Latin

Хан Ормон - 31

Total number of words is 3960
Total number of unique words is 2180
27.8 of words are in the 2000 most common words
39.3 of words are in the 5000 most common words
45.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
китебин жаап, мейманга орун жаңсай оңдонуп отурду.
Үй ээсинин оң жагынан төмөнүрөөк жай алган Ысагалы аалым алакан жая бата тиледи.
— Суусун келтиргиле конокко, — деп эпчи жакка көз жиберди үй ээси.
Элүү жаштардагы толмоч, ак жүздүү аял:
— Сайраке, кымыз куйчу, — деп кайрылды жанында курак курашып отурган жыйырма
бештердеги сулууча кара тору келинге.
Бейтааныш киши сунулган аякты бошотуп, ыракмат айтып кайра узатып, оңдоно отургандан
кийин:
— Ии, мейман, жол болсун, кайдан келатасыз, кайсы элден болосуз? — деп суроо узатты үй
ээси.
— Мекеден келаткан сапарым, аксакал. Ысымым Ысагалы, Турдуке бийдин айлынанмын. Эки
айылдын балдарын чогултуп, Мундузбайдын айлында окутуп жүрчү элем, — деди Ысагалы
ажы.
— Аа, анда укканым бар: «Мундузбай бай бир аалым кары жигитти ээрчитип Мекеге кетти»
деп. Жакшы ажы болуп, эсен кайтыпсыңар. Мундузбай ажы сизден мурда кетти беле? — деди
үй ээси.
— Жок, ал кишинин ажысы кабыл болуп, Мекеде жай тапты, — деди Ысагалы ажы.
— Алхамдуу Иллахи раббил ааламиин, жаны жаннатта болуп, эл-журтун колдой жүрсүн.
— Аа, жарыктык киши, жашы улгайып калганда бала-бакырасынан бөлүнүп, чет жерде... —
деп шыпшынды байбиче.
— Ажыга барып келүүнү Кудай таала сүйгөн кишисине буюрат, байбиче. Ажыдан келаткан
азиз конокко кой сойдур, — деди үй ээси, анан конокко карап: — «Ысагалы-кары Кашкар
кожолугунан таалим алып окуган тетик жигит» деп сыртыңдан укчу элек, дидар каним, ажы
болуп келгенде көрүштүк, — деп ызаат кыла бир аз унчукпай турду да, — кеп уруп отуруңуз
ыйык Меке жайынан. Каабада «асмандан келген кара таш жерге тийбей турат» дешет го? —
деди үй ээси. Арабча кат тааныган, Куранды пайгамбардын адистерин окуй билген, төрт
түлүгү шай, эл ичинде кадырлуу киши болсо да мусулманчылыктын ички маанилеринен
түшүнүгү тайкы эле. Муну баамдаган Ысагалы ажы:
— Албетте өзүңүз айткандай, касиеттүү кара таш асмандан түшкөн. Аны Аллахи таала
биринчи ирет түпкү атабыз Адам алейхи саламга түшүргөн экен «тукум-жураатың ушул
касиеттүү ташты бет ала сыйынсын мага» деп, Адам-ата өзү да, андан кийин
пайгамбарлардын коомдору ошол ташка багыт түзөп сыйынышчу экен. Кээ бир коомдор
Каабаны эске албай, Аллахи таалага сыйынууну унуткан замандар болгон. Ал коомдор Алла
тааланын каарына калып, жок болушканы айтылат. Азрети Ыбырайым пайгамбарга чейин
бирер замандары кара таш адамдардын эсинен чыгып калган учурлар болгон экен.
Ыбырайым пайгамбарга Аллахи тааладан: «кара ташты таап, мусулмандар зыярат этүүчү жай
жасагын» деген аян келет. Алла тааланын буйругун кантип аткарарын, кара ташты кантип,
кайдан издээрин билбей турган Ыбырайым пайгамбардын алдына асмандан ак булут
ылдыйлап келип, бир тарапка жыла баштайт. Пайгамбар ак булутту ээрчий берет, көп
кыйынчылык менен жол арытып кара таш жаткан жерге келгенде, булут кайра асманга
Хан Ормон
чыгып кетет. Пайгамбар ошол жерге, Мекеге, сыртынан мечит салдырып, жамааттары
сыйынып жүрөт. Ыбырайым Пайгамбар өткөндөн кийин көп замандар алмашат, Кааба дагы
унутта калып, адамдар тоо-таштарга сыйынышып, жаман жолго түшүшөт. Иса пайгамбар
туулгандан тарта алты жүз жыйырма эки жыл өткөндө, Аллахи таала Мухаммед пайгамбарга
аян түшүрөт. Пайгамбар Кааба ташын көтөрүп кынап, төрт чарчылап, ажайып абалга
келтирген. Азыр мусулмандар ошол касиеттүү Каабаны сыйлашып зыярат кылабыз, — деп
сөзүн бүтүрдү.
Сөзгө уюп отурган үй ээси:
— Ырахмат, ажым, көп нерсеге көзүмдү ачып койдуң. Мен анча окумал болбосом да, китеп
жандуумун. Ыйык Мекеден касиеттүү китептер алып келаткандырсыз? — деди ажыга
үмүттүү көз жибере.
