Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 20

Total number of words is 4155
Total number of unique words is 1829
34.3 of words are in the 2000 most common words
47.3 of words are in the 5000 most common words
52.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Илгери-илгери бир заманда бир момун абышка кемпири менен баласы жок, өмүрүнүн
акырында көлдүн жээгинде балык кармап жан бакчу экен. Кемпири кайырмактын жибин
даярдап берчү экен.
Өздөрүнөн ашкан балыктарын сатып, тамакка, кийим-кече алып эптеп күн көрчү экен.
Ошол элдин ханы элинин алдым- жуттум, ууру, бири-бирине кайрымсыз болуп
баратканын байкайт. Капа болот. Элдин беймаза болбой, тынч болгону жакшы болот дечү
эле, – деп элинин бир топ сакалдуу, кадыр- барктуу адамдарын чакырып тамак берет.
Казан астырып эт бышырып, нан жасатып, чакырган-чакырбаганы баары келет. Тартиби
жок тамактанышат, уурдай качканы да болот. Эл тараганда эчтеке калбайт. Жоокайдын
короосундай болуп, дасторкондо бир үзүм нан калбайт. Казанда бир кашык шорпо жок,
жутунуп дагы алайын деп чала мүлжүгөн сөөктөр, хан карап туруп, элимде ачарчылык
каптап турган экен, – деп ойлойт. Бир күнү эртең менен хан элин жыйып, ак сакал, көк
сакалдарын алдына отургузуп, мен түндө түш көрдүм түшүмдө эмне көргөнүмдү таап
туруп жоруп бергиле. Мөөнөт үч күн. Болбосо башыңарды алам, эгер тапсаңар, туура
жорусаңар төп жоруганга алтындан сыйлык берем, – деп айтат. Элдин башы маң болот.
Эмне кылыш керек, көргөн түшүн айтса жоруйт элек, кандай түш көргөнүн кайдан
билебиз, – деп кыйналып эки күн өтөт. Эч ким таппайт. Үчүнчү күнү эртең менен бир тобу
чогулуп, арасынан бир амалкөй абышка мындай дейт:
«Эмне болсо дагы бая көлдүн жээгинде балыкчы абышканы айталы».
– Ханым таксыр, көлдүн жээгинде бир түш жоругуч абышка бар. Сиздин түшүңүздү
ошол абышка таап жоруйт, – дейт. Ханга айта баргыла, мен түшүн таап жорум берем» –
дептир деп буюрбаган калпты айтып, жанталашып кутулуп кетишет. Хан: – Андай болсо
ат жиберейин, – деп бир жигитинен ат коштоп жиберет. Барса абышка эчтеке менен
жумушу жок, кайырмагын оңдоп отурган.
Ат коштоп келген киши: «Абышка, сени хан чакырып атат. Мобул атты минип бат
бара кал» – дейт. Атты таштап кете берет. Өмүрүндө хан эмес, карапайым киши да
чакырган эмес. Балыкчы таң калып, кемпирине: – Кудая тобо, хандын менде эмне жумушу
бар. Болбостур, кемпир, неси болсо да барайын. Минтип ат жибериптир, – деп жөнөп
кетет. Абышка үйүнөн бир топ узаганда бир чоң ак таштын үстүндө бир акак жылан
тикесинен туруп калат. Абышка чочуп караса, жылан кадимкидей кишиче сүйлөйт
абышкага: – Ассалоом алейкум карыя, кайда баратасың, – дейт. – Ой, билбейм, хан
чакырыптыр мобу минген атымды жиберип. Өзүм да чочуп баратам, менде кандай
жумушу бар экенин? – дейт. Жылан:
– Карыя сизден түшүмдү таап жоруп бергин, болбосо башыңды алам, – дейт. Сен: –
Таксыр ханым, түшүңүзгө карышкыр кириптир деңиз, элиңиздин бирин бири чаап алып,
алдуусу алсызынан тартып алып, ыйман жок алдым-жуттум болуп жатканы ошо, – деп
айт. Ошондо хан сага ыраазы болуп, куржунуңа алтын салып берет. Келе жатканыңда
ушул таштын үстүндө күтүп турам, мага бир мыскал алтын бере кет, макулбу?
– Ой деле баарын берейин сага, өзүм аман-эсен кутулуп келсем болду. Андай болсо, –
деп абышка убадасын берип, бастырып кетет. Абышка хандын ордосуна барса калың эл
болуп хан күтүп турган экен. Абышка аттан түшүп, салам айтып, хандын маңдайына
отуруп калат. Ошондо хан суроо салат: – Жанагы эл айткан түш жоругуч абышка сизби?
Кана эмесе, ачык айтып ак сүйлө, түшүмдү өзүң туура таап, туура жоруп бер. Болбосо
башыңды алам, – дейт. Абышка ордунан туруп: – Таксыр түшүңүзгө карышкыр кириптир,
элиңиздин ынтымагы жок болуп, карышкырча кагышып, алдым-жуттум, ууру, каракчы
болуп турганы ошондон.
