Latin

Хан Ормон - 37

Total number of words is 3872
Total number of unique words is 1996
30.3 of words are in the 2000 most common words
43.0 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
алаңгазар, кайраттуу, оюна келгенин тайманбай иштеген, атасынын байлыгына чиренип,
өзүн өйдө көрүп: «Көл толкуса мен токтотом, мен толкусам ким токтотот» деп дөгүрсүгөн
Нышанын уулу Мырза, күч кайратына эрдиги айкалышкан, акыл калчаган токтолуугунан
элге алынып калган Өмүрлөр курбалдаш; алар менен үзөңгүлөш, калмак, казактан жылкы
тийип, куугун кайрып, «баатыр» атангандардын бири Жанек, биринин сөзүн бири улап,
көңүлдүү отурушат.
— Саяктар ата салтына төп, датканын ашына түзүк камынышкан экен. Дуулат бий атасынын
жолун жазбай жолдоп бараткан экен — деп, кемерин бошото оңдонуп отурду Тилекмат.
— Оюн-тамашалар кезеги менен жакшы, ирээттүү өтүп атканын айтпайсызбы, — деп
Тилекматтын сөзүн колдоду Өмүр.
— Атаң көрү, эмнесин айтасыңар, эр сайыш аябай укмуш болду. Жанагы калмактын казан
кулагы менен казактын сом карасынын сайышы. Кайран сом кара казан кулакты кулатты, —
деп жээликти, өзү да эр сайышка түшүүнү самап жүргөн Жанек.
— Төө чечкени кызык болду, — деп санын чаап каткыра сөз улады Мырза. — Жанагы
айгырча азанаган неме жарабады, келиндин артына жайган чачын чача албай койбодубу,
шоруң каткырдыкы кыска окшойт, — деп дагы каткырды.
— Сен түшсөң болмок экен, бул ышкыңа караганда сен жакшы азанмаксың го, — деди Өмүр.
Балбай Мырзаны жактырбаган тейде шылдыңдуу тиктеди.
— Анын эмнесине мынча курсант болдуң? Сен сыяктуулардын каткырып көңүл ачышы үчүн
бечара аялдын абийири төгүлгөн адепсиз оюн. Ушуну салабаттуу кишинин ашында
көрсөтпөй эле койсо болмок, — деди Тилекмат.
— Сен эмне акылдуусунасың, бөөдө... — деп сөзүн бүтө албай акыраңдады Мырза.
— Мырза баатыр, кой эми, чоочун жерде сый үстүндө өөдө-төмөндү сүйлөбө, — деп
жактырбаган болду Ашыр.
— Койгула, андан көрө эртеңки ат чабышты айтсаңар боло. Медеттин Кертабылгысынан
башка биздин аттардан байге талашчы күлүктөр бар бекен? — деп Балбай оңдонуп отурду.
— Максүттүн Аксуру, Надырбектин сур кашкасы жөнүндө сөз жүргөнү угулат, — деди Жанек.
— Датканын кер атын «Кертабылгы» деп коюшат тура, ошол күлүктү катуу айтышат, — деди
Тилекмат.
— Биздин деле Солтонкулдун Кула кашкасы, Боронбайдын Буурулу, Муратаалынын Тору
аргымагы оңойбу. Ошолорду сүрөп алалы, аттары тың шамдагай жигиттерди тандоо керек.
Мерчемдүү жерлерде күтүп туруп сүрөшсүн, — деди Өмүр.
— Чыгып келаткан чоочун аттарды жыкса да болот, — деди Мырза.
— Кокуй, кой, бирөө укпасын, чоң жаңжал болот, бирөөлөрдүн убалына калбайлы, — деди
Тилекмат.
— Эмнеси бар экен, күлүк сүрөгөндө бирөөлөр жыгылат да, — деп капыялады Балбай.
Сөз эртеңки ат чабыш, бугу уруусунун күлүктөрүн сүрөөгө кайсы жерге кимдер барары
жөнүндө болду. Сөз аяктап, сый тамактан соң конок каадасы боло, уйкуга жай алышты.
Хан Ормон
Таң шооласын чачып, жылдыздар суюла, эртең мененки үрүл-бүрүл. Балбайлар жаткан
өргөөдөн аркы ашты тейлеген боз үйдөн:
— Ууру, ууру, карма атаңдын оозун! — деген ачуу үн тынчтыкты бузду.
— Кокуй, эмне болуп кетти? — деп төшөктөн башын көтөрдү Тилекмат, беркилер да баш
көтөрө кулак түрүштү.
— Энеңди «суусадым» деп коёт, — деп бакылдаган москоол, кер мурут, кара тору жигит,
көйнөк дамбалчан Мырзаны жетелеп кирди. Чекеси томуйган, колу, бети-башы көө Мырза
калчылдап, жер карап турду.
— Мына мунуңар менин үйүмө ууруга кирди, кармап алдым. Энеңди... «суусадым» деп коёт,
катыным жаккы коюнга кол салып... Сени азыр жалпы элдин алдына ушул бойдон алып
барып... — деп зиркилдеди үй ээси.
