Latin

Хан Ормон - 08

Total number of words is 3932
Total number of unique words is 2169
27.4 of words are in the 2000 most common words
40.6 of words are in the 5000 most common words
47.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Салима айым падышаныкынан чыкканда анын мейман сарайынын, суу бүрккөн
чачыратмалуу көлү бар чарбагынын чиймелерин ала чыккан эле. Сейит байды падышага
жиберип, шаардын четиндеги кооз жайдан жер бөлдүрүп алып, чыгаан усталарды,
падышанын сарайын курууга катышкан белгилүү чеберлерди жалдап, эки-үч жыл ичинде
падышанын мейман күтүүчү сарайына, көлдүү чарбагына куюп койгондой окшош ажайып
жайды салдырып бүттү да:
— Урматтуу кожоюн, сиз эмки бейшембиге падышаны мейманга чакырып келиңиз. Сиздин
баркыңыз көтөрүлүп, чоң даражага жетесиз, — деди Салима айым Сейитке сынаакы көз
жибере.
— Салима айым, айтканыңыз эки болбойт. Барайын, бирок таксыр бизди теңине алып келер
бекен? — деп арсарсыды.
— Келет, ал сиздин байлыгыңыздын, жаңы имараттар курдуруп атканыңыздан кабардар.
Барыңыз, сый жагы биздин моюнда, — деп жылуу жылмайды Салима.
Эртеси Сейит эрте туруп падыша сарайындагы мечитке намазга барды. Намаз окулуп
бүткөндө падышага кол берип, эсендешти. Шаардагы бай соодагерлердин бири катары
Сейитти падыша жактырар эле. Сейит байдын чакырыгын кабылдап, бейшемби күнкү
намаздан кийин мейманга барууга макул болду.
Күнгө бейшемби. Сейит байдын мейман сарайында, чарбагында падышаны күтүү камылгасы
көрүлүүдө. Мейман сарайдын архитектурасы, ички, тышкы жасалгасы кудум
падышаныкындай жасалган.
Килем, жаздык, төшөктөрүнүн, такта отургучтарынын өңү, түспөлү падыша
сарайындагылардан айрып алгыз. Фонтандуу көлдүн, эс алуу багынын да падышаныкынан
айырмасы жок. Мейманды тейлөөгө шаардын мыкты ашпоздору, тейлөөчү, бийлөөчү
кыздары чакырылган. Бардыгы шаймашай, Сейит бай чыдамсыздык менен улуу урматттуу
мейманды күтүүдө. Эки вазири менен түш оой келген падышаны Сейт бай өзү каада менен
мейман сарай алдында тосуп алып, ичкериге кирүүсүн өтүнө таазим этти. Үй ээсинин
узатуусунда имаратка кирген падышанын ичи тарый түштү. «Бул уятсыз соодагер мени
менен атаандашууга өткөн экен да. Коё тур, мунун баарын өзүнө буздуртамын. Жазасын
колуна беремин» — деп ичинен кекенген падыша чарпаяга жай алып отургандан соң:
Хан Ормон
— Урматтуу Сейит бай, бул жайларды кимдин долбоору менен курдурдуңуз? Биздин
шаардын усталары курдубу? — деди. Сейит бай колун бооруна алып:
— Улуу урматтуу таксыр, биздин эжебиз бар, ошол киши курдурду. Мен соода иштери менен
алек болом. — Бул жайлардын курулушуна тиешем аз, — деди бир аз сүрдөгөн калыбында
колун бооруна ала.
Дасторкондо дүйүм даам татып отуруп: «Атаа, көрчү тагдырдын кыйчалыштыгын, ушунун
эжесиндей аялга үйлөнбөгөнүмдү карачы, андай болгондо мартабам мындан да жогору
болмок экен», деген ойго чөмүлө көңүлкош даам таткан болуп отурду падыша. Падышанын
улуулугун, акылмандыгын, айкөлдүгүн көтөрө чалып кошомат сөздөр айтылып, шарап
ичилип, аздектеп даярдалган ажайып даамдар татылып жатты. Аңгыча бою балкыган
падыша серүүнгө чыгууну сунуш этти. Сейит бай жан-дили менен падышаны чарбактуу көлүн
бойлото алып жүрдү. Ортосунда көлү бар, фонтандуу бакты аралап жүрө, падыша бул
соодагердин өзүнө атаандашып жүргөнүнө айныксыз ишенип, эртең эртең менен чарбакты
буздуруу керек деген оюна кайткыс бекиди. Фонтандуу, бак-дарактуу көл жээгин кыдырып
жүрүп, фонтанга жакын чарпаяга отурушканда алдыларына өрдөктүн этинен жасалган кебаб
коюлду. Падыша кебабдан ооз тийди да, бармагын билинээр-билинбес тиштей ойго батты.
Вазирлеринин бири:
— Таксыр, алыңыз, ажайып тамак экен, — деди.
