Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 23

Total number of words is 3979
Total number of unique words is 1623
36.1 of words are in the 2000 most common words
48.7 of words are in the 5000 most common words
54.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
дегенде ак эркеч чатынан өттү.
А дегенде чыгып эле, кермеде жаткан кер буканы болот бычак менен чандырга сайып
өлтүрдү.
Бир убакта мылтыкты даярдап алып, туруп калды. Кер бука темселеп, жезкемпир
жарган жерине колун малып алып бакырды:
– Куланчы, жемекчи элең жептирсиң, жутмакчы элең жутупсуң. Эми, Куланчы,
кыйнабай мени жогот! – деди.
Таштан жасалган каалганы бекитип кеткен.
– Кана эми, ач үйүңдү.
– Жок, ачпайм, мени жоготкун, – дейт.
– Тигиниңди ач, – деп, эшигин ачтырып кирип кет, – деп, жезтумшуктун омуроосун
сындыра атты. Жыгылып калып, кайра өйдө турам деп жатканда:
– Куланчы, мени талкаладың! – дегенде атып өлтүрдү. Оозунан кирип, байланган
көгөндөлгөн адамды бошотту.
Ошондон өзүнүн коштогон, жолдошунун аты үчөөн ошо жерге коюп, бир топ
чалдырып, бирөөнү мойнунан кармап өткөзүп, бир топ чалдырып, бирөөнү мойнунан
күрмөп жетелеп бастырды.
Куба кийинген, кулан минген үч жигит келди. Куланчынын жетелеген атын бирөө
колунан алды. Ошондон Куланчыны астыга салып, беркилер кокту ылдый жездекелеп
кубалап, айдап жөнөдү.
Бир убакта бирөө айтат:
– Эй, сен баягы келгениңде кара дөөнү ыргыта атканда, атам убада кылган экен,
жалгыз кызымды сага берем деп, ошон үчүн бизге жездесиң сен. Мына азыр колуктуңа,
кайындарыңа алып барабыз.
Ошо жерден айдап, көп айылга алып барды. Аттарынын баарын баягы жигиттер:
– Биз башкарабыз, – деп, алып калды.
– Күйөө келди! – деп, кыз-келиндер чубап кирип жатат.
– Күйөөнү жалгыз отургузбай, кызды алып келгиле – деп, бир убакта тыштан бир чоң
кишинин үнү чыгат. Колуктусун алып келгенде, ай десең аты жок, күн десең көркү жок
перинин кызы экен. «Кудай мага ушундай бербеспи» – деп, Куланчы мергенчи кубанат.
Баягы бойго жеткен кыз:
– Ай, Куланчы, сен мени ала турган болсоң, алтүндө күн тийгиче уктаба, андан кийин
кечке уктай бер. Жок, уктап калчу болсоң, бул үйдү да көрбөйсүң. Өзүңдү чөп басып калат.
Тердигиңди астыңа салып, эки жагыңа эки мылтыгыңды коюп, чепкениңди айкарасынан
жаап, көчүп кетебиз. Биз кайып болобуз. Ошондо атам: – Жалгыз кызымды берем, – деп
убада кылган экен. Куланчы мерген сенсиңби? – деп койду.
Уктабай жатты Куланчы. Бир убакта тышка чыкса, таң куланөөк болуп, сүрүп калган
экен.
– Ээ, а айланайын кудурет, күндү бат чыгара көр, – деп кыз менен отуруп, тизесине
башын коюп жатып, тарс көзү илинип кетиптир. Чочуп ойгонсо, чөп өзүн басып
калыптыр. Ээн талаа, эрме чөлдө жатат, ыйлап быяк-тыягын караса, аттардын баары
жанында оттоп турат. Бир ээрди башына жаздаган, тердикти астына салып, ээр токумда
жаткан.
– Мага берди эле, өзүм иттик менен ошо ырыскы- шыбагамдын баарын тээп, өткөрүп
жибербедимби, үйгө кетейин, жолум болбоду.
Ошентип, эки атты жетелеп алып, кетип баратат. Быдырда килейген бир кулжа оттоп
турат. «Куру кеткиче ушуну атып, үйгө байлана кетейин» – деп, атын тушап, мылтыгын
алып, кулжаны көздөй басты. «Менин кайын атам болуп жүрбөсүн», – деп мылтыкты
таштап, буркурап ыйлап кулжаны көздөй жөн басты. Кулжа кайын атасы экен.
– Мен жылаңач турам, балам. Жеңең, кайын энең аркы кабакта, жардын астындагы
булакта кир жууп жатат. Жолдошуңдун кайда экенин ошолор билет.
Аттарын жетелеп, энекелеп ыйлап барганда:
– Ээ, балам, биз айтпай койсок, таарынычың бар эле. Айтып туруп өзүң жасабадыңбы.
Буйруп койгондур, сен эле аласың, тээтиги көрүнгөн атыр көлдө, перинин кыздары менен
жүрөт. Ошол кыздардын ичинде жалгыз гана сенин жолдошуң шуруга окшош жүндүн
темгил-теми, жалгыз ошол. Кумдан тизеге чейин ороо казып алып жат. Анан көгүчкөндөр
түштө көлдүн боюна келип түшкөндө:
– Адамзат жыты жыттанат! – дейт.
