Latin

Хан Ормон - 13

Total number of words is 3902
Total number of unique words is 2165
26.4 of words are in the 2000 most common words
39.6 of words are in the 5000 most common words
46.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
мусулманчылыкка жады эле адамгерчиликке сыйбаган жорук баштады. Жосунсуз иши эл
алдында баркын ого бетер кетирди. Ордо ичинен ирип эки жаат: кошоматчылары ханды
колдосо, бир даары ага каршы.
Кокондогу мындай мажес абалды Букара амири Насрулла илгиртпей пайдалангысы келип
турат. Алтын бешик урпагы Шахрух бий Коконду Бухарадан бөлүп, миң мураскорлугуна
тиешелүү хандыкты негиздеген. Эми анын мураскору Мадали ханды дин бузар, ата безер деп
тактан кулатып, Коконду өзүнө баш ийдирүү үчүн кол курап, чабуулга азирленип турган кези.
Ушул жагдай жүрөгүн өйүгөн Ажыбек датка Көтмалдыда өткөн жыйында кыргыз биримдиги
жөнүндө айтылган сөздөрдү эсине түшүрүп отурат. Ою бөлүнүп тунжураган датканын сөзүн
улагысы келген Жантай бий:
— Калайыкка Кокон калканыч боло албаса, анда Ормон баатырдын биригүү жөнүндөгү
ойлорун масилеттеп көрбөйлүбү, — деп көптөн бери багып жүргөн оюн ортого салды.
— Мунуңуз бул жерде айтылуучу сөз эмес, бий, эч ким уккан жок. Буюрса башка жерде
сүйлөшөлү, иншалла, — деп ызаат кыла Жантайды карады Жангарач.
— Алишер бек кечээтен бери эпилдеп, сый көрсөтүп атат. Эч нерсе айтпайт, салык жайын да
сурабайт. Эмнеге чакырды экен баарыбызды чогуу, кандай ойлойсуз? — деп Медет датка
сөздүн нугун башкага бурууну кааладыбы — Ажыбек датканы карады.
— Биз сөз кылып токтогон маселенини учугу ушул чакырыкта жатабы дейм. Кылычын
жалаңдатып капталында Букара турганда, бул жакты колдон чыгарбай кармап туруунун
айласы го. Ормон баатырга Кокон ордосунун бийик ченин бериптир деп укканбыз. Кокондон
хандын кеңешчиси Кады да келиптир, — деди Ажыбек датка чайга ыраазылыгын билгизе.
— Ормон баатыр элге эгедер болуучу эр окшойт. Тайлак баатыр өлгөндөн кийин Нарын
жакта өзүлөрүн ээн жердин бөрүсү сезип калган Кокон салыкчылары айыл аралап, элдин
малын тартып алып, ага алымсынбай эки кызды ат соорусуна салып ордого алып баратканда
кабар жетип, Ормон жигиттери менен кууп жете, зордукчуларды селейте чаап, элдин малын,
кордолуп бараткан кыздарды ажыратып калганын уктук, — деди Медет датка.
— Сөзүңүздө калет жок, бизге да жеткен бул кабар. Атынан ажыраган салыкчылар өлдүмталдым дегенде араң жетишиптир Коконго. Баштагыдай алы болсо Нарын жакты кызыл уук
кылат беле, ким билсин, — деди Ажыбек датка. Аңгыча эшиктен самоор кайнатып жүргөн
жигит кирип:
— Алишер бек бир зор кишини дарбаза алдынан тозуп алып, бул жакка ээрчитип келатат, —
деди улуулардан ыйба кыла, чай куюп отурган жигитке айткан болуп.
— Аа, Ормон баатыр келген экен да. Бек өзү тозуп алганын кара, — деп Жантай бий
малдашын түзөп, Жангарачты карады.
— Парваначы наамын берсе ал чеп бегинен улук да, — деп Ажыбек датка сөзүн бүткөндө, боз
үйдүн эшиги ачылып, Ормон, анын артынан Алишер бек, Саза киришти.
— Ассалоому алейкум, кадырман датка аке, урматтуу бийлер, — деп төшүн баса саал ийиле
салам айтты Ормон.
«Алейкума салам», деген үнгө удаа Ормондон жашы кичүү Жантай, Жангарач бийлер ордунан
тура калышты. Ажыбек датка отурган калыбында:
— О, Ормон баатыр, ат көлүк аман келдиби, мындай отур, — деп катарын жаңсады. Ормон а
дегенде Ажыбекке, анан Медет, Жангарач, Жантайларга кол берип, жай алды.
Хан Ормон
— Аа, Урман баатыр, жүрүң, хандын кеңешчисине жолугалы десем, бизде мансап улук эмес,
жаш улук, алгач Ажыбек даткага кол беремин деп, мында келди, — деди борс-борс күлө, үй
ээси катары Жангарачтан кийин орун алды бек.
— Кана ука, Урман баатыр чөлдөп келгендир. Кымыз келтириң, — деп ал чай куюп отурган
жигитке карады. Жигит илбериңки кыймылдап, сыр аякка кымыз куюп, Ормонго узатты.
