Latin

Хан Ормон - 34

Total number of words is 3999
Total number of unique words is 2124
27.1 of words are in the 2000 most common words
40.6 of words are in the 5000 most common words
47.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Сыйласа — сыйлап, жумшаса, Коконго жумшай бербейби Орманды. Кудайга шүгүр, казак
калкы да бар го, орустун өз букарасы, — деди өзүн Чынгызхан, Жоочу, Аблай хандардан бери
келаткан төрө насили катары санап, жамы казакка доомат артып жүргөн Сүйүк султан.
— Ошо «жамы казагың» бүтүн болбогондуктан оруска Ормон хан керек болуп турабы дейм,
султан, — деп бир аз ойлуу турду да, сөзүн улады Тезек төрө. — Мына өзүңүздүн жаныңызда
Алматыдан бери Таучибек бийди көрбөй турасызбы? Кокон үчүн чеп куруп, сыпайларын
кармап турганын. Муну көргөн орус жаалы катуу Ормон ханда чоң ордону кычырата кармап,
Таучибектин топусун алдырганы турабы дейм, — деп жылмая конокторун алмак-салмак
карады.
— Ормон өзүнчө хан, орус букарасы эмес го, — деди Булан.
— Таучибек чебин талкалап, улуу жүздү бүт ээлөө, акыры Коконду да колуна алуу үчүн орус
Ормон хан эмес, шайтанга да өнөк болууга даярбы дейм, — деп жүйөлүү кычык сөз таштап,
ыраазы боло борс-борс күлдү төрө.
— Айтса, айтпаса төгүнбү, — деп кошо күлдү Булан бий.
— Казакты кыргыздарга басып береби Орусия, Ормон ханды алып келип, өз букарасын кор
кылып! Кыргыздар казак жерин ээлеп кетет экен да, — деди күйүккөнү басылбаган Сүйүк.
— Орустун амалы үлкөн го. Оболу Таучибекти талкалап, чоң ордону бириктирсе, анан Ормон
кан менен өнөк болуп Коконду каратса, кыргыздарды өзүнө кошуп алуу кыйын эмес экенин
көрүп тур го алар, — деди Тезек.
— Кыргыз өзүнчө хан көтөргөн Ормон оруска күнкор болорун туйбайбы? — деди Булан.
—Ормон хан да муну куп билет деп ойлоймун. Казакты бириктирип, Коконду алып берсе, өз
алдынча коёр деген ою бардыр. Же Ормон хан орустун жардамы менен казак-кыргызды
бириктирип хан болууну каалар. Келечек ханыбызды сыйлаңыздар да, — деп тамашалай
Сүйүктү карады Тезек.
— Алты сан казакка кара кыргызды баштык кылып тек отурганыбыз Кудайга, ата-бабанын
арбагына жакпас. Таучибек бийди өзүбүз теске салабыз. Ормон хан менен жакшылыкча
сүйлөшүп, өз жерине кетирүү керек. Кетпесе чабуул салып, кубалап кетиребиз, — деди Сүйүк.
— Сүйүк султандын күйүккөнүнүн да жөнү бар дейм. Кыргыз-казак абалтадан өз эркинче
жүргөн эки башка эл гой. Ар кимдин өз отаны, өз намысы бар. Ата-бабанын астанасын таштап
дуулат, албандар да чет жерде, көпкө туруктай албас дейм, кайра келеди гой — ойлонолу, —
деп Тезекти карады Булан.
Тезек ойлуу үн дебейт.
— Биз орус букарасыбыз. Орусия өз букарасын сактоого тийиш. Беремиш майорго
даттаналы, солдаттарын жиберип, Орманды кетирсин казак жеринен, — деп оңдонуп отура
Тезекти карады жүйөөлү сөз тапканына көңүлү көтөрүлө түшкөн Сүйүк султан.
— Султан, шашылбаңыз, — деп Сүйүктү ойлуу тиктеген Тезек сөзүн улады: — Өз алдынча
келип бирөөнүн жерин ээлеп алуучу көөдөктөрдөн эмес Ормон хан. Беремиш майор аны
көчүрө албайт. Бул окуя губурнатор, улук ак падышага да маалым. Айттым го себептерин.
Кыш чыкканча абайлап Ормон хан менен алакалашып туралы, артын көрө жатарбыз, — деди
Тезек.
— Төрө туура кеп урду. Байыртан эле казак-кыргыз калктары бири-бирине убактылуу
жайлоо, кыштоо берип, түбү бирге туушкан эл катары сыйлашып турчу эмес беле. Жазга
чейин абайлап туралы, албетте, дуулаттарга кабар жетсе алар да карап турбас, — деди Булан
бий.
— Осы сендер кыргыз менен сөздөшүп алган жоксуңарбы? — деп капыя тамашалай күлдү,
жүйөөлү сөздөргө муюй түшкөн Сүйүк султан.
Хан Ормон
— Эмки аптада ата-баба салтын сыйлап, Ормон ханды өрүлүктөп барсам деп турамын. Канча
айтса да кара кыргызга каада менен хан көтөрүлгөн, калкка пайдасы тийчү эрен эмеспи, —
деп Тезек төрө жээрде сакалын сылай, эр сыйлаган нарктуу киши катары конокторуна көз
жиберди, көмөкөйүндө «силер да менин жөрөлгөмдү жолдойсуңар го» деген ой турду.
