Latin

Хан Ормон - 27

Total number of words is 3948
Total number of unique words is 2110
28.9 of words are in the 2000 most common words
42.2 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Үйрөнүп атышат, менден башка сугатчылардын да эгип алган эгиндери бар, — деди
Шамен.
— Жакшы экен. Эгин эккендер көбөйсүн. Элде болгону жакшы, — деп жайкалган эгинге көз
жиберип турду да: — Өзүңдүн эккен эгиниң канча? — деп сугатчыга кайрылды хан.
— Ушул эгиндин майнабынан суу ичкен жарым теше жерим бар, малым да бар. Бир музоолуу
уюм, кой-эчким болуп он-чакты жандык, — деди хандын көңүл бурганына ыраазы болуп
турган сугатчы.
— Эгиниңди эгип, баккандарга эмне акы бересиң? — деп Шаменди карады хан.
— Берет, бербей анан, — деп Шаменден озо аны жал-жал карап жооп катты сугатчы.
— Акысын так кесер бычып койгун. Булардын акысы кетпесин бекерге, адам акысын
жегенди Кудай таала өзү жазалайт, — деди Ормон хан Шаменди катаал тиктеген калыбында.
— Албетте акыларын күн мурун бычып, макулдашып коёбуз. Тешесине жарым каптан эгин
берилет, — деди хандын катаал көз карашына кысыла түшкөн Шамен.
Хан Ормон
— «Жарым» деп бүрүштөбөй бүтүн каптан эле бер! Аштыкчыларың ыраазы болушсун, —
деди хан.
— Ошентебиз, таксыр. Нааразы кылбайм буларды, — деди Шамен.
— Кысынбагын, ошент, — деп Шаменди карады да: — Ар ким өз үй-бүлөсү, мал-жаны үчүн
эгин эгип, чөп-чарын камдап алгандай болсун. Кар көп жаап, жут болсо кыйналышпайт, —
деди.
— Эгин эккенге элдин мойну жар бербей турат. Жаз келгенде эле кышты унутуп салгандар
көп. Жайды жайлата айыл-айылдан кымыз уулап жүрүп, чөп чаап алганга да чололору
тийбегендер арбын, — деди хандан жашы улуу, кадыры өткөн Токтор аке.
— Андайлар ышкырып жут келсе бирин-экин малынан кол жууп, тумшуктарына суу
жеткенде ийге келишет, — деди хан.
— Эгин эгүү, чөп-чар камдоо, кыш камын көрүү — ар бир үй ээсинин иши. Муну
түшүнбөгөндөрдү Сиздин жардыгыңызга ылайык жазалаш керек, — деди топ ичиндеги
кадырман билермандардын бири.
— Таксыр, ашууга чейин итабар бар. Күн кечтей электе Кара-Кужурга түшүп кетели, — деди
ар ишке камдуу Шамен.
Хан тобу өйдө тарта Терс-Төрдү көздөй бет алды.
Кара-Кужур жайлоосундагы мал-жайын көрүп, Шамендин айлына бир өргүп, таң саарынан
жолго чыккан Ормон хан тобу түш оой Калмак-Ашууга чыга келе тизгин жыйды.
Алдыда асман мелжий суналган ак мөңгүлүү Молдо-Тоо кыркаларынын бетегелүү апай
беттерине жалгашкансып көлбүгөн көгүлтүр көл көздүн жоосун алып турду. Көл жээги
мунарыктай күн нуруна чагылыша көңүлдү эргитет. Жаратылыштын ажайып сулуулугуна
маашырланып турду Ормон хан. Көк-жашыл тартып жаркыган көл жайлоо жарашыгын
арттырып турду.
— Керемет жайлоо экен го. Ушунча бийик тоо арасында уюткан каухардай көгүлжүм тартып,
көңүлдү эргиткен көл жомоктогудай ажайып экен го, — деди көлгө сереп салып ойлуу турган
хан.
— Таксыр, азыр чети эле көрүнүп турат. Ойго түшкөндө көлүңүз ошондо көңүлгө толот, —
деди Шамен.
Ары жактан ашууну көздөй келаткан үч атчанды көргөн Токтор аке:
— Оо, Келдибек эрен тура, ханды тосуп чыккан экен. Саал кечиккени болбосо тушма-туш
чыкты, — деп сөзүн бүтө электе, атчандар белеске жетип, жапырт аттан түшө чылбырларын
колуна кармап, төштөрүн баса салам айтып турушту.
— Ассалоому алейкум, таксыр ханыбыз, калың саяк элиңизге, касиеттүү Соң-Көлүңүзгө куш
келипсиз, — деп утурлай басып, ханга кол берип саламдашты, башында төбөсү бийик ак
калпак, ак суп чепкен, ичинен кийген тик жака ак кемселине күмүш кемер курчанган нооча
бойлуу, кең далылуу, кабагы бийик, кашы калың, көздөрүн акыл уялаган коңко мурун, жээрде
сакалы жайкалган сары чийкил салабаттуу Келдибек бий. Бул өз баркын сактай билген адам
ханга ызаат кыла, өзүн сабырдуу кармап турду.
