Latin

Хан Ормон - 16

Total number of words is 4057
Total number of unique words is 2093
27.5 of words are in the 2000 most common words
39.8 of words are in the 5000 most common words
46.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Сынмаганы дурус деңизши, сынса ага кайгыруу төлөө болмайды го, тусканым. Одан көрө
Орман хан таксыр бизди кабыл алса, жүз көрүшүп, дидарлашсак, касиеттүү Аблай ханнын
насили, алты сан казак үч жүзүнүн ханы Кенесары жахангердин салам дубасын тапшырсак
деп тиленип турмыс, — деди элчи.
Хан Ормон
— Шашылбай даам сызыңыздар. Ар иштин өз убагы болот эмеспи. Кымыздан ичиңиздер,
көктөмдөгү байтал бээнин кымызы. Урматтуу коноктор үчүн атайы жасалган, — деп сылык
өтүндү Жаманжээн. Аңгыча эшик ачыла кирген жигит Жаманжээнге кайрыла:
— Аке, конокторду хан күтөт, — деп көкүрөгүн баса таазим этти.
— Жакшы болот, даамга бата тилейли, — деп алакан жайды Жаманжээн.
— Оо, жараткан, жалгай көр пенделериңди. Казак, кыргыз бир тууган эки элге ынтымак бере
көр. Ушул эки эл бир болсун, баштарына бакыт консун, кас душмандарына бирге аттанып,
жолу болсун. Бейкут, берекеде бирге жашап, өркөндөрү өсүп, өрүштөрү кеңейсин.
Ынтымактуу эл болсун, Аллахи акбар, ва рахмати Аллахи, ва баракатуху, — деп бата тиледи
Сайдак кожо. Батадан соң илбериңки жигит эшик ача, меймандар тышка чыгышты. Күн чоң
шашке, асманда сейрек ак булуттар жай каалгыйт. Тоо жактан соккон сыдырым шамалга ордо
үйдүн эр жагында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, оң ыптасына түпөктүү найза сайылган,
туу түбүндө туулга кийип, кылыч байлана, кыска найзаларын кесе кармаган жоокерлер
какайышат. Коноктор ордого бет алганда, алдыда бараткан Жаманжээн:
— Таксыр хан элчи сизди гана кабыл алат, жолдошторуңуз өргөөдө болушсун, — деп Сайдак
кожону ээрчите ордо үйдүн эшик алдына келгенде, туу түбүндөгү жоокерлер найзаларын
кесе кармап, зыңкыя бой түзөп элчиге, кеңешчиге ызаат көрсөтүштү. Жандап келаткан жигит
алдыга өтүп, эшик ача Жаманжээн алдыга Сайдак кожону киргизди.
Аземдүү ордодон мансабына манчыркаган казысы кучак кыргыз ханын көрөм деп келаткан
кыяр элчи селт этти. Төрдө кызыл тебетейчен, ак пиязы чепкенди желбегей жамына
кебелбей отурган олбурлуу карасур кишинин ирмебей теше тиктеген сургулт көздөрүнөн
акылга ширелген кайрат учкуну жанат, жазы маңдай чап жаак субагай кара сур жүзүнө
коңкогой кырдач муруну, коюу каштуу терең кабак алдындагы ирмелбей тиктеген курч
сургулт көздөрү, сыпаа серпилген узун муруту, төшүн жаба жайкалган кара сакалы бул зор
кишинин турпатына өзгөчө сүр да, салабат да берип турат. Ак пиязы чепкенинин ичиндеги
тик жака кара кемселине күмүш кемер курчанган, эки санын таяна кебелбей отурат. Эки
кадам шилтей сыңар тизелеген элчи колундагы түрмөктөлгөн кагазды суна:
— Ассалоому алейкум, касиеттүү кара кыргыз элинин өкүмдары, кадырлуу хан сизге
асманды титиреткен амири күн чыгыш, күн батышка жеткен, Улуу Чыңгыз хандын насили,
Жоочу хандын небереси, Аблай хандын небереси, башына теңирим хандык мартабасын
кондурган, касиеттүү Алаш хандын атынан калың казак элинин үч жүзүн баш коштурган
Кенесары хандан салам дуба, — деп сөзүн аяктай, башын жерге сала таазим этти. Ормон
хандын оң жагында Калыгул кеңешчиден төмөнүрөөк отурган хан катчысы Махмуд молдо
элчинин колунан катты алып, түрмөгүн жандырды.
— Окуңуз, — деди Ормон хан кебелбеген калыбында. Махмуд молдо тамагын бир «кхи» деп
жасап алды да, катты окуй баштады.
«Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Ормон Ниязбек углына казак үч жүзүнүн
касиетти ханы, Улуг Аблай хан туысын көтөргөн Кенесары кара кыргыз калкынын басына
бакыт кондуруны каалаймын. Каптап келаткан апааттан сактап калуу максатында акылман
элчи Сайдак кожону аттандырдым. Омбудан каптап орус келатады. Эдилди, Жайыкты кечип,
Оралдан өттү. Сарыр-Аркадагы сан казакты алып, Эртиштен чыга Илеге жакындап калды.
