Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 11

Total number of words is 4202
Total number of unique words is 1835
37.9 of words are in the 2000 most common words
50.3 of words are in the 5000 most common words
56.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Аары бир нерсени айткысы келип ыз-ыз этип, жыланга карайт. Бирок эч нерсени
түшүндүрө албайт. Жылан калайык калкка карайт. Ошондо чабалекей:
– Мага түшүнүктүү, – дейт. – Жердин баарын кыдырып, жандуулардын канын соруп,
өсүмдүктөрдүн даамын татып, топурактан таттууну таппадым деп жатат, – дейт.
Жылан, бирок шекшийт.
– Мунун тилин сен бир балээ кылгансың го – деп, чабалекейди карай жулунганда,
чабалекей качып жөнөйт. Жылан чабалекейдин куйругун тиштеп калууга үлгүрөт.
Ошондон кийин жылан топурак жалап, аары тилсиз ызылдап калган дейт.
Адам баласы жыланды көрсө өлтүрүп, чабалекей жыландан коркуп, адамга дос болуп,
үйдүн төбөсүнө уя салат. Жылан чабалекейдин куйругунун бир талын тиштеп үзүп
алгандыктан ачакей болуп калган дейт.
ТУКА МЕНЕН ЖОЛДОШ
Илгери Туймаза шаарында Калыбек деген атактуу соодагер болгон. Өзү башкыр.
Карамагында адамдары менен соода кылып жүрсө да, кедейлерге абдан кайрымдуу экен.
Ошон үчүн эл аны жакшы көрүп, Калыбек бай деп сыйлашат. Анын малын алып байыган
адамдар кийин Калыбекти эске албай, тескерисинче, эрегише башташат. Себеби
Калыбектин жалгыз баласы жаш, ошону пайдаланып, Калыбектин соодасын кылып
жүргөндөр үч жылы бою Калыбекке зыяндан башка эч нерсе тарттырбайт. Калыбек өзү
соода кылуудан жадап, үйүндөгү алгы-бергисин башкара турган адамы болбогондуктан,
он үч жашар Тука деген жалгыз баласын чакырып алып:
– Балам, мен картайдым, өзүм кетсем, үйдөгү жумушту тындыра турган адамым жок.
Башка адамдардын мага келтирген зыянын өзүң билесиң, сен зыян кылсаң да, пайда
кылсаң да өз эмессиңби, ишти өзүң ал. Соода кылганды үйрөнөрсүң. Ушинтип жүрүп, мен
өлүп калсам, дале куржалак калган сен болосуң, – дейт.
Атасынын айткан сөзү баласынын көңүлүнө түшүп, баласы Тука ойлонуп калат. «Атам
мени соода кылуу үчүн бир жакка жибере турган болгон го. Биринчи барганда мага көп
пул бербесе экен. Мени менен бирге тааныш жана ишенимдүү кишилерди кошуп жиберсе
экен», – дейт ичинен. Калыбек баласынын бул оюн туюп калат жана баласынын жаман
болбосуна да ишенет.
Баласы жолго чыгаардын алдында түлөө кылып, тогуз төөгө мата жүктөп, баласынын
жанына жети жигит кошуп, Калыбек анан эки осуят айтат.
– Жолдо кетип баратып ойдуң жерге конбо. Пааналай турган жери бар экен деп, эски
кыштоого да конбо. Себеби ууру каракчылар ошондой жерди пайдаланып, зыян келтирет.
Тука бала жолдоштору менен жолго чыгып, эки күн жол жүрөт. Үчүнчү күнү кечинде ачык
эле жерден белине байланган чолок кылычы бар, орто жашка келип калган бир адам
учурап, Тукадан:
– Кай жерден чыктыңар, кайсы жерге барасыңар? – деп сурайт.
Анда Тука Башкыриядан чыккандыгын жана кайсы жакка бара тургандыгын айтып
берет. Тука сөзүн айтып бүткөндөн кийин, андан:
– Эми сиз кай жерден чыктыңыз, кайда барасыз? – деп сурайт.
– Биздин айыл анча деле алыс эмес, жарым күндүк жер. Силер бараткан шаарга барам.
Астымдагы минген ат жарамсыз. Силерге чиркешсем болобу? –деп айтат.
Туканын жолдоштору бул сунушка каршы болот.
Себеби Калыбек бай баласын жиберип атканда эки осуят айтты эле, бул адамдын
колунда жарагы бар экен. Душмандык кылышы ыктымал – дешет. Бирок Тука чогуу
жүрүүгө макул болот.
– Абдан жакшы, – дейт Тука, – бизге да өзүңүзгө окшогон жол билген адам керек.
Аңгыча күн батат. Түнөп кетели десе, чоң сайдын бою экен. Тука атасынын сөзү
боюнча ал жерге конгусу келбейт. Тигил жолоочу ушул эле жерге түнөп өтүүгө
дилгирленет. Бар милдетин мойнуна алып, айткан жерине кондурат.
