Latin

Хан Ормон - 32

Total number of words is 4018
Total number of unique words is 2141
28.1 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
47.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Ошенткиле. Мал баккандарга айттыргыла. Нөшөр жамгыр, кара суук, карлуу борошо
малды этинен түшүрдү. Тамак-аштан кысылып, малдын жашыгын кашалабай, эттүүлөрүнөн
союп жей беришсин. Суукта өзүлөрү демдүү болсо, малга да жетик көз салынат. Кар күрөп,
бетеге жулгандарга майлуу тамак кубат болор, — деди хан.
Саза чыгып кеткенден кийин, кыштан эл кантип чыгарын, Орусия бир жагын эңшере тартып
турган элдин келечеги кандай болоруна ичинен сереп сала тунжурай ойлуу отурду журт ээси.
Сурак жайында Ормон хан жалгыз түнөрүп, ой чубатууда. «Мына кыш каарына ала, жут
ышкырып кирди. Кокту-колоттордогу таш короолорду кар басып, койлор жайытка чыга
албай, жүнүн жээдө; жер кепелердин эшиктерин ача албай жүдөгөн эл. Кыштын моюну узун,
көчкү канча алааматты алып келээр экен... Бетеге жулуп канчага үдөө кылууга болот. Кышка
чөп-чар камдап алгандар чанда-чанда.
«Эртеңкини кудай жеткизет» дей үмүт күтүп, бейкам жашаган момун эл кыштан малынан кол
жууп чыгабы? «Оо, кудай» деп асмандагы карайт айласы түгөнгөн эл. Кудай таала аракетке
жараша берет экен. «Хан» дешет, хандын колунан эмне келет? Бали, хан өз малына чөп камдап
алды. Ошол үчүн хан болду беле? Аракети алсыз, үмүт күтүп жашаган көчмөн эл арып-ачып,
азып-тособу?..
Хан Ормон
... Илгери илгериден бери көрөңгөсү бузулбай келаткан эл эмес белек. Оо, ал кезде жер кенен.
Айга, жылдызга карап жыл эсебин алып, жут жышаанын билгенде жер которуп көчүп-коно,
мал-жан түгөл болуп келген. Азырчы, азыр туш тарабың кысылган, ооп кетер жай жок. Ал
эмес колдогу жерибизге туш-туштан көз артып турушат. Оо, жараткан, байыртадан бери
көнүмүш жашоо нугубуз туңгуюкка капталабы? Жашоонун нугу, элдин тагдыры башка нукка
бурулуучу кыйын кезеңге кабылтып турасыңбы? Момун эл өзүңдөн үмүт күтөт, өзүң
аракетиңе жараша берем дегенсиң. Эл ханды карайт, хан жут алдында алсыз, алсызмын.
Элдин убал-сообун аркаладым эле ант берип. Ошондо бул жүктүн оордугун баамдадым беле,
бийлик ышкысынын жетегинде калган эмес белем? Жок, жүктүн оордугун баамдаган элем.
«Кыйырды бузуп жоо келсе, кылычташа тосолу, кыйсыпырды түшүргөн жут келсе, камдуу
бололу, эгин эгип, чөп-чар жыйнайлы» дебедим беле элдин алдында.
Жоону тостук элди баш коштуруп, ата журт аман калды, бул дурус... Тилдүү жоого алыбыз
жетти, тилсиз жоо — жут алдында алсызбыз, алсыз, болуп турабыз. Аракеттенүү зарурат
болуп турат кудай деп. Тоо арасындагы өрөөндөрдүн кар оор түшкөн көкүрөк жагынан малды
аяк жагына жылдырсак, кур аттарды, субай жылкыларды айдатып, ашууларды ачып, малды
кар аз түшкөн жактарга оодарсак, элди көчкүдөн сактап, көчкү көчкөн беттерге мал
жайдырсак, айрыкча жылкы баласы жүдөбөсө, кыштан эл аман чыгат... Ай кыйын болор бекен
... Акыры мажбурлоо зарыл, мажбурлаймын, кышка камсыз киргендердин малын талоонго
салдырам. Жата калып малынын туягын санап, чөп жыйнатканга союш кызганган сасык
байларды...» — деп санын мыкчый козголо өз алдынча сүйлөнүп турганда эшиктен салам
айта Саза кирди.
— Алейки салам, — деп бурк этти али ою оор санаадан арыла элек Ормон хан.
— Таксыр, жакшы кабар. Жигиттер кур аттарды айдап күрткү бузуп, Долондун белин ачты.
Ал жакта кар басылганына эки күн болду дейт. Нарын боорунда жутаган мал Долон ашып,
Шамендин Сары-Булагына Кара-Кужурга өтүп атыптыр. Жумгалдын көкүрөк жагы Кызартты
ашып, Кочкор ичине өтүп атат дейт, — деди.
Көңүл коюп угуп оңдонуп отурган Ормон хан:
— Дурус, бирок бери жактагы эл менен жайыт талашып, чыр болуп кетери ыктымал. От
майын32 бычып коюу керек — деди.
— Жайыт ээлерине ар 20 койдон бир кой, — он бододон бирөө берилери бийлер менен
макулдашылган, — деди Саза.
