы билинбей,
Жалпы болот ошолор.
Ошол жакшы биз жаман.
Кийин келет бир заман.
Биз жашаган тар заман,
Кийин келер зар заман.
Кыйкырыгы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман,
Кылса жумуш бүтпөгөн.
Күн кыскарган бир заман.
Кожо, молдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо, намаз окулбай,
Дил кыскарган бир заман,
— деп күңгүрөнө «ушундайбы» деп эки ийнин карап, ат үстүндө каалгып ойлуу баратты
Калыгул олуя. Акылман олуянын меселине муюп, жай келаткан атчандар Ормон тобу
Күңгөйгө, Боронбайлар Тескейге кайрыла турган жол айрылышына келгенде салабаттуу
Боронбай бий тизгин жыя:
— Атаганат, кайрылышка келдик го. Калыкемдин насыяттарын үч күндөн бери угуп
канбадык. Эми кайра көрүшкөнчө соо бололук, — деп күмүштөлгөн чакчасын алып, насвай
чекти. Ормон да чакчасын алып, чайкай, бош экенин көрүп, кайра катты да:
— Бий, насыңыздан бир атым бериңизчи, меники бүтүптүр, — деп колун сунду.
— Жогуңуз баатыр, нас бекер берилбейт, — деп күлө чакчасын экчеди Боронбай.
— Өлбөстүн куну болсо да, бериңизчи, өтөөсүнө чыгармын, — деп күлдү Ормон колун сунган
калыбында. Атчандар экөөнүн тамашасына маашырлана тизгин жыйып, күлө бага кобурап
турушту.
— Өлбөстүн дабасы болбосо да, кыздын калыңына тете, баатыр, — деп чакчасын кармаган
тейде борс-борс күлдү Боронбай.
Хан Ормон
— Алда жарыктык ай, ачууну аяган болбойт деген накыл бар эмеспи, — деди Ормон колун
сунган бойдон.
— Мен аябайм, өтөөсү төп келсе беремин, — деди Боронбай.
— Өтөөсүнө чыга алам, бериңиз эми колду талытпай, — деди Ормон.
— Куда болоюн десең берем, — деди Боронбай мостойгон тейде.
— А, болуптур, куда болсо бололу, — деп обдула колун узатты Ормон.
— Мына, эмесе, — деп атчандар кыраан-каткы күлүштү.
— Аа... баракелде. Мына чакча, бирок кол Кудайдын мөөрү дейт, келе колуңузду, — деп кол
сунду Боронбай. Ормон Боронбай менен кол алышып, чакчаны алып, нас чекти.
— Насыңыз баалуу болду го, — деди Муратаалы күлө бага Боронбайды карап.
— Баркын билген кишиге, — деп Ормонду карап күлүмсүрөдү Калыгул.
— Айдай сулуу Кулан кызга сөйкө салынды го.
— Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт.
— Берген март эмес, алган март.
— Экөө тең жоомарт кишилер, куп келишет кудалыктары, — деп атчандар кобурап турганда:
— Кана эмесе Калыке, Ормон баатыр, көрүшкөнчө Кудайга аманат. Кудаа кааласа жакында
көрүшөбүз, куда болуп калбадыкпы, — деп күлө Боронбай Калыгулга, анан Ормонго кол
берип, калгандарына баш ийкей Тескейге тизгин бурду. Калыгул акылман, Ормон тобу
Күңгөйгө бет алышты.
Жайдын толгон кези. Асман чайыттай ачык. Мөңгүлүү чокулардан төмөнкү борчуктанган
аскалар, караган шактуу куюлма шагыл төмөндөй келип жашыл тулаңдуу төргө жалгашып
турат. Төрдүн оң жагы бетеге, тулаңдуу апай бет, сол жагы арча, карагандуу торпу. Мөңгүдөн
түшкөн көк кашка суу өзөндү жара шаркырап, табият жарашыгын даңазалап тургансыйт. Суу
бойлогон жайыктагы калың айыл Ныязбектин сегиз бегинин чыгааны, баатыр атанып,
мартабасы жогорулап турган Ормондуку. Айылдын баш жагындагы Ормондун он эки канат
ак өргөсү алда кайдан көзгө урунат. Уяң жүндөн кылданып, бордолуп жасалган үзүк,
туурдуктарын жашыл, кызыл манаттан оюлуп жасалган кере карыш тасма айкалыштырып
турат. Үзүк, туурдуктун боолору, кырчоосу түстүү жибектен ак жүнгө айкалыштыра эшилген.
