Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 26

Total number of words is 3970
Total number of unique words is 1798
32.3 of words are in the 2000 most common words
44.3 of words are in the 5000 most common words
50.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
секирип-секирип кетишет. Таз күйөө берген эки теке, эки эчкини алышып, аттарына
артышып, жөнөп кетишет.
Таз күйөө ичеги-карынды куржунга салып, таакы тайга минип, артынан келет.
Байбача күйөөлөр мактанышып, өздөрү атып келишкенсип кийиктерин артынышып,
сарайларына келип түшүшөт.
– Ичеги-карынын тазга бердик – дешет.
Байбача күйөөлөр Эдилканды канышасы менен экөө эки үйүнө чакырып
меймандашат.
Эдилкан менен каныша кийик эттерин жесе, даамы жок, топурак даамданат. Ошентип,
Эдилкан эки күн эки күйөөсүнө мейман болот. Үчүнчү күнү таз күйөө чакырат. Ичегикарындан Кыялбү тамак жасайт.
Эдилкан эшеккана жайына баргысы келбейт. Анда каныша:
– Таздын көөнү болбосо, кыздын көөнү болбойбу! – деп, зордуктап ээрчитип алып
барат.
Эшеккананын бир бурчунда жашап жаткан жеринде, тамагын жасап, кан атасы менен
каныша энесин тосуп алышат. Жасалган тамагы кийиктин ич этинен. Ичеги карын,
боордон тамак ширелүү даамдуу даярдалган. Кан менен каныша тамшанышып,
таңданышып, кызыгып жеп жатканда, кан алдынан эшектин тезеги чыгат. Мындай
даамдуу тамакка кан менен каныша чала тоют болуп, арманда калышат. Бул Кыялбүнүн
атайын жасаган амалы эле. Атасынын алдына атайын ойлоп, эшектин тезегин тамактын
алдына көөмп койгон.
Эдилкан эшектин тезеги алдынан чыкканына ызаланат. Эртеси кызы менен таз күйөө
баласын аткананын бир бурчуна көчүрөт. Таз күйөө менен кызы бул жерде дагы жакшы
жашап турушат.
Күндөрдүн биринде Эдилкан байбача күйөөлөрүн кан тактысына чакырып:
– Силер ууга барып, аркар-кулжа атып келгиле. Мен аркар- кулжанын этин сагындым,
– дейт.
Даярданышып, байбача күйөөлөр ууга жөнөп кетишет. Аргымак минген күйөөлөрдүн
артынан, таакылуу сары тайын минип, таз күйөө дагы ууга жөнөйт. Адатындай алар бир
тоого чыгышат. Таз күйөө экинчи тоого барып, эки кулжа, эки аркар атып алат.
– Ич эти даамдуу, тыш эти даамсыз болсун, – деп, мурунку адатындай эле шарт кылат.
Суу боюна алып келип, ичеги- карындарын жууп, даярдап, куржунга салып коюп,
адатындай отту чоң жагып, боордон шишкебек жасап бышырып, жеп отурганда, эки
байбачалар арып, чарчап, эчтеке таппай, тапкан текелерин дагы ата албай, капа болуп,
кайгырып келишет.
Таз күйөөнүн жанына келип, аргымактан түшүшөт. Кара таз күйөө жеп олтурган
шишкебегинен экиден бөртмөсүн берет. Карды ачып, алсырап келген байбачаларга
шишкебек даамдуу, ширелүү болуп татыйт.
– Дагы болсо, жейт элек, – деп тамшанышат.
– А бирок башка жок.
– Ээ, байбачалар, бүгүн дагы жолуңар болбой калган бейм, же атканыңарды бекитип
келдиңерби? – деп, суроо берет.
– Биз атып алсак, артынып алып келбейт белек. Биз канга барып эмне деп айтабыз, –
деп капаланып келе жатканда, сенин жолукканың жакшы болбодубу, олжоңдон бөлүшүп
бер! – дешет.
– Мен силерден эч нерсе албайм. Менин шартымы билесиңер, – дейт кара таз.
Байбачалар таздын айтканына макул болушат. Баштагыдай эле экөөнүн куйругуна
тамга басып, аркар, кулжасын аларга берет. Артынып алышып, алар жолго түшүшөт. Таз
күйөө адатындай алардын артынан ээрчип, ат сарайдагы жатаканасына келет. Күйөөлөр
дагы кан менен канышаны мейман кылышат. Байбача күйөөлөрдүн кайберен этинен
жасаган тамактары баштагыдан дагы даамсыз, топурак даамданат. Эдилкан менен
каныша жей албай коюшат.
Таз күйөө үчүнчү күнү Эдилкан менен канышаны чакырат. Кыялбүнүн ичегикарындан жасаганы даамдуу жана ширелүү болот. Эдилкан кызыгып жеп, тоёюн деп
калганда, алдындагы тамактан аттын тезеги чыгып, тойбой арманда калат. Жолдо келе
жатып, кан менен каныша сүйлөшөт.
