Latin

Хан Ормон - 19

Total number of words is 3905
Total number of unique words is 2056
28.3 of words are in the 2000 most common words
42.0 of words are in the 5000 most common words
49.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
күчүнө кире, кылыч, найза тийип жыгылгандардын аянычтуу онтогондору ок жаңылып
Хан Ормон
жыгылган аттардын кишинегенине, кылыч, найза, калкан кагылышкандагы карсылдаган
үндөргө аралаша теребелди адетте жок, кулакка жат, үрөй учурган жаңырык ээледи.
Сарбагыштарды беттеген Чымыр Байзак колу үстөмдүккө өтүп турганда, арттан кошумча
жардамга келген Түлкү баатырдын жигиттери абалды өзгөртүп, бешим ченде казактар туу
түбүнө карай чегиништи.
Аргын Агыбай баатыр жана Норузбай төрө үч миң чамалуу кол менен Эржан төрөнү
куткарууну көздөп, эки ирет солтолорду каптап кирди. Жоо тарабы көптүк кылгандыктан
солто жоокерлери чегине согушуп, Оро-Башыдан өтө бергенде, Жангарач бийдин акылы
менен буктурмага коюлган алты жүз жигит капыстан качырып кирип, казак жоокерлеринин
шаштысын кетирди. Бет маңдайдан жана капталдан сокку жеген казак жоокерлери качууга
аргасыз болушту. Кыргыздар качкан жоону кубалабай кошундарына кайтты.
Согуштун үчүнчү күнү. Кенесары кол башылары туу түбүндө чогулуп, хандын сөзүн күтүүдө.
Кабагына кар жааган Кенесары хан боз суп чепкенди желбегей жамына, чыгыш тарапка,
кыргыз кошундарынын өңүттөрүнө көз жибере түнөргөн калыбында:
— Кандай болсо да кыргыздарды чөгөлөтөмүн. Кол баштаган эрендерин жок кылуу керек,
жекеге чакырып. Жолборс чапкан Төрөгелди, Балбай, жана эки Түлкү бар дейт го. Бөлтүрүк
чечен, ошолордун көзүн тазаласак иш жеңилдейт. Колду иреттегиле. Жекеге чыкчу баатыр
туу алдынан аттанат, — деп чатырына бет алды.
Асман бүркөө, күндүн көзү көрүнбөйт. Айлана бозомук тарта, кандуу кыргынга аза күткөндөй
тунжурайт. Эрте жаздын суук сыдырымы бойду ичиркентет. Эки тарап ок жетпес аралыкта
эрөөлдөшүп турушат. Кенесары тараптан зээри бийик суйдаң жалдуу кара аргымакты
аргытып чыккан, туулга, соот, чарайначан жигит ортолоп келип:
— Жекеге, жекеге чык эр болсоң, — деп кыйкырып турду. Кыргыз тараптан кечээки
кармашта кылыч жаза тийип, кулагы шылынган Түлөкабыл баатыр Жантай бийге:
— Бий аке, мен чыгайын, атым начар, ат котортуңуз, — деп өтүндү. Күлүк торуну алкынтып
алдыңкы катарда туулгачан турган уулуна:
— Ысабек, атыңды Түлөкөңө берчи, — деди бий ортого чыгып жекеге чыкчу эренди күтүп
турган казак жоокерине көз жиберген сабырлуу калыбында. Күлүк торуну минип, туулга
кийген Түлөкабыл баатыр найзаны оң колдоп суна, көз ирмебей, казак эренине каршы
жөнөдү. Ал да найзасын суна кармап аргымакка камчы урду. Найза учунан жел ышкыра, көз
ирмебей урган эки баатырдын найзалары калкандарга урунуп тайыды. Кайра кайрыла экөө
тең жаалдана катуу качырышты. Жаадай учкан күлүк торучан Түлөкабыл найзаны ээрдин
кашынан өйдө, калкандан ылдый мээлеп урду. Кара аргымак очорула түшүп, үстүндөгү эрен
кулап түштү. Түлөкабыл кайра кайрыла кара аргымакты коштой өз тарабына жөнөдү.
Кыргыз колу тараптан:
«Оо, Кудай, арбак, Атаке, Талкан, Эсенгул, Бөлөкбай, Садыр», деген ураандар угулуп, эл
дуулдап турду. Ындыны өчө түшкөн казак тараптан башына жашыл жоолук буунган, буурул
атчан москоол жигит:
— Аблай, Аблай, — деп ат ойното ортого чыкты. Каршы тараптан сарыбагыштын Абла
уругунан, денеси чымыр, бою чарчы, ат үстүнө орноткон дөшүдөй нык отурган Кодоо Калча
найза сунуп, жалдуу карагерге камчы ура, жаадай сызып буурул атчан эренди көздөдү. Ал да
буурулга камчы ура, көз ирмебей найза суна Калчага каршы ат койду. Эки эрен тең көз
ирмебей бири-бирине найза урушту. Найзалар тозгон калканга тийип тайгыла, аттар очорула
түшүп оңоло, эки баатыр кайып өтүштү. Буурул ат тизгин чоё бир аз ала качып кайрылганча,
күлүк торуну элпек бурган Калча казак эренин капталдан аттан түшүрө сайып, буурулду
чылбырлап, өз колу жакка сызды.
