Latin

Хан Ормон - 35

Total number of words is 3886
Total number of unique words is 1988
28.6 of words are in the 2000 most common words
42.1 of words are in the 5000 most common words
49.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
1852-жыл. Илеге кыш келди, быйыл да кар аз, күн жылуу, эгин-тегин жыйылган. Чөп-чарды
мол камдап, турак-жайларын жылуулап алган эл бейкам кыштоодо.
Ормон хан кош аттап жигит жиберип Аягөздөгү орус приставынын тилмечи эски таанышы
Галимди конокко чакыртып келгенине бүгүн эки күн болот.
Кыргыз-казак ичинде көп жүрүп, эки элдин тилин, каада-салттарын жакшы билген Галим
мырза конок өргөөсүндө сый көрүп, комуз күүлөрүн, дастандарды угуп, көнүлү куунак эс
алды. Бүгүн эртең мененки чайдан кийин хандын үстүнө кирген тилмеч эт бышымча жеке
сүйлөштү. Көзмө-көз сүйлөшүүдөн кийин Үмөтаалы Жаманжээн кошулуп аңгеме уланууда.
Кантсе да дили мусулман, өзгө татар соодагерлериндей эмес өзүн түз, калыс алып жүргөн
Галим хан алдында барктуу эле. Бири-биринин сөздөрүнө астейдил көңүл буруп, маанайлары
жарык олтурат.
— Ушинтип, Галим мырза, биз казак туугандар таштап кеткен ээн жерлерди ээлеп турабыз.
Жер Кудайдыкы, Кудай алдында орус падышасыныкы. Бул жердеги дуулат, албан уруулары
Кокон ханынан калканч күтүп, көчүп кетишиптир. Ээн жерди биз падышадан сурап алсак деп
турабыз. Кандай дейсиң? Биз сени өз тууганыбыздай көрөбүз, пейлиң түз, калыс кишисиң,
кеңешиңди сурайын деп чакырттым, — деди Ормон хан.
Хандын сөзүн ынтаа коюп угуп отурган Галим:
— Таксыр, ырас айтасыз, кимге болбосун ниетим таза. Айрыкча сиздин азгантай элиңиздин
келечеги үчүн өмүрүңүздү тиккен акыл, кайратыңызды жактырамын. Ылайык көрсөңүз мен
сизге түз суроо берип, түз жооп күткүм келет, — деп Ормон ханга тике карады.
— Айт, угалы, — деди Ормон хан.
— Өзүңүз айткандай, Кудай алдында жер орус падышасыныкы. Көчүп келгендеги
максаттарыңыз орус букарачылыгын кабыл алуубу? — деди Галим.
— Орус жери кенен, бизден башка букаралары деле жетиштүү. Аз болсок да, алмуздактан
бери кыргыз өз алдынча элебиз. Орустай көп элге букара болсо, бир ууч кыргыз бара-бара
элге кирип, атын жоготуусу ыктымал. Оруска дос, кошуна болсок деймин, — деди Ормон хан
ойлуу калыбында.
Галим хандын сөзүн талдап уга бир аз унчукпай турду да:
— Мен өз оюмду жашырбай айтайын. Орустар Сибирди, алыскы чыгышты, казакты бүт
дээрлик каратып алды. Коконду кысып турат. Эртеби-кечпи Кокон, Бухар хандыктарын өзүнө
кошуп алуу — түпкү максаты. Ага жетишерине ишенүү керек. Сиздин да көзүңүз буга жетип
турат. Ушундай шартта кыргыз өз алдынча турарына ишенесизби? — деди.
— Ушул соболду үчүнчү ирет угушум. Биринчи болуп бул соболду өзүмө-өзүм бергемин.
Ишенүүгө болот, орус улуу эл. Улуулукта адөөлөттүк болот эмеспи. Он жылча моюн бербей
жүргөн козголоңчу султан Кенесары окуясынан кийин, кыргыз аз болсо да, таштын уюлундай
Хан Ормон
бекем эл экенине орус падышасынын көзү жетип турат деп ойлоймун. Орусияга экинчи
мындай калабаны каалабастыр дейм. Өзүң билгендей, жандрал Вишневскийдин кыргыздар
Коконго каршы чыкса өнөк болорун билдирген каты бар. Өнөк болуп калсак, шарт намеге кол
коюшсак, анда кара кыргыздар орусияга дос катары өз алдынча туруп, анын кытай чек
арасына өбөк болуп берерин тастыктасак болор. Бул иш оруска да зарурат, ашуусу бийик тоо
ашып, агыны катуу суу кечип, чек арадан өтүүчү кербендери коопсуз болот, бул бир чети.
Экинчи чети, «улуу эл адөөлөт болот» дегеним, өзүнүн калкасында аз элди өз алдынча кошуна
күтсө, өзүнө атак-даңк болор Кырым-Урум алдында, — деди Ормон хан.
Окуп билим албаган түркөй кыргыздын эл аралык мамилелердин ички жактарына да көзү
жетип турганына тан берген Галим ичинен жылмая ойлуу угуп отурду. Европа
мамлекеттеринин тарыхынан, азыркы абалынан кабардар тилмеч мындай мамлекеттердин
бар экенин билет эле.
