Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 28

Total number of words is 4196
Total number of unique words is 1935
34.7 of words are in the 2000 most common words
47.8 of words are in the 5000 most common words
54.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Акмак кан! – деп, көпчүлүк кыйкырып жиберишет. Ошондон тартып, өз аты өчүп,
Акмак кан атка конгон экен.
АПЕНДИ ДӨӨНҮ КАНТИП АЛДАДЫ
Илгери замандарда Апенди кызыл кулак соодагер менен кошуна туруп калат.
Апендинин үйүндө кашык талканы, тиштем наны жок калганда, соодагерден карызга
талкан алат. Алган талканы бир табак. Апенди соодагердин карызынан кутулууга талкан
издеп, кап көтөрүп талаага чыгат. Жолдо келе жатса алдынан дөө жолугат. Дөө күлө
баштайт, а Апенди жерге жатып алып күлөт. Буга дөө таң калып мындай деп сурайт:
– Эй, акылсыз адам, неге күлүп жатасың?
– Оңой тамак табылганына, курсагым тоёруна кубанып күлүп жатам. Сени азыр жейм.
– Эй, акылсыз акмак, ким экенимди сурап билип күлсөң боло.
– Мен тигил дүйнөдөгү чоң усталардын биримин. Тозок менен бейиштин ортосуна
көпүрө салып жаттым эле, бир устун жетпей калганынан дөө издеп чыксам, сен кезиктиң,
көп издебей, бат тапканыма кубандым. Мен азыр жан алгычты чакырып, жаныңды
алдырам. Өзүңдү мына бу капка салып алып кетем! – дейт.
– Кааласаң бүт дүйнөмдү ал, үч жерде алтынымдын кени бар, бала-бакыралуу элем,
жанымды калтыр, – деп дөө жалына баштайт.
– Болуптур дөө, балдарың үчүн жаныңды койдум. Бир жердеги алтынды көргөз,
калганын өзүм таап алам, – дейт.
Дөө ээрчитип барып, бир жердеги алтындын кенин көрсөтөт.
Апенди дөөнү коё берип, бир каптын теңинен алтын алып, үйүнө барып, бир табак
талкан үчүн соодагердин үйүнө бир табак алтын алып барат. Анда соодагердин көзү
кызарып:
– Мен муну албайм, мен өзүм сузуп алышым керек – дейт. Себеби талканды өзүм
бергем – деп, соодагер болбой койгондо, Апенди аны ээрчитип жөнөйт. Бирок Апенди
жолдон адашып, алтындын кенин таппай, жүрүп олтуруп түтүн чыккан бир чоң теректин
түбүнө келсе, таш тулгада бир чоң казан кайнап турат. Аралаштырып караса, сегиз
кишинин башы менен эттери кайнап жатат. Эси чыккан Апенди теректин башына чыгып
кетет. Соодагер өйдө чыккандан коркуп, теректин жарымына чыгып отурат.
Ал аңгыча сегиз дөө келет, алардын ичинде бир дөөнүн жалгыз көзү бар. Бул жер
Апенди алдаган дөөнүн мекендеген жери экен. Алданган дөө беркилерге кайрылып,
болгон окуяны толук айтып берет.
– Эми силер бата бергиле, – дейт.
– Сен акмаксың, мына минтип муштасаң жаны чыкмак – деп, жалгыз көз дөө
жинденип, теректи бир муштайт.
Терек солк дегенде, жаны көзүнө көрүнүп отурган соодагер кулап түшөт.
– Жалгыз көздү баса кал! – деп, теректин башында отурган Апенди катуу кыйкырат.
Корккон боюнча сегиз дөө туш-тушка качып жоголот. Түшүп келсе, соодагердин
карды жарылып өлүп калган. Иче- кардын алып салып, ордуна алтын салып, кардын
кайра тигип, соодегердин аялына көтөрүп барып мындай деди:
– Күйөөңдүн көзү алтынга тойбой, алтындын калганын ичиме салып кетем деп
жатып, жарылып өлдү – деп угузат.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин соодагер менен дөөдөн кутулуп, Апенди жыргап
жатып калган экен.

 
БАЙЫЗКАН КУРБАН КЫЗЫ
Аксы элинин азыркы мезгилде нарк кармап, салт улантып, сөз кадырын арттырып
келаткан кыздарынын бири – Аксынын Карасуу айылында жашоочу Байызкан Курбан
кызы. Ал 1924-жылы туулган.
Байызкан бала кезинен жалгыз өсүп, эркек баладай атасын ээрчип, той аралап, сөз
угат.
1940-жылы Байызкан колхоздун алдыңкы жигиттеринин бири Жолдошко турмушка
чыгат. Бирок алардын турмушу узакка созулган жок. Каргашалуу согуш чыга калып, бытчыт кылды да койду.
Жолдош согуштан кайтпады. Төрөлгөн кызы Рысбү өмүр бою ата дидарын көрбөй кала
берди.
1941–1949-жылдары колхоздо эсепчи, кампачы, катчы болуп иштеп, 1979-жылы
ардактуу эс алууга чыккан.