— Алейки салам, — деп ооз учунан алик ала мелтиреген калыбын жазбады Ормон хан.
Келдибектин артынан Дуулат жана алар менен келген айылдын билерманы Ормон ханга кол
берип учураша, калгандарына баш ийкей турушту.
Теребелге сереп сала ат үстүндө каалгый ойлуу турган Ормон хан:
— Бу силер, саяк туугандар, ушундай керемет жайлоону ханга көрсөтпөй жайлап турганыңар
кандай? — деп зоңк этти.
Күтүлбөгөн бул суроого кыстала түшкөн саяк бийлери Келдибекти карашты.
— «Ак шумкар алганына кубанбайт, чалганына кубанат». Таксыр, чалып турасыз го. Айып
бизде чакырып көрсөтө албаган, — деди сөз жүйөөсүн кетирбеген Келдибек бий.
— Айып силерде болсо, анда айып тартасыңар. Өзүң ойлоп, өзүң быч айыптын өлчөмүн,
Келдибек бий, — деди Ормон көлдү маашырлана караган тейде.
— Албетте өзүм бычам, таксыр, — деп борс-борс күлдү да, сөзүн кайра улай, — ойдо элиңиз
күтүп турат, — деп атына минди Келдибек бий.
Ормон хан тизгин кага кыялай ашуунун оюна бет алды. Көтөрмө бою артта Келдибек бий,
Дуулат бий, Токтор аке, Нажимуддин ажы, Шамен баштаган жоон топ атчандар баратты.
Хан тобу ашуудан түшүп, көл жээгине бет алды. Баш-аягы көз мелжите тулаңдуу тоо
этектерине алкактана көлбүгөн көл бети күн нуруна чагылыша толкундарын жээкке чарпый
Хан Ормон
жайлоонун ажарын арттырып турду. Көл жээгинен үч чакырым берирээк жайкалган көк
шиберде чатыраган калың айылды көздөй хан тобу баратат.
Айыл кара кыргыз хандыгын түптөөгө көп аракет жасаган, өмүрүн элим деп өтөп, атпай
кыргызга кадыры арткан Медет датканын уулу Дуулат бийдики. Айылдан обочо үч ак үй
тигилген. Бири он эки канат, экөө тогуз канаттан. Он эки канат ак үйдүн алдында жардана
күтүп турган эл. Хан тобу жакындаганда топтон бөлүнө эки киши чыкты. Алдыда ноочо
бойлуу ак сакал карыя келатат. Башында кулун тери жеңил малакай. Суйдаң ак сакал-муруту
сыйда серпилген, үрпөгөй ак каштары, терең кабагы алдындагы сурмалуу көзү ойлуу
тиктейт. Ак кемселине бөз кур курчанган. Сол ыптасында оттук кисе, кындуу бычак илинген
карыя жакын келе:
— Ассалоому алейкум, таксыр ханыбыз. Куш келипсиз, атпай кыргызга теңир Алла буюрган
касиеттүү Соң-Көлгө, калың саяк туугандарыңызга, өзүңүз менен кызматташ болгон айтылуу
Медет датканын уулу Дуулат бийдин айылына, — деп салам айтып турду.
Ормон хан атынан түшүп, карыяга жана аны менен келген кадырман адамдарга кол берди да,
жарданып турган элди карай басты. Коштоп келаткандар да жапырт аттарынан түшүп
ээрчиди. Хан тобу элге жетип жете электе, төмөнтөдөн ат дүбүртү чыгып, улак тарта
жигиттер келатышты. Алдыда суйдаң жалдуу кула кашка атчан, башын кызыл жоолук менен
бууп, жеңдерин коломочтонгон олбурлуу кара тору жигит үйдүн алдына улак таштады да,
атынын оозун жыя кайрып келип хандын жанына аттан түшүп, сыңар тизелей салам берип
турду. Эл үнсүз жарданып карап турат.
Ормон хан чөнтөгүнөн тай туяк жамбы алып жигитке берди да: — Рахмат, бар бол, — деп
ыраазылык билдирди.
— Күмүш берди...
— Чоң экен. Жамбы дейт аны, — деген үндөргө аралаш Ормон хан элдин алдына чыга келип:
— Бар болгула, калайык, — деп бир аз ийиле төшүн баса салам берди да, эки жагында
жарданып турган элдин ортосу менен боз үйгө бет алды.
Эшик алдында тасмалуу элечек оронгон тик жака жеңил кара кемселчен, кундуз кыюуланган
белдемчи байланган орто жаштагы салабаттуу эки аялдын бири оймолуу кара көөкөрдөн
кымыз куюп, экинчиси ийиле сунуп турду. Ормон хан аякты алып ооз тийип, жанындагы
Токтор акеге узата үйгө кирди. Артындагылар даам сыза ээрчий киришти.