— Төп ойлогонсуз, таксыр, мындай макулдук толук мүмкүн, — деп оюнун акырына жетпей
токтоду, орус империясынын оторчул саясаты адөөлөттүктөн алыс экенине көзү жеткен
аалым Ормон хандын оюн иренжиткиси келбеди.
— Ушундай үмүттү аркалап, далбас уруп жүрөбүз, Галим мырза. Сенин соболуңа толук жооп
берейин, Орусия букараларына тиешелүү ээн жерлерге көчүп келүүмдүн себебин сурадың.
Өзүң көрүп жүрөсүң, кыргыз жери тоолуу, эгин эгилүүчү жерлер кунук. Көчүп-коно жашап,
мал менен оокат өткөрүү кыйындап баратат. Туш тарабыбыз кысылган. Жылдар өтүп атат.
Ата-бабалары көчүп-коно «ат жалына казан асып» дегендей, эркин тиричилик өткөрүп
келген жоокер эл келечекке бейкам, мал менен оокат өткөрүүдө. Албетте эл малдан ажырай
албайт, ошентсе да эгин экпей оокат өткөрүү кыйын. Сарт-өзбектер там салып жерге тер
төгүп, токчулукта; мечит, медреселери жанында, жабыла окуп, көздөрү ачык. Бизде кат
тааныган кишилер миңден бир, — деп сөзүн үзө Галимге көз кырын жиберди.
— Оо, ал эмес өзбек уландарынын көбү Офада, Казанда улкен медреселерде окушат, — деди
Галим хандын оюн сүрөй.
— Бизде миңдин бири, — деп, сөзүн кайталап, оюн улады хан. — Ошентсе да Бухар — Кокон
медреселерине жибергендерибиз бар. Элдин ичи бакыбат болсо, биз да билимге
аракеттенебиз. Эми сенин соболуңа так жооп берейин. Мен Иленин эгинканалуу жерлерин
ээлейли деген үмүт менен элди биротоло көчүрүп келдим, — деп акыркы сөзүн баса айта,
Галимге эмне дээр экен деген мааниде назар салды.
Ормон хандын оюн илгиртпей туйган сезимтал Галим:
— Элдин келечегине сиздин көзүңүз жетип турат, таксыр. Мен да келип-кетип бул жагдайды
туюп жүрөмүн. Кыргыздар качандыр бир отурукташар деген ой көйгөйүмдө бар. Элди жерге
айланчыктатуу керек. Чүй боорунда, Көл жээгинде кол тийбеген жерлер көп го, — деди.
— Жер артык баштык кылбайт, эл көбөйөт. Мен ымандай сыр айтып, кеңешейин деп
чакырттым сени. Ашыгы жок, өз кишимдей көрөм. Айтчы, канткенде бул жер биздики болот?
Ким уруксат берет? Падышадан берки Омбудагы улуктар бүтүрө алабы? — деди Ормон хан.
— Омбудагы улуктардын колунан келбейт, император падышанын өз уруксаты керек, —
деди Галим олуттуу отурган тейде.
— Менин көөмөйүмдө да ошондой эле. Эми мунун ыгын сен билесиң, падышага кат жазсак
деп отурам. Кат менен тартуу кошуп, Үмөтаалыны Битирборго падышага жиберсемби дейм,
айтчы акылыңды, — деди Ормон Галимге тике назар сала.
— Петербургда сиздин кишилерди император кабыл алгыча көп убакыт өтөт, жарым жыл,
же андан да көбүрөк, — деп ызаат менен көз жибере бир аз ойлуу турду да, — катты албетте
императордун өзүнө жазыңыз да, Үмөтаалы ханзаданы Омбуга генерал-губернаторго
жибериңиз, тартуу болсо да ылайык келет, орус ак сөөктөрү кымбат аң терилерин
кадырлашат. Ал жерден атайын чабарман — фельдегерь — менен Петербургга жөнөтүшөт.
Эки-үч ай ичинде жооп аласыз, — деди Галим.
— Бул акылың жадыма түштү. Катты эми эле жазам. Үмөтаалыны кат менен өзүң ээрчите
кет. Жол чыгымы, тартуу — баары болот, — деди Ормон мелтиреген ойлуу калыбында.
Билгиликтүү Галим өтүнүч күтпөй, жанындагы чакан кол сандыгын ачып, кагаз-калемин
алып жазууга даярдана:
— Таксыр, катты баштайлы, кыргызда «өлүмдөн башканын тез болгону лазим» деп коюшат
эмеспи, — деп ызаат менен жылмая Ормонду тиктеди.
Хан Ормон
— Туура айтасыз, мен да баштасакпы деп отурам. Сөздү ыгын келтире, өзүбүздүн мусулман
тилинде жазасың да — аны бизден жакшы билесиң. Биздин ойдун төркүнүн түшүндүң. Улуу
орус падышасына, биз урматтай турганыбызды, кара кыргыз деген казактардан башка
өзүнчө эл экенибизди жаз, орустар казактарды да «кыргыз» дешет тура, — деп, кагазга жаза
баштаган Галимге көз жиберди.