– Жылда жыттанбаган быйыл эле жаттанып калыптырбы.
Ал дагы үч жолу айтат, сен дагы үч жолу айт.
Ошондо чечинип сууга киришет. Сенин жолдошуң көгүчкөн кебин кызыл кеби,
бөлөгүрөөк коёт. Тээ көлдүн ортосуна чейин сууга кирип, кайра чыгып, перинин кыздары
ойнойт. Жүгүрүп бар дагы көгүчкөн кеби кызыл, ал болбой сенин колуңан жулуп алат,
киет, сени алып учат. Коё бербегин, эки мүрүдөн ал. Ошондо жарга барып урат, мында да
коё бербегин. Тоого, сууга алып урат, мында да коё бербегин. Ошондо аябай чарчайт,
чарчаганда айтат:
– Мен эми сеникимин, мени коё бер, – дегенде:
– Сен меники болсоң, таңдайыңда карала кагазыңды бер, – деп айт. Ошондо ыйлап
туруп: «Ай, энем айткан экен» – деп, айла жоктон таңдайында карала кагазды берет. Анан
коё бер, жаныңда эле турам, эми кайда кетели дейт. Аттарыңа бар, бирөөнү жолдошуңа
мингиз, бирөөнү өзүң минип элиңе кет, карала кагазды бербегин, атка мингизип алып
кете бер, таңдайыңдагы кагазды жоготпогун, уурдатпагын. Өмүр шеригиң сенин колуңда
жүрүп, дүйнөдөн кайтат.
Бардыгын энесинен угуп алып, көлдүн боюна барып, кумдан ороону казып жатты.
Алты-жети көгүчкөн жерге түшүп туруп:
– Ой, адамзат жыты жыттанат! – дейт.
– Жылда жыттанбаган быйыл эле жыттанмак беле? – деп, ал дагы үч айтты.
Чечинип алышып, атыр көлгө кирип кетишти. Көлгө түшүп, сууда ойноп жатканда,
Куланчы мерген туруп, кызыл көгүчкөн кебин алды. Болбой келип, баягы көгүчкөн кепти
колунан жулуп, кийип алып, Куланчыны көтөрүп учту. Жарга, сууга, бадал-карагайга
алып барып урат. Коё бербей койду.
– Мен эми сеники болдум. Коё бер мени, – деди.
– Таңдайыңда карала кагазыңды бер. Ыйлап туруп айтты:
– Энем айткан экен, кайыр болбостур, берейин, – деп, таңдайында кара кагазын берди.
– Эми элге кетелик, эми алпар.
Ошону менен Куланчы мерген аттарды токуп, ээрчитип алып жөнөдү. Элге жакындап
калган кезекте кайыптан жаратылган кыз айтты.
– Сен каны бар журтсуңбу, же каны жок журтсуңбу?
– Мен каны бар журтмун.
– Эмесе, кан сени өлтүрүп, мени алам, – дейт. Мен ак көтөн кулаалы болуп колуңа
конуп алайын, – дейт.
Ак көтөн кулаалы болуп, Куланчынын колуна конуп алды. Түн ичинде Куланчынын
жолдошу, күндүз ак көтөн кулаалы болуп колуна конуп, жүрүп олтуруп, Куланчынын
үйүнө келет.
Ошол Куланчынын бир досу бар экен. Ошонун кою менен дайым эле бир-эки аркар
келип, короого түнөйт.
– Ай, Куланчы, бир-эки аркар келип, короомо түнөйт, ошол аркарларды атып берсең
боло, – дейт теңтушу.
Куланчы айтат:
– Ай, мен өзүм барып атып берейин, сен мага келбей эле кой.
Намаз убагында короодон чыгып кетет. Кой жайылганча төштө турат. Качан кой
төшкө барганда кой менен кошо жайылып кетет.
– Ай, ушуну атып берсең, ырас болот эле.
– Мен өзүм барып атып берейин.
«Күндө келем деп коюп эле келбейт, мунун эмнеси бар?» – деп, бир күнү аңдып,
акырын барып, таң сүрүп келатканда караса, койнунда перинин кызындай болуп бир аял
жатат.
«А атаңдын көрү Куланчы, ушул аялды бирөөгө айтып коёт деп, менден кызганып
жүргөн турбайбы. Канга барып айтайын, кан алсын», – дейт ичинен.
– Кан, Куланчы ак көтөн бир кулаалы кармап келген, ал кулаалы эмес экен. Ал бир
бөлөк перинин кызыбы, ушундай ай десе аты, күн десе көркү жок кыз койнунда жатат.
Куланчыга ылайык эмес, сага ылайык аял экен. Увазгериңизди жиберип, Куланчынын ак
көтөн кулаалысын ал.
– Алып кел! – деп, төрт-беш киши жиберди.
