Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 19

Total number of words is 4054
Total number of unique words is 2029
33.6 of words are in the 2000 most common words
46.8 of words are in the 5000 most common words
53.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жүгүн берсек эле жетишет – деп, убада кылды. Соодагерлер жүрүп олтуруп кеч кирген
жерге жатты. Кырк каракчы тегеректеп барса, коргондун бир жагы эле калыптыр.
Каракчынын башчысы – бүгүн да ээрчип көрөлү. Соодагерлер бир эле эшектин жүгү
жетишпейби, бир эшектин жүгүн калтырып, калганын ала кетмекке убада кылды.
Кырк каракчы барып тегеректесе, бир эле алтын казык калыптыр. Эми басып алалы
деп, басып калат. Соодагерлердин башчысынын башын ала турган болот.
Каракчылардын башчысы:
– Биз силерди шаардан чыккан күнү алмакпыз. Силерди темир коргон курчап калды.
Эртеси коргондун бир жагы жок.
Анын эртеси коргондун бир жагы эле калды. Силерде эмне сыр бар эле, чыныңды айт,
өлтүрбөйбүз, – деди. Соодагердин башчысы чындыкты айтты.
– Аманаттын касиети үчүн аман калдыңар. Эми аманатка кыянат кылбай алып барып
бергиле! – деп, каракчылар тийбей кайтышты.
Соодагерлер жүрүп олтуруп, аманат берген койчуга кезикти.
Соодагерлердин башчысы:
– Балам, сенин мышыгың чоң ишке жарады, адал эмгек экен. Колуңа адал тийди – деп,
жыйырма эшек дилдени берди.
– Койчу, айланайын, акелер, шылдың кылбасаңар экен, – деп жалынды.
Соодагердин башчысы толук түшүндүрүп, аманатты толук бойдон тапшырган экен.
Койчу кожоюндун короосуна кою менен жыйырма эшектин дилдесин айдап барып
кошот.
– Ыракмат, балам, ушуну көрмөк бала элең, – деп кызын берип, күйөө бала кылып
алыптыр.
Күйөө бала менен кызга үй жасап бериптир:
– Балам, эли-жериңе бар! – деп анан, эли-жерине жөнөтмөк болду.
Койчу баланын аты – Келдибек, жолдошунун аты – Бердибек экен.
Келдибек жолдошу Бердибектен кабар алайын, – деп, издеп барды.
– Акыбалың кандай? – деди.
– Отуз, кырк койлуу болдум эле, быйыл кар оор жаап, жут болуп, бардыгы өлүп калды.
Азыр колумда эч нерсе жок, – деди.
– Эми Бердибек, мен болсом байыдым, бирге келдик эле, бирге кетелик, – деп, ат
сатып берди. Мындан ары ак жүр, адал же, менин тапканым экөөбүзгө жетет – деп,
жолдошун кошуп алыптыр.
Келдибектин кайын атасы көп сеп жасап көчүрүптүр. Бердибекти кошуп эл-журтуна
келип, элге аралашып, эл арасында кадыр-барктуу адамдардан болуп, Келдибек
Бердибекке аял алып берип, экөө тең келишкен үйлүү-жайлуу болушуп, эки бир тууган
бирге жашап калган экен.
АЛТЫН БАЛЫК
Илгери бир заманда Дүйшөбай баатырдын Өскөнбай деген жалгыз баласы бар экен.
Дүйшөбай жети-сегиз жыл ооруп жатат. Барбаган молдо-кожо, көрүнбөгөн дубана-бакшы
калбайт.
Айласы кетип жатканда үйүнө билгич адам келип калат.
– Алтын балык жесең айыгасың! – дейт.
– Өскөнбай, балам, сенден башка ким кармап келет, өзүң барып Кара дайрага
кайырмак салып көрчү – деп, баласы
Өскөнбайды жиберет.
Өскөнбай Кара дайрага кайырмак салып, жети күн олтурат. Жетинчи күнү
кайырмагына алтын балык түшөт. Балыкка тил кирип:
– Мен каалаган буйругуңду орундатам, – дейт.
– Жок, менин атамдын оорусуна сен дарысың, сени атама алып барып бышырып
берейин, – дейт.
– Атаңы мен айыктырамын, сага узак өмүр сурап, кандын кызын алып берем, – деп
жалынат.
«Атам карып калды, ажал жетсе өлөр, болбосо мен айыктырам деп жатасың», – деп
алтын балык менен дос болуп,
Өскөнбай Кара дарыяга коё берет. Жети күндөн кийин
Өскөнбай үйүнө келет.
– Балык түшпөдү.
Кысталак табып жалган айткан экен да, – деп, Дүйшөбай ишенбей калат. Табып жети
күн кайырмак салса, балык түшпөй койбойт деген.
Бир канча күн өткөндөн кийин алтын балыкты айткан адам үйүнө кайра келип калат.
– Дүйшөбай акыбалың начар го, – деди.
– Балам, жети күн сууда олтурду, балык түшкөн жок, – деди.
Ал киши ырам1 ачат экен. Ырам ачып:
– Балык түшүп, балаң коё берген экен, – деди.
