Latin

Хан Ормон - 12

Total number of words is 4002
Total number of unique words is 2293
24.2 of words are in the 2000 most common words
36.0 of words are in the 5000 most common words
42.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ийиктирип койгону үчүн генерал-губернатор алдында да баркы көтөрүлүп, Тархан наамын
алган. Бүгүн Кызыл-Жардагы Боронбай бийдикине жете конгону көңүлү жай баратат.
Тескей Ала-Тоонун бетеге, тулаңдуу апай беттери өйдөлөй берип, карагайлуу, борчуктуу
аскаларга улана келберсийт. Баш жагы жылаңач аска, ак мөңгүлүү чокулары булут челе
чалкаят. Мөңгүлөр алдынан сызыла чыгып, тоо арасынын тоңбос жылуу булактарын камтый,
агымын арбыткан көк кашка тоо суусу өзөндү көркүнө чыгара атырылып, Кызыл-Жар
капчыгайынан чыга көгөргөн көлгө сапарын улайт. Кол жээгинен оңго бурулуп, төтө жол
менен өр тарта келаткан жетегинде жүктүү төөлөрү бар эки жолоочу Файзулла Ногаев жана
анын малайы суу бойлой келатып, Кызыл-Жар капчыгайын өрдөөгө өтүштү. Төбөсүнөн асман
көрүнгөн көлөкөлүү капчыгайды өрдөй жарым чакырымча узагандан кийин көз алдыларына
суу бойлой эгин эгилген чакан өрөөн тартылды. Жолоочулар өзөндүн баш жагындагы
дүпүйгөн бактуу имараттарга бет алышты. Өзөндүн оң ыптасындагы жайыкта
жатакчылардын айылы, үч көөнө боз үй, эки жолум алачык, кемегелерден түтүн булап,
куурулган дан жыттанат. Сол жагын бойлой текши бышкан буудайда беш-алты киши орок
оруп, артында эки аял боолук салып, эки эркек боолап жүрүшөт. Аларга удаа бооланган
буудайды чөмөлөлөп эки эркек келатат. Ээр токумдуу өгүздөрдүн эки жагына баштары
бекитилген эки шырыктан жасалган чийнеге бооланып чөмөлөнгөн эгинди жүктөп, тестиер
балдарды мингизе бактуу имараттар алдындагы кырманга жөнөтүп дагы эки эркек келатат.
Кырмандын ортосуна орнотулган мамыны тегерете калың түптөлө башы менен жайылган
буудай сабактарынын үстүндө он чакты ат кошулган темин айланууда. Кара быштычан
тестиер бала темин айдап:
Оп-оп-оп майда,
Майда, майда, майда,
Эгиндери бизге пайда,
Самандары сизге пайда
— деп ырдай аттардын текши басуусуна көз сала кырманды чарк айланууда. Теминдин
четиндеги көк бышты желе таскактаса, андан аркысы желе басып, улам аркы түпкө
жакындарынын басыгы жайлоодо, эң түпкү мамыга — опко байланганы четки кырманды
айланып чыкканча араң кыбырап, мамыны тегерете бир айланууга гана үлгүрөт. Боз камсуп
көйнөгүнүн жонунан тери шоролонгон, малакайчан, жаргак шымчан орто жаштагы олбурлуу
киши колуна жыгач айры ала, аттардын туягынан жанчылган эгин катмарын көтөрүп, тегиз
басылышына көз салып турат. Кырмандан үч-төрт аргамжы бою алысыраак жарым тешече
жерди ээлеп алма багы дүпүйөт. Бактын өйдөрөк үстү балык жондоно жабылган, анча чоң
эмес терезелери айнектелген, эшик алды жыгач секичелүү эки там үй турат. Алардан 150—
Хан Ормон
200 кадам алысыраак жети байсалуу чоң короонун төр жагында эгин сакталуучу кампалар,
сол жагында үстү бастырмаланган аткана, ат байлануучу акырлар жайланышкан. Оң жагында
жапыс боз тамдарда ат багарлар, отун-суу алуучу малайлар турушат. Жемиш багынын алды
жагына кырмандан обочороок тигилген алты канат ак боз үй аштыкчыларга баш-көз болуу
үчүн көчүп келген Боронбайдын чоң уулу Кылычтыкы. Анын катарындагы эскирээк боз үйдө
аштыкчылар тыныгып тамактанышат. Ал аштыкчылардын кадырлуусу, иштин көзүн
тааныган, дыйканчылыкты да, багбанчылыкты да жетик билген Ыбырайымдыкы, Чүй
жактан ооп келип Боронбайды пааналаганына он чакты жыл болду.
