Latin

Хан Ормон - 20

Total number of words is 3830
Total number of unique words is 2022
28.6 of words are in the 2000 most common words
41.7 of words are in the 5000 most common words
48.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Алейкума салам, өтүп орун ал да, болгон ишти ирети менен шашылбай бизге баяндап бер,
— деди Ормон хан. Тыңчы киши бийлерден төмөнүрөөк отуруп, быжыгыр кара сакалын
сылай бата тилеген болуп:
— Кечээ түнү менен душман ичинде болдум. Ыгын таап, тымызын Супатай бийге жолугуп,
сиздин таберик салам дубаңызды тапшырдым. Бий салам дубага өтө курсантмын, хандын
салам дубасы кабыл болот. Кыргыз жоокерлери чабуулга өткөндө, мен өз жоокерлерим менен
майдандан чыгып кетемин. Үрүстөм султанга Ормон хандын салам дубасын айтамын. Ал да
өз жоокерлери менен майдандан чыгып кетет. Эки бир тууган элге амандык, тынчтык
тилейбиз. Ханга биздин макулдук салам дубабызды айта бар, — деди.
— Дурус кебиң бар экен, ыракмат. Эми казак жоокерлеринин ичинде эмне кеп бар? Кандай
маанайда? Ошонун жайынан кеп урчу, — деди Ормон хан.
— Казак жоокерлеринин арасы ирип турат десе болот, — деп үнүн көтөрүңкү чыгара кебин
улады, хандын өзгөчө көңүл бөлгөнүнө ыраазы болгон тыңчы. — Кечээ түнү жагылган
сансыз эр оттору, бүгүн эртең мененден ой-кырдан, ар тараптан уюлгуган чаң айлаларын
кетирип турат. Кыргыз жоокерлеринин көптүгүнөн жүрөктөрү титиреп, жандарын сактап
калуу үчүн качууга даярданып тургандары арбын экени байкалат. Өлгөндөрү абдан көп.
Миңден ашат го. Көмүүгө чамалары жетпей жатат. Бүгүн дигерден кийин ичерге суулары жок
калышты. Кенесары хандын өзүнүн айласы түгөнүп тургандай түрү барбы дейм, — деп сөзүн
аяктай оңдонуп отурду тыңчы.
— Дурус, дурус жүрүпсүң. Кызматыңдын мөөсүлү жоону жеңгенден кийин болот. Эми
тамактанып эс ал да, түнү менен кайра ордуңда бол. Супатай, Үрүстөм бийлерге биздин бир
туугандык ыраазылыгыбызды айт. Иншалла, эртеңки түнү көз байланганда биздин
жоокерлер чабуулга өтүшөт. Баары ак көйнөкчөн болушат. Супатай менен Үрүстөм
жоокерлерин чыгарып кетүү жеңил болсун десе жоокерлеринин ак көйнөктөрүн сыртынан
кийгизип алышсын. Эртең көз байланардан эртерээк кайра кайтып, иштин жайын бизге
кабарлап бергендей бол. Жолуңду Кудай ачсын, — деп хан сөзүн бүттү. Тыңчы ордунан тура
арты менен жылып тышка чыкты. Хан ордосундагы кеңеш түн ортосуна чейин уланды.
Түн. Кенесары ордосунда онунчу шам бүлбүлдөйт. Жашыруун жыйын жүрүүдө. Норузбай,
Агыбай баш болгон кол башылардын, баарынын маанайлары пас. Кенесары хан тунжурап
үнсүз. Эч кимиси озунуп сүйлөөгө батына албай, бири-бирин карашат. Тунжураган үнсүз
тынчтыкты Норузбай төрөнүн салмактуу үнү бузду:
— Хан ага, акыл табыңыз. Ал-абал өтө оор. Өлгөндөрдү көмүүгө да үлгүрө албадык.
Жоокерлердин көңүлү чабуулдан кайт болгону байкалып турат. Качып кетип аткандары бар.
Тоо-түздө күйгөн оттор, кечээтен бери жардамга келген кыргыз колдору биздин кетүүчү
жолду тороп алган сыяктуу. Бүгүн кечтен бери жоокерлер ичерге суусуз калышты.
Кыргыздар суунун нугун буруп кетишиптир. Арга түгөнүп тур, — деди төрө.
— Не кыл дейсиңдер? Өлгөндөрдү көмгүлө, качкандарды кармап аткыла. Жаңы чабуулга
даярдангыла. Кыргыздар озунуп чабуулга өтүшсө мылтыкчандарды коюп тоскула, — деп
зирк этти ачууга буулугуп, айласы түгөнүп турган Кенесары хан.
— Кенеке, — деп сөз улады баарынан ыкыбалы жакыныраак Чубуртмалуу Агыбай баатыр,
— ок-дары да түгөндү. Кармашуу мындай узак созулат деп ойлогонубуз жок эле да.
Жоокерлердин деми караманча кайтып калды. Ичерге суусуз кантип согушар экен? — деди.
