Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 15

Total number of words is 4128
Total number of unique words is 1880
33.4 of words are in the 2000 most common words
47.5 of words are in the 5000 most common words
54.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кекиртек кыйкыра албай, куурай сан кубалай албай, он теңгени алдырып, улакты
жетелешип жолго түшүшөт.
Ошентип үч кошуна келишип, улакты союшуп, ичегилерин жууйлу дешип суу боюна
келишет. Ысыкта ичеги жыдып калган экен, чоюп сыдырып жатышканда үзүлүп кетип,
бир учундагы суюк коргол жабылат. Ошондо сөөмөйү менен ала коём деп мээсин чукуп
алып, каканак баш өлүп калат.
– Кокуй, эмне болот? – деп, байкабай кыйкырган кыл кекиртектин кекиртеги үзүлүп,
ал мүрт кетет.
– Олдо, шорум ай! – деп, куурай сан эки тизесине бир чапса, эки саны үзүлүп, ал да
жыгылып жан берет.
Ошентип, үч кошуна кудайы кылабыз деп акырына жетишкен экен. Улактын этин ар
ким жеп кетиптир.
ШАКЕРБАБ-ШАРИФ
Илгери бир өткөн заманда улуу шаарлардын биринде бир хан болуптур. Хан өмүрүндө
көпкө чейин бала көрбөй, акыры удаасы менен эки уулдуу болуптур. Улуусунун атын –
Шакераб, кичүүсүнүн атын – Шариф коюптур. Шакераб, Шарифтин бири алтыга, бири
үчкө чыкканда, хандын аялы катуу ооруп, шал болуп кыймылдабай калат. Аны Хан бир
күнү соодагерлерге берип жиберет. Арадан жылдар өтүп, хан жаш аялга үйлөнөт.
Мурдагыдай эле эл сурайт, ууга чыгат, өмүрүн оюн-тамаша менен өткөрө берет. Бирок
каардуу экен. Бул кезде Шакераб, Шариф эр жетип калат. Айрыкча Шариф сымбаттуу,
сулуу жигит болуп өсөт. Шакераб көбүнчө ууга чыкканды жакшы көрөт.
Хандын аялы Шарифти сүйүп калат. Күндөрдүн биринде Шарифке ханыша жакын
келип, сүйүп калганын айтат.
– Атаңды өлтүр, мени ал, болбосо жакшылык көрбөйсүң менден, – дейт.
Буга Шариф көнбөйт. Качат. Ошентип, ханыша күндө жигитке асылат. Артынан үзүлүп
түшөт. Бирок Шариф макул болбой коёт. Акыры айласы кеткен ханыша айлакерлик
кылып ханга мындай деп арызданат:
– Ханым, биздин тынчыбыз бузулду. Сен ууга чыгып кетээриң менен уулуң Шариф: –
Сен мага тийишиң керек. Атамы өлтүр, болбосо сени өлтүрөм, – деп кыйноочу болду.
Шарифти жогот, – дейт.
Чагымга ишенген каардуу хан эки жигитин чакырып, Шарифти талаага алып барып
өлтүрүп келүүгө буюрат. Хан өкүмү өкүм экендигине ишенген Шариф айласыз моюн
сунат.
Желдеттер Шарифти алыс талаага жеткиришип, өлтүрөр алдында мындайча
аңгемелешет.
– Бул жигиттин ушул сымбатындагы өлүмү убал болор.
Өлтүргөндө хан бизге сыйлык берет беле. Андан көрө, сен жигит көз көрүп, кулак
укпаган алыс жерге кет. Биз сени өлтүрбөйбүз. А эгер сенин тирүүлүгүң билинсе, биздин
башыбыз кетет, – дешет.
Желдеттердин шартына ант берген Шариф денесинен кан чыгарып көйнөгүн канга
боёп берип, жылаңач жолго түшөт.
Ошол кезде уудан кайтып келаткан Шакераб жолдон кезигет. Ага болгон окуяны
Шариф төкпөй-чачпай айтып берет. Муну уккан Шакераб:
– Аа, тууганым! Сени өлүмгө кыйган ата-эне мени соо коймок беле, мен да сени менен
болом, – дейт.
Жанындагы жолдошторуна:
– Атама бир кайберенди кубалап баратып аскадан учуп өлдү деп койгула, – деп,
дилдесинин жарымын берет.
Ошентип, эки бир тууган төгөрөктүн төрт бурчун кезип, сапар тартып кете беришет.
Таң атканда жол тартып, күн баткан жерде түнөшүп, нечен күндөр өтөт. Арып азышат.
Чарчашат.
Бир күнү бир үңкүрдү башпаанек кылып отуруп, эки жигит өлүк уйкуга кетет.
Үңкүрдү байырлаган эки баштуу жылан бар экен, сойлоп келип эки жигитти көрөт.
Айдын жарыгынан Шарифтин сулуулугуна таң калат, сугу артат. Акыры жылан Шарифти
мойнунан кысып өлтүрүп коёт.
Таң атат, чарчап көпкө уктаган Шакераб туруп караса иниси өлүп жатат. Шоруна шор
кошулган жигит көмөйүн десе, эч нерсеси жок айласы кетет. Акыры бир аз дилдесин
чүпүрөккө жарымын ороп: «Бул жигит хандын уулу эле жер кезип жүрүп набыт болду.
