Latin

Хан Ормон - 30

Total number of words is 3975
Total number of unique words is 2283
27.4 of words are in the 2000 most common words
39.3 of words are in the 5000 most common words
46.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
бар.
— «Жатакчы-ороочу» деп көпчүлүк эл жеригени менен Чүйдөн, Кашгар жактан эгин ташып
ала албагандар, акыры келип эле ошол ороочуларга жагынып, жетер-жетпес ун-талкандык
алып турушпайбы? Мал да бакпай, эгин да экпей, ар кимдин ирегесин аңдып эптеп жан
сактагандар канча. Ошон үчүн хан жарлык чыгарып, элди жер тырмалаганга ийиктиргиси
келип турат го. Ырыскыны Кудайым жерге чачкан тура пендеси жыйып жесин деп. Мал да
ошол жердин чөбүн оттоп өсүп атпайбы. Сары-Өзөн Чүйгө кээде каттап жүрөбүз. Төрт түлүк,
эгин, жер-жемиш ошол жерде экен го. Чепке байырлаган сарттарды көрүп, солто, тынай
туугандар аздан болсо да жерге илээше башташыптыр. Алла тааланын жерге чачкан
ырыскысын эмгектенип терип алуу керек. Уулум, мен өз уулум Алтымышбайга да айтып
жүрөм: «Мал деген ышкырса жуттуку, айкырса жоонуку», жерге төккөн маңдай тер, таман
акың ар дайым өз колуңда болот, — деп сөзүн үзө бир азга тунжурай өткөнгө сереп салгансып
ойлуу турду да, сөзүн улады: — Албетте байыркыдан бери элибиз көчүп-коно мал менен өмүр
улап келатканы ырас. Оо, ал кезде шарт башка, кыргыз жери ээн, бир орунда жут болор
белгиси туюлса, башка жайлуу жерге көчүп кетип, кайра жылдыз оңолгондо кайрыла көчүпконо аман жүрүшкөн. Азыр эмне — бир жагыңда чиндер, бир жагыңда сарттар, ал эмес
орустар келатат имиш. Жер тарыды. Шартка жараша оокат өткөрүү абзел. Биздин убакыт
өтүп баратат. Силердин өмүр жаңы нукка өтөбү? Калыгул меселдеткендей, кыйын заманга
туш келер бекенсиңер, — деп башын ийкей келечекке көз жибергенсип отурду кең
пейилдигинен улам босогосу майлуу жарды-жалчыларга кайрымдуу, эл ичинде кадырман,
көптү көргөн Өсөрбай.
Чайга бата тиленип дасторкон жыйылгандан кийин:
— Бай аке, сизге учураштым, эми жолума түшөйүн, — деп турууга камынган Кенжебайды:
— Отур, байбиченин казаны куру эмес го. Даам сызыш биз менен, ыраматылык Турганбай
ушул уулумдун эр жеткенин көрөр бекенмин деп жүрүп көзү ачык кетти эле. Кайриет, мына
сен очор-бачар болуп, үй ээсисиң, — деп байбичесине көз жиберди.
— Бышып калды. Эшкожо, айланайын, сен шорпо узатчы, байга. Келин ийменет эмеспи
атасынан.
Ушул үйдүн кызматы мойнуна артылган жигит колун жууп, шымалана казан-аякка киришти.
Тамактан кийин дасторкон үстүндө Өсөрбай алакан жая:
— Оо, кудурети күчтүү теңир Алла, алсыз кулдарың өзүңдөн ырайым күтөбүз. Элди эсен,
журтту байкер кыла көр! Ышкырган жуттан, ырайымсыз жоодон, хандын каарынан, кара
өзгөйдүн дооматынан сактай көр, — деп бата тиледи. Кол жууй ордунан турган Кенжебай:
— «Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн» дегендей, сизге учурашып, насаатыңызды угуп,
чыйралып калдым. Күндүн ачылышын күтүп отурбай, кыштоомду оңдоп алайын, — деп
Өсөрбайга кол берип, эшикке жөнөдү.
— Алланын амириндебиз, бар бол, уулум. Бай да, жарды да бул жалгандын беш күндүк
убаракерлерибиз. Кудай ишиңди оңдосун, — деди да, — байбиче жаным жер тартып турат,
жай даярдачы, — деп байбичесине карады.
Эшикте ызгаарлуу кара жамгыр төгүп турду.
Эл кыштоого шашылыш кирди. Асман бозомук тарта күндүн көзү көрүнбөйт. Айлана
боз мунарыкка чулганып, кар лапылдата жаап турат. Нөшөрлүү жамгыр кечээ кечинде
басыла, мал-жанды кайыктырган кара суук коштоп турду эле. Эртең менен буюктурган
каардуу сууктан мал короодон жайытка чыга албай калды. Баш жагы карагайлуу зоока,
таманы кенен, күнгөйү кумдак дүйүм чөптүү, тескейи жайык бетегелүү, шамалга ыктоо,
малга жайлуу эки короо кой кенен сыйуучу кыштоо, төрт миңден ашык кою, үч үйүр
Хан Ормон
жылкысы, башка бодо малы да арбын Көчөрбайдыкы. Бай мындан башка да үч кыштоону
ээлейт. Коктунун башындагы күңгөй зоокага ыктай салынган жер кепелердин өйдөкү
чоңураагы байдыкы. Анын жанына 9 канаттай үй тигилип, кереге түбү тегерете көмүлө, кош
кабат жабууланган үй да байдыкы. Күңгөй тарапты бойлой салынган үч-төрт жер кепе мал
баккан малайлардыкы. Кар алай-дүлөй бурганактап жаап турат. Жалама зоока ташка ыктата
кырдалган үч таш короодо койлор топтоп болуп бөлүнүп, бири-бирине ыктай турушат.
