Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 03

Total number of words is 4152
Total number of unique words is 2045
34.6 of words are in the 2000 most common words
47.4 of words are in the 5000 most common words
54.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Боорум деп колго албайбы,
Бирлер алса колумдан,
Адаштым жүргөн ордуман,
Туушкан жек-жаат менде жок
Издеп чыгаар соңумдан.
Кордукта өттү күндөрүм,
Уул кылдым күчүктү,
Эл-журтумдан айрылып
Теңирим салды түйшүктү.
Жакшылыкты табийгат
Ачар күнү болобу
Мен карыпка эшикти.
Ит, куш болду жолдошум
Аллага ишим не чукту.
Бир апта кийип таштадым
Алтын жака ичикти.
Айланайын табийгат
Кушучпастын аралы,
Сактай көргүн табийгат
Кашымда эки баланы.
Ачылган пандай күл эдим,
Сайраган кызыл тил эдим.
Акыр калып аралда
Ит өмүрүн тиледим.
Ит тилегин мен тилеп,
Жакамдан кетпей билегим,
Кушучпас деген аралда
Билинбей калды дарегим,
Ак ордодой үй калып,
Токой кылдым паананы.
Башынан мага кас болуп,
Душмандар кылган жалааны.
Колдой көргүн бирлерим,
Ит да болсо жолдошум
Кашымда эки баланы.
Канышайым уктап кетсе, түшүндө кырк чилтен аян берди:
–Эй,Канышайым, сиз неге капа болосуз, сиздин баякы тууган эки балаңыз бар.
Бири – эркек, бири – кыз. Эркегиңдин аты – Зарлык, кызыңдын аты – Муңдук.
Балдарың менен көрүшөрүңө аз күн калды. Ошо күндөн ушу күнгө чейин токойду
бааналап, эки итти бала кылып туруп мурун капа болбогон, бүгүн эмне үчүн капа
болдуңуз, – дейт. Канышайым чочуп ойгонсо, түшү экен. Түшүнө сүйүнүп айтканы:
Эй, жараткан табийгат
Кубаныч кирип ичиме,
Бээнетим кетер кезим бейм,
Ушу бүгүн кечинде
Өзүм болдум бир башка,
Балдарым кетти бир башка.
Балдарын көрсө Канышайым
Жанын курбан кылбайбы,
Бул сыяктуу жакшылык
Жараткан, көрсөтөрү ыраспы?
Башыма дөөлөт конорбу,
Карып көңүлүм толорбу.
Башында кылган душмандар
А дагы куруп солорбу.
Дүйнөнүн тартып бээнетин,
Баш жагында көп көрдүм
Падышанын сөөлөтүн.
Жараткан өзү жар болсо,
Түзөлүп калар келбетим.
Колдой көргүн табийгат
Мен күнөкөр үмөтүң.
Жүргөн жерим дарганды,
Падыша дарды буюрган
Мойнума салган арканды.
Кайсы убакта көрөмүн
Муңдук, Зарлык калкамды.
Жараткан кылган жарлыгын,
Душмандар кылган тарлыгын.
Кай убакта көрөмүн
Муңдук менен Зарлыгым,
Жараткан кылды шумдугун,
Душмандар кылган куулугун.
Кайсы убакта көрөмүн
Зарлык менен Муңдугум.
Мен жүрөм жыгач бааналап,
Душман жүрөт камалап.
Жоктойт бекен табийгат
Мен карыпты аналап.
Эми Жанчар кандан кеп баштайлы:
Падыша кырк жигит менен ууга чыкты,
Бир күнү Чүгүрлүгө куруп сейил.
Жанчар кан мерген эди падыша өзү,
Тоодо болуп кийик үчүн эки көзү.
Падыша Чүгүрлүгө келген алда,
Падышанын бир кийикке келди кези.
Ол кийиктин башы алтын, асты күмүш
Падыша ой кылады үлкөн жумуш.
«Кийикти тирүү кармап аламын» – деп,
Кырк жигит ол кийикке кылды жүрүш.
Кийикке ол падыша жетип келди,
Каарын падышанын кийик көрдү.
Ол кийик ошол элден качып барып,
Тоодогу бир жар ташка барып кирди.
Кийикти бир жар ташка камап турду,
Падыша кармаймын деп көңүл мыкты.
Үстүңдөн каргытканың өлөсүң деп,
Падыша кырк жигитке буйрук кылды.
Кийикти кармаймын деп камалады,
Өз күчүн шондо кийик чамалады.
Үстүнөн падышанын ыргып өтүп,
Бет алып кете берди бир далааны.
Ол кийик баштан ыргып качып кетти,
Үстүнөн падышанын басып кетти.
Туурасында тур экен Зарлык бала,
Ол кийик Зарлык канга жакын жетти.
Балага ууда жүргөн кези келди,
Кийикти Зарлык кандын көзү көрдү.
Кийикти тирүү кармап аламын – деп,
Зарлык кан ал кийикке мыктап кирди,
Зар уруп камчы басты Күлсаратка,
Бет алып кийик качты калың ташка.
Ажайып мына мындай сөз болду ага
Жакындап жетип барды Зарлык бала.
Кийикти чап астынан тоскону соң
Зарлык кан токтоп турду тунуп сана.
