Latin

Хан Ормон - 24

Total number of words is 3835
Total number of unique words is 1920
27.9 of words are in the 2000 most common words
41.4 of words are in the 5000 most common words
48.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Шашылыш чакыртканымдын себеби — Кокондон кооптуу кабар менен Байсерке бий
келиптир. Уккула, бийдин сөзүн кеңешели, кана, бий, баштаңыз, — деп Байсеркени карады
Ормон хан.
Оң жактан Калыгулдан кийин экинчи олтурган Байсерке бий:
— Түнү менен келдим. Кокон биз жакка чабуулга чыкканы азырланып турат, — деп баштап,
түндөгү ханга маалымдаган жагдайларды толук айтып, өзүнүн бул ишке өтө
кооптонгондугун билдирди.
Отургандардын ар бири бул ишти өзүнчө жоруп, үй ичи тынчый түштү, оюн жыйнай калган
Төрөгелди баатыр:
— Кокондуктардын моюндары кычышып калган го. Кай жактан каптап кирер экен? Көк-Арт
аркылуу Тогуз-Торого кирер бекен, же Олуя-Ата, Мерке жактан келер бекен? — деди.
Хан Ормон
Сыпайлары тоо аралап жүргөнгө анча жөндөмсүз келишет, чочулашат. Сыягы Олуя-Ата,
Мерке жактан келиши ыктымал. Бишкек чеби да ошо жакта эмеспи, — деди Байсерке бий.
— Алардын көксөгөнү, — эгинканалуу Чүй боору. Байсерке айткандай, Бишкек чебин ээлөө
алар үчүн маанилүү. Ошондуктан Олуя-Ата, Мерке жактан келүүлөрүн күтүүгө болот, — деди
ойлуу олтурган Калыгул.
— Көк-Артты ашып келүүлөрү да ыктымал. Бул жактагы Куртка чебин бекемдөө, Көтмалды
чебин кайра калыбына келтирүү да алардын жадынан чыкпай турган иш, — деп сөз кыстарды
саяк Кетирекейдин уулу Алыбек.
— Келер убакыт болжолу качан экен? — деди Норузбай менен сайышка түшкөн Субандын
уулу Адыл.
— Баланча күнү, деп так кесер айтуу кыйын. Он-он беш күн аралыгында каптап кирүүлөрү
ыктымал, — деди элчи Байсерке.
— Эмне болсо да даярдануу керек, — деди комдоно олтурган азык мыктысы Андаш.
— Ала чапандардын чапанын сыйрып жүргөн кол ушул, — деди жашынан найза кармап
жоого аттанып, баатыр атанып келаткан Ажынын уулу Абыкан.
Отургандардын сөздөрүнө кулак төшөй угуп олтурган Ормон хан:
— Бул кабар анык, боло турган иш. Чоң кармашуу алдыда турат. Олуттуу даярдык көрүү
керек. Кокон Кенесары хандан кем жоо эмес. Күчтү дыкат жыйнап, жоокер жигиттерди ат
жабдыгы, курал менен камсыз кылып, ар уруу өзүнчө келип, жалпы жасообузга кошулсун, —
деди Ормон хан.
— Арийне, «Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло» дегендей Кокондун күчүн кем баалоого
болбойт. Дайыма согушуп жүргөн эл, — деди Калыгул акылман.
— Ордолуу журт — Кокон. Аны менен беттешүү, Калыкем айткандай, оңой-олтоң иш эмес.
Алар азыр чымырканып келаткан учуру. Кыргыз элинин өз алдынча хан көтөргөнү аларга
жакпайт. Кудай алдында, эл алдында жүзүбүз жарык болсун, жоого кыргыз жерин бастырбай,
элди-журтту тепсетпей тосуу керек. Казак-кыргыз чегинен тособуз, — деди Ормон хан
акыркы сөзүнө басым жасай.
— Меркеден бери Ашмара суусу казак-кыргыз чеги болот, — деди эл-жердин жайын жакшы
билген Калыгул.
— Мына ошол Ашмара суусунун жээгинен кыргыз жерине бут коё электе тосуу керек, — деди
Төрөгелди Ормон хандын сөзүн ырастаган болуп.
— Төрөгелди баатыр, сен жигит-жалаңың менен бүгүн Чүйгө аттан. Жантай, Жангарач, Саке
бийлерге, Түлөгабыл, Чыңгыш баатырларды, айыл билермандарын чогултуп, абалдын өтө
коркунучтуу экенин түшүндүр. Кол жыйнашсын. Кенесарыны тоскондогудан кем эмес
даярдык керек. Жангарач сергек киши. Айткының, Түлкү-Башы, Олуя-Атадан бери эстүү
кишилерди жиберип, жоо келатканын иликтеп турсун. Жоонун келерин жок дегенде бир күн
илгери билгендей бололу. Жетээриң менен ишке киришкиле. Ашмаранын берки жээгине
жоокерлерди жайлаштырып, камыш арасына буктура, жоону кечмеликтен окко, жебеге
алгандай бололу. Мергенчилерди жыйгыла. Кенесарыны тоскондой торго түшүрүү ыкмасын
колдонобуз. Биз бул жактан бир жумага жетпей жасоо кайрып барып калабыз, кудай кааласа.
