Latin

Хан Ормон - 22

Total number of words is 3884
Total number of unique words is 2114
28.3 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Алардын оруска өткөнү турганын билет, — деди куру кол кетүүнү каалабаган тыңчы.
— Кабатыр болбоңуз. Чоң ордо приставына тиешелүү көрсөтмө беребиз. Ал бугу уруусун
Урмандын коркунучунан сактоонун чарасын көрөт. Анан сиз айттыңыз го, «бугу ири уруу»
Хан Ормон
деп, алар өзүн сактоого да аракеттенишсин. Урманга каршы турушсун. Керек болсо биз
жардамга келебиз, — деди генерал.
Генералдын сөзүнүн ички маанисин айттырбай түшүнгөн тыңчы:
— Баары түшүнүктүү, урматтуу генерал, аракеттенебиз. Сиздер каалагандай болот. Мен
Поповдун приказчиктери менен жумуштарымды бүтүп, дароо кайра жөнөймүн, — деп
ордунан турду.
— Файзулла Касимович, ошентиңиз. Жөнөр алдында майордон кошумча көрсөтмөлөрдү
аласыз. Өзүңүз айткан далилди тез келтирүүнүн аракетин көрүңүз, — деди князь.
Файзулла жыла басып, сыртка жөнөдү. Андан кийин князь менен генералдын аңгемеси
жапайы таш кыргыздарынын күчүн Коконго каршы пайдаланып, өзүлөрүн Орусия
букаралыгына алуунун маселесине ооду.
КОКОН КОЗГОЛДУ
Бишкек чебиндеги Алишердин иш үжүрөсү. Текчеленген кенен бөлмөнүн алдына жыш
килем төшөлгөн. Төрдөгү жашыл шалпар жабылган жапыз үстөлдө дасмалданган бөйрөктүү
ак чайнек, майда ак чынылар, үстөлгө чыканактай малдаш уруна олтурган бек чыныга чай
куюп бир ууртады да, оор улутуна ордунан туруп, терезени карай басты.
Мына бир жума болду. Жаны жай таппай, ою чаржайыт. Өзүн ордого тирек болуучу
кайраткер мыктылардын биримин деп демдүү жүргөн бек өзүнөн өзү корунуп, бечара абалда.
Кандуу коркунуч бетме-бет келгенде жанын сактап жашынган макулуктай сезет өзүн. Куран
кармап ордого берген антын актай албады; Кенесары менен жан кыя салгылашууда бел
байлай албады. Кыргыздар өзүнчө хан көтөрүп бөлүндүк дегени менен чеп кыргыз жеринде,
ордо Аркадан кол үзүп кетелек — кыргыздын тузун татып турат. Кыргыздар менен биригип,
Кенесарыга каршы турууга болот эле да. Ага жарабады. Жантай, Жангарач бийлердин жардам
сурап кайрылган өтүнүчүнө от жагып, жоо келатканын кабарлаган болуп тим болду да,
дарбазасын бекитип, чебине жашынды.
Бир жумадан бери кыргыздар Ормон хандын туусу астында жан кыя салгылашып, жерин
коргоп атышат. Бек сыртынан байкап кабар алганы болбосо, бул окуядан четте. Мына бүгүн
да ал Шор-Дөбө, Текелик-Сеңирден кабар күтүп турат. Кыргызча, казакча жакшы билген
сыпайларынан эки жакка тең тымызын байкоочуларды жиберген. Алар казак-кыргыз
арасында абалды байкап жүрүшөт. Коконго шашылыш кабар жиберилген, бирок жооп жок.
Бектин санаасы тынчыбайт.
Эшик ачыла орто бойлуу, тилик этек, көк бейкасам чапап кийген жээрде сакал, күрөң
селдесин алчыланта оронгон Хаким паңсат кирди. Анын саламын алик алуунун ордуна:
— Тышкарида нема гяп бар? Якши хабарыңыз барма? — деди бек терезени тиктеген
калыбында паңсатка жүзүн бурбастан.
— Ярадарларни таудагы аулларына алып бараткан талкан кыргызларына жолуктум.
Алардын гяпларына ишенсак, кыргызлар Кенесары хандын лашкерлерини талкалай турган
сыяктуу. Урман хан Чүйдүн суусунун нугун башка жакка буруп, казак жоокерлерини ичарга
суусуз калтырыптыр. Суусуз олтурганларга сокку уруп, кыйлаларыны өлүмгө учуратып
турганы имиш, — деп бекти карады да, уруксатсыз олтурууга батынбаган паңсат ыңгайсыз
абалда турду. Аңгыча терезе жакты карап турган бек кайра бурулуп:
— Жай алыңыз, паңсат, отуруңуз, — деп үстөл жакты жаңсады да, — кана-кана, жай алыңыз,
— деп, өзү да үстөл жанына малдаш уруна олтуруп, чай куюп суна: — Кана, чайга караң,
кыргызлар дагы нема гяп урушады? — деп суроолуу карады.
— Урман хан жуда көп кол жыйнаган имиш. Түндөсү жоокерлердин оту талаага батпай
кетиптир. Так араларынан чаң салып, ар кайдан жоокерлер келип кошулуп турган имиш.
