Latin

Хан Ормон - 33

Total number of words is 3995
Total number of unique words is 2154
26.9 of words are in the 2000 most common words
40.2 of words are in the 5000 most common words
46.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.

намеге кол коюшабыз. Анда Коконду алган күндө да, Орусия Кытай менен өз чегиндеги
азгантай элди өз алдынча коёт. «Аз элдин өз алдынча туруусу чоң Орусиянын
адилеттүүлүгүнүн күбөсү болот» деген шертти бекиттиребиз.
— Акылдуу ой, Орусия жок дебес, алар биз менен коңшулукка макул болор, — деди Жангарач
бий.
— Мындай шарт наме алуу үчүн өз ичибиз бир болуу абзел. Бий, Сизге айтам. Эл бүтүн болсун,
азыткы ногойдон кутулуңуз, — деп унчукпай ылдый карап олтурган Боронбайга көз жибере
сүйлөдү Ормон хан: — Бул ишке аша турган иш. Кыргыз эли, кыргыз хандыгы өзүн
жоготпойт. Дагы бир орчундуу иш, жер жөнүндө айтуучу ойлор бар. Жаңы жер ээлесек деп
турам. Иленин оң жээги ушул кезде бош турат. Албан, дуулаттар Коконго көчө качып
кетишти. Ыңгайлуу учур. Бош жерге көчүп барып, ээлеп алабыз да, орус падышасы Никелейге
кат жазып, Иле боюн сурап алабыз. Ата конуш да колубузда болот, Никелей бош жерди бизге
берет, анткени орус кербендеринин, саякатчыларынын биздин чектен аман өтүп турарына
көздөрү жетет. Бизден чочуп да калышканы көрүнүп турат. Дагы бир Кенесарыныкындай
жаңжалдын аларга кереги жок. Силердин оюңарды угайын, — деди отургандарды көз
ирмебей тегерете тиктеген хан. Мындай сөздү күтпөгөн бийлер бири-бирин карап таң кала,
үй ичи тынчтана түштү.
— Бул жактан Кокон ыкыс берип турганда сиздин Илеге көчүп кетишиңиз кандай болот? —
деди айылдары кокондуктарга жакын боло, ыдык көрүп турган Жангарач бий.
Жангарачка баш ийкеп унчукпады Ормон хан, «баары ойлорун айтып бүтсүн» деген ойдо.
— Жерин ээлетип коюп эле казактар жөн турабы? Кандуу жаңжал болот. Өзүбүздө канча жер
бош жатат Чүйдө, — деди хандын сөзүн кайдыгер угуп отурган Боронбай бий.
Кенесары, Норузбайдын кунун кууй албай турган казактарга өзүңүз барып бересизби? — деп,
жан тарткансып, Ормон ханды карады жыйында көңүлсүзүрөөк олтурган Жантай бий.
— Ханыбыз да ар жагын тегерете ойлогондур. Эгинканалуу жер кеңейсе, көчүп баруучулар
табылат. Иле деген Көлгө канатташ десек болот, анча алыс жер эмес, ойлонолу, — деди
жаагын таяна ынтаа коюп угуп отурган черик бийи, Кенесары, Норузбайдын 1846-жылдагы
биринчи чабуулунда кыргыз колун башкарып баатыр атанган алп мүчөлүү Ажыбек бий.
— Кокон ыкыс берип турат десе быякта калың кыргыз бүтүн турбайбы. Ажыбек баатыр
айткандай, Иле да алыс жер эмес. Таксыр айткандай, орус падышасы жер берсе, Кокон менен
кармашта кыргыз жалгыз болбойт. Орус букарасы болуп калган улуу жүз казактары
Кенесарынын кунун кууганга батына албас. Жерди падыша берсе, кыргыз ээлеп алса жаман
болобу? — деди чечендиги, калыстыгы менен төбөсү көрүнүп, курултайда баш бийдин бири
болуп шайланган Медербек бий.
— Медербек бийдин сөзүндө жүйөө бар, дагы бир жагы Кенесары чабуулунан жүрөгү үшүгөн
улуу жүз ханга кол сала койбос. Кыргыз жерин кеңейтүү жөнүндөгү ойду тең бөлүшө
колдогонубуз оң, — деди саяк Дуулат бий.
— Кыргыздын эртеңи жөнүндө кабыргасы кайышкан камкордуктан чыккан ой. Таксырдын
жер жөнүндө айтканы, төрт жагын төп ойлонгон ой. Ар иште тобокел болот да. «Тобокел» деп
бир тилекте болгонубуз оң, — деди хан кеңешчилеринин бири, сөз тапкыч чечкиндүү
Жаманжээн.
— Ырыскыны Алла таала Жерге чачкан. Жер адамдын эки дүйнө турагы. Жерге камкордук
— элге камкордук. Мындай иште бир тилекте бололу. Орусия жөнүндөгү ой да көңүлдү уютуп
турат. Кыргыз ичи ымала болгону оң, — деди Калыгул бий.
