Latin

Хан Ормон - 06

Total number of words is 3900
Total number of unique words is 2217
26.9 of words are in the 2000 most common words
38.8 of words are in the 5000 most common words
46.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Каарданып азирет Аалы айландыра.
Жиберди Дарыйканы асманга атып.
Аалы шер байгамбарды эсине алды,
Түшүндө аян болгон кабарларды.
Жерге тийип сөөгү күл болордо,
Колуна Дарыйканы тосуп алды.
Атындан айланайын, о, арстан,
Түшүмдө сени мага Кудай кошкон.
Тик гана аягымды жерге койгун,
Жыгылды, — деп жүрбөсүн көргөн адам.
Муназа Кудайыма шүгүр деди,
Мусулман болоюн, — деп жооп берди.
Кудай бир, Кураным чын байгамбар ак,
Деди да Дарыйка кыз динге кирди.
Жооттун бутканасын сындырганы,
Мечитти, медресени курдурганы,
Үйрөтүп ыйман, ислам барча жанга,
Көңүлүн Аалы баатыр тындырганы.
Жараткан Кудай артык Аалы шерди,
Акылман, адилеттүү баатыр эрди.
Жыйылган алтын, күмүш дүнүйөнү,
Баарысын карыптарга бөлүп берди,
— деп токтой үнү каргылданган Шаршеке ырчы кымыздан ууртаганда үнсүз уюп угуп
отурган эл дуу эте:
— Баракелде, атаңа ыракмат.
— Байгамбар колдосун.
— Азирет Аалы байгамбардын уулубу?
— Уулу эмес, күйөө баласы.
— Жок, чалыяры дебедиби, — деп отургандар кобурга өткөндө, айылды кыялай келаткан
буурул атчан, кызыл чийкил салабаттуу киши чогулгандардан он-он беш кадам алыс токтоп:
Хан Ормон
— Ассалому алейкум, — деп салам айтты.
Четтерээк отурган жигиттердин бири шып тура жолоочунун атын алып, арыраак
сартбайлоодо турган эки атка кошо байлады. Жолоочу топко жакындаганда Боронбай бий
жана жанындагы көк ала сакал эки карыядан башкалары ызаат кыла орундарынан турушту.
Кызыл чийкил салабаттуу жолоочу түз өтүп, Боронбай бийге, ага катар отурган
сакалдууларга кол бере учурашып, калгандарына көкүрөгүн баса таазим этти да, ак сакалдар
жанынан ыйгарылган орунга отурду. Кызматчы жигиттердин бири серке чаначтан кара
аякка кымыз куюп жолоочуга сунду. Кымызды кере жутуп жерге кое мурутун сылай отурган
жолоочуга:
— Ээ, Чолпонбай мырза, кандай, эл-журт тынч, мал-жан эсен турасыңарбы? Кай жактан жол
тартып келатасың? — деди Боронбай бий.
— Кудаага шүгүр, бий аке. Тынччылык. Күңгөй жактан келатам, — деп аякты колуна алып,
бошото жута жигитке узатты жолоочу.
Күңгөй жакта кандай сонун сорпо кеп бар? — деди көк ала сакал карыя.
— Көтмалдыдан кечөө чыгып, Эсенбайдыкына жете кондум эле. Кокондун сыпайлары
айылга келип, Кармыш дегендин жалгыз атын тартып алмакчы болгондо Ормон баатыр
үстүнөн чыгып, Кокон сыпайларына сонунду көрсөтүптүр. Айтор кокондуктардын азабын
колуна бериптир. Эмне болор экен, — деп эл кооптонуп турат, — деди Чолпонбай мырза.
— Кокон, — деп жүрсөк, кокондуктар элди талаганга өткөн экен да. Дагы Алла тааланын
атын айтып жүрүшөт имиш, — деп тунжурады Боронбай бий.
— Кудай тааланын атын курулай айтып, кулкуну ачылган зордукчулар да, — деди күндүз
кыюуланган малакай кийген, күрөң мата чепкенин желбегей жамына, кемерин бошото,
малдаш урунуп отурган көгала сакал салабаттуу карыя.
— Ормон баатыр сыпайларга кандай кордук көрсөтүптүр, билсең айтчы, — деп обдулду
отургандардын бири Чолпонбай жолоочуну карап.
— Жок, Ормон баатыр аларды чекеге да черттирбептир. Жөн эле аттарын тескери токутуп,
өзүлөрүн да ээрлерине тескери мингизе чырмай таңдырып, ооздоруна чүпүрөк тыктырып,
бир жигитке жетелетип, экинчисине айдатып Көтмалды чебинин дарбазасына киргизип
жибериптир, — деди Чолпонбай.
— Ойдо жок жазаны тарттырган экен көпкөн немелерге.
— Андан көрө бакан бастырса болмок.
— Чылбыр салдырса болмок.
— Көк ала койдой сойдуруп, аттарынан ажыратып, жөө кетирсе болмок деген кобур аралады
отургандарды.
— Ажыдаардын куйругун басып албаса болду. Кокон жөн калбайт го, — деп сакалын сылай
Чолпонбайды карады Боронбайга катар отурган карыя.
