Latin

Хан Ормон - 02

Total number of words is 4000
Total number of unique words is 2075
28.2 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
47.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Айдаке үйгө кире отургандарга көз жиберип ийиле:
— Ассалому алейкум, — деп салам айтты.
— Алейкума салам, арыбай жүрөсүңбү Айдаке мырза, кел мындай өт, — деп алик алды үй
ээси, аюу талпак үстүндөгү аксакалдан ылдый отурган, жайкалган кара сакалы төшүн жаба,
муруту сыйда серпилген тарам кызыл жүздүү, кырдач мурун, коюу кара каштары бийик
кабагына төп келген, сурмалуу алагар көздөрү ойлуу тиктеген Ныязбек бий.
— Айылдан эле келатам. Сиздерге салам берейин деп кайрылдым. Жумгалга БазарТуруктагы кудаларга бардым эле. Кечөө кайтып келдим, — деди Айтике.
— Ыракмат балам, тирүүлүктө дидарлашып амандык сурашып турганга не жетсин. Бу
жалган дүнүйөдө бүгүн көргөнүң эртең жок, — деп Айдакени карады бийден өйдө отурган
суйдаң ак сакал-муруту куюлуша эрин үстү серпилген, үрпөйгөн коюу каштуу, бийик кабак
алдындагы курчу кайткан коймолжун көздөрү тунара тиктеген, ачык жака жегде көйнөгүнүн
сыртынан кийген кара чепкенинин этектерин кымтына отурган тепчиме ак топучан карыя.
— Ии, кеп сала отур. Кудаларың, саяк туугандар мал-жандары эсен турушуптурбу,
кыштоолору, эгин чөптөрү кандай экен? — деп Айдакени кепке тартты ак сакалдан бери
отурган, көк ала сакал, чечектен чаар болгон, келте мурун, чекир көз, боз пияссы чепкенчен,
кыюланган көрпө малакайын баса кийген карыя.
— Жыл жаанчыл болуп, чөп-чары, мал оту кенен экен. Бирин-эки жатакчылар эле болбосо,
эгин эккендер сейрек көрүнөт. Эл кыштоого кире элек, күздөө конуштарда экен.
Жылкычылар кар түшкөнчө бөксө жайлоолордо турушуптур. Кожоберди, Качыкелердин
жылкылары Каракол, Сөөктө оторлоп турушуптур, — деди Айдаке, оюндагысын толук айта
албай, шырымал көрпө тебетейин оңдоп кийип, малдашын оңдоп козголо.
— Эл ичи байгерчилик, тынч бекен, эмне сонун-сорпо кеп бар? Саяк туугандар ар нерседен
кабардар сергек эл эмеспи, — деп кеп улады төрдүн эпчи жагынан үчүнчү отурган жээрде
сакал, сары чийкил, кырдач мурун, бачики түлкү терисинен жасалган кырбуусу тайкы
тебетей, кементайчан салабаттуу киши.
— Эл ичи тынч, бирок өзүм көңүлүм кайт боло, ыза көрүп кайттым. Мындай кордукту көрөм
деп ойлогон эмес элем, — деп Айдаке жер караган болуп, көз карашын Ныязбек бийге
жиберди.
— Ии, анчалык сенин көңүлүңдү чөгөргөн эмне окуя болуп кетти экен. Ат көлүгүң
каракталган жокпу? — деп Ныязбек бий Айдакеге көңүл бурду.
— Базар-Туруктан чыгып, Караколдо отурган Кожобердинин жылкычыларына кайрылдым
эле. Атыга деген жылкычыга бирөө аманат айттырганынан, — деп ызалыгы эми эсине келип,
буулуккан Айдаке бир тынымга токтой калды.
— Анан эмне болду? — деп ыкыстатты Айдакенин ыза болгонунун себебин билүүгө бүйрү
кысыган четтерек отурган, таноосу кыпчык, быйпык мурун, кара таар кемселчен, эскирек ак
калпагын баса кийген орто жаш киши.
Хан Ормон
— Атыганыкына түшсөм үч-төрт киши кымыз ичип отурушуптур. Амандык сурашып бир аз
отургандан кийин, Атыга оолугуп, кунан чыкмасын мактап кирди. Салбар дегени өзүнүн ак
боз кунанын мактап, экөө кунан жарыштырмак болушту. Байге сайганга келгенде Атыга
келжиреп, «мен байгеге акең сарыбагыштын өзүн, болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукуму
Айдакени сайдым» десе болобу оозу мурду кыйшайбай. Беркилери аңылдап каткырышат.
Жети өмүрүм жерге кирди. Өлөрдөй ыза болгонумду айтпаңыз, — деп үнү каргылдана сөзү
үзүлдү Айдакенин.
— Мына кызык, дөөрүгөн саякты кара.
— Дымагын көр көөпайдын.
— Акесин таанытыш керек.
— Кымызга мас болгондогу жел сөз да.
— Чаап алыш керек саяктарды.
— Ошонун өзүн байлап келип, байгеге сайыш керек, — деген үндөр угулуп, үй ичи уу-дуу
боло түштү.