Өскөнбайдын атасы Дүйшөбай:
– Менден балыкты… – деп чакырып: – Менин балам менден балыкты жакшы көрүп
коё бериптир. Ырамчынын айтуусуна караганда, алтын балыкты жегенде мен
айыкмакмын – деп, баласын элдин алдында даргага аса турган болот.
1Ырам – күзгү.
Баланын энеси:
– Мага баламы бергиле, бир түн алып жатайын, – деп, ыйлап сурап алат. Энеси Бакбү
Өскөнбайды алып жатып баласынан:
– Атаң айтканынан кайтпайт. Мен азык даярдайын, сен укта, балам, мине турган атты
да даярдайм.
Энеси Бакбү азык-түлүк, мине турган ат даярдайт. Баласы:
– Сизди менин ордума өлтүрүп коёт. Атама мен ыраазымын!
– дейт.
– Жок, балам, сен жашсың, сен күнүңдү көр, мени өлтүрө албайт, – деп, баланы
качырат.
Атка салып минип жүрө турган куржун, куржундун ичине бата турган сандык
даярдап, сандыктын ичине алтын-каухар салып берет.
– Балам, жолдон бирөө кошулуп калса, атың сийсе ат сийгенче атынын башын тартып
токтотуп турган кишиге, жол жүрүп баратканда сол жагыңдан келип салам берген
кишиге, атыңды токуп атказа турган кишиге, душман жолуңан чыкса, сенден мурун
келтек чаба турган кишиге жолдош бол! – деп баласын бетинен өөп-жыттап, кыбыланы
карап, батасын берип жөнөтөт.
Баласы бир күн жол жүргөндөн кийин бир чоң сууга салган көпүрөгө жетет.
Көпүрөдөн өтө бергенде сол жагынан салам берип, өзүнө теңтуш жигит жолугат. Жигит
кичи пейил экен, чоң жолдо жолдош болуп калат.
– Бири-бирибизге ишенише турган бололу. Мен дагы эмитен ата-энеден бөлүнүп
чыккан мусаапырлыкты мойнума алган жигитмин, – дейт Өскөнбай.
– Андай болсо экөөбүз жамандык-жакшылыкты бир көрөлү, – деп экөө бир хандын
шаарына барат.
Шаардын элинин баары:
– Хандын эки тулпары жоголду, – деп көчөдөн-көчөгө, кыштактан-кыштакка
чапкылап, суроо салып жүрүшөт.
Өскөнбайга жолдон кошулган баланын аты – Акжолтой экен.
Өскөнбайга ал бала:
– Бул хандын аттарын Термиз шаарынын ханы уурдап кетиптир. Эми хандын аттарын
биз гана кайра уурдап алып келип беребиз, – дейт.
Ат уурдаткан хан:
– Кимде ким тулпарлардын дайынын билип, колума тийгизсе, сарпайымы менен
кызымды берем! – деп жар салат.
Өскөнбайга Акжолтой:
– Термиз шаарынын ханы абдан бекем жерге бекитти.
Бирок табышыбыз керек.
– Өзүбүз талаада тентип жүрүп, колго түшсөк эмне болот?
Өлүп калбайлык? – деди.
Акжолтой:
– Жок, кудай кааласа, колго түшпөйбүз! – деди. Экөө ханга барды.
– Убадаңыз бек болсо, атты биз таап, сиздин колго сөзсүз тийгизебиз! – деди.
Кырмуз шаарынын ханы:
– Хан калп айтса башын жейт. Мен – ханмын, калп айтпаймын! – деп убада кылды.
Өскөнбай менен Акжолтой Термиз ханынын шаарына барды. Аттарды абдан бекем
бекитип, кароол коюптур… Кароолчусу менен сүйлөшүштү.
– Кароол болгонуң үчүн канча айлык аласың?
– Айына беш теңге алам. Акжолтой:
– Биз сага өмүр бою жете турган алтын беребиз. Аттарды чыгарып бергин да, биз
менен качкын! – деди.
Кароолчунун колуна элүү тилде берди. Аттарды алып чыгып, ээсинин колуна салып
берди. Кырмуз шаарынын ханынын убадасы боюнча кызын сарпайы менен көчүрүп,
Өскөнбайга берди.
Өскөнбай атасы Дүйшөбай ооруп жаткан бир күнү дубана болуп келип:
– Дүйшөбай ата, сиздин ооруңузга ак төөнүн сүтү менен ак жыландын уусу дары.
Экөөнү кошуп ичсеңиз айыгасыз, – деп айтып кетип калды.
Дүйшөбай: «Ак төө менен ак жыландын уусун кайдан таптык» – деп жатса, көп төө
жетелеген бир топ соодагерлер келип калат. Жетектеги төөлөрдүн ичинде бир ак төөнүн
ботосу өлүп калып, желини чыңалып, боздоп баратат.
Кербендер Дүйшөбайдын үйүнүн жанынан өтүп баратып, аялына:
– Аяш эне, мынабу төөнүн желинин сүт тээп, боздоп баратат, саап алыңызчы, – дейт.