— Согушат, мен согуштурамын. Аблай тукуму өлгөндө башкалардын тирүү калууга акысы
жок. Даярдангыла кармашууга, — деп кескин айтты Кенесары. Сөз түгөнгөнүн туйган кол
башылардын Норузбайдан башкалары жай-жайына тарашты. Буулуга түнөргөн Кенесары
кенен чатырдын эшигинен төрүнө чейин ары-бери басып, оюн жыйнай албай алектенип
турду. Эки чыканагын санына таяп, башын жерге сала түнөргөн Норузбай тунжураган ой
туткунунда отурат. Эки бир тууган баштарына түшкөн мүшкүлдү өз ойлорунда жоруй,
унчукпаган тейлеринде бир оокум убакыт өттү. Норузбай башын өйдө көтөрүп:
— Кене ага, бир тууганча сүйлөшөлү, отуруңуз, — деди. Түтөп турган Кенесары:
— Ой-бай, карагым ай, не дегени турсуң, — деп ордуна отурду.
— Агатайым, ойлонуңузчу, Эсенгелди, Саржан төрөлөр Кокондон мерт болушту. Эржан
төрөнү бул жерден жоготтук. Өлүмдөн мен да коркпоймун. Бир гана өкүнүч, уулдарыңыз да
мында. Биз өлүмгө бел байласак Касым төрөнүн тукуму курут болобу? Менин тилимди
алыңыз. Ишенимдүү төлөңгүттөрдөн миңди баштап, сизди уулдарыңыз менен ортого алып,
Хан Ормон
кыргыздын курчоосун бузуп өтүп кетейин, — деди. Кырчындай солкулдаган, жыйырма
бешке жаңы чыккан инисин ичинен аяп турган Кенесары:
— Наукен жан, айткандарың туура. Менин да оюма келип тур. Бирок көз көрүнөө качсак төрө
намысына доо кетер. Мен бир арга ойлоп турамын. Эртең Ормон ханга элдешели деп элчи
жиберейин. Кабыл алса согушту бүтүрүп, элге кайтабыз. Иш оңунан чыкпаса түнкүсүн кетүү
амалын көрүү керек. Барып эс ал, — деди да, өзү таңды күтө чырм этип эс алууга жайланды.
Күн чоң шашке. Асман шаңкая булутсуз. Жаз күнү нурун көктөмдүү жерге төгө бейкут
жадырайт. Эки тарап тең алдыдагы чабуулга даярдык көргөн сымал тынч. Текелүү-Сеңир
алдындагы айчыктуу кызыл туу желбиреген кыргыз ордосуна бет ала келаткан салт атчан үч
кишини ордого бута атым калганда хан сакчылары токтотту. Бейтааныш кишилер салам
айтышты.
— Алейкума салам, силер кимсиңер, кайда барасыңар? — деди сакчылардын башчысы
туулгачан кер мурут жигит.
— Биз элчибиз, Кенесары хандын элчилерибиз. Ормон ханга жолугалы, хандын салам
дубасын айталы деп келатабыз. Элчиге өлүм жок, бизди туткундабай ханга жолуктургула, —
деди жээрде сакал, тегерек бет, көзү чекир, боз пиязы чепкенчен, кырбуусу тайкы тебетейин
көтөрө кийген салабаттуу киши.
— Элчи болсоңор атыңардан түшкүлө. Тиешелүү кишилерге кабар беребиз, жооп келгенче
ушундай турасыңар. Жандарын тинт, куралдары болсо ал, — деп сакчы башчы жанындагы
жигитке буюрду да, өзү ордого жөнөдү. Ордодо Ормон хан жалгыз ойлуу отурду. Эшик ачыла
кирген Саза:
— Таксыр, Кенесары хандан элчилер келиптир. Кабыл аласызбы, — деп ызаат менен ханга
кайрылды.
— Аа, ошондойбу! Кенесары канкордун тумшугуна суу жеткен экен да. Элчилерди мага
келтирбегиле. Элдешүүгө болбойт. Үйгө киргизбей, талаадан узаткыла. Бир эле ооз сөз
«элдешпейбиз». Эч кимге кол тийгиздирбей, кошундарына жеткенче көзөмөлдөп тургула.
Мага келүүчү жашыруун кишини токтоосуз киргизгиле, — деп кошумчалады хан. Саза
элчилерди узатканы кетти. Дигер маалы. Ормон хандын ордосунда кезектеги аскер жыйыны
өтүүдө. Маанайлары көтөрүңкү Жантай, Жангарач, Токтор бийлер, Төрөгелди, Чынгыш,
Алыбек, Түлөкабыл, Адыл, Молтой кол башылар хандан сөз күтүүдө. Жыйынга келгендерге
бир сыйра көз чаптыра:
— Жоокерлердин даярдыгы, деми кандай? Кечээки койгон шарттар аткарылдыбы? — деди
Ормон хан.
— Жоокерлер демдүү, чабуулга чыгууга даяр турушат, — деди Төрөгелди.
— Душман эс-учун жыя электе чабуулга өтсөкпү деп турамын, — деп кошумчалады Чынгыш.
— Жангарач экөөбүз кыдырып чыктык. Чабуулга кийүүчү ак көйнөктөрү да даяр экен, —
деди Жантай бий.
