Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 04

Total number of words is 4150
Total number of unique words is 2066
32.5 of words are in the 2000 most common words
45.7 of words are in the 5000 most common words
51.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бул жолу да абышкага дарактын өзөгүнөн алтын куш баш чыгарып:
– Сага дагы эмне керек? – деп кайрылат.
– Мен бай болсом дейм, короомдо сан жеткис малым болсо, алар аппак болсо, – деп
суранат.
– Болуптур, адамзат, тилегениң орундалат. Өзүңдүн боз үйүңө окшош койлоруң ак
болот. Аны эсептеп түгөтө албайсың,
– дейт да, көздөн кайым болот.
Үйүнө келип, абышка кемпири экөө таңдын атышын чыдамсыздык менен күтүшөт.
Таң ата теребелди карашат. Айланада жайылган сансыз кой менен уй.Санап жетише
албайт.
Арадан бир топ ай өтөт. Чалдын курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп, хан болгусу келет.
Белине балтасын кыстырып баягы чынар терекке дагы келет. Кыя баштайт чынарды.
Алтын куш мына чыгат жок, ана чыгат жок. Теректи кыйып жыгып, уясын караса, алтын
куштун өзү жок.
Үйүнө келсе мал да жок. Баягы ак өргөө да жок. Кемпири:
– Ач көздүк адамды жакшылыкка алып келбейт, – деп какшанып отурат.
КЕДЕЙ БАКТЫСЫ
Бир кедей күнүнө отун алып, аны базарга сатып, балдарына базардан анча-мынча
тамак-аш алып келип, жан сактап туруучу экен. Бир күнү чоң суунун боюндагы куураган
талдарга көзү түштү.
Араасын жерге коюп, балта менен чоң түп талды кесе баштады. Орто ченине келген
кезде балтанын башын бекиткен шынаасы ыргып кетип, балта суунун терең жерине
барып түшөт. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, – деп, кедей башын мыкчып отура калды. –
«Балдарды кантип багамын» – деп, капага терең малынды. Өзүнө өзү суроо берип,
муңкана берди. Шынааны бош какканына аябай өкүндү.
Бир убакта ак сакалын жайкалткан карыя пайда болду маңдайында.
– Ой, эмне капага малындың? – деп сурады кедейден ал.
– Кантип капа болбоймун, күндөлүк нанымдан ажырадым. Балтам сууга түшүп кетти.
Сууга кирсем, өзүм кайра чыга алгандай эмесмин. Эми эмне кыламын – деп, кайгы-зарын
муңканып айтып берди карыя.
– Сен кайгырба, капага малынба. Мен сууга түшүп, алып чыгып берем, – деди. Кедей
бир ишенип, бир ишенбей чалдан көзүнөн көзүн айырбады. Муңая карады.
Чал сууга чулп этип түштү да, көздү уялткан келишкен күмүш балтаны тышка алып
чыкты.
– Сеники ушубу? – деп, кедейди карады.
– Жок, меники темир эле, бул өзүңөргө буюрсун, – дейт.
Чал дагы сууга кирип, бир топко жок болду. Бир аздан соң алтын балта алып чыкты.
Балтаны көрсөтүп:
– Мына бу сеникиби? – деди.
– Жок, меники темир балта, – деп жооп кайтарды.
Чал бир аз төмөн сүзүп, суунун терең жерине кирди. Алып чыгып колуна балтасын
карматты.
– Айланайын, ушул болучу, – деп сүйүнгөнүнөн толкунданып кетти. Аябай алкады.
Кедей балтасына шынаа кагып алып, чалга ырахмат айтып, коштошмок болду.
– Кудай берген насыпка тарбияланган кедей экенсиң, – деп күмүш балтаны да, алтын
балтаны да чалга берип, көздөн кайым болду… Кедей ойлонуп, көзүн жуумп жиберди.
Кедей сүйүнгөнүнөн маңдайы жарылып үйүнө келди. Бүгүн олжолуу кайтканын үйбүлөсүнө, кошуналарына айтты. Көбү таңыркап алтын, күмүш балтаны көрүп жатышты.
Ошол айылда бир митайым бар эле, бул кабар ага да жетти. Бай кедейдин алы-жанын
койбой баарын сурап билди. Кедей болсо алтын балтасын сатып, жаңы короо жай, кийимкечек, тамак- аш көп сатып алып, ак эмгектин үзүрүн көрүп, жыргап жатып калды.
Бай күн тынымдан, түн уйкудан кетип, баягы чоң суунун боюна келди. Балтасынын
башындагы шынааны атайы бошотуп, күшүлдөп-бышылдап талды кесе баштады. Бир
убакта балтанын башы суунун тереңине түшүп кетти. Бай башын мыкчып кейип, отуруп
калды. Бир кезде мурду баштыктай, сакалы белине жеткен чал пайда болду.
– Эмне болду? – деп сурады.
Бай балтасын сууга түшүргөнүн айтты.
– Сен жөнү жок капаланба, мен азыр сууга түшүп алып чыгам, – деп кубандырды.
Бай шашкалактап отурганга жер таппады. Чал биринчи жолу сууга кирди да күмүш,
экинчи жолу кирип, алтын балтаны алып чыкканда, ач көз бай экөө тең меники! – деди.
