Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 33

Total number of words is 4042
Total number of unique words is 1830
36.4 of words are in the 2000 most common words
49.7 of words are in the 5000 most common words
55.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кеткен, эл болбогон жээндин эмне кереги бар, – деп коёбу деген ойлордун аягына чыга
албай, кыйналып жатып барып калышат. Эң биринчи болуп болочок жээн келини Үрпөян
сулуу салт боюнча баш уруп, жүгүнүп кирип, өз оюндагысын айтып уруксат сурайт.
– Бир кырсык болуп, адам башына ал ишти салбасын, таята! Чымын жээниңиздин эки
көзүнө каракчылар сайып кетиптир, ошого бир даба болор бекен деп сизге келдик, – дейт.
Анда таятасы:
– Балам, менден эч нерсе сураба, оболу Чымын жээнимдин өзүнөн сура:
Апасынын өткөн айыбын, өз колу менен көзсүздүккө дуушар кылган өгөй атасынын
айыбын, атасы табылып калса, апасын атам мененби, же өгөй атам менен жашаса дейби?
Эне- атанын кадырын сезеби? Ушул үч суроого так жооп алып келгин, балам, – деди
Каракожо.
– Анда эмесе мен сурап келейин – деп сыртка чыгып,
Чымын баатырдын жанына келип, эч нерсесин калтырбай, баарын айтып берет.
– Андай болсо, таятам мени сынаган экен. Апамдын айыбын эмне үчүн кечпейин, апам
болбосо бул жарыктыкка келмек да эмесмин. Өлтүрүп койсо да, кечпеске эч аргам жок.
Өгөй атамды мен тааныбасам, ал мени тааныбаса, апам болбосо бул ишке бармак беле,
ошондуктан апам үчүн аны да кечтим. Атам карыганда телеп-тентип жүрүп тапкан
жалгыз кареги мен болсом, же менин жүзүмдү көрбөсө, же элдин жүзүн, же жарынын
жүзүн көрбөсө, оңойбу. Эгер атамды көрсөм, чогуу жашайлы, ата, өткөн иш өттү, кеткен
иш кетти деп айтар элем. Атамдын жалгыз перзенти мен болсом, айтканымдан чыкпас
деген ойдомун. Ушул сөзүмдү калтырбай, таятама айтып бар, башка ойлогон оюм жок, –
деп, жооп берди.
Үрпөян ордунан шарт туруп, таятасына кулдук уруп кирип,
Чымын баатырдын айткан жоопторун баштан-аяк калтырбай айтты.
Жообун угуп Каракожо: «Эстүү болгон экен», – деп, жээнине ыраазы болуп, энеатанын баркын билгенин, өгөй атасын да энеси үчүн кечкенин, атасынын кошо жашоого
уруксат сурар элем дегенине абдан ыраазы болду. Билгизбей киши жиберип, кызынын
сүтүн алдырып, колунан келген дубасын окуп, эмчек сүт менен эки көзүн жууп, оң
тизесине отургузуп, оң жак көзүнө дарысын сүйкөп, сол тизесине олтургузуп, дарысын
сыйпап, сол жак көзүн ачкан экен. Көзүн ачып кадимкидей көргөндөн кийин:
– Чымын жээним, жаныма отур – деп, жанына жакын отургузуп, – балам, атаңдын
элден безип кеткенине жыйырма эки жыл болду. Алтымыш үч жашта эле, байыл сексен
беш жашка толду. Ата-эненин кымбат экендигин өзүң билет окшойсуң го. Эң биринчи
сага тапшырма: – Атаңды издеп тапкын, – деди да, батасын берип, Чымын менен
Үрпөянды узатты.
Эки көзсүз барып, дарыгердин күчтүүлүгүнөн көздүү болуп келе жатса, кандай
сыймык, кандай кубаныч!
Чымын баатыр узап чыккандан кийин элге келип:
– Сен ошол жактан кабар ал, мен болсо кырк жигит курап, ошол жигиттери менен
издеп, кайрадан келе жатса, бир тоодо ыйлаган баланын үнүн угуп тыңшап, кандайдыр
уккусу келип, кулак түрүп тыңшаса:
Тогуз жолдун тоомунда,
Чымын байкем союлду.
Мыкаачы атам колунан
Эки көзү оюлду.
Көрбөс эле бул күндү
Жок кылбаса тоомду.
Колумдан жардам келбеди,
Жатындашым, кандай жерге коюлду!..
деген муңдуу ырдан улам, өзүнүн жатындаш бир тууган бөбөгү экендигин билди.
Билмексен болуп баланы чакырып:
– Сен эмне, койлоруңду жөө кайтарып жүрөсүң, тооңор деле өтө бийик эмес экен,
атчан кайтарбайсыңбы? – деп, жайыттагы кайын атасы Мурат ханга тиешелүү
жылкылардан айдатып келип, балага бирди кармап берүүгө буйрук кылат.