Андан ары АлаТауга Чүй боюна ат кояды. Арыны эң катты, аскери көп. Казак, кыргыз эзелтен
эл четинде, жау бетинде бирге эдик. Жыргал-куралымыз тең, мал-жанымыз аралаш эди.
Биригип жауга карсы күресейик. Казак, кыргыз бириксе Ташкен, Кокон, Самаркан бизден
алыс кете алмайды. Мен жауласу ушин эмес, элдесү ушин келатамын. Кан төгүсмейли. Арада
өйдө-төмөн жагымсыз иштер болып өтти. Оган салават жарыялаймын. Сендердин акылдан
адашуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигити мен бошоттум. Бул катты алган соң
жүрегиңердеги коркунучту тастап, мага келип, ханга бас ийип, улы бактыга жетиңер. Эгер
менин суныстарым көниңерге жакпаса, анда өз убалыңар өзүңерде.
Сендерге ырайым этүчи Хан Кенесары Касым оглы.
мөрүмдү бастым.
1244сана, мамыр айы».
Кат окулуп бүтө үй ичи бир тынымга тынчтыкка бөлөндү. Махмуд молдо катты түрмөктөп,
жанына коюп, малдаш уруна отурду.
— Элчиде жазык жок, отурсун, — деп аны карабай, мелтиреген калыбында жай унчукту
Ормон хан. Сайдак кожо Жаманжээнге катар жай алып отура, алакан жая бата жасаган болду.
Кенесары хандын катын ынтаа коюп угуп, ойлуу отурган Калыгул кеңешчи:
Хан Ормон
— Эли-журтуңуз эсенби, урматтуу элчи? Алты сан казак араздашып, өз ичинде кан төгүлүп
турат деп угабыз. Кенесары хан өз элин тынчытып, ынтымак күттүрүп коюп, кыргызга
ырайым кылайын деп келаткан го? — деп элчиге капыя суроо узатты. Жүйөөлүү жооп табуу
кыйынга турган суроого кыстала түшкөн Сайдак кожо:
— Кудаага шүгүр, эсенчилик. Мал ичинде да ала бар го акылманым. Кене хандын ыгына
көнбөй бөлүнүп, капырларга бой салгандар акыры түбү кайра кошулады гой. Касиеттүү
Аблай хандын небереси Кене хан Аллахи таала бак берген калк өкүмдары гой, — деп элчи
оңтойсуз абалдан чыгууга аракеттенди.
— Айтпаса жүрөктө, чаппаса билекте калат дегендей, элчиге оюбуздагыны айтып коёлу.
Катка жооп кийинчерээк болор, — деп уруксат сурагансып, Ормон ханга көз жибере сөз
улады Жаманжээн кеңешчи. — Катта айтылган сөздөрдөн улам Кенесары хандын ырайым
кылганынан коркутканы күчтөй туюлат. Биздин элде: «Какайганга какайгын
— байгамбардын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин, — энең тапкан кул эмес» деген накыл бар.
Бул жакта ээн жаткан эл жок, чачылып жаткан мал жок экенин Кене хан эстей жүрсө экен.
— Эстейди гой, эстүү киши. Кене хан айкөл адам гой. Катта коркутуу эмес, туускандык доомат
айтылып тур гой. Хурметли кеңесши ону сиз да куп билип турсуз, — деп жайкаган болуп,
Жаманжээндин тизесине колун таяп, күлгөн болду элчи. Ормон хан үн дебей мелтиреп ойлуу.
Элчинин сөзгө жүйрүк аракетин байкап отурган Калыгул:
— Урматтуу кожо, сизди илимдүү аалым киши деп угабыз. Бул жалганда чындык бирөө эле
да. Кайсы жагынан айланбаңыз андан буйтап өтүүгө болбойт эмеспи. Казак, кыргыз теги бир
эл. Биринен биринин артык кеми жок. Дини да, тили да бир, кою короолош, айлы аралаш
дегендей, бир жамаат эл. Элчи эки элдин ынтымагына данакер болууга тийиш. Кыргыз
туугандарыңыздын мүдөөсүн угуп алыңыз. Алдыда ынтымак күтүп биригүү үчүн өткөндөн
таалим алганыбыз оң болор. Зордук бар жерде ынтымак болучу беле. Бири-бирибизге
өйдөсүнбөйлү. Чөптү кордосо көзгө зыян дегендей, калмак коогалаңынан арыла электе, тынч
жаткан кыргызга Аблай хан кыргын салып, Садыр, Жайыл баатырларды шейит кетирип,
жазыксыз кан төгүп, элди канабайран кылган эле. Акыры эмне менен бүттү? Эсенгул, Белек
баатырлар каршы аттанып, миңдеген казактын да каны төгүлдү. Алардын убал-сообу кимге,
— деп башын ийкей, сакалын сылап турду да, сөз улады:
— Эки бир тууган элди бириктирип, ынтымак күтүү үчүн өткөндөн сабак алуу керек. Бирибирибизди опузалап, тез артканда ынтымак болобу? Сиз Кенесары хандын алдындагы
билимдүү, аалым киши буларды хандын эсине сала жүргөнүңүз оң болор.