Чал тигинин ач көздүгүнө көзү жетип, аябай кыжырланды да, эки балтаны тең колуна
кармап сууга чумуп кетип, ошол бойдон чыккан жок.
Бай болсо эки көзү тешилип, карап отуруп, аябай чарчайт. Көрсө калпычы, ач көздү
сыйкырдуу чал жаман көргөндүктөн суудан чыкпай, көздөн кайым болуптур.
ЭЖЕКЕ БЭЭ САА
Илгери Ысыккөлдүн аймагында бир бай адам жашаган экен. Ал кара мүртөздүгү жана
катуу баштыгы жагынан атагы алыска тараптыр. Көп адамдар анын атын уккан кезде
жүрөктөрү шуу деп, жерге түкүрүшүптүр.Ал бай зордукчул, зомбулук жагынан астына
киши салбаптыр. Анын карамагында төрт түлүк малы, үй-мүлкү, жумшаган малайлары
бар экен. Дагы байысам деп, нысабын агыткан бай эзели эч кимге зекет бербептир.
Бирөөлөргө даам сыздырбаптыр. Тамагын эл жаткандан кийин ичип-жечү экен.
Мына ошол зулум бай жашаган айылда чоң чабуул болуп, кимди-ким көрдү дегендей,
ар кимиси өз жанын ала качып, белгисиз тарапка жөнөп кетишет. Ошондо Зейнеп деген
он алты жаштагы кыз жаңыдан тили чыккан иниси экөө журтта калышат. Жүрө-жүрө
Зейнеп коркпостон, ыйламсырабай демилгени өз колуна алат. Алар ышкын, согон,
балтыркан, жөргөмүш жеп, бир кулуну менен калган бээни саап, саамал ичип, өлбөстүн
күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагышат.
Күн айга, ай жылдарга айланып, далай мезгил зымырап өтөт. Кичинекей баланын
аздап тили чыга баштайт. Айрыкча, эжеке, бээ саа деген сөзгө тили таптак келип, эжелеп
бирдемелерди сүйлөйт.
Күндөрдүн биринде тайманбаган, жүрөктүү кыз бөбөгүн уктатып коюп, бээге көзөмөл
болуп талаага кетет. Зейнеп бээсин оттотуп коюп, четинде ойлуу отурат. Бир кезде
жортуулдан жолу болуп,көпкөлөңкү дагы бир катуу баш байдын жигиттери жолугат. Кыз
ээн талаада, чөп алачыкта кичинекей иниси уктап калганын айтып:
– Мага тийбегиле! – деп, зар какшайт. Жалбарып көз жашын булактай төгөт. Бирок
таш боор, кара мүртөз байдын көпкөлөңкү малайлары кызды олжолоп алып кетет.
Уйкудан ойгонгон наристе:
– Эжеке, бээ саа – деп, улам кайталап эжесин чакыра берет. Анын муңдуу үнү, зар
какшаган ыйын ким укмакчы? Ага бээни ким саап, саамалды ким бермекчи? Баланын
эжеси
Зейнеп айласыздан олжого кетсе…
Кенедей баланын ыйын, муңдуу үнүн жел, тоо, таш, куштардан башка ким угат? Эжеси
айласыздан туткунга түшкөнүн наристе кайдан билсин. Айла таап келгенге Зейнептин
эки көзү төрт. Ал зарлап ыйлап күчүн эки көзүнөн чыгарат. Өзү олжого келгенине,
инисинин талаада жалгыз калган тагдырына зар какшайт.
Элсиз, ээн талаада калган бечара, эжеке, бээ саалап улам айта берип, жаагы талыйт.
Жалгыз калган ошол наристе акырында чымчыкка айланып кетиптир деген уламыш эл
арасында айтылып, эжеке, бээ саа болуп калыптыр.
ЫРЫСЫ ЖОК ЫРЫСТУУ БОЛДУ
Мурунку өткөн заманда ата-энесинен эрте айрылган тоголок жетим бала болгон экен.
Энесинин кийинки күйөөсү бир жылдай бирге жашаса да, балага ырайым кылбай
коюптур. Бала жетимчиликтен желкеси күйүп, карыпчылыктан карды тойбой, турмуштун
кыйынчылык каарын тартат. Канчалык кыйналса дагы, келечектен үмүт үзбөй,
жамандык жолго барбай, арамдыктан алыс болот. Антип-минтип турмуш алынын
бардыгынча жанчып, тоголок жетим боорун жерден алат.
Көбүнчө ал тоо-ташты мекендеп, согон, ышкын, жөргөмүш, козу кулак, пияз, четиндин
ашын терип жеп, эч нерседен коркпой жашай берет. Кез-кезинде ата-энесинин
көрүстөнүнө барып таазим кылат. Колунда жаасы болгон менен, бир дагы канаттууну
атпайт. Алардын басып жаткан жумурткасына тийбейт, балапандарын көрсө шилекей
алышып дос болот.
Антип-минтип баралына келет. Тоо-ташта жалгыз жүрсө дагы, ары өткөн - бери өткөн
саламын жазбайт. Тоголок жетим канчалык кыйналып-кысталса дагы, ууру кылганы жок.
