Latin

Хан Ормон - 18

Total number of words is 3920
Total number of unique words is 2109
28.2 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
47.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кармай Моңош карыя чекесин таяна жер карады. Үй ичин үнсүз тунжуроо басты.
— Кудая тобо, өз чебин коргой албаса Кокон эмнеге отурат ал жерде? — деп башын чайкай
Жангарачты карады Моңош карыянын оң жагында отурган жээрде сакалын ак аралай
баштаган сары чийкил, чекир көз, салабаттуу киши.
— Ээ, аба, ала чапандар коркогураак эл болот. Алар аз, Кокон алыс, анын үстүнө Меркенин
беги сылаңкороз, кайратсыз сайпана киши көрүнгөн. Ал Кенесарыга каршы чыгууга батына
албайт. Чептин капкасын ачып, баш ийип берүүсү толук ыктымал, — деди Жангарач бий.
— Капканын алдындагы кыргыз туугандарга кыйын болгон экен. Эми ошол алааматтан элди
сактоо керек, — деп Жангарачты карады Моңош карыя.
Хан Ормон
— Албетте иш чукул кирип келген тура. Айылдардын баарына киши чаптыргыла. Карыкартаң, жаш аялметтердин баарын тоо таянта көчүрүшсүн түнү бою. Бүгүн кеч бешимде
биздин айылдын үстү жагындагы жапсарга айыл билермандары, найза сайып, кылыч чабууга
жарай турган эр бүлөлөрү менен чогулушсун. Убакыт тыкыр, түнү менен жоо басып калышы
мүмкүн дегиле, — деп Жангарач жанындагы москоол сары жигитке буюрду.
— Куп болот, азыр эле бирден жигитти айыл-айылга жиберемин, — деп шарт эшикке жөнөдү
бийдин жигит башысы.
— Эми силер тезинен Кеминге жөнөгүлө, түн болсо да кабарлагыла Жантай бийге. Камылга
көрөлү. Эртең шашкеге жетпей мен да бул жактагы аттуу, баштуулар менен жасоо кайрып
барып каламын. Бийге ылайыгы келсе Токмоктун алды жагынан кездешкендей бололу.
Бизден салам дуба дегиле, — деп Кожоянга кайрылды Жангарач бий.
— Биз Ысабек мырза экөөбүз азыр эле жөнөйбүз. Келатканда Бишкектин бегине кайрыла
келгиле, Кенесарыга каршы бизге жардам бере алат бекен деди эле бий акебиз, аякка да
кайрыла кетели, — деп ордунан турду Кожоян.
— Айта кет, бирок булар да Кенесарыдан коркуп, үжүрөлөрүнө жашынып калуулары
ыктымал. Кудайдан жардам тилеп, өз боюбузга тыкан бололу, жөнөгүлө. Ак жолуңар
ачылсын, — деди Жангарач бий.
— Кудай жолуңарды ачсын, Алла таала жар болуп, бүгүнкү кыйын күндөн эл-журтубуз эсен
чыксын. Элдин убал-сообу, ишеничи эми, эр жигиттер, силердин мойнуңарда. Кудай кубат
берсин, Алло акбар, — деп алакан жайды Моңош карыя. Отургандар жапырт бата тилеп,
Кожоян, Ысабекаалылар кермедеги аттарына жөнөштү.
Бешим маалы. Асманды каптаган жаздын киргил булуттарына жашына күн батыш тоо
кыркасына эңиштөөдө. Батыштан соккон эрте жаздын салкын сыдырымы бетти аймалайт.
Айылдан өйдөкү жапсарланган дөңсөөнүн алдына беш жүз чамалуу атчан казканактай
чогулган. Көпчүлүгүнүн колдорунда найза, белдерине кылыч байланган, башына туулга
кийгендер да көрүнөт. Көбүнүн баштары кызыл, же ак жоолук менен артына буулган, калпак,
тебетейчендери аз. Бул жагдай чогулгандардын жоокерлик деминен кабар берип
тургансыйт. Жүздөрү сумсайыңкы, Коогалаңдын кабарын күтүп дөңдө намаз окуп отурган
калың топту карашат.
— Казактар Кара-Балтаны чаап алыптыр дейби ыя? — деп жанындагысына карады кылыч
байлана, найзасын окчо кармай, башын ак жоолук менен бууган кызыл тору жигит.
— Илгерки канкор Аблайдын уулдары дейт го. Таластагы кыргыздарды кырып-тоноп, эми
быякка келатат дейт канкорлор, — деп ызырына жооп берди башын кызыл жоолук менен
буунуп, кыл чайнап турган карасур жигит.
— Катындардын ичин жарып, ичиндеги балдарын да мууздаптыр дешет, мыкаачылар го,
атаңдын оозун... — деп алдыга обдулду калпакчан кырдач мурун, ээрди желки сары жигит.