— Акылманым сөзүңүздө калет жок. Арийне, күч менен ынтымак болмасы ырас гой. Оны
Кене хан да куп биледи. Сонын ушин ынтымак сурап отур гой. Катта өткөндү унуталы деп тур
гой, — деп Сайдак кожо Кенесарынын оркоюп турган текеберлүү опузасын жымсалдоого
аракеттенди.
— Биринин алдында бири кулдук уруп турган эки элде ынтымак эмес зордук, зомбулук өкүм
сүрөт. Ушул сөздөрдүн мааниси биздин баамыбызга жетпей турат, — деп сөзгө кошулду
төмөнүрөөк отурган, баарынан кичүү Шамен кеңешчи.
Кенесары хандын кыргыздарды опузалап, кыр көрсөткөн катын алып келген элчи мынчалык
сөз каабына туш болорун баамдабаган эле. Анын туюмунда Кенесарынын замбиректүү, тез
атма мылтыктуу орус аскерлерине моюн бербей салгылашуусу, өзүнө баш ийбеген казак
айылдарына кыргын салган катаал ырайымсыздыгы кыргыздардын үшүн качырып
койгондур, анын каардуу айдыңы, анын үстүнө дини башка, тили башка каапырлардын
каптап келатышы ишти оңунан чыгарчудай көрүнгөн эле. Көптү көргөн кыяр элчи эми ушул
жүйөөнү бетине кармады.
— Ойбай, туысканым, жас турымын мен сөзгө жүйрик экенсин гой. Айткандарыңдын жөнү
бар. Бирок эки элдин тең түбүнө жететин каупырлар каптап келатканда бири-биримизге
өпкөлөп отырамызбы. Биригишип жаумызды жеңип алган соң өпкөлөгөнүмизни жасамыз
деп ойлойм, — деди элчи. Кенесарынын жакын кишисинин үшүн ала түшүшсүн деген
сыяктуу Ормон мелтиреп үнсүз.
— Өпкөлөөнү убакыт созбой жасып алуу абзел болор. Элдин жону бирге болгону менен ар
кимиси жыргал-кууралды өзүнчө тартат эмеспи, урматтуу элчи. Жамангара, Болот
баатырларды конокко чакырып барып, тирүүлөй бөйрөгүн сууруп алып, кескилеп өлтүргөн
мыкаачылыктын карасы баатырлардын үй-бүлөсүнөн эмгиче алына элек. Жарашып эл болуу
үчүн алардын үй-бүлөлөрүнө кун төлөө керек. Кенесары хан жазган катым эле кыргызды
Хан Ормон
бактылуу кылып, баарына төлөө болот деп ойлойт окшойт, — деп сөзгө аралашты Ормон
хандын акылдаш кишилеринин бири Сергеян бий.
— Ойбай, кыргыз туыскандар, хан алдында казак элчисин жарга камадыңдар гой. Элчинин
тилегени, аңдаганы жаксылык гой. Алды мен туыгандасып, жарасып алсак, сонан соң
шешиледи гой олай-булай дауласу, өпкөлесү. Абалы Алла таала насип этсе жарасып
алайыкшы, биригип алайыкшы, — деди шаштысы кетип, жүйөөсү түгөнүп турган Сайдак
кожо.
«Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт», деп айтылат биздин элде. Дүпөйүл болуп, ортодо
ондогон кишилердин жазыксыз куну турса, аларды жайгарбай кайдан ынтымак болсун.
Чындап эл болууну кааласа Кенесары хан элчи менен кошо кунду күнөөлүү кишилери менен
да жиберсе болмок экен, — деди Жаманжээн.
—Туура, жүйөөлүү сөз гой. Кене хандын катына жооп болсо, айтылган таарынчылар ордун
табады гой. Сендердин тускандык дооматтарыңдар хандын хабарына жеткириледи гой, —
деди элчи.
— Жооп он күндөн кийин болот, элчи күтсүн, — деп бурк этти Ормон хан эч кимге карабай,
мелтиреп отурган калыбында. Хандын сөз бүттү деген тейин түшүнгөн Шамен кеңешчи:
— Урматтуу элчи, жүрүңүз конок өргөсүнө, эс алыңыз, — деди. Кабыл алуу учурунда сөздөрү
Ормон хандын назарына илинбегенине маанайы пас болгон элчи Сайдак кожо ордунан тура
төшүн баса ийилип, ханга ызаат көрсөткөн тейде, Шаменди ээрчип, конок үйүнө жөнөдү. Ал
канча болсо да жоопту күтүүгө аргасыз эле.