Эки эрени катар кулап, жоо күймөлүп турганда, эки ирет жоо сайып эрдемсиген кыргыздар
тараптан чоң торуну алкынтып, башын кызыл жоолук менен бууган москоол жигит майданга
чыкты. Намысы кайнаган Кенесарынын иниси Норузбай төрө кызыл ооз аргымакты аргыта,
найзаны сол колдоп суна кызыл жоолук кыргыз эренин качырып кирди. Ал да чоң торуга
камчы уруп, Норузбай төрөнү тик качырды. Найзакерден өмүрү кыйшайбаган Норузбай
баатыр каршысынын найзасына калкан тосо тайгылтып, экинчи кайрыла беттешкенде
ыкчам кыймылдай найзаны табарсыктан өйдөрөк мээлеп урду да, кайра тез бурула, аттан
кулап түшкөн кыргыз эренинин тору аргымагын чылбырлай өз тарабына сызды. «Аблай,
Аблай, Кене хан» деп казак тарабы дуулдады. Кол башылары топтоло кеңеш курган кыргыз
тараптан кара жалдуу чоң кула минген, туулга, соот, чарайна кийген, кең далы, жайык төш,
келбеттүү жигит найза суна аргытып чыкты. Кызыл оозду ойнотуп, майданга экинчи ирет
Хан Ормон
чыккан Норузбай баатыр кыргыз эренине найза сунду. Ал да көз ирмебей Норузбайга каршы
ат койду. Найзалар калкандарга согулуп, тайый эрендер кайып өтүштү. Кыргыз жигити
тизгин чоё кайрылганча, тез бурулган Норузбай жаңы гана бурулган кыргыз эренин
камынтпай сайып аттан түшүрүп, атын жетелеген бойдон тобуна кайтты. Кыргыз тарабы
чочулай түштү.
— Норузбай төрө өзү түшкөн тура, ага каршы Манде баатыр, Төрөгелди, же Түлөкабыл, же
Адыл түшпөсө, башканын шаасы жетпейт, — деп Жантайды карады Жангарач бий.
Мурунку күнкү урушта өзү башкарган жүз жоокери менен эпсиз эрдик көрсөтүп, жоонун
тымтыракайын чыгарган, алты канат боз үйдүн түндүгүн колу менен бакансыз көтөргөн, эки
кезге бою бар, алп мүчөлүү, атагы казак, кыргызга «жез чочмор» деп бирдей тараган,
«Сегизбектин» эң улуусу Бердибектин ортончу уулу Манде баатыр Норузбайдын кыргыздын
эки эренин катар сайып түшүргөнүн көргөндө эки көзү оттой жанып, жаак эттери түйүлүп,
жекеге чыкмакка Жибек жалга камчы урду эле, анын кечээки урушта сол ийнинин балык
этине найза тийгенин билген Төрөгелди, атын суулуктап токтотуп:
— Кой, сен чыкпа. Кыргыздарда жараланбаган соо кишиси калган эмес экен дебесин, мен
чыгайын, — деди.
— Жок, бата бергиле, мен чыгайын, деп Жантай, Жангарач бийлерге кайрылды, зээри бийик,
мойну жаадай ийилген, суйдаң жалдуу, соорусу көмкөргөн казандай, Аксурдун үстүндө ээрге
куюп койгондой бакыбат отурган Субандын уулу Адыл баатыр.
«Аллоху акбар, Кызыр жылоолосун» деген бата үнүнө удаа, Аксур жебедей учуп топтон
суурулду. Туулга, соотчон Адыл баатыр оң колдоп найза суна майданга сызды. Казак тараптан
үчүнчү ирет кызыл ооз аргымакты аргыта Норузбай сол колдоп найза суна кыргыз эренине
каршы ат койду. Сунулган найза учтарынан жел ышкыра, тулпарлар жебедей сызып, эки эрен
көз ирмебей бири-бирине өлүм багыштап баратышат. Көз ирмем... Күч менен урулган
найзалар тоскон калканга уруна, аттар очорула оңолуп, эки эрен кайкып чыга тизгинди тез
жыйып, кайрадан найза суна бири-бирине жаалдана каршы чыгышты. Көз ирмебей найза
урган эрдик күчтөрү, сунулган найзага илгиртпей калкан тоскон сезгич чеберликтери бирдей
эки баатырдын талуу жерлерин мээлеп урган найзалары калканга уруна, аттар кош аяктап
очорула оңолуп, кайра кайрылышкан эрендер үчүнчү ирет беттешкенде найзалар чарт
сынып, кылычташууга өтүштү. Бири-биринин шилтеген кылычтарын тосо урушуп, өңүт
талаша эки баатыр чай кайнамча кылычташып алыша албай турганда: «Аблай, Аблай,
...Кенесары, Кенесары...» деген ураан менен казак тарап чабуул баштады. Кыргыздар каршы
ат коюп, майдан кандуу аламанга өттү. Тараптардын экөө тең бири-бирин айланта курчап
«торго» алуу ыкмасын колдонуу аракетине өтүштү. Эки күндүк кармашууда бири-бирин
айланып өтүп, арттан согуу ыкмаларын байкап калган тараптар бири-биринин кысымын
кайтара кырчылдаша салгылашты. Эрөөлдөшкөн эки жактын эч кимиси ийгиликке ээ боло
албай, кандуу кармаш каш карая токтоп, өлгөндөрүн, жарадар болгондорун жыйнап, илеңсалаң өз кошундарына кайтууга аргасыз болушту.