Эшигинин төрт жагы тең көк кызыл оюу түшүрүлгөн тасма менен алкакталган. Эшиктин оң
жагына үйгө жөлөй түпөктүү найза сайылган. Үйдүн ичине өрө кийиздерге кабаттала ала
кийиздер салынып, капшыттарына, төргө шырдак, кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн.
Килем жабылган тактага адеми үч кертим жүк жыйылып, үстүнө ак мамык жаздыктар
тирелген. Үйдүн капшыттарына кара баркыттан аземдүү сайма сайылып, жашыл жибек
менен ортолонгон туш кийиздер тартылуу. Туш кийиздердин баш аягында, ортосунда
илбирстин, бөрүнүн терилери кере илинген. Төрдө аюу талпак үстүндө сексен ашкан айтылуу
Ныязбек бий, анын эки жагын бугу мыктылары Боронбай, Муратаалы бийлер, Калыгул
акылман, аларга улай үй ээси Ормон отурат. Төрдүн эпчи жагында Боронбайдын улуу аялы
Алым байбиче, Муратаалы бийдин байбичеси, Ормондун улуу аялы Кусубалды байбиче жай
алышкан. Ормон менен Боронбай бий бир атым насвайдын колкосу үчүн кудалашкан Кулан
кызга сөйкө салуу жөрөлгөсүнө баш кошуп отурушат. Дасторкон жайылып, чай ичилүүдө.
Сакалдуу кишилерден келин-кезектер айбыккандыктан самоор чайын Уулбала өзү куюп,
жеңил кийинген тестиер улан сылык ийиле бошогон чыныларды алып кайра узатууда.
Боронбай бий чайдан жай ууртай Ныязбек бийди карап:
— Баатыр аба, кудай кошкон куда болот, байгамбар кошкон дос болот дегендей, Ормон
уулуңуз менен куда бололу, — деп убадалашканбыз. Эми небереңиз Куланга сөйкө салып,
уулум Өмүрзакка жар болсун деген ак тилек менен алдыңызга келип турабыз. Кудай алдында
кулдугубуз бар, — деди.
— Укканбыз. Бу Ормон экөөңөр салтта жок жөрөлгө баштапсыңар го, — деп жылмайды да,
— эмне демекбиз, кадыр-көңүл жарашса бир атым насбай да арага жүргөнү ошол, — деп
чайдан ууртап, дасторконго койду.
— Урпактарга уламыш болуп айтылуучу кеп болду эки эрендин кудалашканы, — деп сөзгө
аралашты Муратаалы бий.
— Учурун таап кармаганын кара Боронбай бийдин, капырай жүйөөлөшпөй эле, — деп
шыпшына сөз кыстарды, сурмалуу кара көз, толмочураак ак жуумал жүзүн бырыш аралай
элек, келиштире оронгон ээк алмалуу жеңил элечеги, тик жака кара бешманты турпатына
жарашкан Кусубалды байбиче.
Хан Ормон
— Боронбай бий менен Ормондун пейилдери төп келип турганда, Кудай буйруп учуру келе
шылтоо табылды да, — деп Ныязбек бийди карады Калыгул.
— Албетте кут болсун, Боронбай чануучу кишиби. Небере Кулан кыз не дейт болду экен, —
деди Ныязбек бий.
— Өмүрзак экөө кыз оюндарда жолугушуп жүргөн. Бири-бирине тең, ата эрки болгондон
кийин айланайын Кулан баш чайкабас, — деп бийдин сөзүнө жооп каткансыды Боронбайдын
аялы сымбаттуу Алым байбиче.
Атасы макулдугун билдирген соң, Ормон сөз катпай конокторду сыйлаганын билдире сыпаа
отурду. Дасторкон жыйылып, бата тиленди.
— Баатыр аба, калк карыткан журт атасысыз, Бул жалган дүнүйөнүн байлыгы менен
ыраазылашуу уккан, көргөнгө керек. Чын ыраазылыгыбыз Кудай алдында кол алышып,
кыяматтык куда болгонубузда. Алла таала төп көрсүн, батаңызды бериңиз. Ыроолоп күлүк
аргымактын көкүлүнө кебез байлап, бир үйүр жылкы, бир тогуз мал менен келдик. Ормон
баатыр экөөбүз кол кармашалы, — деп Боронбай Ныязбек бийден өтүндү.