— Кудага шүгүр, ал ыйык жайда кызыктуу китептер арбын. Пайгамбарыбыз Мухаммед
алейки саламдын хадистеринен үчтү алып келатам, бирин сизге тартуулайын, — деп жеңил
чепкенинин ичинен асынган китеп кабын алып чыгып, ичинен алтын буусу жалатыла
кооздолгон китепти үй ээсине ызаат менен сунду Ысагалы ажы.
— Таберик тартууңузга чын ыраазымын, — деп үй ээси китепти кызыгуу менен карай
баштады. Үй ичи бир тынымга тынчый түштү.
— Апа, биздин кыздын китеп кабынын эле өзү, караңызчы, — деди келин кайын энесине
башын кыйшайта.
Ажы коноктун тизесинин үстүндө турган саймалуу макмал китеп капка көз жүгүртүп турду
да, бир аз күдүктөнө:
— Ажым, алдагы китеп кап биздин ыраматылык кызыбыздын китеп кабы окшойт, кайдан
алдыңыз? — деди байбиче.
— Бул аруу китеп кап ажы кыздын кабырына өзү менен кошо коюлган экен, — деди бейкапар
отурган Ысагалы.
— Апей, эмне дейт, Кудай аткыр, көрканачы неме го колуңа алып карап көрчү, — деп эрин
карады, мууну калтырап, өңү бузула түшкөн байбиче.
Келин жыла басып тышка кетти. Мейманынын китеп кабын колуна алып карап көрдү да,
ичинен келме келтирип, сабыр кылган үй ээси:
— Бул буюм кандайча сиздин колуңузга тийди? — деп коногун тиктеди.
Ажы жооп бергиче, эринин колунан китеп капты алып көкүрөгүнө кыскан байбиче:
— Өлүгүңдү ит көргүр, көрканачы жексур турбайбы, оо кагылайын карегим, бул көркоо! —
ден сөзүнүн аягын айта албай өксөдү эне.
Келиндин кабары менен эшиктен жолдошун ээрчите кирген үй ээсинин уулу, конокту
жакадан алып тургузуп:
— Көркоо, сени азыр мууздайынбы, же элди чогултуп таш бараңга алсамбы? — деп чыкый
талаштыра муштады.
Келме келтирип, сабырлуу турган ажыны карап үй ээси:
— Уулум, ачууга алдырба, бул кишинин сөзүн угалы, кайдан алганын айтсын, — деди.
Атасынын сөзүн эки этпеген уулу коноктун жакасын коё берип, канын ичине тарта сыңар
тизелеп отурду. Кулап түшкөн тебетейин алып кийип, келме келтире оңдоно отурган
Ысагалы ажы:
— Алхамду иллахи, күнөөсүзмүн, — деп бир аз унчукпай турду да: — айттым го, бул ыйык
китеп ажы кыздын башына коюлуптур, — деп сөзүн андан ары улаарда:
— Анткорлонгон өлүксүз, кайдагы ажы? Гүлайымым ушул жайлоого эле коюлбады беле, —
деп байбиче ордунан кекене турду.
— Сабыр эткилечи, бул кишинин сөзүн угалы, — деди үй ээси.
Ысагалы ажы токтоо калыбында болгон окуяны башынан аягына чейин териштире айтып
бүтө:
— Ошентип кабырды ачсам, казанактын ичи күн тийгендей жарык, көз жиберсем он беш-он
алты жаштагы чырайлуу бийкеч, кызылы-кызыл, агы-ак бойдон күлүмсүрөп, оор уйкуда
жатат. Алла тааланын кереметине таң калып, куран окуп, бата тилеп, майит бийкечтин аяк
жагында бир аз отурдум да, анын башына жаздалган китеп капка көзүм түштү, келме келтире
майиттин маңдайынан сылап, этияттап баш алдына текчелеп жаздык жаздап, китеп капты
алып көрсөм, ичинде мына бул куран-карим жана аптиек китеп бар экен. «Ыйман укпай
кеткен пендени мойнума көтөрүп жүрүп өтөгөн адал кызматым үчүн Аллахи таала мага жаны
Хан Ормон
жаннатта болуп, денеси Мекеге келген ажы бийкечтин дидарын көрсөттү. Эми ажы кыздын
арбагына багыштап окуп жүрөйүн, таберик» деп алып чыктым. Ажы майиттин кабарын
жаркыраган жарык тейинде бекитип, топурак үйдүм, — деп сөзүн бүттү.
Үй ичи жымжырт.
— Оо, жараткан, ушул кишинин айтканы ырас болгой эле. Карегим, Гүлайым жаны бейиште,
денеси чын эле Мекеде болсо экен, — деп ыйын токтотуп, жоолугунун учу менен жашын
сүртүп, табышмактуу конокко көз кырын жиберди эне.
— Баары Алла тааланын амиринде. Уу-дуу кеп кылбагыла. Эртең менен Ысагалы ажыны
ээрчитип, уулум үчөөбүз көрүстөнгө барып куран окуп, иштин жайын тактап келебиз. Шорпо
сунгула — эт бышкандыр, — деп байбичесин карады.