Боорукер бирөө болсо ылайыгын таап, жерге жашырып койсун, акысы жигиттин
чөнтөгүндө», – деп, кат жазып таштап коёт. Өзү ыйлап-сыктап жолго түшөт. Ошол тоодо
илгертен бери көп мал күтүп, элден четтеп тиричилик өткөргөн кемпир-чал бар экен.
Алар өмүр бою бала көрбөптүр. Бир күнү кемпири отуруп чалына кеңеш салат.
– Абышка, эми жашарын жашадык, кудай бизге перзент айтпады. Өсөрүбүз калган
жок, өлөрүбүз калды. Малды айдап базарга саталы, өзүбүз керектүүсүн алалы, калганын
бей- бечараларга таркатып берели, эл эптеп экөөбүздү көөмп коёр, – деп айтат.
Чалы макул болуп, малын базарга сатып, элге келатышып, жолдо түнөш үчүн жол
боюндагы бир үңкүргө кайрылышса, бир жигиттин өлүгү жатат. Андагы катты окуп,
мунун аты Шариф экендигин билишет. Жакшылап байкашса, муунуп калган жигиттин
толук жаны чыккан эмес экен.
Муну бир кудай жеткирди деп, шашкалактаган чал- кемпир жигитти айылга
жеткирип, жыгач тепшиге сүт толтуруп, Шарифти салып коюшат. Жыландын заары сүткө
чыгып, жигит акырындап жандана баштайт. Ошентип, Шариф айыгып чал-кемпирге уул
болуп калат. Кампайып бөксөсү толуп кемпир-чал бар тапканын уулунан аябай жашап
калышат. Шариф карылардын отунун алат, суусун тейлейт, малын карайт.
Шакераб аз жүрдүбү, көп жүрдүбү бир кезде бир чоң шаардын дарбазасына келип
жетет. Келсе шаардын көчөлөрүндө эл батпайт. Чал-кемпир, бала-бакырасына чейин
көчөдө ызы-чуу жүргөн элди көрүп таң калат. Акыры жолоочулардын бирөө шаардыктын
бирөөн токтотуп, ызычуунун себебин сурайт:
– Ээ, – дейт тиги адам, – биздин элдин ханынын өлгөнүнө бүгүн үч күн болду. Хан
өлөрүндө осуятын айтыптыр. Анын учар кушу бар экен. «Мен өлгөндөн кийин кушту коё
бергиле, куш кимдин башына консо, ошону хан шайлагыла» деген. Ошондуктан бүгүн үч
күндөн бери куш айланып, эч кимге конбой учуп жүрөт. Кимибизге конор экен дегендер
үч күндөн бери уйку көрбөй көчөдө жүрөт. Силер да шаарга кирип, бактыңарды сынап
көрсөңөрчү, – дейт.
Тиги сөздөн улам жолоочулар шаарга кирет. Баягы куш айланып келип Шакерабдын
башына конот. Дүрбөлөңгө түшкөн падыша сарайынын адамдары Шакерабды килемге
салып көтөрүп, такка отургузушат. Эл өзүнүн акыйкат ханынын осуятын ушинтип
аткарат.
Күндөрдүн биринде эл башына алаамат түшөт… Бир ажыдаар болуп, ал күн сайын
бирден кыз жутат. Кызды хандын өзү жетелеп келип, ажыдаарга берчү экен. Болбосо
ажыдаар шаарды бүт койбой, жутуп коюшу мүмкүн экен. Күн артынан күн ээрчип нечен
сулуу кыздар, нечен элдин гүлү соолуптур.
Кезек акыры Шариф уул болгон чал-кемпирге жетет. Анткени алардын коңшусунун
жалгыз кызы бар экен. Хан ошону ажыдаарга бермек болот. Чал-кемпир бүк түшүп жатып
калат. Ботодой боздоп, ыйлайт. Муну уккан Шариф ата- энесинен сурайт:
– Э, балам, – дейт анда абышка, – эмнени сурайсың. Бул
– биздин элдин башына түшкөн балээ. Ажыдаарга жем болмок кезеги биздин
кошунанын кызына келди. Бул ажыдаар нечендеген эрди жайлаган, нечендеген элди
соргон. Бир кезде жалаң падышаларды жутчу экен. Эми кыздарды жута баштаптыр, –
дейт.
Бул сөздү угуп, Шариф тынчып тура албай:
– Ажыдаарга мен барамын, – дейт. Ата-энеси:
– Кой! – деп, боздоп ыйлайт.
Ага Шариф болбойт. Айтуучу келгенче кошуна кыздын кийимин кийинип, койнуна
абышканын албарс кылычын катып, даярданып турат. Акыры хандын желдети келет.
Шариф кыз хандын алдына барат. Хан кызды жетелеп, ажыдаарга жөнөйт. Ажыдаар
көрүнгөндө хан:
– Кош бол, кызым, – деп кайра тартат.
Көп өтпөй эле Шарифти шамал дегдеңдетип ажыдаарга айдай баштайт. Ал
ажыдаардын оп тартып жатканы экен. Омуроодой таштар учуп, дарактар жулунат, Шариф
алмас кылычты тике кармап, баса берет. Алты кес ажыдаар ортосунан тең бөлүнүп калат.