Калп сүйлөгөндү жаман көрөт, эмгектен баар тапсам деп, басса-турса ойлонот. Бир күнү
эрте туруп, жуунуп, тамактанып алып, күн батышты көздөй сапар тартат…
Жолдо ойго батып басып келе жатса, кыйылып солуюн деп калган тал жатат. Колуна
алып сууга келип: «Муну отургузуп сообуна калайын» – дейт. Бир аз жүрүп отурса,
кургакка чыгып калып солуган балыкты көрөт. Аны да боору ачып, жерден көтөрүп алат.
Суунун боюна келип, адегенде талды отургузат. Анан балыка көлчүк жасап салат. Бак бүр
байлап, бара-бара калдайган бак болот. Көлөкөсү көңүл ачат. Балык болсо тукум чачып,
жыбыраган алтындар пайда болот. Бала далайга карап туруп, курт алып келип таштайт.
Сууга жуунуп отурса, бышкан кирпич чыгат. Аларды алып балчыкты аралаштырып он
киши баткандай үй салат. Казанга очок жасап, куураган талдардан көп отун жыйнап коёт.
Ары-бери өткөндөргө чай кайнатып берет. Колунан келген сыйын аябайт. Тоголок жетим
ошол жерди мекендейт. Бак өстүрүп, гүл айдайт. Бир күнү үйүнө жакын төшкө чыгат.
Андан таш пияз алып үйүн көздөй жол тартса, артынан бир төө ээрчип келе жатканын
көрөт. Үйүнө келип, ага туз жалатат. Чөгөрүп, жүнүн жулуп алат. Анын жүнүн баштыкка
салып, башына жаздайт.
Багы көйкөлүп, көлөкөсү жанды кубантат. Балыктардын арасында алтын балык нур
чачат.
Кербенчилерге кызмат өтөйт. Алар балага казан-аяк, чай, кант, жууркан-төшөк
таштап кетип, үйү коюлуп жакшы болуп калат.
Бала кечинде үйүндө ойго батып отурса, бир ак сакал үйүнө кирет. Бала тура калып,
салам айтып, орун берет. Ак сакал мындай дейт:
– Балам, өтө кичи пейил, мээнеткеч экенсиң, сага кудай берет. Не тилесең, тилегиң
кабыл болсун. Кечинде мен алты жолдошум менен келем, конок кыла аласыңбы? – деп
баланы карайт. Бала:
– Жоктук уят эмес, байлык мурас эмес деген, ата, конок кылам, келе бериңиз, – дейт.
Чал заматта кайда кеткени билинбей калат…
Бала калама жасап, мейманды күткөнгө даярданат.
Кечинде аксакал баштаган жети адам келип:
– Кудай конокпуз, – деп отурушат.
Бала бата кылдырып, төөнү өзү арыдан-бери соёт. Казанга этин салып, жакшылап
бышырат. Эт бышканда, меймандардын колуна бала суу куйдурат. Эт тартылып, чык
берилет. Бат эле этти аймап, жеп жиберишет. Колдорун жууп бүткөн соң, кеп-сөз жок
магдырап отурушат…
Бала булар тойбой калган экен деген ой менен төөнүн жарым этин дагы салып, эзилте
бышырат. Дасторкон салып, эт тартылат. Караса, таң агарып калыптыр. Бала бата тилеп
баарынын колуна суу куят. Сууну төгүп, кайра келгенче, алты меймандын бирөө калып
башкасы көздөн кайым жок. Бала аябай таң калат. Көпкө ойлонот.
Ак сакал карыя күмүш сакалын жайкалтып, бата берет:
– Алдыңды мал, аркаңды бала бассын, эртең эрте тур, айланаңды карасаң, короо
толгон кой, желе толгон бээ, желини карыш уйлуу болосуң, мал бүтүп байыганда, такыр
текеберчилик кылба, үйүңө кут консун, жети адамдын бири кадыр – деди да, көрүнбөй
калды. Эртеси ойгонуп, талаага чыкса, айланасы толгон мал.
Бала үй-жайлуу болот. Үч уул табат. Аялы да, балдары да эмгекчил, ак пейил, кичи
пейил оозго кирген адамдардан болуп, эл арасына сөз тарайт. Мал баккандарга
боорукерлик менен мамиле кылат. Адамдарды кыжалаттан чыгарат. Улуу баласы сорпону
чий көбүгү менен жылуу ичкенди жакшы көрөт. Күн сайын сорпо кайнатат. Ырысы жок
жетимдин башына бак конгону, бай жана мээримдүү болгону бат эле элге угулат.
Баягы өгөй атасы уятты жыйнаштырып, жакшылык кабарды угуп,уулунун үйүнө
келип, бир жума жатат. Аябай конок болот. Анан ары кетип-бери кетип, ойлонот: «Кантип
байыды, касиети эмнеде, жок дегенде кудай жарым дөөлөтүн мага эмне бербеди?» – деп,
узун санаага батат. Уйларын, жылкыларын, койлорун, карап чыгат. Ал койдун ичинде кут
түшкөн козунун кулагын байкайт. «Мунун куту мага жуксун» – деп ойлоду да:
– Козуну сой, чыпчыргасын коротпой казанга сал! – деп өтүнөт.
Бала жышаналуу козуну союп, казанга салып, этин кайнатат. Чий көбүгү чыканда,
баягы кут жүргөнүн көрөт.