— Дурус, дурус экен. Жоокерлердин эсен, демдүү болгондору жакшы, — деп санын мыкчый
бир аз ойлуу турду да, — душман тарапка жиберген жашыруун киши келди. Супатай, Үрүстөм
султандар биздин салам дубаны кабылдап, жоокерлерин биз жактан чабуул башталары
менен майдандан чыгарып кетүүгө даяр экен. Кечээтен бери ичээрге суусуз калган Кенесары
жоокерлеринин көбү качууга даярданып турган сыягы бар. Кенесары айласы куруп, бүгүн
күндүз элдешели деп элчилерин жибериптир, — деп Ормон хан бир сөзүн үзө калганда:
— Жарга такалганда канкордун ынтымакчыл боло калганын көр, — деди Жантай бий.
— Ажалы көзүнө көрүнүп турат го, — деп сөз кыстарды Чынгыш.
— Ырас айтасыңар, ошондой. Элчини биз кабыл албадык. Саза тыштан узатып койду. Кудаа
кааласа бүгүн түнү Кенесары канкор менен элдин эсебин бүтүрөбүзбү деп турамын. Көз
байланган маалда чабуулду баштайбыз. Жоокерлер ак көйнөктөрүн сыртынан кийишсин.
Чабуул башталар алдында Алыбек, Чаргындын мергендери машаа кошуп, бир дем менен
мылтык атышсын. Ага удаа Орозбактын сурнай, кернейлери тартылсын. Ага чейин
жоокерлерди тамактандырып, ат шайман, каруу-жарактарынын даярдыгын текшерип
чыккыла. Он башы, жүз башы, миң башылар өз жоокерлерине толук ээ болуулары керек. Иш
ушундай, иншалла. Бүгүнкү түн казак, кыргыз эки элдин жоолашуусунун акыркы түнү
болгусу бардыр. Азыр биз да чогуубуз менен жоокерлерди кыдырып, чабуул алдында дем
берели, — деп Ормон хан ордунан турду. Баары ханды ээрчий, жоокерлердин акыркы
даярдыктарын көрүүгө жөнөштү.
Хан Ормон
Күн тоо кыркасынан кызара батып баратат. Кенесары кыргызга жиберген элчисин ордо
чатырында кабыл алды.
— Ушундай дечи. Баччагарлар, Ормон ханга жеткирген эмес экен да, — деди ойлуу отурган
Кенесары хан.
— Ошондой, таксыр, ханына жеткирбей тосушту. Бирок Ормон ханга кабарлагандай болушту.
Ал «элдешпейбиз, жоолашкан да эмеспиз, Кенесары хан өзү келип катылды», деп айтты
дешти, бизди кабыл алган жигит башысы, — деди элчи.
— Түшүнүктүү, — деди Кенесары токтоо калыбында элчиге аргасыз абалын билгизбөө
аракетинде, — кыргыздардын ал-абалын аз да болсо баамдай албадыңбы? — деп суроо
узатты.
— Артык баш кыймыл көзгө көрүнбөдү. Тартиптери өтө катаал сыяктанат. Ордого бута атым
жан жолотпой куралдуу сакчылар турат. Чыгыш жактан түтүн булайт, аскер кошундары ошол
тарапта го деп болжодум. Бизди катаал тосуп алып, эч жакка кайрылтпай кайра узатышты,
— деди элчи.
— Ыракмат, жайыңызга барыңыз, — деди Кенесары түнөргөн калыбында. Элчи чыгып кете,
Норузбай төрө, Агыбай баатыр экөө кирип, ызаат менен Кенесарынын эки жагынан орун
алышты. Эч кимисине көңүл бөлбөй түнөргөн калыбында мелтиреп отурган ханды көрө экөө
бири-бирин карай астыртан көз кырын жиберип турушту. Бир оокум өтө Норузбай:
— Кене ага, кыргыздарга жиберген элчиден кабар барбы? — деди.
— Элчи келди. Ормон хан кабыл албай, тыштан узаттырыптыр. Биз элдешпейбиз, жоолашкан
да эмеспиз, Кенесары өзү катылды катыгын алат, дептир. Алар түн кире чабуулга чыгат деп
турамын. Жоокерлердин абалы кандай? — деди Кенесары кандай жооп болорун биле
экөөнүн эч кимисин карабаган калыбында.
— Кандай болсун, Кенеке, кечээтен бери суусуз кургак оокаттанымыш болуп отургандардын
жоо беттөөчү тейлери жок. Атка мингизе көтөрсөк эле качышабы деп турамын. Кыргыздар
элдешер бекен деп үмүттөнүп турдук эле, — деп ылдый карады Агыбай баатыр.
— Качырбагыла. Бизге ишенимдүү эр жүрөк төлөңгүттөрдү аттандырып, жоого аркабызды
көргөзбөй кармашып өлөлү, — деди Кенесары.
— Кенеке, кармашууга каруу жетпейт го. Элди да бөөдө кыргынга салбай, жанды куткаралы.
Курчоонун бош жеринен эптеп чыгып кетүүнүн амалын көрөлү, — деди Агыбай.