Хан: «Баракелде абышка, туура таптың», – деп ыраазы болот. Үрөйү учуп турган эл да
сүйүнөт. Хан убадасы менен абышкага эки куржунга алтын салып берет. Баягы жиберген
атын чалга берет да: «Карыя, ырахмат билгичтигиңизге, элим эми оңолуп кетээр» – деп
узатып коёт. Абышка кубанычы койнуна батпай үйүнө келе жатса, баягы таштын үстүндө
ак жылан турат. Абышка атынан түшүп, кичине алтынды колуна кармап жыланга сунат:
ийрилип алайын дегенде, абышка жыланды өрмө камчысы менен жон талаштыра катуу
чабат. Жылан алтынды таштап, ийрилип, ийнине кире качат. Абышка кайра куржунуна
салат да үйүнө келет. Кемпири экөө алтындан сатып оңолуп, жыргап жатып калат.
Күндөрдүн биринде хан абышканы дагы чакырат. Абышка кемпирине: – Кош бол, мен эми
келбес жайга кеттим, – дейт. Мурунку жолу жолумдан бир ак жылан чыгып ошол айтып
берген болчу. Келе жатканда кичине алтын бере кет деген. Келе жатканда алтын бермек
турмак алтынымды кызганып, ниетим бузулуп, жыланды чала жан кылып сабап
таштагам. Хан минтип кайра чакыраарын кайдан билдим. Эми мен эчтеке билбейм да,
кайсыны айтам. Өлсөм кудай ыйман берсин деп, ыйлап-сыктап кемпири менен коштошуп
жолго чыгат. Келе жатса жолунда баягы таштын үстүндө баягы ак жылан дагы турат.
Кадимкидей салам берет: – Карыя, кайда дагы бара жатасың? – деп сурап калат. Абышка
уялган өңдөнүп, жер карап: «Дагы баягы хан чакырыптыр, – деп күңкүлдөйт. Жылан: –
Эми карыя таксыр, түшүңө түлкү кириптир, элиң куу шум боло баштаптыр бирине бири
мант берип алдап, бай-манапка кошомат кылып, жагып жалданган малай бечараларды
жаман көргөзүп, ортого бузуку сөз ташып, чагымчыл болуп сизди беймаза кылып
туруптур – деп айт», – дейт. Абышка сүйүнүп: – Макул айланайын, – деп жолго түшөт.
Ошентип ханга барып. «Таксыр чакырыптырсыз, келип калдым. Дагы эмне дейсиз», –
дейт. Хан: «Карыя, дагы түш көрдүм таап жоруп, конок бол», – дейт. – Өзүң туура жүргөн
касиеттүү карыя экенсиң, – деп хан жакшы кабыл алат. Абышка салабаттуу, билимдүү
болуп өзүн көрсөтүп, мындай дейт: «Таксыр, түшүңүзгө мурункудан кичине оңолуп, түлкү
кирген экен, элиң карышкырдан кайтып, түлкүдөй мант берип, куу, шум, алдамчы,
кошоматчы боло баштаптыр. Куулар бай-манаптарга кошомат кылып чагым-ушак
жүргүзүп, бей-бечараны жаман көргөзүп, сизди дагы беймаза кылып турган экен. Бир күн
акыр түбү оңолосуң», – дейт. Хан туура тапканына чоң ыраазы болуп: «Карыя тим эле
олуя турбайсыңбы», – деп коноктоп, дагы алтын берип узатып коёт. Абышка кудуңдап
үйүн көздөй жөнөп келе жатып баягы жыландан алтынын кызганып бөлөк жолго түшүп,
түлкүчө мант берип, алдап кетет. Үйүнө барып, мал сатып алып, байый баштайт. Оңолуп
калган карыяга кошомат кылып, карабаган туугандары келе баштайт. Күндөрдүн
биринде дагы хандан чакырык келет. Абышка катуу капа болуп: – Мен ит болгондо
экинчи жолу жыланга кичине алтын берип эле койбой, эми эмне кылам. Эми кемпир, кош
эми өлдүм, баягы жыланды экинчи жолу алдап кеткем. Эми кантип мага жолуксун, – деп
кемпири менен коштошуп, ыйлап-сыктап жолго чыгат. Жолунда баягы ак таштын
үстүндө баягы ак жылан дагы турат. Абышка жакындаганда эле салам айтат: «Карыя,
дагы кайда бара жатасың?» – дейт. Абышка бул сапар катуу уялып, эмне дээрин билбейт.