Эч жакты карабай алдын тиктеп, санын таяна өзүнчө отургансыган Ормон сүйлөнгөн
сөздөрдү ынтаа коё угуп, купуя талдап отурган эле. «Башка да ким оюн айтар экен» дегенсип,
отургандарды кыдырата карады да:
— Көптүн ою бир чыгып турат. Быйыл кеч күздө Ордолуу айыл бел ашып Илеге көчөт, кудай
буюрса, — деди да, отургандарга бул сөздөр кандай тийер экен дегендей тыным жасай,
тегерете көз ирмебей тиктеп турду. Мынчалык иштин кескин бүтөрүн күтпөгөн отургандар
бири-бирин таң кала карап, үй ичи жымжырт.
— Мынчалык шашылып... — деген Жантай бийдин үнү таң калыштуу чыкты.
— Шашылышы жок, конуш чалынып коюлду. Ала-Тоонун чыгыш жагындагы Челек
дарыясынын боюна барып, Ордо айыл конот. Иле дарыясынын сол жээги Чарын дарыясынын
куймасы менен Кашкелең дарыясынын батыш жагындагы бош жерлерди ээлейбиз. Ордо
менен кошо көчө турган айылдарда 400 түтүн эсептелди. Көчүү бештин айынын ай арасы
Хан Ормон
өткөндөн кийин болот. Көчтүн ашуу аша жаңы конушка аман жетүү камы ойлонулуп коюлду.
Адыл, Манде, Алыбек, Чаргын, Абыкан, Түлкү баатырлар көч узатышат. Ныязбектин
сегизбеги айылдары менен жамаатташ көчүшөт. Тобокел, кооптуу ишке өз туугандарымды
коюуну туура көрдүм. Жай алган соң калганыңар көчүп келе бересиңер. Жер көп,
эгинканалуу, жайлоолору да кеңири, көп эл батат буюрса, — деп бир аз тыным жасай турду
да: — Үмөтаалы келип-кетип турат, Төрөгелди, Медербек бийлер, Калыгул акебиз бул жерде
Ордодо болушат. Сиздерден ким Ордо айылы менен көчүүнү каалайт? — деди хан.
— Мен кырк түтүн черик менен кошо көчөйүн, — деди Ажыбек бий.
— Мен да кырк түтүн саяк менен инимди көчүрөйүн, — деди Дуулат бий.
— Солтолордун көчкөнү ылайыксыз го, бул жактагы эгинкана жерлерди бош калтырып, —
деди Жангарач.
— Ооба, силер өз ордуңарда болгула, — деди Ормон хан.
Боронбай, Жантай бийлер ылдый караган тейлеринде үн дебей олтурушту.
— Иш ушундай, хан ордосу эки жерде — Байсоорунда, Иледе — болот. Чепте — Сан-Ташта
— кышкы ордо турат. Иле менен бул жактын байланышын үзбөйбүз. Ашуу ачылгыча
айланып катташып турууга болот. Кудай буйруп Никелей падышадан оң жооп келсе,
орустарды, улуу жүздү кошуп алып, Кокон менен кеп урушабыз, — деп сөзүн бүтүрдү Ормон
хан.
Ынтымакка үмүткө бата тилене жыйын тарады.
ЖАҢЫ ЖЕРГЕ
Илеге келүүчү айылдар Кара-Ойдон өйдө тарта көл жакалай туура сууларды бойлой конууда.
Ат-Башы, Нарын, Жумгалдан келген айылдардын акыркылары мурдагы күнү конуш алышты.
Айыл аралары доңшуп, көчүүнүн жайына кулак түрүүдө.
— «Ормон хан казактан жер алыптыр, бышыкчылыктуу дейт». — «Ак падыша казактан жер
алып бериптир». — «Ар кимдин өзүнүн жери Мисир, ал жактын кандай экенин ким билет?»
— «Ата конуштан козголуп, кайда барар экенбиз?» — «Көнүп кетебиз, алма, өрүк өскөн,
бышыкчылыктуу, жайлоо, кыштоосу кенен жерлер дейт». — «Ормон хан өзү бийлерин
ээрчитип барып конуш алып келиптир». — «Ар бир урууга тийиштүү жерлер такталыптыр».
— «Ныязбектин сегиз беги алдыга көчөт имиш». — «Жердин жакшыларын ошолор ээлешти
да». — Андай болбос, хан өзү элди көтөрүп аткандан кийин». — Бийлер барып ар урууга
тийиштүү жерлерди тактап коюшкан тура». — «Оторлотсо оторлотсо экен, оторлотпосо
отунумду алат элем» дегендей, ырас эле эрте күндү кеч кылбай, суук түшө электе жайга конуп
алсак», деген имиш-имиш азыр эл ичин аралоодо.
Бештин айынын он беши. Эртең көч козголот. Ай туяк33 союлуп Ормон хандын чоң үйүндө
Илеге кетүүчү айылдардын бийлери, билермандары отурушат.
— Калайык калктын болочогу үчүн бел байлап, алдыда аруу үмүт күтө элди көтөргөнү
турабыз. Элди аман-эсен жаңы конушка кондуруу жайын дагы бир жолу акылдашалы, — деп
Ормон хан ойлуу калыбында отургандарга сөз учугун таштады.
Өз ара кобурашып отурган бийлер «ким сөз баштайт» дешип бири-бирин карап, үй ичи
тынчый түштү.