— Ой, айланайын тууган, сабыр кыл, этти тоё жеген неме суусап кирген да аш үйгө, — деп
жайкады Тилекмат.
— Суусун менин төшөгүмдө беле? Бул шерменде мени үйдө жок деп ойлогон да. Жүр, сени
Дуулаттын алдына бийлерге ушул тейиң менен алып барам, айып салдырам, — деп мойноду
москоол жигит.
— Кой, баатыр, антпе, сөзгө кел. Бул Мырза да тегин киши эмес, шайтан айдаган тура.
Мындай отур, сүйлөшөлү, — деди төшөгүнүн аягын жыйып, туруп кийинип алган Өмүр.
— Жок, кадырыңыз жан болсун, муну алып барам Дуулатка, бириңер кошо жүргүлө, — деди
жигит.
— «Жан аларда деле жай берет» деген кеп бар эмеспи, тууган. Мындай отур, сен да «мен»
деген намыстуу жигиттердин бири экенсиң — көрүп турабыз. Мырзаны коё бер, жуунуп,
кийинсин. «Эр кадырын эр билер, эр билбесе ким билер» дегендей, Мырза бир уруктун
мыктысы, өзүңдөй эр, коё бер, качып кетпейт, мындай отур, — деп сөзгө алды Тилекмат.
Жигит Мырзаны коё берип, Өмүрдүн жанына отуруп:
— Ой, айланайындар, кудайды караса боло, жанымда жаткан катынымдын койнуна кол
салып... — деп бир паска унчукпай турду да, — баары бир Дуулатка алып барамын, кийинсин,
— деди.
— Кой, антпе, эрдик кыл, Дуулатка алып барба, көпкө жарыя болбосун. Андан көрө алып
баргың келсе, акырын билгизбей тиги бугу мыктылары Боронбай, Муратаалылардын алдына
алып бар, — деди Тилекмат.
Жигит бир паска дулдуюп унчукпай турду да, кийинип турган Мырзага:
— Болуптур, жүр анда, сени ошол бийлериңе көрсөтөйүн, — деп ордунан тура жөнөдү.
Мырза аргасыз шылкыйып артынан басты. Ашка келип, жамы журтка шерменде болобу...
Ат чабышта Медет датканын Кертабылгысы караандатпай чыгып келип, баш байгени алды.
«Сарбагыштын Аксуру, чериктин Көкаласы жыгылыптыр, бугулар жыгыптыр, бирок
алардын аттары деле байгеге келбептир» деген кобур эл ичин аралады.
Аштын акыркы түнү. Эртең коноктор тарайт. Атайы чакырылгандарга акыркы сый
көрсөтүлүп, бата тиленүүчү түн. Бүгүнкү түндүн сыйы каадалуу өтсө, ашка келгендер тарап,
аш ээсинин санаасы тынчымак.
Эл орунга отурар алдында конокторго табак тартылды. Балбай, Өмүр, Тилекмат жигиттери
менен бир табакка, Мырза, Жанек, Урдөөлөт жигиттери менен өзүнчө табакка карашты. Жаш
улуулай устукандар алынып, эт тууралып бүтө, ак дөбө үчүн чучук кесиле баштады. Жашы
улуу Балбай ичегисин жарып семиз чыккан бээнин чучугун, казысын өзүнчө, кыртышын
өзүнчө кесип аткан эле. Тиги табакта чучук кесип жаткан Мырза:
— Мына, карагыла, маскаралык! Бизге аттын казасын чучук кылып тартыптыр... Атаңдын
оозун... саяктар, — деп чаңыра «чучукту» улагага ыргытты.
Чын эле ичегиге чучук эмес, аттын казасын салып, бууп коюшуптур. Сыягы Мырзанын
түндөгү кылыгына ичи күйгөн аш үйдүн ээси жасаган окшойт.
— Бизди эле эмес, бүтүн бугу уруусун маскаралагандык, — деп «барк» этти Жанек.
— Чынында осол иш экен, «саяктар бугуга чучук ордуна каза тартат» деген жаман атты... —
деди Өмүр.
Бугу уруусунун аттары байгеге илешпей, «ат жыкты» деген жаман атты тарап, ал аз келгенсип
минтип мазакташкандарына ызаланган Балбай «чарт» жарылды:
— Көпкөн экен саяктар. Баш байге алган кер атты, кошокчу кыз Сыйнатты тартып албасам
Балбай атым өчсүн, — деп ордунан турду.
Хан Ормон
— Сабыр эт, баатыр, сабыр кылгыла, ыза болгонубузду билдирбей кетели, ызалагысы
келгендердин табасы канбасын, отургула. Даяр болду, даамды таталы, жай эле аттаналы, —
деди Тилекмат.
— Тилекем туура айтат, туураган этти жейли, бата кылалы, — деп Тилекматты колдоду
Өмүр.
— Болуптур, бирок айтканым айткан, — деп ордуна отурду Балбай.
