Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 32

Total number of words is 4160
Total number of unique words is 2020
33.9 of words are in the 2000 most common words
46.5 of words are in the 5000 most common words
53.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кылып берели дегеним: өлгөн адамдын баш жагына ак келтекти, этегине, аяк жагына көк
келтекти сайып, көк гүлдүү бетаарчы менен желписе, өлгөнүнө жети жыл толбогон
адамдын баары тирилүүгө тийиш. «Жакшы ниет тилек, жарым ырыс» дегендей,
инилерим кыздан айланалы,үчөөбүздүн кыздарыбыз үч жерде болобу, же жакын болобу,
күйөө балдар ынтымактуу болуп, бирин бири сыйлап турса, бирөө жарымыбыз көз жумуп
кетсек, чогулуп келип, Ак келтек, Көк келтегин ала келип, көк гүлдүү бетаарчы менен
желпип, кайра эл арасына кошуп койсо, адамзат пендеде мындан ашкан таттуу турмуш
болобу! Өлгөндү тирилтет экен деген сөздүн өзү даңкы таш жарып жатпайбы, – деген
тура улуулук кебин айтып, – эми тойду баштаганыбызга үч айга жакын болуп келатат,
бир да ыйык ата албады. Үчөөбүз үч жерде тойду берели да, бир базар күтөлүк, болбосо
башкача тартип чыгаралы, – деди.
Аны уккан Ак коён ичинен сүйүнүп, оң карап күлүп, сол карап ыйлап, агасынын сары
тулпарын минип, жазайылды колго алып, той башкаруучуларга келип, уруксат алып:
«Менин колум эмес, байкем Саргалдайдын колу, ата албасам мага жаман, тийбей
калсаң жазайыл сага жаман, жакшылык нишаандан кабарлар болуп агамды тирилтип
алсам» – деп, сумсая түшүп, жазайылды сундуруп, ыйыкты карата мээлеп туруп басып
калды эле, октон мурда ыйык учуп кетти. Аны жерге тийгизбей сары тулпар менен тосуп
алды.
– Күйөө болду, – деп, Абдырахман кан Ак келтегин алып келип, эки бетинен өөп туруп,
сыйлыкты тапшырды.
– Эми бөлөк-бөтөн болбой калдык, – деп, Ак коён сыйлыкты алып: – Мен бир айга
жетпей шаан-шөкөт менен келип, колуктумду алып кетемин, – деп убадалашып, Ак
келтегин алып, топтон чыгып жөнөдү. Айыл четине келип, баягы ыйыктан алган сыйлык
акчаларына бир келишкен бай баласынын кооздоп жасалган кийимин сатып алып,
кийинип, тез эле Абдыталыпкандын той берип жаткан жерине келди. Той башкарган
билермандарга учурап, өз ичинен кыңылдап ырдап, байкемди тирилтип алсам деген
ойдон бөлөк, оюнда эч нерсе жок. Ак коён ыйыкты карай жазайыл сунуп: «Менин колум
эмес, Саргалдай байкемдин колу» – деп, мелтиреп жазайылды басып туруп калды.
Калтадагы алтынды өзүнүн үстүнө жакындаганда жерге түшүрбөй эңип алып кетти.
– Буюрса уулум болдуң! – деп, Абдыталып кан өз айтуулары боюнча Көк келтекти
алып чыгып, бетинен өөп, салт боюнча белегин карматты.
– Эми мен өз адамыңар болуп калдым. Менин катуу оору карыган атам бар. Мүмкүн
болсо, барып көрүп келейин. Анан сый-сыпат менен колуктумду алып кетүүгө даярмын, –
деп Ак коён уруксат алгандан кийин, элден бөлүнүп чыгып, ыйыктан түшкөн алтынды
берип, падышалардын балдары кийчү кийимден кийинип алат.
Түз эле Сулайман хандын тоюна бет алып, тойду башкарган адамдарга барып, ыйык
атууга уруксат алып, өз ичинен:
«Ушул сапар уят болбой атып, Саргалдай байкемди тирилтип алсам, ушул
кылгандарымды байкем билсе» – деп, ойго батып, санаага чөмүп, ыйыкка жакындаганда:
«Ата албасам мага айып, тийбей калсаң сага айып», – деп жазайылды адатынча сундуруп:
«Менин колум эмес, Саргалдай байкемдин колу» – деп байкесин пир тутуп, жазайылдын
машасын секин басып калганда, ыйыкты үзө атып, жогору көтөрүлүп барып кайра түшүп
келатканда Ак коён жерге тийгизбей тосуп алат.
– Атаңдын көрү, армандуу дүнүйө! Нагыз күйөө балам ушул турбайбы? – деп Сулайман
кан өзүнүн күйөө балалуу болгондо берем деген көк гүлдүү бет аарчысын алып келип, эки
бетинен өпкүлөп, чыдай албай жашып ыйлап, кучактап коё бербей туруп, салт катары
белегин берет.
Өлгөндү тирилтүүчү буюмдар колуна тийгенине кубанып, байкесине тез эле жетип
барууну көздөп турганда, ызы-чуу түшкөн калың эл:
– Хан күйөө, бек күйөө! – дешип, уу-чуусу басылбады.