Калтырап: «Айланайын ак жылан, эми мага эчтеке айтпай эле кой, бир жолу өлөйүн сага
эки жолу уят болдум. Алтыны жок балык кармап деле эптеп-септеп жашап келдим эле
дүйнө бүткөн жеринде каат деген чын экен. Мен сенин жүзүңдү карай албай турам», – деп
ыйлап жиберет. Ак жылан эчтеке сезбегендей ханга мындай дегин дейт: «Сүйүнчү, ишиң
оңолуптур. Түшүңө нан менен кой кириптир. Эми элиң нандай ырыс-кешиктүү, койдой
ток пейил, коймаарек, момун, бирине бири кайрымдуу боло баштаптыр. Элиңдин ичине
ынтымак кирип, ырыс-кешиктүү болушат экен. Эми мага алтындын кереги деле жок, өзүң
да бактылуу жаша» – деп айткын дейт. Абышка сүйүнгөн бойдон барат. Хан
мурдакысынан да мээримдүү кабыл алат. «Кел» – деп жанына отургузуп: «Мен бир
жакшы түш көрдүм олуям ошону таап жоруп бер», – дейт. «Таксыр сенин түшүңө мен да
кубандым – дейт абышка. – Түшүңө нан менен кой кирди. Элиңдин иши оңолуп, нандай
ырыс-кешик дөөлөт күтүп, койдой коймаарек, тартып, момун, ыймандуу жакшы эл боло
баштады. Өзүң да көп жыл жашап эл сурайсың. Элиңде тынччылык болот, оомийин» – деп
бата кылат. Анда хан айтат: «Эми олуям сага чоң ыракмат. Эмки алтынга ак сарай
салдырып ал. Ошол көлгө кожоюн бол» – деп алтын берип узатат. Абышка келе жатып,
баягы ак жыланга келип, алтындын бүт баарын алдына таштап, жыланды кучактап
ыйлайт. «Айланайын ак жылан кечир, мендей келесоо абышканы. Ушул алтындын
баарын ал. Мен куруюн» – деп ыйлап кечирим сурайт. Жылан аппак сакал карыя болуп
калат. Сен менден кечирим суранба. Мен сенин бактыңды ачкан ак сакал аке болом.
Өмүрүңдүн акырына чейин балык кармап, жашап келдиң. Өзүң момун бир бечара элең.
Биринчи жолу хандын түшүнө карышкыр кирбеди беле. Сен да карышкыр болуп мени
карс дедире белге бир чаап кетпедиң беле. Экинчи жолу хандын түшүнө түлкү кирбеди
беле, сен да мени түлкүдөй алдап мант берип кетпедиң беле. Үчүнчү жолу хандын түшүнө
нан менен кой кирбеди беле, мына сенин да ичиңе ыйман кирип, кечирим суранып
турганың ушул. «Элиң бөрү болсо бөрү бол, элиң түлкү болсо түлкү бол» деген накылдын
төркүнү ушул, – деп ак сакал киши көздөн кайым болгон экен…
МЕЛДЕШ
Илгери үч адам шаарга барып базарлап жүрөт: эки өзбек, бир кыргыз. Үчөө сабиз,
пияз, күрүч алышып, бир үйгө палоо басып жешмей болушат. Акчасын үчөө тең чыгарып,
палоо басып сүйлөшүп туруп, эки өзбек өзүнчө сүйлөшөт. «Ушу палоону кыргызга бербей
жесек», – дейт бирөө. Анда экинчи өзбек айтат: «Кантип алдайбыз» – деп, анан бирөө
айтат:
«Палоо бышканча уктайлы. Кимибиз жакшы түш көрсөк, ошонубуз жейли» – дейт.
Бирок кыргыз билет экөөнүн кандай сүйлөшкөнүн, үчөө катар жатып, уйкуга кетет.
Кыргыздын уйкусу келбейт. Эки жолдошу кадимкидей коңурук тартып уйкуга кетет.
Кыргыз жигит турат дагы күрүчтү таптакыр жеп алат. Кайра жатып уйкуга кетет.
Казандын капкагын кадимкидей жаап коёт. Бир убакта эки жолдош туруп: – Ой бу кыргыз
катуу уктап калыптыр. – Ээ, жолдош тур – дейт.
Үчөө жайбаракат отуруп, көргөн түштөрүн айта баштайт.
Биринчи өзбек жигит баштайт:
– Ой, мен түшүмдө колума аса-муса алып, башыма селде чалып, ак кийинип, канат
бүтүп, асманга учуп атыптырмын – дейт.
– Ой-бой, жакшы түш экен. Кудай ишиңди оңдоп, мартабалуу, бактылуу адам болот
экенсиң. Омийин, Усуп пайгамбарым колдосун. Түшүңүз бат келсин – деп, экинчиси жоруп
берет.
Кыргыз жигит тай жеген бөрүдөй болуп олтура берет.
Жоруган менен иши жок.
Экинчи өзбек жигит түшүн айта баштайт.
– Мен түшүмдө колума аса-муса алып, башыма селде салып, ак кийинип, жакшы
намиркен кепич маасы кийиптирмин. Мекени көздөй бет алып жөнөптүрмүн.
– Биринчи жигит: «Ой-бой, түшүң жакшы экен. Сиздин да ишиңиз оңолуп, пайгамбар
колдоп мартабалуу, бай адамдардан болот экенсиз. Омийин, Усуп пайгамбарым колдосун.
Түшүңүз бат келсин, – дейт.
– Ии, кана, кыргыз жигит сен айт түшүңдү?
Кыргыз жигит кирет:
– Ээ бурадарларым, мен түшүмдө адегенде сиздин колуңузга аса-муса кармап,
башыңызга селде чалып, асманга учуп кеткениңизди көрдүм. Андан кийин сиздин
колуңузга аса-муса алып, башыңызга селде чалып, ак кийинип, жаңы намиркен маасы
кийип кош айтышып Мекедилдеге кеттиңиз. Үзөңгү жолдош болуп, мелдешип палоо
бастык эле, экөө тең палоодон ооз тийбей кетти, кудай булардын жолун ачсын деп
палоону мен жеп алдым – дейт.
