Latin

Хан Ормон - 17

Total number of words is 3930
Total number of unique words is 2168
27.0 of words are in the 2000 most common words
40.0 of words are in the 5000 most common words
46.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген сиздин кеменгер
оюңузду колдойбуз. Бул эки элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын
кадырлап, кичүүсүн ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк эл бийлиги улуусунун
колунда болуп, кичүүлөрү эл башкарып, кол башкарып, тышкы, ички жоонун мизин кайтарып
келген эмеспи. Биригип бир бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги
жашыбыз улуу бизде болсун, калк бийлиги, кол башчылык сизде болсун. Ымалабызды
бириктирип алсак, Иншалла, Орусия, Кокон менен болуучу мамилелерди да бирге
акылдашып, чечип аларбыз.
Кыргыз, казак эки элге Аллахи таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту
тилейбиз.
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу.
Мөөрүмдү бастым.
1244сана, Бугу айынын, онунчу күнү».
Ормон хандын Махмуд молдого шашпай жаздырган сөздөрүнүн ар бирине ынтаа коюп угуп
отурган бийлер кат купулдарына толгонун билдирген таризде, баштарын ийкей, бирибирине жылмая карап турушту.
— Кандай дейсиздер, кат ушундай болсунбу? Айтыңыздар, ийриси болсо чогуу түзөтөлү,
кыскасы болсо чогуу узарталы, узуну болсо чогуу кыскарталы, — деп отургандарга саласал
этти Ормон хан.
— Туура, эч өөн таба албай турамын, — деди Ажыбек датка.
— Кенесарыга аз-маз кыр көрсөткөн сөздөрдү кошсок кантээр эле, — деди Медербек бий.
— Жөнү бар, — деди Муратаалы бий.
— «Хандыкты бизге бер» дегенден да кырдуу сөз барбы? Көп сөз каттын маанисин түшүрүп
коёр, — деп Ормон ханды карады Жангарач бий.
Хан Ормон
— Менимче да ошондой. Алып келиңиз, мөөрдү басалы. Элчини келтиргиле, — деди Ормон
хан катка мөөрүн басып боло. Үйдүн ичинде өкүм сүрүп турган сүрдүү тынчтыкты катка
Кенесары кандай жооп берээр экен деген божомол кобур ээлеп турду.
Элчи Сайдак кожо Шамендин коштоосунда салабаттуу кирип, ханга таазим эте отуруп катты
алып, эки элге ынтымак, биримдик, хандарга ден соолук, бийик мартаба тилей турганын
билдирип, жөнөп кеткенден кийин, үй ичинде алдыда күтүп турган кооптуу жагдайлар
жөнүндө ой бөлүшүү уланды.
КЕНЕСАРЫ ХАН КЕКЕНДИ
Казак үч жүзүнө хан көтөрүлгөн Кенесары Касым уулунун аземдүү он эки канат ак ордосу.
Кыргызга кеткен элчи келгенден кийин чакырылган хан кеңеши казак улуу жүзүнүн
билермандары Кенесары хандын жакын кеңешчилери жашына, мансабына жараша орун
алышкан. Төрдө, чыканак жөлөнгүчтөрү алтындалган, арка сүйөнүчүнүн баш жагына Аблай
хандын бийлик белгиси түшүрүлгөн орундукта орто бойлуу, тулкусу чымыр, жоон моюн,
жайык төш, жазы маңдай, бүркүт кабак, кырдачынан келген куш мурундуу, күрөң коюу каш
алдындагы ирмелбей тиктеген сүрдүү сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган,
сүйрүлөнгөн күрөң жээрде сакал, муруту сыйда серпилген Кенесары хан отурат. Башында
кырбуусу тайкы кызыл макмал тышталган тебетей, тик жакалуу сургулт нооту кемселине
күмүш кемер курчанган, колдорун отургучтун сүйөнүчтөрүнө жөлөп, кебелбей отурат. Эки
тарабында уй мүйүз тарта чубуртмалуу Агыбай баатыр, ак койлуу Байет, Чымыр Байзак,
ботпай элинен Супатай бий, Султан Үрүстөм, инилери Норузбай, Эржандар отурушат.
Бөлтүрүк ырчы, элчи Сайдак кожо, Төлөңгүттөр башчысы Мырза төмөнүрөөк отурушат.
Кебелбей отурган Кенесары отургандарга бир сыйра көз жибере:
— Кыргызга кеткен элчим келди. Наадандардын дымактары күч окшойт. Сендер да угуңдар.
Кана, оку, — деп Сайдак кожого карады. Каадалана салабаттуу кыймылдаган кожо жанынан
түрмөктөлгөн кагазды алып жандыра:
— Бисмиллаахи рахмани рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатухи. «Касиеттүү казак үч
жүзүнүн кадырлуу ханы, урматтуу Кенесары Касым уулуна, атпай кыргыз калкынын ханы
бизги Ормон Ныязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын жолун жолдоп, ордолуу журт
болгон үч жүз казак калкына тынччылык, бейкуттук, береке, байгерчилик тилей
турганыбызды билдирүү бактысына мүмкүндүк берген урматтуу хан Кенесары Касым уулуна
ыраазылыгыбызды билдиребиз. Илгертен эле ирегелери бөлүнбөй, айылы аралаш, кою
короолош, жылкысы өрүштөш, тойду бирге тойлоп, ойду бирге ойлоп, кайгуулда бирге болуп,
жоого бирге аттанып жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген
сиздин кеменгер оюңузду колдойбуз.