— Арийне, көчүп келген коңшуну өрүлүктөө ата салты, адамгерчиликтин жосуну гой. Биз да
карап турбаспыз, — деди Булан бий.
— Мейли, ошондой болсун. Ормонду хан катары, жаңы коңшу катары убактынча күтөлү.
Менин мазамды алып жүргөн дагы бир үлкөн иш бар, — деп Тезек төрөнү карады Сүйүк.
— Айтыңыз, угалы, — деди Тезек.
— Кечээ, Алашхандын бейити Кара сеңгирде казак үч жүзү биригип хан көтөргөн Кенесары,
инилери Норузбай, Эржан султандар кунсуз калабы? Бабабыз Аблай хандын арбагы
уктатпайт го бизди, — деп малдашын түзөй, кементайын көтөрө оңдонуп отура, Тезек төрөнү
карады Сүйүк, «сен да Аблай хан насилиненсиң» дегенсип.
Жаш кезинен эл аралап алыс жакынга сереп салууга каныккан, өтө куу, амалкөй, кайдан
пайда, кайдан зыян болорун аңдай билген Тезек:
— Ой бай, баурым, нени айтасың. Бул иш казак-кыргыз арасында демейкиче кун кубалоонун
жүйөөсүнө жатпай турат го, Кенекебиз түмөндөгөн кол менен түгөл жаткан кыргызга өзү
барып кыргын салып, жазасын алды го. Не дейсиз? Буга көздү жумуп, ата намысы дейин
десең, Орусияга он жыл моюн бербей жүргөн жахангер Кенекеңдин түмөн колун талкалаган
кыргызга катыла аласызбы? Тамагына каскак болуп турган «сөөктү» алып берген Ормон
ханды Орусия колдоп турат го. Не кыл дейсиз? — деди.
Бир тынымга сөз токтолуп, үй ичи тунжурап турду.
— Султанайым Бопуйкан кыргыздарга, Ормон хан алдына барды деп уктук эле. Не жооп угуп
кайтты экен? — деп Тезекти карады Булан бий.
— Кене хан шейит болгон жылы жайында султанайым Бопуйкан Ормон хандын алдына
Сыздык султанды ээрчитип барат. Ормон хан султанайымга атайын өргөө көтөрүп, сыйлуу
мейман күтөт. Кыргыз ханышасы казак кызы Уулбала жөкөрлөрү менен султанайымдын
кызматында болушат. Эртеси хандын кабыл алуусуна чакырылган Бопуй ийиле салам айтып:
— Таксыр, кечиргейсиз, аял башым менен хан астанасын аттап келип турамын.
«Кагылыштан хан өлөт» дегендей, сыйырдын эки мүйүзүндөй насили бир эки элдин
ортосунда бейпай окуя болуп, хан агабыз Кене шейит кетти. Хан агамдын дайынын билейин
деп астыңызга келип турабыз. Эр жетип келаткан уулу жанымда, — деди.
Катарында турган Сыздык өспүрүм:
—Ассалоому аллейкум, хан ата, хан акемдин жайын сурап келдим, — деп салам айтат чөгөлөп
турган калыбында.
Ойлуу мелтиреп отурган Ормон хан:
— Жогору өткүлө, боордошторум, — деп жанынан орун жаңсап, оң жагында отурган Махмуд
молдого ишарат этет. Шейиттердин арбагына куран окулуп, бата тиленгенден кийин:
— Султан айым карындашым, султан иним, Кене хан казактын үч жүзүн бириктирем деген
чыгаан жаангер эле, бийлик азгырыгы болдубу, түгөл жаткан кыргыз элине кол салып, ажал
тапты, тагдыры ушундай экен. Кене ханды өлүмгө кыялы деген ой бизде жок эле. Күнөөсүз
кыргынга учураган эл толкуп, кыйналып өлтүрүлгөндөрдүн үй-бүлө, туугандары кол салып,
мерт болду. Жаны бейиши болсун, — деди Ормон хан, өспүрүм Сыздык султанга сыпайы көз
кырын сала.
— Тагдырдын жазмышы ошондой болду, хан ага. Кенекем кыргыз менен биригип Коконду
алып, Оруска чыгам деп жүрчү эле, ою орундабады, — деди Бопуйкан.
— Андай болбоду, султанайым карындаш, Кене хан, «Мейли, макул биригели», — деп койгон
шартымды кабыл албай, сөзгө келбей, кыргын салып кирбедиби. Аны уккандырсыз, — деди
хан.
— Хан ата, мен акемдин өзүн болбосо да, жаткан жайын көрөйүн, уулу катары өкүрүп, бата
жасайын, кабырына таазим этейин деп келдим, — деди чымыр денелүү, атасынча текеберлүү
тиктеген өспүрүм Сыздык.
— Албетте атаны жоктош уулдун милдети, баланы ошон үчүн тилейт Кудайдан, — деди хан.
— Хан ага, мүмкүн болсо Кенекемдин жайын көрсөтүңүздөр, иним экөөбүзгө, — деди
Бопуйкан.