— Алыңыз, датка аке, — деп Ажыбекке сунду Ормон,
— Ыракмат, баатыр, биз ичип отурдук, — деп ыраазылык билдирди датка. Ормон кымызды
тынбай жутуп аякты узата:
— Бали ыракмат, суусун канды, — деп жанынан бет аарчысын алып, мурутун жаный
жайланып отурду.
— Баатыр, эл-журт эсенби, быйыл көл кылаасында эгин-чөп мол болчудайбы? Мал-теге
жайлоодон төмөн түшкөндүр. Жай оттуу болдубу? — деди Ажыбек датка.
— Кудаага шүгүр, датка аке, мал жайлоодон эттүү түшүп атат. Эгин эккендердин
кырмандары кызылга толду десек болот. Бирок ошо эгин эккендердин саны аз. Эл
дыйканчылыкка үйүр алыша албай турат, — деди Ормон кымыздан кийин куюлган чайдын
чынысын бошото ыраазылык билдире.
— Хазрети ханыбыз Арка кыргыздарын жуда сыйлайт. Мына Ормон баатырга жогорку наам
берди. Ажыбек, Медет даткалар ордонун кадырлуу адамдары. Жантай, Жангарач бийлер да
ордодо белгилүү адамдар, — деп чайдан ууртай меймандарына жайдарыланды Алишер бек.
— Хан калкын сыйлай билсе, ханды Кудай сыйлайт. Ылайым эле ошондой болсо экен, — деди
Ажыбек датка.
— «Сыйга сый, сыр аякка бал» деп айтылат кыргызда. Эки жак тең — эл да, өкүмдар да —
сыйга татыктуу болгону абзел, — деди Ормон. Чай дасторконуна бата тиленгенден кийин
Алишер бек:
— Урматтуу меймандар, хан кеңешчиси Кады аке күтүп турат, кана, рахим этилар, — деп
ордунан турду. Меймандар эшикте бой жаза турган соң бектин үжүрөсүнө бет алышты.
Чеп бегинин мейман тосуучу үжүрөсү. Жасалгалуу кенен бөлмөнүн төр жагындагы жука
килем жабылган жапыс үстөлчөнүн үстүндө жабылуу куран, жанында түрмөктөлгөн кагаз
жатат. Төрдө жаздыкчаларга аркасын сүйөй Кады кеңешчи, мечит имамы Махмуд ажы
отурушат. Эшик ачыла: «Ассалоому алейкум» деп салам айта Ажыбек датка баштаган
Арканын билермандары киришти. Кады кеңешчи ордунан тура:
— Алейкума салам, кадырлуу меймандар, — деп утурлай келип, Ажыбек даткага, Ормонго,
Жантайга, Жангарачка, Сазага кол берип учураша, — келгиле, мархабат, төргө өткүлө, — деп
ызаат көрсөтө, баарынан ийнинче озуп турган салабаттуу Ормонго көз кырын жиберди.
Меймандар хан кеңешчиси менен имамдын эки тарабынан жаш курагына жараша орун
алышкандан кийин имам:
— Ва рахмати Аллахи, ва баракатухи, калайык калкка тынччылык береке орносун, хан
тактысында, калк ордунда болсун, Аллохи Акбар, — деп бата тиледи.
— Урматтуу Ормон баатыр, урматтуу даткалар, урматтуу бийлер, кандай эли-журтуңар эсен,
байгерчиликте турабы? Өзүңүздөр сак-саламат жүрөсүздөрбү? Куш келипсиздер, берекелүү
Арка жергесине, касиеттүү ордонун шарапаты тийип турган Бишкек чебине. Сиздерге Аллаяр
Сейит Мухаммед али хандан салам дуба, — деп сакалын сылай, көкүрөгүнө колун тийгизе
меймандарга кайрылды Кады кеңешчи. Ормон ызаат кыла Ажыбек датканы карады.