Баары уктап калгандан кийин, таңга жуук бир ышкырык чыгат. Аны куралчан адам
угат. Ажыдаар оозун ачып, соргону калыптыр. Чолок кылычын колуна ала коюп,
ажыдаарды карай басат. Ажыдаар оп тартат. Кылычты оозуна кептей кармайт. Ажыдаар
куйругуна чейин жара тилинип түшөт. Алиги адам ажыдаардын ичинен чыгып, Тукага
жана анын жолдошторуна билгизбестен ажыдаардын өлүгүн алыс жерге алып барып
өрттөп, күлүн баштыкка салып алат да, ордуна жатып калат.
Соодагерлер бул окуяны катуу уктап калгандыктан сезишпейт. Эртең менен эрте
туруп, сапар улашат. Кечинде дагы бир эски кыштоого келишет. Консокпу деп
турушканда, баягы кылычы бар адам:
– Тобокел, коно берелик – дейт. Жүктөрдү чечишип, эс алышат, баары уктайт.
Жолдон кошулган адам эки жакты карап жатса, бир чуулдаган үн угулат. Чолок
кылычын алып, дабыш чыккан жакка барат. Бир эски үй. Ал үйгө кирет. Үйдүн үч кабат
эшиги бар экен. Үчүнчү эшикти ачса, бир сулуу кыз, жети дөө олтурганын көрөт. Ал
дөөлөр алиги кызды кимибиз алабыз деп, кыжылдашып атат. Кылычы бар жолоочу
босогодо жашынып турат. Аңгыча:
– Адамзаттын жыты жыттанып калды. Мен эки-жакты байкайынчы, – деп, дөөлөрдүн
эң чоңу эшикти карай барат. Ал тар эшиктен эңкейип өтө бергенде, жолоочу чолок
кылычы менен дөөнүн башын кесе чабат. Ушунетип, улам эшикти карай жөнөгөнүнүн
башын алып отуруп, баарын өлтүрөт.
Дөөлөр өлүп бүткөндөн кийин, үйдүн ичине кирсе, бир жаш сулуу кыз:
– Менин да адам баласын көрө турган күнүм бар экен ээ – деп, ыйлап жиберет.
Жолоочу кыздан кандайча дөөлөрдүн колуна түшүп калганын сурайт. Анда кыз айтат:
– Мен Мерий деген шаардагы кандын башкы увазиринин кызы элем. Эл мени
увазирдин жакшы кызы бар деп сөз кылып, кан балдарына ыйгарып жүргөн болушат.
Акыры кан балдары жуучу жиберет. Буга атам да жана мен да моюн сунбай мойноп
коёбуз. Бул дөөлөр ошол айың сөздү угуп, эл-журтту чаап, мени тартып келгенине үч күн
болот. Булардын адеби боюнча бирөө менчиктеп алмайынча, кызга тийбейт экен. Мага эч
кандай кыйынчылык көргөзгөн жок. Үч күндөн бери өздөрү бир биринен талашып,
чатагы бүтпөй кыжылдашып жаткан эле. Сиз тезирээк кетиңиз, өлтүрүп коюшу ыктымал.
Сиз, аман- эсен элге барыңыз, менден кабар айтып коюңуз – дейт.
Анда жолоочу кызга айтат:
– Сен капаланып кам жебе, мен сенин душмандарыңды өлтүрүп койдум. Жетөөнү тең.
Сен ушул жерде олтура бер. Мен элге кайра кайтаарда сени алып кетем. Коркпо. Дөө-мөө
деген эми болбойт, – дейт.
Кыз дөөлөрдүн өлүгүн көрүп кубанат. «Бул адам кайта кетип баратканда ала кетээр»,
– деп, күтүп кала берет. Тука жанындагы жолдоштору менен бул окуяны дагы сезбей
калат. Бейкапар дагы сапарын улашат.
Бир нече күн жол жүрүп, бир элге жетишет. Көбүнүн бир колу, же бир буту жок. Баары
эле чолок. Көрсө, булар баягы ажыдаар мекендеген сайдагы эл экен. Биринин бутун,
биринин колун ажыдаар жеп турган. Андан коркуп, жер оодарды болушкан экен.
Жолдон кошулган адам жергиликтүү элден эми эмне менен эмдесе айыгаарын сурайт.
Эл ажыдаардын уусун айтышат.
– Эгер, – дейт алар, – биздин мунжу болгон колу-бутубузду айыктырсаңыз, тогуз төө
кызыл алтын беребиз.
Тука жолоочудан айыктырып беришин өтүнөт. Жолоочу баягы ажыдаардын күлүнөн
дары жасап, элди эмдеп айыктырат.
– Атым – Жолдош, – дейт Тукага жолоочу элди айыктырып бүтүп, тогуз төө алтынды
салган соң, сенин өтүнүчүң аткарылды Тука, мага олжонун кереги жок, сен ал.
Соодагерлер ошол жерден соодасын жасап, Ата Журтун көздөй жол тартышат. Арадан
үч күн өткөндөн кийин баягы кыз турган эски кыштоого келишет. Жолдош кызды алып
келет. Кыз ошол мезгилде он беш жашта экен. Өң-түсүнө, эс- акылына баары аң-таң.
Жолдош жок кезде соодагерлер:
«Жолдош биринчи олжосун бизге берди, эмкиси өзүнүкү болууга тийиш. Кызды бизге
бер деш уят», – деп ойлошот.