Кечээтен бери ордо үйдүн айланасы катуу кайтарыкта турат. Үйдөн жүз кадам алыс төрт
тарабында төрт жоокер найзаларын кесе кармап, жан каттатпай какайышат. Кош аттуу
чабарман жеткирген хан чакырыгына ылайык Талас, Чүй, Кемин, Жумгал, Ат-Башы, Нарын,
көл айланасынан келүүчү бийлердин акыркысы кушчу Бүргө бий кечээ кечинде келип
түшкөн. Өргөдө багымдат намазы окулуп, чайланышкандан кийин бийлер хан ордосуна
өтүшкөн. Саруу Ажыбек, саяк Дуулат, черик Ажыбек, саяк Качыке, бугу Боронбай, Муратаалы,
сарыбагыш Жантай, солто Жангарач бийлер, Ормон хандын кеңешчилери Калыгул акылман,
Жаманжээн, Шамендер жаш курагына ылайык хандын эки жагынан орун алышты. Жай
сурашып, амандашкандан кийин Калыгул акылмандын жанында отурган Махмуд молдо
алакан жая:
— Аллохи акбар, ва баракатуху, ва рахмати Аллохи. Оо, жараткан, элге-журтка тынччылык,
береке-бейпилчилик бере көр, — деп бата тиледи. Үй ичинде бир тынымга өкүм сүрө калган
тынчтыкты Ормон хандын салмактуу коңур үнү бузду.
— Калың кара кыргыздын убал-сообун аркалап жүргөн журт аталары, сиздер менен айрым
дидарлашканда иштин чоо-жайын учкай баяндаган элем. Кыргыз жергесине көз арткандар
көп экенин билесиздер. Анын сыңары казак ханы Кенесары дооматы күч кекээрлүү кат
жазып, Сайдак кожо деген элчисин жибериптир. Элчинин сөзүн угуп токтоттум да, «кеңешип
кескен бармак оорубайт» дегендей, силерге акылдашууну туура көрдүм. Кенесарынын катын
окутуп, чогуу угалы. Казак ханынын кесири башынан ашып турган тейи бар. Окуңуз, — деп
Ормон молдо Махмудга карады. Молдо Махмуд чөк түшүп отурган калыбында турмөктөлгөн
катты жандырып, тамагын жасай:
— Бисмиллахи рахмани рахим, ва рахмати Аллахи, ва баракатухи — деп өз алдынча күбүрөй,
үнүн созо чыгарып:
«Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Орман Ныязбек углына, бизги казак үч жүзүнүн
касиетти ханы, Аблай хан туысын көтөрген жахангер, улук даражалуу Кенесары Касым оглы,
кара кыргыз калкына ырайым этип, бактылуу кылып, кырсыктан сактап калуу ниети менен
кат жолдоп, акылман элчи Сайдак кожону жиберемин. Түн жактан каптап келаткан апаат,
алааматтан сактап калайын деген оюм бар. Ойткени... Омбудан каптап орус келатады. Орыс
деген көп эл болады. Сары-Аркадагы сансыз казакты алып, Эртиштен чыга Илеге жакындап
калды. Арадагы Ала-Тауга Чүй боюна ат кояды. Арыны эң катты, аскери өте көп, тез атар
мылтыктары, замбиректери бар. Сендердин күлүңдөрдү асманга сапырады, доңыз этин
жедирип, шокундурады. Кыргыз эли жок болады. Сендерге баурым ашыйды. Казак, кыргыз
эзелтен эл шетинде, жау бетинде бирге болатын эди. Жыргал, куралымыз тең, мал-жанымыз
аралаш эл эдик. Биригип жауга карсы күресейик. Казак, кыргыз бириксе, Кокон, Ташкен,
Самаркан бизден алыс кете алмайды. Мен сендер менен жауласу үшин эмес, элдесү үшин
келдим. Кан төгисмейли. Арада бирер өйдө-төмөн жагымсыз истер болуп өтти. Оган салават
жарыялаймын. Сендердин акылдан адасуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигити мен
Хан Ормон
босоттум. Бул катты алган соң көңилүңердеги коркунушту тастап, мага келип, ханга бас ийип,
улы бактыга жетиңдер. Эгер менин сунысым журегиңдерге жакпаса, анда өз убалыңдар
өзиңерде.
Сендерге рахим этиши казак үч жүзинин ханы Кенесары Касым оглы.
Мөөрүмдү бастым.
1244-сана мамыр айы».
Кат окулуп бүтө, отургандардын кээ бирлери кекээрлүү жылмая сакалын сылай, айрымдары
жакасын кармай тобо келтире, үй ичи бир тынымга тынчтыкта мемирей калды. Ормон хан
кебелбеген калыбында:
— Мына ушундай дептир өзүн кыргызга бакыт алып келүүчү улук жахангер санаган
Кенесары хан. Кан көксөгөн ырайымсыздын обу жок опузасынан, ынтымак демиш болгон
анткор эки жүздүүлүгүнөн жаңжалдын оту жанып тургансыйт. Бул кат кызыл кыргындан
кабар берип турат го, — деп отургандарды кепке тарткысы келди.
— Жараткан Алла өзү сактасын кара өзгөй хандын дооматынан. «Ханды Кудай урарда
калкын чабат» дегендей, үч жүздү бириктирем деп хан болуп алып, орус менен урушуп, алы
жетпей өз элин чаап, анысы аз келгенсип эми бизге көз артып калган экен да. Кыргыз да
кылым кыйырынан келаткан Кудай деген элбиз. Кенесары орустардан тумшугу канжалап
келаткан жаралуу көк жал. Ырайым күтүүгө болбойт. Биригели дегени канкордун
анткорлугу. Кеңешели, ой калчайлы. Туш-туштан кысым күчөп бир алаамат жакындап
келатабы деп чочуймун, — деди ак сакалы жайкала төшүн жаба, үрпөгөй ак каш алдындагы
курчу кайта баштаган көздөрүн ачып-жума ойлуу отурган Ажыбек датка. Ар ким өз ою менен
алек болгон сыяктуу үй ичи бир тынымга тунжурап турду.
