Latin

Хан Ормон - 10

Total number of words is 3927
Total number of unique words is 2141
26.3 of words are in the 2000 most common words
39.9 of words are in the 5000 most common words
45.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ошону Кош-Булак дешет, — деди сыягы мурда бул жакка каттап жүргөн сыпай.
— Аа, ошондойбу? — деди ээрине оңдонуп отура, — хазрети, кандай кабыл алар экен
кыргыздар, — деп Ахрар ажыны карады Ташмухаммед бек.
— Кудаага сыйынабыз да, хан бийлиги атынан келебиз. Колубузда жарлык бар. Кантсе да эл
башкарган Ныязбек бийдин уулу эмеспи, сый менен кабыл алар деп ойлоймун. Сиз бек
каадасын тутуп, сыпаа болууга, көп сүйлөбөөгө аракеттениңиз. Мен кыргыз бектери менен
жолугушууларда болуп көргөнмүн. Булардын каада-салттарын да бир аз билемин. Сиз
өзүңүздү кайтарууга сыпайларды койсоңуз осол болор, — деди имам.
Айылга жакындаганда бойлорун түзөп, оңдонуп отура шайбыр жүрүшкө өткөн атчандар экиүч артылыштан кийин белес аша, кашатка чыкканда көз алдыларына келбээрсиген КошБулак өрөөнү тартылды. Төр жагы ак мөңгү баскан карагайлуу аска тоо, көйкөлгөн көк
шиберлүү өзөндү жара аккан көк кашка тоо суусунун эки өйүзүнө конгон калың айыл, көк
шиберлүү түзөңдө чатыраган ак үйлөр көздүн жоосун алат. Берки өйүздөгү айылдын өйдө
жагына тигилген беш үй өзгөчө көрүнөт. Он эки канат аземдүү ак үйдүн оң ыптасына
түпөктүү найза сайылган, ак калпак, ак пиязы кемселчен, күмүш кемер курчанып, кылыч
байланышкан, саймалуу кандагайларынын багалектери көн өтүктөрүнүн өкчөсүн жаба
көлбүгөн шайдоот эки жигит эшиктин эки жагында турат.
Көтмалдыдан келүүчү коноктор үчүн ашкана үйдөн өйдөрөөк көтөрүлгөн ак өргөнүн
жасалгасы да өзгөчө.
Хан Ормон
Атчандар кашаттан көрүнгөндө утурлай алдынан тосуп чыккан эки жигит меймандарга
салам айта, атайын көтөрүлгөн өргөгө узатып келип, колтуктап түшүрө, аттарын кермеге
байлашты. Өргөдөн чыккан салабаттуу Саза колун көкүрөгүнө баса салам айтып, ызаат менен
өргөгө кирүүлөрүн өтүндү. Тогуз канат өргөнүн ичине ала кийиз, шырдактар салынып,
үстүнө кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн. Төрүнө адеми жууркандардан чакан жүк
жыйылып, ак жаздыктар тирелген, капшыттарына килемдер тартылган. Кокондуктарга
ыңгайлуу болсун үчүн төргө кыдырата жаздыкчалар коюлган. Эпчи жагында кийим илүү
үчүн күмүш чабылган ачалуу ала бакан турат. Үйгө кире бир аз элейе калган кокондуктарга:
— Өтүңүздөр төргө, маркабат, — деп сыпаа ызаат көрсөттү Саза. Коноктор сырт кийимдерин
чече ала баканга илип, төрдөн жай алышты. Ахрар ажы алаканын жая:
— Аллоху акбар, Аллахи таала эл-журтка тынччылык, береке, бейпилчилик берсин. Элине
кызмат өтөгөн Ормон баатырдын мартабасы өссүн, — деп бата тиледи. Саза сыңар тизелей
отуруп имамга кошула бетин сыйпай күбүрөдү да:
— Кандай, азиз меймандар, чарчабай, арыбай келдиңиздерби? — деп жай сурады.
— Кудаага шүгүр, — деп коноктор жарыша ыраазылык билдиришти. Тыштан ийнине сүлгү
иле кирген жигит колго суу куюп, дасторкон жая боорсок, эжигей, курут, сары май коюп,
көөкөрдөн сыр аяктарга кымыз куюп, меймандарга сунду.
— Алыңыздар, чаалыгып келдиңер го, күн да ачуу тийип турат, — деп өнтөлөгөн болду Саза.
Коноктор кымыздан кере жутуп дасторконго коюп, муруттарын жаный жайланып отурушту.
— Алыңыздар, биздин өрүк, мейиздерибиз ушулар, — деп дасторконду жаңсай меймандарга
жылмая карады.
— Оо, булар өтө ширин даамдар да, — деп эжигейден оозуна салып, жолдошун карады бек.
— Кандай, Саза мырза, Ныязбек бий күүлүү турабы? Ормон баатыр демдүүбү? Өзүңүз бакубат
жүрөсүзбү? — деди мурда Сазаны көрүп жүргөн Ахрар ажы.
— Ыракмат, азирети, бий, Кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү жүрөт. Ормон баатыр эл камында.