Андан жазылып алынган «Роман хан», «Амиранза араб ханы тууралуу жомок»,
«Каарман», «Тагдыр», «Кырк аяк», «Падыша кыз», «Эки бир тууган жөнүндө жомок»,
«Сармерген, Алатай, Кулатай», «Сарбан-кербен»,
«Сайиз батталгазы» ж.б. отузга жакын жомоктору бар.
ХАНДЫН БАЛАСЫ
Илгери атагы алыска кеткен, гүлдөп өнгөн бир шаарда кадырлуу хан жашаптыр. Хан
эл башкарып, эл бийлеп, башка хандар менен ынтымакта жашап, өмүрүн өткөрүп
келиптир. Бирок ханды сарсанаа кылган бир ою түк тынчтык бербей, бүлүк салчу экен.
Хан бир топ жашка келип калганына карабай, перзентсиз жүрүптүр. Бала деп сурабаганы,
барбаган жери калбай жүрүп, акыры аялынын боюна бүтүп, ай-күнү жеткенде мончоктой
уулдуу болуптур. Хан зор бактыга кубанып, эл чакырып, байлыгын чачып, чоң той берет.
Уулун эч кимге көрсөтпөй, өзүнчө бактырып, бапестеп өстүрө баштайт. Арадан бир топ
жыл өтүп, хандын уулу эр жетет. Падыша ойлонуп отуруп: «Көзүмдүн тирүүсүндө уулумду
үйлөнтүп коёюн» – деп чечет. Хан уулун чакырып, кеңешин айтат. Анда бала атасынын
кебин макул көрүп, өтүнүчүн ортого салат. Хан уулунун өтүнүчүн аткарарын билдирет.
– Мени эгер үйлөнтсөңүз, өзүм тандаган бир кызды алып бериңиз да, эч адам барбаган
тоонун арасындагы көлгө алып барып, жай салдырыңыз, – дейт уулу.
Хан катуу кайгыга батат, бирок сөз берип койгон соң, аткарууну эп көрөт. Ошентип,
уулуна өзү тандаган кызды алып берет да, эч ким барбаган тоонун арасындагы көлдүн
үстүнө мунара курдуруп, аларды жеткизип таштайт.
Ай айга созулуп, жыл жылга айланып, өтө берет. Кыз менен жигит кубалашып ойноп,
жигит талаадан кийик атып, аң уулап, балык кармап, анда кыз аны дайыма зарыга күтүп,
кусалана коштошуп, сагыныша көрүшүп, күндөр өтөт. Өткөн мезгил билинбей, жигит
таамай аткан чоң мерген, кыз толгон айдай толукшуп, бой тартып, ашкан сулуу периге
айланат. Жигит ууга бир кеткенде көп күнгө жоголуп, дайыма олжолуу кайтып жүрөт.
Ошол жигит ууга кетип жоголгон күндөрдүн биринде, кыз мунарадан түшүп келип суу
алып жатса, көлдүн аркы өйүзүнөн бир караан көрүнөт. «Эрим келаткан экен» – деп,
аябай кубанып:
– Тезирээк кел! – деп кыйкырат.
Караан көл менен сүзүп жөнөйт. Жакындашып келгенде караса, башка жигит. Кыз
коркуп кетет да, жогору көздөй качып чыгып, шатысын тартып алат. Тигил неме кайтып,
артын көздөй сүзүп жөнөйт. Бул караан дагы бир мамлекеттин ханынын эрке уулу эле.
Жигит ошол замат элине чаап келип, ордого кирип жатып алат.
Ордунан турбай, эчен күн даам сызбай коёт. Хан табыптарды чакыртса, эч кимиси
жигитти оору дебейт.
Ошондо жигит алыс бир тоонун арасынан сулуу перини көргөндүгүн, ансыз бул
дүйнөдө жашай албастыгын, эгер ага жетпесе, өзүн өзү өлтүрүп саларын айтып, зар
какшайт.
– Ошол көлдү ким билет? – деп, хан элин чакыртып сурайт. Элден эч сөз чыкпайт.
– Ханым, ат башындай алтын, күчүк башындай күмүш берсең, мен таап келем – деп, эл
ичинен бир кемпир чыгып айтат.
Хан кемпирдин айтканындай кылып, жолго чыгарат. Кемпир эшегине эмерегин артып
көп жүрүп, акыры көлгө жакындаганда эшегинин бутун таш менен уруп сындырып алат
да, муңканып ыйлап, мунарага жакындап келет. Зеригип олтурган кыз кемпирдин абалын
көрүп, мунарадан түшүп келет. Кыз зар какшаган кемпирден иштин жөн-жайын сурайт.
Кемпир алыстан келатканын, башка бир кандыкта жалгыз сулуунун жашагандыгын,
ошого баратып минтип буту сынып ара жолдо калып олтургандыгын айтат.
– Жашыбаңыз – деп, кайрат айтып, кыз кемпирди сооротот да, – эми эшегиңиз
айыкканча мында жүрө бериңиз, – деп үйүн көрсөтөт.
Жигит уудан кеч келип, үйүнө кирсе, кемпир отурган болот. Аялы анын жөн-жайын
айтат.
– Жакшы болуптур, сага эрмек болот, жалгыз отуруп зеригип жүрдүң эле – деп, жигит
аябай сүйүнөт.
