Latin

Хан Ормон - 39

Total number of words is 3898
Total number of unique words is 2173
26.6 of words are in the 2000 most common words
39.8 of words are in the 5000 most common words
46.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кошо аттанган Абыла туугандардан Дөөлөт, Сокур, Бөрү, Көрөгөч, Сатыкул үйрүлүшүп аякбашында.
— Кулан балам, — деди көптү көргөн Дөөлөт, каны ичине өтүп уюса жаман болот, алып кел
таза чылапчын, сууга оозумду чайкат, жарадан канды соруп туралы, кудайга карайлы, —
деди.
Дөөлөт, Сокур, Бөрү, Сатыкул төртөө алмак-салмак сорулган канды жез чылапчынга куюп
турушту.
Көз байланып, жылдыз толгон маал. Дем алуусу улам оорлоп бараткан хан көзүн ачып:
— Дөөлөт, эми соруп убара болбогула, жөн койгула, жакын калды. Ыйман айт, Дөкө — деди
Ормон хан.
«Быссымылла ырахман ырайымды» угуза айтып, калганын ичинен күбүрөй үч ирээт дем
салды да, ордунан туруп, Сокур менен Сатыкулга «тышка чыгалы» дегендей ишарат кыла
сыртка жөнөштү. Кыраакы Дөөлөт хан керээзин кызына жалгыз айтсын деген эле.
— Жаздыкты бир аз бийиктетип, жаныма отур, балам, — деп боюн түзөгөн болуп, сөзүн
улады Ормон хан. — Жеткен ажалга чара жок, балам, кайрат кыл. Өмүрүмдү балдарыңа
бердим. Мусулманбыз. Кудай кошкон куда эле, Боронбайды кечирдим. Дөңгө келип салам
айтып, алымды сурады, болот, ошо кечиргенге татыйт.
Өмүрзакка ыраазымын, мага жапкан кара кашка ыпчасын хан атамдын табериги деп өзү
кийсин. Менин сөөгүмдү өзүң алып бар. Кайра кел, таш түшкөн жеринде оор, чүрпөлөрүң
турат, — деп энтиге демин жыйып турду да, — Үмөтаалыга айт, ал эстүү, бирок өзүм билем
дегенин коюп, элге баш болсун. Бугу, сарыбагыш эки бир туугандын балдары жарашып эл
болушаар, жарашуунун ата-бабадан калган жөрөлгөсүн Шаменге кеңешишсин. Адылга айт,
Нышанын Мырзасына көз салсын, Жантайга ишенич жок эле. Төрөгелди мен деп жүрүп өлөр,
— деп сөзүн бүтө албай «кыр» сунала түшүп көзү жумулду.
«Атаке-ее», деген Куландын ачуу үнүнөн улам Дөөлөт, Сокур, Көрөгөч Сатымкулдарды
ээрчий Өмүрзак да кирди.
— Кулан, кагылайын, ыйдан пайда жок. Ханды жайына алып коёлу, суу, чоңураак чылапчын
келтир. — деди Дөөлөт.
Ак өргөөнүн эр жак капшытына тартылган ак көшөгөнүн ичине баш-аягына мом шам
жагылып, хан жасанаты43 жайлашкандан кийин, Кулан тескери карап үн чыгармакчы
болгондо:
Хан Ормон
— Хандын жоктолуучу жери бул эмес, Кулан карындашым, Ордосуна барганда жоктойбуз.
Тиги үйдө мундуз Байсейит баш болуп 10 — 15 киши камоодо жатат, иштин жайын айтып,
үйгө алып кел, ханды алып кетүүнүн камын сүйлөшөлү, — деп Өмүрзакка кайрылды Дөөлөт.
Эртең менен күн көтөрүлө жол үстүндөгү үч ак боз үйдүн алдына жибек нокто катылган,
жибек буйлалуу килем комдолгон Кара атандын үстүнө узата коюлуп арчындалган кереге
килем менен оролуп, үстүнө алтындалган парчага оролгон Ормон хандын жасанаты, үстүнө
кочкул кызыл килем жабылып, жөнөөгө даяр болду.
Мундуз Байсейит, Дөөлөт, Сокур, Көрөгөч, хан койчусу болуп 15-20ча киши хан жасанатынын
эки тарабында баштарын төмөн сала турушту.
Үртүктөлгөн азем токулгалуу боз жорго мамыда, ээр токуму аялдарга ылайык дагы эки ат
байлануу. Өргөөнүн эшиги ачыла элечегине кара тасма тартылган, жеңил кундуз ичикчен
Кулан чыгып, элечекчен эки аял, эки жигит колтуктай, Өмүрзактын артына келип турду. Даяр
турган жигит боз жоргону мамыдан чечип, Куландын алдына тартты. Өмүрзак колтуктап
аткарып, атандын буйласын колуна берди. Эки аял эки жагында коштой аттанды.
— Кулан, айланайын, көзүңө жаш албай жөнө, Кудай алдында ата-бабанын арбагы ыраазы
болсун, — деп Байсейит алакан жая «Алло акбар» дегенде, Кулан аяр темине буйла чойду. Хан
жасанаты каралуу орундан каалгый көтөрүлө узады... Ордосуна узады.