– Каным, муну эмне кылат, алса алсын, каным. Муну мен уча албай, өз жанын бага
албай калганда алып келип бактым эле, эми оңолуп келе жатат. Алса алсын, – дейт.
Куланчыга келген увазгер таштап кетет. Аял экенин көргөн жигит кайра барды.
– Ой, каным, муну өзүң барып ал. Тиги кулаалыны Куланчы бергиси келбей жатат.
Баягы жигиттин тили менен кан өзү келет.
Кулаалы айтат Куланчыга:
– Мээлейди сууга чылап туруп, отко кактап кургат. Кургатканда колжоюп эле темир
болуп калды.
– Ой, Куланчы, кулаалың бар дейт, алып чык, мен алайын.
– Алыңыз каным, алыңыз.
Кулаалынын чолок боосун кыскартып койгон. Канга каткан мээлейди берсе, колун
колжойтуп жумдурбай, колу ачылып калды. Чолок боосу менен кандын колуна кондурду.
– Кандын колунан учуп кетемин. Ой, Куланчы, кулаалың кетти дегенде, менин кайда
кеткенимди көрүп кал.
Жүгүрүп тышка чыкса, батышты көздөй кетип баратат.
Ошондон кан кетти. Ок-дарысын, мылтыгын алып, баягы кулаалынын кеткен жагын
көздөй Куланчы жөнөдү. Бир ай, эки ай издеп жүрдү.
Куланчы калың жылкыга туушар болду.
– Бул кимдин жылкысы? – деп сурайт.
– Бул Куланчынын жылкысы.
«Мен аттуу да бай бар экен ээ» – деп, ылдый бастырса, көп кой, уй жатат.
– Бул кимдин малы? – десе.
– Куланчынын малы, – дешет мал баккандар: «Ай түтөгөн бай экен», – деп ойлоп:
– Мунун үйү кайда? – деп сурайт.
– Тээтиги кара тумшуктун оозунда.
Байды көрөйүн деп барса, дамбурадай ак үй турат.
Үйгө жакын жетсе, чырылдап бир бала ыйлайт. Үйгө түшүп, кырчоого атын байлап,
баягы баланы он бир, он экидеги кыз бала терметип турат.
– Ой, ээ балам, бу кимдин баласы? – дейт.
– Куланчынын баласы. Куланчы элинде калыптыр.
– Качан келет?
– Билбейм, баланын энесин издеп кеткен.
– Энеси качан келет?
– Энеси келе турган маалына аз калды.
Оозун жыйып алгыча тарп-тырп этип түндүккө конуп, түшүп балага келбей, ыйлап
Куланчыга келди.
– Жакшы турасыңбы, жыл бою мен сени издеп куурадым. Балаң – эркек, балаңды
алып кетесиңби, кетпесең кулан болуп мени ээрчип кет.
– Мен өзүм адам болсом, кулан болуп сени кантип ээрчийм.
– Макул болсоң, көз ачып-жумгуча кулан болуп кетесиң.
– Макул, кандай болуп кулан болобуз?
– Адам болуп жүрсөк болот эле, элиң кандуу экен, мени сага койбойт, өлтүрөбүз деп
сага илээшет, сени өлтүрүп, мени алам дейт. Кулан болуп кеткенибиз ылайык.
Ошону менен Куланчы мерген кулан болуп кетелик деп куланга бет уруп, кулан болуп
кетиптир.
ҮЧ ЖЕТИМ
Үч жетим баланын бир карала өгүзү бар экен. Кичүүсүнө берип:
– Ар кайсы самандын түбүндө эгин бар, ошо жерге байлап коюп бак. Семиз болсун,
жазында буурусун менен эгин айдап алалы, – дейт.
Бая өгүздү ууру алды.
– Ууру алып кетти! – деп, иниси бакырып ыйлап, жүгүрүп кирип келди.
– Ай, ууру алса алсын, аны биз жазында таап алабыз.
Соко айдаганда бир күнү базардан чыгып келатса, жолдун жээгинде буурусун менен
соко айдап жатат.
– Ой, аба! – деп, жүгүрүп келди. – Соко айдалып жатат, аба!
Ортончусун:
– Бар, абамды чакырып кел, – дейт.
Абасын чакырып келгенден кийин үчөө олтурат дагы, улуусу:
– Баягы өгүздү таап алалы, – деп, кеңеш салат.
– Кана, эми баштабайсызбы? – деп, улуусун дагы айтты. Улуусу:
– Узун бойлуу экен, – деп айтты. Ортончусу:
– Көзү көк, өңү сары турбайбы, – деди. Кичүүсү:
– Узун бойлуу, өңү сары, көзү көк болсо, анда аты – Муса турбайбы.
– Ээ жүрү, таптык ханга баралы. Ханга барышты:
– Биз өгүздү кышында уурдаттык эле. Өгүздү таптык, ханым. Элиңизди жыйнап
бериңиз, биз ууруну кармап алалы
– дейт.
– Силер эмне көзү ачыксыңарбы?
– Көзү ачыкпыз.
– Көзү ачык болсоң, мен бир нерсени жашырайын, ошонун атын билип таап берчи?