Ошентип үчүнчү жигит жеңип кеткен экен…
МҮРӨК СУУСУ
Илгери өткөн заманда бир адам өтө билерман болгон экен. Бирок да өтө карып, чөгүп
калат. Ал адамдын жалгыз уул- келини болот. Уул-келини ыймандуу чыгып, атасын
жакшы багып турушат. Ошол заманда элдин тынчы кетип, чабышып, алдуусу алсыз элге
үстөмдүк кылып, орду токтобой көчүп, ачарчылык жут болуп, эл катуу кыйналат. Атасын
алып баягы баласы дагы ар кай жакка көчүп, орду токтолбой арык болуп, эл менен алар
да кыйналат. Бир күнү атасы баласына суроо салат.
– Балам, бул кандай алаамат болуп кетти? – дейт.
– Ата, эки жылдан бери элдин тынчы кетип жатат. Биз эмес ханыбыздын да айласы
кетти, – дейт баласы.
– Ии балам, элди кара көпөлөк айдап турган тура. Сага мергенчиликти да үйрөттүм
эле. Ошол кара көпөлөктү атып таштасаң, эл тынчыйт. Сен ханга барып айткын да, ок
дарысы менен бир жакшы мылтык сура.
«Ханым, элди кара көпөлөк айдап калыптыр. Элдин токтобой көчүп, тынчы кетип
жатканы ошол. Кара көпөлөктү атып сизге көрсөтөйүн» – дегин да хан сага жакшы ок
дары менен мылтыгын берсе алып мага кел. Анан мен айтып берем. Атасынын тили
боюнча уулу ханга барат да: – Ханым, эки-үч жылдан бери тынчыбыз кетип, ордубуз
токтолбой көчүп жүрүп, азып-тосуп куурадык. Элди кара көпөлөк айдап жүрөт.
Мен ошону атып, сизге алып келейин. Сиз мага ок дарысы менен жакшы жараган
мылтык бериңиз. Хан сүйүнгөнүнөн:
– Сен жакшы жигит экенсиң. Андай аттуу күн кайда, макул – деп ок дарысы менен
жараган жакшы мылтык берет.
– Эгер сен ошол кара көпөлөктү атып, эл мамырап тынчый турган болсо мен сага
тогуз байге берем да, сени жигит кылып алам.
Жигит да өзүнчө хандын жакшы кабыл алгандыгына сүйүнүп, атасына келет.
– Эми, балам, угуп тур. Эл самсаалап көчө баштайт. Алдуусу малдуусунун астында
көчтөн атчан, төөчөн болуп өтөт. Орто чарбасы ортосунда өтөт. Аягында бей-бечара,
жетим болуп, аркасында жөө-жалаң кары-картаңы учкашыпчиркешип, эшек минип самтырап өтөт. Көч өткөндөн кийин чай кайнам убакыт
өткөндө бир төрт көз чоң кара дөбөт акактап тилин жерге салып, көч-көч, – деп көчтүн
артынан жүрө берет. Дөбөткө көрүнбөй өңүп жатып, өтө бергенде артынан ат. Дөбөт
каңкылдап кайра караганда мээлеп туруп жазы маңдайга ат. Анан ханга алып келип бер.
Териси баа болот. Эки-үч ооруга дары болот. Ошону менен кудай буюрса эл тынчып
калаар – дейт.
Баласы эртеси азык-түлүгүн алып, жакшы атка минип, мылтыгын асынып жөнөп
кетет. Айткандай көчкөн элдин артынан утурлап жүрүп олтурат. Беш-алты ат чабым
жүргөндөн кийин көч аяктап ээн талаа болуп калат. Жигит жолдун четине барып атын
кишиге көрүнбөгөн коктуга тушап салып өзү бир чоң ташка жашынып, карап жатат. Бир
топ убакыттан кийин баягы атасы айткан чоң төрт көз карала дөбөт келе жатат тилин
жерге салып. Эки жагын карап: «Көч, көч, көч, көч, көч-көч» – деп акактайт. Жигит
мылтыгын даярдап өтө бергенде дал куймулчак жакка атат. Дөбөт ошол жерден сулап
жатып калат. Жигит дөбөттү артып алып ханга алып барып берет. Хандын көп жыл
ооруган карындашы дөбөттүн эки бөйрөгүнүн этинен жеп айыгып кетет. Терисин хан
ордосуна аземге илип коёт. Хан убадасы боюнча баягы жигитти жигит кылып алат. Карыя
айткандай эл да тынчып калат. Ошентип күндөр айга айланып, айлар жылга айланып
өтүп кетет. Күндөрдүн биринде хан баягы жигитти чакырып алып мындай дейт:
– Сен менин жакшы көргөн акылман жигитимсиң. Сенин атаң да акылман кеменгер,
эми менин сага айта турган сырым бар. Менин өткөн жети атам тең хан болгон экен. Мен
да атамдын ордунда отуз жашымда такка отурдум. Ошондон бери мына быйыл алтымыш
алтыга бара жатам. Өмүрүмдө арманым жок десем деле болоор эле, аттын аргымагын,
жоргосун миндим, кыздын сулуусун сүйдүм. Жети аялдан уул-кыз болуп отуздан ашык
тукумум бар. Бирок ошол өткөн жыргал күндөрүм бир күнчө көрүнбөйт. Жашоого
тойбойм. Дагы эле жашасам дейм. Колдон келсе кайра жашарсам дейм. Эми сен атаңдан
акыл сурай турган болсоң мени дагы бир тилегиме жеткирбейсиңби? Менин сенден
өтүнүп сураарым мүрөк суусу болот дейт. Тал чоку деген чокунун башында асман тиреген
зоо бар, – дейт. Ошол зоонун бир жылгасында жыбылжып бир күндө бир гана жолу
тамчылап агат, – дейт. Кааласаң ошончолук күлазык, жакшы аттан дегендей баарын
камсыз кылайын. Анан сурасаң сен келгенче атаңды сенден артык кылып багып турамын.
