Latin

Хан Ормон - 25

Total number of words is 3930
Total number of unique words is 2095
28.9 of words are in the 2000 most common words
43.0 of words are in the 5000 most common words
50.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Аллаяр таксыр ханымыз: «Кайра Коконго кайткыла» деп жарлык жибериптир. — Бул
күтүүсүз келген кабарга кубанганын билдирбөө аракетинде олтургандарга суз көз жиберди
Мусулманкул. Баарынын жүзүнөн эртеңки күтүп турган кандуу кармаштан кутулганына
ыраазылык туйду да: — Ордо алдында, Аллаяр таксыр ханымыздын алдында, эртеңки
салгылашууга азирланип турганыңарды билемин. Кантебиз, кан жарлыгын аткаруу керек.
Азыр кошуунду кыдырып, эртеңки кайра жүрүшкө даярдангыла, — деди Мусулманкул
аталык.
Ибрагим бек аскер башы, миң башылар, паңсаттар кубанычтарын ичке ката чыга жөнөштү.
Мусулманкул чатырда жалгыз... «Хандын шашылыш чакырган жарлыгы Бухаранын кол
салуусу ыктымал болуп тургандыктан экен. Аны көрө жатарбыз. Мына бу аркалыктардын
жаалы катуу экен. «Атайы келип жоого алы жетпей кайтты» деген жаманаттыдан көрө, хан
жарлыгы менен кайтканым абзел. Бирок Арка биротоло колдон чыгып кеттиби? Кудаяр
ханды такка олтургузуп, Фаргана, Аксы, Анжыян, Арка, Алайды камтып, келечекте Хива,
Бухараны да бириктирген Түркстан хандыгын түзүү жөнүндөгү оюм таш каптыбы?.. Бухара
менен согуш болсо кандай бүтөр экен?» — деген ойлорго алектене чала уйку болгон аталык
эртең мененки намазга оурду. Таң саарынан ойгонгон Кокон колу кубана дүрбөп, үйлөрүнө
кайтууга азирленип жатышты.
Күндүн муруту чачырай Ормон хандын дөңдөгү чатырына бийлер, кол башылар чогулушту.
Ормон хан ойлуу отурат. Бийлер, кол башылар жаш курагына жараша орун алышкан.
— Кокондуктардын чамасы кетип калды көрүнөт. Биздин азаматтар алардын азабын колуна
берди? — деп Ормонду карады Жантай бий.
— Чыны менен алардын эси кетип калды көрүнөт. Бир-эки күндө Кудай кааласа
Кенесарынын кейпин кийишет. Биз тараптан шейит кеткендерди, жарадарларды
айылдарына кайтардык. Жоокерлер демдүү, — деди Төрөгелди баатыр.
— Мурда айттым эле. Олжого түшкөн аттарды каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө үлөштүрүп
бергиле, жарадарларды да унутпагыла, — деди Ормон хан.
— Таксыр, айтканыңыздай болду. Кечээ да көп ат, курал-жарактар олжолонду. Кокондуктар
алсырап турганда чабуул койсок жакшы болор эле, — деди Манде баатыр, туулгасынын
чекесин көтөрө оңдонуп олтуруп.
— Мен да ошондой ойдомун, — деди Төрөгелди мурутун сылап компоё.
— Боюна ишенип турган жигиттердин демин суутпайлы, таксыр. Чабуулга өтүшсө мейли
дебейсизби, — деди Жантай бий.
— Эмне, бу силердин Коконду бүтүн каратып алалы деген оюңар бар го? Ал колдон келбейт,
бекерге эрлердин өмүрүн кыя албаймын. Биз чабуулчу эмес, коломтосун коргогон, атажуртун кайтарган элбиз дебедимби. Чабуулду чабуулчулар коюшат. Андан көрө алардын
чабуулун тосконго кам көрөлү, — деп Ормон хан сөзүн бүтө электе, эшиктен кирген сакчы:
— Кокондуктар жактан артка чаң булай баштады, — деди да, кайра чыкты.
— Кокондуктар качкан экен. Артынан түшөлү, — деди шердене түшкөн Төрөгелди. Ормон
хан үндөбөй ордунан тура бийлерди ээрчите сыртка чыкты. Дүрбүнү өйүзгө карата сереп
салып бир аз тургандан кийин:
— Артка кетип баратышат. Кокондуктар чын эле кетип баратышабы, же башка бир амал
ойлоп турушабы? — деп дүрбүнү Төрөгелдиге берди Ормон хан.
— Жок, бул түрлөрү менен кайрылбайт, качып баратышат, — деди дүрбүнү оңду-солду салып
турган Төрөгелди.
Хан Ормон
Төрөгелдиден дүрбүнү алып, өйүздү серептеген Жангарач бий:
— Катуу жүрүп баратышат. Чын эле качкан түрү бар. Кыргыздарга алы жетпесин түшүнгөн
го Мусулманкул, — деди.
— Ордонун тизгинин чойгон Мусулманкул эрен оңой менен качпайт эле. Мында бир мандем
бар. Бизди алаксытып, башка жактан айланып өткүсү бардыр. Эки жакка кайгуул жибергиле.