— Көчкүдөн да сактануу керек, алдын ала көчүрүп, — деди бир аз санаасы басылган хан.
— Кооптуу жерлерде атайын мылтык атып көчкү көчүрөбүз, — деди Саза.
— Башка арга жок. Бейкам элбиз, бейкам. Ушул жыл сабак болор бекен? Ай ким билет... Жерге
илээшмейинче иш оңолбойт. Бул зарурат, мажбурлап, жазалап болсо да, — деп, обдула
оңдонуп отурду түнөргөн калыбын жазбаган хан.
— Кебиңиз ак, союш берип чөп чаптыргандан битиреген байлар эми ошол малын жутка
алдырып, сызга отурары турган иш, — деп, кыш каары келгенден бери жер-жерлердеги
өзүнө маалым абалды баяндап, кеңеш сурап, бир кыйлага хан алдында отурган Саза, аптааптада кышта кыйналып турган элдин абалын кабарлап турарын айтып, камбыл жигиттерди
ээрчитип, оттуу жайыттарга ооп жаткан элдин абалын билүүгө жөнөп кетти.
Кыштын моюну узарууда. Жалган куранда сары кар да оор түштү. Эл далбас уруп мал-жанды
сактап калуунун аракетинде. Жаз көктөмү көздөн учууда.
Чын курандын аяк чени. Күн жүрүшү өйдөлөгөнүнө көп болсо да, түзөңдөрдө ала шалбырт
эми гана башталды. Көбү өлүп, көбү көтөрүм болуп, алдууларынын кабыргасы саналып,
кыштан өлө-тала чыккан бодо мал кары ачылган чий түптөрүн жалмалай араң илкийт.
Төр таяна эки тарабы куушурула туюк келип, тескейи айдөөштөнө жазы, күңгөйү арча,
карагандуу торпуланган, коктунун төрүнөн жыла чыккан булактын суусу тоңбой, эки
жагында кары ала-телек ачылган коктунун таманына нук сала нары төмөн карай өзөн
суусуна куят. Тескейдин кары бузулбаган бойдон турат. Күңгөй жагында караган-арча
түптөрү ачылган. Коктунун төрүндө булактын көзүнүн күңгөй жагына салынган тыкан таш
короонун айланасы күрөлгөн. Таш короодон ылдый үйүлгөн чөп түгөнө, калың түп гана
калган.
Кенжебай көтөрмөгө таңган чөптү жонуна салып келип, таш короо ичинде кой-эчкиге чөп
чачып жүргөн аялына карап:
Хан Ормон
— Чөп түгөнө жаздап калды, дагы кар түшүп каарына алса, айла кетеби деп корком, — деп
таңгакты жерге коюп, тебетейи менен терин сүрттү.
— Кудай сактасын, сары кар өтүп кеткенине көп болбодубу, — деди аялы, жерге чачылган
чөптү чогулта койлордун алдына үрөй.
— Ай билбейм, көп болсо дагы бир аптага жетерлик эле чөп калды. Азгантай малыбызды
эптеп кыштан чыгардык эле, эми жаз келгенде кырып албасак болду, — деди күйөөсү.
Төмөнтөн жай бастырып келаткан тору атчан, жашы алтымыш таяп калган, кара сакалын
бирин-серин ак аралаган, тарам кызыл жүздүү, кара көрпө тебетей, боз пиязы чепкен кийген
салабаттуу киши тизгин жыя:
— Ассалоому алейкум, Кенжебай мырза, мал-жан эсенби? — деп үн салды.
— Оо, жарыктык, озунуп салам айтып, мен келгениңизди туйбай калган турбайымбы. Күүлү
жүрөсүзбү, Ашыке? Түшүңүз, үйгө кирип даам сызыңыз, — деп атын жылоолой ызаат
көрсөттү Кенжебай.
— Айыбы жок, «Мал боор эт менен тең», деп ата-бабадан бери айтылат. Байлардын малы
тыптыйпыл кырылып атканда, азгантай малыңды аман асырап атыпсың, азамат. Атаң
ыраматылыкты көрүп калдым: оокатка бүйрө, камбыл киши эле, — деп атынан түшө кол
алыша, чылбырын Кенжебайга берип, короо-жайга, малканасына, үй-жайына көз жиберип
турду, өзү да орто чарбакер, уул-келиндери мал менен өсүп, жөлөк-таяк болуп жүргөн
Ашымбай аксакал. — Малында өлүм-житим көп болгон эмес го, кыштан өңдүү чыккан тура.
— Кудая шүгүр, бирин-серин өлбөй коёбу. Ошентсе да жаман эмес, жүзгө жетпеген кой-эчки
бар — көрүп турбайсызбы, түгөл чыкты десем болот. Аялым малга көз болуп, уулум экөөбүз
чөп чаап, эки чоң үймөк жыйнап алдык эле, мына эми түгөнгөнү турат. Эптеп жетти,
үнөмдөйлү деп үй-бүлөм менен бетеге жулган күндөрүбүз болду. Түгөнгүрдүн түбү муз,
кыйналсак да чөбүбүзгө аралжы болду, — деди Кенжебай, өз ишине ыраазы боло.