— Сиз менен баарыбыз чогуу конуш чалып, ар бир уруунун конуучу жерлерин тактап
албадыкпы. Кырк түтүн черик Чарындын куймасынан өйдө тарта конмок болдук. Көчүүчү
күнүбүздү тактап алсак эле көтөрүлөбүз. Унаа, көлүктөрүбүз шай. Камыбыз түгөл келди.
Кудаа кааласа, — деди черик бийи Ажыбек.
— Биз байымдын балдары Бердибек, Бердикожо, Ажы, Субан, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек
айылдары жамаатташ Челек суусун бойлой конолу деп турабыз, — деди Ныязбектин үчүнчү
уулу Ажы.
— Көч камы даяр. Биздин конуш Кашкелең дарыясынын боюнда. Көч узатуучу жигиттер
менен ашуунун аркы түбүнө чейин жолду чалып келдик, — деди саяк Кетирекейдин Алыбеги.
— Чалынган конуштардын эң алысына эки ара конуп, жакынына ара конуп жетүүгө болот.
Ашууда тыгылышпай, ар бир айыл күн өткөзө көчүп турсун. Бештин айынын беш жаңысында
турабыз. Он чакты күн ичинде ай арасына чейин эл жаңы конушка отуруп калгандай болсун,
— деди хан.
Хан Ормон
— Кайсы айыл, кайсы күнү, кайсы маалда жүк коёру, кандай жерге өргүп, конушуна качан
жетерин ар бир уруктун, айылдын башчылары, бийлери менен макулдаштык. Эртең таң
саардан жүк коюлат. Байымдын балдарынын көчү улуулашып узамай болду. Бердибек
аганын көчү алдыда болсун дедик. Байымдын балдарына Үмөтаалы агабыз кичүү үйү менен
кошулганы турат, — деп хандын уулун Ныязбектин балдарынан бөлгөн болуп тамашалай
күлдү, баатыр аталган Түлкү, бийдин кенже уулу.
— Үмөтаалы агаңды бөлбө, байдын балдарына кошуп кой, — деп күлдү Ормон хан.
— Түлкү баатыр, өз атынды эле чакырып атасың, бизди журтка таштап кете көрбө, — деп
борс-борс күлдү Ажыбек бий.
— Бай аке, жарыктык, билип туруп эле капыялайсыз. Сиздин конуш эки ара конуш жерде,
бир ара конуштагылар жолду чалып өткөндөн кийин көчөм дебедиңиз беле, — деди Түлкү
бийдин капыя тамашасына жооп берген болуп. — Калган айылдар кезек менен көчө беришет,
баары билишет ким качан, кайсы убакта жүк коёрун.
— Билебиз, билебиз, — деген үндөр угулду.
— Бердибек акең макул болсо, жолдун, жердин өңүтүн жакшы билет, Үмөтаалы агаңдын
көчүнө жол берсин, — деди Ормон хан. Үй ичи дымый түштү. Бердибек төрдө:
— Оо, «жашка — жол, карыга — урмат» дейт эмеспи байыртадан. Үмөтаалы ханзаданын көчү
алдыда болсун, биз анын ачкан жолу менен жүрөлү, — деп Үмөтаалыны карап, эркелеткенсип
жылмайды Бердибек.
—Көчүү-конуу жайын сүйлөштүк. Эми Орозбак Манас баатырдын Алтайдан Ала-Тоого
көчкөнүн айтып берсин, — деди, ханга кадырлуу черик бийи Ажыбек.
— «Ырас айтат, биз дагы жаңы жерге көчкөнү турбайбызбы — Манас атанын арбагы
колдосун» деген сөздөрдөн улам Орозбак оңдонуп отуруп Манас айта баштады. Дастандын
адегенде созолоно чыгып, бара-бара чукул кайрыла күпүлдөгөн, бирде оболой эргип, бирде
муңайа басаңдаган саптары үй ичин ээлеп, отургандарды байыркы бабалардын тагдырына
аралаш жүргөндөй муютуп турду. Жарык дүйнөнүн жакшылыгына тилектеш ынтымакты
бийик туу тутуп, кылымдар түпкүрүнөн бери коломто отун өчүрбөй, элдик нарк-насилди
сактап келаткан калктын кажыбас кайратын даңазалай, теребелге таратып атты.
Ай туяк түлөө даамы тартылып бата тилене, алдыдагы көч камын кеп кылып келгендер
айылдарына тарады.
Көл башы тоо кыркаларынан кылайган ак шоолалар түн ымыртын сүрө асман мухитин
мунарык нурга бөлөп, жылдыздар бириндей суюлуп, таң жарыгы көл кылаасын каптоодо. Таң
жарыгында туура сууну бойлой отурган айылда көч камы башталды. Көч алдында айдалуучу
мал короодон козголуп, кой-эчкилердин мекирене маараганы, уйлардын үзүл-кесил
мөөрөгөнүнө аралаш айыл үстү дүрбөөдө.
Үзүк-туурдуктары сыйрылган үйлөрдүн айланасында уук алган келин-кыздар кылактайт.
Камбыл жигиттер бакан тиреп ууктарды бошотуп, түндүктү ылдый түшүрүшүп, аларга
жардам берип жүрүшөт. Ууктар таңгакталып, керегелер жыйналып, уук кап, кереге каптар
кийгизиле, ком, чомдуу төөлөргө жүк коюлууда.