Согуштун үчүнчү күнү. Эки күнкү кыргындуу кармашта курман болгондорду жайына коюу
менен колу байлана түшкөн эки тарап бири-бирине ачык кол сала албай, кайгуулчулар
аркалуу абалды дааналап билип, анан чабуулга өтүү аракетин күтүп тургансып, тынч түтүн
булатышууда.
ТЕКЕЛҮҮ-СЕҢИРДЕ
Күн чоң шашке. Булутсуз шаңкайган көгүш асманда күн жаз көктөмүнө нурун өмүр үчүн төгүп
турганын пенделерге кабарлагансып, бейпил чачыратат; жарык дүйнөгө бир келген өмүрдүн
кайталангыс экендигинен билдирейин дегенсип мээрим төгөт. Бетеге түбүндөгү
жумурткалуу уясынан көтөрүлгөн боз торгой улам жогорулай табияттын кайталангыс
сулуулугуна, жарыкчылыкка эки келбес ажайып өмүргө салават айткансып үн безейт. Эки күн
удаа жан кыя салгылашып, чаалыккан пенделер ага кайдыгер. Бири башка бирөөнүн жерин,
малын тартып алып, баюуну көздөсө, бири өз коломтосунун отун өчүрбөй сактап калууну
эңсейт.
Оро-Башынын оозунан бери чыга калдайган калың атчандын карааны көзгө уруна, созула
бапылдаган сурнай үнү аба жара жоолашкан тараптардын көңүлүн бурду. Шор-Дөбөдө туу
алдында кол башылар менен кеңеш куруп отурган Кенесары хандын кабагына кар жаап,
ачуулуу. Жер каптаган кол менен үч күн бою салгылашып жатып, «кыргыздарды чөгөлөтөм»
Хан Ормон
деген ою ишке ашпай, ишке ашмак эле турсун саны эки үч эсе аз жоого басым көрсөтө
албаганына намысы сынып, ызасы кайнап, өзөгүн өрттөп турган кези. Капыстан бапылдаган
сурнай үнү ансыз да сиркеси суу көтөрбөй турган текеберлүү ханды безге сайгандай селт
эттирип, өнө-боюн ичиркентти. Анысын сыртынан билдирбөөгө аракеттенип, бирок жини
келип, кыртыштаганын жашыра албай, айланасындагы кол башчыларына «бурк» этти:
— Бу сыйырша мауреген неси?
— Алдаяр таксыр, үч күндөн бери чабактары менен чарпышып турдук эле. Жаяны эми келген
тура — Ормон хан келген тура жаңы кол менен, — деди сакалын сылай Кенесарыга астыртан
көз чаптыра катарында олтурган чымыр Байзак.
— Сен Байзак, Супатай экөөң кыргыздарды мактап, мени коркуталы деп кеңешип
алгансыңарбы? — деп Байзакка каар төгө карады Кенесары.
— Алдаяр ханым, Аблай тукумун коркутуп болобу. Кечиргейсиз, мен дурусун айтып турмун.
Ормон хан күчтүү жоо. Жоонун күчүн чамалап, ошого жараша чара көрөсүзбү деген кеңешим
гой, — деп тайсалдады чымыр Байзак. Кенесары бир азга ойлуу тунжурап турду. Кыргыз
колун эки, үч күндө уйпалап, Ормон ханды, билерман бийлери Жантай, Жангарач менен
чөгөлөтүп, баштарын аламын, кара аламан кыргыздын мал-дүнүйөсүн, жер-суусун ээлеп, эрбүлөлөрүн оруска каршы согушка алып жөнөймүн деп эрдемсип келген Кенесарыны
кыргыздардын өз коломтосун коргоп, өмүр, же өлүм деп жан кыя кырчылдашкан кайраты
анын жеңем деген ишенимин солгундатып, кооптонтуп салды. Бирок али да болсо колу
кыргыздардан алда канча көп экендигин, канетсе да уруш-чабыштарда көбүрөөк каныгып,
бир беткей болуп калгандыгын ойлоп, ичинен чыйрала бел байлады. Бейкут жаткан
айылдарды чаап, оңой олжого батып, жоокердик ар-намысты көр оокатка тап коюу менен
алмаштырып, Кенесары ойлогон аскердик тартиптен эбак ажыраган кол өз ата конушун
коргоп, катын-бала, кары-картаңдардын, жакындарынын айыпсыз төгүлгөн каны, эл
намысы үчүн өлүмгө тике караган, каардуу ыза көкүрөгүн тиреген кыргыз колуна туруштук
бере албасына Кенесарынын али көзү жетпеди.