— Бакемдики айтканындай болот. Мындан барарым менен жасоо курайбыз. Саяктардыкы
өтүп кетти, — деди ачуусу тыйыла элек Мырза.
Эт желип, бата тиленип, кол жуулары менен:
— Кеттик, тарткыла аттарды, — деп ордунан турду Балбай.
Бугунун мыкчыгерлери түнү менен аттанып кетишти.
Эртеси күндүн муруту чачырай Боронбай, Муратаалы, Самсаалы бийлер да көп катары
аттанышты. Аттары байгесиз калып, мыкты чыкма мырзалардын ат жыккан, ууру атыккан
адепсиз жоруктарына капа болгон бийлер кабактары салыңкы баратышты. Дуулат бийге ич
күптүлөрү да жок эмес эле.
Балбай баатыр сөзгө бек эле. Бештин айынын ортосунда Мырза, Өмүр, Жанектер болуп төрт
жүзчө куралдуу жигити баштап, саякты чаап, Медет датканын Кертабылгы күлүгүн, сулуу
кыз Аксыйнатты тартып келүү үчүн көлдүн башынан жүрүшкө чыгышты. Эл дүрбөтпөй,
Дуулат бийдин айлын шоорат алдырбай капысынан басуу үчүн түнкүсүн жүрүп, күндүзү тоо
этектей эс алып, этият келатышат.
Төртүнчү түнү таңга жуук Жон-Арыктын оозуна жетип, Кара-Кужур суусунун жээгиндеги боз
чаптарга жамына кошун түшүрүп, кечке эс алышты.
Көз байланган маалда Өмүр, Жанек, Мырзалар Балбайдын жанына келишти. Ар кимиси өзүн
шер ойлогон эрендер бул жолку Балбайдын акылы менен бололу, демилге ошонуку эмеспи
дешкен. Бакеңе күлүк ат менен сулуу кызды алып, жамы бугунун намысы колго тийгени
баарынан кымбат эле.
— Баатыр, түн ката жүрсөк Сары-Булактагы Дуулаттын айлына таң ык сала жетебиз.
Датканын уулу, сөөлөттүү бийди бейкапар уктап жатканда басабыз, — деди ызасы
шаштырып турган Мырза.
— Басардан мурда айылдын жайын, канча эр бүлөсү бар, экенин билүү керек, күлүк ат кайда
турат, сулуу кыз кайсы үйдө — деп Балбайды карады ойго кабелтең Өмүр.
— Туура айтат, ошолордун дайнын билип туруп, анан аттануу керек, — деди Өмүрдүн ою
купулуна толгон Балбай баатыр.
— Андай болсо табыялуу жигиттердин бир-экөөнү чалгынга жиберели, — деди Мырза.
— Бирөөнү ээрчитип мен барып чалгындап келейин, — деп обдулду эрдемсиген Жанек,
казак, калмактан жылкы тийип, жаны тынбаган беш баатырдын бири.
— Мен өзүм барам, эч кимдин кереги жок, силер мен кайрылмайынча шоорат алдырбай
чөпкө жашынып эс ала бергиле, — деп «бурк» этти Балбай.
— Жалгыз жөнөгөнүң кооптуу го, мен кошо барайын, — деди Мырза.
— Эмнеге кооптуу, жалгыз эле барып келемин, эртеңки түнү кайтамын, — деди боюна
ишенген Балбай.
— Жоо кийимиңди, туулга-соотуңу чечип, жөн кийингениң оң, күндүз жолоочу катары
айылдарга түшүп түкшүмөлдөйсүң, — деди Балбайдын айтканынан жанбасын билген Өмүр.
Башына көрпө кыюуланган тери малакай, таар кемсел-шымдын үстүнөн боз таар чепкен
кийип, кайыш мөкүчөн кембагал кишинин кейпинде Балбай баатыр Кара-Кужур суусун
бойлой капчыгай ичи менен жөнөп кетти.
Каттаган куда-сөөк, тамыр-тааныштарынан уккан имиштерден улам кыштоодогу саяк
айылдары Балбай баштаган бугу жигиттеринин чабуулга азырланып турганынан кабардар,
камдуу эле. Ар бир үйдө аттар суулуу, найзалары капшытка сайылуу, ай балта, чокморлору да
даяр эле. Жол тоому Сары-Булактын суусунун Кара-Кужурга куюлушунда дамамат эки-үч
жигит кезекте. Бүгүн да ошондой.
Тараза жылдыз батып, таң ык салды. Балбай баатыр Кара-Кужурдун күбүрлөнгөн суусун
кыйындык менен кечип өтүп, сол жээкке чыкты. Сары-Булак коктусунун оозу үрүл-бүрүл
баамдалат. Атына камчы уруп, коктуга бет алды.
Мына балакет... Сары-Булактын суусу жайыла тоңуп, коктунун оозун суунун куймасына
чейин көк жалтаң муз каптап калыптыр. Такасыз ат бүжүрөп тайгаланып баса албай,
Хан Ормон
бүрүштөй баштады. Ага карабай Балбай камчы уруп теминди. Эти ачып арыш керген ат
тайгаланып, Балбайдын бутун баса жыгылды.