— Ээ, баатыр ай, элдин баары сенин жолуңду жолдосо гана. Жайлата кымыз уулап, моюну
ишке жар бербейт. Байлардын көбү мал союп, жигит-жалаңга чөп чаптырып алгандан
битиреп, жата калып малынын туягын санашат. Мына жут ышкырды эле, төрт миң койлуу
Көчөрбайдын беш жүзгө чыкпаган жандыгы калыптыр. Койчулары жыйылган кой
өлүктөрүнүн жанында таяктарына сүйөнүп олтуруп калышыптыр. Көбү эле ушинтип малдан
кол жууп олтуруп калышты. Алардан көрө сенчилеп тырмалап чөп-чар жыйып алгандар
малын сактап калышты, — деди Ашымбай, Кенжебайдын камбылдыгына ыраазычылыгын
билдире.
— Өсөкем эки күндүн биринде эле мал союп ашарга эл чакырып, чөптү бир кыйла арбын
чаптыргандай болду эле, ал кишинин ахыбалы кандай болду экен, — деди Кенжебай.
— Аа, Өсөрбайбы? Ал жолу ачык киши эмеспи, чөптү бир кыйла чаптырып алган экен. Бирок
үч миң кой деген оңойбу, ал деле малынын жарымын жоготту көрүнөт. Эми күңгөй ачыла
баштады, көчкү да көчүп бүттү окшойт, тескейдин бетегеси до бошогонсуп калды. Эми эптеп
калган малды сактап калууга болот, — деди Ашымбай.
Үй жактан басып келе ызаат менен четтей токтогон Сайраке күйөөсүн:
— Чай даяр болду, — деп «бүлк» эте, үйүн карай басты.
— Аа, жүрүңүз, үйгө кирип, даам сыза сүйлөшөлү, — деди үй ээси.
Чай үстүндө, мал-жанды үзүмчүлүктөн чыгаруу, жазгы көктөм, мал жайыты жөнүндө кеп
жүрө, очокко асылган казанда сарамжалдуу Сайракенин «узун сары» сактагандары бышып
турду.
ЖУТТАН КИЙИН
Көк жаңыдан чымырап, ордолуу айыл жаздоо конушка жаңы эле конгон.
Хандын чакырыгы менен келгендердин акыры Курткадан Тайлак баатырдын уулу Осмон,
чоро саягы Келдибек бий, Курманкожодон Дуулат, черик бийи Ажыбай кечээ кечинде келип,
чепте конушкан. Бүгүн Ормон хандын айылынын үстүндө жыйын.
Дөңдө уруу бийлеринин катарында Ныязбектин сегиз бектеринен Бердибек, Бердикожо,
Ажы, Субан, Шатен, Кожобек, Рыскулбектер отурушат. Миңден ашык кой, 500дөн ашык
жылкы күткөн байлар да чакырылган. Жыйын төрүндө Ормон хан, Калыгул, Намангандык
дамбылда Нажимуддин, Боронбай, Муратаалы, Келдибек бийлер, аларды улай хан
кеңешчилери Жаманжээн, Шамен, кол башы Төрөгелди, Адыл, Алыбек, Балбай, Тилекматтар
отурушат.
Хан Ормон
Төрдөгүлөрдөн бир аз бөлүнө, эки санын таяна түнөрүп отурган Ормон хан кабагын көтөрө:
— Камсыз элге каардуу кыш ырайым кылган жок, Кудай таала аракетке жараша береке
берип, сактанганды сактайт экен. Эл бейкам экен, кыш каарына алды эле, сызга отуруп
калдык. Жайытты карап жашаган бейкапар эл экенбиз. Мындан ары кандай тиричилик
өткөрөбүз. Ошону кеп уралы, — деп эки жагын карады.
— Баатыр, кайсынысын айтабыз. Кыш азабы оор мүшкүл түшүрдү. Чөп-чар камдай
албагандар малдан кол жууп калды. Ат-Башы, Нарынга өтө мүшкүл болду. Мына Көчөрбай өзү
отурат, төрт миңден ашуун кою, бодо малы да бар эле, миңге жетип-жетпей калды. Буга түгөй
жата калып малынын туягын санап, кубанып жүргөн кунарсыздар, союш берип чөп чаптырып
салгандан кысынган сараңдар ошол аяган малынан кол жууп калышты. Пейил оңолбосо
кыйын экен да. Өзүнө чакан малы бар, оокаты бүйрө, камдуу кишилер жайы-күзү чөп-чар
камдап, кыштоолорун оңдоп, бастырма салып алышкан экен, чыпчыргасы коробой кыштан
аман чыгышты. Камдуулар алдында жут алсыз экенин көрдүк, бирок мындайлар миңден бир
да. Күн жылыганда эле кыш азабын эстен чыгарып, кара курсакты толтурганыбызга курсант
болуп жүрө беребиз. Ошонун азабын тарттык, — деп сөзүн бүтө оңдонуп олтурду черик
Ажибек бий.
— Ар ким өз күнүн өзү көрөт, өз оокатына өзү эгедер. Жардылыктын азабын да өзү тартат,
байлыктын мурадын да өзү көрөт. Ал үчүн жыйын куруп бекер убара болосуз, — деп Боронбай
бий «оокат кылууну эч кимден үйрөнбөйм» деген таризде хан кудасына кыр көрсөттү.