Жайлоодон түшүп, күздөө конушунда отурган Боронбай бий аштык бастыруунун абалын,
там-тарагын көрүү үчүн бүгүн келген. Өзү менен кошо келген айылындагы эки-үч кадырман
кишилер менен маектешип, Кылычтын үйүндө. Эки кертим чакан жүк жыйылган үйдүн
төрүндө кара саксак көлдөлөң үстүндө жашы алтымыштан ашса да боюнан эр туушу оой элек
сары чийкилинен келген толмоч Боронбай бий отурат. Ногойчо тигилген бозомук нооту
кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото күрөң баркыттан шырылган топусун желкеге
оодара кийип, кырма аяктагы сары каймактаган таруу бозодон кере жута дасторконго коюп,
сыйда серпилген сейрек жээрде мурутун жаный, сакалын сылай ойлуу отурат. Маңдайы
жайык, кабагы тайкы, келте кырдач мурун, суйдаңыраак узун каштуу, сүйрүрөөк сурмасыз
сургулт көздөрүнөн жашоонун жыргал-кууралын, мүшкүл-машакатын таразалаган акыл
илеби жанат. Бийдин оң тарабында отурган көк ала сакал, калпагынын алдынан тепчиме ак
топусун чыгара кийген, карасурунан келген кырдач мурун салабаттуу карыя аягындагы
бозону түгөтө жутуп:
— Бали, Ыбырайымдын байбичеси бозону түзүк ачыткан экен, таңдайда каймак татып,
бойду жибитти. Мына бул да дыйканчылыктын үзүрү, — деп мурутун сылады.
— Буудай нанды айтпайсызбы, бейиштен келген ак буудайдыкы, — деп нандан үзүп оозуна
салды, анын жанындагы кызыл чийкил кара сакал эткел киши.
— Баба дыйкан колдогон бийдин эгини быйыл өтө түшүмдүү экен, — деди анын катарында
отурганы.
— Атаганат, буудай нан ар бир үйдө болсочу, — деп сөзгө аралашты сары чийкил жээрде
сакал салабаттуу киши.
— Кайдан жүрүп ар бир үйдө болсун, эгин эккенге жатакчылардан башка эч кимдин мойну
жар бербесе.
— Алдуулар Чүйдөн, Кашкардан ташып келип алышат. Алсыздар ак менен, эт менен күн
көрүшөт, жайкысын жер тырмалап, эгин эккенден көрө, жайлоолоп кымыз ичкенди жакшы
көрсөк, эгин өзү эгилип бермек беле, — деп беркинин сөзүн чечмеледи бийден төмөн
отурган, жээрде сакалы жайкала төшүн жаба, муруту суналган, коңкогой мурун чекир көз, боз
пиязы чепкен, ак калпакчан сыпаа киши,
— Жатакчы, ороочу деп жериген болобуз кымыз уулап тоодо жүргөндөрүбүз. Ошол ороочу,
жатакчылардын курсагы ток. Өзүнүкүн эксе да, өзгөнүкүн эксе да ороосунан эгини үзүлбөйт,
— деп жанындагы киши жолдошунун сөзүн ырастады.
— Куру намыс шайтандын азгырыгы. Мына, карачы, бийдин эгинин эккендердин эгини да,
малы да, мингичтери да бар, — деп жылма кошомат айтты отургандардын бирөө.
— Бийдин буудайынын үстүнө тебетей ыргытса түшкүс болуп турган экен. Буюрса ак төөнүн
карды жарылгандай эле береке болот деген ушул, — деди Боронбайдын оң жагында отурган
көк ала сакал карыя. Отургандардын сөзүнө кунт коюп угуп отурган Боронбай бий:
— Ар ким алы келишинче тырмалап эгин эгип, мал-тегесине жем-чөптү өзү камдап алганга
үйрөнөр күн гана. Көптө болсо... — деп сөзүн бүтө электе эшиктен кирген жигит;
— Бий аке, Байсылда абсий келди, — деп ийиле кабарлады.
— Аа, Байсылда мырза келген экен да. Ат ылоосун жайлаштырып, өзүн мында кийиргиле, —
деп ордунан козголо оңдонуп отурду.
Боз үйдөн бир аз обочо кемегеге асылган казанда бий келгенде мууздалган кыркыла элек
күрпөң улактын эти кайноодо. Бир тынымдан кийин ат ылоолорун короого жайлаштырып,
санаасы тынган Файзулла Ногаев Боронбай бийдин үстүнө салам айта кирди.
— Ассалому алейкум, хурметли бий ва кутлу бугунун хадрлы адамлары, — деп оң колун
төшүнө баса ийилип, эшик ача киргизген жигиттин алдында турду Байсылда абсий атанган
Орусия тыңчысы Файзулла Ногаев. Боронбай жана анын эки жагындагы салабаттуу
карыялардан башкалары жапырт орундарынан турушту.
Хан Ормон
— Алейкума салам, урматтуу мырза, ат көлүгүңүз аман, арыбай-ачпай келдиңизби? Мындай
отуруңуз, — деп ак сакалдардын жанын жаңсады бий. Файзулла баары менен кол алышып,
бийдин жанындагы ак сакалдардын катарынан орун алгандан кийин:
— Аллахи акбар, Аллахи таала аммасни эсен сактагайлар, — деп алакан жайды. Отургандар
жапырт «оомийин, Аллоху акбар» деп бата тилешти. Бата тиленип, өз ара баш ийкеше
эсендешкенден кийин:
— Суусун келтиргиле, Байсылда мырзага, чаңкагандыр жол келген неме, — деп үй ээси
Кылычка ээк какты да: — Ии, кандай катын-бала, мал-жаның эсен жаткан бекен? Губурнадыр
улугун кандай экен? — деп Файзуллага суроо жөнөттү Боронбай бий. Кыргыз ичинде кыйын
иш менен көп жылдардан бери жүрсө да, кыргызды кыртышы сүйбөгөн Файзулла тыңчы
кыргыз тилин сүйлөөгө үйрөнө алган эмес. Эптеп түшүндүрүүгө далбастап татарча, өзбекче,
кыргызчаны аралаш сүйлөй берет.