Хан Ормон
— Албетте көрөсүңөр. Кенекеңдин кийген кийимдерин, урунган буюмдарын, ат жабдыгын
сактатып койгонбуз. Таберикке алып кетесиңер. Бүгүн бизде конок болуп өргүп, эс алгыла.
Эртең баары болот, — деди да, — султанайымды, султан Сыздыкты коноктогула, — деп
кошумчалады Сазаны карап.
Султанайым Бопуйкан, султан Сыздык хандын конок өргөөсүндө, ханайым боордошу
Уулбаланын өргөөсүндө, конок болушат.
Эртеси ханайым Уулбаланын, жигит башы Сазанын узатуусунда Кызыл-Суу өрөөнүндөгү
Кенесары, Норузбайдын кабырларына барып, таазим эте куран окуп, кайра келишет.
Ормон хан султанайым Бопуйкан менен Сыздык султанды дагы бир өргүтүп сый көрсөтөт да,
экөөнө бир сыйра сарпайы кийим кийгизип, алдыларына бирден ат тарттырыптыр. Кене
хандын ат жабдыгын келишкен аргымакка токутуп, кийим-кечесин бөктөрө, кылычын
ээрдин кашына илип узатыптыр, — деп сөзүн бүттү Тезек төрө.
— Ормон хан үлкен адамгерчилик жасаган экен, — деп ыраазылыгын билдирди Булан бий.
— Хандын баркын хан билет, хан билбесе ким билет, — деди Тезек төрөнүн жай аңгемесине
көнүлү тына түшкөн султан Сүйүк.
— Ушундай айкөл да, катаал да, эр жүрөк да, айлакер да киши бизге көчүп келди, — деди
Тезек төрө.
— Казак-кыргыздын каадасын сыйлап, сиз айткандай өрүлүктөп сый көрсөтөлү. «Сыйга сый,
сыр аякка бал» дегендей, кыргыз ханынын да сыйын көрөлү, — деди Булан.
Аңгеме казак, кыргыз, кокон, орус алакаларынын болочогу жөнүндө уланды.
Илеге көчүп келген кыргыз айылдары жайыттары кенен, отун-суусу мол өрөөндөрдү
ээлешип, көңүлдөрү тынык кадыресе тиричилик өткөрүүдө.
Үчтүн айынын орто чени. Кыш чилдесинин алды, согум маалы.
Казак султаны Тезек тогуз кысырак35 айдатып, аялын, жигит-жалаңын ээрчите Ормон ханды
өрүлүктөп түшкөнүнө эки күн болду. Ормон улуу жүздөгү Жоочу урпактарынын ичинен төрө
атанган кадырлуусун хан каадасы менен тосуп алды.
Кайын-журттун насилин сыйлаган Ормон хан меймандарын конок үйү эмес, Уулбаланын
өргөөсүндө күттү. Нокто катылбай куландай туйлаган кулун союлуп, кысыр эмдинин мейиз
чайкалган кымызы сунулуп, дасторконго кыргыздын боорсок, эжигей, казы-картасы,
Кашкар, Анжиян жемиштери аралаша дасторкон үстүндө. Бейиш берекесин жайнай, комуз
чертилип, дастандар айтылып, казак кызы Уулбала ханайымдын темир комузга кыргыз
күүлөрүн жан-дүйнө туюмун эргите какканына маашырланып көңүл куштары көкөлөп,
коноктор курсант отурушту.
Эртең мененки чайдан соң Тезек төрө менен Ормон хандын баарлашуусу хандын ордо үйүндө
уланды. Ордо өргөөдө жүк жыйылбаган төрдөгү килем жабылган тактанын эки жагында баш
кеби менен союлган эки илбирс азууларын арсайта суналат. Эки капшыттарына тартылган
перси килемдерине эр жагына хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын кылычы, айбалтасы,
жалдуу Баракты сайып түшүргөн түпөктүү найзасы, эпчи жагына Ныязбек бийге Батыш
Сибирь генерал-губернатору Глазенап* тартуулаган алтын жалатылган кындуу кылыч
илинүү турат. Эпчи жак босогодон өйдөрөөк күмүш ачалуу ала баканга сырт кийим илинүү.
Тактайланылган үй алдына өрө кийиздер, үстүнө жыш көгүш килем төшөлгөн. Төрдө аюу
талпакта Ормон хан, оң жагында коногу, анын кеңешчиси Жунус молдо жай алды. Сол
жагында хан кеңешчиси Жаманжээн отурат. Ар кимиси өз баркын туя, салабат күтө сыпаа,
олуттуу. Кечээ күнү бири-бири менен дидарлашканына чын дилден ыраазы болушуп, беш
күндүк жарык дүйнөдө жашоонун ыракаты, машакаты жөнүндө сыр төгүшүп, өмүрдү,
махабатты даңазалаган комуз күүсүнө көңүлдөрү эргий, агынан жарыла отурган, агедил
курбу кишилер, азыр негедир өзүлөрүн токтоо тутушуп, ар сөздүн артынан айтылбаган сыр
туйгулары келгенсип, аяр аңгемелешүүдө.
