Latin

Хан Ормон - 05

Total number of words is 3965
Total number of unique words is 2329
26.8 of words are in the 2000 most common words
39.5 of words are in the 5000 most common words
46.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Байым, ушу отурган кадырлуу аксакалдарды ээрчите барып, эртең биздин үйдөн
түштөнүүңөрдү өтүнөмүн, — деди.
Кенжесинин көйкашка эрдигине көңүлү толуп отурган бий, анын кадыресе салабат күткөн
адамдык жөрөлгөсүнө жетине албай:
— Аксакалдар кандай дейсиңер, уулдукуна түштөнүүгө барабыз го, — деп жанында отурган
кадырмандарга суроо салган болду.
— Арийне, барабыз. Буга жеткизген Алла Таалага шүгүр дейли, — деп ыраазылык билдирди
карыялардын бири.
Хан Ормон
Түлкү улан өз айлына келгенде түн бир оокум болуп калган эле. Эне коломтодогу отун
өчүрбөй уулун күтүп отурган. Атынын ээрин алып жайдактап отко коё берип, Түлкү үйүнө
кирди.
— Карагым, кечиктиң го. Тоо арасында алда эмне болду деп санаам санга бөлүнбөдүбү. Өйдө
өт, кардың ачкандыр, — деп энеси күйпөлөктөдү.
— Кардым ток апа. Сонордо тапкан тырмак алды олжомду Байыма тартуу кылып барып,
ошондон келатам, — деди уулу үнүн салабаттуу чыгара.
— Болсун, жакшы иштепсиң. Сарпайыны Байың ыроологон го. Эмне олжо таптың эле
сонордо — деп энеси уулуна карады.
— Илбирс чаап алгам. Ошону тартууладым, — деди уулу камырабай.
— Эмне дейт! Ботом, илбирс дейсиңби?! Ал жырткычтан кантип аман калдың экен, карагым!
Оо, кудай бир сактаган экен, — деп эне уулунун башынан суу тегеретип чачты. Жайланып
отургандан кийин:
— Апа, мен Байымды аксакалдары менен эртең түштөнүүгө чакырдым, — деди Түлкү. Уулун
жалт карап бир аз тунжурай түшкөн энеси:
— Карагым, жайыбыз начар го. Бий кадырман аксакалдары менен кайда отурар экен, — деди
дабдырай түшкөн энеси.
— Биз отурган жайга отурат да. Дөөлөттүү бий өз үйүнүн кандай абалда экенин көргөнү
жакшы апа, качанкыга чейин мүңкүрөп кемсинип жүрөбүз. Андан көрө эртелей туруп кам
көрөлү, — деди Түлкү. Уулунун кара кымкап жарашкан салабаттуу көрүнүшү, камырабаган
ишенимдүү сөздөрү эненин көңүлүн бир аз тынчыткансыды.
Түлкү эртең менен таң саарынан туруп бир жакка жөнөп кетти эле. Күн чыга эки
курбусун ээрчите сүт эмген жабагы жетелетип, эки серке чаначка кымыз артына келип
түштү. Энеси коңшу келин-кесектер менен үйдүн ичин тытып тартипке келтирип тазалап,
боорсок бышырып, самоор, чыны-аяк даярдап конок камын көрүү аракетинде. Көңүлү уйгутуйгу... Көптөн бери көрүшө элек байынын келээрин уккандан бери көңүл тереңиндеги
жуптулук сезим менен күңүлүктүн айынан аялдык намыс баркын кор кылган ызалык
керешип, ою эки анжы.
Күн шашке болгон кезде Ныязбек бий 3—4 киши менен келип калды. Эки жолдошу
менен Түлкү өзү баш болуп конокторду утурлай салам айтып, аттарын алып, ызаат көрсөтө
үйгө кирүүлөрүн өтүндү.
Ирээттүү, таза күтүлгөн алты канат жупуну боз үй, көөнөрөөк шырдак үстүнө кара
көлдөлөң салынган. Төрдө эки кертим жүк, эпчи жагына чыгдан тартылган. Эшик ачыла
меймандар киргенде Түлкүнүн энеси:
— Арыбаңыздар... келиңиздер... төргө... — деп колдорун көкүрөгүнө баса бир аз эңкейген
калыбында таазим эте меймандарга көз кырын жиберди.
— Бар болгула, — деп бий төргө өтүп, курбулары менен орун алды. Дасторкон жайылып,
боорсок төгүлө, самоор киргизилип чай келди. Чай ичилип, бир сыйра кымыз сунулгандан
соң, меймандар түштөнүүгө арналган малга бата тилешип, кайра үйгө киришти. Жайланып
отуруп чайкалган кымыз ичишип, эркин аңгеме өтүштү.
Айылдагы белгилүү комузчу чакыртылып, залкар күүлөрдөн чертип, Азирет Аалы,
кыз Дарыйка баяны, Сайид Баттал жортуулдары жөнүндөгү казалдар айтылып, бий
курбулары менен көңүлү шагдан куш убак отуруп, сүт эмген тайдын этин жеп, кеч киргенче
баарлашты.