Үйдүн жасалгасы төп, калың өрө кийиздер үстүнө килем төшөлүп, төргө, эки капшытка кара
көлдөлөңдөр салынган. Улагадагы күмүш чабылган эки ала баканга кийимдерин иле жай
алышты келгендер. Төрдө, аюу талпак үстүндө, Ормон хан. Оң жагында алдынан тосуп чыгып
биринчи учурашкан карыя, Нажимуддин дамбылда, сол жагында Токтор аке, Келдибек бий,
үй ээси Дуулат конокторго ызаат көрсөтө төмөнүрөөк олтурат. Коноктор орун ала
жайланышкандан кийин хандын оң жагында олтурган карыя алакан жая:
— Оо, Жараткан Алла! Калайык калкыбыз айдан аман, жылдан эсен болсо экен. Кыйкырган
жоодон, ышкырган жуттан калас кыла гөр. Хандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан
сактай гөр. Элибиздин өрүшү кеңейип, өркөнү өссүн. Аллаху акбар, — деп бата тиледи.
Олтургандар жапырт беттерин сылай күбүрөп батага кошулушту. Колго суу куюлуп,
дасторкон жайыла даам төгүлүп, шуулдай кайнаган самоор киргизиле шымаланган шайдоот
жигиттер бөйрөктүү ак чайнектен чай куюп, конокторго узатып турушту. Бир тынымга чайга
карамыга үй ичи үнсүз дымыды.
— Оо, өттү го нечен замана. Мен Эсенгул баатырдын учурун көрүп калдым. Калың кыргыз
кара калмак менен салгылаша жергеден сүргөн күндөр, кылыч кыңгырап, найза учунан жел
ышкырган эрөөл күндөр, кара таандай калың калмактан Ата-Журтту бошотуп, «баш
канжыгада, кан көөкөрдө» деп нечен эрендер эл үчүн жан кыйган апааттуу да, үмүттүү да
күндөр, — деп карыя демин жыя сөзүн улады. — Ормон баатыр, мага «хан» деген сөздөн,
«баатыр» деген сөз жылуу угулат. Ныязбек бий менин курбалдашым, баатыр, бар бол! Кандуу
Абылайдын канкор небереси Кенесарыдан элди сактап калган кайратың элиңе жасаган чоң
эмгегиң болду. «Эрени болбой эл болбойт» дегендей, өзүң менен бирге кыргыздын көп
эрендери кошо салгылашты. Дос да, душман да көрдү кыргыздын ким экенин. Бар бол,
баатыр! — деп чайдан ууртады да, сөзүн кайра узатты. — Ышкырып жут келсе, айкырып жоо
келсе элдин камы мойнуңарда. Элибиз көчүп-коно чаржайыт. Мал азыгы менен күн көрүшөт.
Элди жерге илээштирип эгин эккенге, малына чөп-чар камдап алганга ийиктирсеңер курсак
тоюп, турмуш бакыбат болор беле деп ойлоймун.
Хан Ормон
— Ээ, карыя, несин айтасыз. Кенесары «кыргызды каратып, олжого тунам, казак-кыргызга
хан болом» деп келди эле. Баса, ага орустун да алы жеткен эмес экен. Биздин кыргыз
жоокерлери эрдемсиген ханга, анын түмөндөгөн аскерине кыргыз кылычынын мизин,
чокмордун күчүн, найзанын учун таанытты. Ошол кандуу кармаштын башында мына көзүн
көрүп мактаган эмес, ханыбыз өзү болду, — деди Келдибек бий.
— Кыл чайнап кырчылдашкан кыргында нечен эрендердин өмүрү кыйылды го, — деди
сакалын сылап, ойлуу олтурган Дуулат бий.
Эшикти эки жакка ача кирген жигит Дуулатка жакын келип, «бата» деп бүлк этти.
— Таксыр, ай туякка бата сурайбыз, — деп Ормон ханды карады үй ээси. Чай дасторконуна
бата тиленип, жапырт тышка чыгышты.
Күн кеч бешим. Үйдөн жүз кадамча оолак, кандагайларын шымданган үч жигит кардай ак боз
асый чыкма бээни ноктолоп, туура тартып турушат. Алдыда карыя, анын артында хан
коштогон тобу менен ай туякка жыйырма кадамча жакын келе кыркар тарта турушту.
— Оо, жараткан Кудай, кара кыргыздын ханы айлыбызга келип турат. Элдин башына кут
түшүрө гөр. Кара кыргыз элине ынтымак, береке, бейпил, тынч жашоо бере гөр. Элибиздин
башында турган эрендерибизге узун өмүр берип, бак-таалайын арттыра гөр, Аллоху акбар!
— деди, алаканын жая, үнү каргылданып жашый түшкөн карыя.
Жапырт бата тилене, хан тобу кайра үйгө кирип жай алды. Бир сыйра кымыз сунулгандан
кийин:
— Таксыр, — деп Ормонго көз жибере үй ээси сөз улады. — Орозбактын «Манас» айтканын
уксак деп турат эл.
— Аа, эл кааласа «Орозбак өнөрүңдү көрсөт», — деп манасчыны карады хан. Үй ээсинен өйдө
олтурган Орозбак тик жака боз кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото, топусунун чекесин
көтөрө оңдонуп олтурду да:
— Баатыр, «Манас» дастанынын баарын айтып бүтө албайбыз, кай жеринен айтып берейин,
— деп ханды карады.
— Элдин суроосун аткар, — деди Ормон хан.
— Чоң казаттан...