Бурганактан айлана боолголонбой, туш тарап кардуу боз мунарык.
Айлана жымжырт. Боз үйдүн бакан менен көтөрүлгөн түндүк жабуусу алдынан түтүн
ыкшоо булайт. Коломтодо көң каланып, темир асмага капкактуу чоюн чайнек асылган. Эки
жак капшытка өрө кийиздер, төргө көөнөрөөк ала кийиз салынып, курама саксак көлдөлөң
төшөлгөн. Эр жак керегенин баштарына байдын чепкени, ичиги, тебетейи, камчысы илинген.
Эпчи жакта чырмалган чыгдан тартылган, босогодон өйдөрөөк чыгдан жанында керегеге
жөлөнгөн чоң казан. Чыгдандан өйдө кийиз аяк кап илинген, терме шалча жабылган такта
үстүнө анча бийик эмес жүк жыйылган, үстүнө бозомук мата тыштуу эки кишилик жаздык
коюлган. Отко чукул тартыла салынган көлдөлөңдө кырма кара аякка эзилип май салынган
ысык курутту шурулдата ууртай, малдаш уруна Көчөрбай отурат; башында тери малакай, боз
пиязы кемселине мата кур курчанып, көбөлөнгөн ак тонун желбегей жамынган. Малакай
кырынан көрүнгөн кууш маңдай, ак аралаган узун кара каштары, сурмасыз сүйрү көздөрү,
таноосу кенен кырдач мурун, сүйрүлөнгөн көк ала сакалы көптөн бери серпилбеген,
түйрүгүрөөк эриндеринен кимгедир нааразылык сезилгенсийт. Кара аякты шуулдата ууртай
алдына коюп, мурутун жаный:
— Асмандын төбөсүн тешип жибергенби Теңири, же бизде өчү барбы? Минтип отурса малдан
кол жууйбуз го, — деп өзүнчө күңгүрөндү.
— Капырай, Секиндин атасы, кантесиң Кудайга сөз тийгизип: бүркөлгөн күн ачылаар, көп
көргөндү көрөрбүз биз да, — деп Көчөрбайды карады, төрдүн эпчи жагында ийик ийрип
отурган жеңил кийме элечекчен байбиче, кара кемселине саймасы көөнөргөн күрөң
белдемчинин этектерин тизе алдына жымырып оңдонуп отура.
Байбиченин жашы алтымыштан ашса да бою-башы кагелес, сурмалуу кара көздөрүнүн нуру
жанып, ырайымдуу тиктейт.
— Көрөрмүн көпчүлүктүн сенин казаныңа аш салып бергенин, малдан кол жууп калсаң, —
деп «бурк» этти бай.
— Ботом кантесиз, азырынча мал-жаныңыз эсен турат го. Күн мурунтан жамандыкка
жорубаңызчы, — деди байбиче байдын көңүлүн жубаткысы келип.
Аңгыча эшиктен кирген узун бойлуу, кара тору келин жоолугун ылдый тарта, көкүрөгүн баса
жүгүндү.
— Тилегиңди берсин, Курмаш балам, чайнекти карачы — чай кайнаса демдечи, атаңа чай
берели, май кошуп эзилген курут суусатат эмеспи, — деп байга көз жиберди.
Дасторкону алдыга келгенде эшиктен салам айта үч короо койдун койчуларынын мал эсебин
жүргүзүү иштерине баш көз болуп жүргөн байдын чоң койчусу, жашы кырктан ашкан, орто
бойлуу, тууралжын, тегерек бет, сакал-муруту сейрек, келте мурун, ээрди калың, шырылган
көрпө тебетейин баса кийип, кара таар кемселине кайыш кур курчанган Ашыркул кирди.
Анын саламына ээрдин бүлк эттире кош көңул алик алган бай:
— Кандай, күндүн арты ачылчудайбы? — деди.
— Оңой менен ачылчудай түрү жок, кардуу бороон көздү ачырбайт. Койлор короодон чыга
алар эмес, кечетен бери ачка, айлам кетип... — деп, оюн ачык айта албай, отуруудан жазганып,
бай, байбичеге алмак-салмак көз жибере ыргылжың турду.
— Ашыке, отур, жөн-жайыңды отуруп айт. Курмаш, чай куй, акеңе, — деди жөн билги
байбиче.
Көчөрбайдын түнөргөн түрүнөн айбыккан Ашыркул чай ууртап, унчукпай отурду.
— Эмнеге унчукпайсың, айтпайсыңбы эмнеге айлаң кетип турганын, — деп бакылдады бай.