Ошентип, күндөр уча берет. Арадан бир топ мезгил өтүп кетет. Жигит баягысындай
эле айлап ууга чыгып, көп түндөрү келбей, көбүнчө олжолуу кайтып, күн кечирет. Ал эми
кыз болсо, баягысындай эле эри келгиче кусаланып, кемпирге көп бой бербей, өзүнчө
жүрө берет.
Күндөрдүн биринде жигит бир топ күнгө кеткенин билип, кемпир сөз баштайт.
– Кызым, – дейт кемпир, – деги силерге түшүнбөйм, бул эмне деген жашооңор. Элден
алыс, жалгыздап минтип азап чегип, эмнени ойлоп жүрөсүңөр. Ана жашоо деп биз жактын
кыздарыныкын айт, каштарын жиптей чийип, эндик-упа сүйкөнүп, дүйүм-дүйнө алтын,
күмүштөрдөн: билерик, седеп, шакек, шөкүлө дегендерди тагынып алышса, анык эле
перилердин өзү, мына – деп, анча-мынча атыр-упа, эндигин кызга берип, аны жасап коёт.
Кыз күзгүдөн өзүн көрүп, андан бетер сулуу болуп тургандыгын байкайт. Ошентип,
кемпир кызды күндө сөзгө салып, арбай берет, арбай берет.
– Сен минтип кусаланып жүрө бербе, мен сага бир сулуу десең сулуу жигит табамын, а
сен эриң кеткенде ошол жигит менен ойноп жүрө бер – деп, бир күнү айтат.
Кыз ага макул болот. Куу кемпир буга ичинен жым дей түшөт да, эртеси жигитти алып
келет. Хандын уулу кызга эң бир сонун жалтылдаган буюмдарды көрсөтөт. Кыз аларга
башы айланып, чексиз кубанычка батат. Жигит менен кубалашып ойноп, көңүл ача
баштайт. Күндөр айга созулат. Кыздын эри ууга чыгып жоголуп кетип, баягысын
өзгөртпөйт. Беркилер мергенге кеткенде шапар тээп, көңүл ачышып, мерген жигит
келгенде, берки хандын уулун сандыкка бекитип коюшуп, жүрө беришет.
Бир күнү жигит ууга жөнөп жатып, жолдон бир иреңи суук, сапсайган кара кишини
көрөт. Тиги мерген эч көрүнбөй артка качып келип, бир чоң арчанын башына чыгып
кетет. Көп өтпөй алиги иреңи суук адам да арчанын түбүнө келип, отуруп алат. Анан
тебетейин алып, ичинен бир ийнени сууруп алып, бир нерселерди жобурап, жерге сайып
коёт. Аңгыча ийненин ордуна эң бир сулуу кыз пайда болот. Кыз ийиле тиги кара немеге
таазим кылып, жанына отурат. Ошентип, экөө бир топ кучакташып ойногон соң, тиги
киши кыздын тизесине башын коюп уктап кетет. Ал уйкуга киргенден кийин кыз да
жакасынан бир ийне сууруп алып, бир нерселерди айтат. Ошол замат сулуу жигит тура
келет. Кыз акырын кара кишинин башына ташты тартып коюп, жигит менен ары көздөй
токойго чуркап жөнөйт. Кыз-жигит көпкө кубалашып ойноп, элжиреше сүйүшүп жүрө
беришет.
Мерген жигит түшүп келейин деп, кайра: «Эмнеси болсо да окуянын аныгын көрөйүн»
– деп отуруп, үйү жагын караса, көлдүн жээгинде өзүнүн аялы менен бир бейтаныш
жигит кубалашып күлүп жүрүшөт. Мерген буга таң калат. Аңгыча берки кыз келип, тиги
жигитин бир нерселерди айтып, ийнеге айландырып, жаасына саят да, кара кишинин
башын тизесине коюп, отура кетет. Көп өтпөй кара киши ойгонот да, кызды ийнеге
айландырып, жаасына сайып жөнөп калат. Бул убакта кеч кирип калган болот. Мерген
дароо дарактан түшүп:
– Бас, алдыма түш! – деп, тиги кара немеге мылтыгын кезеп, айдап алат.
Айдап үйүнө келет да, кемпирге бүгүн жети адамга тамак даярдоосун айтат. Кемпир
аң-таң калып, жигитке карайт. Жигит сөзүнө бек турат. Ошентип алар тамакка олтурат.
Ошондо жигит мылтыгын алат да, чоочун адамга сундуруп:
– Тап жанагы кызды, болбосо атып өлтүрөм! – дейт. Тиги киши эч нерсени билмексен
болуп, ийинин куушурат.
Жигит мылтыгын октоп, тигинин маңдайына такайт. Кара киши коркуп кетип,
тебетейиндеги баягы ийнени алып, бир нерселерди жобурап, жерге саят. Дароо сулуу кыз
пайда болот. Эми мерген жигит кыздын маңдайына такап, жанагы бирге ойногон
жигитин табуусун буюрат. Кыз бир аз тарткынчыктап туруп, жакасынан ийнени алып,
кереметин көрсөтөт. Жигит да пайда болот. Эми мерген жигит тиги үчөөнү тең
досторконго олтуруусун өтүнөт. Баары олтурушкандан кийин жигит кемпирди чакырат,
алыстан көргөн, аялы менен ойногон жигитти табуусун өкүм кылат. Кемпирдин өңү миң
түргө бузулуп, ар нерсени айтып актанат.