— Ракмат, ооз тийдим. Мындан беш жыл илгери талак эткен аялым эсиме түштү, ошондон
бери мындай кебаб жей элек элем, — деп падыша оозун жыйгыча, баягы чарбактан чыгып
кеткендеги жарашыктуу кийими менен суйсала басып фонтандан бери чыккан Салима айым
колун бооруна ала:
— Арыбай жүрөсүзбү, урматтуу таксыр, — деп таазим этип турду. Эч кимге ордунан туруп
көрбөгөн падыша унчукпай ордунан туруп:
— Кудаанын сүйгөн пендеси экенсиң, Салима айым, кел мындай менин жаныма, — деп
ийилди. Падышанын жанына отурган Салима айым ортодо эч нерсе болуп өтпөгөндөй жылуу
ырай менен :
— Кебабдан алыңыз, асмандагы өрдөктүн этинен жасалды. Сизге Алла Таала буюрган насипырыскыңыз, — деди айым.
— Айым, бул сенин ырыскың. Мен сени менен ырыскылаш болуп отурганыма курсантмын.
Мен пенделик менен текеберленген экенмин. Орунсуз капа эткеним үчүн сенден да, Алла
тааладан да кечирим сураймын, деди падыша, — деп Уулбала аңгемесин үзө, Ормонго
жылмая карады.
— Ушундай аялдар биздин заманда да бар болду бекен? — деп суроолуу жылмайды Ормон.
— Оны теңирим биледи гой, бары-жогун. Сиз да кебебден алыныз, — деп кыт-кыт күлө: —
менин аңгемем жактымы, баатыр? — деди Уулбала.
— Дурус икая экен, албетте ар ким буюрган ырыскысын татат. Мен да падышадай жаңыла
жаздаган экенмин го, — деп борс-борс күлдү Ормон.
— Баатыр жаңылмадыңыз, мени сынадыңыз го, — деп баатырдын тизесине чыканагын
этият таяй кебепке кол сунду Уулбала.
— Укенай, сен икаяны бүтүрбөдүң го. Салима айым падышага кайра кошулабы, же... — деди
жеңе.
— Аны Кудайым биледи. Кандайы дурус болор эле, — деп Ормонго жылмая карады Уулбала.
— Тобо кылса Кудай күнөөнү кечер. Падышанын күнөөсүн Салима айым кечиргени оң. Сейит
бай Салима айым куруп берген байлыгын күтүп өзүнүн аялы менен жашай берсин, — деп
ойлуу жылмая Уулбаланы карады Ормон. Ак көшөгөнүн ары жагында керегенин үч көгүнө
жете төшөлгөн мамык төшөк махабат лаззатын күтүп турду...
Төрдө Ормон аюу талпак үстүндө, эр жакта Алыбек отурат. Күлө баккан маанайларынан улам
агынан жарыла аңгемелешип отурушканын баамдоого болот.
— Тартууң купулума толду. Ыроосуна каалаганыңды берейин деген сөзүм бар эле. Айтчы,
Алыке, эмне каалайсың? — деп жылмая карады Ормон.
— Көөмөйүм эмнени кааларын билесиз го, баатыр, — деп күлдү Алыбек.
— Билип жүрөмүн. Бойго ченеп алып жүргөн жарак эле, — деп Ормон сөзүнүн аягына чыга
электе:
— Ала-Тоого атайы арзып келген Уулбала да бойго ченелген жар болоор дейм, — деп күлдү
Алыбек.
Хан Ормон
— Аның ырас, өмүрүнө өбөлгө болуучу көңүл кушун издеп, тобокелге бел байлаган бийкеч
бойго чак жар болор. Байбиче, кара келтени алып берчи, — деди Ормон. Төрдүн эпчи жагында
эркектердин сөзүнө көңүл бурбаган болуп отурган, кырктан аша электе байбиче сөөлөтүн
күтүп калган, ак саргыл, толмоч Кусубалды акырын шыпшына ордунан туруп, килем
боорунда илинүү турган мылтыкты алып бере ордуна сабырлуу олтуруп, теспе тартуусун
улантты.
— Мына, Алыке, көңүлүңдөгүнү тартуулайын. Дагы эмне каалайсың, баатыр акеси, — деп
борс-борс күлдү Ормон. Алыбек ордунан тура ийилип, мылтыкты эки колдоп алды да:
— Эми кааларым амандык, баатыр, — деп чыгууга ыңгайланганда, Ормон:
— Шашпа, баарлашып отуралы, — деди.
— Баатыр, касиеттүү буюм колго тийди, үйгө барып түлөө өткөрөйүн, — деп ыраазылыгын
билдире Алыбек айылына кетти.
Жылоосунан кан тамган кандуу кара келте мылтык көксөп жүргөн көзгө атар мерген
Алыбектин колуна тийди. Көзгө илингенин жазбай аткан Алыбек мээленгенине жазбай
тийген кара келтеге түлөө өткөрүүдө. Түлөөсү түштөн болуп, кара келте ак келтеге айланып,
ак жолтой болор бекен. Берген ээси Ормон ошондой ойдо болду. Кара келтени Ормондун
курал-жарак жасоочу устаканасында кара чолок Дөңбай уста соккон. Ак албарсты кысытып,
уу коргошун тунмасына сугарып, бургулап сай чыгарып бүтө электе кеч кирип, жарымына
чейин бургуланган мылтыкты керегеге илип коюп, калганын эртең жарыкта бүткөрөм деп
уста үйүнө кетет. Эртең менен ишин улантуу үчүн келсе бургу өзү буралып, мылтыктын сайы
чыгып бүтүптүр. Сай чыгарылып бүткөн мылтыктын оозунан кан тамчылап турат. Уста бул
укмушту Ормонго көрсөтөт. «Бул мылтыкты менден башка киши урунбасын. Кундагын
келиштире жаса, устам. Мындай мылтыкты башка бирөөгө жасап берсең башың кетет», деп
эскертип, Дөңбай устага тогуздап тартуу берген, деп эл оозунда имиш айтылат.