Көч өтүүчү жолду чалуу үчүн, таң жарыгында айылдан өйдөкү жүк коюлуп аткан журттан үч
киши аттанды. Басыктуу чоң карагер атчан, ак калпак, боз чепкенчен Үмөтаалы берки
экөөнөн көтөрмө бою алдыда баратты. Анын сырткы турпатынан өзүнө ашкере ишенген
кайрат туюлат.
Күндүн муруту чачырай көч козголду. Көч башындагы ат жабдыгы аземделген капчыктуу
тору жорго үстүндө ак элечекчен, сур баркыт чапанынын этегин тизесине кыстара, кара
сурунан келген сулууча аял — Үмөтаалынын көрөр көз кичүү аялы — баратты. Жетегинде
түндүк бастырылып, килем жабыла, эки жагына самоор, көөкөр байланып, чуудасы чубалган
кара инген; анын артында чачылуу уук кап, кереге кап кийгизиле үй турманы, жагдан
сандыктар жүктөлүп, килем жабылган боз каймалды жетелей, кара жалдуу суналган кула
жоргочон Үмөтаалынын бой тарткан кызы Алтынай; боюна кыналган кара баркыт
кемселчен, башындагы үкүлүү кызыл тыштуу, кара кундуз тебетей; бештен өрүлгөн чачы эки
жаагынан ылдый төгүлө аркасынан күмүш чачпак менен карматылган; кулагында
желбиректүү алтын сырга, кырдач мурун субагай жүзүнө ийилген кара каштары, сурмалуу
кой көздөрү төп келе, жумуру ээк алдынан анжиян шурусу алкактаган ай тамагы кылаят.
Саймаланган тасма ноктолуу жибек буйлалуу каймалдын мойнуна илинген жылаажын
шыңгырап, көч кыймылына шаң берүүдө.
Хан Ормон
Ага улай жүгүнө килем жабыла, оймолуу кийиз аяк кап, чыны каптар байланган кара атанды
жетелеп, кара чепкен, ак жоолукчан, сары чийкил, чекирирээк көздөрү күлүңдөгөн кырдач
мурун келин — Үмөтаалынын жан жигитинин аялы — баратты. Жасалгалары ар түрдүү үй
турмандары жүктөлгөн төөлөрдү, алына жараша кийинген, ат жабдыктары да ар түрдүү,
аялдар, кыздар жетелеген көч чубады. Көч алды суу бойлой ашууга кетүүчү коктуну бет ала
баратты. Секиртме чыйырлуу ашуу жолунда кептелишип, унаа бели талыбас үчүн жүк коюу
саамыктала башталгандыктан, башкы көч коктуну өрдөгөндө, кээ айылдарда үйлөр
жеңилдене чечиле, кээ бирлери алдыда көччүлөрдүн жүк коюшун акмалап турду. Суурулган
ыкчам атчан, жеңил кийинген жигиттер көч узатып, жүктүн ооган-эткенине көз сала жүктүү
төөлөрдү жандай баратышты.
Коктунун таманынан өйдөлөй солго бурулуп, тоо таяна ат жолуна түшкөн көчтүн башы
ашууну бет алды. Жол татаал, ашуу бийик болгондуктан жүгү көбүнчө ат, төөлөргө, кабелтең
өгүздөргө жүктөлгөн көчтүн башы ашуу түбүндө, аягы көл кылаасынан жаңы козголо
каалгып баратты. Улам жогорулаган сайын жалгыз аяк ат жол кош таштарга кысылып,
жүктүү төөлөрдүн өтүшү кыйындай, көч жүрүшү басаңдоодо. Жүктүү унааларга дем бере:
— Оо, оо! Ойсул ата!
— Этият болгула! — деген үндөрдүн жаңырыгы, аяк алдынан кулаган таштардын
шалдырына аралаша, көч ашууну карай илкип баратты.
Ашууга таяна берердеги аскалуу бурчук таштарга кысылган жолдун алды бодурлуу тике аска.
Унаа жаза басса эле кулайт. Көч аярлай өтүп баратты. Үмөтаалынын үй-бүлөлөрүнөн
төртүнчү болуп, кер кашка ат минип бараткан боз кемсел, жүн жоолукчан, бешик өңөргөн
кетирекей кара көз келиндин жетегиндеги кара инген таш секиртмеден жаза басып мүдүрүлө
жүгү ооп, аскадан кулаганы турду. Көз ирмем учунда кырсык кылтылдоодо. Буйланын
чоюлганына кылчайып караган келин шап аттан түштү. Бешикти коёр жер жок, кылт этсе эле
кулайт. Сол колуна бешикти кармап, оң колу менен жүктүн бел арканын өзүнө тарта жүктү
теңдемекчи болду эле. Жалгыз колдун күчү жетер эмес, кырсыкты туйган төө жаныбар
буркурап боздой акыркы күчүн жыйнап титирейт. Келин шамдагай кыймылдап, бешикти
артына коё балтырына таканчыктап, эки колдоп жүктү өзүнө тарта теңдеп, супурада
кыстарылуу үбөлүктү алып, аркандын алдына өткөрүп толгогондо жүк калыбына келе
түштү.