Намаз окуп бүткөн калың топ элди карай басты. Алдыда шыңга бойлуу, субагай карасур
жүздүү, кырдач мурун, коюу кара каштуу бийик кабак алдындагы сурмалуу алагар көзүнөн
кайрат учкуну жанган, сыйда кара сакал, муруту сыпаа серпилген Жангарач бий, башында
төбөсү бийик, кара кыюулуу ак калпак, тик жакалуу сур нооту кемсел, шымынын багалектери
маасы кончуна кийрилген, күмүш кемер куруна кындуу кылыч байланган, боз суп чепкенчен;
жанында кырбуусуна кара көрпө кармалган кулун тери малакайчан, ак пиязы чепкенчен, ак
сакалы жайкала төшүн жаба Моңош карыя намаз жамаатында болгондордун алдында келип,
элди бет ала токтошту.
— Оо, калайык, — деп Жангарачтын бийик үнү шаңк эте абада жаңырды, — кыйырды
кыйрата басып жоо, ырайымсыз жоо келатат. Капка алдындагы кыргыз айылдарын өрттөп,
эр бүлө калтырбай кырып, кыз-келиндерди маскаралап өлтүрүшүптүр.
— Канга-кан, — деген кыйкырык бир азга Жангарачтын сөзүн бөлдү. Бий демин жыя сөз
улады:
— Жоо ар бир үйдүн босогосун кыйрата басып, коломтосун өчүрүп, күлүн сапырып, түндүгүн
түшүрүп келатат. Жоо кыргызды тукум курут кыламын деп келатат.
— Найза учунда, кылыч мизинде!..
— Канга-кан, — деген ачуулуу үндөр бийдин сөзүн дагы үздү. Элдин толкуну бир аз
басаңдаганда:
— Албетте, элдин амандыгы, туулган мекен үчүн ат жалында, кылыч мизинде, найза учунда
кырчылдаша кармашчу күн келди, туугандар. Алла таалага, бабабыз Манастын арбагына,
өткөн ата-бабалардын арбагына сыйынып, күрөшкө бел байлайлы. Жоонун каптап кириши
Хан Ормон
саат сайын күтүлөт. Ар бир айылдын башчылары жигиттерди топтоп, он башы, элүү башы,
жүз башыларын дайындап, ар бир уруктун билермандары өз жоокерлеринин башында болот.
Бүтүндөй солто элинин жоокерлери мага баш ийесиңер. Ар уруктан бирден топ кайгуулга,
жезекке дайындалсын. Түнү менен катын-бала, кары-картаңдарды тоого көчүргүлө, жоонун
тепсендисинде калбасын. Урук башчылары, айыл башылары өз жоокерлерин толук жыйнап,
эртең менен намаз маалында ушул жерге келгиле, — деген Жангарач бийдин кескин буйрук
чакырыгынан кийин Моңош карыя ак сакалын жайкалта алакан жая:
— Аллоо акбар, — дегенде куралдуу жыйындын бата добушу бейкут жашоосун кыргындуу
алаамат каптаган элдин намысы, каары козголгонунан кабар бергенсип, аба жарды.
Тынч жаткан кыргыз айылдарына кыргын сала каптап келаткан Кенесарынын баскынчы
чабуулу жөнүндөгү коогалаңдуу кабар Жылгын-Башыдагы тынайларга, Берик-Таш
алдындагы черикчилерге, Токмоктон ылдыйкы солтолорго түнү менен жетти, эл дүрбөлөңгө
түштү. Түнү менен жапырт көчө, тынайлар Чоң Кеминге оошту, черикчилер солто айылдары
менен жамаатташ боло Шамшы, Кызыл-Суу бөксөлөрүнө көтөрүлүштү.
Чүй бою ээнсиреп, көчкөн журттарда айры куйруктар каалгыйт. Токмоктон төмөнкү ОроБашыны көздөй ар тараптан агылган куралдуу атчандардын артынан көтөрүлгөн коюу чаң
ээн калган өрөөндү каптаган боз мунарыкка айланууда. Эрте жаздын киргил булуттары
самсый көчкөн асманда күн нуру да жоболоңдуу жер бетине кайдыгер сыяктуу кунарсыз.
Оро-Башы оозундагы дөңсөө алдына тынай, талкан, черикчи урууларынан кайрылган
куралдуу жасоолор аралык сактай топтолууда. Секиленген дөңсөөдө Жантай, Жангарач
бийлер, Төрөгелди, Калпак, Чынгыш, Субанбек, Түлөкабыл баатырлар кеңеш курууда.
Кенештин маанайы чыйрак. Жашы баарынан улуу Жантай бий:
— Эл башына күн түшөт деген ушул. Иншалла, Алла таала биримдик, кайрат берсин элге,
жоокерлерге. Кенесарынын өз казагын аябаган кандуу колу бизди аяйбы. Жаңы кабар бар
бекен силер жактан? — деп Жангарачты карады.
— Меркенин беги ак желек көтөрүп, Кенесарыга баш уруп, алдына Кызыл ооз деген
аргымагын, алтындалган ээр токуму менен тартуулап, дарбазасын ачып бериптир. Ага
шерденген канкор бери карай кара таандай каптап чыкты. Бөксөгө чыга көчүүгө үлгүрбөй
калган айылдардын тымтыракайын чыгарып, кыргындап келатат, — дейт деди Жангарач
бий.
— Кудай бетин ары кылсын мыкаачынын, кош бойлуу аялдардын ичин жарып, балдарын
керегеге илип атат деп уктук, — деди быжыгыр жээрде сакал, желки сары, ак калпак, боз
чепкенчен, салабаттуу киши жакасын кармай. Отургандар толкуй түштү.