— Саруу уруусу менен жамаатташ жашаган калың кушчунун башын кармаган Бүргө бий
малдашын копшой ордунан козголо:
Коңшум датканын сөзүнө дыкат көңүл коюп угуп отурдум. Кантсе да Алаш хандын, Аблай
хандын туусун көтөрүп, арбактарын оозанып, эл биримдиги деп падышалуу журт Орусияга
акарат көрсөтүп чыккан Кенесары Кудай акы көйкашка эр экен го. «Эрдин эрдигин билбеген
Кудайдын бирдигин билбейт» дегендей, ойлонолу. Кенесары калың казактын эле эмес, жамы
мусулман журтунун таламын талашып тургандай туюлат. «Эсери болбой эл болбойт»
дегендей, кээ бир эсерлери эл биримдигине жолтоо болсо, Кенесары аларды теске салып
тургандыр дейм. «Түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат» дегендей, калың казак бөлүнүп,
жарымы кайда бармак эле. Акыры Кенесары ханга баш ийет да, — деп сөзүм жагабы
кыязында эки жагын карана сөзүн улады. — Күн жүрүштө кумурскадай жайнаган капыр
кытай турса, түн жактан тигинтип казакты жапырып орус келатса, мусулман түрк баласы
бирикпесе бир-бирден сай сайлатып бөлүп кетет го, ойлонолу, — деп эки жагын карана
сөзүнүн отургандарга жага бербегенин туйдубу, оюн толук айта албай токтоду.
— Оо, Буке, жарыктык, сиз Кенесарыны жалпы түрк журтуна хан шайлап алалы дегени
турасыз го, — деди да, Ормон ханды карап, сөзүн улады Жангарач бий:
— Хан ага мен да өз оюмду айтайын. «Бийлик кумары, мансап кумары кишинин көөмөйүндө
уктаган кара чаар жылан, ал ойгонсо уу чачат» деп карылардан укканым бар эле.
Кенесарынын көөмөйүндөгү Жоочу тукумуна тиешелүү кара чаар жыланы ойгонгон тура.
Анын ою казактын үч жүзүн эле эмес, түпкү атасы Чынгыш хандын жолун жолдоп, бүткүл
ааламды бириктирем деп турушу ыктымал. Өзүн «жахангер» деп атаганы бекеринен эмес. Биз
солто эли казак туугандар менен жамаатташ, үймө-үйбүз деп айтсам да болот. Казак ичиндеги
окуялардын өкүнүчтүү жагы, Ажыбек датка ак сакал айткандай, орус аскерлерине алы
жетпей, өз элин канабайран кылып кырып турганында. Эми ал аз келгенсип кыргызды
көздөп алган тура. Туушканбыз дейт тура, анткор, билебиз, Жамангара баатырга көрсөткөн
«туугандык сыйын» унута элекпиз, жыландай ышкырган кесепет колуна тийсе кыргызды
кырып мүңкүрөтүп, кул, күң кылууну каалайт. Арийне, «жок» деген жооп Кенесарыны
тынчытпайт. Күчүбүздү жамдап, күтүнүүбүз абзел.
— Таксыр хан, — деп кудасына карап сөз баштады сейрек сакалын сылай сөзгө кулак түрүп
отурган Боронбай бий. — Бүргө баатыр менен Жангарач бийдин сөздөрүнүн төркүнү эки
башка чыктыбы дейм. Ырас, Бүргө бийдин уулу баштаган эки жүз кишинин бошогонуна
ыраазы болсо болор эле. Бирок биздин баамыбызда, алардан арбыныраак мөөсүл алуу үчүн
жасалган, арам айлалуу митайымдык деп түшүнүүгө болот, — деди ынтыга демин жыйгыча.
«Туура айтат! Митайым канкордун алдап жем таштаганы да», деген үндөр отургандар
арасынан угулганда, сөзү колдоо таап, эргий түшкөн Боронбай бий:
Хан Ормон
— Кенесары орусту мокочо көрсөтүп, кыргызды коркутайын деген экен. Корко койчу кыргыз
жок. Кара таандай каптаган калың калмактын баштары да тоголонуп, сай-сайда жатат. Алар
да келишкен кирген буурадай чамынып. «Акты, караны ылгабай, алдастагандын акыры аягы
асманды карайт» делет эмеспи байыртадан бери эле. Кенесары өткөндөн таалим алса болмок.
Угуп турабыз казакты кандайча бактылуу кылып турганын, ошонусу эле жетишмек.
Кыргызга Кенесары эмес, Кудай таала өзү ырайым кылат...
— Иншалла, бий таамай айтты.
