Latin

Хан Ормон - 11

Total number of words is 4002
Total number of unique words is 2285
26.5 of words are in the 2000 most common words
38.7 of words are in the 5000 most common words
45.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чылбырдай кара чачыңа,
Чырмалбайм го кыз бийке.
Хан Ормон
Чыныгы буйрук жок окшойт,
Сени албайм го кыз бийке.
Олоңдой кара чачыңа,
Оролбойм го кыз бийке,
Оболтон буйрук жок окшойт,
Сени албайм го кыз бийке.
Аргымак минип дууладым,
Адырдан коен ууладым,
Ал коенго жетпеген,
Аргымак аттын жоктугу,
Алтымыш берип, сени албай,
Азаптуу малдын жоктугу.
Тобурчак минип дууладым,
Токойдон коен ууладым,
Ал коенго жетпеген,
Тобурчак аттын жоктугу,
Токсонду берип сени албай,
Тозоктуу малдын жоктугу.
Үртүктөп жорго ат минип,
Үй турман себин арттырып.
Калы килем жаптырып,
Кааданды журттан арттырып,
Карача каймал жетелеп,
Каптал жол менен төтөлөп,
Өтөсүңбү кыз бийке?
Кадырлаш курдаш курбунду,
Кайгыда мында калтырып,
Кетесиңби кыз бийке?
— деп келип, обонду үнсүз бир жолу кайталаганда, «оо, каркыбарым,
арманың күч го», ден санынан укуду жанында отурган жигит.
— Куланды айтып атат, — деп шыбырап келиндердин бири жанындагысын
укуду. Кыз-келиндер күбүрөшүп, Кулан ыңгайсызданганын байкаган жигит
тамашага чала жанындагыкелинди эргий карап:
Карала-Таш, Шамшыдан,
Карала бүркүт шаңшыган,
Колтуктап атка мингизип,
Кое бербей камчыдан.
Кое берсең бешимде,
Конокко келсем кечинде, — деп созгондо:
— Ой, кеп эмес бекен, бешимде кое берсе, кечинде кайра келгенин кара, —
деп жигиттер каткырганда келиндер кошо каткырышты. Кыздар төмөн карап
бири-бирин нукушту.
— Койгула эми, ыр көбөйүп баратат, селкинчек тебели, — деди Урум.
Жабыла туруп селкинчекке келишти.
— Кана ким-ким менен чыгат, — деди Урум жайдары.
— Кулан менен Келдибек, — деди бирөө.
— Койгулачы аныңарды, кайындуу кызга, Кулантай Акылай экөө бир жуп
тебишет, — деди билгиликтүү Урум.
— Кундуз тебетейлеринде үкүлөрү сеңселе, беш көкүлдөрү жаактан төмөн
төгүлгөн, кош этек ак көйнөк, чыптамачан эки кыз селкинчектин жаактарына
аркаларын сүйөп, тээктерин тебе, эки жаккы аркандарын кармай, тизе бүкпөй
күүлөнүп турушту.
— Кыздардын селкинчегин өзүм тейлейм, — деп Урум жигиттерди
жолотпой, өзү күүлөп турду.
Ак көйнөк, чыптамачан, кундуз тебетейлери сеңселген беш көкүл кыздардын
ай жарыгында бирде өйдө эргип, бирде ылдый каалгыган ажайып көрүнүшүн
ажарына чыгарып, алтын сөйкө, сагак-күбөктөрү селкинчек ыргагына төп
Хан Ормон
келе назик шыңгырап, көйнөктүн кош этектери бирде шамалга желбиреп,
бирде жерди желпийт.
Экөө макулдашкандай алым сабак ыр башташты:
— Күн тийген тескей тептегиз,
Күдүргө баккан мал семиз,
— дейт Кулан өйдө эргип баратып.
— Күлүп бир ойноп бир жүрүп,
Күлгүндөй өстүк мына биз,
— дейт Акылай ылдый кайкып келатып. Ыргак кайталана Кулан:
— Ай тийген тоолор тептегиз,
Адырга бакан мал семиз.
Акылай:
— Аралаш ойноп бир жүрүп,
Алпечтей өстүк мына биз.
— Баракелди кыздар, жаша,
— деп жердегилер сүрөй, жыгач комузда жигит ырдын обонун безентет.
К у л а н:
— Орой орой күн жааса.
Ойго түшөр бубагы.
А к ы л а й:
— Оролун таап ойнойлу,
Оюндун өтөр убагы.
Кулан:
— Кыра-кыра күн жааса,
Кырга түшөр бубагы.
Акылай:
— Кыюусун таап ойнойлу,
Кызыктын өтөр убагы.
Экөөнүн алым сабагы бир кыйлага созулуп бүтө, беттери албырган кыздар жерге түшүп, боюн
оңдошту.
— Бали, кыздар эмес бекен, — деди бирөө.
— Ушундай асылдар да өтөт го, кол жеткис, — деп күрсүндү жигиттердин бири.
— Өмүрүңөр узун болсун, бактылуу болгула, — деп кыздарды беттеринен өптү Урум.
Селкинчек бир кыйлага уланып, анан ак чөлмөк ойноп тарашты. Жаркын менен Куланды эки
келин жигиттер менен узатып барып, суудан өткөрүп коюшту. Асманда таң чолпону жанып
турду.