Сен мүрөк суусун алып келип мени өлбөс кылсаң, – деп сөзүн бүтөт. Жигит мындай дейт.
– Ханым бул оңой жумуш эмес, атамдын карылыгы жетти, алжып бара жатат, мейли
мен атам менен сүйлөшүп келейин. Бар, балам десе барайын, жок бара албайсың десе бара
албаймын, – дейт.
Баласы атасына келет. Хандын айтканынын баарын төкпөй-чачпай айтып берет.
Атасы карыганы менен акылы түзүк болот. Багуусу жакшы, келин-уулу көңүлүн оорутпай
эркелетип сүйлөшөт. Атасы:
– Кантесиң балам, хандын каарына калбай барып кел. Бирок эки айда келесиң, мүрөк
суусун бир ай тосуп жатасың. Ошондо кол чаначтын капортосунан болоор. Ошондо бир
айда келесиң, – дейт.
Жигит ханга барып: «Атам бар деди», – дейт. Ошентип беш-алты күн камданып кош
айтышып, аттанып кетет. Айткандай бир айда жетет. Бир ай тамчы сууну кол чаначтын
капортосунан кылып, тосуп чыгат. Тал чокунун зоосунан бир аз узап бастырганда бир
жерден муңканган үн чыгат. Тыңшаса:
«Пенде баласы мүрөк суусун ичпегиле, мендей болуп каласың»
– дейт… Жигит абайлап караса адамдын куу сөөгү жатат калыбы менен. Жигит суроо
салат.
– Сиз кимсиз, бул сөз кайдан чыгып жатат?
– Ээ, балам, астыңдагы куу сөөкмүн. Мүрөк суусун ичем деп, нечен жылдан бери
жаным чыкпай ушинтип эле кыйналып жатам. Сени көрүп айтып жатам. Тил алсаң пенде
баласы мүрөк суусун ичпесин, сен да ичпе.
Жигит таң калып кете берет. Эки ай дегенде айлына келет. Мүрөк суусун ханга алып
барып берет. Бирок баягы көрүп койгон окуясын ханга айтат. Хан аны уккандан кийин
чаначты карагайдын башына алып барып илдирип коёт. Баягы жигитти ээрчитип ошол
куу сөөккө жөнөйт. Хан жигити менен жетсе баягы куу сөөк муңканып сайрап жатат. Хан
баягы куу сөөккө салам салып, суроо берет: – Сиз ушунча жылдан бери кыйналып
жатыптырсыз. Сизди кандай кылып адам катарына кошууга болот?!.
– Мени кошкуң келсе он беш жашар кыздан төрттү алып кел. Өзүң хан экенсиң
колуңдан келсе, келбесе убара болбо, – дейт. Хан жигитин чаптырып, он беш жашар
кыздан төрттү алдырып келет. – Айтканыңды аткардым, эми эмне кылыш керек? –
дегенде.
– Эми менин өңүмдү бузба. Эки кызды эки колтугума жаткыргыла – дейт. Аргасыз эки
кызды эки жагына жаткырат. Эки кыз күнү-түнү менен жатканда сексендеги кемпирдей
карып хан-сөлүнөн ажырап, жан берет. Баягы куу сөөк кадимкидей эт байлап, адам
катарына келип, кыймылдап кадимки киши болуп калат. Эми эки кызды кучагына бек
кучактайт. Бир күн, бир түндүн ичинде эки кыз сексенге чыккан кемпир болуп калат.
Баягы куу сөөк кадимки киши болуп, силкинип тура калат. Хан атка мингизип, элине
алып келет. Бей-бечаранын төрт кызына убал кылып коюшат. Баягы мүрөк суусун ичпей
тура берип, бир күнү кузгун жарып, карагайга агат. Өзү тойгуча ичип, арчага келип кусат.
Ошондуктан кузгун көп жашап, карагай менен арча дайым жашарып турат дейт.
НАМАЗ БИЛБЕГЕН БЕЧАРА
Илгери өткөн заманда жан багуунун айынан бир Тенти деген кедей жигит
Өзбекстанга барып, бир топ жылы өзбектерге малай болуп жүрүп, пул тапсам кичине
тирденип, өзбектерден атлас, шайы, мата алып келсем деген пикир менен Ташкенге
барат. Бир өзбектин байына малай жүрүп калат. Байдын эмне айтканынын баарын жасап
жүрө берет. Ичкенжегенинен башка акысын алмай болот. Байдын үйүнүн жанында мечити бар экен.