— Кудаага шукри, демликлармиз бий ака, хатун-балалар жами эсен турипти. Генералгубернатор Гасфорд төрө сизге салам йолдады. Өзиңгизге презент билалари бар. Оларни
шашилмай көрсөтөргө. Көп-көп хызыкли хабарларимиз бар. Худаа кааласа аммасини
өзиңгизге геплап берерге, — деп сунулган аякты алып, бозодон кере жута аякты дасторконго
койду. Бир жигитке чара көтөртүп кирген Кылыч:
— Шорпону татып көрөсүңөрбү, эт бышкандай болду, — деп атасына аяк сунду. Шорпону
татып көрө бий: «Дурус экен» деген соң тегиз шорпо ичиле баштады. Колго суу куюлуп, эт
желип, ак серке ичилгенден кийин, Кылыч тестиер уулун алдыга чыгарып, бата сурады.
— Оомийин, Аллоху акбар, өрүшүңөр кеңейип, өркүнүңөр өссүн, айдан аман, жылдан эсен
болгула, — деп бий бата берди. Отургандар жалпы батага кошулушту.
— Ал-жайды көрдүк. Иншалла, бир жумадан кийин чеч кор өткөрүп, кызыл сузабыз.
Ишиңерге ыракмат, Ыбырайым мырза. Орокчу аштыкчылардын тамагына кысынбагыла,
уулум Кылыч, адал маңдай терин төккөндөрдүн эмгегин сыйлагыла. Кудай ыраазы болсун.
Кана эмесе, биз аттаналык. Байсылда абсийдин мал-пулдарын кудай аманат үжүрөлөрдүн
бирине жайлаштырып койгула. Каалаганда алып соода-саттыгын жүргүзө бергендей болсун.
Өзү биз менен өйдөкү айылга барат, — деп бий ордунан турду. Баары тышка чыгып
серүүндөп, отко коюлган аттарды алып келгиче бак аралап, Ыбырайымдан багбанчылыктын
жайын угушту.
Күздөө конуштагы Боронбай бийдин айылы. Азем менен жасалгаланган жүз баштуу ак боз
үйдүн төрүндөгү аюу талпакта Боронбай бий, орус губернатору тартуулаган күрөң баркут
халатты жамынып отурат. Бийден бир аз төмөнүрөөк Файзулла, төрдүн эпчи жагында
Боронбайдын улуу аялы Алым байбиче орун алышкан. Элүүдөн ашып калса да аялдык
сымбаты калыбында, маңдайы жайык, таноосу кененирээк кырдач муруну, ийилген кара каш
алдындагы коймолжуп кара көзү, эптүү бүйрүлгөн эриндери, ак жуумал субагай жүзү, ээк
алдынан кылайган ак богогу жеңил кийме элечегине жараша байбиченин чырайы сөөлөтүнө
төп келип турат. Башында жеңил кийме элечек, жука күрөң баркут кемселине өңдөш сайма
белдемчи байланган, сыңар тизелей отуруп, эркектердин сөзүнө кулак төшөөдө.
— Губурнадырыңыздын белек-тартуулары түзүк экен. Аны кечөө кечинде эл көрдү, көргөнү
жакшы болду. Эми орус жайынан, ага букара болгондордун жайынан кеп уруңуз, Байсылда
мырза, — деди Боронбай бий.
— Иншалла, ярай, якшилик яидан геп урарга. Мен мурда ям айтып юр эдим гой, Урус яман
түгүл. Ал үлкен эл. Унер-билими ускан эл, завуд-фабрикалари, университетлери, академиясы
бар, көп кабатли там үйлөрү, — дегенде, Боронбай бийанын сөзүн бөлүп:
— Буларың менин жадыма түшпөй турат абсий, аларыңа тилим да келбейт, мага керектүүсүн
айтчы. Букара болуп орус амирин туткандардын абалы кандай? — деди.
— Букара түгүл, подданный императорнын амирин туткандар жуда көп миллатлар: татар,
башкурт, удмурд, калмак, өтө көп хисаб йетмайлар. Аммаси тыныч оокатларини өткөрөди,
балалары билим алады, үнар үйрөнөдү, караңгылыктан кутулуп, таза, овкатли турушади.
Окуб улуг булган угулдари ям бар, — деп орус букарасы болуунун артыкчылыгын
далилдөөгө аракеттеңди Файзулла.
— Мунуңуз дурус дейли. Кичүү жүз, орто жүз казактарын жеринен сүрүп чыгып, чеп куруп,
мужуктарын көчүрүп келип атат дегени кандай? — деп Боронбай бий күдүктөнүп турганын
билдирди.