Баланы алып кеткенден эртеси эки кошуна эмне болсо да бир барып көрөлү, баланын
өлгөн жерине шам жагып келели, – деп жөнөйт. Кемпир-чал келип, көргөн көздөрүнө
ишенишпейт. Ажыдаар тең бөлүнүп жатат. Ажыдаардын ортосунда Шариф жатат.
Жигитти алып байкашса, чыгарчыкпас жаны бар. Шашылыш айылга жеткирип, дарыгерлерди чакыртып, жигитти
айыктырып алышат.
Жигит күчүнө киргиче күндөр өтөт. Айлар жылат. Кемпирчал уулуна сыймыктанып, жашай берет.
Күндөрдүн биринде айылдагы соодагерлер башка бир шаарга соодагерчиликке жөнөп
калат. Эл менен кошулуп Шариф да кемпир-чалдын кем-карчын алып келүүгө жөнөмөкчү
болот. Соодагерчиликке төөсү жок, эшек токуп, тапкан-ташыгандарын артып, кемпирчалдын азыноолак жандыгын айдап, жолго түшөт.
Соодагерлер көп кечикпей шаарга келишип, буюмдарын сатып, дүр-дүнүйө алышат.
Шариф да колундагыларын сатып, керектүү буюм-теримин издеп жөнөйт.
Ошол күнү сакалдуу бир карынын сандык жетелеп жүргөнүн көрөт. Сандык бас десе
басат, токто десе токтойт. Соодагерлердин эч кимиси сандыкты албайт. Бирок ага Шариф
кызыгып калат.
– Мунун ичинде не бар?
– Не бар, не жогун билбейм, – дейт кары. – Сандыкты алган да арманда, албаган да
арманда, наркы жүз дилде. – Сандыктын ээси ушинтип жар сала берет.
Шариф көпкө чейин ойлонуп: «Албай арманда калгыча, алып арманда болоюн» – деп,
дилдесин санаса туура жүз дилде экен. Жүз дилдени берип, сандыкты сатып алат. Шариф
сандыкты алып келатса, сандыктан кыздын үнү чыгат:
– Шариф, – дейт кыз, – мени сатып алдың, эми мен сендикмин. Бирок сандыкты үйүңө
бармайынча ачпа, азыр мага өмүр баяныңды, башыңан өткөндөрдү айтып, жазып бер,
анан мен айтканды кыл, – дейт.
Жигит макул болуп, өмүр санжырасын жазып, сандыктын жыртыгынан кызга берет.
Күн кечтеп, соодагерлер жолго чыгышат. Жолдо күн батып, соодагерлер бир
дарыянын боюна түнөйт. Шарап ичип чардашат. Кой союшуп, тамакка карк болушат.
Аларга кошула албаган Шариф четте тиричилигин өткөрө берет. Бир кезде кызыган
соодагерлердин бири Шарифке:
– Сандыгыңды ач, – деп асылат. Шариф:
– Ачпайм, – деп болбойт.
Бекер отурган соодагерлер жабыла турушуп Шарифти кармашып, байлап сандыкты
ачышат. Сандыкта ай десе Ай, күн десе Күн бир сулуу кыз олтурат. Сандыкка Шарифти
салып, кызды алып калып дарыяга ыргытып жиберишет.
Соодагерлер таң аткыча кызды талашып, кызыл чеке болушат. Бирок эч ким бир
бирине ыраа көрбөйт. Талаш күн көтөрүлгөнчө созулат. Акыры соодагерлердин бири:
– Талашты ханга барып чечели, – деп кеңеш берет.
Ошентип, алар кызды жетелеп ханга келишет. Соодагерлер болгон окуяны төкпөйчачпай айтып беришет. Падыша ойлонуп туруп:
– Таң атканча чечимге келе албасаңар, күн батканча да чече албайсыңар, эми кыз
хандыкы болот, силердин акыңар жок – деп, соодагерлерди жолго салат. Падыша кызга
үйлөнмөккө тойго даярдана баштайт.
Той камы аяктап калат. Кыз падышага кирүүгө уруксат сурайт.
– Улуу урматтуу, таксырым, – дейт кыз, – мага үйлөнөрдөн мурун менин тагдырымды
сура. Мен бирөөнүн сатып алган аялымын. Мен ошого гана аял болом – деп, Шарифтин
баягы жазып берген өмүр санжырасын ханга берет. Санжыраны окутуп, биринчи үйүнөн
качкандагы окуяны, жылан чаккан окуяны угуп эстен танат. Өз колу менен ажыдаарга
алып барганын угуп экинчи эстен танат. Хан көптө эсине келип, шашылыш
соодагерлерди чакырат. Кызды хан сарайына табыштайт. Анткени бул хан баягы
Шарифтин бир тууганы Шакераб болчу. Инисинин көргөн күнүн угуп, бир кайгырса,
тирүү болгондугун угуп бир кубанат. Шашылыш желдеттерин жиберип соодагерлерди
алдырат. Ошондо соодагерлерге карап мындай деген экен:
– Силер менин бешенемдеги жалгыз бир тууганымды жайлапсыңар. Азыр жолго
чыккыла да, Шарифти издегиле. Тапмайынча келбегиле. Таппасаңар башыңарды алам,
ким тапса, ошого жарым хандыгымды берем, – дейт.
