LatinEach bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Хан Ормон - 36
Total number of words is 3889
Total number of unique words is 2159
27.0 of words are in the 2000 most common words
39.7 of words are in the 5000 most common words
46.6 of words are in the 8000 most common words
— Таксыр, конок десе да болот, өз кишилер Ажыбек, Дуулат бийлер, Алыбек мырза, — деди
жигит.
— Аа, ошондойбу? — деди да, Ордо өргөөгө бет алды хан. Жигит эшик ачып киргизе ызаат
көрсөттү. Хан төргө өттү. Ханайым Уулбала кызматтагы аялга көөкөр, дасторкон көтөртүп,
күйөөсүнүн үстүнө кирди. Ормон хан тамакты Уулбаланын гана колунан ичет, кызматчы аял
чыгып кетти.
Ажыбек, Дуулат бийлер конок өргөөгө түшкөн. Хандын келгенин угуп, конок өргөөдөгү
бийлер, билермандар анын үстүнө келишти. Салам айтылып, эсендик сурашкандан кийин:
— Баатыр, — деп сөз катты Ормон ханга кудалык жайы бар Ажыбек бий, — санаам
тынчыбайт, каттаган-келгендерден казактар «Кенесарынын кунун алабыз» деп, кол курап
камынып жатат деп угуп, жай сурашалы деп келип калдык, — деди ойлуу отурган ханга көз
жибере.
— Келгениңер жакшы. Көптөн бери көрүшө элекпиз. Бүгүн конок болуп кеткиле. Орозбактын
Манасын уккула, — деди Ормон хан Ажыбектин кооптуу кабарына маани бербеген сыяктуу
мелтиреген сабырлуу калыбында.
— Албетте, жүздөшүп конок болуп кеткенге не жетсин, Манас угуп, комуз угуп чер жазып
кетели. Ошентсе да Ажыке баатыр айткан кооптуу жаңылыктар биздин айылды да аралап
жүрөт. Биз бөлөк жердебиз, казак көп эл, сак болбосо, таксыр... — деп Ормонду карады Дуулат
бий.
Хан Ормон
— Кенесары, Норузбайдан өчү бар эмеспи, имиш жүйөөлүү, баатыр, — деп сөз кыстарды
Ажыбек.
— Биз да бир аптадан бери казак айылдарын акмалатып, абалды тастыктап жүрөбүз. Бүгүн
көздөй кишиден кабар алдык. Казак тараптын бизге кол сала турганы анык болду, — деп
Ормон ханды карады Саза.
— Ошондой болмок, — деди Ормон хан бул ишке анча маани бербеген сыяктуу сабырдуу үн
менен.
— Баатыр, сактанбаса болбойт го, — деп Ормон ханды карады кудасы Ажыбек бий. Ал
күлүмсүрөп сабырлуу калыпта үн дебеген соң: — Казактын колу канча экен, биз да кол курап
камыналы, — деп Сазага кайрылды.
— Эки миңче бар имиш. Башында Тезек султан, Кенесарынын эки уулу Адыл, Ачекейлерге
келиптир «атабыздын өчүн алып бергиле» деп. Беш жүзчө кишиси бар дейт. Алар биз жактын
абалын көзөмөлдөп, батына албай турушса керек, — деди Саза.
Отургандар Ормонго көз жиберип сөз күтүшөт, ал үн дебей сабырлуу отурат.
— Өткөн жылы Кашкеленге келбей убадаларынан танганда эле көздөрү бузук экени
билинген, — деди Дуулат бий.
— Кенесарынын уулдары Коконго: «Силердин кыргызга чыкчу жүрүшүңөргө кошулалы,
атабыздын өчүн алып бергиле» деген экен, Кудаяр-хан «Казак-кыргыздын жаңжалынын
бизге кереги жок. Аркага бийликти өзүбүз эле орнотобуз дептир» деген имиш чын экен да,
эми казак туугандары макул болгон экен да. Кенесары, Норузбайдын жер жайнаган түмөн
колун жайлаган колубуз ушул, көрө жатабыз, — деп кайраттуу унчукту Ормондун кичүү
иниси, илбирс чапкан Түлкү баатыр...
— Болуптур, күчүбүз аз, туруштук берүү кыйын болор, ошентсе да жатып өлгөнчө атып
өлөлү, — деди Кетирекейдин Алыбеги.
— Көпкө топурак чачабызбы, куру кайрат баш жарат, андан көрө тез көчүп кетели, — деди
тургандардын бирөө.
— Конуштан козголгонубузду көрүшсө, көч үстүндө кызыл кыргын салбайбы. Андан көрө
кол кайрыйбыз, көргөнбүз казактардын күчүн, кеп күчтө эмес, кайрат, ыгы менен
салгылашууда. Көчө качканыбыз уят, элдин убалына калабыз, — деди Түлкү.
— Баатыр, сизден сөз күтөбүз, атайын сөздөшөлү деп келдик. Казакка башты тосуп берчү биз
эмес. Түлкү, Алыбек баатырлар туура айтышат. Карысак да Норузбай менен Кенесарыны
алган кол ушул, — деп Ормонго сөз учугун таштады Ажыбек бий.
— Бекер дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Ар кимиңер айлыңарда мал-жаныңарга сак болгула. Элди
бүлгүнгө учуратпайбыз. Камтама болбогула. Андан көрө бүгүн конок болуп сый көрүп,
Орозбактын тамашасына канып кеткиле, — деди Ормон хан кебелбей, сабырлуу калыбында.
Бийлер, билермандар конок өргөөгө өтүшүп, түндүгүнө кысыр эмди тай союлуп, бал
чайкалган кымыз сунулуп, астейдил аңгеме уланды. Орозбак Манас айтып, залкар күүлөр
чертилип, көптөн бери көрүшө элек бийлер, билермандар сыйлуу конок болуп, эртеси күн
көтөрүлө айылдарына аттанышты.