Алыбек, Андаш экөөң саяк, азыктан кол жыйнагыла. Кочкор, Жумгалга жөнөгүлө. Суусамыр
аркылуу Төө-Ашуудан өтүү кыйын болор. Шамшы, Кубакы аркылуу өтөсүңөр го. Адыл,
Абыкан, силер Ат-Башы, Нарынга, Куртка, Тогуз-Торого жөнөгүлө. Черик, моңолдор,
сарбагыш, саяктан кол жыйнап, силер да бешинчи күн дегенде Ашмарада болгула. Күл-азык,
курал-жарак, жоокерлердин кем-карчы толук болсун. Саза, сен Боронбай, Муратаалы,
Самсаалы бийлерге чабаган жибер. Үч күндөн кийин Көтмалдыдан күтөбүз. Колунда бар
байлардын баары жоокерлерге союш, азык-түлүк, башка кем-карчын даярдашсын. Өткөн
сапардагыдай азык-түлүктөн кемчил болбогондой кылгыла. Чаргын, сен мергендерди
чогулт, 70 — 80ден кем эмес адис мергенди табуу керек, — деп Ормон хан сөзүн бүтүрдү.
Калыгул аке алакан жая: «Алдыдагы кырсыктан кудай алдында эл-журтту сактайлы,
ишибизге кудай жар болсун, жоокерлерди кыдыр колдосун», — деп алакан жайды.
Олтургандар жалпы бата тилеп, жоо камын көрүүгө тарашты.
Күз асманы шаңкая ачык. Күн жүрүшү ылдыйлап калса да, күз аптабы күчүнөн тая
элек. Аба үп тартып, шамал дымып, айлана боз чаңгыл.
Ашмара суусунун оң жээгинен беш чакырымча бери дөңсөөлөнгөн түзөңгө үйлөр
тигилген. Ормон хандын көчмө ордосу, Ак үйдүн эшик алды. Ар жагына айчыктуу кызыл туу
Хан Ормон
сайылган, эпчи жагында түпөктүү найза тирелүү турат. Эшик алдында эки жоокер
найзаларын кесей кармап, күзөттө турушат. Жердин өңүтүн байкоо үчүн кол башчыларды
ээрчитип эртең менен аттанган Ормон хандын келүүсү күтүлүүдө.
Жер өңүтүн байкап, буктурмадагы жоокерлер менен жолугушкан Ормон хандын атчан
тобу Ашмаранын оң жээгиндеги бийик кашатка келип токтоп, аркы өйүзгө дүрбү салууда.
Зээри бийик, соорусу жайык жалдуу чоң торунун үстүндө ак пияз жеңил чепкенинин арты
аттын соорусун жаба, кара кыюулуу, төбөсү бийик ак калпакчан Ормон хан аркы өйүздү
серептеп дүрбү салып турду да:
— Көзгө эч нерсе чалынбайт. Кокондун колу алыс го, — деп дүрбүнү жанында турган ак боз
атчан Жангарачка узатты.
— Биздин чалгынчылардан акыркы кабар түндө келди. Мусулманкул аталыктын 5 миң колу
бүгүн эртең менен аттанмак экен. Менин оюмча, алар жакындап калды. Көп өтпөй каптап
кириши ыктымал, — деди дүрбү сала өйүздү серептеп турган Жангарач бий.
— Биздин чамабыз кандай? — Жоокерлерди мен айткандай жайгаштырдыңарбы? — деп
Төрөгелдини карады хан.
— Баш-аягы 2100 куралдуу жигит өңүттө турат. Сексен мерген келди. Ат-Башыдан,
Нарындан, Жумгалдан, Кочкордон черик, сарбагыш, саяк, азык туугандардан келген 700
киши Абыкан, Андаш, Түлкү, Манде баатырлардын башкаруусунда. Алар кечүүдөн ылдый
камыш арасында бугуп турушат. Жангарач, Жантай, Саке бийлердин 600 жоокерин
Түлөгабыл, Калча, Андаш баатырлар башкарат. Алар кечмеликтен өйдө жайланышты.
Черикчилер жана Сиз менен келген 500 жоокер кечмеликке бет маңдай турушат. Ар бир 20
кадам аралыкта бирден 80 мерген өңүттө, башында Алыбек, Чаргын баатырлар бар. Алардын
милдети — жоо кечмеликке киргенде, машаа коюп ок менен тосуу; кокондуктар жан кыя
окко каршы ат коюшса, черикчи, солто, сарбагыштын жоокерлери капталдан качырып кирет,
— деди Төрөгелди.
— Баары эле четинен баатыр экен айтканыңа караганда.
«Үйдө баатыр, жоодо жок» болбосок болду. Кокондуктар өлүмгө бел байлап келаткан душман,
— деди Ормон хан.
— Андай эмес, таксыр! Өзүңүз көрбөдүңүз беле, Кенесары менен болгон согушта ушулардын
баары жандарын оозуна тиштешип, душманды кылычтын мизи, найзанын учу менен
тосушпады беле, — деди Жантай бий.