Эки талинкени көмөрүштүрүп алып:
– Ичинде эмне бар? – дейт. Улуусу айтты:
– Топтомолок турбайбы? Ортончусу:
– Топтомолок болсо, кызыл турбайбы? Анда эң кичүүсү туруп айтат:
– Топтомолок, кыпкызыл болсо, аты – анар турбайбы.
– Чын эле кыпкызыл олуя турбайбы, элди чакыр, элди чубат. Таап алсын уурусун.
Эл чубап жатканда жоон ортосунда баягы узун бойлуу өңү сары, көзү көк Муса кетип
бара жатканын көрө салып, баягыны:
– Кан, ууру – мобул, – деп, колдон алганда баягы Муса мөңкүп:
– Коё бер! – деп жулунду.
Өгүздүн ээси:
– Каным, айланайын, атын сура, – деди.
– Атым – Муса, – деди.
– Каным, ушу өгүздү уурдаган.
– Бер, иним, бул кыпкызыл олуя экен. Бер өгүздү.
– Муну алганым чын эле, каным. Койнумда аялым да этти каяктан көтөрүп келдиң деп
суроочу эмес эле. Касапчыдан алып келдим деп, күнүгө үйгө алып келип, берип турчу
элем, каным. Мунун өгүзүн төлөп берейин, – деп, өгүзүн мойнуна алып, төлөп берди.
Олуяларга баягы өгүздөй өгүз берип тынды.
– Мал алып келгиле, бул олуяларды конок кылалы, – деп, бир кой алып келди.
Этти чыгарып, табакка жасап:
– Коноктордун колуна суу куй, – деди.
Улуусу колун жууп, макисин жуубай койду. Ортончусу бир колун жууп, бир колун
жууган жок.
– Бул макүрөө эт экен.
– Макүрөө болсо, арам болбойбу – деп, ортончусу чыкты. Эң улуусу:
– Макүрөө, – деди. Ортончусу:
– Арам! – деди.
– Макүрөө, арам болсо иттин эти турбайбы, – деп, кичүүсү чечти.
Колуна суу куйган бала:
– Муну иттин эти деп жатат үйдөкү олуялар, – деп, канга барышты.
– Буларды олуялар десем, супарамдагы малымды арамдыкка чыгарат. Булар олуялар
эмес эле, акмактар турбайбы, айдап чык.
– Каным, муну баккан ээси барбы? Баккан ээси жанында турган экен.
– Мен, – деп тура калды.
– Бул койду айт, эмне кой эле, айт. Айтпасаң, биз айтабыз.
– Эй, каным, бу койду бая кара каткалаңда энеси кара желин тууп, күчүгү үйдө калган
канчык ээрчип жүргөн, ошонун мойнунан басып туруп, козу маарап чыдай албаганда, үч
эмчегин эмизип алдым эле.
Ошондо баягы көзү ачыктар:
– Ой, каным, эчтеме ооз тие электе иттин сүтүн ичкенде арам болбой коёбу. Бул иттин
эти дегенибиз ушул, каным.
«Булар кыпкызыл олуя турбайбы» – деп ойлонуп калат.
– Ханым, кайыр кош эми, биз үйгө барабыз – деп, кандын сарайынан чыгып, үйүн
көздөй кетип баратса, жалгыз ичке жол менен бирөө чаап келе жатат.
– Ой, айланайын, жүктүү төө көрдүңбү?
– Бир жагына май арткан, бир жагына бал арткан төө беле?
– Ии, кагылайын, как эле өзү. Анда бирөө туруп айтат:
– Куйругу чолок төө беле?
– Как эле өзү, ушуну жүгү менен зыян кылбай бер – деп, үч баланы кармады.
– Ой, биз алганыбыз жок.
– Жүрү, канга баралы – деп, баягы төөнүн ээси, канга ээрчитип барды.
– Ой, айланайын, каным, мынабу үч жигит төөмдүн үстүндөгү жүгүнөн, куйругунун
чолоктугунан, көзүнүн сокурдугунан өйдө билип, бул үчөө бербей жатат. Муну алып бер,
каным, – деди.
– Эй, булар кыпкызыл олуя, төөң адамдын колундабы, оттоп талаада жүрөбү, ушуну
сурагын, – деп, кан сураса:
– Бул төө үстүндөгү жүк-мүгү менен аралап калың токойдо жүрөт. Барып ошол
токойдон таап ал, – деди. Аттанып бастырганда кан:
– Бу үстүндөгү жүктү кандай билдиңер? – деп сурайт.
– Жолдун бир жагы менен зырылдап чымын, бир жагы менен аары учуп баратат. Аары
балга, чымын майга конот, мындан билдим.
– Бул төөнүн куйругу чолок, көзү сокур беле дедиң, аны кантип билдиң?
– Төө куйруктуу болсо, бокту быяк-тыякка чачат эле, ошол куйругунун чологунан
чычкан богу жалгыз жолго тизилип түшүптүр. Куйругунун чологун мындан билдим.
– Төөң сокурбу депсиң, сокурдугун кантип билдиң?
