Latin

Хан Ормон - 03

Total number of words is 4003
Total number of unique words is 2299
28.2 of words are in the 2000 most common words
41.2 of words are in the 5000 most common words
49.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
таасындыгын кара. Опаасыз жалган дүнүйөнү ашкерелеген экен го акылман падыша, — деп
сакалын сылай, малдашын бошото оңдонуп отурду ойлуу угуп отурган Качыке бий.
— Энесине калтырган керезин да... — деп сөзүн бүтүрө албай бийди карады пиязы таар
кемселин камтый курчана тери малакайын баса кийип, четтерээк отурган, суйдаң жээрде
сакал, эрди желки жүлжүгүй көз, жашы алтымыштарга барып калган сары киши,
— Ооба, ошону да уксак, — деп бийди карады эпчи жакта сөздү кунт коюп угуп отурган
кырбуусу тайкы көрпө тебетей кийген кара чапанчан көк ала сакал карыя.
— Эне кантсин, — деп бир тынымга үнсүз ойлоно калган Ныязбек бий сөзүн улады.
Уулу айткандай ар түрлүү арбын тамак-аш жасатып: «боору бүтүн, башы эсениңер жегиле»,
— деп элдин алдына койдурат. «Уулум Искендер падышанын керези ушундай, жегиле», —
деп өтүнөт. Ошондо бир да бир киши тамакка кол тийгизген эмес экен. Көрсө бул жалганда
боору бүтүн, башы эсен эч ким болбойт тура. Муну көргөн Искендер падышанын энеси: «Ии,
бул дүнүйөдө баласы өлгөн жалгыз мен эмес экенмин да», — деп кайраттанып, сабыр күткөн
экен.
— Боору бүтүн башы эсен киши жок экен да бул жалганда. Искендер падыша насыятты
энесине гана эмес, жалпы адам затына айткан экен да, — деди Медет бий күңгүрөнө. Сөздүн
маанисин ар ким өз акылынан өткөрүп турган сымал үй ичи бир тынымга үнсүз тунжурап
турду.
— Баары кудай тааланын амиринде. Пендеге убактылуу жай да бул жалган дүнүйө. Кимдер
өтпөдү бул жалган дүнүйөдөн:
Пайгамбарлар баары өткөн,
Падышалар дагы өткөн.
Ажат үчүн жан кыйган,
Атантай 3 жоомарт дагы өткөн,
— деп айтылат. Баарынан да, Алла тааланын акыркы элчиси Мукамбет пайгамбар өткөн
дүнүйө. Ага чейин биз кеп салган Искендер Зулкарнайн падыша, андан мурда өкүмү бүткүл
адам баласына, жин, перилерге, кайберен канаттууларга чейин жеткен Сулайман пайгамбар
падыша өткөн дүнүйө. Кечөө эле ат туягынын чаңы асманды бүркөп, Самаркан, Букар,
Кыйваны талкалап, Эдилге Алтын ордо курдуруп, Кырым, Урумду баш ийдирем деген
Чынгыш хан жана анын кан төккүч уулдары өттү. Кылычынан кан таамып, тиягы Түркия,
быягы Ындыга чейин жүрүш кылган Аксак Темир көрөгөн өттү. Ошолордун баары
тирүүсүндө дүнүйөгө түркүк болчудай көрүнгөн экен. Баары Кудай таала жиберген ажал
алдында алсыз пенде экен го. Эки жарым кез жер ээлеп, беш кез боз жамынып куру кол
кетишкен бул дүнүйөдөн. Мына биз да дүнүйө деп алп урушуп, уруу-уруу бири-бирибизге
зордук көрсөтүп, мал тийип жоолашып, жарашып, жалган дүнүйөнүн азгырыгында жүрөбүз.
Көрсө бүгүн бар эртең жок экенбиз да. Тиги дүнүйөгө ала кетүүчү байлыгыбыз — нысап
Хан Ормон
күтүп, ыйман тутуп бири-бирибизге ыраазы болуп кетүүчү топугубуз экен да, — деп Качыке
бий отургандарга карады.
— Бали, баатыр сөзүңүз баарыбызды жуушатты. «Жакшы сөз жан азыгы, жаман сөз жан
азабы» деген эмеспи, — деп баш ийкеп сакалын сылай ыраазылык билдирди конокторго
катар отурган ак сакалы төшүн жаба жайкалган салабаттуу карыя.
— Оо, кайран киши, «карынын сөзүн капка сакта, сөөгүн апта сакта» дегендей, нускалуу
сөздөрүңүз көңүлгө кыт куйгандай чөктү, — деп өзүнчө кобурады улага жакта четтерээк
отурган быжыгыр кара сакал, орто жаштагы, кара кемселине жөнөкөй кемер курчанган чап
жаак кара тору киши.
— Баатыр, уруксат болсо бир соболдун ыгы келип турат, — деп Качыкеге ызаат кыла карады,
буудай өңдүү, оң жагында бармак басым калы бар субагай жүздүү, жазы маңдай, бийик кабак
алдындагы сурмалуу көзүнөн акыл учкуну жанган, сыпаа серпилген кара сакал-муруту
сымбаттуу турпатына төп жарашкан акылман Калыгул мырза.