Хан Ормон
— Ич ким, ич кимни сүрмөйт түгүл. Мен сизга геп уруп юрмун гой, мына биз татарлар,
башкуртлар үч жүз жыл урус амирини тутамыз. Казандан, Өфадан бизларни ич ким
сурмадилар, — деди Файзулла.
— Чокунгандарчы? Орустар букараларын чокундурат дейт го.
— Ич кимни зорлап чокундурмайды. Шайтан азгырыгына кирип, чокунгандар бар. Олар
совсем аз, — деди бир аз кыстала түшкөн Файзулла.
— Ботом, татар, ногойдон бөлөк сапсим деген да эл барбы? — деп таңыркады сөзгө кулак
төшөп отурган Алым байбиче.
— Байбиче, ол бир сөз го. Урус сөзүдүр. Нечайно айтылып кетти, — деп жооткотууга
аракеттеңди Файзулла. Мурдагысын тактайм деп дагы бир чоочун сөз уккан байбиче дагы
сурайын деп бийден айбыга тим болду.
— Байбиче сөздү бөлбөчү, — деп Алымга көз кырын жиберди бий.
— Байсылда айтчы, силер татар, ногойлор, өзүн айткандай, үч жүз жыл орус менен камыржумур болуп көнүп калгансыңар. Биз сыяктуу көчмөн казактардын жайын айтчы, — деди
Боронбай.
— Орынбор, Орол казаклары уруслар билан чеклаш көчүп-конуп уйрадилар. Олар Аблай хан
увагидан бери урус амирини тутшади. Мунан алтымыш жыл илгери ол хан болганда падыша
хатун Екатерина ога грамота бергенлер. Кигин Абулхаир хан ям уруска ыклас кылган.
Падыша оларга йардам итканлар. Ушбу махалда Аблай хан уулу Валиханнын, Самеке, Буей
ханларнын урпаклари падышага хисмет өтөп, чин алып, төрө болуп юрадилар. Ич ким
йаманлик курадилар, — деп чебеленди Файзулла. Боронбай бий үн дебей көзүн жума ойлуу
мостоет. Кожоюндун ынана бербей турганын байкаган тыңчы:
— Оо, бий аке, сиз хам санабаңыз. Мен тавир айтып турмын, тузларни татып йурмунгой, —
деп чебеленди.
— Аблай хандын уулу Касым төрөнүн балдары орустан сүрүлүп, Сыр-Дарыя боюнда Кокон
ханын пааналап жүрүшкөнү кандай, — деди бий көзүн ачып-жума ойлуу отурган калыбында.
— Оо, бий аке, бул узак гап дур. Касым төрө ва онын уулдары Эсенгелди, Саржан казакларни
Урусиядан совсем ажыратып алып, узумизче казак уч юзуни бириктирип хан боломуз деп
бунт чыгарып йурадилар. Болмаз иш. Уруслар сибирден кетмайлар. Шахарлар, крепостлор
куруп, көп аскер күтүп турадылар. Казаклар камчы, таяклари билан уруснын замбираклариге,
көп атар винтовкаларига каршы не кыладилар башка сыймаз иш. Ойланып акылбилан иш
йазаганлар орыстан пайда көрүп турадилар, — деп бийге көз кырын жиберди, сөзүм таасир
эттиби деген ойдо кысталыңкы отурган Файзулла.
— Анда эмесе ошол орустан сый көргөн казактар жөнүндө кеп уруңуз, — деди бий.
— Оо, Бий аке, сый көрүп турганлар совсем көп гой. Аблай ханнын уулу Вали хан өзү, амма
ууллари орыска кызмат кылышады. Полковник чинлерини алган неверелари кадет
корпусларида окуп, төрө, офицер болодилар. Башкалари да окып, бай адамлар болып
турарлар. Валиханнын айели Айганым байбичеге падыша йарлиги билан эки кабат ак үй
куруп бердилар. Андай үйдү кыргызлар көрө элек. Анжиян, Наманганда ам ондай үйлар
йокдур, — деди Файзулла бул сөздөрүм жетти го деген маанайда, мурутун сылай ондонуп
отура.
— Түзүк, түзүк, орусча окугандарды чокунтат го, — деп күдүктөндү Боронбай бий.
— Йок. Бий аке, хадариңгиз жан болсын. Ич кимди чокунтмадилар, орусча окуп, мусулман
динини тутуп жүрө беришади. Айыллларда намаз окуп, ураза тутуп, мусулманчиликте болса
өз эрктери. Исламни тыймас тугул. Омбуда мусулманларнын мечити бар, — деп сөзүн
ишенимдүү улады Файзулла. Йаш балалари орыс-тузем мектебларида окуп, онан мыктылари
Петербор, Маскөөдөн окуп төрө, чиновник болышади.
— Атаганат биздин Түркмөн да ошол Битирбордон окуса ээ, — деп астыртан бийге көз
жиберди Алым байбиче
— Баары Кудаанын колунда, көрө жатарбыз, — деп бий сөзүн бүтө электе эшик ачылып:
— Бий аке, аттар даяр болду, — деп ийиле таазим этти бийдин ат кошчу жигити.