Бирди кармап келип мингизди эле, минери менен бели үзүлүп өлдү. Кайра-кайра
кармап келе берип, он беш жылкы өлгөндөн кийин, бир кара боз кунан өзү келип, балага
сүйкөнө баштайт. Кара боз кунанга минди эле, ошол көтөрүп, эки саат өрдү карап кетип
калган коюнун артынан чапты эле, быш этип кулагынан тер чыгып да койгон жок. Көрсө,
анык тулпар экен.
«Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө болсочу деген туура» – деп, өзүнүн
жанагы тандап алган кара боз тулпарына мингизип, кырк жигиттин бирин коюна көз
болгун деп таштап, инисин кошуп алып, Кара акылман, эстүү, дарыгер, табып киши экен,
таятама алып барып тааныштырайын, муну да жаман көрбөс деген ой менен таятасына
бара жатса, жолдо аппак сакалы кебездей бир карыя сүйүнүп, алсыз араң эле бут шилтеп
бара жатат. «Эмне бул элсиз жерде жалгыз жүрөт, же жашоодон тойгонбу, же менин атама
окшоп тентип жүргөн немеби?» – деп, Чымындын оюна ар иш кетет. «Эмнеси болсо да бул
карыянын сырын сурайын», – деп жигиттерин токтотуп коюп:
– Ассалоому алейкум, ата! – деп, аттан түшө калып, кол берип учурашат.
– Ата деген үнүңдөн кагылайын, кулагыма жакшы угулду, балам, эмне дедиң? – деген
тура.
Анда Чымын: «Жарыктык карып калып, кулагы укпай жатса керек» – деп ойлонуп:
– Атсалоому алейкум, ата! – деп катуураак кыйкырат.
– Ата, деген үнүңдөн кагылайын, ата деген үнүңдү уксам дечү элем, уктум! Оо, кудай,
ушунуңа да шүгүр, бир эмес, эки жолу уктум. Бүгүн мен эмне болом, жүрөгүм жарылчудай
ордунда турбай, катуу кагып жатат. Мындан жыйырма жыл мурда Каракожо кызы
Арпаканды берерде да жүрөгүм алеп- желеп болуп сокту эле. Эми да бу курган картаң
жүрөктө жакшылыктын жышааны бардай сезилет, – деп качкан жүзүн кызыл нур каптап,
кандайдыр кары боюна кайрат киргенсийт.
Чымын да эмне деп сөзгө саларын билбей, атанын көрпөчөсүн алып, жол жээгине сала
коюп:
– Ата, мында отуруп, азыраак эс алыңыз, – дейт.
Чыныбек селт карап:
– Ата дедиби, мени ата дедиби, ушул убакка чейин эмнеге бирөө жарым ата дебеди, же
десе да укпасам керек, бүгүн кулагым ачылдыбы, бүгүн угуп жатамбы?! – дейт өзүнчө.
Чымын Чыныбекти аярлай кармап, колтуктан сүйөп келип, төрт бүктөлгөн
көрпөчөнүн үстүнө отургузат. Нечен ойлор
Чыныбекти курчап алып, көрпөчөгө отурганын билбей калды.
«Ой, тобо!.. Мени да адам сыйлап отургузат экен да, эчен жылдан бери адам
сыйлоодон калбадым беле. Бул менин түшүмбү? Жок, түшүм деле эмес, бул бала
канчаларда, менин баягы күмөнгерим эмне болду экен, энесичи? Мен го, мен болдум, алар
эмне болду экен десең. Ошондогу күмөнгер эркек бекен, же кыз болду бекен, эмнеси
болсо да жарыктыкка келди бекен. Ата деген сөздү сексен беш жылдан бери бүгүн
уккандай болдум. Жүрөк ошондой туйлап жатабы, билбейм.
Жанына келип Чымын отургандан кийин:
– Балам, сен кайсыл элденсиң, ким дегендин баласы болосуң? – деп сурады.
Кандайдыр ата-баланын ортосунда жакындык пайда болуп:
– Ата, биздин элибиз ушул, жерибиз деле ушул жер, алыс эмес, азыраак жүрсөк
барабыз. Каракожо чоң дарыгерди уккандырсыз, ошол дарыгердин уулу боломун – деди.
– Каракожо! – деп айтып, экинчи сөзгө келбей, башы калчылдап, бирде оюна
Каракожо кайнатасы келсе, бирде белгисиз ойго чөмүлүп, өңү кубулуп, оозу кыбырап,
оюнда бир нерселер айтып жаткансыды. «Ошол менин кайнатам Каракожобу, же дагы
бир башка Каракожодур, жо-ок, дарыгер деп айтпадыбы?» – деп, баланы жалооруй тиктеп
карап турду. Ошол кездерде Чыныбектин ооз кыбырашы Чымынга: – Сенин атаң болом
дегендей сезилип, көпкө барып эсин жыйып:
– Ата, сиздин табыңыз айныган жокпу? – деген үн угулганда Чыныбек эсине келген
кишиче:
– Жок, кагылайын, ата деген үнүңдөн айланайын, үнүңдөн! – деп, башка сөз айтпай,
көпкө тунжурап дагы карап туруп калды.
– Ата! – деп, Чымын Чыныбекти кучагын жайып, кучактап калды.