– Калайык-калк, мен мурда таанылбай бейтааныш болгонум менен, насип буюруп
силерге бир тууган болуп отурамын. Сиздерден уруксат болсо, менин бир карыган энем
бар эле, мени көрбөй тура албайт. Ага барып өзүмдүн ал- жайымды түшүнтүп келбесем,
карыган адам бейтап, бир жакка басып кетип кыйналып жүрбөсүн, – деп Ак коён калың
элден суранат.
– Туура, жалгыз уулу болсо, эне деген кыйын, барып келгин, балам, – дешип, аксакалкөксакал айыл билермандары жооп беришет. Ак келтек, көк келтекти, көк гүлдүү бет
аарчыны алып, түз эле сары тулпарды минип, Саргалдай калган зоого келет. Баягы
бекилгенде өзү турган жерге туруп:
– Жамбыны атып мен келдим,
Жапалуу күндү мен көрдүм.
Байкемдин жүзүн көрсөм, – деп,
Календер болуп сенделдим.
Эркекче кийим кийиндим,
Тилекти бер деп сүйүндүм.
Өлгөн жан калсын тирилип,
Тилек менен жүрүмүн.
Жарыл таш – жарыл, мен келдим,
Байкемдин жүзүн көрөйүн
Тең бөлүнүп тилингин!
Жарылгын, ташым, жарылгын,
Байкемди абдан сагындым.
Эчен күн бактың бекитип,
Багындым, ташым, багындым.
Эч жүзүн көрбөй келатам,
Тулуп өскөн айлымдын, –
деп, зар какшап ыйлап, көз жашын көл кылып карап турса, таш жарылып байкеси
көрүнөт. Кучактап беттен өөп, баш жагына ак келтекти, аяк жагына көк келтекти сайып,
көк гүлдүү бет аарчы менен желпиди эле…
– Өөх, кагылайын, ушунча катуу уктап кеткен экемин – деп, уйкудан жаңы
ойгонгондой ойгонуп, карындашынын көз жашын көрүп, айран-таң калгандыктан, Ак
коён болгон ишти кыскача баяндап берет. Саргалдай байкесинин санаасы тынып, Ак коён
карындашынын айтканын угуп, кеңеше акыл куруп, Ак коён экөө баягы кыздарга
келишет.
Абдыталып кандын кызы бир жума мурда төрөлүптүр. Абдырахман кандын кызы
Сулайман кандын кызынан үч күн мурда төрөлүптүр. Эң кичүүсү Сулайман кандын кызы
болот. Ак коён кыздарды сынамакчы болуп, эң биринчиси, улуусу Абдыталып кандын
кызынын үйүндө болот. Адам кейпинде эмес, аппак коён түрүндө куулуп жашай баштайт.
Ашкана жакка жойлоп, сүтүн төгүп, кээде шуруларын кырчып коёт. Ак коён байкем
сезсин деп агын сууга түшүп, жеңеси уруп койгон учурда кайрадан күлгө оонап, агасы
Саргалдайдын жолуна жатып алат. Саргалдай жакшы жышаан болбогонун билип, Ак
коёнду ортончу кызга алып келип коёт. А жерде да Ак коён тынч турбай жүгүнүн астын
казып, айран-сүтүн иритип, чач мончокторун парчалап кыркып таштайт. Кыз ура
баштайт. Саргалдай карындашын кичүүсүнө алып келип коёт. Мурдагыларга караганда
үйүн абдан чачат. Баарын кыркып жатса, астына алып эркелетип:
– Сен менин кыйбасымсың, чача бер, кырка бер, мен эч нерсеге теңештире албаймын.
Өйдөгө чыкса өбөк, ылдыйга түшсө жөлөк боло турган бир эле сенсиң, – дей турган.
Ак коён ойлонуп: «Байкемдин анык түбөлүк жары ушул экен» – деп, адам түрүндө
болуп, кыз менен үч убак сүйлөшүп, кеңешип, үйүнүн ичине кирсе чыккыстай кылып
колдон келген өнөрлөрүн көргөзүп, оймо-чийме сайма түрү менен кооздоп, жасап
коюшат. Эки кыз келип: «Булар үй-жайларын оңдоп жатышкан экен» – деп, эчен ойго
батышып, күнүгө келип, сайган саймага суктанып таң калышат. Булардын биримдигин
бузуп: «Жок кылыш керек» – деп, эки улуу кыз кеңешишет. Бир күнү үйдө киши жокто
келишип, экөө Ак коёндун мээсине теменеден житире кагып кетишет. Тилге дурус
келбей, оюндагысын айта албай, Ак коён мүрт өтүп кетет. Саргалдай карындашынын
кандай болуп өткөнү белгисиз болуп:
– Ак коён карындашымдын сөөгүн жерге койбоймун, күнүгө көрүп турушум керек –
деп, арчадан суу өтпөс кылып ящик кынатып, деңиз жээгиндеги асман тиреген чынар
теректин эң кылда чокусуна табыты менен түшпөстөй кылып байлатып коёт. Күнүгө
үйүнөн чыкканда жана келгенде карындашын эскерип, кылган жакшылыктарын ойлончу
болот…
Күндөрдүн бир күнүндө катуу бороон болуп, чырмап байлаган зымдары үзүлүп,
деңизге түшүп, Ак коён агып кетет. Эртең менен эрте темирден чокой кийип, Ак коёнду
таап алыш үчүн издеп кетет.
