Latin

Хан Ормон - 28

Total number of words is 3917
Total number of unique words is 2088
28.2 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Аа, ошондой болсо ям түзүк болоду, — деп кол жоолугу менен чекесин сүртө сөз улады
ажы:
— Кудай таала адам баласын башка макулуктардан артык жаратты. Акыл берди, тил берди,
дил берди, дин берди, ыйман берди. Эмесе ушулар жөнүндө бирден гяп уралы.
Ыйман деген эмне? Ыйман Кудай тааланын бардык, бирдигине ишенүү, Кудай бирөө гана.
Жардамчылары жок. Кудай тааланын аты — Алла. «Ла иллаха илла Алла» деген келменин
мааниси ушуну айтат, — деп сөзүн бүтүрө көпчүлүккө көз жиберди.
Эл ичинен: «Кудая тобо. Кудайдын да аты болот экен ээ. «Алла» деген Кудайдын аты тура»,
— деген үндөр угулду.
— Алла тааланын жердеги элге жиберген элчиси Мухаммед Алейхи Салам,—деди ажы.
— «Элге Мукамбет пайгамбарды жиберген экен да Кудай». — «Ага аян берген, Асмандан
жиберген эмес. Периште келген», — деген үндөрдү баса:
— Ооба пайгамбарыбызга Алла тааладан периштелер аркылуу Курандын сүрөөлөрү келип
турган. Анда жакшылык, ыймандын соолбос башаты, жакшылык деген эмне, ал адамдын ак
аракетинен жаралат жана эң жөнөкөй нерселерден башталат. Жолду бөгөп таш, же башка
нерсе жатса, четке чыгарып, жолду бошотуп коюу — башка кишилер чалынып жыгылбасын
деген жакшы ниет. Мына ушул жөнөкөй иш ар кимдин колунан келет жана ыйман ушундан
башталат, — деп ажы тыным жасай калганда:
— «Оо, анда оңой эле экен да. Андай болсо жолду тазалай берсек эле тиги дүйнөгө барганда
коркуунун кереги жок экен да». — «Коркпой көр, көрдө мүңкүр-маңкир сабайт дейт», — деген
сөздөрдү угуп, мурутунан жылмая ажы:
— Ооба, ыйман күтүү оңой эле иш. Өз эмгегиң, өз аракетиң менен бирөөгө кара санабай, таза,
адал жашаган киши, намаз окуп таат-ибадат кылса, коркпосо болот, — деди.
— Көрдө мүңкүр-маңкирлерден таяк жебес үчүн эмне кылуу керек? — деди карала таар
кемселчен, кайыш мөкүчөн, малакайын көзүнө баса кийген сакал-муруту сейрек, орто
жаштардагы кара сур киши.
— «Рапыгың ким?» —деп сурайт имиш, билбей калса күрсү менен сабайт имиш,—деди бирөө.
Кобур көбөйүп баратканда жылмая колун көтөргөн ажы:
Азыр айтып берейин. «Рапык» эмес, «раббиң ким?» дейт. «Рабби» деген «жараткан эгем»
деген сөз. Ага «Рабым Алла» деп жооп бериш керек, — деди.
— Анда оңой эле экен, — деди дагы бирөө.
— Көр сурагынын мындан башка соболдору да бар. Ал Кудай тааланын бар жана бир экенине
ишенүү, периштелерине ишенүү, китептерине ишенүү, акыр кыямат күнүнө ишенүү.
Жакшылык-жамандыктын Алла тааладан экенине ишенүү, — деп ыйман маселелерин санап
өттү да, алардын ар бирин чечмелеп, жашоодон мисалдар келтирип, Нажимуддин ажы
чогулган элге кызыктуу, маанилүү маек куруп берди.
Бешим маалы болгондо эл үйлөрүнө тарап, Ормон хандын тобу жана бийлер Нажимуддин
ажынын ыймамдыгына уюп, бешим намазын окуду. Намаздан кийин Ормон хан жанжөкөрлөрү менен аттанып, Көлдүн аягындагы айылдарга жөнөдү. Көлдү аягынан айлана
Таш-Кечүү, Таш-Тулганы басып, тескей жээктеги айылдарды аралап, бүрсүгүнү ТулпарТашта
жыйылган жоокерлер менен жолугушмакчы...
Хан Ормон
Көлдүн башы. Айтылуу Тулпар-Таш. Асман чайыттай ачык. Көл аягы тоо кыркаларынан
көтөрүлгөн күндүн нуру көл үстү жыбыраган майда толкундарга чагылыша, көгүлтүр
асманды чөгөрүп алгандай, теребелге керемет жарашык таратып турат.
Тулпар-Таштан өйдөкү тоо этеги түзөңгө таң саарынан бери ар кайдан келип жыйналган
куралдуу атчан жигиттердин тобун аралап, Алыбек, Адыл, Андаш, жез чочмор Манде,
Абыкандар жүрүшөт. Ар бири өз уруусунан келген жоокерлердин ат жабдыгын, куралжарагын тескеп, хандын көзүнө уят болбой көрүнүүнүн аракетинде. Башына туулга, зоотчарайна кийген Төрөгелди баатыр суйдаң жалдуу, мойну жаадай ийиле ойноктогон Аксурдун
тизгинин жыя жоокерлердин тобуна ойлуу көз салып турат. Бир тыным өтө жоокерлердин
даярдыгын көрүп, кыркаар тарттыра түзөп болгон Алыбек, Андаш, Манде, Абыкандар катар
бастыра Төрөгелдинин алдына келишти.