Өгөй атасы калпып ичейин дегенче болбой, баягы улуу баласы көнгөн адатынча
сорпону чий көбүгү менен жылуулай ичип жиберет. Ошондо өгөй атасы:
– Бирөөнүн бактысын талашканым меники чекилик экен. Буларга бата тийип, кут
конгон экен. Мындан ары ач көздүктү таштайын – дептир. «Бата менен эр көгөрөт,
жамгыр менен жер көгөрөт» деген сөз бекер айтылбаптыр – деп, өгөй атасы үйүнө
кайтыптыр. Ошентип, ак эмгек, кичи пейилдүүлүктүн натыйжасында ырысы жок бала
ырыстуу, айлында алымдуу азаматтардын бири болуп калыптыр.
ЭМГЕКЧИЛ КЫЗГА СЫЙКЫРЧЫ АЯЛДЫН БЕЛЕГИ
Илгерки өткөн заманда эки кызы бар жесир аял болуптур. Улуу кызынын мүнөзү,
келбети энесинен айрып алгыс экен. Айылдаштары улуу кызын энеси менен алыс
жүргөнгө аракет кылышыптыр. Анткени өтө эле орой, көкүрөгүн көтөргөн арамзада экен.
Ал эми кичүү кызынын кыял-жоругу кадим эле атасына окшош, адамдын көңүлүн
оорутпаган, өтө боорукер, сулуулугу көргөн жанды суктандырган башкача ургаачы
затынан экен. Энеси улуу кызын өзүнө тартып, кичүүсүн жек көрүп, аны эртеден кечке
чейин иштете берет. Чоң кумура менен булактан суу алдырат. Булак он-он эки чакырым
алыс экен. Бирок чарчадым-чаалыктым, кабагым-кашым дебестен эмгек кылгандан
талыкпайт кичи кызы.
Эмгекчил кыз бир күнү булактан суу алып жатса, бир жүдөгөн аял келип, кыздан суу
сурайт. Кыз кумурасын тез чайкап, толтура суу сузуп, ичкенге оңтойлуу кылып:
– Ичиңиз – деп, кичипейилдигин көрсөтөт.
Аял суудан кичине жутуп туруп, эмгекчил кызга мындай дейт:
– Сен өтө эле кичипейил, адамкерчиликтүү, боорукер экенсиң, бүгүндөн баштап сенин
ар бир сүйлөгөн сөзүң оозуңдан гүл, же асыл таш болуп чыгат. Кош бол – деп коюп,
сыйкырчы аял көздөн кайым болот.
Кыз кумурадагы сууну көтөрүп, үйүнө келсе, энеси жер- жеберине жетип тилдеп,
жаагын баспай, уруша баштайт. Жоготом, житирем дей берет.
Эмгекчил кыз:
– Кечирип коюңуз, апаке, деген сөздөр оозунан чыккан сайын ар түрдүү гүл, бермет,
алмаз болуп, ыргып жерге түшүп, үй ичин шаңга бөлөйт. Кыз булактын жанындагы
окуяны баштан-аяк энесине айтып берет.
– Андай болсо, улуу кызым, сен дагы булакка барып жүдөп, суу сураган аялга жакшы
мамиле менен суу бергин, – деп, кеңешин айтат. Улуу кызы ыңгыранып, араңдан зорго
кыйылып, кумураны көтөрүп, булактын жанына барат.
Ал жаңы эле булактын жанына жеткен кезде жакшы кийинген, сыйкырчы аял келип
суу сурайт.
– Мен сураган адамдарга суу бериш үчүн келгеним жок, кааласаңыз ичиңиз, – деп
кекетип-мокотуп сүйлөйт. Жаман көзү менен карайт.
Ошондо сыйкырчы аял:
– Сен сүйлөгөн сөзүң кара чаар жылан, бака, ташбака болсун! – деп, көрүнбөй калат.
Эрке кыз:
– Энеке, эмне болгону курусун дегенде эле, оозунан жылан менен ташбака, бака
ыргып түшөт. Энеси коркуп, чалкасынан кетет. Бир аздан соң эсин жыйнап, кичи кызын
тилдеп урушат. Акыр аягында, кыз токойго кире качат.
Токойдон аң уулап келе жаткан падышанын уулу жолугат. Кыздын сүйлөгөн сөзүнөн
гүл, каухар, берметтер түшкөнүнө аябай суктанат. Жүрөгү ага аябай берилет. Жигит
хандын сарайына келип, экөө бирге өмүр сүрүшөт. Ал эми энеси менен улуу кызы эч
жерге батпай жүрүп, орой мамилеси башына жетип талаада өлөт.
ЖАПАЛАКТЫН АЙЛАКЕР АЯЛЫ
Жаныбек хандын жигиттери бир күнү сейилдеп жүрүп, Жапалактын аялын кокусунан
көрүп, анын сулуу келбетине, жарашыктуу мүчөлөрүнө аябай суктанышат. Улам карап,
көздөрү талыйт. Өздөрүнчө: «Ушул Жапалак байга теги ылайыгы жок. Бу ханга гана
ылайык. Муну ханга алып берип, өзүбүз жеңе кылабыз» – дешип, хан сарайына кандай
келгендерин билбей калышат. Ким айтат деп, өз ара сүйлөшүшөт.