Саргалдай издеп кете берсин, Ак коёндон кабар алалы. Ак коён сандыгы менен чынар
теректен учуп түшөр замат агып олтуруп, бир тор салган чалдын торуна түшөт. Чал болсо,
чоң балык түшүп калды, жалгыз тарта албай койдум деп, жээкке казык кагып, торун
байлап коюп, кемпирине келет. Кемпири экөөлөп тартып алышса, бир арчадан жасалган
сандык, кыйналып-кысталып жатышып, экөөлөп оозун ачышса, ай десе аркы жок, күн
десе көркү жок, бир сулуу кыз уктап жаткандай көрүнөт. Кемпир байкуш тарткылап
ойгото албай, акыры башы-көзүн сыйпалоого өтөт. Башын сыйпаласа, колуна катуу нерсе
урунганынан тырмактап жатып сууруп алса, кыз көзүн ачып:
– Энеке, мен ушунча катуу уктаган экемин, – деп, оор уйкудан ойгонгон сыяктуу
ойгонот.
– Эми кагылайын, – деди эне, ушу жашка чыкканы атаң экөөбүз балалуу болбодук.
Эгер атаңдын торуна түшпөгөндө, кай жерде, кандай күндө калат элең, кан какшаган
үнүбүз жетсе керек, атың ким, кагылайын?
– Атым Ак коён – деди кыз муңайып.
– Карыганда Ак коёндой кыздуу болдук – деп, беш эчкисинин бирин союп, кемпир-чал
кыз кылып алды.
Арадан бир топ күндөр өткөндөн кийин падыша Көзөлшаа кырк жигити менен куш
салып, чалдын айылынан өтүп бара жатышып, калың каз-өрдөккө кан кушун салса,
түптүз учуп барып, торчу чалдын чөп алачыгына конот.
– Үйдө ким бар, кушту алып берип коёр бекенсиздер? – дейт кандын жигити.
Кыз чуркап чыгып, кушту жигитке алып берип, өзү кирип кетет. Баягы жигит бир
саатка жакын эси оогон бойдон ат үстүндө тура берет. Бир оокумда эсине келип, эки
жагын карап, ханга келет.
– Сага эмне болду, эмне кечиктиң? – дейт хан.
– Таксыр, сөздүн ачыгы керек. Чындыкта сиздин аялыңыздан ашкан сулуу көрдүм.
Ошого эсим ооп, эмне кылаарды билбей, кечигип келдим, ханым.
Экинчи жолу да кан кушту салса, дагы эле баягы чөп алачыкка учуп барып конуп
калат. Бир жигитин жиберет. Ал дагы кечигип келет, сураса, мурдагы жигиттин сөзүн
кайталайт.
– Мен падыша болсом, анан менин аялдарымдан ашкан сулуу кыз чөп алачыкта
жашайбы? Же мени көзгө илбей жигиттердин кордогонубу, каратып туруп калпты айтат.
Дүнүйөдө менин аялдарымдан ашкан сулуулар болбоого тийиш. Болсо да, тор салган
балыкчы чалга мени теңегиңер келеби, – деп, падыша ачуусу келип, өзү кандайдыр
билмексен киши болуп, кушун дагы салат. Айланып учуп каз-өрдөккө барбай, түз эле чөп
алачыкка барып конуп калат. «Эми жигиттерди жумшашым болбос, өз көзүм менен бир
көрөйүнчү» – деп, айланып деңиз жээгине кеткен болуп, капыстан чөп алачыкка бурулса,
кушу конуп отурат.
– Үйдө ким бар? Кушту алып берип коёр бекенсиңер? – десе, Ак коён үйдөн чыкпастан:
– Кайра-кайра кушуңарды качырып силерге эмне болгон? Биринчи, экинчи жолкусун
кечирдим, үчүнчү жолкусу одонороок болор, бир кушка ээ болбогон, – деп канды уятка
калтырат. «Эми алып бербесе болбос» – деп, үйдөн чыгып, кушту алып бергенче кыздын
кыймылына, өңү-түсүнө өзү таң калып, карап турду.
Бир учурда терең ойго батып, жигиттерине келип:
– Кыздын башы бош бекен, же болгон жери барбы, толуктап сурап келгиле – деп,
жигиттеринен жиберет. Жигиттери барып башы ачык экендигин айтып келишет.
Калкына кадырлуу Көсөлшаа айыл билер, ордо билермандарынан жиберип, куда түшүп,
кыздын макулдугун алып, падыша өзү баш кошуп, эл-журт билсин деп дүңгүрөтө той
берет.
Жыл айланбай Ак коён эркек балалуу болот. Айылдагы өңдүү-түстүү кыздарга
акысын төлөп, баласын бактырып жүрөт.
– Ырыска шерик Саргалдайдын жээни Рысбай болсун – деп, ат коюшат. Көтөрүп багып
жүргөн кызына Ак коён төмөндөгүдөй ыр үйрөтөт. Аны басса да, турса да эл чогулган
жерге барса да, ырдай бергин деп, тындырбай ырдата берет:
Алдей бөбөк, ыйлаба,
Ата-энеңди кыйнаба.
