Latin

Хан Ормон - 23

Total number of words is 3897
Total number of unique words is 2125
29.1 of words are in the 2000 most common words
41.0 of words are in the 5000 most common words
48.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Жүргүлө, жигиттер, калганын кайра келип тууралайсыңар, колуңарды жуугула, — деп
Калыгул ордунан туруп, Галим мырзаны ээрчий жөнөдү.
Конок үйүнүн биринчи кабатындагы узата коюлган узун столдо бөйрөктүү сары самоор
шуулдайт, ак бөлкө нан тууралып, чакмак канттар чачылган. Столдун эки жагында жыгач
орундуктар.
— Кана, олтуруңуздар, Калыгул аке, өйдө өтүңүз. Жигиттер, кысынбай олтура бергиле, чай
ичебиз, — деп жайдарыланды Галим.
Мурда көрбөгөн чоочун жагдайда өзүлөрүн коомайыраак сезип олтурган жигиттерге
Галимдин сөзү демөөр болгонсуду. Алжапкыч байланган, башына жоолук бууган, толмоч орус
аял тоолуктарга күлүмсүрөй карап, пиялаларга чай куюп узатып турду. Чайды үйлөп,
шорулдата ууртаган Эшим:
— Нан-чайы, канты жакшы дечи. Доңуздун этин бербесе эле болду, — деп Галимди карады.
Чайды сыпаа ууртап, салабаттуу олтурган Калыгул:
— Ырас эле, Галим абзий, эттүү тамак болсо доңуздукун коштура көрбөңүз, — деди.
— Никитичке эскертип койгонмун. Түшкү тамагыңар сыйыр этинен жасалат, — деп,
коноктордун оюн жубатты Галим.
Чай ичилип, бата тиленгенден кийин:
— Эми сиздер түнөгөн жайыңыздарга барып, эс алып туруңуздар. Мен силерди генералгубернатор төрө качан кабыл аларын тактап келейин, — деп конокторду өйдө узатып, өзү
короого чыкты.
Жигиттер ат ылоолорду кароого чыгышты. Бөлмөдө Калыгул жалгыз, ойлуу олтурат. Сөзгө
чечен, ойго чебер, эч кимдин алдында кабагын түшүрүп мүңкүрөбөгөн, убагында Кенесары
ханга сөз кайрып жүйөгө жыккан кыргыздын көйкашка мыктыларынын бири орус жарым
падышасына жолугуу алдында өзүн оңтойсузураак сезип олтурат. Улуктан сүрдөгөнүнөн
эмес, абалынын эки анжылыгы санаасын бөлүүдө. Ушул сапарга чыгаар алдындагы Жантай
бий менен болгон жолугушуу чекесин таяна ойлуу олтурган Калыгулдун көз алдына күнү
бүгүнкүдөй тартылып турду...
Ормон ханды узаткандын эртеси Жантай бийдин 12 канат чоң үйүндө чакан масилет өтүүдө.
Төрдө Жантай бий, бир аз төмөнүрөөк оң жагында Калыгул, бер жаккы улагадан өйдөрөөк
жоо сайып, баатыр атанган жигит Калча олтурат, жанындагы таар куржундун түбү томпоёт.
Үйдө бийдин байбичеси да жок, эшик кайтарылуу. Унчукпай ойлуу олтурган Калчага кабагын
көтөрө бий:
— Алып келдиңби? Канын-сөлүн тазаладың беле? — деди.
— Бий аке, өзүм тууралаганмын, таптаза, — деп обдула оңдонуп олтурду Калча.
— Кана, көрөлү, канкор маркумду, — деп бий оңдонуп олтурду.
Илбериңки кыймылдаган Калча куржундун килитин бошотуп, ичинен боз матага оролгон
тоголок нерсени алып чыгып, жүзүн ача көрүнөө койду. Кан-сөлү качып кубарган, чачы
кыртыштана өскөн, кабагы бийик, коңко мурун, көздөрү жумулуу, оозу кымтылуу, сүйрү
Хан Ормон
сакалы, серпилген муруту уйпаланган Кенесарынын башы жатты бийдин алдында. Оозун
күбүрөтүп, ичинен келме келтирген болуп, сакалын сыйпаган бий:
— Оо, жараткан Алла, бизди кечире көр. Тынч жаткан эл элек. Орусту да, сартты да, өз элин
да чаап, жаны тынбаган канкор хан элибизди кырып киргенде башка арга болбоду, аягы ушу
болду. Бул иш зарураттыктан болуп атат. Бизди, бечара пенделериңди кечире көр жараткан,
— деди.
Мелтиреп үнсүз олтурган Калыгул:
— Болор иш болду, боёсу канды. Баарыбыз Кудай тааланын алдындабыз. Ал баарын көрүп
турат. Кудай таала калыс, өзү колдойт. Эми, Калча, сен эрдикти аягына чыгар. Айылдагы
балдарды шашылыш жыйна да, дарылыкка деп карагайдын чайырын чогулттур. Бир чака
толтура болсун. Маркумдун башын үч эли кылып, чайыр менен капта. Бүрсүгүнү жөнөймүн.