Ол кийик бир жар ташка чыга качты,
Күлүктүгү Күлсараттын жандан ашты.
Кийикти ат узатпай койгондон соң,
Зарлык бала сол жерде көңүлүн басты.
Ол кийик ак сакалдуу адам болду.
Көрдү да Зарлык бала аң-таң калды.
–Жан балам, не себептен кубасың – деп,
Ал адам Зарлык канды сөзгө алды.
Ал адам Зарлык кандын бир беги эле,
Кайберен кырк чилтендин бирөө эле.
Атасы, энеси менен кошмок үчүн.
Баарына күбө болуп жүргөн эле.
–Эй, балам, алыс жерден болжошормун,
Жол жүрсөң, алыс жолдо колдошормун, –
Деп коюп буту кетти таштан тайып,
Токтобой кетип калды көздөн кайып.
Бала ойлойт: «Катуу куудум бул кийикти,
Кууганым болгон экен катуу айып».
–Мени мынча кууй бербей,
Кырк жигити менен келе жатат,
Атаң менен көрүш, – деди.
Аңгыча кырк жигити менен атасы жаркылдап келе жаткан экен.
Мурун көргөн эмедей атасын аттан көтөрүп түшүрдү.
Айкалышып көрүшүп,
Айдай беттен өбүшүп.
Баары бирдей чурулдап,
Өпкөсү жаман көбүшүп.
Муңдук үйгө кирбей туруп алды.
– Энемди таап бересиң, – деди ал, – жок дегенде сөөгүн таап бересиң. Мен ошондо
бала болом. Болбосо бала эмесмин.
– Чынында уул – аталык, кыз – энелик дегени ырас экен го, тирүү болсо өзүн, өлсө
сөөгүн табалык, жүр аттангыла! – деп, балдары, кырк жигити менен Кушучпастын аралын
көздөй жүрүп калышты. Сал менен өтүп, чытырман токойго камалып, кайда экенин
билбей турушту. Канышайымдын эки күчүгү аң уулоочу эле, ошол күнү аң уулабай,
Канышайымдын башынан ары-бери аттап, кыңшылап туруп алышты. «Муну мен
баласынтып жүрсөм, ит иттигин кылбай койбойт экен» – деп, бирин чычала менен бир
салды. Бири жоолугун тиштеп алып токойго кире качты.
– Бүгүн оокатым өтпөй калса дагы, экөөңдү тең жайлабасам! – деп, ачууланып,
артынан кууп жүгүрдү. Камалып турган элдин алдына эки күчүк барып, бири Муңдуктун,
бири Зарлыктын алдына кыңшылап ойноп турду. «Ай, жарыктыкты кара, ит да болсо
боорлошуп билгенин, менин жоолугумду сүйүнчүгө ала качкан экен го» – деп,
Канышайым эки баласын эки колу менен баса жыгылды. Оозунан чыккан үндөрү
жайлоого чейин угулду:
Айкалышып көрүшүп,
Айдай беттен өбүшүп.
Абыдан жатып чуулдап,
Өпкөлөрү көбүшүп.
Душмандар жүрөт ушактап,
Эки бирдей баласын
Канышайымдай энеси
Алды бекен кучактап.
Ыйлай берет
Канышайым
Далайга чейин бышактап.
Жанчар кандай падыша
Токойго башы тыгылды.
Жетимдердин үндөрү
Алда кайда угулду.
Эс алалбай падыша
Чалкасынан жыгылды.
Кырк жигити чогулуп
Канышайымды жаратты.
Канышайым кайраттанып, падышанын бетин жоолук менен аарчып, жакасынан
тартып, өйдө тургузду.
– Эй, падыша, кайрат кылыңыз, башынан жаратылганда эле ушуну көрмөкпүз – деп,
канга кайрат айтты. Анан дарыядан өтүшүп, шаарга келе жатышты. Ошентип жүргөн
убакта Барынды деген увазири алардын ичинде жок. Чүгүрлүгө кеч келип конгондо эле
мастан кемпир качып жөнөптүр. Мунун качканын Барынды билип калып: «Бул кемпир
бирдемени билген үчүн качты», – деп, мастанды кууп жүрүп, башка бир жаман кыштактан
таап, мойнунан байлап алып келатыптыр. Баары чурулдашып, бири менен бири көрүштү.
Анан элине кабар салды. Бир канча күнү той кылып, кары-жашы кеңеш куруп,
Жанчарды кандыктан түшүрүп, Зарлыкты кан кылышты. Муңдукту Барынды
увазирге алып беришти. Алтымыш катынды калкка көрсөтүп, алтымыш күнү дарга
тартышка буйрук кылышты. Мастан кемпирдин кулагын кесип култуйтуп, эки көзүн оюп,
башын койду тумпуйтуп. Байтеректин башына толорсуктан илип коёт.
– Баягы мастан, – деп көргөн адам күлөт. Бир чилтен кеседи, өлтүрбөй кыйнап эседи.
Бир жумалар болгондо өлүгү чирип түшөдү. Зарлык өзү кан болуп мурадына жетеди.
