Latin

Хан Ормон - 01

Total number of words is 3562
Total number of unique words is 2357
23.5 of words are in the 2000 most common words
35.4 of words are in the 5000 most common words
42.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
«Хан Ормон» — тарыхый роман. Ал 19-кылымда бир тараптан Кокон хандыгы, бир тараптан
Цинь империясы, дагы бир тараптан Орус падышачылыгы географиялык жайланышы
жагынан стратегиялык мааниси чоң, бирок бирдиктүү мамлекети жок, уруу-уруу болуп
бытыранды жашаган Кыргызстандын жерине көз артып, кысымга ала баштаган кыйын
кезеңин баяндайт. Роман Ормон хан башында турган түндүк кыргыздарынын өзүнче
мамлекет болуп, көз карандысыздыгын сактоого жасаган аракетин чагылдырат.

 

ЭСКЕРТМЕЛЕР

  1. «Акең сарыбагыш» — өткөн кылымда сарыбагыш уруусу көп да, күчтүү до болуп, «манап тукуму» эсептелгенден улам «акең сарыбагыш» деп көтөрмөлөп айтылган сөз түндүк кыргыз уруулары арасында лакап катары тарап кеткен. (Мындан аркы түшүндүрмөлөр автордуку — М.Т.).

  2. Талкуу — алашем кезинде жыгачтын ийрисин түзөтүүчү аспап.

  3. Агантай — ар. Хатимтайн — «Кысас» китебинде айтылган, жоомарт киши.

  4. Омбу — Омск, Батыш-Сибирь губерниясынын борбору. Ныязбек бий кыргыз делегациясы менен барып генерал-губернаторго жолуккан. П.А. Словцов «Историческое обозрение Сибири» 1897 г. II кн. стр. 310—314.

  5. Битирбор — Петербургду илгери кыргыздар ушундай аташкан.

  6. 1517-ж. могол өкүмдары Султан Сейит Тагай бийди кармап «Ардактуу Туткун» катары ак үйү менен ордосунда күткөн. Санжырада Тагай бий «Ак үйлүү турганда» деген сөз ошондон калган.

  7. 1517-ж. могол өкүмдары Султан Сейит Тагай бийди кармап «Ардактуу Туткун» катары ак үйү менен ордосунда күткөн. Санжырада Тагай бий «Ак үйлүү турганда» деген сөз ошондон калган.

  8. Чалыяр — ча р — пайгамбардын төрт досу — Абубакир, Омор, Осмон, Аалы.

  9. Ханыша айым — Оморхандын жесири, Мадали хан өгөй эне менен никелешип алган.

  10. Индиянын күмүш тыйыны — рупий.

  11. Мекү — булгарыдан, же кайыштан бүйрүй жасалган жеңил кийим.

  12. Капал — азыркы Талды Коргон.

  13. Ысык үй — түндүк кыргыздар топурактан, кыштан, же жыгачтан салынган алгачкы үйлөрдү ушинтип аташкан.

  14. Кетирмавдс* — «контрамарканын* бузулуп айтылышы, ошого окшош ичинде 2 — 3 бөлүгү бар калың темирден жасалган меш.

  15. Узун сары — жазгы үзүмчүлүк мезгил.

  16. Жаман ооз — «тыңчы» деген мааниде.

  17. ЦГА Республики Казахстан, ф. 347, оп. 1. Дело 2920. л. 205.

  18. ЦГА Республики Казахстан ф. 10374. оп.1. Дело 1770 л.5. об.

  19. Сирия мамлекетинин борбору Дамаск.

  20. ЦГА Республики Казахстан, фонд 374, оп.1. Дело 1921, л. 4. об.

  21. ЦГА Республики Казахстан, ф. 374, оп 1. Дело 2020. л. 55 — 56.

  22. ЦГА Республики Казахстан, фонд 374. Дело 1669, л. 112 —

  23. АВПР фонд главарх. 1 — 7, 1844 — 1863. Дело № 1, л. 1823.

  24. Князь Горчаков — генералгубернатор.

  25. Нгтербург

  26. ЦГА Республики Казахстан, фонд 374, оп. 1. Дело 2920, л. 40 — 41.

  27. ЦГА Республики Казахстан. Фонд 374, оп. 1. Дело 2920, л. 5 — 6.

  28. ЦГА Республики Казахстан, ф.374, оп.1. Дело 2020, л. 55 56.

  29. Белек Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы, 1990. Бишкек, 866.

  30. Кожо Ахмед Ясави.

  31. Майит (араб.) — өлгөн киши

  32. От майы. Жайыт акысы.

  33. Ай туяк — батага ак боз бээ чалуу.

  34. Айдын жаңырарына 4 күн калганда (ай эсебинде «айдын төрт эскиси» деп коюлат).

  35. Кысырак — асый чыкма субай бээ. Словцов П. А. Историческое обозрение Сибири. 1897 г. II кн. стр. 310 — 314.

  36. Таучибек чеби — Алматыдан 35 чакырым алыс турган Кокон чеби. Казак бийи Таучибектин атында болгон.

  37. Козу көчүндөп - жай, шашылбай деген мааниде.

  38. Иманов Акеш. Сарт аке . I бөлүм, Каракол. 1997.

  39. ЦГА Республики Казахстан, фонд 3, оп. 1. Дело 3. л. 3. об.