Бири-биринин адамгерчилик асыл сапаттарына айкалышкан көйкашка эрдиктерин чын
дилдеринен сыйлашкан эки эрендин элине кызмат өтөп, атак-даңк күтүүдөгү максаттары
кайчы эле.
— Жаңы конушка келип, коңултактап көнө албай турганда, сиздин ата салтын сыйлап
келгениңизге курсант болуп турамын, — деп Тезек төрөгө ыраазылыгын билдире сөз улады
Ормон хан. — Казак-кыргыз жайлообуз жамаатташ, коюбуз короолош, жылкыбыз өрүштөш
бир тууган элбиз. Иленин бою ээн турганын угуп, казак туугандар менен жамаатташ кыштап247
Хан Ормон
жайлап, сый көрүшөлү деп көчүп келгенибиз ушул, — деди түпкү максатын көңүл тереңине
чөгөргөн Ормон хан.
— Ой бай, Орман баатыр, несин айтасыз, мен өзүм да сиз менен дидарлашканыма териме
батпай кубанып отурмун. Ою бирдей, сөз сыйлаган киши менен баарлашуу өзүнчө рахат гой.
Жер Кудайдыкы, Кудай берген казак тууганыңдыкы. Кышта, жазында эгин эгип ал, жайла, —
деди Тезек төрө
Ормон хандын көңүлүндө катып турган сырынын четин туйган таризде.
— Ошентсек да болот, дуулат, албан туушкандар кайтып келишсе, жерлерин бошотуп
беребиз, — деп сакалын сылай бир аз тына калды да: — Баса, төрө, бул дуулат, албан
туушкандар не болуп үркүп кетишти? — деп суроо узатты Ормон хан, үркүүнүн себебин
билип турса да Тезектин оюн бөлүү максатында.
— Ой бай, туушканым, баатыр, мунун өзү бир орунсуз иш болду гой. Алты сан казакка баш
болгон Жоочу тукуму алты бөлүнүп арызданып, анын ичинде Самаке, Аблай балдары
өчөгүшкөн жоо болушуп, Кенесары хандын казакты бириктирели деген аракети кандуу
жаңжал менен бүткөнүн билесиз. Эми Улуу жүз ичи эки жакка бөлүнүп дуулат, албандар
Кокон тарапка көчө качышты, аларды эч ким куубады.
— Дуулат, албандар жамы үркпөгөндүр, — деди Ормон хан.
— Жамы эмес, Таучибек бийибиз Иледен алыс эмес жерде Коконго чеп куруп, аларга датка
болгон, ошо Таучибек Керим бийлердин азгырыгы менен кызыл бөрк чапырашты, чымыр,
кашкароо, ботпай уруулары үркүштү. Качанкыга чейин үркүп жүрүшмөк эле. Улуу жүз —
Орусия букарасы. Орусия зор мамлекет, көп эл. Алар каптаса Кокон да, Таучибек да түтө албас,
— деди ага султан наамын алган Тезек төрө, Орусияга кызмат өтөөгө берген анты жадында
турду.
— Өткөн жайда орус төрөсү башкарган аскерлерди Таучибек кайра кубалаптыр деп уктук, —
деди ар нерседен кабардар Жаманжээн.
— Ооба, ошондой болду. Коткевский деген капитан аз гана жоокер менен келген экен.
Таучибек, Ачикей, Түлеберген бийлер, Кудайменде, Үрүстөм, Султандар биригип каптап,
тигилер куралчан көп колго туруштук бере албаптыр. Азыр замбирек сүйрөтүп, көп аскер
менен генерал Корбашып чыкты дейт, Таучибек кайда барат. Алды-артын аңдабаган куру
намыс башын жарады го, — деп Ормон ханды карады Тезек төрө. Кенесарыны талкалаган
кызматың Орусияга канчага чейин колко болор экен. Акыры сени да өз алдыңча койбойт го»
деген ой жадында турду.
— Арийне орустар өнөрлүү, көп эл. Байыртадан падыша күткөн адөөлөт эл болуу керек.
Букарачылыгына өткөн казактарга мамилеси кандай? «Эгинканалуу жерлерден казактарды
сүрүп, мужуктарын отурукташтырып атат» деп угабыз, — деди Ормон хан сөз учугун Тезекке
таштай.
— Эй, баатыр ай, казак-кыргыз көчүп-коно жерге көп назар тикпеген элбиз да. Ээн жаткан
эгин эгүүгө ыңгайлуу жерлерге мужуктарын алып келгени ырас. Мурун аздыр-көптүр жер
ээлеп турган казактарды сүргөн жок. Казак-кыргызда «Уста менен достошсоң нар кескенин
аласың» деген кеп бар го. Орустун өнөрү жуккан билим алган казактар бар. Валихандын
уулдары, Бокей, Самакенин уулдары Битербордон окуп, үлкен иштерде жүрөт, — деди Тезек.
— «Ырыс оошот, өнөр жугушат» деген накыл ырас да. Өнөр, билим ар бир элге керек. Дини,
дили бөлөк болсо да, орустун өнөрүн үйрөнүүдөн намыс кылуу жарабайт, — деди Ормон хан.