Бул эки эгиз элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын кадырлап, кичүүсүн
ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк бийлиги улуусунда болуп, кичүүлөрү эл
башкарып, кол башкарып, ички, тышкы жоонун мисин кайтарып келген эмеспи. Биригип бир
бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги жашыбыз улуу бизде болсун, калк
бийлиги, кол башчылык сизде болсун. Ынтымак күтүп биригип алсак, Иншалла, Орусия,
Кокон менен болуучу алака мамилелерди да бирге акылдашып, чечип аларбыз.
Казак, кыргыз эки элге Аллахи таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту
тилейбиз.
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу.
Мөөрүмдү бастым.
1244сана, Бугу айынын 10күнү».
Кат окулуп бүтө, кебелбей отурган Кенесары:
— Хандык мен косо катыныңды да бер демегени оң болгон экен, баччагардын. Кана,
кимиңдер не дейсиңдер, — деп отургандарга кыдырата көз жибере, — Сайдак кожо, сен
айтып көршү кыргыз жайын көзүң мен көрүп келдиң гой,—деди. Катты түрмөктөп жанына
коё эркин отурган Сайдак кожо:
— Таксыр, кыргыздар бир кыйла жыйнактуу халк сыяктанат. Аскери канша биле алмадым.
Ар бир үйдүн жанында найзасы жерге сайылуу, кермеде аттары байлануу турганын көрүүгө
болады, жоокер халк оксайды. Хан тартиби өтө катаал, ашык сөз сүйлөнмөйдү. Ормон өзү өтө
Хан Ормон
зор, албеттүү, көзүнөн акыл да, каар да жанган сүрлүү киси экен. Көз карасы шилиден өтөт,
көп сөйлемейди, айтканы эки эмес. Кол бастай турганы Төрегелди деген, жолборс шапкан,
болумдуу эр экен, дагы да жолборс чапкан Балбай, кос Түлкү, Адыл деген баатырлары бар
экен. Айтор ким менен болсо да кармасуга даяр туратын халык көрдим, — деди.
— Осы Сайдак кожом, сен кыргыздарга жаныңды берип келген жоксунба? Мынчи неге
мактайсың, — деп кожону каарып өттү. Үй ичи тунжурай түштү. Өлөң айтып, нускалуу
сөздөрдү сүйлөй казак, кыргыз арасын көп аралап, эл көргөн, жашы жетимиштен ашкан
Бөлтүрүк чечен малдашын копшой оңдонуп отуруп:
— Аллаяр ханым, аман жүрсүн жаның, мен көптү көрдүм, көптү билдим, сөзүмдү тыңда.
Кыргыз арзан эмес — кыйын дусман, кыргызга катылган, калат бушман. Жери бек болот,
жарагы көп болот. Ашуусу бийик болот, атканы кийик болот. Атканы бараң болот, айылы
жалпы конот. Аты күлүк болот, жигити билик болот. Абышкасы чечен болот, алышканы кесел
болот. Найзасы кыска болот, сөзгө уста болот. Жаудан кашпайт, ашыгып шашпайт. Таусынын
басынан ак кар кетпейт, кыянат кылам деген кыргызды кууп жетпейт, алдырып кайтат,
акыры арманын айтат. Атаң Аблай хан далайды жеңген, бирок саяк Садырды өлтүрөм деп
кунуна миң казак берген. Ата-бабаң тынчып жаткан эмес, кызыккан менен кыргыздан пайда
тапкан эмес. Алляр ханым, менин тилимди ал, Ормон бир боор элбиз биригели десе,
хандыкты өзүнө калтырып, бийликти сага берсе, хан деген наам анда болсо, эки элдин тизгин,
чылбыры сенде болсо, андан ары Коконду аласың, түрк насили мусулмандардын башын
кошуп, орыска барасың. Орысты ойрондоп, эл-журтуңду бошотуп аласың. Казак, кыргыз,
өзбек калың журтка баш болуп, бийликти колуңа аласың, — деди сакалын сылай, сыпайы
отурган калыбында.
Кенесары кебелбей мелтиреп ойлуу. Бирде Кенесарыга астыртан көз жибере, бирде Бөлтүрүк
чеченди жекире карап, бүйрү кысып отурган төлөңгүттөрдүн башчысы:
— Ойбай, чеченим не деп турсуң? Кыргызыңды мактайсың, мактаганың кеп эмес, Атпай
Алаш түрүлүп барса, түйшүктү салса, Кене хан ачууланса, кара кыргыз эмес кудайды да
жеңбейби. Калмакты жеңди — колунан келди. Орусту жеңди — жеңгенин көзүң көрдү.