БАКАШ АЛТЫБАЙ УУЛУ
Бакаш Алтыбай уулу Ысыккөл областындагы Аксуу районунун Жайылма айылында
кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Алтыбай Баатырбай уулу алты айлык ара
төрөлүп, жакшы багуунун күчү менен адам болуптур. Жаралгандан ак пейил, адам акысын
жебеген, өтө мээнеткечтиги менен оозго кириптир. Чыйрак өскөн бала көп жолу ат чаап,
ал чыгып келип, ээсин далай ирет байгеге ээ кылыптыр.
Аялы Таштанбек кызы Күңөтай эгиздин түгөйү болгонуна карабай өтө олбурлуу,
сымбаттуу, сыпайы, колунан көөрү төгүлгөн аял экен.
Алтыбай төрт уул, эки кыздуу болушат. Эң улуусу Бакаш, Бүбү, Касым, Моке, Жума,
кичүүсү Кыргый деген кыз экен.
Алтыбай үркүп баратканда 1916-жылы жолдо Кытай жеринде каза болот. Аялы 1917жылы Желеңжүз деген жерде көз жумат.
Бакаш сөз баккан, сөзгө конок берген аябагандай нускалуу, кебетеси келишкен, сейрек
сакал, кызыл жүздүү, кырдач мурун, өткүр караган, бирөөнүн кемчилигин бетке айткан,
аласа-бересеге так, өтө баамчыл, көп окуяларды башынан кечирген, калп сүйлөгөндү
жактырбаган, чынчыл адам деп элге алынган.
Дайыма жарашыктуу кийим кийинип, сый дасторкондо отурчу. Ашта, тойдо, же
бардык үй-бүлөсү тамак ичип отурганда, дастан, уламыш, «Манастан», «Семетейден», же
болбосо уккан-көргөндөрүнөн баян кылуучу.
Айткан сөздөрү: чындыкка, эрдикке, эмгекке шыктандырып, нысапка тарбиялоочу. Чоң
чатак, же үй-бүлөдө келишпестик болобу, сөз кезеги келгенде кара кылды как жарган
калыстыгын көрсөтүүчү.
Далайлардын дартына даба, илдетине шыпа болгон – өзү дарыгер, тамырчы эле.
Бакаш 1931-жылы Түп районундагы Кеңсуу айылында колхозго алгачкылардан мүчө
болуп, элге оң таасирин тийгизген. Биринчи күндөн баштап, колхоз өндүрүшүнүн жооптуу
тармагында иштеген.
Кийин жаштарга насаатчы болуп, эл эмгек кылган жерден кеткен жок. Айрыкча Улуу
Ата Мекендик согуштун учурунда кырман кайтарышты, чөп чапкан аялдардын
чалгыларын чыңап берди. Кенедей тыным боло калса, уккан-көргөнүн айтып,
шыктандыруучу.
Ал жылды жакшы сүрүүчү. Асмандагы ай, жылдыздарды карап көрүп, жыл кандай
болоорун айтканы далай адамдарга баамчыл кеңешинин пайдасы тийген. Өзүнө өзү табып
болуп, 93 жашка дейре жашады.
КИМИБИЗ УЛУУБУЗ
Адеп жер каймактап калган кезде сөзгө чечен адам болгон экен. Ал сөздөн такыр
жеңилбептир. Бир күнү шайтандын атасы Малкум менен айтышып, аны жеңип, мөрөй
алып калат. Ал мындай болгон эле. «Ким улуу экенин айтышалы. Ким улуу болсо, ошол
жаңылыкты көп билет. Уламаны көп угат» – дешет. Мына ошентип мелдеш чарчы жыйын
элдин көзүнчө башталат.
– Сөз кезегин сен алгын, чеченим, – дейт шайтандын атасы.
– Болуптур, – деп, чечен сөз тизгинин алып кеп баштайт.
– Башканын баарын айтып баш оорутуп не кылалы, жер каймактаган кезде жети
жашар бала экемин, – деп, элди карады.
Анда эл:
– Оо, бу улуу турбайбы, мунун алдына киши чыкпайт! – деп сөзгө алып, дуулдашып
калышат.
Эмики кезек Малкумдуку деп, эл чыдамсыздык менен күтүп турушат. Сөздү
баштабастан чечендин оозунан сөз чыгаары менен эле Малкум ыйлап жиберди, өпкөөпкөсүнө тийбеди, деле басылбай койду. Чеченди улам карап буркурап көз жашын
көлдөттү. Отурган элдер дагы кошомат кылып жатышты. Себебин айтпай Малкум аябай
көз жашын төктү. Отургандар:
– Ыйыңды токтот, ыйлап кутула албайсың. Мөрөйдөн айрылдың! – деп жаалап
калышты.
Бир маалда Малкум чеченди кучактап:
– Жер каймактаган кезде менин жети жашар балам жоголуп кеткен,кулунум ошол сен
турбайсыңбы, жаш сурашканым дагы сонун болбодубу! –деп каткырды.
Чечен эмне деп айтарды билбей:
– Жеңилдим, өзүңө да, сөзүңө да баракелде, жараган адам экенсиң! – деди.
– Отургандар:
– Антпесе азезил болобу, муну улуу кылалы, бирок азгырганын токтотсун, – деп
калышты, ошондон баштап азыткы болор-болбос акылга кирип, чебердеп калган экен.
