Latin

Хан Ормон - 14

Total number of words is 4079
Total number of unique words is 2029
28.2 of words are in the 2000 most common words
41.5 of words are in the 5000 most common words
47.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
көз жигиттери ар бир үйдүн даярдыгын колмо-кол текшерип, тейлөөчү жубайлар менен
көзмө-көз сүйлөшүп, жагдайды ар кечте Ормондун өзүнө баяндап турушат. Ормондун өзү
үчүн ичи-тышы жасалгалуу он эки канат ак үй тигилген. Эшигинин оң ыптасына — эр
жагында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт, эпчи жагына түпөктүү найза жөлөнгөн. Келимкетимди тейлеген эки жигит дайыма эшик алдында турушат.
Кокон ордосунда бийик мансап ээлеген Анжиян, Алай кыргыздарынын билерманы
Алымбек датка жан-жөкөрлөрү менен туруучу үйлөр жыйын айылынын баш жагына өзүнчө
тигилген. Алымбек датканы күтүү «сегизбектин» кенжеси Ырыскулбекке дайындалган.
Тейлөөчү жубайлар Ырыскулбектин өз келин, уулдарынан. «Сегизбектин» ар бирине
кадырлуу уруу бийлерин күтүү вазийпасы тагылган. Уруу башчылары туруучу үйлөрдү
«сегизбектин» ар биринин өз уул, келиндери тейлешет.
Алыскы Анжиян, Алайга, Талас, сары өзөн Чүйгө, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкорго
чын куранда эле кош аттуу чабармандар салам дуба жеткиришип, курултай ордун, өтө турган
күнүн кабарлап келишкендиктен, мурда күндөн бери уруу башчылары удаа келип түшүүдө.
Хан Ормон
Акыркысы болуп Алайдан Алымбек датка жигит-жалаңдары менен кечээ кечинде келип
түшкөн. Аны Ормон чоң үйүндө тосуп алып, сый көрсөтүп, баарлашкандан кийин, атайын
көтөрүлгөн өргөгө узаткан.
Көл башы тоо кыркасынан күн көтөрмө бою көтөрүлгөн. Бүгүн курултай башталуучу
күн. Айылдын өйдө жагындагы суу бойлой төш таянган түзөңгө эл агылууда. Теребел даана
көрүнө турган дөңгө өрө кийиздер төшөлүп, үстүнө килемдер салынган. Эл дөңдү курчай уй
мүйүз тарта жайланышууда. Бапылдаган сурнай үнү тоо арасындагы бейкуттукту жаңырта
өзгөчө жаңылык болорунан кабар бергенсийт. Көптөн бери угула элек Манас бабадан калган
салтанаттуу чакырык үнү элдин көңүлүн эргитип турду. Эл чогулуп бүткөндө дөңсөөдө элди
бет ала айтылуу Ныязбек бий, Калыгул акылман, Ормон, алайлык Алымбек датка, Сарт аке,
Боронбай, Муратаалы бийлер, Ажыбек датка, черик Ажыбек бий, саяк Качыке, Кожоберди,
Жантай, Миназар, жетиген Медербек, тынай Жантай, солто Жангарач бийлер; жаш болсо да
датка наамын алган кадимки Тайлак баатырдын уулу Осмон, чукугандай сөз тапкан чечен
жигит Тилекматтар отурушат. Сурнай үнү басыла, быйылкы курултайды башкаруунун кезеги
тийген черик Ажыбек бий:
— Оо, эл-журт, калайык-калк, айдан аман, жылдан эсен жүрөсүңөрбү? Аллага канимет. Мына
бүгүн ар кайда көчүп-коно күн көрүп жүргөн кыргыз баласынын өкүлдөрү дидарлашып
масилет курганы отурабыз. Бул жалган дүнүйөдө Алла таала чачкан ырыскыны терип жеп,
оомал-төкмөл тагдырды пенделери башынан кечирип тур. Биз да ошолордун бирибиз. Эл
ичинде доосу өнбөгөндөр, адилетсиз запкы көргөндөр, жетим-жесир сагиранын акысын
доолагандар бардыр. Биздин вазыйпа ошолордун датын угуп, ой калчап, жети өлчөп бир
кесип дегендей, Кудай алдында калыс бүтүм чыгаруу болор. Кана, эсеби, ирээти менен уга
берели, — деп сөзүн бүтө жан жагын карады.
— Бий аке, эп көрсөңүз мен айтып көрөйүн, — деп калдая ордунан тура сөз улады Ормон. —
Албетте, бүтпөгөн доо, жетим-жесир сагира акысы жөнүндө кесим бүтүм болоор. Ага өз
кезегин берерсиз. Менин айтайын дегеним башка. Туш тарабыбызда коңшулардын
кырдаалы кычап турат. Калайык-калктын жалпы абалына, атпай кыргыз келечегине көз
чаптырсак кантет. Мындан ары эл-журт кандайча күн көрөт, кылычын алып жоо келсе
алыбыз канча, кыйырды куруткан жут келсе камыбыз канча. Биригип курал алып, элди
коргой алабызбы, эгин эгип, дан алып, элди бага алабызбы, шариат жолун туттуруп тазарта
алабызбы, окутуп, өнөр үйрөтүп агарта алабызбы, ар кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча
түтүн булата алабызбы. Ушулар тууралуу акылмандардын ойлорун уксак деймин, — деп
ордуна отурду. Иштин башы мындай болушун күтпөй, жесир-жетим, доо-дооматтарды
коюуга даярланып отургандар түйшөлө кобурашып, жыйын дагы сөз күтүп турду.