Хандын айткандарын дипломатиялык этикетке ылайыктай, кагазга түшүрүүгө аракеттенген
Галим:
— Таксыр, сиз ойлоруңузду жай айта бериңиз. Мен жазып бүткөндөн кийин чогуу окуйлу.
Менин баамымда, сиз өзүңүздү хан атап жер сурасаңыз, маселеңиздин оң чечилиши кыйын,
«кара кыргыз баш манабы» деген ат менен сураңыз. Эми айта бериңиз, сурооңуздун
жүйөөлөрүн, суралуучу жерлердин атын, чегин, кагазга түшүрөлү, — деди.
— Кандай деп айтса мейли, иши кылып жер берсе болду, ары жагы биздин иш, — деп оюн
жыйнаган таризде бир аз унчукпай турду да, — биз, кара кыргыздар, өткөн жылы Россияга
тиешелүү чоң ордо ичиндеги албан, дуулат урууларынын бир бөлүгү Кокон хандыгына кире
качкан соң, Ала-Тоонун чыгыш жагында Иле дарыясынын сол жээги, Чарын дарыясынын
куймасы менен Кашкелең дарыясынын батыш жагындагы жерлер бош калганын угуп,
карамагыбыздагы элдин макул болгондорун алып, кыштын кыраан чилдесинде ээн жерлерге
көчүп келүүгө мажбур болдук. Биз жак тоолуу болгондуктан, эгин эгилүүчү жерлер жокко эсе.
Бош жерлерге көчүп келүүбүз айласыздан болду. Орусиянын жаңы букаралары чоң ордого
санаабыз түз. Калың карды жиреп өтүп кыштын суук күндөрүндө көчүп келүүгө аргасыз
болдук, — деп сөзүн токтото, кагазга тигиле үңүлүп кол учу кагаз бетинде жоргологон
Галимден сөз күтө көз жиберип турду.
Айтылган сөздөрдү ирээттеп, эч кимге көңүл бөлбөгөн сыяктуу кагазга кол ойноткон Галим
бир пастан соң:
— Оюңузду улаңыз, таксыр, — деди кагаздан бетин бурбаган тейде.
— Ооба, аргасыз болдук, — деп сөзүн улады Ормон хан санын таяна ойлуу отурган
калыбында. — Орусия өкүлдөрү тарабынан кысым көрбөгөнүбүзгө ыраазы боло, бир жылда
алыбыздын келишинче эгин эгип, малыбызды жайлатып, түшүм алдык. Азыр тынчыбыз
кетип турат. Россияга баш ийбеген чоң ордо кыргыздарынын албан, дуулат уруулары
малыбызды уурдап, калмак жактан ташып келаткан үрөндөрүбүздү карактап, айлабызды
кетире баштады. Эгер эгин эге албай калсак, биздин эл жанын бага албайт, — деп сөзүн
улаарда:
— Бир аз сабыр этиңиз. Мен сиздин айткандарды кагазга түшүрүп үлгүргөнчө, — деди Галим
кагаздан баш көтөрбөгөн калыбында.
Ормон хан сөзүн токтото оюн жыйнай, алдына тигилди. Падышадан оң жооп келер болсо
Илеге катуу багыт бийик жерлердеги кыргыз урууларын жайгаштырарын көз алдына
элестете кыялга батып отурганда Галимдин:
— Катты уланталы, — деген үнүнө бурула карады да:
— Ооба, уланталы, кайсы сөзгө токтодук, — деди.
— Эл жанын бага албайт.
— Ооба, жанын багуу кыйын. Азыр биз эмне кыларыбызды билбей, кысталыштабыз, мүмкүн
кайра көчүп кетебизби эгер жерге уруксат болбосо. Бул жерлер албан, дуулаттардын кайсы
уругуна тиешелүү экени белгисиз. Куру дегенде падышанын жери деп ойлойбуз. Азыр ээн
жатат, бул чындык. Кокон карамагына өткөн албан, дуулат урууларынын бизди
кодулаганынын себеби, биздин Орусияга кол сунганыбыз албетте аларга жакпайт.
Козголоңчу Кенесары султандын жаңжалын басуу менен биз улук падышага жактык деп
ойлойбуз жана дагы өнөктөш болууга азырбыз, — деп оюн жыюу үчүн Ормон хан бир аз
токтой калганда:
— Кенесары султанды эске салганыңар абдан дурус, бир аз сабыр этиңиз, мен жетишейин,
— деди Галим.
— Кенесарыдан кийин Коконду кайырганды кошосузбу? — деп сөз кыстарды уулу
Үмөтаалы.
— Анын Орусияга тиешеси кыйыр эмеспи, мактангандай болбойлу, — деди Ормон хан
Галимдин жазуусуна көз жүгүрткөнсүгөн ойлуу калыбында.
— Сөз улайлы, — деди Галим жазганын токтото Ормонду карап.