— Андай болсо ортого салыңыз соболуңузду, — деп Качыке баатыр эл ичинде оозго алынып
келаткан сөзү орундуу мырзага көңүл коё карады.
— Сулайман пайгамбардын өкүмү бүткүл адам затына, ал эмес жин-перилерге да таралган
делет. Манаста Алмамбет баатыр чалгында жүрүп Тал-Чокудан Кытайга дүрбү менен көз
жиберип отуруп, Сыргак баатырга:
Караандуу калың Кытайга,
Искендер изин салбаган,
Сулайман сурак албаган,
Экөөбүз эмес Бээжинге,
Азирет Аалы барбаган
— деп айткан экен. Ушул эки жагдай жөнүндө айтып берсеңиз, — деп сылык өтүндү.
— Ооба, ооба, Кытай түбү түптүү кыжылдаган, ит жеген, жылан, бөён-чаян жеген сансыз эл,
ошондон улам Сулайман пайгамбар көңүл бурбаган жана Искендер падыша да барбаган, —
деп айтылат. Байыркынын кеби ушундай, — деди Качыке бий.
— Баса, Кытай демекчи, илгери Жанболот баатыр Кытайдын колуна түшүп, туткунда жүрүп
келген дейт, кайран киши ит жеген, жылан, бөен-чаян жеген каапырлардын ичинде кантип
жүрдү экен, — деп карыялардын бири жөн салды гана сөз учугун Качыке бийге
таштагансыды.
— Бу силер кеп түйүнүн издей берип, коногубузду чаалыктырасыңар го, — деп борс-борс
күлө Качыкеге карады Ныязбек бий.
— Жылдар арасында бирер жолугушат экенбиз. Баатырдан сөз угалы деген ага-инилердин
ниети өөн эмес, — деп кеп учугун улантууну күткөндөрдү колдоду Медет бий.
— Оо, ал киши бир албан шер экен. Учкай эле кеп салайын, — деп малдашын түзөп отуруп,
сөз улады Качыке бий. — Качырганынан кайра тартпаган, жүрөгүндө жалы бар эр болгон
экен Жанболот баатыр. Жунгарлар жергеден сүрүлгөндөн кийин чин кытайлардын
кыргыздын жеринин танабын тартып айыл кыдыра жакшы оокаттарын тартып алып жүргөн
черүүлөрүнүн башчысын өлтүрүп, элдин малын ажыратып калат. Ээрчип жүргөндөрү качып
кутулушат. Качып кутулгандары элине барып, жасоо курап, түн жамына келип баатырды
капыстан туткундап, Бээжинге алып кетишет.
— Кайырдин каапырлар, — деп күрсүндү отургандардын бири.
— Сөзгө аралжы болбочу, — деп тыйды дагы бирөө.
— Арга жок ошол бойдон баатыр туткунга кетет. Жыл өтө аталаш тууганы Тобок баатыр
тобокелге башын байлап, кийим-кече, азык-түлүк мол алып, кош ат менен кытай деген эл
кайда, Бээжин деген жер кайда, деп учу кыйырсыз капилет сапарга аттанат. Оо, Бээжин кайда,
бирөө кайда, ашуусу бийик тоо ашып, агыны катуу суу кечип, мээ кайнап, канаттуунун канаты
күйгөн чөл басып, жол жүрө, айлар өтүп баатырдын аттары жүрбөй чаалыгып өлөт. Азыктүлүгү түгөнөт. Эр кайратын, элдин намысын туу туткан баатыр Кудайдан жардам тилеп, күн
чыгышты бет ала Кытай кайдасың, — деп жүрө берет. Жаа-жебеси, оттук-бычагы жолдош,
кайберен, илбээсин атып тамактана, жыл өтө, жомокто айтылгандай арып-ачып жетсе керек
Бээжинге, — деп алдындагы аякты алып, кымыздан тата бир тынымга үнсүз ойлонуп турду
Качыке баатыр.
— Кайран эрен!
— Колдогону бар да, болбосо, кайдан жетсин.
— Жигиттин пири Шаймерден колдогон да.
Хан Ормон
— Кызыр алей салам жар болгон да, — деген үндөр угулуп, дымый угуп отурган эл түйшөлө
түштү.
— Чоң шаарды аралап, жандап ишарат кыла боолголоп жүрүп, туткундардын камалган
жайын табат, — деп сөзүн улады Качыке бий. — Жүзү курусун кытайлардын. Туткундардын
абалын карагандан айбыгасың. Чачтары кабагынан өтө өскөн, кийимдери далдал болуп
салбырайт, ырай-бешенеден кетишип, ушунчалык кирдеген, бирин биринен ажыратып
таануу кыйын. Моюндарына тегерек тактай зоолу кийгизилген, буттарында кишен.