— Аа, ошондойбу, Самсаалы бий түштөнүүгө чакырбады беле. Ошол жакка аттанабыз.
Байсылда абсий сен да жүр биз менен, — деп ордунан турду, байбиче кошо козголуп, күмүш
ала баканда илинүү турган күрөң нооту чепкенин кийгиз дегендей жигитке ишарат этти да,
баш кийимин өзү кийгизди. Бий Байсылда кийгизген генерал-губернатордун сый халатын
чечип, жигиттин колунан күрөң нооту чепкенин кийип, камчысын алды. Жигит илбериңки
эшик ача, Боронбай бий Файсылданы ээрчитип, Самсаалы бийдикине түштөнүүгө аттанды.
Хан Ормон
ПАРВАНАЧЫ
1838-жыл. Тогуздун айынын баш чени.
Хан чакырыгы менен Коконго сыйга келүүдөн Ормондун сыпайы баш тартуусу ордонун
кооптонуусун арттырды. Бухара эмиринин Коконго кол салуу коркунучу ашкереленип, ордо
төбөлдөрүнүн ички кутумдары күчөп турганда, бул катаал, кайраттуу жана чечкиндүү
кишини айла менен колго алып, Аркадагы кыргыз урууларына хан бийлигин туттуруу үчүн
пайдалануу ордого зарурат эле.
Бишкекке Кады кеңешчи баштаган Кокон өкүлдөрү кечөө кечинде келип түшүшкөн.
Бишкек чеби. Тогуз байсалуу коргон чептеринин төрт бурчундагы кароол мунаралары
алыстан көзгө урунат. Коргонду тегерете аң казылып, коргондун ичинен мылтык атууга
ылайыкташтырылган көзөнөктөр калтырылган, төрт бурчуна төрт замбирек орнотулган.
Чептин төр жагындагы чыгыш архитектура стилине түспөлдөш салынган терезелери бийик
имаратта чеп башынын иш бөлмөсү, турагы, анын катарында мейманкана жайланышкан.
Чептин ички эки тарабындагы жапысыраак там үжүрөлөрдө сыпайлар, сарбаздар турушат.
Кире бериш эки тарабында атканалар, орто жерине мечит жайланышкан. Бийик дарбазанын
эки жагында куралдуу сарбаздар турушат.
Чеп ичиндеги Алишер бектин мейман күтүүчү үжүрөсү, бийик керегелери акталган, төбөсү
оюу салына кынаптала сырдалган, кире бериште беш-алты кадам көлөч чечүүгө
калтырылып, ары жагы төрүнө чейин жарым кез бийиктикте такта көтөрүлүп, үстүнө перси
килемдери төшөлгөн. Төрт тарабын айланта атлас төшөктөр салынып, арка төшөөчү чакан
жаздыкчалар коюлган. Жашыл шалпар жабылган төрт чарчы жапыз үстөлгө дасторкон
жайылып, дүюм даам коюлган. Эртең мененки намаздан кийинки чай. Төрдө айтылуу хан
кеңешчиси Кады, ага катар чеп башы Алишер бек отурат. Элүүнү аралап калган тегерек бет,
сары чийкил, жазы маңдай, куш мурун, коюу кара каштуу, амалдуу күлүңдөгөн алагар
сурмалуу көзү, жумурулана тегизделген кара сакалы, кыскарта серпилген мурутуна
жарашып, сыпаа кымтылган калың эриндерине төп келип турат. Башында азем оролгон
сургулт чалма, тик жака ак кемселинин сыртынан жука суп чепкенди желбегей жамына
отурган бек бөйрөктүү ак чайнектен чай куюп, а дегенде өзү ичип, экинчисин Кадыга узата:
— Чайга караңыз, урматтуу Кады аке, кандай, беймарал дем алдыңызбы? Келгенден бери
жай отуруп баарлаша албадык, — деп жайдарыланды. Илбериңки кыймылынан, күлүңдөгөн
көз карашынан тымызын кошомат сезилет. Биринчи пияланы өзү ичкени Ордодо илгертен
келаткан салт, сыйлаган болуп уу берип коюунун кесепетинен улам калыптанса керек. Кады
кеңешчи чыныны алып, бир ууртап дасторконго коюп:
— Рахмат бек, түзүк дем алдык, жайыңыз бакубат экен. Өзүңөр кандай турасыңар? Кыргыз
туугандар менең алакаңар кандай, салыктар, зекет пулдар убагында жыйналып турабы? —
деп суроо узатты Кады кеңешчи.
— Кудаага шүкүр, Кады аке, салык, зекет орду менен жыйналып турат. Кыргыз туугандар
менен мамиле ар кандай. Чүй боорундагы Атаке сарыбагыш, солто жана башка майда уруулар
Кокон амирин тутат деп айтууга болот. Солтодо Жангарач бий элине алымдуу, ордого
мамилеси хам түз киши. Атаке сарыбагыш бийи Жантай жуда татаал киши, ары жактагы
сарыбагыш мыктысы Ормон тууганын карап кылчактай калат. Ормон катаал да, чечкиндүү
да, өзүм билем деген жуда коркунучтуу киши, жоруктары ордого маалым. Кийинчерээк
Жумгал, Талас, ал эмес Чүй өрөөнүнүн мыктылары да Ормонго ийигип турган учурлары
болот. Өткөн жылкы кыргыз курултайында Ажыбек датка Ормонго баш бий болуучу өз ордун
берип, аны Коконго көрсөткөн айбаты үчүн мактаптыр. Бизди курултайына чакырышпады.