— Эл-журт айда аман, жылда эсен болсун. Эл ичинде эсен болуп, Кудай кошкон, кайрымдуу,
мээрбан кудалардан болгула. Кайындалган уул-кызыңардын өмүрлөрү узун болуп,
алдыларынан бала, артынан мал өксүбөсүн, өркөнү өсүп, өрүштөрү кең болсун. Оомийин,
Аллоху акбар, — деп ак сакалын жайкалта Ныязбек бий алакан жайды. Бата тиленгенден
кийин, Боронбай бий ордунан туруп, күмүш кемерин чечип мойнуна сала:
— Дагы бир ирээт кулдук этем, кутман аба, зоболосу бийик Ормон баатыр, — деп эңкейгенде,
Ормон ордунан туруп, Боронбай менен кучакташа кол алышты. Орундарына отургандан
кийин Боронбай:
— Кудаага шүгүр, көптөн бери көксөгөн тилегим ишке ашты. Жамаатташ тууган элек, бир
Кылжырдын балдары. Мына эми Кудай кошуп куда болдук Эсенгул баатырдын балдары
менен. Кудай ийгилигин берсин. Ыракмат, ийрибиз жанбады, — деп сунулган кымызды
алып, бир ууртады да:
— Кана, Алым байбиче, куда, кудагыйларга ыроологон кийиттериңди чыгарчы, — деп
тамагын жасай оңдонуп отурду. Алым байбиче килиттүү чоң ак куржундан алып чыккан
жакасы менен тик турган кашкардын кара кыргактуу кымкап чепкенин Боронбай бий
Ныязбектин ийнине жапты. Ормонго илбирс ичик кийгизди. Муратаалы Калыгулга күрөң
кымкап жапты. Сүлөөсүн жакалуу суусар ичикти Алым Ныязбек бийдин байбичесине
кийгизди. Кусубалды менен Уулбалага кундуз жакалуу, кара баркыт тышталган жылбырска
ичиктер тартууланды. Жашы улгайып баратса да кыймылы илбериңки, аялдык сымбаты
кайта элек Алым байбиче чаканыраак ак куржундан кызыл баркыт тышталып, маңдайына
бармак басым каухар таш чөгөрүлгөн, төбөсүнөн кырбуусуна чейин төрт талаа жыш бермет
тизилген, кырбуусуна тегерете алтын жалатылган күмүш күбөктүү желбирчектер тагылып,
күрөң кундуз менен кыюуланган шөкүлөнү, сагагына кызгылтым майда акак таштар
чөгөрүлүп, бермет тизилген алтын сөйкөнү алып чыгып:
— Байбиче, мына Кулан кызыңызга салынуучу сөйкө, шөкүлө, — деп Кусубалды байбиченин
колуна карматты.
— Азем буюмдар экен, — деп Кусубалды шөкүлөнү кызыга карап: — жеңелери салар
сөйкөнү, шөкүлөнү тойдо кийет да, — деп Уулбалага берди. Эркектер буюмдарга назар
салбаган болуп өздөрүнчө кобурашып, салабаттуу отурушат.
— Кана, кызыбыздын сөйкөсү кулагынан, шөкүлөсү башынан түшпөсүн, бата тилейли, —
деп Ныязбек бийдин байбичеси алакан жайды. Бата тиленери менен эшиктен кирген жигит
ийиле салам айтып:
— Конокторго арналган малга бата сурайбыз, — деди. Отургандар жапырт ордунан туруп,
эшик ачыла сыртка чыгышты. Үйдөн оолагыраак, кермеден берки аш үйдүн алдында кысыр
эмди тай ноктосун кармаган жигиттин колунда ойноктоп турат. Эл кыркар тарта кыбыланы
карашты:
— Оо, Жараткан, эл журт тынч болсун, айдан аман, жылдан эсен бололу, кайындалган эки
чүрпө бактылуу болуп, үрөн-бутактары өссүн, оомийин Аллоху акбар, — деп жапырт бата
тиленди. Куда-кудагыйлар үйгө киришип, мейиз чайкалган кымыз сунулуп, астейдил
субкатташууга өтүштү.