  40. Чокон — ордодо уттуруп аткан тараптын оюнчуларынын бирден гана атар кезеги.

  41. Белек Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 2-китеп, 19 — 20 беттер. Бишкек, 1993 ж.

  42. Кашкарча — сый сырт кийим.

  43. Жасанат — өлүк, сөөк деген мааниде.

  44. Согушта Ормон хандын көчмө ордосу турган сеңир.

  45. Ормон хандын тактикалык айла-амалдары.

  46. ЦГА Республики Казакстан, фонд 3. оп. 1. Дело 348, л. 5 — 6

  47. Алдаш молдо. Ормон Балбай чабышы. Бишкек, 1993.

  48. Волость

  49. Генерал-майор Вишневскийдин Ормон Ныязбек уулуна жиберген каты. ЦГА Республики Казахстан. фонд 374, оп. I. Дело 2020, л.55 — 56.

  50. П. П. СеменовТянъШанъский. Путешествие в ТяньШань в 1856 — 1857 годы. Москва. ОГИЗ, 1948, стр. 187. 51

  51. Ормон хан жөнүндө архивдик материалдардан кыскартылып алынды. Орфографиясы ошол бойдон сакталды. (Ред. — М. Т.) 52

  52. [*] Көн – колго ийленген булгаары [‡] Шам — Дамаск шаары. [†] Кудаланган кыз башкага кетип калса, атасы тартуучу айып.


АЙ АТТАРЫ

  • 1. Жалган куран — февраль — март

  • 2. Чын куран — март — апрель

  • 3. Бугу — апрель — май

  • 4. Кулжа — май — июнь

  • 5. Теке — июнь — июль

  • 6. Баш оона — июль — август

  • 7. Аяк оона — август — сентябрь

  • 8. Тогуздун айы — сентябрь — октябрь

  • 9. Жетинин айы — октябрь — ноябрь

  • 10. Бештин айы — ноябрь — декабрь

  • 11. Үчтүн айы — декабрь — январь

  • 12. Бирдин айы — январь — февраль.