— Мен кечээ айткандай иштейли. Ишенимдүү төлөңгүттөрдү алдыга салып, сизди
уулдарыңыз менен ортого алып чыгып кетели. Бөөдө тукум курут болбойлу, — деди
Норузбай. Түнөргөн Кенесары жооп бергенче жер дүңгүрөткөн мылтык үндөрүнө аралаш
бапылдап созулган керней, сурнай үндөрү аба жарды.
— Мына башталды. Аттангыла! — деп кыйкыра тышка чыкты Кенесары хан. Ыргылжың
болуп турган казак жоокерлери дүрбөлөңгө түшүп, аттарына минип, кача баштады.
«Кыргыз, кыргыз, Манас, арбак, оо, Алла...»
«Атаке, Талкан, Бөлөкбай. Эсенгүл, Садыр», — деген жер жаңырткан ураан менен чыгыштан
ак кийимчен жоокерлердин агымы каптап келатты. Атка минген казак жоокерлери иретсиз
батышты карай сүрүлө качты. Супатай, Үрүстөм, Чымыр Байзактын жоокерлери ак
көйнөктөрүн кийе ирети менен майдандан чыгып кетишти.
«Жоо качты, жоо качтылап» кыйкыра кыргыз жоокерлери качкан жоону сүрүп баратышты.
Казактар артынан кубалап жеткен жоого алсыз айбат көрсөткөн болуп, жанын сактоо
аракетинде.
«Каршылык көрсөтпөй качкандарды кубалап өлтүрбөгүлө, кете беришсин. Курал
таштагандарды топтоп, артка жибергиле. Аялдарга кол тийгизбегиле. Кенесары, Норузбайды
тирүү кармаганга аракеттенгиле» деген буйрукту аткаруу үчүн кыргыз жоокерлери качкан
жоонун артынан баратты. Качкандар таң ата, сормо саздуу Мыкандын кара суусуна
капталышты. Былкылдаган сормо сазга аты менен чөгүп, өлө-тала саздан чыгууга
үлгүргөндөрү агыны катуу сууга агып, кутулуу үмүттөрү бошко кетип, думуга жан таштап
турушту. Сазга сорулуп бараткан аттардан улам сорула электерине көтөрүп мингизе сакчы
төлөңгүттөр өз жандарын кыя Кенесары ханды сактап калуу аракетин көрүп баратышты.
Саздан чыгарылган Кенесары ханды төлөңгүттөр көтөрүп атка мингизе кечмеликке
салышты. Суудан чыга бүткөн боюнан кара баткак аралаш суу шорголоп турган Кенесарыны
Калча, Дайырбек баштаган тынай жигиттери жээктен мылтык кесеп тосуп алышты. Мындан
бир аз илгерирек дал ушундай абалда колго түшкөн Норузбай, Кудайменде баштаган он
чакты киши колдору байлануу четте турушат. Кенесарыны тааныган Калча:
Хан Ормон
— Хан башың менен сени зордобойлу. Курал-жарагыңды өз эркиң менен ташта да, колуңду
байлоого тос, — деди мылтык кезеген калыбында. Кенесары кыны менен канжарын жерге
таштап:
— Болгон куралым ушул, жигиттер. Казак, кыргыз балдарын Алаштын азаматтары дейт. Хан
башым менен өтүкчөн суу кечип, алдыңарда турамын. Каалаганыңарча алтын бердирейин,
куткаргыла Норузбай төрө экөөбүздү жигиттерибиз менен, — деп сабылып турду өмүрү
бирөөдөн бир нерсени эрки менен сурап албаган Кенесары, жүлүнү түтөп турса да кайратын
боюна жыйноого аракеттенип.
— Пендечилик башыңа түштүбү, канкор хан? Жан таттуу экен да. Ар кимдин жаны өзүнө
ошондой. Сен мууздатып керегеге илдирген наристелердин, тирүүлөй жүрөгүн сууруп оозуна
тыккан бейкүнөө шейиттердин куну алтын менен бүтпөйт. — деди Дайырбек.
Олуя-Ата, Мерке чептерин багындырып, өзүн Искендер Зулкарнайндай сезген Кенесары хан,
найзакерден кагуу жебей, накта казак насилинен чыккан бийлерге «сен карасың», деп кол
бербей текеберленген Норузбай төрө, «Аблай насилиненбиз» деп кекирейген султандар
саздын кара баткагына булганган кийимдеринен суу шорголоп шөлбүрөй, колдору байлануу
айдакта баратышты. «Кысасы кыяматка кетпейт» деген накылдын чындыгы ушул го.
Күн кеч бешим. Ормон хандын Текелик-Сеңирдеги көчмө ордосу. Хан алдында кол башылар,
акылмандар кыргыз жоокерлеринин жеңиши жөнүндө ой бөлүшүп отурушат. Баарынын
маанайлары жаркын, көңүлдөрү шат.
— Бейкүнөө төгүлгөн элдин каны Кенесарыны узаткан жок. Кудаага шүкүр, канкордун
алааматынан эл кутулду. Байлык издеп келген баскынчылар кыргыз кылычынын мизин
туйгандай болушту окшойт, — деп канааттана сакалын сылай Ормон ханга көз кырын
жиберди Жантай бий.