Ашуу-бел ашып алыстан,
Таякең келет кыйлада.
Ак коён энең төрөгөн,
Ак бешикке бөлөгөн.
Ата уулу болуп өсө гөр,
Ырыска шерик бөбөк сен.
Кенен болсун өрүшүң,
Көсөлшаанын белисиң.
Сардалы болгун элиңе,
Саргалдайдын жээнисиң, –
деген кыздын ырын темирден чокою жыртылып, кийген кийими тытылып, сакалдары
өсүп апсайып, сүйлөсө көзү чакчайып, алп мүчөсү бакжайып, жыйындын чекесине келип,
ырдап бала соротуп жүргөн кызга назар салып, кызды секин токтотуп:
– Садагасы кызым… – деп, жөн-жайын сурайт. Кыз бардык көргөн-билгендерин
төкпөй-чачпай айтып берет. Акырында Саргалдай:
– Кызым, Ак коён аман-эсен барбы? – деп сураганда:
– Бар, аман-эсен, ордодо сырттан келген меймандарды узатып жүрөт, – деди.
Ой баскан Саргалдай: «Чын эле тирүү барбы? Чын эле Ак коёнумду таптымбы?
Тагдырдын кыйноосу чын эле бүттүбү?
Же түшүм болбогой эле» – деп, өзүнө өзү суроо берип, жөө тумандай баскан ойдон
кутула албай, мындай караса баягы кыз дагы эле турат.
– Кызым, сен мени бактылуу кылган жакшы кыз экенсиң, андай болсо бул бала менин
жээним экен. Сен ырдап жаткан Саргалдай деген мен болом. Баланын аты Рысбайбы?
Рысбайдан айланайын, Рысбайдан! – деп көз жашын кылгыртып, – менин карыгандагы
белим-кубатымды мен ала турайын, сен барып агаң келди, сүйүнчү деп чакырып чыккын,
– деди.
Баланы Саргалдайга берип, кыз чуркаган бойдон ордого кирип:
– Ак коён жеңе, сүйүнчү, Саргалдай агаң келди! – деген сөздү угары менен көзүнүн
жашын буурчактай куюлтуп, чуркап чыгып агасы менен кучакташып көрүшүп, жоголгон
жоктор табылып, эскиси кайра жаңырып, өлгөндөр кайра тирилип, тирилген жандар
сүйүнүп, эскини эстен чыгарып, Көсөлшаа кайнагасына кол берип, кырк күнү кыргызга
той берип, кеткен кемтигин толтуруп, адашкандар кошулуп, темене каккан жеңелер
өзүнчө жашасын деп, Сулайман кандын кызын алдырып, Саргалдайга арнап кандык сарай
салдырып, көргөндүн көзүн талдырып, ар үйүнө каухар фанар жандырып, эл элге
кошулуп калат.
Саргалдай эне-атасына, эки байкесине барбастан, Ак коён карындашы, Көсөлшаа
күйөө баласы болуп, чогуу жашап калган экен.
ЧЫМЫН БААТЫР
Илгери көгөргөн көктүн астында, карайган жердин үстүндө кабары катуу тараган,
сооп ишке жараган, малы менен даңкталган, бир баланын айынан эчен ишке капталган
Чыныбек деген бай болгон экен.
Ойду очок, тоону мазар кылып, барбаган базары да, мазары да калбаптыр. Баба ата,
Бача ата, Коргон ата, Койташ ата, Каракаш ата, Салпы ата, Көлкупан ата, Чолпон ата,
Шамша ата, Камбар ата мазардын бардыгына барып, табынып- ташынып, малын союп,
пулун берип жагынса да, эч нерсе шыпаа болбойт. Айласы кетип, аялдарымда болуп
жүрбөсүн деп, тогуз аял алат. Тогуз аялы тең төрөбөйт. «Тогуз аялым менен бир перзент
көрбөй өтөмбү? Алтымыш үч жашка чыктым. Канткенде бир баланын үнүн угамын. Бир
перзент берсе болбойбу. Же менин бешенеме жаңылып, бала ордуна аял менен мал жазып
койгонбу? Эми күч-кубаттан тайдым, алы-күчтөн кеттим, олуя-мазардан жададым.
Малдын да, жардын да, көргөн күнүм ушул болбогондон кийин жаштын да кереги жок» –
деп, башы ооган жакка басып, тентип кете берди.
Эчен күн жол жүргөндөн кийин, жол жээгинде жети бакса кооздоп кол менен урулган
коргонго кез келет. Ичинде эмне бар, ким билсин, бир-эки саат күтүп отургандан кийин,
башына селде чалынган бир киши чыгат. Өңүнө караса, кары киши экен. Шашып кетип
Чыныбек бай салам айтат. Берки киши алик албады.
Алик албай, ылдый карап, көз кыйыгын салып турган селдечен адамга ичтеги болгон
сырларын тогуз аял алганын, малынын көптүгүн, алтымыш үч жашта экендигин, тентип
чыккандыгын айта берет.