КЫЗ УЗАТУУ
Баш оона айынын орто чени. Кош-Булак жайлоосунда Ормондун кызы Куланды күйөөгө
узатуу тою каада менен өтүп жатты. Бугу уруусунун чыгааны Боронбай бий: «Кызымдын
башын малга баалабайм», деп койгон кудасына, «Сен калың сурабасаң мен адөөлөттүк
көрсөтөйүн», — деген кыязда, асый чыкма тандамал бээлердин кардай ак бозунан кыркты,
чымкый карасынан кыркты, илбирс чаарынан кыркты айгырларынын көкүлүнө кебез
байлатып, асый чыкма карача каймалдан тогузун буурасы менен айдатып, той түшүрүп
келген. Чоң кудасы Ныязбек бийге, кудасы Ормонго бирден ахалтеке аргымак тартуулап,
келини Куланга мингизүү үчүн күмүш чабылган ээр токумдуу, үртүктөлгөн жорго алып, куда,
кудагыйларына суусар, илбирс, сүлөөсүн, кундуздан жасалган адеми кийиттер алып, шаанишөкөт менен келип түшкөнүнө бир ай болот. Ормон кудаларына айылдан өйдө КошБулактын оюндагы түзөңгө төрттөн сегиз өргө, куда, кудагый үчүн өзүнчө он эки канат ак үй
тиктирип тосуп алган. Ар бир үйгө нарк-насилдүү, сөөгү таза илбериңки келиндерден экини,
шамдагай, илбериңки жигиттерден экини тейлөөгө койгон. Биринчи күнү өз үйүндө
сыйлаган соң, Ормондун ага-инилеринин, жакын туугандарынын ар биринин үйүндө куда
тою, кыз оюну өтүп, бүгүн акыркы отузунчу күнү Ормондун өз үйүндө сый көрүп узамак.
Ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, кыз куумай, жөө жарыш, көз таңмай, аркан тартыш,
төшөк талаш оюндары буга чейин бүткөн.
Кыз тою сыпайы өтүш үчүн эр сайыш, төө чечмей оюндары болгон жок. Салттуу оюндардан
бүгүн балбан күрөш, эр эңиш, жамбы атуу болору күтүлүүдө.
Хан Ормон
Күн аркан бою көтөрүлгөн, асман ачык. Кудалар үчүн көтөрүлгөн өргө айыл менен Ормондун
өз айылынын ортосундагы дөңсөөлөнгөн түзөңгө жаадай ийиле казганактап кыркар тарткан
калың элдин алды жагы ачык. Сол тарапта эркектерден бир аз бөлүнө элечекчен, жоолукчан
аялдар, тебетейчен, такыячан, чыптамалүү кош этек көйнөк кийген кыздар өзүнчө турушат.
Дөңсөөдө элден бир аз обочо бөлүнө эки топ өзүнчө отурат. Сол жагындагы топто Ныязбек
бий, Калыгул акылман, Сарт аке, Боронбай, Ормондун башка кудалары болуп жыйырмадай
сакалдуулар. Арасында Ныязбектин сегизинин улуулары Бердибек, Бердикожо, Ажы,
Субандар бар. Сол жактагы мөрөй кармаган топто Ныязбектин уулдары Шатен, Кожобек,
Рыскулбектер, инилери Төрөгелди, Адыл, Абыкандар, Эсенгул баатырдын кенже небереси
Шамен, ага даекчи калыстык милдети жүктөлгөн.
Түзөңдүн дал ортосуна орнотулган бийик карагайга ашталган ичке шырыктын учунда
шоонага байланган тай туяк жамбы күнгө чагылыша жаркырайт. Эл өз алдынча кобураша
оюндун башталышын күтүүдө. Сол жактагы даекчи турган топтон узун бойлуу, кара лампук
тик жака кемселине күмүш кемер курчанган, саймалуу чалбарынын багалеги булгары
мөкүсүн 11 жаба суусар тебетейин кырданта кийген Ныязбектин кенже уулу Түлкү
аксакалдардын алдына келип, тизелей бүгүлүп салам бере:
— Даекчи агалар сиздерден оюнду баштоого бата сурашат, — деди. Ныязбек бий кудалардын
улуусу Сарт акеге карап:
— Урматтуу куда, балдардын оюнуна, тойго ак тилек билдирели, — деди. Сарт аке козголуп,
сакалын сылай алаканын жайып:
— Оо, Жараткан Теңир Алла, эл-журтка ынтымак, тынччылык бере көр. Тойлор тойго
жалганып, урпактар өмүрдү уласын. Ормон, Боронбай эрендер жуучу салбай, калың бычпай,
салтта жок кудалашты эле, кудалыктын арты салттуу болсо экен. Оо, Жараткан, кемчил,
кетиктери болсо кечире гөр, элди айдан аман, жылдан эсен сактап, байгерчилик бере көр.
Аллоху акбар, — дегенде эл-журт дүр эте бата тиледи. Орозбактын сурнайы бапылдап, оюн
башталганынан кабар берди. Камыш кулак, жалы тайкы зээри бийик чабдар ат минген, ак
кементай ак калпакчан жарчы комузуна үн кошуп элди айлана:
— Кош-Булактын оюнда,
Кулан кыздын тоюнда.
