Latin

Хан Ормон - 15

Total number of words is 4021
Total number of unique words is 2199
26.7 of words are in the 2000 most common words
40.6 of words are in the 5000 most common words
46.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
көрүп, эс алгыла, — деп жыйынды таратты.
Асман чайыттай ачык. Күн тоо кыркасынан аркан бою көтөрүлгөн Орто-Токой оозунан
соккон сыдырым желге курултай төрү дөңгө сайылган ак айчыктуу кызыл туу желбирейт,
жанына түпөктүү найза сайылган хан көтөрүү аземин күткөн жыйын толкуп турат.
— Ак айчыктуу кызыл туу,
Аба жарган ызы-чуу.
Ата-журтун коргогон,
Айкөл Манас кеби бу,
— деп туу алдында манасчы күпүлдөйт. Манасчынын эргүүсүн коштогонсуп бапылдаган
сурнай үнү курултайда хан көтөрүү аземи башталарынан кабар берди. Курултай башы
Ажыбек бий ордунан туруп:
— Алхамдулиллахи шүгүр калайык, ордолуу журт болдук. Ата-бабабыздан калган туубузду
жайдык, түпөктүү найзабызды сайдык. Хан ордобуз көтөрүлгөнү ушул. Эми, калайык,
байыркы бабалардын салтын улап, жами кыргыз үчүн кам көрүп, кара кылды как жарган
калыс боло турган, кашкая калк камын ойлоп, кара өзгөйлүктөн алыс боло турган, кылычын
алып, кыйырды бузуп жоо келсе кол баштап, эл сактай турган, кылкылдаган мал бактырып,
кызылын күрөп дан бастырып, эл бага турган, шариат жолун туттуруп, ууру-кескилерди
жоюп, мечит, медресе курдуруп, балдарды окутуп, элди агарта турган, өнөр-билим үйрөтүп
алга сүрөй турган, аттанып чыкса ак жолтой, алышкан жоого сан колдой эрендердин бирин
хан көтөрүп алалы. Кана, сөз силерде, калайык, — деп элге кайрылды. Эл ичи дымып,
Хан Ормон
курултай бир тынымга үнсүз турду. Саруу Алчикен уулу Ажыбек датка ордунан тура үнүн
бийиктете:
— Оо, калайык, элибизде эрендер арбын, Кудаага шүгүр. Ошентсе да биринин чечендиги,
жоомарттыгы жетишсе, көсөмдүгү төп келбейт. Камбылдыгы, чукугандай сөз тапкан, чукул
жерден жол тапкан амалы жетишсе, кашкая чыкчу кайраты жетишпейт, жоо качырып кол
баштаар айбаты жетишпейт. Биринин кайраты, жоого каршы айбаты жетишсе, акыл
калчаган кыраакылыгы жетишпейт, кашкая жара тарткан катаалдыгы жетишпейт. Албетте
бул жалганда телегейи тегиз, кемчиликсиз киши жок дечи, ошентсе да караңгыда жол таап,
карайлаганда акыл таап эл баштоочу, тайманбай тосуп жоо майтарчу кайраты, айлакер
кыраакылыгы, кашкая жара тартчу катаалдыгы, кара кылды как жарган калыстыгы төп
келген эрен арабызда бар. Эсенгул баатырдын небереси, Ныязбек бийдин уулу Ормон
баатырды кыргызга хан көтөрүп алалы, калайык, — деп жыйынды айланта карап бир аз
турду да, ордуна отурду.
— Туура айтты.
— Коконго көрсөттү го кыргыздын азуусун.
— Көк мелтей, көйкашка.
— Андан мыкты да бардыр, — деген үндөргө удаа Карабек уулу Жантай бий ордунан тура
сөз алды:
— Ажыке датка таамай баалады Ормон баатырды. Бала кезинен жоого аттанып, эл коргогон,
жаш кезинен эл аралап, акыл калчап эл ишине аралашкан, адилетсиздикке кашкая каршы
туруп, ханга каяша берген эрдигин эли баалап турган, көк мелте эрдиги, эч нерседен
жалтанбас шердигине талаш жок. Баарыбыз эле тебетейди кырданта кийген менен
Ормондон өтөрүбүз жок. Кара кыргыз үчүн каруусу казык боло хан даражасында кызмат өтөп
өткөн айтылуу Эсенгул баатырдын небереси кажарлуу эр, хандыкка башы жаралган Ормонду
хан көтөрөлү, — деп ордуна отурду.
— Кайран бийдин сөзмөрлүгү.
— Атаке баатырдын тукуму да, — деген үндөр коштоду бийдин сөзүн. Саяк Дуулат курултай
башыга карап:
— Ажыке баатыр, бул кутмандуу окуяга калың саяк элинин атынан сөз кошпосом айлымды
аралай албай калам го, — деп күлдү.
— Оо, баатыр, сиз сүйлөбөсөңүз курултайдын куржуну толобу, — деп күлө бакты Ажыбек.
— Кадырман калайык, өйдөгү сөздөр айтылып, менин да кыбам канып, жетине албай отурам.
Бүгүн кара кыргызга тобокел Алла деп хан шайлоочу касиеттүү күн болгону турат.