Угуп болгондон кийин үндөбөй, үйүнө кирип кетет.
Чыныбек бай: «Бу кандай адам, же алик албаса, же бир ооз айткан жообу болбосо.
Эмнеси болсо да ушул жерде күтө турайын» – деп, терең ойлонуп, күтө берет.
Түнү менен күтөт, эртеси ошол убакта кол берип учурашып, үйүнө алып кирип, анча
деле көп сөзгө келбей, чай ичилип бүткөн кезекте кызын чакырып чыгып, өзү нике кыйат
да:
– Бирге жашай бересиңер – деп, бир тамга бөлүп, экөөнү киргизип коёт. Күндөн-күн,
айлар толуп ай өтүп, баягы кыздын боюна бүткөнү билине баштайт. Маңдайы жарыла
сүйүнүчкө батып, жаш да болсо алган жары менен кеңешип:
– Мен айылыма барып келейин – деп, жооп сурап, элине кетет.
Элине келсе, катуудан тулгасы, жумшактан күлү калбаса, эч нерсе жок, баарын жоо
чаап кетиптир. Малы эмес, жарлары да жок, жары эмес жашап турган жайлары да жок –
дөбөгө айланып калган. «Эми эмне кылам? Ичтеги арызымды айтып зар какшап,
Каракожого эми эмне деймин. Каргышына калган турбаймынбы. Малдан эч нерсе жок,
жар болсо эрте жоголуптур, жайымдын орду да калбаптыр – деп, Каракожо кызын берсе,
алдамчыдай болуп кайсы бетим менен бетин караймын. Чындап тентидим» – деп, тентип
кетет.
Кулак уккус, көз көргүс жакка Чыныбек бай кетип, эптеп жан сактай берсин, эмдиги
сөздү Каракожонун кызы
Арпакандан угалы. Чыныбек кеткенден кийин Арпакан эркек төрөйт. Баланын
таятасы Каракожого эл чогулуп, аксакал- көксакалдары, айыл билармандарынын эч
кимиси төрөлгөн ымыркайдын атын коё алышпайт.
Ошондо эл ичинен жүдөө бир жетим бала чыга калып:
– Калайык-калк, сиздерге макул болсо, атын коюп берейин дегенде, эл чуулдашып:
– Макулбуз, коюп бергин! – дешти.
– Жоо жеңсин, баатыр жеңсин кыйын-кыйын,
Урматтап көрө жүрсүн элдин сыйын.
Эне-атага боорукер, жаңкеч болсун,
Чыныбек ата жар болуп,
Чыныгы иши оңдолсун.
Аты – Чымын болсун,
Оомийин! – деп жетим бала бата берет.
Каракожо жээнинин атын Чымын коюп, эчен малды союп, жер дүңгүрөтүп, эр эңиштирип,
улак тарттырып, ат чаптырып, өпкө чабыш, түлкү алдырыш, күрөш, эр сайыш бардык
оюнду көрсөтүп, Каракожо той берип жатып калат.
Арадан айлар өтүп, жылдар жылып, Чымын алты жашка кадам коюп калат. Чүкө
ойносо, балдардын чүкөсүн утуп алат.
Өзү теңдүү балдар эмес, он беш-он алты жаштагы балдардын чүкөсүн утуп уруша
кетсе да, кээде сабап да койчу болду. Күндөрдүн бир күнү он беш-он алты жаштардагы
чоң эле баланын чүкөсүн утуп алса, ал экөө мушташып, алы жетпей баратканда
Каракожонун жээни экендигин толугу менен айтып коёт.
Ошол күнү оюнун токтотуп, үйүнө келип, апасынын маңдайында отуруп:
– Какылдап учуп каз келет, апа,
Күздө кетсе, жаз келет, апа.
Буудай кууруп бер чачайын, апа,
Бир топ соопко батайын, апа! –
деп, буудай куурутуп, ысык буудайды апасына уучтатып, колун кошо кармап туруп: –
Менин атам ким болгон? – деп сураганда: – Колумду коё бер, айтайын деген тура. – Сенин
атаң Чыныбек деген болгон. Өлүү-тирүүсүн толук билбеймин. Келемин деп кеткен, бирок
келбей калды. Күн батыш тарапка кетти эле – деп, кеткен жагын көргөзөр менен, баласы
шарт ордунан ыргып туруп, эч сөз айтпастан, күн батышты карай жол жүрүп кете берет.
Энеси баласынан бөлүнбөй, Чымынды ээрчитип, азыраак жол жүргөндөн кийин,
Арпакан аябай чарчап, жүрбөй калганда, Чымын көтөрүп алат. Эчен күн, эчен түн жол
жүрүп, элсиз жерде эрмектеп кийик атып, энесин кийиктин эти менен багат.
Күндөрдүн бир күнүндө жоо жарагы менен бир ак тулпар пайда болот. Асмандан
түшкөнүн же жерден чыкканын билбейт. Көрсө, Каракожо таятасы жээни менен
кызынын кеткенин сезип, ак тулпарды бир адамга тапшырып, жолуна байлатып коюптур.