Кыргыздын несин айтасың, калың кошун бармак керек, калайманды салмак керек. Кызкелинин олжолоп, кыйырын басып алмак керек, — деди сөзүм жактыбы деген таризде
Кенесарыга көшөкөрлөнө көз жиберип. Кенесары кебелбейт.
— Тооба келтир, төлөнгүт башы төрөм, текебер Теңирге сыйбайт. Казак кыйрата берсин деп
кыргыз карап турбайт. Чениң менен эсир, кыргыздан кыз алам деп, өз аялың калбасын жесир.
Бул кесирди жаштыгыңдан айтып турсуң, сапырып сары кымыз ичкен мастыгыңдан айтып
турсуң. Төрөм каниет кыл бул жайда, катылбагын Кудайга, — деп жакасын кармай, тобо
келтирди Бөлтүрүк чечен.
— Ойбай, тилде сөөк жок го. Бөлтүрүк чечен айткандай, Кудайга тийишпейли. Бирок
кыргызыңды канша мактасаң да, касиеттүү Аблай туусун көтөргөн Кене хандын колуна
туруштук бере алмайды гой, — деп дөгүрсүгөн төлөңгүт башынын сөздөрүн жымсалдай,
бирок көтөрүлө сөз улады чубуртмалуу Агыбай баатыр. — Энди Кудайга тийишпесек да,
кыргызга алыбыз жетеди гой, Бөке. Сиз кыргызды асманга чыгардыңыз. Казак кыргыздан
кем эмес, артык гой. Көп десе көппүз, бек десе бекпиз. Кенекебиз жахангер өкүмдар гой. Ана
орыстар да бизди жеңе албады. Кудай кааласа күч жыйнайлы. Кыргызга барууну
кечиктирбейли.
Кенесары кебелбейт да, солк этпейт. Бөлтүрүктүн сөзү да, төлөңгүт башынын сөзү да
кулагынын сыртынан кеткен сыяктуу. Агыбайдын сөзүнө да көз ирмебеди.
— Агыбай баатырдын айткандары жөндүү гой, — деп сөзгө аралашты дөгүрсүп отурган
султандардын бири, — казак-кыргызга хан болгусу келген Ормонду Кене хан алдына
чөгөлөтөмүз. Кене хан алдында Кудай таала болсо да туруштук бере алмайды.
Чектен ашкан кесирге, Кудай тааланын атына айтылган текеберге жаны күйгөн Бөлтүрүк
чечен малдашын жаза чөк түшүп отура, жакасын кармай, тобо келтирип:
— Ойбай, карагым, тобо келтирсеңши. Сенин бул кесириң алты сан алашка тийет го, — деп
чебелене Кенесарыга көз жиберди. Ал мелтиреп кирпик ирмебейт. Жыйында отурган
сакалдуулардын бири:
— Бөлтүрүк чечен туура айтат. Текебер сөздөр — бекер сөздөр. Андан көрө жоо жайын
сүйлөбөйсүндөрбү. Ону коюп, Ормон менен кармашууну айтсаңаршы. Оо, Кудай, кечире көр,
бекер ооз пенделериңди, — деп жакасын кармады. Кенесары солк этпей мелтирейт. Улуу жүз
казагы чапырашты уруусунун билерманы Шоорук обдула Кенесарыга көз жибере:
Хан Ормон
— Ой пирим, Көке, сиз да Бөлтүрүктүн сөздөрүнө кошулдуңузбу? Ал өлөң айтып, айыл
кыдырып жүрүп кыргыздын кымызын көп ичип, этин жеген, ошону актап турганы гой. Кене
хан келгиле, биригели десе, хандыгыңды бер деп алар эсирген экен го. Кыргыздар ким болуп
калыптыр. Кыргыздын жолборс чапкан баатыры Жамангараны баш кылып он эки эренин
жайлаган колум ушул гой. Неге жүрөксүйсүңөр, — деп колун жаңсай Кенесарыга көз
жиберди. Кенесары мелтиреп үн дебейт.
— Ак боз тулпар алдымда турат, ак найза колумда турат, албарс кылыч жанымда турат, алты
сан казак артымда турат, ак жолтой Кенекем туу болуп алдымда турат. Кыргыз эмес кытайды
бузар шаам бар. Неге карап турамыз? Колду азырлап, көп кечикпей аттаналы жортуулга, —
деди Кенесарынын жоокер иниси жашы жыйырма беште толукшуп турган Норузбай баатыр.