Батадан кийин Ныязбек бий жолдоштору менен кайтууга камынганын байкаган улан:
— Аксакалдар, рахмат, сиздер кайтсаңыздар болот. Байым бүгүн биздин үйгө конот, — деп
оюн кескин билдирди.
Мындай жагдайды күтпөгөн атасы, бир аз кыжалат боло түшсө да:
— Ошондой, мен бүгүн ушул үйүмдө боломун. Сиздер узай бериңиздер, — деп келген
кадырмандар менен коштошту. Узаган меймандар менен удаа тышка чыккан бий уулун
ээрчитип айыл четине чыга кечки абада бир кыйлага ары-бери басып жүрдү. Эл ичиндеги
абал, тиричилик жайы жөнүндө сүйлөшүп жүрүшүп, түн кире үйгө келишти. Үч төшөк
салыныптыр. Эр жакка бийге, эпчи жакка энесине, төргө уулуна. Бий чепкенин чечип, эр
жактагы жайдын үстүнө отурду. Энесн өзүн алаксыта эпчи жакта идиш-аяктарды ирээттеген
болуп жүрөт. Түлкү иреге жакка сыңар тизелей отуруп, ызага жык толгон чечкиндүү үн
менен:
Хан Ормон
— Байым, мен силердин ак никеден төрөлгөн уулуңармын. Мындан ары «салбар» аялдын
уулу деген кемтик менен жүрө албаймын. Апа төшөгүңөрдү бирге салгыла, — деди да,
төрдөгү өзүнө салынган төшөнчүнү камтый тышка чыгып кетти.
Короого түнөп, таң саар ойгонгон Түлкү үйгө от жагылып, атасынын гусулга түшүп жатканын
байкады да, санаасы тына ат издей жөнөдү. Түлкү жайыттан аттарды таап кайра келгенде,
эшик алдында самоор кайнап, айыл кадырмандары бийге саламдашууга келип, чайкалган
кымыз ичилип, кадыр эсе аңгемелешүү жүрүп калган экен. Эшиктен салам айта кирген Түлкү
отургандар менен кол алыша учурашып, улага жактан орун алды.
Аңгеме уланып, Түлкү уландын кечөөкү эрдиги жөнүндө да сөз болуп жатты. Баглан
козулар союлуп, кымыз чайкалып, ал күнү да Ныязбек бийдин көптөн бери эл каттабай
калган кичи үйүндө калк башында турган билермандар, кадырман аксакалдар мейман
болушту.
Ушул күнү Ныязбек бий Түлкүгө арнап өргө көтөртүп, короосуна кой, өрүшүнө жылкы
салып, кайсы уруулар Түлкүгө коңшу болорун жарыялап, ай туяк бээ союп, элдин батасын
алды. Эл тарагандан кийин, Ныязбек кенже уулу менен жалгыз калып, оокат-жайы,
тиричилик жөнүндө сүйлөшүп отуруп сөзүнүн аягында:
— Бар бол, уулум. Кызыр жылоолосун. Кудайга шүгүр, агаларың сегизи тең тың болду. Эми
сен да эл арала. Ормон агаң элди бириктирүү камын көрүп жүрөт. Ошонун жанында бол. Ага
тирек бол. «Аллоху акбар», — деп бата берди да, айлына аттанып кетти Ныязбек бий.
АЙБАТ
Жий чилдеси, кеч бешим. Шаңкайган көгүш асманда сейрек ак булуттар каалгый
көчүп, кыбыладан соккон жылуу сыдырым бетти аймалайт. Кыялай катар чыйырланган тоо
жолунда жоон топ атчан өйдө баратышат. Зээри бийик, соорусу жайык, чаткаягы кенен, кара
жалдуу чоң кула ат минген, кең далылуу, олбурлуу киши алдыда обочо бастырууда, Күрөң
кымкап чепкенинин арткы этеги куланын соорусун жаба, алдынкы этектери үзөңгү
боолуктан өтө, тизе алдында; башында төбөсү бийик, кырбуусу кенен кыюланган, талаалары
чырашталган ак калпак, жазы маңдай, коюу кара каштуу терең кабак алдындагы ирмебей
тиктеген сургулт көздөрү, кырдач дөңсөө муруну, чап жаак кара сур жүзү, серпилген узун
муруту, төшүн жаба жайкалган кара сакалы бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр берип
турат. Ат тизгинин шалкы кармай, оң билегине табылгы саптуу өрмө булдурусунду иле, эч
кимге үн катпай ойлуу баратат.
Жолдоштору көтөрмө бою артта өз ара кобураша жай келатышат. Атчандар белеске
чыга көз алдыларына мөңгүдөн суу түшкөн коктулуу ээн өзөн тартылды. Төш таянган
түзөңдө беш-алты үйлүү чакан айыл. Кемегелерден, түндүктөрдөн сейрек түтүн булайт. Кээ
бир боз үйдүн эшиктери түрүлүү, серелерге курут жайылган. Айылдан жогору суу жакалай
тартылган желеге беш-алты кулун байланган, төш таяна оттогон жылкы. Айыл ортосундагы
кой короодо саан маалы. Көгөндөрдөн он чакты кадам обочо, тизе алдыларына чака коюп,
жүйүртө баса отурган аялдарга тестиер балдар саан койлорду кармап келип артын чакага
түздөп саанга тартууда. Козулары агытылып саалуу койлор мекирене ийип турушат. Саанчы
алардын козудан бош эмчектерин чакага тартат. Кой толук ийигенде козулар тартылып,
желини бошогончо саалган койлор козуларын ээрчите четке чыга жайылууда.