— Касиеттүү алтын бешиктердин ордосуна, Хазрети хан Мадалиге, хан кеңешчиси урматтуу
Кады сизге, жергелүү кокон элине ылайым жакшылыктар болсун, Аллахи тааланын
ырайымы менен эл-журт эсен, байгерчилик, — деп датка жооп кайтарды. Көптү көрүп, калк
карыткан, окумал Кады эми сөзүн алыстан баштады;
— Пайгамбарыбыз Мухаммед мустафа саллолоху алейхи ва салам Мекеден Мединага көчкөн
касиеттүү Хижрадан 1135 жыл өтө, Алтын бешик урпагы касиеттүү Шахрух бий атпай түрк
насили өзбек, кыргыз туугандарды бел тута, Бухарадан бөлүнүп, бийликке отурган тууралуу
«Тарихи Шахрух ва туфхит ат таварихте» айтылат. Бул арада бийлик тактысында Абдрахман,
Абдулкерим, Низамеддин, Мухаммед Баба, Эрдене, Нарбото бийлер, Алим хан, Омор хандар
өтүштү. Аллахи Таала биздин динибизди, тилибизди, дилибизди бирге жараткан экен,
биргелешкен тамырыбыз тереңде. Оо, ал кездерде, — деп көзүн ачып-жума башын ийкей,
кылым тереңинде калган эл тагдырын көз алдынан чубата, каалгый сөзүн улады. — «Баш
канжыгада, кан көөкөрдө» деп айтылгандай, дин ислам тиреги, түрк биримдиги үчүн,
жунгарларды касиеттүү Ферганадан сүрүп, кырчылдаша кылычташкан кыргындуу күндөр
Хан Ормон
өтүптүр. «Мунтахабр ат таварихтен» окуйбуз 1166-санада бириккен өзбек, кыргыз күчтөрү
жунгар ханы Галдан Церендин кол башчылары Септел, Хотол эрендердин жыйырма миң
аскерин Ферганада талкалаганын. 1169-санада кыргыз жоокерлери жекеме-жеке
салгылашууда Зайсан Доржундун түмөнүн талкалап, ферганадан сүргөнү айтылат, — деп бир
тынымга ойлуу тунжурай түшүп, кайра сөз улады Кады кеңешчи. — Аллахи таала жар болуп,
дин ислам үчүн бириккен кыргыз, өзбек жоокерлери 1170—1171-санада касиеттүү
Фергананы бутпарастардан тазалаптыр. Хаср тереңине көз чаптырсак, кыргыз Акбото бий
Абдулкарим бий менен, кыргыз кушчу Кубат бий Эрдене бий менен үзөңгү кагыша ордону
чыңаганын көрөбүз. Сарысейит, Атаке, Белек, Маматкул бийлер да ордо менен кызматташ
болушкан. Иншалла азыр да биргебиз, — деп ынтаа коюп угуп отурган кыргыз бийлерине
астыртан көз жиберди Кады кеңешчи.
— Алхамду иллахи биргебиз, — деп сөзгө аралашты имам.
— Ошондой, — деп сөзүн улады Кады кеңешчи. — Фаргана, Алайда Алымбек, Алымкул
кадырлуу адамдар, Аркада мына Ажыбек бек, Медет даткалар, Жантай, Жангарач бийлер,
Ормон баатыр дин ислам, түрк биримдиги, ордо тиреги болуп калайык кызматын өтөп
турушат. Ушул бир туугандык биримдикти күчөтүү үчүн, Алляр Сайид Мухаммед Али хандын
жарлыгы менен Ормон баатырга Ордонун урматтуу бийик наамы ыйгарылды. Ормон
баатырга Ордонун Аркадагы бардык иштерине баш-көз болуу вазийфасы ыйгарылды, — деп
сөзүн бүтө чептин катчысына ишара этти. Илбериңки катчы кагаз түрмөгүн жандыра:
— Бисмиллахи рахмани рахим,
«Ал тирик:
Бизги Абдул Гази Сайид Мухаммед Али Багадур хандын сөзү.
Ааламдын жаратуучусу, жашоонун башаты, падышалардын падышасы, асман-жердегинин
баары анын амиринде турган Аллахи Таала чексиз ырайымдуулугу менен тартуулаган күчтүү
кудуретине ылайык Ормон Ныязбек уулунун өз элине, Ордого өтөгөн кызматын эске алып,
биздин падышалык мээримибиздин четин тийгизип, ага ушул жарлык менен Парваначи
наамын ыйгарабыз. Ага карамактуулардын бардыгы үчүн бул жарлыкка ылайык,
Парваначинин өкүмү таратылат. Буйрук сөздүн мааниси Биздин падышалык мөөрүбүз менен
бекитилет. Ал эч ким тарабынан бузулууга тийиш эмес.
Раджабоульмутатжаба айы. 21-күнү. 1256-сана», — деп үнүн каадаланта созгон катчы
жарлыкты окуп бүтөрү менен имам Курани каримден сүрөө окуп, фатва жасай, «Аллохи
Акбар» деп алакан жайды. Отургандар жапырт бата тилешип, Кады Ормон баатырга ак суп
чепкен жаап, маңдайына кичирээк асыл таш коюлган сургулт чалманы башына кийгизди.
Аземге катышып отургандар Ормон баатырды куттукташты. Олбурлуу келбетине,
карасурунан келген сүрдүү чырайына ак суп чепкен, асыл таштуу сургулт чалма куп
жарашкан Ормон ордуна отуруп, хан кеңешчисине кайрыла:
— Таксыр хандын акылман кеңешчиси, урматтуу Кады карыя, Кокон ордосунун бийлиги
улук ханына, анын атынан чен берген Сизге ыраазылык билдиремин. Биз калк камкорлугун
моюнга алган кишибиз. Элдин убал-сообу моюнда, элдин эркин зордук, зомбулуктан
коргоого бел байлаганбыз. Ордонун максаты журт байгерчилиги болсо, биздин ишибизге эч
ким кийлигишпесин. Биз аны болтурбайбыз. Аркада элдин биримдиги жөнүндө азрети хан
бей кам болсун. Зекет шариат жолуна ылайык жыйналып берилет. Калган иш биздин
камкордугубузда болот. Таксыр Мадали ханга бизден салам дуба, деди. Ар бир сөзүнө маани
бере кунт коюп угуп отурган кеңешчи:
— Рахмат, Ормон баатыр, ата-бабалардын жолун жолдоп, Ордого тирек болот деп ишенебиз,
— деп алакан жая бата тиледи. Аземге катышкан датка, бийлерге баалуу сарпайлар жабылды.