Туткундарды эртең менен камактан чыгарып шаарды аралатып коё берет экен. Кылмыш
кылсаң ушулардай болосуң, деп элдин үшүн алуу үчүн го. Бечараларга боору ачыгандар
тактайдын үстүнө тамак-аш, жер-жемиш ташташат. Аларды оозуна жеткирип жегенге
колдору тактадан артылып жетпейт. Туткундар ийиндерин күйшөп, тактайды
кыймылдатып, тамак-ашты эптеп ооздоруна жеткирип жеген болуп, кечке көчөлөрдү аралап
жүрөт. Көзөмөл алдында кечинде түрмөгө келип жатышат экен. Күнүгө ушундай машакаттуу
тирүүлүк. Туткундардын артынан калбай күнүгө ээрчип жүргөн киши жөнүндө кайтарыкчы
аркалуу билген түрмө башчысы уйгур тилмечти чакырып сүйлөшүп чоочун киши ушунчалык
алыс жерден жыл арытып өлүмгө башын байлап тууганын издеп келген кишинин эрдигине,
ажат үчүн жан кыюуга даяр адамгерчилик насилге тан бере:
— Тууганыңды таанып алсаң бошотуп берейин, — дейт.
— Таанып аламын. Оо, Жанболот, мында кел, — деп кыйкырганда туткундардын ичинен
сакал-муруту өскөн зор киши жанына келип:
— Ооо, Тобок боорум келдиңби? Эл-журт эсенби? — деп Тобокту көрө учурашайын десе
зоолудан колу жетпей кайраттана күлүп турган Жанболотту, тууганын кучактайын деп
зоолуну сыйпалап солкулдап турган Тобокту көрүп адам баласындагы боорукерликке
ыраазы болгон түрмө башчысы Жанболотту бошотуп берет. Ошентип эки баатыр жол азабын
тартып жүрүп, эл-журтуна эсен келишет, — деп Качыке баатыр сөзүн бүттү.
— Тобок баатыр адамгерчилик, туугандык үчүн Атантай жоомарттай эле кызмат кылган
экен. Пай, пай, не деген эрдик. Не деген кайрат. Сиз дагы келиштире кеп уруп бердиңиз, —
деп Ныязбек бий Качыкени карады. Эшиктен кирген жигит.
— Байым, эт бышыптыр, — деп үй ээсине кайрылды.
— Аа, эмесе шорпо алып келгиле конокторго, конок бышты десе ала бакандагы эт бышат, —
деп жайдарыланды Ныязбек бий. Шорпо ичип, колго суу куюлуп, кырма жыгач табактарга эт
тартылды. Тамак-аш желип бата тилене, дасторкон жыйылып колго суу куюлуп, коноктор
жайланып отуруп бой жаза кымыз сунулуп, жай аңгеме уланды.
Шам-шаркыт келгендер жай-жайына тарап, коноктор узаар маал жакындады. Үйдө
конокторду узатууга катышуу үчүн Токтор аке, бийдин ага-инилеринен бир-экөө гана
калышты. Ата-бабадан калган салт боюнча тартуу менен келгендерге ыроолоп бирден
чепкен кийгизилди.
— Бий, ыракмат, сыйлуу конок болдук. Кел демек бар, кет демек жок дегендей, биздин сапар
карыды. Эми аттар даяр болсо биз аттаналы, — деди Качыке бий.
Чынжырлуу манап тукуму, хан даражасында өткөн кадимки Эсенгул баатырдын уулу,
балдары тың чыгып, санаасы тынык, адамгерчилигинин жогорулугунан «ат качырбас боз
айгыр» атанган Ниязбек бийдин көөмөйүндө пенделик менменсинүү козголуп турду.
— Ыракмат ата салтын сыйлап келгениңерге. Ар ким өз баркын биле жүргөнү оң эмеспи.
Коңшу-колоңду да ошого үйрөтө жүрөлү. Артыбыздан муун сүрүп келатат. Эми өгөй-татай
иштерге уулдарыбыздын жүргөнү оң го деймин. Карыганча эле каржаңдап убаралана
беребизби? — деди Ныязбек бий жөн салды сыпайыланган болуп. Улуу аялынын балдары
жөнсүзүрөөк чыгып, кичүүсү Эраалы эл аралай элек Качыке бийге бул сөздөр жүлүнгө
сайгандай тийди.
— Болду, болду бий, көтөрүп атка салганыңыз курусун, көчүктөн чымчып алганыңыз
курусун. Токтотуңуз сөзүңүздү. Көрүшөбүз өгөй-татай иштерди ким чечерин, — деп Качыке
бий шарт ордунан туруп, чыга жөнөдү. Жолдоштору артынан ээрчиди.
— Кантесиз жарыктык, анчейин айтылган сөзгө ушунча теригип, — деп Ныязбек бий
артынан ээрчиди. Кош-пешке келбеген Качыке жолдоштору менен аттанып кетти.
Чүйдөн келгенде Качыке кичүү аялы Канымбүбүнүкүнө түшкөн. Кабагы бүркөө, үч күндөн
бери чечилип сүйлөбөйт. Байынын кирпиги менен тең айланган сезимтал Канымбүбүнүн
Хан Ормон
жубайлык назик үйрүлүүсү да демейдегидей эр туюмун жибите албагандай. Качыке баатыр
капалуу. Картайган кезинде көңүл кушун таптап, жан-дүнүйүсүнө демөөр болуп турган, сын
сыпаты бөксөрө элек сыр билги жубайынын: «Баатыр, мынчалык көңүл чөгөргөн
камтамалыгыңызды бөлүшсөңүз боло» деген аяр жароокерлигине:
— Ээ, канайымым. Эмнени айтайын. Камчымды чабарым жокбу, деп намысым сынып турат,
— деди Качыке.