Боронбай, Ормон эрендер,
Оюн куруп атышат.
Тамашага карк болуп,
Эл кубанычка батышат.
Отуз күнкү оюндун,
Бүгүн болот акыры.
Ага баары катышат,
Бай, жардысы, жакыры.
Бүгүн болот үч оюн,
Балбан күрөш, эр эңиш.
Жамбы атыш жаа менен,
Көзгө атарга күч оюн,
Ар оюндун мөрөйү,
Аргымак ат, атан төө,
Төө баштаган бир тогуз,
Кызыл кымкап, суп чепкен,
Кыл торкодон бир тогуз.
Оо, калайык, кулак сал,
Эки куда, эки тарап угуп ал.
Азыр балбан күрөш башталат,
Балбанын жыкса мөрөй ал.
Жыгылганы басынып,
Мөрөйүнөн куру калат,
— деп жар чакырып жүрдү. Кудалар эки тараптан балбан тандап атышты. Бир оокумда
Боронбай куда жагы боз пиязы чепкенди желбегей жамынта, узун бойлуу, чачы жаңы
алынган, Нанжебестин Ыстамын жетелеп чыгышты. Ал желбегей жамынган калыбында
кыбыланы карап чөк түшө отуруп, алаканын жая элден бата сурады. Эл дуу этип балбанга
бата бергенден кийин, жетелеп келген киши үстүндөгү чепкенди ала басканда, эки ийни кере
Хан Ормон
кулач, төшү жайык, мойну кыска, чачсыз сүйрү башы күнгө жалтырап, булчуңдары буржуюп
өзгөчө көрүнгөн, сары кандагай шымчан олбурлуу кара жигит атаандашын күтө, чөк түшкөн
калыбында көптүн ортосунда отурду.
Бир азга күймөлө түшкөн Ормон куда тарабынан кара чепкенди желбегей жаап, кырылган
чачы кыртыштана өсүп калган, чарчысынан келген москоол Токтордун уулу Оңолду алып
чыгып, мурда чыккан балбанга катар кыбыланы каратып отургузушту. Жигит алакан жая
элден бата сурады, эл дуу эте бата берди. Чепкенин коштоп келгенге берип, жигит ордунан
турду. Буту-колу бууранын санындай дегендей балбандын турпаты төп экен. Эки балбан эки
жактан калбаат басып келе, бири-бирин сынай карап кол алыша, кетенчиктей тоорушуп
тургандан кийин, тууралжынынан келген балбан илбирстей тез умтула, шапа-шупа ичине
кирип, каршысын белден ала так көтөрүп жерге таштаарда, узун бойлуу москоол жигит аягы
менен тик таканчыктай, тигини моюндан алып колтукка кыса жамбашка салып жерге
чабарда, ал жыгылбастан бир айлана кайра тигини каршысынан качырды. Экөө билектеше
жулкушуп, кол чалмага салышып, бир-биринин оңтойсуз учурунан пайдаланууга
аракеттенип турушту. Бой тиреше сүрүшүп турганда, каршысынын бүт салмагын сала
тирешип турганынан пайдаланган узун бойлуу жигит көз ирмемде жата калып, тең салмагын
жогото түшкөн каршысын тизеси менен серпе башынан ары ыргытты. Багалчак жигит
далысын жерге тийгизбей, согончогу менен таканчыктай тик тура, тигини кайра качырды.
Экөө кайрадан беттеше курдан алышып силкише турушту да, шапа-шупа коен колтук
алышып, бири-бирин жерге чабуу аракетинде айыгыша кармашты. Күчтөрү тең келе жыгыша
албай, моюндаша, чөгөлөй бири-бирин буттан алып ала салдыруу аракетинде таймашып
турганда, узун бойлуу арышы узундук кылып, тигинин санынан, ийнинен колун өткөрүп,
аңтара салып далысын жерге тийгизе ыргып турду.
Эл уу-дуу түшүп:
— Баракелде, балбан экен.
— Экөөнүн күчү тең экен.
— Тигиниси арышы узундук кылды, — деп турганда, жарчы Боронбай куданын балбаны
жеңгенин кыйкыра жарыялап, карап турган калыс эки балбанды кол алыштырды. Даекчилер
тараптан келген киши экөөнө эки чепкен жапты да, тор кашка аттын чылбырын жыккан
балбанга карматты. Ал ийилип элге таазим этти да, балбандар өз тараптарына өтүштү.
Эр эңишке эки тараптын күн мурунтан даярдап койгон эрендери жок эле. Бүгүн акыркы күн,
акыркы оюн намысты колдон чыгарбайлы деп Сарт аке баштаган карыялар баатыр атанган
жоо жүрөк эр жигит Балбайга:
— Баатыр, эр намысын аркалачу кезиң келип турат. Акыркы оюн экен, эр эңишке түшүп
бербейсиңби? — дешти. Ак калпак, ак кементай ичиндеги күрөң нооту кемселине күмүш
кемер курчанган, орто бойлуу, эки ийнине эки бала отургандай кең далы, төшү жайык, мойну
кыска, сары чийкил тегерек бет, кырдач мурун, кашы суйдаңыраак, терең кабак алдындагы
чекир сургулт көзүнөн кайрат учкуну жанган, сейрегирээк сакал-муруту сыпаа серпиле,
турпатынан эр мүнөзү жанып эркин отурган Балбай:
— Менден башка деле элде жигиттер бардыр, — деди адеп сактай, сакалдууларды карап.