Урмандын колу Кенесарыныкынан кем эместей. Бирок Кенесарынын колу суусуз ачка калып,
ичинен бөлүнүп турат дейди. Лакин суусуз калган олар көпкө чыдай алмайды го, — деп
чайдан ууртап, бекти карады паңсат.
— Якшы, жуда якшы кабарларыңыз бар экен. Кыргызлардын иши адилет дур. Алла таала
оларга жар болор. Күнесиз кыргынга тушуккан калкка боорум ачыйды. Урман хан кахарман
ям хайратлык кишидир. Оның иши үстөм болоды деп турмун. Куда кааласа, Аллаяр
ханымыздан хам ярдам келип калса, биз Ормонго көмөк болорбуз, — деди бек.
Хан Ормон
— Майдандан жараланып чыккандар Кенесарынын иши бүтөрүнө аз калды дешеди. Жаңа
бизге ярдамга келмегенибиз үчүн нааразылык айтышады, — деди паңсат.
Паңсаттын сөзүнө көңүл бөлө ойлуу турган Алишер бек башын ийкеп турду да:
— Бизге тыншлык болгон якшы, тыншлык болсо кыргызлар билен ярашып да алармыз, —
деди.
— Айтканыңыз туры, бек, чебимиздин дарбазасыны меркеликтердей душманга ачип
бермедик, сыпайларимиз, сарбашларимиз аман,
— деп бектин көңүлүн жубатууга
аракеттенди паңсат.
— Гяплариңиз, Хаким мырза, көңүлүмө ягып тур. Аллаяр ханымыз ям бизлерни Кудай
алдыда туура түшүнгөй, — деди бек, калың кашын сол колунун учу менен сылай.
— Оларга Алла таула яр болсун. Алар бизни туры көрөр деп ойлаймын. Бирак «жеримизде
туруп ярдамга келмедиңер» деген кыргызларның таринчиси бир четинен тугры гой, бек, —
деди кантсе да аскер адамы, жоокер абийири ойгонгон паңсат.
— Көпкө топурак чачамызбы, бейсебеп кан төгүшгүмүз келмеди. Куда алдыда, Аллаяр
ханымыз алдыда абиримиз тазадыр деп ойлаймин. Урман хан Хохандан бөлүнүп, зякат
салыкларыны төлөмөй калганына канча болду. Шондуктан оларның бизге таринчиси ям анча
жүйөсүздүр, — деп бек сөзүн бүтө электе эшик ачылып:
— Хурматли бек, Текелик-Сеңирден, Шор-Дөбөдөн хабар менен келген сипай киргизүүнү
өтүнөдү, — деди эшик кайтарган сакчы ийилип.
— Ха, якши хабарлар болгай, — деди бек оңдонуп отура.
Эшиктен салам айта кирген ак калпакчан, карала таар кемсел, көн өтүкчөн, көзү жүлжүгүй,
чолок мурун, кер мурут жигит көлөч чечилүүчү жерге токтоп ийилип турду.
— Өтүң, булай өтүп жай алың, гяп уруң, — деп үстөлдүн жанынан орун жаңсады бек.
Үстөл жанынан жай алып олтурган кабарчы:
— Хурматлу бек, Кенесары хан Ормон хан жоокерлеринин колуна түштү, — деди кабарчы,
ток этер жерин айтып.
— Алхамду лиллахи шүкүр, якшы кабарың бар экен. Толук айтың, уруш кандайча бүттү? —
деп кабарчыга карады Алишер бек, иштин чоо-жайын толук билгиси келип.
— Кенесары жоокерлери ичээрге суусуз калган үч күнү жоокерлер бүлүнүп, айрымдары кача
да баштаган. Кыргыздар чабуул койгондо көбү кырылды. Көбү Мыкан суусуна чөгүп, сазга
сорулуп апаат болду. Сорулма сазда өлө-сала чыгалбай жаткан Кенесары менен Норузбайды
кыргыздар туткунга алышты, — деп кабарчы сөзүн бүтө электе:
— Кенесары ханны туткунга алган ким болду экен? — деди каарынан кан тамган берендин
аргасыз абалын көз алдына келтирип турган бек.
— Солто, тынай жигитлери колго түшүргөндөй болду. Аныгын байкай албадым. Кээ
бирөөлөрдүн айтканына караганда, Жамангара баатырдын айылына алып кеткен окшойт, —
деди кабарчы.
— Анда алардын өлтүрүлүшү ыктымал экен, кандай дейсиз, же Урман саясатчыл адам
эмеспи, хандын башын сактап калар бекен? — деп паңсатты карады бек.
— Ким биледи, канга-кан деп жаны күйгөн Жамангара, Калпак баатырлардын туугандары
Ормон ханга жеткизбей мерт кылышы да ыктымал. Кенесары бейкүнөө канды аёосуз
төкпөдүбү, — деди өздөрү кандуу кагылыштан аман калганына ичинен ыраазы болуп турган
паңсат.
— Ормон хан тарабынан кандай кабарың бар? — деп кабарчыны карады бек.