Айылдын төмөнкү четиндеги жупуну боз үй алдында он чакты киши чогулуп
бакылдаган ачуу үндөр угулууда. Четтерээк эки кокон сыпайы атчан турат. Бири шап атынан
түшүп, мамыда байланып турган камыш кулак, ойноктогон, суйдаң жалдуу асый чыкманын
чылбырын чечип, аттана жөнөгөндө чымыр денелүү элүү жаш чамасындагы чокчо кара сакал,
чап жаак, келте мурун, алагар көзүнөн ыза жанган, эски кийиз калпак, таар кемселчен киши
чечкиндүү басып келип, сыпайынын колунан чылбырды жулуп алганда, ал кылычтын сырты
менен далыга сокту. Сендиректей түшкөн ат ээси үй жанынан баканды ала калчылдап:
— Атаңдын көрүн урайын эшекчи! Өз малым өзүмө сокку болобу? — деп атчан сыпайды
качырып сала берди. Ойт бере жаса чабылган бакан соорусуна тийген ат очорулуп, бакан чорт
сынды. Үрөйү учуп калчылдаган сыпай:
Хан Ормон
— Бу... нема... бу... Синниңни!...Кыргыз... — деп кылычын сууруп шилтемекчи болгондо
белестен чыккан жоон топ атчандарды, чогулган элдин суук ырайын байкаган экинчи сыпай
аны ийининен тартып:
— Караң, ана, —деп белести жаңсады. — Коюң Сабыржан.
Бу якши атни кийин алармыз... Сакоо кыргызларни бекке айтамыз, — деп тизгин бура
жөнөмөкчү болгондо:
— Ашыкпагыла таксырлар. Кетирбегиле буларды, аты жөндөрүн билели. Тигине эл келатат.
Алар бул зомбулукка күбө болушсун. Мындай иштин суроо-собкуту болот, — деди көгала
сакал, сары чийкил, чекир көз, пиязы кемселчен, чап жаак салабаттуу айыл аксакалы.
Жигиттер сыпайыларды чылбырлай аттан түшүүрүгө киришти.
Белеске чыга келген топ алдындагы кула атчан зор киши тизгин жыйды. Артындагылар
обочо токтоду, айылга көз жибере:
— Саза, билчи, бул кимдин айылы, эл эмнеге чогулуп турушат? — деп артына кайрылбай үн
катты. Топтон бөлүнгөн карагер атчан москоол жигит солго бурула айылга таскак урду.
Атчандардын жолу өзөнгө түшө кечмеликтен өтүп, аркы бетти кыялай узайт. Айылга жете
иштин чоо-жайын билген Саза кайра тобуна жете келди.
— Баатыр, айыл Эсенбайдыкы экен. Кокон сыпайлары бирөөнүн жакшы атына кызыгып
калаба салып жатышыптыр, — деп кула атчанга кайрылды. Ал:
— Аа... ошондой бекен, анда кайрылалы, — деп айылга тизгин бурду. Артынан көтөрмө бою
бөлүнө жолдоштору ээрчиди. Топ атчан айылга жаңжал кызып турганда келди. Бакандын
сыныгын жерден алган үй ээси:
— Өчөйгөн ала чапан! Ханың, Коконуң жардынын жалгыз атын тартып кел, — деп
жибердиби?! Мен силерге... атаңардын чокусун, — деп жулуна атчан сыпайды чабууга
умтулганда эки жигит жетип кармап калышты. Атчан топтун алдында келип үйдүн жанына
токтогон зор киши:
— Ассалом алейкум, калайык, — деп салам айта чогулгандарга көз жиберди.
— Алейкум салам, баатыр, келиңиздер, — деп утурлай басты көк ала сакал сары чийкил
салабаттуу карыя. Жакыныраак турган жигит ат алууга камынганда:
— Ракмат, ат үстүндө эле жай сурашалы, — деп колун көтөрө ишара кылды, — Бул эмне
калаба, Эсенбай аксакал?
— Ээ, баатыр, булар кокон сыпайлары экен, Кармыштын асый чыкмасына көздөрү түшүп,
салык үчүн алабыз деп жаңжал салып жатышат, — деди карыя.
— Аңгыча үйдөн аякка айран алып чыккан орто жаш аял таазим эте басып келип кула
атчанга сунду. Ал аякты алып ат жалына тийгизе кайра көтөрүп ооз тийип кайра сунду. Аял
ат үстүндөгүлөргө кыдыракей аяк сунуп, даам ооз тийүү уланды. Кула атчан даам ооз тийе
мурутун сылай:
— Аа... ушундай деңизчи, — деп бир азга тунжурап турду.
— Эй, най эсептер, эмне элге бүлүк салып жүрөсүңөр? — деп сыпайларды жекире карады.