Түн жамынган шектүү атчанга көз салып турган кезекчи жигиттер жете келип, буту аттын
алдында калып, тура албай аткан Балбайды баса калышып, эки колун байлап, бутун бошотуп
өйдө тургуза:
— Сен кимсиң? Кыштын суугунда түн каткан кандай немесиң? — деп демитти жигиттердин
бири.
— Мен жолоочумун, Кочкойлук сайыбагыштайданмын Долон ашып, Найын жактагы
таякелейиме байатам, — деди.
— Ой, тили чулдур тура, — деди экинчиси.
— Анын эмнеси бар, чулдур кишилер толуп жатпайбы? Андан көрө мунун жүрүшү шектүү,
жөн киши кычыраган кышта түн карасында жортуп жүрчү беле? Муну айылга алып баралы,
— деди беркиси.
— Колумду чечкиле, качпаймын, — деди Балбай калбаат кайраттуу үн менен. Жигиттердин
бири колун чечүүгө эңкейгенде:
— Ой, көрбөй турасыңбы кебетесин, колу чечилсе экөөбүздү эки жерге торойто чаап салып,
каалаган жагына басып кете бербейби, жөн кой, — деди да: — Ой, күрсүйгөн неме, үзөңгүгө
бутуңду сал, атказып коёюн, чочуба мен сени жетелеп муздун четине чыгарам, андан ары
алып кетебиз айылга, — деп Балбайды атка мингизип, жетелей алып жөнөштү.
Күндүн муруту тоо баштарын чала чубашкан үч атчан Шардын оозундагы кыштоодо отурган
айылга келип, өйдөкү чоң үйдүн жанына токтоду. Жигиттердин бири аттан түшүп чылбырын
мамыга байлап:
— Кана, Эсенбай, сен да түш, дегеле олчойгон неме экен — экөөлөп аттан түшүрөлү, — деп
жолдошуна кайрылды.
Балбайды колу байлануу бойдон аттан түшүрүп, жигиттин бири эшик ачып, экинчиси
ээрчите үйгө кирип:
— Оо, Оңолкан апа, аман-эсен турасызбы? Конок алып келдик, — деп күлдү жигит.
— Ботом, келгиле, кандай конок? Төргө өткүлө, — деп жоолугун оңдоп салына ордунан
турду, кара чепкенин желбегей жамынган олбурлуу, кара тору, көзү бакыракай, мурду
салаңдаган, эрди түйрүгүрөөк орто жаштардагы аял.
Оңолкан апа айылдагы кадырлуу, сөз билги кишилердин бири; байы каза тапканына 2 жыл
болгон. Улуу-кичүү баары «Оңолкан апа» дешет.
— Келдик, апа. Мынабу чоочун кишини Сары-Булактын оозунан кармадык. Шектүү туюлду,
башында иши болбосо, кыштын кыраан чилдесинде ким түн катсын? — деди жигит.
— Ии ботом, өйдө өткүлө, колу байлануубу, чечип койгула, сүйлөшөлү, — деп көлдөлөңүн
оңдоп сала, бейтааныш кишиге көңүл бөлө карады.
Чечилген колдорун ушалап, эки жигиттин ортосуна, от жанына отурду Балбай.
— Бөрүнүн көк жалындай дүңкүйөт, көздөрү да тири укмуш, бул ким экен, кайдан
келатыптыр? — деди чоочун кишиге шектүү көз жиберип турган Оңолкан апа.
— Өзү айтсынчы? — деди жигит.
— Атым Дөңбай, Кочкойлук Надыйбек Майлыбай дегендин уулумун. Найын жактагы
таякелейиме байатам, — деди Балбай камырабаган калыбында.
— Апей, ботом, тили кантет, койо тур... — деп Балбайды ойлуу тиктеп турду да, — сен жөн
киши эмессиң, чыныңды айт, жанагыл биздин элди «чабамын» деп чамынган Балбай баатыр
дегендин да тили чулдур деп укканым бар. Ошол Балбай деген сен болуп жүрбө? — деди
Оңолкан апа.
— Жогуңуз, байбиче, мен Балбайды билбейм, мен Дөңбаймын, айтпадымбы, — деди Балбай.
— Болуптур — көрө жатабыз, — деп ойлуу турду да, — буларга чай кайнаганча даам ооз
тийгиз, — деди чыгдан жакта отурган келинди карап.
Чакан дасторкон жайылып, нан, омурган май коюлуп, сүт катыктаган максым куюлду.
Балбай кебелбеген калыбында нандан, майдан алып ооз тийип, максым жутуп, аякты
дасторконго коюп, мурутун сылай үй ичине көз жүгүртүп отурду.
— Ой, ботом, сен сын-сыпатыңа, сүйлөгөнүңө караганда ошол Балбайсың, чыныңды айт, —
деди чоочун кишининин кыймыл-аракетине, турпатына дыкат көз салып отурган Оңолкан
апа.
— Жок дебедимби, байбиче, — деп кесе айтты Балбай.