Аптанын эртеси таң атаар маалда Тука айлына аман-эсен жетет. Жолдош ушул убакка
чейин Тукага чын сырын айткан эмес жана билдирген да эмес эле, кайып-каскагынан бул
жолу Жолдош сыр капчыгын ачып салды:
– Силер жолго чыкканга бир ай, он күн болду. Ошондон бери бирге келе жатам. Бирок
ушул күнгө чейин, мен силерге бир ооз сырымды да, бир ооз акылымды да айткан
жокмун. Эми айтайын. Анткени ар кимибиз өз-өз жайыбызга кеткен турабыз. Тука, балам,
сен али жашсың, өмүрүңдө биринчи ирет жол жүрүп кайттың. Сенин көргөнүңдөн
көрбөгөнүң абдан көп. Мен башкыр элинин баатыры болом. Кандын Зейне деген кызын
сүйүп калып, аны ала качып жүрөм. Отуз беш жыл болду. Сенин атаң Калыбек мени
жакшы билет. Эми сага айтаарым – атаң Калыбек эки бир тууганыма көп жакшылык
кылган. Аларга мал бөлүп берип байыткан. Бир туугандарым атаңдын ал кылган
жакшылыгын билген жок. Алардын абийирин мен жууюн деп сага кызмат кылдым. Мына
бул сулуу – сеники. Тогуз төө кызыл алтын – кыздын себи. Эми менин дагы бир айтаарым
мындай: мындан кийин узак жолго чыкпагын. Мага уруксат бер, мен өз элиме кетейин
дейт да, Жолдош жолго чыгат.
Тука эли менен ошентип жыргап жатып калган экен…
КАНДЫН ЖОГОЛГОН КЫЗЫ
Илгерки заманда бир кандын жалгыз кызы болгон экен. Кан кызын жанынан
чыгарбай, кайда барса өзү менен бирге ала жүрчү экен. Бир күнү кан жакшы көргөн
кызын үйгө калтырып, жакын жердеги бир элдин канына конокко кетет. Ошол учурда
шаарга бир кеме пайда болот. Кемени көрөбүз деп шаардагы элдин баары – чоңу,
кичинеси дебей барышат. Кандын кызы да көрөмүн деп барса, кеме кызды ала качып
көзгө көрүнбөй кетет. Кан келсе кызы жок. Эмне болгонун эч ким билбейт. Кан издей
турган жердин дайнын билбей, башы маң. Кан элин чогултат:
– Менин кызымды таап берген кишиге кызымды жана кандыгымды кошо берем, –
дейт.
Ошондо башка элден келген бир жигит:
– Таксыр, каным, кызыңды мен таап келем. Мага он киши кошуп, бир кеме жасатып
бериңиз, – дейт.
– Болот, балам, сураганыңды кылайын. Кызымды таап келсең эле болду мага – деген
экен.
Жигит кишилерди ээрчитип алып, кызды издеп узак жол кезет. Кеме өз бетинче жүрө
берет. Бир нече жыл жүргөндөн кийин бир аралга токтойт. Кеме токтогон жерден эшикке
чыгып, эки жагын карап турат. Эч лам жок. Бир короого кирет.
– Кызды карап келгиле – деп, жолдошторун жиберип, өзү ошол короодо калат. Ээн
үйдөн бою бир карыш, сакалы кырк карыш чал короого кирип келет да, ал чал менен
жигит алыс бир жакка ээрчишип кетишет. Эки күн, эки түн бири-бири менен кармашат.
Акырында чал жеңилип, жигитке кыздын турган жерин айтат. Жигит чалдын башын
дароо кесип алат.
Кыз жети кабат жердин астында экен. Жигиттерин ээрчитип келип:
– Мени ушул жерден үч күн күткүлө. Үч күндө келбесем, элге кайта бергиле, – дейт.
Жигит жердин алдына түшүп, кайта чыгып келе жатып бир чоң сарайды көрөт.
Сарайдын ичиндеги кырк эшиктен өтүп, кырк биринчи эшикти ачса, ичинде ай менен
күндөй бир сулуу кыз отурат. Сүйлөшө келсе, кандын жоголгон кызы ошо болуп чыгат.
Жигит кызды колунан тартып отуруп, сыртка алып чыгат. Бирок кошо келген жигиттери
кастык кылып, тигини жети кабат жердин астына түшүрүп иет да, кызды алып качып
кетишет. Алар кызга:
– Мени куткарган ушул кишилер, – деп айт. Айтпасаң өлөсүң же биздин бир чоңубузга
тиесиң – дейт.
Коркконунан кыз макул болот. Жер астына түшүп кеткен жигит бир сарайды аралап
жүрүп, эшигинде казандай кара кулпусу бар бир бөлмөгө келет. Кулпуну ачып кирсе, үч
балапан чырылдап айланып учуп жүрөт. Ары жагында жети баштуу ажыдаар ышкырып
турган экен. Жигит ажыдаарды кылыч менен чаап өлтүрүп, балапандарды өлүмдөн
куткарат. Бир кезде күн күркүрөп, аба бузулат да, жогору жагын караса, жаан жаадырып
келе жаткан алпкаракуш экен. Балапандарынын амандыгын көргөн алпкаракуш жигитке:
– Эмне тилегиң бар, адамзат экенсиң, айткын, – дейт. Анда жигит:
– Менин жердин үстүнө чыгаргын, – дейт.