— Каныкейдин ат чапканын уксак...
— Кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого келгенин уксак, — деген үндөрдү баса:
— Өнөр ээси өзүң билесиң да, Оке. Өзүң билип эле элге эрмек болуп бер, — деди үй ээси
Дуулат.
— Анда Каныкейдин Тайторуну чапканын айтып берейин, — деп тамагын жасай, оңдоно
олтурду да: —
Айкөл Манас өлгөнүн,
Айкөлдөн калган дүйнөнү,
Абыке, Көбөш эки арам
Камчыга ченеп бөлгөнүн,
Айкөлүнөн ажырап,
Азапка башы көнгөнүн
Семетейди көтөрүп,
Чыйырдыны жетелеп.
Жоргонун белин төтөлөп,
Букарга тентип төнгөнүн, —
баяндап, таякелерине уул болуп Семетей энесинен алыс өскөнүн, Каныкей көөмөйүндө
Семетей эр жетсе, элине кошуп Айкөлдүн очогун тамызсам деген ойду көөмөйүндө багып
жүргөнүн айтканда, отургандар муюп угуп, кээ бирлери «атаганат» деп шыпшына,
Каныкейди тилегине жетсе экен дегенсип кобурай калышты.
Айкөлдүн эрдигинен, адилет ишке жан кыйган шердигинен кабар бергенсип,
манасчынын айбаттуу үнү теребелге тарап турду. Манасчынын үнү бирде пастап, бирде
жесир Каныкей менен уулунан айрылган Чыйырдынын бөтөн жерде өз баласынан өздөрүн
жашырып, аруу үмүт күтүп жүргөн сарсанаасын билгизгенсип, муңаят. Семетей эр жетип
чоңоё, элине бара турган маалы жеткенде, Каныкей «Манастын арбагы уулун колдоор бекен»,
деген үмүт менен алтымыш асый Тайторуну чоң жарышка кошот. Каныкейдин зарыгып
күткөн аруу максаты, тобокел ишке бел байлаган кайраты манасчынын кыймыл-аракетинен
Хан Ормон
армандуу барып, кайра көкөлөй кайраттуу чыккан үнүнөн туюлуп тургансып, элдин көңүлү
манасчынын кыймыл-аракетине, үнүнө арбалууда. «Арманда өткөн Айкөлдүн үй-бүлөсү
тентигенин кара, өзүнүн туугандарынан кордук көрүп...», «Кайран Эне Каныкейдин кайратын
көр», деген кобур үй ичин ээледи. Манасчыны көз ирмебей тиктеп, санын таянган калыбында
Ормон хан муюп тыңшоодо.
Тайтору күлүктү ат чабышка кошуп, эр кийимин кийине,
Айкөлдүн ак келтесин асынып, дүрбүсүн колуна алып, күлүктү сүрөөгө чыккан эненин жарык
дүйнөдөн жакшылык күткөн үмүтүн, уулунун эрезеге жетип, эл-жерине кошулуусу үчүн
жанын оозуна тиштеп, тобокелге бел байлаган адамдык кайратын, эненин эл-жерине, уулуна
болгон аруу махабатын баяндаган манасчынын үнү бирде арзыган муңду билгизгенсип,
бирде жаркын үмүттү, ага үрөгөн эненин кайратын даңазалай оболоп, шаңдуу чыгат.
Манасчынын бүткүл жан дүйнөсү менен кыймыл-аракети менен бериле эненин көп сай
күлүктөрдүн ичинен алтымыш асый карыган күлүктү сүрөп төлгө кылган асыл үмүтү,
адамдык кайраты жалгыз уулуна болгон энелик сүйүүсүн баяндап тургансыды.
Алгач алтымыш аттын соңунда келаткан Тайторуну дүрбүдөн көргөн эненин «Үмүтүм
таш кабабы?» деген коркунучу бара-бара эти кызыган буудандын күүлөнө, сайкүлүктөрдү
басып өтө, куйругу сунала келаткан карааны алга сүрөгөндөй болуп турду. Манасчынын үнү,
кыймыл-аракети күлүктүн улам бир сай күлүктү басып чуркаган арымдуу арышын билдирсе,
бирде күлүктүн жүрүшүнө дүрбү салып турган эненин жүрөгүнүн кагышын билгизгенсип
дүкүлдөйт. Улам барган сайын күлүктүн арымы артып, аны сүрөгөн алтын айдар чок белбоо
Алманбет баатырды, Көк-Серекти чуратып, капталынан сүрөгөн эр Чубакты көргөн
Каныкейдин кайраты артып, үмүтү жанганын олтургандар манасчынын үнүнөн,
кыймылынан туйгансып турушту. Ат сүрөөгө кеткен эжесинин чеки ишин токтотуу үчүн
аттанып чыккан өспүрүм Семетей да ат сүрөгөндөргө кошулуп, эр Манастын өзү сүрөп
келаткан күлүктүн чылбырын ала марага биринчи сүрөп жеткизгенин айтканда, муюп угуп
турган үй ичинен:
— Бали, жуушаттың бизди!..
— Кошо жүргөндөй болдук. Көп жаша, рахмат! — деген үндөр угулуп, көпчүлүгү жашып
кетишкен эле.