Көптөн бери кыргый кабак болуп жүргөн Боронбайдын сөздөрүн кулагынын сыртынан
кетире мелтиреп ирмебей тиктеген көздөрүнөн каар учкуну жанган хан:
— Ошол малды багып канча жалчы күн көрөт. Кырылган мал жалпы элдин ырыскысы.
Малынан кол жууган байлар эмне дешет экен, угалы — деди.
Топ ичи жымжырт. Бир тынымдан кийин:
— Көчөрбай...
— Малабай...
— Өсөрбай... — деген кобурду баса:
— Эй, Көчөрбай, сен тур. Айтып бер, ханга, малыңдын жайын! — деген Ажыбек бийдин үнү
«чарт» этти.
Көк чыт чапанын боз жоолук менен курчана, кырбусу тайкы шырымал тебетейин баса кийе
ымшып отурган Көчөрбай ордунан туруп:
— Таксыр, — деп жөтөлгөн болуп, оозуна сөз кирбей эндиреп турду.
— Айта бербейсиңби, канча малың бар эле, канча малың калды? — деди жанында турган
салабаттуу киши.
— Ошо, эсеби төрт миң эле, оо, кырылды, жут болуп, — деп эмшеңдеп, жашый сөз улай албай
турду.
Чөп-чар камдаганыңды айтпайсыңбы, — деп Ажыбек бий капыялады.
— Таксыр, бул бай малын бага албаганы аз келгенсип, жалчыларын азапка салганына элди
кыдырган жигиттер күбө болушуптур. Уруксат этсеңиз... — деди абалга көз салууну
аркалаган хан жигити Саза.
— Айтсын, — деди Ормон хан.
Ордунан туруп төшүн баса ийилген жигит:
— Таксыр, бул киши кызык экен. Жалчылары ачка, малынын жаны чыкмайынча бычак
салдырбайт экен, өлгөндөн кийин эки кулагын жара тилдирет экен.
— Ал эмнеси? — деген үн угулду эл ичинен.
— Адалдаганы ошол экен. Биз бир окуянын үстүнөн чыктык. Кышында көчкү басып каза
болгон койчунун аялын токолдукка алып, зордоп нике кыйдырганы жатыптыр.
— Капырай эл ушинтип турганда...
— Сакалы өрттөнгөн да...
— Жашыкка тойгон дөбөт, — деген үндөрдү баса:
— Биз үйгө кирип, байга жайыбызды айта баштаганда, көшөгө ичинен буркурап ыйлап
чыккан жаш келин: «Айланайын акелер, хан жигиттери болсоңор датым бар. Күйөөм Арыкул
ушул кишинин саатынан мерт болду. Анысы аз келгенсип, мына эми «мени кабыл тут» деп
айламды кетирип атат. Тигине молдокем да отурат» деп байдын жанында олтурган кишини
көрсөттү. Биз кеңешип, бул адилетсиздикти сизге кабарлайлы деп келинди ала келгенбиз,
тигине четте эки аялдын жанында олтурат, — деди алиги жигит.
Хан Ормон
— Таксыр, жесирдин сөзүн угалычы, — деди Келдибек бий.
— Келтиргиле, — деди түнөргөн калыбын жазбаган хан.
Көөнөргөн боз кемселчен, бир байлам боз жоолукту ээк ылдый бүркөй салынып, жаш келин
илкий басып келип, топтун четине токтоду.
— Бери өткөргүлө бечараны, — деди Ажыбек бий.
Отургандар арасынан жол ача келин коруна басып хан алдынан обочо токтоп, жер тиктеп
турду.
Балам, корунба, датынды айт хан атаңа, — деди бечарага демөөр бергиси келген Саза.
— Акелер... — деп үнү дирилдеп, оозуна сөз кирбей жашып турду мурун кийин мындай
салабаттуу аксакалдардын алдында болуп көрбөгөн жаш келин.
— Оюңду жыйып, сабыр тут, башка түшкөндү көтөрөсүң да, балам, сага да кудаанын
жакшылыгы бардыр, хан атаңа айта гой жайыңды, — деди Муратаалы бий.
— Жетим элек... Күйөөм экөөбүз тең ушул бийдин улагасында... — деп көз жашын
жоолугунун учу менен сүртүп, сөзүн улай албай турду келин.
— Оюңду айта бер, биз угалы, — деди хан бечарага кабагын көтөрө.
— Бай акенин отун жагып, күлүн чыгарып жүрүп чоңойгон жетимдер элек Арыкул экөөбүз
тең, — деп сөзүн улады, жылуу мамиле туюп, чыйрала түшкөн келин: — Үйлөнгөнбүз, өткөн
жылы кепе жаап алганбыз байдын үйүнүн жанынан. Арыкул кой кайтарып, мен кир-когун
жууп, от жагып... Ошентчүбүз. Анан кар басылгандын эртеси, таш короонун ичин тазалап, кар
күрөп жүргөнбүз. Бай аке Ашыркул акеге «бетеге жулдур» деди. Ал киши: «Азыр кар
басырыла элек, көчкү жүрөт» десе, «Өлбөйсүңөр, кудай албайт, жулдургун» деди. Арыкул да
кап алып бетеге жулганы кеткен. Аны көчкү басты, — деп буркурап ыйлап, сүйлөй албай
калды.