— Бетбак, мыкаачы.
— Көркоо, канкор...
— Көркоону капканга алып, кежигесинен мууздаш керек, — деген үндөр жаады.
Кызууланган үндөр басыла түшкөндө:
— Албетте канкорго аёо жок. Бирок ал күчтүү, бүгүн эле каптап кириши да ыктымал. Куралжаракты азирлеп, кирпик ирмебей сак туруу керек. Кайгуулга жигиттерди азыртан эле коёлу.
Ормон ханга кош ат менен чабаган жиберели, ансыз иш бүтпөйт, калк көтөргөн хан, кол
башкаруучу эр ошол, — деди Жангарач бий.
— Туура айтасыз бий, ханга кабар жиберели да, жоонун жолун тосолу. Жер алыс, жол татаал.
Байсоорунга жердин уусун билген жигиттердин ичинен бири өзү каалап чыкса
чабармандыкка, — деп элге кайрылды Жантай бий.
— Хан келгени жакшы, минтип турганда...
— Эл башы керек, — деген элдин дуусуна аралаш:
— Мен барайын ханга кабарга, — деп ойноктогон чабдар атчан, туулгалуу жигит алдыга
чыкты.
— Мен барамын, — деп алдыга чыкты башына кызыл жоолук бууган кара атчан жигит.
Экөөнүн тең эр тууштары бап келген, экөөнүн тең аттары ооздук кемире, тизгин булкуп жер
чапчыйт. Төрөгелди баатыр ордунан туруп, жигиттердин алдына келип, көз чаптырып турду
да:
— Экөөң тең жарайсың, бирок бул илгери чыкты, жол ушунуку, — деди да, чабдар атчанга үч
уруудан каалаган атыңды коштоого ал. Иш өтө такык, зарурат экенин билесиң да. Азыр эле
жөнө, тынбай жүр. Арыган жерде атыңды жаңыртып, жолду тынымсыз улай бер. Хандын
ордосу Чоң-Байсоорунда, — деди.
Хан Ормон
— Баатыр туура айтат, иш өтө зарурат. Кенесары жыйырма миң кол менен элди кырып
келатат дегин. Калайык калкка калайман түштү дегин, калаймандуу күндө эл ханды күтөт
дегин. Мына Карабек баатырдын канжары ханга кандуу согуштан кабар берсин, — деп
ордунан турган Жантай бий курунан чыгарып, күмүш чабылган кындуу канжарды
чабармандын колуна карматты. Жигит атынын башын кыбылага буруп алаканын жая элден
бата сурады. «Оомийин, Алло акбар», — деген күчтүү толкун абаны термелте, эл бата берди.
Туура жактан бирөө токулуу чаар атты ойноктото суулуктап келип, жигиттин жетегине
берди. Кош атчан чабарман топтон бөлүнө бөксөлөй, Боомду карай сызды. Чабарманга бата
берип узаткан эл тынчый түшкөндө Төрөгелди баатыр:
— Казактар менен чарпышып көрдүк го. Алар үч багытта, он канат, сол канат, туу түбү болуп
чабуул коюшат. Эки канаты өсө берип, чамасы келсе жоосун торго алуу ыкмасы менен
талкалоого аракеттенишет. Биз дагы алардын алдын ала өз амалдары менен өзүлөрүн
камоого аракет жасайлы, — деди.
— Андай болсо сол канатты биздин жигиттер тозсун, өзүм баш-көз боломун, — деди Жантай
бий.
— Бөлөкбай, Талкан жигиттери орто багытты — туу алдын — тосот, мен да өзүм башында
боломун, — деди Жангарач бий.
— Жакшы, анда черикчи жигиттери оң канатты, Шамшы Кызыл-Суу ойлорун тозсун. Мен
өзүм баш болоюн. Дагы бир амал, жоокерлер экиге бөлүнүп, бири бетме бет согушуп,
экинчиси бугуп туруп капталдан сокку ургандай болсун. Эки канаттагы жоонун мизи кайтса,
айланып өтүп, артынан курчайлы. Туу бетиндегисин артка карай ныгыра, жоону торго камап
соголу, — деди Төрөгелди.
— Ар уруунун колунан жыйырмадан жигит жезекке чыксын, түнү бою бири-биринен караан
үзбөй кайгуулдап, жоо жөнүндө кабарды кошунга жеткирип тургандай болушсун, — деди
Жангарач бий.
— Алла таалага тобокел, баатырлар, «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген кез келди.
Өлсөк шейит болобуз, өлтүрсөк газы болобуз. Кудайга, ата-бабанын арбагына сыйыналы. Он
башы, жүз башы жигиттер азыр өз өңүттөрүңөрдү ээлегиле. Жоо каш кабактын алдында
турат. Аллохи акбар, — деп алакан жайды Жантай бий. Көптүн батасынын сүрдүү доошу аба
жарды. Тынч жаткан эл толкуп, албууттанган текеберлүү жоону жазыксыз кыргынга
учураган кары-картаң, катын-бала үчүн жүрөгүндө намысы кайнап, күтүп турду.