— Бар дечи, ошентсе да өзүң түшсөң ишеним бек болор эле да, — деди Боронбай бий.
— Эсенгулдун өз тукумунан бири чыкса мен түшөйүн, болбосо менден башкалар деле жарайт,
— деди Балбай баатыр.
— Субандын уулу Адыл чыгат дешет, — деди сакалдуулардын бири.
— Аа, андай болсо мен чыгайын, — деди Балбай камырабай.
Ат тандоо керек, эңишке мыкты ат керек, — деди Муратаалы бий.
— Өзүмдүн кер кашкам эле жарайт, — деди да, Балбай ордунан тура жыйындын сыртын
көздөй басты.
Ормон куда тарабындагы топтон Субандын уулу, баатыр атанып келаткан Адылды
даярдашты. Көрпөчө бөктөрүлүп, жалаң анжиян ээр токулган Аксурду кош басмайыл тартып,
кандагай шым кийе, бел кырчоосуна чейин жылаңач, эки ийиндин ортосу кере кулач,
булчуңдары көмкөрүлгөн аяктай бөлүнгөн, төшү жайык, моюну жумуру, кара сурунан келген
жазы маңдай, тегерек бет, бүркүт кабак алагар көзүнөн боюна ишенген эр илеби жанган, орто
бойлуу Адылдын алдына тартышты. Ал Аксурду ойноктотуп топтун алдына чыкты. Эл
ичинен:
— Бали, туушу бар эр экен.
— Атка отурган турпатын көр
Хан Ормон
— Субандын Адылы тура деген үндөр угула, тиги тараптан суйдаң жалдуу, зээри бийик,
соорусу жайык Керкашканы ойнотуп, бөктөргөлүү анжиян ээрге куюп койгондой жарашкан,
бел курчоосуна чейин жылаңач, жашыл шалпар буунган, башы ийни менен чулу бүткөндөй
дукүйөт, жазы маңдай, суйдаң каштуу бийик кабак алдындагы сургулт көздөрүнөн кайрат
учкуну жанган Балбай кыл чайнап алдыга чыкты. Эки эрен таскактата каршы келишип, кол
алыша, кайра эки жакка бөлүнө тизгиндерин жыя, кыбыланы карай алакандарын жая бата
сурашты. Жыйын дуу эте бата берген соң, эки эр алыстан кайрылып, аттарына камчы баса
катуу келип, бири-бирине маңдайлаша калышты да, ар кимиси билектен озунуп кармоого
аракеттенип, буйдала түшүштү. Аңгыча «кезек сеники» дегендей, Адыл колун суна берди эле,
Балбай шап билектен алып, өзүн көздөй тартты эле, Адыл бир булкуу менен колун бошотуп
алды. Эми Балбай билек сунду. Адыл илгиртпей билектен алып, ээрдин кашына басмакчы
болуп тартты эле, Балбай кайра колун суурмакчы болгондо экөөнүн тең аттары майыша
түштү.
— Баракелде, күч деп ушуну айт! Аттары майышып жатса, өздөрү ээрден копшолуп койбойт,
— деген кобур-күбүр чыкты эл ичинен. Эки эрен тартыша бири-бирин козгой албай турушту
да, колдорун кое беришип, кайра бурула кол сунушту. Билектеше чиренип бири-биринин
колун ээрдин кашына кысууга аракеттенише, бир кыйлага алышышты. Кармашып туруп кое
бергенде билектери агара түшүп кызара жондонгон тактар пайда боло калып жатты.
Билектешип алыша албай, моюндан, белден алып, бири-бирин аттан оодарууга
аракеттеништи. Чымыркана күч салышып, чирене тартышканда аттары очорулуп барып
оңолушат. Бир чай кайнамдан ашык айыгышкан таймашууда эрендер бири-бирин оодара
албаган соң атчан байкап турган калыс Шамен колун көтөрө эки баатырды ажыратып,
жанына чакырды да, жанында турган жарчыга бир нерсе айткандай болду эле, жарчы:
— Оо, калайык көрдүңөр,
Адыл, Балбай эки эрен,
Арыстанча алышты,
Илбирстерча качырып,
Камандарча чалышты.
Билектери кычырап,
Карууда колдор карышты.
Керкашка, Аксур тулпарлар,
Эр күчүнө чыдабай,
Очорулуп майышты.
Экөө тең эрен эр экен,
Күчтөрү бирдей тең экен,
Калыс Шамен кеп айтат,
Тең чыгышты деп айтат...
Эки баатыр достошуп,
Өрүүдө, жоодо көрүшөт.
Төө баштаган бир тогуз,
Байгени тең бөлүшөт,
— деп жар салды.
— Баракелде, экөө тең эр экен.
— Энелерине ыракмат, ушундай уулдарды төрөгөн.