— Ботом коюңузчу баатыр, уулдарыңыз, ага тууганыңыз бар, Эраалыңыз да эр жетип
калбадыбы, — деди Канымбүбү.
— Ай, ким билет, — деп андан ары сөз улабады Качыке.
Тышта ит үрүп, дүбүрт угула, Канымбүбү эшикти кыңкайта шыкаалап:
— Баатыр, кишилер келди. Караке аба, Медет бий, Эраалы жигиттер менен ат алып атышат,
— деп төргө көлдөлөң жайып, үстүнө аюу талпак салып, үй ичине көз жүгүрттү.
— Аа, ырас болбодубу, байбиче, самоор койдур, казан астыр, — деп өйдө козголуп кийине
баштады. Төшөк жыйылып, Качыке кемселинин сыртынан жука чепкен жамынып, көлдөлөң
үстүнө отурду. Эшик ачылып, Карабек аке, Медет бий, Кожобердилер үйгө киришти.
— Ассалому алейкум, келиңиздер, төргө өтүңүздөр, — деп ордунан тура Качыке Карабек аке,
Медет, Кожобердилерге кол берип учураша, алар орун алгандан кийин төмөнүрөөк отурду.
— Оо, карыя, саламат-күүлү жүрөсүзбү, өзүм барып учурашпайт белем, жарыктык, — деп
баарынан улуу, жүз ашып калса да аттан түшө элек Карабек карыяга карады үй ээси.
— Кудайга шүгүр, баатыр. Чүйдөн келип төшөк тартып жатыптыр дегенди угуп, дидарлашып
жай сурайлы деп келдик, — деп карыя төрдөн орун ала, алаканын жайып: — Алоо акбар, оо
жараткан, эл-журтту айдан аман, жылдан эсен сактай көр, хандын каарынан сакта, кара
өзгөйдүн дооматынан сакта, — деп бата тиледи.
— Баатыр барган жактан кабатыр кайтты, — деп уктук. Эсенгул баатырдын уулу жөн
билгилик жасай алган эмес го, — деп сөзүн улады Караке карыя.
— Жол азабы, көр азабы дегендей, урунду болуп калгандаймын. Анын үстүнө эмнесин
айтайын, кутман карыя, — деп күрсүнө сөзүн улады Качыке, — сөөктөн өткөн сөз угуп, сөзгө
сөлтүк болуп келдим. Санаам бөлүнүп, беймаза болуп, оюмду жыйнай албай турам, — деп
маңдайын алаканы менен сүйөй ылдый карады Качыке.
— Каада менен кабыл алып, байыркыдан кеп уруп, эл биримдигине данакер болуп келген
ынтымак жөнүндө ой бөлүшүп, нускалуу аңгеме куруп, баарлашып куунап отурдук эле.
Жөнөй берерде текеберлүү манаптын зардеси ойноп кетти көрүнөт, — деп сөзгө аралашты,
калкагай мурут, бүркүт кабак, жазы маңдай, коңко мурун, калың каштуу алагар көзү ойлуу
тиктеген Кожоберди.
— Кожокем айткандай эле каада менен сый көрсөтүп, сылык отурду эле, балдары четинен
тың чыгып, мал-жаны өсүп, санаасы тынык жүргөн чынжырлуу манаптын
сыпайгерчилигинен текебери озуп кетти көрүнөт, — деди салабаттуу Медет бий.
— Карыганда да көбөт экен да. Башкалар эмне, баласы, мал-жаны жок боору менен жылып
жүрүптүрбү? Ээринин кашын таанытуу керек, — деп агасынан төмөн отурган, дымагы артып
баатыр атанып келаткан Дуулат ордунан копшоло, сөзүм жактыбы дегендей аксакалдарга
көз кырын жиберди.
— Биз дагы уулбуз, — деп жүрөбүз. Батаңарды бергиле, атам Маралторусун берсе, мен өзүм
эле жигиттерди баштап барып, мал-жаны көпсүнгөн чал менен эсептешип келемин, — деп
ордунан тура ийилип таазим эте өтүндү он жети жашар Эраалы улан. Чырымталы толо элек
уландын жүйөөлүү чыйрак сөздөрүнө таң бере үй ичиндегилер бири-бирин карап, ичтеринен
ыраазы боло бир тынымга унчукпай калышты. Уулунун кайраттуу үнүнөн, тууштуу кабелтең
турпатынан эр дымагы көзгө урунганын туйган Качыке бир чети жетине албай, бир чети ичи
тартына:
— Ой, жаман десе, сенин убагың азыр боло элек, жөнүң менен бол, — деп уулуна сынаакы
көз жиберди.
— Аа, бар бол кулунчак, сен да баралыңа келатыпсың, бар бол, — деп сакалын сылай, башын
ийкеп Карабек аке сөзүн улады: — Кызыл уук кылып кыйратып, кыз-келинин ыйлатып, бир
уруунун экинчисин чаап алуусу эзелтен эле эч кимге жакшылык алып келген эмес. Ачуу
шайтан, акыл дос, акылыңа акыл кош дегендей, сабыр этели. Атанын баласы эмеспи Ныязбек
бий алды артын ойлоор...