Аттуу болгондон кийин, отун-суу, азыраак азык-оокат камдап, Арпакан апасын
үңкүргө таштап, өзү атасын издеп, чабытып тоолорду ашып, бир жайыкка келсе, кырк сал
туз, кырк кара кой, бир сулуу кызды колун артына байлап койгон.
Чымын келип, баягы кыздан сыр сурайт:
– Сени эмне бул жерде колуңду аркаңа байлап, чынжыр менен аркандап койгон? Сага
ушунчалык кордук көргөзгөндөй эмне күнөөң бар эле? – дейт.
– Ээ замандашым, эмнесин сурайсың. Бул жерге эмне турасың, жыл сайын элибиздин
көзүнө эмне көрүнүп турса, ошончо бересеси бар. Азыр ажыдаар келип, баарыбызды
заматта жутат. Сен жолобогун, кеткин! – десе, Чымын болбойт.
– Өлсөк, чогуу өлөлү, мен сени аяп жатам, жаманчылыкта жолдош болгон жакшы,
жакшылыкта баары эле жолдош – деп, болбой кыздын жанына жатып алат.
Ажыдаар белестен ашып, хандын кызын алып келгенин билип: «Дагы бир жигитти
ашыгы менен байлап койгонун көргүн, марттыгы да» – деп, ойлоп бара жатып, кайра
оюна түшөт. «Чындап сүйгөн өлүмдөн коркпойт дечү эле, бул жигиттин жатуусуна
караганда кыз менен сөзү бүтүп калбасын, ушул жерден оп тартып сорсом наамартчылык
болбосун, а көрөкчө кемпир түргө айланып, баланын күчүн да, өзүн да бир сынап
көрөйүнбү» – деп, кемпир түрүнө айланып, баланы ойготот:
– Сен кайдан жүргөн селсаяк немесиң, кара оозуңа кан толгур! Кыз, койлордун
жанында эмне жатасың? Сендейдин сазайын колуна бериш керек, арманың ичте
калбасын, мен карымын, сен жашсың, алың жетсе кармашкын, алышып жеңишели, ажал
жетсе өлүшөлү, сага куру бекер жеңилбей туруп, кыз берчү мен эмесмин – деп, баланы
качырганда, бала да кармашкандан качпады.
Жети күн, жети түн алышып, акырында бар кайратын жыйнап, кызды ойлоп, эт
жүрөгү туйлап, күчүнө күч кошулуп, кемпирди алып урду эле жүлүнү үзүлүп, көзү сүзүлүп,
аа дээрге алы келбей, узап кете берди.
Кызды өлүмдөн алып калганга Чымын кубанып, кыз менен өмүрлүк жашоого убаданы
бек кылып антташып, эки жаш сүйүнгөнгө чыдабай шаттанып, убакыттын кандай
өткөнүн билбей, беш-алты күн өткөндөн кийин, баягы кемпир болуп кубулган
ажыдаардын жонунан үч эли кайыш тилип алды.
Ажыдаар жутуп койду деп, элинен эч ким келбеди. Экөө жайыкты мекендеп, бир туруп
калышат. Бир күнү Чымын энесин эстейт. Үрпөян сулуу атасын сагынат. Экөө ойлонушуп:
– Эми бирге баралык – десе, кыз болбойт.
Колундагы алтын шакегин чыгарып берет, түз эле атасына барып, иштин жайын
айтып, айлына бет алып жөнөп кетет.
Арадан беш жыл өттү. Чымын баатыр: «Апамдан кабар алайын» – деп, мекендеп
жүргөн үңкүрдү карай жол тартат.
Үрпөян элине аман-эсен баргандан кийин атасы Мурат хан элин жыйнап, журт
астында жарчыларына элге жарыялатат.
– Менин кызымды ажалдан аман куткарып калган жигитке кызымды отуз күн оюн,
кырк күн тоюн өткөрүп, астына аш, үстүнө үй көтөрүп, мал бөлүп берип, кыргызда болгон
шаан- шөкөт менен узатышым керек – деген экен.
– Хандын кызы Үрпөян сулууну мен аламын – деп, бир топ кардалдар куда түшүп келе
баштайт.
– Мени ажалдан куткарган булар эмес, өзүм билемин, – деп, кыз алардын бирин да
жолотпойт.
Бирок эл бийлеген кыйындар кыздын оюна каршы болушат.
– Кызыңыз айныган, беш жыл бою тоо арасында жалгыз жашоо оңойбу, мүмкүн
коргоп жүргөн кайыппы, кайберенби, болбосо көзгө көрүнгөн неме болсо, ушул жерде
жүрбөс беле.
Үрдөнбү, периденби, ошолорду ойлоп, элестеп айтып жатат. Ошолорго кошуламын
деп жүрөт, ал эч качан көзүнө көрүнбөсүн билбейт. Өмүр бою табамын деп дүйнөдөн так
өтмөк беле. Оюна койсоңуз, сиздин көргөн камылгаңызды талаага кетирет. А көрөкчө
келип, күйөө бала боломун дегендердин бирин жактырып, той түшүрө бериш керек, –
дешти.
– Анда Мурат хан айтса-айтпаса төгүнбү, ушулар туура айтат, беш жыл талаада болсо,
ар нерселер көрүнгөндүр, чын эле оюна койсо болобу – деп, хан ордосундагы
билермандар баланча увазирдин баласына алып бермекке, жалпы аракетте болуп
калышат.