— Ой, эмнеге дуулдайсыңар, азыр эле чабуулга жөнөөчүдөй, оозуңар менен орок оруп, —
деген карыянын үнүнөн улам тынчтана түшкөн үй ичиндегилер эмне дээр экен дегенсип
Ныязбек бийге көз жүгүртүп калышты.
— Кымызга курсагы тойгон, ала күү неменин сөзү суу кечеби Айдаке мырза, ага анча теригип
эмне. Аттуу баштууларына салам дуба жиберербиз. Эси жокту эсине келтирип коюшар дейм.
Кандай дейсиңер? — деп сакалдууларды карады Ныязбек бий.
— Бар сөз баатыр, бар сөз. Жоолашкандан көрө салам дубалашканга не жетсин. Саяк,
сарыбагыш бир эле Тагай бийдин балдарыбыз, — деди аюу талпак үстүндө отурган ак сакал
карыя.
— Муназа кыла турган сөз экени ырас деңизчи. Ошентсе да эл оозунда элек жок, жыйынтоптордо сарыбагышты саяктар байгеге сайган деген сөз келекеге айланып кетиши ыктымал
го, уруу намысына доо кетип калабы дейм, — деп саласал эте бийди карады көгала сакал
салабаттуу киши.
— Саяктар дамамат кычыктай беришет. Болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукумун байгеге
саят имиш. Бий аке муну жөн койбоңуз, — деп обдула бийди карады четтерээк отурган жулма
сакал боз чаар киши.
— Кол курап барып айылын чаап, жылкычыны кармап келиш керек, — деди анын
жанындагы жээрде сакал киши калпагын оңдоп кийе чыкчырылып.
— Ээн оозду Кожоберди өзү жасаласын. Бийдин алдына Кожоберди өзү тартуу менен келгени
лаазим, уруу намысын колдон чыгарбайлы, — деди көк ала сакал карыя өзүнүн алгачкы
сөзүн ырастагандай. Бий бир тынымга тунжурай үнсүз отургандан кийин сөз уланып, ашуу
бүтүп кала электе аттуу баштуу эки-үч кишини Медет даткага, Качыке бийге салам дуба
айттырып жиберүүнү чечишти.
Эл кыштого кирердин алды жагы. Асман бозомук тарта, күндүн көзү көрүнбөй, суук сыдырым
согуп турат. Кеч бешим. Жумгалдагы Медет бийдин айылына келаткан сарбагыш ичинде
кадырлуу, сөзмөр Токтор бий баштаган үч атчан айылдан өйдөрөөк обочо тигилген чоң ак
үйдүн алдына келип токтоду. Үйдөн чыгып атчандарга салам айта кабыл алган жигит
меймандардын аттарын алып, кермеге байлап, өзүлөрүн ээрчите, эшик ачып, үйгө киргизди.
Он эки канат азем жасалгалуу үйдө бийдин байбичеси, элүүлөрдөн өткөн, толукшуган
салабаттуу, ак саргыл кырдач мурун, кара көз аял эки-үч курбусу менен чай үстүндө
баарлашып отурган экен, башында чакан кийме элечек, тик жакалуу кара баркыт кемселине
кундуз кыюуланган саймалуу күрөң баркыт белдемчи байланган, элечектин арт жапкычынан
күмүш чачпак байланган жагдан ачкычтары шыңгырап, байбиченин салабаттуу келбетине
сөөлөт кошуп тургансыйт.
Бейтааныш, салабаттуу кишилер киргенде, аялдар жалпы орундарынан турун, эпчи жакка
ыктай жымырылып, тышка чыга башташты. Бийдин байбичеси бейтааныш кишилерге ызаат
көрсөтө:
— Келиңиздер, арбаңыздар, — деди да, жанындагы жоолугун баса салынган, узун кош этек
көйнөк кийген келинге:
— Зуура балам, төргө көлдөлөң сал, дасторкон үстүн жаңырт, — деди. Келин арыдан бери
төргө көлдөлөң салып, дасторкон камын көрүүгө киришти. Эшик ача, ээрчий кирген жигит,
Хан Ормон
меймандардын сырт кийимдерин алып эпчи жак улагадагы ала баканга илип, камчыларын
кереге башына кыстарды. Коноктор улуулаша төргө өтүп отурушту. Токтор бий алаканын
жая:
— Алло акбар, айдан аман, жылдан эсен бололу, ушул куттуу үйдөн береке, бейпилдик
кетпесин, — деп бата тилей байбичеге кайрылды. — Байбиче, ракмат, бар болуңуз. Биз Чүй
жактан сапар тартып келебиз. Бийге учурашып, салам дуба айталы деп чыктык эле Ныязбек
бийдин айылынан. Бала-бакыра, үй-бүлө, айыл-апа менен эсен турасыздарбы, — деди.
— Кудага шүгүр, өзүңөр арыбай келдиңиздерби? Бийди инисиникине ашка чакырып
кетишти эле. Келип калар. Даамга караңыздар, — деди байбиче. Дасторконго казанга
жабылган нан, омурулган кошкон май, эжигей, курут, каймак коюлду. Самоордон чай куюлуп,
меймандар бир, эки чыныдан ичип, ыраазылык билдиришти, Байбиче кызмат кылган
жигитке кайрылып:
— Кана, кымыз келтиргиле. Муздактыр, бир аз тумшугун сындыра алып келгиле. Уулга
айткыла, союш камын көрсүн, — деди.