— Бай аке, айлам кеткени: мал ачка, асканын түбүнө жыйылган бир аз чөп бар эмеспи, — деп
сөзүн бүтө электе, бай:
— Биртике чөптү эмитен чачсаң, жазгы сары кар очойгондо кубарыңдын башын чачасыңбы?!
Күрөк менен тескей бетти ачтырып, бетеге жулдур бекер отурган койчуларга. Өлүп
кетишпейт; малдын убайын көргөн ошолор; бетеге — узун оңой жулунат; ар бирине бирден
күрөк, бирден кап бер, — деп «бурк» этти айласы кетип отурган Көчөрбай.
Хан Ормон
Чынынын оозун баса ыраазычылыгын билдирип, бата тилеген болуп, Ашыркул үйүнө
жөнөдү.
ЖУТТАН КҮЧТҮҮ...
Төш таяна жерди каза салынган Ашыркулдун кепеси. Чүпүрөк калкаланган терезеден түшкөн
жарык кунарсыз. Капшытындагы дөңгөчкө коюлган май чырактан кепенин ичине күңүрт
жарык түшүп турат. Кире бериштин оң жагындагы морлуу очоктон көң жыттанган жылуулук
үй ичине тароодо. Очокко асылган капкактуу казандан эттин жыты келет. Төргө бир кертим
жүк жыйылган; жерге калың өрө кийиз төшөлүп, үстүнө — төргө чукул — көөнө шырдак
салынган, ага жанаша — жылкы тери талпак жайылган.
Койчулар мал камын сүйлөшөлү деп Ашыркулдукуна чогулушкан. Отургандардын жашы
улуусу элүүлөрдөн ашып калган Беделбай төрдө жыл жайынан кеп салып олтурат. Эшик
ачыла суук шамал илебин ээрчите Ашыркул кирди.
— Ой, сенин кеткениңден келгениң бат болду го, Ашыке. Бай эмне дейт? Чөп чачпасак мал
кырылат го, — деп Ашыркулга суроолуу карады Беделбай.
— Байдан оңгулуктуу сөз укпадым. «Чөптү азыр малга бербегиле. Жазгы сары карга сактайм»
дейт, — деп шаабайы сууй кирген Ашыркул отургандардан төмөнүрөөк орун алды.
— Капырай, кызык киши го. Эмитен кырылып калса, сары карда кайсы малына берет? — деп
таң калды төмөнүрөөк отурган отуздардагы кер мурут, кара сур бакыраң көз жигит.
— Азыр бетеге жулуп бергиле, мал өлбөсүн дейт, — деди Ашыркул, анан аялын карап: —
Асылкүл, тамагың быштыбы, булар менен чогуу отуруп жейли, — деди.
— Бир азда бышат, сорпого салынуучу талканды элеп койдум, — деди аялы.
— Ой, Ашыке, кыйын болот го. Кардын калыңдыгы жарым кезге жетип калды, — деди анын
катарында отурган кара сакал койчу.
— «Карды күрөгүлө» дейт, оозу менен айткандан Көчөкемдин эмнеси коромок эле, — деди
Ашыркул.
— Күрөгөн күндө да нөшөр басылгандан кийинки кара суук чөптүн түбүн тоңдуруп муз
кылып койду го. Пай, пай! Кантээр экенбиз эмитен минтип турса. Кудай эле өзү сактабаса —
бул чоң жуттун белгиси го, — деди койчулардын сакалдуусу Беделбай.
— Кантебиз, күн ачылса жердин бетин күрөктөп, ачыкка малды чыгарабыз го. Жулунса
бетеге да жулабыз — айла барбы. Кадемиң каткырдыкы, жайында чөптү кенен чапканда мал
жутабайт эле да, — деди Ашыркул.
— Айтмакчы, Өсөрбай аке өткөн жайда койчуларын, башка малайларын топтоп, жумасына
экиден ирик союп, айран, кымызы менен жакадагы шалбаалардан, кыштоолорунун коктуколотторунан чөп чаптырбадыбы. Чалгы, ороктору да шайма-шай экен. Акылдуу киши да,
көрсө катаал кышка алдын ала камынган тура, — деди Беделбайдан бери отурган боз таар
кемселчен, байтал көтү тебетейин баса кийген боз чаар, сакал-муруту сейрек элүүлөргө жаңы
келген киши.
— Көптүн камы жок, байдын баары Өсөрбай эмес да, малайларына акыны жакшы төлөйт,
курсагы ток, көңүлү тынык болгондон кийин алар да көңүлдөнүп иштеп бергендир, — деди
Ашыркул.
— Мурдагы күндүн аркы күнү Жар-Булактагы Өсөрбайдын койчуларынын бирине жолуктум.
Бай малын кыдырып көрүп, кара нөшөрдө оттой албай этинен түшүп бараткан койлордун
абалын байкап: «Жыл каат болгону турат. Мал өлүмү көп болчудай, арам өлгөнчө четинен
кармап, союп жей бергиле. Берекесин кудай берет» дептир, — деди четтерээк отурган
койчулардын бири.
— Атаганат, биздин бай аке ошону көрсө боло, жаны чыкмайынча бычак салдырбайт
битиреп, — деди дагы бирөө.
— Биз эмес, өзү деле майлуу сорпону кемде-кем ичет, «өлүп кала электе» деп малынын
арыгын тандап сойот, — деди жанагы койчу дагы сөзгө аралаша.