Тик жака жеңил кемселинин өйдөкү бүчүлүктөрүн бошото, бет аарчысы менен бети-башын
сүртүнүп, ойлуу отурган Боронбай бий:
— Ормон баатырдын сөздөрү кулакка кирип турат. Байыртадан уюткусу бузулбаган,
кезегинде ордо күткөн эл элек. Уюткубузду сактап, ынтымак күтөлү. Эл-журтубуздун бүгүнкү
абалы кооптуу. Кыйырыбызда кылычын ичинен байлана кытмыр жылмайып кытай турат.
Кожолорду ойрондоп, Үрүмчү, Турпан, Кашкарды колуна алып, биз жакка көзү кызарып
турган кези анын.
Кокон дейбиз, Кокондун өзүндө шай жок. Дин исламды туу туткан мусулман эли ошол
туу тегерегинде болсо, атаганат. Мурда эле ичинен ирип, тартиби начар эле. Сыпайлары эл
арасына чыгып оюна келгендерин жасашчу эле. Азыр Кокондун түндүгү түшкөнү тургансыйт,
— деп тамагын кыра сөзүн улоо үчүн демин жыйганда, эл ичинен:
— Түндүгү түшкөнү эмнеси?
— Хан тагынан кулаган го, — деген кобур угулду.
— Кокондун өз башына күн түшүп турат, — деп сакалын сылай сөзүн улады Боронбай бий.
— Эмир Насрулла Коконду басып алыптыр деп уктук. Кадеми каткан Мадали ханды ата безер,
шариат жолунан чыккан деп тагынан кулатып, ордонун алдында койдой мууздатыптыр
деген кабар келди.
— Яа, Кудаа, эмне алаамат болор экен?
— Күнөөсү эмне бечаранын?
— Тагын тартып алгандан кийин өзүн соо койчу беле...
— Мыкаачы, кишини койдой мууздаган... — деген кобур чыга бул суук кабар жыйынды бир
тынымга түйшөлтүп турду.
Хан Ормон
— Тагдыры ушундай го, бечаранын. Напсиси куруп, Омор хандын жесирине — кичи энесине
— нике кыйдырып алган тура. Ата безер, дин безерлиги ошо да. Насрулла эмир сулуу жесирди
да киши оозго алгыз кыйнап өлтүрүптүр, — деген Боронбай бийдин сөзүн үзө:
— Алда бечара ай...
— Чала болот андайга...
— Кокондун түндүгү түшкөнү ушул да...
— Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма, — деген үндөр угула, жыйын алагды
боло калды.
— Ушундай калайык, азыр Кокондо хандын жактоочулары жазаланып, кан төгүлүп турат
дейт. Коконду убактылуу башкарганга Насрулла эмир өз өкүлүн коюптур. Акыры Букарага
кошуп алат го. Кокон жайы ушундай. Орус жайына келсек, Орунбор, Омбудан бери жылып
келаткан түрү бар. Падышалуу калың журт экен. Казактын кичи жүз, орто жүз уруулары, ал
эмес улуу жүздүн кээ бир султандары да орус букаралыгына өтүп алышыптыр дейт. Угуп
турабыз орус букарасы болгон казактар жамандык көрбөгөнүн, мына Байсылда абсий тирүү
күбө, — деп Боронбай бий дөңдөгү кадырмандардын четинде көзүн кыбыңдата сөз тыңшап
кытмыр отурган, соодагер кейпинде жүргөн орус тыңчысы Файзулла Ногаевди көрсөттү. —
Мына, айтып отурат абсий, — деп сөзүн улады: — Аблай хандын уулу Уалы хандын жана
башка казак султандарынын небере-уулдары Битирбор, Маскөөдөн, Омбудан окуп, билим
алышып, орус төрөлөрү менен теңме-тең жүрүшөт экен. Уалы хандын жесири Айганым
байбичеге эки кабат ак сарай там салып берип, жылына жүз күмүш теңге маяна берип турат
дейт. Көчмөн казактар орустун окуусун окуп, өнөрүн үйрөнүп жаман болушпаптыр, — деди
да, айткандарым жагып атабы дегендей, эки тарабына көз кырын жибере, сөзүн дагы улады.
— Менин баамымда орустардан опа көрөбүзбү деп ойлойм, — деп оюн толук айта албай,
ордуна отурду Боронбай бий.
— Бий орустар жөнүндө айткандарыңыз кызык экен. Бирок аларың букараларына доңуздун
этин жедирип, чокунтат дейт го, — деди жыйын башы Ажыбек бий.
— Кимдир бирөөлөрдү зорлап чокунтканыны көргөнүм тугул, — деп сөзгө кыпчылды
Файзулла Ногаев.