Кокондун улуу даражалуу ханы Мадалы таксырга жакшылык тилейбиз. Кандай, таксыр
ханыбыз ден соолукта элин бакубат башкарып турабы? Анын караанында ордо
билермандары күүлүү турушабы? Кокон эли тынч бейпилдикте турабы? — деп ызаат менен
имамга жооп кайтарды Саза.
— Тилегиңизге ыракмат, Саза мырза, Тендешсиз улуу падышах, сахип кыраан Амир Темир
урпагы, Алтын бешик мураскору улуу даражалуу таксыр Мадали хандын калкасында эл-журт
эсен, тынччылыкта турат. Касиеттүү ордодон, таксыр Мадали хандын өзүнөн салам дуба
алып келдик. Ормон баатыр менен учурашып кайтсак деген ойдобуз. Урматтуу Ташмухаммед
бек ордонун өкүлү, чепте да бул кишини зарурат иштер күтүп турат, — деди имам кымыздан
татып жерге кое.
— Чоң ыракмат, биздин тилегенибиз да ордого жакшылык. Ормон баатыр менен да
жолугасыздар, убагы келгенде, — деди Саза. Эшиктен шуулдай кайнаган самоор кийирилип,
шамдагай жигиттер чыныларга чай куюп сунушуп, меймандар сый үстүндө отурушту.
— Сыпай жигиттер тиги үйдө өзүлөрүнчө конок болууда, кам санабаңыздар. Жай отуруп даам
татып, эс алыңыздар. Кыргызда жол азабы, көр азабы, деп айтылат, — деп сөзмөр Саза өткөн
замандын кызыктуу окуяларынан кеп сала меймандарды күлдүрүп, үй ичин көңүлдүү маанай
ээлеп турду. Эшиктен кирген жигит Сазага:
— Меймандарды түштөндүрөлү деп козуга бата сурайбыз, — деди.
— Меймандар чарчап келишти. Тургузуп убара кылбай, козуңду баш бактыр — көрүшсө
болду, конок тойбодум дебейт, сойбоду дейт, — деп күлдү Саза. Козуга бата тиленгенден
кийин:
— Эми, урматтуу бек, азирети ажы, бүгүн силер биздин эркибиздесиздер, сыйламак бизден,
сый көрмөк силерден. Кымыздан ичип отуруңуздар. Убагы келгенде тамаша курдуруп
беребиз, эрикпейсиздер, — деп күлдү Саза.
— Ичтик го кымызды, — деп белбоосуна оң колун сыртынан өткөрүп, чалкалай ыңгыранды
Ташмухаммед бек.
— Ээ, бек, алдыда тура берсин, кымыз өз ордун табат. Азыр комузчу-ырчы да келип калаар,
кыргыз айлына келип ыр, күү укпай кетүү арман болоор деп сөзүн бүтө электе, колуна комуз
кармаган орто бойлуу, кара кемсел, ак калпакчан, кара сур, кер мурут жигит:
— Ассалому алейким, Ала-Тоону аралай келген азиз меймандар, куш келипсиздер айтылуу
Ормон баатырдын айылына, — деп салам айта эр жактан төмөнүрөөк орун алды.
Хан Ормон
— Комуз кыргыз менен кошо жаралган, конок сыйын комуз, ыр коштобосо болобу.
Меймандарга эрмек болоюн деп келдим, — деп Сазаны карады комузчу жигит, камчы
салдырбаган сөзмөр Бекенбай.
— Бали, азамат, таап сүйлөйт экенсиң. Саза мырза комуз деп айтаары менен кирип келгениң
ажайып болду, — деп күлдү, эшикте тыңшап даяр тургансыңбы деген сөзүн айтуудан
айбыккан Ахрар ажы.
— Дамбылда, бизде атайын чакырганга коңгуроо жок. Пейли жакшы сиздер өңдүү
меймандардын урматына ырчыларыбыз чакыртпай эле убагында даяр болушат, — деп күлдү
Саза текеберлүү отурган чеп башыга көз кырын жибере. Бекенбай ырчы кымыздан жутуп
аягын узата, комузун күүлөп:
— Дамбылда менен урматтуу бекке насыйкатты чертип берейин, — комузунун кулагын
толгой күү баштады. Комуздун ойду жетелей, көңүлдү арбаган мукам кайрыктары
адамзатынын асыл зат аруулугу, Алла таала бир бүтүн жараткан табият менен айрылгыс
биримдиги, көчмөндөрдүн тобокелчил эр көкүрөк, адал, боорукер ийкемдүү жан-дүйнө
туюмунан кабар бергенсип, бирде күңгүрөнө коңур тартып муңайым, бирде созолоно сыздай
муңдуу, бирде көкөлөй эргип шаңдуу созулган ажайып ыргагы теребелди терметкенсип
турду. Күүнүн акыркы кайрыгы бүткөндө:
— Оо, жараткан, не деген кереметти кабарлады бул үч кылдуу жыгач, — деп сакалын сылай
сөз улады көптү көргөн окумал аалым Ахрар ажы, — бали, уулум, бар бол, комузуң тээ дүйнө
түпкүрүнөн кеп салып, делебени козгоду го, — деди Бекенбай ырчыга, кыргыз өнөрүнө
ыраазылыгын билдире. Комуздун күүсүн кызыгып укса да анча түшүнө албаган бек Бекенбай
ырчыга:
— Ашулла айтасызбы, — деди. Бекенбайдын түшүнбөй калганын байкаган ажы:
— Өлөң айтасыңбы, — деп бектин суроосун тактаган болду.