— Таксыр, айтканыңыз калетсиз, — деп адеп сактап Ормон ханга кайрылып, сөзүн улады
Тезектин жолдошу аалым Исхак Мазум. — Андай болсо кыргыз туугандар өз алдынчабыз деп
хан көтөрбөй эле, бизчилеп орус букарасына өтүп эмне албады?
Өз оюндагы сөздүн дал үстүнөн чыккан жолдошуна ыраазы болгон Тезек төрө мурутунан
жылмайды.
Тике берилген суроого таамай жооп берсем деп бир аз ойлоно түшкөн Ормон хан:
— Кудай таала ар бир пендесин өз алдынча эркин жараткан. Бирине-бирин көз каранды
кылган жагдай адилетсиздиктин башаты. Ар ким өз алдынча болгондо алака да адал болот.
Өнөр-билим да астейдил үйрөнүлөт, — деди Ормон хан, жоопко канааттанган таризде аалым
башын ийкей Тезек төрөнү карады.
Тезек төрө санын таяна ойлуу отурган. Ормон ханга алдыртан көз жибере малдашын түзөй,
обдула отурду да:
Хан Ормон
— Мен батына албай отурдум эле, Искак аалым суроого жол ачып берди. Кытай, Кокон, Орус
үч тарабыңыздан кысып турат. Аскер күчү шай, өнөрлүү Орусия коңшуңуз алты сан казакты
каратып алды. Эми Коконду коколоп турат. Ушундай шартта кыргыз эли өз алдынча тура
алар бекен? — деди.
— Азгантай элдин колунан да чоң иш келерине орус падышасы ынанып калды, — деди
Ормон хан мелтиреген калыбында.
Таасын айтылган жооптон он жылча алышып орустун алы жетпеген Кенесары хандын
тагдырын кыйытканын түшүнгөн Тезек бир аз кысыла түштү да:
— Арийне баатыр, айтканыңыз жөндүү, ошентсе да эли арбын, күчтүү мамлекеттер менен
азгантай эл тең алакада боло албас бекен деген ой, — деди Тезек төрө.
— Кооптонгонуңуз жөндүү, төрө. Орусиянын жер жайнаган элине салыштырганда
кыргыздар бир ууч гана эл. Орусия Коконду, Хиваны, Букараны, казакты бүт каратып алган
күндө да, ашуусу бийик ак мөңгүлүү тоолорду, агыны катуу сууларды, аска зоолуу,
капчыгайлуу өрөөндөрдү жердеп, ат үстүндө туулуп, ат жалында казан аскан жоокер эл өз
алдынча болсо, күчтүү коңшулар менен чек арасы коопсуз болорун орус кишилери түшүнөт
деп ойлоймун, — деди Ормон хан.
Терең ойлонулган жүйөөлүү жоопко таң берип отурган Ыскак аалым:
— Рахмат, таксыр, ылайым кыргыз хандыгынын боосу бек болсун. Эми уруксат этиңиз,
байыркыдан мисал келтирип, бир суроого жооп алгым келет, — деп өтүндү.
— Айтыңыз сурооңузду. Алдын келишинче жооп издеп көрөлү, — деди Ормон хан.
Тамагын жасай оңдонуп отурган аалым:
— Ааламды титиреткен Чынгыз хандын төрт уулу болгонун билесиз. Көзүнүн тирүүсүндө
уулдарына улустарды энчилейт. Хандыктын борбордук бөлүгү Монголия, Түндүк кытайды
борбору Каракорум менен хан өзүнө калтырат да, калган жерлерди уулдарына: Алтай
тоолорунун батыш-чыгыштарын Угедейге, Орто Азия чыгышта Аму дарыяга чейин
Чагатайга, Иран, Ирак, Кавказдын ары жагы Төлөгө, кыпчак талааларынан Дунай боюна
чейин Монгол атынын туягы тийген жерлер улуу уулу Жочуга тийет. Өзүлөрүнө тиешелүү
бийлик үлүштөрүнө ээ болгон уулдары хан атасына кеңешке келишет. Улуу уулу Жочу
баарынан озуна:
— Оо, ааламдагы улуу хандыктын ээси, айтыңызчы, кадиксиз хан кандай болуу керек? —
дейт.
— Калкка жагып, ээ болуу үчүн хан акылдуу болсун, калкы айбыгып туруш үчүн хан күчтүү
болсун, — деди хан атасы.
— Эл сени сыйлап, урматтап туруш үчүн эмне кылуу керек? — деди экинчи уулу Чагатай.
— Тактыдан ажыраба, — деди атасы.
— Тактыдан ажырабас үчүн эмне кылуу керек? — деди үчүнчү уулу Үгедей.
— Так чөйрөсүнө өзүңдөн акылдуу кишини жолотпо.
— Хан өзүнүн даңкын арттыруу үчүн кандай курмандык чалуу керек? — деди төртүнчү уулу
Төлө.
— Уулун! — деди атасы.
Уулдары ата осуятын аткарып, хан доорун сүрүп өтүштү. Бул осуяттарга кандай карайсыз? —
деди аалым Ормон ханды күлө карап.