Ага чейин бузулуп кетпесин. Муз майдалап, көк бедеге аралаштырып муну орогун да нымдуу
кумга көөмп сактап тур. Мен сураганда даяр болсун, — деди Калыгул.
Калча куржунду көтөрүп чыгып кеткенден кийин, үй ичин бир азга үнсүз тынчтык ээлеп
турду. Экөөнүн санаалары эки башка эле. Бириники — көрө элек алыс жактын жол азабы, көр
азабы. Экинчисиники — орус жарым падышасынан Ормон хандан кем эмес сыйлык алып,
аброй күтүүнүн амалы эле.
— «Жол азабы, көр азабы» дегендей, жол алыс, анын үстүнө алып бараткан жүк да кооптуу.
Казак жеринен алып өтүү кыйын болор бекен, орустар жардам бербесе, — деп бийге сөз
учугун таштады Калыгул.
— Албетте Калыке, жол алыс, сенин кайратыңа ишенемин. Аягөзгө чейин биздин куралдуу
жигиттер узатып барат. Андан ары Перемыш төрө кам көрөт. Жаныңа кош ат менен куралжарактуу эки камбыл жигит ал. Кудай жар болсун, кам санаба. Түн ортосу оогондо жолго
чыгарабыз, — деп, оюнун аягына чыкпай токтоп, чакчасын алып, насыбай чеге көзүн жуумп
ойлуу олтурду бий. Көөмөйүндө багып жүргөн ою түз сөздүү Калыгулга жакпас деп, аны
жайгаруунун ыгын издеген бий: — Узак жолго баратасың. Жол каржысы орустардын
мойнунда болот. Мен дагы каржыга кошуламын, кам санабагын. Сенин алып барган жүгүң
үчүн орус падышасынын жарым казынасын чачууга даяр турушат. Баары ойлонулган, андан
көрө... — деп, бир аз унчукпай ойлуу турду да, сөзүн улады:
— Ормон хандын каты жаныңда, хандын элчисимин деп аны бересиң... Атаганат, бири кем
дүнүйө. Үчүкө, Түлкү артык-кеми жок бир атанын балдары эле. Атаке бий Эсенгулдан артык
десе артык, кем эмес эле. Кең атадан кем туулуп калгансып бөксөрүп жүрөм. Калыке, жашың
кичүү болсо да, жанынды курбу көрөм. Сага айтпаганда кимге айтам. «Жоону сайса ким сайды,
аты калды Манаска» дегендей, Кенесарынын алдын тосуп жапырган биз элек. Кылыч
мизинде, найза учунда да биз болдук. «Кенесарыны Ормон хан жеңди» деген аңыз калды эл
ичинде. Орус падышасынын чоң сыйлыгы да ага тиет, — деп сакалын сылай Калыгулга көз
жиберди бий.
— Манас болбосо Чубак да болбойт эле да, бий аке. Кудай акы Ормон хандын айлакер
амалдуулугу, жаангерлик жайын куп билген илекорлугу болбогондо, Кенесары көптүгүнө
салып болсо да каптап кетпейт беле. Болгонду болгондой айтпаса болумсуздук болор, — деп
Жантай бийди тике карады Калыгул.
— Анысы бар, анысы бар дечи. Ошентсе да көлөкөдө калганыбыз жарабайт. Мен өзүмдүн
атымдан жандыралыга кат жолдоюн. Аны Ормон хандын катына удаа тапшыргын, оруска
биринчи кол созгон Атаке бийдин небересинен деп тапшыр. Куда кааласа өзүңдү да жарым
падыша куру койбос, — деп Калыгулга жапакечтенди бий.
— Сыйлык алайын деген оюм жок, бий аке. Журт атасынын вазийпасын алып барайын деп
турам. Бир жакадан эки баш чыгаргандай болом го, бир элдин атынан эки кат сунсам, — деди
Калыгул.
— Оой, сенден сөз качып кутулбайт да, Калыке. «Бир жакадан эки баш» — деп, борс-борс
күлдү да, кайра мостоё түшүп, сөз улады бий. — Кеп андай эмес, жөн эле «Атаке бийдин
урпагы, Орусияга санаасы түз кишиники» деп менин катымды да берип кой, — деди.
Эшик ачылып, бийдин балдарын окутуп жүргөн кашкарлык Магзум дамбылда салам айта
кирди.
— Алейкума салам, дамбылда, ырас келбедиңизби. Келиңиз, мындай өтүңүз, сизди кантип
чакыртып алам деп турдум эле. Калыгул баатыр Омбуга Орусия падышасына жөнөөгө
Хан Ормон
камынып атат. Мен өз атымдан улук төрөгө салам дуба кат жолдоюн деп турамын, — деп
жанынан орун жаңсады.
— Ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, Аллахи таала ишиңизди оң этсин, — деп бата тилей,
бийдин жанынан орун алды дамбылда.
— Магзум дамбылда, кагаз-карындашың жаныңдабы, өлүмдөн башканын эрте болгону
жакшы, — деди бий.