— Өлөн эмес, «Манас» айтамын, — деди Бекенбай комузун керегеге жөлөп, ондонуп отура:
Тээ, тиги мунарыктап бурчтанган,
Булуңгур болуп учтанган,
Чет Бээжин деген жер ошол,
Черүүсү түмөн эл ошол.
Сараланы жоорутуп,
Көңүлүмдү оорутуп,
Качып чыккан мен ошол.
Калың кытай эл ошол.
Кадиксиз кооз жер ошол.
Жоктон бар болуп жаралып,
Киндик каным тамган жер,
Кичине жүрүп чоңоюп,
Күндөн күн ишим оңолуп,
Кишиликке жанган жер.
Жаштыгымды узатып,
Тамаша менен оюнга,
Канбаган жерим ошол жер.
Дудунун кызы Турнаны
Жандаган жерим ошол жер,
Агала шайы дамбалын
Кандаган жерим ошол жер,
— деп кыймыл-аракетин келиштире күпүлдөгөн Бекенбай
бир аз токтогондо үй ичи дуу күлкүгө жаңырды. Сөздөрүн түшүнө бербесе да, манасчынын
элестүү кыймылы, айрыкча армандын акыркы эки сабы өтө жаккан Ташмухаммед
каткырып күлө, дагы айтсаңыз, — деп өтүндү. Кымыздан кере жута бир аз демин жыйган
Бекенбай:
Кааладым келдим диниңди,
Калыйпа султан пириңди,
Кангайдан кайтып келгенде,
Хан кыл деп айттым кимиңди?
Каарым келди какайдым,
Кайра бузам динимди.
Хан Ормон
Ханың экөөң бир болчу,
Кагайынбы жиниңди.
Мээледим келдим диниңди,
Мекеде султан пириңди,
Бээжинден качып келгенде,
Бек кыл, деп айттым кимиңди?
Бегиң экөөң бир болчу,
Мертинтейин белиңди.
Какая кылган кызматым,
Калың кыргыз эл үчүн.
Калкка кызмат кылдырбай,
Кайтарып жүрүш кай күчүң?
Эрикпей кылган кызматым,
Эзелки кыргыз эл үчүн,
Элге кызмат кылдырбай.
Ээрчип жүрүш кай күчүң?
Элдүү киши зор экен,
Элинен азган кор экен.
Элинен азган жигитке
Эртелеп өлүм оң экен.
Калктуу киши зор экен,
Калкынан жазган кор экен.
Калкынан азган жигитке
Кадимки өлүм оң экен.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Арбыды мээнет күнүгө.
Атпай түрктүн балдары
Жамандык кылдым кимиңе,
Каарым келди какайдым,
Катылбай койбойм бириңе,
— деп күпүлдөп токтогондо күлүп отурган бек сөзүн түшүнбөсө да, бул саптардан кандайдыр
бир жигердүү кайратты туя, мостое түштү. Анын көзүнө Кокон сыпайларынын кордолгону
элестеп турду. Бекенбай чоң казаттан дагы үзүндүлөрдү айтып, Алмамбет кол башынын
аскерлерди он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башыга бөлүп башкарганын, бир жолу
аскерлеринин санын тактаганда бир киши жок болуп чыкканын, издей келгенде Таз
Байматтын он башылыгында эсептелип жүргөн Манасты унутуп калышканын айтып,
конокторду күлдүрүп, курсант кылып отурду. Убакыт өтө куйрук боор, шорпо сунулуп, эт
тартылды. Куймулчак Ахрар ажыга, баш Ташмухаммеддин алдына коюлду. Казак, кыргыз
ичинде болуп көргөн ажы адегенде кабырганы сыйрып, анан куймулчакты аздан кесип жеп
отурду. Ташмухаммед башты колуна алып тегерете карап:
— Калланы не кылады, — деп бычакты колуна алып, кай жеринен кесерин билбей
кысталып турганда:
— Бек, аны мен тууралап берейин, сиз буларды эрмектеп туруңуз, — деп алдына арка койду
да, баштын төбөсүнөн ылдый жара тилип, куйкасын кулактары менен эки жагына жазып, көз
ирмемде башты сөөктөрүнөн ажыратып, эки көзүн тостойто мээсине, кеңилжерине кол
тийгизбеген бойдон бектин алдына койду. Бул көрүнүшкө айран таң калган ажы менен бек
бири — бирин сырдуу карай Сазага ыракмат айтышты. Эт желип, кол жуулгандан кийин,
Бекенбай комузуна кол ойнотуп черте конокторду таң калтырып тамаша салууга өттү.
— Саза мырза биздин сапарыбыз карыды го. Кыргыздар кел демек бар, кет демек жок дешет
эмеспи, — деди Ахрар ажы.
— Чакырып келтире албай турган меймандар өзүлөрү келсе. Биз бир өргүтүп тай сойбой
кетире албайбыз го, — деди Саза.
— Ыракмат, бизди зарурат иштер күтүп турат чепте. Ормон баатырга жолуктуруңуз, — деди
Ташмухаммед.