— Ормон өйдө-төмөндү аңдаган амалкөй киши. Өз дараметин, кокондуктардын алын
таразалап көрүп туруп ойлоду го жазаны, — деди жол жүрө чаалыгып келген Чолпонбай
экинчи аякты бошотуп.
— Ай, ким билет. Ордолуу журт Кокон оңой жоо эмес го, — деп кончунан мүйүз чакчасын
сууруп, насвай ата Боронбайды карады катарында отурган карыя. Алгач бир сөз айтылгандан
кийин тунжурап отурган Боронбай:
— Кокон сыпайлары кызыл уук кылып айылдарыбызды чаап, кызыл кыргын салбаса экен.
Ормон баатыр Коконду катуу кордоптур, — деди.
— Мал-жандан кол жууп, катын-кыздарыбыз ат соорусуна салынып, олжо болот экен да, —
деди калпагынын алдын түшүрө кийип, четтерээк отурган тытма кара сакалчан орто
жаштагы чаар киши.
— Коркпогула. Кокондон күчтүү Орусия бар. Омбуга элчи жибергиле. Алар аскери менен
жардамга келет, — деди баятан бери ар кимдин айтканына кулак төшөп, көөмөйүндө
кыргыздарда улуттук аң сезимдин ойгоно баштоосунан кабар берген бул окуяны Омбуга тез
жеткирүүнүн амалын ойлоп, кытмыр отурган Файзулла Ногаев.
— Орусуңду койчу, абзий, орус, орус, — деп эле тура каласыз. Доңуз этин жеген
капырларыңызды, —деп жактырбаган тейде Файзулланын сөзүн какты ага катар отурган
кызыл жүздүү, боюна тыкан кийинген, ак калпакчан, агыш пиязы кемселине кемер курчанган
элүү ашып калган салабаттуу киши. Унчукпай ойлонуп отурган Боронбай бий артына
бурулуп, насвайын таштады да, ак жүз аарчысы менен эриндерин сүртүп, оңдонуп отурду.
Хан Ормон
— Байсылда абзийдин айткандарынын да жөнү бардыр, — деп бир аз унчукпай тура сөзүн
улады. — Ормон баатырдын иштегени бир четинен жүйөөлүү, бир четинен — кооптуу.
Баатыр Коконго азуусун көрсөткөн экен. Антпесе эсирген сыпайлар төбөбүзгө чыкпайбы. Оо,
Ормон баатыр Кокон менен бас талашууга даярмын деген экен го. Сыпайлардын ооздоруна
тыгын тыгып, аттарына таңганы, Ала-Тоодо адепсиздикке жол жок дегени. Ээрлерин тескери
токуп, тескери мингизгени, эртеби — кечпи артыңарга, келген жагыңарга кетесиңер дегени.
«Бали», эрдин эрдигин билбеген, Кудайдын бирдигин билбейт, деген кеп бар. Ныязбектин
сегизинин чыгааны Ормон баатыр кыргыз бел тутуучу эр, — деди Боронбай бий.
— Бар сөз го, бар сөз. Бир Кылжырдын балдарыбыз, бар болсун, — деп сакалын сылады
Боронбай бийдин аталаш агасы Кожогул карыя.
— Ормондуку куру кайрат го. Колунда аскери болбосо, Кокон каптап кирсе эмне кыла алат.
Силерди Кокондон да, Кытайдан да Орусия сактап кала алат. Тез атар мылтыктары бар,
алыска түз тийчүү замбиректери бар, машыккан өнөрлүү аскерлери бар, — деп чебелектеди
Файзулла.
— Байсылда абзий, сиздин сөздөрүнүздүн да жөнү бар. Убагы келгенде көрө жатарбыз.
Азырынча көлөкөгө тон бычкандан көрө, Коконго айбат көрсөткөн баатырды колдоп
туралычы. Кыргыздын жаалын Кокон билет. Ормон да ошого таянып тур. Кокон азыр бизге
каршы кол жибере албайт, муну да Ормон баатыр баамдап тургандыр. Неси болсо да Кокон
кыргыздын азуусун көрүп койгону абзел болуптур. Кана жигиттер, кымызыңардан бир сыйра
кыдырткылачы, — деп жигиттерге кайрылды Боронбай бий. Бир сыйра кымыз сунулуп
отургандардын кобуру басаңдай түшкөндө:
— Оо, дигер маалы болгон тура, кана эмесе бата тилейли, — деп Боронбай бий. — Оо,
жараткан, эл журтту айдан аман, жылдан эсен сактай көр, береке бейкутчулук бере көр.
Кандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан сактай көр, — деп алакан жайганда,
отургандар жапырт бата тилешти.
— Кана, айылга барып дигер окуйлу. Чолпонбай мырза бугун биздин өргөдө конок болуңуз,
— деп ордунан тура Боронбай бий айылга бет алды. Отургандар жапырт ээрчиди.
Сартбайлоодо турган аттардын экөөнү ээлери минип туура жакка тартышты. Чолпонбай
мырзанын атын бир жигит жетелей, бийдин кермесине байлады.
КООПТОНУУ
Кокон ордосу. Диванхананын оюуланган оор эшигинин эки жагында куралдуу эки сарбаз.