— Ойдогуну айтты, — деген үндөр коштогон бий сөзүн улады:
— Эми орусту айтсак, падыша күткөн уюткулуу, өнөрлүү журт экен. Ырас, дини башка, дили
башка, ошентсе да мокочо эмес. Тиги илгери катын падыша тушунда эле букарасы болгон
кичүү жүз казактарын деле курутуп ийбептир. Балдары Битирбор, Маскөөдон окуп, өнөрбилим үйрөнүп, элдин көбү ысык там, короо жай салышып, кышкысын анда, жайкысын
кадимкисиндей эле көчүп-коно жайлоосун жайлап, күн өткөрүп турушат дейт, — дегенде:
— Бий, сиз, кыясы, татарыңыздын сөзүн сүйлөп турасыз го, — деп жылмая сөз кыстарды
черик Ажыбек бий.
— Айтса эмне экен, Ажыбек бий, Байсылда абсий да көргөнүн айтат. Анын кыргызга кенедей
жаман ою жок, такыба киши. Дагы айтайын, Кенесары бизге орустарды көрсөтүп «бөө» дейт.
Өзүнүн эле орто жүзүнөн Жоочу насили Самеке, Бөкөй султандардын балдары орусия амирин
тутуп, төрө чендерин алышып, Кенесарынын өзүнө каршы орус жанында турушат. Аны
Жангарач бий да айтпадыбы. Биз дагы ойлонуп көрүшүбүз абзел. Улукман деген
казагыбыздын тейи бул болсо, өзүнчө кан көтөрүп алган кыргызга Кокондун ичи ысып
турбаса керек. Акыры азгантай кыргыз Орусия менен ымалага өтүп, ошону арка тутсак
кандай болор. Ушул ишке акыл калчап көрсөкпү дейм, — деп бир аз толкундана сүйлөп,
демиге түшкөн эткел бий жоолугу менен бети-башын сүртө сөзүм жактыбы деген таризде,
эки санын таяна мелтиреп ойлуу олтурган Ормонду карады. Ормон мелтиреп кебелбейт.
— Таксыр хан, Ормон баатыр, — деп сөз баштады, жашы да улуу, ымаласы да жакын черик
Токтобай уулу Ажыбек бий. — Бизди куп жыйнадыңыз. Улагабызды Кокондон бөлүп, хан
көтөрүп алдык. Иншалла, кеңешип иш жасасак Кенесарыга берүүчү жооптун да жөнү
табылар. Ой бөлүшкөнүбүз абзел. Ар ким өз оюн айтып турат. Орус, Кокон, Кытай үч жактан
тооруп турганда тууганыбыз Кенесарынын муш көрсөткөнүнө жол болсун. «Муш койгонго —
муш кой, кыш койгонго — кыш кой» дегендей, биз да мушка муш десек болор эле. Бирок
бээнин эки эмчегиндей эгиз эл жоолашып кан төгүшүүгө барбасак болор эле. Кенесары
хандын каардуу кабарынан, кан төккөн айдыңынан коркуп, тизе бүкпөйлү. Тең ата ат
салышып, бири-бирибизди коргоп жоо бетинде бир болууну көздөйлү.
Бүргө бийдин сөзүнөн Кенесарыга ийигип турганы байкалат. Макул ийигели дейли, бирок
тең бололу да. Күнү кечээ эле инилери Норузбай, Эржандар алты тыйын аласасы жок, бейкут
жаткан кыргыз айылдарын канабайран кыла чаап, бейкүнөө кан төгүштү. Ырас, ошол колум
ушул дегендей алардын жасасын колдоруна бергенбиз, аны унутушкан го. Кепке келишсе
айта турган дооматтарыбыз бар. Мыкаачылык менен өлтүрүшкөн кыргыз баатырларынын
каны моюндарында турат. Жарашуучу элдердин арасында жазылбаган таарыныч болууга
тийиш эмес. Боронбай бийдин орус деген ойлорун да ортого салып көрөлү. Орусуңду ким
көрүптүр. Айдыңын угабыз өнөрлүү эл, падышасы бар деп. Калыгул акылмандын
айтканындай узун чөптү оруп, кыска чөптү коруп келатат. Андай болсо жут элби деп
ойлоймун. Түмөндөгөн көп элге аралашып кетсек, азгантай эл жоголуп кетебизби дейм. Бул
жагы бүдөмүк. Бий айтты: татарым айтты, орустар букарасына үй куруп берет экен деп. Ай
ким билет, ошол татар жайы-кышы үйүнөн безип, соо жүргөн неме эмеспи деген ойго кетүүгө
болот. Балким ал элдин абалын, жердин танабын тартып жүргөн орустун узун кулагы болуп
жүрбөсүн бий?