— Биздин да маңдайга бүткөн ырыскыбыз бар. Кудайдан жакшылык тилейли, — деди
Беделбай.
Аңгыча эшиктен ээрчише жыйырмага чыгып чыга элек орто бойлуу, кең далылуу, маңдайы
жазы, кырдачыраак чолок мурун, эринин үстү жаңы түктөлгөн кара сур, бакыраң көз жигит,
жоолугун бүркөй салынып, кара кемселчен кыргый мүчө, кымча бел, кызылы - кызыл, агы 218
Хан Ормон
ак, субагай жүзүнө кырдач муруну, ак маңдайы, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара
көздөрү, бөрсөйгөн эриндери төп келген он жети-он сегиз жаштардагы келин киришти.
— Келгиле, жана эле келип жеңеңерге кол кабыш кылып берсеңер болмок, өткүлө, орун
алгыла, — деди үй ээси Ашыркул.
Жигит отургандардын четинен орун алды. Келин Асылкүлдүн жанына өттү. Бул экөө байдын
ирегесинде жетим жүрүп, козу-улакка көз болуп, отун-суу алып чоңоюшкан Арыкул менен
Тумаркүл эле. Ата-энелери байдын кызматында жүрүп көз жумушкан. Эрезеге жеткенче бир
өсүп, бири-бирин жактырып, өткөн жылы баш кошушуп, жолум алачык көтөрүп алышкан.
Кыштоодо жер кепелери бар. Арыкул кой кайтарып, Тумаркүл байдын отун жагып, күлүн
чыгарып, кирин жууп, ирегесинде кызмат кылат.
— Эшикте кандай, Арыке, күндүн арты түрүлгөнү байкалбайбы? Кудайдын күнү ачылып
кетсе экен, мал-жанды кыйнабай, — деп жигитти карады Беделбай.
— Кар боройлоп жаап турат, асманы кайсы, жери кайсы белгисиз, теребел агарат эле агарат,
билбейм аке, ачылчудай түрү жок, — деди Арыкул.
Жашы баарынан бир кыйла улуу, Турдуке бийдин балдарын окуткан кашкарлык молдодон
таалим алып арип таанып, ар нерседен кабардар болуп көзү ачылып калган Беделбай:
— Күн ачылып, жааган кар кетет. Кабакты бүркөбөйлү, кабактан жааган кардан Кудай
сактасын. Ашыке, келе комузуңду, силерге бир аз эрмек болуп берейин, — деп, комузду
колуна алып, шыңгыратып кулагын толгоп, күүгө келтирип, «Насыйкатты» черте баштады.
Жер кепенин ичин мукам кайрыктар ээледи. Комуздун бирде обологон кайраттуу, бирде
күңгүрөнгөн ойлуу, бирде тагдырдын тайкы учурун баяндай сыздаган муңдуу, бирде ичинен
кайрыла эргип, келечекке сереп салган үмүттүү кайрыктары бурганактуу ак мунарыкка
таралып турду. Акыркы эки кайрыгынын ыргагына сала үн кошуп, аргасыз которулуп, ата
конушун сагынган элдин үмүттүү зарын баяндаган коңур үн комузга коштоло
отургандардын көңүлүн эргитти.
— Баракелде, Беке, колуңуз менен кошо карыңыз. Бүркөлгөн күндү, эртең эмне болоорун
эстен чыгарып, куунаттыңыз го бизди, — деди үй ээси.
Азияны титиретип, ат туягы Кырым-Урумга жеткени Чыңгыш, Батый, Жоочу хандардын
тушунда жаралган «Кет Бука», «Айхан», калмактар менен кармашта жоо кайрып өткөн «Бек
арстан тайчы» күүлөрүнүн маанисин түшүндүрө, кээде күү ыргагына үн кошо,
отургандардын оюн арбап, жакшылыкка үмүттөндүрүп отурган Беделбай комузун жүккө
таяп, сакалын сылай малдашын түзөп оңдонуп отура:
— Оомалуу-төкмөлүү, бүгүн бар, эртең жок дүйнө. Мен байдын балдары менен бир жай
кашкарлык Махмуд молдодон арип таанып, таалим алган жайым бар. Ал киши кудайы момун,
аалым боорукер киши эле. Кембагал болсом да мага байдын балдары менен бирдей көңүл
бөлүүчү эле, жарыктык. Ошол кишиден икаяларды, акылдуу сөздөрдү угуучу элек. Окууну
уланта албай калбадымбы. Ошол киши айтчу эле: «Бир күнү жакшы санаалаштар менен
куунап отурганың бир жыл өмүргө тете» деп. Анын сыңарындай, силерге эрмек болуп
берейин, — деди.
— Ыракмат, Беке, сиз өзүңүз айткандай, эртеңкинин кайгысын эстен чыгарып, жыргап
отурабыз. Ээ, Асылкүл, Бекемдин тамагы кургады го, чай берсеңчи, — деди Ашыркул аялына
кайрылып.