Конокторго атайын өргө көтөрүлүп, эки өргүй конок болушту. Көңүлдөгүнү төгө баарлашып,
чер жазышты. Коноктор узар күнү чай үстүндө Боронбай:
Хан Ормон
— Баатыр аба, — деди Ныязбек бийди карап, — ата-бабадан калган кеп бар эмеспи:
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт деген. Ормон баатыр сизден өтүнө албас,
небереңизге калын айтсаңыз, — деди сакалын сылай салабаттуу калыбында.
— Ээ, бий кудам ай, биз эми картайдык. Биздин убак өтүп кетти го. Сөз эки куда өзүңөрдө
болсун, — деди Ормонду карап.
— Кудалашуубуз да салттан тышкары болду эле. Мен кызыма калың сурагым келбей турат.
Кара чечекей балабыздын наркын малга бычпайлы. Кандай каада менен келесиз — эрк сизде,
— деди Ормон кудасына сала-сал эте.
— Туура сөз. Ата-бабадан бери калыптанып калганы эле болбосо, кара башыл адамды малга
баалоо Кудайга жакпаса керек. Ормон баатыр жаңы жөрөлгө баштады, — деди Калыгул
акылман.
— Дурус, дурус, биз да өз баркыбызды сактай келербиз, — деп сакалын сылады Боронбай.
— Сары журт болуп, конуш эскирип баратат. Он чакты күндө конуш которобуз —
кабарлашарсыңар, — деди Ормон.
Чайдан кийин кымыз сунулуп. Өспүрүм Сейилкандын комуз черткенин угушуп, түштүгүнө
союлган баглан козунун эти желгенден кийин, баалуу кийит кийишкен кудалар
айылдарына кайтышты.
КАБАР
Баш жагын мөңгү баскан карагайлуу тоо этегинин ылдый эки тарабынан дөңсөөлөнгөн
жашыл адырлар капшырган көк шиберлүү кең өзөн чалкаят. Өзөндү жара аккан тоо суусунун
өйүз-бүйүзүндөгү тай чабымга созулган жайыктар жогорулаган сайын куушурула тоо
этектеген караган-шактуу колотко такалат. Мөңгүдөн куралган тоо суусунун башаты бийик
аскадан атырыла ак тасмадай созулуп, карагайлуу тоо бетинен анда-санда жылт көрүнө,
карагай-чер аралай, коктунун таманынан нугун таап, өзөндү жара көбүк чачып жулкунат.
Коктунун жапсарындагы эгиздей окшош, тоңбос эки мөл булактын агымы шоорат сала тоо
суусуна кошулат. Ушундан улам жайлоо Кош-Булак деп аталат. Кош-Булактын мөл суусу
кермек даамдуу болгондуктан касиеттүү деп эл дарыланып сыйынышат. Кош-Булактын эки
тарабында өскөн четиндин жалбырактарына дайыма чүпүрөк айрындылары байланып
турат. Өзөндүн мемиреген ээндигине каңырт сала, күн батыш жагындагы кашатты кыялай
келаткан кызыл-тазыл көч көрүндү. Өзөндүн төр жагынан дүбүрт сала каптап кирген көп
жылкынын алды өзөндөн суу ичип жайылууда.