— Бүгүн казак жоокерлери дээрлик каршылык көрсөтө алышкан жок. Биздин жоокерлердин
жаккан отунан, салган чаңынан жүрөксүп, суусуз калган бечаралар качып баратып,
Мыкандын сормо сазында, агыны катуу кара сууда сорулуп, чөгүп мерт болушту. Биз жактан
жоготуу болгон жок, — деди Чынгыш баатыр.
— Атаңдын көрү амалы күчтүү казак, Чубуртмалуу Агыбай биз чабуулга киргенде
жигиттерин аттандырбай буктуруп коюп, чабуул өтүп кеткенден кийин Мистенин белин аша
куткарып кетти. Артынан кубалабадык, — деди Төрөгелди баатыр, адөөлөттүк кылганын
билдирген таризде узун мурутун сылай.
— Кенесарынын кесепеттүү дооматы калың казакка тийди, кыргызга да оңой болгон жок, —
деди Жангарач бий.
— Эки элге тең кыйын болду, — деп кебелбеген калыбында сөз улады Ормон хан. —
Качкандарды кубалабаганыңар дурус болду. Алданган, зордолгон бечараларды... Казак
тараптан көмүлбөй калгандарды да мусулманчылык менен жашыруу керек. Туткунга
түшкөндөрдү кааласа коё бергиле өз жерлерине, кыргыз ичинде калып, эл болууну
каалагандардын өз эрки, — деди Ормон хан.
— Таксыр, бүгүн ар бир кошунга мал союп, түлөө өткөрөлү. Жоодон түшкөн олжону
бөлүштүрөлү, — деди Жантай бий.
— Олжону биринчи кезекте толугу менен казатта шейит кеткендердин, жарадар
болгондордун үй-бүлөлөрүнө бергиле, — деди Ормон хан.
— Абдан адилет болор эле.
— Кудай алдында туура болор эле, — деген кобурга аралаша эшик ачылып, ийиле салам
айтып Калча, Дайырбектер киришти.
— Алейкума салам, келгиле азаматтар, орун алгыла, — деди жигиттердин согуштагы
эрдиктеринен кабары бар Ормон хан.
— Кенесары, Норузбай бир нече төрөлөрү менен колго түштү, — деди Калча.
— Кудай колго берген экен, канкорду, — деп ыраазы боло оңдонуп отурду Жантай бий.
— Көп жойлогон бөрү капканга түшпөй койбойт дегендей, он жыл чамалуу жаны тынбай
жортуп жүрдү эле, казакты бошотуучу киши болуп, кайра элине бүлгүн салып. Түшкөн экен
да башына көр пенденин тагдыры, — деди Жангарач бий.
— «Ханга жолуктургула» деп суранып турушат, — деди Дайырбек. Жыйындагылардын
назары эмне дээр экен деген кыязда Ормон ханга бурулду. Кабарды канааттануу менен кабыл
алганы туюлуп турган Ормон хан:
— Менин алдыма келтирбегиле. «Күндүн көзүн көргөн үшүбөйт, хандын көзүн көргөн
өлбөйт» деген накыл бар. Анын тагдыры азыр ачакей. Эки бир тууган эл сөөк өчтү болбосун
Хан Ормон
деп эки-үч ай туткунда кармап, элчиликке келип коё берсек да болор эле. Бирок каны
төгүлгөн эл эмне дейт? — деди Ормон хан.
— Азыр эле колубузга бергиле. Кандарын ичип, көксөөбүздү суутабыз деп сагалап турушат
Калпак, Субанбек, Ормонбек баатырлардын үй-бүлөлөрү, — деди четтерээк ызаат сактай
турган Калча.
— Ошолордун колуна берели, — деди Жантай бий.
— Албетте бейкүнөө кан жуткандардын колуна бергиле. Тил алышса өлтүрбөй кармап
турушса болор эле, — деди Ормон хан. Дайырбек, Калчалар жыла чыгып кетишти. Шейит
болгондорду жашыруу, үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу, жардам берүү, элди кайра конуштарына
кайтаруу жөнүндө кеңеш улана берди.
Эртеси чоң шашкеде Ормон хандын ордосуна Алыбек уулу Калыгулду ээрчите Жантай бий
келип түштү. Амандаша жай алып отургандан кийин:
— Сиз айткандай болбоду, таксыр. Жолболду дегендин үйүнө туткундарды камап кайтартып
коюшкан экен. Каны кайнаган эл сакчыларды жөөлөп кирип, Кенесары, Норузбай экөөнү тең
өлтүрүшүптүр, — деди Жантай бий. Бир аз кабатырланганы байкалган Ормон хан:
— Кимдер өлтүрүптүр, — деди санын таяна мелтиреген калыбында.
— Кенесарыны Субанбек, Ормонбектердин иниси Тайсары жайлаптыр. Норузбайга күйүтү
күч Калпак баатырдын жесири кол салганда, көк жал эрен «оо кыргыздар, эркегиңер жокпу»
дегенинен улам, намыстанган Төлөбай деген жигит аялдын колунан кылычты алып,
Норузбайдын суроосун орундаптыр, — деп канааттанган таризде Ормон ханды карады
Жантай бий. Ормон хан көз ирмебей үнсүз дүйнөнүн оомал-төкмөлүн таразалаган сыяктуу
турду. Бир тынымдан кийин Жантай бий мурутунан жылмая Ормон ханды карап:
— Көк жал Кенесары өлүм алдында аба жара өлөң айтып, эки ирекет намаз окутууну
өтүнүптүр, — деп кошумчалады.