АВТОРДОН
Убагында СССР тарыхына топук кылып, өз тарыхыбыз жөнүндө кабатырланчу
эмеспиз. Кабатырланган күндө да колубуздан эч нерсе келмек эмес — ал кезде ошондой эле.
Көп жеринен учугу үзүлгөн кыргыз тарыхы саясий конъюнктуранын алкагынан чыга алган
эмес. Коом өзгөрүп, ар ким өз оюн кылчактабай билдирүү укугуна ээ болду; ар бир эл өз
тарыхын кайра карап, андагы «ак тактарды» толтурууга, тарых чындыгын калыбына
келтирүүгө аракеттенүүдө. Эл башына мына ушундай оомат келип турганда тигил, же бул
урууну мактап-жактабай, жалпы кыргыз элинин таламын, келечек муунду ойлоп, өткөн
тарыхыбызды болгонун болгондой жазып, калыбына келтирүү илимпоздордун,
калемгерлерибиздин, искусство ишмерлерибиздин атуулдук милдети. Бул талыкпаган
эмгекти, чыдамкайлыкты, анан, эң башкысы, эл алдында жоопкерчиликти талап кылуучу
кыйла татаал милдет. Аны республикабыз өз алдынчалыгын алгандан берки процесс
көрсөтүп жатат. Дегеним, тоталитардык коомдун кыйкымчыл тартиби атын атоого тыюу
салган тарыхый инсандардын мааракелери өткөрүлүп, китептер, санжыралар жайнап
чыгууда. Бирок алардын көбү жалпы улут тарыхын архивдик материалдарга, тарыхый
фактыларга таянып калыбына келтирүүдөн, толуктоодон алысыраак сыяктангандай. Өткөн
тарыхыбызды көркөм чагылдырууда далалат кылган айрым чыгармаларда белгилүү бир
инсандарды сүрөттөөдө санжыранын деңгээлинен көтөрүлө албай, алардын тарыхтагы
ордун баалоодо калпыстыктарга жол берилген учурлар бар.
Автор XIX кылымдагы кыргыздардын тарыхында орчундуу орун ээлеген Ормон хан
жөнүндө чыгарма жазууга бел байлаганда жогоруда айтылган кемчиликтерди кайталабоону
башкы милдетим деп эсептеди. Ормон хан ал жашаган мезгилдин дал өзүндөй татаал да,
катаал да, карама-каршылыктуу да, барып турган трагедиялуу да инсан болгон. Анын көркөм
образын, ал жашаган мезгилди бардык кирди-чыктысы менен жуурулуштуруп берүү,
тарыхый окуялардын себептерин ачуу кыйла аракетти, талыкпай иликтөөнү талап кылары
турган иш. Романды жазууда буга чейин коомчулукка белгилүү илимий эмгектер, макалалар,
ой жоруулардан тышкары, али элге белгисиз, кечээ жакында Казак мамлекеттик архивинен
табылган тарыхый документалдык материалдар пайдаланылды. Эгер кыргыз тарыхында,
академик А. Н. Бернштам айткандай, «Россиядагы Иван Грозныйдын кылымын чакан
масштабда кайталаган» Ормон хандын тарыхтагы ролун жана ордун, ал жашаган мезгилдин
өйдө-ылдыйын аз да болсо окурмандар ынанарлык чагылдыра алсак, анда коомчулук
алдындагы милдетибиздин аткарылгандыгы ошол.
Китепти жарыкка чыгарууга финансылык жардам көрсөтүп, демөөр болгон Самаков
Карганбекке, Сыдыгалиев Маратка, ошондой эле баалуу кеңештери жана моралдык колдоосу
үчүн Кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевге ыраазычылык билдиремин.
Албетте китеп ар кандай кайчы пикирлерди туудурушу мүмкүн, сын, кеңеш, сунуштар болор,
алардын баарын «Кыргызстан» басма үйүнүн дарегине (Совет көчөсү, 170) жолдоону
окурмандардан өтүнөм жана адилет сын, кеңеш, сунуш, каалоолору үчүн алдын ала рахмат
айтамын.
«ЖАШ» ЖАНА МАШ КАЛЕМГЕР
Колуңуздардагы «ХАН ОРМОН» китебин жазган Жапаркул Токтоналиев «жаш» жана
маш калемгер. «Жаш» дегеним, чыгармачылыктын жаштык сээрине шыктанып, жетимишти
желкелеп өткөн курагында ушул алгачкы көлөмдүү, маанилүү, тарыхый көркөм
публицистикалык баянды - романды жараткандыгында.
Маш калемгер дегеним, Жапаркул жараткан ыроологон кубаттуу жөндөмүн эрте
ойготуп, жаштайынан коомчулукка таанылган өтө зээндүү, талаптуу, абийирдүү, намыстуу,
өзүн өзү талбай өркүндөткөн топуктуу адам. Ал бийликтин жана сейрек техникалык
кесиптин төмөнкү баскычынан жогорку чөйрөсүнө чейин көтөрүлүп, алал кызмат өтөдү.
Ошол узак, татаал өмүр жолунда сезимин байытып, калемин купуя да, ачык да машыктырып
келди.
Кыргыз элинин соңку тарыхында эч унутулгус мүшкүлдүү учурду элестеткен «Хан
Ормон» аталган сүрдүү да, жооптуу да саамалык көркөм чыгарманы жаратуу Жапаркулдун
тагдырына бекеринен буюрган эместей. Ага өмүр бою тымызын үмүттөнүп, өзүн-өзү
жетилтип, даярдап келгендей.
Мен Жапаркулду өспүрүм кезибизде Улуу Ата Мекендик согуштун өрттүү
жылдарында Нарын педагогикалык окуу жайында эң алдыга суурулуп чыккан окуунун
алдыңкысы, өткүр, демилгелүү, орус, кыргыз эки тилде бирдей сайраган комсомол
комитетинин жетекчиси, жеке окуу жайындагы студенттер, педагогдор арасында гана эмес,
шаардын коомчулугуна таанылган, авторитеттүү азамат катарында билем. Өзүн тыкан,
абийирдүү, өрнөктүү алып жүрүүчү. Он жети жашында Обком комсомолунун
секретарлыгына, 21 жашында ОблОНОнун башчылыгына көтөрүлүп, ТеңирТоо чөлкөмүндө
келечектүү ишмер катарында таанылган. Ошол жооптуу кызматтарда үзүрлүү иштеп
жүргөнүндө жаштайынан эрте жетилген омоктуулугу айтылчу.
Жапаркул теги жагынан уккан, көргөн таалим-таасири манап насилинен. Ныязбектин
сегиз бегинин бири, Ормонго ини Шатен тукумунан. Ыйгарылган кызмат, ишеним, эл
алдындагы парзды ыйык туткан адамгерчилик ошол насилинен да болсо керек. Ата-бабасы