Хан Ормон
— Эгер Балбай баатыр болсоң анда эмне болот? Калпың үчүн кулагынды кесип аламын, —
деди чечкиндүү Оңолкан апа.
— Ошентиңиз, Балбай болсом кулагымды кесип алыңыз, — деп дасторкондогу майдан нан
менен илип сугунуп, аяктагы максымдан ууртап, камарабагансып жерге койду.
— Болуптур «сөз кудайдын мөөрү» дейт, чакыргыла, төмөнкү үйдөн Ырысбайдын уулу
Эшматты, датканын ашында конок алгандардан ичинде жүрбөдү беле. Балким Балбай
баатырды көргөндүр, — деди Оңолкан апа.
Жигиттердин бири ордунан тура жөнөдү. Сөз токтоп, үй ичи үнсүз. Балбай баатыр камырабай
тамактанып отурат.
Салам айта жезекчи жигитти ээрчип кирген Ырысбайдын уулу эпчи жакка өтүп, Балбайга бет
маңдай отурду.
— Ой, айланайын Эшмат уулум, айтчы, сен мобу кишини тааныйсыңбы? — деди Оңолкан
апа.
— Тааныйм, бугу Балбай баатыр деген ушул. Ашка кызмат кылып жүрүп нечен жолу
көргөмүн, — деди жигит.
Балбай кебелбейт.
— О өлүксүз калпычы, «баатыр» имиш, алып кел, кара бычакты. Эл чапканы келген тура, —
деп бычакты колуна алып, Балбайдын жаагына такады.
— Тос кулагыңды, баатыр болсоң. Тез курмушу күйгүзүп даярда, — деп келинге буйруду да,
жаагын кыңайта тосуп турган Балбайдын кулагынын калканын сол колу менен кармап, чарт
кесип алды.
Баатырдын жаагы ылдый ыйыгына кан жая берди. Балбай көз ирмебей кебелбеген
калыбында олтурат.
— Бас курмушу, — деп «бурк» этти колу калтырай түшкөн Оңол байбиче.
Укмуштуу жорукка ичиркене, колун майда калтырак баскан келин илбериңки кыймылдап,
курмушу басып, баатырдын кулагынан аккан канды токтотуп, ыйыгындагы канды
тазаласамбы дегенде:
— Жоолуктарыңдын бирин алып, баатырдын жаагын таңып бер, — деди Оңол байбиче
келинине.
— Байбиче, келиниңиздин жоолугу өз башында болсун. Менин өз куйум бай, — деп ичинен
курчанган боз курду чечип, келинге берди.
Баатырдын кулагы таңылып бүтө, күтүүсүз окуяга эндиреп таң кала отурган жигиттердин
бири:
— Капырай, апа, укмуш иш болду. Анык эр экен, кулагын кесип атса чын эле көз ирмебеди.
Бекеринен «Балбай баатыр» деп жүрүшпөптүр, — деди жигиттердин бири.
— Бир иш болуп кетти. Мейли өз убалы өзүндө. Жөн жаткан элди «чабам» деген чогоолго
чала болду, — деп өзү да бир аз ыңгайсыздангансып турду да, — ата көрү, жүрөгүндө кара
жок эр экен, мейли, «Жоо аяган жаралуу, катыны каралуу» деген кеп бар. Муну тиги
Жолдубайдын алачыгына киргизип, жарма-жалаң берип, кайтарып тургула. Бириң бийге
жөнө, келип көрсүн жоолашчу баатырын, — деди Оңол апа.
Жигиттердин бири Ак-Кыяда кыштап турган Дуулат бийдин айылына жөнөдү. Балбай
баатыр кара алачыкта кайтарыкта калды.
Эртеси күн көтөрүлө Дуулат бийдин билерман жигиттеринин бири эки киши ээрчите
Шардын оозундагы кыштоодогу Оңол байбиченин үйүнө келип түштү. Амандык сурашып
отургандан кийин:
— Бий өзү келген жокпу? Айыгышып чаап алалы деген жоосу Балбай баатыр колго
түшпөдүбү. Неге өзү келип көрбөдү? — деди билермандарга сөзү өтүмдүү Оңол байбиче.
— «Көрүп эле жүргөн Балбай. Кулагы кесилип, куучуйуп турган эрди көрбөймүн. Артыда
жасоосу бар — жалгыз келмек беле», деп жигиттерди куралдандырып, кол топтоп атат. Биз
да ошол иш менен келдик. Жигиттерди топтоп, Сүттү-Булакка чейин кайгуулга жигиттерди
жиберебиз. Бул айылдын жигиттерин курал-жарагы менен күн бата Сары-Булактын оозуна
алып кел, — деп жанындагы жигиттердин бирине буйурду.
— Ботом, Калбай, сен көрбөйсүңбү колго түшкөн эренди, — деди Оңол байбиче.
— Жоолашып келсе да «мен» деген эр эле, кулагы кесилип, куурап турганда мен деле көрбөй
койоюн. «Жаңжал басылганда Ормон ханга жеткирип бергиле», деди бий, — деп алдына
Хан Ормон
келген чайдан бир ууртап: — Байбиче, оорураак иш болгон го, эр кишинин кулагын кесип, —
деди Калбай.