— Мен дагы кеп айтайын, — деп калдая ордунан турду бүркүт кабак, алагар көз, мурду
коңкогой, эрди түйрүк, жээрде сакалы төшүн жаба, муруту калкая кулактарына жеткен, боз
пиязы чепкен, эндей калпак кийген саяк Кожоберди. — Орусуңду билбейм, Коконду
билгеним бар. Тайлак баатыр өлгөнү алар эсирип турушкан. Биз улам желин чыгарып
турчубуз. Ормон баатыр да ошентти. Кокондун пейли бизге башынан түз эмес экен го. Ана,
көрөлүчү. Мындан көп жылдар илгери Эшкожо, Канай бийлерди Олуя-Атада коргонго
камаган эмеспи. Мына ошондо, эсеби мына бийдин көзү турат, — деп Ныязбекти карай сөзүн
улады. Тайлак баатырды кол башы кылып өзүбүзчө биригели деген сөз болгон. Тайлак
баатыр о дүйнө кетти. Ага Кокондун кесири тийди деп ойлойбуз. Кокондон жакшылык жок,
жана Ормон баатыр айтты го. Ырас айтты, «жоо келсе найза алып тосоор алыбыз барбы» деп
дурус айтты. Тоссо тособуз. Эгин эгип, шариат угалы, өз алдыбызча биригип түтүн булаталы
деп, бар сөз. Баса чин кытайдан да жакшылык жок. Аларды да Тайлак баатыр, Атантай экөө
чээндерине киргизбеди беле, — деп ордуна отурду.
— Калайык-калктын келечеги жөнүндө сөз болгону туура болду, аты уйкашым, — деп
курултай башы Ажыбекке кайрылган болуп сөзүн улады саруу Алчикен уулу Ажыбек датка.
— Боронбай бий, Кожоберди баатырлар орус жөнүндө, Кокон жөнүндө айтышты. Ооба
ошондой, Кокондун үстүнө түн түшүп турат. Нарбото бий көтөргөн ордонун келечеги кандай
болору күүгүмдөп турган кез. Мына, Алымбек даткага белгилүү, Коконго Ыбырайым Хаял
дегенди башчы койду Насрулла эмир. Кудай билбесе, айтуу кыйын. Албетте Кокон жакшы
болсо, динибиз бирге, дилибиз бирге — бизге жаман болбойт эле. Кокондо мактоого арзыбай
турган иштер болгону ырас. Ал Аллах таала амиринен тайыгандардын иши эле. Аларды
Кудай өзү жазалап туру го. Дин ислам үчүн биз мусулман пенделери бир болсок, Кудай акы,
жакшы болот эле го. Бирок абал өтө кыйчалыштап кетти. Ар ким өз арбайын өзү соккону
дурус болгону турат. Мурдагы жылы ордодон хан вакили Бишкекке келип, Ормон баатырга
ордонун жогорку бийлик наамы парваначы ченин тапшыргандан кийин, Жантай, Жангарач,
Ормон баатырлар болуп масилет курганбыз. Мына бүгүн аман-эсен дидарлашып, ошол
масилетти ортого салганыбыз оң.
— Эми бир бирден айтсак, орус жайын Боронбай бий айтты — орус букарасы болгондор
жыргап жатышыптыр деп. Биз да кабардарбыз, жыргаганынан жылас болгону арбын
Хан Ормон
экендиги боолголонот. Кичүү жүз казактары Абылкайыр хандын тушунан бери орус
букарасы болушкан. Аблай хан тукуму, төрө султандар жыргап атышы ыктымал. Бирок казак
жерине ичкериден мужуктарын көчүрүп келип, асылдуу жерлерге отурукташтырып,
жергиликтүү элди мекенинен сүрүп чыгарып, мужуктарын коргоо үчүн чептерди куруп
атканын угабыз. Бий, сиздин ногоюңуз кимдин сөзүн сүйлөп турганын Кудай өзү билет, —
деп Боронбайды карай сөзүн улады Ажыбек датка. — Ушундан улам, орустар казактарды
жыргатуу үчүн жылып келатпаса керек деп ойлоого болот. Акыры орус падышасы кыргыз
жерин да көз жаздымында калтырбасын бөркүңүздөй көрүңүз. Бул боло турган иш. Казактар
да орус кысымына чыдабай, Аблай хан небереси султан Кенесарыны хан көтөрүп, өзүбүзчө
күн көрөбүз деп орустар менен согушуп атат деп угабыз. Согушкандын жүзүн Кудайым ары
кылсын деңизчи, ошентсе да өз боюңа сак бол, коңшуңду кас тутпа дегендей, өз камыбызды
өзүбүз көрүп, өз корообузду өзүбүз кайтарганыбыз оң. Ушул жөнүндө Ормон баатырдын
өткөн курултайда айткан кайраттуу сөздөрү дайыма менин жадымда. Кайрат кыла бел
байлап, «тобокел Алла» дечү кез келип турат калайык. Ынтымак күтүп биригип, бир жакадан
баш, бир жеңден кол чыгаралы. Ой калчап, акыл токтотолу. Менин баамымда кыргызда элге
туу болуучу уул бар, сөз угалы, бар бололу, бир бололу, — деп сөзүн аяктап ордуна отурду
датка.
— Улгайса да сөздөрү таасын.
— Сөөгү тунук киши да.
— Калк камы үчүн күйүп турбайбы.