манап, кулак деген кыйкымдоо аркасында ОблОНОнун башчылыгынан төмөндөтүлүп, АтБашыга РайОНОнун башчылыгына жиберилет. Жердигинен тыңдыгы, комсомолдук
өткүрдүгү менен жыйындарда бийлик ээлеринин кемчиликтерин бетке айткандары, ачыкайрым жүрүм-туруму каршыгууга дуушарлантат. Бухгалтери кетирген майда тартип бузууга
шылтоолоп Жапаркул айыпталып, Түркмөнстандын Каракум чөлүнө канал казууга айдалат.
Бала кезинен дүйнөлүк классиктерди жазданып окуган, айрым керемет саптарын
көкүрөгүнө жаттап, шыдырата айткан адатын Жапаркул күнү бүгүнкүгө чейин унутпайт. Ой,
кыял черин таркатып, өзүнчө ыр түрмөктөрүн түзөт. Учурунда кээ бир ырлары “Ленинчил
жашка” жарыяланган. Эрксиз камактын запкысын тартып, ээн талаа, эр-ме чөлдүү Каракумда
жүргөнүндө рухий дүйнөсү жеткилең Жапаркул колуна тийген ар кыл чыгармаларды окуп,
сезим бугун чыгарып, ыр чүргөө менен алектенет. Жан сырын айкындаган туткун ырларынан
бир түрмөгүн келтирели:
Жаштыктын жалын кези жыйырма төрттө,
Жалаа жаап кабылтты азап башка.
Күүлөнбөй жетиле элек жаш канатым,
Жараланды урунуп кара ташка.
Коомдук чөйрөдө көкөлөп өсүп келаткан азамат тагдырына балта чабылып так
түшүрүлгөнүнө кайышса да, мүңкүрөп алсыздыкка моюн сунбай, келечегинен үмүт үзбөй,
кайраттуу далалаттанат. Камактан бошонгондон кийин жаш аялмет Жапаркул үй-бүлөсү
менен борборубуз Бишкекке келип, батирде баш калкалап, 28 жашында политехникалык
институттун энергетика факультетине өтөт. Көөмөйүндө юрист, тарыхчы, адабиятчы
болууну самаса да, техникалык кесипти тандоого аргасыз болот. Себеби гуманитардык окуу
жайында ички күч-кубатын, талантын кеңири ачууга көзү жетсе да, жүрөгү үшүгөн Жапаркул
«баландай мокочонун тукуму», соттолгон деген кара көлөкөнүн кесепети илгерилетпесин
түшүнөт.
Жапаркул окууну мыкты өздөштүрүп, бош убактысында гезит, китеп сатып үйбүлөсүн багып, ошол кездеги кыйынчылыкка тике карап, өмүр антын бекемдеп, бул ыр
түрмөгүнө буктурат:
Хан Ормон
Илимдин түшүп артынан,
Күрөшөм турмуш сен менен!
Эмгектенсем талбастан
Жашоом болор эл менен!
Намыстуу, өз кудуретине ишенген азамат жогорудагы ант-шертин катаалдыктарга
муңбай актады. Институтту ийгиликтүү бүтүп, Нарындагы Он-Арча ГЭСинин курулушуна
прораб болуп иштөөдөн баштап, Сельэлектрокурулуш башкармасынын башкы инженери,
начальниги кызматтарын 1968ж. чейин аткарып, Нарын облусун электрлештирүүнү ишке
ашырууну жетектеди.
Ак ниет ишмердиги, жогорку профессионал адистиги эске алынып, Ж. Токтоналиевди
1968-ж. республикалык «Кыргыз сельэлектротрестинин» жетекчилигине көтөрүшөт. 1981-ж.
Кыргыз ССР айыл чарба министринин орун басарлыгына бекитилип, ишкер адис катары
таанылат.
Республиканын айыл чарбасын электрлештирүүдөгү, экономикасын, маданиятын
өстүрүүдөгү эмгеги жогору бааланып, СССР Эл Достугу ордени, медалдар менен сыйланат.
Кесиптик ардак наам берилет.
Ж. Токтоналиев ар кыл акыбалда: окууда, чарбалык, техникалык кызматтарда
жүрбөсүн жараткан ыроологон илимге, чыгармачылыкка берилген табигый шыгын унутпай
өнүктүрүп келүүдө. Студент кезинде илимий чыгармачылык ишке киришкен. Элүүнчү
жылдардын башында көрүнүктүү окумуштуулар М. Адышев геология, А. Алдашев биология
боюнча терминологиялык сөздүктөр түзүшсө, студент Ж. Токтоналиев «Электротехникалык
терминдеринин сөздүгүн» түзгөн. М. Рябининдин «Электр жөнүндөгү аңгемелер» деген
популярдуу көркөм китебин жатык тил менен которуп, кыргыз окуучуларына тартуулаган.
Кызматка көтөрүлгөн кезинде «Кыргыз ССР айыл чарбасын электрлештирүүнүн
проблемалары» аталган практикалык илимий мааниси бар эмгеги жарык көргөн. Тынымсыз
көптөгөн публицистикалык макалаларды, анын ичинде көркөм адабиятка тиешелүү адистик
деңгээлдеги пикирлерин жарыялап келатат.
Кыргыз республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ардактуу эс алууга
чыгып, колу-жолу бошогондо Жапаркул чыгармачылык ишке баш оту менен берилип
киришти.
Журналисттер союзунун мүчөсү, маш калемгер Жапаркулдун жазгандары маалымат
каражаттарыбызда токтоосуз жарыяланууда. Кийинки кездерде элибиздин башынан өткөн
олуттуу
окуяларына,
ар-намысыбызды
коргогон
тарыхый
көсөмдөрүбүзгө,
баатырларыбызга кайрылып, даректүү, элестүү көркөм аңгемелерди калайыкка гезит, радио
аркылуу окута, угуза баштады. Алардын катарында «Шабдан баатыр», Курманжан датка
жөнүндө «Айкөл мүнөз», «Баатырдын жүйөөгө жыгылышы», «Тартуу» аталган көркөм
аңгемелери профессионалдык касиетке татыктуу жазылды.
Ормон хандын доорунун бир үзүмүн чагылткан, анын атактуу атасы Ныязбектин, эр
жүрөк, кыбаачыл иниси Түлкүнүн өз ара татаал, табышмактуу мамилесин, кыргыз
жергесинин сүрдүү кооздугун, манап чөйрөсүнүн кулк-мүнөзүн, үй жасалгасын, мейман күтүү
аземин бай тил менен бадырайта көзгө көрүнөрлүк, сезимди жибитерлик тарткан «Тартуу»
деген аңгемесинин радиодон келиштире окулганын угуп, Жапаркулду куттуктадым.
«Мындай сүрөткерлик жетик жөндөмүңдү өөрчүтө берсең адис жазуучулук касиетти