— Отуруп, сабыр этчи, балам, — деди жаалы кайнап турса да бечаранын абалына муюган хан.
Бир аз түнөрүп турду да, сөзүн улады: — Бай сөрөй, сен айтчы, жесир келиндин жайын кийин
сүйлөшөлү. Эмне үчүн кыш камын көрбөй, малдын да, элдин да убалына калдың? — деп
Көчөрбайды жекире карады.
— Таксыр, мен кашайып... Жылдагыдай болот деп чөп камдабай... кашайып, — деп
коркконунан калтырап турду бай.
— Кашайган жалгыз эле сен болсоң гана, — деп жаалын зорго тутуп, бир аз үнсүз турду да:
— Ушунча жашка чыгып көчкү жайын билбейсиңби? Кар басылары менен элди өлүмгө
айдаганыңды айтчы, — деди хан.
— Мен, кашайып... Кудай сактайт деп, — кемшеңдеп турду Көчөрбай.
Топ ичинен:
— Кудайдан айлан...
— Ушундай киши кантип мал күттү экен?
— Битин сыгып, канын жалаган сараң сасык бай да.
— Бейкүнөө кишини өлүмгө айдап... — деген үндөр угулуп турду. Элдин кобуру басылган соң.
— Наадан, айтчы, жесир калтырганың аз келгенсип, зордоп токол алгың келдиби? — деди
хан.
— Таксыр, жесирди багып алайын... — деп ымшыды бай.
— Бамыраң кал, сакалым өрттөндү дебейсиңби, кенже кызың менен тең немени, — деди
Ажыке бий.
Хан санын таяна эки жагын карана түнөрүп турду.
— Ыйманың качкыр...
— Жоругу жолдо калсын...
— Акыретте алат жазасын...
— Бул жайдагысын бүгүн алат, көрөсүңөр, — деген үндөргө аралаш:
— Көчөрбайды кудай алдындагы, эл алдындагы кылмыштары үчүн, он күнү зынданда
карандай суу берип камагыла, чыккандан кийин, — деп бир тыным унчукпай турду да: —
Ажыбек бий, Сизге айтам, зындандан баргандан кийин Көчөрбайдын малын талоонго
салыңыз: сарамжалдуу, көз акысы, кол акысы бар жалчыларына бөлүп берип, өзүнө өлбөс
оокат калсын. Жесир келинге бир өргөөсүн тиктирип, тогуз баштаган жыйырма-отуз кой,
саан уй бөлдүрүп бериңиз, каалаганына баш кошуп күнүн көрсүн, — деди Ормон хан.
— Туура болду...
— Капырай, катаал жарлык болду го.
Хан Ормон
— Бечара бай...
— Бечара болбой курусун...
— Чала болот, нысапсыз дүнүйөкорлорго, — деген кобур жыйын үстүндө угулуп турду.
Хан жарлыгына удаа Көчөрбайды жигиттер жыйындан чыгарып кетишти. Жесир келин да
илкий басып, жыйын четинде күтүп турган аялды ээрчип, айылга бет алышты.
Жыйын уланды. Хан түнөрө ирмебей тиктеген калыбында кыш азабы, үзүлүп-сүзүлө кыштан
араң чыккан эл Нарын, Ат-Башы, Дөрбөлжүн, Тогуз-Торо, Жумгал өрөөндөрүндөгү
ачарчылыкты кеп салган бийлердин ойлорун угуп, үн дебей турат.
— Иши кылып, таксыр, тилсиз жоо, жут алдында алсыз элебиз, кудайдан жакшылык
күткөндөн башка арга жок окшойт, — деди саяк Келдибек бий.
— Кудай таала бекер отурганга бербейт экен. Мына бизге атайын Намангандан келген аалым
Нажимуддин ажы айтып берсин, — деди хан.
Муратаалы бийге катар олтурган Нажимуддин аалым ордунан туруп, көкүрөгүн баса ийилип
таазим этти да:
— Ва Рахмати Аллахи ва баракатуху. Хурматлик бийлер, жами халайык, — деп, Алла тааладан
аян болгон жети иман аятын окуду да, сөз улап: — Якшылик-яманлик йулларин көрсөтүп,
кудай адамга эркиндик берген. Халай аракет жасаса ошого жараша Аллахи таала жакшы ва
йаман тагдырны башига салады. Харакетсиз адамга Алла таала рахим этбейт. Таксыр хан ак
айтты, «Бейкам кишиге Кудай таала бербейт экен» деп, бул ак сөз, — деп ордуна олтурду.
— Кудая тобо.
— «Кудай бере көр» деп куру жалынат экенбиз да, «Аракет кылбай, берекет жок» деп
илгеритен эле айтылчу эмес беле.