— Азыр бир аз күтөсүздөр, — деп кымыз сундуруп, Кокон-Кыргыз ынтымагы жөнүндө өз
ойлорун айтып, конокторду сөзгө алаксытып отурду Саза.
Хан Ормон
Чоң үйдө төрдө Калыгул аке, ага катар Токтор аке, алардан төмөн эр жакта Ормон,
Жаманжээн, Төрөгелди отурат, Адыл экөө конокторду узатууга келишкен.
— Ормон баатырды ордого сыйга чакырган кабарды алып келишиптир, дешет го, — деди
Токтор аке.
— Ошондой дейт, Саза тосуп алып сыйлап отурат, — деди Ормон.
— Чакырыктын жөнү кандай болду экен, ошого жараша узатасың да, — деп Ормонду карады
Калыгул аке. Аңгыча эшиктен кирген жигит адеп менен ийиле:
— Баатыр, коноктор бүгүн эле кетебиз, сиз менен жолугушсак дешет, Саза акем жиберди, —
деди.
— Кандай отурушат коноктор, сыйлап атасыңарбы? — деди Ормон.
— Саза акем менен сүйлөшүп отурушат. Бекенбай байке “Манас” айтып берди. Козунун эти
желип бүттү, — деди жигит.
— Андай болсо келишсин мында, — деди Ормон кебелбеген калыбында.
Өргөгө кайра келген жигит Сазанын жанына келип бүлк эте бир деме дегендей болду.
— Болуптур эмесе, өргүп кеткиле десе болбодуңар, Ормон баатырга жолугалы, — деп
ордунан тура ызаат менен меймандарга карады Саза. Ийкемдүү элпек жигит кийимдерин
кийгизип эшик ачты. Ахрар ажы чыгып баратып:
— Сыпай башыга айттырыңыз куржунду алып артыбыздан келсин, — деп Сазага
кайрылды. Саза жигитке ишараттады.
Чоң үй. Төрдө аюу талпак үстүндө салабаттуу Калыгул бий, андан ылдый отургандардан
мойнунча озо, денеси олбурлуу, кара сурунан келген, чап жаак жүзүнө төшүн жаба
жайкалган кара сакалы жараша, дөңсөөрөк кырдач мурун, кабагы бийик, тереңинен
кайнаган оттуу сургулт көзүн ирмебей тиктеген, турпатынан эр сүрү жанган Ормон,
башында төбөсү бийик кара кыюулуу ак калпак, тик жака ак кемселине күмүш кемер
курчанган, кенен чалбарынын багалеги булгары маасысынын кончуна камтылган, малдаш
уруна кебелбей отурат. Андан төмөнүрөөк өткүрлүгү, эрлиги менен казак, кыргызга
таанымал Төрөгелди, Адыл баатырлар орун алышкан. Эпчи жаккы төрдө жеңил кийме
элечек оронуп, кара кемселине саймалуу белдемчи байлаган, ак жуумал толмоч Кусубалды
байбиче отурат. Эшиктен кирген селдечен, көк ала сакал дин адамы дамбылданы көрө
баары ордунан туруп ызаат көрсөтүштү. Кыдырата кол алышып келип, Ахрар ажы
Калыгулдун жанына, ага удаа Ташмухаммед бек отурду. Имам дуба окуп, колун жая баары
бата тилешти.
— Калыгул акасакал, Ормон баатыр, эл-журтуңар эсен, мал-жаныңар түгөл, бакубат
турасыздарбы? — деди Ахрар ажы.
— Кудайга шүгүр, Алла таала чачкан ырыскыны татып элибиз эсен турат, биз да эсенбиз эл
ичинде. Өзүңүздөр арыбай келдиңиздерби? Урматтуу өкүмдар, таксыр Мадалы хан демдүүбү.
Кокон ордосу, эли тыныч, байгерчиликте турушабы? — деп Ахрар имамдын соболуна сылык
жооп кайтарды Калыгул акылман.
— Алла тааланын рахими жааган сахип храан, улуу падыша амир Темирдин урпагы, бүткүл
Индустан, Түркстанга өкүмдар болгон Бабур падышанын алтын бешигинин мураскору,
мусулман журтунун калканычы Омар ибн Мухамед Али хандан, ордо жамаатынан салам дуба
алып келдик. Касиеттүү Ала-Тоо кыргызына, журт атасы ак сакалдарга, Ныязбек, Калыгул
бийлерге, эл башында кызмат өтөгөн Ормон баатырга жакшы санаабызды билдиребиз.