Сак бололу, же балким, ордого Букаранын кол салары маалим болуп, хан кайра
чакырткандыр. Түшкө чейин агылгалап тургула. Биз да аттанып, ошол өйүзгө чыгып көрөлү,
— деди Ормон хан.
Аттар тартылып, хан тобу өйүзгө бет алды.
Чак түш. Хан тобу туу алдында.
— Эки тарапка, башы тоо этектерине, аягы Ашмаранын куймасына чейин кайгуулдаган
жоокерлер келишти. Кокондуктар кайрылбай кетиптир, — деди Төрөгелди.
— «Сарт үйүн көргөндө чабат» дегендей, үйлөрүнө караганда Кокондуктар катуу кеткен экен
да. Неси болсо да жүрөктөрүнүн үшү кетип калды. Биздин жоокерлер аларга кыргыз бөрү
тилинин учун таанытты, — деди Жантай бий иши үстөм чыккан кишиче жагалдана.
— Иншалла, кыргыздардын өз алдынча эл экенин Кокон да мойнуна алганы ушул,—деди
Жангарач бий.
Ханды курчап тургандардын баарынын көңүлү шагдан.
— Жоокерлерге рахмат айттык. Силерге да рахмат, урматтуу бийлер, кол башылар. Күч
биримдикте экенине экинчи мертебе күбө болдук. Биримдикти сактайлы. Арабыз алыс,
чачкынбыз. Ордолуу кокондуктардай күндөлүк ишти көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк жок.
Мына эми тарайбыз, ар кимиңер өз алдыңарчасыңар, бирок тилек-максатыбыз бир. Элдин
биримдиги, бүтүндүгү үчүн берген антыбызга түз бололу. Элди жерге илээштирип, там
салдырып, кыштоолорду ылдыйлатып, жамаат жашоого өткөн кез да келээр. Эл токчулукта
бейгам турган учурду да көрөрбүз. Элдин убал-сообу мойнубузда. Аны аткаруу үчүн
биримдик керек. Эки тоонун отун эңсеген текедей болбогула. Биздин караан көрүнбөй
калганда оруска кол булгап, Коконго көз кысып, абийир, аброй издөөчүлөр болуп калышы да
ыктымал. Мындан сак бололу. Көзүмө чалдыгып калса эл биримдиги, кыргыз хандыгынын
бүтүндүгүнө шек келтиргендердин аягын асманга чыгарамын. Бул «эсиң барда этегиңди
жап» деген сөз. Эми кол башылар жоокерлерге барып мал союп, түлөө өткөрүп, рахмат айтып,
ирети менен айылдарына тараткыла. Биз аттаналы, — деп бийлерди карады Ормон хан.
— Аттаналы, тарткыла таксырдын атын, — деди Жантай бий.
Ормон хан, Жантай, Жангарач, Дуулат, Ажыбек, Саке бийлер чогуу аттанышып, чыгышка бет
ала жөнөштү. Бүгүн Жангарач бийдин айылында конок болуп, эртең ханды Көлгө узатышат.
Төрөгелди баш болгон колбашылар жоокерлерге барып, түлөө өткөрүп таратуу үчүн
кетишти.
ӨЗӨКТӨГҮ МҮДӨӨЛӨР
Тогуздун айынын аягы. Дың сууп калган кез. Чыгыш тоо кыркаларынан жаркыган таң
жарыгы асман мейкинине төгүлүп, сейрек ак булуттар агыш нурга бөлөнө каалгыйт. Күздөө
конушта олтурган калың айыл ойгонуп, тиричилик камы башталды. Кээ бир үйлөрдөн түтүн
булайт.
Акмөөрдүн өргөөсүндө түнөгөн Жантай бий таң намазында турат. Ак пиязы жайнамаздын
үстүндө ак кемсел, ак топучан, жазы маңдай, кабагы бийик, чап жаак, субагай жүздүү, кыр
мурун, ээк ылдый учтана куюлушкан кара сакалы, сыйда муруту сыпаа серпиле, фатиха
сүрөөсүн кыраат менен окуп отурган эр ортону кишинин сыпаты артып турду. Эпчи жакты
иреттеп жүргөн Акмөөр жалт бурула бир тынымга эри тарапка көз жиберип турду да, ичинен
тына ишин улады.
Намаз парзын өтөгөн бий төрдөгү аюу талпактын үстүнөн жай алды. Орто бойлуу, кымча бел,
күмүш бүчүлүктүү тик жака, кара макмал кемселчен, көк тасмалуу чакан элечектин кырынан
ак маңдайы жаркыган, кара каштары ийиле моймолжуган сурмалуу көздөрүнөн акыл
сезилген жана субагай ак жүзүнө кырдач муруну, эптүү кымтылган кызгылт эриндери төп
келген жаш жубайдын турпаты, илбериңки кыймылы бийдин эр туюмун козгоп, махабат
ышкысы артып турду.
Мөөр дасторкон жая даам коюп, шуулдай кайнаган ак самоорду жез падноско койгон келин
чыгып кетти. Акмөөрдүн өргөөсүндө жигит-жалаң кызмат иштешин бий жактырчу эмес.