— Чай даяр эле — чөөгүн кайнап турат, азыр, — деп Асылкүл илбериңки кыймылдап, чай
демдей салды да, Беделбайга сунду. Чайдан ууртап, алдына коё, тамагын кыра сакалын сылай:
— Мен аттарын айтпай эле коёюн. Касиети, дасторкону кенен, жарды жалчыга кайрымдуу
бай, малынын туягын санап битиреген, дүнүйөкор сараң байлар жөнүндө кеп болуп өттү. Ар
ким пейилинен табат экен. Кудай таала калыс тура. Ошого мисал кылып дамбылдадан уккан
бир икая айтып берейин, — деп оңдонуп отурду Беделбай.
— Айта бериңиз, Беке, кулак сизде. Асылкүлдүн тамагы бышкыча дагы кыйла бар, — деди
үй ээси.
Беделбай, чайдан ууртан, тамагын жасай сөз баштады.
— Мындан отуздан ашуун жыл илгери, Какшаалдагы нойгут кыргыздарындагы төрт түлүгү
шай, он миң кой, миң жылкы, Ойсул-Ата жалгаган төө, Зеңги-Баба жалгаган уй тукуму да
арбын, Үрүмчү, Үч-Турпан, Кашкар, Анжиян, Аркага кербен каттатып, өлүү мүлк, алтынкүмүш зер жыйнаган Мундузбай сексенди серпип калган курагы. Жайдын толук кези. Он эки
канат жасалгалуу боз үйдүн төрүндө аюу талпакта бай сейрек сакалын сылаган болуп ойлуу
Хан Ормон
отурат. Жакасы ачык жегде ак көйнөктүн сыртынан шырылган көк чыт чапанын желбегей
жамынып, кенен чалбарынын багалектерин көн маасынын кончуна кийире малдаш урунган
калыбында, башындагы тепчиме ак топусун желкесинен өйдө жылдыра копшолуп, суйдаң ак
каш, тайкы кабак алдындагы курчу кайта тунарган көздөрүн чыгдандан өйдө отурган
байбичесине жибере:
— Ой кемпир, кандай дейсиң, мен Мекеге ажыга барайын дедим. Ажыга барган киши тозокко
түшпөйт дейт. Ошентиш керек. Түндө түшүмдө мени бирөө жалындаган отко түрткүлөйт.
Чочуп ойгонсом жүрөгүм лакылдап калыптыр. Уктай албай чыктым, — деди.
— Ажыга барганыңыз жакшы деңизчи. Ажыга баруучу киши ага-тууганын чогултуп,
ыраазычылык суранат дейт го, — деди тытып отурган жүнүн токтото, ак жоолугунун
учтарын тегерете башына чүркөгөн жетимиштердеги кагелес, кара тору байбиче.
— Болбогон кепти саласың. Ыраазылашкандай мен бирөөлөр менен мушташтым беле.
Топуратып эл чакырып, ашык чыгым чыгаргандан көрө, ошол каражат менен Мекеге
кетейин, — деди бай.
— Ботом кантесиз, Ырайымбектин атасы, мушташпаса деле тирүүлүктө өйдө-төмөн
мамиледе нааразычылык болбой коёбу? Ага-инилериңизди, тең курбу карыяларды чакырып,
ыраазылашканыңыз оң. Нааразылыгы, күнөөсү жок пенде болобу? — деди байбиче жүнүн
тыткан калыбында.
— Ээ, катынсың да, наадан... Мен ошо күнөөлөрүмдү кечирип, тозокко түшүрбөсүн Кудайдан
сурап Мекеге барамын да, — деп алаканын жая кемпиринин билимсиздигине таң калганын
билгизди Мундузбай.
— Капырай, Сизге түшүнбөдүм, анан жөн эле кете бересизби жалгыз, Меке-Медина алыс
дешет го, — деди айласы арыган байбиче.
— Арийне, жалгыз баргандай келесоо белем. Ысагалы карыны кошуп аламын жаныма. Ал
куранды жат билет, жердин жайын билет. Кызматымды кылып, жол көрсөтүп жүрө берет.
Менин шарапатым менен өзү да ажы болуп келет, андан көрө чакырт, аны, эрте күндү кеч
кылбай, жол камын сүйлөшөлү, — деди.
Байбиче жыла тышка чыгып, бир аздан соң кайра кире:
— Ырайымбектин тестиерин жибердим бийдин балдарын окуткан үйүнө, — деп, ордуна
отуруп, ишин улантты.
Көп өтпөй эшик ачылып, чарчы бойлуу, денеси чымыр, кырбуусу жумуру кара баркыт
тышталган кашкар тебетейчен, кызыл чырай, калың кара каштуу, сурмалуу көздөрү
сабырлуу тиктеген, сакал-муруту жаңыдан кериле баштаган, тик жака кара кемселине
саймалуу белбоо курчанган жыйырма беш, отуздардагы жаш жигит кирип, көлөчүн чечип,
колун көкүрөгүнө баса:
— Ассалому алейкум, бай аке, Аллах тааланын шарапаты тийип, саламат жүрөсүзбү? — деп
салам айтып, ызаат кылып турду.
— Алейки салам, Ысагалы кары, мындай өт, кеңеше турган шашылыш иш чыгып калды, —
деп орун көрсөтө колун жаңсады.