Үй ичи бир тынымга тынчтана, отургандардын назары Ормон ханга бурулду. Аңгемени кунт
коё угуп отурган хан көз ирмебей аалымды суз тиктеген калыбында:
— Чынгыш хандын осуяттарынын үчөө азыр да күчүндө, — деп бир аз унчукпай турду да, —
төртүнчү осуяты курмандыкка кайрылсак, жагдай башка. Чынгыш хандын бийлик күчү,
даңкы, даңазасы катаал, кандуу ырайымсыздыкка таянган доордо өткөн. Бийлик кумарынын
чектен ашкан жаалы уулга атасын өлтүрткөн, атасына уулун өлтүрткөн. Азыр заман башка,
андай ырайымсыз кандуу жаалды көтөрө албайт. Ар иштин чеги бар, — деди.
Кыргыз жеринде чечкиндүү, ырайымсыз катаал, айлакерлиги менен аты чыгып, жахангерлик
амалы менен Кенесары ханды жеңип, оруска жаккан бул кишини жактырып да, жек көрүп да
турган аалым:
— Таксыр, жоопторуңузду сабак алдык, рахмат, — деди.
Ойлуу угуп отурган Тезек төрө обдулуп сөзгө аралашарда эшик ачыла кирген жигит ийиле
таазим этип:
— Ханайым конокторду түштөнүү сыйына чакырат, — деди.
Хан Ормон
— Андай болсо баралы, «даам улук» деген кеп бар эмеспи, кандай дейсиз төрө, сөздү кийин
улайлы, — деди хан Тезек төрөгө.
Баары орундарынан туруп, ханайым Уулбаланын өргөөсүнө келишти.
Түштөнүү сыйынан кийин ордого Ормон хан, Тезек төрө экөө гана киришти, жайланып
отургандан кийин:
— Төрө, сиз жамы казактын тагдыры үчүн өмүрүңүздү тиккен кишисиз. Таучибек, Керим
бийлер, Үрүстөм жана башка султандар Коконго ыктап турат. Орустар алыс, эл биримдигин
сактоо керек го, не чара көрмөкпүз? — деди Ормон хан Тезек төрөнүн сырын тартууну ойлой.
— Таучибек, Керим, Үрүстөмдөр менен сөздөшүп ыкка келтире албадым. Орустар келип
согушуп, чепти ала албай кайтканын билесиз. Эми күч жыйнап келеди го, Таучибек жаңжалы
бүтүп, эл тынчыйбы деген ойдомун, — деди Тезек төрө.
— Таучибек жаңжалы чептин алынышы менен бүтө калбайт. Орустар Коконго каршы арбын
күч менен келе албас дейм, — деп Ормон хан оюн бүтпөй Тезектен сөз күттү.
— Таучибек жаңжалы бүтпөсө казак эли тынчыбайт. Орустар бул ишти аягына чыгарып,
элди тынчытуу үчүн көп күч менен келер деп турамын, — деди Тезек төрө.
Келечекти оруска табыштап, өзү камсыз турган Тезекке көз жибере ой жоруп турду Ормон
хан. Кокондун Бишкектен кол үзбөй турганы, Арка кыргыздарынын өз алдынчалыгын жок
кылуу үчүн Кушбеги Нурмухамедди көп кол менен жиберүүгө Кудаяр хандын даярдык көрүп
жатканы жөнүндөгү кабар тынчын алып турат. Коконду аркадан сүрүп чыгаруу үчүн
казактардан арбын кол алып, өз күчүн топтоп, жүрүшкө чыгууну ойлоп турган Ормон:
— Төрө, орустар Коконду алмайынча казак, кыргыз тынчыбайт. Орустар Коконду албай
тынчыбайт. Коконду орустар казак-кыргыздын колу менен алгысы келип турат, — деди оюн
толук айтпай.
— Онысы неси, өз күчтөрү жетеди гой, — деди Тезек төрө.
— Өзүнүн колун аяп, өзгөнүн колу менен чокту шилөөнү ким каалабасын, — деди Ормон хан.
— Ошондойбу? — деди Тезек.
— Ошондой. Менде чек ара акими жандралдын каты бар. Анда: «Эгерде силер Коконго каршы
аттансаңар биз аскер жагынан жардам беребиз» деп айтат, — деди Ормон хан.
— Ушундай экен да. Орустардын амалы өз аскерлерин сактайт экен да. Мен алар көп аскер
менен келип Коконду алып, бизди тынчытат деп жүрбөймүнбү, — деди мурда бул кат
жөнүндө имиштен уккан төрө.
— Ошондой, төрөм, оруска жаңы жерлер керек, бизге казак, кыргыздын бүтүндүгү,
тынчтыгы керек.
— Не кылабыз, элибизди тынчытуу үчүн? — деди Тезек.
— Мен айтпадымбы жандыралдын кат менен берген убадасы бар деп. Келерки жай алдында
ат кара тил болгон маалда кол курап, Коконго аттаналы. Мени менен Илеге көчүп келген
кыргыздардан миңге жакын жоокер чыгат. Жантай, Жангарач, Сакелер Бишкектен беш алты
миң кол менен кошулат. Силер, казак туугандар, беш алты миң жасоо кайрысаңар он миң
ашуун кол менен Бишкекти бошотуп, Олуя-Ата, Меркени алып, Коконго аттанабыз. Орустар
убадасы боюнча замбиректерин алып, беш алты миң солдаты менен бизге кошулат. Кокон
оруска тийет, казак-кыргыз, өзбек элдери тынчыйт, — деди Ормон хан.