— Жыйырма миң колдун азгантай кыргыздарды ала алмай турганына ким ишенет? Мен
көрүп турмун, жоокерлердин көбү жандарын сактоо аракетинде гана согушады. Үч жүз
тандалма төлөңгүт бөлүнсүн. Алар чабуул койгондордун артынан үч тараптан такай түшүп,
кайра качкандардын таттуу жандарын жаханнамга жиберип турушсун. Менин амирим
токтоосуз аткарылсын. Кыргыздын ошол жаянынын кардын жарамын, — деп каарланды
Кенесары хан. Кол башчылар бүгүн өлгөндөрдү жашырып, жоокерлерди эс алдырып, эртеңки
чечкиндүү чабуулга даярдык көрүүгө тарашты.
Текелүү-Сеңир алдындагы дөңсөөгө тигилген он эки канат ак үйдүн алдында ак айчыктуу
кызыл туу желбирейт. Эр жак ыптасына түпөктүү найза сайылган. Хан ордосу көтөрүлгөнүн
кабарлаган сурнай үнү абаны жаңырта барып басылды. Ормон хан келер замат Жантай,
Жангарач бийлерди, Төрөгелди, Чынгыш, Түлөкабыл, Адыл, Алыбек, Дуулат баатырларды
ээрчитип, жоокерлер кошундарын кыдырып көрө, бетме-бет көрүшө ал-жай сурап, абал
менен таанышып жүрдү. Он беш төөгө жүктөтүп келген сүр эт, кошкон май, сүзмө, ун-талкан
жоокерлерге таратылган. Хандын эки жүз чамалуу жигит менен азык-түлүк алып келиши
жоокерлерге дем берип, маанайлары көтөрүңкү. Солто жоокерлерин аралап жүрүп бир
кошунга келгенде Ормон хан жигиттердин саламын кабыл ала:
— Алейкума салам, баатырлар, амансыңарбы? Демиңер кандай? Кене хандын шаймешкесин
өлчөдүңөрбү? — деп күлө бага жоокерлер менен аңгемелешүүгө өттү.
— Аманчылык таксыр, — деп жоокерлердин катарынан алга озо муруту жаңыдан түктөнө
баштаган карасур, туулгачан жигит жооп улады. — Кудаага шүкүр, аманбыз. Кенесары
хандын баскынчылары менен чарпышып, чамаларын байкадык. Алар кыргыздарды дароо
эле уйпалап оңой олжого тунабыз деп келишкен окшойт. Оңой олжо жок экенин көрсөтүп
атабыз биз аларга.
— Алар жандарын ала качып, тике кармашуудан коркушат экен.
— Жандары таттуу окшойт.
— Оңой олжону ээлөө үчүн тирүү калуулары керек да.
— Бизде аяй турган жан жок.
— Үй-бүлөбүз тоо-ташта корголоп жүрөт, — деген үндөр жаады.
— Ой, коё турсаңар боло, мен сөзүмдү бүтөйүн таксырга, — деп сөзүн улады туулгачан жигит.
— Таксыр, биз алардын алын байкадык, биз алардын азабын колуна беребиз, ишенип коюңуз.
Хан Ормон
— Ыракмат баатырлар, демиңерге кудай өзү дем кошсун, — деп Ормон хан бийлердин, кол
башылардын коштоосунда жоокер кошуундарын кыдырууну улантты.
Эрте бешим. Хандын майдан ордосунда кеңеш жүрүүдө. Бийлерди, кол башыларды ээрчите
жагдай менен таанышып чыккан Ормон хан ойлуу мелтиреген калыбында:
— Ниети казатта курман болгондордун арбагына куран окулсун, — деди. Хандын оң
тарабында отурган уйгур дамбылда Махмуд ажы курани каримден «Ясин» сүрөөсүн кырааты
менен окуп, отургандар бата тилешти. Батадан кийин тунжурай түшкөн тынчтыкты буза:
— Кайран эр, Калпак баатыр жүрөгүндө жалы бар эр эле. Шейит кетиптир, жаны жаннатта
болсун, — деди Ормон хан.
— Калпак баатыр жыйырма чакты жигити, инилери менен Кенесарынын үч жүздөн ашык
тандалма төлөңгүттөрү менен согушуп, жүздөн ашык төлөңгүттү жайлап, өзү, инилери,
жигиттери менен курман болушту, — деди Жантай бий ичинен келме келтире сакалын
сылай.
— Жүздөрү курусун канкорлордун, мыкаачылардын. Баатырды тирүүлөй кыйнап
өлтүрүшүптүр. Жасаган мыкаачылыктарын айтууга дитиң даабайт, — деди ичинен билинербилинбес улутунган Жангарач бий.
—Тирүүлөргө көрсөткөн мыкаачылыктарын мындай коюңуз. Өлгөндөрдүн арбактарын
кордоп, Эшкожо, Канай баатырлардын жазанаттарын чачышыптыр, — деди Чынгыш.
— Ля иллаха илла Алла, Мухамед расул Алла, — деп келме келтире жакасын кармады,
мыкаачылардын адам оозго алгыс акмакчылыгынан үрөйү учкан Махмуд дамбылда.