Казан-аяк кармаган келин-кесек да бийдин көзүнө чалдыкпоого аракеттенишчү. Бий чайды
Мөөрдүн өз колунан ичүүнү каалар эле. Дасторкондун эпчи жаккы четинде отурган Акмөөр
бөйрөктүү ак чайнектен пиялага чай куюп, бийге сунду. Чыныны алып бир ууртап, бий
ичинен тагдырына ыраазы боло бир тынымга үнсүз олтурду.
— Баатыр, санааңыз тынч эмес го, түнкүсүн оодарылып чыкчу болдуңуз, — деди Мөөр
жагымдуу үнү шыңгыр кагып, негедир көңүлсүз олтурган Жантайды жалжал карай.
— Аа, ошондой, ар нерсе, эл камы ойдон кетпейт, — деди жаш жубайынын сезимтал
баамчылдыгына ыраазы болгон бий.
— Ошондой беле? Мен сизди бул үйгө эки түнөп калганыңыздан улам, чоң үйдөгүлөрдөн
санаасы тынбай турат го дегенимчи, — деп жылмая бийге эреркей карады Мөөр.
— Аай, Мөөржан ай, жокту айтпачы. Эмнеден чочуйт элем. Болбогон ишти айтасың, — деп
борс-борс күлдү бий.
Аңгыча ит үрүп, ат дүбүртү угула, Мөөр ордунан козголгондо:
— Отура бер, ким болсо да жигиттер тосуп алып киргизээр, — деди Жантай бий.
Аңгыча эшик ачылып, үйгө Калыгул чечен кирди.
— Ассалому алейкум.
Мөөр ызаат кыла ордунан туруп, анын отурушун күттү.
— Аалейкума салам. Кел, баатыр, — деп ордунан козголо жанынан орун жаңсай, сөз улады үй
ээси. — Кандай, ат-көлүгүң аман, арыбай келдиңби? Олжолуу кайттыңбы, мурдагы күнү эле
келди деп уктук эле, мына келет, ана келет деп күтүп олтурабыз.
— Алыс жер, «жол азабы, көр азабы» дегендей, кыйналып калыптырмын. Боюмду жыяйын
дедим, — деди Калыгул, Мөөр ызаат менен сунган чайды алып, алдына коё.
— Пейлиң ак, мына, эртең мененки даамдын үстүнөн чыктың. Кеп сала олтур. «Барган жериң
бактыбы, көңүлүңө жактыбы24 дегендей, орус жарым падышасы Горчок* кабыл алдыбы
биздин белекти? — деп ынтызарлана сурады Жантай бий.
— Жарым падыша өзү да, чек ара башчысы жандыралы да түзүк кишилер экен. Өзүлөрүнүн
алы келбеген душманын малчы кара кыргыздардын талкалаганына айран таң болушту, —
деп Калыгул бир аз сөзүн бөлө калганда:
— Айта бер, кысынбай айта бер. Мөөркан эр сөзүн жактырат. Мага санаалаш, — деп жылмая
Акмөөрдү карады бий.
— Кенесарынын башы чайыр каптаган бойдон бузулбай жетти. Жарым падыша аныгын
билүү үчүн Кенесарынын тирүү кезинде тааныган орус төрөлөрүн, казак билермандарын,
султандарын жыйып, чогуу көрдү да: «Баш Кенесарыныкы экени анык» деп кагаз чийишип,
ак падышага мылтыкчан он-чакты аскердин кайтарыгында чоң төрөлөрдүн бири кошулуп,
Битирборго алып кетти.
Хан Ормон
Мени «эми кете бериңиз, Битирбордон25 ак падышанын жарлыгы келгенде болгон
сыйлыктарды силерге жиберебиз», деди эле, мен: «Ушунча алыс жерден хандын башын алып
келип, эми куру кол кете албайм. Жооп келгиче күтөйүн», дедим. Төрөлөр менин айтканымды
жөн көрүшүп, конок үйдөн жай алган бойдон сыйлап, шаарды көргөзүшүп, алаксытып
турушту. Шаар четиндеги казак айылдарында да болдум. Эки айдын жүзү болгондо жарым
падыша алдына чакырышты. Анын алдында Сибирь чек ара башы жандырал да тилмечи
менен туруптур. Жарым падыша биздин саламга баш ийкеп, орун жаңсай жандыралга орусча
бир нече сөз айтты. Ал кагазын алып ордунан турду да, падыша жарлыгын угуза окуду:
«Улуу Империянын падышасынын атынан козголоңчу султан Кенесарыны жеңген жапайы
таш кыргыздарынын жоокерлерине рахмат айтылат! Салгылашууда кол баштап, жеңишти
камсыз кылганы үчүн Ормон Ныязбек уулу алтын медаль менен сыйланат. Өзгөчө урмат
катарында ага алтын ноколуу чепкен тартууланат». Сизге, мага, Калчага, Токторго, Аюукеге
жана башка баатырларга алтын медаль сыйлык берилерин билдирди, — деп Калыгул сөзүн
бүткөндө:
— Ормонго өзгөчө сыйлык берилгени кандай? — деп Калыгулга суроолуу карады Жантай
бий.