– Булардын кайберендин ич этинен жасаган тамагы даамдуу, ширелүү. Мунун
тамагынын даамдуу болушу, алып келген таз күйөөдөбү, же тамак жасаган кыздабы? Ал
эми кайберендин этин алып келген байбача күйөөлөрдөнбү, же тамак жасаган
кыздардабы? Булардын кайберендин анык этинен жасаган тамактары даамсыз, супсак
болот – дешет.
Эдилкан ойлонуп олтуруп, эртеси таз күйөө менен кызын дан сактаган кампанын бир
бурчуна көчүрөт. Кыз-күйөө ошол жерде жашап, жашоосу мурункудан жакшырат.
Эдилкан күндөрдүн биринде кан тактысына чакырып, байбача бекзаада күйөөлөрүн дагы
ууга жиберет.
– Силер тапкан олжолордун өзүн таз күйөөгө берип, ич этин, ичеги-карындарын
баарын өзүңөр алгыла – деп, күйөөлөргө айтат.
Ошондо бекзаадалардын эсине баягыда жеген шишкебектин даамдуу ширеси
эстерине түшөт. Күйөөлөр бир тоого, таз күйөө экинчи тоого чыгат.
– Ич эти даамсыз болсун, анык эти даамдуу болсун, – деп, эки теке, эки кулжа атып
алып, суу боюна сүйрөп түшөт.
Теке менен кулжалардын ичин жарып, ичеги-карындарын тазалап, ич этинин баарын
майлары менен карындарга салып, даярдап коёт. Алардын жолу болбой келишин күтүп,
жолдорун тосуп, суу боюнда олтурат. Отту чоң жагып, төш этинен шишкебек жасап
бышырып, жеп олтурат. Байбача күйөөлөр алсырашып, алдары кетип, тоолорду
кыдырып, учураган кийиктерди ата алышпай, салбырап өзүлөрү келишет.
– Бактыбызга сен жолдуу болупсуң, эми бизге ичеги-карын ич этин бер – деп байбача
күйөөлөр айтышат.
– Шартты орундатсаңар, сураганыңардын баарын берем,
– дейт таз күйөө.
Анда байбача күйөөлөр баса калып өлтүрүп, тартып алгылары келет. Бирок экөөнүн
алы жетпесин билишет. Айтканына макул болушуп, куйруктарына үчүнчү тамганы
басышат. Ичеги-карынды артынышып, аргымактарына минип, арыраак бастырып
барышат да:
– Ээ, таз, кулжа-текени төртөөнү сен көтөрөсүңбү, же таакы тайың көтөрөбү? – деп,
каткырып күлүшөт.
Анда кара таз төрт кулжа, текени кошоктоп, сары тайга ыргытканда, солк этпейт. Таз
күйөө анын үстүнө ыргып минет. Аны көргөн байбачалар качып, таз күйөө таакылуу сары
тайына теке-кулжаларды артынып, таскактатып жүрүп келет. Күйөөлөр өз-өз үйлөрүнө
түшүшөт. Мурунку адатындай эле күйөөлөр кайната, кайын энесин мейманга чакырышат.
Баштагыдай эле байбача күйөөлөр менен ардактуу кыздардын тамактары даамсыз,
ичеги-карын даамданат. Бул тамактарды такыр жей албай коюшат.
Байбача күйөөлөрдөн кийин кайната, кайын энесин мейманга чакырышат. Таз күйөө
менен жаман кыздын жасаган тамактары баштагыдан да ашкан даамдуу, ширелүү.
Эдилкан чала тоюп болуп, шашылып жеп жатканда чычкандын богу алдынан чыгып,
тойбой арманда калат.
– Бул күйөө, кызда жашырын сыр бар. Эмне үчүн тамактары ушунча даамдуу – дешип,
кан менен каныша кан сарайына барышып, өздөрүнчө сүйлөшөт.
– Таздын көөнү болбосо, кыздын көөнү – деп, эртесинде жасалгалуу жайга көчүрүп,
алып барып коёт. Таз күйөө күйөөгө даярдалган кийимдерди кийгенде, көргөндүн көөнү
толгон көркөмдүү күйөө болуп калат. Жасалган ат жабдыкты таакылуу сары тайга
токуганда, келишкен аргымак буудан болот. Көргөн адамдарга аргымак, буудан минип
бастырса, байбачалардан артык көрүнөт.
Эдилкан муну көрүп, айран-таң калат. Ойлонуп башы айланат. «Бул кандай кубулуп
жүргөн аярбы? Же ошондой эле акылман азаматпы?» – деп, муну тааный билген
кызынын акылмандыгына баа берет.
Эл арасында байбача күйөөлөргө караганда артыкчылыгы артыла баштайт.
Эдилкандын эркек баласы жок болот. Кан ойлонуп олтуруп, элин үчкө бөлүп, башкарууну
үч күйөөсүнө берет. Күйөөлөр өз аймактарында бийликтерин жүргүзүшөт, Эдилкан
кимиси кандай эл башкарат экен деп, көз салып турат. Таз күйөө деп аталган кичүү кызы
Кыялбүнүн күйөөсү башкарган элде кедей-кембагалдар жоюлуп, жетим- жесирлердин
абалы жакшыра баштайт. Элге сөзү өтүмдүү, айткан кеби орундуу болуп, башкарган
элдин көөнүнө толот.Эл арасында ынтымак болуп, зордук, зомбулук жоголуп, томояк
жакырлары оңоло баштайт.