– Жакшылыкка – жакшылык – деп, алпкаракуш ал жигитти жер үстүнө чыгарат.
Жигит үстүнө жаман-жуман кийим кийинип, өзү кеткен кандын жерине келет. Кан кызын
таап келген жигиттердин бир чоңуна берген жаткан экен. Тойдун отуз күнү бүтүп, кырк
күнкү тойдун акыркы күнү калган экен. Кыз жигитти таанып:
– Мени куткарган тиги жигиттер эмес, мынабу жигит – деп, өзүнүн көргөн-билгенин
атасына айтып берет. Кан мурда калп айтып келген жигиттерди өлтүрүп, алиги жигитке
кызын да, кандыгын да берген экен…
БАЛАСЫН ЖОГОТКОН КҮНЧӨ
Илгерки заманда Күнчө деген жесир аял болгон экен. Ал күндөрдүн биринде өзүнүн
жалгыз баласын көчөдөн уурдатып жиберет. Күнчөнүн мындай ахывалга учураганын
көргөн эл- журту капа болот. Ал бечарага кандай жардам берсек экен деп, эл кеңешет.
Арадан төрт жыл өтөт, бала табылбайт. Издеп айласы кетет. Ошол убакытта Толубай
деген сынчы бар экен, ошондон аял ыйлап жардам сураганга ынтызарланат. Ал сынчы
түрлүү куштардын тилин жана андан башка дагы адамдардын эмне ойлогонун да билип
койчу экен. Жаңы туулган эркек кулундун чоңойгондо кандай ат болорун да жазбай
таанычу экен. Мунун билбей турган эч нерсеси жок имиш.
Күнчөнүн өлгөн эринен калган бир тору аты бар экен. Ал атка өзү минип, Толубайга
барам деп издеп кетет. Күнчө ээн талааны жалгыз басып, далай күндү өткөрөт. Өзү жүдөп,
чарчап, аты арыктап, жүрбөй калат. Өлдүм-талдым деп чарчап отуруп, Толубай
сынчынын үйүнө келет. Чоң ак сакалы бар кара чал, өзүнүн кара ала алачыгында эски
кийизди салынып отурган экен. Абдан эзилген кедей. Көңүлү сүйгөн адамдын ойпикирин жана кандай адам экенин сынап берип, ал адамдын акысына тыйын да алчу эмес
экен. Толубай Күнчөнүн кебетесине карап, сынап көрүп, анын келечеги кандай боло
турганын биле коёт. «Сизден акыл суроого алыс жолдон Күнчө деген аял келе жатат», –
деп, мурунку күндөрдө эле чабалекей айтып койгон имиш.
Күнчө келери менен:
– Кел, олтуруңуз, арызыңызды айта отуруңуз, – дейт Толубай. Анда Күнчө сөз айта
албай эле, өңгүрөп ыйлап жиберет.
– Жалгыз баламдан айрылып, канаты кайрылган куштай болуп уча албай калдым.
Ата, сизге муңумду айтайын деп келдим, – деп ыйлайт.
Толубай Күнчөнүн арзын ыкылас коюп угуп отуруп, куш болуп ышкырып жиберет.
Дароо бир топ чабалекей учуп келет.
Чабалекейлер Күнчөнү канаттары менен желпип, оозуна суу алып келип, Күнчөнүн
бетине чачышат. Толубай колун шилтеп, ымдап койгондо бир топ чабалекей Күнчөнү
отурган жеринен көтөрүп учуп, элин көздөй жөнөйт. Чабалекейлер кечке жакын Күнчөнү
жеткизип кайта келишет. Келгенде талаада жүргөн бир сур чычканды алып келген экен.
Ал сур чычкан келери менен эле көргөн-билгенин Толубайга айтып берет.
– Күнчөнүн баласын ириңдеген ала көз аял уурдап кеткенин көрдүм эле – деп айтат
чычкан.
Күнчөнү сынчы дароо кайра алдырат. Чычкандын айтканын Толубай өзүнүн тили
менен Күнчөгө айтып берет.
– Менин баламды уурдаган адам бир шум турбайбы. Өмүр бою баласыз жүрүп,
алтымышка чыкканда балалуу болдум эле, эми балама кантип жетем? – дейт Күнчө.
Ошондо Толубай куштун тилинче ышкырат. Эки чоң кара бүркүт жетип келип конот.
Толубай бүркүттөргө буйрук кылат.
– Айжарык деген кемпирди, уурдап алган баласы менен алып келкиле, – дейт.
Эки бүркүт бийиктеп асманды карай учуп жөнөшөт. Эртесинде, күн чыгып келе
жаткан мезгилде, бүркүт бир далысына эки кишини отургузуп, башы казандай, чүңкүр
көз кара кемпирди Толубайдын алдына алып келип таштайт. Экинчи бүркүт жанында.