Үй кызматындагы жигит чоң чарага жылытылган кымыз келтирди. Меймандарга кымыз
сунулду. Бир тыным өтө, эшиктен узун бойлуу, кең далылуу, кабагы бийик, куш мурун, чап
жаак, сары чийкил, кер мурут жигит кирди. Башында кара көрпө тебетей, ак пиязы кемселине
күмүш кемер курчанган, шымынын багалеги көн булгары өтүгүнүн ичине кайрылган,
жыйырманын ичиндеги бийдин уулу Айтак салам айта кирип, отургандар менен кол алыша,
дасторкондун четине отуруп, ал-жай сурашууга өтүштү. Кыштоо жайы, мал оту, жылдын
кандай болору, эгин-чөптүн абалы жөнүндө аңгемелешүү башталганда, эшиктен кирген
жигит Айтакка жакын келип, ийиле ишарат кылды эле, ал:
— А, эмесе конок союшуна бата жасайлы, — деп меймандарга карады. Дасторконго бата
тиленип, отургандар сыртка чыгышты. Күн кылкылдап, тоо кырына жашына батыш тарабын
кызыл алоо каптаган. Эшик алдында куйруктуу кара боз ирикти туура тарта бычак кармаган
жигит турат. Байбиче эл алдына чыга алакан жайып:
— Омиин, Аллах акбар. О жараткан, элге эсенчилик берегөр, бала-бакыра үрөн-бутак өссө
экен, — деп бата тиледи. Батадан кийин коноктор үйгө кирип, даам татуу уланды. Шуулдап
кайнаган самоор киргизилди. Айылдан дастанчы комузчу чакырылып, «Эр Төштүк»,
«Курманбектен» үзүндүлөр айтыла, күү чертиле, коноктор ыраазы отурушту. Тамак-аштан
кийин кол жуулуп, бата тиленген соң Айтак мырза меймандарды өз өргөсүнө эс алууга
чакырды.
Таңкы багымдат намазы окулуп бүтө, конокторду Медет бийдин чоң үйүнө чайга алып
киришти. Төргө узата кара саксак көлдөлөңдөр төшөлүп, ортолото аюу талпак салынган.
Дасторкон жайылып, даам коюлган. Чоң кашгар самоор шуулдап кайнап, жанында илбериңки жигит чай куюп отурат. Дасторкондун эр жак четинде Медет бий, эпчи жагында
байбиче конокторду күтүп отурушкан. Эшик ачыла Токтор аке баштаган кадырман
конокторду бий байбичеси экөө орундарынан туруп, жылуу тосуп алышты.
— Ассалом алейкум, урматтуу бий, эли-журтуңуз, мал-башыңыз түгөл, бакыбат турасызбы,
— деп салам айтты алдыда кирген Токтор аке.
— Алекум салам, келгиле, төргө өткүлө, чакырып келтире албас меймандар. Токтор аке өзү
келген тура, — деп бий иреге алдына өтүп, коноктор менен кол алыша көрүшүп, жайдары
мейман достук көрсөттү.
Меймандар төргө өтүшүп, Токтор аке аюу талпактын үстүнөн, жанындагылары жаш улай эки
жагынан орун алышты. Даам үстүндө беймарал аңгеме уланды.
— Кандай, Токтор аке, эл-журт тынч, коога-калдалаңдан оолак эсен турабы? Ныязбек баатыр
мал-жан, бала-бакыра эли-журту ичинде күүлүү турабы? Чүй боору, эки Кеминде быйыл жыл
кандай болчудай? — деп жашы улуу коногуна ызаат көрсөтө кайрылды Медет бий. Жашы
алтымыштан ашып калса да, ак аралай элек жээрде сакалы коюу, узун мурут, терең кабак, куш
муруну чекирирээк курч көзүнө жараша турпатынан эр туушу кайта элек.
— Кудайга шүгүр, эл байгерчилик. Улуу жүз жактан кээде жылкы тийген ээн баштар эле
болбосо, тынччылык. Жаз, жай жаанчыл болуп, жайлоо оттуу болгондуктан мал кыштоого
семиз кирди. Теке эрте жүгүрдү, жаз эрте келер деп, болжошот эсепчилер, — деп сакалын
сылай, бир тыным токтой калды да, — Ныязбек баатырдын көңүлү жай, мал-жаны эсен. Сизге
салам дуба жолдоду, — деди Токтор аке.
— Кудай саламат кылсын. Биз дагы эл ичинде эсен турабыз. Кудайга шүгүр, быйыл башка
жактардан келип, мал тийип, тынчты кетиргендер да болгон жок. Жыл жакшы болчудай. Эл
Хан Ормон
кыштоого жаңыдан киргени турат. Мал эттүү, жайыт оттуу, жаз эрте келер деген үмүттөбүз.