— Оо, Седеп айланайын, коё бер төөнү! Өзүң... бала! Кокуй, Ойсул ата! — деп ыйламсырап үн
салды артындагы кара чепкен, элечекчен байбиче.
Бир паста арканды толгой тартып жүктү оңдоп, сол колу менен бешикти ат жалына такай,
ээрдин кашын кармай шап атына минген келин төөсүн жетелей жол улады.
— Оо, кайратыңдан айланайын, — деп жалбара келатты санаасы тына түшкөн байбиче.
«Оо, оолоп» жүктүү унааларга дем берген үн, мал аягынан кулаган таш, шагыл каңырты
коштогон көч каалгый, алды мөңгүлүү чокудан берки ашууда, арты тээ көл кылаасынан
берки түзөңдө келатат.
Көчтүн арты бешим оой ашуу ашып, кеч кыса ашуунун түбүнө жолум үй тиге өргүдү. Алды
Челек суусун бойлоп, болжогон конуштарына үй тигип, жай алышты. Көчкөн айылдар эртеси
толугу менен бөлүнгөн жерлерден орун алышты.
Бештин айынын онунда козголгон көчтүн арты айдын он бир, он экисинде конуштарынан
жай алышты. Эртең хан көчү козголмокчу. Ай арасына дагы беш-алты күн бар, айдын туушу
ай арасын алдына салса да, күн алыс болор деп санаа тынч эле. Капысынан батыштан тоо
кыркаларынан асман тирей үймөктөлгөн кара булуттар улам көбөйүп, күн бүркөлдү.
Нөшөрлөгөн күзгү жамгыр эл орунга отура лапылдай жааган карга айланды.
Ай эсебине төп келбей жааган кар чыгыштан соккон суук шамалга коштоло эртеси түш оой
басылды. Ай арасына жете электе кардын мынчалык оор түшкөнү эсте жок.
Ормон хандын чоң үйүндө, айылдарын жаңы конуштарына кондуруп боло, атасынын көчүн
узатууга келген Үмөтаалы, хан кеңешчиси Жаманжээн, хандын жан жигити Саза, айылдагы
ханга кадырлуулар отурушат. Эртең мененки чай дасторкону жыйналып, бата тиленип,
отургандар бири-бирин карап, көчүү жөнү кандай болот деп хандан сөз күтүшүүдө. Санын
таяна эч кимге көңүл бурбай ойлуу отурган Ормон хан кабагын көтөрө:
— Үмөтаалы, Саза, Жаманжээн үчөөң камбыл жигиттерден жыйырма чактысын, күрөк,
балталарды алып, жол чалгыла. Ашуунун берки бетиндеги борчук аскаларды, секиртмелүү
жантаймаларды аралап өтүүчү жолду күрөтүп тазалаткыла. Ашуунун белин күрткү
Хан Ормон
баскандыр, кар калың, ашууну күрөктөп үдөө кыла албайсынар. Ашуунун эки тарабындагы
кооптуу жолдор күрөлүп тазалангандан кийин, субай жылкыны, кур аттарды алдына айдап,
ашуунун күрткүсүн буздургула. Жылкыларды үч күнү удаа айдагыла. Үч күндөн кийин Кудай
буюрса, жүк коёбуз. Көчкө минилчү аттардын баарын такалаткыла, — деди.
— Көчкү көчө турган кооптуу жерлерде кар басыла электе мылтык аттырып, көчкү көчүрөлү,
— деп ханды карады Жаманжээн.
— Ооба, ансыз болбойт, көчкүнү көчүрмөйүнчө кооптуу жерлерге жигиттерди жибербегиле,
сак болгула, — деди Ормон хан.
— Азыр, сиз айткандай, чогуу барып жол чалып, жигиттерди коопсуз жерлерге ишке коёлу.
Кырк-элүүдөй жигит алабыз го. Мен андан ары жыйырма чакты жигит менен ашуу ашып,
жаңы конуштарды, үй тигүүчү орундарды күрөтүп түзөттүрөйүн, ал жакта деле кар оор
түшкөндүр, — деди Үмөтаалы.
— Ооба, ошенткениң оң, көч барганда даяр орундарга конгондой болсун, — деди Ормон хан.
Ак кар, көк музда боз үйдө кыштоонун кыйынчылыктарын, чоочун жерде кабылуучу
кокустуктарды көз алдына келтире ойлуу тунжурап турду да, сөз улады. — Ээн жерде ит-куш
болоор, жигиттер куралдуу болсун, казак туугандардын баары эле бизге кучак жайып турган
жоктур.
— Аны эске алып турабыз. Сиз айткандай, алдыдагы көчтөр менен жылкы айдап, көч узаткан
жигиттердин баары курал-жарактуу кетишти, — деди Үмөтаалы.
— Көчкө минилүүчү аттарды жылкыдан карматып келүүгө жигиттер жиберилди. Буйурса
бүгүн түштөн кийин усталар ишке киришет, — деди Саза.
Хан ойду айттырбай тапкан сезимтал камкор жигитине ыраазы боло карады да:
— Эми капыстан минтип көчүү-конуубуз ак кар, көк музга туш болуп турат. Көч даярдыгы
телегейи тегиз, дыкат болбосо, кырсык каш-кабактын ортосунда, сак болгула, — деп сөз
бүттү деген таризде сакалын сылай оңдонуп тура өз алдынча ойго кетти.