Бул менин оюмча кооптуу иш. Саяк бийи Медет датка да Ормонго ыктап турганын байкоого
болот. Бугу уруусунун билерманы Боронбай бий Ормон менен куда болду. Бирок бугу
уруусунун ичинде орус тыңчысы татар Файзулла Ногаев соодагер кейпин кийип, эл аралап,
Боронбайды орус букарасы болууга үндөп, Ормонго да, Коконго да каршы тукуруп жүргөнү
байкалат. Бул иштин келечеги өтө коркунучтуу деп ойлоймун, — мейизден чымчып оозуна
салып, чай ууртап, Кадыны карады.
— Ормондун Кокон бийлигине каршылыгы жана анын таасири кыргыз урууларынын
арасында күчөп баратканы тууралуу маалыматтар айрым ишенимдүү кишилерден ордого
келип турат. Бирок айрым кооптуу жагдайларды эске алып, Ормон менен мамилени
жакшыртууга мажбурланып жатабыз. Ормонго парваначы наамын берип, анын таасирин
Арка кыргыздарын башкарууну жеңилдетүүгө пайдаланууну чечти таксыр ханыбыз, — деп
чеп башы бекке сынаакы көз жиберди Кады кеңешчи.
Хан Ормон
— Таксырдын жарлыгы албетте туура деңизчи. Ошентсе да Ормонду тутуп, «көзүн тазаласа»,
кескин чара көрүлсө, кыргыздардын үшү качып, ордо бийлигинен баш тарта албай калар беле
деп ойлоймун, — деди Алишер чалмасынын маңдайын өйдө экчей оңдонуп отура.
— Оо, бек, абайлаңыз, бул иштин өзөгүндө үч жагдайды камтыган татаал саясат турат.
Биринчиден, өзүңүз айткандай орусия бери жылып, тыңчылары аркалуу кыргыз урууларын
бир-бирден колго алууну көздөп турса, Орусия менен салгылашып турган Кенесары
султандын кыргыздарды өзүнө кошуп алуу максаты бар, анын көзү ордого түз эмес. Агалары
Эсенгелди менен Саржандын баштарын Ташкендеги Кокон кушбеги Бегдербек алганын ал
унута койбос. Ордого баарынан күчтүү коркунуч Бухара жактан келатат. Насрулла амир
Коконго кол салганы азирленип турганы жөнүндө ишенимдүү маалыматтар бар. Ал Шахрук
бийден бери 131 жыл бийлик күткөн “Алтын бешик” мураскорлорунун бийлигин кулатып,
Коконду Бухара амирчилигине кошуп алууну каалап турат. Эл ичинде, ордодо анын
кишилери бар. Ушак таратып, кутум түзүү аракетин көрүп жүрүшөт. Кээ бирлеринин бети
ачылып, жазага тартылууда. Ушундай шартта Аркада Ормонду кармоо жаңжал отун
тутандырат, эң чоң кесепет болору бышык. Ушул жагдайларды эске алуу менен жети өлчөп
бир кесип отуруп, Таксыр ханыбыз Ормонду колго алып, анын таасири менен Арка
кыргыздарына амирин туттурууну чечти, — деди Кады узун каштуу бийик кабак алдындагы
курчу тунарган көзүн ачып-жума чайдан ууртай.
— Башка арга жок болсо кантебиз. Ормонду колго алып, пайдалануу туура экен да, — деди
Алишер бек хан чечиминин туура экенин түшүнгөнүн билдирүү аракетинде Кадынын
кирпигине көз жибере.
— Кеп ушундай, бек, — деп чайдан ууртап, мандашын түзөй, көзүн жума бир аз ойлоно
калган Кады сөзүн улады. — Айтмакчы Ажыбек, Медет даткаларга, солто, сарыбагыш
бийлерине хан жарлыгына ылайык кабар жибергендирсиз, — деди.
— Таласка, Жумгалга кабар жеткирген чабармандар мурдагы күнү кайтып келишти. Медет,
Ажыбек даткалар эртең келип калар. Жангарач, Жантай бийлер менен сүйлөшүлгөн.
Эртеңкиге киши жиберсем деп турам, баарын чогуу күткөнүм дурус го. Ормон да эртең келип
калышы ыктымал, ага жиберген чабарман да келген. Куда кааласа улук жарлыкка ылайык
кыргыз уруу билермандарын, иншалла, эртеге баш коштуруп каларбыз, — деди Алишер бек.
— Мунуңуз дурус. Кыргыз бийлерин кандай кабыл аласыз?
— Мейманкананы азирлетип койдум. Аш, анан кебаб жасатармын, кымыз болор,.. мусалла, —
деп жылмая казыны карады бек.
— Мусалланы коюң. Ордо кишилери мусалла ичет экен деп кыргыз арасында кеп болот.