Турган эл жапырт аттанып, хан жасанатынын артынан жөнөдү. Өмүрзак чогуу аттанып,
Куланга жанаша бастыра сүйлөшүп, бир аз узата кайра тартты. «Аялын ээрчип, кайын
атасынын кунуна кетиптир» деген айыңдан сактанды.
Үч боз үйдөн ары Түп суусун бойлоп Шатыга чейин шыкала отурган Боронбай бийдин,
бугудан башка Алыбекке ыктаган саяк айылдары түнү менен жапырт жүк коюп, Кызыл-Кыя,
Сан-Таштан ары көчүп кеткен. Ээн журтта кара дөбөт чочойо улуп отурат, журт үстүндө
кулаалы каалгыйт.
Хандын сөөгүн узаткан каралуу топко жондогу айылдардан атчан кишилер улам кошулуп,
калың эл узатып баратты.
Кичи Ак-Суунун сол өйүзүндө калың айылдын карааны көрүнгөндө мундуз Байсейит алдыга
чыгып:
— Хандын жасанаты Ордосуна ыйсыз түшсүн. Жайына коюлгандан кийин, хандын каралуу
туусу көтөрүлгөндө жоктоп түшөлү, — деди.
Топтон бөлүнгөн Дөөлөт баштаган үч-төрт киши узата хан жасанаты ордосуна бет алды.
Ханды жоктоочу эл калдая күтүп турду.
Каралуу Ордо. Эшиктин оң ыптасында айчыктуу кызыл туу, сол ыптасына түпөктүү найза
сайылган. Ордонун кире беришинде найзасын кармап туулга, соот кийген эки жоокер турат.
Калыгул аке башында Ныязбек бийдин сегиз уулу, тогузунчусу Түлкү баатыр эшиктин эки
жагына бөлүнө баштарын ийип, аза күтүп турушат. Үчүке тукуму, азык, саяк, чечейден калың
эл жарданып, үнсүз тунжуроодо. Ордонун алдынан тосуп чыккан Саза Куландын колунан
атандын буйласын алып, өзүн аттан түшүрдү. Кулан үн чыгарбай, эки аялдын коштоосунда
чоң үйгө Кусубалды байбиченин үстүнө кетти.
Кара атан «бук» эте чөгүп, Махмуд дамбылда баштаган төрт-беш даараттуу кишилер хандын
жасанатын Ордого киргизип, шарият шартын түзөп жайлаштыргандан кийин, хандын
туусунун алдына кара аза желеги көтөрүлдү.
Жоктоо. «Эсил кайран» деген өкүрүк аба жара бута атымда күтүп турган түмөндөгөн калың
атчандар текирең-таскак менен келип, ордонун эр жак капшытына түшүп, ханды жоктошту.
Армандуу аза чуусу абаны термелте, теребел томсорот.
Өкүрүк басыла бети-колго суу куюлуп, айлана тынчый, ордо үйдөн хандын жесирлеринин,
келин-кыздарынын, атайын кошокчу аялдардын бири-биринен озо безеленген кошок үнүнө
көптүн көңүлү бурулду.
Кошок маркумду эскерип, сыйнат көрсөтүүчү жөрөлгөлөрдүн өзгөчөсү. Маркумдун адамдык
сапатын, өмүрүндөгү өрнөктүү иштерин, жоомарттыгын, айкөл кеменгерлигин жүйөөлүү
көркөм жамактатып, укканды кайгыга орток кылып, өрнөктүү өткөн өмүргө муютат. Бир
оокумда жалпы ый басаңдай, муңкана созолонгон үн угулду. Бул кошокчулар бүткөндөн
кийин бөлүнө чыккан хандын кызы Куландын үнү эле.
Бул опосуз дүйнөдөн,
Пайгамбарлар баары өткөн.
Падышалар дагы өткөн.
Хан Ормон
Ажат үчүн жан кыйып Атаке ай,
Атантай жоомарт дагы өткөн.
Атакем,
Пайгамбардан бата алган,
падышадан кат алган.
Кадыры өтүп калкына,
«Хан Ормон баатыр» атанган.
Калың кытай келгенде
Кашкарлык кожо кайрылып,
Жол сураган атамдан.
Кармашалы чогуу деп
Кол сураган атамдан.
Хан атамдын каарына,
Кара калмак таң калган.
Омбудан орус обдулуп,
Достошууга кол сунган.
Кызматын кыпчак узаткан
Кылычын Кокон бошоткон.
Көрбөй жоосу багынган,
Алы жетпей Кокондук
Тартуу берип жагынган.
Азуусун айга бүлөгөн,
Айкөл атам Хан Ормон
Акылын элге үрөгөн.
Ажалы жетти аңдоосуз
Бир кылжырдын баласы
Аңдып турган бирөөдөн.
Кошок уланууда.
— Бали, кыз болсо ушундай болсун!
— Атасынын Никелей падышадан кат алганын айтып жатпайбы.
— Кашкар кожосунун кол сураганын...
— Баракелде, баланы ушун үчүн тилейт кудайдан...
— Ормон ханды тирилтип атат.
— Сөз эмес бекен, — деген сөздөргө удаа казакча чалкыган Уулбаланын үнү угулду.
— Аруу сезим ойгонуп,
Айдай кыздын азганы.
Алаштан ооп атайы,
Арзып тийген хан күйөөм,
Ала-Тоонун арстаны.