Соодагерлер жер кезип, суу бойлоп жөнөшөт.
Колу-буту байланган шордуу агып жүрүп отурат. Дарыя бара-бара айрык-айрыкка
бөлүнөт. Акыры бир айрык менен агып барып, бир кары дыйкандын суу парасына
кабылат. Суу сугарып жүргөн дыйкан сандыкты таап алат. Көтөрүп көрсө оор. Кемпирин
чакырып, экөөлөп суудан чыгарышат. Ичин ачса, колу-буту байланган сулуу жигит. Сууда
жатып көгөрүп калган. Дароо эмчини чакыртат. Шариф кеч күүгүмдө көзүн ачат.
– Уулум, сени бизге кудай жеткирди, – дейт дыйкан. – Мен карып, тириликке жарабай
калдым. Сен бизге бала бол. Бар дүйнөбүз сеники. Кызыбыз бойго жетип олтурат. Экөөңү
үйлөнтөбүз. Терим-жыйымда, – дейт.
Шариф ошентип өлбөгөн күнүнө ыраазы болуп, дыйкандын үйүндө жашап калат.
Арадан көп күндөр өтөт. Ошол айылда бир дарыгер бар экен. Ага алыс жерден үйрөнчүк
келчү экен. Дыйкан да Шарифке бир өнөр үйрөтөйүн деп, дарыгерге берет. Шариф
дарыгерге үйрөнчүк болот.
Дарыгер көп жылдардан бери хандын увазирлеринин аялын дарылап жүрчү экен. Ал
катуу оорудан буту-колу кыймылдабай калган экен. Күндөрдүн биринде дарыгер
увазирдин аялынан капалуу кайтат. Көрсө, абалы начарлап калыптыр. Дарыгер келип
ойлонуп, не болсо да түн күзөтөйүн дарылап көрөлү деп, үч шакиртин чакырып алып,
тапшырма берип, дары дайындап аялга жөнөйт.
Түнү менен мына бул дарыны жыттатып олтургула, эгер өлүп баратса, муну бергиле,
эгер таң атканга жетсе, жакшы болуп кетер дейт.
Үч шакирт табыптын айтканындай кылып оору аялдын жанында түн күзөтүшөт. Түн
бир убак болуп увазир уктаганы кетет. Бир кезде аялдын колу шалак деп төмөн түшүп
кетет. Аны Шариф кармап өйдө кылат. Ошондо аял көзүн ачып жиберген экен. Эми түзүк
болуп калды деп, уйкусу келген экөө эс алганы кетет. Көп өтпөй аял тилге келип, мындай
дейт:
– Уулум, сен тегин неме эмес экенсиң. Сен колуман кармаганда сол эмчегимен сүт
дирилдеп кетти. Ишенбесең кара. Эми оң колуму карма – дейт. Шариф аялдын оң колун
кармайт. Аялдын оң эмчегинен сүт агат. Сен менин уулум окшойсуң, тарыхыңы айтчы,
эмчегими эм, – дейт. Ыйлап- сыктап эне-бала көрүшөт.
Көрсө, бул илгери хан атасы соодагерлерге арттырып жиберген эки бир туугандын
энеси экен. Кубаныч ташыган Шариф энесинин эмчегин ээмп, кучактап жашып, уктап
калат. Таңга маал увазир ойгонуп, аялына келсе, жигит менен кучакташып жатат.
Аялынын төшү ачык, жигит эмчекти бүлкүлдөтүп соруп жатат. Сүт агып, бүт көйнөгү
булганыч. Увазир көргөн көзүнө ишенбей, каарына келип, кылычын алып, экөөн тең чаап
таштоого чуркайт. Бирок ойлонуп туруп аялын ойготот.
– Сабыр кыл, урматтуум, – дейт аялы, – бул менин уулум, мен уулуму таптым, – деп,
куландан соо басып кетет.
Кубаныч ташыган увазир көп дүнүйө берип, үч шакиртти үйүнө жөнөтөт. Шариф
адатынча кары дыйкандыкында жашай берет. Анан жыйым-терим мезгили келет.
Дыйкандын алган түшүмүн шаарга сатууга Шариф кетет.
Шакераб хан бир тууганынан эч дарек алалбайт. Ал жети ханга чейин кабар берет,
бирок инисинен кабар жок. Күндөрдүн биринде ууга чыгып, көңүл ачып келатып
дайрадан өтүүгө көпүрө издеп калат… Аңгыча жогортон торпок айдаган кызды көрүп, ага
кайрылып көпүрө сурайт. Кыз башын көтөрбөй, улуу таксырым, бул суунун жолу көп,
кубанычтан кору көп, эптеген өтөт, эптебеген түбүнө кетет, төмөн барсаңыз, таксырым,
кечүү бар, жакын, жакын да болсо алыс, жогору барсаңыз, таксырым, көпүрө бар, алыс,
алыс да болсо жакын. Менин үйүм суу бермейдин боюнда, суу дайранын тоондо – деп, кыз
басып кеткен экен.