Ал эми байбача күйөөлөр башкарган аймактарда талаш- тартыш, жаңжалдар көбөйөт.
Кедей-кембагалдар күчөйт. Жетим-жесирлер оокат кыла албай, көрүнгөн жакка
тентишет. Зордук, зомбулук, ууру, каракчылар эл арасында көбөйүп кетет. Алардын эл
башкара албагандыгы, эл арасында биримдик жок экендигинен билинет.
Кичи кызы Кыялбүнүн күйөөсү башкарган элге айтканы алымдуу болуп, карыларга
кайрымдуу болуп, жакшы- жаманды ажырата билип, алык-салыкты элдин ал-абалына
карай жыйнайт. Эл арасында акыйкаттыкка, алдын ала көрөгөчтүк жактарын баалап, таз
күйөөнүн таз аты калып, Алимбек атка конот. Алимбек капысынан жоо каптап кетпесин
деп, элдин келечек тагдырын ойлоп, эл ичинде жоокерлерди даярдайт.
Ал эми байбача күйөөлөр эл арасында кадыр-баркы кетип, жаңжалдар күчөп,
салымдарды элге көр салуу менен элди алсыратышат. Элдин келечегин ойлошпойт.
Ушундай мезгилдерде алыстан жоо келип, алсырап, даярдыгы жок жаткан элди чаап,
талап, көпчүлүк элди кырып кирет. Бул элди башкарган байбача күйөөлөр элди таштап,
качып кетишет. Келген жоо элди каптап, басат.
Муну уккан Алимбек жоокерлерин жыйнап, келген жоонун алдын тосуп, уруш
баштайт. Бул катуу урушта Алимбек душманын жеңип, аймактан кууп чыгып, аларга
кыргын салат. Келген жоонун өлгөнүнөн калганы качып, кутулуп кетет. Таз күйөө
аталган Алимбек жеңишке ээ болуп, Эдилкандын аймагында, элге атагы чыгат. Калкына
тынчтык курулуп, Алимбектин акылдуу баатырдыгы менен эл арасында даңкталат.
Эдилкан увазирлерин, күйөөлөрүн, эл ичиндеги жакшыларын, акылман аксакалдарын
чакырып, болгон окуяны баалашат.
– Элибизди жоо каптап келгенде, силер кайда кеттиңер? – деп, чоң кыздардын
күйөөлөрүнөн сурайт.
Алар жер карап, үндөй алышпайт. Кандын суроолоруна жооп беришпейт.
– Силер ууга чыкканда, артыңардан ээрчип жүрүп, аткан кийигиңердин ичеги-кардын
жыйнап жүргөн таз күйөө каптап кирген жоону талкалап, элди коргоп калды.А силер
болсо, дайынсыз качып кеттиңер, – дейт Эдилкан.
– Таксыр каным, булар байбачалар эмес, коркок кулдар – дейт Алимбек. – Ууга
чыкканда, кийикти булар атпастан, мен атып берип жүргөмүн. Ошондо аткан олжоңу
бизге бер, биз сага кул болобуз дешип, куйруктарына тамга бастырышкан. Ишенбесеңер
куйруктарын ачып карап, тамгасын көргүлө, – дейт.
Муну уккан Эдилкандын Алимбекке ачуусу келип, байбачаларды кордоп жатат
дегенсип, карап турган жигиттерге буйрук берет.
– Ачып карагыла, калп-чынын аныктагыла! – дейт.
Кан ордосунда карап турган жигиттер байбача күйөөлөрдү кармап көрүшүп,
куйруктарында үчтөн тамгалары бар экенин айтышат.
– Эмне үчүн үчтөн тамга бар буларда? – дейт, Эдилкан Алимбекти карап.
– Таксыр, улук каным, буларды үч жолу ууга жибердиңиз. Эчтеке аталбаганда, мен
аткан олжону берип, өздөрүнүн макулдугу боюнча, олжомду берген сайын тамга
баскамын! – дейт, Алимбек эки колун бооруна алып, ийилип туруп.
– Ушул чынбы? – деп, Эдилкан ачууланып сураганда, башын көтөрүп жооп бере албай,
баштарын ийкеп, макулдугун билгизишет.
Ушинтип байбачалардын айыбы ачылып, колдорунан эчтеке келбестиги билинет.
Эдилкандын ачуусу келип, ордодогу алып берген жайынан айдап чыгат.
– Силер тандап тийген күйөөлөрүңөр менен кеткиле! – деп, кыздарын күйөөлөрү
менен кубалап жиберет.
Эдилкан увазирлерине жардык берип, элинин баарын жыйнайт. Алимбектин
баатырлыгын баалап, акылмандыгына алымсынып, келечекте элин жакшы башкара
тургандыгына көзү жетет.
– Мен картайдым, – деди Эдилкан эл алдына чыгып, – кичи кызым Кыялбүнүн тандап
тийген таз эри Алимбек деп аталып, акылмандыгы, баатырлыгы аныкталып, элди
жоодон коргоп алып калды. Муну силер менден жакшы билесиңер. Ошондуктан
Алимбекти өз ордума кан деп жарыялап, кан тактысын беремин. Калк кадырына жетип,
элин эптүүлүк менен сурайт деп мен ишенемин.