Бир өткүр вазир Жаныбек ханга барып, аялдын келбетин укмуштай сүрөттөп айтат.
Хан:
– Мынча мактап калдыңар, ал канышаны мен көрөйүн, – дейт.
Аңгыча кирип отурган вазирлер тамшанып, мактагандай болсо, ооздорунан көк түтүн
чыгат.
Хан төрт-беш жигити менен Жапалактыкына келет. Жапалактын аялы атын алып,
эшик ачып, жакшылап төшөк салып, бар тамагын жайнатат. Жаныбек ханга аялдын
сулуулугу жана меймандостугу аябай жагып калат. Ичинен кымыңдап, вазирлерине
ырахмат айтып, отура берет.
Жапалак бир кезде даарат ушатканы тышка чыгып кетет.
Жаныбек хан аялга мындай деп сөз баштайт:
– Карга иле албаган Жапалакка казды байласа, мунун мааниси не болот? – деп суроо
жылдырат, аялга жакындап.
Анда аял:
– Ханым, кечирип коюңуз, байдын казы эмес, ак куусунун баласынан артык талабы
бар Жапалактын, – деп, жаркырап жооп кайтарат. Ичи аябай ысыганына чыдабай хан
сулуугуна суктанып, бетинен эки жолу өөп жиберет. Бат эле Жапалак үйгө кирип келет.
Хан баарына ыраазы болуп, үйүн көздөй жөнөп кетет. Жолду ката өз катасын ойлойт.
Арадан бир топ убакыт зымырайт. Бир ай өткөндөн кийин Жапалактын койчусу бир
үкүнүн балапанын алып келип, тартуулап Жапалактын аялына берет. Аялы
канаттуулардын сырын билгенден оозго кирген аял, балапанды аябай таптап, тышын
сонун кооздойт. Бутуна түрдүү жибектен боо чалат. Саймалап томого тартат. Ал
балапанды өзүнө үйүр кылып, эки маал бөпөлөгөнгө үйрөтөт. Балапанды тапка
келтиргенден кийин, аялы Жапалакка:
– Кооздолуп, бөтөнчө тапка келген үкүнү колуңа кондуруп алгын дагы, Жаныбек
хандын алдына барып келчи, – деп өтүнөт.
– Ханга барбаймын, алгыр куш болбосо, кантип барамын – деп аябай кежелет,
ачууланат. Антип-минтип Жапалак аялынын ыгына көнөт.
Жапалак намаздигер ченде үкүнү татынакай кылып колуна кондуруп, хандыкына
түшөт. Аялы үйрөткөн сөздөрдү, кыймыл-аракеттердин бардыгын жасай баштайт.
Хандын суроосуна үкү деген ушул болот деп жооп кайтарат.
– Жапалак бай, мунуң деги бирдеме алабы? – дейт хан.
– Көзүнө көрүнгөндүн баарын алат, – дейт. Хандын аялы шылдың кылып:
– Койчу, ушул алгандан айланабы деген сөз оозунан чыгары менен Жапалак үкүнүн
томогосун алып, боосун коё берет. Хандын аялынын көкүрөгүндөгү кызыл шуру,
берметтерди көрүп, басып жыгылса болобу. Аялы кокуйлап,отурган жеринен кулап
түшөт. Жапалак үкүнү ажыраткан болуп, аялдын эмчегин кармап, эки бетинен өбөт.
Кайра үкүнү кондуруп,томогосун кийгизип коёт.
Хан таң калып:
– Жапалак, муну ким таптады? – дем сурайт.
Аялынын таптаганын айтып берет. Жаныбек хан ичинен:
«Аялдан жеңилдим, мен туура эмес иш кылыпмын», – деп, бармагын тиштейт. Хан
уялганынан Жапалакка тон кийгизип, келишкен ат мингизет.
– Мына муну мүнүшкөр аялыңа бер, – деп, түлкү ичик берип, жакшылап узатат.
Жапалактын айлакер аялы делип, оозго кирип, ошондон кийин даңаза болуп кетет.
ХАНДЫН БУКАСЫ МЕНЕН ЖАРДЫЛАРДЫН БУКАЛАРЫНЫН
СҮЗҮШКӨНҮ
Илгери-илгери бир заманда эмне кыларын билбей башы ооруган хан:
– Менин букам менен ким букасын сүзүштүрөт – деп, бардык элге жарыя кылат.
Биринен бири угуп, кай бири бир табак дилдени алганга умтулат. Кээ бири менин
букамды хандын элирген букасы жыга сүзсө, бир табак дилдени кайдан табамын, жөн эле
оокат кылайын деп, букасын жашырганга аракеттенишет. Бирок хандын буйругун эки
кылбай, букасы барларды бүт жыйнаганга вазирлер аябай күч жумшашат.
Букасы барлар жана тамашаны көргөнгө кызыккандар көп келишет. Жерди тегерек
чийип белгилеп:
– Кимдин букасы сызыктан сүрүп чыгарса, мөрөйдү ошол буканын ээси алат – деп,
калыс жар салат. Эл эки жаныбардын сүзүшүн чыдамсыздык менен күтүшөт.