КАНДУУ ЖҮРҮШ
Кыргыз тоо кыркаларынан жаңыдан кылайган күн нуру жаздын киргилденген бозомук
булуттарына чулгана кунарсыз жылтырайт. Эрте жаздын суук шамалы Меркеден бери
чыккан чаңды чыгыш тарапка уюлгута айдап, айлана боз мунарыкка бөлөнгөн. Таң саарынан
козголгон Кенесарынын жыйырма миң колу чыгышты карай түрүлө селдей агылды.
Норузбай баштаган колдун сол канаты жети миң жоокер тоо этектей күн жүрүш жакта.
Кенесары өзү баштаган беш миңи туу артында, Эржан төрө баштаган жети миң, сол канаты
түн жакта эки жүздөн кыркар тарта кыргыз жерин каптап келатат. Негизги колдун жолун
тазалоо үчүн түнү менен аттанган үч жүздүк үч багыт боюнча тоого көчүп чыгууга үлгүрбөй
калган Жайыл айылдарына кыргын сала өрттөп, кырып-жоё талоон түшүрүп, алдыда
баратышат. Кара таандай каптаган калың баскынчылардын алдында кызыл уук болуп
кыйрап, өрттөнүп, кан жыттана өксөгөн кыргыз айылдары калып жатты.
Мерке беги тартуулаган алтын ээрлүү, кызыл ооз боз аргымакка куюп койгондой нык
отурган кең далылуу, балбан моюн, чап жаак, кырдач куш мурун, сүйрүлөнгөн күрөң сакал,
узун муруту сыйда серпилген, терең кабак алдындагы сургулт көзүн ирмебей ырайымсыз
тиктеген Кенесары хан туу түбүндөгү колдун алдында баратат. Башында кызыл макмал
тыштуу, маңдайына асыл таш чөгөрүлгөн кырбуусу тайкы кундуз тебетей, үстүндө боз пиязы
чепкен, булгары өтүкчөн буту менен күмүш үзөңгүнү чирене тээп, тизгинди бош кармай, кан
жыттана өрттөнүп, өксөгөн айылдарды таназар албай, өзүнүн бабасы Аблай хандын түшүнө
кирген жолборс экенине ишенген бойдон дөгүрсүп баратты. Тагдырына кездешкени
баратканы капарына илинбеди опасыз пенденин. Оюнда кыргызды эки-үч күн ичинде
уйпалап, чөгөлөтүп, бийлигин арттыра, Коконду баш ийдирип, андан ары кайра оруска бет
аларын элестете эргип баратты.
Хан Ормон
Бишкек чеби көрүндү. Тогуз байсалуу коргон менен курчалган, төрт мунаралуу чептин
айланасы жымжырт. Мунараларында күзөт көрүнбөйт, дарбазалары жабык, алды ээн. Чептин
ичине орнотулган бийик карагайдын учунда бир нерсе түтүн булата күйүп турат. Чепке үч
жүз кадамча жетпей Кенехан кызыл ооз аргымактын тизгинин жыя:
— Сарттар коркконунан ийиндерине кирип кетишкен тура. Кыргыздарды бүтүргөндөн
кийин кайра келип сүйлөшөм булар менен. Кыргыз айылдары неге көрүнмейди, — деп жан
жагын карады.
— Таксыр бул чөлкөмдөгү айылдар тоого көчө качышкан го, сиздин кабарды угуп, — деди
чымыр Байзак.
— Аа, ошондой экен да. Тирүүлөрү качып кетишсе, өлгөндөрү калгандыр, — деп оң тарапта
тоо этегине жайланышкан бийик күмбөздөрдү көрө: — Анау кумбездер кыргыздын
манаптарыныкы го. Кол узай берсин, мен арттан жете келемин, — деп Кенесары жүз чакты
төлөңгүт менен күмбөздөр жакка бет алды. Баскынчылардын дүбүртүнөн жер дүңгүрөп,
уюлгуган боз чаң бейит тарапты каптады. Бозоргон бейиттердин айланасы кооптуу
жымжырттыкка төнө тунжурайт. Четтеги эки күмбөздүн алдына токтогон Кенесары:
— Бул күмбөздөр кыргыздын ким деген манаптарыныкы? — деп эки жагын карады.
— Солто манаптары Эшкожо, Канай баатырлардыкы, — деди ичинен келме келтирип турган
Супатай бий.
— Баатырларбы, анда далай казактын канын төккөндөр турбайбы. Өлүктөрдөн өч алсам,
тирүүлөрүнүн жаны чыксын. Каскыла көрлөрүн, чачкыла сөөктөрүн, — деп катаал үн катты,
ат үстүндө кебелбей турган Кенесары. Төрт төлөңгүт шапа-шупа аттарынан түшө күмбөз
алдындагы мүрзөлөргө кетмен чабышты. Жер дүңк эте, күмбөздөрдүн экөөнөн эки канаттуу
учуп чыга, асманга көтөрүлдү.