Акыркы сөзүн жадында сактап турган Ормон:
Хан Ормон
— Ооба, өнөктөш болууга даярбыз. — Падышаны ыйыксынып атап биз ушул ээн жаткан
жайлоо менен кыштоолорду, Иленин биз тарабындагы Чарын менен Кашкелең
дарыяларынын ортосундагы кыргыздардын таштап качып кеткен жерлерин бизге, «кара
кыргыз» деп аталган элге, берүүңүздү ийиле таазим этип сурайбыз, — деп бир аз токтоп
турду да, айткандарын жазып отурган Галимге кайрылды: — Галим, бир собол чыгып турат
ушул жерде айтылуучу, бүтчү айтайын, — деди.
Галим бир-эки сөздү кагазга чүргөп бүтө:
— Кулак сизде — деп Ормонду карады калем кармаган колун бир аз көтөрө.
— Албандар кайтып келген күндө да, алар Иленин өзүлөрү жагын, биз өзүбүз жагын ээлейли
десек кандай болот? — деди Ормон хан.
— Туура, бул жагдайды көрсөтөйүн, — деп жазууну улантты.
Галимге жолто болбоюн деп Үмөтаалы, Жаманжээн экөө менен шыбырап бир аз сүйлөштү да,
Галимдин калеми токтогонун байкай сөзүн улады хан:
— Эгерде сураган жерди бизге берсеңиз анда күнгөй-тескейден Ат-Башы, Нарын, Жумгал,
Кочкор, Кетмен-Төбөдөгү элдердин бир бөлүгү бул жакка көчүп келишет. Иленин бул тарабы
качан бизге тийерин гана күтүп турушат. Ошондо Ала-Тоо бизге жакын болор эле. Биз Кокон
менен келише албайбыз. Аларды жергебизден кууп чыкканбыз. Азыр алар кайра келе
баштады. Биз аларды баары бир жолотпойбуз. Быйыл чоң ордо султандары менен
макулдашып 700 жоокер менен аттанып, алардын келишин күтсөк, алар убададан тайды, чоң
ордо приставы да жардамга келбеди. Биз бир аз күч менен бара албадык. Аларга жергебизди
ээлетпейбиз. Силерге кол арабыз, — деп токтоду да, айтылган сөздөрүн Галим өз ыгы менен
кагазга түшүрүүсүн күттү.
Галим хандын сөздөрүн кагазга түшүрүп боло:
— Дагы эмнелерди кошобуз? — деди.
— Кошорум жок, башыбызды ийип биздин суроого апрель айынын 20сына чейин жооп
берүүсүн күтөбүз, кеч болсо эгин эге албай калат го — элге кыйын болорун кош, — деди
Ормон хан.
— Таксыр, падышага жазылган катка «капа болсоңуз — капа болбосоңуз өз эркиңиз» деген
сөздү кошпой койсо не болот? — деди баятан бери унчукпай турган Жаманжээн кеңешчи.
— Капаланса — таарынбайбыз, капаланбаса — ыракмат деген сөз, артыкбаш болбос, — деди
Ормон хан.
Кагазга үңүлө ынтаа коюп жазып отурган Галим бир тынымдан кийин калемин
сандыкчасынын үстүнө коюп, жазылган кагазды колуна ала:
— Таксыр, сиздин айткан ойлоруңузду кагазга чүргөп бүттүм, окуп берейин, — деди.
— Угалы, — деди Ормон хан кызыккан түрдө.
— «Улуу урматтуу таксыр, бүткүл Россиянын Императору Николай Павловичке! — деп үнүн
келиштире окуй баштады да, өзүн тиктеп ынтаалуу отурган Ормон ханга: — Орус падышасы
ушундай аталат, — деди да, андан ары: — Биз, кара кыргыз аталган эл, Иленин боюндагы ээн
турган жерлерге кыштын суук күндөрүндө бийик ашуу ашып, кар жирей кыйынчылык менен
көчүп келдик...» — деп Ормон хандын ойлорун толук камтыган катты окуп бүттү да, —
ушундай кат жибересизби? — деп, ханды карады Галим.
— Ойдогунун баары толук жазылыптыр, мөөр басардан башкасы бүткөн тура, — деди Ормон
хан.
— Башында сүйлөшкөндөй: «Ушул өтүнүчүмдү күбөлөндүрүп, мөөрүмдү басамын — Ормон
Ныязбек уулу» деп бүтөбүз, — деп Галим каттын мөөр басылуучу ордун көрсөттү.
— «Үмөтаалы Ормон уулу» деп кошуп кой, — деди Ормон оң тарабында отурган Үмөтаалыны
карап.
— Туура, уулуңуз сизден кийин мураскер, — деп, Галим катка мөөр басууга Үмөтаалыны да
кошту.
Кат дагы бир мертебе окулуп бүтүп, мөөрлөр басылган соң, Галим:
— Кана, таксыр, Аллахи таала өзү жар, улук император сурооңузга макул болуп, кара
кыргыздын жери көбөйүп, элинин зоболосу кошулуп, ырыскысы артсын, Аллахи Акбар, —
деп алакан жайып, бата тиленди.
— Ыракмат, Галим мырза, иним десем да ылайык, насилибиз, дилибиз, динибиз бир.