Орун алып отура Ысагалы байга суроолуу көз жиберди. Ал жаш чагынан жетим калып,
Кашгарлык дамбылданын ирегесинде отун-суусун алып, кызмат кылып, окуганды үйрөнөт.
Зээндүүлүгүнө ыраазы болгон дамбылда өз балдары катары окутат. Кудай таала аалым болуу
шыбагасын ыроолоп, өспүрүм балдар ичинен өтө мыкты окуйт. Дамбылданын шакирттигине
жетип, жыйырмага жетип-жетпей Кураны-каримдин маанисине түшүнө жат билип, «кары»
даражасына жетет. Дамбылданын өз уулундай кызмат кылып, жума намаздарда жамаатка
имам болуу ишеничин алат. «Үйрүн сагынбас ат болбойт, элин сагынбас эр болбойт»
дегендей, кыргыз ичине келип, арасынан туугандарын таап, бирден-бир билимдүү акылман
катары кадыр-барк күтүп, элди намазга жыгып, байдын жыйган балдарын окутуп жүргөнүнө
үч жылга аяк басты.
Байдын чакырыгына кадыресе иштердин бири го деп бейкапар келген аалым алаканын жая
эл-журтка жана ушул үйгө жакшылык каалап бата тиледи да:
— Дилим сизде, бай аке, чакырткан экенсиз, — деп байды карады.
— Чакыртканымдын жөнү, сени мени менен ажыга барып келсе деп турам, — деди бай.
Санаасы жетип, колу жетпей жүргөн шарапаттуу сунуш дилин жылытып, эндирей түшкөн
аалым үн дебей ойлуу отурду. Төрт түлүгү, дүйнө-мүлкү жай болсо да, малынын зекет,
Хан Ормон
садагасын ыргылжың болуп сүйрөй төлөгөн сараң байдын сексенди таяганда
мусулманчылык парзды ойлогонуна таң калып да, ыраазы болуп да турат эле.
— Эмне унчукпай калдың, Ысагалы-кары? Менин сунушумду туура көрбөй турасыңбы? —
деди бай.
— Ажыга баруу менин эс тартканы самап, дилимди бийлеп жүргөн кол жеткис аруу тилегим
эле, бай аке. Сиздин сөздөрүңүз дилимди жибитип, унчукпай отурган элем, — деди Ысагалыкары.
— Андай болсо жөнөйлү, мен түш көрдүм. Ажыга барган киши тозокко түшпөйт деген
чынбы? — деп карыга үңүлө карады бай.
— Баары Аллахи тааланын колунда. Албетте Мекеге барып зыярат жасаган момун
мусулманды пайгамбарыбыз Мухаммед алейихи ва салам сиапатына алып, Аллахи таала
ырайым этери ак, — деди аалым.
— Жакшы экен. Анда сен ажыга барып келүү чыгымын тактагын. Экөөбүз үчүн барыш-келиш
баардык чыгым менден болот. Канча пул керек — табылат, — деп компойду Мундузбай.
— Мусулман падышачылыктарынын, же орус падышасынын алтын акчалары керек. Мен жол
жайын билгендерден сураштырып тактайын, — деди, каруу-күчү кайткан, сексендеги сараң
чал менен алыска сапар тартуунун канчалык машакаттуу экенин туюп турса да, Аллахи
тааланын алдында мусулманчылыктын улуу парзын өтөө мүмкүнчүлүгүнө чексиз ыраазы
болгон аалым.
— Токтоңуз, токтоңуз, карым, аркы аптада жөнөйлү, — деди бий. Аалым ыраазычылыгын
билдире таазим этип, жол даярдыгын көрүүгө жөнөдү.
«Жол азабы — көр азабы» дегендей, Кызыл деңизде Мундузбайдын шайы кетип, жээкке араң
чыгышты. Бедөөлөрдүн төөлөрүнө экөө тең мине күн алыс жол жүрүп, Мекеге жетишти. Араб
тилин, мусулманчылыктын жайын толук билген Ысагалы-кары бейтап чалды чатырга
жылуу-жумшак жайгаштырып, тамак-ашын даярдап, түнөп чыгышты. Эртеси касиеттүү
Каабада зыярат башталды. Бейтап чалды жөлөп-таяп, эл аягында илкий эптеп намаз окуп,
ыйык Каабаны айлана жетелешип жүрүп чатырга келишти. Каруу-күчү толуп турган
илбериңки Ысагалы-кары бейтап карыяны жумшак жайга отургузуп, тамактандырып, түнкү
эс алууга өтүштү. Сексендеги карыя үчүн чоочун жердин ысык түнүндө таң машакат менен
атты. Эртең менен тамак даярдап, дасмал жая даам коюп, бата тилей чай сунуп:
— Алыңыз, бай аке, Аллахи таала буйруп, иншалла, Арафат тоосуна чыгып, пайгамбарыбыз
Мухаммед алейхи салам жүргөн касиеттүү жерлерди басабыз. Хазрети Ибрахим
пайгамбарыбыз курмандык чалган жерде болуп, шайтанга таш атабыз. Иншалла, курбандык
чалабыз. Анан касиеттүү Мединага барып, пайгамбарыбыздын кабырстанына зыярат кылып,
куран окуйбуз. Зыярат, зыянаттарды бүткөндө, иншалла, жерибизге кайтабыз, — деди.