— Баатыр, — деп биринчи сөз баштаган Алыбек ээрге оңдонуп олтура саяк уруусунан 111
жигит жыйылганын, кээ биринин ат улоосу жармач экенин, кээ бирлери куралсыз келгенин
айтып, андайларды кайра үйүнө жибергенин билдирди.
— Черик, азык, эсенгул, сарыбагышынан 85 киши келиптир. Алыбек айткандай, аты жармач,
союлун такымына кыстара адыраңдап келгендери да бар. Аларды «хан көрбөсүн» деп кайра
кетирдик, — деди Адыл.
Жоокерлердин абалын аныктап чыккандардын сөзүн кунт коюп уккан Төрөгелди:
— Жип-куюшкан, жип-олоңдорду табаарсыңар, дагы бир сыйра байкап көргүлө. Андайлар
кетсин айылдарына, — деди.
«Ат улоосу начар, курал-жарагы кемчил» деп айылдарына кетирүү үчүн четке чыгарылган
жигиттердин арасынан эти жадоо чабдар атына аштама ээр токунган, башын боз жоолук
менен бууп, карала таар кемселинин жеңин коломочтоно турган желки, сары чийкил жигит
жыгач үзөнгүсүн чирене тээп алдыга чыкты да:
— Эч кимден кемим жок. Чабдарым учкул. Бөрү тил найзам колумда. Жоо келсе катыгын мен
да беремин. Мени үйүмө кетире албайсыңар. Уялбай элдин көзүнө кантип көрүнөм, эл жоого
аттанып атса, — деди.
Топтун ичинен:
— Туура айтат, уялбай кантип кайра кетебиз.
— Биздин башкалардан кемибиз жок, — деген үндөр чыкты.
Топтун жанына келип турган Төрөгелди:
— Куру дымак менен жоого аттанчу беле, жигиттер. Жоо беттеше келгенде куру дымак
жардам бербейт. Баргыла, баатырлар. Курал-жарагыңарды, ат-көлүгүңөрдү камдасаңар
кошуп алабыз, азыр баргыла, баатырлар, — деди.
Илең-салаң бастырган жармач ат, жараксыз куралдуулар айылдарына тарады.
—Кенесары, Норузбайдын кунун кууп жоо келген го.
— Жок, Кокон каптап кириптир дейт.
— Кокон эмес, Кашкардын кожосунун колу келатат дейт.
— Кытайлар го.
— Эмне болсо да көрдүк да, Кудай бар, тобокел дейбиз.
— Атасынын көрү, жумуру башка бир өлүм. Кылычташса — кылычташабыз, найза сунса —
найзалашабыз.
— Кудай сактай гөр. Үй-бүлөнү кайра көрсөк экен, — деген үндөр жоокерлер тобун аралап
турду. Кобурап ар нерсени түкшүмөлдөгөн жоокерлер Төрөгелдиден сөз күтүүдө. Төрөгелди
үн дебей, топту карап ойлуу турат.
Тескей жээктен атчандардын калың тобу жакындап келатат. Алдыда келген Ормон хан
Төрөгелди баатырдын саламын алик ала кыркар тарта жаадай ийиле турган жоокер
жигиттерге көз жиберип турду да:
— Бар болгула, азаматтар. Үй-бүлөңөр эсенби, кайда барганы, эмнеге чогулдуңар? — деди
капыя суроо салып.
— Жоо кайырганы барабыз.
— Кайда жиберсе да барабыз, — деген үндөр угулду.
— Дымагыңарга ыраазыбыз, рахмат, баатырлар. Азырынча тынччылык. Ошентсе да «жоо
айтып келбейт» дегенди эске алып, жоо келсе чама-чаркыбыз кандай экенин көрөлү деп
силерди жыйдык, — деди хан.
Хан Ормон
— Таксыр, жигиттер дымактуу экен го. Кудаага шүгүр, — деп сакалын сылай Ормон ханды
карады Келдибек бий.
Хан камчысын солбуй кыркаар тартып турган жоокер жигиттердин катарын бойлой,
алардын ат жабдыгына, курал-жарагына, жалпы абалына көз жибере бастырды. Артынан
Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Келдибек, Дуулат бийлер ээрчиди. Жигиттердин катарын
кыдырып көрүп, четине чыга кайра кайтып, ортолой келе тизгин жыйды да:
— Ыраазыбыз, бар болгула, азаматтар! Чамаңар түзүк экен. Мындан дагы бекем, чыйрак
болгула. Келдибек бий силерди түштөндүрүп сый көрсөтөм деп турат. Барып сый көрүп, эс
алгыла. Оюн кургула. Эр эңиш, балбан күрөштө күчүңөрдү сынап, тамаша кургула, — деди да,
Көлдүн Күңгөй жээгин көздөй тизгин бурду. Дуулат, Келдибек бийлер хан тобун ээрчий
жөнөштү.