Коноктор аттангандан кийин Ормон хан Жаманжээн, Саза үчөө ордо өргөөгө өтүп, бир чай
кайнамча жашыруун сүйлөшүштү да, Жаманжээн, Саза экөө эки тарапка жөнөштү. Хан
күндөгүдөй жалгыз аттанып, эл аралап кетти.
Кушбеги Нурмухаммед Аркага жүрүшүнө кошпой койгондон кийин хан Кенесарынын уулу
Сыздык султан ага инилеринен бир аз кол топтоп, «акемдин өчүн алганга жардам бергиле.
Ормон хан аз эл менен үстүңөргө келиптир», деп ага султан Тезек төрөгө келген. «Айтса,
айтпаса төгүнбү Аблай хандын арбагы тирүү турбайбы, Кене хан кунсуз калуучу киши беле»
деген маңги намыска азгырылып, Тезек, Сүйүк, Адил, Дайырбек султандар кураган 2000
жоокери даяр турган. Кенесарынын эки түмөн колунун кырылышын эске туткан султандар
кыргыздарды түз качыруудан айбыгышып, эки жүздүү митайым ыкманы колдонмок
болушту.
Ормон ханды алаксытып, көңүлүн тынчыта бейкам турганда басып калуу үчүн алдына тартуу
менен амандык сурап бармак болушту. Ал эч нерседен капарсыз, конок күтүп, бейкам
жатканда казак жоокерлери айылдарды басып, Ормонду туткундап, эр бүлөлөрдү өлтүрүп,
элди тоноп, олжого тунушмак. Орус падышасы Ормон ханга Илеге жүрбөй, өз жерине
кайтуусун сунуш кылганын уккан соң, Тезек төрөнүн колу кычышып турган эле.
Хан Ормон
Иш башталды. Айылдарынан таң саар аттанган казак султандары туу бээ жетелетип, Ормон
хандын ордолуу айылына келип түштү. Тыкан кийинген, ак калпакчан шайдоот жигиттер
конокторго салам айтып аттарын алып, кермеге байлап, өзүлөрүн конок өргөөсүн карай
ээрчитишти. Айыл үстү тынч. Ордо өргөөнүн эшик алдында хандын айчыктуу кызыл туусу
желбирейт, капшытына түпөктүү найза сайылган, туулгачан, кылыч байланып, найзаларын
кесе кармаган эки жоокер эшиктин эки тарабында какая турушат.
Конок өргөөсүнүн эшик алдында кадырлуу султандарды Саза, Жаманжээн экөө саламдашып
тосуп, эшик ача үйгө киргизишти. Сырт кийимдери эпчи жак улагадан өйдө күмүш ачалуу ала
бакандарга илинип, султандар жаш курагына жараша олтуруп калышты.
Олбурлуу, сары чийкил, бүркүт кабак, куш мурун, жээрде сакал Тезек төрө шырыма көк
топусуна өңдөш көк нооту кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото сөөлөттүү отурат.
— Көптөн бери жүздөшө элек туушкандар, куш келипсиздер, көрүшкөнгө курсантпыз. Беш
күндүк тирүүлүктө эсендешип турганга не жетсин, — деп жайдарыланды Жаманжээн
кеңешчи.
— Рахмат, урматтуу кеңешчи, өзүбүз дагы Ормон хан таксырга кол берели деп азырлана,
шола тиймей жүрүп, шыгынган жолымиз гой. Калай, таксыр дени соо, жаксы турамы? — деди
Тезек төрө.
— Кудайга шүкүр, таксыр бакыбат жүрөт, ал кишинин колу да эл камынан бошобойт.
Аркадагы иштерди да көзөмөлдөп турат, — деди Жаманжээн.
Ал-жайдан сураша кымыз сунулуп, үзүр-масир сөздөр айтылгандан кийин, эшиктен кирген
жигит Сазага кайрылып:
— Саза аке, коноктордун түштөнүү союшуна бата сурайбыз, — деди.
Суусунга бата жасалып, коноктор тышка чыгышты. Өргөөдөн обочороок кыш туума баглан
козу, кысыр эмди сүт эмген тайды туура тартып эки жигит турат:
— Кана, урматтуу төрө, бата тилейли, — деди Саза, конок башы Тезек төрөгө кайрыла.
Кыбыланы карап, кыркар тургандардын ортосунда бир аз алдыга озо Тезек төрө менен
Жаманжээн турду.
— О жараткан Кудай, — деген Тезек төрөнүн үнү бийик чыга бата сөзүн улады, оо, жараткан,
эгиз эки бир тууган, казак-кыргыз эки элге ынтымак бер, эл ичин тынчтык, достук, береке
араласын. Эл башында Ормон хан сыяктуу эрендерибизге узун өмүр бер, алло акбар, — деп
алакан жайды төрө, жапырт бата тиленди.
Оо, ыйык бата, ага жашынган адамдын эки жүздүү шерменделиги! Тезек көөмөйүндө
эмнелерди ойлоп турду экен.
Бата тилене коноктор үйгө кирип, самоор чайы келе дасторконго ак даам төгүлүп, сый камы
уланып жатты.
Чайга бата тиленип, дасторкон жыйылып, коноктор аяктарын жазып, оңдонуп отурушкандан
кийин:
— Таксыр Ормон хан менен саламдашсак дейбиз, — деп Сазаны карады Тезек төрө.
— Хан Кокондон келген элчини кабыл алып отурат. Элчи менен сөзү бүтсө сиздер менен
жүздөшөт. Сиздердин келгениңиздерди кабарлаганбыз, — деди Саза.
Санаасы удургуй түшкөн төрө жанындагы султанды карады. Кош ойлуу отурган коноктор
бири-бирин карап, ичинен тынышты.