Ормон хан түнөрө каалгыган калыбында, алды жакка ойлуу көз жиберип турду. Бир
тынымдан кийин Жангарач бий:
— Тигине, чоң чаң чыкты. Караңызчы, каптап келаткан жоо ушул болуу керек, — деп
дүрбүнү Ормонго сунду. Ал дүрбүнү алып, алыска сереп сала карап турду да:
— Чаң калың, азырынча киши карааны баамдалбайт. Чаңдын калыңдыгына караганда көп
кол келаткан болуу керек. 15 — 20 чакырымдай аралыкта болжолу. Бешимге жетпей жээкке
кирип келүүгө тийиш. Кабарлагыла жоокерлерге, даяр болушсун, — деп Төрөгелдини карады
да, — Саза тууну тээтигил дөбөнүн үстүнө жайдыр. Салгылашуу башталар алдында биз
бийлер менен ошол жерде болобуз, — деп атынын башын бура жөнөдү.
Жангарач, Жантай, Саке бийлер артынан ээрчиди. Төрөгелди жардамчылары менен
жоокерлерди аралап жоону тосууга даярдоого жөнөдү.
Кокон аскерлери катарлаша бастырып, Ашмаранын жээгине жакындап калды. Алдыда
жашыл тууну кармап, ак боз аргымакчан Абдулла паңсат келатат. Башында тууга өңдөш
жашыл селде. Көк бейкасам чепкенине курчанган белбоонун сол ыптасында кыны
аземделген кылыч салаңдайт. Эки жагында, ат мойнунча артта туу кайтарган эки жоокер
келатат. Туудан бир аз артта ойноктогон кара кашка аргымакчан Мусулманкул аталык
теребелге көз жибере ойлуу. Сургулт кымкап чепкендин ичинен тик жакалуу өңдөш
кемселине күмүш кемер курчанган. Башында күрөң чалма. Кабагы бийик, коюу каш алдында
сургулт көздөрү ойлуу тиктейт. Тизгинди жыя кармап келаткан турпатынан кайрат жана
кайтпас катаалдык туюлат.
Шайбыр жүрүш менен келаткан калың кол суу жээгине жеткенде аскер башы Ибраим
бек менен Мусулманкул аталык кечүүнүн тушундагы кашатка токтоп, аркы өйүздөгү
кыргыздар тарапты карап тура калышты. Арттагы кол да алардан бир аз обочо, аралык
сактай токтоду.
Хан Ормон
— Бул кичине дарыя Ашмара деп аталат. Казак-кыргыз чек арасы ушул, — деди мурда
Бишкек жерине каттап, жер танабын баамдап жүргөн Ибрагим бек Мусулманкул аталыкты
карап.
— Аркалык кыргыздар бизден кабардар болду бекен? Кайсы жерден тосоор экен, кандай
ойлойсуз? — деди үн катпай ойлуу келаткан аталык.
— Болжоо кыйын, таксыр. Кыргыздар жакты чалып, иштин абалын байкап келүү үчүн
жиберген чалгынчыларым али кайта элек. Болжоо кыйын, — деп дагы бир жолу кайталады
Ибрагим бек.
Алдыда камыштуу жээк; айланага боз түшүп, аба үп тартып турат. Теребел алда нени
жашыргандай кооптуу мемирейт. Эртеден берки катуу жүрүштөн чарчаган аттардын
бойлору жанчылып, талыкшып, көмөкөйлөрү суусун көксөгөн жоокерлердин жакын жердеги
суунун шарын укканда чыдамдары ого бетер кетти. Аттар ооздук бербей тыбырчылап,
жоокерлер арасын: «Атаганат, ушул жерден бети-башты муздак сууга чайкап, бой сергитип
бир аз дем алгыча аттарды да чалдырып алсак» деген сыяктуу кобур-күбүр аралады. Аны
кулагы чалдыбы, же өзүнүн абалынан улам сездиби, аскер башы:
— Азырети, күн да кечтеп калды, жоокерлер, ат-көлүк чарчап-чаалыкты, ары ачка да
болушту. Мына ушул суу жээгине өрүү болуп, ары өйүзгө таңга жуук өтсөк кантет? — деп
Мусулманкул аталыкты карады.
Суунун өйүзүндөгү кыргыз тоолору тарапты ойлуу карап турган аталык, уккан кулагына
ишенбегендей жалт карап алды да:
— Эмне дедиңиз? — деп кайра сурады.
— А азырети... Бүгүн ушул жерге өрүү болсок дегеним...
— Ибраим бек чеки айтып койдумбу дегендей, жалтайлай сүйлөдү.
Аталык көзүн кайрадан алыскы тоолор жакка жиберип, кыйлага үн-сөзсүз турду да, аскер
башыга кылчайды:
— Аскерлер, ат-көлүк чарчады, эс алдырып алсак деген оюңуз жөндүү. Бирок менин оюмча,
камыш баскан өзөндүн бою өргүү үчүн ылайык эмес. Күн уясына батканда чымын-чиркей
тумандай каптайт; аскерлер эс алмак турсун өз жанын коёрго жер таппай калат. Анын үстүнө,
көрүп турасыз, өзөн бою калың камыш. Бул жайларда жолборс жойлойт деп уккам. Ат эмес
адамга да зыян келтириши мүмкүн. Анан бөйөн-чаян деген да мындай жерде арбын болот...