Ак калпак кыргыз журтунун
Айтып бүткүс дастаны.
Кара кыргыз калкына,
Калканч болгон кеменгер.
Капилеттен акыл таап,
Жол баштаган айкөл эр.
Каптап калың жоо келсе,
Кол баштаган жаангер
Ак айчыктуу хан туусу,
Текеликке сайылган,
Ормон окуу акылы,
Аңыз болуп жайылган,
Эрдик менен жоо жеңип,
Эл сактаган хан күйөөм.
Казак, кыргыз эки элди
Тең сактаган хан күйөөм.
Хан, шахтарды жыйнатып
Хан Ормон
Кара кыргыз калкыңды
Бек сактаган хан күйөөм.
Орус чеби Капалда,
«Нааме» жазган хан күйөөм.
«Казак, кыргыз дос эл» деп
Даана жазган хан күйөөм.
«Достук, тынчтык, бейпилдик,
Урпактарга мурас» деп,
Каада жазган хан күйөөм.
Ак айчыктуу хан туусу
Айчыгы түштү — жазылбайт.
Арзып тийген асыл жар,
Арманы эч бир басылбайт...
— Бул да келиштире айтып өттү.
— Бекеринен казактан арзып келиптирби?! — деген үндөр. Уулбала менен Кулан алмаксалмак үн сала кошуп, Ормон хандын элеси, өрнөктүү иштери көптүн кез алдынан өтүп турду.
Сыңар тизелей камчы саптарын таяна, баштарын ылдый сала, калың эл каралуу аялдын,
армандуу кыздын күйүтүнө орток болуп турду. Кырчындын оозунан ылдый тарта жол боюна
чейин казканаттай боз үйлөр тигилип, мал союлуп, ханга топурак салууга келген эл
коноктолуп атты.
Ат-Башыдан билерман тун уулу Үмөтаалы, черик бийи Ажыбек баатыр, Чоро саягынан
Келдибек, Осмон даткалар, Жумгалдан Дуулат, Эраалы, Чүйдөн Жангарач, Кеминден Жантай,
Таластан Бүргө бийлер келип, бейшемби күнү түш оой Ормон хан түбөлүк жайына коюлду.
Ормон ханга топурак салууга келген кыргыз бийлери, билермандары чоң үйдө каралуу
байбиченин алдында куран окуп, үзүр-масир жай айтып отурушту.
— Каранын ханы, хан кудам, кайран эр Ормон армандуу көз жумду, — деп отургандарды
карай сөз улады черик бийи Ажыбек. — «Кыргызды бириктирем, хандык курайм» деген
туубуз жыгылды. Арты кайрылуу болсун, кыргыздын кыйыры бузулбасын. Мында кыргызга
баш-көз болгон «кара көз, ак көз» дегидей баарыңар отурасыңар. Мен Боронбай бийге айткым
келет. Кудай кошкон кара чечекей кудасы эле. Өлүмү ошол колдуу болду. Чиркин, бастырып
келип бир ууч топурак таштабады. Эмне, «Ормон хандын өлүмү суроосуз калат» деп ойлойбу?
Менин масилетиме көнсөңөр, Боронбайды чакыртып, көзмө-көз сүйлөшөлү. «Оруска өттүм»
ден ханга салам бербей коёбу?! — деди.
— Топурак салууга келбегени жанынын таттуулугу, — деди Осмон датка Тайлак баатырдын
уулу, Үмөтаалынын кудасы.
— Жөөлүгөн чалдын жаны кимге керек. Эч ким тийбейт келсе, — деди Үмөтаалы.
— Келсин, хандын кунун кантип толтурат экен, көрөбүз, — деп кайра сөз кыстарды атасын
тарткан өткүр Осмон датка.
— Бизге чабармандан кат жибериптир. «Биз бир Кылжырдын балдарыбыз, өз ичибизде
тынышалы. Силер кийлигишпегиле» дептир, — деди Жангарач бий.
— Ошондой кат бизге да келди, — деди кушчу бийи Бүргө.
— Мына кызык, Ормон хан Кылжырга эле тиешелүү бекен? Ал жамы кыргыздын ханы,
келсин сүйлөшөлү, — деп алгачкы сөзүн аныктады Ажыбек бий.
— Ажыбек баатыр, сиздин айткандарыңыз ырас. Ошентсе да жамы кыргыз чогулуп бугу
туугандарыбызды жектебейли. Боронбай өзү жазган тура бийлерге «өзүбүзчө бүтөлү» деп.
«Аксактын акырына кара» деген кеп бар эмеспи. Боронбай баш болгон бир ууч кишилердин
азабын калың эл тартпасын, — деди Калыгул.
Бийлер, билермандар ары калчап, бери калчап акылдаша, «элди бүлүнтпөйлү» деген
Калыгулдун оюн туура табышып, куран окуп, Ормон ханга акыреттик жакшы жай, кыргыз
элине тынчтык тилеп, бата тилей жер-жерине кайтты.
Ормон хандын Ордо үйү. Төрдөгү хандын оруну бош. Бош орундун оң тарабында Калыгул аке,
сол жагында Токтор аке, Жаманжээн, Төрөгелди, Саза, аларга каршы тарапта уй мүйүз тарта
Ныязбектин сегизбеги: Бердибек, Субан, Бердикожо Ажы, Шатен, Кожобек, Ырыскулбектер,
Адыл, Абыкан, Манде, Үмөтаалы жана Ормон хандын башка уулдары отурушат.