— Эй, пенде, — деген үнгө удаа мүрзөлөрдүн арасында куран окуп отурган ак чепкен, ак
топучан, ак сакалы жайкалган карыя ордунан тура: — Эй, көр пенде, тирүүлөрдү кырганың
аз келгенсип, эми өлүктөрдүн арбактарын козгогонго өттүңбү? Тарт колуңду, ыйык
арбактардан. Казак, кыргыз бир тууган эл эле, сен кайдан чыккан жолбунсуң? Сен Кудаанын
каргышына калдың, — деген сырдуу катаал үн баскынчыларды элейтти.
— Баскыла чалдын үнүн, каскыла, — деп зоңк этти ат үстүндө кебелбей отурган Кенесары.
Ал чепкенинин өңүрлөрү, ак сакалы шамалга кайрыла, ак топусу маңдайынан өйдө
көтөрүлүп, салабаттуу турган карыяга каар төгө карап турду. Кенесарынын үнүнө удаа
тартылган жаанын эки жебеси көкүрөгүнө кадалган карыя теңселе түшүп, мүрзөнү кучактай
жыгылды. Мүрзөлөрдөн көтөрүлгөн чаңды уюлгута, найза учтарына уруна уңулдаган шамал
ажал шооратын кабарлагансып, теребел бозоро тунжурайт. Коогалаңдуу шоорат улам күчөй
улуган шамалга коштоло, арбактар менен күрөшүн бүткөн Кенесары колун чыгышты карай
узатып бараткансып турду...
Эл орунга отурган маал. Төлөңгүттөрдүн үч жүздүгүнө аргасыз жол көрсөтүп бараткан
туткундагы Тынаалы бийдин айласы кетти. Кыргыз айылына кабылдыр, деген
баскынчыларды адаштыра ары-бери суу кечтирип жүргөнүнө эт бышымча болду.
— Эй, Тынаалы, сен бизди караңгыда ары-бери айлантып алдап жүргүң бар го. Кана, тез
жеткиз кыргыз айылына. Бир чай кайнам ичинде айыл таппасаң башың учат, — деп демитти
төлөңгүттөрдүн башчысы.
— Айылдар силердин кабарыңарды угуп, тоого көчүп кетишкен тура, — деди Тынаалы. Тоо
этегинен кээде жылт эте калган отторду көрө Бөлөкбайдын кээ бир айылдары тоого көчүүгө
үлгүрбөй калганын баамдаган эле. Мазарлуу Кара Суу жактан жылт эткен отту көргөндө оюна
Калпак баатыр түштү. Кантсе да мергенчилиги бар, камбыл, эр жүрөк киши эле, инилери
Ормонбек, Субанбектер да кайраттуу эр жигиттер. Айла кетсе ошол баатырларга
кабылтсамбы. Алар жок дегенде бөйдө кыргын болушпайт, деп ойлой, тунжурап бараткан
Тынаалыны:
— Эй, кыргыз, убакыт бүттү, башыңды аламын, — деген төлөңгүт башынын каардуу үнү селт
эттирди.
— Мына жетебиз, — деп мазарлуу Кара-Сууга бет алды Тынаалы. Кудайга тобокел деп тоого
көчпөй калган Калпак баатыр камдуу эле. Күндүз Бишкек чебинен чыккан оттон улам
Кенесары колунун келатканын туюп, камданып турган. Беш жүз огу бар, Таластан конокко
келген Каратай мерген экөө айылдын четки эки үйүнүн туурдуктарын кырчоого чейин
түрдүрүп, айланып ок чыгарганга даярдашкан. Куралдуу жыйырма чакты жигитти айылдын
Хан Ормон
эки жагына буктурмага коюп, октон жалтанып качкан жоону капталынан качырып согууга
камдаган. Эл орунга отура кайгуулда жүргөн Субанбек чаап келип үйгө түшө:
— Байке жоо жакындап калды, саны арбын, — деди.
— Болуптур, айылдагы катын-бала, кары-картаңдарды болгон унаа менен тоого жөнөткүн.
Кете албай калгандарын чогуу бир үйгө киргизип койгула. Кудайга аманат. Тиги үйдөгү
Каратайга, жигиттерге айтып кой, даяр турушсун, — деп Калпак баатыр окторун табакка
салып жанына коё, кереге көздөрүнөн караңгыга көзүн тикти. Отуруп чыккан айдын шоола
жарыгынан теребел боолголоно баштады. Бүдөмүк жарыктан суурулуп чыккан көп атчан:
— Аблай, Аблай, — деген кыйкырык менен айылга чабуул коюшту. Эки четки үйдөн удааудаа «тарс» эткен мылтык үнүнө түнкү аба жаңыра үчөө-төртөө окко учкандан кийин,
чабуулчулар артка жапырылды.