– Көзү көргөн жаккы чөптүн баарынын башын үзүп жеп кетиптир. Берки көзү
көрбөгөн жак чөптүн башы аман калыптыр, сокурдугун мындан билдик, – деген экен.
МАМЫТ АЛДАЯР УУЛУ
1909-жылы Нарын өрөөнүндөгү Ортонура айылында туулган. 1929- жылдан 1936жылга чейин колхоздо, 1936-жылдан 1962-жылга чейин Нарын театрында иштеген. 1969жылы пенсияга чыккан.
Ал негизинен «Манастан»: Жети хандын кеңешин, Манаска аш берген жерин,
Алмамбет-Чубактын чатагын, Каныкейдин арманын, Семетей кушун алып, Айчүрөктү
издеп жөнөп, Үргөнчкө барып, Айчүрөккө жолукканга чейинкисин айта билген.
Бир кезде, азыркы Өкмөт үйү турган жерде эки кабат мейманкана болор эле. Ошол
мейманканага Чыңгыз Айтматовдун «Жамыйласын» тартканга Москвадан Поплавская
келип, көп манасчыларды чогулткан экен.
Сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов, Чокмор уулу Мамбет менен Мамыт Алдаяр уулун үйүнө
алып барып, портреттерин тартып алган.
УР ТОКМОК
Илгери-илгери бир алсыз абышка-кемпирдин жалгыз аты болот. Тузак тартып, эмне
канаттуу түшсө, алып келип жеп, оокат кылып жүрүшчү экен. Бир күнү баякы тузакка бир
чоң карга түшүп калат, аны соёюн десе, баягы карга:
– Мени сойбо, мен сени менен дос болоюн деп келдим. Мен Каргабай деген болом.
Үйүм тээтиги тоонун астында. Эртең менин үйүмө бар, – дейт да кетет.
Эртеси баягы абышка, айткан үйгө барат. Каргабай:
– Ээ, досум, келдиңби? – дейт.
– Бергениңди алам, досум – дейт абышка. Анда Каргабай бир чебич берет.
– Досум, мунун өнөрүн айтып берейинби, же айтпай берейинби?
– Айтып бер, досум! – дейт абышка.
– Чыч-чыч, чебичим чыч! – деди эле, өрүк, мейиз чычып жиберди. – Кой-кой! – деди
эле, коюп калды.
Чебичти жетелеп алып, келе жатып, үч үйлүү жатакчы бар эле, үйүндө бир кемпир
насвай тартуучу. «Мен насвай тартып алайын» – деп, аттан түшүп:
– Чыч-чыч, чебичим, чыч дебегиле! – деп, үйгө кирип кетти.
– Чыч-чыч, чебечим, – деп көрөлүчү, – чыч-чыч чебечим, чыч! – деди эле, чебич өрүкмейиз чычып жиберди. Чебичти алып калышып, ордуна бир окшош чебичти байлап
коюшту.
Абышка чебичти жетелеп алып, үйүнө жакындаганда:
– Оо, кемпир, үйүңдү чоңойт эле, чоңойт! – деп, кыйкырып келе жатат.
Кемпир жаман үйүн ара-бери сүйрөп чоңойтумуш болуп:
– Келдиңби? – деп сүйүнүп.
– Чыч, чебичим, чыч! – деди абышка. Эчтеке жок.
«Каргабай маа кылган экен» – деп, эртеси кайра барды.
– Ээ, досум, келдиңби?.. Эмне аласың? – деди Каргабай.
– Бергениңди алам. Бир дасторкон берет.
– Мунун өнөрүн айтып берейинби, же айтпай берейинби?
– Айтып бер, досум.
– Жайыл, досторконум, жайыл дечи.
– Жайыл, досторконум, жайыл! – деди эле абышка, дүнүйө жемиш жайылып калды.
Кийин: – Дасторкон жыйыл, – деди эле, жыйылып калды.
Дасторконду байланып алып, абышка жөнөдү. Жолдогу жатакчыга дагы келди. Насвай
тартайын деп, кирип бара жатып:
– Жайыл, дасторкон жайыл, дебегиле! – деп, кирип кетти. Баягы үч адам эшикте
туруп:
– Жайыл, дасторкон, жайыл! – деди эле, дүнүйө жайылып калды. – Жыйыл, дасторкон,
жыйыл, – деди эле, жыйылып калды. Дасторконду алып, башка дасторкон байлап
коюшту.
Абышка аттанып жөнөдү.
– Кемпир, алачыкты чоңойткун, кечээкиден бүгүн чын, кемпир!
– Кел, абышкам.
– Тиги дасторконду чечип алып кел, мунун сырын айтып берейинби, же айтпай
берейинби?
– Айтып бер!
– Жайыл, дасторкон, жайыл! – деди эле, эчтеке жок. Эртеси абышка дагы жөнөдү
Каргабай досуна.
– Ээ, досум, келдиңби?
– Келдим.
– Эмне аласың? Бир чанач берди.
– Тол, чанач, тол дечи.
Кымыз чанач менен бир толуп кетти.
– Кой, чаначым, кой! – деди эле, коюп калды.