Хан Ормон
— Көбүңөрдөн жолум кичүү болсо да, Калыке, Токтор аке, хандын ордосуна баш кошууңарды
мен сурандым эле. Каранын ханы атабыз кара нээттин колунан мерт болду. Кеңешели дедим.
Хандын куну кандай болот? — деди Үмөтаалы, улууларга көз жибере.
Дөңдө отура өз үйүнө ок чыгарып, жазыксыз аялын атып өлтүргөн ырайымсыз жоруктары
канкор атыктырган бул айлакер, татаал да, акылдуу да киши атасынын өлүмү үчүн алынуучу
кундун, төгүлүүчү кандын ченин көз алдына келтире албай турду. Канча болсо да көксөөсү
суучудай эмес...
— Кеңешкенибиз дурус, кеңешели, — деп Калыгулду карады Токтор карыя.
Сөз угуп, анан сүйлөгүсү келгенсип, Калыгул ойлуу отурат.
— «Баланча бер, түкүнчө төлө» деп доо койгондой бул жөнөкөй каранын куну эмес. Каранын
ханын өлтүрүштү. Боронбай, Балбай, Мырзаны кармап мууздагандан кийин кун сурайбыз, —
деди Төрөгелди.
— Баатыр туура айтат, адегенде желдеттин башын кесип, анан кун доолайбыз, — деди эр
көкүрөк Ажынын уулу Абыкан.
— Ханга кол көтөргөндөргө казап көрсөтөбүз. Калың жасоо кайрыйбыз. Жантай бийдин түрү
башка көрүндү. Үчүке тукуму, сарбагышка кирген азык, чечей, чагалдак, черик, Жумгал,
Куртка саяктары кошулат. Тездейли, «урушта туруш жок» дейт, — деп курчунан кетти Адыл.
— Шашылбагыла, хандын керээзи бар тура, «сарбагыш, бугу элдешип, журт болсун» деген.
Атайылап элчи жиберип сүйлөшөлү, «элдешүүнүн жайын Шамен ойлосун» деген тура. Шамен
мырзанын сөзүн угалы, — деп төмөнүрөөк олтурган жашы көбүнөн кичүү, кагелес, сары
чийкил, жээрде сакалы жайкалып төшүн жапкан, каштары коюу, чекирирек сурмалуу көздөрү
ойлуу тиктеген кырдач мурун жигитти, Ныязбек бийдин иниси Куттуксейит уулу Шаменди,
карады Токтор аке.
Шамен сакалын сылай каада сактап оңдонуп отурду да.
— Калыке, хандын керээзин уккандан бери ойлонуп жүрөм. Бул жөн эрдин куну эмес. Үч шарт
ойлодум. Бири Боронбай, Муратаалы, Качыбек, Балбай, Өмүр, Мырза, Ногой, Качыбек
баштаган 13 эрди чыгарып беришсин, көгөнгө байлап мууздайбыз, ошону менен кун бүтөт.
Болбосо миң жылкы, Боронбай, Муратаалы Качыбектердин кыздары баштаган жүз кызды,
үртүктүү жорго мингизип, адеми торко кийизип, каркырасын кайрыбай чыгарып беришет.
Бир жыл кармайбыз. Жаккандарын бүлө этебиз, жакпагандары кайра кетет. Үчүнчүсү бугу
уругу Ысык-Көлдү бошотуп, Текеске биротоло ооп кетишет, — деди.
— Өтө катаал ойлорду ойлогон экенсиң, Шамен мырза, — деди көптү башынан кечирген
Токтор аке.
— Бул шарттарың, Шамен иним, элдешип эл-журт боломун эмес, чоң алааматты баштоонун
шарттары экен, — деди ойлуу түнөрүп отурган Калыгул аке.
— Анан эмне, жарыктык, жөнөкөй эрдин кунундай эле, 300 жылкы доолайлыбы? — деди
Шамендин ойлору купулуна толо түшкөн Үмөтаалы.
Калыгул терең күрсүнүп оңдоно отурду да:
— Биздин туюмда тээ Искендер Зулкарнай, Чынгыш хандан бери ханга кун бычылган эмес
экен. Элдин ишеними, убал-сообу — хандын куну ошо гана болот. Алтын ордо Кокондо,
Хыйвада канча хан өттү. Эч бирине кун төлөнбөгөн, күнөөлүүлөр гана жазаланган.
— Калыке, — деди Төрөгелди, — «ханга кун болбойт, күнөөкөрлөр жазаланат» дедиңиз. Кеп
ошол күнөөкөрлөрдү жазалоодо. Хандардын өлүмү — согуштун себеби, Көлдү үч айланып
чапмайынча көксөм суубайт. Хан агам үчүн өчүм канбайт, — деди Төрөгелди.
— Күнөөлүүлөрдүн баштары кыйылат, — деди Адыл.
— Баш кесерден мурда, Ормон хандын керээзин аткаралы. Сүйлөшүүгө элчи жибер, — деди,
Жаманжээн кеңешчи.
— Калыгул аке баштаган элчилерди жиберели, — деди Саза.