— Кыргыз, казак кымызсыз, ыр күүсүз отурчу беле, кымыз келтиргиле. Азыр Орозбакты да,
комузчу Бекенбай да келет, — деп Саза кызматтагы жигитке карады.
Кызара ышталган оймолуу көөкөрлөрдөн кымыз сунула, айтылуу Орозбак, Бекенбайлар
келип Манас айтылып, күү чертилип, шатыра-шатман конок күтүү аземи уланып атты.
Эшик ачылып, шыңга бойлуу, кара сур, ак калпак, ак кемселине кемер курчанып, саймалуу
кандагайын өтүгүнүн кончуна түшүргөн жигит салам айта кирип:
— Акелер, — деп Жаманжээн менен Сазага кайрыла, — дөңгө шырдак, көлдөлөңдөр төшөлдү.
Коноктор менен таксыр таза абада жолуксак деди.
— Андай болсо жакшы, таза абада отуруп баарлашканга не жетсин. Түштөнүү тамагы даяр
болгончо көп бар. Кандай дейсиздер, коноктор, — деп Тезекке кайрылды Жаманжээн.
— Биз курсантпыз, — деп Тезек төрө жолдошторун тегерете карай ордунан турду.
Жалган түш. Күн нуру чайылган көгүш асман чайыттай ачык, мөңгүдөн түшкөн көк кашка
тунук суу жайлоо жарашыгын коштоп шаркырайт. Күнгөйү арча-бадалдуу, тескейи бетегелүү
Хан Ормон
кыраңдан өйдө ордо өргөөнүн тушундагы дөңгө ала кийиз, шырдак, килемдер төшөлгөн.
Коноктор уй мүйүз тарта дастандардан, күүлөрдөн угуп, көңүлдүү отурушат.
— Хан келатат, — деди отургандардын бирөө. Отургандардын назары ордо жакка бурулду.
Баш бий Медербекти ээрчите калбаат баса Ормон хан топко жакын келгенде отургандар
жапырт ордунан турду.
— Ассалому аллейкум, азиз коноктор, куш келипсиздер, — деп салам айта Ормон
тургандардын алдына келгенде Тезек төрө алдыга өтүп кол бере:
— Калай, саламат жүрсүзбү, баурлас ханым, — деп Ормондун колун кыса ийилди. Сүйүк,
Адил, Дайырбектер биринен сала бири ийилип ызаат көрсөтүштү.
— Отуруңуздар, — деп колун жаңсай Ормон хан Тезек төрөнүн жанына өттү.
— Мына Алла тааланын буйругу, айдан аман, жылдан эсен болуп дидарлашып отурамыз.
Көрүшмегенимизге да канча болду.
— Ооба, сиз Кашкелеңге келбей койгондон бери көрүшө элекпиз, — деди Ормон хан
кайдигер үн менен.
— Солай болды, таксыр, өзүм да табим жок ноокас эдим, шамамыз да шай болмай келе
алмадык, — деп кайпаңдады Тезек төрө.
— Конокторду сөз менен эмес, даам-татым, ыркүү менен тойгузган жакшы. Орозбак, айтып
аткан дастаныңызды улай бериңиз, — деди Ормон хан, Тезек төрөнүн шылтоолорун
назарына албагансып.
Кымыз сунулуп, Манас уланды, Манас ыргагына аралаш отургандардын биринин:
— Ой, карагыла, Кокон келатат, — деп чочуган үнү отургандардын көңүлүн бурду.
Айылдан төмөн суу бойлогон төтө жол менен каркырадай тизиле чубаган ала чапан Кокондун
атчан сыпайлары көрүндү.
— Оо, пирим, неси бар кокондуктардын бул жерде?! — деп Ормон ханды карады Тезек төрө.
Анын үнүнөн чочулаганы туюлуп турду.
— Ким экенин көрөбүз келгенде, Манасты уланта бер, — деп Орозбакты карады Ормон
камырабай.
Орозбак Манасты улантууда, коноктор алагды. Кокондуктар айылдын төмөн суу жээги жакка
токтоп, аттарынан түшүп, жетек аттардагы жүктөрүн түшүрүп, чатырларын тиге баштады.
Тобунан бөлүнгөн узун бойлуу, кер мурут сыпай жүз башчысы шыпылдай басып дөндөгү
топтун алдына токтоп, Ормон ханга кайрыла:
— Ассалому алейкум, таксыр, мен жүз башы Сабыржанмын. Сизди «казактар кысып турат»
деген кабар жетип, Аллаяр ханыбыз, Худаяр багадур эки миң сыпай жиперди, артта келатады,
биз кабарга келдик, — деп төшүн баса ийилди.
— Оо, бу, кокоңдогон кокондуктарды чакырган киши жок эле го. Мына, казак туугандарыбыз
менен майдай-сүттөй ынак коноктошуп отурабыз, — деди Ормон хан кебелбей.
— Бизге Төрөгелди багатур ям жолукту, биздин паңсат менен ал киши ям ики миң жоокер
ала чикипти, — деди жүз башы.
— Мына кызык, болуптур, конок болуп кайткыла, келгениңерге ыракмат, Тезек төрө да
тосот, — деп коногуна көз жиберди Ормон хан.
— Арийне тосомуз сизге келген меймандарды, — деп күлүмүш болду Тезек.
Коноктор тымызын бири-бирин кооптоно карашты.
Кокон жүз башы сунулган кымызды татып, ачуурканган болуп кайра сунду да:
— Таксыр, биз иш арамизда болалы, — деп ордунан таазим эте жөнөдү.
— Кокондуктарга тамак-аш керек го, — деп Сазаны карады Үмөтаалы.