Силер эрдигин билбестен, акылсыз карып деп карабастан токойго таштагансыңар.
Мен акылман баатыр экенин, азаматтыгын ажыратып баалабастан, кызымды
айыптагамын. Кичи кызым Кыялбү көрөгөч, даанышман экен. Ушунча калкымын ичинен
акылмандыгын аныктап, баатырлыгын байкап, таз дебестен тандап тийди. Ал эми
Алимбек болсо, жылкынын ичинен жонунан таакысы түшпөй, жылкы артына жетпей,
араң ээрчип жүргөн сары тайдын аргымактыгын байкап, буудандыгын аныктап, өзү көп
жылкы ичинен тандап алды. Азамат эрди карып деп, журтка таштап кетпеңер.
Аргымакты арык деп, жолго таштап кетпеңер, – деп айткан экен.
Алимбек Эдилкандын ордуна кан болуп, элди акыйкаттык менен сурап калат. Жетимжесирге, карып мерен карыга, кедей менен кембагалдарга кан казынасынан жардам
берип турат. Ошентип эли тынчып, байлыктары ашып, бардыгы тең жыргалдуу болуп,
жашап калышат. Көпчүлүк элдин тилеги орундалат.
Алимбек кан болгондо адилдик менен эл башкаргандыгы үчүн Адил хан деп аталып
калат.
АЧ КӨЗ КАРЫНБАЙ
Бар экен, жок экен Карынбай деген бай азыркы Өзгөндүн түштүк аймагында Куршаб
деген жерде жашап, төрт түлүктүү малга бай, мал баккандардын ал-абалына карабаган,
малы өлсө буркан-шаркан түшүп, малчыларына кыйкырып каарданган каардуу бай экен.
Бир учурда бир короодон эки-үч кою арыктап өлүп калса, койчуну уруп:
– Кой өлгөнчө сен өлбөйсүңбү! – деп жазалайт.
– Таксыр байым, мен өлсөм коюңду ким кайтарат эле – деп, анда койчу айтат.
Карынбай койчуну уруп-сабап жатып өлтүрүп коёт. Ушундай каардуу Карынбайдын
малы дүркүрөп, жыл сайын өсө берет. Түндүк жагы Көкарттан тартып, Жазы, Каракулжа,
Алай тоолорун малы басып кетет. Карынбай төрт түлүк малын көрүп туруш үчүн төө
өркөчтөнгөн бийик тоого көчүп чыгат. Ошол жерден айланасындагы төрт түлүк малын
карап турат. Карынбайдын мал баккан эли, жакындагысы, алыстагысы, колоттогу
койчусу, кырдагы жылкычысы, талаадагы төөчүсү, чөлдөгү дыйкандары – баары
чогулушуп, Карынбай төөдөй болгон тоого көчүп барды дешет. Карынбай ал жерден
бардыгын көрүп турат деп коркушат. Тоо төөгө окшош болгондуктан төөчө деп жүрүп,
ошондуктан төөчө аталып калган. Карынбай түздүн баарына эгин айдатып, жонос-жонос
кылып үйүп алса дагы, көзү тойчу эмес. Эгин айдаган дыйкандары ушунча дан жыйнаса
дагы көзү тойбойт, мунун көзү топуракка гана тоёт дешчү. Ошондуктан, бардыгына
тойбойт деп, эли Карынбай атап калышкан.
Карынбай күндөрдүн биринде, малынын көбөйгөнүн карап турат. Бир периште келет.
Карынбайдын алты аялы болот. Алтоонун алты үйүнө дүнүйөсү толот. Ошол
күндөрдүн биринде аялдары килемдерин, жууркан-төшөктөрүн, жаздык-баштыктарын,
идиш-аяктарын, казан-табактарын бардыгын эшикке чыгарышып, күнгө жайышат.
– Малга тойдуңбу? – деп, ошол күнү периште байдын алдына келип сурайт.
– Дагы туягынча болсо экен! – дейт каниет кылбаган Карынбай.
Малы туягынча болуп көбөйөт.
– Тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан сурайт.
– Дагы туягынча болсо экен! – дейт. Анда периште, жерди:
– Тарт! – дегенде, Карынбайдын тизесине чейин жер сорот.
– Данга тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан сурайт.
– Дагы ошончо болсо экен! – дейт Карынбай.
– Дагы тарт! – дейт периште жерди.
Карынбай эми бел кырчоосуна чейин жерге кирет.
– Дүнүйөгө тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан сурайт.
– Дагы ошончо болсо, – дейт Карынбай.
– Тарт! – дегенде периште, Карынбай кекиртегине чейин жерге кирет.
– Эми бардыгына тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан акыркы жолу сурайт.
– Эми тойдум, – дейт Карынбай. Периште жерди:
– Тарт! – деген экен.
Ошондо, Карынбайды жер толук жутуп, ошол жер чуңкур болуп калган дешет.