Чепкенинин ичинен асынган китеп кабынан калем-кагаз алып, китебин тизесине коюп,
оңдонуп олтурган Магзум дамбылда:
— Алланын аты менен баштайлы, — деп бийге кызмат өтөөгө дилгирлигин билдирди.
— Жазыңыз. «Өзүбүздүн улуу орус падышасынын ырайымдуулугуна таазим кылабыз.
Омский губерния башкаруучусу Сизге, урматтуу князь генерал-полковниктерге.
Чүй дарыясынын боюндагы көчмөндөрдүн манабы Жантай Карабек уулу менен козголоңчу
султан Кенесары үч жылдан бери бири-бирине душман эле. Мындан бир жыл илгери көп
аскер менең кол салган Кенесары 3400 кишисин жоготуп, биздин соккудан араң качып
кутулган. Быйыл жазда биздин айылдарды көп аскер менен каптап кирип, кыргын салды. Биз
каршы согуштук. Үч күн камап турдук. Кудайдын жардамы менен Кенесары, Норузбай, Эржан,
Кудайменделерди колго түшүрдүк. Кенесары султан инилери менен өлтүрүлдү. Улуу
урматтуу падышага өтөгөн кызматыбыздын далили катары анын башын жиберебиз. Улуу
жандырал бизге ырайым этип, кат-кабар жиберүүнү кааласа, Аягөздөгү Галим Ягудин
аркалуу күтөбүз. Кат жазып, мөөрүмдү бастым.
Жантай Карабек уулу. 1847-жыл, 9май».
Катты бийдин айтуусундай дыкат жазган молдо дагы бир ирет окуп бергенден кийин:
— Кудай акы, болгонун болгондой жаздык. Ормон хандын каты өзүнчө. Ага биз капа эмеспиз.
Биздин кат өзүнчө. Калыке, сен түз кишисиң, билип турамын ичиңден ыргылжың болуп
турганыңды. Сенде айып жок. Хандын элчисисиң. Аны өзүнчө, биздикин өзүнчө бер, баатыр,
— деп жубатты Жантай бий.
Ушул учурларды көз алдынан өткөрө ичинен ыңгайсызданып олтурган Калыгулдун оюна
эшиктен кирген Галимдин:
— Калыке, аксакал, «беймарал отурасызбы? Князь Горчаков Сизди түштөн кийин кабыл
алмак болду», — деген сөздөрү аралжы болду.
Батыш Сибирь генерал-губернатору князь Горчаковдун иш бөлмөсү. Эменден жасалган жазуу
столунун артында жөлөңгүчү бийик креслодо князь, анын алдындагы эки булгаары
креслонун биринде олтурган генерал Вишневскийдин сөздөрүн кунт коюп угуп олтурат.
Эшик ачыла кирген майор какая честь берип:
— Сиздин улуу урматыңызга татар Галим Ягудин, жапайы таш кыргыздарынын өкүлү менен
кирүүнү өтүнөт, — деди.
— Аа, Галимби, киришсин, — деп ордунан копшоло көз айнегинин үстүнөн эшикке көз
жиберди князь.
Эшик алдында узун бойлуу, денеси кагелес, бүркүт кабак, төбөсү бийик кыюулуу ак
калпакчан, коюу каштуу, бийик кабак алдындагы сурмалуу көздөрү токтоо тиктеген, кырдач
мурун, сыйда сакалы, узун муруту сыпаа серпилген тик жакалуу ийи майда, ак пиязы
кемселине күмүш кемер курчанган, өңдөш шымынын багалектери булгаары өтүгүнүн
кончуна камтылган салабаттуу киши салам айта:
— Сизди урматтаган кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулунун элчиси Калыгул Алыбек
уулумун, — деп төшүн баса бир аз ийиле ызаат көрсөтүп турду.
Ордунан тура утурлай тосуп кол алышкан ак сөөк князь:
— Аа, ошондойбу, көргөнүмө курсантмын, — деп кексе жылмая, тоолуктардын элчисинин
кебелбеген токтоолугуна, кадыресе баркын сактаган салабаттуулугуна тан бере көз жиберип
турду да, «отуруңуз» деп колун жаңсай, конок олтургандан кийин өз ордун ээледи.
Отургучтардын бирин креслого жакын жылдырып олтурган Галим алардын сөздөрүн сөзмөсөз которуп турду. Ак куржун кармап кошо кирген жигит четтерээк отурду.
— Урматтуу элчи, чаалыкпай келдиңизби, эли-журтуңуз эсенби? Дитим Сизде, — деди князь.
— Кудайга шүкүр, урматтуу князь төрө. Сизге кара кыргыз элинин ханы Ормон Ныязбек уулу
салам дуба жолдоп, ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалай турганын билдиремин.
Тынч жаткан элди кырып-чаап кирген Кенесары хандын аскери талкаланып, өзү инилери
Норузбай, Эржан жана отуз султаны менен колго түштү. Кенесары, Норузбай өлүм жазасын
Хан Ормон
алышты. Сиздин урматыңыз аркалуу улуу Орусия падышасына кабарлоону өтүнөт. Далил
катары Кенесары хандын башын жиберди, — деп сөзүн бүтө Горчаковго кат сунду. Князь
катты ачып көрдү да:
— Оо, араб арибинде жазылган тура. Муну толук которуп бериңиз, — деп Галимге берди да:
— Буюм-далилин көрсөк кантет, — деп генералга карады князь.