— Оо, таксыр, бул оюңуз мени муютту. Колду сиз башкарсаңыз болду. Ишиңиз оңунан чыгып,
элибиз тынчыйт, — деди Кенесарынын түмөндөгөн колун талкалаган Ормон хандын
жаангер эрлигине тан берип жүргөн Тезек төрө.
Аңгеме түрк насили казак, кыргыз, өзбек өткөнү, азыркысы, келечеги жөнүндө уланып, бир
кыйлага созулду.
Эртеси күн көтөрүлө астыларына ат тартылып, үстүлөрүнө сарпайы тон жабылып, коноктор
көңүлү куунак узады. Тезектин алдында хан тартуусу эликтей туйлаган кара кашка аргымак,
үстүндө илбирс жакалуу кара тыштуу карышкыр ичик, башында сүлөөсүн тебетей, аялынын
мингени үртүктөлгөн боз жорго, кийгени кундуз жакалуу түлкү ичик, башында атайы
оролгон тасмалуу кыргыз элечеги, жигиттеринин ар бири сарпайы кийинишкен. Жер чапчып
ооздугун кемирген кара кашка аргымактын тизгинин жыя:
— Таксыр, хан сыйын көргөздүңүз. Сөөгүм ыраазы. Калың казагымдын алдында соболом
көтөрүлүп, жүзүм жарык баратам. Казагың да өз элиң, Иле да өз жериң, кыштап-жайлап, эгин
эгип, малыңды багып, аман болгун. Кудай кааласа алган убадаларыбыз ордунда болот, —
деди кубанып турган Тезек төрө. «Алло акбар» деп алакан жайды Ысак аалым, бата тиленип,
Хан Ормон
меймандар тизгин кага суу бойлой ылдый тартты. Көтөрмө бою алдыда сөөлөттүү Тезек төрө,
аялы, жолдоштору артта чубай коноктор узап баратты.
Көчүп келгендердин багына жараша Иледе кыш жумшак болуп, жаз эрте келди. Мал аман
төлдөп, элдин санаасы тынык; калмакка, казакка каттап, аздыр-көптүр үрөн камдап алгандар
суу бойлой эгин эгип, эл үмүт менен тиричилик камында.
1851-жыл, бугу айынын аяк чени. Эл жайлоого көтөрүлгөнү турганда шашылыш кабар
келди. Ташкент кушбеги Нурмухаммед баштаган Кудаярхандын калың колу Чүй өрөөнүн
басып кириптир. Бул окуянын болушу күтүүсүз эле. Тезек төрөгө шарт боюнча Ормон хан
чабарман жиберди. Ар бир үйдүн тушунда найзасы жерге сайылуу, аты суутулуу мамыда
турган элден Ормон хан бир күн ичинде миңге жакын жасоо кайрып Кашкелеңге кош
түшүрдү. Үмөтаалыны Бишкекке Жантай, Жангарач бийлерге, Сазаны чоң ордо приставы
Перемышльскийге кол суратып жибере Казак султандарынан 2000че жоокер кошулса,
Жантай, Жангарач, Үмөтаалы, Төрөгелдилер 3000че кол чогултса, Нурмухаммедди Чүйдөн
кууп чыгарса, орустар да кошулар деген ою бекем эле. Ормон хан үч күн күттү, үчүнчү күнү
казак султандарынын кошулууга көңүлү жок экенин айтып чабаганы келди. Ошол күнү Чүйгө
кеткен Үмөтаалыдан да кабар келди. Жантай, Боронбай экөө Бишкек чебине барып, «Коконго
каршы чыкпайбыз» деп убада бериптир. Аягөз приставы да Омбудан бийсиз Коконго катыла
албай турганын билдириптир.
Ушундай болду, иш ириди.
Жыйылган жоокерлерге ыракмат айтып, айылдарына таратты да, Ормон хан ордосуна
кайтты.
Ормон хан ордо өргөөсүндө жалгыз түнөрө ойлуу отурат. Кыргыз биримдигинин бүткөнүбү...
Жок, көз жумулганча кыргыз биримдиги бузулбайт.
Оо, опасыздык! Ишти ириткен адамдын эки жүздүү опасыздыгы! «Эл тагдыры» деп чыбык
кырккан ант-шерт кана, бийлер! Коконго, оруска киренди кирген элдин келечек тагдыры
эмне болот!? Убал-сообу кимге? Элдин убал-сообун аркалап ант бербедим беле? Кудай
алдында, эл алдында эмне дейм? Иледен жер кеңейтем деп жаңылдымбы? Бирөөнүн жерине
көз арткан ач көздүк болдубу? Жок, элдин келечегин ойлоп, арга издеген аракет эле го.
Төгөрөгүн төп ойлонуп, кеңешип чечилбеди беле? Иштин ойрон болгонубу?! Бийлердин жеке
мүдөөлөрү элдин ишин ойрондодубу? Оруска өтүп, ийиндерине чен кийип, казак
султандарындай өз балдарын Битирбор, Маскөөдөн окутуп, мансап күткүлөрү келип турат го,
көрпенделердин! Кытмыр өзүмчүлүк кыргыздын бир болгонуна бар болгонуна, каскак!