— Мени жөн койгула, карыдым. Шаменди алып, Токтор, Жаманжээн, Саза төртөөңөр барып
келгиле, — деди Калыгул.
Ошол эле күнү элчилер Боронбайдын айлына жөнөп кетишти.
КАЙЫНДУУ КЫЗДЫН ЫЙЫ
Ормон хан өлтүрүлгөн түнү менен жапырт көчкөн Боронбай бийдин айылы Сан-Таштын аркы
жайыгында отурат. Шамен баштаган хандын кунун доолап келгендер бүгүн эртең менен
аттанышты.
Камдалуу, жасалгасыз шашыла тигилген бийдин чоң үйүндө доочуларды узаткандан
кийинки масилет. Төрдө Сарт аке, ага улай улуулаша Муратаалы, Кожокул, Өмүр, Балбай,
Тилекмат, Алибектер отурушат. Кабактары суз.
— Кудай эле өзү сактабаса, калайыкты чоң калабага тушуктуруп алдык бейм. Алыбек иним,
Ормон хан менен чырыңды өзүңчө бүтүрбөй, бизге келип элдин колтугуна суу бүркүп, убалга
калдың. Балбай, качан болсо кайратың акылыңдан озуп иш кыласың. Анын азабын деле
тартып жүрөсүң. Мына эми алааматтын өртү тутанды, — деди Сарт аке. Чекесин таяна ылдый
карап отурган Балбай үн дебеди.
— Кыйын кыжалат иш болуп калды. Ормон өлөрүндө ушундай катаал керез айтып кеткен
экен да, — деди Муратаалы Сарт акени карап.
— Кайдан, Ормон хан эр көкүрөк адөөлөт киши эмес беле. Ал «ажалым жетти», деп журт
ынтымагын ойлоп кеткендир, — деди Сарт аке.
— Ормон журт ынтымагын ойло десе, жанагы жер чечегин безеген Куттуксейиттин куу
кулагынын ойлоп тапканы. Балакетке тушуктук, — деп кончунан күмүш чегелүү чакчасынан
алаканына көмкөрө бир чымчым насбай салып, таноолоруна тийгизе кайра катты Боронбай
бий.
— «Орус келет, орус келет» деп көкүтүп жүрүп мына бул ногой убалга калдыбы дейм? — деди
ойлуу олтурган Өмүр.
— Аа, келеди, келеди. Коркмаңлар, мен Капалга жөнөймүн — бий акемиз айтты, солдаттар
вентовкалары белан келадилар, — деп чебеленди Файзулла тыңчы.
— Болор иш болуп, боёсу кангандан кийин анын өйдө-төмөнүн сүрүштүргөндөн не пайда.
Андан көрө элди кантип сактайбыз, ошонун жайын сүйлөшпөйлүбү. Элчилер: үч күн күтөбүз,
жооп болбосо, өз убалыңар өзүңөрдө» деп кетпедиби. Акыл кураганыбыз оң го, — деп
сакалдууларды карады, орундуу сөздөрү, ойлуу акыл-кеңештери менен элге төбөсү көрүнүп
калган, бою шыңга, маңдайы жазы, коюу каштуу, сурмалуу көздөрүнөн акыл учкуну жанган,
кырдач мурун, кер мурут, жүзү субагай, салабаттуу Тилекмат.
Мурда төмөнсүтүп алик албай келаткан Муратаалы бий да ийигип калган, оңдонуп отура:
— Кана, сен айтчы оюңду, «акыл жаштан чыгат» деген кеп бар эмеспи, — деди.
— Сарбагыштардын үч шарты тең элдин намысын тебелеп, муундан-муунга келеке сөз
калтырат. Кандуу кармаш болору айныксыз. Сарбагыш ичиндеги майда уруулардын баары:
Курманкожо, Кулжыгач, Чоро саягы баары биригип кол салат. Туруштук берүү кыйын.
Туруштук бере албайбыз. Эң башкы айла орус солдаттары келсе гана бизге эч ким кол сала
албайт; түбү орустан көп пайда көрөбүз. Байсылда тезинен Капалга жөнөсүн. Жок дегенде
замбиреги менен тез атма мылтыктуу 40 — 50 орус келсе эле жетет. Ага чейин улуу жүздүн
султаны Тезек төрөдөн кол суроо керек, — деди Тилекмат.
— Тезек төрө кантээр экен. Ормон Илеге барганда ат мингизип, тон кийгизип, дос болду деп
уктук эле, — деди Боронбай бий.
— Аблай тукуму мансап көксөгөн, жан жыргатканга ынтызар, катын жандуу келет. Ошого
жараша достугу да өзгөрүп турат, — деп сөзүнүн аягын бүтпөй, Боронбайды карады
Тилекмат.
— Аның ырас, бирок Тезек төрөнү кантип ийиктиребиз жана андан кандай жардам болот? —
деди Боронбай.
— Арбын мал сурайт го, паракор төрө? — деди Муратаалы.