ТОП ЖЫЙЫН
Жатакчылар эгин, чөптү жыйып бүтүп, дың сууп калган күз күндөрүнүн бири. Тескей тоо
кыркаларынан көтөрмө бою көтөрүлгөн күн нуру күз асманын чайыган боз булуттарга
чулгана кунарын того албай турат. Кызыл-Омпол жактан соккон шамалдын илеби салкын.
Үч тараптан каттоочу жолдун тоому Көтмалдыда Чүй суусунун оң жакасын бойлой конгон
айыл демейдегиден өзгөчө. Өңчөй ак боз-үйлөр үч тарапка бөлүнө тигилген. Кемегелерден
түтүн булап, кирип-чыга кылактаган эркек, көзгө чалынат. Үйлөрдөн обочо үч тарапка
керилген кермелерде байлануу аттар турат.
Айылдан аркы дөңсөөлүү түзөңдө жыйылган калың эл жыйынга келишкен. Кыргыз
урууларынын бийлери, эл башы билермандары, кадырлуу карыялары кабарлашып
макулдаша, мындай топ жыйындар эки жылда бир өткөрүлөт. Өтмө катар куда сөөк, иликжарма кыргыз урууларынын арасындагы жашоонун оош-кыйыш көрүнүштөрү: жесирдин
башын ачуу, жетим акы, напака[‡] кун, эриш бузган үчүн айып жана башка эл ынтымагына доо
кетирүүчү, улут биримдигин иритүүчү маанилүү маселелер ортого салынып, бийлердин,
билермандардын талкуусуна түшөт. Жыйынды уруу бийлери кезек менен башкарышат.
Жүйөлөр, далилдер ортого салынып, топ жарган кара жаак чечендер өз тараптарын коргоп
сөз өнөрүн көргөзүшөт. Калк карыткан көсөм карыялардын калыс пикирлери угулгандан
кийин, бийлер ой ойлошуп, бүтүм чыгарууга өтүшөт. Жыйын башкарган башкы бий
тараптардын арыз-датын, актанган жүйөөлөрүн, бийлердин ойлогон ойлорун уккандан
кийин бүтүмдү өзү чыгарат. Бүтүм даттануусуз аткарылат. Бүтүмдө жесирдин башын ачуу,
жетим акы, кун төлөө, уурулук, жылкы тийүү айыбы мал саны өлчөмүндө аныкталат.
Бүтүмдө жаза өлчөмү иштин жагдай салмагына жараша чыгарылат: төө баштаган бир
тогуздан, үч тогузга чейин, же кырктан бир жүз элүү жылкыга чейинки өлчөмдө чыгарылат.
Жарым көчмөн кыргыз коомунда социалдык адилеттикти, улут биримдигин камсыздап
туруу үчүн мындай топ жыйындар коомдук өнүгүүнүн диалектикасы аныктаган көрүнүш
болгон.
Топ жыйынды тосуп конок күтүүчү уруулар кезек менен моюндап, бир жыл мурда күтүнүшөт.
Кызуу даярдык кеминде эки ай алдын ала колго алынат. Тандамал боз үйлөр ички, тышкы
жасалгалары менен тигилип, союлуучу мал камдалып, конокторду тейлөөчү кишилер
дайындалат. Бул намыс сактоочу жооптуу да, опурталдуу да иш. Топко келген манаптар,
бийлер конок күткөн тараптын үйлөрүнөн, төшөнчү-орунчуларынан, дасторкон,
майлыктарынан, тейлегендердин жүрүш-турушунан кынтык табылса, тамаша ирээтинде
Хан Ормон
шылдыңдап, жыйын алдында сөзгө сындырат, кээде өзүлөрүн жандап жүргөн жамакчыырчыларына ырга коштуруп, эл алдында тамаша кылса андан бетер уруунун намысы сынып,
кордолот. Мындай жагдайды кээ бир манаптар, бийлер өзүнө теңтайлаштарын басмырлап, өз
зоболосун көтөрүп, элге көрүнүү үчүн атайын жасашат.