— Коконго да жаны ачып турат го, — деген кобур-күбүргө аралаш ордунан турган Жангарач
бий:
— Жыйын башы баатыр Ажыке, урматтуу бийлер, даткалар, жалпы калайык. Кудаа кааласа,
Иншалла, бүгүн жакшы сөздөрдү угуп турабыз. Эмесе кепке кошулууну мен да эп көрүп
турамын. Чүй боору казак туугандар менен танапташпыз. Ордодон да кабардарбыз. Орус
жайынан да оңдон имиштер келип турат. Эли-журтубуздун келечек тагдыры жөнүндөгү
акылман бийлердин сөздөрүнө кулак төшөп отурдум. Ойлоп көрсөк чынында жагдай оор,
устаранын мизинде оошуп тургансыйт. Эч кимден кыргызга келүүчү ырайым туюлбайт.
Аллахи таала алдындагы биримдигибиз мусулманчылык эле. Уктуңуздар го, Ислам тиреги
болуучу Кокондун абалын. Орусия болсо казакты жапырып берилеп келатат. Орустар
билимге жакын эл. Алардан көп нерсени үйрөнүүгө болор эле. Бирок алар казак, кыргызга
өнөр-билим үйрөтөйүн деп келаткан жок, аларды жер-суу байлыгы кызыктырарын казак
окуялары айтып турбайбы. Датка акебиз айтпадыбы казактын асылдуу жерлерине
мужуктарын көчүрүп келип атканы жөнүндө. Чокундурганга да көңүлдөрү бар сыяктанат.
Ушундай деп угабыз. Өткөн жылы Алаш хандын Кара-Кенгирдеги бейитинде үч жүздүн
өкүлдөрү чогулуп, султан Кенесарыны хан көтөрүштү деп укканбыз. Кенесары хан
казактардын өз алдынча хандыгын түзөм деп үч жылдан бери орус аскерлери менен согушуп
турат деген кабар бар. Эл ынтымагы болбосо кыйын экен да. Ошол эле Аблай хан насили Уали
хандын балдары, Абылкайыр тукуму, Самек Бөкөйдүн уулдары орус букарасы болууну
жактап, Кенесары менен согушкан орустар жагында турушат. Алар Кенесарынын келишпес
душманыбыз дешет. Казак эли ичинен жиктелип душмандашууда. Кенесары султан өзүнө
баш ийбеген казак айылдарын чаап, өрттөп, өз элине кыргын салып турат дейт. Мусулман
бирдигин да сыйлачудай эмес. Азыркы Кокон ордосундагы маанайдын пастыгынан
пайдалангысы келген Кенесары Кыйва ханы Аллакул менен жашыруун сүйлөшүп, анын
душманы Букарага каршы согушууга убада берген имиш. Бир таяк менен эки коён чапкысы
келген Кенесары азыр Сыр-Дарыя боюндагы казактарды өзүнө кошуп алуу үчүн айласы
кетип турган Коконго каршы согуш ачыптыр. Ушул кезде Кокондун Ак-Мечит, Жаңы-Коргон,
Жөлөк чептерин басып алып, Сөзөктү камалап жаткан кези деп угабыз. Ушинтип алтоо ала
болуп турганда, мусулман биримдигин ойлогон киши жок сыяктуу көрүнөт экен. Келечек
баамдалбай турат, иши оңолсо да, оңолбосо да Кенесары хан кыргызга тынчтык бербейт го
деп ойлоймун. Өзүнүн казагын аябаган киши кыргызды аяйбы? Эмесе кеч боло электе өз
камыбызды өзүбүз көргөнүбүз оң болуп турат. Биз да уюткулуу элбиз. Биздин айылдагы
масилетте Ажыбек датка, Дуулат, Жантай бий, Ормон баатыр болуп эл тагдыры, урпактардын
келечеги жөнүндө ой бөлүшкөнбүз. Көчүп-коно, мал менен күн көрүүдөбүз. Мал дегениң
ышкырса жуттуку, айкырса жоонуку экен. Эгинканалуу асыл жерлер ээн жатат. Жатакта
калып эгин эгип, дыйканчылык эткендерди «ороочу» деп жериген болобуз, кайра күзүндө
келип ошолордон эгин сурайбыз. Бир беткей болсок, мүмкүн болушунча кыштоолорду, айыл101
Хан Ормон
айылды чогултуп, түзгө эгинканалуу жерлерге жакындатсак, ар ким жок дегенде өз малына
жем-чөптү өзү камдап алганга үйрөнсө деп масилет курганбыз, мечит, медресе курдуруп,
балдарды окуталы дегенбиз. Акыры биргелешип бир кишини туу туталы дегенбиз. Менин
оюм, бул иштерди жолго салуу үчүн биз да хан көтөрүп, өз алдыбызча бир эл болууга
тийишпиз. Чеп курулгандан бери Чүйгө сарттар келип, жер ээлей башташты. Албетте бир
тууган элбиз — каршылык жок, бирок ошолор менен ымала күтө өзүбүз да жер
тырмалаганды үйрөнбөсөк, орус келсе тоо-таштын арасында калабызбы деп чочулаймын.