Төрөгелди, Алыбек, Андаш, Абыкан, Манде баш болгон кол баштоочулар жоокерлерди
кыркаар тарттыра ээрчитип, Көлдүн тескейиндеги жашыл тулаңдуу жайыкта чатыраган ак
үйлүү калың айылга бет алышты.
Хан Дуулат бийдин айылынан бүгүн узайт. Узатуу сыйынан кийин коштошоор алдында үзүрмасир аңгеме курушуп, хан тобун ээрчиген билермандар айылдан өйдөкү дөңдө отурушат.
— Келип-кеткениңиз жакшы болду. Эл да демөөрлөнүп калды. Жоокерлердин дымагы да
түзүк экенин көрдүңүз. Биз элдин тынччылыгы үчүн Сиздин калкаңызда кызмат кыла
беребиз, — деди Дуулат бий.
— Мурдагы жылкы калың кар, мойну узун кыштан кийин эл жайкысын бош жүрбөй малына
чөп-чар камдап, суу жээктей аздыр-көптүр эгин эгип, сарамжал күтө баштады. Бул жакшы
жышаана Сиздин жарлыгыңыздан чыкты, — деп сөзгө аралашты Дуулат бийдин катарында
олтурган кызыл чийкил салабаттуу киши.
— Азырынча андай сарамжал күткөндөр аз дечи. Ошентсе да туура айтасын, бул жакшы
жышаана, — деди Келдибек бий.
— Элдин дыйканчылыкка бет алганы албетте жакшы. Бара-бара тиричиликтин нугу ошол
жакка бурулат го. Менин айтайын дегеним, айылдарда кат тааныган кишилер жокко эсе
окшойт. Келдибек бийдин айылында үч-төрт бала молдодон таалим алып окуп жатышыптыр.
Бу да жакшы. Бирок жетишсиз. Эл кат таанууга муктаж, дилгирлиги байкалып турат, — деди
Нажимуддин ажы.
— Бир жактан кат келсе күндүк жерге ат чаптырып молдо издейсиңер. Качанкыга чейин
ушинтип жүрөсүңөр. Ар бир айылда балдарды чогултуп окутуунун камын көргүлө.
Нажимуддин ажы жардам берет. Анжыян, Наманганга киши жиберип, айлыңарга
аалымдарды алып келгиле. Азырынча бирин-серин кат тааныган зээндүү балдарыңарды
Нажимуддин ажынын жанына биз жакка жибергиле. Биринчиден таалим алып, кечээки
айтылган «Жооп-наме» китепти көчүрүп келишсин. Зекетке жыйылган малды пулдатып,
жакага мечит, медресе курдургула. Зекет пулу андан артса жетим-жесирлерге үлөштүргүлө,
— деди Ормон хан.
— Ошондой болуп турат. Чын эле кат келсе окуур кишибиз жок. Сиз айткандай, аракет
кылбасак болбой калды. Мен да молдо издетип атам. Табылып калаар. Биз да айылга
балдарды чогултуп окутабыз, — деп өзүнүн бул жагынан Келдибек бийден кем болуп
турганына намыстангансып, сакалын сылай оңдонуп олтурду да, — «мечит, медресе курдур»
дегениңиз зарурат иш. Буга киришебиз. Ажы менен байланышып турабыз, — деди Дуулат
бий.
— Баатыр, — деди ханды алгач тосуп алып бата берген карыя. — Көчүп-коно күн көргөн
байыркы эл элек. Жашообуздун нугу өзгөрө тургандай кыязы бар. Эгин эгип, токчулук камын
көрүп, балдарды окутуп, шарият жолун үйрөнүү зарурат экени туюлуп турат. Келип-кеткениң
ырас болду. Ушул зарурат иштерге дем болор дейбиз, — деп сөзүн бүтө электе дөңдүн
алдынан чыккан калың жылкынын дүбүртү элдин көңүлүн бөлдү.
Жалдуу ак боз айгыр баштаган биринен-бири айыргыс кардай ак боз бээлердин үйүрүнүн
алдын тосо укурукчан жигит Келдибек бийдин желеси жакка кайрый баштаганда:
— Оо, түз эле ашууну көздөй айдай бер, — деп үн сала чубаган жылкыга көз жиберип турду
да: — таксыр, бул жылкылар саяк туугандарыңыздын Сиз келип Көлдү көрүп кеткениңизге
берген көрүндүгү болсун, — деди Келдибек бий. Ормон хан санын таянган калыбында
мелтиреп үнсүз олтурду.
Хан Ормон
— Жаныбарлар биринен-бирин айыргыс туу калган асый чыкмалар экен. Көргөн көз
кубанат, — деди олтургандардын бири.
— Буюрсун, — деп кайдыгер унчукту ак сакалдуу карыя.
Ормон хан, Шамен, Токтор, Нажимуддин ажы, Келдибек, Дуулат бийлердин узатуусунда
аттанып, көлдүн Күнгөй жагы менен Кең-Суу, Тар-Суу, Сары-Жон, Бөрүлүлөрдү аралап,
Кумбел аша Кара-Кужурга өтүп кетүү үчүн жөнөдү. Андан ары Жалак-Бел ашып, Кара-Саз,
Кара-Каман, Балгарт жайлоолорундагы элди араламакчы. Саза, Жаманжээн баштаган
жигиттер Калмак-Ашууга жылкынын артынан бет алышты.