Чаначты байланып алып, жатакчыга дагы келди.
– Мен бир үйгө насвай тартып чыгайын, тол, чаначым, тол, дебегиле, – деп, кирип
кетти.
Дагы кынык алган жатакчылар эшиктеринде турушкан экен.
– Тол, чаначым, тол! – деди, кымыз ашып-ташып кетти. – Кой, – деди эле, соолуп
калды.
Баягы чаначты алып катып, башка ошондой чанач байлап беришти, аны абышка
билген жок.
Үйүнө жакындаганда:
– Оо, кемпирим, кечөөкүдөн бүгүн чын, мунун өнөрүн айтып берейинби?
– Айтып бер.
– Тол, чаначым, тол, – дечи!
– Тол, чаначым, тол! – деди эле, эчтеке жок.
– Ай, Каргабай, маа кылган экен! – деп эртеси жана барды.
– Ээ, досум, келдиңби? – деди Каргабай.
– Келдим.
– Эмне аласың?
– Ээ, досум, бергениңди алам. Бир токмок берди.
– Мунун өнөрүн айтып берейинби, досум.
– Айтып бер.
– Ур, токмогум, ур, – дечи.
– Ур, токмогум, ур! – деди эле, абышканы токмоктоп ийди,
– кой, токмогум кой – деди эле, коюп калды.
Абышка токмокту алып, баякы жатакчыларга дагы келди.
– Насвай тартып чыгайын: – Ур, токмогум, ур дебегиле – деп, үйгө кирип кетти.
Баягы кынык алган жатакчылар чогулушуп туруп:
– Ур, токмогум, ур! – деди эле, канжыгадан чечилип алып, бардыгын токмоктоп кирди.
Айласы кеткен жатакчылар:
– Чыч чебичиңди берели, жайыл дасторконуңду берели, токмогуңду алгын абышка, –
дешет.
– Бардыгын алдыма алып келгиле! – дейт.
Баякы токмок ал жердеги жатакчыларды токмоктоп салган экен. Абышка чебичин,
дасторконун, чаначын алып, үйүнө барып, кемпирине баарысын айтып, абышка-кемпир
жыргап жатып калган экен.
ҮЧ КЫЗ
Илгери-илгери бирөөнүн бир кызы болгон экен. Бир киши келди кызына куда болом
деп, болсоң бол, – деди. Эртеси дагы бир киши келди, аны да болсоң бол, – деди. Анын
эртеси дагы бир киши келди, кызына куда болом деп, аны да болсоң бол, – деди. Баары үч
киши болду. «Менин бир эле кызым бар эле, шерменде болом го» – деп бир иттин ургаачы
күчүгүн, бир эшектин ургаачысын алып келип, кызынын жанына коёт. Эртесинде караса,
баары окшош кыз. Өз кызы кайсы экенин билбеди. Үчөө тең бойго жетти. Күйөөгө берди.
«Кой эми, күйөөлөрүн сурайын» – деп, бир күйөөсүнө барды. Барып конуп олтуруп,
биринчи күйөөсүн:
– Балам, кандай, колуктуң жакшыбы? – деди.
– Жакшы эле, кез-кезде туталанып, итче каап алат, – дейт күйөөсү. «Бул баякы ит
кызым турбайбы» – деп калат.
Экинчи күйөөсүнө барды. Кыз күйөөсү менен учурашып олтуруп, кызы жокто:
– Балам, колуктуң кандай, жакшыбы, айланайын? – дейт.
– Ата, жакшы эле, кээде эле эшекче айкырып жиберет.
Башка айыбы жок, – дейт күйөөсү.
«Бул баякы эшек кызым го» – дейт.
Үчүнчү күйөөсүнө барып, кыз-күйөөсү менен учурашып олтуруп, күйөөсүнөн жалгыз
олтуруп сурайт:
– Ээ, балам, колуктуң кандай экен? – дейт.
– Ата, жакшы адам, эч кандай айып таба албайм, – дейт күйөөсү.
«Бул баягы өз кызым турбайбы» – деп коёт.
БИР ТИЛЕК
Илгери-илгери бир кедей жалгыз баласына акыл-эстүү, өңдүү-түстүү келишкен
колукту алып берет.
– Балам, оокатка жогурааксың, биздин көзүбүз өтүп кетсе, аялыңдын айтуусу менен
болгун, – дейт.
Арадан эки-үч жыл өткөндөн кийин ата-энесинин көзү өтүп кетет. Оокат кылардын
ыгын табалбай, бат эле колдон түшүп калат, киерге кийим, ичерге тамагы жок болуп
турганда аялы:
– Эми кантип оокат кылабыз, сен барып бирөөнүн кошун айдап, өгүзүн алып келгин,
эптеп эгин айдап, жер тырмалап оокат кылалы, – деп күйөөсүнө айтат.
Күйөөсү барып бирөөнүн кошун айдашып, өгүзүн алып келет. Ал кошун айдап жатып
тиги башына токтоп, үйгө бир келип, бул башында да бир токтоп, чуркап үйгө келет.