Азем аяктап, Кады меймандар менен сый аш берилүүчү үжүрөгө өтүштү.
Эртеси эртең менен күндүн нуру чачырай, чеп ортосуна көтөрүлгөн ак өргө алдында тегерек
тарта үзүрлөшүп турган сый ээлеринин жана меймандардын алдына токулуу аттар
тартылды. Ойноктогон ак боз ахалтеке аргымагы көзгө өзгөчө урунат. Сымпоочтолгон
ээрден баштап, жүгөн, көмөлдүрүк куюшканына чейин күмүштөлгөн ат жабдыгы менен
токулгаланган чалышынан келген элик моюн ак боз, соорусун жаба берип, чачылары жерге
тиер-тийбес ыргалган жука жибек жабууну оорсунгандай тыбырчылап турат.
— Урматтуу датка, — деп тегерете тургандардын жашы улуусу Ажыбекке кайрыла, сөз
улады Кады кеңешчи, — сиз уруксат этсеңиз, мен каададан четтеп, аттандырууну Ормон
баатырдан баштайын деп турам.
Хан Ормон
— Биз баарыбыз ыраазыбыз. Бул аркалыктарга көрсөтүлгөн жаңы урматка, — деп сакалын
сылай эки жагын карады датка.
Ак боз аргымак Ормондун алдына тартыла, чеп башы Алишер бек өзү колтуктай атка
мингизди. Ак боз аргымактын үстүндө ак кементай, ак калпакчан, жайкалган кара сакалы
төшүн жаба, бийик кабак алдындагы сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган зор киши өтө
сүрдүү көрүндү.
— Оомийин, Аллох Акбар, аргымагыңыз арыбасын, калк иши үчүн кайратыңыз жанбасын, —
деп Кады алаканын жая бата тиледи. Ормон аргымактан түшүп, өз атын минүүгө
ыңгайланганда Ажыбек датка:
— Баатыр, хан тартуусу алдыңызда болсун, — деп колун жаңсай, өзүнө тартылган атка
минди. Меймандар сый ээлери менен кош айтышып, чептен чыга, бир өргүп кеткиле деген
өтүнүчүн сыйлап, Жангарач бийдин айлына бет алышты.
Жангарач бийдикиндеги маселетте өткөн топ жыйындагы биригүү жөнүндө айтылган
Ормондун оюн ортого салышты да, Бухаранын Коконго каршыгуусу эмне болорун байкап иш
кылалы деп тарашкан. Эмне болорун күтүп турганча, оюндагысын болтурууну эп көргөн
Ормон аракетке киришти.
Хан бийлигин басынткан каршылыктары үчүн, жасоо чыгарбастан өзүнө жогорку наам берип
сыйлоосунан Мадали хандын айкөлдүгүн эмес, аргасыздыгын туйган кыраакы Ормон бул чоң
мансапты тобокел Алла деп өмүрүн тиккен түпкү максатына пайдаланууга бел байлады.
Адегенде аркадагы Кокон бектерин, уруу бийлерин, элди өзүнө үйрүп алууну чечти. Октон
жалтанбас, катаал, кайраттуу инилери Төрөгелди, Адыл, Абыкан, Саза баштаган жигиттерди
көл айланасына, Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгалга парваначы бийлиги атынан атайы
иштер менен бир жума мурун жиберген.
Тоо этеги өндүргө суу бойлой өйүз-бүйүз конгон Ормондун айылы. Он эки канат ак үй
айылдан обочо тигилген. Эшигинин оң ыптасына түпөктүү найза тирелген, сол ыптасына
парваначынын бийлик белгиси — жашыл желек — желбирейт. Бүгүн эртең менен удаа келип
түшкөн Жантай, Жангарач, Качыке, Бүргө, черик Ажыбек, бугу Боронбай, Тилекмат,
Муратаалы, Самсаалы бийлер Ормондун чоң үйүндө сый үстүндө баарлашып отурушат.
Айылдан бир аз өйдө суунун аркы өйүзүнө тигилген көөнөрөөк алты канат үч боз үй ээн турду
эле, кечээтен бери үзүл-кесил аттуу-жөөлүү кишилер келип жайланышууда. Аларга да союш
берилип, конок сыйы көрсөтүлүүдө. Шам-шаркыт эч ким каттабайт. Айыл ичи күбүр-шыбыр,
оң-доң. Бирөөлөр кытайдан ооп, эл болобуз деп келгендер экен десе, бирөөлөр жок андай
эмес, Ормондун казак аялынын төркүндөрү экен. Ал жакта ачарчылык болуп, жан сактоо
айынан сөөк-тамыр издеп келишиптир дешет. Бүгүн жигиттер үч кокон сыпайын коштоп
келип, ошол көөнөрөөк үйлөрдүн бирине түшүрүштү.
Айылдан өйдө суунун берки өйүзүнө көтөрүлгөн тогуз канат үч ак өргөгө бүгүн түш оогондон
кийин келишкен Бишкек, Көтмалды, Барскоон, Куртка чептеринин бектери Ормонго чоң
үйүндө жолугушкандан кийин, жайланышып сый көрүп, эс алышууда.