АЙТУУГА КЫЙЫН
Эл кыдырып кайткандын эртеси Ормон хан ордо үйүндө Калыгул кеңешчи, Нажимуддин ажы
менен эл жайы туурасында сүйлөшүп олтурду.
— Шаменге ыраазы болдум. Алыш салып, суу чыгарып, жамы элге өрнөк боло турган иш
жасап атыптыр. Бир кыйла жерге эгин эгиптир. Эгини тегиз баш алып, көздүн жоосун алып
турат. Жатакчылары да бакыбат турушат экен. Ушундай оокат кылгандарды көбөйтүүнүн
камын көрсөк деп турамын,—деди Ормон.
— Жакшы иштер башталып атыптыр. Бара-бара эл көнүп кетет. Тоолук кыргыздар абдан ак
көңүл, жөнөкөй, ар нерсеге ынтызар экенине көзүм жетти. Айрыкча окууга, шарият жолун
үйрөнүүгө ынтызарланып турганы мени курсант кылды, — деди Нажимуддин.
Өзүнүн эл аралап, шарият жолун айтып, дил агартууга жасап келген аракеттерине ыраазы
экенин билдире «алхамдулилла» деп ичинен күбүрөй сакалын сылап турду да, кайра сөзүн
улады.
— Сиздин: «Медресе курдурам, мечит курдурам, балдарды окутам» деген ойлоруңузду жамы
калк жан-дили менен түшүнүп турганын байкадым.
— Ажым, Сиз кыргызга чоң кызмат өтөп бергени турасыз. Момун элди агартуу үчүн
иштесеңиз чоң сооп табарсыз. Элден мал чогултуп, жакын күндөрдө Анжиянга айдатабыз.
Түшкөн пул Сиз айткан зарурат иштерге жумшалат. Сиз өзүңүз да алар менен барып, элжуртуңузга учурашып, биз жакка келип элди окутуп, көзүн ачууга жардам бере турган
аалымдарды үгүттөңүз. Келишсин биз жакка, көрдүңүз го — эл аларды кубанып кабыл алат,
— деди Ормон хан.
— Жакшы иш болоды. Сиз калкыңызды кыдырып, ал-абалын көрүп, жуда сооп иштерди
иштеп келдиңиз. Мен колумдан келген иштеримди кыргыз агайындар үчүн жасай беремин,
— деди, туулуп-өскөн шаарына барып келүү мүмкүн болуп турганына ичинен кубанган
Нажимуддин ажы.
— Калыке, мен дагы бир ишке ыраазы болдум. Добулбас уруп, Тулпар-Ташка жоокерлерди
чогултуп көрдүк. Ат жабдыктары, курал-жарагы шай, баары дымактуу экен. Кокондун мизин
кайрып, Кенесарынын баскыны жоюлганына шерденип турушканы байкалат, — деди Ормон
хан.
— Силердин алдыңарда бир айгыр үйрү жылкы айдап келишти. «Айыпка алынган мал» дейт.
Ал кандай айып болду экен? Айыпка жыгылган ким экен? — деди кабагы бүркөө, ойлуу
олтурган Калыгул.
— Аа, айып... — деп борс-борс күлүп, Калыгулдун абалына көз жибере сөз улады Ормон хан.
— «Соң-Көл мыкты жайлоо экен. Ушундай жарашыктуу жайлоону, саяк туугандар, эмне үчүн
мага көрсөтпөй жүрөсүңөр» десем, Келдибек бий «айып бизде» дейт. «Айыптуу болсоңор,
айып өлчөмүн өзүң быч» дедим эле. Ошолор айдатып жиберишкен тура жылкыны, — деди.
— Осол иш болгон экен. Жер Кудайдыкы да. Элдин ырыскысы жерде. Бекер кылыпсың. Өз
малың деле жетпейби, — деди Калыгул.
— Ырыскы баарыбызга тең. Ошол жылкыны үйүрү менен Анжиянга айдатып, пулуна медресе
салдырамын, — деди Ормон хан.
— Катта сооп иш болот. Жамы элдин муктаждыгы да медресе куруу. Камтама болбоңуз, —
деди Нажимуддин, ойлуу олтурган Калыгулга кайрылып.
Аалымга өзүнүн иштери жагып турганын байкаган Ормон хан:
— Нажимуддин ажы, биз менен аралашып жүргөнүңүзгө бир кыйла болду. Биздин
иштерибизге, аракетибизге көз салып жүрөсүз. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк» деген кеп
бар биздин кыргызда. Айтыңызчы, биздин иштерибиздин дурус-буруш жактарын
Хан Ормон
байкагандырсыз. Айбыкпаңыз, кемчилигибизди угуп алганыбыз оң, — деп аалымга
кайрылды.