Галим кыргызчага которуп, Калыгулга кайрылды. Салабаттуу олтурган Калыгул:
— Кыштообай, далилиңди көрсөт, — деди.
Баарынын көңүлү москоол жигиттин кыймылына бурулду.
Илбериңки, эптүү Кыштообай куржундан ак чүпүрөк жабылган чакан жыгач челекти
чыгарып, ичинен мөлтүрөй жыттанган чайыр капталган кишинин башын алып, алдыларына
койду.
Князь, генерал, Галим орундарынан тура жакын келип көз жиберип турушту. Чайыр
кабыктын ичинде чачы кыртыштана өскөн, кабагы бийик, көзү жумулуу, коңко мурун, оозу
кымтылган, сакал-муруту бир аз уйпаланган Кенесарынын башы турду. Бир тынымга
бөлмөнү үнсүз тынчтык ээледи.
— Тынчыбаган козголоңчунун башы тынч орунду эми тапкан экен, — деп генерал
Вишневский князь Горчаковду карады.
Башын билинер-билинбес чайкап, унчукпай турган князь:
— Туура айттыңыз, генерал. Султандын башы тынч орунду эми тааптыр. Тоолуктардын колу
чебер белем, египеттиктерден кем эмес мумиялашыптыр. Эми султан Кенесарыны көргөн
биздин офицерлерден, аны тааныган шаардыктардан татар, кыргыз өкүлдөрүн алып,
экспертиза уюштуруңуз. Аныктыгы далилденгенден кийин императорго жиберебиз. Бузбай
сактоонун кошумча чараларын көрүңүз, — деп оолагыраак олтурган адъютантына
кайрылды.
— Барып далилди өткөрүп алып, князь айткан чараны көрүүнүн аракетинде болуңуз, — деди
Вишневский.
Адъютант Кыштообайды ээрчитип кеткенден кийин:
— Урматтуу князь төрө, Сизге Атаке баатыр урпагы Жантай бий да өзгөчө салам айтты, —
деп Калыгул чөнтөгүнөн кат алып Горчаковго сунду.
— Дагы бир ханыңар барбы? — деп келекелегендей үн менен Калыгулду күлүмсүрөй карап,
катты алып генералга сунду.
— Таксыр князь, андай эмес. Жантай бий оруска биринчи кол сунган Атаке баатырдын
урпагы болгон үчүн өзүнчө салам айтууну жөн көрдү, — деди Калыгул.
Генерал катты алып ачып көрүп:
— Бул да араб тамгалары менен жазылыптыр. Чыгыштын табышмактарынын түйүнүн иш
үчүн пайдаланууга болор. Толук которуп бериңиз князга, — деп Галимге узатты.
Генералдын сөздөрүнө кулак төшөй отурган кыргыздын өзүн эркин жана сабырдуу, ары
салабаттуу кармаганына сынаакы көз жиберип турган князь:
— Урматтуу элчи, сизди көргөнүмө ыраазылыгымды дагы бир ирет билдиргим келип
турат. Улуу империянын тынчын алып, өз элине да бүлүк салган козголоңчу султандын
куралдуу күчтөрүн жеңип, өзүн адилет жазага тарткан баатыр элди жана анын баатыр
жетекчисин куттуктаймын. Сиздердин Улуу империянын алдындагы кызматыңарды улук
императорго билдиребиз. Ал жактан сый жана жакшы кабар күтөбүз, — деп тилмечтин
которуп сүйлөшүнө тыным жасай сөзүн улады. — Сиздердин өз алдынчалыгыңар
кыпчактарга (Коконго) жакпасын билебиз. Аларга каршы көтөрүлүп, өз алдынчалыгыңарды
коргой турган болсоңор, биз тарабынан жардам болот. Аларды жеңээриңерге да ишенебиз.
Азыркы кызматыңар үчүн сый болорун дагы бир жолу кайталаймын. Кымбаттуу элчи! Эс
алыңыз, Сизге сый көрсөтүп узатуу үчүн генерал кам көрөт, — деп күлө бага генерал
Вишневскийди карады.
— Кара кыргыз элине жана анын ханы Ормон Ныязбек уулуна Сиздердин
ыраазылыгыңыздарды жана бийик баалаганыңыздарды толугу менен жеткиремин, — деп
Калыгул сыпаа ийиле князга таазим этти.
Князь ордунан козголо колун сунуп, аңгемелешүү аяктаганын билдирди. Билгиликтүү
кыргыз элчиси князга кол бере ордунан турганда, генерал Вишневский да ордунан туруп,
эшикке чейин барып узата кол берди.
Хан Ормон
Элчи кеткенден кийин князь менен генералдын аңгемеси жапайы таш кыргыздарынын аскер
күчү жана анын «катаал лидери Ормон хан жөнүндө», аларды империянын кызыкчылыгына
пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү масилетке алынды. Аңгемелешүү кыйлага созулду.