Мына ушул жагдай жөнүндө да сүйлөшкөнбүз Ормон баатыр болуп. Биримдик күтүп, бир
жакадан баш чыгарсак деген ой бүгүн келип бизди кыргызга хан күтүү зарылдыгына такап
отурат. Көптүн оюн угалы. Бир пикирге келсек кыргызга хан болуучу кишинин атын мен
айтамын, — деп Жангарач бий сөзүн бүткөндө:
— Баракелде, жакшы айтты.
— Айтса айтпаса төгүнбү, мал ышкырса жуттуку, айкырса жоонуку экени.
— Капырай, Букар Коконду чапса, Кыйва Букарды чапса, мусулман эли кайда барат.
— Кенесары өз элин да, өзгөнү да чапса...
— «Кайда барсаң Мамайдын көрү» деген ошол. — Уу-дуу кобур-собур көлдөй кылкылдаган
жыйын ичин ээлеп турду. Бир тыным өтө бийлердин катарынан он тогуз жашында элине баш
болгон, өткүр жана чечен жетиген Медербек бий ордунан турду. Отузду оё барып калган,
шыңга бойлуу, субагай кызыл жүздүү, кыргый кабак, кырдач мурун, сурмалуу кара
көздөрүнөн акыл учкуну жанган, чокчо кара сакалы, сыйда муруту сыпаа серпилген, көк
кыюулуу ак калпагын көтөрө кийип, кара нооту кемселине күмүш кемер курчанган
салабаттуу киши көрүнгөндө:
— Жетиген Медербек чечен чыкты.
— Өткүр, тайманбаган эр дейт.
— Ошол үчүн Канай бийге акарат көрсөткөн да, — деген кобур аралады эл ичин. Кобурдун
өзүнчө жөнү бар. Он тогузга чыгып-чыкпай Таласта айтылуу Бүргө бий менен уруу намысын
талашып, ынтымакташа албай, Чүйгө солто Канай бийге келип жер сурап алып, эл болуп
турганда, бир жыйында Канай бий «кушчуларга батпай келген жетигендерди биз батырып
турабыз» деп колко кыла сүйлөйт. Он тогуздагы Медербек жалтанбай ордунан туруп:
Колко кылган бирөөдөн аш жебеймин,
Тең талашып кармашсам муш жебеймин.
Атаным бар, төөм бар — көчсөм элге жетемин,
Кетменим бар, чотум бар, чапсам сууга жетемин,
— деп Канай бийге сес көрсөтүп, эртеси эле элин көчүрүп, Ормон тарапка ооп кеткени эл
ичинде аңыздала айтылып келатат. Тайманбаган жүйөөлүү калыстыгы эл ичинде кадырбарк туттуруп турат.
— Кадырлуу курултай башы ак сакал, урматтуу бийлер, калдайган калың эл, — деп шаңк
эткен бийик үн элдин назарын өзгөчө бурду. — Учуру бышып жетилген керектүү кептерди
угуп курсант болуп турабыз. Учуру келип турганда бир жаңсыл кылбаса иш өтүп кетет, аягы
өкүнүч болуп калышы мүмкүн. Эл болуп биригүүнүн ич жана тыш жактары бар. Мен ич
жагынан кеп баштайын деп турамын. Менин оюмча уруу-уруу болуп бөлүнө бири-биринен
өйдөсүнгөн маңги намыс кыргыздын кендирин кесип, бириктирбей турат. Атпай кыргыз бир
атанын балдарыбыз. Тиричилик шартына жараша ар кайда көчүп-коно жашасак да түбүбүз
бир. «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат» деген акылман осуят ата-бабаларыбыздан
бери келатат. «Бир үйдүн мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, бир уруунун
кайгысы бүткүл кыргыздын кайгысы эмеспи. Бир уруу экинчисин чаап мөгдөткөнүн койсо.
Болор болбос иш үчүн бир уруу экинчисин кызыл уук кылып чаап, кан төгүп, жаш төгүп
турган учурлар канча. Мындай каргашалуу окуяларга өзүбүз күбө болуп жүрбөйбүзбү?
Туугандар ойлонолучу. Ушул бойдон бири-бирибизди чаап алып, бирикпей жүрө берсек,
акыры күчтүү элдердин ирегесинде калабыз го деп корком. «Алтоо ала болсо, алдыдагы
кетет, төртөө түгөл болсо төбөдөгү келет» деген бабалардын осуятын туу тутуп, бириксек деп
ойлоймун. Мунун айласын ушул курултайда тапканы турабыз. Эл жүгүн аркалап, караңгыда
жол табуучу, карайлап турганда акыл табуучу, кайраттуу билерман эрди туу тутуп, өзүбүзчө
ордо күтпөйлүбү. Ордого туу болуучу айкөл акылман уул элибизде бар. Учуру келсе мен да
анын атын айтамын. Ажыбек, Жангарач бийлерди түйшөлткөн ойлор элди дыйканчылыкка
аралаштыруу, кыштоолорду болушунча топтоштуруп, эгинканалуу жерлерге жакындатуу,
Хан Ормон
коңшу элдер менен алакалаш болуп өнөр-билим үйрөнүү жөнүндө акылдуу ойлор айтылды.
Аларды ишке ашыруунун жолу — биригүү, башка жол жок, — деп сөзүн бүттү Медербек бий.