— Ормонду Кенесарыга каршы жамы кыргыз колун башкарган жаангер деп эсептешсе керек,
— деди Калыгул жанындагы калтадан сыйлыктарды чыгарып, бийдин алдына коё.
Акмөөрдүн көзүнчө Ормонду өзүнөн жогору койгондугу айтылганына ызалана түшкөн бий:
— «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» дегендей, кыл чайнап, жанды оозго тиштеп,
кылычташа жоо жеңген биз элек. Ормон эмне кылып коюптур. Дөңгө олтуруп алып тооташты чаңдатып, талаага опсуз от жактырганы эле болбосо, — деп обдула оңдонуп отура
астыртан жылмая ылдый карап, унчукпай олтурган Акмөөргө көз жиберди.
— Кудай акы, калыстыкты айтуу керек, Ормон хандын кыраакы айлакерлиги болбогондо
Кенесарынын түмөндөгөн колун жеңүү кыйын эле го, — деди Калыгул.
— Мына эмесе, баракелде! Сен жарым падышанын алдында Ормонду хан деп мактап, ага
өзгөчө сыйлык алып келген турбайсыңбы! — деп чарт жарылды бий.
— Менден эч ким сурабады ал жөнүндө. Сураса айтат элем, — деди Калыгул сабырлуу, токтоо
калыбын жазбай, көк тасмага тагылган алтын медалды Жантай бийдин алдына коё.
— Баатыр, Сизге да алтын чен берген тура, алып көрбөйсүзбү, — деп санаасын тындыруу
аракетинде аяр жылмая эрин карады Мөөр.
«Баатыр» деген сөз көрөр көз жубайынын оозунан чыкканына көңүлү жайлана түшкөн бий:
— Кана, кантсе да падышанын сыйы эмеспи. «Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес»
деген, — деп медалды алып, көзүнө тийгизип, эки жагын айландыра карап көрдү да, нукура
алтын экен, таберик. Сен да көргүң келип турабы? Сенде болсун, ме, — деп Мөөргө узатты.
— Буларды өзүңүз бересиз го ээлерине, — деп дагы үч медалды бийдин алдына койду
Калыгул.
— Албетте эртең түлөө кылып, баарын үйгө чакырып, өзүм беремин жандарынан кечип,
кырчылдаша салгылашкан эрендерге, — деп бир аз унчукпай турду да: — Баса, менин
аманатымды аткардыңбы, жарым падышага өзүмчө жиберген катымды бердиңби — ал эмне
деди? — деп ынтаа коё Калыгулга суроо узатты бий.
— Албетте Сиздин катты өзүнчө бердим. Окуп көрүп: «Эмне, силердин эки ханыңар барбы?»
деди. «Жок, Жантай бий, илгери силердин падыша Энеңерге тартуулап, кымбат аң терилерин,
элчи жиберген Атаке бийдин небереси катары өзүнчө салам жиберди» дедим. Галим
которгондон кийин ал күлүп, орусчалап жандыралга бирдемелерди айтты. Тилмеч:
«Козголоңчу султан Кенесарынын хандыгынан араң кутулуп олтурсак, башка хандыктан
Кудай сактасын. Хандарга муктаж эмеспиз» деп тамашалап жатат, — деди.
Көзүн ачып-жуумп, башын ийкей угуп олтурган бий:
— Аа, ушундай де. Менин салам-дубамдын түпкү мааниси жеткен эмес экен да жарым
падышанын көөнөйүнө. Сен да, Калыке, жеткизе алган эмес экенсиң, — деди.
— Ээ, жарыктык, мен орусча билбесем, айтарын айтып бердим, тилмеч эмне деп которгонун
бир Кудай өзү билет.
— Аа, болуптур, жарым падышага дагы салам-дуба жиберебиз. Өз жемибизди кимдин
алдынан болсо да айрып алуу үчүн Кудай таала акыл берген, — деп чайга ыраазылыгын
билгизе чынынын үстүн жаңсай: — Мөөржан, кымыздын гүлүнөн келтирт Калыгул
Хан Ормон
экөөбүзгө. Козу сойдур, Калыгул чеченди түштөнтөлү. Магзум молдону да чакыртып кой, —
деп күлөбага жайдарыланды.
Бата тиленип, дасторкон жыйыла бий Омбу жайын такыктап сурап, аңгеме уланып жатты.
Түштөнүү тамагына бата тиленип, алтын чен алгандар ыраазы боло тарай баштаганда:
— Ээ Калыке, сен шашылба, кеңеше турган кеп бар. Айтпадымбы, менин салам дубамдын
мааниси жарым падышанын жадына түшпөптүр деп. Эми Кенесарынын талкаланышы
жөнүндө толук жазып, жарым падышага дагы кат жиберемин, — деди бий.
— Албетте эрк өзүңүздө. Бир гана оңтойсуз жагы — баш кошуп турган биримдигибизге доо
кетип калбаса болду. Жердин түбү экен Омбу дегениң. Жанды оозго тиштеп жүрүп араң
келдим, — деди Калыгул, өзүнүн экинчи ал жакка бара албай турганын туйгуза.