Хандын жакшы багылган, элирип көпкөн букасы жардылардын букасын коёбу, мүйүзү
менен ары челип, бери челип, жардылардын тартайган букасын чийинден сүрүп чыгарат.
Хандын көңүлү жай, табак-табак дилдени казнасына салат. Көшөкөрлөр хандын букасын
мактап, боорукерлер жардыларды аяп, жүйөөлүү сөз курушат. Көбү букаларын кайра
жетелеп, тарай турган болушат. Вазирлер аларды кетирбей, жолдорун торошот.
Бир жардынын букасына кадимкидей тил кирип, ээсине мындай дейт.
– Эй, дос, сен мени арык, чабал деп түңүлбө,мени мелдешке түшүр. Маселе арык менен
семиздикте эмес, маселе кайраттанып туруп качырып салышта, сен дилдени жок деп
жүрөк заада болбогун, мен букамдын өз башын саямын дегин да, сынап көр. Мен өз
ыгыма ишенемин, – дейт. Жарды букасынын айтканына ыраазы болуп, тобокелге салат.
Хандын алдына барып таазим кылып мындай дейт:
– Ханым, сиздин букаңыз менен букамды сүзүштүргөнгө макулмун. Бирок менде бир
да дилде жок. Мен букамдын өз башын саямын.
Хан жардынын сөзүнө күлүмсүрөп, макул деп башын ийкейт. Чогулган элдин
көпчүлүгү жардыны аяп, байкуш жөн эле койбой, жалгыз букасынан кол жууйт экен.
Мындан ары кандай оокат кылат деп өз ара күбүрөп-шыбырашат.
Бир убакта жарды букасын жетелеп келип, чүлүгү менен:
– Зеңги баба колдосун, бар жаныбарым, абийир алып бер! – деп, агытып жиберет.
Эл карап, көзүн айырбай турушат. Хандын букасы бир аз тарткынчыктап ортого
келет. Бирок калчылдап бир жерге тура албаганы байкалат. Жардынын букасы жер
чапчып, катуу өкүрүп, хандын букасын качырып сала берет. Хандын букасы сүзүшкөнү
мындай турсун, хандын дарбазасын талкалап, короого кире качат. Отурган эл аябай таң
калат. Хан эмне кыларды билбей, аябай шаштысы кетет. Вазирлерине букасын мурдунан
кан акканча сабатат. Жарды бир табак дилдени алып, кубанып үйүн көздөй жөнөйт.
Жолдон көбү соогат сурап, жардыга ак баталарын беришет. Жарды жарык маанайда
букасы менен жүрүп отурат.
Жолдо келе жатып жарды букасынан бир сыр сурайт:
– Сага өлгөнүмчө ыраазымын.Мени уятка калтырбай, дүйнөгө карк кылдың. Сен мага
чынын айтчы, хандын букасы сени көрүп эмнеге качты. Же сенде кандайдыр сыйкыр
барбы,сен мага жооп берчи? – дейт.
– Досум, хандын букасын качырганыма таң калбай эле кой, эч кандай менде сыйкыр
жок. Аны мен музоо кезинде эки-үч жолу эсинен оодара сүзгөн болчумун.Ошол мезгилди
унутпай, мен жерди чапчып өкүргөндө дарбазага кире качканын оңой эле түшүнүүгө
болот – деп, бука жооп бериптир.
АКЫЛСЫЗ ХАН, НУСКАЛУУ БАЙБИЧЕ
Өткөн бир заманда байлыгына сан жетпеген бир хан болуптур. Байлыгы көп болгону
менен элге ырайымы жок, катуу баш, акылы тайкы экен. Эмне кыларды билбей, бир жолу
мындай деген жыйынтыкка келет:
– Балам, жакынкы айылда өтө акылдуу аял бар экенин уктум. Ошону мага чакырып
келип берсең, жакшы кеңешин угайын, мен дагы акылдуу, көрөгөч болгум келет. Бирок
бул жөнүндө эч кимге айтпагын, экөөбүз гана билгендей бололу, – дейт.
Баласы атасынын айтканына макул болуп, акылдуу аялды чакырып келүү үчүн
хандын вазирин жиберет. Аны алып келгенден соң хандын баласы өзү тосуп алат. Ал
нускалуу байбичеге:
– Сиз хандын алдына барасыз, эмне деген сөз айтат, кайра келе жатып мага төкпөйчачпай айтасыз, уктуңузбу, – дейт.
Ошентип, байбиче ханга барып, аттан түшүп, амандашып сүйлөшүп калат. Хан
байбиченин минип келген атын:
– Өтө бат келдиң, басыгы жакшы го – деп, аябай мактайт. Акылдуу аял хандын
келесоолугун байкап, бирок сөз айтпай далайга ойлонот… Ушу да ханбы? – деп таң калат.
– Ханым, сиз менден жакшы сөз, кеңеш укканы чакыртыпсыз, менин кеп-кеңешимди
уккуңуз келсе керек, эмесе көңүл коюп, жакшылап угуп туруңузчу. Сиз мен минип келген
атты аябай мактадыңыз, жылкы баласын желеде кезинде жакшылап асыраса, жакшы
чыгат. Зайыпкери жарашса, кулун келишкен ат болот. Сиздин элде да арыпачкандары көп, аларга да байлыгыңызды таратып берсеңиз болот, – дейт.