Ушул жагдайлардан улам топто конок күтүү үчүн айылдын жөн билген, тарбиялуу шайдоот
жигиттери, адеп-ахлакты билген, уяттуу, сөөгү таза келиндери тандалат. Үч тарапка үйлөрүн
тиккен үч уруу — сарыбагыш, бугу, саяк элдери конок күтүүдө. Солто, саруу, кушчу, черик,
сарыбагыштын тынай уругунун кезеги келерки жыйын болгондуктан алар конок катары
келишкен. Дөңсөөнүн алдындагы түзөңдө эл уй мүйүз тарта отурушат. Дөңсөөгө өрө
кийиздер үстүнө шырдактар салынган. Атпай кыргызга таанымал жашы улуу, кадыры артык
Сарт аке, Ныязбек бий, Качыке бий, Медет, Ажыбек даткалар, Боронбай, Муратаалы, Жантай,
Жангарач, Ормон, черик Ажыбек бийлер отурушат. Азыркы жыйынды башкаруу кезеги
көбүнөн жашы улуу Ажыбек датканыкы. Чогулган эл өз ара кобурашып, бийлер жакты
карашат. Жетимиш ашса да эр туушу боюнан кайта элек, сымбаттуу Ажыбек датка кара
баркыт кыюуланган ак пиязы чепкенчен, башында кундуз кыюулаган жеңил малакай, ак
сакалы жайкалып төшүн жаба, өскүлөң ак каштуу, бийик кабак алдындагы курчу кайта элек
алагар көзү сабырлуу тиктейт, сакалын сылай ордунан турду да:
— Оо, калайык, айдан аман, жылдан эсен, мал-жаныңар эсен, Кудай таала чачкан ырыскыны
татып, бакубат турасыңарбы? — деп каргылданган бийик үн менен элге кайрылды да, демин
ичине тарта бир аз токтой калды. Жыйын ичинен:
— Оо, кайран киши!..
— Журт атасы... күүлүү экен али, — деген үндөр угулуп турду.
— Айда-жылда бир көрүшөт экенбиз, буга да каниет кылалы, — деп сөзүн улады датка. —
Кадеми каткан калмактардан жергебиз бошотулуп, чабылып, чачылган элибиздин өрүшү
кеңейип, бөксөсү толуп келатат. Алла таалага шүгүр дейли. Калк үчүн баш канжыгада, кан
көөкөрдө, тобокел, — деп калмакты капшырып, жергебизди бошотуп, майданда курман
болгон Садыр, Жайыл жана башка баатырлардын, калмакты сүрүп, эл биримдигин түптөгөн
Эсенгул, Атаке, Белек баатырлардын арбагын эскерип, куран окуп, бата кылалы, — деп эки
жагын карады Ажыбек датка сөзүн токтото. Карыялардын бири курандан Альфатиха, ыклас
сүрөөлөрүн окуп, алакан жая жыйын «Аллоху акбар», деп дуу эте бата тиледи.
— Бар бололу, калайык, — деп сөзүн кайра улады датка, — ынтымак-ырашкерлик бизди эл
катары бириктирип сактап келатат. Ошо ата-бабадан мурас калган ынтымагыбызды
сактайлы. Теребелге көз чаптырсак: Кашкар, Үрүмчү жакты кытай ээлеп, бери карай ыкыс
берип турат, түндүк жакта Оролдон бери казактарды сүрүп орустар каптап келатат дешет.
Дини бирге, дили бирге, деп кокондун амирин туткан болобуз. Бирок Нарбото бий көтөргөн
ордодон ырк кетип, ичинен кутумдашып, эл тагдыры үчүн толгонгондору жок өңдүү. Элетти
аралаган бектери, сыпайлары ээнбаштанып элге ыдык көрсөтүүдө. Мына жакында айыл
аралап келген сыпайлар элге зомбулук көрсөткөн экен. Жөн койсо алар ошентип төбөгө
чыгышат. Кудайга шүгүр уучубуз куру эмес экен. Элдин намысын коргоп калуучу
азаматтарыбыз бар экен. Ормон баатыр зордукчулардын жазасын колуна бериптир.
Болгондо да акыл менен катаал жазалаптыр. Урдурбай-соктурбай эле, ээрлерин тескери
токутуп, артын карата мингизип, ээрлерине таңып, ооздорун тыгындап чептерине
кийириптир. Бул саясаттуу эр айбаты. Ордодогулар бул жазадан: «Тоолук кыргыздар эч
кимге кор боло албайт. Түшүнсөңөр шүк жүргүлө. Түшүнбөсөңөр ээриңердин кашын өз
жагыңарга бургула» деген элдин айбатын туйган окшойт. Жасоо куруп, кыргыздарды
жазаламак тургай, Ормон баатырга ордонун эң жогорку наамын ыйгарып, ордого сыйга
чакырат экен деген кабар алдык, — дегенде, эл ичинен:
— Баракелде, эр экен го жүрөгүндө жалы бар.
— Кокондун эсин кетирген экен.
— Атанын уулу да, Эсенгул баатырдын небереси да.
— Өз атасы Ныязбек бий да кезегинде калмактардын катыгын берген.
— Эл үчүн башын тиккен эрлер бар экен да журт ичинде, — деген үндөр угулуп, жыйын бир
тынымга дуулдай түштү.