Кызматың бизден кайтат, бизден улук Кудай тааладан кайтсын. Ат-көлүк даяр, эртең
Хан Ормон
Үмөтаалыны жаныңа алып, аттанасың го. Аягөзгө чейин куралдуу жигиттер коштоп барат, —
деди Ормон хан.
— Кудай жол берсе жөнөйбүз, — деп, кагазды бүктөп, сандыкчасына беките, оңдонуп отурду
Галим.
— Түштөнүү маалы болуптур, тамак даяр экен, — деди сыртка чыгып келген Жаманжээн.
— Андай болсо ырыскыны күттүрбөйлү, — деп, хан ордунан тура Галим, Жаманжээн,
Үмөтаалы, Сазаларды ээрчите конок үйгө өттү.
Эртеси күн муруту тоо баштарына чыга Галим, Үмөтаалы кош ат жетелеген эки ат кошчу, он
чакты куралдуу жоокерлердин коштоосунда Аягөзгө аттанышты.
1852-жыл, май, Омск шаары, Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. X. Гасфорддун
резиденциясы. Эки кабат карагай имараттын үстүнкүсүндөгү кенен вестибюлдун бийик
терезелери пардалануу, алдына килем төшөлгөн, эшиктин эки тарабына булгаары дивандар
коюлган. Губернатордун иш бөлмөсүнүн кабыл алуу эшигинин өйдө жагына император
Николай биринчинин погондуу чоң портрети илинген, оң тарабындагы көк сукно жабылган
столдо орто жаштардагы көз айнекчен келте мурун, түйрүгүрөөк эрин үстүндөгү ак аралаган
жээрде муруту чыйратылган полковник папка ачып, кагазга үңүлүүдө. Россия императорунун
алдындагы мамлекеттик кеңештин мүчөсү генерал Анненковдун Батыш-Сибирге чек ара
аскерлеринин ишин инспекциялап келгенине бир ай болгон. Бүгүн эртеден бери генералгубернатор Гасфорддун үстүндө иш жыйынтыгы чыгарылган жабык кеңеш өткөрүлүүдө.
Кеңешмеге Петербургдан атайын келген Россия тышкы иштер министрлигинин иш
башкаруучусу граф Лев Георгиевич Сенявин, чек ара жоокерлеринин командачысы генерал
Вишневский, штаб начальниги генерал Яковлев катышууда.
Кенен иш бөлмөсүнүн терезелеринин алдына узатасынан коюлуп, кызгылт күрөң нооту
жабылган кеңеш столунун төрүндө генерал-губернатор Густав Христианович Гасфорд арык
чырай, жазы маңдай, ак аралаган коюу коңур чачтары артына таралган, кабагы бийик,
кырдач мурун үрпөгөйүрөк коюу каштарынын алдынан көгүш көздөрү ойлуу тиктейт, чокчо
сакалы учтана тегизделип, муруту сыпаа серпилген, генерал погону, төш белгилери тагылган
сургулт кители, кагелес боюна коомайыраак келгенсийт. Императордун буйругу менен
келген улук өкүлдүн сөзүнө кулак төшөй, алдындагы дептерге айрым сөздөрдү жазып отурат.
Оң жагында отурган мамлекеттик кеңештин мүчөсү генерал Анненков сөз сүйлөөдө. Орто
жаштан өтүп калган генералдын турпаты салабаттуу, көкүрөгү жайык ийиндүү тулкусуна
күүгүм жашыл кители чак, погону алтындалган, төшүндө «Андрей первозванный» ордени
жаркырайт, маңдайы кашка, тайкыраак суйдаң чачтары артына таралып, бакенбардалана,
эки жаагынан ылдый тилкелене, ак аралаган жээрде сакалына кошула куш мурун, ак жуумал
жүзүн алкактап тургансыйт; муруту такыр кырылган, көз айнек алдынан жылт эткен көк
көздөрү ойлуу. Столдун сол жак башында Россия тышкы иштер министрлигинин иш
башкаруучусу Граф Сенявин, шынга бойлуу, кара френччен ак көйнөгүнө кара галстук
тагынган, ак кире элек сары чачы оң жагына бир аз оодарыла таралган. Маңдайы куушураак,
кашы коюу, алтын алкактуу көз айнек алдынан көрүнгөн бозомугураак көгүш көздөрүнөн өз
баркын туйган, мансап сөөлөтү сезилет. Алардан кийин столдун эки тарабында чек ара
начальниги генералдар Вишневский, штаб начальниги Яковлев, полковник Карбышев
отурушат.
— Таучибек чебин36 алуу боюнча экспедиция оперативдүү жана тактикалык жактан терең
ойлонулуп ишке ашырылганын белгилеймин. Ал Жети-Сууну Кокон хандыгынын
таасиринен биротоло арылтууга жол ачат, кербен жолдорун акмалап көчүп жүргөн жапайы
таш кыргыз урууларына үстөмдүк кылууга мүмкүндүк берет. Соода жолдорун коопсуз кылат
жана Капал чебине жамаатташ аймактардагы улуу империя бийлигинин бакыбат турушу
башталат. Улук императордун атынан ыраазылык билдиремин, — деп генерал-губернаторду
карады Анненков.