Коңшулардын абалы, бизге мамиле жөнүндө бийлер айтышты. Үч тараптан кысып
турушпайбы, биз муштумдай түйүлүп, кайраттуу туралы. Ормон баатыр жөнүндө төп сөздөр
айтылды. Тайлак баатырдан кийин, эл четинде жоого сес көрсөткөн кимибиз барбыз Ормон
баатырдан башка. Чычалабай эле коёлу, көбүбүз үйдө баатыр жоодо жок дегендей элебиз.
Жантай бий туура айтты. Ормондон өтөрүбүз көрүнбөйт. Саяк элинин атынан колдойбуз, —
деди Дуулат.
— Саяк элдин тыңы.
— Бийи да тың көрүнөт.
— Тукуму мыктылардан эмеспи, — деп жактырган үндөр.
— Эл тагдыры таразага түшүп турган маанилүү курултайда солто элинин атынан ой кошоюн
деп турамын, датка аке, — деп Ажыбекке кайрыла ордунан турду Жангарач бий.
— Арийне, урматтуу бий, сүйлөңүз, — деди Ажыбек.
— Кечээтен бери эл тагдыры, жер тагдыры жөнүндө оюмду айттым эле, бүгүн хан көтөрүү
жөнүндө бир-эки ооз сөз сураймын. Омоктуу ойлор айтылып турат. Хандыкка көтөрүлүүчү
кишинин тагдырына суктанууга болбойт. Мындай оор жүктү көтөрүү эбегейсиз зор машакат.
Аны көтөрүү үчүн Ормон баатырдыкындай кебелбеген сабырдуулук, кашкайган катаал
кайрат, кыраакы айлакерлик керек. Күчтүү коңшулардын курчоосунда хандык жүргүзүү үчүн
чукулунан эп тапкан айлакерлик, ийкемдүүлүк, акылга жуурулган катаал кайрат, ыгы келсе
душманды адаштырып, айласын кетире турган бардаш, ыктуу опуза да керек.
Кыйынчылыкта жанды оозго тиштеген сабырдуу тобокел керек. Мына ушул сапаттары бар
Ормон баатырдан өткөн хандыкка жарачубуз жок. Ормон баатыр хан болсун, — деп ордуна
отурду Жангарач бий.
— Айтылчу сөздөр толук эле айтылды. Байыркы ата-бабалардын салтын улап, мен азыр
карыялардан бата сурагым келип турат. Ак суп чепкенчен, ак топучан, ак сакалы жайкалган
Хан Ормон
карыя каалгый ордунан турду. Бул касиеттүү кары айтылуу Сарт аке туу алдына келди. Күн
нуру чайыган күздүн булутсуз асманы шаңкая мелтирейт, ак айчыктуу кызыл туу айдарым
желге желбирейт.
— Алхамдулиллаи, — деп демин жыя сөз баштады үнү дирилдеп, көңүлү көлбүп турган
карыя. — Оо, кудурети күчтүү, ырайымы чексиз, мээрбан Алла таала, кул пенделериң кыйын
кезеңде жол сурап, алкоо күтөт. Чачылганыбыз жыйылып, өзүңдүн амириңди, чачкан
ырыскыңды насип эткен бир бүтүн ордолуу, уюткулуу эл бололу, деп мунажат кылып
турабыз. Эл тилегин кабылдай көр Жараткан. Хандыкка Кудаанын кулу, Мукамбеттин үмөтү
Ормон Ныязбек уулунун аты аталды. Аны өзүңдүн атыңдан калайыктын батасы менен хан
көтөрүп бүтүм кылалы. Оо, Жараткан, өзүңдүн кулуң, Мукамбеттин үмөтү Ныязбек уулу
Ормон кара кыргыз элинин бул жалгандагы жүгүн аркалап, анын убал-сообун мойнуна алып,
кыямат күнү өз алдыңда жооп берүүчү, кара кылды как жарган калыс, калкына алымдуу,
карып-мискин бей-бечараларга кайрымдуу, шариат жолун тутуп, элди тазарткан, окутуп
өнөр үйрөтүп, элди агарткан, кыйынчылыкта элине жол баштаган, кыйырды бузган жоо
келсе кол баштаган, элине камкор болуп, өзүңдүн жардамың менен бейкутчулук, береке алып
келген, өрүшүн кеңейтип, өркөнүн өстүргөн ак жолтой хан болсун, оомийин, Аллоху акбар, —
деп алакан жайды, «Аллоху акбар» деген демдүү дуу абаны толкутту. Курани каримден сүрөө
окулуп, фатва түшүрүлдү.
Боз пиязы чепкен, ак калпакчан, кара сакалы жайкала төшүн жапкан, узун бойлуу, кең
далылуу, Ормон туу алдына келгенде ханды куттуктаган сурнай, керней үндөрү кыргыз
коомундагы олуттуу окуядан кабар бергендей, жыйын үстүндө жаңырып турду. Төшүн басып,
элге таазим эте жаңы көтөрүлгөн кыргыз ханы:
— Оо, элим, чоң ыракмат, чексиз ыраазымын. Кудай таала алдында менин башыма сыймык
кондуруп, эбегейсиз оор жүк жүктөдүңөр. Хан болоюн деген оюм жок эле десем Кудай
алдында жалганчы болормун. Мартаба, мансапты ким эңсебесин. Көңүлдө жүргөн иш эле.