КАЗАГЫҢ ЖАТЫҢ ЭМЕС
1847-жыл. Тогуздун айы.
Ормон хандын айылы күздөө конушта отурат. Көз байлана, түн кирип келаткан учур.
Уулбаланын азем жасалгалуу тогуз канат өргөөсү; аш үйү бөлөк болгондуктан өргөө алдына
өрө кийиздер төшөлүп, үстүнө перси килемдери салынган. Төрдөгү килем жабылган
тактанын үстүндөгү күмүш чабылган жагдандарга адеми жууркандардан үч кертим жүк
жыйылуу, үстүндө ак жаздыктар тирелет, төрдөгү кара саксак көлдөлөң үстүнө аюу талпак
салынган. Бер жак капшытта алтын аралаш чыйратылган жибек жиптер менен ноколонгон,
эки жагына тартылып ачылуучу жашыл жибек көшөгө керегенин үч көгүнө жеткен ак
жаздыктуу, эки кишилик мамык төшөктү калкалап турат. Эпчи жакка Уулбаланын ашкере
уздугун айгинелеген, түстүү макмал манат өөндөрүнөн кынапталып, курак эмес аземдүү
сайма элеси түшүрүлүп, кундуз кыюуланган туш кийиз тартылган. Коломто ордуна
орнотулган төрт ачалуу күмүш калыпта жагылган мом шамдардан үй ичи жагымдуу мелүүн
жарыкка бөлөнүп турат. Эпчи жак төрдөн ылдый дасторкон жайылуу, казанга жабылып
кызара бышкан нан, омкорулган кошкон май, чагылган чакмак канттар төгүлгөн. Уулбала
сыңар тизелей олтуруп, Айымкан жеңесине бөйрөктүү ак чайнектен пиялага чай куюп суна:
— Алыңыз, жеңгей, кыргызда «Көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн» деп коёду гой, сол сыңары
биринши ирет жүзүмдү ашып, маңдайымдан сүйгөнүңүз эсимден кетпейди. Шолпан
жеңгемдей сыйлаймын. Андан бери каншама суулар агып, жылдар өттү. Сол биринши күн
эсимден кетпейди, — деди Уулбала.
Чай ууртап, жылмая күлгөн Айымкан:
— Менин өпкөнүмбү, же баатыр уулдукубу? — деп тамашалады.
— Ойбай, жеңгей, кайтесиң, баатыр уулуңуз, — деп шыңгыр күлдү да: — Айтканым ырас гой,
жеңгей. Анда мен каншама тагдырыма тике карап, кайраттансам да, аке-шешемден ажырап,
туулган калкымдан бөлүнүп, азган бешара кыз эдим гой. Жадымда карыптык турган эле да.
Сол учурда сизден эне мээримин сезген элем. Сизге милдеттүүмүн. Ыраазы бол, жеңгей, —
деди Уулбала.
— Кудай колдоп, тобокелиң төп чыгып, бел байлап издеген көңүл кушун таптың, такыялуу
кыз элең, таажылуу ханайым болдуң. Уул таптың, кудайга тобо кыл, — деди жеңеси.
— Кайриет, аныңыз ырас. Кудайга ризамын. Аке-шешемди, туускандарымды баатыр уулуңуз
кайын күтүп, катышып турамыз. Уулуңуз да эсейип келатады, — деди Уулбала.
— Баса, төркүндөрүңдү, жеңең менен иниңди кечээ узаттың го. Мен айылчылап кетип,
коштошо албай калдым, — деди жеңеси.
— Ооба, кечээ узаттым, жеңгемди, сиңдим Саулени, агайымдын уулун, — деп Уулбала сөзүн
бүтө электе, кызматчы жигит эшиктен кире:
— Ханайым, таксыр келатат, — деди адеп менен ийиле.
— Аа, баатыр уул келер маал болгон тура. Мен кайтайын. Сага бир аз эрмек болоюн деп
кирдим эле, — деп бата тилей ордунан тура жөнөдү Айымкан жеңеси.
— Жеңгей, келип турсаңыз, — деп узата чыгып, кайра кире дасторконду жыйып, үй ичине
баары жайындабы дегенсип көз жиберди да, саймалуу жашыл тасма тартылган жеңил
элечегин оңдоп, боюн түзөдү.
Эки бала көтөрсө да чырымталы жаш, чырайы жанып турган отузга чыга элек Уулбаланын
нооча бой, кымча белине тик жака, сур тукаба кемсели кынала, жарашыктуу оролгон жеңил
элечек кырынан изги көрүнгөн жазы маңдай, жаңы тууган айдай ийилген каштары,
коймолжун тарта коюуланган сурмалуу көздөрүнөн бакыт учкуну жана эптүү бүйрүлгөн
кызгылт эриндеринен лаззат илеби ура, хан күйөөсүн күтүп турду.
Капалдан кайтып келген уулу Үмөтаалы, Токтор аке менен казак-кыргыз жарашуусу кандай
өткөнү жөнүндө аңгемелешип, кимдин эмне айтканын талдап угуп, боордош, жамаатташ эки
элдин жарашуусу купулуна толсо да, мындан ары Орусия, Кытай, Кокон менен өнүгүүчү
мамилелеринин келечеги санаасын бөлгөн хан өргөөгө ойлуу кирди.