— Аллаяр таксыр, — деп сөз баштады Кенесарыга көз жибере, улуу жүздүн ботпай уруусунун
билерманы Супатай бий: — Арийне, Алла таалам жар болсун казак, кыргыз, өзбек мусулман
журтун баш коштурам деген тилегиңе. Казак, кыргыз карлыгачтын кош канатындай бир
тууган эл. Сабыр этели, ойлонолу. Бөлтүрүк чечен айткандай, кыргыз оңой жоо эмес, жоого
шай, доого чыйрак эл. Кыргызды чабам деп хан атаң Аблай айтылуу Бердикожо баатырдан,
Берен Барак, Сан Барак султандарынан айрылып, сабын көргөн. Өткөндүн сабагын эстей
жүргөнүбүз оң. Ормон хан менен дагы сүйлөшөлү, мен өзүм барайын. Ар кимибизге төп
келгендей ынтымакташуунун жайын сүйлөшөлү, — деди. Эртеден бери солк этпей ойлуу
отурган Кенесары отургандарга бир сыйра көз жибере, салмактуу үн менен:
— Мен душманым кыргызбы деп жүрсөм душманым өз ичимде экен го. Супатай бий, сен
кыргызга боор тартып турасың го. Ушу сен Ормон менен сөздөшүп алгандан соосуңбу? Андай
болсо кыргызды талкалагандан кийин сени менен сүйлөшөм. Кара-Кеңгирде касиеттүү Алаш
хандын мазары жанында бабабыз Аблай хандын туусун жайган калың казак мени хан
көтөргөндө хандыкты кыргыз Ормонго өткөрүп бер деди беле? Ыя? — деп Бөлтүрүк чечен
менен Супатай бийди каарый карап, сөзүн улады. — Аблай хан кыргыздан сабын көргөн деп
мени коркутканыңарбы? Бабабыздын кыргызга салган жайыл кыргыны эсиңерде жокпу?
Казакка да хан болууну көксөгөн көөдөк кыргызга саламын андан чоң кыргынды.
Азирленгиле, Супатай, Үрүстөм, Абулпейиз, Сүйүк султандар ар бириңер ат жарагы менен эки
миңден кол чыгарасыңар. Агыбай баатыр; Норузбай төрө экөөңөр алардан келген
жоокерлерди бирден санап өткөрүп аласыңар. Ким менин буйругумду аткарбаса, айылын
чаап, малын талагыла. Жыйырма миң кол топтоймун. Ага чейин кыргыз айылдарын четинен
чаап, өрттөп, малын талап туруу керек. Кол азирленип бүткөндө үлкен казатты өзүм
баштаймын. Кыргыз эсирген экен, байталдары жал алып, койлору куйрук байлап, жигиттери
богок байлап, кыздары эмчек байлап калган сыягы бар. Көргөзөмүн кызыкты, саламын
бабалары көрбөгөн бузукту. Бабабыз Аблай хандын жолун жолдойлу, Аллохи акбар, — деп
сөзүн бүтө жыйынды таратты.
ЧАБУУЛ
1847-жыл, жалган куран айы.
Капка алдындагы кыргыз айылында бейкут тиричилик. Мал көк кубалап калган маал. Эрте
телчиккен козу-улактар төш таяна жайылууда. Айыл ортосуна тартылган көгөндөр бош.
Талас суусун бойлой тартылган желелерде байлалуу кулундар, саан бээлер үйүрүнөн
бөлүнбөй отокто. Кемегелерден, үйлөрдөн түтүн булайт. Кээ бир үйлөрдүн эшиктери
түрүлүү. Четки көөнө боз үйдүн босого туурдугу сыйрылып, кереге көзүнөн өткөрүп үч-төрт
аял аркан эшип жатат, Андан берки ак үйдүн алдында курулган өрмөктө орто жаштагы,
буудай өңдүү субагай, кара каш, кара көз аял өрмөк өрүүдө. Боз үйдөн чыккан тараз бойлуу
кош этек көк көйнөкчөн, тик жакалуу жеңил кемсел кийген, жоолугун алдына байлана көзү
күлүңдөгөн кара тору келин:
— Айиий, апа, төмөн жактан чыккан чаңды караңызчы, — деди. Өрмөктөгү аял колун
маңдайына серепчилей:
— Жылкы айдап, Капканы ашканы бараткан жылкычылар го, — деп адыргыны көтөрүп,
аркак өткөрө баштаганда:
Хан Ормон
— Аблай, Аблай... Кене хан... Кене хан, — деп абаны термелткен ач кыйкырык сала атчандар
айылга чабуул коюп кирип келишти. Эч нерседен капарсыз бейкут тиричиликтеги эркек,
аялдар эмне окуя болуп кеткенин биле албай элейишти.
Көк ала сакал карыянын жанында турган жигит:
— Аба, булар Аблай, — деп кыйкырып келатышат. Казак баскынчылары окшойт. Атка
минели, — деп үйдүн жанында сайылуу турган найзаны алып, кермени көздөй бет алганда:
— Карачы, куралдуу атчандардын көптүгүн. Биздин он чакты жигиттин колунан эмне келет.
Бөйдө өлүм болбой тура туралы. Алышар кез алдыда болот го. Ашыкпа, — деп сакалын сылай,
ичинен келме келтирип турду. «Аблай» деген чуу менен атчандар айылды аралай
тапырактата чаап кирип, жолуккан эр бүлөлөрдү найзалап жыга, суу боюндагы желелерди
кыркып, жайылган жылкыларды төмөн кайрып, чаңдата айдап жөнөштү. Кээ бир зөөкүрлөр
аттарынан ыргып түшө кыз, келиндерди уйпалашты. Аблай чуусу найза, кылычтан
өлгөндөрдүн ата-энелери, катын-балдары жакындарынын үстүнө өмгөчөктөп сыздаган
муңдуу ыйы абаны титирете, айылга кандуу калайман түштү.