Көңүлдө жүргөн иш эле дегеним, эртеден бери эл башындагы бийлер, кыраакы карыялар
айтып олтурушкан элибиздин учурдагы кыйчалыш абалы, келечек тагдыры мени да
кыйладан бери миң толгонтуп түйшөлтүп, атаганат ушундай кезеңде чачыранды элибиздин
башын бириктирип, анын тагдырын тайманбай мойнуна алган бир азамат болсо, а мүмкүн,
Алла таала буюруп, эл ишеничи мага берилсе элди кандай жолго баштоо керек, кантип
элдигин, биримдигин сактоо керек, өзгө ордолуу элдерге канткенде тең ата болобуз, деген
жүрөк өйүгөн ойлор көңүлдө уялап жүрөр эле. Жана «мансап» дегенде мен керт башымдын
ыңгайын эмес, мына ушуну айткан элем. Ооба, хан болгон кишинин жашоосунда жеке жыргал
болбой турганын билемин. Өмүрү кооптуу экенин да билемин. Ушул кыйын кезең учурда
өмүрүмдү кара кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн арнадым. Калыс, адилет болсом алкабагыла,
— ал менин хандык вазыйпам, катаал, ырайымсыз болсом каргабагыла, — ал да менин
хандык вазыйпам. Бул үчүн Кудай алдында, ата-бабанын туусу алдында, курултай эл сенин
алдыңда ант беремин, — деп Ормон ордуна отурганда, курултай башы Ажыбек ордунан
туруп:
— Антыңды Алла таала өзү, атпай кыргыз эли кабылдасын. «Аллоху акбар» дегенде,
курултай үстү дагы бир ирет бата добушуна жаңырды. Сарт аке, Ныязбек бий, Калыгул
акылмандын коштоосунда туу алдына келип, Ормондун башына таажы ордуна кызыл
тыштуу кара көрпө тебетей кийгизип: — Таксыр ханыбыз, таажың башыңдан түшпөсүн,
таажы ордуна кызыл тебетей кыргызда жалгыз сенин башыңда болсун, калкың үчүн
аткаруучу хандык вазыйпаңды Жараткан Алла таала өзү жолдосун, — деп алакан жайганда,
жыйын үстүндө үчүнчү ирет Алла тааланын ысмы жаңырды. Карыялар ордуна отурары
менен жыйын башы Ажыбектин:
— Хан көтөрүү аземин байыркы ата-баба ырасмиси менен аяктайлы. Кана, алып чыккыла
ортого ай туякты, ак сарыбашылды, ак кийизди, — деген бийик үнү заңк этти. Чөйчөгү
чуңкур акбоз бээ ай туякка, ак төбөл кара ирик ак сары башылга чалынды. Сурнай, керней
үндөрүнүн коштоосунда кара койдун канын ак дагырага тосуп, кас-душмандын каны
төгүлсүн деп хандын оң колун малдырды. Төрт бүктөлгөн калың ак кийизге кызыл тебетей,
боз чепкенчен, кара сакалы төшүн жаба жайкала, бүркүт кабак алдындагы ирмебей тиктеген
сургулт көздөрүнөн кайрат учкуну жанган Ормонду отургузуп, төрт тарабынан экиден сегиз
жигит көтөргөндө керней, сурнай үнү жаңыра, жарчы:
— Мына эми башталды,
Ормон хандын заманы.
Хан Ормон
Ормон хандын максаты,
Ордолуу кыргыз аманы.
Кара кылды как жарган,
Калыс болсун ханыбыз.
Кара өзгөйдүн саатынан,
Алыс болсун ханыбыз.
Кыйын күндө элиңе,
Жол баштай көр, ханыбыз.
Кылычын алып жоо келсе,
Кол баштай көр, ханыбыз.
Шариат жолун туттуруп,
Дил агарткын, ханыбыз.
Өнөр-билим үйрөтүп,
Эл агарткын, ханыбыз.
Кылкылдап жайыт толтура,
Малын көбөйт элиңдин.
Кырмандан кызыл суздуруп,
Данын көбөйт элиңдин,
— деп Орозбак жарчы калайыктын каалоосун ханга билдире жар чакырып бүтө, жигиттер
Ормонду ак кийизге көтөргөн бойдон курултай төрүнө баш бийдин жанына алып келишти.
Курултай башы Ажыбек ичке кырчын талды колуна ала ордунан турду. Боронбай,
Муратаалы, Жантай, Жангарач, Медербек, Качыке, Ажыбек, Миназар бийлер анын жанына
келип талды тутамдап турушту. Ак сакал Сарт аке кырчынды ортосунан кесип:
— Кыргыздын кыйырынан чыккан ушул талдай кыйылсын, — дегенде жыйын жапырт бата
тиледи. Жыйын үстүндөгү уу-дуу басыла түшкөндө Ормон хан ордунан туруп, коңур бийик
үн менен:
— Алла тааланын атынан жардам тилеп, биринчи хан жарлыгымды билдиремин. Хандын
кеңешчилигине Калыгул аке, Жаманжээн, Сергеян, Шамен дайындалат. Элдин уруулар
арасындагы өз ара доосу, жесир, жетим акысы, кун төлөө, баш ачуу, ууру-кескилерге айып
төлөтүүнү чечүү үчүн баш бийлик вазыйпасы Минназар, Медербек бийлерге жүктөлөт.