— Эр Манастын арбагы колдосун. Жамы кыргыз журтунун шарапаты тийсин. Рахмат! — деп
Орозбакты карай сөз улады, Ормондун оң жагында олтурган аксакал карыя: — Эми Орозбак
мырза эс алсын. Ормон баатырга комуз чертип бергин. Сен да өнөрүңдү көргөз, — деп
четкерээк олтурган Музоокени карады.
Кара кездеме кыюуланган чыраштуу ак калпагын көтөрө кийип, жүккө жөлөнүү турган
комузун алып күүлөп, бир-эки кайрып чертти да, карыяны карап:
— Кайсы күүнү чертсем болор экен? — деди сары чийкилинен келген кагелес кер мурут
Музооке.
— «Өнөрүң болсо өргө чап» деген кеп бар эмеспи. Төк болгон өнөрүңдү, — деди карыя.
— Эмесе колдон келишинче эрмек болуп берейин, — деп «Кулпенде» күүсүн бир-эки
кайырды да, мурда угула элек жаңы күүнү черте баштады.
Алгач шартылдап, алдыдан жакшы үмүт күткөнсүп, шаңдуу чыккан комуз үнү бара-бара
муңайым, назик созолоно адамдык астейдил ыкласты, жашоо жарыгы абийир, сый-ызаатты
баяндап, көңүлдү жайкаган жоодар кайрыктар үй ичин муютуп турду.
Көңүлдүү жайдары кайрыктар билинбестен мукамдуу тез кайрылып, көкөлөй көңүлдү
эргите ашыктык арзууну, көңүл кушун таптаган, асыл жар күтүп жашаган бактылуу өмүрдү
даңазалап, үй ичиндегилердин жан туюмунан түнөк таап турду. Жагымдуу ыргактар
капыстан терс бурула комуз үнү кооптуу күңгүрөп, капкакка тийген манжалар такылдап,
коркунучтан кабар бергенсип турду да, үзүлө түшүп муңдуу сыздап, зээнди кейиткен кайрык
үч жолу кайталанды, анан басаңдай барып кайрадан алгачкы шартылдаган шаңдуу
кайрыктарга өтүп, олтургандардын кабагын ачты. Комуз үнү басыла Музооке демин жыйып,
оңдонуп олтурганда:
— Өнөрүң жетилип калган экен. «Өнөрүң болсо өргө чап» дегендей, өнөрүң өссүн. Ырахмат,
— деди комуз күүлөрүн баалай билген кыраакы Дуулат бий.
— «Эл ичи өнөр кенчи» деген ушул. Баракелде, күүң далай окуялардын башын камтыйт
көрүнөт, жаңы күү го, — деди Токтор аке.
Хан Ормон
— Ооба, абаке, жаңы чыгарган күү, — деп өзүнө ыраазы болгон паанайда комузун жанына
коюп, кымыздан кере жута мурутун сылап, аякты дасторконго койду да, өзүн ирмебей тиктеп
угуп олтурган Ормон ханга көз жиберди.
— Музооке мырза, бир күүдө үч түрлүү окуядан кабар бердиң. Күүңдүн аты эмне? Жайын
түшүндүрчү, — деди Ормон хан.
— Таксыр, рахмат. Бул күүнү «Музоокенин муңдуу күү» деп койдум. Башымдан өткөн окуя
эле. Эп көрсөңүз айтып берейин, — деди Музооке ызаат менен ханга көз жиберип.
— Айт, угалы.
— Айтайын, таксыр. Кайын-журтум солтонун бардар жеринен эле. Мурдагы жылы жайында
кайындарыма учурашканы барып, күйөө бала катары сый-ызаат көрүп, өзүм да кайындарыма
өз уулдарындай эгиле мамиле жасап, сылык-сыпаа жүрүүгө аракеттендим. Кайын-журтум
үзүлө түшүп сыйлайт. Көңүлүм шат, жарым айча куунап жүрүп, сапарым карып, кайтаар
убактым болду. Кайындарымдын бардар, кишиликтүү жерден экенине жана ушундай
уюткулуу жерден жароокер асыл жар күткөнүмө ыраазы болуп, кайтууга азирлене баштадым.
Жөнөөрүмдө кайнатам алдыма жорго мингизип: «Тукум болсун, өрүшүң кеңейип, өркөнүң
өссүн» деп асый чыкма тогуз бээни айгырын кошуп, үйүрү менен алдыма салды. Ушинтип
көңүлдүү кайтып бараттым, таксыр. Алдымда бөжүгөн жорго. Айдаганым үйүрлүү жылкы.