Тамактан алсаңар, мурдагы күнү төмөнкү кулжыгачта ашка чакырган экен. Ошол жакта
жүрүп, түндө кеч кайттык эле. Сиздерди өзүм тосо албадым. Жакшы жатып, жай
турдуңуздарбы, — деди Медет бий.
— О, айтпаңыз, байбиче менен Айтак мырза сиздин жогуңузду билгизишпеди. Рахмат,
сыйлуу конок болдук, — деп Токтор аке сакалын сылай, чайдан ууртады.
Аңгыча эшик ачылып, узун бойлуу, как элес, чокчо ак сакалы, сыйда муруту сыпаа серпилген,
жаагы узун, бырыш баскан кубагай жүздүү, узун ак каштары кабагын жаба, курчу кайта
баштаган көздөрү ойлуу тиктеген, көрпө малакайчан, кыргактуу мата чепкенине кисе,
кындуу бычак илинген кур курчанган карыя кирди.
— Келиңиз Караке, — деп Медет бий ордунан тура ызаат көрсөттү. Отургандар ордунан
туруп, карыяга кол берип учурашышты. Карыя төргө өтүп отуруп: «Аллах акбар», — деп бата
тилеп, сакалын сылай, көзүн сүртүп, конокторго кайрыла:
— А Токтор баатыр кандай, эл журтуң, мал-башыңар эсенби? Каяка сапар тартып
келатасыңар, — деди.
— Кудайга шугүр аке. Эл журт байгерчилик. Кеминден мурдагы күнү чыктык эле, Шамшыны
ашып, Абайылда уулу туугандарга жетип кондук. Мында кече кечинде келдик. Ныязбек
баатыр сиздерге, Медет бийге, Качыке аксакалга салам дуба айттырып жиберди, — деди
Токтор аке.
— А, ошондой деңиз. Саламат болсун, — деп карыя чайдан ууртай, башын ийкеп ойлуу
отурду.
— Ар кимибиз ар кайда тирилик камында жүрүп, жыл аралыгында бирер көрүшөт экенбиз.
Токо, сиздер менен жүздөшүп отурсун деп Кара акебизди да чакыртык эле, беймарал отуруп
даам татыңыздар. Баатырдын салам дубасын шашпай угалык. Байбиче, чайдан кийин күзгү
кымыздан келтиргилечи. Түштүгүнө кыш туумадан тандап сойдуруңуз. Түндүгүнө
кысыремди тай болсун. Айтак, киши чаптырып, Качыке аксакалга, Кожобердиге айттыргыла,
чогуу бололу, — деп жайдаңдады Медет бий.
— Бар болгула, бар болгула, жылдыздай чачыраган кыргыз уулдары. Куштай учуп, желдей
сызып өтүп баратат го өмүр чиркин. Катышып, кабарлашканга жер алыс. Ар уруу ар сууда күн
өткөрсө да ынтымак сактап жүрөт го элибиз. Кече калмак капшабы каптап, казак кайың саап,
кыргыз Ысар Көлөпкө тентиген алаамат заманда да ынтымак болбосо элдин уюткусу
курубайт беле, — деп карыя эл ынтымагына ыраазы болгонун билдире, көзүн жума өткөндү
көз алдынан өткөргөн таризде сакалын сылай, ойго каалгый, бир тыным унчукпай калды да,
сөзүн кайра улады. — О, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дечү эле, айтса-айтпаса
төгүнбү. Жаңырды го эл-жер, күн өткөн сайын өмүр аягына чыгып баратат го. Өттү го нечен
күндөр ат жалында, найза учунда жел ышкырган эрөөл күндөр, калмак, кыргыз тарап болгон
тогол күндөр, эл жоону мекенден сүргөн күндөр, ынтымак, биримдик өбөк болгон күндөр, —
деп карыя үнсүз тунжурай калды.
— О, карыянын сөздөрү коргошундай салмактуу, алтындай нарктуу. Жарыктык кылым
карыткан көсөм киши да, бул кишиден сөз угуу чоң олжо эмеспи, — деп Токтор карыяга ызаат
менен карады. Дасторкон жыйылгандан кийин карыя Токторго карап:
— Бизден бир кыйла кичүү болсо да Ныязбек баатыр азыркылардын көбүнөн улуудур.
Кандай, күүлүү жүрөбү? Уулдары тың чыгып, санаасы тынгылыктуудур, — деди.
— Кудайга шүгүр, баатырдын үрөн-бутагы өсүп, санаасы тынч. Эл ичи байгерчилик. Жатакта
калып, эгин эккендер да арбый баштады. Ошолор элдин кардын тойгузуп жатат, — деди
Токтор аке.
— Токтор аке, Караке да уксун, Ныязбек баатырдын салам дубасын айтып отурбайсызбы, —
деди Медет бий.
— Ныязбек баатыр, бабабыз Тагай бийдин бир бутагы, саяк туугандарга жалпы эсенчилик,
байгерчилик калайт. Курманкожо, Кулжыгач, Чоро урууларынын кут күткөн билерман эл
башылары Качыке, Медет, Кожоберди баатырларга, калк карыткан Караке сыяктуу
карыяларга салам дуба айтып, элге берекелүү тынччылык, үй-бүлөлөрүнө, ага-туугандарына
амандык тилейт. Жана да көңүлүн иренжиткен бир жагдайды силерге билдирип коюуну
өтүндү, — деди Токтор аке.