— Ыйман келтиргенден мурда ырдап өлгөн экен да талаанын бөрүсү, — деди Ормон хан.
— Акылдаша турган иш бар. Калыгул экөөбүз ошол үчүн келдик, — деди Жантай бий.
— Айткыла, угалы, — деди Ормон хан.
— Кенеханды орустар он жылдан бери колго түшүрө албай жүргөнүн билесиз. Мунун башын
кесип, Омбудагы орус жарым падышасына жиберсек көп тартуу алабыз. Орусия менен
ымалабыз да жакындайт, — деди да, тапкан акылым жагабы дегенсип, Ормонду карады.
— Жөнү бар сөз. Бирок ушунча алыс жерге кантип жеткирер экенсиңер? — деди Ормон хан.
— Ал иштин жайын Калыгул баатыр табат, — деди Жантай бий жанында отурган Калыгулду
карап.
— Калыгул баатыр, сиз кыргыз элчиси катары бизден жарым падышаага салам айтып
барасыз, — деди Ормон хан салабаттуу көп сүйлөбөгөн Калыгул Алыбек уулун карап.
Аракет жасайбыз, таксыр, — деди Калыгул токтоо калыбын жазбай.
— Кудай кааласа бул жактагы иштер ойдогудай бүттү. Калгандары кечээки жыйында
сүйлөшкөндөй болсун. Эми биз Байсоорунга кайтсак болот, — деди Ормон хан.
— Андай десеңиз, Кудай кааласа эртең узаталы ордоңуз менен, — деди Жантай бий. Сөз
Калыгулдун Омбуга сапары жөнүндөгү маселеге ооп, аңгемелешүү уланды.
УРПАКТАРГА ТЫНЧТЫК МУРАС
1847-жыл. Баш оона айы. Кенесары хандын баскынчылыгынын бетме-бет согушта тамыры
суурулгандан кийин Ормон хандын эл ичиндеги жана эл аралык зоболосу көтөрүлүп турган
кез. Тартуу менен куттук айтып кыргыздын мартабалуу бийлери, байлары эки күндүн
биринде келип турат. Файзулла тархандын бузуку аракети менен Орусияга таянып, жалпы
кыргыз эркиндиги үчүн болгон салгылашуудан четте калган кудасы Боронбай бий да, «кабар
даана жетпей калды» шылтоосун айта, тартуу ыроолоп келип кеткен. Олуя-Ата, Мерке
чептерин басып алып, хандыктын келечегине коркунуч туудуруп турган душманынан
куткарганы үчүн Кокон бийликтери да атайын элчилерин жиберип, ыраазылыктарын
билдиришкен. Чыгыш Түркстанды Кытайдан бөлүп, өз алдынча мамлекет түзүү үчүн
күрөшүп турган Кашгар өкүмдары Кожонун куттуктап жана аскердик жардам сурап жиберген
элчилери кечээ узаган.
Хан Ормон
Батыш-Сибирь генерал-губернатору князь Горчаковдун жана өзүнүн атынан куттук
айттырып жиберген Батыш-Сибирдин чек ара начальниги генерал-майор Вишневскийдин
Чоң Ордо Аягуз приказынын катчысы Галим Якубов Ормон хандын кабыл алуусунда отурат.
Хан ойлуу кебелбеген калыбында орус генералынын сөзүн көңүл коюп угууда. Оң жагында
Калыгул акылман отурат. Он жылга жакын убакыттан бери регулярдуу аскер бөлүктөрүнө
моюн бербей согушуп келген Кенесары султандын кара кыргыздар тарабынан бетме-бет
согушта талкаланып, өзү инилери менен колго түшүп мерт болгонуна Орусия таң калып да,
ыраазы болуп да турат, — деп Ормон ханга көз жиберди жашы кыркка жете элек, өзүн
салабаттуу кармаган татар жигити Галим.
— Душманын жеңип берген кишиге ким ыраазы болбосун. Орусия, өзүңүз айткандай,
Кенесары султанга алы келбей кармашып келбеди беле. Орусиянын ыраазы боло турган жөнү
бар, — деди элчинин сөзүн ынтаа коюп угуп турган Калыгул.
— Кенесары султандын башы барганы ырас болду, болбосо, регулярдуу аскер бөлүктөрүнө
баш бербеген күчтүү жоону кара кыргыздардын жеңишине ишенүү кыйын эле да, — деп
тамагын жасай сөзүн улады Галим мырза. — Башты Санкт-Петербургга падышанын өзүнө
жиберишти. Сизге, урматтуу хан, генерал-майор Вишневский салам айтты.
— Ыракмат, саламат болсун генерал өзү да. Биз Орусия менен жылуу мамиледе болууну
каалайбыз, — деди Ормон хан.