Орозбак токтогон жеринен Манасты улап, дөңдөгү сый сөөлөтү уланып жатты. Коноктордун
ыр, күүгө көңүл бура албай тынчы кете баштаганы байкалып турду.
Конок өргөөсү жактан басып келген жигит Сазанын жанына келип, акырын шыбырады.
— Түштөнүү тамагы даяр болуптур, — деп ханды карады Саза.
— Аа, анда эмесе коноктор менен чогуу түштөнөлү, — деди Ормон.
Казак туугандар хан менен чогуу басып конок өргөөсүнө өтүп, түштөнүү аземи бүтүп, бата
тиленгенден кийин:
— Таксыр, энди уруксат этсеңиз биз кайталы, биз болсо айылдашпыз, — конок үстүнө конок
болбойлу, сизге тартуу тарта элек бийлерди, султандарды ээрчитип, Алла буюрса аркы
аптада келип калабыз, — деп Ормон ханга суроолуу кайрылды Тезек.
Хан Ормон
— Коюңуз, түндүккө союлуучу малга бата тилеп койбодуңар беле. Атайын келип түнөп,
конок болбой кетесиңерби, — деди Ормон хан, коноктордун кетишин каалабай турганын
билдире.
— Эмдиги жолу келгенде союлсун, — деп ордунан козголо:
— Кайыр, таксыр сау болуңуз, — деп Ормонго кол бере эшикке бет алды Тезек төрө,
жолдоштору ханга баш ийкей таазим эте ага султандын артынан ээрчишти.
Ормон хан ордунан козголбоду.
Конокторду узатып, Жаманжээн менен Саза кайра кирип орун алышты.
— Конокторду жакшы узаттыңарбы? — деп мурутунан жылмайды Ормон хан.
— Узаттык, аттанганда эле теминишти, шаштылары кетип калган өңдүү, артын кылчак
карап катуу баратышат, — деп жылмайды Саза.
— Кокон сыпайлары артыбыздан куубаса экен деп шаштылары кетип баратышат,
кокондуктар кантер экен, — деп күлдү Жаманжээн.
— Түлкү баатыр эңгезердей Кокон жүз башысынын өзү болуптур, казактардын жүрөгүн
титиретти, — деди Саза.
— «Кокондон келгендерге» чын эле союш бергиле, — деди Ормон хан.
— Эми кантишээр экен, кол салганга батына алышпас? — деди Жаманжээн.
— Казак туугандар түнү менен Иленин аягына ооп кетишет, — деди Ормон кебелбеген ойлуу
калыбында.
Андан ары сөз кайсы айыл, кайсы жайлоодо болору, козу көчүндөп журт жаңырта, кайсы ашуу
менен өз тараптарына өтөрү жөнүндө уланды.
Аяк оонанын аягына чейин кыргыз айылдары жай конуш которо өз тараптарына көчүп
кетишти.
Хан ордосу көчкөн айылдардын арты болуп Көк-Ойрок жайлоосуна өттү. Ормон хан кыргыз
жерине келгенден тартып Боронбай, Жангарач, Жантай, Саке бийлер, айыл билермандары,
байлар өрүлүктөп келе, ат тезеги кургабады. Үсүр-масыр сөздөр айтылып, эл-журттун абалы,
кокондуктардан Нурмухаммед Кушбегинин көп кол менен келип, опузалап кеткени, чепте
200 гө чукул сыпай калганы, алар айылдарды аралоого батына албай, чептин тегерегин ээлеп
турганы узун сабак кеп болду.
Боронбай, Жантай, Жангарач, Саке бийлер кол курап Коконго каршы келбегенине өкүнүштү.
Бийлер менен көзмө-көз аңгеме жылуу болбоду. Убада, ар намыс, элдин убал-сообун аркалап,
биримдик үчүн чыбык кыркылган ант-шертти бузган эки жүздүүлүк бетке айтылып, Ормон
хандын жаалы катуу болду. Элдин биримдигин сактап калуу үчүн курал-күчтү шайлап,
Коконду биротоло жергеден сүрүп чыгарууга азирленүү, соңку жылы жайында жамы кыргыз
курултайын өткөрүүгө макулдук болду.
КУСАМАТ
Бул жылдары Файзулла Ногоевдин жаны тынбады. Омбуга жылына эки каттачу болду. Бүгүн
билермандарынын экөө баш кошсо, үчүнчү болуп жанында. Сөздү Ормон хандын зордугу,
бугулардын тең туруп, кем болуп жатканы, хан бийлигине илеше албаган мажирөөлүктөрү,
акыры түбү ал бугу уруусун Көлдөн Текес, Кыязга сүрүп чыгып, сарыбагышка ээлетери алыс
эмес экенин эбиреп, бүйүр кызытат. Орус букарасы болгон казактардын кең-кесири жашоосу,
там салып, балдарын Петербург, Маскөөдөн окутуп, орус төрөлөрүндөй мансап күтүп
турушканын саймедирейт. Бүгүн да Боронбай бийдин жанында атайын кеңешүүгө келген
Качыбек, Балбай үчөөнүн сөздөрүнө кулак түрө, шыйпаңдап отурат.
— Казактан ооп айылы менен Көк-Ойрокко түшүптүр. Бизден мурда Жантай, Жангарачтар
өрүлүктөп келип кетишиптир. Бизди конок өргөөсүнө түшүрүп, өзүнө учураштырбай койду.
Саза менен Жаманжээндин сыйын көрүп түнөп чыктык, — деп, тыным жасай сөзүн улады,
ызалыгы тышына чыгып турган Боронбай бий. — Ошондой болду, тең жаным кем болуп,
кудалыкты назарына албады. Эртеси үстүнө чакыртты. Саламды алик албай теше тиктеп
түнөрөт. Амандыкка келбей, «бузулган ант, эл биримдигин ириткен бузукулук» үчүн жооп
сурап жаалданат. «Орустун колтугунан сууруп аламын, көчүгүнө эле кирип кетпесең» деп,
ызырынганы өттү баарынан.