Ханы макул болгондо күнү-түнү дебей эл тойдун аракетинде болушат. Үрпөян сулууга
баланы алып келип көргөзсө:
– Бул эмес, силер эмне менин башымды чаташтырып жатасыңар, – деп, баланы
жактырбайт.
– Ак кайып ээлеп алган да, кайыптан бүткөнгө барат элем деп жатпайбы, ал кайра
айланып келмек беле, – дешип, ордо билермандары ханга кабарды катуу беришет.
– Кудая тобо, эми ал кайыптан бүткөн немесин биз каяктан табабыз. Макулдатып
бирге жашай турган болушсун – деп, хан ордо башчыларына ишенип буйрук берет.
– Хан буйругу эки болбойт, – дешип, ордо башчылары кысымга ала беришет.
Эми Чымын баатырдан кабар алалы. Беш жылы Үрпөян сулууну өлүмдөн куткарып,
аны менен бирге жаштык кумар менен беш жылдын кандай өткөнүн билбей калган. Кыз
менен бөлүнүп үйүн көздөй жөнөгөндө энесин эстеп, жүрөгү сыздайт.
«Адамгерчилигим кайсыл болду, атамды издеп чыкпадым беле. Мени кошо,
карааныңдан кагылайын, апам, кошулуп бирге жөнөбөдү беле. Мени жарыктыкка алып
келген апамды унутуп, беш жыл бою кароосуз бир үңкүргө таштап коюшум туура эмес го.
Мүмкүн бир жакка кетип калдыбы, же болбосо суукка тоңдубу, же ысыкка күйдүбү?
Төрөгөн энемди эмне үчүн эртерээк ойлободум. Ал мени ак сүтүн берип чоңойтсо,
атамдын кетип калганын билдирбесе, ата жүзүн эч бир көрбөсөм, курсакта калсам, мени
ээрчип бардык жашоосун токтоткон энемди эстебесем эмне? Ажыдаарга жем болом деген
кызга ашык болуп, аны куткарсам, мейли куткарганым эрдик дейли, беш жыл бою энесин
унутуп коюу деген эмне! Бул күнөөмдү кечээр бекен. Айланайын апам, ай! Сиздин
астыңызда күнөөлүүмүн, кагылайын, апа! Атамдан жаш калсаңыз, атамдын бары-жогун
мен сыяктуу билбесеңиз – деп, Чымын баатыр өз ичинен наалышты айтып, кете берди.
Эми Арпакан апасынан кабар алалы: кандайдыр бир күнү сыртка чыгып, уулун күтүп
турса, көп буюм-кечесин качырга артынган Чыныбекке түспөлдөш бирөө келе жатат.
Эмне кылар айласын таппай, үңкүргө үч жолу кирип, үч жолу чыкканын өзү да сезбейт. Эң
акырында сыртка чыкса:
– Конок болуп кетсек болобу? – деген жалооруган сөздү угат. Үйүмдө адам болбосо деп
айтайын десе да, кандайдыр бир күч айттырбай макулдугун билдирет. Тили башка, чала
түшүнүп, түшүнө албаса да кандайдыр баягы кишини жан- дили менен жактырып,
биринчи эле күндөрүндө аяп, ансыз жашоого мүмкүн эместей сезилет да, кетирбөөгө
тырышат. Бирин бири кыя албай, экөө бирге жашап, ошол жылы боюна бүтүп, эркек
балалуу болушуп, атын Көгөн коюшат. Кара үңкүр капкалуу, тоо-ташы мунарлуу шаардай
көрүнүп, алар да арадан беш жылдын өткөнүн билбей калышат.
Жанагыдай Мурат хандын жардыгын уккандан кийин, соодагер жигит уруксат сурап
кетмекчи болот. Ага Арпакан сулуу болбойт.
– Сиз эмнеге коркосуз, сизди чын дилим менен каалап жаткандан кийин, бала эмне
болуп калыптыр, акыры бир жолу табылар дегенинен улам жигит кете албай,
айланчыктап, Арпакандын айтканындай кара үңкүргө жүрүп калат.
Дал ошол туштун өзүндө Чымын баатыр келет. Арпакан энеси күйөөсүн бекитип коёт
да, туу бээнин тарамышынан жасалган жети кабат тарамыштан жасалган жип менен:
– Чатыраш ойнойлу, кол байлашмай ойнойлу – дейт Арпакан сулуу Чымын баатырдын
энеси.
– Коюңузчу, энеси менен баласы да кол байлашмай ойночу беле? – деп Чымын болбой
коёт.
– Балам, зериктим, эчен жылдан бери зериккенимди сураба, нары кол байлашмай
оюнун жакшы көрүүчү элем – деп, болбогондон кийин, энесинин көңүлүн кыя албай:
«Чын эле эчен жылдан бери элсиз жерде жүрсө, оюндагысын күсөп жаткан го, мейли» –
деп, кол байлашмай ойнойт.