ЖАКШЫЛЫК ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН КАЙТПАЙТ
Илгери бай жалгыз баласын көзү ачылсын деп окутууга молдонукуна алып келип
берет. Бала биринчи жана экинчи жылдары абдан жакшы окуп жүрөт. Үчүнчү жылга
айланган кезде баланын окуусу абдан начарлап, өзү арыктап, жүдөйт. Эмне үчүндүр
балдарга кошулбай, жалгыздап жүргөндү жакшы көрөт. Молдо ата-энесине айтпай эле
байкайынчы деген чечимге келет.
Молдо балдарды окуткан жерде чоң суу, анын бир өйүзү жар экен. Бала тышка чыкса
эле баягы жар өңдүү жерге отура берген адатка айланып калыптыр. Молдо баланын
бардык кылык-жоруктарын байкап:
– Айрыкча жардын башына эмнеге барып отурат?
Байкагыла, – деп, балдарга тапшырма берет.
– Молдоке, биз байкадык, жарга отуруп, сан этинен бакага кесип бергенин көрдүк –
деп, балдар таң калуу менен айтышат. Бул сөздү уккандан кийин, молдо өзү байкайт. Бала
өзүнүн сан этинен кесип, бир көк чаар бакага бергенин молдо өз көзү менен көрөт. Молдо
баланы өзүнө жалгыз чакырып алып, сурап баарын билгиси келет.Бала таптакыр
айтпайт.
– Окубаймын, эч нерсе түшүнбөдүм, – деп молдого таамай айтат.
Ошентип бала көшөрүп окубаймын деп үйүнө келет. Ата- энесине дагы эч кандай
сырын айтпайт. Баласынын өңүнөн азып, арыктаганына ата-энесинин жүрөгү сыздайт.
– Башка шаарга барамын – деп, бала көктүгүнө салды. Ата-энеси ыйлаганына дагы
караганы жок. Үйүнөн безип кетмек болду. Алар азык камдап, ат берелик деген тилине да
көнбөдү. Бала далай жолду арытат. Таңдайы так катып суусайт, ага дагы карабайт.
Жүрүп-жүрүп жайылган малдын көптүгүнөн адам жүргөнгө жол жок. Аргасы кетип бала
ойлуу карап туруп калат. Бир кезде жайылган мал экиге бөлүнүп жайылып, ортосунан
чоң жол ачылат. Жолго түшүп бала ылдамдай басат. Бир убакта шамал дегдеңдетип
алдыга карай сүрөгөн өңдөнөт. Баса, баягы бала сан этинен берип жүргөн чаар бака
ажыдаарга айланат. Бала баратса, жолдон ажыдаар оозун ачат. Сан этин берген бала
экенин билип, оозун жаап, бала менен амандашат.
– Сен менин досум экенсиң, ишенбесең өзүңдүн саныңды көрсөтчү, – дейт. Караса
саны оюлган. Экөө ого бетер чапташып, достугун күчөтөт. – Кайда барасың? Менден
кандай жардам керек? – дейт.
– Мага эч кандай жардамдын кереги жок, – деп ыракмат айтат.
Ажыдаар төрт чарчы ташты балага берип, мындай дейт:
– Бул сыйкырдуу таш, чарчасаң кубат берип, күч аласың, курсагың ачса, оозуңа
жакындатсаң, каалаган тамагың даяр болот, өлгөндү тирилтип, өчкөн адамдарга кылган
жакшылыгың жакшылык менен кайтат, – дейт. Бала досунун айтканына макул болуп
жолго чыкты.
Жолдо кетип баратса, он эки жашар бала көзүн ачпай өлүп жатат. Бала өтүп кетип,
ойлонуп кайра келет.
Бала:
– Өтө жаш бала экен, мунун колунан эмне келет, андан көрө жаныма жолдош кылып
алайын, – дейт.
Ташты баланын чекесине сыйпап, тирилтип алат.
Бир аз ары жүргөндөн кийин өлгөн жыланды көрүп, ташты тийгизип койсо, ал
тирилди, сойлоп кетет. Андан ары баратышса, бир кумурсканын уюгун көрүшөт. Ташты
тийгизип койсо кумурсканын баарысы тирилип , падышасы ырахматын айтат.
Эки жолдош жолун улантып баратса, аарылардын өлүп жатканын көрөт. Ага ташты
тийгизип койсо, баарысы тирилип учуп кетет.
– Бир керегиңе жарайбыз, – деп алкыш айтат. Далай жол жүргөндөн кийин жаш бала:
– Чарчап-чаалыктым, ачка болдум – деп, такыр баспай коёт. Аргасы кеткен балага
аябай боору ачыйт. Ажыдаардын досу баягы ташты колуна карматып:
– Эми чарчабайсың, ачка дагы болбойсуң, – дейт. Жаш бала касиеттүү ташта кандай
сыр бар экенин билип алат. Анан жакшылык кылганын унутуп, карасанаганга ниети
бузулат. Ал убакта күчкө толгон кези эле.
Бир жерге келип отурушат. Жакын жердеги кудуктан адегенде жаш бала суу ичет.
Анан ажыдаардын досу эңкейген кезде, жаш бала аны кудукка түртүп жиберет. Ал
кудуктан чыга албастан, бүткөн бою суу болуп, ошол суудан ичип, чыкканга эки көзү төрт,
айласы жок жата берет.