курчутуп, даана тарыхый көркөм чыгарманы жаратууга кудуретиң жеткидей. Ойлонуп көр»,
— деп кубанган курбулук сүрөөмдү айттым. Тубаса ынсаптуу Жапаркул чын дилден
айтылган баага, мактоого жарпы жазылса да, мукактанды: «Көтөрө чалганыңа рахмат.
Картайганда жазуучулук адистикти өнүктүрө аламбы. Ушундай тарыхый көркөм
аңгемелерди жазууга сенин ишенимиң боюнча аракеттенип көрөйүн. Андан чоң повесть,
роман жазууга дараметим жетпес».
Мындан эки жыл илгери Ормон хандын 210 жылдыгын белгилөөгө карата аракеттер
башталды. Нарын областынын мурдагы губернатору Б. Болотбековдун жетекчилигинде
демилгелүү топ түзүлдү. Анын алгачкы жыйынында башынан кызыгып, изилдеп, жаза коюп
жүргөн Ж. Токтоналиевдин уюштуруучулук жетиктигин, адамдык абийирдүүлүгүн топтун
мүчөлөрү бир добуштан жактырып, ага жооптуу милдет тагышты.
Ал мамлекеттик кеменгер, кыраакы, эр жүрөк кол башчы, хандык парзды аткарган
Ормондун юбилейин дурус деңгээлде өткөрүүгө тагылган оор милдетти билгичтик, тактык,
талыбастык менен аткарууга киришти.
Хан Ормон
Орчундуу жоопкерчилик моюнуна тагылган Жапаркул Ормон хан жаатында азыркы
мекендештерине белгисиз жаңы даректерди иликтөө үчүн из кубарга айланып, жаш тарыхчы
Д. Сапаралиев экөө Казак республикасынын Алматыдагы мамлекеттик архивинде апта бою
эртеден кечке тирмейип отурушуп, кылымдардын күбөсү катары сакталган саргайган
барактардагы томдогон документтерден кумдан алтындын кыпындарын издегендей
«жылт» эткен даректерге кубанышып, акыры папкелерин бөрсөйтүп, табылгалуу кайтышты.
Документтер орус жана араб ариптеринде Ормон хандын дооруна, ишмердигине
байланыштуу илепти, элести тартуулайт.
Мына ошол табылгалардын негизинде, шыктанган Жапаркул Ормон ханга, XIX
кылымдагы кыргыз тарыхына серп салган, канык окумуштуунун көз карашында илимий
талдоодон өткөргөн көлөмдүү төрт макаланы жарыялады. Анын кенен түшүндүрмөлүү баш
сөзү менен өзү илимий булактардан чогулткан «Исторические и архивные документы об
Ормон хане (1790 — 1854)» деген жыйнак топтолуп, жарык көрдү.
Академик Б. Жамгырчиновдун жарым кылым мурун жарыяланып, тыюу салынган
«Киргизы в эпоху Ормон хана» деген баалуу эмгегин Жапаркул кыргызча которуп чыгарды.
Тарыхчы К. Үсөнбаевдин «Ормон хан» илимий монографиясы Ж. Токтоналиевдин
мазмундуу баш сөзү, мыкты жасалгасы менен китеп болуп чыкты.
Ушунчалык эмгек өтөп, Ормон ханга берилген, анын заманы жөнүндө маанилүү
даректерге тунган Жапаркул күндүз оюнан, түнү түшүнөн кетпей элеси чулгаган сыйкырлуу
күчкө тартылуу толкунун басаңдата албай, элибиздин тарыхы менен тагдырындагы эстен
кетпес орчундуу маселени дагы улантууну, болгондо да тарыхый чындыкка жуурулуштурган
көркөм чыгарма аркылуу жандандырып, элестүүлүгүн арттырууга бел байлады.
Дүйнөлүк классиканын көркөм, тарыхый философиялык чыгармаларын терең
түшүнгөндүгүнүн таасири бул олуттуу, машакаттуу ишке сүңгүп киришүүсүнө өбөлгө түздү.
Көркөм адабий тили жатык болгондугу, Ормон доорунун саясий-экономикалык абалын,
элибиздин адат-салтын дурус билген Жапаркулдун эрудициялык деңгелинин жогорулугу
жазууга сүңгүп киришкен чыгарманын деми менен карт көңүлүн жашартып, баш көтөртпөй
кумарлантып иштете берди.
Чыгармада баш каарман Ормондун адамдык жана көсөмдүк жетилишин, хандык
бийликти журт билармандарынын курултайында ээлеп, кыргыз элин уруулук-феодалдык
ырксыз бытырандылыктан куткарып, башын коштурган соңку тарыхыбызда алгачкы ирет
борбордоштурулган мамлекетти башкаруунун зарыл касиеттерин киргизип, орнотконун,
коңшулаш чоң, чакан мамлекеттер менен мамиле түзүп, улуттук кыраакы кеменгер, эр жүрөк,
илекор кол башчы катары даңазасы артканы кыйла ынанымдуу сүрөттөлөт.
Жапаркул бул тарыхый баянына элдик каада-салттын жөрөлгөлөрүн, алсак
кудалашуу, кыз оюндун шаан-шөкөттөрүн, ал тургай кудалашкан күйөөсүн теңсинбей качып
чыккан казак мыктысынын кызын Ормон хан жактырып, махабат лаззатына берилип, көрөр
көз жар күткөнүн сезимталдык менен кызыктуу ширелткен.
Чыгармадагы кульминациялык илеп кыргыздын элдик намысын, биримдигин
коргоодо Ормондун кол башчылык айлакерлик согуш ыкмаларын колдонгон
жетекчилигинин натыйжасында 1847жылы жазында Кенесарынын жырткычтык талоонго
өткөн баскынчылык чабуулунун таш талканын чыгарган эрдигин көрсөтүүдө айкын
коюлган.
«Хан Ормон» аталган 1китеп 1847ж. 22августта Россиянын ортомчулугу аркасында
Ормондун өкүлдөрүнүн казак тарабы менен тынчтык келишим түзүүсү менен аякталат.
Алибетте, мен бул чыгарманы телегейи тегиз, керемет деп апыртуудан алысмын,
ошентсе да бул Жапаркулдун табигый шыктуулугу, илимий жана чыгармачылык
паразаттуулугу, талбаган түйшүкчүлдүгү аркасында жаралган кыргыз адабиятына кошулган
жаңы салым, тарыхыбыздагы өтө маанилүү каарманды, анын катаал доорун чагылткан,
кызыгып окурлук татыктуу чыгарма.
Мен Жапаркул досума кеч киришсе да, чыгармачылыктын жаштык деми
жылоологон эмгекчил адам карыбастыгын эскертип, дөөлөттүү аксакалдык доорон