Аз убакыт өттүбү, көп убакыт өттүбү, бир учурда карашса, кучакташкан бойдон
турушат. Кырк жигити келип, таң калып, ата-баланын табышканын көрүшүп, кайрадан
бир бирине тааныштырып, кайра баштан кучакташып көрүшүп, ошондо
Чыныбек бай айткан тура:
– «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң, сабырдын түбү – сары алтын» деген ушул тура,
малга, жарга ыраазы болбой, балалуу да болгон экемин. Ушунча жылдан бери бир
айланып келбеген бул менин мүнөзүмдүн таш болуп калышыбы. Жеңил кыялдын
кучагында тентип жүрө берген турбаймынбы. Өлөр алдымда кайын атам Каракожого бир
учурап өлөйүн дедим эле, балалуу болдум.
«Баса, баланын энеси эмне болду экен, бар болду бекен, же жокпу? Болууга тийиш.
Жаш неме мүмкүн башка турмуш курган чыгар» – деп, сакалы ылдый чууруган жашты
сезбей да калды.
Жигиттери бир тулпарды токуп келип, Чыныбекти мингизишип, Каракожонун үйүн
карай жол жүрүштү. Азыраак жол жүргөндөн кийин Каракожонун үйүнө жетти. Баягы
жети бакса коргон ичинде эч деле өзгөрүү жок, өзү кечээ эле кеткендей сезилет. «Арпакан
менен ушул үйдө коштошподум беле. Мага карыганда жолуккан, мени бактылуу кылган
Арпакан каякта? Эмнеси болсо да билсем экен».
Мына эшик ачылды, кайненеси Канымкан көрүндү.
– Оо, касиетиңден айланайын, дагы эле кадимкисиндей экен го!..
Ой учу чубалып келип, табышмактуу ойлор менен бир бирин кыя карап, бейтааныш
адамдарчасынан учурашып жаткан маалда байкас албай калса керек го, же байкаса да
акылдан адашканбы, Каракожо кайнатасы:
– Мен бактылуу адаммын, – деп кучактап, эки бетинен өптү эле, бетинен от чагыла
түштү. Кандайдыр бети калың тартып, от жанып, уялгандан эмне деп айтарын билбей
турду. Бир учурда көзүнө Арпаканга окшош бирөө көрүндү эле учурашкан жок, жөн эле
баш ийкегенсиди. Өзү таң калып, эмне экенине көзү жетпей, айран-таң калды. «Бул
ошобу, же окшоштуруп жатамбы? Билбеймин».
Каракожо бир оокумда күнөөлүү кишидей башын ылдый ийип, жай сүйлөдү. Адамдын
жаралуусу болсо, кайра өмүрүнүн бүтүшү да болот эмеспи. Жаралуусунда болдук,
бүтүүсүнө жетпей айта турган азыраак сөзүм бар.
– Балдарым, – деди Каракожо. – Менин атым – Каракожо дарыгер-табып, көп
нерселерди баштан өткөрдүм. Жакшы- жаманды көрдүм. Бирок биздин көргөнүбүздөй
турмуш аз кездешет. Мына быйыл пайгамбар коомуна бардым. Жашым алтымыш үчкө
чыгат. Менден жыйырма эки жаш улуу
Чыныбекти күйөө бала кылып алгам. Он үч жаштагы кызымды берип, андан азыр
Чымын аттуу жээним бар. Анын жарыкка келгенине жыйырма эки жыл толот. Азыр
Үрпөян аттуу келиним бар. Азыр күйөө балам Чыныбек сексен беш жашка чыгат. Менин
жашымда өмүрүндө баланын үнүн укпадым деп айткан эле. Уятына чыдабай тентип
кетти. Жашоого чек жок экен, быйыл жыйырма эки жыл өттү. Эчен жолу таң атып, эчен
жолу күн батты. Кызым Арпакан он төрт жашка толбой, турмушсуз калды. Бактысы
Чымын менен болду. Акыры
Чымын эс тартып, атасын издеп кеткенде, кызым жалгыз атасы мени таштап, уулу
кызык көрүнүп, уулу менен батышты карай кете берди.
Батыш жакка барганда кызым уулун да коюп, башка бир соодагер Машрасул дегенге
турмуш куруп алды. Жээним
Чымын ажыдаардын жыл сайын берүүчү салыгына туура келип калган падыша Мурат
хандын кызын өз бетинче куткарып, беш жыл бою эне-атанын бирин эстебей, Үрпөян
менен жашап калган. Кызым өзүнүн төрөгөн уулу Чымынды көзсүз болуп бизди билбесин
деп, тогуз жолдун тоомуна таштаткан. Ошондо ажыдаардан куткаргандыгы үчүн
Чымынды Үрпөян келип, ажалдан алып калып, ак ниети менен көздүү болууга чейин
жетише алды. Бул дүйнө – аманат, кимдер жалган, кимдер ак, уулу акпы, же эне акпы,
таятасы акпы, же күйөө балдар акпы, мына көгөргөн асмандын астында, карайган жердин
үстүндө, кимдер күнөөлүү, өзүм чече албай сиздерге салдым. Биринчи күнөөлүү өзүм,
себеби өзүнөн элүү жаш улуу небересиндей жалгыз кызымды он үч жашында зордоп баш
коштургамын. Ким күнөөлүү, кызым эмнени билди.