— Биз... биз... бегнин ярлиги, ярлигини... — деп төмөн карады, өңү кумсара, калтыраган
сыпай. Ат үстүндө санын таяна каарлуу турган кула атчан:
— Аа... эсирген экенсиңер го. Силерге салык алуу менен жалгыз аттуунун атын тартып
алуунун айрымасын түшүндүрүү керек экен да... Булардын аттарына ээрлерин тескери токуп,
өзүлөрүн да тескери мингизип, ээрлерине таңып, ооздоруна чүпүрөк тыгып, ошол тейде
чиркештирип эки жигит жетелей барып Көтмалдыдагы чебине кийирип жиберишип, кайра
кайтышсын, — деп жигиттерине буйруду. — А силер ээнбаштар улугуңарга бизден салам
айта баргыла! — деп сыпайларга каардуу тигиле бир аз карап турду да, ат тизгинин бура
кечмекке бет алды кула атчан, атчан топ артынан ээрчий жөнөдү.
Жаалы катуу бул зор киши Ныязбек бийдин сегиз бегинин чыгааны баатыр атанган
Ормон эле.
Атчандар узай Саза жигиттери менен сыпайларды аттарынан оодарып, ээрлерин
тескери токушуп, өзүлөрүн да тескери мингизип, ээрлерине чырмай таңа, ооздоруна чүпүрөк
тыгып, аттарын чиркештире бир жигитке жетелетип, экинчисине айдатып, Көтмалдыга
узатты да, өзү Ормондун артынан жөнөдү.
Көл аягы.... Кеч дигер... Күн кылкылдап Кызыл-Омполго жашынууда. Батыш
алоолонуп, асман мейкини кызгылтым агыш ажайып нурга бөлөнгөн. Алтын бууга
Хан Ормон
чайкагандай жаркыган сейрек агыш булуттар асман мейкинин шөкөттөп тургансып
кыймылсыз. Батыш алоосунан кызгылттанган ак мөңгүлүү чокулар көлдү алкактаган асман
тирөөчүндөй көз мелжий суналат. Жайкы кеч асманынын кайталангыс керемет сулуулугу
кол бетине чагылыша, жыбыраган майда толкундар түрдүү түстө кубулжуй кыялды эргите,
жаратылыштын чексиздиктеги керемет гармониясынан кабар бергенсийт. Көл кылаасына
кеч көлөкөсү түшүүдө. Орто-Токойдун оозунан бери суу бойлой конгон жатакчылардын
үйлөрүнөн түтүн булайт. Чий арасында бирин-серин жайылган мал.
Чүй суусунун түндүк батышка бурулган оң жээгиндеги жети найзалуу коргон Көтмалды чеби.
Коргондун бурчтарындагы бийик текчелерде күзөтчү сыпайлар турат. Коргонду айланта
киши бою бийикте мылтык сунулуучу көзөнөктөр. Ич жагы төрт буручтанып кенен, төр
жагындагы там үйлөрдө чеп акими Ташмухаммед бек, анын кеңешчи жан-жөкөрлөрү жашайт.
Эки тарабында сыпайлар туруучу үжүрөлөр, ортосунда чакан мечит, улагадан дарбазанын
эки жагында узата атканалар жайланышкан. Чеп айланасы тынч.
Көл тараптан чубаша төрт атчан келатат.
— Чеп тигине жакын калды. Буларды дарбазага киргизебиз, — деп өзүбүз мейман-туткун
болбойлу. Ушул жерге калтырып кете берсек, жем жеп көнгөн дарбазасына аттар өзү эле
барышат, — деп жолдошуна кайрылды сыпайыларды жетелеп келаткан жигит.
— Кокуй, Ормон баатырдын каарына калбайлы, дарбазага жеткирип келгиле дебеди беле, —
деп чебеленди артында келатканы.
— Баатырың карап турду беле. Ар кимге жан керек. Буларды көргөн сарттар бизди соо коё
береби? — деп колундагы чылбырды атка таңылган сарбаздын белине кыстарды да, шарт
бурулуп, таскак ура кайра жөнөдү, ат жетелеген сары жигит жолдошунун артынан ээрчиди.
Жетектен бошогон аттар тааныш дарбазага бат эле жете келип, ооздуктарын кемире
турушту. Ээрге таңылган экөө ары-бери булкунган болушуп, кыңылдаган үн чыгарышып
аргасыз турушат. Текчеде турган күзөтчүлөрдүн бири буларды көрүп чуркап түшө:
— Вай... Шумлик, бу нема? Кантип мунака... а вайвай, — деп бакылдап таңылгандарды
чечүүгө киришти. Таңуудан бошоп, ооздорунан тыгын алынып жерге түшкөн экөө бир
тынымга ийиндерин кага дем алышып, үнсүз шолоктоп турушту. Эки-үч саат бою ат үстүнө
таңылып, ооздору тыгындалып келген сыпайлардын сүйлөөгө чамалары жок, тек үнсүз
шолоктошууда. Бака-шака каңырттан улам дарбаза алдына бир нече сарбаз чогула түштү.