Нажимуддин ажы бирде ойлуу мостоё, бирде жылмая бир тынымга унчукпай турду да:
— Таксыр, сиздин сурооңузга жооп берүү кыйын. Ошентсе да байыркы өткөн улуу падыша
Искендер Зулкарнайндын өмүрүнөн бир икая айтып берейин, — деп, кылымдар түпкүрүнө ой
жүгүрткөнсүп, көзүн ачып-жума сөз улады. — Искендер Зулкарнайн 17 жашында грекке
падыша болгон. Кырым-Урумду каратып, Персияны багынтып, Аму-Дарыя, Сыр-Дарыя
боюндагы элдерге келип өкүм сүрүп турат. Атак-даңкы алыска кетип, мартабасы ашыпташып турган кези. Согду бегинин кызы Роксана сулууга үйлөнүп, жаш жарынын урматына
шаар курдурат. Ал азыркы Ходжент шаары. Шаар курулуп бүтүп, падыша жана анын жаш
жубайы үчүн курулган аземдүү сарайда той өтүп жатты.
Тойдун шаани-аземи артык. Төрдө алтын тактын бийик орунтуктарында жаш жубайы менен
падыша сөөлөттүү отурат. Жука жибекке ороно тал чыбыктай буралган кыздардын бийин
тойдо олтургандардын падышаны, анын мартабасын, жаш жубайынын сулуулугун
кошоматтап мактаган биринен-бири өткөн сөздөрү алмаштырып турду. Ар бир сөз бүткөндө
арфа, най үндөрү кубулжуй жаңырып, салтанаттуу коштоп турду. Искендер падышаны бала
кезинен тарбиялап, таалим берген тарбиячысы даанышман аалым, жанда жок чечен
Калисфен унчукпай ойлуу, оор басырык олтурат. Ооз учунан апырткан жалган мактоолор
улук падышанын жеңиштеринин жана бийик мартабасынын баркын кетирип турганына ал
нааразы эле. Калисфендин пикири менен Искендер падышанын эсептеше турганы жана аны
нукура сыйлаарына ичи тарып жүргөн падышанын вазирлеринин бири ойлуу, унчукпай
олтурган акылмандын абалын көзү чала падышанын жанына келип:
— Улук падыша! Караңызчы, тигинин таштай катып олтурганын. Ушундай кубанычта
санаасы жаман киши гана кайдыгер олтурат. Мен айтып жүрбөймүнбү «Сизге мунун санаасы
түз эмес» деп. Уруксат этсеңиз мен ага сөз берейин, угуңуз — эмне айтаар экен, — деди да,
падышанын баш ийкеген макулдугунан кийин алгач өзү мактоо айтып, андан кийин аалымга
сөз берсем дурус болор деген ойдо: — Оо, улук падыша! Сенин алдыңа бүткүл аалам баш ийип
турат. Сен кудайдын баласысың. Сен ааламга жаркып тийген Күнсүң. Сенин алдыңда бутуңа
жыгылып, тооп кылып, биз бактылуу болуп турабыз, — деди.
Вазирдин сөзүн коштоп, «Падышага даңк, даңк!» — деген үндөр басыла:
— Урматтуу кеңешчи, акылман Калисфен, сен да биздин улук падыша, анын ааламга жеткен
өкүмдарлыгы, Кудайдын баласындай башкалардан артыкчылыгы жөнүндө айтып берүүңдү
өтүнөбүз, — деди.
Сабырлуу, токтоо олтурган аалым ордунан турду да:
— Улуу падыша! Менин жарык дүйнөдөгү жашоомдун максаты айткан сөздөрүм кошомат
катары кабыл алынбаса экен деген тилек, — деди да, сөзүн улады.
— Сенин улуу жүрүштөрүң Батыш менен Чыгыштын арасын бириктирип, илимди, өнөрдү,
маданиятты эки жакка, эки тарапка, жалпы Ааламга орток кылып, адамдын дүйнө таанымын
байытат. Батыштын, Чыгыштын элдери бири-бирине карым-катыш болуп, дүйнөдө
жакшылык өкүм сүрүп, береке-бейпилдиктин орношуна алып келер деп ойлоймун Сиз
баштаган бул улуу иш. Мындай улуу иш акылы терең, ой чабыты кенен, эр жүрөк, көйкашка
туулган өзгөчө кишинин гана колунан келет. Мындай киши менин баамымда азырынча
бирөө гана. Ал, Искендер падыша, сенсиң. Сенин жахангер, кыраакы, алдын көрө билген кол
башчылыгың менен Грециянын даңктуу аскерлери сен каалаган асыл максатты ишке
ашырат деп ойлоймун, — деди да, ордуна олтурду.
Калисфендин жүйөлүү, далилдүү, таамай айткандары мактоодон алыс, бирок кашкайган
чындык эле. Бул сөздөрдөн кийин мурдакы айтылган көшөкөр кошомат сөздөр өзүнүн
маанисин жоготконсуду. Мындай таасын, чыныгы айтылган мактоону мурда уга элек падыша
Калисфенге ыраазы боло көз жиберип турду да:
— Урматтуу Калисфен! Мен дайым эле мактоо угуп жүрөм. Менин кемчиликтерим жөнүндө
эч ким айта элек. Сизден мен кемчиликтерим жөнүндө айтып берүүңүздү өтүнөмүн, — деди
падыша.