— Калайык, улуу-кичүү ага-инилер, бүгүнкү жыйыныбыз ирээти менен ынтымакырашкерликте, биримдик, адилеттик алдында өтсө деген тилек бар. Эл арасындагы оошкыйыш, талаш-тартыштарга бийлер Кудай алдында калыс ойлоп, адилет бүтүм чыгарышса,
жыйынды ынтымак-ырашкерлик менен бүткөрүп, ыраазылык менен тарасак,
Хан Ормон
жыйыныбыздын иши элибиздин мындан аркы ынтымагына өбөлгө болор. Быйылкы
жыйынды башкаруу кезеги меники эле. «Жүйөө билген намыстууга сөз бер» дегендей,
жыйын башы кезегимди Ормон баатырга беремин. Кел, Ормон баатыр, менин жаныма, —
дегенде:
— Мына эмесе, көсөмдүн иши.
— Туура кылды, датка айкөл тура.
— Өзү эле башкарса болмок.
— Датканын көзү келечекке жетип турбайбы.
— Ошондуктан Кокон сыйлайт да датканы, — деген сөздөргө аралаш отургандардан моюнча
ашып турган олбурлуу Ормон баатыр ордунан туруп, Ажыбек, Качыке, Боронбайлардын
катарынан орун алды.
— Кана эмесе, калайык, Ормон баатырдын ишине ийгилик каалап, бата берели. Кара кылды
как жарган калыс болсун, узак өмүр сүрүп, кара кыргызга кызмат өтөсүн, Аллоху акбар, —
деп алакан жайды Ажыбек датка. Калың жыйын дуу эте бата берди.
Ормон ордунан турду. Кара сурунан келген чап жаак, жазы маңдай, калың кара каштуу, терең
кабак алдындагы ирмебей тиктеген көздөрүнөн кайрат жанат. Коңкогой кырдач муруну,
калың эриндерин алкактай сыпаа серпилген узун муруту, төшүн жаба жайкалган кара сакалы
бири-бирине төп келише, бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр берип тургансыйт.
Башында кара кыюуланган төбөсү бийик ак калпак, боз пиязы чепкени олбурлуу денесине
куп жарашып турат.
— Зор киши экен да...
— Келбетин кара, эр тууштуу экен.
— Бар болсун, — деген уу-дуу басыла түшкөндө:
— Датка аке, сизге, калайык калк, сага ыраазымын. Моюнга тагылган озуйпаны аткарууга
азырмын, — деп бир аз демин баса сөз улады Ормон. — Кокон сыпайларын ошондой
жазаладык. Башкача болбойт эле. Кокон адисинен ашып баратат. Чалгы азуусун сындырса
каман чала албай калат. Ошентиш керек. Калайык силер аман, биз аман болсок, алдыда
олуттуу иштер бар. Кытай да, орус да, Кокон да кыргызга жакшылык кылайын деп жүткүнүп
турушкан жок. Аларга жер, мал, байлык керек. «Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы»
деген кеп. Кайтаруусуз үйүргө ууру да, бөрү да кол салат. Бул башка сөз. Убагы келер. Эми
азыркы жыйындын ишине өтөлү. Кана, кимдин кандай даты, доосу бар экен? Шашпай угуп,
ийри отуруп, түз кеңешели, — деп жыйынга кайрылды Ормон.
— Баатыр, биз бийлер баш кошуп отуруп, болуучу иштердин чама-чаркын чактап көрдүк, —
деп сөз баштады ой ойлоого отурган бийлердин кичүүсү, шыңга бойлуу, кагелес, отуздардан
аша элек, кара сур субагай бет, маңдайы жазы, кабагы бийик, сурмалуу кара көзүнөн акыл
учкуну жана, сакал-муруту сыпаа серпилген, боз нооту кемсел, кыюусу тайкы ак калпакчан
илбериңки Жангарач бий. — Бул жыйынга черик, моңолдор ортосунда жесирдин башын
ачуу, саяктын өз ичинде бир напака доо, сарыбагыш менен бугунун ортосунда кайындуу
кызды ала качканга доо, солто менен тынайдын ортосунда эриш бузган аялдын төркүнүнө
коюлган доо бар экен.
— Аа, андай болсо кезеги менен даттанган, актанган тараптарды уга берели, — деп эки
жагын карады жыйын башы.
— Баштай бериңиз, — деп макулдук беришти ой ойлоочу бийлер.
— Кана эмесе, жесирдин башын ачууну сураган доокер жана жоопкер тараптар ортого
чыгышсын, — деди салабаттуу отурган Ормон жыйын башы.
Ким чыгарын күткөн жыйын тынч..
Жыйындын туура жагынан жашы элүүдөн ашкан, ак калпак, көк чыт чапанчан, жээрде сакал,
көзү чекирирээк, ээрди желки толмоч сары чийкил киши илкий басып бийлердин алдына
келе, оозун дембедем ачып, сүйлөй албай турду.
— Аксакал, шашылбаңыз, сабыр этип боюңузду жыйыңыз. Биз да сиздин сөздү шашылбай
угалы, — деп сүрдөп турган кишиге дем берди Ормон.
— Аа, баатыр, ылайым ошондой... эсеби, менин ысмым Сөлпү, — деп бир аз токтоп, үзүлкесил сөзүн улады. — Менин уулум Шеркул көкбөрү тартышта жыгылып... — деп үнү
дирилдеп буулугуп турду.
— Кайрат кылыңыз карыя, кулак сизде, — деп дем берди жыйын башы.