сүрүп, узак өмүрлүү болушун, чыгармачылык бактысын каалайм!
Шүкүрбек БЕЙШЕНАЛИЕВ
Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Чоң атам Шераалы ажынын арбагына багыштаймын.
СӨЗ ЭРӨӨЛҮ
«Ойлонбой сүйлөсөң
онтогон ооруга жолугасың»
(эл макалы)
1806-жыл.
Жунгарлар жергеден сүрүлүп чыга, жылдар өтүп, чабылып-чачылган элдин бөксөсү
толуп, өрүшү кеңейе баштаса да, бейкутчулук орной элек, кылымдар түпкүрүнөн бери
улуттук уюткусун сактап келаткан байыркы эл уруу-уруу болуп чар жайыт көчүп-коно, баш
кошо албай турган кези. Эл биригип күч ала электе бөлүп-жарып, үстөм болууну көздөгөндөр
туш тараптан көз артууда. Күн жүрүштө кылычын ичинен байлана салкын жылмайып, Кытай
ыкыс берүүдө. Тыңчы соодагерлерин каттатып, эл аралатып, саякатчы окумуштууларына элжердин танабын тарттыра түндүктөн Орусия тымызын аңдыйт. Динибиз бирге, дилибиз
бирге, бир бололу, — деп, эшен-сопуларын, качырга жүк арткан ала чапан соодагерлерин
жиберип, Кокон бери жылууда.
Уруусундагы бийлик мартабасын эл биримдигинен жогору туйган билермандардын
маңги намысынан чыккан мал тийүү, барымта кармоо кесепеттери ынтымакка бөгөт болуп,
калайыкты каржалтууда.
Эл жайлоодон эбак түшкөн. Тогуздун айынын аяк чени. Кеч күздүн боз чаңгыл
асманында каалгый көчкөн киргил булуттардын үзүлүштөрүнөн анда санда көрүнгөн күн
нуру кунарсыз. Аба салкын тартып, Караколдун башынан соккон суук сыдырым бойду
ичиркентет. Кар түшкөнгө чейин жылкы оторлоткондордун үч үйү суу бойлой конгон.
Ортодогу көөнөрөөк алты канат боз үйдө үч киши күзгө маал коюуланган көрөңгөлүү ынак
кымыз ичишип, ар кайсыдан кеп ура, өрө кийиз үстүндө малдаш уруна күүлдөп отурушат.
Үйдүн төрүндөгү таар шалча жабылган такта үстүнө үч-төрт жууркан жыйылган, үстүндө эки
жаздык. Эпчи жактагы чырмалбаган чий чыгдан ичиндеги ала бакандын өйдөкү ачасынан
каймак жыйуучу кара көнөчөк, козу карын майдын оозу кылтыят. Үй ээси жашы кырктан
өткөн кызыл чийкил тегерек бет, жалпагыраак келте мурун, жээрде сакал, чекир көзүнүн агы
кызарып, мурдунун учу кара көк тарта, күчтүү кымызга көкүрөгү күйүп, алагүү отурган
Атыга-баатыр атанган көрүнүктүү саяк мыктыларынын бири Кожобердинин
жылкычыларынын башчысы алдындагы кырма кара аяктагы кымызды кере жутуп, мурутун
жаный:
— Өх, кымызга ысылык керек го байбиче. Булар да келип калыптыр. Уулуңду чакырып,
улактардын бирин сойдурбайсыңбы, — деп компое аялын карады.
— Баракелде, атанын баласы, нарк билген Атыкебиз ойдогуну айттырбай билет. Мен ошон
үчүн силерди жүргүлө, Атыкеме учурашалы дебедимби, — деп жапалактады жашы
отуздардагы кер мурут, кара тору чап жаак жигит, калпагын желкесине оодара, тердеген
маңдайын алаканы менен аарчып.
— Кантсе да чоң теринин бучкагы да, — деп аны коштоду, бир көзү чеч, коңкогой мурун,
сары жигит, кырбуусу тайкы шырымал тебетейин алып жанына койуп, кирдеген, саймалуу ак
топусун оңдоп кийди.
Атыганын аялы жоолугун оңдоп салына, бошогон аяктарга кымыз куюп коюп, жыла басып
тышка жөнөдү.
— Атыке, тиги чоорду бери жөнөтчү, эптеп көрөйүн, — деп купшуңдады чийкил сары жигит.
Чоор сыбызгып, “Кыз ойготор” күсүү безеленди. Аңгыча тыштан ат дүбүртү угулуп, түшкөн
кишини Атыганын тестиер уулу каршы алып, эшик ачты. Салам айта, Айдаке үйгө кирди.
— Аалёкума ассалам! О, акең Сарыбагыш 1 келген тура. Төргө өт. Орун бошоткула, — деп,
тамашага чала жайдарыланды үй ээси. Жашы кырктан өтүп калган, шыңга бойлуу, москоол
кара сур, тегерек беттүү, суйдаң кара сакалчан, сейрегирээк кара муруту чычайта
чыйратылган, ак калпак, кара кемселчен Айдаке отургандар менен кол алышып, үй ээсинин
жанынан орун алды.
— Ой катын, кымыз куйбайсыңбы! — деп аякка толтура кымыз куюп, Айдакеге сунуп турган
аялын демитти, ала күү болуп калган үй ээси.
Хан Ормон
Айдаке кымызды колуна алып, тынбай шимире аякты кайра узатты.
— Акең Сарыбагыш суусаган экен! Куй дагы бирди, — деп опулдады үй ээси. Аяк кайра
сунулуп, жөн жай амандык сурашууга өтүштү.
— Айдаке баатыр, жол болсун! Кайдан келе жатасың? — деп суроо узатты кер мурут кара
тору жигит.
— Базар-Туруктан чыктым. Шамшы ашып, айылга бүгүн жетейин, — деп баратамын.
Атыгага бир киши аманат айттырды эле. Ошого кайрылдым — деди Айдаке, кымыздан бир
жутуп, аягын жерге коюп.
— Оо, күн кыскарып калды, бүгүн жете албайсың го айылыңа. Анын үстүнө Атыкең
ысылыкка улак сойдуруп атат. Эт жемейинче кетирбейт сени, — деди сары чийкил жигит,
ээрдин жалап, оңдонуп отура.
— Буюрса, эт жегенден кийин чыксам деле тор кашка соо болсо жетемин. Тор кашканын
басыгы эле кээ бир аттарды текирең таскакка салат, — деп компойду Айдаке.
— «Ат адамдын канаты», — деп бекеринен айтылган эмес да. Чыгаан аттар учкан куштай эле
жүрөт эмеспи, жаныбарлар,
— деди коңко мурун чеч көз киши.
— Ат, — деп мына Медет датканын иниси Дуулаттын Кер табылгысын айт. Күлүктүгүнөн
алдына жылкы баласы өтө элек эзели. Жүрүшү атты чаптырат, — деп бапыраңдады кер
мурут кара сур жигит.
— Качыке бийдин Марал торусучу, Дуулаттын Кер табылгысы ага караандай албайт, — деди