Чыныбекке күнөө жабалы десем, арзы-муңун түгөтө албай, ал баласыздыгын айтып,
эч нерсеге карабай тентип жүргөн мүңкүрөгөн туяксыз карыя, бир мусаапыр болуп
олтурбайбы. Кийинки күйөө балада кыпындай да күнөө жок го деген ойдомун. Ошол
күйөө балам күнөөсүз эле ашыктын туткуну. Мындан бала бар, аты – Көгөн. Мына бул
бала жээним деп, обу-сыны жок чоң баланы элге көргөздү. Бул болсо эң биринчи жээним
Чымын, – деп, Чымынды Көгөндүн жанына өткөздү. Бул болсо эң биринчи күйөө балам –
Чыныбек – Чымындын жанына отургузуп жатып: – Чымындын атасы, – деп, Көгөндүн
жанына алып келип отургузуп жатып саалча чогоолдук, кыска акылдуулук, аялдын
тилине кирмелик кылып койгонсуң.
Өмүргө балта чабуу колдон келсе да, келбесе да карасанатайлык кылуу, турмуштагы
наадандык.
Аялдык чап кыялга алданган жалгандагы жалгыз кызым
– Арпакан. Эми жээним жээн бойдон, кызым кыз бойдон калсын, анан айта кете
турган сөз «эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт» деген сөздүн ачыгы эки күйөө
баламдын бири менен жашаганы оң го, кандай дейсиздер агаиндер дегенде, Машрасул
ордунан туруп:
– Мен орун бошоттум, менин балдарым мени унутпаса болгону деди да,
адамгерчиликтен аша кеткен иш жасаганым үчүн өзүм күнөөлүүмүн – деп, ордунан туруп,
эшик жакка бет алып чыгып кетти.
– Мейли өз күнөөңдү өзүң сезсең болгону – деп, ойлуу Каракожо узата карап, көпкө
тиктеп кала берди.
Каракожо улуу-кичүү, кары-жаш дебей элдин баарын жыйнап, ордо башчыларын
алдырып, акылмандарын чогултуп:
– Мындан ары жадырап жайнаган тынч турмуш болсун, билгендер, келгендер,
көргөндөр, адашкандар табышканын билишсин – деп, Каракожо дарыгер эчен мал союп,
Арпакан менен Чыныбектин никесин оңдоп кыйып, экинчи той берип, жыргап-куунап
бала-чакасы менен жашап жатып калышкан экен.
МАТОСМОН ЫСМАЙЫЛ УУЛУ
1928-жылы Каракулжа районундагы Алайкуда кедей-дыйкан үй- бүлөсүндө туулган.
1935-жылы азыркы Сагындык айылындагы жети жылдык мектепке кирип, 1942-жылы 7класстын толук курсун бүтүргөн. 1950-жылы Фрунзедеги киномеханиктер мектебин
бүтүп, Каракулжа райондук кинофикацияда 1988-жылга чейин киномеханик болуп
иштеген. Анын жомокчу болушка атасы себепчи болгон. Ал киши колхоздо жылкы бага
турган. Кеч күздө жылкыны үйдүн жанына жуушатып коюп, түн ичинде ар түрдүү жомок
айтып берер эле. Атасы эски арабча билими бар молдо болгон. Жашында үйрөнгөн атасы
айткан жомоктор күнү бүгүнкүдөй бүт жадысында калган.
Алай – Алайку өрөөндөрүнө фольклордук экспедицияга барганыбызда Матосмон
жомокчунун жомокторун, Кулчу айылынан Куштар Куттугалы уулунун комуз күүлөрүн,
Ылайталаа айылынан Төрөбек балбалдын эскерүүлөрүн ж.б. көп фольклордук
материалдар чогултулду.
КАШКУЛАК
Илгери бир өткөн заманда Абалкан кандын тушунда бир абышка-кемпир эптеп жашап
жүргөн экен. Абышка жалгыз кер байталын минип алып, күндө койгон капкан-тузагына
эмне түшсө ошону үйүнө алып келип, кемпири экөө күн кечирет. Күндөрдүн биринде
абышка капкан салган жерине келсе, капканга кашкулак түшүп калыптыр. «Куда кааласа
кемпир экөөбүзгө эки-үч күндүк оокат табылды» – деп, ичинен кымылдайт да, капкандын
казыгын сууруп, кашкулакты өлтүрмөк болот. Ошондо кашкулакка тил бүтүп:
– Айланайын, ата, мени өлтүрө көрбө, сизге бала болоюн, кемпир экөөңдү ата-эне деп,
колумдан келишинче сизди багайын – деп, жалынып-жалбарып, абышканын алдына
жыгылып ыйлайт.