«Бийлерибиз» деп көзүңөрдү карап, силерди ээрчийт шордуу эл!!! — деп күрсүнө жүрөгү
канай ордунан туруп, өзүнчө сүйлөнүп ары-бери басты... Көз алдына өмүр артылыштары
тартылды. Калмак баскыны, андан соңку кооптуу жылдар, казак, кыргыздын уруу-уруудан
мал тийип, жоолашкан коогалаңдары, эл ынтымагын бузган текеберди, уруу намысынын
кесепеттери, Шамшыдагы чабыш, жазыксыз кан төгүлүш, туткун, саяк туугандардын орунда
өткөргөн азаптуу күндөр, качуу, эл биримдигине толгонгон күндөр, Кокондун жылып кирип,
дин биримдигине жамынган зомбулуктары, алгачкы айкаш, Тайлак баатыр тагдыры, Кокон
сыпайлары менен салгылашуу, ордого зордолуп бараткан кыздарды куткаруу, эл
биримдигин туу тутуп, Кокон зордугунан кутулууну бийлердин алдына койгону, алгач баш
бий болгон жыйын, Көтмалды чебин өрттөп, Куртка чебинен Кокон бийликтерин кубалап,
курултай чакырганы, чыбык кыркылган ант, хан көтөрүү баары биринин артынан бири...
Тоок жылкы жут, эгин экпей, көчүп-конуп күн көргөн элдин келечегинин тайкылыгына
толгонуп арга издеген күндөр, Кенесары баскыны, Кокондун кайра кайрылган баскыны, элди
бириктирип, өз алдынча болуу үчүн жан алакети, аракеттер... Илеге көчүү аргасыз тобокел,
бирок алды-арты кенен ойлонулган эле. Баары ойрондодубу? Эл бүлүнөбү? Өмүрдүн текке
кеткениби?.. Жок.
Көзүм тирүү турганда бүлүндүрбөймүн. Баягы эле көрө жүргөн кокондуктар. Короңдоп
канчага турат дейсиң — түптөрү бош. Орус менен алаканы байытуум керек. Падыша
Никелейдин өзүнө кат жазамын, жер сураймын. Казак четинен Орусияга жер берсе кыргызга
зор өбөк болот. Бийликтин күчү, элдин үнөмү артат. Кокон кожосунганы менен орус аны
жайына койбойт. Коконду алуу үчүн Орусияга биз керекбиз. Кенесары окуясынан кийин
биздин күч аларга белгилүү. Коконго биргелешип кол саларда шарт нааме коёмун «Силерге
кыргыз дос, кытай менен чек араңарга өбөк болуп кербендерди, саякатчыларды кайтарып
берет. Өз алдынча турган кыргыз хандыгы силердин дөөлөттүүлүгүңөрдү Кырым, Урумга
Хан Ормон
даңазалайт» деймин. Мындай даңаза аларга баалуу. Ошондой... Кыргызды бүтүн сактайбыз.
Боронбай да туйлап тактыга чыга албайт. Жантайды дагы бир чөгөлөтсө кыймылдай албай
калат. Кыргыз бүтүн болот. Ат-Башы, Нарын, Тогуз-Торо, Кочкор, Жумгалдагы катуу багыт
жерлерде кыйналып оокат өткөрүп турган элдин каалаганын көчүрүп келебиз. Иленин
эгинканалуу жерлерин ээлеп там салып, эгин эгип, малын да багып, эл бакыбат оокат
өткөрөт, — деп өзүн жубата ордуна отурду... Пендечилик... Ойго бекип, өзүн сабырлуу тутууга
аракеттенсе да, алдыда турган катаал чындык санаасын бөлүп, бул күндү эч кимди кабыл
албай, жалгыз өткөрдү.
Элдин кооптуу да, үмүттүү да келечегин ар тарабынан калчап, санаа чубаткан күндөр
көбөйдү. Кээде жалгыз аттанып айылдарды кыдырып, элдин абалын байкайт, уруу бийлерин
ээрчитип мал жайыттарын, эгилген эгиндерин көрөт.
Иле боюнун, ага куйган туура суулардын башатына чейин көрүп, ар урууга кыштоо, жайлоо
болуучу жерлерди тактайт, ак падышага кат жазар алдында.
Ушундай камкордукта жай бүтүп, күз келди. Эгиндин түшүмү мол болуп, кырмандар кызылга
толуп, эл ичин береке аралады, мал жайлоодон эттүү түштү. Кышка да чөп-чар бар, жетиштүү
камдалып, жаңы жер элдин купулуна толуп, ушул жерди мекендөөгө көпчүлүк ыктап турду.
Чүйгө, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Кочкор, Жумгалга айма-ай Саза, Үмөтаалы, Жаманжээндер
катташып, элдин абалын ханга кабарлап турушту. Нурмухаммед Кушбеги аскер менен келип,
Бишкекте бир айча болуп кайра кетиптир. Абал баягыдай эле. Кокон сыпайлары Бишкектин
чебинен алыс чыга албай турат. Тышта тиричилик нугу өзүнчө бийлер өз бийликтерин
жүргүзүүдө.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 35
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.