Көч башында жүгү азем жасалгалуу, жибек буйлалуу, чуудасы төгүлгөн кара атанды жетелеп,
басыктуу карагер атчан, ак элечек ороно, жашыл макмал чепкенинин этектерин тизесине
кыса, булгары маасы-көлөччөн буттарын күмүш жалатылган үзөңгүгө бошураак таяп, жашы
кырктан ашып калган ак саргыл толмоч аял келатат. Кара атанга кооз сызмадан чачылуу
нокто катылып, чүлүгүнө жибек буйла тагылган, жүгүнүн үстүнө кызыл күрөң калы килем
жабылып, түндүк бастырылган, эки жагына самоор, кооз көөкөрлөр байланган, жүктөн
көрүнгөн уук-керегелердин баш-аяктарына оймолонгон чачылуу уук кап, кереге каптар
кийгизилген, төө комунун кызыл ала чачылары боорунан ылдый самсаалайт. Жүгү азем,
чуудалары чубалган кара атандын калбаат кадамдары карагердин шайбыр басыгына төп
келе каалгый келатат. Көчтө экинчи болуп мойнуна жылаажын тагылып, жүгүнө килем
жабылган, жибек буйлалуу карача каймал жетелеп, кула жорго минген каркыралуу, бойго
жеткен кыз көрүндү. Башында үкүлүү кундуз тебетей, кайырма жакалуу кызыл баркыт
кемселчен, мойнунда тутам анжиян шуру, сагактуу алтын сөйкө салынган кемселинин
этегинен ашкан кош этектүү сары жибек көйнөгү күмүш үзөңгүгө таяган кара булгары маасы
көлөчүнүн өкчөсүн жаба, тизгин-чылбырын тыкан кармап, оң колундагы күмүш чегелүү элик
сап камчысын анда-санда солбуйт. Кундуз тебетейинин кырынан көрүнгөн жазы маңдайы,
субагай ак жуумал жүзү, ийилген кыйгач кара каштары, сурмалуу кара көзү, эптүү кымтылган
эриндери төп келише, жаактарын жаба сеңселген беш өрүм кара чачтары кыздын
жарашыктуу келбетин ого бетер көркүнө чыгарат. Жетегиндеги карача каймалдын элпек
кадамдары жоргонун басыгына айкалыша шыңгыраган жылаажын үнү көчкө өзгөчө шаң
берүүдө. Үчүнчү болуп аземделип үй турманы жүктөлгөн ботолуу боз инген жетелеп, жалдуу
күрөң жорго минген, тик жакалуу сур тукаба кемселчен, жибек тасмалуу элечек оронгон жаш
келин көрүндү. Буудай өңдүү субагай жүзү, кырдач мурун, жазы маңдай, каштары тууган
айдай ийилген, сурмалуу кой көзүнөн кумар мээрими жана, жоргонун басыгына төнө
бактылуу сыяктанат.
Хан Ормон
Көч Ормондуку, куданы жаңы конушта тосуу үчүн Кош-Булакка конгону келатат. Көч
баштаган карагер жоргочон улуу аялы Кусубалды, карача каймал жетелеп, сур жорго мине
суйсалган кичүү кызы Кулан, жалдуу күрөң жоргочон кичүү аялы казак кызы Уулбала сулуу.
Аларды ээрчий ар кандай жасалгалуу жүктүү төөлөрдү жетелеп, алына жараша кийинген
элечекчен, жоолукчан аялдар, тебетей, такыя кийген бойго жеткен кыздар чубоодо,
мингендери да ар түрдүү. Шайдоот жигиттер тандамал аттарды минип, ооган жүккө,
жыгылган унаага көз сала, көч жандап келатышат.
Ормон өзү айылдагы сакалдууларды, жигиттерин ээрчитип, эртең менен көч жөнөй электе
конуш чалуу үчүн Кош-Булакка жөнөп кеткен. Кимдин үйү кайсы конушка түшөрүн аныктап
болушуп, суунун жээги кашат алдындагы дөңдө ар тарапка сереп сала, аңгемелешип
отурушат. Аттары төмөнүрөөк сарт байлоодо турат. Илбериңки жигиттер серке чаначтан
кымыз куюп, отургандарга сунууда. Кыядан өзөнгө түшкөн көчтү тосо чыккан жигиттер
жүктүү төөлөрдү белгиленген конушка баштап, өйүз-бүйүзгө үйлөр тигиле, көк шиберлүү
өзөнгө шаң кирди.
Кеч бешим. Суу бойлогон өйүзбүйүздөгү көк жайыктар көркүнө чыгып, чатыраган эки
айылда, көөнөрөөк бөз үйлөр, жолум алачыктар ак өргөлөр арасында комсоо көрүнүшөт.