Ормондун чоң үйүндөгү сый-масилет аяктагандан кийин, Боронбай, Муратаалы, Тилекмат,
Ажыбек, Жантай, Жангарач бийлер мейман өргөлөрүнө өтүштү. Эртең менен күн аркан бою
көтөрүлө, айылдын каптал жагындагы төш таянган дөбөнүн алдына эл арбын чогулду.
Дөбөдөгү өрө кийиздер үстүнө салынган кара көлдөлөңдөрдө эл башы билермандар, Кокон
бектери Алишер, Мамаразык, Ташмухаммеддер отурушат. Баарынан жашы улуу Боронбай
бий ортодо, оң жагында Ормон, эки тарабында черик Ажыбек бий жана башка бийлер жаш
курагына жараша орун алышкан. Өз ара сүйлөшө жыйылгандарга көз жиберип, дагы
бирөөлөрдүн келишин күткөн сыяктуу отурушат. Өйүздөгү көөнө боз үйлөрдөн чыккан бир
топ кишилер жыйынга жакындап келатат. Арасында орто жаштардагы 5—6 эркек, 3—4 аял
жана бир бойго жеткен кыз көрүнөт. Башында үкүлүү кундуз тебетей, кош этек көк көйнөк,
тик жака жеңил кара кемселчен, чачтары беш көкүлдөнө эки жаагына жана артына өрүлгөн,
16—17 жаштардагы карасурунан келген субагай сулуучумак жүзүнөн, ийилген кара каш
алдындагы сурмалуу кара көздөрүнөн боюна ишенген кайрат, адеп жана акыл туюлат. Топтун
артында илкий басып үч кокон сыпайы келатат. Жыйын алдына келгенде кокон сыпайлары
дөңдө кыргыз билермандары менен отурган бек кожоюндарын көрө, аларга барууга
умтулушту эле, коштоп келген эки жигит жолун тосту. Чоочун жай адамдардын арасынан өз
сыпайларын көргөн кокон бектери бири-бирин карай, тынчсызданып турушту.
Келгендерге таңыркап маңодур боло түшкөн көпчүлүктүн кобуру басыла Боронбай бий үн
катты:
Хан Ормон
— Оо, улуу-кичүү, ага-тууган калайык, барсынарбы? Бар болгула! Ылайым бар болгула!
Ылайым бир болгула! Мына бүгүн Ормон баатыр эли менен дидарлашуу үчүн алдыңарда
турат. Кокон ханы Таксыр Мадали хандын жарлыгы менен Ормон баатырга ордонун жогорку
бийлик наамы ыйгарылыптыр. Баатыр ошол жарлыкты калайыкка урматтуу кокон
бектерине угузуп, өзүнүн парваначылык бийлигин жүргүзсөм дейт, — деп сөзүн бүтөр замат
Ормондун айлында бала окутуп, бир жагынан ага катчы катары жүргөн кашкарлык молдо
Якуб ордунан тура түрмөктөлгөн кагазды жандырып, хан Жарлыгын жарыя салды. Эл
ичинде:
— Хандан кийинкиси го Берген экен.
— Оозкерге тең болуу керек.
— Датка сымал го...
— Жо, даткадан чоң дейт, — деген кобурга аралаш, молдо Якуб Курандан узун сүрөө окуп,
алакан жая эл дүр этип бата тиледи. Бишкек чебинин беги Алишер ордунан туруп:
— Алхамдуиллахи, Аллахи Таала жар болсун кыргыз агаинлер, Аллаяр Сайид Мадали
ханымыз кыргыз журтуна рахим этип, Урман батырга парваначи наамини бердилар. Үч апта
илгери Бишкек чебиде хан кеңешчиси хурматлы Хади ак сакал хан атынан бийик наамнын
күбөлүк наамасыны, жарлыкты тапшырып, урмат көрсөттү. Мына бу күн сизлар билан Урман
баатыр касиеттүү Кокон ордосунун улук наамли парваначысы катары жолугушуп тур. Биз
Кокон бийлигинин өкүлдөрү кутлук айтамиз, — деп төшүн баса элге таазим этти. Ормон
каалгый ордунан тура:
— Оо, калайык, мен силердин убал-сообуңарды аркалап жүргөн кишимин. Кудаага шүгүр,
Кокон ордосу берген бийлик бул вазийпаны дагы оорлотуп койдубу дейм. Мына, орой-чарай
бүгүнкү жыйында, — деп оюн жыйнагансып бир аз ойлуу турду да, — угалы кимдин арыздаты бар, кайгы-зары, доосу бар, — деди да, ордуна отуруп, көөнө үйлөр жактан келген топко
көз жиберди.
Боз таар кемселине мата кур курчанып, эндей кийиз калпагын баса кийген орто жаштагы,
сары чийкил, келте мурун чекир көз, жээрде сакал киши бийлердин алдына чөгөлөй салам
берди да, ошол калыбында
— Баатыр, эсеби бул Кокон кишилери, — деп ээрдин жалай мукактанды.