— Тугры геп. Омский шаары жуда алыс экени ак, — деп сөзгө аралашты Магзум молдо.
— Ал жактын жайын билген, жолду да билген киши бар. Ал жагы камсыз, — деп сакалын
сылай, оюн жыйнаган таризде бир тынымга үнсүз өзүнө кеңешкенсиди бий.
— Бий, сиздин жазуучу катыңызга менден не жардам. Мен кетейин, атка жанчылып
калганмынбы, жазыла албай турам. Аманатыңызды тапшыргамын, — деп ордунан турду
Жантай бийдин өз сыйлыгына кам көрүп турганын кыртышы сүйбөгөн Калыгул.
— Оозунда сөзү бар, сенден кеңеш болот экен десе, мейлиң эми, — деди ичинен нааразы
болгон Жантай.
Калыгул чыгып кеткенден кийин:
— Магзум дамбылда, кагаз-калемиңизди даярдаңыз, буюрса, — деп оңдонуп олтурду бий.
— Ляппай, бий аке. Мен хазыр дурмун, — деп китеп кабынан кагаз-калем алып, калың
мукабага такап, бийди карады Магзум молдо.
— Жазыңыз. «Урматтуу төрө, жандырал-губернаторго!26 Өткөн августта татар Галим Ягудин
улуу урматтуу Сизден козголоңчу султан Кенесарыны жок кылганга байланыштуу бизге
сыйлык берилерин кабарлаган эле. Биздин бир тууганыбыз Калыгул барганда сыйлык
тизмесинде менин ысмым жок экен. Бирок сиз башчылардан талап кылып, мага алтын
медаль берип жиберипсиз. Ага мен ыраазымын. Бирок биздин эмгек жана чыгымдарыбыз
арбын эле. Өткөн жылы 7000 жоокер менен козголоңчу Кенесары биздин элди каптап
киргенде менин туугандарым кармашкан аны менен. Көбү курман болгон. Ошентсе да
Кенесарынын колуна сокку уруп, аны качууга аргасыз кылганбыз.
Быйыл, 1847- жылы жазда дагы сандаган жоокерлери менен басып кирди. Биз каршы чыгып
салгылашып, кыргын салдык. Үч күн курчоого алып, айласын түгөтүп, кысып турдук. Бул
убакта Ормон баатыр жок эле. Султан, Үрүстөм, Супатай бийлер өз аскерлери менен
Кенесарыны таштап чыгып кетишти да, бизге Кенесарыны өзүбүз талкалоого туура келди.
Бир тууганыбыз Ормон аны көрбөдү. Адилетте ал артта калган эле. Кенесарыны менин
кишим Калча колго түшүрүп, биринчи мага билдирди. Кенесары алтымыш төөгө жүктөлгөн
мүлк сунуштап, өзүн бошотууну өтүндү. Биз дүнүйөгө кызыкпай, элдин тынчын алган
козголоңчуну өлүмгө жазаладык. Бир тууганыбыз Калыгулга Кенесарынын башын берип, кат
жазып, мөөрүбүздү басып жөнөттүк. Султан, Үрүстөм, Супатай бийлер Сизге кабарлоого
тийиш эле. Кабарладыбы, же жокпу бизге белгисиз. Эгер, урматтуу төрө князь, Сизге эп келсе
мен, Султан, Үрүстөм, Супатай бий бирден уулдарыбыз менен алдыңызга барууга куштарбыз.
Эгерде ырайым этип барууга мүмкүн болсо, бизди татар Галим Ягудиңдин коштоп жүрүүсүн
сурайбыз.
Күбөлөндүрүп, мөөрүмдү басамын.
Манап Жантай Карабек уулу. 1847-жыл, 15-октябрь»
Кат кайра бир сыйра окулуп бүткөндөн кийин колуна алып, дыкат бүктөп, жан чөнтөгүнө
салды да:
— Магзум дамбылда, рахмат. Бирок бул кат жөнүндө оозуңуздан сөз чыкпасын, — деп
Жантай бий ар ким менен көп сүйлөшө турган дамбылдага салкын эскертти.
Күз кечтеп калса да, Боронбай бий ысык үйүнө кире элек. Кызыл-Жардагы алма бактын
алдындагы түзөңдө бийдин он эки канат ак үйү алыстан көзгө урунат.
Кечээ кечинде келип түшкөн Жантай бийдин бир тууган иниси Молтой Боронбайдын
уулунун үйүндө түнөп, эртең мененки чайга чоң үйгө чакырылды. Төрдө бий, оолагыраак оң
жагында Файзулла Ногаев, сол жагында Молтой даам сыза отурушат.
Күтүүсүз келген коноктун өзгөчө кабары бар экенин туя, ичинен тынып олтурду бий. Үчүке,
Түлкү балдарынын жалпы ынтымагы бүтүн эле. Ормондун хан көтөрүлүшүнө демилгечи,
Хан Ормон
Кенесары колунун алдын кайтара салгылашкан кол башчылардын бири, Атаке
сарбагышынын чыгааны Жантай бийдин өзүнө салам жиберишинин себебин, ойку-кайкы
иштердин түйүнүн алдын-ала туя билген бий:
— Молтой мырза, эл-журтуң аманбы? Кеп сала олтур, — деп сөз учугун коногуна таштады.