— Качпагыла, токтогула, — деп кыйкыра төлөңгүт башы кайырган баскынчылар кайра
чабуулга өтүштү. Удаа-удаа атылган Калпак баатыр менен Каратайдын октору сая кетпей,
көмөлөнгөндөрүн көрө кайра качкандарды буктурмада турган Субанбек, Ормонбектердин
жигиттери капталдан качыра кылычташууга өтүштү. Көптүк кылган жоого ит урушун сала
буктурмачылар өңүттөрүнө кайтышты. Кайра чабуулга өтүп, кайрадан мылтык үндөрү
жаңыра жыгылган кишилердин аянычтуу онтоосу, аттардын кишенегени бейкут түнгө
алаамат салып турду. Баскынчылар улам чабуулга өтүшөт, өлүктөрүн калтыра кайра
жапырылышат. Буктурмадагы жигиттер капталдан качырып кайра кылычташат. Таң агара
күндүн нуру асманга чачыраганда айылдын алдында жүздөгөн кишилердин, аттардын
өлүктөрү жатканы көрүндү. Калпак, Каратай баатырлардын окторун жеп кайра качкан
баскынчыларга капталдан кол сала кылычташып турган жигиттердин көбү курман болуп,
Ормонбек, Субанбек баштаган үч-төрт жигит гана калды. Айылдан атылып турган мылтык
үндөрү сээлдеп, ок жетпес аралыкта жалтайлап турган баскынчылар кайрадан окторула
чабуулга өтүштү. Түнү бою көз ирмебей душман мизин кайтарып турган баатырлардын
октору түгөнгөн эле. Калпак баатыр мылтыгын керегеге жөлөй, кылычын алып тышка
чыкканда өзүнө жардамга келаткан иниси Субанбекке:
— Жоо жеткенче жеңеңди, уулумду, калган катын балдарды эптеп тоого чыгарып кет, —
деди.
— Сизди кантип жоого жалгыз калтырам, — деп Суванбек аттан түшүп, агасына келди.
— Бол бат, сен аман кал, — деп инисин кучактай узата, жоо жакка тигилди Калпак баатыр.
Огу түгөнгөн Каратай да аркы үйдөн найзасын таяна тышка чыгып:
— Калыке, эми жок дегенде бирден жоону жаздана өлөлү, — деп жанына келди.
— Кудай жардам болсо, — деген Калпактын үнүнө удаа:
— Аблай, Аблай, — деген кыйкырык менен баскынчылар айылды каптап келатты. Ок
атылбаганына шерденген баскынчылар айылды аралай чаап өтүп, кайра кайрыла каршылык
жок экенин туюп аттарынан түшүп, үйлөрдү аңтарып, жылтыраган буюм-тайымдарды ала,
кача албай калган аял, кыздарды жулмалоого киришти. Жыйырма отуздай төлөңгүттөр
колдорунда найза, кылычтары бар Калпак, Каратайды жыга албай салгылашып жүрүштү.
Атчандардын шилтеген кылычтарын калкан менен тосушуп, кайра найза уруп турган зор
денелүү үч баатырга даай албай, улам качыра кылыч шилтеп алектенишет. Туура беттеп
келгенине найза уруп жыга, баатырлар демдүү. Бир оокумда атчандын кылычы тийген
Каратай жыгылды. Кылыч, найза жаза тийип, көп жеринен жарадар болгон Калпак баатыр
кансырап жыгылганча салгылашты. Алп денелүү баатырдын жыгылганын көргөн төлөңгүт
башчысы:
— Мунун жүрөгү жолборстуку го. Жүрөгүн тирүү сууруп алып, оозуна тыккыла, айылды
өрттөгүлө, — деп зоңк этти. Кызыл жалын, кара түтүн уюлгуп, кан жуткан айыл жаздын
эртең мененки шаңкайган асманы астында өксөп жатты. Жеңесин иниси менен, дагы үч аял,
эки баланы тоого узатып коюп кайра келе, өрттөнгөн айылды, агасынын абалын көргөн
Субанбек, тоноп алган килем-килче оокат-мүлктөрүн, жолдошторунун өлүктөрүн артына
Шор -Дөбөнү карай жол тарткан баскынчыларды кууп жетип, кылычташа экөөнү жыгып өзү
да найза, кылычтан сулады. Дээрлик бирден өлүк өңөрүп, килем-килче артынган топ илеңсалаң Шор-Дөбөдөгү Кенесарынын кошунуна бет алып баратышты.
ШОР-ДӨБӨДӨ
Чыгыштан асманды жаркыткан күн нуру тоо баштарын чала, Шор-Дөбө алдындагы Кенесары
колу сол канат, оң канат, туу алды болуп, иреттеле баштады. Шор-Дөбөгө тигилген көк
чатырдын алдында айчыктуу жашыл туу желбирейт. Мазарлуу Кара-Суудагы бир эле
айылдагы түнкү салгылашууда жүздөн ашуун төлөңгүттөрдүн набыт болуусу дөгүрсүгөн
жоокерлердин демин суута түшкөндөй:
— Түнкү чабуулда бир эле айылда жүз элүү төлөңгүт каза болуптур...
— Эки жүз дейт...
— Андан да көп дейт, көмгөнгө үч жүз жоокер бөлүшүптүр...
— Кыргыздар оңой жоо эмес окшойт, жанды сактайлы...