— Ошентип каза болгон, — деп сөз улады Сөлпү, — келиним эки жашар баласы бар, уул, —
деп эчкире жашый түштү карып киши. Жыйын тунжурай:
Хан Ормон
— Алда бечара ай.
— Башка балдары бар болду бекен?
— Кудайдын буйругу да, — деген үндөр угулуп турду.
— Тагдыр ошол карыя, мүдөөңүз эмнеде? Дагы балдарыңыз барбы? — деп жашый түшүп,
жүдөп турган бечарага дем берүүгө аракеттенди Ормон.
— Бар эмей, — деп чыйрала түштү да, баш бийдин жылуу ырайын туйган Сөлпү сөз улады.
— Он эки жашар кичүү уулум, эрге тийген кыздарым, жээндерим бар. Менин кудам
Майлыбай... бар эмеспи, болбойт ал, келиним Моймолду эркек баласы менен алып кетемин
дейт... жесирдин ээси кичүү уулум турбайбы... өлүүсүнөн өлүү, тирүүсүнөн тирүү... — деп
сөзүн улай албай кардыгып турду Сөлпү.
— Келиниңиз кандай ойдо болду экен? — деп суроо узатты жыйын башы.
— Ал ыйлайт, баласын бооруна басып... — деди Сөлпү ылдый карап.
— Бул кишинин мүдөөсү түшүнүктүү болду го. Сиздерде собол барбы? — деп ой ойлоого
отурган бийлерди карады жыйын башы.
— Бүлөөсүнөн айрылгысы келбейт да бечара, — деди Жангарач бий.
— Жесирдин төркүндөрү эмне дейт экен, ошолорду угалы, — деди Жантай бий.
— Сөлпү сен кайраттанып, оюңду жыйна, — деп карыпка дем берди Боронбай бий.
— Кана ким келиндин төркүндөрүнүн мүдөөсүн коргойт, — жыйын башы топко кайрылды.
Жыйындын төр жагынан кара тыштуу кырбуусу тайкы мадыл тебетейчен, кара лампук кем
селине эни тайкы кемер курчанган, көн маасысына ултарма кепич кийген, орто жаштагы
олбурлуу кара чаар киши турду. Ээктериндеги суйдаң сакал, мурут арасынан чечек тактары
көрүнөт, кабагы кууш жүлжүгүй көздөрүнөн чечкиндүүлүк туюлат. Боюн салабаттуу кармап,
бийлердин алдына келди да:
— Кудам айтпадыбы, менин ысмым Майлыбай, деп тамагын кыра жөтөлгөн болуп сөз улады.
Кудай кошкон куда элек. Куда, кудагыйым жакшы кишилер, күйөө балам, кызыбыз да
ынтымактуу эле, уул көрүштү эле. Тагдыр экен, ойдо жок мүшкүл башка түштү. Кантейин, оң
бармагымды тиштесем сол бармагым ооруйт дегендей, Сөлпүнүн ою менен болоюн десем,
кызым жыйырма үчтө, кудамдын уулу он экиде, кандай оокат болот, баса көктөгөндөй болуп,
— деп сөзүн андан ары улаарда.
— Оо, айланайын кудам, уулум он экиде болгону менен москоол, жетилет. Көнүп кетишет, —
деди шашкалактай ээрдин жалап, бирде кудасын, бирде жыйын башыны карап, жашып
турган Сөлпү.
— Оо, бурадарым, кудам... баса көктөгөндөй жасап экөөнүн тең убалына калабызбы? — деп
түтөй түштү, өзүн сабырдуу кармаганга аракеттенип турган Майлыбай.
— Олда бечаралар ай, кыйыша албай турушат, — деген үн эл ичинен угулду. Чөнтөгүнөн бет
аарчысын алып, көздөрүнүн алдын, оозу-мурдун аарчып, кунарсыз сакал-мурутун сылай
сөзүн улады Майлыбай:
— Урматтуу бийлер, билермандар, урматтуу баатыр, кудамды туюп да, күйүп да турамын.
Бирок анын айтканы коошпогон иш. Жесирдин башын ачып бергиле. Канча ойлосоңор да
төлөп беремин. Болгон малымды бүт айдасам да кызымды колума алайын тамтуң баскан
баласынан ажыратпай, — деп сөзүн бүтө ордуна барып отурду. Илкий басып Сөлпү да ордуна
кетти.
— Жесир келиндин сөзүн укпасак иш чала бүтөт го, — деп эки жагында отурган бийлерди
карады жыйын башы.
— Азыр, айланайын, чакырып келебиз. Тигинде отурат.
— Жүгүр, Моймолду чакыр, — деп жанында отурган жигитти жумшады Сөлпү.
— Сакалдуу кишилердин алдына кантип келер экен бечара.
— Келет да, башка түшсө байтал жорго ..
— Оо, тагдыр, — деген үндөр угула жыйын дымып турду.
Аңгыча сын-сыпаты келишкен, кара жоолугун бүркөй салынган кара кемселчен жаш келин
улгайган эки аялдын коштоосунда топтун сыртына келип иймене токтоду.
— Аа бечара, ийменип турбайбы.