— Я, худаа, мундайни ким көрипти, атларыга таңылган, аузларыга тыкылган, — деп башын
чайкап кордук көргөн экөөнүн жанына барып жакасын кармай алайып турду, кыркма сакал
жапалдаш бойлуу, топусун тегерете жоолук курчаган ала чапан сыпай.
— Нема тыкыпты, канака тыкыпты? — деп оозун ача элейди жанындагысы.
— Нема бомакди, мата тыкыпты да.
— Кыргызларнин кылганын көрүң а!
— Бейнамаздар!
— Аулларини өрттөш керек!
— Бекке хабар...! — деген бака-шакага аралаш:
— Бек келатади! — деген сыпайдын үнү баарын чептин төр жагын каратты. Төркү там
үйлөрдөн беш-алты киши бери чыкты. Орто бойлуу денеси чымыр киши алдыда келатат.
Этектери тилик көгүш бейкасам чапанчан, башында сургулт селде, чапан ичиндеги ак
кемселине курчанган саргыч шалпар курунун сол ыптасына шам[†] усталары соккон кындуу
кылыч, оң ыптасында узун канжар салаңдайт. Тегерете кыркылган быжыгыр кара сакалына,
кыскарта серпилген муруту куюлуша, кызарган түйрүк эриндери алыстан көзгө урунат. Коюу
кара каш алдындагы алагар көздөрү текеберлүү тиктейт. Артындагылар үзүлө ээрчий
келатышат.
Дарбаза алдынан берирээк үңкүйө отурган экөөнүн жанына келип, көздөрүнүн заарын
чыгара тиктеп:
— Ээ.... хайванлар, тириксилерма!? Маскаралык! Хан сыпайлары имиш! Айтилар, нема
болдылар!? — деп оң колун куруна таяна калчылдап ызага буулугуп турду.
— Бе... бее... бекбиз кыргыз, — деп өрөпкүп сүйлөй албай булдуруктады сыпайлардын бири.
— Таксыр, бул экиси атларыга таңылып, аузларыга тыкылып келишти. Ээрлери тескери
токулган, — деп жагдайды түшүндүрүүгө аракеттенди аларды чечип бошоткон күзөтчү
сыпай.
Хан Ормон
— Тыкылганы нема... баччагарларга не тыкыпты, ким тыкыпты. Оо... Синниңни кыргызлар!
Олар хайда, — деп күзөтчүнү жекирди ачуусу ташый денесин майда калтырак баскан чеп
башы.
—Ич ким көринмади. Атлари өзүлөрү келди, — деди колун көкүрөгүнө баса көшөкөрлөнгөн
күзөтчү.
— Буларни... нааданларни ичкариге алып барыңлар. Дем алдырыңлар, маним алдымга
келтириңлар, — деп шарт бурула чеп башы төр жактагы там үйлөргө бет алды.
Чеп башчысы Ташмухамеддин чеп ичиндеги турагы. Кенен бөлмөнүн кире беришинен үчтөрт кадам ары көлөч чечүүчү жайдан кийин бийиктиги жарым кез серенин үстүнө перси
килемдери төшөлүп, эки капшытына жана төрүнө тегерете калың атлес төшөктөр салынган.
Аларды кыдырата ар бири жарым кез аралыкта парча тышталган жаздыкчалар коюлган.
Төрдөгү төшөкчөлөргө чукул коюлган тегерек тактанын үстүнө жашыл шалпар жабылып,
өрүк, мейиз, чакмак кант, нават толтурулган табакчалар коюлган. Кызара бышкан тегерек
тандыр токочтору ортосунда. Ак таш чайнекке демделген көк чайдын үстү жибек дасмал
менен жабылган. Үй ээси Ташмухаммед бек мечит имамы Ахрар ажы менен чай үстүндө
аңгемелешип отурушат. Бек дасмал жабылган чайнекти ошол калыбында этият кармай,
бошогон ак пиялага чай куюп Ахрар ажыга сунду. Азем менен оролгон ак селдесинин арты
көк кымкап чапанынын жону ылдый түшкөн, эткээл тегерек жүздүү, үрпөгөй каштары
кабагын жапкан көгала сакал имам чайды алып, сөөлөттөнө бир ууртап, дасторконго коюп
көзүн сүзө, билинер-билинбес теңселе бир азга үнсүз олтурду да:
— Ушундай деңизчи бек... жуда жаман иш болгон экен да... Я худаа, өзүң сакта. Зекетчи
сыпайлар кордолгон экен да. Мусулман парзын сыйлабаган жапайылар! Ойлонуңуз бек...
Алар абдан көп... Тоо арасы... — деп бекти карады Ахрар ажы.