Уруунун өз ичинде бул иштерди уруу бийлери өзүлөрү чечишет. Уруулар арасындагы
байланышты, хан жарлыгынын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Саза баштаган
жигиттер тобуна жүктөлөт. Кокон, Кытай, Букар, Кыйва, Казак, Орусия бийликтери менен
тышкы мамилелерди менин көзөмөлүм алдында Байсерке бий жүргүзөт. Аскер курап, кол
башчы болууну Төрөгелдиге тапшырамын. Атка минген эр бүлөнүн баарынын үйүнүн
тушунда найзасы сайылуу, аты кермеде байлануу тургандай болсун. Кетирекей уулу Алыбек,
Субан уулу Адыл Төрөгелдинин аскер ишиндеги жардамчылары болушат. Курал-жарак согуу
үчүн устакананы кеңейтебиз. Үрүмчү, Кашкар, Омбу, Кокон, Букар жактардан курал-жарак,
мылтык, кылыч сатып алууну колго алабыз. Шариат жолун үйрөтүп, мечит, медресе
ачтырууга кам көрөбүз. Бул үчүн Наманген, Анжияндан аалым молдолорду чакырабыз.
Мечит, медресе ачуу уруу билермандарына, оокаттуу байларга жүктөлөт. Эми кыргызга баш
бий болгон Миназар, Медербек бийлердин сөзүн угалы, — деди Ормон сөзүн аяктай, эки
жагын карана.
— Биз кечээтен бери жыйынга келген акылман бийлер менен кеңешип, ар кандай кылмыш
үчүн жаза ченемдерин белгиледик. Медербек бий айтып берсин, — деди салабаттуу Миназар.
Илбериңки ордунан турган Медербек бий:
— Уруулар арасында болуучу айрым калабалуу кылмыштарга: эр өлтүрүүгө 300 жылкы, аял
заты өлтүрүлсө 150 жылкы кун төлөнсүн. Бирөөнүн никелүү аялын бузгандарга 40 жылкы
айып салынат, уурулар уурдалган малдын башынан үч эсе көп айып төлөшөт, эң аз болсо бир
тогуз төлөйт. Хан жарлыгы ушундай, — деп сөзүн бүткөндө:
— Оо, калайык, Кудаага шүгүр, курултайыбыз максатына жетип, кара кыргызга хан
шайладык. Эми уруулар ичиндеги арыздоолорду кароого өтөлү. Кезеги менен уга берели, —
деп бийлерге кайрылды.
Жесирдин башын ачуу, жетим акы, кун төлөө жөнүндөгү арыздарды караган курултай эртеси
кечинде бүтүп, келгендер хан сыйын көрүп айылдарына тарашты.
Хан көтөрүү ырасмиси бүткөндөн кийин Ормон хан айылында түлөө да өткөрбөдү. Ордо
үйүнө байырлабай, таң саардан ат үстүндө мал-тегесине көз салат, айылдарды аралай эшик
Хан Ормон
алдыларына токтоп, ат жалынан даам сыза, ал-жай сураган болот. Кеч кыстай үйүнө кайтып,
эч кимди кабыл албай, түнөрүп отурууну өнөкөттөп жүрөт.
Бүгүн да кечке ат үстүндө айыл аралай жүрүп, кеч кыстай ордо үйүнө келип түштү. Атын
алып, салам берген жигиттер үйдө атасы Ныязбек бий баштаган меймандар отурушканын
айтып, эшик ачышты. Төрдө Ныязбек бий, Калыгул акылман, алардан төмөн Жаманжээн,
Сергеян, Шамен кеңешчилери, Байсерке бий, Саза дасторкондон даам сызышууда. Бөйрөктүү
самоор шуулдап, чайчы жигит бошогон чыныларга чай куюп, илбериңки узатууда. Төшүн баса
салам айта кирген Ормон ханды көрө баары орундарынан турушту.
— Алейкума салам, таксыр хан, келиңиз, — деп күлө бага атасы Ныязбек бий орун жаңсады.
— Оо, жарыктыктар, орунуңардан турбасаңар боло, мени кыжалат кылганыңар кандай? —
деп кол алыша, атасы менен Калыгул бийден төмөн орун алды.
— Мен сага ата болсом, сен кара кыргыздын ханысың. Мен сага уулум катары ымала санасам
да, кара кыргыздын ханы катары сыйлоого милдеттүүмүн, — деп сакалын сылай, ичинен
келме келтирип, тобо кылды Ныязбек бий.
— Бар кеп, өз жакындарың сыйлап хан тутпаса, калайык-калкка кайдан кадырың болмок, —
деди салабаттуу Калыгул бий.
Чай ичиле дасторкон жыйылып, бата тиленип, үсүр-масир аңгеме жүрдү.
— Хан болгондон бери кабагың бүркөө, ордо үйүңө байыр албай, ат үстүндө талаалап
жүрөсүң. Эл арасынан тартуу менен келгендерди да кабыл албадың. Алар өзүңө жолуга албай,
бизге келип куттук айтып кетип атышат. Бу хан каадасын күтпөгөнүң кандайча? — деп
Ныязбек бий уулуна суроолуу карады.