— Кантет анан, ушунча эл турса.
— Сакалдуу, касиеттүү карыялар отурса.
— Келет да, айла канча.
— Өткөргүлө, ортого бечараны, — деген үндөр угула, жыйын чети жарыла, келин ылдый
караган калыбында ортого өтүп, илкий бийлердин алдына токтоду. Каралуу кийим да
Хан Ормон
сымбаттуу боюна жарашып турат. Кара жоолукчан, тик жака кара кемселинин күмүш
топчулары бүчүлөнгөн, кош этек көк көйнөгү булгары көлөч-маасысынын апкытын жаба
көйкөлөт. Артка өрүлгөн эки өрүм кара чачына уланган анжиян шурулуу күмүш чачпагы
соорусун жаба каралуу келиндин сымбатын арттырып турат.
— Карагым, ыракмат ийменгениңе. Өтө бер бери. Тагдыр башка салса кантмек элең. Бий
акелериңдин соболдоруна жооп бере гой, — жылуу үн салды Ажыбек датка. Башын ылдый
сала аяр басып бийлердин алдына келип, бүркөнчүк жоолугун ылдый тарта, кысылып турду
жаш келин. Ак саргыл субагай жүз, кырдач мурун, жаркын маңдай, ийилген кара каш
алдындагы сурмалуу кара көздөрүн кайгы чайыган, эптүү кымтылган жука эриндерин
жоолугунун учу менен жаба, дирилдеп айласыз турду жаш келин.
— Шашылбаңыз, сабыр этип оюңузду жыйнаңыз. Эмнеге чакырылганыңызды билесиз да, —
деди жыйын башы үнүн жылуу чыгарууга аракеттенип.
Билем... күйөөм өлгөн... балам бар, — деп келин бир аз сүрдөңкүрөп тура сөзүн улады.
— Тагдыр экен акелер, ыгы келсе мен балам менен төркүнүнө кетейин, атам ыраазы болсун.
— Оо, айланайын Моймол, балам, энең экөөбүздү талаага таштаба. Кайниң турбайбы, — деп
каргылдана Сөлпү ордунан турду. Келин көзүн жоолугу менен баса, дирилдеп ыйлады.
— Кайын атаң кайниңе баш байлап коелу, ата расими деп турат го, — деди бийлердин бири.
— Бытыкый бала өз баламдай, акелер, уят, — деп сөзүнүн аягын жута токтоду Моймол.
— Жеке эле ушул бекен жесир болгон. «Алтын баштуу катындан бака баштуу эр ийги», бала
көнүп кетет... жетилет. Сөлпүнүкү жүйөөлүү, ата салты эзелтен бери, — деп обдулду
бийлердин бери четинде отурган кара сакал кызыл чийкил эткел киши.
— Ата салты болгондо эмне. Тырмактай баланы килейген катынга, — деп ордунан тура
калды жапырык шырымал тебетейчен, кара кемселине кайыш кур курчанган Майлыбайдын
айылдашы — атка минер.
— Токтоткула, найэсеп сөзүңөрдү, орду жок макал, обу жок сөз, — деген Ормон жыйын
башынын катаал үнү тиги экөөнү селейтти.
— Эмесе тараптардын жактоочулары сүйлөсүн, — деп Ормон жыйынга кайрылды. Кырбулуу
жылбырска тебетей, ак кементай кийген, ийиндүү, шыңга бойлуу, ачаланган көк ала сакалы
төшүн жаба жарашкан, тарам кызылдуу субагай жүзүн бырыш аралай баштаган, келте мурун,
коюу каш алдындагы сурмалуу көзү ой калчай сабыр тутунган салабаттуу карыя ордунан
турду. Бул черик бийи Турдуке эле.
— Оо, жыйын башы баатыр, ак сакал акылмандар. Калайык калк, бүгүн биз ата-баба салтын
улап, эл ичиндеги өйдө-төмөн, талаш-тартыш маселелерди чечели деп чогулдук. Бечара
Сөлпүнүн башында эки кабат мүшкүл турат. Баары Кудайдын колунда. Тагдыры жетип уулу
каза болсо, чырактай жанган келини жаш баласын бооруна кысып жесир отурат. Келинге да
өтө оор. Майлыбай куда болсо кызымдын башын ачып бергиле дейт. Жесир келин да ошону
каалайт экен. Сөлпүнүн айтканына көнүп, балакатка жете элек уулуна баш байлайлы десек
жаш келиндин өмүрү сая кетет. Балалык сезиминен адашкан балага да убал. Менин оюмча,
жесирдин башын ачып, төркүнүнө берип, баланы Сөлпүдө калтыралы. «Ургаачынын чырагы
кырк» дейт, келин дагы балалуу болор. Кызынын башы ачылганы үчүн төө баштаган үч тогуз
төлөсүн Майлыбай... —деп бий сөзүн бүтө электе:
— Айланайын акелер, баламдан ажырабайын, — деп келин жоолугу менен бетин баса эчкире
ыйлап турду да, — мейли, тобокел, атамдын үйүндө жесир бойдон отуруп, уулунун ордуна
каруум казык болгуча кызматын кылайын, бир гана өтүнүчүм, Бытыкый баланы да соо
койгула. Уулум катары болсун. Бой жеткенде өз теңине үйлөнсүн, — деди келин.