— Казактардын калабасы басылгандан бери эл ичи тынч, ар ким өз оокатынын камында. Мал
жайлоодон жондуу түштү. Азыноолак эгин-чөп жыйналып, эл кыштоого кирүүнүн камында
турат, — деп Молтой чайдан ууртап, бийдин катарында отурган Файзулла Ногаевге көз
кырын жибере сөзүн улады: — Бий акем сизге салам дуба айттырды эле.
— Салам дубанын жайын шашпай угарбыз. Кенесарынын башын Омбуга жиберишиптир деп
уктук эле. Ошол ыраспы? — деди бий билмексен болуп. '
— Ал ырас, Калыгул чечен алып кеткен. Жеткирип кайра келди. Келгенине бир жумача болуп
калды, — деди Молтой.
— Калыгул эрдик кылган экен. Жердин түбүнө жетип келген тура. Жарым падыша сыйлык
жибергендир, — деди Жантай бийдин салам дубасынын төркүнү ушунда экенин туйган
Боронбай бий.
— Ооба, бийге, Калчага, Калыгулга алтын медаль дейт, айтор, жаркыраган тегерек неме
жибериптир, — деди Молтой.
— Ормон ханга да жибергендир? — деп кызыга сурады бий.
— Оо, ал кишиге алтын медалдан тышкары алтын ноколуу — макмалбы, манатпы, айтор,
бир адеми чепкен жибериптир. Аюуке, Болот, Токтор акелерге да алтын сыйлык бериптир, —
деп мандашын түзөй, өзүнүн көп нерседен кабардар экенин туйгуза, бийди карады Молтой.
— Аа, ошондой экен да. Ормон ханга башкалардан артыкча сыйлык берген экен да, — деп
башын ийкей, «иштин жайын түшүнүп турасың го» дегенсип, Файзулла тыңчыга көзүн кысты
Боронбай бий.
— Жантай бий Урманнан кем эмес түгүл, ал адамның эмгеги толук бааланбаган экен, — деп
Молтойду карады тыңчы.
— Ырас эле бий акебиз да нааразы өзүнүн эмгеги толук бааланбай калганына, — деди
Молтой.
— Бийдин эмгегин Кудай бааласын, — Боронбай бир тыным унчукпай турду да, Файзулланы
карап:
— Абзий, сен Омбуга жөнөгөнүң оң Көк-Арт жабыла электе. Анжиянга малың менен ашып
түшсөң, андан ары жолуң шыр болот, — деди бий, салам дубанын мааниси ушул жерден
ачыларын туйгансып.
— Ээ кокуй, абзий жөнөп кеткен атабы, мен ушул киши үчүн келбедим беле. Жөнөй электе
келгеним ырас болгон экен. Бий аке, эми агамдын салам-дубасын айтайын Сизге. Ал киши
айтты: «Бийге, эли-журтуна Кудай тынчтык берсин, жакшылык тилеймин. Бугу уруусунун
Кенесары калабасына келбегенинин жүйөөсү бар. Жалаң бугуга эмес, кара кыргызга кызматы
өткөн бийдин мүдөөлөрүн ичимден туюп, санаалаш болуп жүрөмүн. Дагы айт, Байсылда
абзийди Омбуга жөнөтөр алдында мага жолуктурсун. Жарым падышага айттырар сөзүм бар.
Көзмө-көз жолукканда айтып берем» деди, — деп сөзүн бүтө, бирде бийге, бирде Файзуллага
көз жибере чай ууртады Молтой.
— Саламат болсун, — деп Боронбай бий көзүн ачып-жума бир тынымга өзү менен өзү
кеңешкенсип унчукпай олтурду.
— Жөнөр алдында Кеминге барып, Жантай бийге ёлугуп кетерге болоды, — деп Боронбайды
карады, бул окуядан өзү үчүн пайда гана болорун туйган тыңчы; жалаң бугу эмес
сарбагыштын бир бөлүгүн кошсо да губернатор куру койбосу эсинде турду.
Тыңчынын «өзү макулдугун билдирсин» деген ою ордунан чыккан Боронбай бий:
— Жолуңа бөгөт болбосо бара кет, Жантай бий өтүнгөн тура. Иншалла, жолугуп да каларбыз.
Чайдан ич, түштөнүп алып, кечкурун чыгып кетесиң, — деп Молтойду карады Боронбай бий.
— «Түн бакырдыкы» деп жөнөп кетемин. Агабыз өзү да көзгө чалдыкпай кел деп айткан, —
деди иши оңунан чыкканына ыраазы болгон Молтой.
— Буерден ишларим бүтүрө эки күн өтө барып калармын бийдин айлына, — деди Файзулла.
— Иши кылып бийди көп зарыктырбай жөнө,—деди Боронбай бий Молтойду карап. —
Өзүбүз барып катыша албадык Кенесары капсалаңына, ошол жөнүндө кеп сала олтур, — деди
бий.
Хан Ормон
Молтой казак-кыргыз кагылышын билишинче баамдап, бийдин көксөгөн суроолоруна жооп
бере аңгеме көпкө созулду.