— Куп кабардармын. Казактардын кабарын сыртынан байкап жүргөм. Көбүнчө кыргыздар
жагына жакын жүрдүм, кыргызча жакшы сүйлөйм да, — деп компоё сөзүн улады кабарчы: —
Өткөн күнү күндүз Кенесары хандан жарашалы деген өтүнүч менен элчилер келди эле, Ормон
хан аларды кабыл албады. Саза деген жигит башы тосуп чыгып, Ормонго киргизбей кайра
жөнөттү. Астыртан иликтесем Ормон хан: «Биз Кенесары ханды согушка чакырган эмеспиз,
жараша турган жөнүбүз жок» — деген жооп айтканын уктум. Ошол түнү кыргыздар ак көйнөк
кийип чабуул коюшту. Чабуул алдында жер жаңырта мылтыктар атылып, керней-сурнай
тартылып, жоонун аргасын кетиришти. Ушинтип Кенесары тамам болду, — деди кабарчы.
— Рахмат, укам. Кыргыз-казак арасында акыл менен жүрүп, ишке ярап келипсиң. Эми барып
эс ал, — деди бек.
Кабарчы ордунан этият туруп, көкүрөгүн баса таазим этип эшикке чыкты.
Хан Ормон
— Таң каларлык окуя. Орустарга моюн бербей бир канча жылдар согушкан Кенесарынын
түмөндөгөн жоокерлерин таякчан, чокморчон малчы кырыздардын жеңгенине ишенүү да
кыйын, — деп өзүнчө сүйлөгөнсүп ойлуу олтурду бек.
— Менин да акылым жете албай турат, бек. Шунча көп жоокерлерни кыргызлар тооташ
арасыдан кантип жыйнады экен? Айттым го, түндөсү жоокерлердин оту Чүй талаасына
батпай кеткенин. Ар тараптан чаң салып келип жаткан жоокерлер канча болду, — деди
бектин оюна кошумча болгусу келген паңсат.
— Анда ошол күчүнө ишенип кыргыздар хан көтөрүп, Кокондон бөлүнгөнү бекер эмес экен
да, — деди бек.
— Курултайлары алдында Көтмалдыдагы, Курткадагы чептерди өрттөп, ордо кишилерин
кубалап чыгышпадыбы. Хайриет биздин Бишкек чебине кол сала алышпады, — деди паңсат
негедир корстон боло.
— Урман хан илекор, саясатчы киши. Кокон ордосу менен алаканы аягына чейин бузууну
каалаган жок, — деди бек, өзүнүн паңсатка караганда эл ара саясатынан жетик экенин туя
ичинен компоё.
Аңгыча молдонун азан чакырган үнү угулуп кулак төшөп, тымтырс олтуруп калышты.
Бүткөндө бата тиленип:
— Кана, бешим намазга, — деп бек ордунан тура жөнөдү.
Мечиттин ичи итабар кенен. Алдына жыш килемдер төшөлгөн. Намаз окулуп бүтө
жамааттагылар бири-бири менен кол алышып, ыйман тилешти. Төрдө жамааттын алдында
имам болгон дамбылда намаздан кийин элге ыраазылыгын билдирип, катарындагылар
менен кол алышып, бата тилей, кайра олтурду. Оң жагынан Алишер бек, сол жагынан Хаким
паңсат жай алышты.
— Алхамду лиллахи раббилалоомийин Аллахи тагла хамма калкка тынччилик берсин, — деп
имам дагы бир ирет бата тилеп, сөз улады. — Бек, Токмок тарабынан хабар алдыңызбы? Не
болду экен, Кенесары Урмандын кармашлары? — деп бекти карады.
— Хазирети, кубанычтуу кабар келди. Кенесары хан кыргыздардан жеңилип, иниси
Норузбай жана башка султандары менен туткунга түшүптүр. Намаз алдында атайын ал жакка
жиберген кабарчым келди, — деди Алишер бек көңүлү тынчыган маанайда.
— Оо, жараткан Аллахи тагла, бейкүнөө кан төгүү токтогон экен да. Маут болгондордун
жандарына жаннаттан жай бере гөр. Тирүүлөргө ырыскы, ынтымак, ыйман, бейкут жашоо
бере гөр, Ва Рахматиаллахи, ва баракатуху, аллоакбар, — деп бата тиледи имам.
— Кабарчынын жана паңсат жолуккан жаралуу кыргыздардын айтымында, Урман хан жуда
көп аскер жыйнаган имиш. Жоокерлер Кызыл-Суудан Кең-Булуңга чейинки талааларга жыш
баткан имиш жана чар тараптан чаңдатып жоокерлер келип кошулуп турду дейт. Эки күн
илгери Чүй суусунун нугун башка жакка буруп, Кенесары кошуунун ичээрге суусуз калтырып,
тынымсыз сокку уруп туруптур. Акыры өткөн түнү жамы жоокерлерине ак көйнөк кийгизип,
Урман хан чабуулга өтүп, Кенесарынын колун талкалап, өзүн туткунга алыптыр, — деди бек.