— Бали, чечен экен.
— Жаштайынан көй кашка чыккан эр, - деген үнгө удаа бийлердин катарынан
сарыбагыштын тынай уругунун билерманы Карабектин Жантайы сөз алды:
— Кудай кааласа ар бирибиздин көңүлүбүздө багып жүргөн ойлорубуз ортого салынып
жатат. Илгерки ата-бабаларыбыздын мурасын улап, өз алдыбызча түндүк көтөрүп, кыргыз
болуп түтүн булата турган кез келип турат. Медербек бий айткандай, учуру келгенде
иштелбеген иш айрандап калат. Карап көрсөк, мен Жангарач бийдин сөздөрүн
кайталоочудай болуп турам. Дин ислам тиректери болуучу Букара Коконду чаап алса, Кыйва
Букараны чаап алганы казак ханы Кенесары менен кутум түзүп жатса мусулмандардын
айласы түгөнгөнү турат го. Кенесары өз казагын бириктире албай элинин канын төгүп
турганы аз келгенсип, Кокон менен Букаранын ортосуна шынаа урганы бул кишиден
жакшылык күтүү кыйын го деген ойго салат. Жангарач айткандай, ал бул тейи менен эртебикечпи кыргызга чабуул салуусу ыктымал экенинен кабар берип турат го. Кокондун абалы бул
болсо, Кытай да бекер отурган жок — ал да бери ыктытып турат. Көргүлөчү, кандай абалда
турабыз?! Мен көптөн бери ойлоп жүрөмүн, өзүбүзчө бийлик күтүп, колго курал алып,
ирегебизди коргойлу, жерибизге ээ болуп, там салалы, бак тигели, малыбызды да багалы,
эгин да эгели. Катуу жаза колдонуп, ууру-кескилердин жолун бууйлу. Шариат тутуп,
тазаралы, билим алып агаралы, өнөр үйрөнүп, алга жылалы деп. Ормон баатыр да ушундай
ойдо. Биз экөөбүз көп сүйлөшөбүз. Медербек айткандай, ушул иштердин башында туруп,
кыргызга туу болор эр бар. Бир бүтүмгө келсек аны мен да айтамын, — деп сөзүн бүттү.
— Кантсе да Атаке баатырдын насили да, таамай сөздөрдү айтты.
— Эл камын ойлогон эр да, — деген үндөр угулду...
Курултай башы Ажыбек бий:
— Иншалла, жакшы санаалуу ойлор ортого салынып турат. Эми көптү көргөн көсөм Миназар
бийди угалы, — дегенде, жашы улгайса да эр сымбаты кете элек, орто бойлуу, кең далылуу,
кызыл чийкил чап жаак, кабагы бийик, куш мурун, көк ала сакалы жайкалган, эндей кийиз
калпакчан, боз пиязы чепкенинин ичинен кийген кара нооту кемселине ак мата кур
курчанган, салабаттуу карыя ордунан турду.
— Эртеден бери айтылган сөздөрдү мен да кыбам кана угуп отурамын. Калайык-калктын
бүгүнкүсү, эртеңкиси, урпактардын келечеги менин да тынчымды алып жүрчү эле.
Калмактардан кутулганыбыз менен бир четибиз чиндерге, бир четибиз сарттарга, бир
четибиз орустарга ооп кетчүдөй болуп турабы деп чочуймун. Кенесары хан да, бийлер
айткандай, эртеби-кечпи кыргыздын кыйырын басып келүүчүдөй го, орус менен
кармашканын бүтө албай туруп, Коконго кол салышы ушул жагдайдан кабар берип турабы
деп ойлоймун. Жоо жакадан, бөрү этектен алып тургандай абалдабыз. Ормон баатыр
айткандай, кылычын алып жоо келсе шамыян кайтарар алыбыз барбы? Алсызбыз, анткени
биримдигибиз жок. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» дегендей, орой көз чарай
отурганда көзгө эле айтышалы. Көзү жок көгөн, башы жок бака сыяктуу эле абалдабыз.
Медербек туура айтты. Кыйратып койгонсуп бирибизди-бирибиз чаап алабыз. Өзүбүздүн
жилигибизди өзүбүз чагып отурбайбызбы, туугандар. Ата-баба бизге мураска биримдикти
калтырбады беле. Байыркы ата-бабалардын ынтымакты туу тутуп, уюткусун коргогонунан
бир мисал келтирейин. Ордо оюнун алалычы: тегерете чийилген чийин эл чеги, ортосунда
кут болуп хан жатат. Элин коргогон эки тарап элестейт. Ханды ордодон черттирип жиберген
тарап жеңилет. Ойлоп көрсөк бул ата-бабанын: “элиңерди коргой билгиле” деген мурасы
тура. Бул осуят бизде азырынча оюн боюнча гана калды, — дегенде эл ичинен:
— Оо, капырай, ойго келбеген таасын сөздү айтты.
— Ошол үчүн Миназар көсөм дешет да, — деген үндөргө аралаш бий сөзүн улады.