Бул сөзгө хан муунуп, байбичеге таарынып, аябай кыйкырат.
– Жогол, көзүмө көрүнбө, баскан изиңди кетмендеп коём. Сени мындан ары менин
кежигем көрбөйт, – деп, колун кезеп үйүнөн кубалап чыгат.
Байбиче чыгып кетер замат хан аялына:
– Ортосуна уу салынган нанды кемпирге бер, – деп, көз кысат. Аялы кемпирдин
аркасынан чуркап жетип нанды куржунуна салып берет. Акылдуу байбиче кетип баратса,
жолдон мергенчилик кылып жүргөн хандын баласы жолугат. Кемпир балага болгон кепкелечтерди толук айтат.
– Балам, атаң адилет эмес, акылсыз экен. Малыңан кедейлерге кайрыла жүр десем,
мени үйүнөн кууп чыкты, – дейт.
Акылдуу аял куржундагы нанды баласына толугу менен берип салып, сапарын улай
берет. Хандын уулу ачка экен. Энеси берген нанды бурдап жейт. Нандын акыркысын
чайнап жуткандан кийин жерге кулап түшөт. Ошентип, сараң хан мал аяйм деп баласынан
айрылат.
ЧЫЧКАН МЕНЕН МЫШЫК
Илгери-илгери өткөн бир убакта алгырлыгына сөз жетпес таргыл мышык болуптур.
Мезгил-мезгили менен оошуп отуруп, ал таргыл мышык да күч-кубаттан кетет. Көзү
жакшы көрбөйт. Буга ал аябай капа болот. Эмне кылаарын билбей, көп ойлонот.
Өзүнүн таш боор, мыкаачы кездерин эстеп, жини келип, анан кайра өзүн өзү соорото
баштайт. Эми чычкан менен сүйлөшөйүн деген чечимге келет. Таргыл мышык келип:
– Чыке! Аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой. Мен карыдым. Тынч жашаганды
самайм.
Көптөн-көп өтүнөөрүм такыр кек санашпайлы. Мен мындан ары карай силерге
тийбегенге ант берейин. Уу жалап берейин. Мени өтө жакын адамыңар катарында
санагыла, итке айтып тукура көрбөгүлө. Силер менин алдымдан күнүгө үч жолу чубап
өткүлө, силерге такыр тийбеймин. Мага ишенип койгула, – деп жалооруйт. Жалдырап,
жашып да кетет.
Таргыл мышыктын ыйламсырап айткан сөзүнө, берген убадасына бечара чычкандар
ишенишет. Күнүгө убада боюнча катар-катар тизилишип, мышыктын алдынан чуркап
өтүп, анын көңүлүн ыраазы кылышат.
Таргыл мышык көзүн жуумп, комдонуп отуруп, өтө сабырдуулук менен
чычкандардын баарын алдынан өткөрөт. Бирок эң аяккысын акырын жеп коёт. Ошентип,
карган шайтан күнүнө үчтөн чычкан жеп, өзүнүн ойлоп тапкан амалына ыраазы.
Бир күнү чычкандардын жалпы жыйналышы болот.
Ошондо алардын эстүү башчысы мындай дейт:
– Биздин тукум күндөн-күнгө азайып баратат. Таргыл мышык бизге убада берген
менен өз билгенин жасап жатса керек, бул абалга чыдап турганга мүмкүн эмес. Эми
экөөбүз баарысын чубатып өткөрөбүз. Биз андан жазгырып ийинге кире качабыз.
Ошентип, мышыктын абийирин кетирели, таргыл мышык ачкадан өзөрүп өлсүн, – дейт.
Чубап баратып бир шылуун чычкан мышыктын көзүнө кум чачып өтөт. Мышык
карайлап отуруп калат. Акыры ачкалыктан өлгөн экен ал мышык. А чычкандар болсо
тынч жашап калышат.
КАРЫШКЫР, МЫШЫК ЖАНА ЧЫЧКАН
Уй, кой, жылкы, төө, эчки илгери бир заманда адамдарга үйүр боло баштайт. Мына
ошол кезде айбандардын арасында мындай деген сөз таркаптыр:
– Адам баласы эки буту менен жүрүп, бүткүл жаныбарларды багындырыптыр, – дейт.
Бул сөз бат эле көпчүлүккө таркай баштайт. Акыры ал кабар карышкыр, мышык,
чычканга да угулат. Үчөө өз ара сүйлөшүп туруп, адамга кызмат өтөгөнгө макул болушат.
Карышкыр көйрөңдөнүп:
– Мен кой, эчки, жылкыларын кайтарып, бат эле тил таап кетермин, силер кандай
болоор экенсиңер? – дейт.
Мышык үй-тиричилигине жардамдашарын, чычкан:
– Ун, талкан кайтарып берермин – деп айтат.
Ошентип, сүйлөшүп алып, үчөө тең адамзатка келсе, өтө мээримдүү кабыл алат.
– Силердин өз каалооңор менен келгениңерге чоң ырахмат. Мага жакшылап кызмат
көрсөтсөңөр эле болду, мен силерди эч качан нааразы кылбайм, андан көрө ким кандай
милдет аткарат, ошону жакшылап айткыла, – дейт.