– Мен бир кандын вазиринин кызы элем – деп, биринчи болуп, кара киши ийне кылып
сайып алган кыз сөз баштайт.
– Бул жигит кандын уулу. Экөөбүз кичинебизден эле бир чоңоюп, бир өстүк. Ошентип
жүрүп экөөбүз сүйүшүп калганбыз, кийин билинди. Биздин үйдө бир кемпир боло турган,
ошол кемпир мага кичинемден ар кандай айла-амалды, сыйкырчылыкты үйрөтүп жүрчү.
Биз эрезеге жетип, тилектерибиз орундалар чакта жанагы кара киши мени уурдап кетти
да, дайыма өзү менен ала жүрчү ийнеге айландырып салды. Мен да көп каршылык
көрсөттүм. Бирок тигинин сыйкыры меникинен ашыкча болуп чыкты. Айлам кетип,
сүйгөнүмдөн ажырап калуудан коркуп, бул жигитти да мен ийне кылып сыйкырлап
алдым – деп кызык сөзүн аяктады.
Мерген колуктусун издеп таппай калат. Ал баягы өзү көргөн жигит менен качып
кеткенине көзү жеткенден кийин, тигилерди калтырып, мунарадан чыгып кетип, элине
келген дейт.
ЭТИРМАТ ДӨӨ
Илгери-илгери Гаршас деген хандын жападан жалгыз уулу болуптур. Күндөрдүн
биринде хандын уулу уудан келатып, бир үңкүрдүн эшигинен кийик көрөт. Антипминтип аткыча кийик качып, үңкүрүнө кирип кетет. Жакындап барса, үңкүрдүн ичинде
айдай сулуу кыз турат. Жигит салам айтпай эле кыздан жанагы кийиктин кайда
кеткендигин сурайт.
– Ошол мен да! – деп, кыз кийикке айланып, качып жөнөйт.
Ойду ой дебей, тоону тоо дебей, суулар кечип, жигит кийикти кууп кете берет. Акыры
эчен убак куугандан кийин кийик кандын ордосунан алыс жердеги атайын курулган
чебине ашып түшүп кетет. Чептин бийиктиги сегиз кез, жигит кире албай туруп калат.
Арттан келген жигиттер дароо эле чепти ороп алышат. Бул жөнүндө канга да кабар
жетип, бүт элин жыйнап келет да, кармоого буйрук берип:
– Кийикти эч кетирбей кармагыла, эгер кимде-кимдин башынан аттап качып кетсе,
ошонун башы алынат.
Эл жакындап келгенде кийик Этирмат деген дөөнүн башынан аша секирип, качып
жөнөйт. Кийикке кошулуп Этирмат да качат. Артынан кандын желдеттери кууп жөнөйт.
Куугун эчен күн, эчен айга созулат. Бир күнү качкандын алдынан чубалжыган кербен
жолугат. Алдында топ-топ атчандар болот. Бул бир кандын уулу болгон экен. Этирмат
жетип, ханзаданы айлана качат. Аңгыча куугун да жетип келет. Ханзада эмне себептен
булардын минтип жүргөнүн сурайт.
– Эгерде, – дейт Этирмат болгон окуяны айтып, – мени өлтүрбөсө, ошол кызды
табышты билет элем, мени эптеп алып калыңыз, таксыр, – деп жалынат.
Ошондо жаш ханзада куугундун башчысына:
– Менин кербенимди, бүтүн алтын-күмүш байлыгын ал, бул дөөнү мага бер, ханга
өлтүрдүк деп айтып баргыла, – деп, сөз салат.
Куугунчулар макул көрүшөт. Ошентип, Этирмат ханзада менен калат. Ошондо
Этирмат дөө ханзададан не жүргөнүн, эмне иш менен кербен тартып келатканын, дөөнүн
кандай кереги тиерин сурайт.
Анда ханзада Чынмагын деген шаарда дүйнөдөгү эң сулуу кыз барлыгын, ошол кызга
үч жылдан бери жол жүрүп келаткандыгын айтат.
– Өкүнүч! – деп, кейип жиберет дөө. Сен эң кыйын нерсеге баш коюпсуң. Ал кызга
жетиш деген жокко эсе нерсе. Антсе да мени өлүмдөн алып калдың. Мен гана эмес,
эчендеген дөөнүн пулун төлөп койдуң окшойт. Эми сен үчүн өлгүчө бар күчүмдү жумшап
көрөйүн. Эми мага кырк күн мөөнөт бер, кырк күн уктоого тийишмин. Андан кийин кырк
күнү-түнү жолго түшүп издейм – дейт.
Ошентип, дөө бир үңкүргө барып, катуу уйкуга кирип кетет. Ханзада кырк күнгө
чейин анын жанынан кетпей, жан багат. Кырк бир күн дегенде дөө оор үшкүрүп тура
келет. Туруп ханзаданын кырк күндө чогулткан эт-оокатын дароо эле жеп коёт.
– Эми жолго чыгам, кырк күн мени күт, эгер андан кечиксем, кете берсең болот, анда
менин өлгөнүм – деп, дөө тоюп, жигитке кайрылып жолго түшөт.