Шакераб кыздын айтканына таң калып: «Жакынына кирейин, үйүмө тез жетейин,
ушул кызды алдырып, чын сырын билейин» – деп, кечүүгө салат. Хан алгыр атын
жигиттери келе электе эле сууга салып, бирок аты мүдүрүлүп агып жөнөйт. Жигиттер
чаап жетпей калышат. Хан көпкө акпай баягы дыйкандын арыгына агып келип суу парага
кептелип калат. Ошол кезде суу парасын жайгаштырууга келген дыйкан парага илинген
адамды көрүп, чыгарып алат. Дыйкан дарыгерлерди чакыртат. Кыз үйүнө келсе жана
көргөн Шакераб чала жан жатат.
Хан эсине келгенде, кызга жеңилдим, акылыңдан айланайын деп таазим кылып
жактырып, хан сарайына алып кетмекчи болот. Кары дыйкан мындан мурда агып келген
жигит жөнүндө ханга билдирип, кызынын тагдырын айтат. Шакераб эси ооп жыгылат.
Шакераб ак сарайына келип, дароо жигиттерин башка хандыкка кеткен дыйкандарга
чаптырат. Бирок жигиттер Шарифти таба албай келишет.
Дыйкан карынын уулу Шариф баягы жүгү менен үч түнөп бир шаарга келген эле.
Дыйкандар эгинин сатып карашса, баарынан Шарифтики көп дилде болуптур. Ошондо
эки ач көз дыйкан макулдашып, Шарифти өлтүрүп, дүнүйөсүн тартып алууну ойлошот.
Өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой, жолдо түнөп калышат. Түнүндө тиги экөө акырын туруп
жигитти басып оозун таңып, жарга алып жөнөйт. Аңгыча алардын алдынан хандын
желдеттери чыгып калат да, тигилердин чапандарын чечүүгө буюрат. Анан таңылган
Шарифти чечиндирип кубанып кетишет. Жигиттер Шарифке, улуу урматтуум, – деп
таазим кылышып, карасанатай тиги экөөн жардан алыс ыргытып жиберишет.
Шарифти урматтап ханга алып жөнөшөт. Көрсө, ошол элдин ханы карып эл бийлей
албай калганда, хандыкты бирөөгө берүүнү ойлойт. Хандын өзүнүн баласы жок экен. Хан
акылман улуктарын, төлгөчүлөрүн чакыртып, кеңеш сурайт. Ошондо бир төлгөчү мындай
дейт:
– Оо, биздин акыйкат өкүлдөр, төлгөнүн айтышына караганда, сиздин шаарда оң
далысынын астында бармак басым калы бар, бир тентиреген жетим жүрөт, ошону хан
шайласа, уругу көп жылга уланып акыйкат, адил хан болот,
– дейт.
– Ошону алдыр өкүмдар.
Ошол себептүү хандын жигиттери шаар кыдырып калы бар жигитти издеп жүрүшкөн.
Түндө таап, жигиттер Шарифке урмат көрсөтүшкөнү да ошол себептүү. Ошентип, Шариф
да эл бийлеген хан болуп калат. Муну хан Шакераб угат, бирок ал тууганынын оң
далысындагы калын билбеген болот.
Күндөр өтөт, күн артынан ай өтөт. Бир күнү Шакерабдын эшигинде бир дубана пайда
болот. Дубананын эки көзү көр экен. Дубананы күндөрдүн биринде сарайда сейилдеп
жүргөн хандын увазиринин аялы көрүп, таанып калат. Бул дубана баягы бактылуу
замандагы өзүнүн күйөөсү Шакераб, Шарифтин атасы Руптан хан эле. Дубанага боору
ачыган аял ага кийим кийдирип, оокат бердирет. Аял дубананын сырын сурайт. Дубана
бир кезде хан экенин, аялы, эки уулу бар экенин, кийин аларды кетиртип башка жаш
аялга үйлөнүп, балалуу болгондугун, ал баласы чоңоюп, хандыкты талашып, атасынын
көзүн ойдуруп, айдаттырып жибергенин айтат. Дубана эми өлгүчө балдарынын
амандыгын угууга зар экендигин билдирип ыйлайт. Ошондо увазирдин аялы балдарын
эстеп, эстен танып жыгылат. Падышанын сарайы тополоңго түшүп кабар ханга жетет.
Шакераб хан бардык окуяны угуп, энесин көрүп кучактап жыгылат. Булардын сырын
уккан дубана жүрөгү жарылып, набыт болот.
Ошондо энеси Шакерабга Шарифти көргөндүгүн, уулун көрүп кубанып, айыгып
кеткендигин баяндайт. Шарифти издет, – дейт энеси. Анын оң далысында бармак басым
калы бар эле, – дейт. Ошондо Шакераб хан коңшу ханы өзүнүн бир тууганы экендигин
билип, ага жөнөйт.
Ошентип эки бир тууган өлбөстүн күнүн көрүп, акыры кубаныч менен жолугушат.
Шакераб кары дыйкандын акылман кызына үйлөнөт. Шариф өзүнүн сандыктагы кызын
алат. Кан сарайына Шакераб кары дыйканды, Шариф жыландын уусунан сактап калган
чал-кемпирди алып келип сыйлашат.
Ошону менен энесинен бөлүнбөй эки бир тууган Шакераб Шариф коңшу хандыкта
ынтымактуу, акыйкатта жашап калышкан экен.