Башын ийкеп, сакалын сылай ойлуу угуп олтурган имам:
— Кенесары хан оңой жоо эмес эле, Урман хан эми эл-журту үчүн жанын кыйган эрдиги,
жахангерлик жайын куп билген акылдуу айлалары үстөм болгон экен да. Ушул дымагына
таянган го. Кенесары хандын мансап көксөгөн кесепетинен мусулманчылыкты тооп кылган
түрк насили эки эл мүшкүл тартты. Артын Аллахи тагла кайырлуу кылсын, — деп алаканын
жая дагы бир жолу бата жасады.
— Хазырети, кандай дейсиз, жеңиши менен куттуктап, Урман ханга өкүл жиберсемби деп
турам, — деди бек.
— Абдан туура ой. Кат жазып, тартуу менен бир-эки сыпай ээрчитип өзүңүз барсаңыз да чеки
болбос эле, — деди имам.
— Хазырети, мына Кудай сүйгөн үйдө отурабыз. Кудай акы, чынымды айтайын, кыргыз
туугандар алдында бетиме чиркөө болгон жагдай бар. Жоо каптап киргенде жардамга бара
албадык. Урман ханды куттуктап, Хаким паңсатты сыпайлары менен тартуу берип
жиберсемби, — деп бек агынан жарылды.
— Кебиңиздин жөнү бар. Анда ошентиңиз. Ордого да шашылыш кабар жибергениңиз зарыл,
— деди имам.
— Өзүңүз көрүп турасыз, хазирети, биздин абалды. Кыргыздар минтип ордонун жардамысыз
жоосун кайрып койду. Ордо Арка кыргыздарынан оолактап калды десек да болот. Мен ордого
Хан Ормон
өзүм барып, аллаяр Саид Бахадур ханымыз менен көзмө-көз жолугуп, абалды түшүндүрүп,
келечек иштерибиз жөнүндө кеңеш суроом зарурат болуп турат, — деди бек.
— Оюңуз жөндүү, Арка колдон чыгып калды, аны жашырууга болбойт. Кенесары колун
талкалаган күч оңой эмес. Ормон хан менен мамилени кандай жүргүзөбүз. Акылдашып
келиңиз. Барыңыз, аллаяр Саид Бахадур ханымызга. Бишкек жеринде алал кызмат өтөп
турган ак ниет момун букараларынан саламдуба айтыңыз. Ак жолуңуз ачылсын, — деп
дамбылда алакан жайды. Олтургандар бата тилеп, мечиттен чыга бекти узатуунун аракетине
киришишти.
Чиркин, чексиз бийлик кумары кишинин көөмөйүндө ийрилип уктаган кара чаар жылан го.
Ал ойгонуп уу чачса ата-бала, эрди-катын, бир туугандар бири-биринин денесин тебелеп,
бийликке жетүү аракетинде болушат. Адам коомуида бийлик зарылдыгы туулган күндөн
тартып, бул ырайымсыз чындык, адамгерчилик, адилеттик деген аруу туюмдар менен
жанаша өкүм сүрүп келатат. Тарых түпкүрүнө терең сереп салбай эле, кечээки орто
кылымдагы алтын ордо хандарынын, Иван Грозныйдан берки орус падышаларынын
тагдырына көз жиберсек ата-балдардын, бир туугандардын, эрди-катындардын ортосунда
бийлик кумарынан чыккан кандуу драмалар көз алдыга келет. Бул катаал чындык. Шахрух
бийден берки алтын бешик мураскорлорун да кайып өтпөдү. Нарбото бийден кийин такка
олтурган Алим хан бийлик талашат деп атасынын иниси Хаджины өлтүрсө, анын уулу Мурат
шах Шераалы ханды жайлап такка олтурду эле, жети күн өтпөй аны кулатып, Шераалы
хандын кичүү уулу Кудаяр такты ээледи.
Хан бийлигин көксөгөн мураскорлор тоолук кыргыздардын, кыпчак кыргыздарынын,
өзбектердин таасирдүү феодалдарынын шыкагында болушкан. Алар тигил же бул
мураскорду такка олтургузуп, өзүлөрүнүн ордодогу таасирин күчөтүүгө аракеттенип
турушкан.
Кокон ордосу. Диванхананын кайтарыгы күчөтүлгөн. Тактыда өспүрүм хан Кудаяр олтурат.
Жүзү субагай, буудай өңдүү, мандайы жайык, дөңсөөлөнгөн куш мурун, коюу кара каштуу,
көзү сурмалуу, ээрди түйрүгүрөөк, эрин үстү жаңыдан түктөнө хандын жигит баралына толо
элегин кабарлап турат. Башында маңдайына бармак басым каухар кадалган жашыл селде,
алтын ноколуу тик жака ак кемселине, чалмасына өңдөш белбоо курчанган, сол ыптасында
Шам усталары соккон алтын кындуу шамшар. Эки колун тактын алтын жалатылган
таянычтарына бош сүйөп, сөөлөттүү келберсийт. Хандын оң тарабында аны такка
олтургузган кыпчак кыргыздарынын чыгааны, катаал, кайратман Мусулманкул аталык
олтурат. Башында саймасыз күрөң макмал кокон топу, бүркүт кабак, үрпөгөй коюу каш
алдында тереңинен караган алагар көзүнөн ой учкуну жанат, чап жаак, келтерээк кыр мурун,
ак аралай элек сүйрүлөнгөн жээрде сакалы, узун муруту сыйда серпилген. Тик жака күрөң
нооту кемселине өңдөш белбоо курчанган. Турпатынан качырганынан кайтпаган, эр туушу
байкалат.