Молтой жөнөп кеткенден кийин үчүнчү күнү аттанган Файзулла Ногаев түн жамына келип,
Жантай бийдин Орусияга карата жылуу мамилеси бар экенин билдирген саламын жана
сыйлыкка нааразылыгын айткан өтүнүчү бар катты алып, тан саарынан кайра аттанып,
Кубакыны ашып, Кочкордо күздөп турган Анжиянга айдалуучу малына жөнөдү.
АК ПАДЫШАДАН СЫЙЛЫК
Боз кыроо маалы, күн чоң шашке. Ормон хан айылы менен Кичи Ак-Сууда күздөп олтурат.
Кырчындын оозу, сол жээк өндүрдөгү калың айыл демейки тиричилик камында,
кемегелерден түтүн булап, куурулган дан жыттанат. Кээ бир үйлөрдүн алдына өрмөк
курулган. Кээде соку күйшөгөндөрдүн карааны кылактайт. Айылдан төмөн жол жээгинен
бери жайылган бодо мал. Кичи Ак-Сууну кече чыккан үч атчан шайбыр жүрүш менен өйдө
тарта айылга бет алды. Алдыда жалдуу күрөң жоргочон, ак пиязы чепкен, төбөсү бийик
кыюулуу ак калпакчан, кабагы бийик, мурду кырдач, бети сүйрүрөөк кара сакал, толмоч
салабаттуу киши Үмөтаалы. Ага удаа Орусиянын Аягөз приказынын тилмечи Галим Ягудин
баратат, ага удаа — ат кошчу. Айылга кире жай бастырган атчандар өйдө жактагы эшик
алдына туу сайылган чоң ак үйдөн ары кермеге келгенде эки жигит алдыларынан тосо салам
айтып, аттарын алып, кермеге байлашты.
Хан ордосун көздөй Галимди алдыга өткөрүп, Үмөтаалы артынан басты. Үйгө жакындаганда
жигиттин бири ызаат менен алдыга өтүп, эшик ача кирген Галим:
— Ассалоому алейкум, таксыр! Сак-саламат турасызбы, эли-журтуңуз эсенби? — деп Ормон
ханга ийиле кол берди.
Казак-кыргыз арасында орус тилмечи жана арачысы катары өзүн төп алып жүргөнү үчүн
Галим кадырлуу эле. Хан жылуу кол алышып:
— Алейкума ассалам, Галим мырза, өзүң сак-саламат жүрөсүңбү, арыбай-ачпай келдиңби? —
деп жанынан орун жаңсады. Үмөтаалы да атасына кол берип, Галимдин жанынан орун алды.
Ат-көлүгүң аман, жакшы келдиңби? — деп уулуна көз жиберди Ормон.
— Кудайга шүгүр, аманчылык. Айткан аманаттарыңызды аткарып келдик, — деди уулу.
— Галим мырза, гүбүрнадыр чоң төрө жандыралдарың аман турушабы? Эмне
жаңылыктарың бар? — деди Ормон хан.
— Аллага шүгүр, таксыр. Үмөтаалыны князь Горчаков, чек ара начальниги генерал
Вишневский өзүлөрү кабыл алышты. Князь да, генерал да Сизге салам жолдошту. Сиздин
козголоңчу султан Кенесарыны жеңип, Орусия империясына көрсөткөн жардамыңызга улук
император Николай I өзү ыраазылык билдирип, князь Горчаков аркылуу Сизге, Сиздин
жардамчыларыңызга сыйлык жиберди. Аны Сиздин атыңыздан Үмөтаалы мырза кабыл
алды, — деди Галим.
— Сыйлыкты алдык. Гүбүрнадыр өзү тапшырды, Ак падышанын атынан, — деп обдула
жанындагы ак куржунга кол созо бергенде:
— Шашылба, аны өз учурунда бересиң. Суусун келтиргиле, жол келген кишилерге. Адегенде
суусундарын кандырышсын. Ар нерсенин өз учуру бар, — деди хан.
Оймолуу кара көөкөрдөн кымыз куюлуп, бир сыйра сунула үй ичи дымый түштү. Кымызды
кере жута алдына коюп, бет аарчысы менен ээрдин сүрткөн Галим:
— Таксыр, ак падышанын, анын губернатор генералдарынын санаасы тынчып калды. Султан
Кенесары аларга көптөгөн жылдар бою бүлүк салып келди эле. Сиздер болбогондо Кенесары
Орусияга дагы далай мүшкүл көрсөтмөк. Ошондуктан баары сизге ыраазы, — деди Галим.
— Кудай таала курсант болсун. Биз өзүбүздүн эли-журтубузду сактадык баскынчыдан, —
деди Ормон хан кебелбей ойлуу олтурган калыбында.
— Аныңыз ак. Кенесары султан Сиздердин айылдарды басып кирип, кыргын салбадыбы. Ал
силерди багынтса жаңы күч менен Коконду каратып, андан кийин Оруссияга кайра кол
салууну көздөп турган. Муну Оруссия түшүнүп, Сиздердин күчүңөргө тан берип турат, — деди
Галим.