Кеңештегилер көч камын көрүүгө тарады.
Үч күн бою көч жолу ачылып, көчкү көчүрүлүп, касабалар күрөлүп, ашуунун эки бетинде тең
тынымсыз иш жүрүп турду. Ашуунун белиндеги күрткү бир сыйра алынгандан кийин күн
сайын чубатыла айдаган субай жылкылар күрткүнүн калганын бузуп, из салып турду. Үчүнчү
күндүн акырында ашуу ачылып, көч жолу даяр болду.
Эртеси бештин айынын төрт эскисинде34 эртең менен хандын көчмө ордосун чечип, жүк коюу
башталды. Көчмө ордо менен ханайым Уулбала барары айтылган.
Ормон хан таң саарында Жаманжээн, Саза баштаган он чакты жан-жөкөрлөрүнүн узатуусунда
аттанды. Ашууга чейин жол чалып барып, ашуунун белинен дүрбү менен көчкө көз салып
турмакчы.
Ургал жааган кардан кийин, асман чайыттай ачык, кеч күздүн сейрек булуттары тоо
кырларына сүрүлө, кыймылсыз. Күндүн муруту жерге тийе хан көчү козголду. Көч башында
аземделип ордо үйүнүн турмандары жүктөлүп, килем жабыла, үстүнө күмүш чегеленип,
текенин мүйүзүнөн кынапталган түндүк бастырылган, чуудалары сеңселген, сайма ноктолуу,
жибек буйлалуу кара инген жетелеп, айтылуу сулуу, ханайым Уулбала баратат. Миңгени ак
жал чабдар жорго; ээр токуму күмүштөлүп, булгаары тердиктин четтерине кундуз
бастырылып, бурчтарына жылдызчалар чегеленген; күмүш суусар жакалуу, жашыл тукаба
тышталган кундуз ичиктин этектери ээрдин тарагына, эки тизеге кымтылган; башында төрт
эли кундуз тасма тартылган чакан элечек, моймолжуган сурмалуу кара көздөрү кырдач
мурун, буудай өндүү ак куба жүзүнө төп келе, эриндери татына кымтылган, көлөч-маасылуу
буттарын күмүш үзөңгүгө сүйөй ойлуу баратат. Ата-эне алдында эркелеп өскөн кыз курагы,
ата конуш жайлоолор көзүнө элестөөдө. Көптөн бери көрбөгөн курбуларына жолугар бекен,
алар кандай болушту экен? Биринчи жолу Шолпан жеңе менен айлуу түндө селкинчекке
барып, оюн курган келин-кыздарды, жигиттерди көргөнү, алгач айылдаш жигит менен
селкинчекке түшкөн кызык учурлар көзүнө элестеп баратты. Ашуунун түбүндө Алыбекке
жолуккан кооптуу учурду, Алыбектин адамгерчиликтүү жылуу мамилесин, Алыбектин
үйүндө Ормонго көзү түшкөн учурду эстеп жылмайып, ээрге оңдоно отурду.
Тагдырына ыраазы — уул-кыздуу болду. «Ханайым» делип, эл ичинде кадырлуу. Өзүнүн
сыпайы сылыктыгы, колунан көөрү төгүлгөн иштүүлүгүнөн айыл ичинде абысын-ажын
арасында зоболосу жогору. Алдыдан кубанычтуу күндөрдү күтө, маңдайы жарык баратат.
Хан Ормон
Уулбаланы улай, аруу үй-мүлктөрдү, жууркан төшөнчүлөр жүктөлгөн жасалгалуу төөнү
жетелеген элечекчен, кара кер атчан үй кызматындагы аял, ага удаа конок үйүнүн, аш үйүнүн
эмеректери жүктөлгөн төөлөрдү жетелеп, ар түрдүү кийинген ашмачы, бычмачы, тикмечи
аялдар келатышат.
Хан көчүнөн бир аз артта Жаманжээн кеңешчинин, хандын жан жигити Сазанын, хан
кызматында болуучу беш-алты кадырман адамдардын көчтөрү келатат.
Көч алдында жолду дагы таптап, коопсуз өтүү үчүн жалдуу ак боз айгыр баштаган субай
бээлердин үйүрүн айдап, куралдуу үч жигит кеткен.
Көч алды коктунун таманын өрдөй үч чакырымча баргандан кийин солго бурулуп, тескей
беттеги чыйырлуу жолго түшкөндө, көчтүн аягы көл кылаасынан бери түзөңдө келатты.
Алдын ала кооптуу жерлерге көчкүсү көчүрүлө күрөлүп-тазаланган жол чубаган жылкы
таманына таптала коопсуз.