Чынмагын хандыгын көптөгөн тоскоолдор тосуп турчу экен. Этирмат көп күн жүрүп,
биринчи көпүрөгө туш болот. Көпүрөнүн ар бирин бештен сакчылар кайтарчу экен.
Көпүрөнүн үстүндө теңгедей жер калбай коңгуроо илинип коюлуптур. Эгер бир коңгуроо
шыңгыраса, бүт хандыкка угулчу экен. Этирмат кубулуп балага айланат да, оозуна суу
ууртап, эч кимге көрүнбөй коңгуроолордун ичине суу бүркө берет. Акыры коңгуроолор
толгондон кийин чымынга айланып учуп өтүп кетет.
Андан ары барса, кырк чал жол карап отурган болот. Этирмат дароо кайырчыга
айланып, алыстан сайрап барат. Аларга салам айтат. Алар Этирматтан кайдан
келгендигин сурайт. Этирмат дубана Мажуруп деп өзүн тааныштырат. Ушул жактан экен,
тириликтин айынан мында келгенин кабарлайт.
– Муну өлтүрүш керек, бул бир Чынмагынга өтөм деген аяр болуу керек – дейт бир
кары.
Кечинде кесел болуп окустап калат.
– Кой, бул жаман кесел го, алыс тоого алып барып таштайт. Этирмат андан ары жолго
түшөт. Андан ары жолдо кырк кыз жолугат. Кыздарга жаман кийим кийинген жетим кыз
болуп көрүнөт. Кыздар аны түртүшүп, кандай неме деп жийиркенишет.
– Койгула, от жаккыч болсун! – дейт кыздардын бири.
Кыз от жагып, суу ташып калат. Акырындап кыздарга аралашып, ар кандай оюндарды
уюштурат. Дүмпүлдөк, селкинчекти көрсөтөт. Кыздар Этирматка үйүр ала башташат. Кыз
көз таңмай, өзүн өзү байламай оюндарын үйрөтөт. Бир күнү кыздардын баарын өздөрүн
өзүнө байлатып таштап, андан ары жөнөйт.
Дагы жол жүрүп, кырк жигит тоскон жолго туш болот.
Аларга жаман кийинген жетим бала болуп көрүнөт.
– Ата-энем өлүп, жетим калдым. Эптеп жанымды алып калгыла, ат баккыч болоюн –
дейт аларга.
Жигиттер ыргылжың болуп, акыры макул болушат. Жигиттер күндө байге чабышып,
көк бөрү тартышчу экен. Байгеде Этирмат кимдин атын бакса эле, ошол биринчи чыга
берет. Ошентип, Этирмат сыйга бөлөнүп, кадыры ашат. Дөө жигиттердин аттарынын
бардыгын ээликме кылып таптайт. Бир күнү байгеде кырк жигиттин аттары бүтүн
ээлигип, жигиттерди дайынсыз ала качып кетет.
Этирмат андан ары жүрүп олтурат. Эми алдынан кырк кабанаак ит чыгат. Дөө
жигиттерде жүргөндө сөөктөрдү жыйнай берген экен. Иттерге сөөктөрдү ыргытат. Андан
ары өтүп жолго түшөт.
Акырында барса учу асманга жеткен чынар теректин түбүндө жети баштуу ажыдаар
кайтарып турат. Ошол теректин башында алтын капаста кыз отурат. Алтын капасты
Семурук карап кайтарат. Этирматтын айласы кетип, муну ойлоп табат. Бир оонап, он беш
баштуу ажыдаарга айланат. Муну көргөн жети баштуу ажыдаар: «Бизди алмаштырууга
кан жиберген экен» – деп, баштарын ийип, таазим кылып, чынарды таштап кетет.
Этирмат дароо кушка айланып, чынардын башына чыгаарда Семурук дөө көрүп калат.
Этирмат өзүнө келип, Семурук дөө менен кармаша кетет. Ошондо Этирмат:
– Семурук, сен да колго түшкөн байкушсуң, ушул бир кызды кайтарып отурганыңда
не пайда. Сенин да урук- туугандарың бар. Андан көрө кызды ханзадага алып барып
берип, Көйкапка кетели – деп ийге келтирет.
Ошондо Этирмат санаса, чыкканга отуз тогуз күн болгон экен. Алар ошентип кызды
капасы менен алып учуп жөнөшөт.
Үч күн дегенде үңкүргө учуп жетишет. Семурук дөө адам көрсө эле жутуп жиберчү
экен. Этирмат балдарды ага көрсөтпөй Семурукка жооп берет. Семурук сүйүнүп учуп
кетет.
Жигит түңүлүп калган экен. Этирматты көрүп, аябай сүйүнөт. Ошондо дөө мындай
дейт:
– Силер, эми бара бергиле, мен кырк күн уктаймын. Кырк күндөн кийин артыңардан
жетип барам. Кырк күнгө чейин ушул иттин артынан калбагыла – деп бир ит берет. –
Кырк күндөн кийин силерди өзүм жеткирбесем, жолдо кыздын атасы ар кандай
тосмолорду койгон, андан өтө албайсыңар. Иттен адашпагыла – деп кайта-кайта
тапшырат.