— Суура алмасын көчүгү ям якшы кирсе болады, — деп арага кыпчылды, кыргыз сөзүнүн
маанисине терең түшүнө бербеген тыңчы.
Хан Ормон
— Оо, жолуң каткыр, — деп аргасыздан күлдү Боронбай. Качыбек санын чаап, кытылдады.
Балбай көз кыйыгы менен жек көрө карап, үн дебеди.
— Нема күлдүңөр, орус күчтүү да, Урманды йок этеди, — деп мурутун сылаган болуп,
Боронбайды көшөкөрлөнө карады тыңчы.
— Орусуң күчтүү, бирок алыс. Ормон хан жаныбызда кысып турбайбы? Кеп ошондо, — деди
Боронбай бий күлкүсүн тыйып мостойо.
— Иледен жер алам деп барып, тумшугуна эч нерсе илбей кайткан ич күптүүсү да жанбай
турса керек. «Ачуулунун алдынан чыкпа» дегендей, деп бийдин көңүлүн жубаткансыды
Качыбек.
— «Урман баш ийбесе оны обезвредить этерге» деген князь Горчаков, Густав Христианович
да шолай ойлайды.
— «Бесбейдет» дегени эмнеси? — деп Боронбайды карады Балбай.
— Ал эмне дегениң, биздин сөз менен айтчы, — деди Боронбай.
— Ол дегени, калай айтсам кыргызча товар болады, жаны жок, ал эч кыймылдабайды, жолто
боло албайды, — деген сөз деди тыңчы.
— Кудай ур, — деди, сөздүн маанисин зорго илип алган Боронбай.
— Кыймылдай албаганы кандай? — деди Балбай.
— «Өлсүн» дегени го, — деди Качыбек.
— Аа, шонака, шонака дегендур князь, генерал ям шонака дейди, егар Урман орус букарасы
болмосо, лекин бешиймесе, — деди оңдоно отуруп, сөзүн түшүндүргөнүнө жеңилдене
түшкөн тыңчы.
— Орустар келип кыймылдатпай койобу? — деди тыңчынын өз сөзү менен сүйлөгөн
Качыбек.
— Сизлер, орыс анан соң дароо келеди. Сизларга тынч болады, — деди тыңчы.
— Кудай урган сөз экен, бирөөнүн колу менен чок кармайт экен да орус төрөлөрү, — деди
ойлуу түнөргөн Боронбай.
Сөздү түшүнбөгөн тыңчы дагы күлкү боломбу деп сөзгө кыпчыла албай, элейе үчөөнү алмаксалмак карады. Бул ойго келбеген суук сөзгө пикир айтуудан бири-биринен айбыга үчөө тең
унчукпады. Ар биринин көөмөйүндө бул сөз өзүнчө жорулуп тургансыды. Үй ичи тунжурап
тынч. Сөз нугун бургусу келген Качыбек:
— Бишкекти Кокон толук ээледи, Курткага да сыпайылар келиптир. «Жаалданып турат»
дедиңиз, жаалданганда Ормон эмне кылат экен? — деп Боронбайды карады.
— Соңку күзгө курултай жыйнап, кол топтоп, «Коконду кууп чыгамын. Оруска баш ийбеймин,
тең ата алакада боломун» дейт. Эч нерседен кайра тартчу түрү жок. Жараланган кашабаңдай
качырганын кайсаганы турат. «Кыргыз бийлигин ыдыраттыңар. Орусту мага койгула,
мүлтүлдөп элди бузбагыла» деп түнөрөт, — деди Боронбай сакалын сылай, ойлуу калыбында.
— Курултайга чакырса черик, саяк, өзүнүн сарыбагышы колдоор. Тынай кантээр экен, солто
да колдоп кетиши ыктымал. Жангарач ыкчыл киши эмеспи, — деди Качыбек.
— Кыргыз бириксе, албетте ага не жетсин, бирок баягы хан көтөргөн кездегидей биригүү
кыйын болуп калдыбы дейм, — деди Балбай Боронбайга көз кырын жибере.
— Кокон күчтөнүп алды. Баягы Мадалы хандын убагындагы Кокон эмес. Букар менен
жарашып алыптыр дейт. Ташкен кушбеги Нурмукамбет деген кыйын киши экенин
көрбөдүкпү. Ормонго моюн бере койбос. Орус болсо алыстан аңдып турат, «Эки нар жөөлөшсө
ортосунда кара чымын кырылат» болобузбу деп чочуймун, — деди Боронбай.
— Орус аңдымайды, ол келады. Геп сенларда, же Урманга таланып, Текеске кетесиңер, же
Урман ханынан кутулуп, орус букарасы болуп жыргайсыңар. Башка сөз түгүл, — деди
Файзулла.
— Бул ногойуңуз эмне мынча чебелектейт? — деп Боронбайды карады Балбай.
— Ал дагы оюндагысын айтат да. «Жол айры болсо, иттин башы маң болот» дегендей кеп
баатыр. «Оторлотсо оторлотсо экен, оторлотпосо отунумду алат элем» дегендей, орустар тил
эмизип, кечеңдетип туруп алды. Ормон баатырдын жаалы катуу, — деди Боронбай.
— Качырып кол сала койбос, түбү бир Кылжырдын балдарыбыз. Ормон хан көпкө туруштук
бере албас, орус келсе ал кайда качат, — деди Качыбек чакчасын алып нас атып.
— Көрө жатабыз да. Ормон хандын жаалы катуу дебедимби, — деди Боронбай.
— Катуу болсо, калган эл карап жатмак беле, — деди Балбай.
Хан Ормон
— Обезвредить этерге уруслар йардамга келады, — деп дагы сөзгө кыпчылды Файзулла
тыңчы.