Жок, бул жерде калууга болбойт. Тээ тоо этектеп барып өргүйбүз. Кыргыздар тоо-тоолордон
жыйылып үлгүргөн эместир. Кеттик! — деп атынын тизгинин какты.
Кол козголуп, алды кечмеликтен аркы өйүзгө чыга бергенде күтүүсүздөн удаа-удаа
«тарса-турс» атылган мылтык үнүнөн кокондуктар эмне экенин түшүнбөй, эки жагын
каранып, буйдала түшүштү. Аңгыча ат жалына өбөктөгөндөрдү, аттан кулап сууга түшүп
жаткандарды байкай коюп, аскер башы:
— Артка! — деп айкырды.
Мылтык үнү дагы бадырады. Топко байлап атылган октон да бир нече адам аттан кулап, дагы
бир нечеси ат жалына өбөктөдү. Жоонун буктурмасына туш келгендигине эми Мусулманкул
аталык да, аскер башы да күмөн кылышкан жок.
— Артка!.. Артка кайт! — деген аскер башынын ач айкырыгы дагы жаңырды.
Сууга шыкай кирип келген кол эни анча кең болбогон кечмеликте дароо ат башын буруп
кеталбай, камалып туруп калды. Колдун арты артка жапырылды. Кечмеликтеги тополоңдон
пайдаланып, дагы бир ирет машаа коюп, удаа-удаа атылган мылтык октору дагы бир нече
кокондуктун өмүрүн алып кетти.
Кокондуктар күтүүсүз аткылоодон дүрбөлөңгө түшүп, шашкалактап калды; «Я
Аллалап», аттарынын башын буруп, артын карай качып жөнөштү. «Коркконго кош көрүнөт»
болуп, аттан кулап жаткандарды көргөн кокондуктарга ар бир камыш аларды мээлеп жаткан
мылтыктай сезилди.
— Сабыр кылгыла! Дүрбөбөгүлө! Камышы калың кооптуу жер экен, жер жайын билет элеңиз.
Мурдатан киши жиберип, чалдырбаганыңызга жол болсун, эми аскерлерди кайрыңыз.
Мылтыктын огу жетпеген аралыкка топтоп, жоонун абалын байкап, кармашууга даярданалы,
— деди Мусулманкул аскер башыга нааразылана карап.
Артка удургуган сыпайлар токтобой качып баратышты. Ибрагим бек жана паңсаттар
айлана чаап: «Качпагыла, токтогула!» — деп жоокерлеринин катарын тартипке келтирүүгө
аракеттенип жатышты.
Хан Ормон
Үч чакырымдай дүргүй барып тизгин жыйган Кокон аскерлеринин алдына Ибрагим
бектин коштоосунда келген Мусулманкул аталык үрөйү уча чочуп турган жоокерлердин
абалына көз жибере:
— Дин ислам түркүгү, касиеттүү Кокон ордосунун жоокерлери мылтыктын үнү чыга электе
кайра качканыңарга жол болсун! Алла деп алдыга чаап, Алла деп бойго кайрат жыйнап, жоого
каршы чабуунун ордуна дүрбөп качасыңар, Кудай алдында, касиеттүү хан алдында
милдетибиз турат. Бул сапарга аттанганда: «Өлсөк шейит болобуз, өлтүрсөк газы болобуз.
Дин ислам үчүн өмүрдү тиктик» — деп чыкпадык беле, деген Мусулманкулдун үнү
жоокерлердин көңүлүн бөлдү.
— Окко учуп атса...
— Жан керек да...
— Үйдө катын-бала...
— Окко көкүрөк тособузбу! — деген үндөр аралады жоокерлердин арасын.
Мусулманкулдун тегерегине аскер башы Ибрагим бек, он чакты паңсат, миң башылар
чогулушту.
— Алдыга чалгын жиберип, жердин өңүтүн алып, токтоп майданга даярданчу жерди күн
мурунтан белгилебей, күнөөсүз жоокерлерди окко учурдуңуз, — деп зирк эте аскер башы
Ибрагим бекти теше тиктеди аталык.
— Кайгуулчуларды, чалгынчыларды жибердим эле, али кайтышпады да, — деп бошоң үн
катты Ибрагим бек.
Өңү бузула, өзүн сабырлуу кармоого аракеттенген аталык:
— Кыргыздардын жайланышын, өңүтүн дыкат изилдеп чыгуу керек. Азыр алдыга
мылтыкчандарды койгула. Кокус кыргыздар чабуулга өтсө, ок менен жапыргыла. Азыр
жоокерлерди аттан түшүрүп, тамактандырып, эс алдыргыла. Мергендерди эки тарабына
коюп, 500дөн миң атчан даяр турсун. Аларды тамактанып бүткөндөн кийин башкалары
алмаштырсын. Жоонун жайын билмейинче чабуулга өтпөйбүз, — деп буюра сүйлөдү
Мусулманкул аталык.
— Тигине, караңызчы, дөңдө кызыл туу желбиреп турат, — деди паңсаттардын бири.
Баарынын көңүлү дөңсөөдөгү желбиреп турган кыргыз туусуна бөлүндү.
— Аа, Ормон хан өзү келген экен да. Кармаштын тагдыры ушул жерден чечилет. Биздин
тууну да бийик жерге сайып, чатырды тиккиле, — деди Мусулманкул.