Ошондон бери «каниет кылбасаң Карынбайдай жер сорот» деген уламыш айтылып
калат. Төөчүнүн үстүндө Карынбайды жуткан жердеги чуңкур ушул убакка чейин
сакталып калган. Карынбайдын бардык малы жапайы болуп кетсин деп периште айтып,
малдары жапайы болуп кетишет.
САГЫН АШЫРБАЙ УУЛУ
1918-жылы Москва районуна караштуу Акбашат айылында туулган. Атасы тамырчы
болуп, оорунун түрлөрүн даана түшүнүп, кайсы оору менен ооруганын, кайсы дарыдан
айыгарын аныктап, оорулууларга дары болуучу чөптүн жүздөн ашык түрүн билчү экен.
Атасы динчил болгондуктан, алты жашынан эле арабча молдого берип, төрт жыл
окуйт. 1934-жылы Капталарыктан 7-классты аяктап, 1937- жылы финансы техникумун
окуп бүтүрөт.
1942-жылдын январынан тартып, Крым согушунда болуп, 1946-жылга чейин аскерде
жүрөт. 1957-жылдан 1978-жылга чейин ветеринар болуп иштеп, пенсияга чыккан.
Ал Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүнө жүзгө жакын
жомок тапшырган.
Сагын аксакал бизге көп келип, макал-ылакаптардан, учкул сөздөрдөн айтып берчү.
МАКТАНЧААК КОЁН
Илгерки заманда коён узун кооз куйруктуу, күлүк, мурутчан, өзү жеткен мактанчаак
жаныбар болот экен. Жаш, жаңы чоңоюп келе жаткан коёндорго тынчтык бербей:
– Токойдо кожоюн жалгыз гана менмин! – деп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, көөп турган
маалы. Эрдин бүлкүлдөтүп чөптүн жакшысын искеп жеп, бир жерге токтоно албай, –
эрдим төөнүкүндөй, кулагым эшектикиндей, күлүктүгүмө эч ким жетпейт, жүнүм,
куйругум кандай укмуш, чиркин! – деп мактанып жүрүп, ал коён бир кирпиге жолугат.
– Сен кимсиң? – деп, бүрүшөт кирпи.
– Мен коёнмун – дейт үнүн катуу чыгарып.
– Эмнеден коркосуң?
– Мен эчтемеден коркпоймун, а сен кимсиң? Сен эмнеден коркосуң? – дейт коён.
– Мен кирпимин. Мен кокустуктан корком.
– Кокустук дегениң эмне? – деп, дагы сурайт коён.
– Туяктуу жаныбарлар атайлап баспайт, бирок шашып, качып же үркүп келе жатып
басып кетсе, өлөм.
– Иттенчи?
– Иттен үстүмдөгү тонум сактайт. Киши мени бир тоголок тикен деп ыргытып
жиберет, эчтеме мага тие албайт. Сен коён мактанчааксың, ошондуктан калп эле
коркпойм деп жатасың. Карышкыр жана башка айбандар мамыктай жумшак денеңе азуу
тишин матырса, өлөсүң.
– Ооба, аны сен кайдан билесиң?
– Мен сени көргөндө эле билдим, эгер мыкты болсоң, эмне эрди-башың былкылдап
турат?
– Эрдим төөнүкүн тарткан, ошондуктан жырык, кулагым чоң, шырт дедирбей угам,
күлүкмүн, качып кутулам.
– Мен бир иш айтайын макулсуңбу? – дейт кирпи. Коён макул болот. – Жүр, дос,
тээтиги көлгө баралык, суу ичелик, бир аз эс алалы, – дейт.
Алар көлгө келишет да, суу ичип, бир аз эс алышат.
– Эми көлгө куйругуңду салып, жээкке бир аз олтурчу, – дейт кирпи.
– Эмнеси бар! – деп мактанчаак коён куйругун сууга салып отурат.
Ошол маалда өрдөк баш балык келип, коёндун куйругун көрүп, жемек болуп, араадай
тиши менен тиштеп тартат. Балык сууга, коён чыңырып арткы буту менен жерге таянып
сыртка тартат. Ары-бери тартышып, коёндун куйругу үзүлүп кетет. Айласы кеткен коён
андан-мындан бир тийип, куйруктан ажырап, кыска куйругу менен качып жоголот.
– Мактанчаактан кутулдум! – деп кирпи кала берет. Коён ошо күндөн, ушу күн куйругу
жоктугунан уялып, отура калып жүрөт экен.
ДЕЛДЕҢБАЙ
Илгери бир кишинин эки уулу, бир кызы бар экен. Улуу кызы турмушка чыгып, эки-үч
балалуу болуп, күйөөсү менен ынтымактуу жашап, орто оокаттуу болот. Атасы эң улуу
баласын үйлөнтүп, баласы эки балалуу болот. Кичүү баласы – Делдеңбай. Бир күнү энеси
өлөт.
Ошондо атасы:
– Бир кой, бир кап ун, кепин үчүн он эки, он беш метр ак кездеме апкел, кудаларга,
жездеңе, эжеңе кабар айт – деп, Делдеңбайды ат мингизип, эжесине жиберишет. Ошентип,
Делдеңбай эжесине келип, атасы менен агасынын айткан кабарын айтат. Эжеси менен
жездеси сураганынын баарын берип, өздөрү:
– Эртең барабыз, –деп калышат.