Хан Ормон
— Арыбаңыз, таксыр, — деп жылуу жылмая тосуп алган Уулбала Ормондун чепкенин,
тебетейин илбериңки алып, эпчи улагадан өйдөрөөк турган күмүш ачалуу ала баканга илип,
саймалуу сүлгүнү карысына кыса, чакан жез чылапчынды алдына коюп, ак аптабадан хан
эринин колуна суу куйду.
Хан колун аарчып, жубайлык мээрим төгүп турган жаш жарына ичинен ыраазы боло сакалын
сылай, төрдөгү аюу талпактан орун алды. Уулбала арыдан бери дасторкон жая даам коюп,
оюулуу кара көөкөрдөн кесеге мейиз чайкалган кымыз куюп сунду ойлуу олтурган жарына.
Кымыздан кере жутуп, дасторкондон даам ооз тие:
— Төркүндөрүңдү кечээ узаттыңбы? Ыраазы болуп кайтыштыбы? Ата-энеңе бизден салам
айттыңбы? — деди Ормон.
— Арийне, Сизден салам дуба айттырдым, риза болуп кайтышты. Бир сыйра кийим кийгизип,
аке-шешеме деген тартууларымды бердим. Кайындарыңыздын Сизге деген сарпайларын
үлкен үйгө, апамызга жиберген элем. Кийип көргөндүрсүз? — деди Уулбала, эрине жоодурай
карап.
— Аа, ырахмат! Көрдүм, кийсем калдайган казак болуп калчудаймын, — деп мурутунан
жылмайды Ормон хан ойлуу калыбында.
— Хан күйөөм, казагың жатыңыз эмес гой. Казактын кара көз кызы кашыңда турмун.
Чүрпөңүз Сейилкан артыңыздан ээрчип турады. Кудайга шүкүр, — деп бир аз ойлоно турду
да: — Өз элиңиздин да, кайын элиңиздин да бейкүнөө каны төгүлгөн кыргынды
басканыңызга ыраазылыгымды майдандан кайтканда айттым эле, — деп салмактуу
сүйлөөгө аракеттенсе да, кылгырган сурмалуу көзүнөн эр туюмун дүрт жандырар лаззат
илеби жанып турду. — Энди, тенирден сурарым, эки элимизге ынтымак, өздөрүмүзгө ден
соолук тилеймин, — деди Уулбала.
— Иншалла, эми тынчтык болот, — деди Ормон хан.
Эшик ачыла шуулдай кайнаган самоор киргизген жигитке «өзүм тейлейм» дегендей ишарат
кылды да, бөйрөктүү ак чайнекке чай демдеп, назик кыймылдай эки чыныга чай куюп, бирин
күйөөсүнө суна, экинчисин өзү алып, ойлуу калыбын жазбай отурган күйөөсүнө:
— Баса, Капалга кеткен чоң уул келди деп уктук, — деп сөз учугун күйөөсүнө таштады.
— Ооба, Үмөтаалы баш болуп, Токтор, Жантай, Жангарачтар орус жандыралынын
кепилдигинде казак-кыргыз тынчтык наамесине кол коюп кайтышты.
«Иншалла, эми эки эл тынч болот», — деп, жаш жубайынын эл камын ойлогон
паразаттуулугуна ичинен ыраазы болуп олтурду Ормон хан.
— Ылайым солай болсун. Теңирден элимдин башынан бакыт кушу учпаса экен деп тилеймин.
Баса, мени келерки жайда төркүлөп келсин деп айттырыптыр аке-шешем. Сейилканды
ээрчитип, мени жибериңиз. «Күмүш үйлүү күйөө, камыш үйлүү кайнатадан сый көрөт»
дегендей, балким, сиз да барып кайын журтуңуздун сыйын көрүп келерсиз, — деди Уулбала.
— Кайдан камыш үйлүү болсун. Кайнатабыздын төрт түлүк малы өрүшүнө батпайт, алтынкүмүш зары канча. Андан көрө өзүң айткан эл камы мойнунда турган кишиде катынын
төркүлөтүп барганга убакыт болобу, — деди Ормон хан.
— Оны түшүнөмүн гой, эреркеп айтып турганым да, баатыр. «Баатыр» деген сөз мага
«хан»дегенден жакыныраак туюлат. Кара казактын кызымын да, хан жанында калтырап
олтургандан көрө, баатыр жанында баарлашып олтурганым абзел гой, — деп, шыңгыр күлө
күйөөсүн карады Уулбала.
— Таппаганың жок, кара казактын кызы сенин, — деп жылмайды да, кара көз казак кызы
көңүл кушун таптай билген жары болгонуна көңүлү толуп отурду хандын.
— Баатыр, Сизден жашырып жүргөн сырым бар эди. Айтуунун ыгын таба албай жүрдүм эле,
— деди Ормондун көңүлү жибип турганын баамдаган аялы.
— Ал кандай сыр болду экен? — деп таң кала карады Ормон.
— Орток болоюн десеңиз, айтамын, — деп жылмайды Уулбала.