Кыз-жигит жолдо чатыраш ойноп баратышып, бир күнү алаксып иттен адашып
калышат. Андан жүрүп олтуруп, түндө бир эски сарайга туш болушат. Кайра тартууну
ойлонот, бирок арткы жолду да билбей коюшат. Аңгыча сарайдан бир адам чыга калат.
– Ээ, бизге мындай жемиш, даяр болобу! – деген үн чыгат сарай тараптан. Короосунан
караан чыга калып эле, жигитти кармап колтуктап, сарайга кийирип кетет. Сүйүнгөнүнөн
тиги кызды байкабай калат. Кыз бадалга кире качат. Көрсө, ал жерде жети бир тууган дөө
жашачу экен. Жигитти чоң жыгач челекке туздалган сууга салып коёт.
Эми сөз ит жөнүндө болот, ит артына карабай жүрүп баратып, суусап жол боюна отура
калса, артында тигилер жок. Ошол жерден адашканын билип, артка Этирматка карай
чуркайт. Этирматка жетип, ары жагынан, бери жагынан булкат, дөө ойгонбойт. Акыры оң
бутунун балтыр этин жулуп алат. Ошондо дөө чочуп кетип ойгонот да, дароо иштин
жайын түшүнөт. Ошол замат учуп жөнөйт. Этирмат баягы сарайга жетип:
– Сүйлөш! – деп бакырат.
– Сүйлөй тур! – деген сарайдан сөз чыгат.
Аңгыча дөөлөрдүн бири чыгат. Сүйүнгөн дөө Этирматты да кармап кирем дегенде,
Этирмат тигинин башын жулуп ыргытат. Ошентип, алты жолу ыргытып, кыйкырып
алтоону тең жайлайт.
– Сүйлөш! – деп, жетинчи жолу бар үнүнчө кыйкырат.
«Сүйлөй тур» деген үндөн тоолор көчүп, жер жарылат.
– Ким! – деп, кыйкырат сарайдагы дөө.
Этирмат атын айтат. Жетинчиси ошондо жүгүрүп чыккан экен. Ошондо экөө алыша
кетет. Кыз да жетип келет. Эки дөө эчен күн алышкандан кийин Этирматтын алы кете
баштайт. Ошондо кыз теке чылбырын тиги дөөнүн бутуна ороп, атка байлап, бутун
тартып жөнөйт. Жетинчисин ушинтип өлтүрүшөт.
Сарайга киришсе, жигит өлүм алдында жаткан болот. Дароо сууруп алышып, таза
сууга салышат. Жигит үч күндө араң эсине келет.
– Бул канча адамдын башын жеген суу! – деп, Этирмат жыгач челекти чаап сындырат.
Ошентип, үчөө ошол жерге көпкө жашап калышат. Ханзада менен дөө күндө ууга
чыгып жүрүшөт. Ар дайым дөө кетээрде кыздан сарайдын бир эшигин эч ачпоону сурап
жүрөт.
Күндөрдүн биринде, кыз кир жууп отуруп, оюна сарайдын бир эшиги түшөт да, ачууну
ойлоп кызыгат. Акырын барып ачса, бир кара, бир сары торпок байланып турат. Эшиктин
алдында турган кара торпок жалына баштайт.
– Айланайын, бизди чечип кой, биз да бир карыппыз, бизди жети бир тууган дөө көп
жыл мурда ушундай кордукка салган – деп, какшайт. Кыз кара торпокту чечип, сарайына
барганда кара торпок дөөгө айланып, кызды: – Сары торпокту чечпе, – дейт.
Бирок кыз ошол учурда чечип койгон болот. Ошол замат экөө тең дөөгө айланып,
кызды кармашып, учуп кетишет. Көрсө бул эки дөө да бир учурда кызга сапар тартышып
келатканда, жети дөө колго түшүрүп, торпок кылып байлап койгон экен. Эми
максаттарына жетип, учуп кетишет.
Дөөлөр кызды алып барышары менен кыз коркуп кетип, төрөп коёт. Түндө кыз жатып
түш көрөт. Түшүндө Этирмат дөө:
– Кара дөөгө тишим ооруп жатат, – деп айт. Дабасына Шахирстан деген чөлдө ит жеген
жарты төө жатат. Ошонун бир кабыргасын сөгүп алып күйгүзүп, күлүн бассам тишим
басылат экен деп айт, – дейт.
Кыз түшүн кара дөөгө айтат, ал айткандай аткарат. Этирмат дөө ошол жарты төөнүн
этине келген болот.
– Жарты төөнү кайтып ордуна жеткирип кел, – деп айтат кара дөөгө кыз.
Дөө төөнү алып кетет. Ошондо Этирмат туруп, мындай акыл үйрөтөт.
– Кара дөө келгенде уулуңду чымчып ыйлата бер, – дейт.
– Неге ыйлайт деп сураса, кара дөө жанын айтсын, мен ага жанымды кошом деп жатат
де.
Аңгыча кара дөө келет. Кыз Этирматтын айтканын кылат. Ошондо дөө: жердин жети
түбүндө эки тоо бар экенин, эки тоонун түбүндө чоң көл бар экенин, көлдүн түбүндө
жагал кийик отторун, кийиктин ичинде тешик үңкүрдүн ачкычы бар экенин, ошол
ачкычтын оордугунан кийиктин ичи салаңдап, жер чийип калгандыгын, эгер үңкүрдү
ачса, бир кара, бир сары кептер отурарын, ошол эки кептер эки дөөнүн жаны экенин
айтат.