Эшиктен бир аз обочо ала топусуна жеңил чалма оролгон, этеги тилик көк бейкасам чапанына
сайма белбоо курчалган, узун бойлуу, катыңкы кара сур бети сүйрү, тытма сакал, келте мурун,
жүлжүгүй көздөрү кытмыр тиктеген эшик ага теспе жүгүртүп турат.
Ичкериде хан алдында жашыруун кеңеш жүрүүдө. Диванхананын итабар бийик төрт тарабы
төбөсүнө чейин ачык жашыл, мала кызыл түстөр айкалыша чыгыш орнаменттери
түшүрүлгөн. Алдында көгүлтүр перси килемдери жыш төшөлгөн. Төрдө хан тагында кыркты
аралай электе толо баштаган эткел Мадалихан, башындагы алчыланта оролгон жашыл
чалманын маңдайында таажы белгиси — алакандын отундай жашыл каухар — жаркырайт.
Толмоч, ак куба жүздүү, кабагы чүңүрүрөөк, куш мурун, коюу кара каш алдында сургулт
көздөрү кайдадыр тиктейт, кыркыла тегизделген кара сакалына серпилген муруту куюлуша,
текеберлүү кымтылган эриндерин алкактап турат. Алтын жип менен ноктолонгон күрөң
кызгылт, жеңил чепкенин желбегей жамынган тик жакалуу ак кемселине селдесине түстөш
кур курчалган. Сол ыптасында шам усталары соккон болот канжар, эки колун тактынын
арстан сөлөкөттөрү түшүрүлгөн каптал жөлөнкүчтөрүнө бошураак таяп, сөөлөттүү отурат.
Оң жагында тегерек көк ала сакал, кабагы бийик, узун коюу каштуу, тунарыңкы көздөрү
ойлуу тиктеген ак селде ак чапан Кады кеңешчи — Омар хан убагынан бери такты алдында
уялап келаткан Ордо ишмери. Сол жагында жашы Кадыдан кичүүрөк, сакалын ак жаңыдан
аралай баштаган, сургулт селде чалынып, көк бейкасам чепкен кийген, көзү дайыма күлүңдөп
турган митайым Ахмед кеңешчи. Андан төмөнүрөөк кабагы терең, дөңсөөлөнгөн коңкогой
мурун чекир көздөрү өткүр тиктеген, жээрде сакал аскер башы Магзумбек; башында күрөң
селде, кара кымкап чепкенине селдесине ондош кур курчанган. Өз баркын биле эркин отурат.
Ага маңдайлаш жука ак селде оронгон, жеңил ак чапанына жашыл белбоо курчанган, жаны
Хан Ормон
калыптанып келаткан сыйда сакал-муруту сыпаа серпилген отуздар чамасындагы куш
мурун, кабагы бийик, наиб катчыСалим кулагына калеми кыстарылган, колунда кагаз, сөзгө
кулак төшөй илбериңки отурат.
— Аллаяр таксыр, Бухарадан келген кабар өтө кооптуу Насрулла амирдин жаалы катуу
сыяктанат... — деп оюн толук айталбай жалтайлап, астыртан Мадали ханды карады Ахмед
кеңешчи.
— Ал касапчынын Кокондо эмне иши бар экен. Эч ким ага акарат көрсөткөн жок го, — деп
алаканын жая, таң калгансыды хан.
— Оо,... Таксыр, ал ханыша айым 9 жөнүндө нааразы экен. Шариат... — деп оюн бүтпөй ылдый
карады Ахмед кеңешчи.
— Шариат десе. Ак нике бар да. Алла Таала кечиримдүү. Шариат жолу анын амиринде, — деп
копшоло сакалын сылай келме келтирген болуп, Мадалиге астыртан көз жиберди ордонун
кыйырын баса келаткан Кади.
— Албетте, албетте, шариат жолун унуткан киши жок да, — деп өзүн-өзү жубата тагына
оңдонуп отурду хан.
— Аллаяр тахсыр. Көңүл тынчыбай турат. Биздин ишенимдүү кишилерден Насрулла эмир
Коконго чабуул жасаганы азырланып турат, деген кабар келүүдө, — деп обдулуп, бир аз
эңкейе таазим этти аскер башчы Магзумбек. Ал сөзүн улантарда эшиктен табышсыз жыла
басып кирген эшик ага үч бүктөлө ийилип:
— Аллаяр ханыбыз, Бишкектен Алишербектен кат алып, атайын чабарман келди. Эшик
алдында сиздин мархабатыңызды күтүп турат, — деди. Санаасы тынчыбай көңүлү бөлүндү
болуп турган Мадали хан оң тарабындагы Кадыны карады.
— Аллаяр, эмне кабар экен угалы, кепти анан улантсак дейм, — деди Кады.
— Кирсин, — деп бурк этти хан.
Эңгезердей узун бойлуу чабарман туулгасын башынан алып, үч бүктөлө түрмөктөлө оролгон
кагазды алдыга суна:
— Аллаяр таксыр, Сизге Бишкектен мартабалуу Алишер бек салам дуба жиберди, — деп
бүгүлүп турду. Илбериңки кыймылдаган катчы чабармандын колунан катты алып, ага кете
бер дегендей ишират кылды. Чабарман артына жылып чыгып кетти.