Бирок Өзбекстанда намаз окубаган бир да адам болбойт. Орозо да кармашат. Ошентип
жарым жылча жүргөндөн кийин эли, кошуналары өзбектин байына айтат:
– Бу сенин малайың бусурманбы? Эмне үчүн намазга жыгылбайт. Же динден чыккан
капырбы. Эгер капыр болсо эмне кармап жүрөсүң – дейт.
Өзбектин аты Ашырахун болот. Анда Ашырахун:
– Ал – кыргыз, ал намазды билбейт – деп айтат.
– Андай болсо имамга айтабыз. Мындай адамды кууп жибериш керек шарият
көтөрбөйт, – дейт. Анан имамга айтышат.
– Ашырахун бир динсиз капырды малай кылып алыптыр.
Намаз билбейт, орозо кармабайт.
Ашырахунду имам чакырып алып:
– Үйүңдөгү адамды эртең мечитке алып кел. Намазга турсун, – дейт.
Ашырахун Тентиге:
– Сен намаз билесиңби? – дейт.
– Мен окубасам, кайдан билем? – дейт. Эмесе, эл мени ушактап, намаз окубаса, орозо
тутпаса, кууп ий, – дейт. Андан көрө эртең мени менен барып, мечитке эл менен катар
намазга жыгыл, – дейт. Тенти чочуп: «Мен эчтеке билбесем эмне деп жыгылам?» – дейт.
Анда Ашырахун айтат:
– Ээ, Үкөм, эл эмне кылса, ошондой кылып тура бер, – дейт. Тентинин айласы түгөнүп,
эртеси Ашырахунду ээрчип мечитти көздөй жөнөйт. Намазга түшкөн кишилердин
аягынан экинчи катарга туруп калат. Анан баягы намаз окугандар өзүлөрүнүн анттарын
окуп кобураганда, Тенти оозуна келгенин оттоп кобурап коёт. Анан намазга жыгылганда
олдоксон, эч эби келбейт. Туруп кайра молдолор аятын окуганда, Тенти бирдеме деп
бабырап коёт. Артындагы өзбек Тентинин колун артка каратып бетке жаңсайт. Тенти бу
намазда бетке чапкан да бар экен деп, артындагы өзбекти бетке коёт. Ал жерден намаз
бузулат. Өзбектер Тентини сүйрөп чыгарат. Ашырахунду чакырып, суракка алат. Имам
айтат:
– Ээ кеспир, багымдат окулбай калды, – дейт. Тенти: – Имам аке кечириңиз, мен намаз
билбейм десем Ашырахун аке болбой алып келди. Эл эмне кылса ошолорду туурап кыла
бер, – деп айтты. Кыбаланы карадыңар, кыбыланы карадым, эки колуңарды бооруңарга
алдыңар. Боорума алдым. Силер билген намазыңарды айттыңар. Мен эчтеке билбейм,
бирдеме деп бабырап койдум. Аркамдан бир киши нукуп койду. Намазда нукуган бар экен
деп мен ал кишини нукуп койдум. Алдымдагы киши колу менен жаңсап мени чаап койду.
Намазда чапкан бар экен деп мен да чаап ийдим. Ошол, эми эмне кылайын Ашырахун аке?
Эл эмне кылса ошону кыл дегенсиз. Мен ошону кылдым… – дептир.
ТУРСУНБЕК ИБРАГИМ УУЛУ
1902-жылы Акталаа районунун Куртка деген жеринде кедей- дыйкандын үй-бүлөсүндө
туулган. Атадан жаш чагында жетим калып, эненин колунда тарбияланат. Совет
мектеби ачылаары менен мектептен билим алып, 1924-жылы 7-классты бүтүрүп, 1933жылга чейин мектептерде мугалим болот.
Биринчилерден болуп «Кызыл эмгек» айыл чарба артелин уюштурган. 1940-жылдын
сентябрынан 1959-жылдын октябрына чейин Акталаа районунда чарбалык жетекчи
кызматтарда иштеген. Тоголок Молдо 1919-жылы Тогузтородон Куртканын жээгиндеги
там үйүнө көчүп келет. Ал киши менен ошо күндөн тартып, 1942-жылы өлгөнгө чейин
айылдаш жашады. Бул жылдардын ичинде бош убактыларында дайым барып казалдарын,
жомокторун, дастан-сөздөрүн угуп, чоң таасири тийген. Мындан тышкары кадимки Ак
Мөөрдүн бир тууганы Каратайдын баласы Кыдыргыч чоң аш-тойлордо жомок менен
санжыраны көп айтчу. Аш-тойго барган эл Кыдыргычтын кызыктуу жомоксанжыраларын угуудан тажоочу эмес. Ал өзү турган айылда Чоткара, Күлсары карыялар
Кыдыргычтан кийинки жомокчулар, санжырачылар эле. Бул карыялардын айткандарын
тажабай угуп жүрүп, айрымдарын үйрөнөт. Акталаа, Тогузторо райондору боюнча
фольклордук экспедициянын жетекчиси филология илимдеринин кандидаты Кубат
Ибраимов эле. Күндөрдүн биринде экспедициянын бир мүчөсү Акталаа районунун
Дөрбөлжүн айылында 1946–1949-жылга чейин жашаган экен. Ошо кишинин келгенин угуп,
анын агасынын достору Ибрагим уулу Турсунбек, Токобаев Биримкулдар өйүзгө баланча
күнү келсин деп чакырышкан экен.