Дүйшөбайдын аялы Бакбү төөнү саап, ашкананын оозуна коёт. Жолоочулар кеткенден
кийин Дүйшөбай чалкасынан түшүп жатса, бир ак жылан чарадагы сүткө башын салып
жатканын көрөт.
– Бакбү мага чарадагы сүттөн берчи, баягы жаш жигиттин айтканы келет экен. Кудай
кааласа мен айыгат окшоймун, – деп, чарадагы сүттү иче берип, Дүйшөбай жети күндөн
кийин оорусунан айыгат.
Баласы Өскөнбай Кырмуз шаарынын кызын көчүрүп атасыныкына келип калат.
Баланы ата-энесине ошентип Акжолтой кошот да:
– Мага ыраазы бол, хандын кызын дүнүйөсү менен алып бердим. Атаңы айыктырдым.
Эми мага ыраазы болгула. Мен баягы сен кармаган алтын балыкмын. Бирок экөөбүз
түбөлүк доспуз. Керек болуп калсам, Кара дайрага барып чакыр. Мен даярмын, – деп
кыбыланы карап учуп кетет.
БҮБҮСАЙРА БОТБАЙ КЕЛИНИ
Ботбай келини Бүбүсайра Абдырахман кызы 1927-жылы Кемин районуна караштуу
Боролдой айылында туулат. Атасы Абдырахман эскиче кат тааныган сабаттуу адам
болот. Ал чыгышка белгилүү дастандарды жатка айткан. Ошол себептүү жаштайынан
ыр-күүгө, жомок- кошокко зээндүү ышкыбоз кызга атасынын таасири көп тийген. Өзү да
жаштайынан уккан-көргөнүн ооз комуздун коштоосу менен обондото ырга салып, айрым
дастандарды, жомокторду далай аш-тойлордо айтып, машыккан. Азыр дагы көл
кылаасында, Кемин өрөөнүндө атактуу карылар көз жумса, эл салты менен Бүбүсайра
Ботбай келинин ат жиберип алдырып, кошок коштурушат.
Бүгүнкү күндө таңдайынан бал тамган Бүбүсайра Ботбай келини республикалык бир
нече жолку кароо-конкурстардын жеңүүчүсү, лауреаты, ардактуу пенсионер, эмгектин
ардагери.
Ардагер Бүбүсайра Ботбай келини өзүнүн таланты менен элге таанылган адамдардан.
Кыргыздын оозеки чыгармаларын уккулуктуу аткарып, күүлөрүн ооз комузда адамдын
жүрөгүнө жеткире чертет.
Бүбүсайра эжебиз ал гана тургай поэзия жаатында да өз күчүн сынап келүүдө. Поэзия –
адамдан сергек сезимди, талыкпас эмгекти, чыгармачыл изденүүнү талап кылат эмеспи.
– Бул жомок илгери ата-бабабыздан доордон доорго айтылып келген элдик салт десем
жаңылышпайм. Жомок жаш муундарга адилеттик, чындык жагынан чоң жардам берет, –
деп, сөз баштады да, газетага чыккан эки ырынан үзүндүлөрдү окуп берди.
ЧОЛПОНАТА
Ооруну айыктырып кубат берген,
Ден соолук түнөгүсүң Чолпоната.
Суктанып тегиз өскөн бак-даракка,
Жүргүнчү карап өтөт жолдуката.
Тынымсыз ар улуттан конок келет,
Ысыккөл – көркү сенсиң Чолпоната.
МАЙ АЙЫ
Түркүн куштар терезеден сайрады,
Нурун чачып күлүп чыгат күн дагы.
Ай-ааламга төгүп турган мээрими,
Кагылайын жаркыраган май айы.
Кызыл гүлдөй желбиреген байрагы,
Келип калды май айынын майрамы.
Мээрман эне боорсок жасап бүлүнүп,
Камдап жатат досторконун жайганы.
Бүбүсайра эже республикалык радионун алтын фондусуна темир комуз күүлөрүн
жаздырган.
ШАМАЛДЫ СӨКПӨ
Тузумду төкпөсөң,
Шамалды сөкпөсөң…
Илгери бир адам өгүзүнө эки кап буудай артынып, тегирменге барып, ун салдырып
бүтүп алып келе жатса, шамал катуу болуп тынчын алат. Башындагы тебетейин учуруп
кетет. Киши ого бетер сөгөт. Эптеп өгүзүнөн түшүп тебетейин алып кийип, өгүзүнө караса
басып кетет. Өгүзү тайып жыгылып, бир кап ундун оозу чечилип, унун да шамал учуруп
кетет. Баягы киши шамалды айда сөгөт. Шамал катуу болуп, киши ачуусу менен
периштеге барат. «Айланайын периште, шамалыңды тыйбайсыңбы? Эптеп болгон эки
кап буудайымды салдырып келе жатсам, тебетейимди учуруп, өгүзүмөн түшүп
тебетейимди алгыча, өгүзүм басып кетип, тайып жыгылып, бир кабымдын оозу чечилип,
төгүлгөн унумду такыр учуруп кетти. Адамдын ырыскысына эмне кол салат», – деп
даттанат. Периште шамалды чакырып: «Эмне пенденин тебетейин учуруп, аның аз
келгенсип унун да учурдуң, – дейт. Тентегиңди коюп төлөп бер». – Пендең өзүнөн көрсүн,
тебетейин баса кийбейби, унун бек буубайбы? Мени кудай эрке жараткан да. Жүрсөм,
койсом өзүм билем. Анан тообо келтирбей мени сөгөт. Алла Таала айткан эмеспи:
«Тузумду төкпө, шамалды сөкпө», – деп…
ЖЫЛКЫ БОЛГОН ӨГҮЗ
Зеңги баба уйдун тукуму, бир өгүз өзүнүн уй болуп жаралганына капа болчу экен.