— Оку, — деп катчыга колун жаңсады хан. Катчы түрмөктү этият жандыра:
«Улуулардын улуусу, адилеттиктин ээси Алла Таала өзү сүйүп бак берген Таксыр ханыбыз
сизге алыскы Аркада адал кызмат өтөп жүргөн Алишер бин Захриддинден астейдил салам
дува жолдоймун», — деп катчы үнүн кубулжутту. Бишкек чебиндеги абал, зекет
салыктардын жыйналышы тууралуу баяндап келип бир аз тына төмөнкүчө улады:
“Улууларды улуусу, өкүмдарлардын жылдызы Сизге бир өкүнүчтүү окуяны билдирүүгө
мажбурмун. Сизге ар дайым адал кызмат өтөп жүргөн букараңызды кечиргейсиз”, — деп
катчы кагазга бир аз тымызын көз жүгүртө ханга көз кырын жиберип, токтой калды эле, хан:
— Оку! — деп демитти.
— Касиеттүү Кокон ордосунун адилеттүү бийлигин кордогон, адепсиз ээн баш окуя болду.
Тоо арасында, Көтмалды чебинен айылдарга барып салык жыйнап жүргөн сыпайларды
аттарына тескери мингизе таңып, ооздоруна мата тыгып чепке жеткизип кетишиптир... —
дегенде — «Эмне дейт, жапайы наадандар», — деп безге сайгандай зирк этти Мадали хан.
— Аллаяр, ак сөз айтканыңыз, жапайы наадан бейнамаздар, — деп көшөкөрлөнө
кошумчалады Кады кеңешчи, — аягына жете угалы.
— Оку, айбан сыпат наадандарды, — деп сөзүнүн аягын жута буулуга обдулду хан.
— Салыкчылар тоо арасындагы Эсенбай дегендин айлына барган экен. Салык үчүн элден мал
алуу учурунда катта кыргыз баштаган атчандар келип, бүлүк салыптыр. Алиги каттасынын
буйругу менен хан бийиктигин кордогон адепсиздикти жасашыптыр. Алиги катта
кыргыздын ким экенин сыпайлар биле албаптыр. Биз иликтесек, бугу уруусунда Боронбай,
Муратаалы, Самсаалы бийлер, Өмүр, Балбай баатыр, Мырза деген таасирлүү шок жигиттер
бар. Сарбагышта жашы улгайган Ныязбек бий, анын Бердибек, Бердикожо, Ормон, Ажы,
Субан, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек деген бек атанган сегиз уулу бар. Аталаш инилери
Төрөгелди баатыр, Адыл эл ичинде барктуу дешет. Булардын ичинен өтө чыгааны Ормон. Ал
өзү жуда катта киши имиш. Биздин урматтуу имам Ахбар ажы бул иште ээнбаштык гана эмес,
саясат бар жана мындай ишке Ормондон башка эч ким даай алмак эмес деп болжойт. Андай
болсо Ормонду кармап жазалоо үчүн айыл арасына кол чыгаралы, деп ойлоп, сизден өтүнө
албадык.
Хан Ормон
Бизге бул жооптуу ишти жөнгө салып, Ормон өңдүү эл бузаарларды жазалоонун жолун
көрсөтүүнү сиздин акылман көсөмдүгүңүздөн өтүнөбүз. Алла Тааладан, улуу урматтуу
Аплаяр, сизге узун өмүр, мартаба тилеп, сизге, касиеттүү ордого адал кызмат өтөп турган
бухараңыз.
Алишер бин Зухриддин.
1218сана Раджап айынын 1күнү»
Кат окулуп бүтө, бир тынымга диванхананы наибкатчы кайра түрмөктөгөн кагаздын
шыбырты угулган жымжырттык тунжуратты. Билинер-билинбес башын чайкай, сакалын
сылаган Кады астыртан ханга көз кырын жиберүүдө.
Көздөрү кытмыр күлүңдөгөн Ахмед кеңешчи бирде ханды, бирде ишенимдүү отурган аскер
башчы Магзумбекти, бирде Кадыны карап, сүйлөгүсү келип турса да өтүнө албай ээрдин
жалана жалтайлап турду.
— Наадан тоолуктарга Кокон бийлигинин каарын төгөмүн! Магзумбек Лашкер башы,
азырланыңыз, күчтүү кол менен Аркага! Ким болсо да Ормонду тирүү кармап келгин! — деп
буулуккан Мадали хандын ачуу үнү тунжураган жымжырттыкта жаңырды. Хандын тейин
байкаган айлакер Кады:
— Аллаяр, арийне капаланганыңыз адилет. Бул калабалуу ишти басуу керек. Аркалыктарга
касиеттүү Ордонун, улуу өкүмдар сиздин амириңизди туттуруу зарурат иш. Касиеттүү
Нарбото бий көтөргөн Ордонун акылман, жаангер өкүмдары Аллаяр хан сиздин
бийлигиңизди Арка кыргыздарына таанытуу абзел иш.... Ойлонолу. Теңдешсиз акылман
Аллаяр сиз тоолуктарды ооздуктоонун амалын табасыз. Ашыкпай акыл калчайлы...