— Өтө ыраазыбыз, урматтуу Лев Алексеевич, бул иштин «күнөөлүүлөрү» күжүрмөн
генералдар Вишневский, Яковлев, полковник Карбышев мырзалар, — деди губернатор.
Вишневский, Яковлев, Карбышевдер орундарынан туруп, сылык ийиле мамлекеттик
кеңешчиге урмат көрсөтүштү. Мамлекеттик кеңештин мүчөсү сөз улады:
Хан Ормон
— Империянын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылган кылдат жана кыйын экспедицияны
жүзөгө ашырган эрдиги үчүн полковник Карбышевди Георгий крести менен сыйлоого сунуш
бериңиз, Густав Христианович, — деди.
Мамлекеттик Кеңештин мүчөсүнүн сөзүнө удаа генералдардан кийин отурган олбурлуу
офицер ордунан тура:
— Улуу Империя үчүн кызмат өтөйм, — деп таазим эте ордуна отурду.
— Сиз узаганча даяр болот, — деди генерал-губернатор.
— Урматтуу Густав Христианович, урматтуу генералдар, офицерлер, эми ишти мындан ары
билгичтик менен улантып, Кокон бийлигин Чүй өрөөнүнөн сүрүп чыгуу иши алдыда турат.
Улуу Император Николай Павлович бул ишти жалпы аскердик операцияларга
айкалыштырып жүргүзүү милдетин койду. Жапайы таш кыргыздарына да көңүл бөлүү
зарыл, — деген Анненковдун сөзүнө удаа:
— Урматтуу Лев Алексеевич, Чоң ордо кыргыздарынын аймагындагы Кокон хандыгынын
акыркы чебинин алынышы бизди да кубандырат, бирок Иле боюна суроосуз көчүп келип, сиз
белгилеп өткөн маанилүү соода жолдорунун тоомун ээлеп алган өзүн «хан» деп атоочу Ормон
Ныязбеков деген жапайы таш кыргызынын ээн баштыгынын тамыры теренде жатат. Бул
иштин алдын алуу керек, — деп Гасфордду карады Сенявин. — Урматтуу Лев Алексеевич, —
деп Анненковго кайрыла сөз улады граф Сенявин: — Жапайы таш кыргыздары жөнүндө
айтсак, Илеге эч уруксатсыз эли менен көчүп келип, Улуу Империяга тийиштүү жерди ээлеп
алган жапайы таш кыргызынын манабы Ормон Ныязбек уулу дегендин ээнбаштыгы
тынчыбызды алууда. Аны өз жерине кетирүү зарыл. Густав Христианович эмнегедир чара
көрбөй турат, — деди.
Мамлекеттик Кеңештин мүчөсүнүн алдында бир аз ыңгайсыздана түшкөн генералгубернатор:
— Урматтуу Лев Алексеевич, чынында бул иш өзгөчө көңүл бөлүүгө арзыйт. Козголоңчу
султан Кенесары Касымовдун аскерлерин талкалап, өзүн жок кылган жапайы таш кыргыз кол
башчысы Ормон Ныязбек уулу жөнүндө кабарыңыз бардыр. Ошол кол башы эч кимден
суроосуз көчүп келип, Иле боюнун сол жээгин жердеп турат. Күч колдонуп кайра кетирүүнү
оң көрбөдүк. Анын үстүнө ал Улуу Императордон сыйлык алган. Кокон карамагына көчүп
кеткен кыргыздардан дуулат, албан урууларынын ээн калган жерди сурап императорго кат
жазыптыр. Бул маселе оң чечилсе жакшы болор беле дейм, — деди.
Көңүл коё угуп отурган Анненков.
— Урматтуу граф, императорго жазылган кат жөнүндө кабарыңыз барбы? — деп Сенявинди
карады.
— Ооба, кат биздин министрликтин кароосуна келип түшкөн. Кенесарыны жеңген кызматын
император алдына колко кылып, жер сурайт. Өтө амалдуу, катаал киши дешет. Ага Иле боюн
берсе, башка жерлерге да көз артышы ыктымал. Өзүн хан атайт деген маалымат да бар. Аны
чыры жок өз жерине кайтаруу зарыл, — деди Сенявин көз айнегин оңдоп, бир аз кызууланган
абалда.
— Рахым этиңиз, урматтуу Лев Алексеевич, — деп бир аз ордунан козголо сылык ийиле сөзгө
аралашты чек ара аскер башчысы генерал-майор Вишневский:
— Ормон Ныязбек уулу өтө айлакер, кыраакы, беттегенинен кайтпаган чечкиндүү да,
акылдуу да киши экен. Кенесары султан талкалангандан кийин биздин кепилдегенибиз
менен чоң ордо казактары менен эл аралык нормага чукул тынчтык келишим түзүүгө
жетишти. Бул кыраакы кишини Россиянын кызыкчылыгы үчүн пайдаланса болоор. Кыргыз
элине таасирлүү, Кокон да айбыгат. Хан көтөрүлгөндөн кийин Кокон чептерин өрттөп, Кокон
аскерлерин сүргөнү чын, — деди.