Ормонго тиешелүү он эки канат ак үй айылдын өйдө жагына обочо тигилген. Чоң үйдө
Кусубалды байбиче, тогуз канат өргөнүн биринде Уулбала, бири Куланга арналып
көтөрүлгөн, биринде ашмачылары, бири конокторго тигилген. Үйлөр тигилип бүтө
дөңдөгүлөр сарт байлоодогу аттарына минип, өз үйлөрүнө жөнөштү. Дамамат жанында
жүрүүчү эки жигити менен Ормон чоң үйүнө жөнөдү. Тушуна түпөктүү найза сайылган
даңкайган ак үй уйпалана элек көк шиберде чатырап көрктүү да, сүрдүү да көрүнөт. Мал аягы
тие элек жайкалган көк шибер кыбыладан соккон сыдырымга жапырылып, кеч дигердеги
күн нуруна жалтылдайт. Үйдөн обочороок тартылган кермеге келгенде жигиттердин бири
шып жерге түшүп, Ормондун атын алып, кермеге байлады. Саза да аттан түшүп, Ормонду
ээрчий баса үйгө бет алышты. Эки жигиттин бири алдыга өтүп, эшик ачты... Үйдүн жасалгасы
орду менен олуттуу да, сүрдүү да. Ормон көлөчүн улагага калтырып, калпагын, чепкенин эпчи
улагадагы күмүш ачалуу ала баканга илип, кемселчен, топучан төрдөгү аюу талпакка
отурганда, аялы тура калып, жүк үстүнөн жаздык алып, оң жагына койду. Саза да жеңилдене
эр жактагы кара көлдөлөң үстүнө отурду. Кусубалды байбиче оймолуу кара көөкөрдөн кымыз
куюп, Ормонго да, Сазага да сунду. Кымыздан кере жутуп, тамшана жерге коюп, мурутун
сылай:
— Байбиче, конушуңду майлайсың го, — деп жылмая Кусубалдыны карады Ормон.
— Кысыр эмди жабагы камдатып койдум эле, силерди келип бата жасайт, деп күтүп
отурабыз, — деди камдуу байбиче.
— Аа, дурус иштепсиңер, — деп кымызды түгөтө жутуп аягын узатты Ормон.
— Мал-аш үйдүн жанында, союучу жигиттер да даяр, — деди бабиче. Кымызга бата тиленип
тышка чыгышты. Үйдөн он-он беш кадам оолак шымаланган жигит ойноктогон жабагыны
кармап турат. Кыбылага бет ала Ормон:
— Оо, Жараткан, тынчтык бере көр, конуш оттуу, куттуу болсун, Аллоху акбар, — деп бата
тиледи. Үйгө кирип жайланып отургандан кийин:
— Конушту жалгыз майлабайлы. Киши жиберип, Калыкеме, Төрөгелдиге, башка
сакалдууларга айттырып койгула. Байыма жетише албаспыз. Өзүнчө чакырарбыз, — деп
байбичесине карады Ормон. Амалкөй, эпчил, акылдуу жигити Саза купулуна толгондуктан
көп иштерин ага ишенип кеңешчү. Азыр да экөө Көтмалдыдагы жыйын, уруулар арасындагы
өйдө-төмөн жагдайлар тууралуу ой бөлүшүп отурушту.
Көз байлана Калыгул аке жана башка чакырылган карыялар, Төрөгелди, Адыл инилери
келип, дасторкон жайыла самоор чайы үстүндө жаңы конуштун жайыты, Кош-Булактын
дарылык касиети жөнүндө кеп салынып, беймарал аңгеме куруп жатышты.
— Кудаа каласа жайыт оттуу экен, иши кылып элге тынччылык болсо эле болду. Теңир
жалгагыр Ормон баатырдын айдыңынан айбыгып, Кокон сыпайлары да мурдагыдай
сороңдоп айыл аралап тынчты алганын коюп калды, — деди жанатан сөзгө аралашпай эпчи
жакта отурган кызыл чийкил кара сакал салабаттуу киши.
— Ким билет, ала чапандардын амалы күч эмеспи, — деп чайдан ууртап, жерге кое малдашын
түзөдү Адыл мырза.
— Ажыбек датка жыйында айтпадыбы, Кокон бизге жагынгысы келип турган го, — деп
күлүмсүрөй Ормонду карады Төрөгелди баатыр.
Хан Ормон
— Кокондун айласы түгөнүп турат го. Кудай жолунан безген хан сөрөйдү эли да, Букар
кошунасы да жек көрүп турган кези, — деди унчукпай ойлуу отурган Калыгул акылман.
— Укканбыз маскара сынакор хандын жоругун. Маскараны Кудай урар, — деп жакасын
кармай тобо келтирди отургандардын баарынан жашы улуу ак сакал карыя.
— Кудай алдында жазалайм, деп Букаранын падышасы Коконду чапканы турат деп уктук, —
деди Калыгул акеден төмөнүрөөк отурган кара сакал салабаттуу киши.
— Шариат жолунан чыккан немени жазалайм деп Кашкар кожосу да камынып турушу
ыктымал, — деди Төрөгелди.