Өзү аппак, көзү тайлак төөнүн көзүндөй жоодураган бала аң-таң унчукпай отуруп калат.
Жүрөгү бирдемени сезгендей болуп бала көргөн жерден эле Күнчөгө колун созот.
Алиги Айжарык кемпир баланын колун кагып жиберип, өзүнө карай тартып алат.
– Бул Күнчөнүн баласын өзүнө бер! – деп, Толубай кыйкырып калды.
– Өзүң бир алжыган чал экенсиң – деди Айжарык, – өз баламды кимге жана эмне үчүн
беремин, – деп айтат.
Бала Күнчөдөн көзүн айырбай телмирип карай берет. Анда Толубай:
– Менин тилимди албасаң, бул баланы ортосунан кылыч менен чаап, экөөңөргө тең
бөлүп берейин, – деп, кылычын алып, баланы көздөй жүгүргөндө Айжарык телмирип
туруп калып:
– Баланы эмне кылсаң өзүң бил – деп, Толубайды карай түртүп жиберет.
Күнчө жүгүрүп келип, Толубайдын бутун кучактап:
– Агатай, кылыч менен чаба көрбөңүз, бала кайда жүрсө да, тирүү болсо болду – деп
жалынат.
– Айжарык, бул сенин балаң эмес экен, сенин балаң болсо кылыч менен чаап, тең
бөлүп берем дегенде чыдай албай, өлтүрбө деп айтат элең го. Сенин мүнөзүңө караганда
бала сеники эместиги көрүндү. Өзүнүн энеси болгондуктан, бала башкага кетсе кетсин,
өлбөсө болду деп ыйлаган Күнчөнүн баласы экендиги аныкталды,– деп баланы Күнчөгө
алып берген экен.
СООДАКЕ СЕЙДИМАН УУЛУ
Соодаке жомокчунун чоң атасы Сейитти эл көбүрөөк чакырса: «Карыз тамакты мен
жебейм» – деп кээде барбай коюучу экен. Зарлап жүрүп Сыдыкбек, Сейдиман, Акмат деген үч
уулдуу болот. Ошондон кийин «мына эми чакырса бара берем, элдин карыз тамагынан
кутултарым эми бар», – деп айткан экен. Ошол Сейиттин небереси Соодаке жомокчу
болуп чыкты. 1916-жылы Үркүндө нечен азап-тозокторду башынан кечирет. Кеңеш
өкмөтү орногондон кийин багы ачылат.
Бишкек шаарында баласынын колунда туруп, уулу Чолпонатага кызматка
которулгандан кийин, өмүрү өткөнгө чейин касиеттүү Ысык- көлдүн боюнда жашады.
Кийин 1986-жылы карып каза тапты.
СООДАКЕ КАРЫЯНЫН СӨЗҮ:
Бир топ киши олтурдук эле.
– Сизди иши кылып Шабдандан артык киши десе болот. Шабданды кыйын болсо орус
эли билгендир.
– Эң эле өтө мактап ийдиңиз го, – деди.
– Өтө мактап ийгидей бирдеме үмүт кылып жаткан жерим жок. Биринчи сиздин
адамгерчилигиңиз, экинчи олтуруп турганыңыз, быяк- тыягыңызды байкасам, балабакыраңыз, кыз-кыркындарыңыз, өзүңүздүн пейлиңиз да белгилүү, бир кемчилдигиңиз эле
байбичеңиз жок, аракет кылсаңыз, катын эмес кыз да келет сиздин дөөлөтүңүзгө.
Ушул жерден нечен жолу өтөм, бая илгери элдин темин басканын көрдүңүз беле?
– Көргөм, ортосуна мамыны орнотуп алып…
– Ого өгүз деп, мамынын түп жагына күчтүү өгүздөрдү салып койчу. Капталын мамыга
жолотпой, тийгизбеген күчтүү өгүзгө үзөңгү баб жаныбар деп ат койчу. Үзөңгү бабны
тепе, ыйык деп калганы ошондон.
Бала-бакыраң жакшы экен, кудая шүгүр деңиз, сизди менимче чыпалагыңыздан кармап
туруп, ырыска малып алгандай деп эле сизди айтат.
– Ырас, ырас, айтканыңыз келсин! – деди. Бороон-шамал болуп калды.
– Жүр, бул кишини жолго чыгарып коёлук, – деп, бер жакка чейин ээрчитип, Аалы
баскандан кийин баары басты.
Деги жакшы эле киши экен, телегейи тегиз. Мындан жакшы болмок беле? Бир семиз
мал табылса, үйгө чакырып сыйлап койсо.
Адамда касиет болбосо, эч нерсе токтой албайт. Эскиче айтканда касиеттүү эле
киши. Келе турган жамандык менен жакшылыкты, даана билет. Бул айтпайт, ич акыл
кишилер.
– Илгери эл айтчу эле, адам дасторкон менен көтөрүлөт. Береке дасторкондо болот,
Алыке1, бир сөз бар: – Эр эгиз, эмгектүү жалгыз деп эмнени айтат? – деди Соодаке карыя.
Алыкем моколо түштү.