— Генерал сизге улуу императордун жарлыгы менен алтын медаль жана алтын галундуу
чепкен, Жантай бийге жана башка кол башыларга алтын медалдар берилерин кабарлап
коюуну өтүндү. Бул жөнүндө Батыш-Сибирь генерал-губернатору князь Горчаков өзү улуу
император Николай биринчиге кайрылганын да айтып коюумду өтүндү. Куда кааласа
сиздерге ак падышанын сыйлыктары келе турган күн да алыс эмес, — деп мурутун сылай
өзүнүн бул ишке курсант экенин билдирген болуп ондонуп отурду Галим Якубов.
— Биздин ыраазылыгыбызды да генералга билдирип коюуңузду өтүнөбүз. Кыргыз эли
өзүнүн эркиндигин кимден болсо да коргоп калууга даяр, — деди Ормон хан элчини ирмебей
тиктеп, мелтиреген калыбында.
— Албетте генерал да ошондой ойлойт. Генерал дагы бир өтүнүч айтты. Анын оюнча кыргыз
эркиндигине коркунуч Кокон хандыгы жактан болууга тийиш. Алар кыргыздарды басып
кирүүгө даярданып турат деген кабары бар окшойт. Генерал эгер кыргыздар Коконго каршы
аттанса жеңерине ишенерин, эгер керек болсо Орусия аскер жагынан жардам берүүгө даяр
экенин билдирип коюумду өтүндү, — деди Галим. Ойлуу отурган кеңешчи Калыгул акылман
мурутунан жылмая Ормон ханды карады.
— Кокон катылса биз өзүбүз деле катыгын беребиз. Орусия жардам берсе кабыл алууга
даярбыз, — деди Ормон хан.
— Кенесары султандын колун талкалаган кыргыздардын Коконду да жеңерине Орусия
ишенет, — деди Галим.
— Кенесары демекчи, Галим мырза, казак, кыргыз тили, дини, каада-салттары бирдей,
эзелтен кою короолош, жылкысы өрүштөш бир тууган эл эле. Кенесары хандын бийлик
көксөгөн дооматынан улам согуш болуп, бейкүнөө адамдардын каны төгүлүп, алаамат болуп
кетти. Эки эл байыртадан ынтымак, ырашкерлик күтүп, бири-бирин кадырлап келген эле.
Генералга биздин өтүнүчүбүз бар. Орусия букарасы болгон казактарды биз, кара кыргыздар
менен элдештирүүгө кам көрүүсүн сурайбыз. Эки эл жарашып, атайын шарт намеге кол
коюшалы. Бул өтүнүчтү сиз генералга атайын жеткириңиз, кайра сиз аркалуу кабар алалы.
Аяк оона айынын ичинде Орусия кепилдиги астында казак туугандар менен жарашууга биз
даярбыз, — деди Ормон хан.
— Өз букарасы болгон казак эли менен жарашканыбыз, Орусия падышасы менен тынч ымала
түзгөнүбүз болор эле, — деди Калыгул акылман.
— Бул жагымдуу кабар. Мен жан-дилим менен колдоп, генералга жеткиремин. Ал киши
мындай акылман сунушту колдой турганына ишенип коюңуздар, — деп кожоюнуна жакшы
кабар алып барып, мактоо угарын элестете дилгирлигин билдирди Галим мырза. Андан ары
аңгеме букаралыгына өткөн казактарга орустардын мамилесине өтүп, кыйлага созулду.
Ормон хандын конок өргөсүндө сый көргөн Галим Якубов эртеси Аягузга жөнөп кетти.
***
1847-жыл, аяк оонанын 22-күнү. Капалдагы аскер чеби. Сибирь карагайынан кыналып, орус
архитектура стилинде курулган казармалар, турак үйлөр бийик дубал менен курчалган. Эки
бурчундагы тепкичтүү күзөт мунараларында, дарбаза алдында куралдуу солдаттар турат.
Коргон ичинде узатасынан кеткен солдат казармалары, дарбаза жаккы эки тарабында бир
ыптасы жабык, үстү ачык акырлуу атканалар жайланышкан. Төр жагындагы чатырчалуу эки
үйдүн бири чеп комендантыныкы, экинчиси — конок үйү. Батыш Сибирь кыргыздарынын
(казактарынын) чек ара начальниги генерал-майор Вишневскийдин чепке келип түшкөнүнө
бүгүн беш күн болот.