Касиеттүү ордонун көл жээгиндеги өкүлү урматтуу Ташмухаммед бек жана имам Ахрар ажы
мен улуу даражалуу хандын белектерин алып келдик. Кана Сабыржан, чыгарчы хандын
белектерин, — деп улагада отурган сыпайга кайрылды. Ал илбериңки кыймылдап, ак
куржундан кымбат баалуу ак кездемеден тигилген чепкенди, атайын жашыл топу үстүнө
алчыланта оролгон сургулт чалманы, ага түстөш белбоону алып чыгып, Ташмухаммед бекке
берди. Бек ордунан салабаттуу тура:
— Касиеттүү Кокон ордосу, улуу урматтуу Мадали хан Арка кыргыз элинде береке, ынтымак
болушун каалайт. Арка кыргыз журтунун эл башысы Ормон баатырга эли үчүн иштеген
эмгеги үчүн Ордонун жогорку бийлик наамы парваначылык ыйгарылганын айтып,
Касиеттүү ордого сыйга чакырууну жана хандын атынан ушул сарпайларды кийгизүүнү мага
тапшырды, — деп чепкенди кийгизүүгө даярдап: — Алхамдуу-иллахи, бисмиллахи рахмани
рахим, — деп обдулганда, Ормон ордунан кебелбеген калыбында:
— Ыракмат, байбиче алып койчу, — деди Кусубалдыга.
Хан Ормон
— Падыша Кудаа эмес, Кудаадан жудаа эмес, хандын сыйлыгын кабыл алып кийип көр, —
деди Калыгул акылман. Ормон каалгый ордунан турганда бек өзү жакын келип, суналган ак
чепкенди Ормондун ийнине жаап, сургулт чалманы башына кийгизди. Олбурлуу москоол
келбетине, кара сакалы жайкалган, сүрдүү кара сур ыраңына кыналган ак чепкен, алчылата
оролгон чалма өзгөчө жараша көйкөлүп турду.
— Сарпайы кут болсун. Кантсе да хандын табериги, — деди Калыгул.
— Ыракмат бек, урматтуу дамбылда, чапан жаап сыйлаганыңарга. Ансыз дале элди
зордукчулардан сактап жүрөм, — деп сүрдүү жылмая чепкенди, чалманы чечип: — Мына
байбиче, алып коюңузчу, — деп Кусубалдыга берди. Сөздүн төркүнүн түшүнгөн бек менен
ажы ыңгайсыздана бири-бирин карашты.
— Бирөөнүн тоогун алсаң каз байла, деген кеп бар бизде, урматтуу бек, азирети ажы. Биз да
колдон келген кызматты өтөрбүз. Ыракмат, деп коюңуздар Мадали ханга, — деди да Ормон
куттуу үйдөн даам ооз тийишсин, — деп байбичесин карады. Дасторкон жайылып, даам
төгүлдү.
Чай үстүндө Ташмухаммед бек:
— Ормон баатыр, сизди хан ордосуна келип, Парваначылык күбөлүк наамени, чен
белгилерди алуу сыйына чакырат таксыр ханыбыз. Сиз качан барар экенсиз? Биз ордого
кабарлоого милдеттүүбүз, — деди Ормонго суроолуу карай.
— Бек биздин күн жүрүш жагыбызда чиндер ыкыс берип турат, түн жагыбыздан орустар
жылып келатат. Мен элден алыс кете албаганым үчүн таксыр хандан кечирим сураймын.
Берүүчүсүн ушинтип эле берип жиберсин. Убакты келгенде барып да каларбыз. Азирети
имам, урматтуу бек, бүгүн өргүп мейман болуп, эртең узаңыздар, — деди Ормон.
— Ормон баатыр, бизди Саза мырза жуда жакшы коноктоду. Комуз черттирип, ашулла
айттырып эриктирбеди. Ыракмат, чепте иштерибиз зарурат, күн кечтеп баратат, кайталы, —
деп чайга ыраазылыгын билдире чынынын үстүн жаңсады бек. Бата тиленгенден кийин
Ормон Кусубалдыга:
Азиретиге, бекке бир нерсе ыроолобойсуңбу, — деди. Кусубалды байбиче калибет
кыймылдап жүк бурчунан жаңы тигилген ак пиязы чепкенди Калыгул акеге, ак кементайды
Ормонго сунду...
— Кана, Ормон баатырдын үйүнөн ийниңер жаңырып чыксын, келиңиз азирети, — деп
чепкенди ажыга кийгизди. Кементайды Ормон бектин ийнине жапты. Кыргыз кийимдери
бойлоруна жараша жылмая орундарына отурушту коноктор.
— Сарпайылар кут болсун, — деп Калыгул аке меймандарды куттуктады. Ахрар ажы:
— Аллоху акбар, Кокон менен Аркага Куда тынчтык берсин, — деди.
— Ракмат, кыргыз туугандардан табылгыс таберик алдык, бизге уруксат болсо аттаналы, —
деп бек үй ээсин карады.
— Болуптур, кана эшик ачкыла, — деп ордунан турду Ормон.
Күн кеч бешим. Асман чайыттай ачык. Коноктордун аттары чоң үйдүн алдына келтирилген.
Алардан башка тор кашка чалыш аргымак мамыда жайдак байланып турат.
— Кана, тарткыла коноктордун аттарын, — деди Ормон. Ажы менен бекти жигиттер ызаат
менен аткарышты. Коноктор «кош» деп жөнөй берерде:
— Бек, мына бу тору кашка аргымакты сизге мингиздик, жетелетип кетиңиз. Биз жакшы
атты кааласак эркибиз менен эле беребиз, — деди Ормон. Карап тургандар тартуунун
маанисин түшүнө жылмайышты. Бек менен ажы ыңгайсыздана бири-бирин карай
аргымакты жетелетип, Көтмалдыга кайтышты.