— Эр болбой эмирен калсын. Жөн жаткан элди чабам деген... Талаада жаткан эл бар бекен.
Уялбай кулагын кепилге коюп калп айтат, кескениме өкүнбөйм, — деди кайраттуу Оңол
байбиче.
Оңол байбиченин чайынан кийин, жоо күтүү камы жөнүндө сүйлөшүп, жигиттер башка
кыштоолорго аттанып кетти. Калбай күн бата Сары-Булактын оозунан кайгуулга чогулган
жигиттер менен жолугушмакчы болду.
Жолдубайдын кара алачыгында колу байлануу Балбай баатыр эки жигиттин кайтарыгында
калды.
Бүгүн экинчи күн Балбай баатыр кошуунуна кайтып келбеди. Бир кырсык болгонунан шек
алышкан Өмүр, Мырза, Жанектер кеңешке чогулушту.
— Жыгылып майып болдубу? — деди Мырза.
— Болбогон кеп, Балбай баатыр бала беле. Аңдоостон колго түшүп калдыбы дейм. Саяктар
да бейкам жаткан жок да, — деди Өмүр.
— Андай болсо азыр аттанып айылды басып, баатырды куткарып алалы, — деди Жанек.
— Алар азыр камдуу. Сары-Булактын оозунан өткөрбөй тосушат. Чабыш болот. Туткундагы
Балбайды да мерт кылып коюшат. Антүүгө болбойт. Баатырдын ажалына калабыз.
— Анан эмне кылуу керек? Отура берелиби? — деди Жанек.
— Арга жок, кайта кетебиз. Биз кол салбасак Балбайга тийе алышпайт. Жүйөөлөшүп
куткарып алабыз — түбү бир эл эмеспизби, — деди Өмүр.
Бугу жасоолу түнү менен көлгө кайтты.
Бештин айынын аяк чени. Кыш кычырап күчүндө. Ормон хандын чептеги кышкы Ордосу,
чепти тегерете кар күрөлүү, сепилде жылуу кийинген күзөтчү, дарбаза алдында куралдуу эки
жигит турат. Күн батар алдында төмөнтөн шайбыр бастыра келаткан төрт атчан дарбаза
алдына келип токтоду, үчөө куралдуу, мылтык асынган төртүнчүсүнүн жаагы таңылуу, колу
байлануу.
— Силер кимсиңер? — деп алдыларынан тосо чыкты дарбаза күзөткөн эки жигиттин бири.
— Медет датканын уулу Дуулат бийден келебиз. Кармалган ууруну Ормон ханга айдатып
жиберди бий — деди, карышкыр ичик, сүлөөсүн тебетейчен, сыйда кара сакалдуу, салабаттуу
киши.
— Түшүңүздөр, атыңарды тигиндей байлагыла, — деп күрөндүдөн берки мамыны көрсөттү
да, — ууру менен бириңер мында туруп тургула, бириңерди канга киргизебиз, — деди жигит.
Аттарын байлап, бири Балбай менен калып, бири жигитти ээрчип дарбазанын ичине жөнөдү.
Ормон хандын сурак бөлмөсү, хан төрдө жалгыз отурат.
Ичигин, тебетейин оозгу бөлмөдө калтырып, топучан, кемселчен кирген Дуулат бийдин
жигити колун бооруна ала бүгүлүп:
— Ассалому алейкум, таксыр, — деп, жигит андан ары жөнүн айта албай сүрдөп турду. Бир
тыным өтө:
— Сүйлө, — деген катаал үн селт эттирди. Хан теше тиктеп турду.
— Таксыр, мен Дуулат бийдин жигитимин. Бугу Балбай бийдин айылына ууруга барып, колго
түштү. Ошону «ханга алып бар» деп жиберди, — деди.
Ормон хан үн дебей бир аз турду да.
— Балбайбы, качан кармалды? — деди.
— Он беш күнчө болду. Кулагы кесилген, айыга түшсүн деп... — деп ийилген калыбында
турду жигит.
— Ким кести, эмне үчүн кестиңер суроо-сопкутсуз? — деди ийилип турган бечераны жекире
тиктеген хан.
— Калп айткан ууру деп, — деди жигит өйдө карай албай.
Хан коңгуроо какты, эшиктен кирген жигитке:
— Булар алып келген ууруну бөлөк үйгө киргизип, курсагын тойгузуп, эс алдырып, эртең
менен алып киргиле, — деди, тунжурап санын таянган калыбында. Дуулаттын жигити
ийилип турат.
— Сиз кете берсеңиз болот, — деп жанынан өтүп баратып «бурк» этти хан кызматындагы
жигит.
Айдакчы кетенчиктеген бойдон жымырыла чыгып кетти.
Хан Ормон
Кызматчы жигитти ээрчий кирген Балбай баатыр бир аз ийиле салам айтты.