— Пейлиңди оңоп, аракеттенүү керек, — деген үндөрдү баса, хандын кескин үнү угулду:
— Мына ушундай экен, Кудай тааланын сөзү. «Эртеңкини кудай жеткизет» дейбиз, кудай
жеткизет экен аракетке жараша, «кудай сактайт» дейбиз, сактайт экен сактаганды,
ырыскыны кудай берет экен, аны мээнет кылып жерден таап ал дептир. Эгин, чөп, ырыскы
жерде экен. Жут келди эле, аяк алдындагы чөптү жыйнап албай, малдан кол жуудук. Эл ач,
арык болуп, азып калды. Ушул элдин убал-сообун аркалабадык беле. Жакырларга саан
үлөштүрүп, көз салалы жана мындан ары көрөр күндү ойлойлу. Биз бүтүмгө келип турабыз.
Элди жерге илээштирүүгө ынанып турабыз, мажбурлап илээштиребиз. Хан жарлыгы —
кайткыс. Мына жай келет, күз келет. Ар түтүн өз малына жетерлик чөп даярдасын, жакадан
жер тырмап, эгин эксин, жарлык ушул! Кимде-ким кышка чөп-чар камдап албаса, кыштоого
кирерде малын талоонго саламын, камдуу кишилер алсын. Бул иш уруу билермандары,
бийлердин көзөмөлүндө болот. Жарлык бардык элге жетсин. Жер тарыды, көчүп-коно күн
көрүүчү заман өтүп баратат. Оттуу, суулуу жерлерге уруу-уруу жамаатташып, кыштоо там
салышсын. Суурча жер казып, жер кепеге кирип, күн көргөн жашоодон арылалы.
Мына Намангандан Нажимуддин ажы келип, жооп-нааме китеп жазды. Тазалык, адамдык,
адилеттик, шариат, илим жолдору жаатында. Саяк, черик, моңолдор, солто, кушчу,
сарыбагыш ар уруудан бирден кат тааныган кишини аалымдын жанына кошкула, китепти
көчүрүп алышсын, элге жетсин жакшылык кабары.
Наманган, Анжиян, Кокон, Бухарадагы медреселерге зээндүү уландардан кем болгондо ар бир
айыл бирден жиберсин, чыгымы зекет эсебинен болсун. Ар бир уруу урунттуу жерлерге
медресе куруп, балдарды окутууга кам көрсүн. Муну биз көзөмөлгө алдырабыз. Байлар,
мансаптуулар каржылоого тийиш. Бул иштер катаал көзөмөлдө болорун жадыңарда туткула,
— деп сөзүн аяктап, эки жагын карады хан.
— Баарыга керектүү жарлык болду, — деди черик Ажыбек бий.
— Элди агартып-көгөртүп, жакшылыкка жеткирели, — деди Келдибек бий.
— Орусия менен сүйлөшүп, Битирбор, Маскөөгө балдарын окутуп атыптыр казактар. Бизге
да ошол абзел го, — деди Боронбай бий.
— Адегенде жакын коңшулардан үйрөнөлү, бизге мусулманчылык жолу абзел, Орусия менен
ишибиз башка болот, — деп, «бул сөз бүттү» деген таризде, Нажимуддин дамбылдага
кайрылды хан. — Ажым, бу кыргыз билермандары дайыма эле чогула беришпейт. Ыгы келсе
буларга шарият жагынан масилет куруп бербейсизби.
— Бали, ойдогубузду айттыңыз.
— Мындай учур бир келет да, угалы, — деген үндөр басыла, Нажимуддин молдо оңдонуп
отура, жашоо парзынын маанисин, адал, арам, адилет, кыянат, таман акы, маңдай тер,
Хан Ормон
бирөөнүн акысы, үй-бүлө алдында, ата-бала, ага-тууган мамилелери, өлүм парзы, ыйман,
нысап, көр азабы, кудай алдында жоопкерчилик жөнүндө маңыздуу аңгеме куруп берди.
Хан жарлыгына аалымдын аңгемелерине муюган жыйын бешим намазда тарады.
КЕЛЕЧЕККЕ СЕРЕП
1851-жыл, баш оонанын аягы. Жер ортосу Көтмалдыда чакан жыйын. Ар уруунун бийлери
үчүн бирден өргөө, ханга көтөрүлгөн 12 канат үйдөн башка конок күтүүчү үч көөнө үй
тигилип, күтүү камын ордолуу айыл көрүүдө. Чакырылгандардын арты — Ат-Башыдан
черик Ажыбек бий — кечээ кечинде келип түшкөн.
Эртең мененки чайдан кийин бийлер Ормон хандын Ордо үйүнө чогулушту. Төрдө хан үн
дебей мелтиреп отурат. Оң жагында Калыгул бийге улай Ажыбек, Жантай, Жангарач, Дуулат,
Келдибек; экинчи жагында кеңешчи Жаманжээнден кийин Боронбай, Муратаалы, Самсаалы,
Турдуке, Бердибек, Бердикожо, Ажы, Субан, Шатен, Ырыскулбек, Кожобектер жашына
жараша орун алышкан. Жыйынга чакырылгандар келери менен ханга бирден жолугуп, алжай сурашкандыктан, азыр амандашуудан кийин сөз уланбай, үй ичи дымып турду. Бийлер
бири-бирин карап, астыртан Ормонго көз жиберүүдө.