Аалым ордунан туруп, тойго катышкандарды тегерете карады да, падышага кайрыла:
— Оо, улук падыша! Жамандык менен жакшылык жанаша жүрөт бул жалганда. Ийгилик
менен кемчилик да жанаша. Сенин түмөндөгөн аскерлериң басып өткөн жерлерде эчен
шаарлар талкаланып өрттөндү. Гүлбакчалар, гүлзарлар, мөмөлүү бактар кыйрап, тепсендиде
Хан Ормон
калды. Жазыксыз кан төгүлүп, жаш акты. Жетим-жесирлердин зарлаган ыйы, кайгы-зары
артты. Сенин баарын кыйраткан ырайымсыз жүрүшүңөн калайык-калктын тарткан азабы
чексиз. Сен өзүңдү өтө жакшы көргөн катаал жана ырайымсыз кишисиң. Эл сени
сыйлаганынан, ызааттаганынан эмес, каарыңдан корккон жан айласынан улам сага жүгүнүп
турат. Сенин айланаңда апырта мактаган кошоматчылардын сөзүн угасың. Аларга сый
көрсөтүп, жаныңа тартасың. Мактоого манчыркап, сен азыр өз кемчилигиңди көрбөй калдың.
Менин бул сөздөрүм же адилет ордун табар, же менин жарык дүйнөдөгү айткан акыркы кепкеңештерим болор. Эсиң барда ойлон, улуу падыша, элдин убал-сообу мойнуңда, — деп сөзүн
бүтө, салмактуу салабатын жазбаган калыбында ордуна барып олтурду.
Акылмандын мактоосу да нукура чындык. Кемчиликтерди бетке айтып сыноосу да нукура
чындык. Падышанын ой таразасы улам бир жагына ооп турду. Муну байкаган кошоматчы
вазир Искендер падышанын жанына келди да:
— Эми ишендиңизби мунун душман экенине. Уктуңуз го кандай оор, ачуу сөздөрдү айтты, —
деди.
Вазирге макул боло баш ийкеген падыша Калисфенге кайрылып:
— Ишендим, сен менин келишкис душманым экенсиң. Мен сени кыйналып өлүүчү жазага
буйрамын, — деди.
Бийчи кыздар тегерене бийлеп, мактоо сөздөр айтылып, той уланып жатты.
Эртеси күндүн муруту чачырай чогулган жоокерлердин жана элдин алдында Искендер
акылманды тордогу ач арстандын алдына таштатты, — деди да, Нажимуддин ажы
чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып ээрдин сүртө, сакалын сылай оңдонуп олтуруп, Ормон ханга
көз жиберди.
Ал көз ирмебей тиктеп, кебелбеген калыбында:
— Уктум, ажым, рахмат, — деди.
Ынтаа коюп угуп олтурган Калыгул жылмая Нажимуддин ажыны карады.
МҮДӨӨЛӨР ТӨП КЕЛГЕНДЕ
1848-жыл. Баш оона. Жайдын толуп турган кези. Аягөздө чоң ордо приставы
Перемышльскийге жолугушуудан кайтып келаткан Боронбай бий Көк-Ойроктон Жантай
бийдин айылына кечээ кеч бешимде келген. Чоң үйдө сыйлуу конок болгон бий эртең
мененки намазды үй ээси Жантай бий менен чогуу окуду. Намаздан кийин Жантай бий
коногун Акмөөрдүн өргөөсүнө баштады. Өзүнө жакын, көңүлү сүйгөн кишилерге сыйды
Мөөрдүн алдында көрсөтүүнү бий көөмөйүндө жактырар эле. Эшик ачыла алдыда кирген
салабаттуу кишини көрө Мөөр ордунан илбериңки тура төшүн басып, бир аз ийиле ызаат
менен тосуп алды. Боронбай бий ырга кошулуп даңазаланган Жантай бийдин сулуу токолун
көрүүгө ынтызарланып келатты эле. Көк тукаба кемсели боюна кынала, алдына салынган
жука жибек жоолук чырайын арттырган сурмалуу көз, ак маңдай, кыргый мүчө, кымча бел
жаш келинди көрө Боронбай бий:
— Арбаңыз, — деп башын ийкей саламдашты да, төрдөгү аюу талпактын үстүнөн жай алды.
Ашкере сулуу татына келинди көрө бийдин эртегиси эсине түшүп, илгери кыз оюндарда
ырдалуучу:
Самсаалаган саамайың,
Сары жылдыздай маңдайың.
Сагыныша келгенде
Сары мейиз татыйт таңдайың.
Күлсөң жаркыйт ак маңдай,
Тиштериңдин арасы,
Күмүштөн чеге каккандай.
Копшогондой жумуру,
Колдоруңдун салаасы.
Бейиштен чыгып келдиңби,
Пенденин эмес баласы,
— деген ыр саптары оюна келип турду.
— Эми, бий, жашыңыз улуу болсо да, жаныбыз курбу. Бирер жылдардан бери катарлаш, эл
кызматын чогуу өтөп келатабыз. Келгениңиз мени курсант кылды. Бүгүн өргүп, эс алыңыз.