— Тезек төрөдөн «кол курап бер, бул калабада бугу тарабында бол», дейбиз. Бул чоң күч. Аны
ийиктирүүнүн бир ыгы бар. Өткөн жылы жайында жайлоонун толуп турган кезинде биз
жакка мейманга Муке абама, сиздерге келип сый көрүп жүрбөдүбү. Ошондо «жер көрөм»
дегенине мен кошулдум. Биздин жайлоонун ажайып кооздугуна маашырлана, көңүлү толуп
баратты. Алдыбыздан жасалгалуу калың көч чыкты. Калдыбайдын көчү экен, көч алдында
чакан элечек, жеңил кара макмал чепкенчен, жүгү жасалгалуу кара атан жетелеген
байбичеден кийин, күмүш жабдыктуу, үртүктөлүү сур жоргочон, сур тукаба кемсел, үкүлүү
кундуз тебетейчен, беш тарам өрүлгөн чачтары алды-артына төгүлгөн, ак жүздүү, кара көз,
кара каш, кырдач мурун, оймок ооз керемет сулуу кыз келатты. Калдыбайдын кызы Төрөтай
Хан Ормон
сулуу экен. Бечара пендеде жок чырайлуу жан тура. «Ой пирим ой, мынау не деген керемет
жан», деп кыздан көзүн айырбай, оозун ачкан Тезектин тизгини колунан түшүп кетти.
«Төрөм, бизде ушундай сулуу кыздар көп» деп күлө, тизгинин аттын жалынан алып бердим.
Көч узап кетти. Биз да жолубузду уладык. Ошондон кетер-кеткенче суусап, Тезектин оозунан
«керемет» деген сөз түшкөн эмес. Мына ошол керемет сулууну Тезекке берип, төрөнү жетелеп
алабыз, — деди Тилекмат.
— Чырайлуу экени ырас, бирок кайыны бар, — деди Өмүр.
— Кайыны болсо, калыңын кайтарып бердиребиз. Калдыбай аке эстүү киши — калк башына
күн түшүп турганда баарына кайыл болот. Күйөө баласына калың бугудан каалаган кызын
алып беребиз, — деди Тилекмат.
— Оо, кокуй, төө кыядан өтүп кеткен. Күйөөсү келип жүрөт күйөөлөп. Жубан болуп калды го,
— деди кызга туугандык жайы бар Нышанын уулу Мырза.
— Жубан болсо, кайра кыз болсун, — деди Тилекмат Мырзага «Ормонго биринчи кол салган
сенсиң» дегендей, сөздөрүнө басым коё.
— Койсоңчу, жубан кантип кыз болот? — деди Мырза.
— Тиктир! — деп зирк этти Тилекмат.
— Эмне дейт чунак?! — деп чочуду Муратаалы.
Төрдүн эпчи жагында эркектердин сөзүнө кулак төшөй өзүнчө отурган Алым байбиче башын
көтөрө бийди карады да, кайра ылдый карап, бетин чойо шыпшынды.
— Андай болсо төрөгө башка кыз тандайлы, — деди Боронбай.
— Тезекке казактан кыз табылбай калды дейсизби, жарыктык. Кеп ошо көзү түшкөн кызда.
Мен эртең Тезек төрөгө аттанамын. Башка арга жок. Бий аке, бүрсүгүнү Тезек төрөнү
ээрчитип келемин. Калдыбай менен Мукем экөөңүздөр сүйлөшүп, эпке келтиргиле. Кыз
жагын жеңелери менен Мырза эпке келтирет. Тезек төрөдөн жардам албасак, элди кырып
алабыз. Орустун качан келээрин ким билет, — деди Тилекмат.
Боронбай, Муратаалылар жер карап, сөз токтоло, үй ичин кандайдыр ыңгайсыздык ээлеп
турду. Сөздү улоого эч ким батына албады. Даамды унчукпай отура сызышты да, бата тилене,
келгендер Тилекматтын акылына көнгөндөн башка арга жок экенине көңүлдөрү уюп
аттанышты.
Эртеси: «Улуу урматтуу төрөбүз жана башчыбыз Перемышльскийге.46
Орус букарасы бугу манабы Боронбай, Бекмурат уулу, Муратаалы Бирназар уулунан Өтүнүч
Силер келбедиңер. Ормон Ныязбек уулу өлтүрүлдү. Сарбагыштар анын кунуна 1000 жылкы,
Боронбай, Муратаалы, Качыбек бийлердин кыздары баш болгон 100 кыз доолап атышат. Биз
андай кун бере албайбыз. Алар кол курап, бизди кыргынга салууга даярданып жатышат.
Өз букараларыңар бугуну коргооңорду, куралдуу аскер жиберүүңөрдү башыбызды төмөн
ийип өтүнөбүз. Мөөрлөрүбүздү бастык: Боронбай Бекмурат уулу, Муратаалы, Бирназар уулу,
Качыбек Шераалы уулу. 1855-жыл, баш оонанын он беши» деген катты алып, Качыбек
Шераалы уулу Файзулла Ногаевди ээрчитип Капалга аттанды.
Иленин башатындагы мөңгүдөн суу түшкөн тулаңдуу төр жайлоодо отурган Тезек
төрөнүн айылына сарбагыш ичинде кадырлуу мундуз Байсейит баштаган элчилер келишкен.
Сыйлуу конок болгон сарыбагыш элчилери эртең мененки чай үстүндө Тезек төрө менен
аңгемелешүдө. Чайдан ууртап, чыныны дасторконго коё, сакалын сылай сөз улады Байсейит:
— Ормон хан кыргыз-казакка кадыр-кызматы өткөн каранын ханы эле. Экөөңөр үзөңгү
кагыша казак-кыргызга катар кызмат кылган эрендер элеңер. Алыш-катыш достугуңар да
бар эле. Ормон хан кара нээт кастыктын курманы болду. Кабарыңыз бардыр? — деди
Байсейит.