Келечегим жөнүндө таттуу ойлорго берилип, элиме жөнөп баратам. Ашууну ашып, аркы
түбүнө түшкөндө, алдымдан чыккан төрт каракчы башыма союл уруп, эсим ооп
жыгылганымды бир билем. Чала өлүк бойдон сүйрөп бир үйгө киргизишиптир. Бир оокумда
эсиме келип, көзүмдү ачсам кара алачыктын ичинде босогодо жатам. Коломтонун төрүндө
олтурган дулдуйган кара киши ирегеде от үлөштүрүп отурган кемпирди жекире сүйлөдү:
— Жанагы томаяк чалыңдын боорукерлиги бир күнү өз башына тиет. Бул чала жан немени
эмнеге үйүнө сүйрөп келди! Андай боорукер болсо көөмп, же ташка корумдап салбайбы куран
окуп. Муну жыга чаап, малын биз алдык. Түнү менен Анжиянга айдап кетебиз. Бул өлөт. Баш
сөөгү талкаланды. Бизде чоло жок. Эгерде өлбөсө эртең менен өлтүрүп койгула да, сүйрөп
барып көөмп салгыла, — деди.
— Апей, көтөк, эмне дейсиң, жаш немени, — деп чочуп кетти кемпир.
— Айтпадымбы, өлтүрүп койгула деп. Башынан мээси көрүнүп турат. Шиш менен сайып
койсоң эле өлөт, — деп бурк этти да, эшикке чыгып кетти дулдугуй кара.
Өлүм көз алдыма элестеп, ага-тууганым, асыл жарым, кайын-журттарым эсиме түшүп, жан
кусалыгы көңүлүмдү тээп, айлам кетип турду. Аңгыча эшик ачылып, салабаттуу карыя кирди
да:
— Арба, Айымжан байбиче, — деп төрдөн жай алды да, улагада жаткан мени көзү чала:
— Бул жаткан ким? — деди.
— Муну Сансызбай кызыл жаян болуп, чала жан жаткан жеринен таап, үйгө алып келген, өзү
жылкынын түнкү кезүүсүнө кетти. Эми жанагы соку баш жексур: «Муну биз жыга чаап, малын
алганбыз. Бул киши болбойт. Сен өлтүр!» дейт, өлүксүз. Өзүлөрү түнү менен бул бечаранын
малын Анжиянга өткөрүп кетишет имиш. «Өлтүр, эмгеги былкылдап турат, шиш менен
сайсаң эле өлөт» дейт. Эмне кылам? Жексурдун тилин албасам жалгыз уулума кесири тиеби
деп корком, — деди кемпир.
— Ошондойбу, — деп карыя ордунан туруп, жаныма келди, көңүл коюп карап, башымдын
жарасын көрүп, ойлуу турду да:
— Бул желмогуздарды кудай эле тыйбаса, элдин убал-сообунан коркпойт. Жаш жигит экен.
Муну өлтүртпөйм. Жарасын көрдүм, айыгып кетет. Үйгө алып барып жарасын таңып, эки-үч
күн дарыласам, кудай буюрса туруп кетер. Уулум, эптеп тур. Менин үйүмө барабыз, — деди
карыя.
Өлүм оозунда турган жаныма асмандан Кудайдын алкышы жаагандай сергий түштүм.
Турууга аракет жасаганда карыя колтугумдан сүйөп тургузду да, сыртка жетелеп жөнөдү.
— Тигилер келгенде... — деп оюн айталбай кысталган байбичеге:
— Жоопту мен беремин. Жүр, уулум, — деп үйүнө алпарып, башымдын каны-сөлүн жууп,
алдыма төшөк салдырып жаткырды да, — уулум, өзүң да айыгам деп демөөр кыл. Буюрса,
эки-үч күндө үйүңө кетесиң, — деп башыма дары чөптөрдөн жаап, өнтөлөп тамак-аш берип,
үч күн багып турду да:
Хан Ормон
— Эми үйүңө барагой, уулум, Кудайга аманат, элиңе жөнө. Тири карак жан экенсиң, барып үйбүлөңө кошул. Жолуксак — жолугаарбыз, жолукпасак — аман бол. Эстей жүр, — деп өзүнүн
атын мингизип, айлыма жөнөттү, — деп Музооке сөзүн бүтө электе:
— Оой, бечара, каракчыларды жер сорсун.
— Карыя сооп иштеген экен да.
— Ушундай жоомарт, айкөл кишилер бар, — деген кобур үй ичин ээледи.
— Бизге да айткан эмес экенсиң күүңдүн баянын, — деп оңдонуп отуруп, Музоокеге таң кала
карады Келдибек бий.
Кебелбей ынтаа коюп угуп олтурган Ормон хан:
— Келдибек бий, Музооке мырза силердин айылданбы? — деди.
— Ооба, таксыр, бизге тууган, чоро саягынан, — деди бий.
— Музооке мырзаны эмки аптадан калтырбай биздин айылга көчүрүп жеткириңиз. Үйбүлөсү, малы-жаны менен түгөл болсун. Музооке мырза, сен биз менен болосуң. Өнөрлүү
кишилер биздин чөйрөдө болгону абзел. Сенин өнөрүң жалгыз эле чорого эмес, жамы
кыргызга керек, — деди Ормон хан.
Музоокенин аңгемесин көңүл коюп угуп олтурган Дуулат бий:
— Таксыр, азырет дамбылда ырас келген экен Сиз менен. Эми бизге шарият жолунан, өмүргө
сабак болуучу икаялардан айтып берсе дейбиз, — деди.
— Бул суроонун болорун күткөн Ормон хан:
— Ажы атайын ошон үчүн келбедиби, — деди Нажимуддинге көз жиберип.