Абышка өмүрүндө мындай укмушту көрбөгөн неме нестейип, эси ооп жыгылат. Бир
маалда эсин жыйып караса, жанында кашкулак, капканга чаптырган бутун кармап ыйлап
отурат. Абышка көптү көргөн кыраакы адам болгон соң, эмне болсо да бул кашкулакты
кемпирге тирүү алып барайын деп, капкандан чыгарбай сүйрөп жүрүп отурат, зоонун
түбүндө отурган үйүнө келип:
– Оо, кемпир, мен бир укмуштуу нерсеге кабылдым, келип көрчү сен! – деп, кемпирин
чакырат.
– Бул кашкулак семиз экен, эки-үч күндүк оокат таапсың абышка, андан көрө тез сой,
шорпо жасай коёюн – деп, кемпир шыпылдайт.
Ошондо кашкулакка кайра тил бүттүп:
– Айланайын, энеке, андай дебеңиз, мени бала кылып алыңыз, силерди багууга
жарайм – дегенде, кемпир көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, эси ооп жыгылып түшөт.
Абышка кемпирге суу чачып, эсине келтирип туруп:
– Көрдүңбү, кемпир, өмүрү ыңаа деген баланын үнүн уккан жок элек, бала болоюн
деген сөзүнө кубандым, ушуну бышырып жегенде кай муратка жетет элек, андан көрө коё
берейин – деп, кашкулакты капкандан чыгарып коёт.
Ошондо кашкулак ата-эне деп, абышка-кемпирге жүгүнөт да:
– Мен сиздерге тез оокат таап келейин – деп, кашкулак желе-жорто жөнөп кеткен
экен. Ошондо абышка-кемпирдин мууну бошоп, ыйлап отурушат. Абышка капканды
сүйрөтүп үйгө келгенде, кеч кирип калган. Кашкулак ата-энеме оокат таап келем деп
кеткенде, караңгы түн түшкөн болуп калат. Бир маалда шарт эшиктен кирип келип:
– Мына сиздерге оокат! – деп, көп кекилик-чилди абышка- кемпирдин алдына таштап
коёт. Абышка менен кемпир аябай таң калып, кекилик-чилди колдоруна кармап көрүп:
– Чын эле кекилик-чил экен – дешип, таң калышат да, кашкулакка карашат. Ошондо
кашкулак жылтыраган курч көздөрүн күлүңдөтүп:
– Сиздерге ыракмат, мени өлтүргөн жоксуңар, эми мен сиздердин балаңармын,
мындан кийин өзүм багам силерди, – дейт.
Ошондо шордуу абышка-кемпир көздөрүнө жаш ала ыйлап:
– Мунусуна да шүгүр – деп, аябай сүйүнүшөт. Ошентип, абышка-кемпирди Кашкулак
баласы түн ичинде таштын коңулунда жаткан кекилик-чилди секин кармап келип,
кекилик-чилдин этине карк кылып, абышка-кемпирди бага баштайт. Күндөрдөн күн өтүп,
айдан ай өтүп, жыл мезгили болгондо, абышка кемпирдин жүзү жаркып, балпайган аппак
кемпир-чал болуп, анча-мынча мал күтүп, турмушу оңоло баштайт. Жамандык жерге
жатабы, бул аңыз элдин кулагына да жетет экен. Ошондо эл ичиндеги акылмандар
«кайыптан жардам болуп, баягы бала көрбөгөн шордуу абышка-кемпир бир Кашкулак
бала көрүптүр» дешсе, кээ бир адамдар: «Жок андай эмес, кемпир түн ичинде ыйлап
отурса, бир адам келип, бала кылып ал деп, колуна кашкулакты берип, көздөн кайым
болуптур» – деп, түрдүү айыңды айтышат.
Ошондо абышканын Кашкулак баласы атасына мындай дейт:
– Ата, сиз зоонун түбүндө жалгыз отурбаңыз, эл аралап конуңар – дейт экен.
Кемпир-чал баласынын тилин алып, эл аралап конот. Бир күнү абышка кер байталды
токуп минип, айыл аралап конуп калган экен.
– Мен да барам, – деп, ошондо Кашкулак уулу атасынын артынан желе-жорто кошо
жөнөйт. Айылга жакындаганда, айылдын иттери абалап үрүп, кашкулакты тегеректейт,
ошондо абышка коркуп кетип иттерге тап бергенде баласы:
– Ата, убара болбой, жөнөй бер, бул иттер мага жолой албайт, – дейт.
Абалап келген топ итке кашкулак тишин ырсайтып койгондо, иттердин баары
коркуп, туш-тушка качат.
Айылдын адамдары кашкулакты көрүп, таң калышат да:
– Ээ, аксакал, сен бул кашкулакты эмне ээрчитип жүрөсүң? – деп, шылдыңдай
башташат.
Кашкулак адамча сүйлөп, адамдарга кайрылып:
– Силер эки аяктуу макулук болсоңор, мен төрт аяктуу макулукмун, менден силердин
кандай артыкчылыгыңар бар?
– деген экен.
Көпчүлүк адамдар көзүнөн жаш чыкканча күлсө, кээ бир адамдар эси чыгып үйлөрүнө
качат.
Мына ушундай аңыз угулуп, кандын шаарына да жетет, күндөрдүн биринде кандын
желдети келип, абышкага мындай деген экен:
– Сизди кашкулак баласын ээрчитип келсин деп кан чакырып жатат, – дейт.