Арийне, биз Ормон хан экөөбүз дос эдик гой. Мен жуда капамын, — деди Тезек.
Бугу туугандар хандын кунун төлөөгө тийиш. Алар деле кун төлөгүлөрү жок. Кол курай жапа
чеккен сарбагыштарга чабуул койгонго азыр даяр турушат. Биз сизден, улкен улук султан,
Ормон хандын досу катары жардам сурап келдик, кол кураганга жардамдашууңузду өтүнөбүз,
— деди Байсейит.
— Албетте солай болады гой. Алды мен андан Каркырага үй тигип, сендерди шакыртып кун
алып беремин, — деп мурутун сылап, чай ууртады Тезек төрө.
Аңгыча эшик ачылып, шыңга бойлуу, ак пиязы кемсели, ак калпагы боюна жараша, салам
айтып кирген Тилекматты көрүп, каадаланып олтурган Тезек төрө ордунан ыргып тура:
Хан Ормон
— Алейкума салам, баурым Тилек, — деп кучагын жайды; экөө айкалыша кучакташып
көрүшүп отургандан кийин, Тилекмат Байсейитке баш ийкеп учурашкан болду.
— Тилеке, калай, арымай-ашмай келдиңби? Калкың эсенбе, кадырлы бийлер Боронбай,
Муратаалы ак сакалдар күүлү турамы? Калктын мал-жаны эсенби? — деп жапакечтене
эсендик сурады Тезек төрө.
— Эсенчилик болбой калды, төрөм? — деди Тилекмат сунулган чыныны алын, чай ууртай.
— Аа, баурым Тилеке, кападарсың го, не болуп кетти? — деп аңкоосунду Тезек Тилекматтын
эмнеге келгенин билип турса да.
— Калкыбыз бүлүнүп, кайгыбыз күч, төрөм. Уккандырсыз Ормон баатыр өзү келип,
кагылышта каза тапканын. Албетте өкүнүчтүү иш болду, тагдыры ошондой экен. Сарбагыш
туугандар өнбөй турган кун доолап, элди бүлүндүрүп, жасоо курап кыргын салганы турат.
Бугу эли сүрүлүп, Каркырадабыз. Сарбагыштар эртең-бүгүн чабуул койчудай; малыбызды
тийип, тынчытпай жатат. Андан Текес, Кыязга кетчүдөйбүз. Кетер алдында алиги көчтөн
көргөн аманатыңызды берип кетели деп сизди чакырып келдим, — деди Тилекмат.
Жүзү тамылжый күлүңдөгөн Тезек:
— Оо, ал «аманат» сау-саламат жүрөмү? Ай, баурым Тилеке, жетиксиң да, унытпаган экенсиң,
туйган экенсиң төрөңдүн көксөөсүн, — деди мурутун сылай.
— Аманатыңыз соо-саламат. Сиздей улук адамдын көзү түшкөн нерсе аманат да. Өз ээсине
берели деп турабыз. Аманат мойнубузда кетпесин, — деп мостойо Тезекти карады айлакер
Тилекмат.
— Рахмат, Тилеке, сага да, бийлерге да, — деп жапалактады да, кайра мостойо:
— Мынагу сарбагыш туугандар «Ормон хандын кунун төлөтүп бер бугулардан» деп келип
турго, — деди Тезек төрө.
— Ошого келген экенсиздер да, — деп Байсейитти карады да, кайра Тезек төрөгө кайрыла:
— Төрөм, булар Кенесары ханга, Норузбай баатырга кун беришти беле? — деди.
Намысына тие түшкөн жүйөөлү суроого буйдала түшкөн Тезек төрө:
— Солай го, өзгө ханга кун бермей, өз ханыңарга кун доолаганыңдар калай? — деп
Байсейитти карады.
— «Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө, ооп турат күнүгө, жардамды кудайдан тилейбиз» деп, — сөз
жедирбеген Байсейит Тезектин алсыздыгын белгилей, бата тилеген болуп ордунан тура
жолдоштору менен чыгып кетти.
Тезек төрө бугу-сарбагыштын өз ара чатагын басуу колунан келбесин түшүнүп турса да, эки
жагын тең опузалап, өзү колго түшүп турган пайданы көрөйүн деген ойго бекиди.
Тилекматты сыйлап бир өргүттү да, эки жигит алып, ырчы-домбрачысын ээрчитип,
үртүктөлгөн боз жорго жетелеткен Тезек төрө Каркырадагы бугу айылына жол тартты.
Сан-Таштан өйдө жайыкта отурган айылда демейдекиге окшобогон кыз аткаруу камылгасы
жүрүп жатты. Султан күйөө Тезек өзүнө атайын көтөрүлгөн өргөөдө кыз оюнсуз, салабаттуу
бийлердин, айыл билермандарынын ортосунда. Өткөн замандагы кереметтүү акылмандар,
сынчылар, баатырлар жөнүндө өрнөктүү жана нускалуу окуялар айтылып, залкар күүлөр
чертилип, казак өлөңдөрү айтылып жатты.