— Байым, — деп атасына жылуу ырай менен жүзүн бура сөз улады Ормон хан. Хан көтөрүү
кыйын эмес экенин көрдүңөр. Эми мага хандыктын жүгүн аркалоо эбегейсиз оор экени
туюлуп турат. Бул калың элдин убал-сообу го. Ушул оор жүк нык басып, уйкум үч бөлүнүп,
өзүм менен өзүм кеңешип, машакат тартып жүрөм. Бир чети пендечилик кылып өзүмдү
алаксыткан болом.
— Албетте, хан болуунун сөөлөтүнөн мээнети күч экени байыркылардын өмүрүнөн көрүнүп
турат го. Сөөлөт күтпөсө мээнетти көтөрө албайт го, журт ээси хан, — деди Ныязбек бий.
— Сөөлөт эби менен болсо, мээнет чеги менен болор. Сөөлөт бийликке жөлөк болгондой
чекте болсо, ал хандын кадыр-баркы үчүн керек. Бирок бийлик адилет болбосо анда барк
болобу, сөөлөт бир сөлөкөт болуп калат да, — деди Калыгул аке.
— Кебиңиздин төркүнүнө кулдугум бар, Калыке, — деп акылмандын жүйөөлүү сөзүнө тан
бере сөзүн улады Ормон хан. — Кеп ошол сөөлөт менен мээнеттин менде айкалыша албай
турганында болуп турат. Туш-туштан курчап турган кошуналарга көз жиберсем, баарынын
курал-жарактуу, машыккан көп аскерлери бар, алтын, күмүш толо казыналары бар,
кампалары толо эгини бар. Биз болсок көчүп-коно чар жайыт күн көргөн, өнөр-билимден
артта турган азгантай элбиз. Кыйырды бузган күн келсе кандайча туруштук беребиз деп
ойлойм. Өз ара жай мамиледе биз аларга эмнебиз менен теңеле алабыз деп ойлойм да, арга
издеп, алп урушуудамын.
— Айткандарың орундуу, бирок баары эле бир күндө шайма-шай болуп калбайт да. Элди
жалпы ынтымакка бириктирип, адилет бийлик жүргүзсө, ынтымакты туу тутуп, элди адал
эмгекке үндөгөн өкүмдарды Алла таала максатына жеткирет.
Албетте элдин жүгүн көтөрүү оор жүк экени талашсыз. Ошол оор жүктү көтөрө алат деп эл
көп ичинен сени тандабадыбы. Тагдырың ошол — көтөрүүгө туура келет. Ойлонуп,
кыйналып жүргөнүң жакшы жышана, жүктү көтөрүп ашуудан ашарыңдын белгиси, — деп
жылмайды ойлуу отурган Калыгул аке.
— Алла таала башыңа бак кондуруп, өзүң айткандай, калың элдин тагдырын, убал-сообун
мойнуңа жүктөдү. Жүктүн оордугун туйганың жакшы. Калыкең айткандай, эл ынтымагын
туу тутуп, сабыр күтүп, аракеттенгин. Мен көп жашадым, көптү көрдүм, өмүрүм кылыч
мизинде, найза учунда дегендей кырдаалда өттү, кара таандай калмак менен каруулашып. Ал
кезде иш бир беткей өңдүү эле. Азыр шарт башка болуп калды, заман өзгөрдү. Замана жол
айрылышына келип такалган сыяктуу, туш тарап кысыла баштагансып, элдин келечеги
бүдөмүктөп турат го, — деп сакалын сылап, бир тынымга үнсүз тунжурай түштү да, башынан
көптү кечирген Ныязбек бий сөзүн улады.
— Жумуру баштуу пендеге бир келүүчү өмүр өтөлгөлүү болгону дурус. Ошол мүмкүнчүлүктү
сага Алла таала берди, уулум. Өмүрдүн өтөлгөсү ушундай кыйын кезеңде толот. Эми, бактың
Хан Ормон
чоң, жүгүң оор, учуруң кыйчалыш, Кудайдан кубат тиле, — деп сөзүн бүттү. Үй ичи сөзгө уюп,
бир азга тынч боло калды.
— Ырас келипсиңер чакырып келтире албай турган керектүү кишилерим, — деп обдула
санын таяна сөз улады Ормон хан. — Көптөн бери калайык үчүн тобокелге бел байлап
жүрдүм эле. Тобокелдин салмагын башка бак конгондо ашкере туйдум. «Арстан алсыздыгын
билгизбей жүнүн түктүйтөт», деген накыл биздин азыркы абалга дал келип тургансыйт.
Хандыктын шайы ичинен жупуну болсо да, сыртынан аны салттуу, сүрдүү жана катаал кармоо
зарыл дейм. Бул үчүн оюмду силерге билдирип койгонум жөн болор. Сырттан келген
кербенчи, соодагерлер, календер, дербиштер ордо күткөн айылга жакын жолотулбасын.
Кимде-ким мындай кишилерге ордонун ички абалынан маалымат берсе аёосуз жазаланат.
Тескерисинче андай кишилерге ордонун абалын көтөрө чалып, ханды сүрдүү, каадалуу,
катаал деш керек, андай жолоочуларга жолугушу ыктымал кишилер аяр жана сөзгө даяр
болуулары зарыл. Мында Тайлак баатырдын тагдыры бизге сабак болууга тийиш, — деп
кеңешчилерине астыртан көз жиберди.