— Атанын балдары да, — деп эл бир кыйла дуулдап басылганда, экөөнүн үстүнө эки чепкен
жабышты. Баатырлар кол алыша бөлүнүшүп, өз тараптарына кетишти.
— Эзелтен бери келаткан,
Элимдин каада салты бар.
Эрендер өнөр көрсөтсө,
Аны баалай билчүү калкы бар.
Өнөр ээсин ардактап,
Сыйлай билчүү шарты бар.
Акыркы оюн жамбы атыш,
Кыл учунда күмүштү,
Кыйын иш го кыя атыш.
Кесе кармап, жаа тарткан.
Кыл мергендин жумушу.
Хан Ормон
Кызыкка батып таң кала
Оюн көрөт миң киши,
— деп жарчы жарыя ырын айтып бүтө электе Боронбай куда тараптан ышкын түптөлгөн
сайма багалектүү чалбар, таар кемсел, бүйүрмө кайыш чокойчон шыңга бойлуу, кыюусуз кара
калпакчан, бети толмоч, чекирирээк сурмалуу көзү тикчие тиктеген, элинде оңко тургузган
мерген атанган Элтуйбас уулу Эрдене чыкты. Оң жамбашында жебелүү саадак, сол колуна жаа
кармай, салабаттуу басып, жамбы илинген шырыкты көздөй жөнөдү. Жыйылгандардын
арасында:
— Оңко тургузган көзгө атар дейт.
— Жебе менен жипти кыя атуу кыйын го.
— Кара мылтык менен атса дале болмок.
— Анда оңой да, дары бүрксө деле үзүлбөйбү.
— Көзгө атарлык өнөр ошо жебе менен жипти кыя атканда билинет да, — деген кобур угулуп
турду. Мерген жамбылуу шырыктан жүз кадамча алыс чийинге жеткенде, калыс токтотуп, ага
жамбы атуунун шарттарын түшүндүрө колун жаңсай ийгилик каалады. Мерген саадактан
жебе алып, ачасын кермесине иле, жаанын дал ортосуна жебени туура тарта, боюн түзөп, сол
колу менен жааны кармай, оң колу менен кермени чое көз кырына алып, бир аз мээлеп турду
да, шарт тартты. Тай туяк жамбы ары серпиле, бери серпиле чайпалып турду.
— Жамбынын өзүн атты.
— Жипти атыш керек эле да.
— Ата көрү кайыш канжыга бекем тура.
— Мерген экен, иши кылып жамбыга тийгизди да.
— Үзүлүп жерге түшпөсө мөрөй жок да.
— Жебе таамай тийбей кайый тийди го, болбосо үзүп кетет эле да, — деп кобурап турду эл
ичи.
Ормон куда тарабынан узун бойлуу, кең далылуу, чап жаак кабагы бийик, сурмасыз кой
көздөрү ирмебей тиктеген, сакал-муруту жок дээрлик сейрек, эриндери жука, кырдач мурун
кара сур киши чыкты. Башында ак калпак, боз пиязы кемселине кемер кур курчанган, сол
карысында жаа, оң жагында жебелүү саадак. Ал калбаат басып келип, чийинге токтоду да,
калыска карады. Милдетин, шартын уккан соң, догону сол колуна кармап, саадактан жебе
алып кермесине иле, догонун ортосуна тууралай, өйдө тарта көз деңгээлине жеткирежеткирбей жамбыны карай жаа тартты. Көз ирмемде жамбы жерге түшө эл:
— Мына, көзгө атар деп ушуну айт!
— Кайыш жипти кыя атты.
— Жок, жамбынын ортосуна дал тийди.
— Жо андай болсо учуп түшпөйт беле, жипти атты.
— Эмнеси болсо да эр экен.
— Саяк Кетирекейдин Алыбеги тура, — дегенче даекчилер жактан килем жабылган чуудалуу
кара атанды жетелеп чыгып, буйласын кармата, үстүнө кымкап чепкен жабышты. Эл дуулдап
адис мергенди куттукташты.
— Баракелде, атанын уулу, — деген алкоо үндөр угулуп турду. Жарчы оюн бүткөнүн
жарыялаган соң, эл аттуу, жөөлүү болуп айылдарына тарашты.
Отуз күнгө созулган шаани-шөкөттүү кыз узатуу тоюна кошумча деп көз каранды байлардан,
жай чарбакерлерден, куда-сөөк, илик-катыштардан кошумча, тартууга келген мал-пул
чыгымынан ашып, Ормондун өрүшүн кеңейтип, мартабасын арттырды. Кокон ханынын
өкүлү тартуу менен келип, «Ордонун парваначысы» деген жогорку наамдын берилишин
кабарлап, Коконго сыйга чакырганы ого бетер зоболосун арттырып, калайык ичи дүң болуп
турган кез.
Салтта жок шерт менен кудалашкан Ормон Боронбай кудасынын адөөлөттүгүнө ыраазы
боло, өзүнүн даңкын да арттыруу максатында, Кулан кызын салттан ашкан марттык, бир
чети бийлик күчүн туйдурган катаалдык менен узатууну чечти. Күйөө-кызына аземдүү үй, ич
эмереги менен тогуз канат өргө, конок күтүүлөрүнө алты канат өргө, аш үйүнө да жаңы
көтөрүлгөн боз үй берип, кыз-күйөөсүнө түбөлүк кызмат өтөө үчүн жаңы үйлөнгөн жакыр үйбүлөгө өзүнчө үй тигип, кошо көчүрмөк болду. Бул кулдантуунун катаал жана сыпайы түрү
эле.