АКМАТ АБИЙИР УУЛУ
1901-жылы Тоңдун Кырчын деген жеринде туулган. Атасы Абийир Дөнөнбай уулу элге
кадырлуу, кишиге жамандык, эч кандай кыянатчылык кылбаган, колунан келген
жакшылыгын аябаган, ак пейил, эс акылдуу, бойлуу, келбеттүү, кызыл жүздүү, сын-сапаты
элге көрүнүктүү киши болгон. Абийирден уруксатсыз той-топур болчу эмес. Анын айтуу
боюнча болгон чатакты бүтүрүүчү. Дөнөнбай чоң атасы чокчо сакалы бар сур, чоң киши
эле. Өзү жоош, токтоо, кишиге жаман-жакшыны айтпаган, өтө момун, окуу-билими жок
болгон. Бүтүн элдин ата-тегин ажыратып, санжыраны укмуш айтчу экен. Балдарынын
бири да санжыраны эске албады.
Энеси Сурган Туюкбай кызы татынакай чыкыйган сулуу, ичке бойлуу, арыкчырай,
сыпаа, балдарынын баарын жакшынакай кылып багып өстүргөн. Балдары – Акмат,
Жакыпбек (Жакый), Акунбек, Асылбек. Эненин, атанын наркы менен эч кандай жамандык
болгон жок. Жакый, Акунбек экөө согуш чыга электе үйдөн ооруп өлдү. Асылбек согушта
каза тапты. Жакыйдан – Бексултан, Зарипа. Асылбектен тукум жок.Экөө тең кызматкер
эле. Акунбек райондук комсомол комитетинин секретары, Асылбек зоотехник болуп
жүргөн. Акмат алты жашынан он төрт жашка чыкканча окуду. Алты жашында атасы
кыштын күнү Кыштообай уулу Азыкбай молдого алып барып:
– Молдонун айткан, окуткан окуусун жакшылап окуп, билгин, – деп тапшырды.
Атасынын айтуу боюнча жакшы окуп, алты айда эки китепти,
«Аптиек», Куран, жети-сегиз жашка чыкканда «Сополдияр», «Чаар китепти» окуп
бүттү. 1911-жылы Сөлпү ажы молдого берди. Сөлпү ажы азыркы окууну окутту.
«Таажибай» деген китебин окуп, он үч жашка чыкканда азыркы үчүнчү класс көлөмүндө
окууну аяктады. 1914-жылы Сөлпү ажы Кулжага, Текеске кетип, окубай калды. 1916жылы үркүн чыкты. Тоңду ашып жөнөдү. Элди көчүрүп, атасы баштап жөнөдү. Бедел
ашуусун ашып, Кытай бетине түштү. Беделдин ичинде мылтыгын тескери асынган
кытай тосмосу кимсиң, кайда барасың деген жок. Өтүп кете берди. Беделдин тоосуна
барып, конуп, эртеси эрте көчүп, Сапарбайга эрте эле бешимде барды. Малдын эчтемеси
жок, баары өлүп бүттү. Төө менен бээге жүк артып, атка чоң энесин мингизип, бир кичине
баланы өңөртүп, чоң Беделди ашып, кайта жөнөдү. Үч үйлүү көлгө жетишти.
1917-жылы келди. Акмат сельсоветке кыргызча секретарь болду. 1918- жылдан 1923жылга чейин ревкомдун төрагасы болуп турду.
1924-жылдан 1937-жылга чейин мектеп башчысы, мугалим, 1937-жылы райондук элге
билим берүүдө инспектор, 1941-жылы брон менен сокушка барбай мал даярдоодо мал
алгыч кызматын аткарды. 1948-жылдан 1954-жылга чейин райондук керек-жарак
союзунда, 1955- жылдан 1961-жылга чейин дүкөндөрдө сатуучу болуп иштеди.
1962-жылы пенсияга чыкты.
КЕДЕЙ
Кедейдин аялы, эки эркек баласы, бир аты, бир кушу, алты эчкиси бар экен. Кушун
салып коён, кекилик алдырып, ошону менен күн көрөт. Бир күнү аялы ооруп өлүп калат.
Балдарына тамакты өзү бышырып берип, эптеп жан сактайт. Анан аты жаталак болуп
өлөт. Кушун көтөрүп алып, жөө салып, балдарын багат. Бир күнү кушу өлөт. Кедей айласы
кетип, отун алып, аны базарга сатып балдарын бага баштайт.
Бир күнү базарга барып, отун сатып жатса, бир киши колуна куш кондуруп жүрөт.
Кедей барып:
– Кушуңду сатасыңбы? – дейт. Куштун ээси:
– Сатамын – дейт.
Кушту сатып алып, сүйүнүп үйүнө барат.
– Эми айланайын, балдарым, эптеп коён, кекилик алдырып келермин, – дейт.
Талаага чыгып, кушун салат. Куш коёнго барбай эле үйүн көздөй учуп кетет. Эртеси
алып чыгып кекиликке салат. Кекиликке барбай эле, үйүнө учуп кетип калат. Эми муну
дагы бак деген турбайбы, – деп, баягы отун, куурай көтөрүп келип базарга сатып,
балдарына дан-дун, кушка эт алат. Ошентип, кедей балдарынын үстүнө кошуп кушту
багат.