— Омбуга каттап турат деп угабыз. Өзүбүзчө болуп, иншалла, хан көтөрүп алдык. Эми,
намысыбызды сактап, Кенесарыга ылайыктуу жооп берели. Жоо жакадан, бөрү этектен алып
турганда, өз боюбузду чактап сак туралы деген, Ажыбек бийдин орус жөнүндө, казак жөнүндө
айткандары көңүлүмө толду, — деп сөз алды саяк Дуулат баатыр. — Кудаа кааласа өз
алдыбызча Кокон менен ирегелеш, казак туугандар менен жамаатташ түтүн булатып
турабыз. Алхамдулиллахи боосу бек болсун. Орус болсо өзгө эл, казак туугандардын бизге сес
көрсөтө турган жөнү жок эле. Ар кимдин өз жери өзүндө, талаша турган нерсе жок эле. Бирок
бу Кенесары кыргызды каакы ордуна көрбөй, өйдөсүнүп турганына жол болсун. Баарынан да
ага барып баш ийсе «кыргыз бактылуу болот» деген кесири Кудайга жакпас. Мына кызык,
Хан Ормон
Кенесары Кызыр алей саламмын деп ойлойт го өзүн. Кудайды караса боло, шиши толгон экен.
Бирок калдайган казак эли бизге жоо эмес. Кенесары жөнгө келсе эки элдин ынтымагына ким
каршы болсун. Оруска каршы бирге согушалы дегени кыйын иш. Орус дегениңди өнөрлүү көп
эл деп угабыз. Казак, кыргыз бириккен күндө да ага кайдан шаасы жетсин. Андай жаңжалдын
кыргызга кереги жок. Ушундай жооп берели Кенесары ханга, — деп Дуулат мелтирей сөзгө
кулак төшөп отурган Ормонго көз кырын жибере сөзүн улады. — Боронбай бий орустун
этегин кармасакпы деген ойду кыйытып өткөндөй болду. Орустан казактын тумшугу жылып,
эми кыргыз калыптырбы? Биз дагы өзүбүзчө элбиз. Казактын, же орустун ирегесине кирип
берели деп хан көтөрдүк беле. Кокондун ирегесинен жаңыдан чыгып отурабыз го.
Бирөөлөргө киренди киргенден көрө, өз кошунубузду түзөлү. Кенесары «бөө» деп койсо эле
анын койнуна кирип берүүчү кыргыз жок. Кудай берген жанды Кудай алат. Чамабызды
чактап, капсалаңдуу окуяларга даяр туралы. Кандай жооп берсек да Кенесарынын коогалаңы
каптаганы турабы дейм. Жообубуздун сырты сыпайы, өзөгү кайраттуу болор, — деп дагы бир
жолу Ормон ханга көз жибере сөзүн аяктады Дуулат.
— «Ийри отуруп, түз кеңешели» дечү эмес беле бабаларыбыз, — деп малдашын түзөй бир аз
обдула отуруп кеп улады жетиген Медербек бий. Кыйын кырдаал башка түшкөнү турганын
туюп, кеңешке чакырганыңыз ырас болду, таксыр. Эл башынан нечен кыйын кезең күндөр
өткөн эмеспи. Калмак каптап, казак кайың саап, кыргыз Гысар Көлөпкө тентиген алааматты
да башынан кечирип, уюткусун бузган эмес элибиз. Ал кезде казак, кыргыз бири-бирине
дөгүрсүп кыр көрсөтпөй эле, тең ата ат салышып, калмакты сүргөн экен. Ошол ынтымакты
эске албаган экен Кенесары. Кантсе да өз өлүктөрүн тепсеп такка отуруп жүргөндөрдүн
насили да. Ал эми биздин эл бирөөлөрдүн жерине, малына көз артпаган момун эл. Эч кимге
катылбайт, катылгандын катыгын колуна берип коёт, берип да келген. Аны да Кенесары
унутса керек. Өзгөнү коюп, бабасы Аблайдын кыргыздан көргөнүн эстесе болмок.
Кенесарынын айтканына көнүп, орус менен кагылыша турган кыргыз жок. Орус деген өкүмү
Кырым, Урум, Шыбырга жеткен чоң эл. Аны менен кармашып жүргөн Кенесарынын
«жылкысына ченеп ышкырбай, мурдуна ченеп бышкырбай» көпкөн текеберлиги да. Болбосо
өнөрлүү орус ким да, түркөй казак, кыргыз ким — ушуну ойлосо болмок. Кенесарынын
көпкөн желин Кудай таала өзү чыгарып коюшу ыктымал. «Кыргыздар айтканыма көнбөдүң,
айдаганыма баспадың» деп кол салса, азбыз деп айбыгып турбайлы. Көпсүнгөн көөдөктүн
күчүн майданда сынайлы. Кылыч, найзабызды камдап, күч жыйнайлы, — деп меселдете
Медербек сөзүн бүттү, жаштайынан элге төбөсү көрүнүп, жетиген уруусунун, жамы кыргыз
журтунун намысын коргоп жүргөн, сөзгө чечен, ишке чебер бий.
— Медербек бий меселдетти го, — деп жылмая, сакалын сылай чечен бийге ыраазылыгын
билдирди саруу Ажыбек датка.
— Айтса, айтпаса төгүнбү, Кенесарыдан колоп калат белек, — деп мурутун жаный копшоло
сөз кыстарды Муратаалы бий.