— Оюнду хан күткөнсүп ойнойбуз. Жашоодо бытырап өзү башпыз. Үй ээсине баш ийбесе үйбүлөөдө ырыс болобу. Бир мыйзамды тутуп, бирөөгө баш ийбес элде ырыс болобу, биримдик
күч, журт уюткусу болобу. Мен жоруптабай так эле айтайын, хан көтөрүп, шариат жолунда
мыйзам тутпасак бир бүтүн эл боло албайбыз. Баары үчүн милдеттүү мыйзамдар керек.
Алык-салык, жаза-айып баары акыл ченеминде болуу керек. Жети өлчөп бир кесип, качырата
катуу кармоочу кол, акылга жуурулган ак албарстай курч кайрат керек. Ушул сапаттарга ээ
кайраттуу адам бар деп айтышпадыбы алдыда кеп урган бийлер. Андай кишини мен да көрүп
турамын, — деп сөзүн аяктады.
Хан Ормон
— Жарыктык кимди айтат?
— Ормон баатырды айтат го.
— Анда жөнү бар.
— Боронбайчы?
— Жок, ал киши оомараак деп угабыз, — деген сөздөргө аралаш бий ордуна отурду. Эл
ичинде уу-дуу басаңдай түшкөндө курултай башы черик Ажыбек бий:
— Алыскы Анжиян, Алайдан атайы ат арытып келген, Кокон ордосунда овозгер вазийпасын
туткан айтылуу Алымбек датканын сөзү биздин курултайга өтө лаазим болуп турат, — деп
оң жагында ойлуу отурган сыйлуу конокту карады. Эр ортонунда, бою да, ою да толукшуп
турган буудай өңдүү, тегерек жүздүү, бийик кабак, үрпөгөйүрөөк кара каш алдындагы
бакыракай сурмалуу көзүнө акыл уюган кырдач мурун, эриндери калыңыраак, сыпаа
серпилген сыйда сакал-муруту чырайына төп келген, төбөлүү ак алпак, ак суп чепкен
ичиндеги тик жакалуу кара кемселине күмүш кемер курчанган Алымбек датка ордунан тура:
— Ассалоому алейкум, Ала-Тоо, Арка жергесиндеги боорлош туугандар, алыскы Алай,
Баргана, Анжиян чөлкөмүндөгү туугандардан салам дуба алып келдик. Биз бүгүн жуда
курсант болуп турбуз. Бүгүнкү жами кыргыз үчүн маанилүү курултай жыйынга бизди
атайылап чакырган Ормон баатырга, жана жами Ала-Тоо, Арка билермандарына ыраазылык
билдиребиз. Башыбыз Чүй, аягыбыз Алай болсо да жами кыргыз жөнү бир. Жашоо
тиричилигибиз, алдыда күткөн максатыбыз бир. Ушул азыр жами Түркстан эли башынан
кыйын кезең күндөрдү өткөрүп туру. Айтып өтүштү го акылман бийлер, Түркстан
чөлкөмүндөгү үч мусулман хандыгы Букара, Кыйва, Кокон бири-бирине душман болуп турат.
Букара Кокон хандыгын кулатып бийликти убактылуу колуна алып турат. Түн жактан орус
жылып келатат. Казак туугандарды түшүнүү кыйын. Кенесары султан орус менен эле
согушпастан өз элине да кол салып, анысы аз келгенсип, Кокон жергесин басып кирип СырДарыя боюндагы айрым чептерди ээлеп турат. Мына ушундай оор абалда кыргыз эли да өз
аргасын издегени оң. Жашырганда эмне, Нарбото бий көтөргөн ордого ишенимибиз чоң эле.
Акыры дин мусулман Түрк насили бир болобузбу деген ойдо жүрчү элек. Эми ордо башсыз,
Букаранын тепсендисинде турат, келечеги күүгүм. Алтын бешик мураскорлорунан баш
көтөргөндөрү бар. Бирок азыр болжоо кыйын. Ошондуктан кыргыз эли өз тагдырын өз
колуна алганы дурус. Эртеден берки айтылган сөздөргө көңүлүм уюп турат. Миназар бий
таамай айтты хан ордосу жөнүндө. Иншалла, Кыргыз ордосу болсун. Арабыз алыс болсо да,
тилегибиз бир. Эми акыркы сөз, масилетте бийлер хан ордосу көтөрүлсө, хандын бийик
вазыйпасын аткарар акылман, кайраттуу көсөм киши арабызда бар дешти, бүтүм болсо
ысмын айтабыз дешти. Мени кечиргейсиздер, алыстан арзып келген укугумду колко этип,
оюмду айтайын, андай эрди мен да көрүп турамын. Балким ойлорубуз, Иншалла, бир чыгып
калар. Ормон баатыр Ныязбек уулу кыргызга хан болуучу эр, — деп сөзүн бүткөндө, эл
ичинен:
— Айтпадым беле Ормон деп.
— Өзүн хан болуп бер десечи?
— Кайдагы, Алайдан көчүп келмекби.
— Ормонду туура айтты.