– Кошту бүтпөй токтотуп коюп эмне келдиң? – дейт аялы.
– Алигиче сенден кумарым тарабай, көргүм келип турат,
– дейт күйөөсү.
– Оо, кокуй, үч-төрт жылдан бери кумарың тарабай менин жанымда отуруп, көргөн
күнүбүз бул болду, минтип улам чуркап келип турсаң, жумушуң бүтпөйт. Сен барып
кошуңду айда, мен өзүмдөй келиштирип куурчак ороп берейин, ошону кармап жүрүп,
кошуңду айдап бүткүн.
Ал өзүндөй келиштирип куурчак ороп берет. Ал куурчакты кармап жүрүп, кошун
айдап бүтүп калган кезде, моюндуруктун шамяны чыгып кетет, куурчакты айдоого коё
берип, шамянды оңдогуча бир куюн шамал келип, куурчакты асманга учуруп алып кетти.
Ал куюн куурчакты учуруп жүрүп отуруп, хандын ордосуна таштады. Хан куурчакты
көрүп туруп, жигиттерин чакырды.
– Ушул куурчактай аялды мага таап бересиңер, – деп, буйрук кылды.
– Кимдики? – деп жигиттер куурчакты колго алып сурашса, эч ким меники дебейт.
Куурчактын ээси айдаган жеринин үрөөнүн сээп жүрсө, хандын жигиттери келип
калат.
– Бул куурчакты тааныйсыңбы? – дейт, хандын жигиттери.
– Тааныйм, меники – дейт, баякы куурчактын ээси.
– Үйүң кайсы? – деп, сурайт жигиттер.
– Тиги.
– Бас, жүрү үйүңө.
Аялын чык бери, – дейт. Аялы чыгат, караса куурчактын нак өзү.
– Бул хандын аялы, кайдан алдың, акмак! – деп, жигиттер уруп-согуп, өкүртүпбакыртып, тартып алып кетет.
Баратканда аялы күйөөсүнө мындай деп айтты:
– Аа, кургур, сен эми оокат кыла албайсың, колуңа аса- муса алып, дубана болуп ак
уруп кеткин. Кош, кантейин, мени алып кетип баратпайбы, сага башка айтарым жок.
Жигиттер аялды ханга алып барды. Хан аялды алып, төрт- беш жыл жүрдү. Беш
жылдын ичинде ханга карап мээримдүү күлгөн жок. Бир күнү мурдагы күйөөсү ак уруп
хандын ордосуна барып калды. Аялы көрө коюп, күлбөгөн аялы жаны калбай күлдү.
– Ээ, айым, неге күлдүң? – деди хан.
– Ээ, ханым, мындай сонун дубана болорбу, ушунун сонундугуна күлдүм да.
Хан аялына кошомат кылып, өзү апенди чалыш киши экен:
– Ээ, айым, мен ушул дубанадай ак урсам күлөр белең?
– Ээ, ханым, ушул дубананын кийимин кийип, аса-мусасын алып, ак урсаңыз күлмөк
турсун, боорум эзилип түшүп калбайбы.
– Анда эмесе, дубананы бери чакыргыла, кирсин! – дейт хан.
Жигиттер дубананы чакырат, дубана кирет.
– Дубана кийимин берди, хан дубананын кийимин кийип ак урганда аялы күлдү да:
– Ханым, о боорум ой, көчөдөгү элди да күлдүрсөң – деп, аялы ханга айтты.
Хан көчөдөгү элди күлдүрөм деп, дубананын кийимин кийип алып, көчөгө кетти.
Аялы дубана болуп келген күйөөсүн:
– Мени тааныйсыңбы? – деди.
– Кантип эле тааныбайын, кантем, таанып эле турам, – деди күйөөсү.
– Таанысаң, бол бат, хандын кийимин кийгин да, такка отургун.
Такка отургузат күйөөсүн. Бир кезде хан дубана болуп ак уруп келди.
– Ээ, айым, барсыңбы, элди күлдүрөм деп чарчап-чаалыгып келдим, – деп дубананын
үнү чыкты.
– Өлүгүңдү көрөйүн, бул кайдагы дубана, тиги дубананы өлтүрүп салгыла! – деди
аялы.
Жигиттер хандын башын чаап салат. Дубана кирди, кайра дубана чыкты. Хан дубана
болгонун жигиттер билген жок, хандын башы алынды. Тилек тилектеш, аялы акылдуу
жана бир тилектеш болгондуктан, экөөнүн максаты ордунан чыгып, баякы күйөөсү хан
болуп жатып калган экен.
ЧЫНДЫК ЖЕҢЕТ
Илгери-илгери бир убактарда Урумкан деген кандын үч уулу, дагы бир жерде Кырым
деген кандын үч кызы болот. Урум Кырымга куда болуп, Кырымдын кыздары бойго
жетип калган кезинде, Урум келиндеримди алсам деп, Кырымга киши жиберет.
– Менин кыздарымдын калыңы ушул – сен жактагы чоң дарыя сууну элиң менен арык
казып, белести ашырып, мен жакка буруп бергин, – дейт Кырым кан.