Колу калтырап, чыныны араң узаткан Мундузбай:
— Ысаке-кары, менде шай жок, ал жерге жете алчудай эмесмин. Мен ушул жайда эле болоюн.
Тамак-аш, сууну жаныма коюп кет, сен келгенче эптеп турамын. Өлбөсөм эптеп илээштире
эл-жерге ала кет. Кызматыңды өмүрүмдө да, кыяматта да унутпасмын, — деди.
— Ээ, жарыктык, Аллахи тааламдан зор үмүт күтүп, ушунча жол басып, касиеттүү ыйык жерге
келип, толук зыярат өтөбөй кетет белеңиз. Сизди мойнума көтөрсөм да Аллахи таала
алдында ажылыктын жол-жобосун бирге өтөйбүз, — деди Ысагалы-кары.
Чай ичиле бата тиленип, дасторконду жыйып тышка чыгарда Мундузбай чал ордунан тура
албады.
«Аллахи таала менин мойнума бул адамдын ажылык ыйык милдетин өтөөгө жардам берүү
парзын таккан экен. Мен да Кудайдын сүйгөн пендеси экенмин. Ажылыкка келгениме себеп
болгон момун мусулманды көтөрөйүн» деп, Мундузбай карыяны көтөрүп, Арафат тоосуна
бараткан ажылардын агымына кошулду Ысагалы-кары. Ак сакалдуу карыяны көтөрүп, ажыга
келген мусулман жаш жигитти зыяратка бараткандар ызаат кыла алдыга өткөрүштү.
Көтөрүп жүрүп, зыяраттын баарын өтөп бүтүп, касиеттүү Мединага келип түнөштү. Эртең
менен Мундузбай демейдегисинен да алсыз абалда турду. Ысагалы арыдан-бери дасторконго
даам коюп, карыя шеригине чай берди.
— Иншалла, бай аке Кудага шүгүр, экөөбүз тең ажылык расмийлерди толук өтөдүк. Алла
таала кабыл этсе ажы болдук. Эми элге кайтабыз. Жакшы тамактаныңыз, бүгүн Кызыл деңиз
жээгине жол тартабыз, — деди байдын алдына жер-жемиш, нан жылдыра өнтөлөгөн
Ысагалы.
Хан Ормон
— Ай билбейм, мен өлөмбү деп турам, өтө алсызмын, дем алганым да оордоп турат, — деди
алсырап турган Мундузбай.
— Кадырыңыз жан болсун, бай аке, иншалла элге аман-эсен жетип, той беребиз. Мен азыр
бедөөлөргө барып сүйлөшүп, төө алып келип себетке отургузам да, жөнөйбүз элди көздөй, —
деди Ысагалы.
— Ай ким билет, сен кетсең, тиги талкан баштыкты, сүттү менин жаныма жылдырып кой.
Эптеп өзөк жалгап турайын, — деди бай.
Бата тилей дасторконду жыйнап, байдын өтүнүчүн орундатып коюп, бедөөлөргө жолугуп,
жол жайын сүйлөшкөнү кетти Ысагалы-кары.
Күн чоң шашке. Бедөөлөр менен эртең эрте жолго чыгууну макулдашып, санаасы тына келген
Ысагалы чатырга кирсе, көзүң жамандыкты көрбөсүн — Мундузбай ийилип жансыз жатат.
Жанында сүткө талкан көөлөгөн табак, табактын ичинде талканга аралаш бир алтын динар
жылтырайт. Өлүктүн оозунан жута албай калган талканга аралаш дагы бир алтын динар
чыгып турат. Жерде байдын алтын акча салган калтасы бош жатат. Бул окуяны акылына
сыйдыра албаган Ысагалы шалк эте жерге отурду. Эки колунун алакандары менен чекесин
сүйөй бир кыйлага өзүн жоготуп турду. Өлөөрүнө көзү жеткен сараң бай «артымда алтын
пулум бирөөгө калбасын» деп акыркы күчүн жыйып, алтын динарларын табакка төгүп,
талканга аралаштыра сүткө көөлөп жуткан экен. Тамагына динар тыгылдыбы, же алтынын
жутуп бүткөндөн кийинби — жан таштаптыр. Ысагалы-кары келме келтирип, ак сакалына
талкан жабышып, бүрүшө жаткан өлүк денени карап турду да: «Оо, Жараткан, иманым бүтүн
болсун, жаңылышсам мени кечир, бул маитти (өлгөн кишини) өз даргейиңе кабыл ал,
ажылык парзын өтөйүн деген үмүт менен келди эле» — деп аят окуп, бата кылды да, өлүктүн
оозу-башын, сакалын тазалап, түзөтө оңдоп жаткызып, бетин жаап коюп, тышка чыкты.