Бухарадан суук кабар келип турганы ойлондурат го сизди, — деп ызаат кылган сыяктана
Мадалиге карады Кады кеңешчи.
— Аллаяр таксыр, сиздин жарлыгыңызды аткарууга даярбыз. Кады кеңешчиңиз айткандай,
быякта Бухара ызырынып турганда Аркага жүрүшкө чыксак, артыбызды душманга ачып
беребиз го, — деп Кадынын оюна кошулгансыды аскер башчы Магзумбек.
— Аллаяр өзү көрүп турат да баарын бизден жакшы. Мен жанаарак айттым го, — деп
далысын күйшөп оңдонуп отурду Ахмед кеңешчи.
— Ормонду кармап келип зынданга отургузуу керек, — деп бурк этти оюнан кайткысы
келбей ыргылжың турган хан.
— Оо, Аллаяр, туура айтасыз. Бухара бир жагынан, тигинтип кожолордун иши болбой,
кытайлар демитип турганда Ормонду колго түшүргөнүбүз оң болоор. Күч колдонбойлу,
Аллаяр, — деди ойлуу отурган Кады.
— Ха... Эмне дейсиз! Хан бийлиги тебеленсе, биз көздү ачып-жумуп отура берелиби, — деп
зирк этти Мадали.
— Оо, Аллаяр, кечиргейсиз... Сиздин ачууланганыңыз биздин акылыбызга жол ачат, бизге
дем берет. Албетте Ормонду колго түшүрүү керек. Жол издейли, Тайлак баатырдан кийинки
коркунучтуу киши Ормон. Ал козголсо тоолуктар жапырт атка минет. Аркадагы бугу,
сарбагыш, саяк, черик, солто, саруу, кушчу уруулары Тагай бий — Мухмамед Хайдардан
тарайт. Демейде бири-бирине кыр көрсөтүп турса да, түбү ынтымактуу, жоо дегенде баары
жапырт аттанышат. Калың калмакты кууп чыгышпадыбы жергесинен... Ойлонуп көрүңүзчү.
Ормонду сыйга Ордого чакырып, «көзүн тазалоого» болот эле. Бул да бүтпөс жаңжалга алып
келер бекен, — деп Кады оюн бүтө электе:
— Анда эмне, жайына коелубу?! Бара-бара Арка колдон чыгат да, — деп алаканын жая
Кадыны карады, аргасы түгөнгөн Мадали хан.
— Таксыр, Арканы колдон чыгарбоонун бир гана амалы бар. Кыргыз урууларын баш
коштурбай бир-бирден колго алуу керек, уруу башчыларына датка наамын, белек-бечкек
берип, Ордого айланчыктаталы. Ана Ажыбек датка болгону Талас, Аксы кыргыздары Кокон
амиринде...
— Аркадагы саяк, сарбагыш, солто, черик, бугу урууларын ушундай ык менен алалы деген
ойду жактайсыз го, — деп жан жагына карады Кады.
— Ормонду — деп оюн жыйноого аракеттенип, Кадыны карады хан.
— Ормонго баарынан жогору «Парваначи» наам берип, Ордого чакырып, сый узаталы.
Аркадагы салык, зекет камылгасын ошого тапшырсак, ал ордого жипсиз байланат. Буга
Сиздин да көзүңүз жетип турат, Аллаяр акылман, — деп көшөкөрлөндү Кады.
— Аа ошондой болсун, Жарлык даярдаңыз, — деп Наиб катчыга буйруп сүйлөдү Мадали хан.
Хан Ормон
— Мына, акылман өкүмдар кандай айкөл! Караңыз, кыргыздар өзүлөрү айткандай «таш
менен урганды аш менен уруп» ордого акарат көрсөткөн Ормонду сый менен уруп, касиеттүү
алтын так алдына чөгөлөтүп, ордого кызмат кылдыруучу айкөл чечимге келди, — деп
жайдарылана жанындагыларды карап ханга көз жиберди Кады. Хан оор жүктөн кутулгандай
жеңилдене, такка оңдонуп отурду. Отургандар көшөкөрлөнө баштарын ийкешти, Бухара
жөнүндө кеңеш уланды.
КӨҢҮЛ КУШУН ИЗДӨӨ
Эчкилүү төрдөн ылдый көк кашка тоо суусу жарып аккан кенен жайыктагы калың айыл
казактын улуу жүзүндөгү малы да, эл ичиндеги кадыр-баркы да төп келген Мендибайдыкы.
Жайдын толуп турган кези. Күн кызара кылкылдап, тоо кыркасына жашынып барат.
Батыштан жанган кызыл алоо булутсуз, шаңкайган көгүш асманды каптай, улам жогорулаган
сайын агыш кызгылтым тарта чексиздикке төнүп, аалам кереметинен кабар бергенсийт. Кеч
көлөкөсү түшкөн көк шиберлүү жайыктагы айылда саандан кийин жайылган койлорду
короого кайрып, козу улактарды көгөнгө байлаган тестиер балдардын, кыз-келиндердин
кобур сөздөрү, шат күлкүлөрү кеч камынан кабар бергенсип, үйлөрдөн түтүн булайт.