— Мына кызык, бирге жатып, бирге тургандан ашык да орток болобу? — деп ормойду
күйөөсү.
— Анда орток тилектеш экенбиз. Айтайын, Сейилкан уулуңуз комуз чертем дейт, — деди
Уулбала, муну Ормон хан жактырбасын туюп, күмөндөнө.
— Ал эмнеси экен, ээнбаш! Качантан бери чертет экен, ким үйрөтүп жүрүптүр? — деди
Ормон. Өзүнөн уруксатсыз үйрөткөн кишини айыпка жыгып, жаза тарттырарын билген аял
күлүмсүрөп жайдарылана:
Хан Ормон
— Ортокпуз да сырыбызга. Үйрөткөн кишини жазалабаймын десеңиз айтам, — деди.
— Айта бер, жазалабайм, — деди Ормон хан саал жумшара.
— Бекенбай комузчуга барып жүрөт, — деп күлдү да, эпчи жактагы манат текчеден
аземделип жасалган өрүк комузду алып, күйөөсүнө суна сөзүн улады.
— Уулума көрсөтө элекмин. Илгери үмүт менен жасаттым эле. Батаңызды бериңиз.
Ормон комузду колуна алып, айланта карап көрүп, үнсүз жанына жөлөп койду.
— Баатыр, мен билемин, манап насили, хан уулу ырдап, комуз чертүүсү кыргызда өөн
учурарын. Сойтсе да, Сейилдин тагасы — менин акем — домбра шертеди. Агаларым да өлөң
айтып, домбра шертишеди. Бул өнөр Сейилге ошолордан ооган го. Кудайдын берген таланты
гой, баатыр, Сейилдин шешеси катары өтүнөмүн. Батаңызды бериңиз? — деди Уулбала
жайдарылана.
Ормон хан ак да, көк да дебестен комузду жанына койгон калыбында ойлуу олтурду. Бул
хандын уулуна комузчу болууга берген батасы эле.
Санаасы тынган Уулбала күйөөсүнө чай суна, байыркы падышалардын, хандардын өмүрүнөн
күлкүлүү, бирок сабак болорлук икаяларды айтып, жубайлар маанайлары жаркып,
субкатташа отурушту. Бата тиленип, дасторкон жыйылып, кол жуулуп ооз чайкашкан
жубайлар бой жаза, көшөгө артына өтүштү.
КОКОН БАСКЫНЫН КАЙРУУ
1847-жыл. Тогуздун айы.
Кенесары хандын жоболоңу аяктап, эл ичи тынчый түшкөн. Көз байланар маалда калмак
жүрүш менен шашыла келаткан салт атчан күздөөдөгү Ормон хандын айылына тизгин бурду.
Ордо үйдөн оолак кермеге келгенде:
— Токто! Сен кимсиң? — деп найзасын кесе кармаган күзөтчү жоокер алдынан тосту.
— Мен Байсеркемин, — деп аттан түштү жолоочу.
— Ассалому алейкум, бий аке! Сизсизби? Жарыктык, түн катып, атыңыз да чаалыккандыр, —
деп күзөтчү жоокер Байсеркенин колунан чылбырды алып, кермеге байлады.
— Жүрүңүз, хан Нажимүддүн дамбылдага Жоопнамени окутуп угуп олтурат, — деп бийдин
артынан ээрчий келип, эшик ачты.
— Ассалому алейкум, таксыр, — деп оң колу менен көкүрөгүн басып, бир аз ийиле эшик
алдында турду кыргыздын Кокондогу элчиси Байсерке бий.
— Алейкума салам, бий, келиңиз, жол болсун, — деп жанынан орун жаңсады Ормон хан.
Байсерке бий ханга, аалымга кол берип учураша орун алды.
— Ха бий, саламат келдиңизма? Халкымыз эсенчиликте турамы? Ва Рахмату аллахи. Ва
Баракатухи, — деп бата тилеп, эсенчилик сурады ажы. Эсендик сурашып, Байсерке жай
алгандан кийин:
— Ажы, рахмат, эми жайыңызга барып эс алыңыз. Окууну эртең улантабыз, — деди Ормон
хан.
Ажы китебин жыя, коштошуп чыгып кеткенден кийин:
— Бий, Кокондо кооптуу иш бар го, түн катып келдиңиз, — деди Ормон хан.
— Кокондун түрү бузулду, таксыр, — деп кызматкер жигит сунган аякты алып, кере жута
жерге койду да: — Бишкектен Алишер бек барып кеткенден кийин, мага мамилелери
мурдагыдан да сыйлуу боло баштаган эле. Көрсө ал арам ойлорун билгизбей, мени алаксытып
туруунун амалы экен. Өткөн жума намаздан кийин келатсам, Ордо кызматында жүргөн
алайлык кыргыз Баймырза жолугуп, саламдашкандан кийин: «Бий, Сизге айтып коюшум
парз. Булар көп аскер жиберип, арканы кайра каратып алууга даярданып атышат. Бул анык.