— Ээ, жарыктык, качан ойлоор экен, деп отура беребизби? Жылкычы Атыганын кымызга
кызып оолукканы үчүн айыпка жыгылсак, журт атасы Ныязбек бийдин текеберленип шак
Хан Ормон
сындырганы жазасыз калабы? Биз да элбиз. Эраалы иним туура айтат. Эсептешүү керек, —
деп Дуулат Качыкени карады. Өмүрүндө жоолашуунун кесепетин башынан көп өткөргөн
Качыке баатырдын туюмунун тереңинде ынтымак деген ыйык сөз уюп турса да, басынып
турган ар-намысы үстөм болдубу, айтор:
— Дуулат баатыр, ойлонуп иш кылгыла, — деп кончунан мүйүз чакчасын алып, насвай ата
жер карады.
— Жазыксыз эл жапа чекпесе болот эле, — деп Карабек карыя башын ийкеп, тунжурай ойго
кетти.
Сөз бир тынымга токтоло түшүп башка нукка өттү. Эл ичиндеги өйдө-төмөн окуялар, Садыр,
Эсенгул, Белек баатырлардын өмүрүнөн уламыштар айтылып, залкар күүлөр чертилип,
коноктор жай отуруп сый көрө кеч бешимде аттанышты.
Ай отуруп чыгып калган маал, түндүн бир оокуму. Теребел түн ымыртына бөлөнүп, тоо арасы
бейкут тунжурайт. Тескейдеги карагайлуу беттен үзүл-кесил бакырган элик куранынын үнү
угулат. Коктунун төр жагындагы жайыкта жайыла оттогон көп жылкы үрүл-бүрүл
боолголонуп, анда-санда жылкы кошкуругу угулуп, караңгы ээндиктеги тирүүлүктөн кабар
бергенсийт. Жайыттын аркы четинен айлана үйүргө көз сала бастырган жылкычы чокморун
ээринин кашына арта сала, ат жалында куш уйку салып турган жолдошунун жанына келип:
— Оо, каркыбарым, түшүндө перинин кызына жолугуп тургансың го, — деп каткыра далыга
таптады.
— Ой атакөрү десе, көзүм илинип кеткен тура, ит-куш билинбейби? — деп көзүн ушалай ооп
бараткан чокморун колуна алып, такымына кыстарды. Жайыттын аркы четинен түн
тынчтыгын чымырата чоор үнү безеленди.
— Оо, кайран эр, «кыз ойготорду» созолонтуп кирди го. Чынында Сандыбай жигиттин гүлү.
Комузда кол ойнотот. Кыл кыяк тартканычы. Кыз оюнда ырдаса, — деп сөзүн бүтө электе
чоор үнү чорт үзүлө, «аа», деген добушту коштой:
— Кайыр аркы четин, айда, — деген каардуу үн угулуп, үйүрдүн үркө кайрылган дүбүртү
бери каптап келатты.
— Кокуй, бир балакет болду окшойт. Кудай өзүн сактай көр, — деп атына камчы уруп, үн
чыккан жакка жөнөй берерде артынан көк желкеге урулган сокку жылкычыны атынан
учуруп түшүрдү. Жанындагы жолдошу союл урган менен чабышмакчы болгондо артынан
союл тийип, ооп барып ат жалына өбөктөп, эсин жоготуп турду.
— Сок, биротоло жайла, — деп зоңк этти караңгыдан суурулуп чыккан топ атчандын бири.
— Колун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, буттарын үзөңгүгө бекитип, жылкы ичине коё
бергиле, айылга алып барып кулданабыз, — деди атчандардын алдындагы башына туулга
кийген жигит.
— Жылкыны ары четинен бери сүрүп келаткан го. Айдагыла белди ашыра, — деп кыйкырды
бараандуу көрүнгөн тебетейи калкайган зор киши.
— Байке, сиз үч-төрт жигит менен жылкыны сүрдүрүп кете бериңиз. Ашуунун аркы түбүнөн
күткүлө. Мен барып как баштын уйкусун бузуп, эр болсоң малыңды ажыратып ал деп,
качкандай болбой куугунчуларды Шамшынын оозунан күтөйүн. Кана жигиттер, жүргүлө
менин артымдан, — деп жоон топ куралдуу кишилерди ээрчите ылдый карай караңгыга
сүңгүдү Эраалы.
Чүй суусунун сол жээгиндеги секиге конгон чоң айыл түн тынчтыгынын кучагында
мемирейт. Айсыз жылдыздуу асман керемет сыр катып тургансып, чексиздикке төнө көз
мелжитет. Айыл ортосундагы көгөндөр тартылган кой короодо мемиреп жуушаган
койлордун анда-санда кошкуруп, мекиренгени, үзүл-кесил, көрүп-көрбөй үргөн ит үнү угулат.
Короо четинен бекбекей айтып короо кайтарган келиндин:
Түндү түндөй жүгүргөн ээй,
Түлкүнүн колу сөгүлсүн.