— Кашкар кожосунун айласын кытайлар кетирип турат го, — деди Адыл. Ат дүбүртү угулуп,
иттер үргөндөн улам тышка чыккан кызмат жигиттеринин бири шыңга бойлуу, кара сур таар
кемселин кайыш кур менен курчанган кер мурут жигитти ээрчите кайра кирди. Бейтааныш
жигит:
— Ассалоому алейкум, — деп салам айта, сыңар тизелей улагага отурду.
— Алейкума салам, жол болсун, өйдөлөй отур, — деди Ормон жигитке сынаакы көз жибере.
Өйдөлөп Адылдын жанынан орун алган жигит суратпай сөз баштады:
— Көтмалды жактан Сары-Камыштан келатам. Турдубай аке атайын жиберди. Ормон
баатырга айтып кой, беш-алты сыпай менен чеп башы Ташмукаммет барат экен. Не бар, не
жок деди, — деп сунулган чыныны алып оңдонуп отурду жигит.
— Аа, келатыптырбы, мейли, жолу болсун. Ниетине жараша кабыл алабыз да, — деди Ормон
ойлуу калыбында.
— Жоолашканы келе атпаса керек. Ажыбек датка айткан хандын чакырыгын алып келиши
мүмкүн. Сыр алдырбай, орду менен тос. Атайын үй тиктир, куйуна жараша узатарсың, — деди
Калыгул аке.
— Ооба... ооба, ошентели. Айылдан обочо, өзүнө бир, сыпайларына бир үй тиктиргиле.
Аттарына керме керилсин, тейлей турган жигиттер шай болсун, — деп Сазага карады Ормон.
— Келер убагы кайсы экен? — деп кабарчы жигитке карады Саза.
— Толуктап айткан жок. Эртең, же бүрсүгүнү келчүдөй түрү бар го, — деди жигит.
— Не бар, не жок, отуз-кыркча жигит куралдана бугуп турушсун. Чоң үйдүн алдына, алар үчүн
тигилген өргөнүн алдына куралдуу жигиттерден кайтарык койгула. Келүүчү жолун
абайлатып тургула. Күн мурун кабар алгандай бололу. Калганын убагында көрөбүз, — деди
Ормон.
— Ошенткениңер оң, сактыкта кордук жок. Жакшы санаа деген болуп, жай келишсе, сен да
сыпайкерчилик менен узатарсың, — деди Калыгул акылман.
— Кандай дейсиз, эгерде жай келишсе Кокондун бегин Төрөгелди, Адылдар эле тосуп, сый
көрсөтүшсүн. Мен узатарда бул үйгө чакырып көрүшөйүн. Ушул үйдөн узаталы, өзүңүз да
болосуз да биз менен, — деп Калыгулга кайрылды Ормон.
— Ошол оң болот. Капталыңды ачпай, ызаат менен салкын эле узатканың туура болор, —
деди ойлуу отурган Калыгул. Аркы-беркини айта сүйлөшүп отуруп, конуш майларга
келгендер тай этин жешип, түн бир оокум болгондо кайтышты.
Күн тоо башынан кылая, көлдүн күңгөйү менен беш-алты атчан келатат. Алдыга бөлүнө ат
жабдыгы келишкен, суйдаң жалдуу кара аргымак минген киши өзгөчө көзгө илинет. Сургулт
чалмасын алчыланта оронуп, көк бейкасам чапанынын ичинен кийген ак кемселине
чепкенине түспөлдөш көк белбоо курчанган, сол ыптасында Шам усталары соккон кындуу
канжар, тулкусу чымыр кызыл чийкил тегерек бет, маңдайы жапыз, куш мурун, эриндери
түйрүк. Быжыгыр кара сакалына кыскарта серпилген муруту куюлуша түйрүк эриндерин
алкактап тургансыйт, коюу кара каш алдындагы алагар көздөрү текеберлүү тиктейт. Бул
Кокон хандыгынын Көтмалды чебин башкарган Ташмухаммед бек. Анын артындагы жалдуу
көк ат минген, ак селдесинин учу күрөң бейкасам чапанынын жонунан ылдый түшкөн, эткээл
тегерек жүздүү, үрпөйгөн узун каштары кабагын жапкан, кыркыла тегизделген көк ала сакалмуруттуу улгайган киши чептеги мечиттин имамы Ахрар ажы. Алардын артында
топуларынын сыртынан жеңил чалма оронуп, бачайы чепкендеринин ичинен кылыч
байланган беш сыпай келатат.