сары чийкил эткээл жылкычы карт кекирип, курсагын сылай.
— Аларды айтып нетесиң, менин кара кунаным кезеги келгенде баарынан өтөт. Жайлоодо
тайчабышта көрдүңөр го, — деп көтөрүлдү Атыга.
— Менин акбозума жете албайт сенин кара кунаның, — деп калпагын алдыга экчеп тизесин
таянды сары чийкил эткээл киши.
— Эр болсоң жарышка сал менин кара кунаным менен башма баш, — деди Атыга.
— Башма башыңдын кереги жок. Андан көрө байге сай — чоң болсун, — деди сары чийкил
киши каадалана үнүн созуп.
— Оо, байге дейсиңби, байгеге,байгеден тартынбайм кааласам, кааласам, — деп оолжуп
туруп каткыра, — мына Айдакени байгеге сайдым, — деп күлкүсүн улантты.
— Оо, акең сарыбагыштын өзүн сайдыңбы? Болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукумун, —
деп Атыганы далыга чаап каткырды кер мурут жигит. Айдакеге көз жиберип, кантип чыдап
турасың дегенсип шыкактай.
— Көпкөн экенсиң кызы талак, курсагың тойгондо Кудайды унуткансың го. Көпкөнүңдү
көтүңдөн чыгарамын, — деп ордунан ыргып турду Айдаке.
— Кой антпе, отур. Эт жеп кет, Атыга тамаша кылды да, — деди кер мурут жигит.
— Урдум мен мындай тамашаны. Көрөбүз кимди ким байгеге саярын, — деп керегеден
камчысын алып, Атыгага кеседи Айдаке.
— Кымызга кызып алып, оозуна келгенди оттогонун көрүп турбайсызбы, аяш. Тамак бышып
атат, ачууңузду берсеңиз, — деп чебеленди Атыганын аялы көкүрөгүн баса.
— Ыракмат аяш, этти тиги кымыз менен кошо акылын ичип алгандарга бериңиз, — деп
Айдаке шарт эшикке чыгып, атына минип таскак урдура артына карабай жөнөп кетти. Маңги
намыс көкүрөгүн тээп, бекер ооздун ала күү кеби үчүн өч алганы кетти.
Боз кыроо маалы. Күн аркан бою көтөрүлгөн. Суу бойлогон өндүрдө күздөөгө түшкөн калың
айыл отурат. Төмөнтөдөн шайбыр жүрүш менен келаткан тор кашка атчан айылга
жакындаганда жүрүшүн басаңдата айылдын өйдө жагындагы обочо тигилген он эки канат ак
үйдөн аркы аттар байланган кермеге түшүп, атын байлап, боз үйгө бет алды.
Он эки канат чоң үйдө он — он беш киши отурат. Үйдүн жасалышы бийдин сөөлөтүнө төп.
Үзүк, туурдуктары кылданган ак жүндөн бордоло уютулуп, тегиз бышырылган өрө кийизден,
четтери кызыл, көк жибек айкалыша жөргөмдөлгөн сызма менен кыюуланган, үзүк
туурдуктун боолору, кырчоосу да ошол түстө жүн аралаша эшилген. Үзүктүн туурдукка
айкалышуучу кырбуусуна үйдү айланта көгүш кызыл манаттан кочкор мүйүз оюу түшүрүлүп,
четтерине кундуз кармалган эни кере карыш тасма тартылган. Уук, кереге турмандары
тандалма талдан саратан ысыкта көлөкөдө кургатылып, талкууда 2 түзөтүлүп маталган,
атайын жошолонуп ышка тоборсутулган бир кылка, биринен бири айырмасыз кооз көрүнүп,
Хан Ормон
үй ичине өзгөчө көрк берип турат. Ууктун керегеге байлануучу сабынын матоосуна чейин ич
жагы тегизделип оюу түшүрүлгөн, боолору жибек, түндүккө сайылуучу учтарына жез
учталган. Түндүктүн алкагы да, чамгарагы да кулжанын мүйүздөрүнөн жонулуп кынала, бир
калыпта кынаптала жез менен чегеленип жасалган. Жел боолору ак жүндөн көк жибек
аралаша эшилген. Кереге туурдуктун арасына каланган чийлер ар кандай түстөрдү
айкалыштыра омуртка сайма түшүрүлө жибектен чырмалган. Ууктун матоосунан керегенин
башына чейин күрөң макмалдан саймалуу тегирич тартылган, андан өйдө ууктун учу
түндүктүн алкагына чейин кызыл жана кара манаттан оюлган жабык баш тартылган, жел
боолору жашыл жибектен жүн аралаша эшилген. Үйдүн эки капшытына туш кийизге
ылайыктала кундуз кармалган мисир килемдери тартылган. Эр жаккы туш кийизге бийдин
атасы жунгарларды жергеден сүрүп чыгып, айтылуу Белек баатыр экөө саяк Садыр
баатырдын кунун кууп, Аблай хандын колун талкалап, атпай кыргызга кызмат кылган
кадимки Эсенгул баатырдын туулга, чарайна-сооттору, курал-жарагы илинүү, эки четинде
кереге башынан ылдый эки илбирстин териси суналат. Аш үйү өзүнчө болгондуктан эпчи
жакка чыгдан каланбаган. Улага капшыттагы үч ачалуу ала баканда отургандардын сырт
кийимдери илинген. Үйдүн ич алдына өрө кийиздер эки кабат төшөлүп, үстүнө перси
килемдери салынган. Капшыттарына төрдү айланта кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн.
Төрдө килем жабылган атайын жүк тактанын үстүндөгү күмүш чабылган жагдандарга атлес,
макмал, бачайы жууркандардан үч кертим жүк жыйылган. Жүк үстүндө ак мамык жаздыктар
жабык башты тиреп тизилип турат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Хан Ормон - 02
  • Parts
  • Хан Ормон - 01
    Total number of words is 3562
    Total number of unique words is 2357
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 02
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 2075
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 03
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2299
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 04
    Total number of words is 4077
    Total number of unique words is 2331
    27.2 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 05
    Total number of words is 3965