Аксы, Ноокен аймактарындагы айылдар менен алакалаш болуп кыргыздын тилин, үрпадатын түзүк билген Нажимуддин дамбылда оңдонуп олтуруп, арам-адал, ыйман-ынсап,
жакшылык-жамандык, ак пейилдик жана карасанатайлык, ата-баланын, жубайлардын, агаининин арасындагы мамилелер жөнүндө маанилүү маек куруп, уккан жанды муютуп олтурду.
Келдибек бий Нажимуддин ажыга ыраазы боло карады:
— Ажым, Сизге чоң ырахмат. Көп нерседен кабардар кылып, дилибизди агарттыңыз.
Элдин муюп угуп олтурганын көрүп, купулуна толгон Ормон хан аалымга кайрылып:
— Ажым, биздин эл момун, ак пейил келет. Түркөйүрөөк жайыбыз да бар. Сизди ээрчитип
жүргөнүм, биз менен эл аралап, шарият жолун, жашоого нуска болуучу икаяларды айтып, элге
бир четинен эрмек болуп, экинчиден, дилине жаңы ойлорду уялатсын деп Сизге ишеним
артып турабыз. Ушинтип элге акыл-насаат айта жүрүңүз, — деп ыраазылыгын билдире бир
аз ойлуу турду да: — Аалым «Жооп-наме» деген китеп жазып атат. Анда жашообузга жарык
жол болуучу шарият жолдору, арам-адал, адеп-тарбия жөнүндө айтылат. Өлбөй турган киши
жок. Тиги дүйнө жайын, ал жайда пендеге берилүүчү суроолор, жооптор айтылат. Буюрса
жакшы китеп болот. Колуңарга тийгизүүгө да аракет кылабыз, — деди.
— Атаганат, колго тийсе кат тааныгандарга окутуп, элге жеткирер элек, — деди Дуулат бий.
— Кат тааныгандар бар, табылат андай кишилер, — деди Келдибек бий.
— Баса, кат тааныгандардан ар бир айылдан бирден сезимтал жигиттерди тандап бизге
жибергиле. Бир чети жанына олтуруп, «Жооп-намени» көчүрүп алышат. Бул өтө маанилүү, —
деди Ормон хан.
— Жакшы болот экен анда. Андай кишилерди таап, ажынын жанына жибергенге аракет
кылабыз, — деди Дуулат бий.
— Өзүбүз деле окуйбуз, — деп боюн түзөп, ханды карады, Кокон менен алакада болуп кат
тааныган, сезимтал, эл ичинде төбөсү көрүнүп, эр атанып келаткан Тайлак баатырдын уулу
Осмон.
Ормон хан Осмонго сынаакы көз жиберип турду да:
— Дагы бир айтарым бар. Жоо айтып келбейт. «Жарактуу күнү жоо келбейт» деген макал бар.
Анын сыңарындай, дайым жарактуу болгонубуз оң. «Ар бир үйдүн тушунда найзасы сайылуу,
аты кермеге суутулуу турсун» деген жарлыгыбыз бар. Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Андаш,
Абыкандар эртеңден баштап айылдарды аралап, элдин жоо келсе кайтарар чамасын
байкашсын. Бүрсүгүнү добулбас уруп, жоо келгендей кабар берип, Көл башы Тулпар-Ташта
жоокерлерди жыйнап, даярдыгын көрөбүз. Ат жабдыгы, курал-жарагы шай болгондой
болсун, — деп аталган кол баштоочуларга көз жиберип турду да, сөзүн улай: — Дуулат бий,
эртең элди чогултуңуз. Калайыкка дидарлашып, арыз-муңу болсо угалы атайы келгенден
кийин. Нажимуддин дамбылда да аларга нуска айтып берет, —деди.
Хан Ормон
Эл орунга олтураар маалда колго суу куюлуп, дасторкон жайылып, меймандарга сый тамак
келди. Тамак сыйы аяктап, бата тиленип, кол жуула хан тобу сыртка чыгып, бой жаза он эки
канат ак үйдөн Ормон хан, Токтор аке, Нажимуддин ажы үчөө, калгандары эки тогуз канат
өргөөгө бөлүнө өргүп эс алууга басышты.
Күн чоң шашке. Айылдан өйдөкү дөңсөөдө уй мүйүз тарта чогулган калың эл. Элдин алдында
эки жагына бийлерди, билермандарды алып, Ормон хан олтурат. Эл ынтаа коюп кызыга
карай хандан сөз күтүүдө.
— Келдибек менен Дуулат бийдин ортосунда олтурган чоң киши хан экен...
— Кечээ ашуудан тосуп келишпедиби?..
— Ашуудан Көлдү көрүп таң калды дейт...
— «Эмгиче мага көрсөтпөй, ушундай жакшы жайлоону жашырып жүрүпсүңөр, айып
тартасыңар бул үчүн» дептир.
— «Айыпты Келдибек өзүң быч»дептир.
— Келдибек өзү берет беле, малдуулардан алат да.
— Капырай, кудайдын жерин «көргөзбөйсүңөр» деп да айып салат экен ээ?..
— Хандын каары деген ошол.