— Оо, хазрети, бу жорукта зекетчилерни гана эмес, хаммабызни, Кокон хандыгын, Аллаяр
ханыбызды ызалоо, айбат көрсөтүү турабы деймин. Байкаңызчы, ээрлерин тескери токуп,
өзүлөрүн артына карата мингизе, атка таңып жибергендери, кокондуктар өз жайыңарга
кайра кеткиле деген маанини берип турат го. Бул бейнамаздарды ордодон кол келтирип,
жасалаш керекпи деп турам, — деп имамга суроолуу карады Ташмухаммед. Көптү көргөн аяр
Ахрар ажы, чыныны дасторконго коюп, колун адеп менен жаңсай чайга ыраазылыгын
билдире, чөнтөгүнөн теспесин алып, сүкүт тарта бир азга унчукпай отургандан кийин:
— Урматтуу бек, капалыгыңыздын жөнү бар, бирок күч колдонуу ылайыксыз. Тоолуктар
атка минсе, аарынын уюгуна тийгендей машахат болор. Ордого кабарлап акыл калчап,
буларды кебез менен мууздоо керек, — деп сөзүн аяктай электе эшик ачы лып үй кызматкери
кирип:
— Таксыр, алиги кордук көргөн сыпайлар эстерин жыйган шекилдүү. Сиздердин
алдыңыздарга келсе болобу, — деп көкүрөгүн баса ийилип таазим этти.
— Киришсин. Наадандар, — деп оозун бүлк эттирди чеп башы.
Эшик ачыла көк ала бачайы чапандарын сыртынан курчана ала топуларын тегерете ичке
чалма орогон эки киши аста салам айтып, жыла басып көлөч чечилүүчү жайда баштарын
жерге сала турушту. Чеп башы саламды алик албай, тигилерди жекире карап турду. Имам
кайдыгер алик алып, кордук көргөндөргө көз кырын жиберип турду да:
— Өткүлө, мындай отургула, — деп серенин четин жаңсай ишара кылды. Сыпайлар
коомайлана бүрүштөп сереге чыгып отурмакчы болгондо чеп башы:
— Хазрети убара болбоңуз. Аттарына таңылган бойдон отуруп келишпедиби. Эми туруп
турушканы абзел. Андан көрө айтышсын, кантип маскара болушканын. Ким буларды
аттарына мингизип «сыйлаганын» — деп кекерлүү жылмайды.
— Биз Ичке-Суу деген жердеги Эсенбайдын айылына барганбыз. Анан — деп ары жагын
айта албай мукактанды муруту чычайган жулма сакал орто бойлуу как элес, кара тору сыпай.
— Анан эмне болду, айтпайсыңарбы, тилиңди жутуп алдыңбы, — деп кекетти чеп башы бек.
— Анан, анан, ат, ат, — деп сөзүнүн аягын жута кекечтенди сыпай:
— Оо эне талаак, хайван, — деп калчылдады бек.
— «Ат» дегени, Кармыш дегендин аты жакшы экен. Ошону бизге ылайык экен... — деп ары
жагын айта албай токтоду сакал-муруту жаңыдан чыгып келаткан жыйырма жаш
чамасындагы сары чийкил толук жигит.
— Ошону алалы дегенбиз, — деп жеңилдене сүйлөдү кара сакал кысталыштан чыгарган
жолдошуна ыраазы боло ымшып.
— Анан не болду? — деп такыды бек.
Хан Ормон
— Ал бербеди.
— Биз чылбырды чечип...
— Атты жетеледик.
— Ал келтек менен сокту...
— Биз кылыч менен, — дешти эки сарбаз, бири-биринин оозунан сөз жула, бекке жагынууга
аракеттеништи.
— Токтот сөзүңдү кем акыл, — деп кыйкырды бек, ачуусун басууга аракеттене чайдан ууртап
энтиге.
— Силерди ким жазалады? — деп үн катты теспесин тарта калыбет отурган имам.
— Тоо жактан атчан кыргыздар келди. Арасында абдан каттасы...
— Ошол кыргыз айтты: аттарын тескери токуп, ээрлерине таңып, ооздоруна тыгып... чебине
жеткиргиле, — деп биринен сала бири сүйлөп турушту сыпайлар.
— Ал ким? — деди ачуусун бир аз жыйган бек.
— Исимин айтпади, — деди сыпайлардын бири.
— Болду, жетишет, силерди куп жазалашыптыр. Минтип жүрсөңөр ооздоруңарга тыгылганы
аз, каллаңар учуп кетер. Наадандар, баргыла жайыңарга, — деди бек сөз бүттү дегендей
кыязда.
Сыпайлар кеткенден кийин:
— Тообба!... Бул жакшы эмес...Кыргыздар коркунучтуу... Сыпайлар да ээн баштык жасашкан...
Жакшы эмес, — деп имам сакалын сылай бекти карады.
— Жакшы эмес албетте. Алар жазасын алышат хазрети, бу кыргыздарга хан бийлигин
таанытуу керек. Жанагы катта кыргыз ким, ошонун айлын өрттөө керек, бирок ал ким?!
— Өрттөгөнгө шашылбаңыз бек. Катта киши ким болсо да, өтө акылдуу, чечкиндүү киши.
Айылын өрттөтүп коюп ал тынч калбайт. Чоң калаба болот бек, ойлонуп аракеттенели, —
деп көзүн сүзө теспесин сыдырууга өттү имам.
Мансабына чирене чыйралып турган Ташмухаммед бек:
— Ким экенин дагы билүү керек, калганы биздин колдо. Төрөгелди, Балбай, Адыл
дегендерин укканмын, бирок кимиси? — деп өзүнө суроо берип сол колу менен санын таяна,
он колундагы пыяладан чай урттады.