— Өткөн тоок жылындагы апаат биздин тынчыбызды алып турат. Жер-суусу аз тоолуу
өрөөндөр бара-бара күн көрүүсү кыйын болуп баратат. Мурдагыдай көчүп жер оодарып кетчү
заман эмес. Туш тарап кысылууда. Жер тар. Кеңейтүүнүн ыгы барбы? «Ата конуш, колдо бар
жерлерге эгин эгип, ар бир түтүн өзүнө аштык, малына чөп-чарды камдап алсын», деген
жарлыкка эл ынадыбы? — деп отургандарга бир сыйра көз жүгүртө суроо салды хан.
Үй ичи дагы бир азга тынчый түштү.
— Айталы, таксыр, чогулганыбыз ырас болду. Айталы. Жылдын жарымы кыш болгон АтБашы, Нарын тоок жылы мал-тегеден кол жууганга жакындап калды. Ошол жылы жаз сиздин
алдыңызда кеп болгон. Тумшугуна жуттун суугу жеткен эл эптеп жерге илээшип эгин эгип,
чөп камдабаса болбой турган өңдөнүп калды. Бирок эптеп буурусун менен жер чийип айдаган
арпа да көкүрөк жакта бышпай, үшүккө калып жатат, — деп сакалын сылай бир аз ойлонуп
турду да, — жылдар өтөт — эл көбөйөт, мал көбөйөт. Сиз айткандай, жер тар, келечек
оокатка көз жетпей турат. Элдин жарым-жартылайын Какшаалга, Кызыл-Суу тарапка
оодаралы десек, ал жактын ээлери бар, жаңжал болот. Кеңешели, мүмкүн Чүй жакта бош
жерлер бардыр, ойлонолу, — деп ордунан турду черик Ажыбек бий.
— Ажыбек бийдин айтканы калетсиз. Нарын өрөөнү да, айрыкча көкүрөк жагы эгинден нап
берчүдөй эмес. Төмөн жагы деле сугарбаса эгин бербейт. Он-Арча, Кажырты, Нарындан суу
чыгаруу кыйын, суунун нугу өтө төмөн. Майда туура суулардан алып, эгинге илээшкендердин
иши да кунарсыз, көбүнчө жатакчылар эгишет. Малдуулардын көбү чөп чапканга аракеттене
баштады, бирок барып эле кунары аз — деди, Ажы.
— Кыйладан бери жут каатын тарткан эл энөө боло түшкөн эле. Өзүңүз айткандай, тоок
жылы азапты колго бербедиби, — деп малдашын түзөй оңдонуп отура сөзгө кошулду Чоро
саягынын билерманы Келдибек бий.
— Оо, силер жакта жай узак, Нарындан туура сууларды буруп, алыш алсаңар болот. Кышыбыз
узак — мына бизди айт, — деди Нарындын баш жагын жердеген моңолдор Салмаке бий.
— Силердин туура сууларыңар бизден кем бекен, жериңер кара топурак, — деди Келдибек
бий сөзүн бөлгөнгө нааразы боло.
— Сөзгө конок бериңиз, Салмаке бий, — деди Жаманжээн кеңешчи алдыртан Ормон ханга
көз жибере.
— Туура суулардан алыш алып, эгин эккендер бар. Көбүнчө жатакчылар. Жапырт
киришкенге элдин мойну көп жар бербей жатат, — деп тамагын жасай сөзүн улады Келдибек
бий. — Ажыбек бий айткандай, бара-бара эл да, мал да көбөйөт, Кудай кааласа. Эл жапырт
эгинчиликке ооган кезде суу жетпей калар бекен. Суусуз жер нап бербейт да, суу нугу жерге
жакын, түзөң жерлер болсо атаганат. Бирок туулган жердин топурагы алтын. Кудайдын
айтканы бардыр. Азырынча хан жарлыгы менен элди болушунча жерге илээштирүү
аракетиндебиз.
— Жуттун азабынан эл катуу эле абыгер чекти. Бирок көчүп-коно мал менен күн өткөргөн
элдин табити эгинчиликке тартпай турбайбы? Эгин эккендерди «жатакчы, ороочу» деп
Хан Ормон
өгөйлөгөндөр көп, өгөйлөгөнү менен күзүндө барып эле тиги ороочулардын көзүн карашат.
Элди жапырт көндүрүү үчүн өзүбүз ана башы болушубуз абзел, — деп тамагын кыра
жөтөлгөн болуп, шырылган күрөң баркут топусун жазы маңдайына көтөрө кийип, жеңил боз
кемселинин өйдөкү бүчүлөрүн, күмүш кемерин бошото эркин отурган эткээл сары чийкил
бугу билерманы Боронбай бир тынымга отургандарга каадалана көз жиберди.
Анын жөнү бар. Кызыл-Жарга там үй, короо-жай салып, бак-дарак тигип, суу бойлой жайыкка
буудай, арпа, таруу эгип, кампаларына эгин толуп, дасторконуна «бейиш тамагы» делген
алма, өрүк коюлат. — Көпчүлүктүн көңүлү өзүнө бөлүнүп турганына канааттана сөзүн улады.