Андан көрө кыргызча өргө көтөртпөйсүзбү, ошол үйдө кыргызча сый көрсөтүп,
мейманканада өзбекче сыйлаңыз. Кеңешибизди болсо иш үжүрөңүздө өткөргөнүбүз оң
болор, — деди Кады.
— Аны ойлобоптурмун, үй табылат, тиктиребиз, — деп жапакечтенди бек. Чайга бата
тиленип, Кады бекти ээрчитип, чептин чарбасын көрүүгө кыдырып кетти.
Чептин дал ортосундагы бош аянтка боз үй тигилген. Ички, тышкы жасалгалары мартабалуу
кыргыз манаптарынан кем эмес. Бир кана айырмасы жүк жыйылбастан, керегелерге ич
жагынан килемдер каланып, үйдүн алдына тактай төшөлүп, ала кийиздер салынган. Төрдө
капшытта кара саксак көлдөлөңдөр салынып, экиден чакан жаздыкчалар коюлган.
Чепке кечээ түш оогандан кийин удаа келип түшкөн Ажыбек, Медет даткалар, аларга бүгүн
эртең менен келип жүздөшкөн Жантай, Жангарач бийлер боз үйдөн сый көрүп, келери
жакындап калган Ормонду күтүп отурушат. Күз маалы болгондуктан дасторкон үстү сары
өзөн Чүйдүн мөмө жемиштерине мол.
Төрдө баарынан жашы улуу, улгайса да эр туушу боюнан кайта элек сымбаттуу Ажыбек датка
ак суп чепкен ичиндеги кара кемселине мата белбоо курчанган, башында кырбуусу тайкы ак
калпак, ак сакалы жайкалып төшүн жаба өскүлөң каштуу бийик кабак алдындагы курчу кайта
элек алагар көздөрү сабырлуу тиктейт, чайдан ууртап, салабаттуу отурат. Анын оң тарабында
жашы элүүнү аралап калган, кең далылуу, жазы маңдай, субагай жүздүү, кырдач мурун,
кабагы тайкыраак, сурмалуу кой көздөрүнө ой уялаган, кара сакал, мурутун ак аралай элек
Жантай бий отурат. Башында кара баркыт кыюланган ак калпак, көбөлөнгөн ак пиязы
чепкенинин ичинен кийген тик жака ак кемселине курчанган күмүш кемерин бошото, көңүлү
жай сыяктуу. Ажыбектин сол тарабында шыңга бойлуу, мойну узунураак, кара сурунан келген
субагай жүздүү, кырдач мурун, бакырайган сурмалуу кара көздөрүнөн жагымдуу акыл учкуну
жанган, сакал-муруту сыйда, жашы кыркты аралап калган Жангарач бий отурат.
Хан Ормон
Алдыларында памили чай куюлган ак чынылар, көптөн бери көрүшө элек журт аталары
баарлашып отурушат.
— Кудаага канимет, жер алыс, ар кимибиз ар жерде көчүп-коно, тиричилик менен алп
урушуп, жылдар өтө бирер жолугушабыз, журт байгерчиликтеби? Сары өзөн Чүйдүн аштыкчөбү кандай? Жерге тер төгүп, дыйкан болоюн деген эл барбы? Береке байлык жерде экен го,
— деп кызара бышкан тандыр нандан сындырып оозуна сала, чай ууртады Ажыбек датка.
— Бирин-экин бар ар бир айылда ороочулар. Мал-тегеси аздар жатакта калып, эгин эгип,
буудай, арпа, сулудан арбын түшүм алгандар бар. Ошолор көптү багып турушат. Алар да жержемишти чанда эгишет, — деди Жангарач бий.
— Ооба, ошол эле жатакчы, орокчулар баарыбызды багып турушат. Куру намыс этип аларды
«ороочу» деп жеригендер күзүндө ошолорго союшун берип, эгин сурашат, — деп күлдү
Жантай бий.
— Албетте кыргыз баласына малдан, жайлоо, жайыттан айрылууга болбойт дечи, ошентсе
да ар бир түтүн жер ээлеп, кыштоолорун ар кайсы кокту-колотко эмес, түзөңгө түшүрүп,
айыл-айыл кыштоолорун бириктирсе деген ойго кетем кээде, — деди Жангарач оюм жагабы
дегендей Ажыбекке көз жибере.
— Оо, бул бар кеп. Жангарачты түйшөлткөн ойлор менин да жадымда жүрөт. Элди
дыйканчылыкка үйүр алдыруу абзел. Бирок, саратан жайда аптапка какталып ойдо
отургандан көрө, көчүп-коно мал менен күн көргөн эл оңой эле жерге отура койбойт го.
Ошентсе да бара-бара малына жем-чөптү өзү камдап алууга өтөр деп ойлойм. Жашоонун нугу
ошого түртүп турат го, — деди Жантай бий, бошогон чынысын узата.
— Муназалуу сөз, — деп чай куйган жигитке астыртан көз кырын жибере сөзүн улады
Ажыбек бий. — Бир коркунучту туйгандай болом кээде. Бирер жылдар өтө эгинканалуу
жерлер өзгөлөрдүн колуна өтүп, элибиз тоо, таш арасында калабы деген ой жүрөгүмдү өйүйт,
— деди да, бир тынымга тунжурай отурду.