— Ал кандай жагдай болду экен, баатырдын көңүлүн иренжиткен. Сөзүңдү улап отур, Токтор
баатыр, угалы, — деди көзүн ача-жума каалгый отурган Караке.
Хан Ормон
— Ынтымакка бириктирген да, ынтымакты бузган да сөз тура, карыя. Баары сөздөн
башталып, сөз менен бүтөт тура. Сөздөн чыккан нааразылык. Ныязбек бийдин жакын
туугандарынын бири Айдаке Жумгалдан үйүнө кетип баратып, Кочкордун Караколундагы
Кожобердинин жылкычыларына кайрылат. Кымыз ичип күүлдөп отурган жылкычылар
кунан жарыштырмак болушат. Атыга деген жылкычы кунан жарыштын байгесине акең
сарыбагыштын өзү Айдакени сайдым десе, калгандары каткырып, Айдакени шылдыңдашат.
Ызаланган Айдаке эл чогулган жерде Ныязбек бийге датын айтты. Кымызга кызыган
жылкычынын сөзү суу кечмек беле, ага көңүлүңдү уйпалап беймаза болбо, деп Ныязбек бий
инисин жооткотту эле, отургандар дуулдап алыска кетишти. «Ойлонбой сүйлөнгөн сөз октой
тиет, оттой күйгүзөт. Жылкычынын сөзү жеке Айдакенин эле эмес, эки уруу элдин намысына
тийип турбайбы. Эл оозунда элек жок. Эртең эле сарыбагышты саяк байгеге сайган деген сөз
лакап болуп кетиши ыктымал эмеспи. Ынтымакты ириткен сөз укум-тукумга өтүп, лакап
болуп кетет, деп жаалап кетишти отургандар. Ары калчап, бери калчап отурушуп, ээн оозду
жазалоо өзүлөрүнүн иши. Байыртадан келаткан ата салтты тутуп, саяк-сарыбагышка, атпай
кыргызга кызматы өткөн Эсенгул баатырдын арбагын сыйлашса, саяктын журт башылары
Ныязбек бийдин алдына келишсин деген бүтүмгө келишти. Ушул салам дуба аманат менен
бизди жиберишти, — деди Токтор аке. Сөз токтолуп, үй ичинде тунжуроо өкүм сүрдү. Бир
тынымга каалгып ойлуу отурган Карабек карыя:
— Ойлобой сүйлөсөң онтобой ооруйсуң дечү эле илгеркилер. Алаңгазардын акылсыз сөзү
эки элдин ынтымагын ирите албас, — деп башын ийкей каалгый отурду да, — эл ынтымагы,
Эсенгул баатырдын арбагы деген бар сөз го. Кечөө Чынгыш хандын тукуму канкор Аблай
кыргызга кыргын салганда, саяк Садыр баатыр өлүм алдында: «Канкор Аблайдан өчүмдү
алсын, айткыла ылаачын арыш, кыргый көз, алп мүчөлүү, жайык төш Болоттун уулу
Эсенгулга», деп керээз калтырган экен. Эсенгул баатыр керээзди аткарып, Аблай хандын
жасоосун талкалап, Садыр баатырдын кунуна миң казак келбеди беле. Эл намысы, кыргыз
намысы колго тийбеди беле. Эл ынтымагы, эл намысы корголбосо калмак жергебизден
сүрүлмөк беле. Бөлүнгөндү бөрү жейт, бөлүнсө кыргыз өсмөк беле. Сарыбагыш, саяк бир эле
Тагай бийдин уулдары го. Аш менен акылын кошо ичкен дардаңпоздордун кесепети эл
ынтымагына тийет го, — деп Медет датканы карады.
Сакалын сылай карыянын сөзүн кунт коюп угуп отурган Медет:
— Сөзүңүздө калет жок карыя. Көптү көргөн көсөмдүгүңүз бар. Не деп жооп беребиз Ныязбек
бийдин салам дувасына, — деп Карабек карыяга сала-сал кылды.
— Кеңешип кескен бармак оорубайт дечү эмес беле — кеңешели. Качыкени жана башка
сакалдууларды чакырт. Баары угушсун Ныязбек баатырдын салам дубасын, — деди Карабек
карыя алдындагы аяктан кымыз татып, мурутун жаный оңдонуп отура.
— Түштөнүүгө арналган мал даяр экен. Малга бата жасайсыздарбы, — деп атасын карады
Айтак мырза.
— Адегенде дасторконго бата тилейли, — деди бий. Бата тиленип, отургандар тышка
чыгышты.
Эшик алдынан обочороок карала таар кемселин кайыш кур менен курчанган, кайыш мөкү
жаргак шымчан, малакайын көтөрө кийген кара тору кер мурут кара көз жигит куйругу
табактай ирикти жаңылдырган кыш туума кара күрпөңдү туура тартып турган экен.