— Байсылда абзий «безбердейтиңди» коюп, биздин каттын жообун сурап, Омбудагы
чоңдоруңа жөнө, оторлотсо оторлотушсун, оторлотпосо отунубузду алабыз, — деп борс-борс
күлгөн болду кыраакы Боронбай.
— Неге коркосулар, обезвредить этерге — уруслар шондой дегендур, — деп сөзгө дагы
кыпчылды пардасын сыйырган тыңчы.
Тыңчынын коркунучтуу сөздөрү көңүлдөрүн бүлүнткөн мыктылар бул сөздү тастыктоого
бири-бирине батына албай сөз токтоп, үй ичи дагы тунжурай түштү. Кыраакы Боронбай бий
сөздү байкатпай башкага буруп, аңгеме ич ара мамилелер жөнүндө уланды. Конок сыйынан
кийин Качыбек, Балбайлар айылдарына аттанышты.
«Кырчылдашса да, кыйышып кетпеген түбү бир кыргыз уруулары уюткусун бузбай, бир эл
болуп турса экен» деген жакшы санаа бир тең, ар кимдин атак-даңк, мансап көксөгөн жеке
мүдөөлөрү, өксүк армандары бир тең боло, санаасы эки анжы болуп аттанышты мыктылар.
Жол айрыла Качыбектен бөлүнүп жалгыз бастырган Балбай баатыр Тору кашканын шайбыр
басыгына төнө ойлуу. Өткөн күндөр кербендей чубап, көз алдынан өтүп баратты...
Теги жагынан, кудайга шүгүр, чынжыры үзүлбөгөн эрендердин урпагы. Түп атасы Орозбакты
бүткүл бугу башатында турат. Андан бери кыйлык-кыштык, жете-жотосу да эл башында
келген. Жотосу Белек баатыр кол баштап, кара калмакты кыргыз жергесинен сүрүп чыгарган
эрендердин бири. Чоң атасы Абайылда баатыр айтылуу Атаке бий менен үзөңгүлөш эл жүгүн
аркалаган чыгаандардын катарында. Атаке демекчи, ал өз тайатасы — атагы кыргыздын
кыйырына тараган кадимки манап урпагы, Тынай бийдин уулу. Өзүн да кудая шүгүр кайрат,
кубат, атак-даңк, дүнүйө-мүлк, үй-бүлө жагынан көптөн өйдө койду.
Ат жалын тартып мине, «эл четинде жоо бетинде» дегендей эл жүгүн аркалап, найзалуунун
найзасын какты, камчылуунун камчысын кайрыды, айры төштүн алдында калбады. Жаш
кезинен «баатыр» деген батыл сөз артынан ээрчип жүрөт. Үй-бүлө, асыл жар, адал чүрпөлөр
да кудая шүгүр...
Ошентсе да, оо бири кем дүнүйө, денеге так, көңүлгө зак калтырган эки учур баатырдын оюн
бөлө өкүнтүп, көз алдыга тартылды.
Күлүк ат, суу төгүлбөс жорго, алгыр тайган, кыраан бүркүт, сулуу кыз көчмөндүү кыргыздын
жан ышкысы, жашоо үзүрү эле го, чиркин. Булар үчүн эр жигит өмүрүн сайчу эмес беле.
Айтылуу Аксыйнат... Медет датканын ашы эсине түштү...
Аркада биринчи Кокон бийлигинен «датка» наамын алып, эл жүгүн аркалап өткөн саяк Медет
датканын ашы. Атактуу кишинин ашы байыркы ата-баба нарк-салтына ылайык сөөлөттүү
өтүп жатты. Каз-канаттай ак үйлөр тигилип, ар уруунун өкүлдөрү өзүнчө күтүлүп, сый
үстүндө.
Сый аш ээлерине өтө кылдат камкордукту, этияттыкты талап кылат. Ар уруудан келүүчү
конокторду күтүү милдети кадыр-барктуу, оокаттуу кишилерге тагылат. Тейлөө үчүн
тарбиялуу, адеп-ахлакты сактай билген, сөөгү таза жаш келиндер, сылык-сыпаа, ыктуу
шамдагай жигиттер дайындалат. Анткени үй жасалгасынан, төшөнчү-орунчудан, дасторкон,
майлыктан, же табак тартуудан кынтык чыкса, аш ээсине кыйын. Пас талашкан уруу
билермандарды, бийлер жанындагы ырчыларына жамактата жыйынга салып, уяткарат. Аш
ээси Дуулат бий бул жагдайларды толук эске алгандай болду.
«Каралуу үй» — датканын он эки канат ак үйү — айылдан обочо тигилген, эр жагына туу
сайылып, эпчи жагына түпөктүү найза жөлөнүү, эшигинин үстүндө эндүү кара тасма
тартылган.
Шариатка, ата салтына ылайык, маркумдун арбагына арнап куран окуп, мал мууздоо менен
аш башталды.
Үйдү уй мүйүздөй айлана чогулган калың элдин алдына узун бойлуу, кең далылуу, ак суп
чепкен, төбөсү бийик кыйуусу кара ак калпакчан, сары чийкил, бүркүт кабак, жээрде сакалы
учтана төшүн жапкан Дуулат бий чыкты. Жанында башына ак селде орогон, көк бейкасам
чепкенчен, коюу кара каштары кабагын жаба, ак аралаган сакал-муруту серпиле куюлушкан
кокондук аалым.
— Оо, калайык-калың журт, о дүйнө кеткен атабыз кара кыргызга кадыр-кызматы өткөн
касиеттүү Медет датканын арбагын эскерели деп, жамы журт силерден бата сурайбыз, — деп
Дуулат бий алакан жайды.