Бир убакта ажыдаардын досунун бутунун башын бирдеме кыбыратат. Караса баягы
өзү тирилткен жылан. Ким түртүп жибергенин жылан досуна айтат.
– Досум, сен чыгарышты өзүң билесиң, менин колумдан келбейт. Бирок сени чыгарыш
үчүн мен хандын кызын чагамын. Ал суу бойлоп сейилге чыгат. Отура калган жеринен
мен чагам. Кыз аябай шишип кетет. Сени алып бармайынча, мен ууну тарата беремин.
Сени табып, тамырчы издеп жүрүп вазирлер кудуктан чыгарып алышат. Баргандан кийин
үч күн, үч түн кыз менен бирге бол, мен ууну тартып аламын. Хандын кызы айыгат. Ал
сага колукту болот.
Баарысы жылан айткандай болот. Хандын вазирлери чыгарып, баланы ханга
көрсөтөт. Бала жылан үйрөткөндөй шартты айтат.
Хан экөөнүн бири-бирин сүйүп калганын билип, эң кыйын тапшырмаларды берет,
күйөө бала аны аткарганга аракеттенет.
– Биринчиси, караңгы үйгө буудай, арпа, сулу, тарууну аралаштырам. Ошону сен төрт
бөлөк кылып, түнү менен бөлүп бересиң.
Бала айласыздан макул болот. Үй караңгы, эшик бекиген. Бала арга таппай отурса,
баягы кумурска достору келип,төрт данды төрт бөлүп, төрт бурчка үйүп коёт. Аны хан
эртеси көрүп, аябай таң калат.
– Экинчиси, алтымыш окшош чүмбөттүү арабага жасалгалап туруп, ошонун бирөөнө
кызды отургузам. Кайсыл арабада экенин тапсаң, кызым сеники, таппасаң өзүңө өзүң
таарын.
Бала башы айланып, кандай арга болот деп аябай капаланат.
Ошол кезде баягы тирилткен аарылар келип мындай дейт:
– Сен капа болбогун. Кыз кайсы арабада отурганын билебиз, аны менен бирге биз
уюлгуп уча беребиз. Бизди көрүп, сен жолго жакындап өтө берген кезде кызды колдон
карма.
Бала кызды табат, хан убадасы боюнча кызын берет. Күйөө баласын өзүнө биринчи
вазир кылып алат.
Хан ууга барганга камынат. Кызы атасын камдаш үчүн сандыгын ачат. Баягы ажыдаар
берген ташты көрүп, күйөөсүн тааный коюп сурайт. Көрсө, баягы тигини кудукка түртүп
жиберген уятсыз келип ханга жагынып, вазир болот. Кыз атасы аркылуу баланы
чакыртып сурайт. Жаш бала баарысын бурбай чынын айтат.
Эртеси хан күйөө баласына:
– Кана, өлгөндөрдү тирилтчи? – дейт.
Ал коктудагы өлүп жаткан көп жырткычтарды тирилтет. Алар ханды баш кылып жеп
салат. Алар өлгөндөн кийин бала колуктусу менен өз ата-энесине келип, жакшы жашап
калат.
КИМИСИ АКЫЛДУУ?
Илгери өткөн заманда бир кемпир-чал болуптур. Алардын өлүм саркытынан калган
жалгыз баласы, анан баласынын кара кер бээси бар экен. Жыл сайын кербенчилерге
кошулуп, алыс- алыс жактарга жол жүрүү балага адат болуп калыптыр. Жазында кетсе,
күзүндө кийим-кечек, кеңири тамак-аш жана койну толгон акча менен келүүчү экен. Атаэнеси буга аябай кубанчу экен.
Бир жолу бала кербендер менен жазында кетип, жайдын толугунда үйүнө келет.
Мындай эрте келип калганына ата- энеси аябай таң калышат. Атасы:
– Балам, сен эмне эрте келдиң? – дейт.
– Мен өзүмө тиешелүү акчаны иштеп таап, ошондуктан эрте келдим, – дейт.
Күзүндө кемпир-чалдын үйүнө кара кер бээ минген бир бала келет. Эки бала, кара кер
бээси, кийген кийимдери окшош. Атасы менен энеси кайсынысы өзүнүн баласы экенин
тааный албай, баштары маң болот. Алачыкта эки бала бирдеме талашып уруша кетишет.
Бара-бара кол коюшат.
Эки бала:
– Кемпир-чал менин ата-энем, сен жогол, сен жогол! – дешет. Ата-эненин баштары
маң. Аябай капа болушат. Айла- амалдары түгөнүп, ханга арызданып барууга аргасыз
болушат. Жалынып-жалбарып болгон окуяны түшүндүрүшөт. Жакшылап чечип берүүнү
өтүнүшөт.
– Силер жөнүндө кам көрүп, астыңарга аш, үстүңөргө кийим, койну толгон акча алып
келгени силердики, – дейт.
Кемпир-чал буга ыраазы болбой, үйүн көздөй бет алышып, зарланып ыйлай беришет.
Мындан кантип кутулабыз дешет.
Экөө жолдо келе жатып ойноп жүргөн балдарга жолугат. Баштарына түшкөн
кыйынчылыктарын айтып, аларга түшүндүрүшөт. Ошол балдардын эң кичинекейи:
– Ээ шумдук, өзү хан болуп туруп ушуну чече албаган эмнеси. Мунун эч кандай
кыйынчылыгы жок, мен чечип берем, – деп тың сүйлөйт.