— Кеч киргенче дагы бир ирет эки тараптан чабуулга өтүп, жоонун алын, кандай
жайланышканын байкап көрбөйлүбү? — деди Ибрагим бек Мусулманкулду карап.
— Бешим намазынан кийин баштайбыз. Эки жак четинен 500дөн сыпай чабуулга өтсүн,
артынан такоол боло дагы миңи даяр турсун, — деп Мусулманкул туу желбиреген алыскы
дөңгө дүрбү узатты. Бир азга дүрбү менен сереп салып турду да:
— Жер алыс. Киши карааны көзгө чалынбады. Ормон хан ошол жерде экени анык. Чалгын
уюштуруп, айланып артынан өтүү мүмкүнчүлүгүн карашсын, — деп буйрук берди.
Сыпайлар жүздүктөргө бөлүнгөн абалында аттарынан түшүп, эс алууга жайланып атышты.
Кокон жоокерлери тарапка дүрбү салып, туу алдында турган Ормон хан дүрбүнү Жантайга
узата:
— Кокондуктар качып барып токтогондой болду. Болжолу кечмеликтен үч чакырымча
жайланышты окшойт. Мусулманкул кыргыздар чектен оңой менен өткөзбөй турганын туйду
көрүнөт. Ала чапандардын туусу да сайылып калды, — деди.
— Кудай кааласа Кокон баскынынын алды акыл менен тосулгандай болду. Эми кантишээр
экен? — деп алдыга көз жибере ойлуу турган Ормон ханды карады Жангарач бий.
— Эми алар тике качыра албас. Эки жактан чабуул коюп, биздин шаймөшкөбүздү чактап
көрүүгө аракет кылышат, — деди Ормон хан алдыга сереп салган ойлуу калыбында.
— Молтой, Төрөгелди, Түлөгабыл, Андаш, Абыкан, Жоосейит, Манде баатырлар кагылышта
жемдерин жедирбес. Жоокерлердин даярдыгы да тыкан. Кенесарыны жеңген жоокерлер
демилгелүү турушат, — деди Жантай бий.
— Биздин жоокерлер да демдүү. «Кыргыз жерин жоого тебелетпейбиз» деп турушат,
жоокердин көбү казак-кыргыз урушунда такшала түштү, — деди Саке бий.
— Кенесарынын сазайын колуна бергенге баарыбызга Кудай таала жардам болду, — деп
сөзгө аралашты саяк Дуулат бий.
Хан Ормон
— Таксыр, чатырга кирбейсиздерби? Эртеден бери даам сыза элексиздер. Алды-артка
ишенимдүү жоокерлерден сакчылар коюлду, — деди Саза Ормон ханга кайрыла.
— Даам сызарга да убакыт болор. Азыр чоло жок, — деди Ормон хан дүрбүнү эки колдоп
кармап, Кокон аскерлери тарапка сереп салып турган калыбында.
Бир тынымга ар ким жоо тарапка көз жибере жыйын тынчтана түштү.
— Жигит чаптыр Төрөгелдиге. Эки капшыттагы жоокерлердин артына такоол койсун. Азыр
кокондуктар эки жактан чабуулга өтүшү ыктымал, — деген Ормон хандын үнү тургандардын
көңүлүн бөлдү.
Бийлердин баары дүрбүнү бирден колго алып, жоо жакка сереп салып, хан көрүп
турган абалды байкоого аракеттенип жатышты. Тирелишкен эки кошуундун аракети туу
алдында болжолдонуп турду.
Бешим маалы. Сол жээктеги үч чакырым алыс дөңгө тигилген ак чатырдын алдында
жашыл туу желбирейт. Мусулманкул, Ибрагим бек жана башка миң башы паңсаттар оң
жээктеги кыргыз тарапка сереп салып турушат. Дүрбү салып, кыргыз жоокерлеринин абалын
баамдоого аракеттенип турган Мусулманкул аталык:
— Караан көрө албадым. Көзгө эч нерсе илинбейт. Кыргыздар бугуп турган сыяктанат, —
деп бир аз ойлуу турду да:
— Бек, убакыт жетти. Айтылган эки канаттан азыр чабуулга өткөрүңүз. Миң башы паңсаттар
жоокерлердин алдында болгула — деди суз, ойлуу түнөрүп турган аталык.
Аскер башы, миң башылар аталыктын буйругун аткарып, чабуул уюштуруунун
камына кетишти. Бир аздан кийин Кокон аскерлери катарлаша окторула эки жактан чабуулга
өтүштү. Кыргыз тарабы тынч. Жоонун кечмеликке киришин күтө дымып турушту. Кыргыз
Кокондун эки четтен чабуул коюп айлантып курчоо ыкмасын колдонорун туйду. Кокон
аскерлеринин катары удургуп, эки жактан кечмеликке киргенде камыш арасынан атылган
мылтык үндөрү дагы шаштыларын кетирди. Ок тийип, сууга кулаган жоокерлерди көрө
чабуулдун мизи кайра жапырыла берди. Ак боз аргымакчан Ибрагим бек жоокерлердин
алдын тосо чаап:
— Оо, хан жоокерлери, качпагыла! Кайра кайрылып ыкчам жүрө мылтыкчандарды
тепсеткиле, кылычтын мизине алгыла, — деп кыйкыра кылычын булгалап, жоокерлерге
демөөр болуунун аракетинде болду. Артынан күү менен каптап келаткан көпчүлүк
жаалдангандарды сүрүп, кайра кечмеликке тиреди. Көпчүлүктүн шары менен качкандар
кайра кайрылып, Кокон жоокерлери күргүчтөп кечмеликке кирди. Мылтык үнүнө карабай
окко учкандарды тебелете көпчүлүк кечмеликте кыргыз тарапты каптап келатты.