Хан Ормон
«Алло Акбар!» деген эл үнү аба жарды. Дамбылда-аалым Кураны-каримден «фатиха», «ясин»
сүрөөлөрүн көңүлдү уюткан кыраат менен окуп, сөздөрү түшүнүксүз болсо да, жан-дилди
арбаган жагымдуу да, сүрдүү да ыргак теребелди терметип тургансыды. Аалым алакан жая,
арбакка арналып бата тиленгенден кийин, каралуу үйдөн кошок жаңырып, мал мууздоо
башталды. Датканын жесирлери келип, кыздарынын, айылдагы үнү бийик аялдардын жалпы
кошогу басылган соң, жалгыз армандуу үн созолонду. Бул датканын элесин кошууга
белсенген кошокчунуку эле. Өткөн өрнөктүү өмүрдү даңазалаган кереметтүү кошок калың
элдин жашоо кумарын дүрбүтө жашытып да, чыйралтып да турду.
Абалтан кудай жар болгон,
Атакем олуя чалыш жан болгон
Арка болгон элине,
Атакем, ак жолборс эле комдонгон.
Алтын тон кийип чен алган,
Айтылуу Кокон ордодон.
Коктуда тунук суу калды.
Кокондон алган туу калды.
Токсонго чыга жашабай Тозокко салдың тууганды.
Кара атың ашпай бел калды,
Калдайган саяк эл калды.
Кан атам кулун байлаган,
«Кара-Кол», «Сандык» жер калды.
Медеттин кызы Сыйнаты,
Кудайым минтип ыйлатты.
Кайгыга салып шум өлүм,
Карчытымды кыйратты...
— Бали үн эмес бекен!..
— Кайсы кошокчу болду экен?
— «Атакем» деп атпайбы, өз кыздарынан го.
— «Атаке» деп келиндери да айтат, — деген кобурду баса кошок уланууда.
Кошок кылымдарды карытып, элдин дил туюмунан калыптанган ажайып көркөм дүнүйө...
Беш күндүк жалгандан түбөлүккө өткөн маркумдун сын-сыпатын, адамдык сапаттарын, үйбүлөсү, ага-тууганы, эл-журту үчүн тиккен өмүрү, чечендиги, баатырлыгы, айкөл
кеменгерлиги сөз берметтеринде тизилип, мукам үн ыйга ылайык обон менен коштолуп,
калайыктын көңүлүнө уюп, «баланчанын кошогу» делип, түбөлүккө эл ичинде айтылып
калат.
Кошок уланууда, үн барган сайын дасыга дааналанып, сөздөрү таасын, кайгыны да, өксүүнү
да, ыраазылыкты да, мактанычты да, үмүттү да айкалыштырган керемет ыргактар арбап
алгандай, көпчүлүк үнсүз муюйт.
«Кызы окшойт» деген сөз ашка келген мансаптуу мырзалардын делебесин козгоп турду.
Өмүр, Мырза, Тилекматтардын арасында мүчө турпаты өзгөчө көрүнгөн Балбай кошокту
эргип угуп отурду. Ак калпагын басараак кийип, көк нооту кемселине күмүш кемер курчанган
орто бойлуу, бүкүшүрөөк, эки ийнине эки бала отургандай кең далы, төшү жайык, мойну
кыска, сары чийкил, тегерек бет, кырдач мурун, бийик кабак алдындагы чекирирек сургулт
көздөрүнөн кайрат учкуну жанып, сейрегирек сакал-муруту сыпайы серпилген турпатынан
чечкиндүү эр мүнөзү туюлуп турат.
— Байкап билчи ким экенин, — деди жанындагы жигитине.
Ордунан тура эл аралай баскан жигит бир саамдан кийин кайтып келип:
— Датканын кенже кызы Сыйнат кошуп атыптыр, жашы 15 — 16 да эле дейт, — деди.
Балбай унчукпай ойлуу... Көз алдына чыбыктай боюнун мүүнү жок, кызылы-кызыл, агы-ак,
кырдач мурун, кумар көз, бештен өрүлгөн чачтары эки жаагына, артына төгүлгөн кош этек
көйнөк, желеткечен, ай чырайлуу, асылзаада кыз тартылып турду.
Керемет үндүү, келишимдүү, сөздөрү жатык, акылы жетик, жан туюму аруу, асылзаада жаш
кыздын атасына кайгырган төлөөсүз арманын, анын өрнөктүү өткөн өмүрүнө ыраазылыгын
да, ынтаасын да, жарык дүйнөдө жашоого балбылдап жанган үмүтүн да туйган эл каалгый
муюп турду.
Хан Ормон
Кыраат менен окулган куран угулганда кошок пастап барып токтоду. Жамактата ыр менен
салынган жардан аштын урматына өтүүчү салттуу оюндардын кайсылары качан болору
дайын болду. Көчмөн жоокер элдин мүнөзүн, кайратын, эрдигин, эпчилдигин, тапкычтыгын
чагылдырган салттуу оюндардан башка, мансабына, байлыгына чиренип, дөгүрсүгөндөрдүн
көңүлүн ачуу үчүн аргасыз бечералардын абийирин ачкан төө чечмей да бар эле. Эл балбан
күрөш, эр эңишти көрүү үчүн айыл четиндеги түзөңдү карай агылды.
Оюндар өз кезеги менен уланып, аттуу-жөөлүү казганактаган эл тамаша көрүп атышты.
Салттуу оюндардын көбү аяктап, эртең ат чабыш болот деген күн. Ат чабыш демекчи,
Балбайдын арзыган күлүгү Медет датканын Кертабылгысы бар эле. Эми бейтааныш сулуу
датканын кичүү кызы Сыйнат оюн арбап алды. Ашка чакыруу менен келип, конок алынган
кадырлуу кишилер ар уруу үчүн тигилген үйлөрдө сый көрүүдө. Ар бир үйдө комуз чертилип,
ыр ырдалып, «Манас» айтылып, эл тамаша үстүндө.