Абышка-кемпир нары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп балама зыяны тийбес бекен
дегенде, кашкулак баласы:
– Ата, коркпой бара бер, оозуңа эмне кирсе, ошондой сүйлөй бер, менден кеп сураса,
өзүм жооп берем, – дейт.
Ошентип, абышка баласын ээрчитип кандын шаарына келген дейт. Ошондо кан
кашкулак ээрчитип келе жатканда абышканы көрсүн деп он жети жашка чыккан ай десе
ай, күн десе күндөй болгон сулуу Айпери деген кызын чакырып, кашкулакты көрсөтөт.
Кашкулактын чоңдугу иттен чоңураак боло турган. Айпери сулуу кашкулакты таңыркап
карап турганда, абышка салам айтып, канга жүгүнүп, ырайым тилейт.
Кашкулак да канга таазим кылып, Айпери сулууга жүгүнүп:
– Кандай жакшы жүрөсүзбү, Айпери сулуу? – дейт. Кыз селт этип, атасын карайт.
– Менин атымды кайдан билет бул шумпай, – дейт. Ошондо айткан сөзүн биле
койгондо:
– Сиздин сулуулугуңуз ай сыяктуу экен, ошондуктан атыңыз Айпери болсо керек деп
айта салдым, каныша – деген экен.
Кан айран-таң калып абышкага:
– Бул кашкулакты кайдан таптың, чының айт, калп айтсаң, тилиңди кесип салам! –
деп коркутат.
Абышка коркконунан айтмакчы болгондо, Кашкулак уулу:
– Каным, баш кесмек бар, тил кесмек жок! – дептир.
Айдан ай өтүп, жыл маалы болгон кезде, Кашкулактын аябай өңү азып, арыктап кетет.
Кыраакы абышка-кемпир баласына жалынып-жалбарып:
– Эмне үчүн мурункудай өңдүү болбой, арыктап кеттиң? – деп сурашат.
Кашкулак баласы: – Мен кандын кызына ашык болуп калдым, кандын Айперисин
мага алып бер, – дейт.
Абышка-кемпир коркуп: – Кокуй, балам, андай дей көрбө, кан кызын бизге бербейт, –
дейт.
Ошондо Кашкулак уулу чочуп кетип:
– Ата, кокуй дебеңиз, мен Айперисиз жашай албаймын, андан көрө канга жуучу болуп
барып келиңиз, – деген экен.
Ошондо кемпир-чал ойлонуп отуруп:
– Барса барайын, бирок мени өлтүрүп койсо, энеңди жакшы багып ал, – дейт.
– Ата, эч ойлонбо, канга мен жуучу болуп келдим, кызыңды менин Кашкулак уулума
бер деп ачык айт. Коркпо, эмне десе да мага айтып кел, – дептир.
Абышка кемпири менен акылдашып, кер байталга минип, кандын шаарына жөнөп
кетет.
Көп узабай кандын шаарына келип:
– Мен жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – деп, кандын дарбазасын каккылайт.
Кандын обозгерлери мунарада кан менен сейилдеп отурганда, кароолчусу канга
кирип, абышканын жуучулугун угузат. Кан обозгерлери менен сурак кылуучу жайга
ээрчитип келип, сурай баштайт:
– Кандай жуучусуң! Кимге? Эмнеге жуучусуң? – деп сурашат.
– Каным, кызыңды менин Кашкулак уулума бергин? – дейт.
Кандын ачуусу келип:
– Мына бул акылсыз чалды айыбы үчүн буту-колун чагып, байталына артып, коё
бергиле, озондотуп! – деп буйрук кылат. Обозгерлер жигиттерин чакырып алып,
абышканы карматып, буту-колун ташка койдуруп чагып, эсин оодарып кер байталга
таңып, коё берет.
Кер байтал абышканын өлүктөй денесин көтөрүп келе жатканда, кемпири көрө коюп,
өкүрүп-бакырып:
– Кайран абышканы өлтүрүп коюшкан экен! – деп ыйлайт. Кашкулак баласы жележорто байталга жетип:
– Эне, атам тирүү экен, ыйлаба, – дейт да, – үйгө төшөк сал, атам уктап эле тура калат,
коркпо, – деп, байталдан абышканы түшүрүп, кийирип, жаткызып коюп, энесине от
жагып, оокат жасоого буйрат.
От жагып, оокат асып коюп, кемпир үйгө кирсе, абышка чүчкүрүп-бышкырып:
– Мен уктаган экенмин, кемпир – деп, күлүп коёт. Абышка буту-колун кармап көрүп,
өзүнчө кобурайт:
– Тобо, мени чалажан кылып, буту-колдорумду ташка коюп чакпады беле, эми карачы,
кемпир, эч жерим оорубайт, – деп таң калат.
Жанында отурган Кашкулак баласы:
– Ата, мен жуучумун, жуучумун, жуучулукка өлүм жок деп, дагы бара бер, – дейт.