Кичине бала эки окшош баланы чакырып туруп мындай дейт:
– Экөөң тең тетиги дөңсөөгө барып, кайра чуркап келгиле. Экөө жарышып барып,
жарышып келишет. Эки окшош кара кер бээни минип, дөңсөөгө чейин чаап барып, чаап
келишет. Экөө бир эле убакта келишет. Дагы чыр-чатак көбөйөт. Бири-бирин: «Кеткин
менин ата-энем» – деп, баягыдай урушун уланта беришет.
Кичине бала:
– Эми экөөң тең ылдамдык менен кумура жасагыла, – дейт.
Айтуусу боюнча экөө тең ылдамдык менен кумураны жасап бүтүрүшөт.
– Эгерде чын эле абышка-кемпирдин баласы болсоңор, өзүңөр жасаган кумурага
өзүңөр түшкүлө, – дейт кичинекей бала.
Биринчи бала бул сөздү угар замат кумуранын ичине бат эле түшүп кетет. Жазда
кетип, күздө келип, ата-энесин баккан бала кумурага батпай калат. Өзү эмес, анын колу
дагы батпай калат.
Кичине бала бала кирип кеткен кумураны жерге бардык күчү менен көмкөрө салат да:
– Бул кумурада көз боочу шайтан отурат. Болбосо ушул кумурага кантип батмак эле, –
дейт.
Ушул сөздөрдү айтып туруп, кичине бала баягы жин- шайтан кирген кумураны өрттөп
жиберет.
Кемпир-чал кичине баланын акылдуулугуна ыраазы болуп, ак батасын беришет. Өз
баласы менен кемпир-чал үйүнө келишет. Кичине баланын амал-айла кылганы элге,
ханга угулат. Хан жини аябай келип, кичинекей баланы көргөнү атайлап келип:
– Мындай балага айланса болот – деп, ыраазы болуп бастырып кетиптир.
ЖИБЕК ПИЛЛА КУРТУ
Илгерки өткөн заманда ак көңүл, берешен, боорукер чал- кемпир жашаптыр. Экөө тең
бала көзүнөн учуп жүрүп, далай жашка барган кезде уулдуу болушат. Карыганда көрдүк
деп атын Картайган коюшат. Баласы ата-эненин ишенимин актап, кенедей кезинен
тартып эмгекчил, сылык-сыпаа өсөт.
– Улуудан уялып, кичүүдөн ийменет, – дешип, айылдагылар баланы абдан жакшы
көрүшөт.
Картайган жыл өткөн сайын эр жетип, күчкө кирип, ата- энесинин жүгүн азайтат,
алардын колуна кол, бутуна бут болот. Атасы тобосун жазбай баласына аябай
сыймыктанат. Турмуштары абдан оңолот.
Ал жазында жарышып эгин айдап, аны жакшылап багат. Күзүндө мээнети кайтып, мол
түшүм алат. Кышында ак эмгектин убайын көрүп, аштыктын молчулугу үй-бүлөнү
кубантат. Жаз келери менен Картайган баягыдай эмгегин улайт. Жылдан жылга
такшалып, баба дыйкан аталат. Картайгандын арпа, буудайы баш алып калган кезинде
кырсык болуп, атасы катуу ооруп калса болобу? Баш көтөрбөй жатып калып, үй-бүлөнү
абдан капага салат. Чалдын денесине жыбыраган майда курттар пайда болот. Биринен
бири чоңоюп, курттар анын денесин жей баштайт. Чал ооруга чыдабай бир күнү капага
терең малынып, көз жашын төгөт. Айла таппай тунжурайт.
Бечара чал кудайга мунажат кылып, өзү менен өзү сүйлөшүп, чарчаган кезде уктап
кетет. Бир кызык түш көрөт. Сакалы белине жеткен салабаттуу карыя мындай дейт:
– Сен кечке ыйлай бербей башыңы көтөрүп, өөдө тур, жаныңды кыйнаган курттарды
короодогу тыттын дарагына коё бер. Алар сөзсүз жабышып кетет. Өзүң арчанын түбүнөн
жыбылжып аккан булакка кирингин, – дейт.
Чал уйкудан ойгонуп, эки жагын караса жанында эч ким жок. Ал тышка чыгып,
түшүндө чал айтканды жасайт. Жалгыз түп тыттын жалбырактары шамалга ыргалып
турганын көрөт.
Чал колуна бир куртту алып, тытка жабыштырат. Өзү тытка жакындай бергенде
денесиндеги курттар биринин артынан бири тытка жармаша баштайт. Алар
жалбырактарды шабыратып жейт. Чал булакка барып бети-колун жууйт. Бетиндеги
бырыштар ошол замат кетет. Анан булакка чечинип киринет. Кадимкидей күч, кубат
пайда болуп, көңүлү ачылат.
Чал үчүнчү жолу жуунганда жигит болуп чыга келет.
Чал үйүнө кирген кезде аялы аны тааныбай калат. Абышка көргөн түшүн төкпөйчачпай айтып туруп:
– Сен дагы барып жуунуп келгин, – деп, кемпирине кеңеш берет.