— Айтыңыз, мына бектер уксун, — деди Ормон.
— Эсеби, анан... алар салык, деп келип... — кызымды карашат, — деп оюн айта албай,
шилекейин жута сүрдөп турду.
— Караганы кандай?.. оюңузду жыйыңызчы, — деди Ормон. Эл ичинен бышкырган күлкү
угулду.
— Эмчеги жыгыла элек, — деп ымшыды киши. Эл ичин күлкү аралады.
— Кайсы сыпай экен, — деп Ормон жигиттерин карады.
Отуз-отуз беш жаштардагы, топусунун сыртынан жашыл жоолук оронгон, этеги тилик көк
чапанчан, муруту чычайган, карасур сыпайды бир жигит дегдеңдете жетелеп, жыйын алдына
келтирди. Ормон бул кимиңердики деген таризде бектерди карады. Куртка беги Мамаразык
ордунан козголо:
— Аа, наадан, хайван, бул неме кылганың, — деп зирк этти. Сыпай үнсүз жер карап,
жашылданып турганда, топтон үкүлүү кундуз тебетей, жеңил кара кемселчен, кош этек
көйнөгүнүн этеги көлөч маасысынын өкчөсүн жаба көйкөлгөн, узун бойлуу карасурунан келе
моймолжуган беш көкүл кыз шайдоот басып келе:
— Акелер, кечиргиле. Мен оюмду айтайын, — деди сыңар тизелей отуруп башын ийе.
— Айта гой, карагым, — деди аталык мээрими жанган Ормон. Кыз ордунан тура башын
салаңдатып турган сыпайдын жанына келип:
— Мына сага менин көкүрөгүм, — деп кулачын созо эки жаакка «чуу» дедире эки чапты.
Ормон кызга ыраазы боло карап турду да:
— Абийирсиз жоругу менен хан бийлигинин баркын түшүргөнү үчүн эл алдында отуз балак
урулсун, калган жазасын Мамаразык бек өзү берсин, — деди. Ылдый карап турган кыз
Ормонго жүгүнө:
— Баатыр ата, бул наадандын эркек аты бар эмеспи. Эл алдында менин урганым жетишер,
жазаңызды кечсеңиз экен, — деди.
— Бали, айланайын кыз эмес бекен.
— Муну тууган энеге ыракмат, — деген үндөр угулуп турду.
Хан Ормон
— Болуптур карагым, сен айткандай болсун, — деди Ормон. Кыз шарт бурула ылдам басып,
тобуна кошулду. Сыпай да топту көздөй илкиди. Даттануучулардын тобунан отуздар
чамасындагы, карала таар кемселине кайыш кур курчанган, маңдайы тайкы, келте мурун,
көзү жүлжүгүй, ээрди түйрүк, карасур жигит жай басып келип:
— Ассалоому алейкум, акелер, менин да датым бар. Кудай акы баатырдын жигиттери
келбегенде эмне болорубузду, — деп буулуга сөзүн улай албай турду.
— Айта бер, — деп демөөр берди Жангарач бий.
— Кокондуктар экөө экен, айылга келип эле, «бизге үй тиккиле, эс алып, мейман болобуз»
дешет. Болуптур конок болгула. Үйдө орун бар, атайын тиккенге үйүбүз жок, десек аттан
түшүштү. Анан, — деп мукактанып турганда, кошо келген кошунасы орто жаштардагы
токтолуп калган киши:
— Ой, акелер, алар кызуу экен. «Силер менен чогуу болбойт, өзүбүзчө болобуз, бир үйүңөрдү
бошоткула» дешет. Ылжакташат, аялдардын төшүнө кол салып, — деп ылдый карады.
— Төшкө түртүп, үйдөн чыгарып, ушул сыйыңар менен кеткиле десем, «анда салык үчүн
алабыз» деп мамыда турган атымды чечишет. Мен колунан чылбырды жулуп алганда,
силердин жигиттер үстүбүздөн чыгышты, — деди жигит.
— Келсин мында сыпайлар, — деди Ормон эки санын таянган калыбында. Топуларын
айланта жука чалма оронгон, тилик этек көк чапанчан 35—40 жаштардагы баштарын жерге
сала илкиген эки сыпайды бийлердин алдына келтиришти.
— Бул баскынчылар бектердин кимисиники болду экен, — деп эки жагын карады жаалы
келип, көзүнөн каар жанып турган Ормон.
— Ха, икки аякли хайванлар, өлсаларчи мунан көрө. Мен силерни... — деп калчылдады
Ташмухаммед бек.
— Мейли, өргө көтөрүп чардаганды өзүңөр тапкандырсыңар. Түтүн салыкты канча малдан
доолагыла деп жиберди эле силерди, — деди ойлуу отурган Боронбай бий.
— Хар йуз баш малдан бирини, — деп салаңдады сыпайлардын жашы улуусу.
— Алиги жигиттин атын алмакчы экенсиңер, анын малы жүз бекен, — деп такыктады бий.