Жанарак атка минейин дегенде карыя токтотуп койгон жигит карындашын жулмалаган
баскынчыны бычак менен сая жыгып, атына мине:
— Кыргыз, кыргыз, Бүргө баатыр, — деп ураан чакыра жылкыны айдап бара жаткандардын
артынан жетип, экөөнү аркасынан сайып, аттан түшүрдү. Үчүнчүсү кайрылып найза сунду.
Канында эрдик намысы кайнаган жигит аны да сайып түшүргөндө, төртүнчүсү капталдан
чыгып, чокмор менен желкеге урганда жигит ат жалына өбөктөп барып, жерге кулап түштү.
— Үйлөргө өрт койгула, эр-бүлө тирүү калбасын, — деп барк этти да, туулга соот кийген кара
сакал шейит кеткен ээсин кыя албай кишенеп турган атты чылбырлай, жылкы артынан
жөнөдү.
Айыл кызыл өрткө бөлөнүп, курумшу, күйүк жыттанган ачуу түтүн асманга буралып, теребел
ызы-чуу, өкүрүк, ыйга толду.
Казак элинин улуттук боштондугу үчүн күрөшүүгө чыккан Кенесары Касым ыйык ишинен
четтеп, кандуу жолго түшүүсү ушундай башталды.
Баскынчылар талоонго алган малды Мерке чебин курчап турган жыйырма миң колдун азыктүлүгү үчүн алып баратышты. Кыргыздар менен кармашууда артынан сокку уруу коркунучун
жоюу үчүн Кенесарыга Мерке чебин алуу зарыл эле.
Казактын өсүмдүккө куник боз талаасында тогуз байсалуу Мерке чеби кароол секичелери,
мечит мунарасы менен көзгө урунат. Түштүк тарабындагы баштарын ак мөңгү баскан
тулаңдуу кыргыз тоолору булут челе суналат. Тоо кыркасынан көтөрүлгөн күндүн булутка
чулгана үзүл-кесил тийген нуру кунарсыз. Чептин түштүк тарабындагы дөңсөөгө тигилген
Кенесарынын көк чатыры алдында айчыктуу жашыл туу желбирейт. Хан чатыры тандалма
төлөңгүттөрдүн катаал кайтарыгында турат... Чептен кыйла обочо жолдо үйлөр тигилип
казак баскынчыларынын айылынан түтүн булайт. Казысы карыш бээлер союлуп, кандуу
булоон түшүүдө.
Куралдуу жоокерлер чепти үч айланта курчашкан. Алдыңкылары жебе учуна майланган
кебезди күйгүзүп, чептин ичин аткылоодо. Чеп ичинен ар кай жерден өрт «жалбырт» этип,
түтүн буланууда... Мунарадан, чеп кырынан көрүнгөн Кокон жоокерлери кулап түшүп,
дарбаза кайтаргандары да күм-жам болууда. Баш бактырбай курчоонун үчүнчү күнү. Чеп
акими Абдулхамид таксырдын иш үжүрөсүндө жашыруун кеңеш жүрүүдө. Төрдө аким өзү.
Анын катарында мечит имамы Абдулла кожо, сол жагында чеп сыпайларынын башчысы
Абдулазиз паңсат отурат. Үжүрө ичи үнсүз тунжуроодо. Өң-алаттан кетип кубарган аким
майда калтырак басып турган колу менен кыска тегизделген сакалын сылай:
— ЛяиллахаиллаАллахи, Мухамед расул Аллахи, Кудаа өзүң сактай көр кыргын алааматтан.
Хазрети, кандай айла кылабыз, — деп мечит имамын карады.
— Аллахи таалага сыйынып кармашуу керек. Өлсөк шейит болобуз, өлтүрсөк газы болобуз.
Кудай алдында, хан алдында жүзүбүз жарык болор, — деди Аллахи таалага ишеничи
кебелбеген имам.
— Оо, хазрети, Капка алдындагы кыргыз айылдарына салган кыргынды уктук го. Эр-бүлөдөн
бирин калтырбай өлтүрүптүр. Келин-кыздарын мазактап, кош бойлуу аялдардын ичин
жарып, балдарын кереге башына илдириптир, — деп мукактана сөзүн бүттү оюндагысын
толук айта албаган паңсат.
— Хазрети, ойлоп көрүңүзчү, жыйырма миң аскерге биздин эки жүз сыпай кандай туруштук
берет? Ордодон жардам келери да күмөн, — деп ылдый карады чеп башы бек.
Хан Ормон
— Абдулхамид жахангер, сиз Кудай алдында куран кармап, таксыр ханга ант бергенсиз.
Антты актоо үчүн Кудайга сыйынып, бел байлоо керек. Маңдайга жазылган болсо шейит
өлүмүнө барабыз да, — деп келме келтирди, сабыр күтүп токтоо отурган мечит имамы.
— Хазрети, кечиргейсиз, Кудай алдында бейкүнөө адамдардын канын мойнума алгым
келбейт. Кенесарыга, ак желек карматып, тартуу менен элчи жиберели, — деди чеп акими.