Жолдо келе жатса, алдынан карышкыр чыгат.
«Кудайдын ити курулай ачка экен» – деп, коюн ага берет. Андан ары кетип бара жатса,
камыш желпилдесе: «Кудайдын келини кур жүгүнбөйт» – деп, кездемесин айрып, камыш
башына байлап салат. Андан ары келе жатып башат көрөт.
«Кудайдын казаны кур кайнайбы» – деп, унун чалып кетет.
Үйүнө барып, ушундай деп жөнүн айтат. Айласы канча, сырын билет, унчукпай калат.
– Уул, баланы терметип тур, мен уй саап келем, – дейт жеңеси.
Делдеңбай баланы терметип олтурса ыйлайт, башын сыйпаса мээси былкылдайт.
– А мээси курттап кетиптир – деп, мээсин оюп салат.
Жеңеси келсе, баласы дым жок жатат.
– Бала эмне болду? – деп, Делдеңбайдан сураса:
– Мээси курттап кетиптир, куртун алып койсом эле уктап жатат, – деди.
Айла жок ыйлап-сыктап кала беришет.
Ушуну менен Делдеңбай делдеңдеп кетип бара жатса, жылан жатат, аны чөнтөгүнө
салат. Андан ары баратса, бир жумуртка жатат, аны да чөнтөгүнө салат. Андан ары
баратып эски журттан шибеге таап алат, муну да чөнтөгүнө салат. Андан ары баратып,
бээлер тууп жаткан жерден бээнин чөбүн алат. Андан ары делдеңдеп келе жатып, бир ээн
жерден бир боз үйгө туш келет. Үйгө кирсе эч ким жок. Сабадан кымыз ичип, тоюп,
жыланды салып, отту көзөсө көмөчү бар экен, анын ордуна жумуртканы көөмп, төргө
шибегени түбүн ылдый кылып учун чыгарып коёт, эшиктен чыга бериш улагага бээнин
чөбүн жайып коюп, өзү жабыкка жатып алат.
Аңгыча жезкемпир келип, кымыз ичейин деп, сабаны ачып, жыланды көрүп чочуп,
көмөчүн жейин деп отту көзөсө, жумуртка тарс жарылып, көзүнө жабылат, чочуп кетип
төргө отура калайын десе шибеге кирип кетет. Ыргып туруп, эшикке чыгайын десе,
бээнин чөбүнө тайгаланып жыгылып, башы босогого тийип, жарылып өлөт. Күлүп жатып
Делдеңбай да өлөт экен.
ЧЫНЧЫЛ
Илгерки заманда Ак ниет, Кара ниет деген эки бай болот. Ак ниет байдын Кадыркул
деген чынчыл жигити болуптур. Кара ниеттин мал-дүнүйөсү Ак ниеттикинен азыраак
экен.
Кара ниет: «Ак ниеттин дүнүйөсү эмне үчүн менден көп» – деп ойлонуп, Ак ниет бай
менен сүйлөшөт. Ак ниет Кара ниетке:
– Дүнүйө малымдын көптүгү чынчыл жигитим Кадыркулдун касиети, – деп жооп
бериптир.
Ак ниет менен Кара ниет экөө бир жайлоодо жайлашат. Кара ниет ошондо айла-амал
издеп, өзүнүн жезкемпир досун чакырып:
– Ак ниет байдын Кадыркул жигити чынчыл экен, ошол жигитин калп айттырганга
аракет кыл. Ак ниеттин эки ак тулпар, кара тулпарын алдап ал. Чынчыл Кадыркул алдаш
үчүн сизге мен ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатыр менен сулуу келин-кыздарды кошуп
беремин. – Мен бир кары кемпир, жалгыз кызым бар. Мен баймын. Бирөөнүн башы келсе,
малы келбейт, малы келсе, башы келбейт, кызыма ылайыктуу жер чыкпай жатат дегин.
Кадыркул чынчыл жигит үйлөнө элек, ал сенин ак чатырыңа, көк чатырыңа жана
кыздарыңа кызыгып келсе, сен аны алдап калп айттырууга аракет кылгын, – деп кеңеш
кылат.
Күндөрдүн биринде чынчыл Кадыркул жылкычы, койчулар менен эт жеп, кымыз
ичип олтурушуп, жайлоодо ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырдын пайда болгонун
көрүшөт. Ошондо чынчыл Кадыркул жигит жылкычы, койчуларга айтат:
– Муну мен билип келейин – деп, ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырга барат, барса
кемпир сулуу кызды шайыга бөлөп кийгизип, жанына кыз-келинди нөкөр кылып койгон.
Кой союлган, кымыз бышылган, жигиттери иш менен алек.
Чынчыл жигит келгенде, кемпир келин-кыздар болуп тосуп чыгат.
– Сиз дагы бир байдын баласысыз го – деп, сылык сөз менен эт, кымыз берип, сыйлап
калышат.
– Байбиче, сиз кайсы жердиксиз, бул жерге кайдан келдиңиз? – деди чынчыл
Кадыркул жигит.