— Буларга эмне, ээн жердин бөрүсү да, — деп эл ичинен бирөө үн катты. Санын мыкчый эки
жагын карап жаалы келген Ормон:
— Экөөнө элүүдөн жүз балак ургула, калганын бек өзү берет, — деди. Чыйпыйы чыга
калчылдаган Ташмухаммед:
— Багатур ачыгыңызни бериң, биз өзимиз, — деди сөзүнүн аягын жута.
— Мен Кокондун өзүнүн каттасымын. Балак эселектерди эсине келтирет, калганын өзүңүз
бериңиз, — деди Ормон суз калыбында. Шымаланып даяр турган жигиттер арыдан-бери
сыпайлардын сырт кийимдерин чечип, көйнөк-дамбалчан көмкөрөсүнөн сала, эки жигит эки
жагынан өрүм булдурсун менен жонго сабап турушту. Эл ичинен:
— Бечараларды...
— Ушунча ырайымсыз...
— Бечаралар өлүшөт го.
— Чала болот көпкөн немелерге.
— Желдери чыксын, — деген үндөр угулуп турду. Жазалоо бүтүп, жондорунан шүйшүңдөгөн
кан ак көйнөктөрүнө чыккан сыпайларды боз үйлөргө алып кетишти. Жыйын үстү жымжырт.
Алдыга жашы алтымыш ашкан, көгала сакал, көрпө кыюулаган кулун тери малакайчан,
карала таар чепкенин жип менен курчанган карыя менен отуз бешкырк жаштардагы, орто
бойлуу, жеңил кара кемселчен жылаң баш, таар пиязы чалбарынын багалектери өтүк
кончуна кийрилген москоол карасур жигитти алып чыгышты. Эл ичинен:
— Аа, тиги Алаке чал тура...
— Ысман ууру жанындагысы, — деген үндөр чыкты.
Алаке карыя бийлерге ийилип салам айта:
— Оо, баатыр, датымды айтайын, — деп тамагын жасай сөзүн улады карыя. — Кудай акы эч
кимге залалым жок, музоолуу уюм, бээм, бир тайым, жыйырма чакты жандыгым бар, — деп
энтиге көкүрөгүн баса токтой калды.
— Шашылбаңыз, дем ала сүйлөңүз. Шашпай угабыз, — деди Ормон чалга дем берген болуп.
— Бээм быйыл туу калды эле. Мына бу жигит жайыттан уурдап, анжыян сарттарына
өткөрүптүр деген имиш угуп, уулум, эки иним артынан кууп, Көк-Арттын берки оюнан жетип
ажыратып келишти. Бул кесепте доом жок. Жазасын акыретте көрөр, кое бергилечи ушуну.
Балдары бар, — деди карыя сакалын сылай.
Хан Ормон
— Пейли кенен Кудай деген киши да...
— Кесепти жөн кое берсе дагы бирөөнүкүн уурдайт, — деген кобур угулду эл ичинен.
— Малыңыз колуңузга тийгени дурус. Тийбегендери да бар. Бакан басылсын, — деп
жигиттерди карады Ормон. Эки жигит уурунун көн өтүгүн чечип, багалектерин түрө тактайга
чөгөлөтө отургузуп, ийри такымдын астынан балтырдын үстүнөн баканды сойлотуп, экөө
эки жагынан алмак салмак баса баштады. Тактайга чөгөлөгөн киши алгач кыйноого чыдайын
деп эки колун жерге таяп, күч менен энтиге онтоп турду. Бакан алмак-салмак оой басылып,
балтыры эзиле баштаганда, өзөктөн азаптуу созула уңшуган үн ачуу чаңырыкка айланып
теребелди жаңыртты. Эл ичи уу-дуу.
— Оо, Кудай сактай гөр мындайдан.
— Чала болот кесепке, далайды боздоткон немеге.
— Эмне, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк бар бекен? — деген уу-дуу аралап, жыйын ичи
түйшөлдү. Сыздап ыйлаган аялдын үнү азаптуу кыйноо зарын коштоп турду. Ордодогу
кыйноонун опсуз түрлөрүн, киши мууздоону көрүп жүрүшкөн Кокон бектери да: «Яа,
Кудаалап» жакаларын кармана чайпалып турушту.
— Баатыр, болду го, токтоттуруңузчу бул азапты, — деп Боронбай бий Ормонго кайрылды.
Ормон колун жаңсай, жигиттер такымынан баканды суурар замат күнөөкөр шалк жыгылды.
Боюн жыйноого чамасыз ууруну эки жигит колтуктап жыйындан чыгарып кетишти. Уу-дуу
басыла жыйын бир тынымга дымып турду. Төрдөгү билермандардын катарында отурган
узун бойлуу, чап жаак, карасур, кабагы терең, сурмасыз көзү суз тиктеген Саза:
— Баатыр, эр эрденип, эриш бузган синакор аял, эркек бар экен, — деди.
— Көрсөткүлө элге маскараларды, — Ормон кыймылсыз эки санын таянган калыбында.