– Мен деле айтып көрөйүн – деп сөзүн улады Соодаке – эр эгиз деген мен ойлосом, алган
аялың жакшы болсо, экөөңүн акылың тең келсе, бириңдин билгениңди бириң бузбай,
бириңдин оюн бириң билип, акыл-кеңешиң бир жерден чыкса, эр эгиз деген Алыке! – десе:
– Ырас айтасың, ушул болуш керек – деди.
– Эми эмгектүү жалгызчы?
– Эмгектин эчен түрү бар го? – деп койду ал киши.
– Мен бир эле жерге такагым келет, Алыке, кичүүсүң, даражаң чоң. Менин билишимде
алган аялың жаман болсо, тапканың талаага, жыйганың жыласка кетсе, ичип-жеген
теңтуштарыңды күтпөсө, колунан эч нерсе келбесе, кемчилдигин айтса беттен алса,
теңтуш-телиңдин көзүнчө бирдеме сал десең, эмнени, кайсыныңды салайын деп аркырап
карап турса, ошон үчүн айтат:
Жаман катын белгиси, Көтөрмөсүн бош эшет. Теңтуштарың келгенде, Кабак-кашы
жер тешет.
Мына эмгектүү жалгыз деп ушуну билем – деди. Борс-борс күлдү, Алыке.
КАРА ТАЗ МЕНЕН САРЫ ТАЗ
Эки таз токойдо уй кайтарат. Уктап жатып сары таз түш көрсө, төбөсүнө Ай, эки
ийнине эки Чолпон тууйт.
Кара тазга:
– Ой, мен түш көрдүм! – дейт.
– Ии, кандай түш?
– Жана бир жерде уктап жатсам, төбөмө Ай, эки ийниме эки Чолпон тууп, жер-суунун
баары жарык болуп жатыптыр.
– Ой, Сары, ушул түшүңдү мага сатасыңбы, баатыр – дейт.
– Сатам!..
– Эмнеге сатасың?
– Айдап жүргөн тогуз уюңду берсең эле берем.
– Ии, болуптур, – деп, уйларды өткөзүп берип, кайтарган эчтекеси жок кара таз шаарга
кетип калат.
Ошо шаарда Абазкан деген кан болгон экен. Абазкандын Канышайым, Айсулуу,
Күнсулуу деген үч кызы болот. Үчөө тең бойго жетип, күйөөгө бере турган убактысы экен.
Бир убакта кан жар салды:
– Менин кызымдын күйөөгө тие турган убактысы болду, эркек адам калбасын! – деп,
бир эки-үч кандын элин чакыртты. Алманы коюп койду. Эл чубады.
– Менин кызым алма менен кимди урса, ошо кишиге никеленет. Алманы алып, кыз
урат. Улуусу кандын уулун уруп калат. Айсулуу деген кызы бектин уулун уруп, кичүү
кызы Күнсулуу элдин баары өтүп жатат урбайт, эң аягында Кара таз өтөт, кара тазды
урат.
– Кандын кызы жаңылды! Кандын кызы жаңылды! – деп, кайра чубатты элди.
Кайра чубатса, дагы Кара тазды урат.
– Өз убалың өзүңө, ошончодон тазды уруп!.. Бектин уулуна бектин уулундай үй жасап
берет.
– Өз убалы өзүнө, тигилерди эшек короого киргизип койгула, ошондо жан багышсын!
– деп, кичи кызын күйөөсү менен эшек короосуна киргизип коёт кан. Чамбыл ала болуп
экөө жан багып жүрөт. Кандын уулу да, тигиниси да короздонуп чыгат.
Хан ошентип ич оорулуу болуп калат. Молдо, кожолорго келип, китеп ачтырса:
– Кийиктин ич эти дары экен – дейт.
Хан менен бектин уулуна жарак-жабдыкты берип:
– Барып кийикти уулап, атып келгиле! – дейт. Баягы энесинен айттырат:
– Мага деле ат, мылтык берсе, мен деле чыгайын деп кичи күйөөң айтып жатат, – дейт.
– Ыя, болуптур, таздын көөнү болбосо да, таза кыздын көөнү, тетиги койго жетпес
коңураланы кармап бергиле! – дейт. Коңурала менен салпайып барат. Кандын уулу менен
бектин уулу тулпарлар менен кубалашып, ары чапкылап, бери чапкылап жүрөт.
Кара таз алардын үркүткөн кийиктерин:
– Ич этиң уу бол, тыш этиң дары бол, – деп атып алат. Кан менен бектин уулу эчтеке
ата албай, Кара тазга келет.
– Ой, айланайын, бажа, ич этин бер, бизге.
– Макул берейин, бирок мен бекер бербеймин.
– Эмне аласың, айланайын?
Кара таз «кул» дедиртип тамга жасатып алат.
– Жамбашыңарга мынабу «кул» деген тамганы басам, анан берем – дейт.
– Эмесе макул! – деп, жамбашын тосуп берет. «Кул» деп тамганы басып, ич этин берет.
– Эми мен аттым деп айтпа, Кара таз аке, биз аттык деп алып баралы.
– Макул эле.
Койго жеткис коңуралага тыш этин артып, таз күйөө алардан кийин келип түшөт.