— Каары менен зордугу аралаш го.
— Өтө чоң киши экен.
— Амалдуу да, баатыр да киши дейт...
— Ошон үчүн Кенесары, Норузбайдын түмөндөгөн колун жеңди да элге баш болуп, — деген
кобурду баса:
— Оо, калайык, бар болгула! Таксыр ханыбыз силерге амандык, токчулук, бейкут, бейпил
жашоо каалайт. Силер менен дидарлашып, арыз-муңуңарды угайын, ал-абалыңардан кабар
алайын дейт. Кана, кимиңердин арыз-датыңар бар, айткыла таксырдын алдында, — деген
Келдибектин бийик үнү элдин көңүлүн бура, кобур бир саам тынчый түштү да, анан:
— Ашым кескинин кылыктарын айткым келип турат.
— Анын эмнесин айтасың. Аны Дуулат эле теске салат.
— Эмнени айтат элек.
— Жалпы жонубуз тынч эле турат го.
— Андан көрө хандын сөзүн угалы, — деген кобурду баса:
— Кудайга шүгүр, эл ичи тынч. Анча-мынча чектен чыккандарды, колу туткактарды биздин
бийлер өзүлөрү эле териштирип, тескеп турушат. Эл жылдар ара бир келген ханыбыздын
сөзүн угалы деп турат, — деди сакалына жаңыдан ак кире баштаган саргыч кызыл жүздүү,
бийик ак калпак, пиязы чепкен кийген салабаттуу киши.
— Туура айтат.
— Арызыбыз деле жок. Сөз угалы хандын оозунан, — деген үндөргө аралаш ордунан тура:
— Калайык-калк, эсенсиңерби. Бар болгула,
— деген Ормон хандын бийик үнү
жыйылгандардын көңүлүн бурду. Элге көз жибере бир тынымга карап тура сөз улады Ормон
хан. — Арыз-датыңардын болбогону эл ичи тынч экенинин белгиси. Биздин тилек — ошол
эл ичиндеги тынччылык. Айтайын дегеним, өзүңөр күткөн малыңардын убайын көрүп,
бакыбат турганыңар бизди кубандырат. Бакыбат жашоо үчүн жалгыз эле малды ээрчибей,
эгин эгип, үй-бүлөңөрдүн ун-талканын камдап, малыңарга чөп-чар камдап алсаңар
тирлигиңер толук болор эле. Биз мына ушуну каалайбыз, — деди Ормон хан.
— Айтса-айтпаса төгүнбү, көрдүк го мурдагы жылы кар оор түшкөндө малынан кол жууп
калгандарды.
— Хан ошолорду туюп турат, — деген кобурду баса:
— Ошондой, калайык, бирөөлөрдүн көзүн карап, ар кимдин эшигинде киренди жүргөндөн
көрө аздыр-көптүр мал күтүп, жер тырмалап, өз оокатын кылган жакшы ар кимиңерге. Үйбүлөгө карамдуу, сарамжалдуу болгула. Балдарыңарды бекерчиликтен оолак, малга ынак,
жерге жакын өстүргүлө. Каалагандарыңар окуткула. Бийлердин айылдарында бала окуткан
молдолор болот. Идиректүү, кат тааныган, окууну каалаган балдарыңар болсо Анжиян,
Наманган, Бухара, Коконго, ал эмес тиги Казанга, Өфөгө жиберип, окуунун камын көрөбүз.
Мына биз менен Нажимуддин ажы аалым келди. Кеткенче бул кишинин нуска кептерин угуп,
көңүлүңөргө түйгүлө. Жана кат тааныган балдарыңарды бизге жибергиле. Нажимуддин
ажынын таалимин алып, «Жоопнаме» көчүрүп келишет. Арызыңар жок болсо анда
Хан Ормон
Нажимуддин ажынын насаатын уккула, — деди да, Нажимуддин ажыга кайрыла сөз кезеги
Сизде дегендей ишаарат кылды Ормон хан.
Селдесинин четин көтөрө, тамагын жасап оңдонуп олтурган ажы:
— Ассалоому алейкум, жаңы кыргыз туугандарым. Аман турасыздарбы, үй-бүлө, балабакыраңар эсенби, — деп көпчүлүккө көз жибере турду да, сөзүн улады. — Бул жарык
дүйнөдө аммабыз түбөлүктүү эмеспиз. Жарык дүйнө бизге убактылуу жай. Эртеби-кечпи
жарыкчылык менен коштошуп, түбөлүктүү тиги дүйнөгө өтөрүбүз ак. Аз өмүрүбүздү адал
эмгек менен адилет жашап, ибадат кылып, ыйман күтүп, Алла тааланын алдына жүзүбүз
жарык баруунун камын көрүү — бул дүнүйөдөгү биздин парзыбыз, — деп оюн бүтө электе,
эл ичинен:
— Ажым, шарияттын узун нускалуу жактарын баяндаган насаатыңызга рахмат. Окубаган
көзү туюк элге кыска, так, мүмкүн собол-жооп иретинде аңгеме куруп берсеңиз жеткиликтүү
болор беле, — деди Ормон хандын жанында олтурган аксакал карыя.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 28
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.