— Алейкум салам, отур, — деди да, «сен кете бер» дегендей ишарат кылды кызматчы
жигитине. Жигит кеткенден кийин Балбай баатыр Ормон ханга тике маңдай чөк түшө отурду.
— Ии, сүйлө, — деди Ормон хан Балбайды ирмебей тиктеген тейде.
— Келдик, таксый, — деди Балбай да ханга тике карап.
Ызага жык толо күйгөн баатырдын көздөрүнөн жанган кайрат учкуну Ормон хандын катаал
сүрдүү көз карашына айкаша түштү.
— Сүйлө, — деди Ормон хан.
— Сүйлөдүк, таксый, саяктай койдоду кулакты кесип... — деди ызага буулуккан баатыр,
көөмөйүндө канча айтса да бир атанын балдары Үчүкө, Түлкүдөн тараган таякелик жайы бар
Ормон хан датымды бөлүшөр деген ойдо.
Ирмебей тиктеген Ормон хандын көзүнөн ырайым туюлбады. Жаагы таңылып, чачы өсүп,
жүдөңкү тарткан Балбайдын турпатына көз жиберип, бир аз унчукпай турду да:
— «Ууру» дешти, эмне уурдадың эле? — деди хан.
— Медет датканын Кейтабылгы күлүгүн, кошокчу сулуу кызын тайтып алайын деп
байганмын, — деди Балбай кебелбей.
— Ии... айта бер, — деди Ормон хан.
— Эмнесин айтайын, ат тайгаланып музга жыгылып, колго түшүп калдым.
— Ии... —деди Ормон хан «аягына чык» деген тейде. Эшиктен кирген Саза Балбайдын каптал
жагына отурду.
— Айтчу кеп эмес, бий кемпийге алып байышты, «сен Балбай баатыйсыңбы» дейт, «жок»
дедим, «калп айтсаң кулагыңды кесем38 деп... бийөөнү алып келишти. Ал мени тааныды,
кемпий кулагымды кесип алды «ууйу» деп, — деди Балбай.
— Кемпир кестиби? — деди Ормон хан, үнүнөн жаалы кайнаганы туюлуп турду.
— Ошондой болду, — деди Балбай чыйрала.
— Дарга тартамын, орго саламын эки жылга, бирөөнүн малына көз артып, өзүңдүкү азбы? —
деди Ормон хан.
Оюна келбеген өкүмдөн Балбайдын жүрөгү «солк» этпеди. Кашкайган катаалдыкка жүрөгү
муздай түштү.
— Саза, Балбай баатырды орго салдырып, түзүктөп бактыр, — деди Ормон хан.
Балбай баатыр ордунан туруп, Ормонду карабай, Сазаны ээрчип чыгып кетти.
Жалган курандын аягы. Жер тоборсуп, эл боз үйлөргө чыгып калган.
Ормон хандын айылы жазгы конушка конгонуна эки күн болду. Айтылуу Сарт аке бир
жолдошу менен кечээ кечинде келип, хандын конок үйүнө түшкөн. Кадырлуу карыяга
кастарлуу сый көрсөтүлдү.
Эртең менен конок чайынан кийин Сарт аке хандын ордосунда. Төрдө Ормон хан, оң жагында
Сарт аке, сол тарабында Калыгул отурат. Үсүр-масир эсендешүүдөн кийин:
— Карыя, кандай дейсиз, быйыл жыл кандай болор экен? — деп суроо узатты Калыгул.
— Өткөн жылы эликтин кураны эрте жүгүрбөдү беле, жаз эрте келет. Кудай кааласа жаанчачын жетиштүү болуп, эгин, чөп мол, элде береке болор, деп ойлоймун, — деди Сарт аке.
— Ылайым ошондой болсо экен. Кудай жалгап, аздыр-көптүр эл эгин эгип, чөп-чар
камдаганга оой баштады. Берекесин Кудай таала жерге чачкан тура, — деди Калыгул.
— Жарытылуу деле эмес, жарып кете албай турат го эл. Жердин көбү эле ээн жатпайбы.
Элдин көбү да бош жүрөт бирин-экин малын караган болуп. Элдин жерге илээшип, марышы
үчүн көп жылдар керек го, акылманым, — деп сакалын сылай ойлуу отурду Сарт аке.
— Оокат кылуунун көнүмүш ыгы мал да, көчмөн элге жер айдап жашоо чоочун көрүнүп турат
да, — деди Калыгул.
— Ошондой, эми бара-бара көнөт да, кайда барат, тирүүлүк ыгы ошого түртүп турса, — деди
сөзгө аралашпай суз отурган Ормон хан.
Ортого салынуучу сөздүн өзөгүн бири-бирин кадырлаган кишилер туюп турушса да, учугу
чыкпай, сөз токтоп, оңтойсуз абал түзүлө калды.
— Ормон баатыр, «Айран сураган челегин жашырбайт» дегендей, бугу туугандарың: Хан
алдынан өт, күнөөсүн кечирип, Балбай баатырды куткарып берсин» дешет. Өзүңө өтүнүч
аркалап келдим, — деди Сарт аке Ормонго көз жибере.