– Сал, эттен! – деп, кан этти салгызып, жеп жатат.
Кан менен бектин уулу кийиктин ич этин алып келип,
«кандын ич өткөнгө дары бол» деп берсе, ого бетерден дыргаяктатып ичин алат.
Бая Күнсулуу тыш этин аябай бышырып, сорпосун табакка куюп алып, эшектин
тезегинен табактын бир четине коюп коёт.
– Ой, катыгүн, тиги эмнеси!
– Олдо байкуштар ай! Эшектин кыгы короодон түшүп кеткен турбайбы…
– А чыгар, жебейм! Башта эле иши кыйшык болчу, ошончодон тазды…
– Капырай, таздын көөнү болбосо да, таза кыздын көөнү үчүн ооз тийсең боло, – дейт
байбичеси.
Ооз тийсе, абдан таттуу, тилин ичине тартып, ичи басылыңкы тартат.
Кан анан:
– Бу Күнсулуу бекер кыз эмес го. Жасаган тамагы таттуу, өтө ширин экен, – дейт
байбичесине.
Эртеси дагы таз күйөө коңураланы токунуп кийикке чыгат.
– Тыш этин алып келсин, ич эти эмес тыш эти жагып калды, – дейт кан.
Ууга дагы чыгышат. Таз күйөөгө бул жолу тыңыраак ат берилет. Хандын, бектин
балдарынын жолу дагы болбойт.
Кара таз кийикти атып алып:
– Эми тыш эти уу бол, ич эти дары бол! – дейт. Эки бажасы:
– Бизге эми тыш этин бер! – деп дагы суранып келет. Таз күйөө баягы «кул» деген
тамгасын басып, андан кийин кийиктин тыш этин дагы берет. Тыш этти алып баягы экөө
кандын алдына келет.
Эт бышырылат. Бышырылганда да түрлүү дары-дармек салынып бышырылат. Кан
этин жейт, сорпосун ичет. Бирок ичи өткөнү басылмак турсун, тескерисинче, ичи катуу
ооруйт. Эшектин короосунан койдун короосуна киргизип койгон Кара таз, аялы Күнсулуу
экөө: «Кан жаман болуп жатат» – деп угуп, таз күйөсү атып келген кийиктин этин эзилте
ич эти менен сорпосун куюп алып, койдун корголун четине салып коюп, жаркылдап
алпарып берет.
– Атаңдын көрү жамандар, койдун богун салып келген турбайбы, жебейм! – дейт кан.
Кандын аялы:
– Таздын көөнү болбосо да, кыздын көөнү үчүн ооз тийип кой! – дейт.
Ооз тийип көрсө, өтө эле таттуу, чыпчыргасын калтырбай жейт.
Ичи айыгып, кичине катарга кошулайын деп калат. Мындан кийин кан тигилерди
короодон чыгарап, жөн эле бир үйгө кийирип коёт. Бир күндөрдүн ичинде хан баш
көтөрүп айыгып, куш салып, кандын уулу менен бектин уулун ээрчитип, токойго кетет.
Токойдо куштар жайылып жүрөт.
Күнсулуу Кара тазга кайрылат:
– Ай, сен дагы базарга бар, ал жерге туйгун, тунжур өңдүү нечен бир жакшы куштар
келет. Аны алба, бир пас турсаң, бир чаргы кара куш келет. Ал куш кежир, бөпөлөсө колго
конбойт, ошо кушту алып кел, бир таптап көрөлүк.
Таз күйөө ошону алып келет. Таптап тапка келтирет. Тигилер менен кошо ууга чыгып
куш салышат. Кара куш эмнеге салса, ошонун баарын алат. Тигилердики ала албай калат.
Кан менен бектин уулу, каны баш болуп ызаланып, Кара таздан соогат сурап калат.
Бир күндөрдүн биринде аялына кан айтат:
– Капырай, ушул менин кызым бекер кыз эмес экен го… – деп.
– Бекер кыз болбойт болучу. Кандайча Кара тазга кызыкканын билбейм.
– Башында эле тиги кыздарга караганда ушуну жакшы көрчү эмес белек, байбиче.
Болор киши богунан деген ушу. Кара таздын бир касиетин билсе керек, кызым. Кандай
тамак жасабасын, даамы таттуу, адамга дары. Биз эчен түрлүү алгыр куштарды салып
жүрөбүз. Кара таз мүнүшкөрбү, же биздин кыз мүнүшкөрбү, салсак эле илбээсиндерди
ошол кара куш алат. Биз андан соогат сурап калчу болдук – деп, экөө жакшылык жагына
жоруйт.
Кеңешип олтуруп:
– Ошого жакшы бир боз үй жасап берелик, – дешет.
Боз үйдү жасап, жанына олтуруп, сын-сыпатын байкап, Кара тазды акылдуу киши
катары кан өзүнө увазгер кылып алат.
Эки кандын ордосунун ортосунда бир аралча бар эле, эки кан бир колу бош күнү куш
салышып чыгышат. Бир кандын кушу салган канаттууну албай жалт берип, ээсинен
качып, Кара таздын үйүнүн чамгарагына конот. Кан жигиттерин чаптырат.