Бир күнү кыштын күнү бурганактап кар жаайт. Күүгүм кирип калган экен.
– Үйдө киши барбы? – деп бир үн чыгат. Тышка кедей чыкса, бир жигит:
– Кудайы конокмун – дейт.
– Түш! – деп, атын алып сарайга байлайт.
Жигит үйүнө кирет. Берейин десе, тамагы жок. Алты эчкисинин бирөөнү сүйрөп
келет.
Жигит:
– Муну эмне кыласың? – дейт. Кедей:
– Тамак жок, айланайын, союп берем, – дейт.
Жигит кой десе болбой, эчкисин союп коноктойт. Эртеси жигит кетээринде:
– Кедейим, сен бир күнү меникине бар, балдарыңа, кушуңа, бир төрт-беш күндүк азык
камдап берейин, бир күндө эле жетесиң, мына мындан ары бир айыл бар – деп, жигит
аттанып кетет.
Балдарына ун, эт камдап:
– Кушка дан берип тургула. Төрт-беш күндө келемин, – деп кедей жүрүп олтуруп
баягы жигиттин айлына барып, үйүн сурайт. Үйүнө барса, жигит жок, аялы бар экен.
– Бир кедей келет деди эле, ошо сизби? – дейт.
– Ошо менмин, – деп кедей айтат.
Жакшылап тамагын берип, сыйлап турат. Жигит келип калат.
– Атсалому алейкум, кедейим, келдиңби? – дейт.
– Келдим, айланайын.
Бир тай соёт өзүнө теңтуш отуздай жигит чакырып:
– Ушу бечара кедей экен, көп түкүрсө көл деген. Ушуну баамдап мал берип,
кедейликтен куткарып, бай кылып коёлу?
– Кана, кедейди мурун өзүң көргөн экенсиң, өзүң эмне камдадың эле? – дейт.
– Өзүм жүз кой, бир жараган ат, да бир беш жылкы, да бир беш уй, ун-талканын
камдадым эле, – дейт.
– Эми, койду үч жүзгө жеткирели. Дагы бир жыйырма жылкы, он уй, жүк көтөргүдөй
үч-төрт төө болсун. Ушинтсек, кедей бай болуп калбайбы.
Баягы теңтуштары:
– Макул, жакшы болот, сенин айтканыңарга жеткирели,
– дейт.
Баягы жигит:
– Мында бир жесир аял бар эмеспи, ошол эрге тие элек бекен, барып билип келчи? –
деп жигитти жиберишет.
Жигит билип келет. Ал жигит:
– Эрге тие элек экен, – деп келет.
– Ой ошону үй-жайы менен алып берели, байкуш жигитти катындуу да кылалы – деп,
баягы жигитке аялды да алып берип, үй-мүйү менен малын айдатып, үч төрт жигит менен
кедейди үйүнө жеткирет.
Кедей бай болуп эле жатып калат. Кедей отун-сотун сатып көнгөн неме, шаарга мал
айдатып сатып, чоң соодагер болот. Баягыдан аябай байып бүтөт. Эки баласы окуп жүрөт.
Кедей мал алып Мисирге соода кылганы кетет.
Кандын жигити канга айтат:
– Баягы кедей укмуштай бай болуптур, мал деген эме жайнап жатат, бу кантип
байыганын билбеймин, – дейт.
– Муну билиш керек, – дейт кан, – баягы сыйкырчы кемпирди чакырып кел. Кантип
байыганын ошо кемпир билет.
Кемпирди таап келишет. Кан кемпирге айтат:
– Момунда бир кедей бар эле, малы батпай эле жайнап, байып кетиптир, бул кантип
байыды.
Анда кемпир китебин ачып:
– А кедейде бир куш бар экен, ошол куштун бактысы менен байып кетиптир. Эми
ошол бак куштун дагы бир жакшы жери бар. Бак кушту союп башын жесе, падыша болот,
жүрөгүн жесе баатыр болот, дагы дүнүйөдөгү жан-жаныбарлардын тилин билет. Бак
куштун ошондой касиети бар. Ошол бак кушту эптеп сойдуруп жебейсиңби – деди канга.
Кан бир күнү ошол жигитти ээрчитип, кедейдин үйүнүн жанына барып, жигитин
жумшайт.
– Кан сейилчиликке келди эле ушул жакка, сиздикинен тамак ичсек болобу – деп,
кедейдин аялына барат.
Аял:
– Келгиле, тамак даяр келгиле, – дейт.
Кан ошо жерде жигитин ээрчитип кедейдикине барат. Кедейдин аялы тамак-ашын
даярдап, кандын атын жигит алып байлап, үйүнө киргизет.
Тамак-ашын ичкенден кийин жигитин:
– Тышка бара турчу, – дейт кан.
Жигит тышка чыгып кетет. Кан кедейдин аялына айтат.
– Сизге көңүлүм түшүп турат, тамыр болбойлубу? – дейт.
– Каным, жакшы болот – деп, кедейдин аялы туруп, жууркан-төшөктү салып, экөө
кучакташып жатып калат.
– Эми үй жакка баралы – деп, кан жигитин чакырат. – Атты алып кел.