Жоолугун оңдоп салынып, ордунан туруп, келин иймене сорпо сунду. Кол жуулуп, эт желип
бүтө, бата тиленди.
— Ата, конок мени менен барып — биздин өргөдө түнөсүн, деп, үй ээсинин уулу ордунан тура
Ысагалы ажыны ээрчитип кетти. Бул анын: «Кокус качып кетеби, көзөмөлдөп чыгайын»
деген ою эле.
Эртеси күн аркан бою көтөрүлгөндө күрөктөрүн жашыра байланган үч атчан айылдан
аттанып, тай чабым обочо бетегелүү сеңирде жайланышкан көрүстөнгө келип түшүштү.
Булар Ысагалы ажы, үй ээси, уулу — үчөө эле. Ысагалы ажы куран сүрөөлөрүнүн бирин окуп,
бата тилегенден кийин, сырт кийимин чечип, жеңилдене келме келтирип, көрүстөн
топурагына кетмен салды. Үй ээси уулу экөө алмак-салмак жардам берип турушту. Бир кыйла
убакыттан кийин бейит топурактан арылып, казанакта жаткан чымдар көрүндү. Ысагалы
ажы дагы куран аяттарын окуп, бата кыла чымдарды алып, казанакты ачкандан кийин түтүн
сымал көк буу көтөрүлдү. Көк буу тараган соң:
— Бисмиллахи рахмани рахим, оо жараткан, кечире гөр пенделериңди, — деп Ысагалы
казанакка кирди.
Көрдө сакалы сербейип, денеси белгисиз түскө бөлөнгөн Мундузбай жатат. Келме келтире
казанактан башын кылтыйта түшүп: көрүңүз, карыя, бул кабырда ким жатканын, — деп
кайрылды Ысагалы үй ээсине.
Үй ээси кызынын ордунда ким жатканын көрүп, жакасын тута тобо келтирип турду да:
— Ажым, жүрүңүз, тышка чыгалы, — деди жагымсыз жыт тумчуктура баштаган үй ээси.
Тышка чыгышып, көрдүн кырында бир тынымга Алла тааланын кудуретинин күчтүүлүгүнө
таң кала үнсүз отурушту.
Ысагалы ажы куран окуп, бата тилегенден кийин көрдүн казанагын жаап, топурагын үйүп,
үнсүз аттанышып, айылга келип түшүштү.
Үй ээлери Ысагалы ажыдан кечирим сурашып, бир өргүтүп сый көрсөтө, астына ээр токумдуу
ат тартып, үстүнө чепкен жаап, урматтап узатышты. «Мундузбай да жаманатты болбосун, эч
кимге сыр ачпайлы» деп убадалашкан эле. «Жамандык жерде жатпайт» деген накылды
ырастагандай, сараң, пейили бузук байдын Мекедеги ордунда куран каримди окуп, сабаты
ачылган күнөөсүз бийкечтин жатканы жөнүндө аңыз эл арасына тарап кетиптир.
— Мына ушундай, кошуналар, арам менен адалдыкты, сараң, пейили бузуктук менен март,
тазалыкты, кайрымдуу айкөл адөөлөттүктү Кудай таала ушинтип ажырымдайт экен, — деп
аңгемесин бүтө алдындагы чайын ууртады Беделбай.
Көчөрбайдын жалчылары жут ызгаарынан күчтүү адам эркине муюп, үмүттүү отурушат.
Бурганактуу айсыз түндө кар уюлгуй жаап турду.
Асман шаңкая ачык, теребел көздү карыктырган ак карга чулганган, тоо кыркалары мемиреп
кар олпогу алдында мунарыктайт. Он чакты күн удаа нөшөрлөгөн кеч күздүн жамгырынан
кийин, бир апта кайыктырган кара сууктун акыры үч күн боройлогон карга айланган.
Көчөрбайдын малы кыштаган коктулуу өрөөндүн түзүнө түшкөн уйлар кар үстүнөн сербейе
көрүнгөн чийдин баштарын жалмай, тизеден өйдө кар кечип, ыкшоо жайылууда. Кыштоонун
күнгөй, тескей беттеринде мал көрүнбөйт. Төрдүн шамалдан ыктоо баш жагындагы зоокадан
берки таш короолордун кырларын жаба кар түшкөн, койлор жондорундагы кардан кутулуу
аракетинде силкинген болуп, бири-бирине сүйкөнө топтошуп турат.
Жер кепелердин үстүн күрөп, эшик алдыларын ачып бүткөн койчулар жабыла таш
короолордун ичин кардан тазалап, алдыларына кой чубагандай чыйыр салып жатышат.
Хан Ормон
— Айланайындар, колуңарга Кудай кубат берсин. Эми суунун жээгиндеги жашаңдын үстүн
күрөп жибергиле. Койлордун капшыты ачкадан кабышып турат, тезирээк чөп жалмалатпасак
болбойт, — деди, өзү да этегин кайрып кар күрөп жургөн Ашыркул.
— Ой, Ашыке, биз үч короо койго жер ачканча көп бар, короонун ичине үйүлгөн
чөмөлөлөрдөн бир аз чачалы, жер ачылганда жашаңга чыгаралы, — деди Беделбай.