Сасык мурун уй дейт. Мындан көрө жылкы болсомчу. Алар таза болот. Күлүк келет.
Мүчөсү да сулуу, – деп ойлонуп туруп, – мен жылкыларга кошулуп кетсем анан жылкыга
окшоп да кетээрмин, – деп, жылкыларга кошулуп кетет.
Жылкылар оттосо оттоп, жуушаса жуушап, жүрө берет. Уйларды көрөйүн деген көзү
жок, күндөрдүн бир күнүндө бир жетим кулунга карышкыр тиет. Карышкырды
жылкылар тээп, өгүз сүзүп, эптеп аман алып калышат. Бир далайга жылкылардын
жанында жылкы болуп жүрө берет. Күндөрдүн биринде карышкыр өгүзгө тиет.
Жылкынын баары бирөө да карабай үрккөн бойдон кетип калат. Ылдыйкы сазда жүргөн
уйлар, өңкүлдөп жүгүрүп келип, өгүздүн шайы ооп калганда карышкырды сүзүп өлтүрүп,
өгүздү куткарып калышат. Ошондо өгүз өзүнүн текебер кылып жаңылганын билген экен.
«Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт» деген сөз ушундан калыптыр.
ЧИЛДЕ
Уккан кулакта жазык жок. Кышты – токсон, чилде, беш тогоол, кемпир суук, жалама
айран – дейт.
Кыргыздар өткөн заманда кыштыр-жайдыр тоону тоо билбей, зоону зоо билбей
кыдырып турчу экен. Бир мергенчи болуптур.
Кайберенди үйүнө конок келсе өз малындай эле атып келип, коногун коноктоп
жиберчү экен. Күндөрдүн биринде кышында кийик атып келиш үчүн тоого чыгат.
Кыдырып жүрүп, бир зоонун түбүндө кадимкидей эшик бар экен, мергенчи таң калат,
карап калса бир сулуу кыз чыгып мергенчини көрүп, кайра кирип кетет. Мергенчи ого
бетер таң калып: – Ой тобо ушул тоого нечен жылы кыдырып, коён жатагына чейин беш
колумдай билем. Мындай эшикти көргөн эмес элем. Бул – бир керемет. Тобокел, кирейин,
– деп мылтыгын октоп, бычагын да дайындап, оңтойлоп кирип барат. Кирсе кадимкидей
эле үй, бир ак сакал салабаттуу карыя, бир кара мурут керилген жигит, беш жашар эркек
бала болот. Мергенчи тартынбастан салам айтат.
Үй ичиндеги карыя менен жигит алик алып, карыя:
– Кел, балам төргө өт, – дейт. Төрүндө кадимкидей эле оюлуу талпак кийиктин
терисин жерге салган мергенчи отурат, үй ичи жылуу, анан сүйлөшө кетет. Карыя: «Жол
болсун балам, кышында ак кар, көк музда коркпой жалгыз тоо кыдырып кыйын мергенчи
окшойсуң», – дейт.
– Ооба, чоң ата, мен жаштайымдан ушул күнгө чейин кесибим мергенчимин. Насибим
кайберендин эти. Ушул тоону нечен жылдан бери кыдырып түнөк кылып алдым эле, ойкырын беш колдой билем. Бирок сиздердин үйдү биринчи ирет көрүп, таң калып
олтурам. Бул жерде улар гана жашоочу эле. Адам жашайт деп үч уктаса түшүмө кирген
эмес. Сиздер кайдан ооп келген адамсыңар, – деп сөз салат. Ошондо карыя мындай деп
жооп берген экен:
– Балам, таң калаарың эп. Сага түшүндүрөйүн. Биз кыштын ээси болобуз. Мен токсон
карыя болом. Үч ай жатып чыгып кетет. Мынабу жигит менин уулум – Чилде. Кырк күнү
чыкылдап катуу суук болот эмеспи. Ушул туура, балам кырк күнү чыкылдап, суугун коё
берип жатып чыгып кетет.
Мынабу беш жашар балам – «беш тогоол, беш тогоол өтпөй бел чечпейт» деген ушул.
Аңгыча эшиктен бир байбиче кирет. Уулуна ачууланып: «Кыз эмчектүү калды, кысырак
жалдуу калды», эмне кыймылдабайсың, – деп кыйкырат уулуна. Колун чекесине
серепчиле: – Кокуй татай бул ким, – деп мергенчини карап калат. Карыя сөзүн улап: – Бул
менин байбичем, жанагы алма өрүктү, жер-жемишти үшүткөн кемпир – суук, тиги бала –
менин кызым. Аш-Афран деген башындагы байчечекей көйнөгү көпөлөк, жазындагы
жалама айран ошол болот. Биздин өмүрдүн акыркы милдетибиз кыш ээси. Токсондон
ашпаймын да, кемибейм. Балким, кырктан ашпайт да кемибейт, кичине балам бештен
ашпайт. Аш-Афран да ошол эле калыбында, кемпирим болсо кыйкырып, бакырып, жер
жемишти жеп кетет. Мергенчи көргөн көзүнө ишенбей дал болуп олтуруп калды.