— Аллаяр, Сиз туура баамдап турасыз. Сатыбалды Мурат шахтын тирүү качып кеткени
кооптуу.
Вилайеттерден
анын
тыңчыларынан
Сатыбалды
Рахматуллалардын
санаалаштарынан, тоолук кыргыздардын таасирлүүлөрүнөн арылтуубуз зарыл, — деди
Мусулманкул аталык, өзү менен пас талашуучу дагы кимдер бийликте жүргөнүн көз алдынан
өткөрүү аракетинде.
— Айтыңыз, кеңеш бериңиз. Сизге баары белгилүү да. Шектүүлөрдүн баарын жайламайынча
санаабыз тынчыбайт. Хан бийлиги хамтамасыз болууга тийиш. Бул үчүн баарына кайылбыз,
— деди ордодо бийлик күтүүнүн көп буйткалуу амал-айлаларынын баарына толук көзү
жетпесе да, хан мартабасынын баарынан бийиктигин туя баштаган, өз алдынча бүтүм
чыгарууга, катаал да, кайраттуу айлакер да аталык кайнатасынан өтүнө албай ичинен
бушайман болуп жүргөн өспүрүм хан.
— Албетте Аллаяр, менин жадымда айрым бир катаал жарлык чыгара турган жагдайлар
бышып жүрөт. Убагы келгенде Сиздин назарыңызга салууга аракеттенемин. Азыр мен сиздин
көңүлүңүздү Аркадагы иштерибиздин кетенчиктеп, ал тарап ордо бийлигинен чыгып
баратканына бурсам дейм. Мына төрт-беш жылдын жүзү болду. Аркадан зекет салык
пуллары түшпөй калды. Ормон Ныязбек уулу хан көтөрүлгөндөн бери ушундай болду. Аны
хан көтөргөн курултайга Алымбек датка катышып, пикирлеш болуп келгенин эсиңизге
салгым бар. Алымбектин санаасы Ордого түз эмес. Абайлап көрөсүз го, — деди аталык, өзү
ичинен душман туткан тоолук кыргыз чыгаанын көздөй таш ыргыта.
Хан Ормон
— Алымбек датканы көрө жатабыз. Арканы эркинче коё бергенибизге капамын. Ормон
хандын элчисин Ордодо кабыл алган хан атабызды караң, — деп көзү өтүп кеткен атасы
Шераалы ханга нааразылыгын билдире такка оңдонуп олтурду Кудаяр хан.
— Аллаяр, хан атаңыздын маалында шарт ошондой эле да. Бухаранын дооматы алка жакадан
алып турганда аркалыктардын демин басууга мүмкүн эмес эле да. Андан бери тактын ээлери
улам алмаша берип, Арка өзүнчө бойдон калды эле. Эми ал жакта абал коркунучтуу болуп
турат. Казак ханы Кенесары 20 миң аскери менен каптап кирип, кыргыздарга кыргын салып
турган кези. Биздин Мерке чебиндеги суу жүрөк Абдулазиз Кенесарынын алдына аргымагын
тартып, чептин дарбазасын ачып бергени Сиздин кабарыңызда бар, — деп аталык оюн бүтө
электе:
— Андай коркоктордун башын алдырамын, — деп үнүн чечкиндүү чыгара, бийлик ээси өзү
экенин билдирүү аракетинде комдонуп олтурду өспүрүм хан.
— Албетте Аллаяр, ал Сиздин амириңизде, — деди Мусулманкул, хан күйөөсүнүн оюн тээп
турган бийлик кумарын баамдап, бир четинен жаш хандын бийлиги күчөсө, аталыктын
бийлигине кедерги болорун эсине тута сөз улады. — Кенесары хан Арка кыргыздарын басып
калса, иш оор болуп кете турганына Сиздин көңүлүңүздү бургум келет.
— Орус аскерлери менен согушуп жүргөн Кенесары хандын жоокерлерине тоолук
кыргыздардын таякчан, чокморчон кишилери кайдан тең келсин. Бат эле жеңилет, —
акыркы сөзүнө басым коё сүйлөдү жаш хан, жаангерлик ишке да көзү жетик экенимди аталык
кайнатам туйсун деген таризде.
— Аллаяр, ошонусу Ордо үчүн жагымсыз болор, кыргыздарды багындырып алса, ал биздин
жакка кол салары бышык.
Анын түпкү максаты терең, ал орустарга биздин күч менен кайра кайрылууну көздөп турат,
бул өтө коркунучтуу, — деп, ушуну туйсаң экен деген ойдо хан күйөөсүнө көз жиберди кыяр
аталык.
Аңгыча эшик ачылып, жыла кирген эшик ага:
— Аллаяр таксыр, Аркадан Бишкек чебинин беги Алишер мырза Сизге кирүүнү өтүнүп турат,
— деди төшүн баса бүгүлүп.