Эртең буюрса Көк-Ойрокту ашып, Көлүңүзгө кирип кетесиз, — деди Жантай бий, көрөр
Хан Ормон
көзүнүн конокту ызаат менен илбериңки тосуп алганына ичинен кубана, анын ашкере сулуу
чырайына, сымбатына көз жиберип, ыраазы болуп турду.
— Мен да атайын дидарлаша кетейин деп кайрылдым. Бүгүн көргөн эртең жок. Опасыз
жалган дүйнөдө дидарлашып турганга не жетсин. Тириликке канымет кылып, бирибирибизге эш боло жүрөлү, — деди Боронбай бий.
Дасторкон жайылып, даам төгүлүп, самоор киргизген жигит чыгып кеткенден кийин Акмөөр
ак чайнекке чай демдеп, гүлдүү чыныларга куюп, сыңар тизелей олтура ызаат менен
мейманга, анан эрине чай сунууда. Дасторкондон даам ооз тийип, чай ууртап бир тынымга
үнсүз олтурган Боронбай бий:
— Эл ичи тынч, журтубуз бейпилдикте турабы? Тыштан мал тийген кесепет жокпу? Эл
ичинде тартип кандай? — деп суроо таштады.
— Кудая шүгүр, тынччылык, бий. Өткөн жылы Капалда жандырал орус улугунун
ортомчулугу менен тынчтык нааме түзгөнбүз. Уккандырсыз ал жөнүндө. Ошондон бери
казактардын барымта кармап, мал тийүүсү токтоп калды десек болот. Ички уурулар да бакан
бастырып, чылбыр толготуп, малын талаткан катаал жарлыктан чочулашып, тыйылгансып
турат. Ушундай катаалбыз, — деп борс-борс күлдү да, — баарынан да кызыгы, өз атына кишен
салгандарды да айыпка жыгабыз, — деди үй ээси.
— Өз малына ар ким өзү ээ да. Кандай бакса өз эрки. Өз атыңа кишен саласың деп бирөөнү
айыпка жыгуу обу жок катаалдык деп ойлоймун, — деди узаткан чынысын ызаат менен
алган Акмөөргө астыртан көз жиберген Боронбай бий.
— Арийне опсуз катаалдык, Сиз айткандай, обу жок иш. Кудаңыз эмеспи, ыгы келгенде
айтпайсызбы, — деди Жантай бий.
— Кудалыктын жайы бир башка, хан ишинин жайы бир башка экенин туюндурду, Ормон
баатыр. Анын үстүнө «Кенесары чабуулуна катышпай калдыңар» деп бугуларга сыртын
салып, ачуусу тарабай жүрөт, — деди Боронбай бий.
Жантай бий бул ишке бугулардын катышпай калганына бир четинен нааразы да эле.
Мейманын карап бир аз ойлуу турду да:
— Албетте чама-чаркыңарга карадыңар го. Жалпы ишке барып катышып койсоңор да
болмок. Эми өткөнгө өкүнгөндүн кереги не. Ага-ини ынтымагын, эл биримдигин
сактаганыңыз оң, — деп бир аз ойлоно калды да, мандашын түзөй оңдонуп олтуруп, сөзүн
улады үй ээси. — Кенесары чабуулу кыйындык менен басылды. Алдын кайрып биринчи
токтоткон биз болдук. Ырасын айтуу керек, Ормон баатырдын кашкая жара тарткан
катаалдыгы бир четинен Кенесарынын талкаланышына себеп да болуп эсептелет, — деди.
— Сизди сөзгө алаксытып чай ичирбей койдук го, ичиңиз, — деп Боронбайга чыны суна,
алдыртан эрин жылмая карады Акмөөр.
— Мына эмесе, «Сизди алаксытып чай ичирбей койду» деп, Сизге көрсөтүлүүчү сыйдын ээси
мага нааразы экен, ичиңиз, — деп үй ээси күлүмсүрөдү.
Кенесарыга каршы чабуулга катышпай калганын Жантай бий түшүнө нааразы эмес экенин
билдиргенине ичинен кубанып олтурган Боронбай бий:
— Баса, бий, өткөн жылы Сиз чакырткан Байсылда соодагерди жибердим эле, керегиңизге
жарадыбы? — деди.
— Жарады, Омбуга жандыралга кат жеткирип берди. Жараганы ошол да, — деп чай ууртап
бир аз укчукпай турду да: — Үзөңгү кагыша кара кыргызга кызмат өтөп жүрөбүз. Сизден
жашырар сырым жок, бий. Жана айттым го, Кенесарынын чабуулун биринчи биз тостук. Кыл
чайнап кырчылдаша салгылашып, жоо жеңгендердин алдында биз элек. Жоону сайса ким
сайды, аты башкага калды. Сыйлыктын орчундуусу да башканын үлүшүнө тийди. Эл үчүн
«карыңды казык, башыңды токмок жасап», эл үчүн иштеген ишиң бааланбай калганына
нааразы болот экенсиң, — деди Жантай бий топусун чекесине көтөрө, сакалын сылай
оңдонуп олтурган калыбында.
— Ооба, ооба, — деп көзүн ачып-жума ойлуу отурган сөзгө да, ойго да аяр алды-артын
ойлогон Боронбай бий андан ары ой улабай, Жантайдын сөзүнө кулак түрдү.