— Капканда бутун калтырып качып чыккан көк жал бөрүнүн кылар иши да. Бийликтин кара
чаар жыланы көөдөнүн тепкен Аблай тукумунан ырайым күтүүгө болбойт. Канкордун көзүн
тезирээк тазалоонун айласын ойлонолу, — деп Ормон хан санын мыкчый, бир тынымга
ойлуу отурду да:
— Кенесары жоокерлеринин тоо тарабын кимдер тосот? — деди.
— Тоо тарабын бүтүндөй Талкан кармап турат, — деди Жангарач бий.
— Суу жагынан ким туруштук берет?
— Суу тарабын тынай, черикчи, бөлөкбайлар кармап турушат, — деди Жантай бий.
— Күн батышты беттегендердичи?
— Эсенгул, саяк туугандарыңыз, — деди Дуулат.
— Казактар бугуп калышты, бүгүн чабуулга өтөлү, — деди Чынгыш.
— Туура айтат, азыр капилет басабыз, — деп обдулду Төрөгелди.
— Биз даярбыз, — деп удаа үн катышты тынай кол башылары Молтой менен Калча баатыр.
Жоокерлердин шыктанып турган демин байкаган Ормон хан бир аз ойлуу турду да:
— Ашыкпагыла, бүгүн чабуул коюлбайт. Бүтүмдү бузгандардын малын талоонго, башын
камоого кетиремин. Чабуулду качан, кандай баштоо керек экенин айтабыз. Алыбек, Чаргын
баштаган чампан мылтыктуу кырк мерген өңүттүү жерди эээлешип, жоону карата бирден
машаа кошуп, мылтык атышсын. Аны Орозбак сурнай-керней менен коштоттурсун. Асман,
жер дүңгүрөп, тоо жаңырсын. Жоонун үшүн алуу керек. Азыр камбыл жигиттерден эки жүздү
даярдагыла. Эртең менен таң саарынан баштап тескей тоо кырларынан, кокту-колоттордон
аттарына караган, тал сүйрөтүп, кечке чейин тынбай чаңдатып тургандай болушсун, — деп
бир аз ойлуу турду да:
— Бүгүн көз байлангандан баштап, Оро-Башынын оозунан Кең-Булуңга чейин, эки жигитке
бирден эр отун жактыргыла. Түн ортосу ооганча от өчпөсүн, — деди Ормон хан.
— Таксыр, эч кимдин оюна келбей турган амалдуу акылды таптыңыз го, — деп борс-борс
күлдү Жантай бий.
— Табылгыс акыл, антпесе жаны ачыган Кенесары колунун көптүгүнө салып, бизди
мертинтип кетиши толук ыктымал болуп турбайбы. Кармашта душмандын жүрөгүнүн үшүн
алуу өтө керек. Таксырдын бул амалы сандаган колдун караанына тең болору шексиз, — деп
мурутунан жылмая Ормон хандын акылына таң берип турду Жангарач бий.
— Жангарач бий, сиз кандай дейсиз, сизге коңшу Супатай, Үрүстөм султандарга эки бир
тууган эл бири-бирибизди шайтан азгырыгына кошулуп кыргынга салбайлы, деп жашыруун
салам дуба жиберсем деп турамын. Кат жазууга болбойт, кокус колуна тийсе Кенесары
аларды тукум курут кылат. Менин кестигимди колуна берип, бир эстүү киши жөнөтөлү бүгүн
түнү менен. Жашыруун жетип тапшырганга жарай турган аяр киши керек, — деп Жангарач
бийге кайрылды Ормон хан.
Хан Ормон
— Тарбиялуу, эстүү киши табылат. Хан ага, менин кестигимди алып барсын. Хан кестиги
кынында болгону абзел, — деди сезимтал Жангарач бий.
— Бул сөзүңдүн жөнү бар. Казакча так сүйлөй билген үч киши даярдагыла. Тымызын бүгүн
түнү менен барып, көп казакка аралашып, Супатайга жашыруун жолугуп, салам дубаны
тапшырып, жообун уксун. Биз жактан чыккан чаң, күйгөн оттордун жайын: ар бир эр отунда
150дөн ашык жоокер бар, тынбай чаң сала туш-туштан келип, чабуулга азырланып турган
кыргыз колунун саны, шайма-шайлыгы катары жоокерлер арасында сөз таратып, дүрбөлөң
түшүрүү аракетин көрүшсүн. Жөнөр алдында мага аларды жолуктургула, — деп Ормон
Жангарач, Жантай бийлерге карады.
— Бали, акыл эмес бекен! Кудай жалгап казактар коркконунан согушпай качып кетишкей
эле, — деп күлдү Түлөкабыл баатыр.
— Жангарач бий бул ишти сиз көзөмөлдөңүз. Ошол кишилер эртең түнү менен кайра келип,
болгон ишти бизге айтып бергендей болушсун, — деди Ормон хан. Аңгыча эшиктен кирген
Саза:
— Таксыр, ай туякка бата сурайбыз, — деп ызаат менен Ормон ханга кайрылды.
— Аа, андай болсо жүрүңүздөр, — деп Ормон хан ордунан тура баары батага чыгышты.