Үшү качып, саруулап отурган сыпай башы паңсат үстүнөн оор жүк алынгансып, жеңилдене:
— Ак сөз таксыр бектики, элдин канын мойнубузга албайлы Кудай алдында, — деп сакалын
сылай, оңдонуп отурду паңсат. Бир аз ойлуу отургандан кийин чеп башы:
— Абдулазиз паңсат, ээр токуму, азем жабдыгы менен кызыл ооз аргымакты даярдаңыз.
Тартуу менен Кенесары алдына сиз барасыз ак желек көтөрүп, — деп булк этти айласы кетип
отурган Абдулхамид бек. «Сиз барасыз» дегенде жүрөгү опкоолжуй түшсө да, «ак желек
көтөрүп» дегенден улам элчиге өлүм жок да деп өзүн жооткоткон паңсат:
—Хоп, таксыр, айтканыңыз орундалат, — деп ордунан тура жөнөдү. Кудай алдында ханга
берген антынан тайган чеп башы бекке нааразы боло, жан туюму ыза болгон имам да өз
жайына чыгып кетти...
Батыштан соккон сыдырым шамалга көк чатыр алдындагы ак айчыктуу жашыл туу
желбирейт. Айланасына элүү кадамча киши жолотпой, кылыч байлана найзасын кесе
кармаган туулгалуу төлөңгүттөр турат. Чатыр ичине өрө кийиздер салынып, үстүнө килем
төшөлгөн. Төрдө секиче орундукта Кенесары хан. Хандын он жагында — Эржан төрө, сол
жагында Норузбай — төрө, аларга удаа Агыбай, Иман баатырлар отурушат.
— Колдун санын тактап, он башы, жүз башы, миң башыларды дайындап бүттүңөрбү? Оң
канатта канча, сол канатта канча, туу түбүндө канча жооокер болот? — деди Кенесары эч
кимди карабай, мелтиреген калыбында.
— Оң канатта Норузбай баатыр, колунда 7000, сол канаттагы Эржан төрөдө 7000, туу
алдында сизге тиешелүү 5000 жоокер болот, сакчыларды кошпогондо. Иншалла, азык-түлүк
жетиштүү, курал-жарак шай, Капка алдынан көп мал келди, — деди жашы улуу Агыбай.
— Аа, жакшы, чепти оттуу жебелер менен аткылоону уланта бергиле. Эгерде түшкө чейин ак
желек көтөрүп келишпесе чабуул коёбуз. Шаты, аркандарды азирлегиле. Баса, Меркеден
Супатай, Андаштар канчадан кол кошушту, — деди Кенесары.
— Экөө бир миңден кол менен кошулушту. Кечигишти, бирок жигиттери тандамал, куралжарактары шай. Кечиккендерине нааразымын. Чакырткыла хан алдына, жооп беришсин, —
деди баатыр атанып, текебери көөдөнүн тээп турган Норузбай төрө.
— Көрөбүз, Наукенжан, иштин аягына чейин кимдин ким экени билинет. Азыр аскер
ынтымагы, катуу тартип керек, — деди Кенесары хан кебелбеген калыбында. Аңгыча эшик
ачылып кирген төлөңгүт:
— Аллаяр таксыр, сизге кирсек деп өтүнүшүп, ботпай бийлери Супатай, Андаштар турат, —
деди таазим эте ийилип.
Кенесары мелтирей, көзүн ирмебей тиктеген калыбында, башын билинер-билинбес ийкеген
болуп, «кирсин» дегендей белги берди. Чатыр эшигинен узун бойлуу, кең далылуу, кагелес,
буудай өңдүү, субагай жүз, кырдач мурун, суйдаң кара каш алдындагы коймолжун көздөрү
ойлуу, чокчо сакал-муруту сыпаа серпилген орто жаштардагы салабаттуу Супатай бий
көрүндү. Башында жылбырска кара көрпө кыюулаган кулун терисинен малакай, көгүш нооту
кемселине күмүш кемер курчанган; анын артынан орто бойлуу, тууралжынынан келген
эткелирээк, тегерек бет, сары чийкил, келте мурун, жээрде сакал, башында кийиз калпак, ак
пиязы тик жака кемселине кемер кур курчанган Андаш бий кирип, колдорун бооруна ала:
— Ассалоому алейкум, Аллаяр таксыр ханыбыз, аман болсун мал-жаныңыз, Алла таала кубат
берип, ачылып турсун багыңыз, — деп жарыша салам айтып ийилишти.
— Алейкума салам, келгиле, жай алгыла, — деди Кенесары кебелбеген калыбында. Бийлер
ханга кол берип, Норузбайга кол сунганда:
— Тарт колуңду, албаймын, сенин ңасилиң төрө эмес, карасың, кара казак боласың, — деп
тескери карады. Сунган колун кайра тарта албай, ыңгайсыз абалда турган Супатайды
байкаган Кенесары:
— Андай эмес, Наукенжан карагым, бийлер өзүңдүн тусканың гой. Колун ал Супатай агаңдын,
— деп жайгарды. Менменсиген жаш төрө:
— Мен алуучу кол эмес, колуңду тарт, Супатай. Колуң арам, Супатай, жолуң арам, Супатай, —
деп жекирди. Көптү көргөн кыраакы Супатай ызасын жашыра, билмексен болуп:
Хан Ормон
— Аллаяр таксыр, албады деп колумду төрөгө капа болбоймун. Тууганын сестеп жалтантып,
душманынын мизин кайтарып, кыр көрсөтүп атпайбы. Атпай Алаш калкына эрк көргөзүп
атпайбы, — деп Агыбай, Андаштын катарына отура, алакан жая: — Аллоху акбар, Аллаяр
таксыр, алышканды алып жык, беттешкениң мертинсин. Аблай бабаңдын арбагы
жылоолосун, — деп бата тиледи.