түн уйкуну үч бөлгөн ээй,
Карышкыр каны төгүлсүн ээй, оой ууй»,
— деген ичке үнүн:
Ууру келсе уштайбыз ээй,
Башын айра муштайбыз ээй,
Укуругум долоно ээй,
Хан Ормон
Ууру-бөрү жолобо ээй оо ай
деген коңур жагымдуу аял үнү улады. Бир тынымдан кийин:
Бекбекей ашты бел ашты ээй,
Белине белбоо жарашты ээй.
Иче турган ашыңа
Бал болюн бекбекей ээй,
Мине турган атына ээй,
Жал болоюн бекбекей ээй
Кийе турган киймине ээй,
Жен болоюн бекбекей ээй.
Иштей турган ишине ээй,
Дем болюн бекбекей ээй,
— деп алгачкы ичке үн кайра созолонду. Айыл четине түн жамына келип токтогон топ
атчандын ичинен бирөө:
— Эке, бекбекей айткан келин-кыздарга кайрыла кетпейлиби? — деп күлдү.
— Калжыңды койсоңчу. Андан көрө айылдын тегерегинде бош жүргөн мал болсо айдагыла
Шамшынын оозун көздөй. Мен чал менен сүйлөшөйүн деп айылдын өйдө жагындагы чоң
үйдү көздөй тизгин бурду Эраалы.
— Кермедеги аттарын да алалы, — деди бирөө.
— Суу жүрөктүк кылбайлы, кермеден аттарды алып, куугунчуларды жөө калтырганыбыз
болбос. Кана кеттик, — деп чоң үйдү карай ылдамдады Эраалы.
Үзүк сыртынан уукка урулган катуу сокку үйдү кычыратып, Ныязбек бий чочуп ойгонду. Эмне
болгонун биле албай, башын жаздыктан көтөрүп, кулак түргөндө:
— Эй чал, эр болсоң көпсүнгөн балдарың менен малыңды ажыратып ал. Ажыратып ала
албасаң кемпириңдин элечегин кийип ал. Мен Качыкенин уулу Эраалымын, — деп шаңк этти
жаш уландын кайраттуу үнү.
— Кудай сактай көр, — деп ордунан шамдагай турган бий шашыла кийимин кийип, кепичин
бутуна сала тышка чыгып, өргөдөгү тестиер уулу Ормонду, жигиттерин ойготуп, болгон ишти
түшүндүрдү да, кайра үйүнө кирип, жоо кийимин кийине баштады. Өргөдөн чуркап чыккан
жигиттердин бири:
— Оо, тургула, жоо келди, жоо келди, аттангыла, — деп кыйкыра үй кыдырып кишилерди
ойготуп жүрдү. Бий менен айылдаш уулу Бердибек, жаңыдан бой тартып келаткан уулу
Ормон баштаган он беш жигит союл, чокмор өңөрө чай кайнам ичинде бийдин үйүнүн
алдында турушту. Чырымталы толо элек болсо да зээри бийик каракер атчан Ормондун
олбурлуу турпаты, атка отуруш сымбаты өзгөчөлөнүп турду. Токулуп даяр болгон тор кашка
аргымакты суулуктап келип жигит бийдин алдына тартты. Жигитти колтуктоого үлгүртпөй
шап аттанган Ныязбек бий Ормонду көрө:
— Ой, сен да аттандыңбы, кой, үйдө кал. Сенин убактың келе элек, — деди уулун аяп.
— Байым, Качыкенин Эраалысы келсе менин барганым оң. Сиз убара болбоңуз. Биз эле
ажыратып келебиз малды, — деди Ормон. Уулунун жүйөөлү сөзүнө макул болгон бий:
— Болуптур, этият бол. Ашуунун берки бетиндеги малды бүткүл сүрүп кетишкендир. Кана
эмесе, Кудайдан жардам тилейли. Жылкыны ажыратып калсак болду. Кишилерди мерт
кылбагыла. Өзүңөр этият болгула. Кана эмесе, кеттик. Алла өзүң колдой көр, — деп бий
таскактата жөнөдү. Айылдан бир аз узай аттардын оозун кое берген куугунчулар катуу
баратышты. Алдыда чоң карагер атчан Ормон баарынан озо Шамшынын оозу жайыкка чыга
бере жылкы тийгендердин тобуна аралаша чабышууга өттү. Биринчи беттешкен киши
союлун суна бергенде карыга чаап, атына өбөктөй түшкөндө томукка шилтеп аттан түшүрүп,
экинчиси менен беттешүүгө өткөндө арттагылар жете келип, чабышуу башталды. «Карма,
сок», деген ачуулуу үндөр, талуу жерге союл тийип аттан кулагандардын онтогон үнү коюу
түнгө коогалаң салды. Чабуулчулар көптүк кылып, куугунчулардын бирөөн экөөлөп көбүн
аттарынан түшүрүп, ээрлүү аттарды жылкыга кошуп айдап, улам өйдөлөй беришти. Атынан
ажырай элек Ормон тигилердин артынан калбай баратат. Сакалдуу киши жоого түшөрбү
деген салттуу намыска бекем Ныязбек бий чабышка аралашпай четтерээк турду эле,
баралына толо элек уулунун жоо артынан түшкөнүн көрүп:
— Оо, Ормон, токто балам, — деп кыйкыра артынан жөнөдү. Олжо жылкыларды айдап
капчыгай өрдөп бараткандардын артын кайтарып, эки жигит менен бараткан Эраалы
дүбүрттү угуп кайрыла, союл булгалап кыйкырып келаткан атчанга каршы тизгин буруп
Хан Ормон
атына камчы урду. Эки жигит күү менен беттешип бири-бирине чокмор уруп өтүштү. Кайра
кайрыла беттешкенде чокмор тизесине урулган Ормон аттан кулап түштү.