Ормон хан мелтиреп үнсүз.
Хан Ормон
— Осол иш болуп кетиптир. Акылынан кайраты озуп жүргөндө ушундай болот. Болбосо
саякта өнбөс доосу, өчпөс өчү бар беле баатырдын, — деди Калыгул.
— Ошону айтпайсызбы? Бирөөнүн төрүндөгү кызын, кермесиндеги күлүгүн тартып алам
деп... — башын ийкеп отурду да, — өзү да көрбөгөн азапты көрдү кулагын кестирип,
жаманатты да, кор да болду, — деди Сарт аке, Ормон ханга көз кырын жиберген калыбында.
— Кайран эрдин кор болгону аялуу. Денесине так түшүп, орго отуруп, азап тартты. Ушул жаза
жетиштүү го, Сарт акенин ийирин жандырбаган дурус го, — деп Ормон ханды суроолуу
карады Калыгул акылман.
— Кор болгону чын. Балбай жазасын тартып жатат. Бирөөнүн малын, бүлөсүн тартып алам
деп, кулагын кестирип сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп отурат. Казактар Адыл менен
Ырыскулбектин 1400 жылкысын тийип кетишиптир.39 Пристав Перемыш аркылуу
сүйлөштүрсөм, «Өзүнүн Балбайын тыйып алсын, казактан алган жылкыларды кайтарсын»
дептир, — деди хан.
— Аныңыз калетсиз, баатыр, эр баркын түшүргөнү... Жазасын тартып атат. Алты ай бою сыз
ордо... «Тулпар этин оордобойт, султан сөөгүн кордобойт» дегендей, сөөгүңөр бир, — деди
Сарт аке сөздүн учугун таштап.
— «Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу
кечет» дегендей, оңтойсуз иштеген ишинин, ойлобой сүйлөгөн сөзүнүн өкүтүн тартып турат.
Азаптуу күндөрдү башынан кечирип жаткан баатыр өткөн тагдырын таразалап, өкүнүп
тургандыр. «Кечирилбес күнөө болбос» дегендей, кечирим убактысы болду го, — деди
Калыгул Ормон ханды карап.
Ормон хан мелтиреп үн дебей, санын таяна алдын тиктейт. Жүйөлүү соболдорго жооп болбой,
үй ичи тунжурап турду. Бир оокумда:
— Ар качандан бир качан сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп жүрөбүз. Орус жандралысын
арага салып, Кенесарыдан кийин казактар менен шарт наме түздүк эле. Балбай, Жанектер
жылкыларына тийип, шертти бузушат. Эми казактар бизге кол сала баштады. Балбай чыкса
жөн жатабы — «кулагымдын куну» деп дагы саякты чабат, же казакка кол салат, мунун
жүрөгүн калтырыш керек эле — болбостур... атайы келипсиз, — деди Ормон хан сөз төркүнү
белгилүү болгондон кийин, сөз андан ары уланбай, кадырлуу конок түштөнүүгө чакырылды.
Хандын сөзүнөн улам Балбайды ордон чыгарып берерин күтүп, Сарт аке жолдошу менен
конок үйүндө сый үстүндө.
Ормон хан ордон чыккан Балбай баатырды ордосунда эмес, чоң үйү Кусубалды
байбичесиникинде кабыл алууну туура тапты.
Жасалгалуу он эки канат боз үй. Төрдө Ормон хан жалгыз санын таяна ойлуу отурат. Эпчи
жакта Кусубалды байбиче теспе тартып өзүнчө отургансыйт. Эшик ачыла кызматчы
жигиттин алдында кирген Балбай баатыр ийиле салам айтып, кол бербестен эр жактан орун
алды. Ормон хан саламды алик ала, жигитке «кете бер» дегендей ишарат кылды да, жаза
тарткан Балбайдын бир аз жүдөңкү тартса да мүңкүрөбөгөн кайраттуу турпатына сынакы
көз жибере тиктеп турду. Кусубалды байбиче кылдат кыймылдап, кара көөкөрдөн кымыз
куюп, Балбайга сунду. Балбай тынбай жутуп жиберип, аякты узатты, аяк кайра сунулду.
Үчүнчү аякты бошотуп жерге коё, мурутун сылай Ормон ханга көз жиберди. Ирмебей
тиктеген сынакы кайраттуу көз карашка тереңинен жанган кек учкуну айкаша түштү.
— Эр чекишпей бекишпейт эмеспи, баатыр. Аздыр-көптүр жаза тартып чыктың, «Акылдан
озуп кеткенде, кайрат баш жарат» деген ушул. Эми экөөнү тең алып жүрөрсүң, — деди Ормон
хан.
— Бекиштик, таксый, кулактын кесилгени аз келгенсип, кудукка салындык. Акыл кайатты
теңдөөчү учуйда теңдейбиз, ашчу учуйда аша чабайбыз, — деди Балбай.
— Акылдын бир аз озуп жүргөнү оң. Ошент, баатыр. Казактарды чапканды кой, сага шылтап
элдин тынчын кетирип атышат, — деди Ормон хан.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 38
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.