— Жакшы, бизден башкаларга да сыйлык берилгендир, — деди Ормон хан.
Хан Ормон
— Албетте, аларга да берди. Жантайга, Калыгулга, Калчага, Кожобекке. Аларды Кенесары
султандын башын жеткизип барган Жантайдын айылдашы Калыгул алып кетти. Бул жактан
Токтор акеге, Аюукеге, Болотко, Чалга жана башкаларга сыйлык берди. Аларды Үмөтаалы
мырзага тапшырышты, — деди Галим.
— Жакшы. Сыйлангандарга кабар жибергиле, мында келишсин, — деп Үмөтаалыны карады
да: — Эми Кенесарыдан кийинки казак жайынан кеп урчу, угалы, Галим мырза, — деди
Ормон хан.
— Кенесары козголоңу тамам болгондон кийин, казак ичи тынч. Аммаси орус букаралыгына
өтүп жатышат. Кенесарынын уулдары, туугандары, жамааты Ташкент айланасында көчүпконо Кокон кушбегине айланчыктап турушат. Кокондун силерди кайра кошуп аларын
байкашкан сыягы бар. Кокон Аркага жүрүшкө чыкса, ага кошулуп атасынын кунун кууйлу
деген ойлору бар, — деди Галим.
— Бул сөздөрүңдүн төркүнү бар. Кокон Арканы каратып алуудан үмүтүн үзө элек.
Кенесарынын уулдарыныкы эп, эркек таналар да. Баланы ошон үчүн тилейт да киши, — деди
да, ойлуу калыбын жазбаган хан Галимге кайрылды: — Орусия да Коконго көңүл кош эмес
го, Галим мырза.
— Бул чоң давлеттиң маселеси. Мен аны болжой албаймын, таксыр, — деди аяр Галим,
Россия Коконду басып алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүргөнүн даана билсе да,
качкалаңдап.
— Галим, сен мусулман баласысың, — деди Ормон хан тилмечти ирмебей тиктеген
калыбында. — Бизден сыр жашырба. Орусия бир жагынан бизди: «Бириккен күч экенсиңер,
Кенесарыны жеңип бердиңер», — деп мактап, минтип сыйлык жиберип турат. Мунусу
калыстык дейли, экинчиси сенин тууганың Байсылданы Боронбайдын колтугуна киргизип,
орус букаралыгына өтүүгө азгыртып, кыргыз биримдигин бузуп турат. Кенесарыга каршы
согушканда да, кыргыз-кокон кармашында да бугу уруусу катышпады. Ошондон улам бизди
сыйлап, таманыбызга май төшөп турган жокпу? — деди.
Көп кыйырды баскан, өзүнүн орус улуктарынан алган нускоолору да бар Галим көзүн ала
качып:
— Файзулла соода иши менен эле өз алдынча келип бугуга үйүр алып кетти го. Омбудагы
орус төрөлөрү менен байланышы жок болуу керек. Соодагер киши да. Орусияны көп
кыдырган, алардын турмушу, өнөр-билими жөнүндө Боронбай бийге айтып жүрүшү
ыктымал, — деди Галим.
— Мейли, ошондой болсун дейли. Албетте Боронбайды ийге келтирүү биздин жумуш, — деп
Галимди тиктеген калыбында ойлуу турду да: — Галим мырза, Сиз жөнөкөй эле тилмеч эмес,
казактар менен орустардын арасында данакер катары орус төрөлөрүнө кадырыңыз бар
кишисиз. Кыргыз элинде «Жандоочу кийик аттырат» деген макал бар. Ыгы келген, сөзүң өтөр
жерлерде биздин таламыбызды көздөй жүр. Биз азгантай байыркы элбиз. Кытай менен Орус,
Кокондун ортосунда өзүбүзчө эл бойдон тургубуз келет. Ошон үчүн Кенесары менен жан кыя
салгылаштык. Биз ак көңүл, тынч элбиз. Эч кимге катылбайбыз. Ар ким менен түз алакада
болгубуз келет. Биз орустардын кербендерин, саякатчыларын кайтарып, чек арадан аман
өткөрүп тура алабыз. Соода-сатык жагы болсо бизде жүн, мал терилери, аң терилери бар.
Аларды Орусияга соодалап, кездеме-кече, курал-жарак алып турсак дейбиз. Балдарыбызды
Казан, Өфө шаарларынан окутууну каалар элек. Орусия — көп эл. Өнөр-билимдүү эл. Өзүнүн
дини, өзүнүн салты бар. Бизге чоң коңшу болсо дейбиз. Бир ууч кыргыз эли өзүнчө болуп,
динин, каада-салтын сактап, чоң коңшулары менен тең алакада болгонун каалар элек. Мына
ушуларды эсиңе тут. Жол жүрүп чаалыгып келдиңер. Көп кармабайын. Калган сөздү жай
сүйлөшөбүз. Азыр конок ордосуна барып эс ал. Үмөтаалы, сен Галим мырзаны мейман күтүп,
сый көрсөт. Кийинчерээк колуң бошогондо мага келип жолугарсың, — деди Ормон хан.
Галим ызаат менен ордунан туруп, конок ордосуна эс алууга кетти.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 26
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.