— Бул Ныязбек чалдын өз уулу Ормон тура, колун байлап атка таңгыла, алып кетебиз жылкы
менен кошо олжолоп, — деп энтиге унчукту Эраалы. Ныязбек бий чабуулчуларга жете
келгенде Ормонду атка таңып жетелеп алгандар жылкы алдына өтүп кетишкен эле.
Чокморун оңтойлоп Ныязбекти тоскон Эраалы өзүнө кеселе тартылганы турган жааны көрө
бою дүр эте токтой калды. Таң агарып калган эле. Элүү кадам аралыкта Эраалыга жаа кесеп
турган Ныязбек бий:
— Өзүңдү атайын десем жашсың, атыңды атайын десем карган атаң жөө калат, — деп жаа
тартканда Эраалынын колундагы чокмору чарт сынып жерге түштү. Ныязбек бий: — Кайыр,
Ормонду да, сени да Кудайга тапшырдым, — деди да, шарт бурулуп айылына кайтты.
Ныязбек бийдин айылы. Күн бешимден ооп калган. Айылдын төмөн жагындагы жабуусу
көөнө алты канат боз үйдүн жанында чогулган эл. Элден четтерээк төшөлгөн ала кийиз
үстүндө Ныязбек бий баш болгон сакалдуулар, айыл билермандары отурат. Кечөөкү түнкү
жылкы тийген кандуу кагылышта кара кушуна чокмор тийип каза болгон Сандыбайды
жайына тапшырып, көрүстөндөн кайткандар куран окуп, бата жасаганы отурушат.
Эсил кайран бир боорум, эми кайдан көрөйүн», — деп өкүргөндөр боз үйдүн чий каланган
капталына келип турушту. Өкүрүк токтоп, суу куюлгандан кийин үй ичинен:
Жаш мырзам жайыңа да кеттиң элиңден,
Эми жай алгын бейиш төрүнөн,
— деп кардыга алсырай чыккан жесирдин үнүн баса:
Көбөйтүп малын жайытта ээ,
Чабышпай койсо не болот,
Журт менен журт жоолашып аа,
Кырышпай койсо не болот аа.
Эзелтен бери кыргындуу аа,
Замандын мойну тар экен,
Ат тепсеп уулу жанчылса аа,
Эненин көөнү зар экен, аа, — деген дасыккан кошокчу
аялдын азалуу үнү теребелге таралып турду.
— Кой дегиле эми, куран окулсун, — деди бийдин катарындагы ак сакалдуу карыя. Кошок
үнү куран сүрөөсү башталгандан кийин токтолду. Куран окулуп, бата тиленгенден кийин:
— Кызыл чиедей балалуу жаш аялмет бечараларга убал болду го, — деди жээрде сакалын ак
аралап калган сары чийкил, чекир көз, кыюусуз ак калпак кийген карыя.
— Кантели, Кудай бар, эл-журт бар эмеспи, кар болушпас. Кашайган маңги намысыбыз
көптүн убалын аркалап турат го, — деди алдын тиктеп, ойлуу отурган Ныязбек бий.
— Балтыр эти толо элек Ормонго да убал болду го, — деп сөз таштады бийге курбал
кадырмандардын бири.
— Минтип бирөөнүн каны жазыксыз төгүлүп турганда Ормон да көрсүн башына түшкөнүн.
Саяктар бышырып жемек беле. Тажаганда кое беришер. Болбосо элчиликкке келээрбиз, —
деди Ныязбек бий.
— Саяктан да колго түшкөнү бар тура, алмашып аларбыз, — деди дагы бирөө.
— Бешим болгон тура, жүргүлө намаз окуйлу, — деп ордунан турду Ныязбек бий.
Карыялардын беш-алтоо бийди ээрчиди.
— Оо, даам ооз-тийип куран окуп кеткиле, — деген үндөн улам чогулгандар үй-үйлөргө
тарап, азалуу үйдүн алдында эки-үч гана киши калды.
Алты ай бою туткунда жүрүп, сарыбагыш, саяк арасы жүйөөлөшүп жарашкандан кийин
туткундар үйлөрүнө кайтышты. Ормон бир нече жашка улгая түшкөн сыңары ойлуу мүнөздө
келди, эркиндиктин баркын туйган сымал, ага каскак болгон жаңжалдын, уруу намысынын
күңгөй-тескейине ой жүгүртүү менен алек болуп жүрөт.
АРГА ИЗДӨӨ
«Алды кандай жай болот, Кытай, Орус, Кокондун кимиси бизге бай болот»
(Эл макалы)
1824-жыл. Боз кыроо.