Болжошкон күнү Ибрагим уулу Турсунбектин үйүнө келип түшүштү. Аңгыча сүт
тартуучу машинага бир кара койду, бир чанач кымызды салып, Соңкөлдөн Токобаев
Биримкул аксакал келип калды.
Турсунбек аксакал бизге Тайлак баатырдын күмбөзүн, Нарын дарыясынын боюнда
Курткадагы Тоголок Молдонун үйүн көргөздү.
– Июль, август айларында бош боло калсаңар Соңкөлгө келип кетиңиздер. Манастын
таш тулгасын, Тулпар таштын тарыхтарын түшүндүрүп берейин, Ибраимов Кубатты
ээрчите келиңиз, он күн чамалуу ойноп сергип кетесиңер.
Эми бул Биримкул аксакалдын Куйручук менен бетме-бет көрүшкөндө анын
айткандары, куудул сөзү, эл арасындагы салт тууралуу ар түрдүү темадагы ыр, кара сөз,
жомок, аңгеме, макал-ылакап, кошоктор, оймо-чиймелер, өрмөлөр, ат жабдыктары,
эстеликтерден бир нече жаңы нерселерди изилдеп жазууга болор эле. Ал араб алфавити
менен жазылган кол жазмалар Акталаа, Тогузторо өрөөнүнөн табылды. Тоголок Молдо
менен Казыбектин казалдары бул кишинин колунда сакталуу турат – деп, тааныштырып
өттү.
ЭР ЭШИМ
Түгөлбай жылкысы сексен миңге жеткен чоң бай болот. Ушул жылкысы баягы Соңкөл,
тыягы Суусамырга батпай калганда малынын бир тобун алып, эч кимден уруксатсыз
Чаткалга барат. Ошол кезде Таласты Эр Эшим бийлеп турган. Жердин ээси ушул киши
менен макул болбой, ошонун жерине конуп калат.
Бир ай өтөт, жайлоону жей берет. Эр Эшимге жигиттери:
– Силер менен акылдашпай Талас менен Чаткалдын жерин жеп койду. Сиз менен бир
ооз акылдашты беле? – деп айтып барат.
– Жок, мага айткан эмес, жылкысына тийип, келип жей бергиле. Тажаганда көчүп
кетет, – дейт.
Эр Эшимдин жигиттери отуз-кырктый жылкысын айдап келип сатып, айылга бөлүп
берет.
Түгөлбай айтат:
– Эр Эшим менен макулдаштың беле? Жылкыларыңдын баарын айдап кетип союп,
өзүбүздү токмоктоп жатат. Кийин бизге төлөтүп, шорубузду катырба, – дейт.
Анда Түгөлбай айтат:
– Байды өөнөп жеп турган жакшы, жылкыны мен силерге төлөтпөйм, – дейт.
Жылкычылар кайта малына барса, Эр Эшимдин жылкычылары келип, жыйырмадай
жылкысын бөлүп кетет.
Эр Эшимдин жылкычыларынан:
– Ой, баш-аягы канча жылкы алдыңар? – дейт.
– Элүү эле жылкы жок кылдык. Таласты бийлеген Эр Эшим:
– Бу кандай бай? Же бир жеткен акылдуу бай, же бир айбан. Менин жигиттерим
элүүдөй жылкысын жок кылса унчукпаса, муну толуктап текшерүү үчүн барып көрөлү, –
деп акылдуу кишилеринен жүздөй кишини чакырат.
Чакырган жүз киши менен барып:
– Мен Кулжадагы калмакка казат кылып, бирде жеңилип, бирде жеңип, тулпар атым
жок болуп ат жагынан начарлап жүрөм. Ушунча көп жылкыдан тулпар кантип чыкпасын.
Акылсыз болсо чаап алайын, акылдуу болсо достошуп кайтайын! – деп, Санчы-сынчыны
ээрчитип алат.
Жүз киши Түгөлбайдыкына түшөт. Санчы-сынчы менен жолдон көп жылкыны аралап,
тулпар карап барат. Көп жылкынын ичинен тулпар табылбайт. Желенин жанына
барышса, кулагы кере карыш, даакысы түшпөгөн, жабыктырып минип жүргөн, жашы
быштыдан азый чыкма бир кула ат жатат.
Санчы-сынчы туруп:
– Мына, издеген жогуң табылды, тулпар ушул. Ээси берсе, чарчабай турган нукура
тулпар казаттын аты. Ээси бербес бекен, достошсоң да, касташсаң да ушуну ал! – дейт.
Эр Эшим Санчы-сынчыны ээрчитип алып, Түгөлбайдыкына барып түшөт. Түгөлбай Эр
Эшимди барктап, бээ союп, кымыздан арак тартып, көк бөрү кылып, оюн-тамаша менен
жети күнү коноктойт.