Жылкынын тарамышынын төрт-беш кабатын үзсө да, экиүч кабаты үзүлбөй калганынан пайдаланып, кайрадан жаңылап ороп, бутун да
жылкынын тарамашы менен күлгөн болуп жатып байлап бүтөт. Колу-буту байлангандан
кийин энеси:
Ашуллаңды чала чык,
Ак канжарың ала чык.
Көз көрбөсө болгону,
Эки көзүн сая чык.
Тогуз жолдун тоомуна
Жан көрбөсүн байлап жык.
Ээн-эркин жашайлы,
Менин айткан сөзүмдү ук!
– деп, күйөөсү Машрасулга кабарлайт.
Машрасул Арпакандын айтканын кылып, Чымын баатыр эки колу байлануу жатса, эки
бутуна тоо текенин терисинен чалма ыргытып, бутун да таңат. Колу-бутунун таңылып
турганынан пайдаланып, Арпакандын суроосун орундатып, дойрасын ала чыгып, бир
нерселерди ойногон болуп:
Ашулласын чалып, Ак канжарын алып,
Энеси көрбөсө болду экен, – деп,
Эки көзгө сайып.
Тогуз жолдун тоомуна,
Жан көрбөс жерге жыгып.
Ээн-эркин жашайлы деген
Арпакандын сөзүн угуп, –
көзсүз тогуз жолдун тоомуна таштап коюп, санаасы тынып, көңүлү чайыттай ачылып,
Машрасул Арпаканга жетип, айтканын орундатканын айтып, өз карызынан кутулат.
Чымын баатырды алып барып таштаган тогуз жолдун тоомунда, кара жолдун боюнда
бир кемпир эки торпок багып жүрүүчү. Чымын баатыр кемпирге болгон сырын баштанаяк айтып берет.
– Мурат хандын кызын ажалдан алып калган менмин. Ошол Мурат хандын кызына
жуучу түшүп, тоюн берип жаткан имиш. Эгер эне ушул шакекти Мурат хандын кызына
алып барып берип коёр бекенсиз, – деди.
– Ээ, балам, сенин сөзүңө мен макул болот элем го, бирок мынабу эки торпогумду
кимге дайындайын?
– Эне, ал жөнүндө эч кам санабаңыз, эки бутума экөөнү байлап, бутумду чечип коюңуз.
Мен каякты көздөй бассам, кошо басып, оттой беришет. Эне, а көрөкчө соопко калып,
шакекти жеткирип берип койсоңуз экен, – деди да, Чымын баатыр ойлуу олтуруп, жашып
кетти.
Чымын баатырдын көз жашын көргөн кемпир бутун чечип, эки бутуна эки торпокту
күрмөп байлап, шакекти алып, токтоосуз жөнөп кирет, көп элден жол тийбейт. Өлдүмталдым дегенде, Үрпөян сулуунун үстүнө кирип, эч сөзгө келбестен, баягы шакекти берет.
Ошол шакек колуна тиери менен Үрпөян сулуу кемпирди кучактап, көпкө коё бербей,
ыйлап өпкүлөй берет. Акыры ыйын басып, акырындык менен сурап, кай жакта
экендигин, ахвалы кандай күндө калгандыгын билгенден кийин, кемпирди кошуп,
жигиттерден алып, түз эле Чымын баатырдын жаткан жерине барышат.
Чымын баатырды жаткан жеринен козгобостон жети өргөө көтөртөт. Ой менен
тоодон табып издешип, Чымын баатырдан көзүнө эч даба таба албай, абдан кыйналышат.
Сурамжалдабаган калбайт, шаарларга кабар жиберет. Көзгө эч бир шыпаа болбогондон
кийин, бир кайырчы календер думана келип:
– Бул менин да, башканын да колунан келбейт. Келсе бир гана Каракожо таятаңдын
колунан келет. Башка жакка эч кандай убара болбогула, – дейт.
Календердин сөзүн угуп, Үрпөян сулуу кулак угуп, көз көргөн табып-дарыгердин
бардыгына адам жиберет. Алардын бардыгы келгенче күтөт, эч кимисинен дурус жооп
болбогондон кийин, Чымын баатырга макулдашып Каракожого бармакчы болуп жөнөп
калышат. Ошол кезде жолдо бара жатып Үрпөян сулуу ойлонот: «Арпакан Каракожонун
жалгыз кызы болсо, башка эркеги да, кызы да болбосо, баласы атам десе, апасы балам деп,
баласы күн батышка кетсе, апасы кошо кете берсе, беш жыл бирге болуп, беш күндөй
билинбей өткөнүн билбей, бирге жашап, акырында баласы мага жолукса, экөөбүз атабаланы көз көрүнөө жолдон азгырган менмин го, Чымын мени ажалдан алып калган,
кайра айланып бир бирибизди табышып, баш кошобуз дедик эле, тагдыр аны күтпөй,
биздин ойлогонубуздай болбой, башкача болуп отурат. Үңкүргө жалгыз жашай албай,
соодагер жигитке турмуш курганы жалгыздыктан болгондур. Балам мени өлтүрүп коёт
деп, астын ала колдонгон максаты го.
Таттуу жашап жаткан эне-баланын кайгылуу кайрымысыз жашоосуна жалгыз мен
күнөөлүүмүн деп эсептеймин. Эми биз барганда жоголуп кеткен атасынын артынан
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.