Буктурмадагы кыргыздар жапырт атка минип, бетме-бет кармаш башталды. Чабылган
кылыч, калканга тийип кайрылган найзанын үндөрү, жарадар болуп жыгылгандардын, мерт
болгондордун аянычтуу кыйкырыктары теребелди ээледи. Боз түшкөн күзгү талаада үрөй
учурган алаамат кыргын жаңырыгы угулат.
Жан кыя айыгышкан кандуу кармаш Ашмаранын оң жээгине ооду. Кокондуктардын
найзага жоктугун баамдаган кыргыз жоокерлери аларды кылыч шилтегенге үлгүртпөй найза
уруп жыга, үрөйүн учуруп, шаштыларын кетирди. Эс тарткандан азоо үйрөтүп, аттын кулагы
менен тең ойногон кыргыз жигиттери ат үстүндөгү куралдуу кармашта кокондуктарга
үстөмдүк көрсөтүштү. Кысым күчөп, кокондуктар артка сүрүлө баштады.
Кокон жоокерлери санынын көптүгүнө карабастан аркалыктардын кысымына
туруштук бере албай, артка сүрүлдү. Кармаш сол жээкке ооду. Көп жоготууга учураган кокон
аскерлери тайсалдап кача согуша чыгымга учурап, күүгүм кире ооругуна жакындаганда,
кыргыздар кысымын токтотуп жарадарларды, мерт болгондорун жыйнап, кошуунуна
кайтышты. Качып сандала чогулган Кокон жоокерлери жайына келип, эс-учун жыюунун
аракетинде турушту. Жарадарларын, өлгөндөрүн алуу үчүн түндүн киришин күтүштү.
Ооруктагы Ормонго тигилген он эки канат үйдө кыргыз кол башылары, бийлери
чогулган. Ормон төрдө үнсүз, санын таяна ойлуу олтурат. Хандын эки жагында Жантай,
Жангарач, Дуулат, Саке, Ажыбек бийлер, Төрөгелди, Алыбек, Чыңгыш, Түлөкабыл, Адыл,
Манде, Абыкандар жаш курактарына жараша орун ээлешкен.
— Каза тапкандар, жарадарлар көп болгон жокпу? Аларды чогултуп, түнү менен эстүүбаштуу кишилер айылдарына узатып барсын, — деди Ормон хан эч кимди карабай мелтиреп,
санын таянган калыбында.
Хан Ормон
— Беш киши каза тапты. Жыйырма жети жигит жарадар, кокондуктардын өлгөндөрү да,
жарадарлары да арбын. Ээсиз калган жүздөн ашуун ат жабдыгы, курал-жарагы менен олжого
алынды, — деди Төрөгелди.
— Кокондуктар көп кырылды. Мындайды күтүшпөсө керек. Өлгөндөрүн, жарадарларын
жыйнап алууга чамалары келбей, өлө-сала ооругуна жетишти көрүнөт. Суу ичинде калган
бечара маркумдар канча, — деп башын ийкеп, сакалын сылай бейкүнөө, шейит кеткендерге
кейип олтурду Дуулат бий.
— Биздин жигиттерге Кудай кубат берсин, демдүү экен. Кокондуктарга найзанын учун,
кылычтын мизин таанытышты, — деди Жантай бий.
— Сарттар найзага жок, кылычка маш көрүнүштү. Биздин жигиттер аларды кылыч шилтөөгө
жеткирбей найзага алып, тоолуктардын ким экенин сарттарга көрсөтүштү, — деди Чыңгыш.
— Демиңерди жыйып тургула. Алдыда дагы катуу кармаштар турат. Кокон аскерлери оңой
жоо эмес, — деп олтургандарга тегерете көз жибере сөз улады Ормон хан. — Кайтыш
болгондорду, жарадарларды бөтөнчө эске алалы. Олжого түшкөн аттарды каза болгондордун
үй-бүлөлөрүнө бердиргиле, жаралангандар да куру калбасын. Эми эске ала турган маанилүү
жагдай бар. Кокондуктар түнү менен, же таң саарынан биздин жоокерлерди эки жактан
айланып өтүп, арттан кол салууга аракеттенүүлөрү ыктымал. Болжолдуу жерлерге эки жакка
тең мергендерди коюп, алардын артына буктурмада атчан жоокерлер даяр такоол болуп
турушсун. Өзүңөр жоокерлер менен болгула. Убакыт таап, «тук» этип аларсыңар. Азыр
жоокерлерди аралап ал-жайын сурап, рахмат айтуубуз абзел, — деди.