Жигиттер Кара таздын үйүнө чаап келип:
– Киши барбы үйдө? – дейт.
– Бар! – деп, ай десе аркы, күн десе көркү жок бир келин чыгат.
– Мобуреки кушту алып бериңиз? – дейт жигит.
– Кушту бөпөлөп колго кондуруп алат дечү эмес беле? – дейт, келин.
Жигит кушту бөпөлөсө келбейт. Келин жанындагы бир жигиттин мээлейин сурап
алып:
– Пө-пө! – десе, куш келиндин колуна келип конот. Келин кушту жигитке сунат, тигил
жигит кушка эмес, келиндин сулуулугуна суктанат.
Бул окуяны жигиттер төкпөй-чачпай канга айтып келишет. Ал кан таң калып турду.
Анан бир күнү куш салып жүрүп Кара тазга кезикти. Алар куш салып жүргөн экен,
саламдашып үй-жайын сурашты:
– Тээ токойдогу үй кимдики?
– Биздин үй! – деп, Кара таз жооп берди канга.
– Сен ким болосуң? – деп сурады кан.
– Мен Абазкандын күйөөсүмүн, бир чети увазгеримин.
– Сен ким болосуң? – деп, Кара таз кайтарып кандан сурады.
– Мен Жанчарканмын, – деди кан.
Ошентип олтуруп, кан куш салды эле, кушу салган немесин албай калды.
– Эмне үчүн сен кушуңду салган жоксуң? – деп, сурады кан таздан.
– Сиз турганда кайдан саламын, сиз – кан, мен – увазгер болсом.
– Эми барып ит жойлотуп, эгер илбээсин учуп чыкса, кушуңду сал, жарыштырып
көрөлүк – деди.
Илбээсин учуп чыкты. Жарыштыра салды эле, кара куш илип кетти.
Ал олжосун канга соогатка байлап койду. А күнү кечке куш салып, кара куш чыкканын
алып, моокумду кандырды. Баягы кан ичинен: «Капырай, келинчеги тигиндей сулуу,
кушу мындай алгыр. Бул бекер жигит эмес экен го» – деп ойлоду. Жанчаркандын
жигиттери кушун салса эле, эчтекеге карабай Кара таздын түндүгүнө барып конот.
Ал чакырса, үндөсө ээсине келбейт. Дагы баягы келинге кайрылат. Чыга калып, кушун
алып берет. Жигит келиндин көркүнө талып калат.
– Ой, эмне болуп атасың? – дейт кан. Канга окуяны төкпөй-чачпай баяндайт. Кандын
ниети бузулат.
– Никелүү аялды кандай кылып алса болот? – деп, жигиттери менен кеңешет.
– Муну барса-келбеске жумшасак эле, келин биздики болот,
– дейт жигиттери.
Жанчаркан Абазканга кат жазып: «Күйөөң Кара таз перинин шаарында сыйкырлуу
казан бар экен, ошол казанды алып келсин», – деп буйрук берет.
Кара тазды кайнатасы чакыртат:
– Жанчаркан бизге милдет такты, перинин шаарында сыйкырлуу казан бар экен,
ошону алып келсин, күйөөңдү жибер деди, – дейт. – Барып кел ошого, – деди кан
күйөөсүнө.
– Барайын! – деди ал.
Үшкүрүнүп-бышкырынып айласын таппай, үйүнө келди.
– Ой, эмне үшкүрүнүп-бышкырынасың?
– Мени перинин шаарынан барып сыйкырлуу казанды алып келесиң, – деди кайнатам.
Келемби, келбеймби ким билет…
– Ой, ага коркпой эле кой, ал оңой эле иш, – деп аялы айтты.
– Кайнатаңдын эки тулпары бар, экөө тең тил билет. Барып, жээрде тулпарды сура,
минип барайын де, берет. Алып кел үйгө.
Жээрде тулпарды сурап үйгө алып келет.
– Ээ, жаныбарым жээрде, Кара таз менен сени барса-келбес сапарга жумшаптыр. Казан
байкуш көмөрүлүп жаткандыр. Жээрде тулпар барып сен коёндон жапыс, Кара таз сен
кыргыйдан илгир болуп, казанды кулактан алып тегеретсең, жолду өзү эле табат казан.
Бирок артыңды такыр карабагын. Казан алдыңда тегеренип жүрүп олтурат. Ошону менен
кутулуп кетесиңер, – дейт Күнайым күйөөсүнө.
Кара таз барса-келбеске барып, казанды кулактан алып тегеретип жиберди эле,
жээрде тулпар менен жарышып жүрүп олтурду казан. Тик «караба» деди эле деп, көзүнүн
кыйыгы менен караса, жыгылып кетти. Казанды таштап өзү качты. Артын караса, толгон
ажыдаар кууп келе жатат. Казанды таштай качып үшкүрүнүп-бышкырынып келип
үйүндө жатты.
«Кандын казабына каламбы» – деп катуу ойго чөктү, ыйлады.
– Кайыр эми, эчтеке эмес, а да болсо сенин тарткылыгың.
Арт жагыңды караба дебедим беле.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.