Түш кылайган кезде көчтүн алды бодур аскалуу тескей бетти басып өтө, ашуу алдындагы
жолдо баратты. Ашуунун белиндеги кыраңда Ормон хан дүрбү салып турат. Көз уялткан ак
кар баскан өрөөндө тизилген шурудай чубалып келаткан көч көз алдына тартылды. Көч
калбаат келатат. Ооган, жыгылган унаа көрүнбөйт. Көч аягынан өйдө тарта кыдырата көз
жүгүртө, кооптуу жар таштын секиртме жолунан аярлап өтүп келаткан жүктүү төөлөрдү
карап турду. Андан өйдөлөтө өз көчүнүн унаалары да шай келатканын байкап турганда, ак
жалдуу чабдар жоргого келишимдүү отурган, ак элечекчен, кундуз ичикчен жаш аялдын
сымбаттуу элеси көз алдына тартылганда эр туюму эргий, ичинен жылмайды. Алтымыштын
кырын аша, кадыр билген жаракөр жар күттүргөн тагдырына ыраазы эле.
Түш ооп калды. Көчтүн алды ашуунун белине жеткенде хан жан-жөкөрлөрү менен аттанып,
ашуу алды жаңы конуштарга бет алды.
Күн мурунтан жиберилген жигиттер ар бир үйдүн конушун күрөп, түздөп, кереге аяктарын
жылуулоого керектүү топурак даярдап коюшкан.
Бешим оой хан көчү конушуна келип, жүктүү төөлөр үй тигилүүчү жерлерге чөгөрүлүп,
жүктөр түшүрүлө, камбыл жигиттер таңгактарды чече, келин-кыздар кереге жая, жигиттер
түндүк көтөрө баштады. Күн нуру чагылышкан ак карлуу өрөөндө көчмөн турмуштун
түйшүктүү камбыл тиричилиги өкүм сүрдү. Кээ бир конуштарда кызыл жошолуу кереге
капшыттарын жаңыдан жайып баштаса, кээ бирлеринде кереге капшыты бекитилип,
жигиттер түндүк көтөрүп, кыз-келиндер уук саюуда, кээ бирлеринде туурдук, үзүктөр
жабылып, боолору байланууда.
Тоо кыркаларына жашынган күндүн кызыл алоосу өйдөлөгөн сайын кызгылтым агыш
нурланып, булутсуз көгүш асманды ажайып көрккө бөлөйт.
Күүгүм кире суу жээги өндүргө тигилген ак өргөөлөр ак карга төнө түндүктөрдөн булаган
түтүн гана конуш орундарын айкындап турду.
Демейдегидей айылдын өйдө жагында хандын ордо үйү, Уулбаланын өргөөсү, конок үйү, аш
үйү, бир аз өйдөрөөк аш бышырып, отун-суу алып кызмат кылуучу малайлардын үч үйү
тигилген. «Чоочун көзгө» деп алар да тандамал үйлөр.
Боз үйлөрдүн үзүк-туурдуктары эки кабатталган, кереге аяктары туурдуктарга жеткире
топурак менен жабылган, кернейлери түндүк чамгарактарына жете темир мештер
орнотулган.
Мурда көчүп келген айылдарды кыдыра, элдин ал-жайын көрүп кайткан хан көз байлана
Уулбаланын өргөөсүнө келип түштү.
Илеге куйуучу туура сууну бойлогон өндүргө кечээ келип конгон айылда көчмөн турмуштун
жаңы конуштагы кыш тиричилиги, үйлөрдүн айланасында мал байлануучу орундардын
карын күрөгөн эркек-аялдар көзгө чалынат. Айыл ортосундагы кой короо орунун кардан
тазартып, көгөн тарта он чакты аял-эркек жүрөт. Өргөө ордодо Саза, Жаманжээн, Үмөтаалы
адеп сактай, Ормон хандын сөзүн ынтаа коё угуп отурушат.
— Өрүш-жайыты чоочун жаңы жер, мал жайыттарын таанып, отун камдап, жайларын
жылуулап, кыштан аман чыгып кетсе, эл көнүп кетер. Кечээ берки четке конгон айылдарды
көрүүгө үлгүрдүк. Чарын куймасы, Кашкелең жээгиндеги айылдардын ал-жайын билүү
керек. Үчөөң жигиттериңер менен бөлүнө аттанып, айыл абалы, мал жайыттары менен
таанышкыла. Мен да аттанамын. Жердин уусун баамдай ала турган эстүү кишилерди
жиберип, казак айылдарынын чети кай жерде экенин кылдат такташсын. Жигиттер куралжарактуу сак турушсун, — деди Ормон хан.
Хан Ормон
— Мал күзөткөнгө, бөтөнчө жылкыга куралдуу жигиттер көз салып турушат, — деди
Жаманжээн күн мурунтан кам көргөнүн билдире.
— Ар үйүрдү беш-алты куралдуу жигит кайтарсын, жок дегенде бирөөндө мылтык болоорун
сүйлөшкүлө айыл билермандары, бийлер менен. Өз боюна сак болуп, коңшуну ууру
тутушпасын. Казак султандары Тезек, Абулпейиз менен сөз болгон, катыла коюшпас, — деди
хан ойлуу калыбында.
— Кенесары, Норузбайдан кийин жүрөктөрү деле үшүп калгандыр, — деди Саза мурутунан
жылмая.
— Ошолордун кунун кууйбуз дечүлөр да чыгар, — деди Үмөтаалы.
— Азырынча антүүгө чамалары жок. Негизи андайды күтүүгө болот. Падышадан жерди
менчиктетип алгандан кийин султандарды ооздуктайбыз, — деди Ормон хан.