— Өткөн жылы Норузбай төрө кыргызды чабам деп, жанын араң куткарып чыкпады беле, —
деген кобур казак кошунун аралады. Аңгыча оозуна күчөткүч түтүк кармаган Кенесары
хандын:
— Оо, Алаштын арстан жүрөк жоокерлери! Аблай хан туусу астында казатка чыккан
азаматтар, алдыда айыгышкан кармаш турат. Бабабыз Аблай хан нечен жолу талкалаган
кыргыздар бизге тең эмес, аз эл. Кайратыңарды боюңарга жыйгыла, көп мал, дүнүйөгө ээ
болосуңар, кыргыздын сулуу кыздарына эр болосуңар. Оң канатта Эржан төрө, сол канатта
Норузбай төрө, туу алдында биз, Кенесары хан, жүрөбүз. Чымыр Байзак, Агыбай баатыр,
Супатай, Байет, Андаш, Үрүстөм бийлер өз кошундары менен болушат. Аллохи акбар, —
дегенде батаны коштогон үн аба жарды. Ирети менен үч бөлүнө турган кол кыркаар тарта,
чаңды асманга көтөрүп, бири суу бойлой, сол жээк менен, бири оң жээк менен, үчүнчүсү
тескей тоо этегиндеги талаа менен чыгышты карай калмак жүрүш сала жөнөдү.
«Аблай, Аблай, Кенесарылап» кыйкыра, кыркаар тарткан сол канатты Жантай бийдин
жапсарга өңүткө койгон чампан мылтыкчан мергендеринин удаа-удаа атылган таамай
октору каршы алды. Беш-алтоо окко учуп, жапырыла түшкөндө, баштарын кызыл жоолук
менен бууган тынай жоокерлери «Атаке, Атаке» деген ураан менен каршы чабуул коюшту.
Элөөрүп олжо алабыз деп чапкан Кенесарынын жоокерлерине караганда, бейкут жаткан
тынчтыгы бузулуп, бейкүнөө аккан канга жандары күйүп, өздөрүн коргоого чыккан
жоокерлердин дем-кайраты күчтүү экени кармашта туюлуп турду.
Кызыл жоолук буунган жигиттердин сунган найзасы, шилтеген кылычы тек кетпей каршы
тарап жапырыла түштү. Калканга тийген кылыч кылычка урунгандагы металл үнү, кылыч,
найза тийип жаралангандардын кыйкыра онтогон үндөрү, аттардын кишенегенине
аралашып, аба алаамат жаңырыкка толду. Жапырыла баштаган Кенесары колун Жантай
бийдин буктурмага койгон жоокерлеринин капталдан урган соккусу алдасдатты. Кача
согушкан баскынчылар Кенесары хандын туу түбүнө карай сүрүлө баштады. Кызыл ооз
аргымакчан Норузбай баатыр айкырып, качып бараткан казак жоокерлерин токтотууга
аракеттенип ач айкырык салып, кыргыздар менен найзалашып турду. Бирок жоокерлерин
бирдиктүү чабуулга тарта албады.
Оң канат Эржан төрөнүн колун Түлкү баатыр Ныязбек уулу, Куттуксейит уулу Шамен
башкарган Эсенгул жоокерлери тосту. «Аблай, Аблайлап» аба жаңыртып келаткан калың
колго төрт жүз чамалуу кыргыз жигиттери каршы ат коюшту. Баштарын кызыл жоолук
менен бууган жигиттердин алдында бет келгенин сулата, жаадай сызган кара атчан, туулга,
соот кийген Ныязбек бийдин кенже уулу Түлкү баратты. Саны аз болсо да, күнөөсүз элдин
башына түшкөн алааматка күйүп, намыс байлаган кыргыз жоокерлеринин өлүмгө бел
байлаган тобокели күчтүү экени биринчи кылычташууда эле байкалып калды. Дүнүйө, мал
алуу үчүн чыккандар, жанды сактап калуу ылаажысын издеп, жалтайлап салгылашышты.
Кызыл жоолукчан жоокерлер алгач оң канаттын шаштысын кетирип, жапыра кирген
аракеттери кантсе да сан жагынан бир канча эсе көп душман тобуна аралашканда
кыйынчылыкка кабылды. Бирөөнө үч кишиден кем эмес казак төлөңгүттөрү менен кармаша
баштады. Абалды байкаган Түлкү:
— Кетенчиктей согушкула, — деп кыйкырды да, ит урушун сала артка чегинип бараткан
жоокерлердин артын тосо каршы келгендерге найза уруп жыга артынан жүрдү. Эржан
төрөнүн жоокерлери кетенчиктеп согуша артка чегинип бараткан кыргыз жоокерлерин
тосуп, Шамен баштаган жыйырма чакты кишини курчап алышты. Алардын туткунга түшүү
коркунучун туйган Түлкү, Шамендин кайнатасы Ады үч уулу, беш иниси жана бир нече
Хан Ормон
жоокерлер менен кайрылышып, тобокел кармашка киришкенде, Шамшынын оозунан башын
кызыл жоолук менен бууган черикчи жоокерлеринин «Абайылда, Абайылда» деген ураан
менен капилет качырып кириши душмандын шаштысын кетирди. Аксурдун үстүндө өбөктөй
найза сунуп, Төрөгелди жоонун бет келгенин көмөлөтө сайып баратат. Саны алты жүздөн
ашык черикчи жоокерлеринин кескин чабуулу Эржан төрө жоокерлеринин катарын бузуп,
экиге бөлө кылычташып кирди. Шаштысы кетип бөлүнгөн жоонун абалы Шамен баштаган
кыргыз жоокерлерин курчоодон чыгарып кетүүгө мүмкүндүк берди. Ушу жагдайга тушматуш «Бөлөкбай, Бөлөкбайлап» ураан чакырган солто жоокерлеринин күтүүсүз кайраттуу
чабуулу Эржан төрөнүн жоокерлерин бытыратып бөлө дүрбөлөңгө салды. Туулгачан Андаш,
Жоосейит баатырлар алдыда найза суна алдастап качып калган жоону сүрүп баратышты.