Эртеси күн аркан бою көтөрүлө, ком-чомдору оюлана шөкөттөлүп, калы килем жабылган
жети төөгө артылган кымбат баалуу сеп көчү аялдар жетелеп, жигиттердин узатуу астында
Хан Ормон
кыркар тарта Кош-Булактан Каркырага узады. Көч башында Сарт аке, Муратаалы, Боронбай
бийлер баштаган кадырлуу адамдардын атчан тобу баратат. Алардан бир аз артта ак
элечектерин заңкайта оронгон, баалуу кийит кийишкен салт атчан байбиче кудагыйлар
баратат. Алардан бир аз куйрук үзө аземдүү көч каалгыйт. Көч башында Куландын өргө
турманы жүктөлүп, перси килеми жабыла, үстүндө бугу мүйүзүнөн кынаптала күмүш
чегеленген түндүк бастырылып, күмүш самоор, көөкөр байланган ком жабуусунун жибек
чачылары сеңселген, ботолуу боз каймалдын мойнундагы коңгуроо басык ыргагында
шыңгырап, чубала каалгыган сеп көчүнүн кыймылына өзгөчө шаң кошуп турду. Кыя жол
менен чубаган көч белес аша караан үздү. Кыз журтунан бөлүндү.
ТЫҢЧЫ
Тогуздун айы жарымынан ооп калган. Ай арасында да күн жаабагандыктан аба үп тартып, күз
аптабы күчүндө. Күн төбөдөн оой, булутсуз мелмилдей көгүлжөн асман мухитинин ак
мөңгүлөрдү алкактаган ажайып көркү көл бетине чагылыша аалам чексиздигинин сырдуу
купуясы кыялды жетелейт. Өмүрү мылтык үнүн укпаган каз-өрдөктөр жээкти бербей жабыла
учуп-коно тирилик аракетинде. Көлгө суу түшкөн капчыгайлуу өрөөн оозунан ылдыйкы
булуңда көйкөлө сүзүп турган эки ак куу негедир тынчсызданып, чочугансып далбас ура
асманга көтөрүлдү. Чиркештирилген эки төө жетелеген эки атчан Тамга суусун кече чыгышка
бет алып баратат. Алдыда соорусу жайык жалдуу карагер аттын шайбыр басыгына көнө
тизгинди бош кармай, хром өтүкчөн буттарын күмүш жалатылган үзөңгү алкактарына сүйөй,
ак калпагынын алдынкы кырбуусун түшүрө кийген, ногойчо тигилген боз нооту кемселшымчан, кабагы чүңүр, мурду кырдач, көзү көк, жээрде сакалы ээгин каптай тегиз кыркылып,
муруту сыпаа серпилген алтымыш жаш чамасындагы салабаттуу киши өзүнө ыраазы
маанайда баратат. Артында эки төөнү чиркештире жетелеген, тору атчан, бети жайык, келте
мурун, чекир көз, ээрди желки сары жигит, башында эскилиги жеткен кийиз калпак, карала
таар кемселин кайыш кур менен курчанган, бутунда кайыш мөкү, капталбаган жыгач ээрде
талыган көчүгүн бир аз кыңайтып, сол бутун жыгач үзөңгүгө илип, желдире келатат. Алдыда
баратканы семейлик көпөс Поповдун приказчиги Файзулла Ногаев. Жайлата айыл аралап
жүргүзгөн соодасынан жыйнаган малын күзгө жуук Көк-Арт аркалуу Анжиянга айдап барып
сатып, андан ары Омбудагы үйүнө барып кышты өткөрүп кайта келүүсү көнүмүш болуп
калган. Өткөн жайда Боронбай айлындагы жыйында Ормондун кокондуктарга көрсөткөн
ыдыгын уккандан соң Омбуга шашылыш жөнөп кеткен. Азыр ошондон кайтып келаткан
сапары. Омбудагы иштеринен, үй-бүлө жагдайынан көңүлү тынып, генерал-губернатордон
кыргыз ичиндеги иштери, айрыкча Ормон жөнүндөгү акыркы маалыматы үчүн мактоо угуп,
мындан аркы иштерине шыктанган Файзулла ичинен кыңылдап татар обонун созуп келатат.
Соода иштеринин пайдасы көңүлүнө толот. Кудайга шүгүр, кыргыздардан болор-болбос
буюм-тайымга алмашып алган малын Анжиянда беш-алты эсе кымбат соодалайт, кирешеси
мол. Андан тышкары кыргыздар ичинде Орусиянын пайдасы үчүн жүргүзгөн иштери үчүн
генерал-губернатор айына жүз сомдон төлөөчү күмүш акчалар Омбу банкында сакталып,
жыл сайын көбөйүүдө. Бул кирешелүү ишке мындан он жыл илгери кабылган эле. Ошондогу
жолу ачылган жолугушууну көз алдынан өткөрүп баратты...