— Арийне, колоп калбайбыз го. Бирок «эрегиштен эр өлөт, кагылыштан хан өлөт» деген
байыркыдан калган накыл сөз бар. «Канжарыңа кылычым» деп эрөөлдөшүү эч качан эч кимге
жакшылык алып келбептир. Ханга, баарыңарга эп келсе, бериле турган жооп, сөз артынан
кууп, куру намыс козгобой, элдешип, ымала күтүү жагын көздөсөк, — деп сөз улады жыйын
башталгандан бери сөзгө кулак төшөп, ойлуу отурган Калыгул акылман. — «Из кууган
талаага, сөз кууган балаага» дегендей, Жамангара баатырдын жана башка эрендердин куну
жөнүндөгү доону азыр коё туруп, жүйөөлүү ынтымак жөнүндө жооп жазуу абзел Кенесары
ханга. «Ачуулунун алдынан чыкпа» деген эмеспи байыркылар. Аблай хандын мураскорумун
деп дөгүрсүп турган текеберлүү хан менен тең ата, жүйөөлүү, мамилеге келүүгө аракеттенип
көрөлү. Туура айтышты чечендер, казак, кыргыз, өзбек бириккен күндө да орустун кылын
кыйшайта албайбыз. Өнөрү ашынган көп эл, «көпкө топурак чачпа» деген кеп калган
бабалардан. Орус менен да кан төгүшпөй мамиле күтүүгө болор эле деймин. Бирок көшөрүп
алган жахангир Кенесары акыл калчап, орус менен эрөөлүн токтото алабы — кеп мына
ошондо. Ага кошулуп оруска аттанууга эч ким барбайт дечи, ошондой болсо да жооп жымсал
болор дейм.
Кенесары жахил, кара мүртөздүгүнө алып, каптап кириши да ыктымал. Медербек чечен
айткандай, «азбыз деп айбыгып турбай» азирленип туралы. Ханыбыздын ою кандай болду
экен, — деп Ормонго карады.
— Уктук журт атасы бийлердин, чечендердин жүйөөлүү да, омоктуу да ойлорун, — деген
Ормон хандын бийик коңур үнү үй ичин ээледи. Кебелбей, мелтиреген калыбында
Хан Ормон
отургандарга сереп сала сөз улады: — Текебери да, дооматы да күч Кенесарынын сөздөрүн
уктуңар. Менин баамымда насилиндеги бийлик кумарына азгырылып турганда орустан
тумшугу сынып, ызасы кайнаган кези экен. Жарадар болгон көк жал сыяктуу кабыланга тиш
салганы турат го кыясы. Калыкебиз айткандай, ачуулунун алдынан чыкпай аярлайлы.
Намысыбыз колубузда болсун, биригебиз десе бизден бийлик кетпегендей болсун. Казак,
кыргыз биригип, оруска каршы күрөшөбүз деген ойдун опасыздыгы жөнүндө таасын ойлор
айтылды, ага кошоорум жок. Жаралуу көк жал капыстан качырып кириши ыктымал.
«Жарактуу күнү жоо келбейт» дегендей болбойлу. Курал-жаракты шайлап, күтүнөлү. Чүй
боору, Талас, Жантай, Жангарач, Бүргө, бийлер азырланып туруңуздар. Аттар суутулуп,
кермеде, найза тушта сайылуу тургандай болсун — сактыкта кордук жок. Алаамат ошол
жактан башталары ыктымал да. Шек-шоорат туюлары менен күн мурунтан кары-картаң,
катын-балдарды тоо таянтып жиберип, жигиттерди азырлантып тургандай болгула.
Жангарач бий, сиз Супатай, Үрүстөм султандар менен тилдеш болуп туруңуз — куда-сөөк,
карым-катнаш бир тууган элбиз, караламан калктын убалына калбайлы деп. Кенесарынын
элчисин күттүрүп койгонума он күн болду. Мындан ары зарыктырбай жообун берели, кандай
дейсиздер? — деп отургандарга кайрылды. «Он күн болсо көп күтүп калган экен, жообун
берип узатуу керек», — деген үндөр коштоду.
— «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, катты кеңешип жазалы. Кана, Махмуд
дамбылда, кагаз, калемиңизди алып, мындай келиңиз, — деп жыйын ортосун жаңсады Ормон
хан.
Башына жеңил селде оронгон, бозомук суп чепкенчен, маңдайы жазы, куш мурун, субагай
жүздүү, коюу кара каш алдындагы алагар көздөрү уяң тиктеген, көк ала сыйда сакалчан,
кагелес, орто бойлуу Махмуд молдо «Алхамдулиллахи» деп ордунан тура, калемин кулагына
кыстара, жыйын ортосуна келип, кат жазууга ыңгайлана, сыңар тизелей, кагазды тизесине
коюп, калемин колуна алды.
— Жазыңыз. «Касиеттүү казак үч жүзүнүн кадырлуу ханы, урматтуу Кенесары Касым уулуна,
Атпай кыргыз калкынын ханы бизги Ормон Ниязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын
жолун жолдоп, ордолуу журт болгон үч жүз казак калкына тынччылык, бейкуттук,
байгерчилик тилээрибизди билдирүү бактысына мүмкүнчүлүк берген урматтуу хан
Кенесары Касым уулуна ыраазылык билдиребиз. Илгертеден эле ирегелери бөлүнбөй, айылы
аралаш, кою короолош, тойду бирге тойлоп, кайгуулда бирге болуп, жоого бирге аттанып
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 17
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.