Жигити атын алып келет. Аттанып кан жигити менен үйүнө барат. Эртеси дагы келет.
– Менин башым ооруп эле чыдатпай жатат, табыпка көрсөтсөм бир дары айтты эле,
оозум батып айта албай турам, аяш.
– Айтыңыз, эмне дары экен.
– Куштун эти дары, – дейт.
– Өлүгүңдү көрөйүн, мынамунда куш турат, ошону сойдуруп берем, – дейт.
Кушту сойдуруп, тамак-аш, суу-муу алган күңү бар экен.
Эки күңгө:
– Жүнүн таза жулуп, жакшылап бышыргыла, – деп айтат. Эки күң айтканындай жүнүн
тазалап, далисине казан асып, куштун этин салат. Күңдөр эшикке чыгып кетсе, эки бала
мектептен келет. Казанда эт бышып жатат. Кыргоолдун эти экен деп, балдар сүйүнүп
башын алып улуусу, жүрөгүн, өпкө- боорун кичүүсү жеп иет. Баягы кан менен катындын
оюну канган кезде:
– Эт быштыбы? – деп күңдөрүн чакырат.
– Бышты, – деп, күңдөрү унчугат.
– Чыгарып алып келгиле.
Чыгарып алып келип, кандын астына коёт. Кан бүт бойдон куштун этин жейт.
– Ыракмат, аяш, башым кичине сергий түштү, – дейт.
– Ушу бойдон башыңыз жакшы болуп кетээр, каным.
– Аяш, эми биз үй жакка баралы, жакшы туруңуз, дагы келип турам.
Кан үйүнө барып, эки-үч күн үйүндө болот. Баягы кемпир айткан белги жок. Жигитин
жиберет кемпирге.
Кемпир келет:
– Баягы айтканыңдай кушту жедим эле, белгим билинбей жатат, – дейт.
Кемпир китебин ачып:
– Жебей кал сен, этин жеген турбайсыңбы, жүрөгү менен башын же дебедим беле,
башын улуу баласы, жүрөгүн кичүү баласы жеп алыптыр. Эми аял сени кандай көрөт? –
дейт кемпир.
– Аял мени жакшы көрөт, – дейт кан.
– Анда ошол балдардын жумурунда, эрий элек, ошол балдарды союп туруп, куштун
жүрөгү менен башын алып берсе болот, – дейт.
Кайра кан барып аялга:
– Мен жаңылыш айтыпмын, оозум батпай турат.
– Оозуң барып эле айта бер, – дейт.
– Ал табып, башы менен жүрөгүн же деген экен. Мен билбей эле этин жепмин. Ал эти
дары болбойт экен. Башын улуу балаң, жүрөгүн кичүү балаң жеп алыптыр. Оозум барып
айта албай жатам, – дейт.
– Айтыңыз, оозуң барып эле айт, – дейт.
– Эми ошол балдарыңдын жумурунда, – дейт. Ошол балдарды союп, жумурунан алып
берсе деле болот, – дейт.
– Анда катын:
– Өзүм тууган балдар эмеспи, сойдуруп эле алдырып беремин, – дейт.
Аны эки күң угуп калат. Талкан, чайнек алып окуудан келе жаткан балдарды тосуп:
– Силерди энеңер соймок болду. Мынабу чайнекти, талканды, ширеңкени алып,
атаңар Мисирге кеткен, Мисирден атаңарды издеп жөнөгүлө.
Чайнекти, талканды алып, балдар жөнөйт. Жүрүп олтуруп бир сазга барат экөө. Анда
аркан менен түшүп ала турган бир кудук бар экен. Балдардын арканы жок. Саздын
чөбүнөн жулуп, агасы аркан эшет. Инисинин белине байлап, кудукка түшүрөт. Инисин
тартып алайын дегенде, чөптөн жасалган аркан үзүлүп кетет.
– Эми эмне кыламын, аркан үзүлүп калды. Сен сууда отурасыңбы – дейт.
– Жок таштын үстүндө отурам.
– Эми мен кетейин, сени дагы бир суу алганы келгендер чыгарып коёр. Кой, эми – деп
агасы жүрүп кетет.
Жүрүп отуруп бир шаарга барат. Бир үйгө конуп, эртең менен турат. Шаардын эли бир
жакка жабалактап эле чубап баратат.
– Бул эмне деген эл? – деп бала сурайт.
– Ушу шаардын каны өлгөн. Бир жыл болду. Жалгыз кызы бар бойго жетти. Ошол
менин өлгөнүмө бир жыл толгондо, элди чогултуп туруп кушумду учургула. Куш кимдин
башына консо, ошону кан кылып алгыла деген, – дейт. Бала ошол жакка барат. Кушту
учурат. Куш келип баланын башына конот.
– Куш жаңылды, кайдагы балага конот, – деп, кайра кушту учурушат.
Кушту үч жолу учурушат, үчөөндө тең келип балага конот.
Баланы ээрчитип алып кандын аялына барышат.
– Кушту үч жолу учурсак, үчөөндө тең ушу баланын башына конду. Баланы сизге алып
келдик.
– Ушу бала кан болот, – деп, кандын аялы кызын алып берип, кандын ордуна кан
болуп, сурак кылып бала туруп калат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.