— Кана, кыбыланы карат, — деп жарданып тургандардын алдына өткөн Карабек карыя: —
Оо, жараткан Кудай, жалынмак бизден, жалгамак сизден. Айдан аман, жылдан эсен чыгара
көр. Хандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан сактай көр. Береке, бейкутчулук, ырыскы,
байгерчилик бере көр калың кыргыз журтуна, — деп алакан жая, баары бата тиледи.
Батадан кийин үйгө кирип орун алышкан соң, керегеде илинүү турган комузду көргөн Токтор
акенин жолдошу:
— Бий аке, комуздун ээси ким болду экен, чертер бекен, — деп Медет даткага карады.
— А меники, кээде эриккенде кыңгырата коймоюм бар. Көзүң түшкөнүнө караганда өнөрүң
бар го, алып бергилечи конок жигитке, — деди бий. Комуз колуна тийе Токтор акенин
жолдошу эптүү кармап, кулактарын бурай күүгө келтирип, «Саадак кактыны» безелентип
черте баштады. Үй ичи жагымдуу коңур ыргакка бөлөнүп, комуз күүсү эл коргоп жоо
качырган эрдин кайраты, жоого салган ойрону, жолдошунан айрылып күңгүрөп күйгөн
күйүтү, жоо жеңип кайткан кубанычынан кабар бергенсип, бирде ичинен кайрыла сыздап,
бирде шайдооттоно, жоокерчилик замандын мүшкүл машакаты, кайгы-кубанычынан кабар
берип тургансыйт. Үй ичи күүгө муюп каалгыйт. Күү аяктаганда:
Хан Ормон
— Бали уулум, өнөрүң бар экен. Комузуң ойдогуларды айтты белем, бар бол, черте отур, —
деди Караке карыя. «Камбаркан», «Кетбука», «Бекарстан тайчы» күүлөрү чертилип,
отургандардын моокуму канды. Токтор аке, Карыбек карыя ызаатташа кыргыз элинин көөнө
турмушунан калган икаяларды, калмак, кыргыз аралаш жашоого аргасыз болгон кездеги эл
аралык алакалар жөнүндө кызыктуу аңгемелер айтылып, көптөн бери көрүшө элек
боордоштордун чын ыкластуу аңгемелешүүсү жүрүп жатты. Качыке, Кожоберди
аксакалдарга чакырык кетти.
Медет бийдин чоң үйүндө сөз башталганына эт бышымча болуп калды. Төрдө Карыбек
карыя, анын эки жагында көбүнөн жашы улуу Качыке баатыр, Токтор аке жана жашы аларга
чамалаш беш-алты карыя отурат. Үйүнө келгендерге ызаат көрсөтө Медет бий эр жакта
төмөнүрөөк отурат. Сөз кызууда.
— Кылдан кыйкым издеген кеп да. Кымыз үстүндө тең курбу кишилер бирин-бири
шакабалап, күлкү чыгара берет да. Ошол үчүн атайылап элчи жиберип, арадай жерге чарадай
жыйын курдурган Ныязбек баатырга жол болсун. Алды-арты кенен айкөлдүгүнөн «Ат
качырбас боз айгыр» атанган агабызга бул иш коошпой турат го, — деп Токтор акеге көз
кырын жиберди, Медет бийге катар отурган тепчиме ак топучан, бозомук пиязы кемселине
кемер курчанган көн[*] маасычан, малдаш уруна отурган, жайкалган кара сакалын, мурутун
билинер билинбес ак аралаган кызыл чырай, кырдач мурун, кабагы жазы сурмасыз кой көзү
акылдуу тиктеген салабаттуу киши. Токтор аке жооп кайтарганча, четтерээк отурган келте
мурун эрди түйрүк жулма сакал, таар кемсел көрпө малакайчан чечек чаар киши озуна:
— Сарыбагыштар чабуулга шылтоо издеп калышкан го. Үчүке, Түлкү тукуму качан болбосун
өкүмдүгүн коюшпайт, — деп сөзүн бүтө электе анын катарындагы москоолунан келген
жүлжүгүй көсөө киши:
— Саяктар эле жерде калган бекен, биз да бир уруу элбиз. Намысыбыз колдон түшө элек.
Чабуулга... — деп сөзүн бүтө албай шилекейине чакап токтой калганда Качыке баатыр:
— Сөздүн төркүнүн туйбай эле чарылдай бересиңерби, саяк, сарыбагыш экөө тең Тагай
бийдин балдары. Кеп кемпайдын сөзүнөн улам ошол эки бир тууган бири-бирин байгеге
сайыптыр деген сөз эл ичинде айтылып лакап болуп кетеби деген жүйөөдө болуп атпайбы,
— деп сөздү оң нукка салууга аракеттенди.
— Кек кууган балаага, из кууган талаага дегендей, Ныязбек баатыр ала күү жылкычынын
сөзүн кек тутпаса абзел болор эле, эстүү киши, — деди жылкычынын кожоюну Кожоберди.