— Айтмакчы, Коконду Аксылык Нүзүп бий баштаган кыргыз колу Насрулла эмирдин
өкүлүнөн тартып алып, Алтын бешик урпагы Шераалыны такка отургузуптур деген кабар
угулду. Бирок азыр Кокон баш-учун жыя элек шекилдүү, кабарың бардыр, — деп Ормон ханга
сылык кайрылды Калыгул аке.
— Кабарым бар, Калыке. Букар өкүмүнө караганда, бул бизге бир аз жагымдуу болор деп
ойлойм, — деди Ормон хан.
— Шераалы хан бу биздин Таластык Ажыбек датканын бир тууган жээни болот тура. Так
талашуучулардын көзүнөн далда эр жеткизген даткага ыракмат, — деп сөзгө аралашты
Жаманжээн кеңешчи.
— Туура айтасың, атасын так талашат деп чочулаган Алим хан өлтүрүлгөндөн кийин датка
энеси экөөнү өзү асырап, Шераалыны эрезеге жеткирген тура. Бул кабар менин көңүлүмө
толду. Эми элчи жиберип, Кокон менен мамиле түзөбүз. Коконго элчиликке Байсерке бий сиз
барасыз, — деп Ныязбек бийдин сол жагында отурган салабаттуу бийди карады да, — Ормон
хан сөзүн улады:
— Арстан жүнүн кандай түктүйтөрүн билесиз да, коңшулук мамиленин шарттарын
сүйлөшөсүз, Кокон чептеринин келечегин макулдашасыз. Бизге ак ниеттүү аалым молдолор
керек. Бийлик менен, ордо менен байланышы жок Кудай момун аалымдарды иликтеңиз. Биз
шариат, мыйзам тууралуу элге түшүнүктүү «Жооп наме» китеп жаздырабыз. Ага жарачу
аалымды урматтап тосуп алабыз. Акыны өзү каалагандай төлөйбүз. Бул иштер азыр өтө
зарурат. Даярдансын бий, кандай дейсиздер, — деп отургандарга кайрылды.
— Түзүк ойлор экен. Шариат жолун терең билген ак ниет аалымды ордоңузда такай
кармаганыңыз абзел болот. Идиректүү балдарды окутуу керек ошол Кокон медресесине
жиберип. Ал жөнүндө да бий макулдаша келер дейм. Кыргыздарга түшүнүктүү китеп
жаздыруу өтө керек, — деди Ормон хандын сөзүн ынтаа менен угуп отурган Калыгул
акылман.
— Жакшы кеп, ири айылдарда балдарды окутуу да дурус болор эле. Молдо аз. Кокон, Букара
медреселеринен, Калыкем айткандай, идиректүү балдар окуп келишсе, иншалла, бир аз
жылда иш оңолуп кетер, — деп чайын уурттап дасторконго коюп, колун жаңсай
ыраазылыгын билдирди Ныязбек бий.
— Эмики ишемби күнгө Төрөгелди, Адыл, Балбай, Алыбектерди чакырткың, аскер иштерин
сүйлөшөбүз. Бир жерге жыйып кол күтүүгө чама жок. Ар бир түтүндөн бир эр бүлө аты, найза,
кылыч жана башка болгон курал-жарагы менен күн десе күнү, түн десе түнү даяр тургандай
болуусун камсыз кылуубуз зарыл, — деди да, оюмду колдошобу дегендей Ормон хан
отургандарга көз жиберди.
— Арийне, аскерди дайыма чогуу кармоого кайдан күч жетсин. Айтканың туура, уруу
билермандарын жыйып келишесиң го, — деди Калыгул аке.
— Курултайда патба кылынбады беле. Эми жигиттерди жиберип орундаттырабыз да. Үч
айдан кийин добулбас урдуруп, аскер жыйноонун даярдыгын көрөбүз, — деди хан.
— Жоокерлерди курал-жарак
менен жабдуу жагы дароо бүтпөйт го, кошумча чара
көрүлбөсө, - деп сөз кыстарды Шамен кеңешчи.
— Ансыз иш болобу. Чоюбай устанын устаканасын кеңейтип, ага жардамга элден чебер
усталарды чогултуп, курал согууну күчөтөбүз. Аны менен да иш бүтпөйт. Букара, Кокон,
Кашкар жактарга эстүү кишилерден мал айдатып, курал-жарак, курч болот, темирлерден
Хан Ормон
саттырып келүүнү колго алуу керек. Ал жактардан бизге өтүүчү жолдорду мерчемдүү
жерлерден тостуруп, туяк пул ала баштообуз керек. Бул ишти Сазага тапшырамын, — деди
Ормон хан ойлуу отурган жигит башыны карап.
— Бул иш жакшы колго алынса арбын пайда алып келер эле, хан казынасын түптөө үчүн, —
деди эртеден бери унчукпай отурган Сергеян кеңешчи.
— Туура айтасыз, «Үйдө отуруп эсептеп, кулундуу бээ, ботолуу төө, музоолуу уй, мал аламын,
жыя келсем сайда саны жок дегендей, бул өтө машакаттуу иш — деп Сергеянга сала-сал кыла
Ормон ханга сөз кыйытты аяр Саза.