— Супатай бий, мына азыр Мерке чебине чабуул коемун да, ал бүтө кыргызга чабамын. Сенин
жигиттериң даярбы? Кыргыздардын чамасы канча, алыбыз жетеби? — деди Кенесары
Супатайдын мактоолорун кулактын сыртынан кетирген сымал, кыргызга жакын, куда-сөөк,
байланышы бар деген шеги да кылтыйып турду.
— Аллаяр таксыр, жигиттер курал-жарагы менен шайма-шай келишти. Кыргыздар алсыз
десем өзүңдүн алдыңда, Кудай алдында өтүрүк айткан болормун. Алар итабар күчтүү, жоокер
эл экени анык. Ар бир үйдүн капшытында ар дайым найза сайылуу турат, бирден аты дайыма
кермеде суутулууа болот. Сиздин жоокерлер да алардан кем эмес, ашык. Кудайга сыйынабыз,
— деди Супатай.
— Мына, Кенеке жана айттым гой бул арам деп, кыргызды мактап турганын көрбөйсүзбү.
Кыргызды бүтүргөндөн кийин Супатай сени менен сүйлөшөм, — деп сумсайды Норузбай
төрө. Ыңгайсызданып отурган Андаш малдашын копшой обдула сөз баштарда:
— Аллаяр таксыр, чептен ак желек көтөрүп үч атчан келатат, эмне иштейли, аталыбы? —
деди эшик ага төлөңгүт.
— Аа, ошондойбу, элчиге өлүм жок, ок чыгарбагыла, жакындап келгенде токтотуп,
аттарынан түшүрүп, куралдарын алып, менин алдыма келтиргиле, — деди Кенесары
менменсине эки жагын каранып.
— Көрдүңөрбү, Кенекебиздин сүрүнөн жүрөктөрү түшкөн ала чапан сарттар, кол көтөрө
албай, «лаппай таксыр» деп келатышканын, а сен бизди кыргызың менен коркуткуң келет,
— деп Супатайга ызырынды Норузбай.
— Тартуусу кандай болду экен, көрөт го Кенекебиз, — деп компойду Агыбай.
Аттарынан түшүрүлүп, курал-жарактары алынган үч кишинин алдында келген кайтарыкчы
төлөңгүттөрдүн башчысы:
— Аллаяр таксыр, элчилер келди, — деп таазим эте ийилди.
— Башчысын гана киргизгиле, — деди Кенесары хан. Сырттан кара сакал, кара сурунан
келген, эрди түйрүк, эңгезердей узун бойлуу, чептин сыпайларынын башчысы Абдулазиз
паңсат алдыга кире чөгөлөй:
— Урматтуу жахангер хан Кенесары, сизге, Мерке чебинин беги Абдулхамид мырза салам
дуба жолдоду. Сиздин мындан ары кыргыздарга жүрүшүңүзгө ийгилик каалай турганын
билдирди. Алдыңызга жабдык- жарагы менен аргымак тартуулады, - деди башын жерге
салган калыбында.
— Мен силерден кыргыздарга барууга уруксат сурап келгеним жок, силерди багынтууга
келдим, - деп бурк этти Кенесары хан.
— Бул улук ишке, таксыр, менин эрким жетпейт. Бегибиз бар, — деди паңсат башын
көтөрбөгөн калыбында.
— Тарт эшикке, Кокон бегинин тартуусун көрөлү, — деп ордунан турду Кенесары. Жапырт
эшикке чыгышты.
Хан чатырынан он беш-жыйырма кадам оолак Абдулазиздин жардамчысынын
суулуктоосунда зээри бийик, соорусу жайык, мойну жаадай ийилген, кулагынан шам күйгөн,
суйдаң жалдуу ойноктогон ак боз ахалтеке аргымагы ооздугун кемире жер чапчыйт. Үстүнө
алтындалып, асыл таштар чөгөрүлгөн ээр токулган, булгаары тердик, желдиктерине күмүш
чегеленген, ээрдин кашына винчестер мылтык, алтындалган кындуу кылыч илинген.
Тышка чыккандар аргымактын ажайып турпатына, ээр-токум жасалгаларынын
аземделишине таң боло, бир тынымга үнсүз турушту. Алып келген тартуусу көргөндөрдүн
купулуна толгонун байкаган паңсат:
— Таксыр хан, мына ушул араб жана ахалтеке жылкыларынын насилинен чыккан
аргымакты бегибиз сизге урмат менен тартуулайт. Муну өзү гана минер эле, «Кызыл ооз
аргымак» деп аталат, — деп элчи жагалдана Кенесарыны карады. Хандын сумсайган жүзүнөн,
ирмебей тиктеген көздөрүнөн же жакканы, же жакпаганы билинбейт.