— Кадемиң каткырдыкы, бай уруксат бербей атпайбы, — деди Ашыркул ыргылжың боло.
— Ашыке, биз эмне өзүбүз жеп аттык беле. Ошонун койлоруна беребиз да, — деди Беделбай
Ашыркулга демөөр бере.
— Болуптур, эми бирден киши барып эки боодон чөп алып келип, короонун ичине чолоолоп
чачып, койлордун жегенине көз болушсун, мен да кошо барайын. Силер жердин бетин ача
бергиле. Анан койлорду чыгарабыз, — деп Ашыркул үч короодон үч киши алып, жер
ачылганча койлорго чөп чачып турууга киришти.
Үч короодон чыккан чубама чыйырдын кокту таманындагы жайыкка жеткен жерлеринде үч
бөлүнө төрт-бештен киши тизеге жете түшкөн жаш карды күрөп, жан жагына ыргыта жер
ачууда. Калың кар кемерлене үйүлүп, барган сайын жумуш оорлоодо.
— Эки жагыңар бийиктеп, кыйындай баштады. Эми алдыңарды күрөп, узата ача бергиле,
туурасы беш-алты кадам болсо болду, чубата оттотобуз койлорду, — деди биринин артынан
бири удаа күрөп бараткан жаш жубайлар Арыкул менен Тумарга кеңеш бере, өзү экинчи
четинен күрөп бараткан Беделбай.
Карала таар кемселинин этектерин кайрып, кайыш куруна кыстара, кырбуусу тайкы эски
тебетейин шилисинен өйдө көтөрө кийип, боргулдана бараткан Арыкулдун кайыш чокойлуу
согончогуна күрөктүн учун тийгизе:
— Арыке дейм, мен сенин согончогуңду артынан тазалап баратам, колкосуна эмне дейсиң?
— деди, көөнө боз мата кемселинин этегин жыйрып, көйнөгүнүн алдын көтөрүнө кашатына
кыстара, жоолугун артына бууй кыймылдап, жүзү албыра бараткан Тумаркүл жубайын
тамашалап.
— Бөйпөйгөн эриндериңден бир өбөм кечинде, азыр колум бош эмес, — деди кыймылын
токтотпой, кылчая караган Арыкул; жүзү албыра сурмалуу көздөрүнөн лаззат кумары жанып
турган жубайын көрө жан-туюму дүрт жана жалжал карап коюп, «колкоңдон азыр эле кутулат
элем» деген оюн билгизе Беделбайды карай ээк кага, жубайына жүрөгү элжирей жылмайды.
Жаш жубайлардын аруу махабат туюмдары жут ызгаарынан күчтүү эле.
Уул-келинине, үй кызматкерлерине боз үйдүн үзүктөрүнө түшкөн карды бакан менен
түрттүрүп түшүрө, жер үйүнүн алдын күрөтүп, эшигинин алдын ачып боло, короолорун
кароого чыкты Көчөрбай. Көк чапанынын сыртынан мата курун кымтый курчанып, түлкү
тебетейин баса кийип, кабагы бүркөө, койлорго бир аздан чөп чачтырып турган Ашыркулдун
жанына келип:
— Ой, сен бирөөнүн оокатын чачып, өзүм билгенге өттүңбү ыя? — деп «бурк» этти.
— Ассалому алейкум, бай аке, каяктан келгениңизди байкабай, — деп кыйнала сөзүн улады
Ашыркул. — Койлордун жаактары ачкадан карышып баратканынан жердин отун ачканча
деп бир аз чачтырып аткам.
— Бул кар муну менен бүтпөйт, күндүн куюн карабайсыңбы. Чилде түшкүчө дагы эки ай бар.
Ай арасы жөн өтөт дейсиңби? Кыштын узак болорун көрбөй турасыңбы? Сары кар очойто
түшкөндө кубарыңдын чокусун бересиңби? «Азыр чөпкө тийбе, тескейдин карын күрөтүп,
бетеге жулуп бергиле, жердин бетин ачып оттоткула» дебедим беле, — деп күпүлдөдү бай,
койчунун саламына алик албастан дүңкүйө.
— Коктунун таманындагы жашаңдын бетин ачтырып атам, азыр койлорду чыгарып оттотуп
көрөбүз. Балекет баскыр, чөптүн түбү муз болуп калыптыр, арбын жааган жаан жерге
сиңбейт, — деди Ашыркул.
— Жердин бетин ачып, койлорду чыгаргандан кийин, баарына бирден күрөк, кап берип,
тескейдин карын күрөтүп, бетеге жулдургун. Тескейдин бетегеси узун — жакшы жулунат, —
деп үзүлүп түшүп чөп тилеп, үймөлөктөшкөн койлоруна көз жиберип турду бай.
— Жаш кар ката элек, күн көтөрүлсө көчкү жүрүшү ыктымал, бай аке, эртең мененки
тоңголокто баштайлы.
— «Көчкү, көчкү» деп коёт. Өлбөйсүңөр, кудай албаса, жулдур, эрте күндү кеч кылбай. Мен
башка кыштоолорду кыдырып кеч кайтам, — деп бай үйүн карай басты.