— Арийне, Кудай өзү кечирсин пендечиликти. Бирөөнүн башына конгон сыймыкты көрө
албагандык эмес. Өз адал кызматымдын ордун таппай калганына өкүнгөн иш. Мына
ушуларды баяндап, Сиздин ногойдон жиберген катымдын мааниси ушундай, — деди
Жантай.
Үй ээсинин ар бир сөзүнө маани бере ынтаа коюп угуп олтурган Боронбай бий:
Хан Ормон
— Оо, Жантай баатыр! «Бириң кайың, бириң тал, бириң шекер, бириң бал» дегендей, экөөңөр
тең тээ бабаңар манаптан бери чынжыры үзүлбөй келаткан мартабалуу насилденсиңер.
Үчүкө, Түлкү бир тууган бири-биринен өткөн оёндор экен. Атаке, Эсенгул баатырлар да
убагында тизгин кагыша кара кыргызга кызмат өтөп өтүшкөн. Ойлосок алардын үлүшү да
оор болгон экен. Жанын оозго тиштеп, кара таандай калмакты сүрүшкөн ошолор, — деп
чайдан ууртай, демин жыйды да, — мына эми Ормон баатыр экөөңөр да үзөнгү кагыша эл
камында жүрөсүңөр. Үч тараптан куушуруп турган маалда элдин жүгү, убал-сообу
мойнуңарда. Кудай калыс болсун, — деп сөз учугун Жантайдын өзүнө таштады Боронбай
бий.
— Кудай өзү көрүп турат, бий. Менин бирөөгө тардыгым деле жок. Эл үчүн деген аракетим
ак. Бирок ошол аракет ордунан чыкпай турат. Орустарды калыс эл деп угабыз, эми ошол
элдин улуктарынан адилет түшүнүк болор деген оюмдан кайта элекмин, — деди үй ээси,
коногунун сыр чыгарбай аяр олтурганын сезип, өзү бир аз чечилип көрөйүн деген ойдо.
— Орус деген оңой эл эмес. Өнөрү, билими өскөн эл. Аларга да китеп түшкөн, каапыр эмес.
Байсылда Абзий орус жайын даана билет, мага көп нерселерди айтып, ынандырып жүрөт.
Орус букарасы болгон татар, башкыр жана кичи жүздүн казактары чокунбай эле
мусулманчылыгын тутуп, орустун өнөр, билимин үйрөнүп, эгин эгип, малын багып, өрүштөрү
кеңейип, бакубат турушат дейт. Биздин эл да ошондой күнгө жетер бекен деген ой жадымда
жүрөт. Аны кээ бирөөлөр жактырбай жектеп жүргөнүн дагы билесиз, — деди Боронбай бий
ичиндеги каткан сырларынын четин кылайта.
Коногунун эми агынан төгүлүп, чын дилден маектешүүгө өтүүнү каалап турганын байкаган
үй ээси аны өзгөчө куштарлап күтүүнү каалаганын билдире:
— Мөөржан, коногуңдун түшкү камылгасын көрөрсүң. Азыр бизге кымызыңдан келтир, —
деди Жантай бий.
Мөөр жыла баса чыгып, конок камына кеткенсиди.
— Кабарыбызда бар, Кенесарынын алдын биринчи тосуп, мизин кайырган Жангарач бий
экөөңөр болгону. Адилет иш эртели-кеч өз ордуна келет, бий, — деди Боронбай бий үй
ээсинин оюн жубата.
— Албетте, бий, мен да ошондой ойлоймун. Акыры чындык ордуна келет. Менин орустар
менен алакамдын максаты да ушунда. Бирок, бий, орус менен болгон алакамда бир нерсе
менин көңүлүмдү өйүп, кээде кыжалат кылат, — деп Жантай бий мейиз чайкалган кымыздан
кере жута сөзүн улады. — Ичсеңиз бий, Мөөржан түзүк жасаган экен.
— Мөөржандын кымызы өтө ширин экен, — деп Боронбай бий Жантайды жылмая карап
турду да, кайра мостоё калып: — Эмнеге кыжалат болосуз? Өз мүдөөңүзгө жетүү үчүн жасаган
аракетиңиз Кудай алдында ак да, — деди.
— «Калк биримдигине доо кетирип аламбы, чыбык кыркылган антыбыз бар эле. Орус менен
болгон мамилем ушуларга төп боло албайт го» деген ой маземди алып жүрөт, — деди көптөн
бери дүпөйүл болуп жүргөн ички кыжалатын мейманы менен бөлүшкүсү келген үй ээси.
— Биримдик башынан төп болбой турган жокпу. Биримдик үчүн калыстык керек. Хандын
айланасын караңызчы. Жалгыз Алыбектен башка көл кылаасынан да, сарбагыштын башка
тармагынан да киши жок, — деди да, — Сиз да жоксуз, — деп кошумчалай жылмайды
Боронбай бнй, Жантайдын ички сырынын оозун ачтым го деген таризде.
-Аныңыз ырас. Пенде эмеспизби, кээде ойго келе калат бул иштер. Кара аламан калк да көрүп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 29
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.