– Жакшы болот – дейт да, Урум кан элинин баарын жыйнап, арык каздырып белести
ашырып, чоң сууну байлап, Кырымдын жерине чыгарат.
– Болуптур, калыңың бүттү, келиндериңди алгын, – деди Кырым.
Урум кан эки уулун ээрчитип, келиндерди алууга Кырым канга келет. Ал эми кичүү
уулу болсо үйүндө калат. Урум уландары менен келиндерин алып келе жатканда, эки
кандын ортосу ээн талаа, эрме чөл, бир убакка күн бүркөлүп, жаан кара нөшөр төгүп
жиберет, корголой турган жер жок. Эки жакты караса, бир ак күмбөз турат.
– Кокуй, ушуга коргойлу! – дешип, баарысы күмбөздүн ичине киришет.
Бир убакта күн ачылат. Эшикке чыгалы десе, эшиктин алдында бир ажыдаар тосуп
калган. Ал ажыдаар кара мурут жигит болуп:
– Баарыңды сором, болбосо үйүңдө калган кичүү уулуңду бергин! – дейт.
Урум кан айласы кетип, үйдөгү уулун бермек болот. Урум ажыдаардан бошонуп,
келин-уулдары менен жүрүп отуруп үйүнө келип, баягы иш эсинен чыгып, эч нерсени
ойлобой жүрө берет.
Бир түнү жатып түшүндө ажыдаарды көрүп:
– Оо, кудай, көрбөй калгай эле, – деп турса, ажыдаар келип:
– Балаңды берем деп, бербей койдуңбу, балаңды бербесең, өзүңдү баш кылып элиңди
сором! – дегенде айласы кетип:
– Берейин, баламды, берейин, – деп, жанталашып, жүрөгү оозуна тыгылып, чочуган
бойдон бакырып, ойгонуп кетет. Бербейин дейт, жан таттуу, берейин дейт, баласын
кыйбайт. Ушуну менен Урумдун үшкүрүгү көбөйүп, ичине тамак барбай, өңү саруулай
баштайт.
Бир күнү кичүү уулу Акылбек атасын сурайт:
– Сиздин эмне кайгы-капаңыз бар, же бир жериңиз ооруйбу?
– Жок, балам.
– Анда эмне мындайсыз?
– Ээ, балам, мен сага айтпаганда, кимге айтам. Кырым кандын кыздарын алып, улуу
акең Жумабек, ортоңку акең Малабек болуп баарыбыз келе жатканда, колуктуң Бийке да
бар, орто жерге келгенде, күн жаап, кара нөшөр куюп жиберди. Корголоорго жер таппай,
эки жакты карасак, бир чоң ак күмбөз туруптур. Ошого корголойлу деп, баарыбыз
күмбөзгө кире качтык. Бир убакта күн нурун чачып, чайыттай ачылды. Эшикке чыгалы
десек, бир ажыдаар эшикти тосуп калган. Аны көрүп жүрөгүбүз түшүп, кирели десек, жер
катуу, чыгалы десек, жан таттуу, айлабыз кетип жаман кысылдык.
Акылбек сен көргөнүң жок, биз мышыктан коргологон чычкан болдук. Бир убакта
ажыдаар өйдө жагы кара мурут жигит болуп, ылдый жагы ажыдаар болуп: «Эгер тирүү
калам десеңер, үйдөгү уулуң Акылбекти бергин, болбосо баарыңды сором» – деди.
Ошондо ажыдаар мал-жаныңдын кереги жок,
– дейт. Айлам кетип, жан таттуу турбайбы убактылуу кутулар ойго келдим. «Балта
көтөргүчө дөңгөч эс алат» дегендей, балам, сени берейин деп жибердим эле.
Жакында түшүмө баягы ажыдаар балаңды берем деп коюп бербейсиң, азыр өзүңдү
баш кылып катын-балаңдын баарын сором деп оозун ачканда, баарыбыз кирип кете
турган болуп, эсим чыккан бойдон: – Берейин, таксыр берейин, – деп, кыйкырып
жиберсем, түшүм экен. Ошондон бери ичкеним ирим, жегеним желим болду. Өзүмдөн
өзүм отуруп ыйлайм, берейин деп ажыдаарга сени кыйбайм, эмне кылсаң да акылын өзүң
тапкын. Бул ажалдан бизди алып калгын, – деп Урум кан терең ойго чөмүлүп токтолуп
отуруп калды.
– Ата, сиз андан коркпоңуз, жылкыңызды айдатып келип, тандатып эки ат бериңиз, үч
айлык азык камдаңыз, кош атка азыгымды артып, ажыдаарга барайын. Кастарын тигип,
каарына алса, баары бир өлөм, болбосо башка жерге жумшаса, аны да көрөм, – дейт
Акылбек.
Урум кан жылкысын жыйып, эки атты тандатып, азык- түлүктү камдатып берет.
Баласы коштошуп, жүрүп кетет. Акылбек ажыдаарга барып:
– Таксыр, мен келдим! – деди.
Ошондо ажыдаар кара мурут жигит болуп:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.