Карыя Аш-Афран кызын: – Бул балага даам сун, – деп буюрат. Кызы эликтин туягына
толтура айран куюп сунат. Мергенчи колуна алып ууртайын дегенде эле ээн жерде
олтуруп калат. Баягы адамдар, баягы үй көздөн кайым болуп кетет. Бирок мергенчинин
колунда туяк менен толтура айран калат. Мергенчи айранды түгөтө албайт. Үйүнө
көтөрүп барат. Туяктагы айранды бир айыл бүт ичип түгөтө алышпайт. Ошол туякты
айраны менен үйүндө сактап коюптур дешет.
ЖАРАМАЗАН
Илгери орозонун күнүндө бай-манаптардын үйүнө кечкисин жарамазан айтып келип,
бай-манаптарды мактап, мал алышчу экен.
Ассалоом алейкум жарамазан
Он эки айда бир келген орозожан.
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.
Ассалоом алейкумду ала келдик,
Көргөн менен билгенге салам бердик.
Сак-саламат байбача жаткан экен,
Жатып алып ак жолборс аткан экен.
Кыбыланын эшигин баккан экен,
Кылган иши кудайга жаккан экен.
Мартабаңды көтөрүп келип турмун,
Марттык кылып бир тыйын берер бекен.
Жарамазан айтып жүрүп ким тойгон бар,
Илгертеден келген салтты ким койгон бар.
Жарамазан айтканды кур кетирбей,
Байым эмес берген экен ак пайгамбар.
Кызыл короз, кый короз канатын көр.
Илгертеден өткөндүн санатын көр.
Кызыл короз, кый короз моюнун көр,
Илгертеден келаткан оюнун көр.
Коюң өссүн миң-миңдеп кут короодон,
Төөң өссүн ала-бата бүт шородон
Бакыт-дөөлөт кетпесин бай башыңдан.
Үйүң өссүн төмөнкү бел сазыңдан,
Бакты-дөөлөт башыңа дагы консун,
Балтыр бешик балаңыз баатыр болсун,
Ак батамды аябай берип кетем,
Бергениңди жетелеп алып кетем,
Орозодо берди, – деп кайтып кетем,
Мартабаңды көтөрүп айтып кетем…
КЫЗ ТАНДАГАН ЖИГИТ
Тандадым тал-тал кара чачтууну,
Жолуктум аарчыган пияз баштууга.
Өткөн замандарда Баймурат деген байдын эки уулу болот. Улуусу – Карыбек, кичүүсү
– Эркебек. Улуусу он алты жашта кезинде эле калыңын төлөп үйлөнтүп коёт. Ошентип
келиндүү болуп, өзүнүн байлык дөөлөтү менен жакшы жерден өзүндөй бай куда-сөөк
күтүп, жыргап жашап турганда келини уул төрөп чоң той берет. Той өткөндөн кийин эки
уруу айылдын жигиттери эрегишип көкбөрү тартып, балбан күрөш оюнун баштап,
күжүлдөп калышат. Карыбек ошол көкбөрүдө аламан байгеге чаап келе жатып, аттан
жыгылып каза табат. Баймуратка катуу кайгы түшүп, аза күтүп мөгдүрөп калат. Келини
жыл маалына чейин кайыш курчанып алдына аркан төшөп жатып, кара кан жутуп
олтуруп калат. Жыл өтүп Карыбектин ашын бергенден кийин, илгерки салт боюнча,
калыңды көп төлөп: «Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калчу эмес», – деп он үч жашар
Эркебекке жыйырма жаштагы келинин нике кыйдырып салат. Жаш келин кантет, ыйлап
сыктап тагдырына баш ийип, кечинде Эркебек эрте эле эркек бала кыялы менен төргө же
оттун жанына уктап калат. Келини көтөрүп көшөдөгү төшөгүнө жаткырып, күйөөсү эмес
эле кенже инисиндей мамиле жасап, жашай берет. Ошентип жылдар өтүп, Эркебек да эр
азамат жетет. Баймураттын көпкөлөң уулу болуп, чыга берет. Шордуу жеңе аялы эми:
«Эркебегим эр жетти, эл катары ойноп-күлүп жүрөм го» – десе: «Сени мен жесир алгам.
Өзүмдөн улуусуң, үстүңө жаш кыз алышым керек», – деп сабап кирет. Атасынын да
кулак-мээсин жейт.
Өлгөн уулуңдун катынын алып бергенсиң мен бала чакта. Мен: «Көрчү деген ажынын
сулуу Нуркыз деген кызын алам. Мага сарп кылбаган малыңды, байлыгыңды эмне
кыласың» – деп, чырды сала берет. Атасы бир күнү: «Балам, Көрчү ажынын кызынын
кайыны бар. Аны ала албайсың. Жакшыдан калган керээз, сага карылык кылбайт.