— Көсөм киши эмеспи, Ныязбек бий Айдаке даттанган жыйында: «ала күү болуп отурган
жылкычынын сөзү суу кечеби, ага көңүлүңдү кирдетпей эле кой» деп инисин жубатмак болду
эле, отургандар: «бул сөз лакап болуп муундан муунга өтүп кетиши ыктымал. Ээн оозду
айыпка жыгып, жазалаш керек», — деп жаалап кетишти. Сакалдуулар да ушуга муюшкан соң
Ныязбек бий алардын сөзүнө кулак төшөөгө мажбур болду. Ары калчап, бери калчап
отурушуп, «бекер оозду ак сакалдар өзүлөрү жазаласын. Эл-журттун ынтымагына данакер
болучу журт аталарына салам дуба жолдойлу деген бүтүмгө келишти. Түбү барып эле сөз эл
ынтымагын сактайлы дегенге такалды, — деп сөзүн аяктап, төрдөгү ак сакалдарды карады
Токтор аке.
— Баатыр, жылкычыңыз эмне дейт, деги акыл-парасаты ордунда немеби, — деп
Кожобердини карады Качыке.
— Тигине отурбайбы, курсагы тойсо Кудайды унуткан көөпай. Өзү айтсын, — деп колун
жаңсады Кожоберди.
Карала таар кемселин кайыш кур менен кымтый курчанган, кырбуусу тайкы тебетейин баса
кийген, келте мурун, ээрди түйрүк жүлжүгүй көз, кызылдуу бети кара көк тартып, мурдунун
учу кызарган, сакал, муруту сейрек, жашы кырктан өтүп калган москоол Атыга ордунан копол
козголуп:
— Баатыр биз эметип эле... ошо эметип кымыз... — деп шилекейин жута сөзүн улай албай
кекечтенди.
— Ой, эметкениңди эмес, байгеге киши сайган сөөлөтүңдү айтпайсыңбы, — деп сөзгө
кошулду капшытта отурган сакалдуулардын бири.
— Аа аа, байге... ошо кымыз ичип эметип отурганда Айдаке. . . — деп оюн айта албай ымшый
берди.
— Ой, сен Айдакени байгеге сайганың чынбы?
— Ооба, — деп оңдонуп отурду туюктан чыккандай жеңилдене түшкөн Атыга, жеңи менен
бетин аарчып.
Хан Ормон
— Омуран кал, наадан, эмне, дүнүйөң түгөл болуп, өрүшүңө мал батпай, байманаң ташып
турабы? Эми ошол малыңды түптүгөл айыпка төлөйсүң, — деди Качыке мүйүз чакчасын
сууруп насвай тарта.
— Кеп мунун айыпка төлөөчү малында эмес. Кеп калың журттун ынтымагында турат го.
Кечөө эле Эсенгул, Белек баатырлар кара калмакты жерден сүрүп чыгарган эле. Мына бүгүн
кылычын кайрап кытай турат. Ат тезегин кургатпай шаштырып Кокон турат. Омбудан орус
келет дешет. Жоо жакадан, бөрү этектен алуучудай болуп турган коогалаңдуу күндөрдө эл
ынтымагы керек. Кожоберди, Медет, Качыке болуп кеңешип, Ныязбек баатырдын алдынан
өтүп койгула. Эсенгул баатырдын арбагы тирүү турбайбы. Сарыбагыш эле эмес атпай
кыргыздын намысын коргочу эмес беле, — деди Карабек аксакал сөзүн бүтүрө: «Аллоху
Акбар», — деп алакан жайды, отургандар жапырт бата тилеп карыянын бүтүмүн
кабылдашты.
Тогуз тартуу менен кечөө кечинде Ныязбек бийдикине келип түшкөн саяк бийлери Качыке,
Медет, Кожобердилер атайын көтөрүлгөн өргөдө түндүгүнө кысыр эмди тай союлуп, сыйлуу
конок болушкан. Кадырлуу бийлер бүгүн Ниязбек бийдин чоң үйүндө. Он эки канат, жүз
баштуу, жасалгалуу үйдүн алдына жыш эки кабат ала кийиздер салынып, эки капшытынан
төрдү айланта кара көлдөлөңдөр төшөлгөн. Аш үйү бөлөк болгондуктан чыгдан тартылбай,
босогого улай күмүш ачалуу ала бакандар коноктордун тыш кийимин илүү үчүн коюлган.
Эпчи капшытка ногой меш орнотулган.
Төрдө аюу талпак үстүндө баарынан жашы улуу, сексенди таяп калса да турпатынан эр туушу
кайта элек, бүкүшүрөөк келген кең далылуу, балбан моюн, тегерек келген тарам кызыл
жүздүү, агарган коюу каштары жапкан терең кабак алдындагы коймолжун көздөрү ойлуу,
сыпаа серпилген чокчо ак сакалы турпатына жарашкан Качыке бий отурат. Башында тепчиме
ак болотнай топу, боз нооту кемселине ак мата курун шалкы курчанган, багелектери малдаш
урунган көн маасынын кончуна кийрилген. Анын катарында тулкусу кагелес, дөңсөөлөнгөн
куш мурундуу, чап жаак, тарам кызыл жүздүү, кабагы бийик, сурмасыз сургулт көздөрүн акыл
уялаган, ак аралай баштаган сакал-муруту сыпаа серпилген, жашы алтымыштан аша берген
салабаттуу Медет бий отурат. Башында шырылган кара баркут топу, кара баркут көбөлөнгөн
ий майда ак пиязы кемселчен, күмүш кемерин бир аз бошото, кемселине өңдөш шымынын
багалектери маасы кончуна камтылган, малдаш уруна эркин отурат. Сол жагында калкагай
мурут, бүркүт кабак, жазы маңдай, коңко мурун, алагар көзүнөн кайрат учкуну жанган,
баатыр атанган Кожоберди. Конокторунан төмөнүрөөк үй ээси Ныязбек бий орун алган.