Жанында бир динар пулу жок. Бай күн сайын чыгымдалуучу алтын акчаны ченеп берип,
кечинде эсебин сурап, артканын калтасында сактоочу. Калтада калың түптөн жогору алтын
динарлар бар эле. Ыйманы күйгүр, өлөрдө баарын жутуп кетиптир. Аллахи тааланын бардык,
бирлигине жан-дилин берген, Курани каримдин маанисин, шарият-хадистерин түшүнгөн
аалым: «Жакшы санаа менен шерик болуп чогуу келдик эле, ыйман укпай өлсө да
Мундузбайдын айыбын ачпайын. Эптеп жашырайын» деген ойго бекиди да, жамаатташ
жүргөн ар улуттун ажыларына өзүнүн шеригинин ажысы кабылданып, жан-таслим болгонун
кабарлады. Момун мусулмандар каражат чогултушуп, майитти аруу жууп, ак кепиндеп
жашыра, куран окуп тарашты.
Ысагалы чатырына келип, буюм-тайымын жыйнай кетүүгө камынган болуп отурду.
Канчалык тобо келтирип, Алладан жардам тилесе да, мойнуна көтөрүп ажылыгын өтөткөн
адамдын ыймансыз ач көздүгүнө ызасы кайнап, пенделик өч тутанып, азыр эле кайра барып
көрүн ачып, ыймансызды тышка сүйрөп салгысы келди. Кайрадан келме келтирип, сабыр
кылып, Кудайдан жардам тиледи. Ушинтип жан дүнүйөсү эки анжы болуп, кыйнала чатырда
түн киргенче отурду. Түн ортосу оогон маал. Айлана караңгы, эл уйкуда. Жан дүнүйөсү
бүлүнүп, тынчы кеткен Ысагалы-кары истигфар аятын окуп, бата кылды да: «Оо Алла,
кудурети да, ырайымы да чексиз күчтүү, чексиз ааламды, асман-жерди жалгап, пендеге өмүр,
ырыскы берүүчү жалгыз өзүңсүң. Биз билип, биз көргөндөн, биз туйгандан башкача баарын
көрүп, баарын билип, баарын угуп турасың, шериги жок жалгыз улуксуң. Мундузбай майит
экөөбүздүн жан туюмубузду, ой-тилегибизди башынан аягына чейин көрүп турдуң. Бул
пенденин ажылык парзын өтөтүүгө көтөрүп жүрүп ак дилимден жасаган кызматым
татыбады. Мени кечир, ырайымы чексиз кечиримдүү Аллахи таала. Мен ыйман укпай кеткен
пендеге кабырда кандай жай бергениңди көргүм келип турат. Пенделик ызалыгым, өчүм
кайнады эле, тобо кылам: ызалыгым тарады, өчүм жок, момун мусулман катары ал маитке
нааразылыгым жок. Ажылык зыяратыбыз бүткөндө, күнү бүткөнүн туюп, өзүңдөн
жакшылык ырайым күтүүнүн ордуна, шайтан азгырыгына түшкөн ач көз пенде алтын
пулдарын жутуп алып жан таштады. Менде элиме кайтаарга пул жок, бирок өзүңдүн
ырайымдуулугуңан үмүт үзбөйм. Элиме аман жеткирериңе ишенемин, ыйман келтиремин.
Өзүңдүн ырайымдуулугуңа ишеним артамын, пенделигимди кечир» деп тобо келтирип,
ордунан тура кетмен алып, кабырстанга келди, кыбыланы бет ала отуруп, жамы мусулман
арбактарына куран окуп бата кылып, ишке киришти. Бир кыйла убарадан кийин көрдүн
казанагына жетип, келме келтирип, бекиткен кыштарын алды, кабырстандын ичи күн
тийгендей жарык, ичине түшсө Мундузбай эмес, анын ордунда маңдайы жаркын, каштары
Хан Ормон
ийиле мемиреп уктаган он беш, он алты жаштардагы кыз жатат. Ысагалы аалым келме
келтире куран-каримдин ыйык сүрөөлөрүнүн бирин окуп бата тилей, маит кыздын башаягына көз жиберди. Кыздын башына саймалуу макмал китеп кап жаздалган. Дагы бир
мертебе куран окуду да, «бул кудайым өзү сүйгөн пендеге мени Аллахи таала Мундузбайга
көрсөткөн адал кызматымдын өтөөсү иретинде жолуктурду. Бул камил мусулман пендеден
мага таберик болсун» деп, кыздын башындагы китеп капты этият алып, келме келтире
маңдайынан сылап, сыртка чыгып, кабырды аспиеттеп бекитти да, жакшылап көмүп, куран
окуп, бата кылды. Аллахи таалага ыраазылыгы артып, чатырына келип, уйкуга кетти.
Эртең менен туруп даарат алып, намаз окуп, чайлангандан кийин китеп капты ачса,
мукабасынын четтерине алтын буусу түшүрүлгөн куран жана аптиек китеп бар экен.
Мээнети ак, жүргөн-турган аракети адал, ар кимге жакшылык каалаган аалым Ысагалы өзү
менен кошо ажылык зыяратты өтөп бүткөн түркиялык байга сырын ачып, ошонун жардамы
менен эл-жерине кайтты. Өз айылына жетээрге бир күндүк жол калганда кеч кыстай
жайлоодо отурган чоң айылга жетип, четтеги чоң ак үйгө салам айтып кирди.
— Алейкум салам, келиңиз, мындай өтүп жайланыңыз, — деди төрдүн эр жагында отурган
алтымыш жаштардагы кара сакал, тарам кызыл жүздүү, салабаттуу киши; окуп отурган
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 31
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.