Аялы барып эки-үч жолу жуунгандан кийин мөлтүрөгөн жаш келин болот. Баласы атаэнесин тааныбай, далайга тиктеп турат. Картайганга баарын түшүндүргөн соң, бала
аябай кубанат.
Картайган короодогу тыт жыгачты барып карайт. Анын бутактарында кичинекей
жумурткага окшогон аппак нерселер турганын көрөт. Бул эмнеси деп көпкө ойлонот.
Анын ичин акырын жарып караса жылтыраган ичке жипчелерди көрөт. Баарысын
чогултуп туруп апасына берет. Ал жип ийрип, кездеме токуй баштайт. Анын пайдалуу
экенин билишип, сурап алышат. Анан акырындык менен тыт дарагын өстүргөнгө көңүл
буруп калат.
ЧЫНАРБАЙ МЕНЕН ПЕРИНИН КЫЗЫ
Өткөн заманда бир жардынын кош бойлуу аялы токойго келип, отун алып жүрчү экен.
Бир күнү толуп жаткан чырпыкты көрөт. Аны таңып алып жатканда толготуп, эркек бала
төрөйт. Киндигин кесип, баласын ороп алдына алып, чырпыгын аркасына көтөрүп, үйүнө
келет. Атасы чынар теректин түбүндө төрөлгөндүктөн баласынын атын Чынарбай коёт.
Чынарбай бой көтөрүп чоңоё баштагандан тартып, ошол теректин түбүнө ойногонду
жакшы көрө турган. Бала жанына ойногон сайын чынар терек күндө узарып өсөт. Анын
узарып өскөнүн бала байкап, көзүнө абдан жылуу учурайт.Айылдагылар чынар терекке
кезек менен күзөтчү да коюшат. Бирок сырын эч ким биле алышпайт. Чынарбай жолдош
баласы менен чүкө атышып, анан талаша кетип теректин түбүнө чалкасынан кетет. Ал
жерден өөдө турбастан теректин башын карап, эси ооп калат. Жолдошу Чынарбайдын
атасына кабар жеткирет. Дароо келип ал баласынан кеп сурайт.
– Ата, мен теректин башын карасам, кырк канаттуу ат минген кыз келип теректин
башына конду. Кыз конгондон кийин терек ийилип отуруп бир кулачтай узарып кетти.
Бат эле асманды карай көтөрүлүп, көздөн кайым болду. Демек, чынар терек кыздыкы
экен – деп, бала сөзүн улады.
Атасынын уруксаты менен үч-төрт күн арадан өткөндөн кийин Чынарбай досу Ашым
менен камынып, кызды издеп табам деп, жолго чыкты. Чынарбай Ашым экөө далайдалай жол басышты. Арып-ачып өздөрү да, аттары да арыктады. Жолдон бир сыйкырдуу
карыя кезикти. Саламдашкандан кийин, жөн-жайы менен таанышып, карыя балдарга жол
көрсөттү. Анан мындай деди:
– Жаштын тилегин берет деген. Перинин аялы саякат кылып жүрүп, үйүнө жетпей,
чынар теректин башына кыз төрөйт. Сени да ошол мезгилде энең оокаттын айынан
чынар теректин түбүндө толгоо тартып, жарык дүйнөгө келтирген болсо керек. Сен
адамдын баласы болгондугуң үчүн кызым экөө өмүр сүрсүн деп ниет кылып, бата берген.
Кызы чоңойгон кезде дайым чынар теректин башына ойнотчу. Ал күн сайын бир
кулачтай канат жайып өсүп турчу.
Чынарбай карыянын сөзүн угуп туруп:
– Аны мен кайдан, кантип табам, – деди.
– Балам, эми аз гана жол калды, көбүн басып өтүпсүңөр. Далай кыйынчылыкты
көрүпсүңөр. Эми күн батыш тарапка жөнөгүлө. Жырткычтарга атыңарды мууздап, этин
ыргыткыла. Алар силерге тийбейт. Батышты көздөй жүрүп отуруп, күндүн нуру тегиз
тараган жерди колуңар менен тырмагыла, жер жарылып, силерге жол ачылат. Ошол жол
менен түз жүрүп отурсаңар, кыздын өргөөсүнө туш келесиңер – деп, көздөн кайым
болду…
Чынарбай менен Ашым кыздын өргөөсүнө кирет. Ай десе аркы, күн десе көркү жок
кыз уктап жатат. Чачынан, анан эки ийининен тартып араң ойготот. Кыз асманга
көтөрүлүп, жерге кайра конуп, тигилерден жан сурады. Башынан өткөндүн баарын
Чынарбай айтып, баян кылды. Муну кыздын энеси да укту. Кыздын энеси Чынарбайды
маңдайынан тарап:
– Өмүрлүк жар болгула, – деп, жер үстүнө батасын берип узатат.
Чынарбай колуктусу, Ашым досу менен келип бир ыңгайлуу жерге туруп калышат.
Эки эркек тоодон кийик атып келип, жан сакташат. Колуктусу жалгыз үйүндө калат.
Бир жолу суунун боюна келип чачын тарайт. Анын байкоосуздан бир тал чачы сууга
агып кетип, ал кандын тегирменинин парасына оролуп калып, тегирмен токтойт. Кан
тегирменге жакын келип параны оодарат. Бир тал алтын чач оролгонун көзү көрөт. Кан
бүт элин чогултуп:
– Тегирменге чачы оролгон перизатты ким табат? – деп, жарыя кылат.