— Кенесары хан сөрөйдүн он жылга созулган жаңжалынан кийин, дагы бир хандын Россияга
кажети жок, — деди Анненков отургандарды ойлуу кыдырата карап.
— Аныңыз ырас. Азыр Ормондун хандык бийлиги ыдырап калды. Ал Илеге көчкөндөн кийин,
Кокон хандыгы кайра басып кирген. Биздеги маалыматтарга таянсак, уруу бийлери Жантай,
Боронбай бийлер Бишкек чебине келип, «Коконду бийлик ээси катары тааныйбыз» деп
билдириптир. Бугу бийи Боронбай көптөн бери биздин ишенимдүү киши аркылуу Орусия
букаралыгына өтүүнү суранып жүргөн. Азиялыктарды бир карап түшүнүү кыйын. Жантай
бий да эки-үч жылдан бери бизге өтүүнү суранып жүрөт, — деп, генерал-губернатор сөзүн
бүтө электе:
Хан Ормон
— Анда Ормондун бийлиги кулады десек болобу? — деди Анненков.
— Жок, андай түшүндүрүүгө болбойт. Азыр да анын карамагында черик, саяк уруулары,
сарбагыштын бир тармагы бар. Бул кайраттуу, айлакер кишини жек көрөмүн, бир чети
жактырамын. Эгерде анын аскердик уюштуруучулук кол башчылык таланты, чечкиндүүлүгү
болбогондо Кенесары менен биздин ишибиз ырбап кетери ыктымал эле. Ал кара
кыргыздарды каратса, Коконду кошуп алып, Россияга каршы барары шексиз эле. Кара
кыргыздын чечкиндүү жетекчиси бул кооптуу иштин алдын алып койгонун унутууга
болбойт. Убагында урматтуу князь Горчаков генерал Вишневский аркылуу, Ормон Коконго
каршы көтөрүлсө Россия аскер күчүнөн жардам берерин билдирген экен, — деп Анненковду
карады генерал-губернатор.
— Таш кыргыздарынын чоң күч экенине ишенүүгө болот. Бирок мындай өнөктөштүккө
ишенүүгө болбойт, — деди Анненков.
— Жер маселесине өтө кылдаттык керек, — деп акыркы сөзүнө басым жасай сүйлөдү граф
Сенявин, — Ормон Ныязбек уулун жаңжалсыз өз жерине кайтаруунун чарасын көрүү зарыл.
Жер талашынан улам чоң ордо кыргыздары менен таш кыргыздары кагылышып кетиши
ыктымал. Иш ырбап кетсе, биз өзүбүздүн букараларды, чоң ордо кыргыздарын, коргоого
аргасыз болобуз. Биз үчүн бул өтө жагымсыз иш болор эле, — деп колдоо күтө Анненковго
көз жиберди.
— Графтын айтканы жүйөөлүү Густав Христианович, полковник Перемышльский чара
көрсүн, — деди Анненков бул маселе бүттү деген кыязда.
— Лев Алексеевич, албетте чара көрүлөт, мен оюмду аягына чейин билдиргим келип турат.
Ормонго жер бербей турганыбыз белгилүү болду. Анын өзүн «хан» деп атаган бийлиги да
бүтүп калганы көрүнүп турат. Ал өз жерине көчүп кете электе Орусия букаралыгына өтүүнү
сунуш кылсак, эгерде кабыл алса, анда жер бербөө жөнүндөгү чечимди кайра кароо керек.
Эгер Ормон Иледен жер алса чоң ордо кыргыздарын башкаруу жеңилдейт. Анткени казак
султандары, бийлери Ормондон айбыгышат. Ормон келгенде алар аны өз кожоюну катары
кабыл алышыптыр. Ошондон бери уруу жаңжалдары тынчып калды деген кабарыбыз бар.
— Мунуңуз жүйөөлүү экен, Густав Христианович, — деп бир тыным ойлуу турду да, — граф,
бул сунушту колдоо керек деп ойлоймун, керек болсо Мамлекеттик Кеңеште да чечели, —
деди Анненков.
— Лев Алексеевич, жер бербөө жөнүндөгү бүтүм Улуу Императордуку, аны кайра кароо
биздин колдон келбейт. Ормон Ныязбек уулун Империянын букаралыгына алуу жөнүндө
сунушту колдоого болот. Сиз Мамлекеттик Кеңеште колдоо көрсөтсөңүз иш оң чечилер, —
деди граф.
— Эгер макул болбосо анда өз жерине кетиребиз, ал жакта ишке ашчу чаралар бар. Ормондун
зыяны кара кыргыздарды биздин букарабызга өткөргөнгө тийбегидей чара көрүлөт, — деди
генерал-губернатор.
Жабык Кеңеш Батыш-Сибирь аймагындагы жалпы аскердик стратегиялык маселелерди
кароого өттү.
1852-жыл, жетинин айынын ортосу. Ормон хандын ордо өргөөсүндө Илеге көчүп келген
кыргыз бийлеринин жыйыны өтүүдө.