Жазалоочу жигиттер элдин алдына отуз-отуз беш жаштардагы кер мурут жигитти
жылаңбаш, көйнөк, дамбалчан алып чыгышты. Анын артынан эки жигит эки жагынан
колтуктай, көйнөкчөн, жылаңбаш, эки өрүм кара чачы соорусуна төгүлгөн, 20—25
жаштардагы сулуу келинди сүйрөлтө жетелеп чыгып, суулукталып турган жайдак аттын
жанына жеткиришти. Жазанын түрү жигиттерге маалым окшойт. Көйнөк, дамбалчан
шөлбүрөгөн жигитти атка мингизип, артына аялды тескери карата учкаштырып, кыл аркан
менен көкүрөгүнөн, белдеринен ала чытырата таңып, эки жигит атка мине, бири жетелеп,
бири айдай элди айланта баштаганда эл ичинен бирөөнүн (кыясы аялдын эри го):
— Эр эрденип, эриш бузгандар ушулардай болсун, — деп кыйкырды. Жазалангандарды
топту айлантып чыга, айылды көздөй жетелеп жөнөштү. Ормон козголбогон калыбында:
— Бул пенделерди ушул тейлеринде айыл-айылды аралатып, маскаралыктарын
ашкерелешсин. Бирөөнүн ак никесин арамдаган Малдыбайдын уулу эр эрденип талак болгон
аялдын эри Серкебайга үч тогуз, жана ага аялдын төркүнү да үч тогуз айып төлөшсүн. Айып
дароо өндүрүлсүн. Урматтуу калайык, урматтуу бийлер, кадырман бектер, шариат жолунан
чыгып, бирөөнүн адал малына, ак никесине кол салгандарга хан бийлигинин атынан аесуз
чара көрүлөт. Зекет жана салык шариат ченемине, Ордо мыйзамына ылайык биздин көзөмөл
алдында жүргүзүлөрүнөн кабардар болуңуздар. Сиздер менен бирге эл ичинде бейкуттукту,
адилеттикти, байгерчиликти болтуруунун вазийпасын моюнга алалы. Бар бололу. Эл-журт
эсен болсун, — деп сөзүн бүтө жыйын аяктаганын билдирди. Көз алдыларынан өткөн
ырайымсыз, катаал жазаларды ар кандай жоромолдоп эл тароодо. Анда-санда эчкире
ыйлаган аялдын, күрсүнө кобураган эркектин үндөрү угулат. Бийлер, бектер сый өргөлөрүнө,
келгендер көөнө боз үйлөргө бет алышты.
ХАН КӨТӨРҮҮ
Таштагы жазуу:
«Жакшы болсоң, жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагын болбосо,
Алдыңдан таяр алтын так».
( Калыгул.)
Кара-Ой
1842-жыл, баш оонанын ортосу.
«Алда кандай жай болот, орус менен кокондун кимиси бизге бай болот» деген
кооптонуу лакапка айланып, эл тагдыры аразатта турган кез.
Айланага боз түшүп, асман мунарыктап, Көл башынан көтөрүлгөн күндүн нуру боз
мунарыкка жуурула аптабын төгүүдө, жел жүрбөй, аба үп тартып турат. Жыбыраган майда
толкундарында күн нуру ойногон көл бети чалкайып, жээктери көздөн уча ак чокулуу тоо
этектерине жалгашкансып мунарыктайт.
Көл аягы Көтмалдыда, Чүй суусунун оң жээгиндеги түзөңгө казганактай конгон айыл
демейдегиден өзгөчө көрүнөт. Тогуз канаттуу тандалма боз үйлөр беш-ондон топ-тобу менен
катарлай тигилген. Ар биринен бир аз обочо керилген кермелерде байлануу аттар турат.
Анда-санда айыл арасына каттагандардын карааны кылаңдайт. Айыл курултайга келүүчү
конокторду күтүүдө.
Конокторго мал союп, аш бышырып, ат көлүктөрүн кайтаруу үчүн өз үйлөрү менен
көчүп келип, төмөнүрөөк конгон көөнө айылдан түтүн булайт. Кемеге баштарында кыймыл
көзгө илинет. Бул жолку курултайды күтүү милдети Кылжырдын эки уулуна — Сарыбагыш
менен Бугуга — тиешелүү. Камылга көрүү, күтүү даярдыктары Ормон менен Боронбайдын
көз кыры астында жүрүүдө. Ар бир уруунун өкүлдөрү туруучу тогуз канат жасалгалуу ак боз
үйлөрдүн ичине адеми туш кийиздер, жабык баштар тартылган, өрө кийиздер үстүнө кара
саксак көлдөлөңдөр салынып, жаңы капталган жууркандардан эки-үч кертим жүктөр
жыйылып, жаздыктар тирелген. Эпчи жаккы улагадан өйдөрөөк кийим илүүчү ала бакандар
коюлган.
Ар бир үйгө конокторду тейлөө үчүн сөөгү таза, тарбиялуу жаш жубайлар
дайындалган. Төшөнчү-орун, майлык, суулук же тейлегендердин жүрүм-турумунан кенедей
кынтык табылса, конок күткөн тарап уятка калат. Бири-биринен өйдөсүнгөн бийлер,
манаптар ырчыларына жамактатып топко жар салдырса, конок күткөн тараптын баркы
түшөт. Даярдыктын ушул жагына өзгөчө көңүл бурулууда. Саза баш болгон Ормондун көрөр
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 14
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.