Бийдин жашы жетимиштен ашса да, субагай кызылдуу жүзүнө бырыш кире элек. Жаңыдан
ак аралай баштаган кара сакалы төшүн жаба жайкалып, муруту сыйда серпилген, кырдач
мурун, кашы коюу, кабагы бийик, оттуу коймолжун көздөрү жайдарылана, конокторуна
ызаат көрсөтүп сыпаа отурат. Алардан ылдый жаш курактарына жараша орун алган айыл
аксакалдары, кадырлуу адамдар орун алышкан. Кадырлуу бийлердин тартуу менен
келишине себеп болгон Атыга менен Айдакенин өгөй-татай сөз жаңжалы ортого салынып,
жүйөөлөшүү соңуна чыгып, көптөн бери көрүшө элек курбалдаш кишилер көңүл жубата
баарлашууга өтүшкөн.
— Көптөн бери көрүшө албай жүрдүк эле, оозуна алы жетпеген сөөдүрөктүн сөзү
дидарлашуубузга себеп болду. Кайриет, көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса
кетет дегендей, баарлашуу дилди тазартып куунатат экен да адамды. Тирүүлүктө кишилер
бири бирине тартуучу кымбат тартуу мына ушу эмеспи. Кечөөтөн бери байып отурам. Өлсөк
эки кез жер ээлейт экенбиз. Ааламды титиреткен Искендер Зулкарнайн да куру кол өткөн
экен бул дүнүйөдөн, — деп Ныязбек бий жылуу чырай менен конокторуна карады.
— Бар сөз го, биз да жетине албай турабыз. Эми бий ошол Искендер Зулкарнайндын
осуяттары жөнүндө кеп уруп берсеңиз, — кончунан күмүш чегелеген мүйүз чакчасын алып,
насывай ата үй ээсинен өтүндү Медет бий.
— Ал узун сабак кеп. Мынча өтүнүп калдыңыз, учкай аңгемелеп көрөйүн, — деп Ниязбек бий
малдашын түзөй оңдонуп отуруп, сөз улады. — Алланын амири менен азирети Искендер
Зулкарнайн он жети жашында такка отуруп, Урум, Кырымды бүт каратып, Сыр-Дарыя, АмуДарыя чөлкөмүн басып өтүп, Арабия жерлерин, Ындыны каратып, ааламга падыша болот.
Искендер падыша Ындыны каратып алгандан кийин элине кайтып келатса, жолдо катуу
ноокастап, айыкпасына көзү жеткен соң, овозкерлерине «Мен өлөмүн, силерге, эл-журтума,
Хан Ормон
аскерлериме ыраазымын. Сөөгүмдү өз жериме алып барып койгула. Бузулбай жетсин үчүн
боюма ченеп арчадан табыт жасаткыла да, ичине бал куюп, денемди балга чылап, үстүн бекем
жаап койгула. Энем мага ыраазылык берип ак сүтүнөн кечсин. Тагдыр ушул экен — капа
болуп жанын кейитпесин. Менин кара ашыма көп тамак жасап, ата-энеси, бир тууганы,
баласы өлбөгөн, башы бүтүн, боору эсен кишилерге берсин. Баса, мени табытка салып
көрүстөнгө алып жөнөгөндө оң колум табыттан чыга, алаканым ачылып калат. Качан колум
табытка кайра түшмөйүн шаардын көчөлөрүн кыдыртып алып жүрө бергиле. Колум табытка
кайра түшкөндө көргө койгула, деген экен. Падышанын айтканындай иштеп бай тактыга
жеткиришет. Бардык жөрөлгөлөрүн жасап көрүстөнгө алып жөнөөрдө падышанын оң колу
табыттан чыгып алаканы ачылып калат. Айран таң калган калайык табытты шаардын
көчөлөрүн аралатып алып жөнөйт. Табытты ээрчип, эл көчөмө-көчө табытты ээрчип,
кыдырып жүрө берет. Күн кечтегенче кыдырып жүрүшсө да, кол кайра табытка түшпөйт.
Кыдыруу улана берет. Бир маалда четтеги көчөлөрдүн биринде жарданып падыша табытын
узатып тургандардын ичинен бир карыя:
— Батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү бүт каратып, ааламга падыша болдуң эле,
ааламдын алтын-күмүш, дүр-дүнүйөсү колуңда эле. О, Искендер падыша, сен да бул
жалгандан куру алакан кетип баратасыңбы? — деп үн салганда кол кайра тартылып табытка
түшөт да, эл Искендер падышаны жайына тапшырышат, — деп Ныязбек бий тамагын жасап,
сөзүн улаарда:
— Бали, акылын кара көсөм падышанын, энесине, элине калтырган осуяттарынын
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 03
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.