Хан Ормон
Көтөрүлгөн күндүн нуру жаш карга чагылыша көз уялтат, кокту башынан соккон суук
сыдырым бетти тызылдата бойду ичиркентет. Үч короо койду ачылган жашаңга өз алдынча
чыгарып бүтө, койчулар аялдары менен Ашыркулдун жанына чогулушту.
— Эми кепелериңерге кирип, өзөк жалгап, эс алгыла. Бир эт бышымдан кийин бирден кап
алып, күрөгүңөр менен чыккыла. «Тиги тескейдин карын күрөп, бетеге жулгула» деп кетти
бай, — деп тегеректеп тургандарга кайрылды Ашыркул.
— Ой, Ашыке, азыр болбойт, жаш кар отура элек, көчкү жүрүшү ыктымал, — деди Беделбай.
— Мен ошону айтсам, бай көшөрүп болбоду. Анча тик эмес жайыгыраак жерди тандап, Кудай
деп көрөлү. Ал кишинин көр жемесине мени калтырбагыла, — деген баш койчунун өтүнүчүн
угуп, эл эс алууга тарашты.
Эки киши айлана батуучу жер кепенин чүпүрөк капталган чакан терезесинен түшкөн күн
нуру кунарсыз болсо да, жайылган дасмал жанында даам сызып отурган, бири-биринин
жамалына куштар жаш жубайлардын маанайын жаркытып турду. Дасторкон үстүндө он
чакты эжигей курут, сорпонун майына көөлөнгөн талкан турат. Кырма жыгач чөйчөккө чай
куюп сунду да:
— Ии, баса, кечээ бай акемдер жабылган нандан кыпчык беришти эле, — деп кичинекей
жыгач үкөктөн нан алып дасторконго коё, — алыңыз, ушул үйдүн ээси Арыкул мырза, —
деди жайдарылана, жубайынын тизесине сүйөнө дасторкондон курут алып, чай ууртап,
сүйгөнүнүн жанында жер кепени ак ижарадай туйган тагдырына ыраазы Тумаркүл.
— Мен сага убада кылган колкону өтөбөйм, «мырза» деп жаңылышасың, — деп жылмайды
Арыкул.
— Ал эмне колко эле, — деди, билип турса да, дагы бир ирет уккусу келген Тумаркүл.
— Татына эриндериңи капшыра бир өбөйүн дебедим беле, эми антпейм, — деп мостойо
компойду койчу.
— Антпечи, сен мага мырзалардын мырзасысың, кечти күтпөй эле азыр өөп койчу, — деп
Тумаркүл чыканагын сүйөп турган калыбында Арыкулдун тизесин нукуду.
— Кой, өбүшүп атканда эшиктен бирөө кире калбасын, кечинде эки ирет өбөйүн, — деп
жарынын далысына колун арта, оң колундагы чайын ууртады Арыкул.
— Мейли анда, кантейин, кечинде эки жолу, — деп жылмайды жары.
— Тумар дейм, жайында мындан жакшы да, жарык да жаңы жер үй салып алабыз.
Карагайдын этегине түшүрүп койгон шырыктарым бар. Байдыкындай бийик жана жарык үй
курамын. Бай акымды көбөйтсө чакан боз үй да жасап алабыз. Мен үй турманын жасаганды
билем, колум уста эмеспи, көрөсүң го үйлүү болгондо, — деп көздөрү жайнай жарын карады
Арыкул.
— Болду эми, устаке, чайдан, талкандан алып тоюнчу. Азыр тиги бетеге жулганга барабыз да,
— деди Тумаркүл.
— Сен барбай эле койчу, «боюма бүткөнсүдү» деп жүрөсүң го, этият болчу, — деди Арыкул
жарын мээрим менен тиктеп.
— Апий... Сенин жаныңда жүргүм келет. Бир кызык айтайынбы, сени койнума катып алгым
бар... - деп Тумаркүл күйөөсүн жал-жал күлөбага карады.
— Кой эми, жөнөйүн, — деп, бетин сыйпай бата тилеген болуп, ордунан турду Арыкул.
— Арыке дейм, мен деле барайын, жардамдашайын, кар калың, экөөлөйлү, — деп жалооруду
жары.
— Устаке дегениң кайсы, менин тилимди албайсың, келе бери капты, айтпадымбы — барба,
— деп компойду Арыкул.
— Мейли эми, устаке, — деп кылгыра карап, жакындай капталына кыналды Тумар.
— Колкондон кутулам, эки жолу өбөм дебедимби, азыр бирөөнү, — деп жарын ийе тартып
оң бетинен өөп, капты алып тышка чыга ылдый чубап, бетеге жулганы бараткандардын
артынан жөнөдү Арыкул. Ээрчий чыккан Тумар эшик алдында жал-жал карап, жубайын узата
карап турду.
Ак карга чүмкөнгөн апай бет. Эркек-аялы болуп он чакты киши каптарын колтуктай,
күрөктөрүнө сүйөнө турушат.
— Он кадамдан аралыкта катарлаша жулабыз, — деп Ашыркул өзү кабын кар үстүнө таштап,
жыгач күрөк менен эни он кадам жерди күрөдү да: — Карагылачы, бетеге узун экен, — деп
тутамдап жула баштады.