– Ушул кыздын атасы чоң бай эле, дүнүйөсү мага калып, атасы өлүп калды, ушул
кызымдын урматына жайлоого келип, келин-кыздарым менен эс алдырып жатамын –
деп, кемпир жооп берди.
– Байбиче, эгер иштин жөнү ушундай болсо, мен айылыма барып, жолдош-жоро
ээрчитип, сиздин кызга жуучу түшөйүн,
– деди Кадыркул.
Кемпир мурунку сөздөрүн кайталап:
– Биринин башы келсе, малы келбейт, биринин малы келсе, башы келбей жүрдү эле.
Башыңыз келди, өз балам үчүн сизден калың көп сурабайм. Куда түшкөнү келерде Ак
тулпардын башына аяктай кебез байлап кел. Кызымды алып кетерде Кара тулпарды
калыңына бергин.
Кадыркул жигит макул болуп, айылына келди. Жылкычы, койчулары менен
сүйлөшүп:
– Кызды алмак болдум, жолдош болуп мени менен жүргүлө. Ак тулпардын башына
аяктай кебез байлагыла, бул куда түшкөнүбүз, кызды алып кетерде Кара тулпарды
калыңына беребиз. Ошентип, мен үйлөнөмүн. Ушу жашка келгенче Ак ниет байга
иштедим эле, менин кызматым эки атка татыр. Ак ниет байым туура дээр.
Ушуну менен чынчыл жигит Кадыркул Ак тулпардын башына аяктай кебез байлап, ак
чатыр, көк чатыр, кызыл чатырды көздөй жөнөштү. Бир аксакалы баш-көз болуп,
кемпирге жуучуга келдик деген кабар берди. Кемпир келин- кыздары, жигиттери менен
буттары үзүлгөнчө кызмат кылышты.
– Менин малым көп, түмөн баймын. Кызымдын жуучусуна келген Ак тулпарды союп
жегиле – деп буйрук кылды.
Кадыркул жигит жолдоштору менен түнөп-конуп, мейман болушту. Кемпир Кара ниет
байга жигит жиберип:
– Ак тулпарды алдап жедик, Кара тулпарды калыңына бермек болду – деп, кабар
кылды.
Ушул убакта Кара ниет байдын сүйүнүчү койнуна батпай, Ак ниет байдын үйүнө
кемпирин жана жолдош-жоролорун ээрчитип жөнөдү. Ак ниет бай алардын келгенин
көрүп, малын союп, кымызын куюп мейман кылды. Тамак жешип, жай олтуруп сөзгө
киришти.
Ошондо Кара ниет бай Ак ниет байга мындай деди:
– Сиздин дүнүйөңүздүн, малыңыздын, жаныңыздын менден көп болгон себеби
жигитим чынчыл Кадыркулда дебедиңиз беле. Эгер чынчыл Кадыркулуңуз калп айтса,
малыңызды мага бересизби?
– Дүнүйөдө Кадыркул жигитим калп айкан эмес, эгер калп айтса, малымдын баарын
сен алгын – деп, Ак ниет бай жооп берет.
Ушул сөздү такташ үчүн Кара ниет бай молдосун, бийин, казысын чакыртат. Молдосу,
казысы, бийлери кагаз жазышат.
«Эгер, Кадыркул калп айтса, Ак ниет байдын дүнүйөсү Кара ниеттики, эгер калп
айтпаса, Кара ниет байдын дүнүйөсү Ак ниеттики» – деп, бексул жазышат. Ушуну менен
Кадыркул жигит эки-үч күн мейман болуп, күйөөчүлөп шаан-шөкөт менен айылына
келет. Кемпир келерки ишемби күнү келип, кызымды алып кет деген жообун берет.
Кемпир чынчыл Кадыркул жигитке ыраазычылыгын билгизип:
– Айланайын, бала болуп каларсың, менде дүнүйө көп, ушу дүнүйө, мал-жандын баары
сеники. Ошондуктан мен дүнүйө алайын деп жаткан жерим жок сенден. Калыңсыз кыз
болсо да, каадасыз кыз болбойт, балам. Келерки ишемби күнү кызымды алып кетерде
Кара тулпарды калыңына бергин. Андан кийин бешенең бештен, бактылуу болуп жашай
бер, – деди.
Кемпирдин бул сөзүнө Кадыркул, куда башчылар, жолдош- жоросу да чоң ыраазы
болушту.
– Байлыгы бу болсо, кызы сулуу болсо, дүнүйөнү кеп кылбай, Ак тулпарды барар
менен союп алса, – дешип айылына кайтышты.
Келерки ишемби күнү баягы убада боюнча Кара тулпарды калыңына берет.
Баягындан артык мейман күтүп, кемпир ыйлап-сыктап:
– Малга чукак эмесмин, башка чукакмын! – деп, Кара тулпарды сойдуруп таштады.
Эртеси кызды алып кетер күнү кемпир чыңырып, өкүрүп ыйлап, меймандардын тынчын
алып үстүнө келет.
– Жалгыз бир тууганымдын жалгыз баласы дүйнөдөн кайтыптыр. Айланайын, куда
башчы, Кадыркул уулум, ийгиликтин кечи жок деген. Үч-төрт күн коюп жетилигин берип,
анан кызымды жөнөтөм, – деди.