— Жол ачык экен, иншалла — деп, ордунан козголо хан уруксатынан озо үн катты
Мусулманкул.
— Кирсин! — деп бурк этти аталыктын өзүнөн мурда сүйлөгөнүнө ичинен кысыла түшкөн
хан. Бул хан күйөө менен кайнатасынын келечектеги кайгылуу мамилелеринин доошу эле.
Эшик ага кайрылып тымызын чыккан соң:
— Ассалому алейкум, жамы мусулман бийлигинин түркүгү, касиеттүү алтын бешик насили
Аллаяр Саид, Алла таала сүйүп бак берген Бахадур ханымыз, — деп бүгүлө улагада турду
Бишкектеги Алишер.
Такка оңдонуп олтурган Кудаяр хан алик ала:
— Алейкума салам, бек, арыбаңыз, мындай өтүп жай алыңыз, — деп бекке орун жаңсады,
астыртан аталыкка көз жибере.
Бек ийилген бойдон ханга, анан аталыкка кол берип, андан төмөнүрөөк орун алды. Аталык
алакан жая:
— Аллоху акбар. Аллахи таала Аллаяр Саид ханымыздын өмүрүн узун кылып, мартабасын
арттырсын, душмандары басылып, туугандары, жакын санаалаштары зобололуу болсун,
калкыбыз бейкут тынчтыкта, береке байгерчиликте жашасын, — деп бата тиледи.
— Аллаяр ханымыз, Ордонун душманы, Кокон чептерине кол салып, калктын тынчын
кетирип турган Кенесары хандын тоолук кыргыздардан жеңилип, колго түшкөнүн
билдирүүгө рахим этиңиз, — деди Алишер бек ханга, аталыкка көз жибере.
— Кудурети күчтүү Алла таала берген экен канкордун жазасын колуна. Алхамду лиллахи
шүкүр, Коконду колуна алып, оруска каршы барууну көздөгөн, кең көөдөн казактын жазасы
колуна тийиптир, — деп Мусулманкул оюнда тынчын алып жүргөн коркунучтун жок
болгонуна ыраазы экенин билдирип, күлө-бага ханды карады.
— Биз үчүн жагымдуу кабар алып келгениңизге, бек, сизге рахмат айтабыз. Коконду
бирөөнүн колуна бере коюучу киши жок. Ошентсе да кесепеттин жексен болгону жакшы, —
деп оң чыканагын алтындалган тактын таянычына сүйөп, каадалана козголуп олтурду хан.
— Аллаярга жагымдуу кабар жеткиргениңиз мактоого татыйт, бек, — деп хандын көңүлүн
жубата сөз кошту аталык.
Хан Ормон
— Тоолуктардын күчү бекем экен да, Кенесары хан Норузбай, Эржандар майданда каза
табыштыбы, же тирүү колго түшүштүбү?
— Кенесары хан менен Норузбай баш болгон он чакты султанды кыргыздар туткундаптыр
деп укканбыз. Мен бери чыгарда алардын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кабар келди, — деди бек.
— Мусулман баласыбыз, таба эмес, тобо. Кенесары хандын он жылдан бери жай таппаган
жанын тындырган экен — жараткан Алла өзү калыс, — деп, көптөн бери жүрөгүн өйүгөн
кабатырлыгы жазылгансып сөзүн улады да, жумуру баштуу ар бир пенденин башында өлүм
парзы турганын эсине алып, бетин сыйпап, сакалын сылай күбүрөп тобо келтирди. Такта
сөөлөттүү олтурган аталыкка сөз кезегин берүүнү каалабаган өспүрүм өкүмдар:
— Айтыңызчы, бек, бу тоолуктар кандайча Кенесарынын оруска моюн бербей он жыл ашып
согушуп жүргөн аскерлерин жеңе алышты? — деп суроо узатты.
— Оо, Аллаяр таксыр. Ормон хан жуда көп кол жыйнаган имиш. Түнкүсүн жоокерлердин
жаккан оттору Чүй талаасына батпай кетиптир. Күнү бою ар тараптан жоокерлер келип
кошулуп турган экен, ушундай кабарлашты биз атайын жиберген байкоочуларыбыз, — деди
Алишер өзү да куру карап отурбаганын ханга билдиргиси келип.
— Кенесары хандын 20 миңден ашык колу аздык кылбайт эле. Бул окуяда тоолуктардын
санынын арбындыгы да жана согуш амалын билген жаангердин аракети барбы деп
ойлоймун. Я, өкүмдар, Сиз кандай дейсиз? — деп Кудаяр ханды карады, анын оюнун маанилүү
экендигин билгизгиси келген аталык.
— Мен да ошондой ойлоймун.
— Оо, Аллаяр, Сиздин улук оюңуз ак. Ормон хан өтө катаал, кайраттуу киши. Сиз аны баамдап
турасыз, — деди хан күйөөсүн көтөрө чалган аталык. Кудаяр хан суз, ойлуу олтурду.