— Аягөздөгү орус приставынан кабар келди. Иледен бизге жер берилбей турганын
билдирип, «жериңерге көчүп кеткиле» дептир, ошентиптир орус падышасы, — деп бийлереге
көз жиберди Ормон хан.
— Ата көрү, орустар Кенесары хандай чоң жоосун басып бергенибизди унутушкан экен да, —
деп сакалын сылай карады саяк бийи Дуулат.
— Адам баласы жакшылыкты үй айланганча унутат. Падыша да ошол экен да. Орус
падышасы адөөлөт, ээн жерди аябайт го десем, ал да бир пенде экен да, — деди черик Ажыбек
бий.
— Атаганат, жер асылдуу экен, эки жылдан бери ун-талкан кенен болуп, оңуп калдык эле, —
деди сегизбектин үчүнчүсү Ажы.
— Буудай, арпанын сугарылбай бышканычы, — деди сакалдуулардын бири.
— Эмнеси болсо да быйыл жаз дагы бир аштык айдап алып, күзүндө көчүп кетербиз, — деди
Дуулат бий.
— Эгин эгип убара болбойлу. Эми казак туугандардын көзү бузулушу ыктымал, — деди
Ормон хан.
Хан Ормон
Бул сөздөрдү ар ким өзүнчө жоруй үй ичи тынчый түштү.
— Анда кыш чыга көчүп кетебиз го? — деди сегизбектин улуусу Бердибек.
— «Кыргыздар качып кетти», деген сөзгө калбайлы. Көчүүгө шашылбайлы. Орун алган
жерлериңерде кыштап, малыңарды төлдөткүлө. Малга сак болгула, «сактыкта кордук жок»
дейт эмеспи, — деди Дуулат бий кончунан чакчасын алып, насыбай чегип оңдонуп отура.
— Мал төлдөп бүткөнчө ашуулар да ачылып калар, — деп хан иниси Ормонду карады
Бердикожо сөзүм жактыбы дегенсип.
— Ирдене элек төлдү, эт ала элек малды ашуу ашырып кырып албайлык. Дуулат бий
айткандай, шашылбагыла, сак болгула. Казак туугандардын санаалары ар түрдүү. Аттарыңар
суутулуу, найзаңар тушка сайылуу, кылычыңар кынында болсун. Кадимкидей эле жайлап
алып, күз алды көчкүлө. Тигил жактарга киши жиберип, малга чөп-чарды өзүбүз жактан
даярдагыла, — деди сабырлуу отурган Ормон.
— «Кенесарынын кунун алып калалы» дечү жел өпкөлөр казактардын четинен чыгат,
ханыбыз айткандай бололу. Жайлоого чыкканда улам жогорулай конуш жаңырта аяк
оонанын аягында ашуу түбүнө барабыз да, кылт эте, ар жагына өтүп кетебиз, биз аман, казак
да аман, — деп борс-борс күлө Ормонду карады кудалык жайы бар, ханга кадырлуу черик
бийи Ажыбек.
Кеңеш кыштоолордун абалы, көчкү коркунучунан сактануу, айылдарда кайра көчүү жөнүндө
сөз таратпоо, казак айылдары менен катнашты үзбөө жөнүндө уланды.
Сыртынан кадимкисиндей сабырдуу Ормон хандын санаасы тынч эмес. «Орус
падышасынан жер алып, кыргыз өрүшүн кеңейтели деген ою ордунан чыкпады. Бийлер бир
туруп Коконго сөз берип, бир туруп оруска көз ымдашып, бийликти ыдыратып турат. Аны
туйган орус бийликтери «кыргыз аргасыз болду деп, жер бермек түгүл «букаралыгыма өт»
деп кыстоодо. Арганын түгөнгөнүбү? Жок! Көз жумулганча андай болбойт. Чыбык
кыркылып, ак кийиз үстүндө берген антым бар. Кайра көчүп барып, бийлер менен бирден
сүйлөшүп, жыл айлантпай уруу-уруудан көп эл катышкан курултай чакыруу зарурат. Эл
жактырып, көтөрмөлөп кетсе, Коконго каршы аттансак, Орусияга Кокон керек, анысына
бизден жардам тийсе, анан шарт наме...» деп ичинен күңгүрөнө ат үстүндө келатты. Жигитжалаңсыз, эртең менен аттанган өзүн алаксытуу үчүнбү, же жалгыз ой калчоо үчүнбү, же
малдын абалына кызыкканыбы жайыттарды аралап, артуу арта, кыр кесе жүрүп, түш оой
мөңгүдөн тунук суу түшкөн тулаңдуу төрдө отурган айылына келди.
Айыл демейки тиричилик камында, ордо үйдөн обочороок кермеде токулгалуу аттар
байлануу. «Конок келген экен да» деген ойдо тизгинди кермеге бурду. Ордо алдында дайым
күзөтүп туруучу жигиттердин бири утурлай келип, ийиле салам айтты.
— Аллейкума салам, — деп ооз учунан алик ала аттан түшүп, атты кермеге байлап кайрылган
жигитке:
— Конок келдиби? — деди.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 36
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.