Карышкыр:
– Мен кой, жылкы, уй, төөлөрүңдүн бирөөн дагы зыянга учуратпай, жакшылап
кайтарып берем.
Мышык:
– Мен үй ичиндеги кызматтын баарын бүтүрөм, колумдан эмне келсе, ошонун баарын
жасайм, – дейт.
Чычкан:
– Кампада канча эгиниң болсо, чыпчыргасын коротпой кайтарып беремин, – дейт.
Адам баласы булардын баарысынын айткан сөзүнө ишенет.
Үч дос убада боюнча жакшылап ишке киришет. Адегенде эле карышкырдын
кайтарган малынын саны азайганы байкалат. Чычкан жөн жүрбөй, эгин салган
каптардын кашаттарын теше баштайт. Мышык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарат.
Бир күнү эчки төөнү ээрчитип адамга келди да: «Карышкыр бардыгыбызды бир
четинен кыра баштады. Төөнү анын кандуу чеңгелинен өлгөндө ажыратып калдым, –
деди.
Адам булардын жалооруп айткан сөзүнө ишенди да, карышкырды кеткин деп, тоотокойго айдап жиберди. Карышкыр ушул күнгө чейин көнүп калган адатын таштаган
жери жок, дайыма төрт түлүк малга кол салат. Бир аздан кийин чычкандын да шойкону
кармалды. Үч достун ичинен убадага бек турганы жалгыз мышык экен, бүгүн да адам
үйүндө.
КАМКОР БАЛА ЖАНА АНЫН ДОСТОРУ
Илгери, илгери бир адептүү өскөн бала болуптур. Ал акылдуу гана болбостон,
башкалар үчүн кам көргөн өтө боорукер бала экен. Бирөөлөргө кара санап, кастык
кылбаган калыс бала делинип оозго кириптир.
Бир күнү ошол бала күн жаңыдан чыгып келе жаткан убакта отун алып келем деп,
токойду көздөй жөнөйт. Ал жолдон жаратылыштын ажайып сулуулугуна аябай суктанат.
Түркүн гүлдөрдү, жашыл арча, кайыңдарды, мөлтүр булактарды көрүп, далайга кеткиси
келбей туруп калат.
Жол жүрүп отуруп аябай чарчап-чаалыгат. Агыны катуу суунун жээгине келип,
кочуштап суу ичип, жээгине отурат. Улам туш-тарапты карап суктанат. Аңгыча ыйлап
жаткан бир балатыны көрөт.
– Ыйлабаганда кантем, бир бутагымды мамалак сындырып койду. Өзүмдү көрсөтөм
деп, бутакка чыкты да, сындырды. Аябай оор экен – деп, чөнтөгүнөн бетаарчысын алып
чыгып, четинен айрып, бутакты бекем таңып койду.
– Сен эми ыйлаба, жаш жаныңды кыйнаба. Бир аз күндөн кийин жашыл түскө
айланып өсүп чыгат. Мени апам отун алып келгин деп жиберген эле, эми кетейин, – деп,
бала кетүүгө камынды.
– Сынган бутакты эмнеге албадың? – деди балаты.
– Жаңы сынган немени эмне кылам. Мен куураган, жолду бөгөп тургандарды алышым
керек, – деди.
Балатыга баланын жообу жакты. Эми жакшылыкка жакшылык менен жооп бергим
келди. Балаты:
– Бүгүн үйүңө кетпей, түнөп калышың ыктымал. Токой ичи караңгы жана
корконучтуу. Ошондуктан бул сыйкырдуу чырпыкты бекем катып ал. Өзүңө керек
учурда: күй, бутагым, күй десең, чатырап күйүп берет. Эгер өчсүн десең, көзүңдү үч ирет
жумуп, үч жолу ачып койсоң, өчөт, – деп, белегин берет. Бала балатыга ыраазылыгын
билдирип, белекке алган чырпыгын катып алып коштошот. Анан сууну бойлоп жүрүп
отурат. Бала улам жогорулай берет. Күн бүркөлүп, кара туман каптап, күн жаай баштайт.
Анан ал ак жаанга айланат. Кыян жүрөт. Бала калың арчанын түбүнө корголоп, жаңыдан
көзүн жумайын деген кезде:
– Жардам! – деген аянычтуу бир үн угулат. Олтурган бала:
– Бул жардам сураган ким? – деп, үнүнүн бардыгынча кыйкырат.
– Мен кумурскамын. Уюкту суу каптаганын көрбөйсүңбү!– дейт.
– Күй, бутагым, күй – деген замат жарык боло калат.
Кумурскаларды уюгу менен көтөрүп, карагайдын түбүнө алып келет. Алар алкышын,
ырахматын үстөккө-босток айтышат.
Токой – жаратылыштын көркү, мындан ашкан сулуулук жана байлык жок, – деп,
баланы досторунун баарысы урматташат. Мамалактын оң бутуна кирген тикенди да бала
алып таштайт. Мамалак бала менен дос болуп, балага отун теришип, аябай жардам берет.
Бала отунун көтөрүп келип, баштан-аяк болгон окуяларды энесине айтып берип,
кечиккендиги үчүн кечирим сурайт. Анан түн кирет. Бирок лампа күйбөй калат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.