— Сөзүңдө калет жок, Саза мырза. Куру кыял курсак тойгузбайт, курулай эсеп короо
толтурбайт. Торугарт, Көк-Арт, Бедел, Боом жактан каттоочу жолдордун мерчемдүү
жерлерине тосот койдурулуп, бир-эки жума ичинде ишенимдүү кишилер көчүрүлүп барып,
көзөмөлгө алгандай болсун. Өзүң такай көз салып турарсың, — деди Ормон хан.
— Салык, зекет жыйноодогу баш аламандыкты токтотуп, шариат жолуна ылайыктоо зарурат
болуп тургансыйт. Шариат боюнча зекет жалаң гана бей-бечара, карып-мискиндердин
муктаждыгына жумшалууга тийиш, — деди Калыгул.
— Кокондун көп салыгы менен элди кыстоонун кажаты жок. Биз аскер иши, курал-жарак
үчүн гана малдуулардан алабыз салыкты. Жалгыз аттуу, жалгыз уйлуу эмнесин берет. Зекет
шариат жолуна ылайык жыйналуу менен молдолордун, бийлердин, айыл билермандарынын
колунда калбастан, колунда жок жетим-жесирлерге, балдарды окутууга, арык казып, суу
чыгарууга жумшалууга тийиш. Бул маселе уруу бийлеринин жана биздин көзөмөлүбүздө
болот, — деди Ормон хан.
— Канча суу бош агып кетип жатат. Мен Кочкордун тескей тоолорунан түшкөн сууларды
буруп, алыш каздырсамбы деп турамын таксыр, буюрса боз адырлардын алдындагы талаага
эгин эгемин, — деди жашынан сарамжалдуу Шамен.
— Баракелде, кеп эмес бекен. Ишиң илгери болсун. Иншалла. Сенин ишиң элге өрнөк болгусу
бардыр. Биздин курсакты да тойгузат экенсиң, — деп борс-борс күлө инисин эркелете
карады Ныязбек бий.
— Боронбай бий мыкты экен. Кызыл-Жардын ичине Жуукунун суусун буруп, эгин эгип,
мөмөлүү бак-дарактарды тигип, там-тарак куруптур. Кышкы жашоосу да бакубат, ысык үй
ичинде. Балдарды окутуучу жайы да бар экен. Ушундай жашоо керек, — деп отургандарды
тегерете карады Калыгул акылман. Башын төмөн сала, айтылгандарды ойлуу угуп олтурган
Ормон, боюн серпиле түзөп:
— Боронбай бий көсөмдүн ишин иштеп атат. Короо-жайы, мөмөлүү багы, там-тарагы көңүлгө
толот. Биз дагы Кудай буюрса Сан-Ташка чеп куруп, үй-жай салабыз. Конуш майлоочу күн
алыс эмес. Шамендин өрнөгү менен элди жер тырмоого көндүрүү керек. Ар ким мал-тегесине
чөп-жемди, үй-бүлөсүнө ун, талканды өзү камдап алгандай болсун. Кыргызга дыйканчылык
үчүн жер жөнүндө көңүлүмдө багып жүргөн ойлорум бар. Убагы келгенде көрөбүз. Эми чогуучара отурганда ички тартип жөнүндө ойлорумду да билдирейин. Мен силердин уулуңар,
иниңер, агаңар, жакын жолдошуңар гана эмес, кара кыргыздын баарына бирдей кароого
милдеттүү хан экенимди билесиңер. Хан ордосунда ырасмий күзөт болот. Шам-шаркыт
каттоого тыюу салынат. Уруу бийлери чече албай турган маселелерди атайын өргөөдө
Жаманжээн, Сергеян, Шамен, Сазалар кезеги менен кабыл алып, муктаж болсо мага
жолуктурушат. Ашынган кесеп ууруларга, киши өлтүргөндөргө аёосуз жаза колдонулат.
Ордодон обочо көрүнөө жерге дарга орнотулсун, зындан казылып, үстүнө үй тигилсин. Булар
элди канабайран кылып кыруу, өлтүрүү үчүн эмес, коркутуп, кылмыштан алыс кармоо үчүн
керек. Эл ичиндеги ууруларды жоюу үчүн бакан басылат, чылбыр толготулат, зынданга
салынып, мал-мүлкү таланат. Уурудан чочуп, жакшы аттарга кишен салуу тыйылсын. Атына
кишен салган киши айыпка жыгылат. Эмики аптанын бейшемби күнүнө бийлердин
жыйынын курабыз. Бул оор жана ыйык иште мен элден жана баарыңардан колдоо күтөмүн.
Эми хандын сөзүн токтотоюн. Дасторкон жайылсын — даам сызышалы. Жарлык,
буйруктарым менен силерди тажатып жибердим окшойт, ошентсе да байым, менин
жарлыктарыма ак жол, ийгилик каалап, бата берип коюңуз, — деп күлө бага атасына карады
Ормон хан. Ныязбек бий алакан жая:
— Аллохуакбар, калкыңа алымдуу, кара аламанга кайрымдуу, өзгө, жатка бирдей кара кылды
как жарган калыс бол, кара өзгөй адилетсиздиктен алыс бол, душманга ак албарстай курч бол,
калкыңа ак олпоктой тынч бол, карааныңдан карып, мискин, жетим, жесир бана тапсын,
Кудай колдоп, Кызыр жылоологон касиеттүү хан бол, — деп бата тилегенде баары Алла
Хан Ормон
тааланын атын атап, батага кошулушту. Хан үстүндөгү чакырылбаган жыйын ушундай
аяктады.