— Албетте Аллаярдын көзү аскер ишин жетик көрүп турат. Бек, сиз кыргыздар тарабына
жардам бере алдыңызбы? — деди Мусулманкул.
— Таксыр, жоо каптап келатканда кыргыздарга кабарладым. Түмөндөгөн кол каптап, жолдор
тосулуп калды. Жоо беттеп, кыргыздарга кошулууга болбоду. Сыпайларды көрүнөө
өлүмгө кыя албдым, — деп ханды карады Алишер бек. Карамагымдагыларды аман сактап
калган камкордугумду билгизсем деген ой көөмөйүндө турду.
— Сыпайларыңыздын өмүрү үчүн кам көргөнүңүз туура, — деди ойлуу отурган Кудаяр хан.
— Албетте өкүмдар, айтканыңыз ак. Бир гана жагдай, жанаша туруп жардамга келбеди деген
кыргыздардын кусаматы болушу ыктымал, — деди көптүн кыйырын баскан Мусулманкул
аталык.
— Оо, таксыр! Ушул жагдай азыр да мени беймаза кылууда. Арга болбоду, — деп алаканын
жайып кайпактады Алишер бек. «Кыргыздар Кенесарыны жеңет деп ким ойлоду. Болбогондо
күн мурунтан жоо келе электе эле сыпайларды паңсатты баш кылып, кыргыз тарабына
кошуп койбойт белем» деген өкүнүчү бар эле бектин.
— Аркалыктардын хан көтөрүп өз алдынча турушу Ордого керексиз. Аларды кайра каратып
алуунун чарасын көрүү керек, — деп Кудаяр хан Мусулманкулду карады.
— Аллаяр, оюңуз акылман. Акыры бул абалды түзөөнүн чарасын көрөбүз. Азырынча Ормон
хандын Кенесарыны жеңген күчүн, бизди карап ыкыс берип турган орустарга каршы
пайдалануунун чарасын көрсөк кандай болот, — деди аталык, чечимди өкүмдардын өзүнө
калтырганды туура көрүп.
— Албетте ал үчүн алардын «өз алдынчабыз» деген дымагын басынтып салуу керек.
Аркадагы кыргыздарга хандын кереги жок. Алардын бизде жүргөн элчиси бул жердеби? —
деп Мусулманкулду карады Кудаяр хан.
— Бул ишти аярлык менен иштейли. Адегенде Сиздин атыңыздан куттук айтып тартуу
жиберип, көңүлүн тынчыталык. Бейкапар тура берсин. Аркага аттана турган аскерлер даяр.
Куда кааласа өзүм башында болуп, кыргыздардын демин суутамын. Ормонду колго түшүрүп,
ордого алып келемин, — деди Мусулманкул. Менин колумдан эмне келерин биле жүр,
дегендей хан күйөөсүнө көз жиберип турду да: — Элчи Байсерке бул жерде, аны сыр
алдырбай сыйлап турабыз. Аскер аттанган күнү зынданга салдырабыз, — деди.
— Кечиктирбеңиз, жөнөрдө өзүбүз жоокерлерге ак сапар каалап сөз айтабыз, тездетиңиз, —
деди хан.
— Бир айдын ары-бери жагында, иншалла, өзүм баштап жүрүшкө чыгамын. Азыр Ормон хан
биздин куттуктаганыбызга манчыркап тура берсин. Ага тартуу да жиберелик. Тартууну
сиздин кат менен Алишер бек өзү алып барсын, — деди аталык.
Хан Ормон
— Албетте аркалыктарга караганда, орустар коркунучтуу. Азыр жамы мусулман биригүүсү
керек. Ошондуктан аркалыктарды тез кошуп алуу керек, — деди хан.
— Аллаяр, оюңуз ак. Аркалыктарды кошуп алуунун чарасы эле жүрүш жасап барууда.
Азырынча Ормон ханды алаксытып туралык.
— Жарлык даярдаңыз. Кам көрүңүз, бул иш өтө зарурат, кечиктирбеңиз, — деп дагы бир
жолу кайталай Мусулманкулга кайрылды хан.
«Жоо каптап келатканда чепке жашынып аласыз. Кыргыздарга жардам берсеңиз, азыр алар
бизге милдеттүү болбойт беле» деген жеме угамбы, балким жашы жетелек курч хан андан да
катуу чара көрүп койбос бекен деген күмөндүү ойлор мазасын алып жүргөн Алишер бек
ичинен жымыңдап, сакалын сылай оңдонуп олтурду.
Андан ары масилет Арка кыргыздарындагы абал жана аларды кайра каратып алуу чаралары
жөнүндө уланды.
СЫЙЛЫК АЗГЫРЫГЫ
1847-жыл. Теке айынын орто чени.