— Ашыке, түбү муз тура, кыйын экен, — деди анын катарында чөп жула баштаган Беделбай.
Хан Ормон
— Түбүн муз коё берер эмес, жулунушунча жулабыз да, — деди бирөө.
Улам өйдөлөгөн сайын бут тайгаланып убара көбөйө баштады.
— Чурка, үйлөргө барып тайтуяк чогултуп кел, болбосо таканчыктоо кыйын болуп баратат,
— деп жанындагы уланды жумшады Ашыркул.
Ката элек жаш карды эки тарапка күрөй ыргытып, ачылган жерлерден бетеге жулуп,
тайгалана кыйындык менен иштеп жатышты.
— Ашыке, карачы, мына бу беттин өйдө жагы тике катташып турат, ошол жерден кар
бузулбаса экен, — деди күрөгүн таяна алаканын серепчилей өйдө көз жиберип турган
Беделбай.
— Мен да ошондон кооптонуп турам, күн өйдөлөгөндө ишти токтотпосок болбойт го, — деп
ишин уланта берди Арыкул.
Алды муз бетеге кыйындык менен колго келүүдө. Өспүрүм улан тайтуяк таратып жүрдү. Түш
оой, өйдө жактан кашааланган жапсарга ойлуу көз чаптырып турган Ашыркул:
— Болду эми, жулганды токтотуп, төмөн коктунун оозун көздөй жөнөгүлө, күн жылымдап
калды, тез болгула, — деп кыйкырды Ашыркул.
— Кокуй, Ашыке, акырын, жаңырыкка кар козголуп кетет, — деп ишин токтото төмөндөдү
Беделбай.
Араң калың түп болгон каптарын ийиндеген койчулар илең-салаң ылдыйлап, коктунун
аягын көздөй чубашты. Каруу-күчү толуп турган Арыкул баарынан алдыга озуп, бир кыйла
өйдөлөп кеткен эле. Беркилер коктунун таманына түшүп, ылдый кетип баратышты. Арыкул
чала бөксө капты ийиндеп, тайгалана ылдыйлап келатты.
— Арыкул, бол ыкчамда, кооптуу доош чыга баштады, бол, — деп акырын унчукту Беделбай.
Арыкул кабын көтөрө дүмүрөңдөй шашып келатат. Ал коктунун таманына түшкөндө башка
койчулар коктунун оозуна жакындап калышкан эле. Аңгыча күүлдөп келип, абаны жарган
кескин добушка удаа коктунун ичи уюлгуган ак тозоңго толду. Бир тынымдан кийин аягы
сүйрөлүп коктунун таманын жаба өйдө жагы опойо тирелген бийиктиги аркан бою кар
секиси көрүндү. Төмөндөгүлөр бир тынымга селейип кар тозоңун карап калышты да, анан
баары бир ооздон:
— Оо, кокуй, Арыкул, Арыкул кана? — деп кыйкырып жиберишти:
— Оо, Арыкул, кокуй күн! Кайдасың? — деп, кабын ыргыта секини айлана жүгүргөн
Ашыркул карга тыгыла аркы капталга өтүп, башын мыкчый тизелеп, чөгөлөй калды.
— Ой келгиле, четинен карды ачалы, мүмкүн кудай буйруп алып чыгарбыз. Кудай жардам
болсо, көчкү жүрөрдө кокту таманынан көрүндү эле, ортолой ачалы, келгиле, — деп кар бузуп
кирди Беделбай. Баары жабыла көчкү секинин четинен бузуп киришти.
Көбүнүн беттерин жаш жууп, үн дебей, үмүт менен карды ыргытышкан койчулардын
иштегенине эки эт бышымча болду. Арыкулдан дайын жок, күн жылтылдап тоо кыркасына
жашынып баратты.
Уу-дуу каңырыкты угуп чуркап чыккан Тумаркүл энтиге келип, кар бузуп жаткандардын
четине келип турду да, Арыкулдун жок экенин ар кимдин аялуу көз карашынан туя:
— Айланайын акебай, эмне балакет болду, акебай? Арыкулуң кана? — деп Ашыркулга боюн
таштай жыгылды.
— Азыр, азыр балам, азыр алып чыгабыз, — деп Ашыркул Тумаркүлдү сооротуу аракетинде
эки карысынан жөлөй аргасы түгөнө калтырап турду.
Аялдардын бири келип Тумаркүлдү кучактап тургуза:
— Тумаш, Тумаржан, ыйлабачы, ал тирүү, азыр алып чыгышат, — деп жооткото өзү да
бышактады.
— Арыке... Оо, Арыке, кечинде келем дебедиң беле! Мен жетимди талаада калтырасыңбы?
Жетелешип жүргөн жетимдер элек, оо, жараткан, мен бейбак, — деп сыздаган Тумаркүлдүн
ыйы көчкү үстүндө жаңырып турду.