Агаңдан бир тукум төрөп берген. Сулу десең сулуу, эстүү десең эстүү, теги жакшы, кесир
болуп кетпесин», – деп насаат айтат.
Баласынын кулагынын сыртынан кетет:
– Ата шарият куранда, акыретте тиги дүйнөдө адам кыз алган жарына кошулат
турбайбы. Акыретте бойдок калайынбы? Мендей байдын балдары үчтөн аял алып
жатпайбы? Жалгыз уулуңдан малыңды аяп жатасың, – деп чыгып кетет. Өзүнүн бир
Сейит деген жан досуна барып:
– Кана, дос, жакшы ат камда, эртең экөөбүз эл кыдырып кыз көрөлү, – деп, акылдашып
келет.
Эртеси эрте туруп, короодон бир ак мүйүздүү ирикти шыйрактан алып, атасы жаткан
чоң ак боз үйгө сүйрөп кирет да, койду кыбыланы баштантып:
– Кана ата, батаңды бер. Мен кыдырып, кыз көрүп келем.
Анан сен барып сөйкө саласың, – дейт.
Атасы:
– Бул шумдук, мени карыганда кыйнайт экенсиң го, чык эшикке койду коё бер, өзүң
жогол, – дейт.
Эркебек да ачуусу келип, койду буубай, көтөрүп чаап туруп, мууздап чыгып кетет.
Баймурат бакырып кокуй наалат деп, ак көйнөк дамбалчан тура калат. Кой жанталашып,
үйдүн ичинде чуркайт. Байдын кийимине бүт кызыл жаян болуп кан чачырайт. Аңгыча эл
чогулуп калат да, байды ортого алат:
– Кой, бай, балаңдын эркине кой, ушунча байлыгың туруп, балаңды капа кылба, койду
союп салалы да, бата берели, – дейт.
Ошентип ага-тууганы чогулуп, этти салып бышырып, бата берээрде, атасы мындай
дейт:
– Балам, көз боочудай иш кылдың. Көз боочудай колукту аласың. Көздөгөн кызыңа
жетпейсиң, болуптур жолуң ачылсын, – деп бата берген экен. Эртеси Сейит экөө жакшы ат
минип, жасанып-түзөнүп чыгышат. Кыдырып жүрүп олтуруп, эрте бешим убакта бир
айылдын четине чогулган элди көрүшөт. Экөө бастыра олтуруп жанына барса,
тегеректеген көп киши ортодо бир киши бир төөнү чылбырынан кармап турат. Төөнүн
төрт туягынын ортосунда бир жигит малдаш урунуп турат, бышкан койдун башын
мүлжүп. Турган кишилердин баары баягы төөнү карап тиктеп турушат.
Четиндеги бир жигиттен Сейит сурайт:
– Ой, бул эмне чогулганыңар?
– Бир жигит бышкан койдун башын алып, мобу төөнүн оозун ачтырып, ичине кирип
кетти, ушул башты төөнүн ичинен таптаза жеп чыгам – деди, жигиттин байгеси ушул төө.
Анда Сейит менен Эркебек каткырып жиберип:
– Ой силер ушул турган баарыңар сокурсуңар го. Төөнүн төрт туягынын ортосуна
малдаш урунуп олтуруп, мүлжүп жеп атпайбы, – дейт.
Турган элдин баарына көрүнүп калат.
Көрсө, ал жигит турган элдин көзүн сыйкырлап дуба окуп, тыштан келген эки
жолоочунун көзүн байлаган эмес, жигит төөнү алмак турсун өзү уят болуп тура калат.
Ошону менен мөрөй эки жолоочунуку болот. Жолоочулардын жайын сурап бир
байдыкына, кудайы конок болуп конуп калат. «Бул мырзаларга козу сойгула» – деп
жакшылап коноктойт. Кечки кой саан убагы. Саанчы малайлары кой кармап, кой саап,
бака-шака түшүп турган убагы. Ошондо сайма алачыктан бир бойго жеткен кедейдин
кызы, өңү серт кетирекей жаман тебетейин баса кийип, кой саап, козу кармап, тызылдап
жүргөнүн көрөт да Эркебек өзүнүн кесир сөзү менен: «Ушу кызды да бир эркек алаар ээ»,
– деп шылдыңдап күлүшөт. Жаман тебетейин баса кийгенине караганда башы таз го
байкуштун,– деп ого бетер күлүшөт. Ошондо Сейит: «Бирок өтө тың экен да татынакай
жетим го» – деп сын берип коёт. Анда Эркебек:
– Мүчөсүн урайын, ушуну алган киши энесин алсын, – дейт. Так ошол айыл Көрчү
ажынын айылы болуп чыгат. Эки жигит ошол жерге, байыр алып келиндер менен
таанышып калат. Көрчүнүн кызын качырып бергиле, сураганыңарды берели, – деп
жалына берет. Анда келиндер айтат: «Кайдан калыңын төлөшкө кудуретиңер жетеби», –
дейт. Эркебек:
«Кудуретибиз жетет», – дейт. Келиндерге алтын акчалардан беришет. «Таш, ташты
эриткен аш» дегендей алтын акчаларды алганда ар кандай амал ойлоп келиндер сүйлөшө
баштайт.