АЙЛУУ ТҮНДӨ СЕЛКИНЧЕК
Сөйкө салуу аземинен кийин кайыңдуу кыз Куланга өзүнчө өргө көтөрүлгөн. Кусубалды
байбиче ички-тышкы жасалгасын, жыгач-ташын кыз балакатка жеткен күндөн тарта
баштаткандыктан өргө көргөндүн көзүнүн жоосун алат. Эртең менен жакын жеңеси
Адылдын аялы келгенден бери кайын сиңди, жеңе өргөдө отурушат. Үйгө от
жагылбагандыктан коломтого орун калбай эки катталган өрө жана ала кийиздер жыш
төшөлүп, капшыттарына адеми шырдактар, төргө көлдөлөң салынган. Килемдүү такта
үстүнө жыйылган үч кертим жүктүн эпчи жаккы бурчунда кыз текчеси, текчеде кыздын
Хан Ормон
жыгач каптуу темир комузу, эндик, бет май салынуучу атайын кутучалары, кооз самын кабы,
тарак-күзгүлөрү жана башка жеке керектелүүчү буюмдары сакталат. Эпчи жакка тартылган
саймалуу жибек көшөгө кыстарылуу. Көшөгөнүн баш жагы жүк бурчунда Кулан кыз жеңеси
Жаркын менен сыр айтышып отурат. Кош этек ак көйнөк сыртынан жашыл баркут чыптама
кийген, башында үкүлүү күрөң кундуз тебетей, бештен өрүлгөн кара чачтары жаагынан
төгүлө, арткы беш өрүмү ай далыны жаба берметтүү күмүш чач кап менен ортолой
бекитилген. Кундуз тебетей кырынан жазы маңдайы изги көрүнөт. Тууган айдай ийилген
кара каш, комуздуктай кырдач мурунуна төп келген сурмалуу кара көздөрү ойлуу, сыңар
тизелей жеңенин сөздөрүнө кунт коё угуп отурат. Күлө бага олуттуу сүйлөп отурган
жыйырма бештер чамасындагы, сур тукаба бешмантчан, башына сайма тасмалуу элечек
салынган, ак саргыл, кара каш сурмалуу кой көз келин Жаркын кайын сиңдисине сөйкө
салынганын угуп, кешик менен кызга тартуулап кийим-кече алып кайын энеси менен келген.
Кайын энеси чоң үйдө Кусубалды байбиче менен баарлашып отурат. Уулбала да ошолордун
жанында. Үйдө эркектер жок, эки үйдө тең аялдар кенен отуруп, аркы-беркини сүйлөшүп, сыр
төгүшүүдө.
— Кызыке, айланайын, ата-эне өз баласын жамандыкка кыят беле, жабыкпачы. Тектүү
жердин баласы Өмүрзак өзүңө тең жар болор, ата-эне тарбиясын көргөн эмеспи, — деп
кыздын колун кармай чачынан сылады Жаркын.
— Билбейм жеңе, капысынан эле... бей тааныш киши, — деп улутунду кыз.
— Баарыбыз эле бейтааныш жерге келип, анан ашык жар болуп кеткенбиз... агаң менен да —
деп кыткыт күлдү женеси.
— Силердин жөнүңөр башка да, — деп ойлуу калыбында ылдый карады кыз.
— Баса, кызыке, Өмүрзакты көрдүң беле? — деп суроолуу карады Жаркын.
— Бир жолу кыз оюнда көргөнүм бар. Бийдин уулу, мырза... Кыздар болуп сүйлөшүп,
селкинчектен оолагыраак турсак, жаныбызга келип:
— Кыздар, көлдөгү койкойгон ак куулардын бирин асмандан көргөн ак шумкар илип
кетпесин, — деп тийишимиш болгондо, мен:
— Асманда ачка каңгырып жүргөн шумкарга ак куу кайдан алдырсын, — десем кыздар
каткырып калышса, сөз таба албай, өзү да күлүмүш болуп басып кеткен, — деди Кулан.
— Кайран кызыкем, катырган экенсиң, «ачка жем издеп жүргөн» дегениң өтүптүр, — деп
каткырды жеңеси.
— Сөз келгенде айтылган да...
— Эми күйөөлөп келгенде таап келер жообун, же өзүң жардамдашарсың, — деп кыздын
билегине колун тийгизе дагы күлдү Жаркын.
— Күлөсүң да жеңе, санаам бөлүндү болуп турса, — жеңесин карыга түрттү кыз.
— Ии, айылда көңүлүңө толуп жүргөнүң бар го кайран кыз кезек, — деп бир аз мостойо
түштү келин.
— Болгондо эмне, — деп улутуна ылдый карады кыз. Аңгыча эшиктен өйдөкү айылдагы
Токтор акенин келини эки кыз менен кирди.
— Оо, кайран кишилер, жеңе менен кайын сиңди сыр төгүшүп отурган экен да, — деп
шаңкылдады ачык-айрым, сымбаттуу кара тору келин Урум, көлөчүн улагага чече.
— Ээ ботом, а дегенде амандык сурасаң боло. Сыр төгүшпөгөндө анан, көптөн бери көрүшө
да элекпиз, — деди Жаркын курбусунун тамашасына жооп кайтара.