Боронбай, Муратаалы, Самсаалы бийлер, — улгайгандар өзүнчө; Балбай, Мырза, Тилекмат,
Өмүр, Жанек жигит-жалаңдары менен өзүнчө көтөрүлгөн өргөөдө. Кечки сый тамактан
кийин өткөн оюн-тамашалар жөнүндө оюндагыларын бөлүшүп, жай отурушат.
Отургандардын көбүнөн жашы улуу Балбай төрдө ойлуу.
Сөзгө чечен, ою белен, жүйөөчүл сөз тапкычтыгы менен элге алынып келаткан Тилекмат,

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 37
- Parts
- Хан Ормон - 01Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3562Total number of unique words is 235723.5 of words are in the 2000 most common words35.4 of words are in the 5000 most common words42.2 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 02Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4000Total number of unique words is 207528.2 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words47.1 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 03Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4003Total number of unique words is 229928.2 of words are in the 2000 most common words41.2 of words are in the 5000 most common words49.3 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 04Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4077Total number of unique words is 233127.2 of words are in the 2000 most common words40.8 of words are in the 5000 most common words47.8 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 05Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3965Total number of unique words is 232926.8 of words are in the 2000 most common words39.5 of words are in the 5000 most common words46.0 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 06Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3900Total number of unique words is 221726.9 of words are in the 2000 most common words38.8 of words are in the 5000 most common words46.8 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 07Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4001Total number of unique words is 221427.0 of words are in the 2000 most common words39.6 of words are in the 5000 most common words46.0 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 08Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3932Total number of unique words is 216927.4 of words are in the 2000 most common words40.6 of words are in the 5000 most common words47.8 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 09Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3964Total number of unique words is 220227.0 of words are in the 2000 most common words39.1 of words are in the 5000 most common words46.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 10Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3927Total number of unique words is 214126.3 of words are in the 2000 most common words39.9 of words are in the 5000 most common words45.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 11Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4002Total number of unique words is 228526.5 of words are in the 2000 most common words38.7 of words are in the 5000 most common words45.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 12Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4002Total number of unique words is 229324.2 of words are in the 2000 most common words36.0 of words are in the 5000 most common words42.8 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 13Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3902Total number of unique words is 216526.4 of words are in the 2000 most common words39.6 of words are in the 5000 most common words46.4 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 14Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4079Total number of unique words is 202928.2 of words are in the 2000 most common words41.5 of words are in the 5000 most common words47.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 15Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4021Total number of unique words is 219926.7 of words are in the 2000 most common words40.6 of words are in the 5000 most common words46.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 16Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4057Total number of unique words is 209327.5 of words are in the 2000 most common words39.8 of words are in the 5000 most common words46.5 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 17Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3930Total number of unique words is 216827.0 of words are in the 2000 most common words40.0 of words are in the 5000 most common words46.5 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 18Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3920Total number of unique words is 210928.2 of words are in the 2000 most common words40.9 of words are in the 5000 most common words47.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 19Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3905Total number of unique words is 205628.3 of words are in the 2000 most common words42.0 of words are in the 5000 most common words49.4 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 20Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3830Total number of unique words is 202228.6 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words48.4 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 21Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3849Total number of unique words is 209126.6 of words are in the 2000 most common words39.2 of words are in the 5000 most common words45.0 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 22Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3884Total number of unique words is 211428.3 of words are in the 2000 most common words41.7 of words are in the 5000 most common words48.6 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 23Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3897Total number of unique words is 212529.1 of words are in the 2000 most common words41.0 of words are in the 5000 most common words48.3 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 24Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3835Total number of unique words is 192027.9 of words are in the 2000 most common words41.4 of words are in the 5000 most common words48.8 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 25Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3930Total number of unique words is 209528.9 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words50.1 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 26Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3882Total number of unique words is 206427.7 of words are in the 2000 most common words41.0 of words are in the 5000 most common words47.7 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 27Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3948Total number of unique words is 211028.9 of words are in the 2000 most common words42.2 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 28Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3917Total number of unique words is 208828.2 of words are in the 2000 most common words40.9 of words are in the 5000 most common words47.5 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 29Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4003Total number of unique words is 214129.1 of words are in the 2000 most common words42.3 of words are in the 5000 most common words49.5 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 30Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3975Total number of unique words is 228327.4 of words are in the 2000 most common words39.3 of words are in the 5000 most common words46.3 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 31Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3960Total number of unique words is 218027.8 of words are in the 2000 most common words39.3 of words are in the 5000 most common words45.1 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 32Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 4018Total number of unique words is 214128.1 of words are in the 2000 most common words40.9 of words are in the 5000 most common words47.6 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 33Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3995Total number of unique words is 215426.9 of words are in the 2000 most common words40.2 of words are in the 5000 most common words46.9 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 34Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3999Total number of unique words is 212427.1 of words are in the 2000 most common words40.6 of words are in the 5000 most common words47.0 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 35Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3886Total number of unique words is 198828.6 of words are in the 2000 most common words42.1 of words are in the 5000 most common words49.2 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 36Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3889Total number of unique words is 215927.0 of words are in the 2000 most common words39.7 of words are in the 5000 most common words46.6 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 37Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3872Total number of unique words is 199630.3 of words are in the 2000 most common words43.0 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 38Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3914Total number of unique words is 206129.6 of words are in the 2000 most common words42.3 of words are in the 5000 most common words49.1 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 39Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 3898Total number of unique words is 217326.6 of words are in the 2000 most common words39.8 of words are in the 5000 most common words46.6 of words are in the 8000 most common words
- Хан Ормон - 40Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.Total number of words is 2795Total number of unique words is 173527.5 of words are in the 2000 most common words38.7 of words are in the 5000 most common words46.9 of words are in the 8000 most common words