Кызыл буурул аргымакты аргыта бура тартып качырган Эржан төрөнү Жоосейит баатыр
найза салып, аттан түшүрдү. Оң канатта Эржан төрөнүн колго түшкөнүн уккан Норузбай төрө,
Агыбай баатыр баштаган эки миңден ашык кол, Эржанды куткаруу үчүн катуу чабуулга өттү.
Бирок Жоосейит, Андаш Төрөгелди, Түлкү баатырлар «кыргыздап» ураан чакырып,туштуштан ач айкырык менен киргенине чыдабай, жоо артка чегинүүгө аргасыз болду, Эржан
төрөнү куткарууга мүмкүн эместигине көзү жеткен Норузбай төрө:
— Эй, кыргыздар, бул Эржан төрө, чачынын бир кылы түшсө, баарыңарды тукум курут
кыламын. Жакшылап сактагыла, — деп кыйкыра, кысымга туруштук бере албай, кача
баштаган жоокерлерин ээрчите артына тартты. Эртеден берки кармашта аттары чаалыккан
кыргыз жоокерлери качкан жоонун артынан түшпөй тизгин жыйышты. Күн батууга
жакындап калган кез эле. Колго түшкөн Эржан төрө деген сөздү уккан Жамангара баатырдын
иниси Самак ордунан тура албай очорулган туткундун жанына келип:
— Кенесары хандын иниси Эржан төрө деген сенсиңби, — деп ат үстүнөн эңкейе желкеден
ала тургузуп, колун үзөңгү боолукка сала, — сенин каныңды ууртап, агамдын күйүтүн
басайын, — деп четке сүйрөп кетти.
Жоонун мизин кайтарган кыргыз жоокерлери жарадар болгондорун, каза тапкандарын
жыйнай, кошуундарына кайтышты.
Согуштун экинчи күнү. Эки тарап тымызын аңдышып, чабуулга өтпөй турушат. Каза
болгондорду жашыруу камын аяктай элек. Кенесарынын ордо чатырында кабактары
чытылган, маанайлары пас Агыбай, Норузбай, Үрүстөм, Чымыр Байзак, ак койлуу Байет,
Андаштар отурушат. Көз ирмебей мелтиреп үнсүз отурган Кенесарыга астыртан карай сөз
козгоого эч кимиси даабайт.
— Неге ундемейсиңдер? Өз жаныңарды сүйрөп келдиңдерби? — деп зирк этти Кенесары, эч
кимисине назар салбаган калыбында. Отургандар үнсүз. Чатыр ичи тымтырс. Бир тынымдан
кийин Норузбай:
— Кенеке, Эржан төрөнү кыргыздар сайып түшүрүштү. Куткарууга аракет кылдык. Ылаажы
болбоду. Алар көп да, демдүү да экен. Кыйын жоо окшойт, катуу салгылаштык. Алардан да,
бизден да өлгөндөр, жаралангандар көп болду. Биз үч жүз элүү жоокерден айрылдык,
жаралангандары да ошончо, — деп агасын карады.
— Өлүшсө нетейин, өлүмсүз согуш болобу. Көмгүлө өлгөндөрдү. Эржан төрөнүн колун
Агыбай баатыр башкарсын. Түшкө жетпей баштагыла чабуулду, мында конокко келген
жоксуңдар. Кайра качкандарды атуу үчүн артынан куралдуу төлөңгүттөрдү койгула.
Кыргыздарды эки жагынан айланып өтүп, артынан соккула, — деп катаал үн катты. Көзүнөн
каар учкуну жана кебелбей отурган Кенесары иниси Эржандын тагдыры жөнүндө бир ооз сөз
сурабады. Кол башылар сөз катууга батына алышпай, буйрукту аткаруу үчүн жылып чыга
жөнөштү.
Кыргыздар да эки капталдан чабуул болорун күтүп, даярданууда. Мерчемдүү жерлерге
мергендерди коюп, алгач таамай аткан ок менен каршы алып, анан жоонун эки жагынан
айланып өтө курчап согушууну ойлоштуруп турушат.
Жалган түш маалында эки тарабын күчтөндүрө Кенесары жоокерлери чабуулга өтүштү. Сол
канатты Чымыр Байзак, ак койлуу Байет баштап, Норузбай, Агыбайлар Эржанды бошотуу ою
менен оң канатта баратышат. Эки канатта да, туу багытында да чабуул койгондор чампан
мылтыкчан жана жаа тарткан кыргыз мергендеринин огунан жапырылып, капталдан, бет
маңдайдан чабуул койгондордун кысымына кабылып, илгерилей алышпады. Кыргыз жагы
да бет маңдайдан жоонун катуу каршылыгына учурап, душмандын эки жагынан чыгып,
курчап салгылашууга жетише албай турду. Кыл чайнап, кырчылдаша бетме-бет согушуу
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 19
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.