Куда башчы, Кадыркул, жоро-жолдоштору болуп айылына кайтышты. Эртеси ак
чатыр, көк чатыр, кызыл чатыр жок. Кемпир көчүп кетет. Кемпир келип Кара ниет байга
өз милдетин аткаргандыгын билдирет. Кара ниет бай Ак ниет байга минтип айтат:
– Сенин Кадыркул жигитиңдин калп айтпаганын көрөйүн, эки киши жиберип,
чакырталык – дейт. Эки жигиттен эч нерсе айттырбай, бир кана: – Кадыркул сени Ак ниет
байың чакырып жатат, – деп айттырышат. Быяктагы болгон иштин жайын билдирбейлик
дешет. Ак ниет бай менен Кара ниет бай экөө эки жигитти Кадыркулга чаптырат. Эки
жигит барып чынчыл Кадыркул жигитке:
– Сени Ак ниет бай чакырып жатат! – деп, кайра тартышат.
Чынчыл Кадыркул жигит байын көздөй жөнөп калат. Жолдо келе жатып чынчыл
Кадыркул жигит чочулап: «Бу байым чакыртчу эмес эле, Ак тулпар, Кара тулпар жөнүндө
угуп калган го» – дейт да, эмне деп жооп берерин билбей башы катат. «Экөө болсоң
жолдошуңа акылдаш, жалгыз болсоң бөркүңө акылдаш» деген кыргыздын макалына
таянып, бөркүнө акылдашмак болот. Ошентип, Кадыркул чынчыл жигит таягын жерге
сайып, тумагын башына кийгизип коюп, камчысын сүйрөп: «Ассаломалейкум» – деп,
бөркүнө салам айтып келет, өзү Ак ниет бай болуп бөркүнүн ордуна жооп берет: «Валекум
ассалам, чынчыл Кадыркул жигитим, мал- жаның, эл-журтуң аманбы?» – дейт. Анда өзү
жооп берет:
«Мал-баш, эл-журт аман. Аманы курусун, Ак тулпар аңга түшүп өлдү, Кара тулпарды
карышкыр жеди» – дейт да:
«Ушунум калп болуп калды го», – деп, бөркүнүн артынан кетет. Экинчи жолу дагы
бөркүнө салам айтып келет да, байынын баягы эле суроосуна мындайча жооп берет.
«Мал-баш курусун, Ак тулпарды сууга агызып өлтүрдүм, Кара тулпарды карышкырга
жедирдим». «Ай, ушунум да калп болуп калды го, тулпарды карышкыр жемек беле,
тулпар сууга акмак беле» – деп, кайра кетти. Чынчыл жигит Кадыркул бөркүнө үчүнчү
жолу келди. «Ассалоомалейкум, Ак ниет байым, бала-бакыраң аманбы?» – деп сурады. Ак
ниет бай: «Мал-башың, эл-журтуң аманбы?» – деп кайталады. Анда чынчыл Кадыркул
жигит
«Мал-баш аманы курусун, мастан кемпир кызымды берем деп, Ак тулпарды, Кара
тулпарды алдап жеп койду. Ушул сөзүм жымсал болду го» – деп, Кадыркул жигит бөркүн
кийип, айылына келди. Баягы шаани менен чынчыл Кадыркул жигит Ак ниет байына
келди.
– Ассалоомалейкум, Ак ниет байым, бала-бакыраң менен аман-эсен жатасыңбы? –
деди.
Анда Ак ниет байы:
– Алейкум ассалам, чынчыл жигитим, Кадыркул мал- жаның аманбы? – деди.
Чынчыл Кадыркул жигити:
– Бир кемпир кызымды берем деп, Ак тулпар менен Кара тулпарды алдап жеп койду, –
деди.
Ошондо отургандар, казы-муфталары, молдолору, бийлери, Ак ниет, Кара ниет
байлары Кадыркулдун чынчылдыгына ыраазы болушуп, бексул боюнча Кара ниет
байдын мал- дүнүйөсүн Ак ниет байга алып беришти. Ошондон Кадыркулга чынчыл
деген ат калып, жомоктун аты да чынчыл болуп калган экен.
АЛТЫН ШАКЕК
Илгери бир заманда бир чоң байдын малы көбөйүп тескери жайылса да, бир кишиге
чык татырбаган Чыгайбай болот.
Өлгөн малынын этин жейт. Тамак ичип жатканда бирөө келсе, жылдызы жерге түшүп,
тамагын аяп, ылдый карап отурчу экен.
Бир күнү кемпири:
– Ой чал, кел дебеген үйдөн, кетмендеген көр жакшы деген эмеспи, түлөө кылып, элжурттун батасын алалы, тамак берели
– десе, чалы ыйлайт.
– Менин дүнүйө малыма тийбе. Эл бекер жеп кетет, мага эмне пайда, өзүң тапсаң бере
бер! – деп кемпири менен урушат.
– Ой, куураган чал, баласы жок өлөбүз, өлсөк артыбызга калат, малыңды ит-куш жейт,
кой! Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт, элдин батасын алалы, – дейт
кемпири.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.