Бир келин айтат:
– Тобокел, эптеп качырып иели, – дейт. Ажы акемдин кызын даап кантип качырабыз,
бизди дарга астырып таштабайбы? – Келиндер Көрчүнүн кызына барып, сүйлөшө
баштайт: – Кызыке, ушунда бир алтыны, акчасы көп эки мырза жигит келди, – дейт.
– Сенин болсо күйөөң келип-кетип жүрөт, жакында той күтүшөт ошол мырза
жигиттердин бири көздөп келиптир. Биз андан алтын акча алып койдук. Сени бир
жолуктуралы, бир эле жолу. Макул, кудалаган күйөөмдү каалабайм деп кой. Эмки
жуманын түнү ала качып кет, – деп ошол жерди болжоп кой, кызыке, андан аркысын
өзүбүзгө кой – деп жалынышат жеңелери. Кыз андай болсо: «Макул жеңелер, мени апам
үйдөн чыгарбайт да» – дейт. Анда бир шум жеңеси: «Ал жеңемди мага кой, эртең кечинде
сурап кетебиз» – дейт.
Ошол чечимге макул болушат. Келиндер эки жигитке сүйүнчү айтышат: – Эртең
кечинде кыз менен жолуктурабыз, сүйлөшүп көргүлө. Өз ыктыярыңар менен, – дешет.
Дагы акча, алтын алышып, шарактап жолго түшүшөт. Эртеси кечинде келиндер
Көрчүнүн аялына барышат: – Жеңе, сулууке бийкечти конокко чакырып келдик. Эми
жакында күйөөгө кетет. Бизге окшогон жеңелери менен кичине көңүл ачып, комуз кагып
ойноп келсин да, – деп ой-боюна болбой жалынып жалбарып, алып кетишет. Эки мырза
жигит келиндер болжогон жерде чыдамсыздык менен күтүп турушат. Бир убакта
келиндер кызды жетелеп келишет. Көрүндүгүн чоң алышат. Көлөкөгө тон бычып сызга
олтураарын текеберлүү эргул кайдан билсин. Ошентип кыз менен жигит бир топко
сүйлөшөт. Нуркыз жеңелеринин үйрөтүүсү боюнча кайындаган күйөөсүн
каалабагандыгын, сиздей болсо гана деп бал тилге салып, эми жигит болсоң үч күндөн
кийин ушул жерден качалы, – деп, убадасын берет. «Мен үчүн далай азап чегесиз го» –
дейт.
Анда жигит: – Сиз жүр десеңиз кыяматтын тозогуна баруудан баш тартпас элем.
Убадалашып кол алышып, эми түн караңгы болсун, жараган ат менен тынбай баруучу
жерге бат жетчүдөй бололу. Жолдо сүйлөшөлү, – дейт, дагы келиндердин үйрөтүүсү
боюнча. Ошентип кош айтышып жолго түшөт. Нуркыз жеңелерине: «Силердин
милдетиңерден кутулдум. Эми бул көпкөн немелериңерди желкемдин чуңкуру көрсүн» –
деп күлүп каткырып үйүнө кетет. Ошентип Эркебекке үч күнү үч жылдай узун болот. Таң
атса, кеч кирбейт. Жабдыгы менен күлүк ат камдайт. Келиндер да өз милдеттерин аткара
баштайт. Баягы экөө шылдыңдаган Кундуз деген кедейдин жетим кызын жууп тарап,
келишкен кийим кийгизип, бетине эндик упа жагып, үчүнчү түнү болжогон жерге алып
барып, Эркебектин калган-каткан акчасын шыпырып алып өтө шашылыш түрдө аткарып
жиберет. Кундузга: «Кудай багыңды ачсын. Атка тың жүр, шартылдап астына жүр,
жигиттерди караба, сүйлөшпө, өтө шашылыш жөнө да, эптеп үйүңө жет. Андан аркы
таалайыңды көрө жатарсың», – дейт.
Бата берип, узатып жиберишет. Түнү менен күлүктөрдүн оозун коё берип, таң аппак
атканда үйгө жетип түшүшөт. Эркебек караса эле башка кыз!
– Сейит, бизди кудай уруптур, эми эмне кылабыз.
«Тандадым тал-тал кара чачтууну, жолуктум аарчыган пияз баштууга» дегендей
баягы экөөбүз күлгөн тазды аткарышкан тура, – деп тегеренип калат. Кундуз кадимкидей
эле көшөгөгө олтуруп, келген-кеткенге каада менен ийиле жүгүнүп сынынан жазбай
олтура берет, Эркебек тайманбастан атасына, ага- тууганына мындай дейт:
– Ата, мени кудай урганда да мүйүздүү ак ирикти сизден уруксат албай мууздаганда
жаңылгам, эми кандай кылам. Көрчүнүн келиндери мени алдаган тура, – деп болгон ишти
төкпөй-чачпай айтып берет. Атасы, жеңе аялы абдан сүйүнүшөт. Атасы, биринчиден,
калыңды аз төлөйт. Экинчиден, эмгекке бышык татынакай эле келин болот. Улуу аялы
андан сүйүнөт. Кол бала, мени менен басташпайт, өзүм тарбиялап, өзүм башкарам, – дейт.