Мусулманкул аталык өзү кол баштайт экен. Сиз бул жерден тез кетиңиз. Алар жөнөр алдында
Сизди зынданга салары турулуу иш», — деп эки жагын карана шаша басып кетти. Ордого
келсем мамилелери мурдагыдан да жылуу. Башка бирөөлөрдөн сураштырайын десем, шек
алдырчудаймын. Тура берүүгө даай албадым. Түн ортосу оой жашырына шаардан чыгып, жол
тартып келатышым ушул, — деди чаалыга талыкшып турган Байсерке бий.
Бир тынымга үй ичин тынчтык ээлеп турду. Мелтиреген ойлуу калыбында Ормон хан:
— Кымыздан ичиңиз, бий, — деди.
— Рахмат, таксыр, ичтим, — деди аякты узата Байсерке бий.
Хан Ормон
Көөкөрдү жаап, аякты жыйнап, кызматчы жигит чыгып кеткенден кийин:
— Мусулманкул кыпчак жээлигип турган экен да өспүрүм ханды жетелеп... Баамыңызда
качан чыгышчудай жүрүшкө? — деп суроо узатты Ормон хан.
— Баймырза туугандын айтымында көп кечикчүдөй эмес. Ашып кетсе он-он беш күндө
аттанышчудай, — деди Байсерке элчи.
— Канча жоокер менен чыгарын баамдай алдыңызбы? Курал-жарактары кандай? — деп
суроо улады Ормон хан.
— Санын болжоого кыйын, таксыр. Менин баамымда Кенесарынын түмөндөгөн колун
талкалаган аркалыктарга каршы аз кол менен чыкпоого тийиш. Он миңдин ары-бери жагы
болуу керек. Курал-жарагы жөнүндө — алар көбүнчө түтөтмө мылтык алып жүрүшөт. Кылыч
байланышат, найза, жаа кармагандары анча эмес. Алар көбүнчө тоолук кыргыздар, саны көп
эмес, — деди бий.
Элчинин айткандарына ынтаа коюп уга:
— Ушундай деңизчи, — деп хан өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп каалгый олтурду да, сөзүн
улады. — Ордонун ички ынтымагы кандай? Сиздин баамыңызда?
— Ордодо өз алды ынтымак, — деп айтуу кыйын. Сыртынан бөйпөңдөшүп «сиз-биз»
дешкени менен ар кимиси өз мүдөөсүн ичинде купуя сактап жүргөндөй туюлат. Эң күчтүү
ажырым кыпчактар менен сарттардын арасында. Кыргыздарга боор тарткансыганы менен
Мусулманкулдун көзү аларга түз эмес. «Ит жүгүрүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, Алымбек
датканын ордодогу таасирин Мусулманкул көрө албайт. Бири-бирин аңдышкан абал. Кудаяр
ханга кызын берип, хан күйөө күткөн Мусулманкулдун аброю жогору. Хандын жаштыгынан
пайдаланып, азыр ал эки тизгин бир чылбырды колуна алган бийлик ээси. Муну ичинен
туйган Кудаяр хан намыстанып жүргөндөй түрү бар. Анын колтугуна суу бүркүп, ордодо сарт
билермандары дымып турушат. Бара-бара Мусулманкул бийликти өз ээсине ыйгарбаса, арты
жакшылык менен бүтпөшү ыктымал. Сарттар Кудаяр хандын бийлик кумарын арттырып,
көкүтө ар кандай айла-амалдарды салып турушат. Алардын максаты Мусулманкулду
бийликтен сүрүп чыгарып, ханды өзүлөрүнө ыктатуу, — деди ар ишке көзү жетик кыраакы
Байсерке бий.
Көңүлүн уюта угуп олтурган хан башын ийкеп, сакалын сылай, бийдин чарчаңкы, басмырт,
ошентсе да сабырдуу, салабаттуулугуна ыраазы болуп турду да:
— Эми бий, Кокон менен Букаранын арасы кандай, ошону кеп уруңузчу? — деди.
— Кокон менен Букараны жарашып турат деп айтууга болбойт. Букара дагы эле болсо
Коконду өзүнө кошуп алуу далалатын токтото электей көрүнөт. Ал эмес, имиш-имиште,
Коконго чабуулга даярданып турат. «Букара күчтүү» деген сөздөр тарап, эл ичи тынч эмес, —
деди чаалыгып турган Байсерке.
— Рахмат, бий, эми барып эс алыңыз, эртең түш оой келиңиз, акылдаша турган иштер бар, —
деди хан.
Байсерке бий кеткенден кийин Сазаны чакыртып сүйлөштү да, ар кай жакка чабаган
аттандырды.
Чакырылгандардын арты болуп түш оой Ормон хандын ордо үйүнө Калыгул бий келип
түштү. Жаш курагына жараша хан айланасында орун алышкан Байсерке, Жаманжээн,
Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Андаш, Абыкандар жапырт орундарынан тура Калыгулга ызаат
көрсөтүштү. Баарына кол берип, хандын оң жагынан орун алган Калыгул алакан жая:
— Алло акбар, эли-журтубуз тынч, байгерчиликте болсун, — деп бата тиледи.
Батадан кийин Ормон хан олтургандарга көз жибере:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 24
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.