Ак боз бээни кыбыла карата туура тартып, бата тиленери менен Алыбек, Чаргындар баш
болгон 40—50 мерген машаа кошо жоонун тобун көздөй бир дем менен мылтык атышты. Тоо
жарган мылтык үндөрү бапылдай созулган сурнай, керней добушу менен коштоло үрөйдү
учура кандуу калабадан кабар бергенсип турду. Каалгый бир аз ойлуу турган хан тобу ордого
кирип, кеңеш курууга өттү. Көз байланган маал. Машаа кошулуп бир дем менен бир нече ирет
тоо жаңырта атылган мылтык үндөрү, ага кошула бапылдай созулган сурнай, керней добушу
Кенесары жоокерлеринин көбүнүн үрөйлөрүн учуруп, тынчсызданган кобур-собурду пайда
кылды.
— Ойбай, ушунчалык жер дүңгүрөткөн не деген мылтыгы бар бу кыргыздардын?!
— Мылтык мындай үн чыгара албайт, бул замбирек болуу керек.
— Мылтык экени анык гой. Төлөңгүт Сейсенбайдын тобунан бири окко учуптур.
— Я пирим ай, кандай күн болор экен. Кайрылып катын-баланы көрө албайбыз го.
— Не болсо шо болсун. Көп менен бирге көрөбүз.
— Көп, эмне, сени октон калкалап калабы?
— Ар кимдин өз жаны өзүнө таттуу. Жанды сактоо керек, — деген кобурга аралаша,
малакайын баса кийип, отко колун кактап жылына отурган кара сакал киши:
— Кыргыз ханы көзгө атар мергенден эки миңди алып, он миң кол менен бүгүн келип түштү
дейт, — деди кайдыгер сымал колун кактап, ушалаган калыбында.
— Ошондой, анын аскерин сыйырча мөөрөгөн көз боочу ээрчип жүрөт дейт, — деди дагы
бирөө.
— Ойбай, не болсо да оңбой калдык окшойт, жанды сактоо керек, — деген үнгө удаа
отургандардын бирөө:
— Ой жапырымай, не болуп кетти, карагылачы аноу тоо этектери, талааларды, — деп
кыйкыра ордунан тура калды. Баарынын көңүлү өйүз жакка бурулду. Асмандагы жылдыздай
жымыңдаган сансыз оттор тоо этектеринен тарта бүтүндөй талааны көз жеткен жерге чейин
каптап жымыңдайт.
— Ушунча көп оттор. Өрт чыкканбы?
— Жок, өрт болсо чогуу жалындабайт беле. Ар бири белгилүү аралыкта күйгөн эр оттору
турбайбы. Жоокерлердин тамактанып турган кези тура.
— Бул оттордун ар биринде 50—60 жоокер отурат дебейсиңби?
— Мынча көп жоокерлерди каптап ким согушат? Өлөт экенбиз го.
— Несин айтасың, өлүм көрүнүп турбайбы?
— Эптеп жанды сактап үйгө тирүү кетели.
— Кантип тирүү кетебиз, артка кылчайгандарды төлөңгүттөр атып турса.
— Ансыз деле канча киши өлдү, — деген кооптонуу аралап жоокерлердин ындыны өчүп
турду.
Кенесары хандын чатыр ордосунда онунчу панар үлүңдөйт. Төрдө ойлуу, кабагы бүркөө
отурган Кенесары кол башылары Норузбай, Агыбай. Чымыр Байзак, Супатай, Үрүстөмдөр
менен эртеңки согуш жөнүндө ой бөлүшүп отурат.
Хан Ормон
— Кене ага, — деди Норузбай, — мылтыкчан мергендерди топтоп, эки каптал жакка коёлу.
Кыргыздар чабуулга өткөндөн кийин капыстан атып, мизин кайтарып, анан чабуулга өтөлү.
Түнөрүп отурган Кенесары чарт жарыла:
— Неге күтүп отурабыз, кыргыздар качан келет деп. Эртең менен үч багыт менен
жоокерлерди чабуулга алып чыгабыз. Кыргыздарды алардан озунуп басуу керек.
Мылтыкчандардын жарымын буктурмага коюп, жарымына колдун артын тостургула. Кайра
качкандарды суроосуз атып турушсун. Төрт күндөн бери 20000 кол менен кыргыздарды ала
албай турганыбыз уят, — деп үнү буулуга кескин унчукту.
— Аллаяр таксыр, кечиргейсиз, кыргыздын тоо-талаалары жылдыздап жанган отторго
толуп турат. Не экени белгисиз, — деп Кенесарыга таазим эте ийилди, сырттан жаңы кирген
кайтарыкчы төлөңгүттөрдүн башчысы.
— Эмне от экен? Өрт чыккандыр, — деди Кенесары.
— Таксыр, өрткө окшобойт. Айрым жагылган эр оттору сыяктанат, — деп кайра кетенчиктей
сыртка чыкты сакчы.
— Кана, эмне оттор экен көрөлүчү, — деп Кенесары ордунан тура жөнөдү. Кол башылардын
баары тышка чыгышты. Өйүзгү тоо этектеринен Чүй талаасынын көз жеткен жерине чейин
жылдыздай жымыңдап жанган сансыз оттор... Кенесары кол башылары менен бир тынымга
үнсүз теребелге көз чаптырып турушту.