КЕКЭЭР
«Ханды Кудай урарда, калкын чабат».
(Эл оозунан)
1846-жыл, чын курандын ортосу. Жаз эрте келип, төл тез ирдене, мал көк уулап жайытта, эл
чыңыртып кулун байлап турган кез. Жаздын булутсуз асманында Көл башынан көтөрүлгөн
күн балкый нурун төгүп, жан-жаныбар жаз мээримине бой сала, бейкут тирүүлүк камында.
Ордолуу айыл тоо этеги өндүрдө суу бойлой конгон. Хан ордосу — он эки канат ак үйдүн эшик
алды оң ыптасында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, эпчи жагына түпөктүү найза
сайылган. Туу түбүндө туулга кийип, кылыч байланган эки жигит күзөттө турат. Ордо үйдөн
обочороок тогуз канат эки ак өргөө тигилген. Бири атайын конок үйү: ханга четтен
келгендерди хан жигити кабыл алып, хан кеңешчилерине жолуктуруп, хандын кабылдоосуна
даярдайт. Кечээ кечинде казак ханы Кенесарынын элчиси Сайдак кожо эки жигити менен
келип түшкөн. Элчини Саза тосуп алып, кеңешчилер Жаманжээн менен Шаменге
жолуктурган. Эртең мененки чай дасторкону жыйылып, кымыз куюлууда. Төрдө кара
көлдөлөң үстүндө кайырма жакалуу ак кемселине жашыл белбоо курчана, жеңил ак чалмасын
алчыланта оронгон, жүзү субагай, маңдайы жазы, коңкогой куш мурундуу, коюу сары каш
алдындагы көк көздөрү кытмыр тиктеген, жээрде сакал, муруту сыйда тегизделип серпилген
элүү жаштар чамасындагы кагелес Сайдак кожо отурат. Кожо аталганы: насили казак ак
сөөктөрүнөн, Казандагы медреселердин биринен таалим алып, ислам негиздери, чыгыш
тарыхын, поэзиясын үйрөнгөн аалым киши, акындыгы да бар. Кенесарынын «эл боштондугу»
деген чакырыгын жан-дили менен колдоп, анын кыймылынын алгачкы күндөрүнөн бери
кеңешчиси, катчысы катары кызмат өтөп келаткан өз кишиси. Сунулган аякты колуна ала:
— Бисмиллахир рахманир рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, — деп бир жутуп, алдына
койду да:
— Алхамду лиллахи шүгүр, дурус кымыз экен — ичкиле, — деп жолдошторуна карады.
Сунулган аяктар бошоп, экинчи кайталанганда эшик ачылып:
— Ассалоому алейкум, азиз меймандар, — деп салам айта узун бойлуу, кең далылуу хан
кеңешчиси Жаманжээн кирди.
— Алейкума салам, — деп ордунан козголбой алик алды элчи. Жанындагы экөө жана чай
куйган жигит тура калып, алик алышты. Кеңешчи Сайдак кожо жана аны менен
отургандардын баары менен кол алыша орун алып:
— Жакшы жатып, жай турдуңарбы, урматтуу меймандар, — деп сылык жай сурады.
— Кудаага шүгүр, биз өз үйүбүздөгүдөй, ээн-эркин эс алдык. Үлкен рахмет. Кыргыз, казак
элдеринин каада-салты, үрп-адаты айырмасыз окшош экен го. Ушундай жиксиз биримдикти
туюп, бизди жиберген хан Кенесарынын айкөл, көсөмдүгүнө таң кала ыраазы болуп
отурабыз, — деди кымыздан татып алдына койгон элчи.
— Айтканыңызда калет жок. «Казак, кыргыз карлыгачтын кош канатындай бир тууган эл»
деген накыл кеп бар. Карлыгачтын канаттары кагылышпайт эмеспи, ал эми биздин эки элде
ушул жагдай бир аз төп келбей турганы гана өкүндүрөт, — деди кеңешчи билинер-билинбес
жылмая, мындан мурдараак Кенесарынын инилери Норузбай, Эржандар баштаган
жортуулчулардын кыргыз айылдарын чаап, бирок жолдору болбой, куугунтук жеп качып
кетишкенин кыйыта. Бир аз ыңгайсыздана түшкөн элчи малдашын копшой сакалын сылап:
— Ойбай тусканым, бул тириликте казан-аяк да кагышады гой. Шыны-аяк сынып калышы
этимал гой. Ага эш ким кайгырмайды гой. Арты жаксы болсын деп тиленеди гой. Сонын
сыңары казак, кыргыздын ынтымагы болсын деп тилегенимиз оң болар, — деп жымсалдады
сөзмөр элчи.
— Айтканыңыз дурус, казан-аяк кагышканда чыны сынса канча айтса да зыян да. Казанаякты да этият кармаган оң болор, — деди сөз нөөмөтүн кетиргиси келбеген кеңешчи.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 16
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.