1814жыл. Батыш Сибирдин жаңыдан калыптанып келаткан борбору Омск шаары, Европанын
архитектура стилинде пландалган он-чакты түз көчө, эки-үч кабаттуу бир нече үйлөр, үч-төрт
чиркөө, мейманкана, кадет корпусу, аскер ооруканасы жайланышкан.
Борбор көчөдөгү эки кабат имараттын алдына тандалма үч ак боз ат чегилген карета келип
токтоду. Кучердин жанында отурган поручик секирип түшө каретанын эшигин ачты. Улгайса
да кыймылы аскерче шайдоот, кагелес, орто бойлуу, ак баскан муруту серпиле чыйратылган,
сакалы чокчолоно тегизделген, арык чырай, маңдайы жазы, үрпөйгөн ак каштуу бийик кабак
алдындагы көк көздөрү акылдуу тиктеген генерал каретадан түшө фуражкасынын
козырегун бир аз көтөрө, формасын түзөгөн болуп, имаратка бет алды. Кантсе да карылыктан
куник тартып бараткан тулкусуна генерал формасы коомайыраак көрүнгөнсүйт.
Тепкичтерден көтөрүлө экинчи кабаттын вестибюлундагы кабелтең эшик көрүнгөндө
поручик адеп сактай алдына өтүп, эшикти ача генералды киргизип, өзү эшик алдында
кайтарыкта калды. Генерал-губернатордун кабыл алуу бөлмөсү итабар кенен, алдына килем
төшөлүп, терезелери жука пардаланган. Эшиктин оң тарабындагы император Николай
биринчинин чоң портрети алдындагы жабуусуз столдо отурган майор генералды көрө
какайып тура честь берип, эшикти ачты. Сол тараптагы диванда кара фракчан, ак көйнөгүнө
көпөлөк галстук тагынган, өскүлөң сары чачы артына таралган жээрде сакал кишинин какая
тура калып берген саламына билинер-билинбес баш ийкеген болуп, генерал кабинетине
кирди.
Төрдө императордун тулкусу менен түшкөн портретинин алдындагы жашыл сукно жабылган
жазуу столунун алдындагы арты бийик креслого генерал боюн түзөй отуруп, бет аарчысы
менен мурдун кагып, кайра ката стол үстүндөгү папканы ачып, кагазга үңүлдү. Кабинеттин
сол жагындагы жашыл сукно жабылган узун столдун эки тарабына стулдар коюлган. Генерал
отурган столдун алдынан бир аз обочороок эки кресло коюлган.
Хан Ормон
Генерал кагазга көңүл коюп окуй баштаганда эшик ачылып, шыңга бойлуу майор адъютант:
— Сиздин улуу урматыңызга татар Файзулла Ногаев кабыл алууңузду өтүнүп турат, — деп
сыпаа кайрылды.
— Аа, Ногаев, көрдүм, кирсин, — деп кайра кагазга үңүлдү. Эшиктен кара фракчан, ак
көйнөгүнө кара көпөлөк галстук тагына, чачы артына тыкан таралган, жээрде сакалы
чокчолоно тегизделип, муруту кыска серпилген Файзулла Ногаев кирип, оң колун көкүрөгүнө
басып, ийиле таазим этип турду. Генерал ордунан тура утурлай басып, колун суна
саламдашып:
— Рахим этиңиз, урматтуу мырза Файзулла Казимович, — деп креслого колун жаңсады.
Өтө ыраазымын, Улуу урматтуу, — деп мукактанды Файзулла.
— Густав Христианович дей бериңиз. Биздин мамилелерибиз өтө ишенимдүү мүнөздө
болууга тийиш деп ойлоймун, — деди генерал.
— Өтө бактылуумун, — деп төшүн баса дагы бир жолу таазим эте, стулду өзүнө жылдырып,
генерал орун алгандан кийин отурду. Генералдын жылуу мамилесинен улам ал өзүн эркин
кармоого аракеттеңди. Бир тынымга Файзуллага сынаакы көз жибере:
— Сиздин европача билим алган, тарбиялуу киши экениңизди жана Улуу империянын
идеалдарына, улуу даражалуу императорго берилгендигиңиз жөнүндө укканым бар.
— Ыракмат, Густав Христианович, Казан гимназиясында окуганым бар, Улуу даражалуу
императорго ден-соолук тилеймин, — деп көшөкөрлөнө ордунан тура төшүн басты
Файзулла.
— Отуруңуз, көрүп турамын сиздин Улуу империянын иши үчүн өтө дилгирлигиңизди. Соода
иштериңиз менен кыргыз талааларында көп болуп алака түзөт деген маалыматым да бар.
Алардын тилинде сүйлөй аласызбы?
— Кыргыз арасына бир нече жолу каттаганым бар. Алар өзүлөрүн казакбыз дешет, тилдери
биздин татар тилине окшош, эркин сүйлөшөбүз. Кыргыздар алардан ары Жети-Суу тоо
арасында көчүп-конуп жашашат, деп угамын. Казанда, Уфада окуган кыргыздар менен
жолугуп сүйлөшкөнүм бар. Сүйлөгөндөрү казакка, татарга жакын, эркин түшүнүүгө болот.