Сөз Иле бою, Чарын куймасы, Кашкелең жээгиндеги эгинканалуу жерлерди чалуу жөнүндө
уланды.
Тезек төрөнүн кеңешине келген казак улуу жүзүнүн абройлуу билермандары, султандары
анын Талгардагы кыштоосунда кечээтен бери конок сыйын көрүүдө.
Балык жондоно салынып, терезелери айнектелген там үйдүн конок бөлмөсүнүн ичи
жасалгалуу, алдына тактай төшөлүп, өрө кийиздер, үстүнө ала кийиздер төшөлгөн.
Капшыттарына саймалуу туштук тартылып, төргө такта үстүнө жууркандар жыйналган, эр
жак капшытта чымылдыкка жанаша жука килем жабылган жыгач керебет. Төрдө көлдөлөң
үстүндө кундуз жакалуу көк тыштуу түлкү ичикти желбегей жамынып, жакасы ачык кара
кемселине күмүш кемер курчанып, малдаш урунуп олбурлуу Тезек төрө отурат; башында
кырбуусу тайкы кызыл тукаба тыштуу кундуз тебетей, кабагы бийик; коюу жээрде каштары
алдындагы чекирирээк сурмалуу көздөрү салабаттуу тиктейт. Дөңсөгүрөөк кырдач мурун,
ээрди түйрүгүрөөк, ачаланган жээрде сакалы серпилген, узун мурутун сылай конокторуна
көз жиберүдө. Оң жагында Аблай хандын урпагы Сүйүк султан, тик жака боз нооту кемселине
күмүш кемерин шалкы курчанып малдаш уруна эркин отурат; башында саймалуу кырбуусу
бийик калың кийиз калпак, чап жаак кара сур жүздүү, суйдаң кара каш, сурмасыз сүйрү көзү
кытмыр тиктейт, таноосу кененирээк кырдач мурун, суйдаң кара сакал-муруту сыйда
серпилген. Турпатынан өзүн көптөн жогору сезген текебер туюлат. Тезек султандын сол
жагындагы сары чийкил, эткээл, бети тегерек, мурду жалпагыраак, маңдайы жайык келип,
сурмалуу чекир көздөрү ойлуу, башында кара баркыт тыштуу суусар тебетей, кайырма
жакалуу ак кементайын желбегей жамынып, ички боз кемселине жибек жоолук курчанган
Абулпейиз мурда башталган сөздү улагансып:
— Тезеке, «Ормон хан эли менен Илеге көчүп келди» дедиңиз. Бул не деген зордук бирөөнүн
жерин суроосуз ээлеп алганы? — деди.
— Ээлебегенде нетеди, Дуулат, Албан туускандар тууган жеринен безип кетсе, жер ээсиз
турса, ээлейт да, — деди Тезек төрө.
— Албан, Дуулаттар кетсе, башка казак жокпу, жер бабалардан калган казактын жери го.
Ормон хан Кенесарыны өлтүргөндөн кийин башка казак жок деген го?! — деп обдула Тезекти
карады Сүйүк султан.
— Дегениңер туура дечи. Ормон ойлонбой иш кылбай турган кыраакы киши. Мунун сыры
бар, — деди Тезек ойлуу калыбында.
— Не сыр болмок эле, Кенесарынын кошуунун талкалагандан кийин дөгүрсүп калган
кыргыздын зордугу да, — деп сакалын сылай оңдонуп отурду Булан бий.
— Зордугуна көз жуумп отура беребизби кыргыздарга жерибизди тебелетип коюп?! — деп
чебеленди Сүйүк султан.
— Ойлонолу, Ормон оңой жоо эмес. Кокондун да мизин кайтарып койду, — деп Тезек төрө
сөзүн бүтө электе:
— Ой бай, Тезеке, «Кокондун мизин кайтарып койду» дейсиз. Кайтарса куп болуптур
сарттарга, алты сан казак барбыз го, Кенесары менен кошо жамы казак өлгөн жок го! — деп
кызууланды Сүйүк султан.
— Султан, сабыр этиңиз, жерди Ормон ханга мен берген жокмун го, — деп Буланды карап
күлө сөзүн улаган Тезек: — «Ормон хан ойлонбой иш кылбайт,» дедим го. Алды-артын өлчөп
иш кыла турган айлакер киши Ормон. Ал ак падышанын өзүнөн үлкөн сыйлык алды. Орусия
Хан Ормон
аны менен ич ара алакага өтүп сүйлөшүп тур деген кабарым бар. Орустар сүйөбөсө, Ормон
Илеге баш бакпайт эле го, — деди.
— Аңдай албай турамын, Тезеке, орус Ормонго: «Бар, казактын жерин басып ал» дебейт го.
Ормондон оруска не пайда? — деди Булан бий.
— Ормондун оруска пайдасы көп, Булаке. Оболу өз каруусу жетпеген каскагы Кенесарыны
жеңип берди. Энди Орус Ормонду Коконго жумшаган тур го дейм. Ормондун күчүн Кенесары
окуясынан орусуң көрбөдүбү. Ошол күчтү Коконго шилтейт орус. «Губурнатор Горчаковдун
Ормонго жазган каты бар» деген имиш бар, — деди тиги экөөнөн мурда орус букарасы болуп,
алакада жүргөн Тезек төрө.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 34
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.