Кыштоолорун кыдырып, көңүлү чөгөт болуп келаткан Көчөрбай көчкү жанында өзүнүн
келгенине көңүл бурбай, кар менен алектенип тургандарды карап, тизгин жыя болгон
кырсыкты баамдагансып турду. Кылчая кар ыргыта байдын келгени көз кырына түшкөн
Ашыркул күрөгүн таяна:
— Бай аке, Арыкулубуз көчкү алдында... — деп оюн бүтө албай, жашып кетти.
— Көзүңөрдү карабайсыңарбы? «Көчкү алдында калды» деп... — бир аз унчукпай турду да:
— оо, бийиги бир аркан бою, туурасы эки, узунун кара, муну жай бою алып бүтө албайсыңар.
Хан Ормон
Анын кай жерде жатканын билесиңер. Жазында табылат, убара болбогула. Жесирди
биздикине баш калкалаткыла, — деп атын моюнга чаап, үйүнө жөнөдү бай.
— Оо, айланайын акебай, «жесир» дейби бай! — деп Ашыркулга умтула чыңыра «акелеп»
турду кош бойлуу жаш келин.
Койчулар кар бузушуп, Арыкулду издешүүдө.
Малынын туягын санап, убайын көрбөй өп-чап өмүр кечирип келаткан сараң байдын жаш
жесир жөнүндө көөмөйүндө арам ою ойгонуп, ичинен кымылдап баратты.
Тоок жылы ушундай болду. Кеч күздө кар түшүп, кычыраган кыш босогого кирип келди.
Элдин көбү камсыз, камдуулар кемде-кем. Күнгөй-тескейин айрыгыс теребел көздү уялткан
ак мунарыкка бөлөнгөн. Сан-Таштын түбүнө жайланышкан жети байсалуу коргондун
тегерегинде кандагайларын жеңил кемселдерине шымданган он чакты жигит кар күрөп
жүрөт. Коргондун оор жыгач дарбазасынын алды күрөлүп, жол ачылган. Батыш бурчундагы
бийик секичеге чыга келген найзачан, кылыч байланган жигит айланага дүрбү сала көз
жиберип турат. Коргондун төрүнө туурасынан балык жондоно салынган, терезелери кенен,
там үйдүн эшик алдына кокон ыкмасында жыгачтан кыналып, сере жасалган. Серенин
түркүктөрүнө, маңдайкы кырдуу тактайына оюу түшүрүлгөн, кабелтең эшик алдында
куралдуу жигит турат.
Середен кирүүчү кенен бөлмөнүн алды тактайланып, килем төшөлгөн; төрүндө, эки
ыптасында оймолуу эшиктер; төрдө Ормон хандын суракканасы, эки жагында турак
үжүрөлөрү жайланышкан. Чептин тоо тарабында өзүнчө салынган үч бөлмөлүү үйдүн оң
жаккы кенен бөлмөсү аземдүү жасалгаланган, анда четтен келген коноктор күтүлөт. Эки
бөлмөгө Нажимүддүн ажыга тиешелүү — биринде намаз окулат, бири аалымдын турак
үжүрөсү. Ошол ыптада андан бир аз оолагыраак салынган жапыз там үйлөрдө чеп кайтарган
жигиттер, хандын үй кызматындагылар турушат; ашкана да ошол тарапта. Чептин суу жаккы
ыптасында үстү жабык акырлуу атканалар; ат жеми, эгин сакталуучу кампа, артындагы сары
кыр үйүлгөн чөптүн үстүнө түшкөн оор карды күрөп эки жигит жүрөт. Үйлөрдүн морлорунан
түтүн ыкшоо булайт.
Эки күн бою кыштоого кирген айылдарды кыдырып, элдин ал-жайын көрүп, кабагы бүркөө
кайткан Ормон хан сурак жүргүзүүчү бөлмөсүндө санын таяна ойлуу отурду. Эшиктен кирген
Саза салам айта кол алышып көрүшүп, хандын оң жагынан обочороок орун алды.
— Торугарт жактагы кербен жолунда Ат-Башы, Нарындагы элдин абалын билип келүүгө
сиздин жарлыгыңыз менен жиберген кишилер өлө-тала кайтып келишти. Ошол жактын
жайын сизге кабарлайын деп турам, — деп, бир аз копшоло сакалын сылай, оңдоно отурду
Саза.
— Ии, кандай экен? Ал жакка кар мындан да оор түшкөндүр, бечара эл кантти экен? — деп
суроо узатты хан.
— Таксыр, ал жактарга кар быяктан да оор түшкөн окшойт. Нарын, Ат-Башы, Жумгалдын
көкүрөк жактарына аттын омуроосунан кар түшүп, айылдар катташа албай калыптыр. АтБашынын Кара-Коюн, Нарындын Дөрбөлжүн, Жумгалдын Көк-Ой жактарына да тизеден өйдө
кар жааптыр. Мал жайытына чыга албай, колду карап калган имиш — кар күрөп жердин
бетин ачып, тескейден бетеге жулуп, эптеп жан сактап турушат экен. Кудай жалгап Кочкор
өрөөнү кара дейт, — деп сөзүн бүтө электе:
— Кудай тааланын ырайымы түшкөн жер да, атаганат, мурдараак камынып, эл майда малын
ошол жакка оодарганда абзел болот эле. Эми да эптеп жол ачып, мүмкүн болушунча Нарын,
жумгалдыктар малын ошол жакка көчүрсүн, Кочкор билермандары баш чайкашпасын.