— Хан агабыздыкы туура. «Сактыкта кордук жок» дейт эмеспи, кокондун түнкү кол салуусун
кайтаруунун аракетин көрөлү. Жоокерлерди аралап сүйлөшүп, мал союп, алар менен чогуу
бололу, — деди Жантай бий.
— Кокондуктардын шайы ооп калды көрүнөт. Эртең менен эрте чабуулга өтсөкпү деп турам,
— деди жоокерлердин бүгүнкү демине шерденген Төрөгелди кол башы.
— Шайы кеткен жок! Алар биздин эки учка чабуул коюп, абалыбызды байкап көрөлү деген
амалды колдонушмакчы болгон. Чабуулу ордунан чыкпады. Эми да алар чабуул коюшат. Алар
бирөөнүн жерине чабуул коюу үчүн келишкен. Биз чабуулчу эмеспиз. Өз коломтобузду
коргогон элбиз. Чабуул коюп, жигиттердин көкүрөгүн Кокондун огуна тосо албайбыз.
Чабуулду Кокон койсун. Чабуул коюуга шайлары жок болсо кайра кетишсин. Артынан
кубалабайбыз, — деди Ормон хан.
— Бар сөз го, таксырдыкы. Биз өз жерибизди коргоп турабыз. Эрлердин өмүрүн аяйлы, —
деди салабаттуу олтурган Саке бий.
Ормон хан калбаат ордунан тура бийлерди, кол башыларды ээрчитип, жоокерлердин
түнкү абалынан кабардар болуп, кам көрүү үчүн жөнөдү.
Эртең мененки намаздан кийин күндүн муруту чачырай, Ибрагим бек баштаган Кокон миң
башылары, паңсаттары Мусулманкул аталыктын чатырына чогулушту. Баарынын
маанайлары пас.
Жоону эки жагынан тымызын айланып өтүп, артынан кол салуу аракетибиз ордунан чыкпай
калды, — деп түнөрүңкү кабагын көтөрө Мусулманкулду карады Ибрагим бек.
— Эки мертебе, түн ортосу оогондо, таң ык саларда 500дөй жоокер менен эки жагынан
тымызын айланып өтүүгө аракеттенгенде, эки жолу тең алды жакта мергендери даяр
туруптур, ок менен тосушту. Октон жапырылган жоокерлерди чабуулга кайра көтөрүүгө
мүмкүн болбоду. Арттан атчан найзакерлери түшүп, бир нече жоокер мерт болду, — деди миң
башылардын бири.
— Алтын бешик ордосунун жоокерлери таякчан, чокморчон тоолуктардан качканына уялсак
боло. Мылтык көтөргөндөрдү ыкчам жүрсөңөр анча-мынча жоготуу менен тебелеп өтүүгө
болот эле да. Хан ордосуна берген антты актап, жан кыя кармашууга эч ким бара алган жок
десеңерчи. Калк намысынан, кан ордосуна берген антыбыздан жаныбызды калкалаганыбыз
артык болду десеңер ишенүүгө болот, — деп ачуулана жеме оодарды Мусулманкул.
— Айтканыңыз ак, таксыр аталык. Биздин бир мүчүлүшүбүз — жоокерлер найзага жок экен.
Тоолуктар бизди кылыч шилтөөгө үлгүртпөй, найзага алып турушту. Чынын айтсак, алар ат
үстүндө биздин сыпайларга караганда шамдагай да, ыктуу да келишет экен. Бул
жагдайларды биз эске алган эмес экенбиз, — деди Ибрагим бек.
— Шейит кеткендерди жыйнап, ариеттеп жайына узатууга кишилерди бөлүп, ооруктун
артына чыгаргыла. Бул иш казатка жолто эмес. Азыр кошуунду кыдырып, абал менен
Хан Ормон
таанышалы. Иншалла, бүгүнкү чабуул ордунан чыгар деп ойлоймун, — деди да, ордунан тура
жөкөрлөрү менен тышка чыкты Мусулманкул аталык.
Күн көтөрмө бою, Ашмаранын аркы өйүзү жымжырт. Жээктен кыйла алыс дөңдө ак айчыктуу
кызыл туу желбирейт. Дүрбүнү айланта кармап, дагы бир жолу өйүзгө сереп салган
Мусулманкул:
— Эч караан көрүнбөйт. Айланада киши жоктой. Өтө амалдуу жоо турат экен алдыбызда, —
деп дүрбүнү Ибрагим бекке узатып, туура тартылган кара кашка аргымакка ат кошчуну
аткартууга үлгүртпөй шап минди да, кошуун тарапка тизгин какты.
Жалган түш маалы. Ашмаранын сол жээгинен үч тарапка чаң көтөрүлдү. Намысына келген
хан жаангерлери эки жактан жана тике маңдайдан качырып, аталык айткандай, окко
учкандарына карабай, ыкчам жүрө жоону жапырып, көптүгүнө салып болсо да жеңишке
жетүү аракетине киришишти. Ойлорунда кыргыздарды артка сүрүп, тынымсыз чабуул коё
сокку берүүнү чечишкен эле.
Эң жээктегилер душмандын мындай аракетин алдын-ала туя, каршы тосууга азирленип
турушту. Күү менен каптаган атчандарды кечмеликке кире бериште ок менен тосушту.