Атасы: – Эми балам, айныба. Казы, бийге барсак да жетимди кордогон жакшылык
көрбөйт. Татынакай эле кыз турбайбы? Ак элечеги башынан түшпөй этегинен жалгап,
оокатка тың болсо болду ургаачы топко сүйрөп, же жоо сайып бермек беле, же чырайын
ичмек белең – деп баласын көндүрөт. Кундуз тың, сарамжалдуу байбичеси экөө
ынтымактуу, элге эмгеги менен, күйөөсүнө өзүнүн таза жүрүш-турушу менен жагып,
бактылуу үй-бүлө болгон дейт.
АРГАСЫЗ ТАБЫП
Илгери-илгери өткөн каардуу заманда алдуу-күчтүүлөр жашап, алсыздар бир башын
тың бага албай, баш оогон жакка тентип кете берчү экен.
Ошонун ичинен Самтыр деген бечара адам, жетим өсүп, өмүр бою байларга койчу
болуп эптеп жүрчү экен. Аял алганга алы жок. Же малы, үйү жок. Тилекке каршы, бир
күнү карышкырга бир тобун кырдырып иет. Ошол бойдон байдын коюн таштап качып
кетет. Ошентип бечара Самтыр эптеп бөлөк бир элге барат. Ар кайсы үйгө кудай конок
болуп, эптеп-септеп күн көрөт. Жашы отуздан ашып, кыркка таяп калган. Сакал, муруту
өскөн. Жүдөңкү киши. Ого бетер көзгө карыган болуп көрүнөт. Бир бай садага кылып бир
эчки, чепкенин берет. Аны сүйрөлтүп кийип, колунда таяк, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп
жүрө берет. Бир айылдан экинчи бир айылга бара жатса бир атчан жигит катуу келе
жатат, жигит: «Ассалоом алейкум», – дейт. Самтыр: Валекум ассалоом» – дейт. «Ой баатыр,
кайда шашып бара жатасың», – дейт.
– Ушул жакта бир бай агабыздын баласы көптөн бери сыркоолоп, жөнүкпөй койду.
Ошого табып издеп бара жатам,
– дейт. Баягы Самтыр: «Эмне болсо ошо болсун деп, менин табыпчылыгым бар эле» –
дей салат. «Ой, андай болсо жүр айланайын. Айыгар оорунун дарысы өзү табылат», – деп
жигит атынан түшө калат.
Баягы бечара Самтырды атка мингизип, өзү учкашып жөнөйт. Бейтап төшөктө жатат.
«Жолдон бир киши табыпмын дегенинен сүйүнгөн бойдон атка мингизип алып келдим»,
– дейт.
Үй-бүлөсү да сүйүнүп жерге төшөк салып, кабыл алат. Алдына ак дасторкон жайып
дүйүм тамак коюп сыйлайт. Курсагын тойгузат. Самтыр сыр алдырбай табып болуп
олтура калат. Тамакка тойгондон кийин эшикке чыгып, таза жуунуп, ичинен кудайга
жалынып: «Кудай мени шерменде кылба башынан бактысыз жараттың эле,ушул кишини
айыктыр. Ушундан шыпаа айт деп тилек кылып, үйгө кирип: «Эми мен дем салайын» –
деп оорулуунун жанына барат. «Мен ичимен купуя дем салчу элем» – деп, баланын энеатасы: Ой, айланайын бусурман эмне кылсаң да эмиң түшүп, балабыз сакайып кетсе
болду» – деп жалынат. Ошондо Самтыр оорулуу баланын жанына олтуруп алып, оозуна
келгенин оттоп дем салат. «Бисмилла рахман рахиим, арыш-барыш, курттун сөзү карыш,
суф-суф, көч-көч, суф-суф, көч-көч, суф-суф, көч-көч, суунун башы Сулайман, менден эмес
кудайдан, тегерек баш кудайдан, суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч. Жумшак десең көккө
бар, катуу десең жерге бар, адамзатта эмнең бар, суф- суф көч-көч, суф-суф көч-көч, суфсуф көч-көч. Бийик десең тоого бар, агыны катуу сууга бар, бул бечарада эмнең бар. Суфсуф көч-көч, суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч, – деп ушул демин баланын маңдайында
жети күн катары менен айта берет. Ушул эле айтканын нечен ирет кайталап, жети күн
дегенде оорулуу козголуп тыңый баштайт.
Же ишендиби, же өзү айткандай кудай ушундан шыпаа айттыбы, айтор, бала абдан
айыгат.
Баланын эне-атасы табыпка бир сыйра таза кийим берип, ат мингизип чыгарат.
Ошондон улам кыйын табып болуп, эл чакырып, үй-жай, бала-бакыралуу болуп,
өмүрүнүн акырына чейин табып болуп өткөн экен.
ТҮШ ЖОРУГУЧ БАЛЫКЧЫ
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.