— Башка киши да бар, — деген үндөргө удаа курултай башы Ажыбек бий:
— Оо, калайык, Кудай алдында эл мүдөөсү козголуп, келечек жөнүндө олуттуу кеп болуп
туру. Атпай кыргыздын жүгүн көтөрүп жүргөн лөктөр ойлорун ортого салышты. Эми менин
баамымда Калыгул акылмандын оюн уксак, — деди. Сарт акеден кийин Ныязбек бийдин оң
жагында сөзгө кулак төшөй ойлуу отурган, таасын ой, нускалуу сөздүн ээси катары оң-солго
таанымал Калыгул Бай уулу ордунан тура, сакалын сылай, тунжурап, жыйынга көз чаптырып
турду да:
— Алла тааланын ырайымы алдында бар болгула калайык, башыңар бүтүн, бооруңар эсен
болсун, — деп демин бир жыя сөз улады. — Замана которулуп, салт-санаа өзгөрүүчү кыйын
кезеңде турабыз. Мезгил учат закымдап, биз билбеген өнөрлүү заман келет такымдап.
Байыртадан көрөңгөсүн сактап келаткан азгантай элбиз. Мына эми тобокел Алла деп заман
толкунуна туруштук берүүнүн камында бололу. Дин ислам, Атпай түрк биримдигине доо
кетип турганын айтышты. Казак туугандар жөнүндө да айтылды. Мен кайталап отурбайын,
айтышпадыбы — абал өтө оор. Орус жөнүндө айтарым, өнөр-билимдүү калың эл экен, ымала
болсо элге өнөр-билим жугар беле. Бирок азгантай элдин тили, дилине, динине күч келер
дейм. Келечек бүдөмүктөп, даана болгоолонбой турат. Кандай болсо да Аллага тобокел деп
Хан Ормон
кыргыз өз тизгинин өзү кармар кез келип турат. Бул жөнүндө акылман бийлердин сөздөрү
орундуу. Алымбек баатыр туугандык жакшы санаасын билдирди.
Ырыс алды - ынтымак. Ынтымагың болбосо,
Алдынан таяр Алтын так,
— деп сөзүн бүтүрө ордуна отурду акылман.
— Бали, акылмандын сөздөрү кандай орундуу.
— Бар сөздөр го.
— Олуя да.
— Айтса, айтпаса төгүнбү, ынтымак болбосо ырыс качат да, — деген колдоо сөздөр угулуп
турду. Курултай төрүндө отургандардын баарынан жашы улуу айтылуу акылман Сарт аке
Ажыбек бийге бурулуп бир нече сөз айтып, күлө бага ордунан турду. Жашы жүзгө таяса да
карыя сымбаттуу да, кайраттуу да көрүнөт. Ак суп чепкенчен, башында төбөсү учтуу тепчиме
ак топу, жазы маңдай, өскүлөң ак каштуу, курчу кайта баштаган сурмалуу көзү ойлуу
тунжурайт, сыпаа серпилген ак сакалы төшүн жаба жайкалат.
— Бар болгула, калайык, мен жашымдын улуулугун колко кылып, курултай башыдан
уруксатсыз сүйлөйүн дедим, — деп күлдү да, — андай эмес, башсыз иш жылбайт эмеспи,
Ажыбек баатыр уруксат берди, — деп сөзүн улады. Оо, мындан көп жыл илгери Ныязбек
бийдин үйүндө сый үстүндөгү субхатта жаңыдан эл аралап келаткан Ормондун «кайтарыксыз
үйүрдү бөрү бөлөт, ууру алат* — деп капыя айткан сөздөрү жадымда жүрөт. Ордо күткөн эл
элек, азыр Миназар бий айткандай, дөөлөтүбүз ордо оюнубузда гана калды. Элибиз чачырап
ээсиз турат. Алыскы Энесай, Алтайды, Манас доорун айтпаганда, Бабабыз Тагай бийдин
тушунда эле кыргыз ордосу өйдөкү Барскоондо турган экен. Желдей сызып, кумдай куюла
жылдар өттү. Тагдырдын оош-кыйышы, Алла тааланын жазуусу экен ордо бузулуп, эл
чачыраганына көп болду. Ар иштин бышып жетилген убагы болот. Учур өтүп кетсе, иш
айрандап, өкүнүп калышыбыз ыктымал. Калыгул айткандай, заман өзгөргөнү турганы го.
Кандайча өзгөрөрүн бир Кудай өзү билет. Не болсо да ушул кыйын кезеңде биригип, баш
кошуп бирге бололу. Узун сөздүн кыскасы, келечекте өсүүнүн нускасы. Жараткан Алла
таалага сыйынып, хан ордосун көтөрөлү. «Аллохи Акбар», — деп касиеттүү карыя алакан
жайганда, «Аллоху Акбар» деген курултай толкуну аба жарды. Батадан кийин ак селдечен
молдо Курани каримден узун сүрөө окуп, фатва жасады, курултай төрүнө ак айчыктуу кызыл
туу көтөрүлдү, сурнай үнү бапылдап, Кыргыз коомунда улуу бурулуш болгонунан кабар бере,
элдин жан туюмун дүрбөтүп турду. Сурнай үнү басыла, курултай башы Ажыбек:
— Алхамдулиллахи шүгүр, Алла тааланын атынан Курани каримден фатва түшүрүлдү.
Кыргыз хандыгы жөнүндө эл вакилдери курултай батасы менен бүтүм болду. Эми хан
көтөрүү ырасмиси калды. Ага Кудай буюрса эртең киришели. Бүгүн конок үйлөрдөн сый
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 15
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.