Айылдын өйдө жагындагы чоң ак үй, анын жанындагы үч ак өргө Меңдибай байдыкы.
Өргөнүн бири коноктор үчүн, бири бүгүн күйөөлөп келүүчү күйөө бала үчүн атайын тигилген.
Жети уулдун ортосундагы Мендибайдын кенжеси Уулбаланын бел куда теңи, төрө насили
Сарсен султандын кенже уулу Мундузбектин күйөөлөп келе турган айылдын өйдө жагынан
домбурага кошула обон салган бийик үн абаны жаңыртып, айрымдарды дүрбөтүп тышка
чыгарды. Мундузбек мырзанын жигит башысы, эки күйөө жолдошу, эки домбурачы ырчысы
менен Сарсен султандын, Мундузбек мырзанын Чынгыз хандан берки теги, байлыгы,
мартабасы аны менен бел куда болгон Мендибайдын төрө насилине тең келген байлыгын,
кадыр-баркын, перизаттай назик, тал чыбыктай бурала бой тартып келаткан, моймолжуган
кумар көз сулуу Уулбала кыздын сын-сыпатын айтып жар сала шаан-шөкөт менен атайын
көтөрүлгөн өргөгө келип түшүштү. Мендибайдын бешинчи келини, сөзгө жүйрүк, сынсыпаты келишкен, ыр-күүгө ынак Шолпан баштаган кыз-келиндер, айылдын тандамал
жигиттери күйөө тарабын каада менен тозуп алып, өргөгө киргизишти. Амандык сурашкан
сыпаа-сылык сөздөргө аралаш:
— Ойбай, куйе баламыз көрүнмөйдү гой. Ал мырзаны өзүм бир короинши. Көрүндүгү даяр,
көрсөтүңдөрши маган, — деп шаңкылдады Шолпан келин.
— Женгей, калай дейсиз, төрө насили Мундузбек оңой ак көринмөйди гой. Аны издеп таап
алыңар. Ал өзү басып келүүшү каралардан эмес гой, — деди жигит башы. Ата салты боюнча
тектүү жерден келген күйөө баланы кыз-келиндер издеп барып таап, шаан-шөкөт менен
ээрчитип келип өргөгө кийирип, даам сыздыргандан кийин тамаша башталат. Оюн-тамаша
башталгандан бир аз өтө, колуктуну киргизип, жүз ачар расиминен кийин кыз оюну
башталат. Азыр Шолпан баштаган кыз-келиндер домбурачы ырчыны ээрчитип, күйөө бала
келүүчү жактагы белести аша Мундузбек мырзаны издеп жөнөштү. Каш карайып
калгандыктан айлана бүдөмүктөнүп, боолголонбойт. Адырдын аркы бетине өтүштү. Эч
караан көрүнбөйт. Ары барып, бери келип, каткыра күлүп күйөө баланы издеп жүрүшөт.
Көрүнбөйт.
— Күйөө бала таарынып кайра айылына кетип калган го. Таппай чарчадык, — деп каткырды
тамашакөй келиндердин бири.
— Ойбай, мен мында жатырмын гой көрмөйсүңме? — деп дарылдаган үн чыкты коктунун
таманынан.
— Жатыр экен гой, хахаха. Жатмаганда нетеди шамасы солай болса, — деди келиндердин
бири.
— Жатыр экен гой, тири экен гой эркемиздин күйеси, — деди дагы бирөө. Кыз-келиндер
каткыра күйөө бала жаткан жерге келишти.
— Неге мынша шакылыктадыңар, — деди күйөө баласынын осолдугуна сына түшкөн
Шолпан келин. Атын чылбырынан кармап соксоюп отурган күйөө баланын колунан өөп: —
Бар бол, саламат бол, эр жигит, — деп баркын көтөрө колундагы чылбырын жигиттердин
бирине берип, сүйөп тургуза айылга алып жөнөдү. Жасалгалуу өргөнүн төрүнө жайылган
дасторкон күйөө баланын, эки жагында эки такыялуу кыз жезденин кулагын чоёбуз, деп
тамаша айта шыңгыр күлүп отурушат. Ачыга түшкөн күйөө бала аларга деле көңүл бөлбөй,
чий боорсоктон уучтап оозуна жибере курсак убарасында. Тегерек бет, маңдайы кууш,
Хан Ормон
кашкирпиги куйкул сары, жүлжүгүй чекир көзү тамактан башкага кайдыгер, жалпак мурун,
түйрүк ээрдин сары түк баскан, суусар тебетейчен, кара лампук тик жака кемселине
курчанган кемер курун бошотуп шорулдата чайдан ууртап, үздүккөндөй боорсок сугунган
Мундузбекке кыздардын кылыктанган тамашасынын тиешеси жоктой.
— Ойбай, жездемиздин карыны катты ашкан экен гой, — деп шыңгыр күлүп, курбусун
карады кыздардын бири.
— Солай гой, кулагын чоймок тургай, үзүп алсаң да балдыз жөрөлгөсүн билер эмес го, — деп
күлдү экинчиси.