Күйөө каранын бири эмес, Аблай урпагы болгондуктан, кара аламан үй-бүлөдөн чыгуучу
колуктуну тойсуз, тартуу катары берүүнү ылайык табышты.
Султан күйөөгө тартуулануучу колукту Төрөтай сулууну башка өргөөдө эпчил жеңежелпилери «кам көрүп», султан күйөө ыраазы болгондой аракеттин үстүндө.
Көз байланаар маалда сый тамак бүтүп, бата тиленгенден кийин, бийлер төрө менен кош
айтышып, эртең менен келип өзүлөрү узата турган болушуп айылдарына аттанышты.
Эртең менен күн чыга, Тезек төрөгө көтөрүлгөн ак өргөөнүн алдында салабаттуу бийлер,
сөөлөттүү байбичелер, кыздын ата-энеси, ага-туугандары жардана турушат. Тезек төрөнүн
сымпоочтолгон ээрлүү жээрде аргымагы, күмүш токулгалуу боз жорго кермеден чечилип,
чогулгандардын алдына туура тартылды.
Өргөөнүн эшиги ачыла калдая басып, маанайы көтөрүңкү Тезек төрө, артынан тирүүлөй азап
тарткан Төрөтай сулуу чыкты. Бүркөнчүк ичинде денеси солкулдап ыйлап турган кыздын
тирүүлөй азап тарткан абалы аянычтуу эле.
Тезек төрө кадырман бийлер менен кол кысыша коштошуп, тартуу купулуна толгонун
билгизген болуп рахматты кабаттап айтып аттанды.
Хан Ормон
Алдына тартылган боз жоргонун үзөңгүсүнө бут сала албай титиреп турган Төрөтайды
жандаган эки жеңеси, ат суулуктаган жигит үчөөлөп колтугунан көтөрө ээрге мингизишти.
Эки жеңеси кошо аттанды. «Оомийин, жолуңар ачылсын» деген батага аралаш:
— Оо, айланайын каралдым, сени ушундай каран күн үчүн туудум беле?! — деп үзөңгүгө
жабыша боздогон эненин муңдуу үнү көптүн көзүнө жаш келтирди. Аргасы кеткен бийлер
арга болор бекен деп кыз өмүрүн сайышты тобокелге.
Өмүрү үмүт дайыма эле ордунан чыга бербейт тура. Султан күйөө үмүттү актабады. Кол курап
жардамга келбестен «Каркырага он беш үй тиккиле, сарыбагыштар да он беш үй тиксин, —
тартуу менен келишсин. Мен силерди жараштырам» деген кабар бугу бийлеринин
шаабайларын суутту.
Кун сурап доосуна жооп ала албаган сарбагыштар тынчытпай мал тийип, майда чабыштар
күн сайын дээрлик уланып турду. Кызыл-Жардагы Боронбайдын там-тарагы бузулуп, бакдарагы кыркылып, тыптыйпыл болду.
Тезектен үмүтү үзүлгөн бугулар болушунча өз күчтөрүн жыйнап, эми жардамды орустан
күтүп атышты.
1855-жыл, 8-сентябрь.
Боронбай бийдин зарыга күткөн күнү да келди. Тогуздун айынын башында Качыбекти
ээрчип Хорунжий Лутчев баштаган куралдуу казак орус Каркырага келип, байдын айылынан
өйдө чатырларын тигишти. Бий ойлогондой, аскер башы төрө аксарыбашыл ай туякка да
келбеди. Өзүн чакыртып тилмеч аркылуу бугу айылдарын чабуулдан сактоо үчүн келгенин,
«каршы тарап» менен сүйлөштүрүп жараштырарын айтып, Үмөтаалы, Төрөгелди, Калыгулду
келип жолугууга чакырган кат жазып, жол көрсөткөнгө ылайыктуу киши коштуруп, куралдуу
үч жоокерин жиберди.
Үмөтаалы катты окутуп, орустар каптап кирбей, кат жибергенине ичинен тынып:
«Сүйлөшүүгө макулбуз, жакынкы күндөрдө барабыз. Өзүбүзчө акылдашканга убакыт берсин»
деген жоопту берип, орус өкүлүн кайтарды да, барбай убакытты создуктуруп турууну чечти.
Үмөтаалынын келишин күтө берип 20 күн өттү. Боронбай бийдин: «Алар келбейт,
душмандыгын коюшпайт, айылдарын каптап кириңиз, биз ээрчип баралы өз колубуз менен»
деген сунушун кабыл албай, «биздин мөөнөт бүттү» деп орустар тобу менен кайра кетип
калды. Бугуну букаралыгына кабыл алса да, Кокон багынмайын кара кыргыздарынын
жаңжалына кийлигишүүнү каалабаган орус бийликтери Боронбайдын кайгысына кайдыгер
эле. Ормон хан өлгөндөн кийин, эртеби-кечпи кара кыргыздар эч кайда буйтай албасына
алардын көзү жетип турган. Каркырадагы казак орустардын кыймылына тымызын көз
салдырып турган Төрөгелди, Үмөтаалылар алар кетери менен «чабышчу жерге келгиле» деп
күн белгилеп кабар жиберишти. Кан төгүшүү башталганы турду.
ЧАБЫШ
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 40
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.