— Ичим жылып кетпедиби экөөңөрдүн эзилишип отурганыңарды көрүп, — деп күлдү Урум.
— Келгиле, төргө өткүлө, — деп Кулан ордунан туруп, төрдү жаңсады. Кыздар бири-бирин
карыга түрткөн болуп, Урумдан ылдыйыраак жай алышты. Кулан турган бойдон:
— Жеңеси, сиз кыздар менен Урум жеңеме эрмек болуп отуруп туруңуз, мен даам
келтирейин, — деп тышка чыгып, аш үйдөн көөкөр, чыны аяк алып келип, дасторкон жая
даам коюп, кымыз сунду. Кымыздан бирден жута боорсок, эжигейден ооз тийе кыздар дымып
отурушту. Чыныны бошотуп кайра сунган Урум:
— Жакшы болбодубу Жаркын сенин да мында келгениң. Биз Куланды селкинчекке чакырып
келгенбиз. Айылдан өйдө Кош-Булактын секисине селкинчек курганбыз. Куландын темир
комуз күүлөрүн, ырдаганын угалы, деп эңсегендер көп, баарынан көп эңсеген менмин, — деп
күлдү Урум.
— Ичсеңер кымыздан, алсаңар дасторкондогулардан, жеңемдин кешиги... селкинчекти
билбейм, — деп күдүктөндү Кулан.
Хан Ормон
— Мен Кусубалды апама, Уулбала жеңеме айтам. Биз өргүгөнү келгенбиз. Апам да жок дебес.
Андан көрө оюнуңардын орду менен болоруна кам көргүлө, — деди Жаркын чечкиндүү. Бир
аз сүйлөшүп отургандан кийин айылдын өйдө жагынан тосуп аларын айтып, Урум келинкыздар менен чыгып кетти.
...Карагайлуу тоо бети, шиберлүү кең өзөн толгон айдын күмүш шоокум жарыгына бөлөнө
толукшуй суналат. Айлуу түндөгү жайлоо жарашыгын күүгө салгансып, өзөндү жара тоо суусу
шаркырайт. Кашаттын түбүнөн окторула чыккан кош булактын жылаажын шылдыры
бөлүнө угулуп, кыялды арбайт. Карагай арасынан элик куранынын үзүл-кесил үнү угулат. Суу
боюнан бери булак алдындагы түзөңгө алты бакан селкинчек салынган. Комуз күүсүнө
коштолгон ыр угулуп, селкинчек күүлөнүүдө.
Кулан Жаркын жеңеси менен жакындаганда:
— Куландар келатышат.
— Кечигишти го.
— Кайындуу кыз да.
— Кайындаптырбы? — деген үндөр угулду. Эки кыз менен тосо чыккан шайыр келин Урум:
— Оо, кайран кишилер десе, ушунчалык күттүрүп, — деп шаңкылдады.
— Эч нерсе эмес, кадырлаш курбулар күтүшпөсө болобу, — деп жооткото жылмайды
Жаркын. Селкинчектеги жигит:
Маңдайдан элик бакырат,
Байдын кызы чакырат.
Барайын десем ит үрөт,
Барбайын десем ич күйөт,
— деп ыр созду.
— Дарылдабай түшчү. Иттен корксоң үйүңө барып укта, — деди селкинчекти тээгинен
кармаган келиндердин бири. — Кана, кезекти жаңыдан келгендерге берели. Кулан менен
ким чыгат, — деп жигиттерди карады.
— Кое турчу, декилдетпей. Биз демибизди жыялы. Оюн көрөлү, ыр угалы. Тиги жигит иттен
корксо, жакшылап ырдасын, — деп күлдү Жаркын. Селкинчекте күүлөнө дарылдаган жигит:
— Чамбыл ала чаар тай,
Чаап келдим кыз билиш.
Караңгыда үйүңдү,
Таап келдим кыз билиш.
Эшигиң ач үйүңө,
Кирейинчи кыз билиш,
Кийимимди чечинип,
Илейинчи кыз билиш.
Билгизбестен койнуңа,
Кирейинчи кыз билиш, — деп ыр улады.
— Мындан абзелирээк ыры жок бекен коркок жигиттин, — деди Жаркын.
— Ой, сен түшчү, жана коркуп атат элең, эми жаткың келип турса, түшүп бетегеге оона, —
деп Урум шакылдаганда, оюндагылар кыраан каткы күлүштү. Селкинчектен түшкөн кара
таар кемсел, жаргак шым, кайыш мөкү жигит:
— Оо, кайран жеңем, шакылдап эле калыпсың, чүкөң чик түшкөнү турган го, — деп
купшуңдай тигилердин жанына келди.
— Муну көр, купшуңдаган чечек, мени менен чүкө калчашкысы бар, — деп жигитти далыга
муштап калды. Урумдун сөз көтөрүмдүү шайырлыгына ыраазы жаштар каткыра күлүштү.
— Кана эмесе, баарыңар уккула оюндун иретин. А дегенде шакек жашырмай ойнойлу, анан
жоолук таштамай, ара чолодо селкинчек тебебиз. Бириндеп кетмей жок болсун, чогуу
тарайлы. Шакек таштамайдын тартибин айтайын. Тегерек тартып турабыз. Бир кыз, же
келин, бир жигит ортого чыгышат, биринин уучунда шакек, колтугунда эшилген жоолук, ал
уучун тегерете тургандардын уучтарына тийгизип, шакекти бирөөгө таштаган болуп айлана
берет. Жанындагысы шакектин кимге ташталганын билүүгө аракеттенип абайлап жүрөт.