— Абдан жакшы экен, — деп генерал ордунан тура ары-бери ойлуу басты да: — ОртоАзиянын жапайы, караңгы элдерине Улуу империянын шарапатын тийгизип, жарыкка алып
чыгуунун жооптуу милдетин алдыбызга койду Улуу даражалуу император. Муну улуу
империянын цивилизация алдындагы парзы десек болот. Бул үчүн көп жана чыдамкайлык
менен иштөөгө туура келет, — деп ойлуу таризде кайра ордуна отурду генерал.
— Биз улуу империянын иши үчүн талыкпай ак ниет кызмат өтөөгө даярбыз, — деп ордунан
элпек тура ийилди, кытмыр туюмунда өзүнө пайдалуу сунуш болорун баамдаган Файзулла.
— Отуруңуз, Файзулла Казимович, биз өтө олуттуу иштер жөнүндө сүйлөшөбүз, — деп
папканы ачып, кандайдыр бир кагазга көз жүгүрттү генерал.
— Улуу императордун жана сиздин кызматыңызга даярмын, — деп сыпайылана
кыйпычыктады Файзуллин. Анын бул иштен өзү үчүн пайда күтүп турганын түшүнгөн
генерал:
— Улуу императорго кызмат кылуу өтө чыдамдуулукту, сабырдуулукту, көп жылдар
кыйынчылыктарга чыдап иштөөнү талап кылаарын эсиңизге салып койгум келет,
Файзуллин мырза, — деди.
— Сөзүңүздө калет жок, урматтуу Густав Христианович, улуу ишке бел байлаганда баарына
кайыл болуу керек да, — деп өзүн салабаттуу кармоого аракеттенди, генералдын сөзүнүн
төркүнүн байкаган куу приказчик.
— Аныңыз абдан жакшы, тили да силердикине окшош дедиңиз. Дини да Магометандык
болсо керек.
— Дал ошондой, урматтуу Густав Христианович, Орто-Азия элдери мусулмандар.
— Албетте мусулманчылык биздин ишибизге бөгөт болушу ыктымал. Арийне, билгичтик
менен иш жүргүзүлсө кандай иш болсо да ордунан чыгат эмеспи. Сизге тоолук кыргыздардын
арасына барып, Орусия букарасы болуунун артыкчылыгы жөнүндө Улуу империянын
пайдасына иш жүргүзүүңүздү каалаар элек. Албетте тиешелүү маянага.
— Мен баарына жан-дилим менен макулмун, — деп ордунан тура төшүн басып,
ыраазылыгын билдирген болду Файзулла.
— Отуруңуз. Көрүп турамын сиздин дилгирлигиңизди. Иш бир эле жолу барып келүү менен
бүтпөйт. Ал жакта эл ичинде көпкө чейин, мүмкүн ондогон жылдар бою жүрүүгө туура келер,
— деди да, акыркы сөздөргө Файзулланын ыргылжың боло түшкөнүн байкаган кыраакы
Хан Ормон
генерал “көчмөндөр арасында соода жүргүзүп, Омскиге каттап турууга да болот” - деп
болочок тыңчынын көңүлүн жубатууга аракеттенди. Соода жүргүзүп, ара-чолодо келипкетип туруу мүмкүнчүлүгү купулуна толо түшкөн Файзулла:
— Жан-дилим менен, Густав Христианович, бирок менде соода айлантууга каражат жок, —
деди.
— Ал жагынан кам санабаңыз. Соода иштериңиз үчүн сизге жетишерлик күмүш акча берилет.
Андан тышкары Омскидеги ачылган эсебиңизге жылына 200 сом күмүш акча которулуп
турат. Үй-бүлөңүздүн муктаждыктарына да көз салынып турат, — деп генерал сөзүн бүтөр
замат бети албырып, көзү коймолжун тарта түшкөн Файзулла:
— Сиздин көрсөткөн улуу ишенимиңизди актоого даярмын, — деп ордунан козголо төшүн
басты Файзулла.
— Абдан жакшы, ал жакка барып кыргыздар арасына кирип көпкө жүрүп, эл менен
алынышуу керек. Менин билишимче алар калмактарды кубалап чыккандан кийин бириге
албай, уруу-уруу болуп көчүп-коно чачыранды абалда турушат. Ошол уруулардын
биригишине жол бербей, бирден бөлүп, Орусия букаралыгына алуунун мүмкүнчүлүгүн табуу
зарыл. Сиз бул ишти чар жайыт эмес, чоң уруулардын бирин колго алуудан баштаганыңыз
туура болор деймин. Толук инструкцияны майордон аласыз. Чакан караван курап, сизди
жолго кай жерден чыгарууну господин Попов уюштурат. Чоң ордодогу пристав менен
байланышта болуңуз. Иш бүтүп жөнөр алдында мага жолугуңуз, — деп аңгемелешүү
бүткөнүн билдире ордунан туруп, стол жанына чыга генерал сыпайкерчилик эте колун сунду.
Генералга колун бере кетенчиктей ийилип, артына жыла Файзулла Ногаев эшикке чыккан.
Андан бери ондогон жылдар өттү. Кыргыз айылдарында, айрыкча бугу уруусунда абсий
аталып, кадырлуу. Кыргыздарды бириктирбей, бугу уруусун Орусия букаралыгына өтүүгө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 12
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.