— Мына, бийкечтер, күйөө баланы кыйнамаңыздар, — деп салабаттуу күйөө жолдош жигит
эки күмүш урпуяны10 таштады кыздардын алдына, Мундузбектин осолдугун жымсалдап: —
Расми жасоо күйөө жолдоштун вазийпасы го, — деп кошумчалады да: — Домбранды
чалсаңчы, тамаша куруп отуралы, — деп ырчы жолдошуна кайрылды. Домбранын бирде
чалкып, бирде өзөлөнө өксөгөн мукам үнү көңүлдү эргите үй ичиндегилерди муютуп турду.
— Бали, баракелде өнөрүңө, — деген сүрөөн алдында дагы эки күү черткенден кийин, жигит
башы күйөө жолдош:
— Женгей, Мундуз султан жар көрсөк дейт, — деп Шолпанды карады.
— Көрүндүгүңөр мол болсо азыр келет, — деп күлө бага Мундузбекти карады Шолпан келин.
— Кызылдан дилде чачады го султаныбыз, — деп астыртадан Мундузбекке көз жиберди
жигит башы. Шолпан эки кыздын коштоосунда тышка чыга, бир аз убакыт өтө, жеңесинин
жана эки кыздын алдында кериле басып Уулбала кирди. Орто бойлуу кымча бел, субагай
буудай өңдүү, маңдайы жайык, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара көзү моймолжуп,
кырдач муруну, эптүү кымтылган татына эриндери, жумуру зэк алдынан кылайган ак тамагы
көздүн жоосун ала көңүлдү кытыгылайт. Башында кызыл тукаба капталып, талаа-талаа
алтын жиптер менен ноколонуп, маңдайына бармак басым каухар таш чөгөрүлгөн
шөкүлөнүн кырбуусун тегерете алтын үлбүрчөктөр кыздын ак маңдайын шөкөттөгөнсүп
желбирейт. Көк тукаба чыптама, кош этек ак көйнөкчөн беш өрүм кара чачтары эки ыйыгына
түшө, ажайып чырайына төп келген келишимдүү кызды көрүп отургандар дуу орундарынан
турушту. Боорсоктон майга илип оозуна матырып турган Мундузбек турууга мурчасы келбей
өчөңдөдү. Өчөңдөп боорсок чайнап, жер таянып турган, суусар бөркчөн, күмүш кемер
курчанган, кара кемселчен куйкул сары жигитти Уулбала таң кала карап, дасторкон четинен
аярлап төргө өткөндө, баягы жигиттин жанындагы орунду жаңсады жеңеси. Уулбала
коомайлана сыңар тизелей отуруп, үй ичине көз жиберди. Баарынын эле назары жанындагы
жигит экөөнө бурулгандыктан өмүрлөш болуучу кишим ушубу деп көңүлү сууй түштү.
Колукту келе сунулган бир сыйра чай куйган келиндердин бири:
— Жүз ачар расимин жасайт го күйөө бала, — деп Муңдузбекти карады.
— Аа, жасаймыз, хазр, — деп коомай копшолгон күйөө бала кыздын шөкүлө бүркөнчүгүн
ачканда, сулуунун капалуу суз чырайы көзгө урунду.
— Ааа, солай экен. Акем айткан еди гой, жаксы катын болады, — деп ылжаң эткен күйөөнүн
колун кагып, бүркөнчүктү өзү кайрып суз калыбында отурду Уулбала. Күйөө бала козголуп
кыймылдаганча:
— Кана, алтын-күмүш чачылаңыз күйөө бала, — деп Мундузбекке карады келиндердин
бири.
— Аа, шашыламы, хазр, — деп күймөлө чөнтөгүнө колун салып бир ууч алтын дилдени
дасторконго чачты да, — дагымы, — деп элейе жигит башыны карады.
— Колуктунун башынан ылдый баарыны, — деп ылдый карады ыңгайсызданган күйөө
жолдош.
Уулбаланын шөкүлөсүнүн төбөсүнөн ылдый алтын дилделерди чубуртту күйөө бала. Этегине
тизесине түшкөн алтын дилделерди дасторконго силкип таштап, суз калыбын жазбады
Уулбала.
Кыз-жигиттер, келиндер чачылган дилделерди терип, үй ичин бир тынымга күлкү-кобур
аралап турду. Күйөө жолдош Шолпанга жана башка кыз-келиндерге жүз ачар ыроолоп,
тамашалуу сөздөр айтылып, күлкү чыкканы менен, үй ичин ыңгайсыз суз абал ээлеп,
отургандар астыртан капалуу отурган колуктуга көз жиберүүдө.
— Перизаттай аруу Уулбала менен төрө насили Мундузбек мырзанын урматына ырдап
берейин, — деп домбурасын ырчы күүгө келтирди:
Адыр-адыр жер басып,
Адырмак ашуу бел ашып,
Хан Ормон
Аргымак келет жүгүрүп.
Айдай сулуу жар көрүп,
Арзуу черин жазмакка,
Азамат келет жүгүнүп.
Будур-будур жер басып,
Будурмак ашуу бел ашып,
Буудан келет жүгүрүп,
Муунсуз аруу жар көрүп,
Мукабат черин жазмакка,
Мундузбек келет жүгүнүп.