Кыдырып бүтүп, шакекти кимдир бирөөнүн уучуна салганы экинчисин «шакекти тап», деп
жоолук менен сабап, артынан түшөт. Шакекти тапканы таптырганы менен кошо алым сабак
ырдашат. Кыдырып чыга таппаса өзү ырдайт. Шакек колуна түшкөн да ортого чыгып өзү
ырдайт да, жоолукту колтугуна кысып, шакек таштоого киришет. Таппай калганы дагы
Хан Ормон
тигинин артынан ээрчий аңдыйт. Шакекти таап алса, ырдап шакек салганга өтөт, таптырып
ийгени артынан аңдыйт, ушинтип оюн улана берет, уктуңарбы?
— Эмесе баштадык, — деп колтугуна жоолук кысып, уучуна шакек ала шакекти таштаган
болуп Урум баратат. Анын артынан шакекти кимге таштаарын байкоого үңүлүп, кара
кемселине тайкы кемер курчанган, сары чийкил, куш мурун, чекир жигит Борбу баратат.
Тургандарды тегерете кыдырып чыккандан кийин Урум жоолукту колуна алып, «шакекти
тап» деп Борбуну чапкылай артынан түштү. Борбу кантсе да ушуга таштады го деп Куландын
уучун ачтырды, шакек жок, оюндагылар күлүштү, Борбу:
Элкин, элкин, элкин тоо,
Элкин тоого мен чыксам,
Эл карааны көрүнбөйт,
Кол жээгинде көп өрдөк,
Ылаачын тийбей бөлүнбөйт.
Кусадар болдум зарыгып,
Кумар көз селки не билбейт.
Капталдан учкан кара каш,
Канатың жайбай көзүндү ач.
Капталдым ашык отуна,
Кара көз селки жолумду ач,
— деп созолонто ырдап токтогондо, шакек табылбай колунда калган, үкүсү сеңселген кундуз
тебетейчен, кош этек ак көйнөк кара чыптама кийген, ачык-айрым, шыңга бойлуу ак жуумал
кара көз кыз Акылай:
— Издеген табат алтынды,
Изги адам билет баркыңды.
Ичимден сыйлайм тымызын,
Ичке чок салган жаркынды,
— деп жагымдуу ичке үнү менен созолонткондо:
— Оо, кайран кыз, ушинтмек, ким болду экен кызыбыздын ичине чок салган, — деп
каткырды жанындагы келин. Акылай ыр улады:
— Эл өйдө көчөт козголуп,
Эриккен көңүл кош болуп,
Элимде жүрүп байкабайт,
Эр жигит мууну бош болуп...
— Акылайдын сыбызгыдай ичке үнү айлуу түнгө жарашык бере созолонду.
— Үнүңдөн, кызыке, сендей асылдын сырын туя албаган эр жигиттин жолу болсун, — деп
Акылайды кучактады жибек жоолукчан, кош этек көйнөк, кара кемселчен, ажарлуу чырайы
ай жарыгына даана көрүнгөн сымбаттуу келин. Оюн өз ирети менен уланып жатты.
Аягыбыз талып кетти го, эми отуруп комуз угалы, — деди Урум. Баары кырка отуруп ким
чертер экен дегендей дымый түшүштү.
— Кызыке, садагаң, сенин темир комуз какканыңды сагындык го. Кулактын курчун бир
кандырчы, чер жазалы, — деп Жаркын Куланга кайрылды. Кулан ушуну эле күтүп тургансып,
илбериңки кыймылдап, жыгач кутудан темир комузун алып чыгып, ак жибек жоолугу менен
сүртө, оозуна алып бир аз күүлөй, узак кайрыды да, “Керме тоону” безелентти. Темир
комуздун бирде мукам созулган, бирде муңкана арзыган, бирде эргий көкөлөп, жандүйнөнүн
аруу туюмдарын арбаган мукам кайрыктары айлуу түндүн мемиреген тынчтыгында
кубулжуй, эки келбес өмүрдүн, көз ирмемдеги ажайып кайталангыстыгын даңазалагансыйт.
Кулан күүнү аяктап, ак кол жоолугу менен эринин, комузун сүртө кутуга саларда, күүгө
бериле дымып тургандардын:
— Бали, комузду какса ушундай каксын», — «Каккан ээсине жараша сайрады», — «Тим эле
торгойдой сайратты го», — деген үндөрү угулду.
— Кана, эмесе, жыгач комузга кезек берели, ким чертет, — деп жигиттерди карады оюн башы
Урум. Ак калпакчан, тик жакалуу пиязы кемселинин өңүрлөрү, этеги кара баркут менен тайкы
көбөлөнгөн, сымбаттуу жигит Келдибек малдаш урунган калыбында комузун күүлөп, күүнүн
башы Камбарканды бир кайрыды да, кайра толгоп, созолоно муңканган обонго салып үн
кошту:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 11
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.