Ошондо Түгөлбай тийип кеткен элүү жылкыны Эр Эшимге кеп кылбайт.
«Муну менен дос болчу пейили кенен киши экен – деп, Эр Эшимдин Түгөлбай сынына
толуп, достошуп кетейин», – деп ойлоду.
Жети күн өтүп коноктоп, жөнөмөк болду. Жүзүнө жүз ат алып келип мингизди. Эр
Эшим атын албай койду.
– Түгөлбай, бул атыңды минбеймин. Сөзүм бар, угуп тур! Биринчиси, менин жерим
Таласты уруксатсыз келип жеп жатасың. Экинчиси, элүү жылкыңды жигиттериме
тийдирип, жок кылганыма унчукканың жок, көңүлүмө жактың. Мен сени акылсыз бай
болсоң чаап алайын, акыл-эстүү бай болсо достошоюн деп келгем. Сыныма толдуң.
Бүгүндөн баштап сен менен досмун. Берген атыңды минбей койдум. Эми бир нерсе
сурайын, ошону бер.
– Макул, айтыңыз, берейин, – дейт Түгөлбай.
– Мынабу желенин жанында жабыктырып минип жүргөн, даакысы түшпөгөн, кулагы
кере карыш кула ат жатат, мага ошону бер, – деди.
– Олда, кара оозуңа кан толгур, эч ким билбейт эле, муну ким айтты! Жылкыны сууга
айдаганымда өзүм минип, ушунун үнүн укканда Суусамыр, Соңкөлдөгү жылкылар
чуркурап сууга кирүүчү эле. Эч кимге айтпай, арыгыраак кылып, өзүм жабыктырып
минип жүрдүм эле, анткени жаңы асыйга толо элек, жаш эле.
– Менин жанымдагы – Санчы-сынчы. Ушуга сынаттым, достоштук, берер болсоң ушул
атыңды бергин. Калмактар менен экинчи казатка кирип, өчүмдү алайын.
– Болбостур, досум, берейин. Башын бере албаймын, күчүн берейин. Быйылча бак, бир
жылдан кийин калмагыңа бара бер. Жооңду жеңип келгенден кийин, атымды өзүмө
тапшыр.
– Макул, – деп коноктор узап, үйүнө кетишти.
Үйүнө келип, атты түлөтүп, айда күчүнө келтирип бир жыл бакты. Ары-бери минип
көрүп, анык тулпар экендигине көзү жетип, сынына толот.
Эр Эшим Ташкендеги катагандын хан Турсунга барып:
– Ат жагынан камсызмын, тулпар таап алдым. Жоо жарагы, азыгы менен эки миң
аскер бер, быйыл жазда төрт миң аскер менен Кулжадагы калмакка казатка чыгайын.
Мен келгенче өз элимди сизге өткөрүп беремин, жоого алдырбай, алык-салыкты өзүң
багып тургун, – деп, хан Турсунду ээрчитип келип, элин өткөрүп берет.
Күткөн убакты жетип, жер карарганда Эр Эшим төрт миң аскер, азыгы, жоо-жарагы
менен Кулжаны көздөй бет алат.
Ошол кезде Түгөлбай угат дагы:
– Бери келгилечи! – деп жигиттерин, малчыларын чакырып: – Эр Эшим төрт миң
аскер менен Кулжадагы калмакка казатка жөнөп жатыптыр. Бириң жакшы аттан тандап
минип, Эр Эшимди аскери менен калмакка барып, ал тааныбайт, кошо жүрө берип,
калмакты чапкан баатырлыгын, кер аттын керекке жараган тулпарлыгын билип кел.
Кимиң барасың? – деди.
Ошондо жылкычылардын аксакалы, жашы алтымышка барган, бир жылкычы он сегиз
асый болгон кайкы кара бээни көрсөтүп:
– Мен ушуну минип барам, – дейт. Анда Түгөлбай:
– Жакшы аттардан минип келсең боло, картаң бээ кантип жарасын, жер алыс болсо.
Жылкычы Ысмайыл туруп:
– Бай, мунун кеби бар, угуп тур. Бул бээ менин колумда туулган. Сиз Эр Эшимге берген
Кула тулпардын энеси. Эртең менен жылкыны көрөйүн деп барсам, жаңы тууптур,
тыягына үч аттап, быягына үч аттап, ойноп турган экен. Тулпар экендигин кулун кезинде
билгем. Ошондон кийин бул бээ тууган жок. Дайыма минип жүрөм, мага сырдана.
Кара бээни минип алып, Эр Эшимдин колуна кошулуп кетти.
Эр Эшим төрт миң аскери менен нечен күн, нечен түн жүрүп олтуруп, калмакка жетип,
казатка кирип, бир ай бою согушуп жатып калмакты жеңип, сурак кылып, бир жыл турат.
Экинчи жылга айланганда:
– Эл-журтту барып көрүп келели, – деп, тийиштүү кишилерин таштап, Эр Эшим
калмактын дүр-дүнүйөсүнөн эки миң төөгө артып, Ысыккөлдүн күңгөй жагы менен
жөнөйт.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.