— Бали, мал болбосоң коё кал, төрт аяктуу жылкы баласынан чыгат экен да ар кандайы, —
деп Агыбай баатыр аргымактын жанына келип, жалынан, көкүлүнөн сылады.
Хан Ормон
— Байлап койгула кермеге. Барып дарбазаны ачкыла. Бизди тосуп алсын бегиң, — деди
Кенесары паңсатка мелтиреген тейинде.
Мерке чебинин каршылыксыз алдына кулашынан өзүн ааламдын ээсиндей туйган
Кенесарынын көз алдына курун мойнуна салып, чөгөлөгөн Ормон хан элестеп турду.
Кыргыздарды канабайран түшүрүп, чаап алуу ага колдогу ишиндей көрүндү.
САКТЫКТА КОРДУК ЖОК
Тоо өрөөнүнөн түшкөн сууну бойлой жаздоо конушта отурган айыл Жангарач бийдики. Күн
тоо кыркасынан кылая кой короодон чыгып, өр таяна көк уулай жайылууда. Козу-улактар
агытыла элек көгөндө, үйлөрдөн созолоно түтүн булай айыл тирилик камында. Төмөнтөдөн
иттерди абалата калмак жүрүш менен келаткан үч атчан айылдын өйдө жагындагы чоң ак
үйдүн жанындагы кермеге түшүп, аттарын байлай, камчыларын кончторуна кыстара, үйгө
бет алышты. Он эки канат ак үйдүн төрүндө талкан уругунун жашы улуусу Моңош карыя, эки
жагында беш-алты салабаттуу айыл адамдары отурушат. Жашы баарынан кичүү үй ээси
Жангарач бий эр жакта отургандардын четинде эмнегедир кабатырлана кеп салууда,
баарынын маанайлары пас. Моңош карыя кабагын көтөрө:
— Кудайга карайбыз да, не бар, не жок, камылгалуу тургула, — дегенче болбой эшик ачыла:
— Ассалоому алейкум, — деп салам айта Кожоян, Ысабекаалы, Искендерлер киришти.
— Алейкума салам, мырзалар, жолдуу кайттыңарбы? Өткүлө, орун алгыла, — деп
келгендерге ордунан тура кол берип, ызаат көрсөттү, мартабасын адамгерчилик менен
айкалыштыра билген нарктуу бий Жангарач. Келгендер Кенесарынын чабуулу жөнүндөгү
каңшаар кабардын аныктыгын билип келүү үчүн мындан бир жума илгери Чалдыбар,
Меркеге атайын жиберилген чалгынчылар эле. Амандык сураша жайланышкандан кийин:
— Кана, алтын шилекейиңерди чубурта отургула, арыбай-ачпай келдиңерби? — деди үй
ээси.
— Кудаага шүгүр, бий, ат көлүгүбүз аман-эсен кайттык. Чалдыбар тегереги тынч азырынча,
бирок кооптонуп, тоо таяна көчүп аткандар бар. Меркени айланчыктап көрдүк. Кенесарынын
сандаган колу чепти айланта курчап турат, — деди Кожоян.
— Курчаганда да үч айланта курчаптыр. Жан каттатпай оттуу жаа менен чептин ичин
аткылап турушат, — деп кошумчалады кер мурут жигит, Жантай бийдин уулу Ысабекаалы.
— Казак колунун чамасы канча көрүнөт? Меркедеги Кокон бектери каршы уруша
албаптырбы? — деп ойлуу кабагын көтөрө, келгендерге карады Моңош карыя.
— Чептин ичи өрт. Чеп аскерлери тышка чыгып урушууга батына албай, коргон
көзөнөктөрүнөн аткылаган болуп жатышат. Чептин ичиндеги өрттү өчүрүү менен да
алектенип турушат окшойт, — деди Жангарачтын жакын тууганы олбурлуу карасур, келте
мурун, көзү жүлжүгүй жигит Искендер.
— Казактар өтө көп сыяктанат, айылдары менен көчүп келишкенби, айтор Меркеден бир аз
обочо талааларда жолум үйлөр жайнайт. Капканын алдындагы кыргыз айылдарын кызыл
уук кылып чаап, өрттөп, малын тыптыйпыл айдап келип, кандуу булоон болуп жатышкан
түрү бар, — деди Кожоян, Жантай бийдин инилеринин бири. Жүзү курусун Кенесарынын.
Капканын алдындагы айылдардын малын эле алса эмне, эр бүлөнү тирүү калтырбай кырып,
айылды өрттөп, кары-жаш дебей кырганын уксаңыз — жүрөк титирейт. Тирүү киши деле
калбаган окшойт, кичине балдарды да жайратышыптыр, жырткычтар, — деп улутуна
сакалын сылады Кожоян.
— Ляиллааха иллаАлла, Аблай хандын алааматы кайра башталган экен го, — деп жакасын
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 18
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.