— Жылдыздар жерге түшкөнбү, же кыргыздар ушунча көппү? — деп ичинен күңгүрөнгөн
Кенесары хандын жан-туюмун биринчи жолу коркуу, кооптонуу сезими аралап өттү.
— Аллаяр таксыр, бул эр оттору го. Ормон хан менен келген жоокерлер от жагып,
тамактанып туру го, — деди Үрүстөм султан.
— Бизди айланта курчап алган го, — деп кооптонгонун билдирди Агыбай баатыр.
— Болду, жетишет, — деп зирк эте, баргыла колду эртеңки чабуулга даярдагыла, — деди
Кенесары өзүнүн жүрөгүндөгү кооптонууну билдирбөө аракетинде үнүн катаал чыгара.
Эртеси таң сүрө, жерге жарык түшкөндөн баштап, Чүй тескейинин кокту-колот,
жылгаларынан, жон-кырларынан, Кичи-Кемин, Боролдой, Желаргы, Тайгак, Боом, КызылСуу, Шамшы, Кегети жактардан уюлгуй көтөрүлгөн чаң асманга көтөрүлө айлананы чулгап,
чыгыштан соккон сыдырым шамал менен Кенесары кошунун каптап турду.
Таң саарынан туруп, ордо чатырынын жанында чогулган кол башылары менен чабуул
баштоого буйрук берүү үчүн чыккан Кенесары ханды кыргыздын тоо-кырлары, коктуколотторунан көтөрүлгөн чаң ойго салып, түнкү оттордон улам пайда болгон кооптонуусун
ашкерелегенсип, апкаарытты.
— Бул уюлгуган чаңдын сыры эмнеде болду экен? — деп билмексен боло өз алдынча ой
жоруган болду Кенесары хан чочуп турганын билдирбөө аракетинде үнүн токтоо чыгарып.
— Чаңдын сырын кыргыз менен ирегелеш Супатай бий жорубаса, — деди Агыбай баатыр.
Кечинде жашыруун тыңчы аркалуу Ормон хандан салам дуба алган Супатай бий билмексен
боло:
— Ким билет? Малдын чаңы дейин десем — окшобойт; мынчалык көп малды тынымсыз эч
ким айдабайт. Айдаса да бир ирет айдап өтүп кетет эле да. Мына бу тоолордон ары Суусамыр,
Жумгал, Кочкор, Нарын, Куртка, Ат-Башы деген аймактар бар. Ошол жактардан жыйналган
кол Ормон хандын чакырыгы менен казатка келип турабы деп гана болжоого болот, — деди.
Түндөгү сансыз оттор, азыркы асманды бербей айлананы чулгаган чаң, Супатайдын
божомолу бири-бирин ырастап тургансып, кол башылардын маанайын чөгөрүп турду. Муну
байкаган Кенесары:
— Жыйырма миң кол аз эмес. Качпай кармаша билүү керек. Үзөңгүгө бут салганда башыбыз
тобокелге байланган. Бабабыз Аблай хан нечен ирет кыйрата жүргөн кыргыздарды.
Кошуунуңарга барып, чабуулга даярдангыла. Күн чыга баштайбыз, — деп чатырына бет алды
хан.
Текелүү-Сеңир алдындагы дөңсөөгө тигилген Ормон хандын көчмө ордосу алдында ак
айчыктуу кызыл туу желбирейт. Туу алдында Жантай, Жангарач, Төрөгелди, Түлөкабыл,
Чынгыш, Адыл, Дуулат, Алыбек жана башка кол башкарган баатырлардын курчоосунда
турган Ормон хан:
— Түндөгү жанган эр оттору, бүгүн «казатка келип аткан жоокерлердин» чаңы да ойдогудай
болуп турат. Жолборстун жүрөгүн жесе да Кенесарынын жүрөгү «солк» эткендир. Эми
көрөсүңөр, казактар күн чыга чабуулга чыгышат. Биз мергендерди алдыга коюп, бута атым
келгенде ок чыгаргандай бололу. Кырк, элүү мергендин жапырт аткан октору чабуулчуларды
Хан Ормон
бат эле жапырат. Алар жапырылып чегинери менен артынан эмес, эки капталынан чабуул
коюп бөлө жарып согуу керек. Ок жеп, эки жактан чабуулга тушуккан жоо туруктуу
каршылык көрсөтө албай калат. Казактар чабуул коймоюнча тынч болгула. Дагы бир
айтарым, азыр кетмен, күрөк менен камбыл жигиттерди дайындап, Кенесарынын колу
ичүүчү суунун нугун бери бурдургула. Жоо колун бүгүн кечинде суусуз калтыруу зарыл, —
деди да ордосуна бет алды. Кол башылар буйрукту аткаруу үчүн кошундарына жөнөштү.
Күндүн муруту чачырай Кенесары жоокерлери эки канат, туу алды болуп, дымып турган
кыргыз тарапка жабыла ат коюшту. Түндөгү жыбыраган оттор, эртеден бери тынбай уюлгуп
турган чаң үшүн алган казак жоокерлеринин деми бош эле.