— Оо, бегим, алар болсо сыпайларды уруп, башкөздөрүн кандамакчы. Бул салкын кандуу
катаал жаза. Ал жуда көп нерседен кабар берип тургансыйт. Эскертүү жасалган десе болот.
Муну Ныязбек бийдин уулу Ормон баатыр жасашы ыктымал, — деди имам теспе тартууну
уланта.
— Анда ошол Ормондун айылын өрттөп, өзүн кармап ордого жөнөтөмүн, — деди ачуусу
кыстай турган Ташмухаммед бек.
— Этибар алыңыз, болбос иш. Ормонду кармоо колдон келбейт. Ал кыйкырса жамы кыргыз
атка минип, тоолордон түшүп келишет. Күлүбүз көккө учады. Шашылбай Бишкек беги жана
Ордо менен акылдашыңыз. Алла Таала жар болсун. Аллахи Акбар, — деп теспесин жыйа бата
тилей ордунан турду имам. Кошо бата тилемиш болуп айласы түгөнө:
— Шунака экен да, баччагар кыргыздар, — деп сакалын салаалап ойлуу отуруп калды
Ташмухаммед бек.
ЭЛ ИЧИНДЕ
Көл кылаасынан кыйла алыс, тоо этектей, өзөндүн оң тарабындагы түзөңдө отурган калың
айылдын өйдө жагындагы дөбөчөдө уй мүйүз тарта жоон топ киши отурат. Сөз баккан
салабаттуу карыяларды, эл жүгүн аркалаган, акылга дыйкан билермандарды пааналап дөңгө
чогулуп кеп жеп, комуз күүлөрүн, дастандарды угуу кыргыз айылдарындагы салттуу
көрүнүш. Мындай субкатташууга айылдын иштен колу бош үй ээлеринин баары, жаш
жигиттер, уландар да келишип, отургандарга кымыз сунуп кызмат кыла, насият угушат.
Нускалуу сөздөрдү көңүлгө түйүп, таалим-тарбия алышат. Көптү баштарынан кечирип, сөз
баккан нускалуу карыялар байыркыда жоо кайрып, эл багып өткөн баатырлар жөнүндө ой
жүгүртүп турмуш түйүнүн чече билген сынчылар, кыйын кезеңде элине жол көрсөткөн
көсөмдөр, кысталышта куюлуштура жүйөөлүү сөз тапкан чечендер, ажат үчүн жан кыйган
жоомарт айкөлдөр жөнүндө кеп урушат. Оор менен жеңилдин, ак менен каранын, калыстык
менен кара өзгөйлүктүн, адал менен арамдын ажырымын ажыратып нуска айтышат. Жел
жетпес күлүк, соорусуна чөйчөккө куюлган суу төгүлгүс жорго, кыраан бүркүт, алгыр тайган,
Хан Ормон
адис мерген, айлакер мүнүшкөр, сулуу кыз, сымбаттуу жигит, ашык жарлар жөнүндө икаялар,
дастандар айтылып, залкар күүлөр чертилип, элдин көңүл кушу тапталат.
Көчмөн элдин таалим-тарбия алып, адеп-ахлакка үйрөнүүчү борборлору, маданий зоок
жайлары өздөрү менен кошо көчүп-коно айыл жанындагы дөбөлөрдө болгон. Айыл ичиндеги
түйүндүү маселелер да ошол жайларда чечилүүчү.
Бүгүн да дөңдөгү уй мүйүз жыйында манастан үзүндүлөр айтылып, күүлөр чертилип,
нускалуу икаялар козголууда. Жыйындын төрүндө Боронбай, ага катар агасы Кожогул,
алардан төмөнүрөөк жээрде сакалы жумурулана тегизделип, муруту серпилген, кырдач
мурун, чекир көз, көптөн бери соода иштери менен Боронбайга пааналай, айыл аралап жүргөн
татар Файзулла Ногаев, айылдагы салабаттуу карыялар, сөзмөр билерман орто жаштагылар
жайланышкан. Жаштар четтерээк адеп сактай сөз тыңшап отурушат. Ак сакалдардын алдына
шырдак салынган. Ортодо серке чаначты чайкап жеңил кийинишкен эки жигит отургандарга
кымыз сунууда. Элүү жаш чамасындагы чап жаак, сары чийкил, сакал-муруту сыйда
серпилген киши оң жаккы жеңин коломочтоно күүнүн жайынан кеп ура «Камбарканды»
чертип отурат. Отургандар күү кайрыктарына уюп, үнсүз. Комуз күүсү бирде эргий созолоно,
бирде күңгүрөнө каалгып, кечки абаны термелте өткөндөн кабар бергенсип оболой таңшыйт.
— Баракелде көп, жаша...
— Бали азамат...
— Кар болбо.
— Күү эмес бекен.
— Күүнүн башы «Камбаркан» деген ушу, — деген үндөр коштон, жыйын жанданып турду
— Оо, «Көкөй кести» да укмуш күү го, — деди бирөө. Күүнүн ыргагына уюп бир аз термеле
отурган Боронбай бий:
— Бул күүнүн кай заманда, кандайча чыкканынан кабарың барбы? — деп комузчуну карады.