    Total number of unique words is 2329
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 06
    Total number of words is 3900
    Total number of unique words is 2217
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 07
    Total number of words is 4001
    Total number of unique words is 2214
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 08
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2169
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 09
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 2202
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 10
    Total number of words is 3927
    Total number of unique words is 2141
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 11
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2285
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 12
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 2293
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 13
    Total number of words is 3902
    Total number of unique words is 2165
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 14
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2029
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 15
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 2199
    26.7 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 16
    Total number of words is 4057
    Total number of unique words is 2093
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 17
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2168
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 18
    Total number of words is 3920
    Total number of unique words is 2109
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 19
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2056
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 20
    Total number of words is 3830
    Total number of unique words is 2022
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 21
    Total number of words is 3849
    Total number of unique words is 2091
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 22
    Total number of words is 3884
    Total number of unique words is 2114
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 23
    Total number of words is 3897
    Total number of unique words is 2125
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 24
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1920
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 25
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2095
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 26
    Total number of words is 3882
    Total number of unique words is 2064
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    41.0 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 27
    Total number of words is 3948
    Total number of unique words is 2110
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 28
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2088
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 29
    Total number of words is 4003
    Total number of unique words is 2141
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 30
    Total number of words is 3975
    Total number of unique words is 2283
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    46.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 31
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 2180
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 32
    Total number of words is 4018
    Total number of unique words is 2141
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 33
    Total number of words is 3995
    Total number of unique words is 2154
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    40.2 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 34
    Total number of words is 3999
    Total number of unique words is 2124
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 35
    Total number of words is 3886
    Total number of unique words is 1988
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 36
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2159
    27.0 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 37
    Total number of words is 3872
    Total number of unique words is 1996
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 38
    Total number of words is 3914
    Total number of unique words is 2061
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 39
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2173
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.8 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Хан Ормон - 40
    Total number of words is 2795
    Total number of unique words is 1735
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    38.7 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.