— Баракелде, эстүү жан тура.
— Баласы үчүн өмүрүн сайганы да, — деген үндөр угулуп,
Турдуке бий сөзүн бүтө албай ордуна отурду. Элдин уу-дуусу басыла түшкөндө:
— Жесирдин төркүндөрүнүн талабын жактоочу ким? — деп Ормон ой ойлоп отурган
бийлерге, жыйынга суроо салды.
Башында эндей ак калпак, кара нооту кемселчен, тууралжынынан келген эткээл, сары
чийкил, каш-кабагы тайкы, чекир көзүнөн өкүмдүк туюлган моңолдор бийи Салыбек:
— Оо, калайык, оо, жыйын башы баатыр, жүйөөлөшө келсе адилеттик ордун табат деген сөз
бар, Турдуке бийдин айтканына көнүүгө болбойт. Жаакты баштан айрыгандан бетер. Бала
жүрөк, жигер, жүлүн менен тең, жесирдин сөзүн угуп, бала үчүн башын байлаган эненин
эрдигине кол койдум. Ошонуку туура. Келиндин сая кеткен жаштыгынын өтөлгөсү уулу эр
Хан Ормон
жетсе ошону менен төлөнөт. Биз төркүн жагы кызыбызга ыраазыбыз, — деп сөзүн бүтүрдү
Салыбек бий.
— Сакең калыс сүйлөдү өз жагына тартпай.
— Келинге убал болот го, өмүр бою жесир өтүп, — деген үндөр басылып, жыйын тынчый
түшкөндө Ормон калбаат ордунан турду.
— Бийлердин сөздөрү угулду. Баатыр ага, жыйын башы мансабыңызды мага ыйгардыңыз
эле, сиздин кеңешиңизди уксак дейм, — деп Ажыбек даткага кайрылды.
— Ыракмат баатыр, кеңеш сураганыңа. Бийлик кезмегин эрким менен бердим эле, бүтүм
чыгаруу эрки да сизде болсун. Жоомарттыгымды акырына жеткирейин, — деп борс-борс
күлдү датка. Ой ойлоого отурган бийлердин арасынан омоктуу бугу бийи Боронбай:
— Эки тараптын мүдөөлөрүн, ой ойлогон бийлеринин сөздөрүн уктук. Эми баатыр, бүтүмдү
өзүң чыгар, — деди да обдула козголуп, кончунан күмүш чегеленген чакчасын алды.
— Ыракмат. Ойчул бийлер, калайык калк, тагдырдын оош-кыйышы татаал иш. Ошентсе да,
ак менен каранын, мүдөөлөрүн айтышкан үй-бүлөлөрдүн бүгүнкү мүшкүлү менен келечек
үмүттөрүнүн ортосун жара, адилеттик издеп көрөлү, — деп бир тынымга ойлуу тура сөзүн
улады. — Жеңесинин жанында уулундай эркелеп жүргөн наристе балага баш байлоо экөөнүн
тең өмүрлөрүнө каскак болот. Бала бактылуу баео балалыгынан ажырайт. Келиндин жаш
өмүрүн сая кетирип, арзуунун арылгыс кайгысына чөгөрөт. Үй-бүлөдөгү адамдык салтка да
доо кетет. Келиндин өмүр бою Сөлпүнүн үйүндө уулунча кызмат кылып өтөйүн дегени, бала
үчүн баарына кайыл болгон эненин өз тагдырын курмандыкка чалганы, адамдыкта өтөлгөсү
өмүр кунуна теңдеш аруу туюмдардын бар экенин далилдеген эненин эрдиги. Бирок
курмандыктар да дайым эле кабылдана бербейт. Алла таала да Ыбырайым байгамбар уулун
курмандыкка чалганда кабылдабай ыраазы боло курмандыкка асмандан кой түшүргөн. Биз
да эненин курмандыгын кабылдабайлы, — деген сөздөргө дуу эткен жыйында:
— Бали, топ салыштырды — чечен тура.
— Көсөм киши тура, — деген кубаттоолор Ормондун сөзүн коштоп турду.
— Бүтүм мындай болсун, — деп сөзүн улады Ормон, — жесирдин башы ачылсын төө
баштаган үч тогузга. Бирок баласы эр жеткенче энеси менен жашасын. Эр жеткенде, Кудай
акы, Сөлпү карыянын колуна келерин аныктап коелу. Небере чоң атасынан чоочун өспөсүн
үчүн Майлыбай баланы жыл сайын кеминде эки ирет белек-бечкек менен жиберип турууга
милдеттүү болот. Эки куданын байланышы үзүлбөсүн. Келин эрге тийсе да ушул шарт
сакталсын. Бул шартты бузгандар Кудай алдында, эл жыйыны алдында жаза тартат.
— Баракелде, адилет бүтүм болду.
— Албетте боконосу катканча баланы энеси тарбиялаганы оң.
— Уулу Сөлпүдөн кол үзбөй турган болбодубу, — деген кобур аралап жыйын дүүлүгүп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 09
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.