— Айтсаңыз, датка аке, кандай коркунуч, ой бөлүшүп отуралы, — деп малдашын түзөй,
илбериңки обдула сөзгө үйрүлдү Жангарач бий.
— Мына сары өзөн Чүйгө чеп курулганы сарт туугандар келип, там салып, жер ээлей
баштады. Жылдар өтө дагы арбыйт. Динибиз бирге, дилибиз бирге тууган элбиз го. Ошентсе
да азыртан булар менен ымалалашып, жерге ээ болууга аракеттенбесе, келечек кандай
болоруна көзүм жетпейт. Калыгул олуя айткандай, орус келатат, узун чөптү оруп, кыска чөптү
коруп келатат. Узун кулактан укканыбызга караганда казактарды жапырып, чеп куруп,
береке төгүүчү жерлерге мужуктарын көчүрүп орундаштырып, казак туугандарды сүрүп атат
дейт. Бери жыла кыргыздардын жерине да кызыгып турушабы деп ойлойм, — деп
тунжурады көптү көргөн кыраакы датка.
— Орустарды токтотууга казак туугандардын чамасы жетер бекен? Аблай хандын небереси
султан Кенесарыны хан көтөрүп, үч жүз биригип орустарга каршы кол курап урушуп атат деп
угулат, — деди ар нерседен кабардар Жангарач бий.
— Казактар арбын эл эмеспи, Аблай хандын туусун көтөрүп биригишсе, Букара, Кыйва, Кокон
сыяктуу эле өзүнчө хан күтүп алышар беле деп ойлойм, — деди хан бийлиги жөнүндө, Ормон
менен санаалаш жүргөн Жантай бий.
— Кичүү жүз казактары Абылкайыр хандын тушунда эле Орусиянын катын падышасынын
букаралыгына өткөн тура. Аларды Кенесары султан кайра алышы кыйын иш го, — деди
жакын турган казактан кабары көп Ажыбек датка.
— Кенесарыны хан көтөргөндөн бери казак колу арбып калды. Орустарды чебинен кууп
чыгып, Акмолону ээлеп алышыптыр деп угулат, — деди Олуя-Ата, Мерке казактары менен
алыш-катышы бар Жангарач бий.
— Эл бириксе чоң күч эмеспи. Жантай бий айткандай, казактар илгертеден хан күткөн
ордолуу журт эмеспи, деди баятадан сөзгө аралашпай отурган Медет датка.
— Көз жетпейт, казактар биригип хан көтөргөндө бизге кандай болоруна, — деп бир аз
ойлонуп турду да, — чоң атасы Аблайдын жолун жолдосо кыйын болор бекен дейм. Тууганча
биригели дебей, зордук менен келер бекен, — деди Ажыбек датка.
— Садыр, Жайыл баатырларды шейит кетирип, жазыксыз миң түмөн кишилердин каны
төгүлгөн мүшкүлдү экинчи эл башына салбагай экен жараткан, — деп жакасын кармай тобо
келтирди Медет датка. Бул сөздөрдөн кийин үй ичи бир тынымга тунжурап үнсүз боло калды.
— Кандай дейсиз, датка аке, кыргыздарды тыштан бирөөлөр каптап кирсе, Кокон калканч
боло алар бекен, — деп Жантай Ажыбекти карады.
Хан Ормон
— Болор эле го, болор эле го, эгер өзүнүн иши оң болсо. Азыр Кокондун кедери кетип турган
кези, — деп чай ууртай башын чайкады да, сөзүн улады. — Өткөн жылдагы топ жыйында
Ныязбек бийдин уулу Ормондун биригели деген сөздөрү жадымдан чыкпай жүрөт, — деп
тунжурай көз алдынан өткөндүн оомал-төкмөл окуяларын чубатып тургансыды, Кокондун
жайын коен жатагынан бери билген карыя датка.
Бир тууган карындашы Нарбото бийдин иниси Хажынын аялы болгондуктан, ал Алим хан
убагында ордого жан-дили менен кызмат өтөгөн. Тактыны талашат деген ичи тарлык менен
Алим хан Хажыны өлтүргөндөн кийин, карындашын эс кире элек уулу Шераалы менен алып,
түн ката ордодон чыгып кеткен. Мына ошол күндөн бери эр ортонуна жеткенче Шераалыны
хан тукуму экенин билгизбей асырап жүрөт. Азыр да Алтын бешик ордосу, дин ислам үчүн
карысы казык болгончо кызмат өтөөгө ынтызар. Нарбото бий көтөргөн ордого ниети ак.
Акыры Арка кыргыздары да ордого толук биригет деген ойду багып жүрүчү эле. Бирок азыр
ордодон көңүлү кайт болуп турган кези. Мадали атасындай кыраакы өкүмдар боло албады.
Адилеттиги, кайраты жетише бербей, эл ичинде баркы жок. Анысы аз келгенсип, напсиси
кургур, атасы Омор хандын жаш жесири, кичи энеси ханыша айымга никелешип,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 13
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.