Чептин алдындагы жайыкка төрт ак боз үй тигилген. Генерал Вишневскийдин чакыруусу
боюнча кыргыз өкүлдөрү Үмөтаалы Ормон уулу, Жантай Атекин, Жангарач Эшкожо уулу,
Токтор Карачуңур уулу мурдагы күнү кечинде келишкен. Аларды генерал Вишневский, казак
өкүлдөрү Супатай Алыбек уулу, Үрүстөм Аспандияр уулу, Суюк Аблай уулу кадырлуу
коноктор катары тосуп алышып, атайын көтөрүлгөн он эки канат боз үйдө сый
көрсөтүшүүдө. Бүгүн аларга казак тараптан Али Адил уулу, Акиш Аблай уулу, Тууганбай
Конгелдиндер кошулушту. Эртеден бери тараптар сүйлөшүүлөргө ылайыкталып, атайын
көтөрүлгөн өргөдө даам сызышып, өткөн-кеткенден кеп козгошуп, бири-бирин түшүнгөн
маанайда отурушат. Үйдүн төрүнө генерал Вишневский тилмечи менен отуруу үчүн эки
орундуктуу стол коюлган, ал азырынча бош турат. Ар жак тарапка коюлган төрт орундуктуу
столдо кыргыз өкүлдөрү Үмөтаалы, Жантай, Жангарач, Токтор бийлер, бетме-бет эпчи
жагындагы столдо казак өкүлдөрү Супатай, Үрүстөм, Суюк, Али, Тууганбай, Акиш бийлер
отурушат. Кенесары жаңжалы жөнүндө жүйөөлүү сөздөр айтылып, бири-бирин түшүнгөн
жаркын маанайда аңгемелешүү жүрүүдө. Стол үстүнөн даам татуу аяктаганда отургандардын
баарынан жашы улуу Супатай бий:
— Казак, кыргыз бээнин эки эмчегиндей эгиз эл элек. Каскак болуп ортодо бейкүнөө кан
төгүлүп кетти. Шейит кеткендер жаннаты болсун. Эки элдин азыркысына, келечегине
ынтымак бере көр, Жараткан Алла, Аллоху акбар, — деп алакан жайганда, жапырт бата
тилешти.
— Сыйыңарга курсантпыз, байыртадан эле сыйлашып келаткан өтмө-катар куда-сөөк эл
элек. Өткөндүн өксүктөрүн эстен чыгарышып, Кудай алдында көңүлдү агарталы. Орус
төрөсүнө да ыракмат. Эки элдин баш кошуу демилгесине данакер болуп турат, — деп кыргыз
өкүлдөрүнүн жашы улуусу Токтор аке сөзүн бүткөндө эшик ачылып, узун бойлуу, кең
далылуу генерал Вишневский кирди. Отургандар жапырт ордунан тура, ызаат көрсөтүштү.
Саргыч күрөң чачтары артына сылай таралган, жазы маңдай, коюу каштарынын алдындагы
көк көздөрү күлүңдөгөн, мурду кырдач, жээрде сакалы эки бөлүнө ээги такыр, муруту
серпилген, ийнинде чачылуу жумуру погондору жалтылдайт, галифе шым, жалтырата
майланган кара хром өтүк генералдын келишкен турпатына жарашып турат. Генерал башын
бир аз ийе, отургандарды урматтаганын билдирип, төрдөгү столдон тилмечи менен жай
алгандан кийин, отургандарга күлө бага:
— Туугандар маанайыңар жаркын, менсиз эле жарашып алгансыңар го, — деп жайдарылана
эки жагын карады. Тилмеч сөздөрүн которуп турду.
— Урматтуу төрө, айтканыңыз төп. Биз эки элдин мындан аркы туугандык ынтымагы
жөнүндө ой бөлүшүп отурдук. Оюбуз бирдей чыгып турат, — деди кыргыз тараптын
башчысы, мурда генерал менен тааныш Үмөтаалы.
— Ошондой болду, урматтуу төрө, биз тууганча тил табышып отурабыз, — деди казак
тараптын башчысы Али Адил уулу.
— Оо, андай болсо менин ишим бир кыйла жеңилдеген экен. Эмесе ишке киришели, — деп
алдындагы көк папкеден кагаз алып, сөзүн улады. — Кара кыргыз жана чоң ордо
кыргыздары тарабынан жарашуу шарттарын карап чыгып, бир беткей келтирилген тынчтык
келишиминин долбоорун даярдадык. Долбоор шартнаме эл аралык укук алкагында түзүлдү.
Азыр сиздерге окуп берет, — деп тилмеч катчыга кайрылды. Тилмеч кагазды илбериңки
алып, төмөнкүлөрдү окуду:
«А\ 1847-жыл, август 22-күнү. Капал чеби.
Биз кыргыз элинин ишенимин алып, Сибирь Кыргыздарынын чек ара начальниги
генерал-майор Вишневскийге келген кыргыз бийлери төмөнкүчө милдеттенме шарттарды
коёбуз:
1. Улуу Россия падышасынын букаралары чоң ордо жана орто ордо кыргыздары менен
ынтымакта, тынчтыкта жашоого милдеттенебиз. Барымта жасап, мал тийип, киши өлтүрүүгө
Хан Ормон
жол бербестен, өз ара чыккан келишпөөчүлүктөрдү эки тараптын салт-мыйзамдарына
ылайык тынч жайгаштырабыз.
2.
Биздин элдин көчмөн жолдору аркалуу өтүүчү кербендерге, соодагерлерге кысым
көрсөтпөйбүз. Аларды коргоп, мүмкүн болушунча жардам беребиз. Ушул шарттарды ыйык
сактайбыз жана бузбайбыз. Бул шарттарды аткаруудан аз эле баш тартсак Кудай алдында
жоопкер экенибизди моюнга алабыз.
Түп нускасына мөөрүн баскандар: Үмөтаалы Ормон уулу, Жантай Атекин, Жангарач Эшкожин,
Токтор Карачүңүр уулу».
«Б\ 1847-жыл, август 22күнү. Биз төмөндө мөөрлөрүбүздү басып, тамгаларыбызды койгон
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 21
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.