Абышка-кемпир башын ийкеп, макул болушат. Көп кечикпей шаарга жетип:
– Мен жуучумун, жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – деп, кандын дарбазасын
каккылайт.
Ошондо Абалкан аттуу кан обозгерлери менен таң калып:
– Эми муну өлтүрүп туруп, байталга таңып, коё бергиле!- деп, обозгерлерге буйрук
берет. Обозгерлер желдеттерин чакыртып, абышканы кыйнап өлтүрүп, белден омкоруп
туруп эки бөлүп, байталга жүктөп коё берет.
Кер байтал абышканын өлүгүн көтөрүп, үйүнө келет. Кемпир абышкасын өлтүрүп, эки
бөлүп теңдеп, байталга артып коё берген экен, – деп ыйлайт.
Кашкулак баласы:
– Атам өлбөйт, тирүү эле экен, – деп, мурункусундай төшөк салдырып, жаман
алачыкка жаткызып коёт. Кемпир ыйлап отурса, абышка чүчкүрүп-бышкырып тура
калып:
– Тобо! – деп, жакасын карманат, кемпири да көзүнө ишенбей, абышканы улам-улам
карайт.
Эртеси баласы атасына:
– Баягы жуучулугуңду айтып, канга бара бер, ата, – дейт.
Абышка дагы шаарга жөнөйт, бат эле кандын шаарына жетти: – Мен жуучумун,
жуучулукка өлүм жок! – деп дарбазаны каккылайт.
Кан обозгерлерин чакырып алып:
– Муну кандай өлтүрсөк, болбой эле келе берет экен, эмне кылабыз? – дейт.
Ошондо башкы обозгер:
– Таксыр, муну өлтүрүп туруп, күлүн көккө сапырып ийип, бир чымчым күлүн
чүпүрөккө түйүп, байталдын куйругуна байлап туруп, байталды коё беребиз. Анан кандай
болоорун көрөбүз, күчү жетсе тирилип көрсүн ошондо.
Кан обозгердин акылына макул болуп, абышканы өлтүрүп, өрттөп, күлүн көккө
сапырып, бир чымчым күлдү чүпүрөккө түйүп, кер байталдын куйругуна байлап коё
берет. Байтал жүрүп отуруп абышканын жаман алачыгына жетип келет. Кемпир көрө
коюп:
– Абышка жок, чындап өлтүргөн экен. Эми эмне кылабыз? – деп ыйлап, баласын
чакырат.
Кашкулак жыттап-жыттап көрүп:
– Атам кошо эле келиптир, эне – деп куйругундагы түйүнчөктү чечип алып: – Мына
атам, төшөк салың, – дейт.
Кемпир шаша-буша төшөк салат. Баласы баягы бир чымчым күлдү төшөккө коюп:
– Атам уктап турат, – дейт.
– Өх! – деп абышка тура калат. Абышка бүткөн боюн карап көрүп: – Жуучулукка өлүм
жок, – дейт.
Эртеси атасын эптеп тургузуп:
– Ата, канга дагы бар, – деди.
Атасы макул болуп, шаарга жөнөп кетет. Бат эле кандын дарбазасына жетип:
– Мен жуучумун, жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – дейт. Ошондо кан чочуп кетип,
жакасын кармап:
– Кудая тобо, кандай өлтүрсөм да болбой, тирилип жатат,
– эмне кылаарын билбей, мурдагыдай абышкага жаман сөз айтпай туруп, өзүнүн жанжөкөрлөрүн, акылдуу айлакерлерин, билерман обозгерлерин чакырып алып, мындан
кандай кутулаарын айтып, кеңешке чакырат.
Ошондо бир акылдуу обозгери:
– Каным, муну өлтүрүүгө болбоду, эми таксыр, мындай тапшырма берели, кандын
ордосунун алдына бир мунар терек, бир чынар терек орнотсун. Анын түбүнө бир май көл,
бир сүт көл орнотсун, экөөнүн балыгы бир көлдөн экинчи көлгө бири- бирине секирип
түшүп турсун. Андан кийин колотто жалаң кой болсун, бул коктуда топоз, бул коктуда
жалаң жылкы, бул жерде жалаң төө болсун, булар санаса адам санай албагыдай көп
болсун, жанагы мунар терек менен чынар теректин ортосуна алтындан так орнотулсун,
ошого отуруп кан май көл менен сүт көлдөн секирип ойноп жаткан балыкты көрүп
тургандай болсун, ошонун баарын аткарса, кандын кызы Айперини абышканын уулуна
беребиз, – деген экен.
Кан көп ойлонуп туруп:
– Болуптур, ушуга макул болбосо, кызымды берем, кан сөзү эки болбойт, баарын
даярда, – деп абышканы чакыртып, кан абышкага убада берип, бүт элге жарыя кылат. –
Муну орундатпасаң, өмүрүң өткөнчө уулуңду, кемпириң үчөөңдү зынданга салып
чиритем – дейт.
«Кемпир экөөбүз го карыдык эле, ушунча жылдан бери багып жүргөн уулум эмне
болот?» – деп капаланат. Кер байталга минип, абышка тез үйүнө кайтат.