Күн кылкылдап шаардан аркы токой четине жашынууда. Шайбыр бастырган үч атчан киши,
шаардын түштүк тарабындагы узата кеткен чоң көчөнү аралай кирди. Алдыда жапыз кула
атчан Аягөз приказынын тилмечи Галим Ягудин, ага улай жалдуу чоң торунун үстүндө жеңил
боз суп чепкен, төбөсү бийик ак калпак кийген, чап жаак, сакал-муруту сыйда серпилген,
кырдач мурун, бүркүт кабак, алагар көзү ойлуу тиктеген салабаттуу кыргыз элчиси Калыгул
Алибек уулу баратты. Артында куржун-кече салынган эки жигит удаа келатат. Ээрчише
чубашкан атчандар көчөнүн оң тарабындагы чоң дарбазалуу эки кабат карагай имараттын
кенен короосуна киришти. Короонун төрүндө терезелери бийик эки кабат конок үйү, сол
тарабында жабык акырлуу аткана; оң тарабындагы бир кабат карагай үйлөр конок үйүнүн
кызматкерлерине тиешелүү.
Тосо чыккан жээрде сакал, келте мурун, көк көз, эткээл кишиге:
— Кабыл ал, Никитич, кадырлуу конокторду. Кара кыргыздан генерал-губернаторго атайын
салам дуба менен келген кадырлуу меймандарды жакшылап конокто, — деп күлөбага салам
айтты Галим Ягудин.
— Рахим этиңиздер, губернатор таксырдын конокторун жакшылап күтөбүз. Түшүңүздөр.
Ефимка, конокторго ат байлануучу жайларды көрсөтүп, жүктөрүн түшүрүп, конок үйүнө алып
кел, — деп, тигил Галимди ээрчитип конок үйүнө жөнөдү.
Жигиттер куржун-кечелерин түшүрүшүп, малай Ефимканын жардамы менен аттарын
жайлаштырышып, көтөрүнө Галим Ягудиндин артынан жөнөштү.
— Ой, шумдугуң курган орустар, үйдүн үстүнө да үй салып коюшкан тура, — деп, таңдана
ээрчип баратты, жүүнү тирүү кара сур жигит Кыштообай.
— Кудай болтурса болот да, — деди анын жанындагы экинчиси.
Экинчи кабаттагы кенен бөлмөдө үч жыгач керебет коюлган. Саман толтурулган
матрацтардын үстүнө жууркан салынып, шейшеп жабылган. Жаздыктары дагы ак. Үйдүн
ортосуна узата жыгач стол коюлуп, жанында үч жыгач орундук турат. Кире бериштин бир
жагындагы жыгач кийим илгичке чепкенин, калпагын илип, топучан, тик жакалуу боз
кемселине курчанган кемер курун бошото жайланышкан Калыгул олтурат.
Жигиттер жүктөрүн тамдын түбүнө жөлөй, өзүлөрү мындай жайда биринчи болгондуктан
эмне кыларын билбей, ыңгайсызданып турушту.
— Олтургула силер да, эс алгыла чечинип, «Талаа жери кең жер, улуу кичүүгө тең жер» дейт
эмеспи биздин элде. Чоочун жерге да ошол макал төп келет. Отургула, — деди өз үйүндөгүдөй
жайма-жай олтурган Калыгул.
Мындай мартабалуу кишинин тең ата сүйлөп турганына ийиккен жигиттер орун алышты.
Эшик ачыла кирген Галим мырза:
— Аа, жай алдыңыздарбы? Кысынбай эс алгыла. Мен тамак-аштын жайын билип келем, —
деп кайра чыкты.
Жигиттер да керебеттерге олтуруп, өмүрүндө чоочун жерден мындай сыйды көргөнүнө, сөз
тапкыч чечендиги, көсөгөндөй таамай айткан көйкашка калыстыгы үчүн эл ичинде
кадырлуу, мартабасы арткан Калыгул менен бир үйдө сыйда отургандарына терилерине
батпай, кубанып отурушту.
Хан Ормон
— Ээ, Кудай айланайын, ушул жыгачтын үстүнө киши кантип жатат кулап кетпей, — деди
өзү олтурган керебетти колу менен таптап, момун жигит Эшим.
— Кулайм деп корксоң ычкырыңды сууруп, керебетке таңып коёбуз, — деп тамашалады
Калыгулду көп ээрчип, жер көрүп каныгып калган Кыштообай.
Жигиттердин сөзүнө мурутунан жылмайып олтурган Калыгул:
— Кыштообай, тиги куржундагы «мүлкүңдү» карадыңбы? Эртең жарым падышага
көрсөтөбүз, карап көрчү, — деди.
— Эки күндөн бери тынбай жүрүп келатабыз. Караганга да чоло тие элек. Кана, көрөйүнчү,
казактын ханы кантип келатты экен, — деп, ордунан турган Кыштообай куржундун
килиттерин чечип терезеге жакындатып, оозун ачып:
— Оо, өзүбүздүн карагайдын арасында жүргөндөй чайыр жыттанат, балакет, — деп эңкейди
да, — бүтүн бойдон эле келаткан экен, — деди.
— Бүтүн болсун, орустун жарым падышасынын үрөйү учпагандай кылып кебетесин, сакалбашын түзөп кой, — деди Калыгул.
Кыштообай Эшим экөө куржундун ичинен кездемеге оролгон чоң чаканын оозун ачып, үңүлө
карап жатышты. Эшик ачылып кирген Галим:
— Жүрүңүздөр, конок үйүнүн ашканасынан тамак ичели, — деди.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 23
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.