Биздин атыбыздан жарлык айтып Жаманжээнди жиберебиз. Шамен ошол жакта эмеспи,
пейилин кең салсын дейбиз, — деди Ормон хан кабагын көтөрө.
— Таксыр, Ат-Башынын Ак-Сайдагы кыштоолорунда абал белгисиз. Кында, Богошту, ТашРабат ашуулар көздөн учуп калды дейт.
— Ал жакты берилетүү кыйын. Кадеми катып, калктын мойну чөп чаап алганга жар бербей
турбайбы. Кантишет жердин бетин ачып, бетеге жулгандан башка чара жок. Көчкү бир
жагынан айлаларын түгөтүп тургандыр.
— Аны эки айтасызбы, бир айтасызбы. Мүшкүлдү эл көчкүдөн көрүп жатыптыр. Оттуктун,
Кара-Үңкүрдүн ичтери эки-үч жеринен бөгөлүптүр.
Хан Ормон
— Ошол бөгөттөрдүн, Долон белинин ачылышына көз салып туруу зарурат. Үмөтаалы айла
таап жол ачат деп үмүтөтүп турамын. Элдин жуттагы малын Кара-Кужур, Кочкорго оодаруу
керек, — деди Ормон хан.
— Кудай жалгап, Чүй жагы жакшы экен; кар жеңил түшүп, мал-жан кадимкидей бейкам турат
дейт, — деди Саза.
— Бул жактан, айрыкча жутаган малды тескейден ошол жакка оодарткыла. Боронбай,
Самсаалы бийлерге ушуну кабарлаттыр, — деди хан.
— Алардын субай малдары сыртта, ал жакта деле кар оор болушу ыктымал. Тубар малдары
ичтедир, алар оруска ыктап, ымаласын бөлүп турбайбы. Биздин кеңешке кулак кагар бекен?
— деди Саза капыя нааразылыгын билдире, алдыртан Ормондун кабагын байкап.
— Муктаждык алкымдаганда аргасыз кулак төшөйт да, акыл салуу керек, — деди Ормон.
— Таксыр, Боронбай бий Кенесарыга каршы эл кошуунуна бирикпей, ногой тыңчысын
Омбуга жиберип, орустан кепилдик алгандан бери Сиздин амириңизди тутпай калды го дейм,
— деди Саза.
Ормон санын таянган калыбында бир тынымга унчукпай ойлуу отурду да:
— Ыркыбыз кеткенсип турат. Боронбай бийдин ич күптүсү бар экенин баамдачу элем.
Калктын кыйыры бузулганы турган кыйын кезеңде мойноп кеткени биз эмес Кудай алдында
да кечиримсиз болор. Антты, шертти аттаганы да, — деп ичинен күңгүрөнө өзү менен өзү
кеңешкенсип ойлуу отурду да, — көрө жатабыз, Омбуга көчүп кетпес. Андан көрө, алдыда
ышкырып келаткан тилсиз жоо — жуттан — элди аман алып калуунун камын көрөлү, —
деди жаалы келип, жаак эттери түйүлө ички дүйнөсү удургуп, эл бузарлыкты эми эле
жазалагысы келип турса да, сабыр кыла ой калчап турган хан.
— Аныңыз калетсиз, ошентсе да терс бурулуп бараткандын тизгинин тартып коюу абзелби
дейм, — деди «Боронбайды убагында теске салып коюу керек эле» деген ойдо жүргөн Саза.
— Терс бурулгандын тизгинин тартаар убакыт да келет. Жүйөлөшүп да көрөрбүз. Жүйөгө
келбесе... — деп сөздөрүнүн аягын купуя айткансып, ойлуу отурду Ормон хан.
— Менин баамымда, жүйө эле бийдин хан чөйрөсүндөгү мансаптардын бирине жетпей
калганындабы дейм, — деди Саза.
— Бар кеп, «хандын кеңешчилери да, баш бийлер да, кол башы да сарыбагыштан» деген
кусамат болорун мен адегенде эле туйгам. Бир эсептен жүйөлүү кусамат, бирок ошол саамда
иштин оңтоюна жараша болуп кеткен. Аны түзөп алууга болор эле. Боронбай оруска катуу
жабышып алганы кооптуу. Жанагы татар соодагер бекер жүрбөгөн экен көрсө. Ал Омбудагы
жандаралдын тыңчысы тура, Боронбайды көкүтүп, жерине жеткирген тура. Орусиянын элди
бөлүп-жарып алууга жасаган кутуму тура. Акыры зилдеп кетиши да ыктымал, көрө жатабыз,
— деп өзүн жубата отурду Ормон хан.
Хандын сөзү бүткөнүн туйган сезимтал Саза:
— Таксыр, кыштан чыгуу жөнүндөгү сиздин жарлык сөздөрүңүздү кабарлап, Ат-Башы —
Нарындын, Кочкор — Жумгалдын, Кемин — Чүйдүн билермандарына чыйрак жигиттерди
кош аттап жөнөтөлү, — деп ордунан козголду Саза.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 32
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.