Ошондо мастан суурулуп чыгып:
– Мен табамын, сүйүнчүгө эмне бересиң? – деп сураганда, кан:
– Не кааласаң ошону беремин, – деп, салтанаттуу убада берет.
Мастан эки кайык жасатат. Бири менен ылдый карай издеп чыгат, бирок жолу
болбойт, бири менен өөдө карай издеп чыгат. Кечке маал перинин кызын таап,
ыйламсырап үйүнө кирет. Арыз-арманын айтып ишендирет. Аңгыча Чынарбай менен
Ашым келип калышат. Перизат:
– Эртең менен келиңиз, – деп, кемпирди кетирет.
Дагы экөө мергенчилеп кетет. Мастан кемпир эртең менен келгенде:
– Үйгө эле отуруп туруңуз. Күйөөм уруксат берди, – дейт. Бир нече күн өткөндөн
кийин мастан кемпир перизаттын чачын тарайт да, башынан алтын чачты байкайт. Анан
кызды:
– Кайыкка түшүп көңүл ачалы, – деп алдайт. Адегенде өзү кайыкка түшөт. Анан
тигини түшүрөт. Перизат суунун күүсү менен жүрүп отуруп, кандын шаарына кандай
келгенин билбей калат. Кан элин жыйнап, көп мал союп, перинин кызын алганга аябай
бүлүнөт.
Чынарбай, Ашым экөө үйүнө келсе, пери кыз жок. Ошондо мастан кемпир азгырганын
түшүнүп, экөө издей башташат. Перинин дайнын билиш үчүн Чынарбай учуп бараткан
канаттууну жерге түшүрө атат. Мылтыктын үнүнөн улам Айпери күйөөсүнүн издеп
келгенин билет да, кандын колунан суурулуп учуп чыгат. Чынарбай, Ашым, Айпери үчөө
асмандап учкан кезде карап турган эл аябай таң калышат…
Анан Чынарбай, Перизат, Ашым болуп айлына келишет.
Өгөй атасы алардын келерин угуп, Чынарбайдын көзүн тазалап, аялын алайын деп,
аябай аракет кылат. Бирок Ашым менен Перизат баарын жөнгө салып, анын тилегин таш
кабат. Кийин баягы карыя жолугуп, үчөөнө тең ак батасын берет.
Жаштар кубанып, жакшы жашай башташат. Ашымды үйлөндүрүшөт. Чынарбай кан
болуп, адилеттик бийлик кылат.
АЛТЫН КУШ, АЧ КӨЗ ЧАЛ
Илгери убакта бир чал-кемпир жашаптыр. Алар өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун
тутантып күн көрүшөт. Чал күн сайын отунга барып, аны алып келип, белендеп үйүнө
киргизет. Кемпири болсо үй сарамжалын жасап, тамак жасап, чай кайнатып туруптур. Өтө
ынтымактуу жашашат.
Чал үйрөнгөн адаты боюнча бир күнү отунга барат.
Чытырман токой. Бир чоң даракты кыймакчы болуп, балтасын колуна алат. Ушул
кезде дарактардын арасынан алтын куш чыга калып, адамча сүйлөп кирет:
– Даракты кыйбагын, айланайын адамзат!..
Чал буга таң калып, өзү чалкасынан кете жаздайт. Куш болсо:
– Адамзат, менден такыр коркпо, эмне кааласаң ошону аткарамын, – дейт.
– Менин үйүмө кеңири жага тургандай отун жеткирип бергин. Отунсуз жан сактоо
бизге кыйын, – деп, сөзүн аяктайт.
– Болуптур, айтканың орундалат, ага кападар болбой, үйүңө кайта бер, – дейт.
Бул жолу абышка отунсуз үйүнө куру кол келип, кемпиринен аябагандай жеме угат.
Абышка отунду алтын куш кыйдырбай койгонун баштан-аяк айтып түшүндүрөт.
Кемпири болсо:
– Сен өлүп кет, абдан калпычысың, – деп урушат. Эртеси эртең менен караса эле,
үйдүн ирегеси толгон отун.
Баягы кемпиринен жеме уккан абышка эми кемпирине аябай мактанат… Бир күн
өткөндөн кийин абышка жипти курчанып, балтасын колуна алып, чоң түп даракты
кыйганга дагы барат. Дагы баягы куш:
– Сага эмне керек абышка? – дейт.
– Мага аппак боз үй керек, – дейт.
– Болуптур абышка! Айтканың орундалат, үйүңө барып, окуяны кемпириңе айта бер, –
деп, куш көздөн кайым болот… Абышка токойдон кайра үйүнө келет. Эртеси кемпири
экөө эрте туруп, тышка чыгат. Караса, алты канат аппак боз үй тигилип турат. Экөө тең
көргөн көздөрүнө ишенишпей, аябай таң калышат. Үйгө киришип, көңүлдөрү аябай ачык,
жарык маанайда кубангандары койнуна батпагансыйт…
Эртеси абышка дагы токойго, баягы өзүнө тааныш дарактын жанына жакын келет.
Балтасын алып аны чапканга даярданат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.