Алыбек, Чаргын баштаган жүз ашуун мергендин аткан октору сая кетпей, кокондуктар кайра
жапырылды.
— Газзават, газзават! Ыйык ордо үчүн, дин ислам үчүн! — деп кылычтарын булгалаган
Ибрагим бек жана миң башы паңсаттар сыпайларды кайра кайтарып, чабуулга өтүштү.
Арттан тиреп келаткан калың толкун сүрдүктүрө алдыңкылар кечмеликке кирди.
Кыргыз мергенчилери шап аттанышып, арттан такоолдогон кошумча жоокерлер менен
бирге кокондуктар менен бетме-бет салгылашууга өтүштү. Кылыч, найза, чокмор менен
куралданган кыргыз жоокерлери бүгүн да үстөм эле. Кылыч шилтөөгө үлгүртпөй найза урган
кыргыз жоокерлери бетме-бет кылычташууда да шамдагайлык кылышты. Кенесары
жоокерлери менен кырчылдашкан салгылашта такшала түшкөн кыргыздар азыр да демдүү
эле. Төрөгелди, Түлөкабыл, Манде, Молтой, Адыл, Алыбек, Эраалы, Андаш, Абыкан, Чыңгыш,
Жоосейит, Калчалар кармаштын алдында жүрүп, жоокерлерге дем болушту. Кысым күчөп,
кечээки жагдай бүгүн да кайталанып, кокондуктар артка чегине баштады.
Ар бир жоокердин көз алдында өлүм менен өмүр тирешип турду. Өлүм коркунучу
бетме-бет келгенде адамдын жан туюмунда жарык дүйнөдө жашоо кусалыгы артып, сүйүктүү
жарлары, мөмөдөй балдары, ата-энелери көз алдында турат. Кыргыздардын артка чегинүүчү
жери жок. Артында туулган жери, коломто-конушу, үй-бүлөсү.
Кокон жоокерлеринин да үй-бүлөлөрү, туулган жерлери эсинде, өзгө жерде жан таштагандан
көрө, аман-эсен үй-бүлөсүнө, туулган жерине кайтуу сезими алардын тайсалдап кача согушуп,
жан сактоосуна түрткү болуп турду.
Майдан орду улам артка оой берип, кокондуктардын ооругуна жакындаганда каш карарып,
тоолуктар кармашууну токтотуп, жарадарларын жыйнап, ооругуна кайтышты. Кокон
аскерлери да чарпылып-чачыла кошуунуна чогулуп жатышты.
Ичине шам жагылган аталыктын чатырында түнкү кеңеш, Мусулманкул түнөрүп үнсүз.
— Жоготуу көп, таксыр аталык. Эртең чабуул жасабай, шейит кеткендерди жайына узатып,
жоокерлер менен бетме-бет жолугушалы. Менин оюмча, өз ыктыяры менен Ордо үчүн, ант
үчүн жанын таштап согушууга макул болгон шамдагай, ыкчыл жигиттерден ылгап алалык. 5
миң жоокер менен улам жапырылып кача бергенден көрө, өлүмгө тике караган 2 миңибиз
кыргызга бетме-бет чыксак, иш оңунда болор деп ойлойм. Баамымда алардын саны анча көп
эмес, — деди Ибрагим бек.
— Айтканыңыз жөндүү, бек. Ыктыярдууларды алдыга салып, калган жоокерлерди арттан
такоолго кармайлы. Аркалык кыргыздар оңой жоо эмес көрүнөт. Азыр жоокерлер менен
сүйлөшүп, ыктыярдууларды тандайлы, — деп Мусулманкул сөзүн бүтө электе, эшиктен
кирген сакчы:
— Таксыр, Кокондон Аллаяр хандын өзүнөн чабарман келди. Кирүүнү өтүнөт, — деди колун
көкүрөгүнө баса.
«Эмне болсо да бул ишти жеңилдетүүчү кабардыр. Артыбыздан хан кошумча күч
жибергендир», деген ой менен көңүлү көтөрүлө түшкөн Мусулманкул:
— Кирсин! — деди.
Хан Ормон
Эшик ачыла кирген узун бойлуу, далысы кууш, кара сур, быжыгыр сакал, кара бейкасам
чапанына белбоо курчанып, ала топусунун сыртынан жеңил чалма оронгон чабарман ийиле:
— Ассалому алейкум, урматтуу аталык. Аллаяр Саид Кудаяр хандын буйругу, — деп
түрмөктөлгөн кагазды сунду.
— Алейкума салам, кандай мырза, ордодо тынччылыкпы? Эл эсенби? — деп чабарманга
суроо узатты аталык.
— Кудаага шүкүр, тынччилик, — деди ызаат менен төшүн баса олтурган чабарман.
— Рахмат, жоокерлерге барып, ортоклоруңузга учурашып, эс алыңыз, — деди аталык.
Чабарман чыгып кете, кагаз түрмөгүн жандыра, катка көз жиберген Мусулманкулдун
жүзүндөгү ыраазылык, жылмаюуну туя: «Иншалла, кошумча күч келаткан экен» деп ичинен
кымылдап отурду Ибрагим бек. Аталык катты окуп бүтө, сакалын сылап, оңдонуп олтурган
калыбында:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 25
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.