– Уулум, жанын сары кептерге кошпой, кара кептерге кошсун. Эптеп сары кептерди
өлтүрө келсин, – деп табыштайт. Бул сөздөрдүн баарын Этирмат угат да жолго түшөт.
Этирмат кара дөөнүн айтканындай кылып кийикти өлтүрүп, ачкычты алып,
үңкүрдөгү кептерканага барат. Кептердин карасын дароо өлтүрүп, сарысын мойнунан
сыга кармап, сары дөөгө келип:
– Сары дөөгө жан керек болсо, жерге түшүрүп кой, болбосо өлүмүң менден! – деп өкүм
кылат.
Сары дөө үчөөн жерге алып түшөт. Этирмат көп жүрүп тигилерди өзүнүн үйүнө,
Көйкапка алып барат.
– Келиндүү болдум! – деп, дөөлөргө жар салып, кырк күн той берет. Кыз-жигит алтын
уук, күмүш кереге, ак өргөө көтөрүп берет. Этирматтын улуу келини тиги экөөн көрө
албай жүрөт.
Адам баласына эле үйрүлүп түшө берет, – деп, кайнатасына нааразы болот. Эптеп адам
балдарын өлтүрүүнү ойлойт. Улуу келини бир чаян табат да, кыз-жигит күндө жуунчу
сууга салып коёт. Дагы бир күнү кыз эртең менен жуунуп жатканда Этирмат суудагы
чаянды көрүп калат. Чаян кызга жармашарда Этирмат жетип, чаянды кагып жиберет.
Чаян жанчылып, бир тамчы каны кыздын бетине жабыша түшөт. Кыз дароо эси ооп
жыгылат. Этирмат айласы кетип, кыздын бетиндеги канды соруп түшүрө баштайт.
Ошол учурда Семурук асмандан учуп келет да, улуу келин бекитип койгон чаянды
алып чыгат. Окуяны башынан айтып берет. Этирмат улуу келинин кууп жиберет.
Кеңешип олтурушуп Семурук кыз-жигитти өз мекенине жеткирүүнү сурайт. Ошентип,
Семурук адам балдарын өз өлкөсүнө алып жөнөгөн экен. Семуруктун таскагынан кээ
кезде жылдыздар кагышып, учуп барат имиш. Бул бизге түндө көрүнүп жүрөт, дейт.
ЗАВИДА ИМАНБЕК КЫЗЫ
Ысыккөл областынын Тоң районуна караштуу Четинди айылында 1924-жылы
туулган. 1941-жылы Фрунзедеги пединститутка кирип, 1941– 1950-жыл ичинде баштооч,
орто, толук эмес орто мектептерде сабак берип келди.
1951-жылдан тартып соода тармагында ишке аралашты. 1977-жылы пенсияга
чыкты.
Анын чоң апасы Теке баатырдын байбичеси Кусупалды болуучу. Ал бир жүз жашка
чыгып, 1943-жылы Балыкчыда дүйнөдөн кайткан. Кусупалды кара сурдун сулуусу, кашы
капкара, бою орто, дайым кара тукабадан белдемчи кийип, күмүш кемер курчанып жүрчү.
Чоң казанбактай элечеги, күмүш кыргагы1 бар эле. Жыккан жагына үкү сайып коюп,
бажырайып олтуруп:
– Кел, жалгызыман, жакшыман калган мурасым. Сабагыңды окудуңбу, эми жомок
айтып берейин – деп, жомок айтып, аябай эркелетип, ат токуп, айырмачка мингизип,
конок, тойго алып барчу.
Дайым жылкычы болуп жүрчү, бир сокур Айтпай деген аталары бар эле. Эл чогулса
«Манасты», «Табылдыны», «Алпамышты», «Курманбекти» ошо киши укмуштай айтчу.
Эски нуска сөз, жомокторду ал ошол кишиден үйрөнгөн.
Франциядан келген саякатчы, фольклорист аял бир жомокчуга кездешсем деп
өтүнгөнүнөн, жомокчу Завида Иманбек кызынын адресин алып кетти.
Котормочусу менен барып, бир нече жомокторун жазып алган экен.
МАҢЫРОО АКАЙ
Илгери бир Акай деген киши байлардын алдында кызмат кылып, байбичеси экөө жан
сакташчу. Байдан иштеген эмгегине эки кой алышат. Дагы бир туугандары эки кой
энчилешет. Эне-атасы берген энчи дүнүйөлөр жыртылат. Акайдын энесинин согуп берген
чепкени, калпагы тозулат. Төрт коюнун жүнүн кыркып, капка салып, алачыгынын тиги
бурчу да жүн, бул бурчу да жүнгө толот. Кадырлуу селкиси абысыныкынан, кайын эне,
кошуналарынан тоюп келип, башын чүмкөп уктап жата берет.
– Сен элдин катарындай болуп качан иш кыласың. Элдин аялдары ала кийиз, шырдак,
чепкен жасап, өрмөк согуп жатат. А сен айыл кыдырып тоюп келип, томпоюп уктайсың! –
деп, Акай колуктусун уруп-тилдейт.