— Тээ атам замандан бери эле чертилип келатса керек. Кай заманда чыкканы белгисиз.
Байыркы замандардын биринде колу уста, оңко тургузган көзгө атар мерген болгон имиш.
Ошол киши бир күнү ууга чыгып жолу боло, көк кашка суу аккан карагайлуу өрөөндө кийик
этинин таш кордосунан татып, суусунуна чайкалган кымыз ичип, көңүлү жай отурса, кыялды
эргиткен бир ажайып үн угулат. Үн ыргагына уюп маашырлана угуп отурат да, бул ажайып
үндүн кайдан чыгып атканын билсем деген ойдо айланасына көз чаптырса, жанаша бийик
өскөн эки арчанын бутактарынын биринен бирине илинген ичке жип көзүнө урунат.
Сонуркап жанына барса жип шамалга дирилдеп, керемет үн чыгарып турат. Абайлап караса
жип эмес, ичкере кургаган ичеги экен. Капырай, ичеги кандайча арчанын эки бутагына
илинип калды экен деп ой жүгүртө, илбирстен, же карышкырдан качкан элик, же башка бир
кайберен жан талаша эки арчаны кош аттай секиргенде куураган арчанын бутагына илине
ичи жарылып, ичегиси эки бутакка илинип кала, убакыт өткөн сайын ичкере кургап шамалга
термеле керемет үн чыгарып турганын баамдайт.
Карагай арасынан уккан кереметтүү ыргак боюн бийлеген мерген үйүнө келип, эчкинин
ичегисинен өзү көргөндөй ичке кыл жасап, арчадан ичин көңдөйлөп оозун капкактап үч
кулактуу аспап жасайт, тоодон уккан керемет ыргакты кайталап күү чертет. Ошол күү
мергендин аты менен Камбаркан деп аталып калган экен деген уламыш айтылат, — деп
сөзүн бүтө комузун жанына жөлөй, алдындагы аяктан кымыз татып, мурутун сылады
комузчу.
— Баракелде, Камбар мергенге өнөрдүн көзүн ачкан ошол окуя экен да.
— Укум-тукумга өлбөс мурас калтырган экен го кайран киши,
— Ошондой киши да өттү го бул жалгандан.
— Кантсе да кайран кишинин өмүрү сая кетпептир го, — деген кобур ээледи дөңдөгү
жыйынды.
— Эми дастандардан угалы,
— Манас айтсын. Кыз Дарыйка кызык го.
— Атантай жоомартчы?
— Эр Төштүктү угалы.
— Жаныш, Байышты.
— Курманбекти.
— Азирети Аалы менен кыз Дарыйканын күрөшү кызык, — деген кобур басаңдай түшкөндө
Боронбай бий:
Хан Ормон
— Шаршеке мырза, Азирети Аалы менен падыша кыз Дарыйканын баянын билесиңби, —
деп ырчыга карады. Ырчы комузун колуна алып, кулагын толгой:
— Азирети Аалы Мукамбет байгамбардын төртүнчү чалыяры 8 Нээти казатта капыр
падышасы кыз Дарыйка менен күрөшүп, мусулманчылыкка баш ийдирип үйлөнгөн экен.
Алардан азирети имам Маади төрөлгөн, — деп үнүн жасай казалды баштарда:
— Оо, азирети Аалы менен күрөшкөн кыз кандай болду экен, — деп бирөө үн катты эле. —
Кандай экенин айтат да, чычкыңды тыя тур — угабыз», — деп бирөө тыйды. Ырчы адегенде
комузда бир кайрыкташтап, анан сапабат айтылуучу обон менен баштады.
Бисмилла, — деп мен бир сөз улайынчы,
Күнөө болор жалган сөз кошпоюнчу.
Аллага абалында ыклас кылып,
Андан соң мен бир кыса баштайынчы.
Өтүптүр Катран деген бир падыша,
Айтайын бул кысаны эл тыңдаса.
Кысага кулагыңдын курчу канаар,
Алдыртан ашык болуп даамын татар.
Кыз Дарыйканын ашкере сулуулугу, теңдешсиз балбандыгы сүрөттөлүп, анан «ким мени
жыкса, ошого жар болом» деген анын убадасына азгырылып, күрөшөм деп келген нечен
балбандын тилектери таш каап, башынан айрылганын жомоктотуп айтып жатканда окуянын
кызыгына, эл алдына нечен чыгып дасыккан дастанчынын окуяга жараша үнүн бирде
шаттуу, бирде кайгылуу чыгарып, кубулжуткан өнөрүнө арбалган эл чай кайнамдан ашуун
убакыт дем тартпай тымтырс. Акыры окуя кульминациясына жетип, кыз Дарыйка менен
Азирет Аалынын кармашына келгенде угуп отургандардын айрымдары, өздөрү айтчудан
бетер, тамактарын жасап, орундарынан копшолуп-копшолуп жиберишти. Дастанчы ыр
жамгырын андан ары сабалатты:
... Алланын бергенине канааттанып,
Топ сыяктуу көтөрүп жерден алып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 06
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.