— Арийне өзүбүздөн баштайлы. Ханыбыз Сан-Ташка өзгө хандардан кем эмес ордо куруп
койду. Биз да, Кудайга шүкүр, алынча там-тарак, бак-шак тигип, эгин эгип турабыз.
Бийлердин ар бири өрнөктүү иштердин башында болгонубуз оң, иншалла бара-бара элибиз
да көнүп кетер. Тоок жылы далайдын көзүн ачпадыбы, — деп ак кол жоолугу менен чекесин
сүртө Ормон ханга көз кырын салды.
— Атигиң, Ат-Башыда сеникиндей бир Кызыл-Жар болгондо бий сени менен басташат элем.
Жут балакет да, мөңгүгө жакын бизди бат эле басып калат, — деп барс-барс күлдү черик бийи
Ажыбек.
— Айтканың ырас, бий, жут деген балакет айтып келбейт. Байыркыдай ай, жылдызга карап
ай-жыл эсебин, тууралап, күн мурунтан айтып коюучу эсепчи да жок. Андай кишилер
кылымда бир келет го. Кудай деп эле өз камыбызды өзүбүз көргөнүбүз оң, — деп, «сөзүм
жагабы?» дегенсип отургандарга көз жибере сөзүн улады, атасы айтылуу Медет бий өткөндөн
бери Курманкожо уруусуна баш көз болуп, кадыр-барк күтүп калган Дуулат бий: —
Жумгалдын көкүрөк жагы да эгинге кемчил. Ошентсе да мурдагыга караганда эл ийигип
келатат. «Чөп камдап албагандардын малы талоонго түшсүн» деген хан жарлыгынан
жүрөксүгөндөрү көп түрткү болууда, — деди.
— Жаш болсо да элине баш болуп, тоо арасына суу чыгарып, эгин эккен Шамендин иши
мактоого арзыйт, «Чүй боору кедей-кембагалдын жери, кышкысын кыйнаган суугу жок,
жайкысын жан кейиткен ысыгы жок» деп айтылат эмеспи. Кудайга шүгүр, Чүй боорунда эгин
эгип, жаканы пааналагандар жылдан жылга арбып келатат. Жер кенен азырынча, келечекте
мал-жан көбөйсө да сары өзөн Чүй батырат. Андан көрө тынччылык болсо экен. Кокон
короздонгонун койбой турат. Бишкектеги чебин көчүрмөйүнчө болор эмес. Ашмарада
тумшугу кайрылып кайтканы менен чептин тегерегинде өзүлөрүн кожо сезишет. Акыры
дагы бир кармаш болчудай. Алар Аркадан үмүттөрүн үзө элек. Кокондун аразат болуп
куйругун үзбөй туруусу эли-жерибиздин бүтүндүгүнө каскак болчудай, — деп, сөз учугун
ханга таштады Жангарач бий.
Жантай бий алдын тиктей, үн катпай ойлуу отурат. Жангарач бийдин Кокон жөнүндөгү
сөздөрүн уга мелтиреп алдын тиктеген калыбында Ормон хан ойлуу.
— Мал-жандын эсендигинин да, байгерчиликтин да башаты ынтымак, элдин биримдиги.
Кенесары хандын баскынын тосуп, Кокондун мизин кайруу элдин ынтымак биримдигинин
күчүн көрсөтпөдүбү. Ошол ынтымакты, биримдикти сактап, аштыкчылыкка элди
илээштирүү, элдин келечегине кам көрүү, эл башылары, силер аркалаган оор жүк. Кеңешип,
ой бөлүшүп иш кылган абзел, — деди Калыгул бий.
— Калайык-калктын келечек тиричилиги, ынтымак, эл биримдиги жөнүндө мартабалуу
бийлердин сөздөрүн уктук. Алардыкынан ашыра айтчу ой бизде жок. Сиздин бүтүм
ойлоруңузду уксак дейбиз, таксыр, — деди таластык бий Бүргө.
Ормон хан Бүргөгө бурула карады да:
— Замандын куйу бузулуп, Калайык-калктын тиричилик нугу өзгөрчү кезде турабыз. Кара
кыргызды жердин ээси кылуу анын келечегине кепил болот деп ойлоймун. Эл жутту да,
жоону да камдуу тосууга даяр болуу керек. Бул жөнүндө кабыл алынган шерттерибизди эч
ким бузбасын, бузгандардын башы камоого, малы талоонго түшөт. Жер жөнүндөгү оюмду
акырында айтайын. Жангарачтын Кокон жөнүндө айтканы назарымды бөлдү. Кокон оңой
менен кетпейт, аны кетирүү керек. «Кокон силерди соо койбойт. Коконго каршы чыкканда
аскер жагынан өнөктөш бололу», деп кат жазыптыр орус жандралы, ошого макул болсок,
дейм. Ушинтпесек Кокондон кутулабызбы!? — деп хан сөзүн бүтө электе:
— Коконду басып алса Орусия кыргызды соо коёт дейсизби? — деди Боронбай бий.
— Кеп мына ошо соо койбой турганында, — деп Боронбай бийди теше тиктеп турду да, сөзүн
улады Ормон хан: — Кеп ошондо... Коконго бирге каршы чыгарда Орусия менен атайын шарт
Хан Ормон
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 33
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.