«Аблай, Аблай» деген үзүл-кесил чуу менен келаткан баскынчылар бута атымга келгенде
кырк-элүү мылтыктан удаа, удаа атылган окко учуп, жапырылууга аргасыз болду. Алдыда
келаткандардын өлүктөрү сулаган бойдон ортодо жатты. Атылган октордун жыштыгы,
таамайлыгы мурдагы эки күндөгүдөн өзгөчө эле. Жапырыла качкан жоону кыргыз
жоокерлери эки капталынан бөлө согуп, бөлүнүп ирети бузулган топ эми артынан түшкөн
кысымга учурап шаштысы кетти. Казак тарап ит урушун салып качып согушууга аргасыз
болушту. Кача согушкандарды Кенесарынын буйругу менен арттан тоскон өз төлөңгүттөрү
окко алып, жыгып турушту. Жыгылгандардын өлүм алдындагы жарыкчылык менен
коштошкон аянычтуу кыйкырыктары, жаралангандардын онтогон үндөрү, аттардын
кишенегенине коштоло айлананы үрөй учурган, адам жан-дүйнөсүнө жат ызы-чууга
толтурду. Октун күчү менен кайрылган казак жоокерлеринин кээ бирлери «жан сауга» деп
куралдарын таштап, кыргыз тарапка өтө башташты. Кыргыз жоокерлеринин жоону
капталдан айланып, артына өтүү аракети Кенесарынын мергендеринин окторуна тушуга,
бөлүнгөн жоону туу түбүн карай кысып бараткандарга кошула согушууга өтүштү. Туу түбүнө
кысым күчөй, Кенесары ордосуна коркунуч тууганын көрүп, буктурмадагы мергендерин
ордонун тегерегине топтоп айланта коргонууга өткөрдү. Бул жагдайды байкаган кыргыз
жоокерлери туу түбүнө кысымды бошотуп, жоонун мергендерден бош калган эки канатына
чабуулга өттү. Демилге кыргыз тарабында болуп, жан сактоо аракетинде кача согушкан казак
жоокерлери көп жоготууга учурай баштады. Кыргыздар улам кысымды азайта берип
салгылашууну токтотту. Казактардын шамыян кайрууга алы жок эле. Эки тарап өлгөндөрүн,
жарадар болгондорун жыйнап, кошуундарына кайтышты. Кыргыз жоокерлеринен он экиси
каза болуп, отуздан ашууну жараланган эле.
Көз байланган маал. Ормон хандын ордосунда Жантай, Жангарач бийлер, Төрөгелди,
Чынгыш, Молтой, Түлөкабыл, Алыбек, Адыл, Дуулаттар бүгүнкү согуш жөнүндө ой бөлүшүп
отурушат.
— Казактар ичүүчү суу бөгөлүп бүттүбү? — деди Ормон хан көз ирмебей мелтиреген
калыбында.
— Бүттү, биз барып аныгын көрдүк. Кенесары тамчы суусуз калды, — деди ишке
канааттанган Жантай бий, күмүш чегелүү мүйүз чакчасын алып, насвай ата сакалын сылай.
— Аа, жакшы болгон экен. Эртең казактар чабуулга чыга албас. Шейит кеткен жоокерлерди
ага-туугандарына кабарлап, ариеттеп жайына узаткыла. Жаралангандарды айылдарга
жеткиргиле, табыптар көрүшсүн. Эртең биз да чабуул жасабайбыз. Жоокерлерди тоюндуруп
эс алдыргыла, — деди Ормон хан.
— Хан ага, эмне үчүн чабуул жасабайбыз? Казактар алсырап турушат. Бүгүн суусуз калышты.
Эртең кол салсак сөзсүз кыйратабыз, — деп обдулду алп мүчөлүү Төрөгелди баатыр,
туулгасынын чекесин көтөрө, мурутун жаный.
— Жаралуу каманды түз качырса чалып алат. Чабуул койсок аянары жок Кенесары бардык
мергендерин, төлөңгүттөрүн жыйып, ок менен тосот. Жоокерлердин канын бөөдө
төктүрбөймүн, баатыр. Мен азыр жоо тараптан ишенимдүү кабар күтүп отурамын. Чабуулдун
убагын мен айтамын. Кечке жуук жоокерлердин баары ак көйнөктөрүн сыртынан кийип
турушсун, — деди Ормон хан. Жантай, Жангарач бийлер хандын дагы бир ойдо жок амалды
ойлоп турганын туя, бири-бирин карап, жылмая баш ийкешти. Аңгыча эшик ага жигит кирип
таасим эте:
— Таксыр, бир киши сизге зарыл ишим бар, жолуктур дейт, — деди.
— Бир азга күтө турсун, биз ишибизди бүтөлү, — деп эшик агага кол жаңсады да, — эмесе
эртеңки болор иштер жөнүндө макулдаштык. Кошуундарга барып, жоокерлер менен көзмөкөз сүйлөшүп, кем-карчтарын толуктагыла. Эртең кечке эс алышат. Кечке жуук айтабыз эмне
иштөө керектигин, — деди Ормон хан. Жантай, Жангарач экөөнөн башкалар кеткенден
Хан Ормон
кийин эшик ачылып, кечээ кечинде душман кошунуна жашыруун салам дуба менен кеткен
киши салам айта кирди.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 20
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.