Ормондун кокон сыпайларына көрсөткөн кордугу жөнүндө кабарды алса, ордодон аскер
келет, өзүм барып, айылын өрттөп, өзүн колго түшүрүп ордого жөнөтөм деп өзүн сооротуп
жүргөн Ташмухаммед бек бүгүн Ормондун алдына кечирим сураганы күнөөкөр катары
баратат. Ызага ичи бышып, буулугуп бараткан бек Ахрар ажыга:
Хан Ормон
— Хазрети, мен түшүнбөдүм ордонун жарлыгына... кыргыздар хан бийлигин тааныбай ордо
кызматында жүргөндөргө мүшкүл кордук көрсөтсө, Ормонду жазалоонун ордуна эми минтип
баратабыз, — деди оюн толук бүтүрө албай күйүп-быша.
— Ээ, бегим, нени айтасыз, аргасы кеткен ордонун амалы да, — деп ээрдин кашын кармай
оңдонуп отурду мурда атка минбегендиктен коомай бараткан ажы.
— Я, хазрети, Ормонго наам берип, тартуу тартып, пас болгондон көрө, жүз сыпай жиберсе
болот эле да, — деп тизгинин жыя нааразыланды чеп башы.
— Бек, ойлоп көрүңүзчү, ары жагында Бухар эмири Насрулло ордону басып киргени турса,
кантип бул жакка аскер жиберет. Өтө коркунучтуу абал болуп турат ордо үчүн. Эмне болорун
Кудай билет, — деп жакасын кармай тобо келтире күрсүндү көптү көргөн имам.
— Насрулло Бухараны башкарбайбы, Кокондо эмне иши бар экен, — деп күдүктөндү
Ташмухаммед.
— Аа, анын да өзүнчө жүйөөсү бар. Ал шариат жолунан чыкканды жазалайм, деп каарданып
турат го, — деди Ахрар ажы.
— Ким анын колунда экен, кимди жазалайт экен, — деп алаканын жая таң кала сүйлөдү бек.
— Ханпадыша айым жайын укпагансызбы, — деп ичинен жылмайды ажы.
— Укпай анан... дүйнөдө андай чырайлуу аялзаты жок дейт го. Бир көрө албадык го дидарын
перинин, — деп күрсүндү ургаачы жандуу Ташмухаммед.
— Эмесе, ошол перини жазалайм деп чамынып турат Насрулло эмир, — деди Ахрар.
— Немеге? — деп таң калгансыды бек.
— Никеге турду хан менен, шариат жолуна туура келбес иш атасынын аялы болгондон
кийин, дейт экен Насрулло эмир.
— Атасы эбак өлгөн да, — деп таң калды, иштин ички жагдайына түшүнө албаган, дин
жагынан сабаты анча эмес бек. Чеп башынын караңгылыгын туйган Ахрар ажы бир аз
буйдалды.
— Чынында бул түйүндүү иш. Бул кепти токтотолучу бек, — деди алды-артын ойлогон аяр
имам. Сөз токтолуп, атчандар кокту өрдөй солго бурула Кош-Булак жайлоосун карай бет
алышты.
Көтмалдыга чогулган кыргыздардын жыйынына өзү да, чептин имамы да чакырылбаганына
ыза болуп, жасоо куруп кыргыздарды чаап алууну дегдеп турганда, Ормонго Парваначы
наамы берилгенин кабарлап, аны ордого сыйга чакыруу үчүн өзүн барууга буйруган жарлык
Ташммухаммеддин аргасын түгөткөн. Жарлыкты аткарбай коюуга чарасы жок чеп башы
имамды ээрчитип, саардан жолго чыккан сапары эле. Кокту өрдөй өйдөлөп барып солго
бурула, кыя жол менен белеске чыгышып, артылыш жолдо ар кимиси өз ою менен алектене
баратышат. Бир кыйла жүргөндөн кийин сол тараптан мөңгүлүү, карагайлуу тоо бети
көрүнгөндө сыпайлардын бири:
— Бек, Кош-Булакка чукулдап калдык көрүнөт. Тээтиги карагайлуу беттин алды кенен,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 10
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.