Көгүлтүр көлдө көлкүгөн
Көйкөлгөн ак куу бар экен,
Көктөгү шумкар айланып,
Көрүүгө аны зар экен.
Каухардай сулуу Уулбала
Көңүлдү табар жар экен.
Көөнүңө кыздын толуучу,
Көркөм Мундузбек султан бар экен,
— деп созолонгон ырчынын бийик үнү домбура ыргагына кошулуп, түнкү айыл үстүндө
оболоп турду. Ырчы домбурасын кайра күүлөп:
Асманда ак жылдыздай балбылдайсың,
Боюнда дарыянын мажрум талсың,
Таруудай тал боюнда бир мүүнүң жок,
Анадан артык туулган кандай жансың,
— деп көңүлсүз отурган Уулбаланы карай ырдаганда, кыз-келиндер, жигиттер жалпы үн
кошо үй ичи жанды эргиткен ыргакка толуп турду.
— Курсант болдук мырза, менин денем чыйрыгып, табым болбой турат. Мага уруксат этиңиз,
эс алып, табымды түзөйүн. Оюн эртеге да уланады го, — деп ордунан турду Уулбала. Кыздар
жалпы ордунан козголушту эле:
— Отуруп тамаша уланткыла, мени Шолпан жеңем узатып коер, — деп дасторкон четинен
абайлап өтөйүн дегенде, отургандар жапырт ордунан тура ызаат менен үнсүз узатышты.
Уулбала кеткенден кийин Шолпан менен жигит башы ыр ырдап канчалык далбасташса да
тамаша улана албады. Конокторго табак тартылып, бата тиленгенден кийин, күйөө бала
жолдоштору менен конок өргөсүнө өтүштү.
Эртеси күн аркан бою көтөрүлө Уулбала Шолпан жеңеси менен айылдан жай баса жапыз
белесчени аша серүүндөөгө чыгышты. Уулбаланын маанайы пас. Көзүнүн алды шишимек
тартып китирейиңки, түндө уктабай капаланып өткөргөн түрү бар. Башында үкүлүү көк
тукаба такыя, ага өңдөш чыптамасынын эки өңүрүнө ак седептер тагылган, кош этек ак
көйнөгү көлөч-маасысынын апкытын жаба суйсалат. Кайын сиңдисинин капалуу көңүлүн
жубатуу үчүн:
— Эрке тайымоо. Күлүп койчу, күйөөсү келген кызга окшоп, — деп колтуктан ала, — ырдап
берейинби, — деп жайдарыланды Шолпан.
— Калжыңынды койшы жеңгей. Кубана турган нерсе көрмөй турмын, — деп улутуна сөз
улады. — Көңүлүмдө көп жакшы санааларды багып жүрө турган элем, баары күбүлүп түштү
да калды, — деп улутуна жер карады Уулбала.
— Көрүп турамын күйөө баланын али кагылбаган осолдугун. Жаш эмеспи. Төрө насили
Сарсен султандын эрке уулу. Оңолуп кетет. Жашы өзүңө тең, тектүү жердин кулуну эмеспи.
Ушундай бир топ келишкен күйөө болот дейсиң, — деп каткыра Уулбаланы кучактады
Шолпан.
— Жене баарына козүң жетип турат да, мени балача сооротосуң. Эки аяктуунун урганы экен,
ага өмүрүмдү байлай албаймын, — ден чечкиндүү унчукту Уулбала. Кайын сиңдисинин
кандайдыр бир кайткыз чечимге келгенин туюп чочуй түшкөн жеңеси:
— Ой бай калкам, не дейсиң? — деди.
— Мен өз бактымды өзүм издейин деп тобокелге бел байладым жеңече. Калк аралаймын, —
деп тунжурай алысты тиктеп турду капалуу кыз.
— Калк аралаганың калай, кой андай ээн баштыгыңды. Кайда барасың? Ата-энең эмне дейт.
Калкам, кой антпе, — Шолпан кызды кучактай боюна тартты.
Хан Ормон
— Казак жергесинде акем менен Сарсен султандын жаалына туруштук берер эч ким жок. Мен
кыргыз жакка кетемин. Ал жакта менин көңүлүмдү таап коргоп ала турган киши бар.
Укканмын жабыккан кыздын көңүлүн табар дөөлөттүү эрлер бар деп. Андан көрө мага эр
кийимин камдап, агамдын керкашкасын токуп бергиле. Агама айтарсың — мени аясын. Атын
берсин. Мени кыргыз тараптан издеп алсын. Кыргыздын мыктыларынын биринен табар, —
деп улутуна жеңесинин кучагына ыктады көзүн жаш жууган Уулбала. Кайын сиңдисинин
кайтпас боло көгөргөнүн туйган жеңеси:
— Ойбай жан шоолам ай, ушундай айрылмак белек, — деп бетин баса жүйүртө отуруп, үнсүз
буркурады. Жеңесин кучактай кайын сиңдиси жыгылды. Ошол тейде ыйлап муң төгүшө
сырлашкан жеңе-кайын сиңди түш малында кайра келип, ээн өргөгө киришти...
...Жайдын көгүш асманын чайыган сейрек булуттар кыймылсыз. Чыгыш жактагы аскалуу
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 07
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.