Абышканын келгенин баласы көрө коюп, аябай сүйүнүп:
– Ата, эмне деди кан? – деп сурайт. Анда атасы капаланып, кандын буйругун төкпөйчачпай баарын айтат.
– Эч капа болбо, ата, арзан эле жумуш тура, – дейт, анда баласы.
– Балам, муну кандай табабыз? – дейт атасы.
Ошондо кер байталга абышканы мингизип алып, кемпирди учкаштырып, алачыкты
кашкулак баласы көтөрүп, азыноолак малын айдап, кандын шаарына жакындап келип,
алачыкты тигип жатып калышат.
Эртеси кеч киргенде, кер байталды мингизип алып, өзү артынан ээрчип жөнөп
кетишет. Түн киргенде шаарга кирип, кандын дарбазасына келип токтоп, эч кимге
көрүнбөй, кер байталды атасына сойдуруп, калдасын кесип алып:
– Бир кулагын мунар терек, бир кулагын чынар терек бол! – деп жерге сайып коёт,
саяр замат мунар, чынар терек пайда болот. Эки көзүн чукуп алып, эки теректин түбүнө
коёт.
– Бириң май көл, бириң сүт көл бол, – дейт.
Эки көл даяр болот, жалын кесип алып, кылды майда кыркып:
– Балык бол! – деп, көлгө салар замат балык болуп ойноп, биринен бирине секирип
турат. Кер байталдын башын жара чаап, ортосуна коюп: – Алтын так бол, кан отургандай,
– дейт, ал да даяр болот. Кан-жинин, бок-сагын ар колотко чачып:
– Кой, уй, жылкы, төө бол, – деп кобурайт. Айткандай кокту-колотко түрдүү мал пайда
болот. Төрт шыйрагын төрт жерге сайып, төртөөң төрт алтын мамы бол, кандын күлүк
аттары байлангыдай болсун, – дейт. Ал дагы орундалат.
Абышка баласына аябай таң калып туруп сүйүнүп:
– Ыракмат, балам, өнөрүңө, – дейт.
– Эми этти мага арт, ата, калдасын кошуп – дегенде абышка Кашкулакка бир
байталдын санын сан, колун кол кылып майдаланган этти бүт артат. Баласы:
– Ата, секин эч кимге көрүнбөй келе бер – деп, өзү желе- жорто жөнөйт. Этти кер
байтал байланган жерге илип коюшат да, жатып калышат. Бир маалда байтал кишенейт
экен, ошондо абышка чочуп ойгонуп, эшикке чыкса байтал байланып турат. Атасы
сүйүнүп, кемпирге кеп кылып отурганда, Кашкулак баласы ойгонуп, күлүп турганын
көрүшөт.
Аңгыча болбой кандын чабагандары абышканын жаман алачыгына чаап жетишип,
сүйүнчү айтат:
– Оо, сүйүнчү, шордуу абышка, сенин кашкулак уулуңа Айперини бермек болду
каныбыз, бүгүндөн калбай тез алып келгиле. Сизге айткан бардык буйругун аткарып
коюпсуз, малдын көптүгүн айтпа, тез жөнөңүз! – дешет, ошондо абышка- кемпир
Кашкулак уулун соксоңдотуп кандын ордосуна жөнөйт. Ошондо кандын кудасын тособуз
дешип кан өзү баштап кырк обозгер келген экен. Кандын ордосунун жанына төрт чоң ак
үй тигилиптир, бирине абышка-кемпир кирди. Бирине күйөө бала кирет.
– Күйөө бала дегенибиз качан келет – дешип, кандын кызынын кырк кызы зарыгат. А
Айпери болсо ыйлап:
– Өлөмүн! – дегенден башканы айтпайт. Күйөө дегенибиз баягы Кашкулак соксоюп
өргөөдө жалгыз отурат.
Кан кудасына келип:
– Эми сиз баарын орундаткан экенсиз, кырк күн тоюн берем, аземдеп туруп үй салып,
кызды кийиребиз. Өзүңүз келип уулуңуздун урматын көрүп жата бериңиз, – деп чыгып
кетет. Кандын кызы нөөкөр кыздарын жанына чакырбай, өзү жеңелери менен күйөө бала
отурган өргөөгө кирип келет.
Ошондо:
– Сулуу, эмне ыйлайсың? Сен мындай кылба. Мен сенин көөнүңө толгудай күйөө
баламын, эч капа болбо! – дейт.
Кыз ага болбой:
– Саксайган өлүксүз, нары тур, сен кантип мага күйөө боло аласың – деп шылдыңдап
күлөт.
Ошондо кашкулак:
– Эртеңкиге чейин мени менен болсоң, ыйламак турсун сүйүнсөң, андан көрө өлөмүн
деп коркутпай, чыда, – дейт.
Кыз аябай таң калып, сүйлөгөн сөзү кызга укмуштуудай жагып, кызды тер басып
балкытат, ошентип отуруп кыз уктап калат. Кыз ойгонгондо, жанында соксоюп кашкулак
отурат, башка эч ким жок. «Мени шылдыңдап жатабы, же чын эле күйөө болуучу неме
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.