– Макул, андайды мен деле жасаймын! – дейт колуктусу. Колуктусу макул болуп, ийик
кармап, жип ийрет. Бир жыл ийрет, такыр бүтпөйт. Анткени күйөөсү кетээр менен ийикти
таштап, айылчылайт. Күйөөсү келе жатканда, ийикти колуна алат.
– Деги канча ийирдиң?
– Көп эле ийирдим.
– Деги санайлычы, – дейт күйөөсү.
Акай жоош, маңыроо, митайымдыкты такыр билбейт. Ийирген жиби эки ийик болот,
аны бир деп, эки тизесинин оросуна салып, кайра жанынан алып, эки деп ортосуна салып,
кайра жанына алып, үч, төрт… ушинтип олтуруп жыйырма тоголок жип санайт.
– Олда садага болоюн, жаның тынбай эле ийрип жатчу элең, жыйырма тоголок жип
ийриген турбайсыңбы. Мен эртең эрте туруп, карагайлуу тоодон адыргы, кылычка
карагай кыйып келейин – деп, байкуш Акайдын көзү жадап, экөө ал күнү уктап калат.
Колуктусу айласы кетип, түнү менен акыл ойлойт.
Эртеси Акай байдын чотун алып, тоого чыгып кетет. Колуктусу тонду жүнүн сыртына
каратып жамынып, малакайды оодара кийип, чачын жандырып, апсайтып тарап,
күйөөсүнүн артынан жашырынып жүрүп олтуруп, өйдө жагына барып, жашынып турат.
Күйөөсү тонун чечип ыргытып, бешманттын эки этегин кайрып, куруна илип, малакайын
алып, топусун оңдоп кийип, алаканына түкүрүп, бир орто карагайды күчүн аябай
чапкылап кирет.
– Ах-ху, ах-куу, хуу-хуу! – деп, колуктусу шагыл ташты уратып, үнүн бузуп, ачуу
чыгарып: – Адыргы кыйган анда өлөт, өрмөк соккон үйдө өлөт. А-ху, ах-хуу, хуу-хүү-үү!
Адырга кыйган анда өлөт,
Өрмок соккон үйдө өлөт! – деп озондойт.
Таңкы үрөң-бараңда жогорку шагылдан саксайган адамга окшобогон немени чала
көрөт, анын айткан сөздөрүн да угат. Эси ооп: «Капырай, адыргы кыйган анда өлсө, өрмөк
соккон үйүндө өлсө, андан көрө тирүү чагымда үйгө кетейин» – деп, илкип үйүнө жөнөйт.
Колуктусу андан мурун үйгө жетип, кийимдерин катып, жоолук салынып, коломтого
от жагып, сүт бышырып калат.
Акай эшиктен кабагын бүркөө чалып кирет.
– Ой, сага эмне болду, алтыным. Бир жериң ооруп калдыбы? Ой, ботом, үңкүйбөй
сүйлөбөйсүңбү! – деп, чалынын тыягына бир, быягына бир чыгып, жанын койбойт.
Чалы көптөн кийин эсине келип:
– Өрмөк сокпой эле кой, мага Азиретаалы кыйкырды, өрмөк соккон үйдө өлөт, адыргы
кыйган тоодо өлөт деп, экөөбүз тирүү жүрөлү.
– Ээ, алтыным, жиптерди эмне кылам?
– Келе, башыбыздан садага! – деп, жипти кыйып, отко салышат. Колукту эс ала түштү.
– Жүндөрдү саксайтпай кийиз жасасаң боло, сен катынсыңбы, же отунсуңбу? – деп,
кирген-чыккан абысын, кайын эне тынчын алат. «Ушунун амалын таап, жок кылайын» –
деп, катуу ооруп калат. Чалы жумушунан келип, тамак жасап, күл чыгарып, от калап
жүдөйт.
Чалы эшикке чыгып кеткенде, бир тутам жүнгө карагайдын чайырын сүйкөп,
казандын түбүнө жабыштырып коёт. Чалы казанды көтөрүп отко асат. Жүн шыркырап
күйөт. Онтоп, кыйналып жаткан колукту жүндү жыттап, мурдун шор тартып:
– Кагылайын, чал жүндү отко салчы, жыты оорумду айыктырып жатат – дейт. Чалы
«кемпири айыксын» деп, жүндү отко сала берет. Салган сайын жытын жыттап: – Сал, көп,
сал, жүрөгүм айыгып баратат! – деп, үйдөгү жүндү бүт отко салып күйгүзөт. Жүн
бүткөндөн кийин колуктунун жүрөгү айыгып, кабагы ачылып калат.
Байкуш Акай молдо, кожо издетпей дарттын дарысы табылып, айыгып калганга
сүйүнсө, колукту амал таап, жүндөн кутулганына чечекейи чеч.
Акай качан келсе эле, колуктусу үйдө жок.
– Сен кайда жүрөсүң, келсем эле үйдө жоксуң?
– Ой, деги жеңелериме иш-аш жасаганды үйрөтүп жүрөм, – деп жооп берет.
– Байкуш, колуктум, абдан иштүү, качан барсам, үйдө жок, кайдасың десем,
келиндерге, жеңелерге иш үйрөтүп жүрүптүр, – деп жолдошторуна мактанат.
– Анда ошол колуктуңду өзүң бир көрчү, – дейт досу.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.