“Акчийде чиндер кыргын салыптыр. Асан бийдин айлынан тирүү калгандар аз дейт;
бешиктеги балдарды да жайрандашыптыр. Тайлак баатыр болбогондо тыйпыл
кырылышмак экен. Баатыр жигиттери менен кыргын үстүнөн чыгып, чиндерге ылаачындай
тийип, тирүү калгандарын кашкар капкасына киргизе кубалаптыр” деген кабар уч-кыйырга
тарап, элдин үрөйүн учуруп да, намысын козгоп, чыйралтып да турат.
Сактыкта кордук жок. Аттар суутулуп, көбүнчө кермеде. Жигиттер бел чечпей
кезектешип кайгуулда.
Илгери Турча бийдин жоокерлеринен тумшугу сынып капкасына жашынганын
унутушкан экен, өчөйгөн узун чачтар. Ат жалында, найза учунда, кылыч мизинде көрүшөбүз»
— деп айыл-айылдарда курал-жарак шайлап, кол топтой жүрүшөт эр көкүрөк, жоо бетине
чыгуучу жигиттер. Кара таандай калың кытай каптап кирсе эл тагдыры не болот, деп
санааркашат, көптү көргөн карылар. Эл-журттун абалын, каруу-күчтү таразалай, алысжуукка, өткөнгө, келечекке сереп сала, акыл калчап арга издешет эл жүгүн аркалаган эрендер.
Жоо жакадан, бөрү этектен алып турган кез. Күн жүрүштө чиндер (кытай) минтип
турса, кыбыладан ат тезегин кургатпай, динибиз бирге, каапырлардан коргойбуз деп
элчилерин жиберип, зекет жыйнатып, чеп кура Кокон турат. Мусулманчылыкка тооп кылган
эл буга муюганы менен, кээ бир айылдарда сарбаздардын ээн баштыгы элди ирээнжитет.
Анын үстүнө кытай каптаса туруштук берер чамасы жок экени да көрүнүп тургансыйт.
«Омбудан орус чыгыптыр дейт. Калыгул бийдин жоромолдору ордунан чыкчудай»
деген аңыз да эл ичин аралап жүрөт. Мунун да жөнү бар. Кашкар жакка каттаган соода
кербендерине тыңчыларын кошо эл-жердин танабын тартып, айыл аралаган татар
соодагерлерине уруу-урууларды бөлүп-жара өз пайдасына үгүт таратып, Орусия да тымызын
аракетин күчөтүүдө. Кылымдар түпкүрүндөгү кыйын кезеңдердин биринде ордосу бузулуп
чачылган байыркы эл көчүп-коно бириге албай: ”Алда кандай жай болот,
Орус,
Кокон,
Кытайдын кимиси бизге бай болот” деп арга издеп турган кез.
...Аяк оонанын орто чени. Күн жүрүшү ылдыйлап, аба салкын тарта, тоо суулары
кашкалана, агымы тайыздап калган. Эл жайлоодон ылдыйлап, бөксө конуштарда. Коктунун
оозундагы кенен жайыкка конгон калың айыл Ныязбек бийдики. Айыл ортосунда көгөндөр
тартылган кой жатагында шибер уйпаланбаганынан улам эл жаңыдан конгону байкалат.
Айылдын туура жагында суу боюнан 3—4 аргамжы бою алысыраак тартылган желелерде
кара кулак кулундар байлануу. Бээлер чар жайыт. Коктуга кире бериште кара жалдуу кула
айгыр башын жерге сала бээлерди кайрып жүрөт.
Күн чоң шашке. Бээнин экинчи саамы. Айылдан бери желени карай эки келин, эки
жигит келатат. Келиндер тушардан өйдөрөөк кош этек көйнөк, үстүнө тик жакалуу кыска
кемсел кийишкен, жоолуктары алдыга салынуу, карыларына көнөк, алдыларына ал жапкыч
тартынышкан. Пиязы таар кемселчен, ышкын түптөлгөн сары жаргак кандагайынын кенен
багалектери кайыш мөкүсүн жаба, күрөң кездеме кыюуланган ак калпагын кырданта кийген
орто бойлуу толмоч жигит келиндерге кычыткы тамаша айтып келаткан сыяктанат.
Ортодогу нооча бойлуу келин көнөк илинбеген колун жаңсаганда жигит ойт бере буйтап,
көкүрөгүн баса күлүүдө. Берки жигит менен келин да каткыра көңүлдөрү шат келатышат.
Айыл ичинде тышка чыгара албаган жаштык азилдерин төгө маанайлары жаркын. «Бээ
чогултуп, көбүк ичебиз» — деген 2—3 тестиер баланын кыроологон сүрдөнү менен саан
бээлер желеге чогулууда.
Айылдан өйдөрөөк обочо тигилген үч үй бийге тиешелүү, жүз баштуусунда бий
байбичеси менен, бири конок өргөөсү, бири аш үй. Үйлөрдөн 3—4 аркан бою арыраак кермеде
сымпоочтолгон ээр токумдуу сар таман аттар байлануу.
Бий Омбудан 4 келгенден бери учурашууга келгендердин аягы суюла элек. Бүгүн Көл
башынан Боромбай, Муратаалы бийлер баш болуп, он-чакты кадырман кишилер келип
түшүштү. Алар мындан бир күн илгери бий өзү ат коштотуп мейманга чакырып алган
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 04
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.